СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#12501 11 Февраль 2017 - 15:03
Ден-соолугуңуз жакшыбы, жакшы жүрөсүзбү..?
Берген жоопторуңузду окуп, көп таасирленем. .
Эрикпей жазган ар бир тамгаңызга рахмат айткым келди.. Бар болуңуз ар дайым..
1. Менин түрк улутуна турмушка чыгып, алыс жерден бүлө күткөн эжем бар..
Анан таң калам негедир, элге-жерге болгон кусалык кантип ичин иритпейт болду экен деп.. Же жолдошу жөлөк болуп, сагынууну жокко чыгарып жибереби..
Сиз кантип жеңе алдыңыз көңүлдөгү ата-журтка болгон кусалуу сезимдерди. .?
2. Кыз кайсы жерге барса, ошол элдин салтын карманат экен..
Сиз азыр кайсыл тараптын салтына басымдуулук кыласыз..?
3. Чече албагай жүргөн маселени акылга салып чечкен туура болобу же жүрөктүн каалосуна баш ийүү түшүмүн береби..?
Жеке тажрыйбаңызда акылды көбүрөөк угасызбы же жүрөктүбү..?
Азырынча ушул суроолорду узата турайын дагы бир келемин..
#12502 11 Февраль 2017 - 15:37
Ракмат кызым мен жанылбасам синди да болуп кетсен керек адашпасам.
1. Жок мин жолуу жолдошу куйумдуу болсо да эл жерге болгон кусалык токтобойт.Чындап келгенде балан деле баса албайт.Мен жаш кезимде душтун астына кирип алып,суу менен агып ,сыздап ыйлайт элем.Козуму жумуп алып,колдун ичинде сузуп жургондой болот элем.Озумду ошонтип алдайт элем.Ал учурда кыргыз кыз келиндери басейинге барбайт эле .Мен колдук кыз экообуз басейинге барып тушот элек.Такыр кыргызча суйлобогонго аракет кылат элек. Акыры кыргыз экен десе корянка турбайбы деп калышат эле.Эч суйлобойт элек,жооп да бербейт элек.Кыргыздар минтип журбойт деп суйлошуп калат эле.Ошондой абройума шек келип атса да баары бир колдун кусалыгы басейинге жетелеп барат эле.Бирок бир жылда бир барат элем.Басейиндин ичине кирип алып,колумдун жытын тапай ыйлаган кундорум болгон.Козумун жашы салаа,салаа болуп агат эле.Бир жылдары 5 жыл колго бара албай калдым.Жердеш эжем бар эле.
-Эже банянызга барам,саунанызды тазалатып койнчу дедим.Бардым аркама карап куйо бала кана дейт.Эже мен озум келдим дедим.Кичинекей тар сууда ары бери суздум,секирип туштум,ыйладым. Суунун ичине кирип алып боздодум.Бир убакта эшик тыкылдайт ачсам эжем сусундук менен женил тамак киргизген экен.Мени коруп,аа синдим кыйналыпсын, колунун сагынычы сени айдап келген турбайбы карангун,жангыз неге келди экен депмин деди.
2.Кайсыл жердин жерин жердесен ошол жердин ырын ырдагын делет го.Мен балдарымдын эл журтунун салтын карманам.
3.Журоктуу тыншап,акыл менен чечкен адамын.Жаш кезимде журогумду тыншабай,кыйналсам да акыл менен кадам таштагамын. Окунгон учурум коп болгон бирок эч жанга окунгонумдуу айтпагам да билдирбегем да.Бир кана энекем сезип,армандуу коз жашын токон...
Болуптур кызым кутуп калам...
#12503 11 Февраль 2017 - 19:05
Менда бир эки шингил суроо илип кетейин))...
1. Кол жакта, келиндер эртен менен туруп, кайната, кайнэне, же кайн агаларын кутууп туратко, чыгышы менен, турушу менен барып, жугунуш учун. А бирок бул нерсе туштукто 80% ыз элинде жок болуш керек. А сиз турмушка чыккан жерде бар беле, ушул салт? - эгер жок болсо, сиз учун жаны келгенде, жугунбой койуу, бир нерсе кемдей болот беле))???...
(Бул суроону бергенимин себеби, менин бир аяшым Колдон болот, ошол жаны келгенде аябай эле кыйналган экен, "эмнеге жугунбойт, жугунбосом мен адамдык сыпаттан чыгып калбаймбы?" - дем...))
2. Саясат чойросундогу, сиз барктаган чиновниктер кимдер???...
3. Ислам аалымдары: "Эне-ата учун, чоноюп калган уулу менен бир дасторкондо суйлошкончо, чогуу отуруп, тамактаныш, жана алардын жузуно караш озунчо чоон бакыт, озунчо эне-атага рахат тартуулайт" - деп кетишкен. Ушунун акыйкаттын чыныгы эненин озунон уксак, (ой уксак дедимго) окусак дегеним))...
(А биз адатта, нары-бери тамактанып, коп деле суйлошпой туруп кетебизго, бул чынбыгында аталарыбызга анча тийбеседа, апаларыбыздын журогуно катуу тийсе керек, керек болсо бышырган тамагын "Курсагым ток" - деп, жебей коюуу да, ото эле катуу тийет экен. Мен ушул нерсеге, тиги китепти окугандан бери ото маани берем. А сизда айта кетинизчи, энелердин озунон уккан озгочо бизге)
Жоопторунузга алдын ала рахмат. Аллах сизди Жаннаты кылсын иншаа Аллаах...
#12504 11 Февраль 2017 - 22:31
Менде бир эле суроом бар. Бугунку кундогу аял-эркектин <<Тен укуктуулук> > деген идеясына кандай карайсыз? Аялдар тен укуктуу болобуз деп, эркектен отуп, жумуш деп, кочодо калып жатышатко э?
Интервьюнузга ийилик.
Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_myrza: 11 Февраль 2017 - 22:31
#12505 11 Февраль 2017 - 23:44
1.Оба кыйналган кундорум болгон.Колдо эртен менен туруп,озунон чондорго жугунуп кайот.Алар да кудай жалгасын,тилегини берсин деген сыйактуу бата кылгансып алкап койот.Жугунуп кайната менен кайынага раазы,алкаганын угуп келин раазы болсо керек деген ой кетти да.
Эми келген учурда кызыктай,тан калыштуу салтыбыз бар эле.Келин кайната менен кайнагадан качат эле.Элестетип коргуло жургон жери бир короонун ичи, уч-4 комната уй.Кокусунан бет келишип калсан аркана качасын ал учурда го жаш элем тызылдап барып бир жерге бекинип калат элем.Атам бечара 70 тен ашкан адам,ал киши деле божондоп качып калат эле.Ошол учурда 5 жыл качтым,уч жыл качтым болбосо келгениме мынча жыл болду дагы эле кайнагаман качам дегендер коп эле.Бечара келиндер качам деп мага окшоп ач калгандар болсо керек.Баары тамактанганы кирип кетет.Мен бир озум казандын башында калып кетет элем.Келинге тамак берейин деп кайненем озум демден чайымы которуп кирип,бары жогун алып келип астыма койуп чай куй келин дейт эле.Чай куйуп берет элем озу чай ичип,шашпай ичип анан туруп кетет эле.Бир пияла которо келет эле.Мен тиктеп жалдырап отурат элем.Омийин кылып кайра которунуп кетет эле.Бир куну артынан чыксам атама ички уйдо келининди тыркыйтып тойгузуп койдум деп атат.Кимге айта аласын ичи дартым ичимде болот эле.Качкандан пайдаланып атама башка,мага башка айтып коп азап берди.Озунун курсагы тойсо тамака продуктуну бербейт эле да.Апа кеч болуп баратат тамака урунайын десем,тигил кайнатан орустун колунан тамак ичпейм деп атат, сени коройун деген козу жок деди.Арданып, ыйлап,корунуп эшике чыга албай калдым.Атама тигил аркалык тамак жасабайм деп атат саал урушуп койсом коркутуп жатак уйунон чыкпай атат дептир.Башыма кыйын кун тушуп сурака туштум ошондо болгонун болгондой айтсам анан качпай эле салам салып кирип аралашып журсун деп кептин чыны чыкан.
Эшике чыканда деле кыйналат элем.Тастандап саламатсыздарбы деп кантип айтам аксакалдарга, салам айтпай
былтыйып кантип басып кетем деп эле кыйнала берчуумун. Кийинчерек он колуму кокурогумо койуп,башымы бир аз ийип арбаныздар деп ото турган болгом.
2. Мен саясат тууралуу корбойм деле кызыгып укпайм деле.Чынын айтсам баарына ишенбейм деле.Бир кана акылы тунук,кыргыздын багына жаш,откур президент келсе деп тилеп келем.
3. Оба балам,балдарын канаты жетилип уядан учуп кетет тура.Энеге эр жетип эл башкарса деле сен учун дагы эле кичине.Уйдо жакшы тамак болсо каап ошол балдарым да жесе болот эле деп кекиртегинен тамак отпой бир сыгылып аласын.Кээде уйго келгенде берерге тамак тапай шашылып кетесин,дасторконго тамагынды койуп атсан апа курсагым ток эле убара болбон деп калат.Бир куйум болсо да балам чай ич,бир кашык болсо да уйдун таамынан тат деп кыжаалат болуп кетем.
Апа мындай тамагынды сагындым десе жасаганча шашылып,озунчо эле кудундап суйунуп каласын.Балдарым звандап турушат бирок кечке кабары жок болсо каркуу пайда болот.Айрыкча чон уулум кунуго бир жолу сурап,звандап калат.Апа сагындым озунузду бир коройун скайпы жагынызчы деп эки кундо бир Россиядагы чалат.Э Алла ушу кунумду кут кыла кор деп суранып,тиленип калам...
Ракмат балам,жазгандарыны кээде учурап калса окуп калам мен сыйлаган балдарымын бирисин...
Бар бол балам оркунун оссун...
#12506 12 Февраль 2017 - 01:33
raia (11 Февраль 2017 - 15:37) жазган:
Ракмат кызым мен жанылбасам синди да болуп кетсен керек адашпасам.
1. Жок мин жолуу жолдошу куйумдуу болсо да эл жерге болгон кусалык токтобойт.Чындап келгенде балан деле баса албайт.Мен жаш кезимде душтун астына кирип алып,суу менен агып ,сыздап ыйлайт элем.Козуму жумуп алып,колдун ичинде сузуп жургондой болот элем.Озумду ошонтип алдайт элем.Ал учурда кыргыз кыз келиндери басейинге барбайт эле .Мен колдук кыз экообуз басейинге барып тушот элек.Такыр кыргызча суйлобогонго аракет кылат элек. Акыры кыргыз экен десе корянка турбайбы деп калышат эле.Эч суйлобойт элек,жооп да бербейт элек.Кыргыздар минтип журбойт деп суйлошуп калат эле.Ошондой абройума шек келип атса да баары бир колдун кусалыгы басейинге жетелеп барат эле.Бирок бир жылда бир барат элем.Басейиндин ичине кирип алып,колумдун жытын тапай ыйлаган кундорум болгон.Козумун жашы салаа,салаа болуп агат эле.Бир жылдары 5 жыл колго бара албай калдым.Жердеш эжем бар эле.
-Эже банянызга барам,саунанызды тазалатып койнчу дедим.Бардым аркама карап куйо бала кана дейт.Эже мен озум келдим дедим.Кичинекей тар сууда ары бери суздум,секирип туштум,ыйладым. Суунун ичине кирип алып боздодум.Бир убакта эшик тыкылдайт ачсам эжем сусундук менен женил тамак киргизген экен.Мени коруп,аа синдим кыйналыпсын, колунун сагынычы сени айдап келген турбайбы карангун,жангыз неге келди экен депмин деди.
2.Кайсыл жердин жерин жердесен ошол жердин ырын ырдагын делет го.Мен балдарымдын эл журтунун салтын карманам.
3.Журоктуу тыншап,акыл менен чечкен адамын.Жаш кезимде журогумду тыншабай,кыйналсам да акыл менен кадам таштагамын. Окунгон учурум коп болгон бирок эч жанга окунгонумдуу айтпагам да билдирбегем да.Бир кана энекем сезип,армандуу коз жашын токон...
Болуптур кызым кутуп калам...
Окуп олтуруп жашка муунуп кеттим..
Себеби кусалык мени да эзген күндөрү болду.. Күзүндө Көлгө барып алыстан гана чалкып жатканын көрдүм.. Машинадан түшүп Көл тараптан соккон сыдырым желге бой таштап, абасынан кере- кере жуттум.. Кимдир бирөө үчүн бул жөн гана бир көрүнүш болсо керек, а мен үчүн чоң бир бактылуу көз ирмем..
Менин бир суроом бар экен:
Жумшактыкты, мээримдүүлүктү, сабырдуулукту, тең салмактуулукту кайдан аласыз..?
Ушул төрт сапатты бириктирип кармап жүргөнүңүз мени көп таасирлентти. .
Тунук акылыңыз менен жаштарга акыл-насаатыңызды айтып жүрө бериңиз..
Бактылуу карылык каалайым жездем экөөңүздөргө. .
Эки дүйнө бактылуу болуңуздар. .
#12507 12 Февраль 2017 - 07:41
Kyrgyz_myrza (11 Февраль 2017 - 22:31) жазган:
Менде бир эле суроом бар. Бугунку кундогу аял-эркектин <<Тен укуктуулук> > деген идеясына кандай карайсыз? Аялдар тен укуктуу болобуз деп, эркектен отуп, жумуш деп, кочодо калып жатышатко э?
Интервьюнузга ийилик.
Саламатчылык балам !!
Жумуш иштесе эле тен укукту болбойт балам,жетишпеген заманда колуна кол,бутуна бут болуп алганына жардам берип,эгер мумкунчулугу болсо тен жарышып иштегенге не жетсин.Жакшыны корот жаманды корот,жакшысын озуно синирет,жаманынан сабак алат.Иштеген аял тын болот.Ишин да аткарат,келип уй ишин кылат,балдарынын тарбиясына да козомол болот.
Бар эми турмушта тен укуту талашып жанжал болгон ал уй- було бул, ичиндеги сыр.Ал уй - було жакшы жашап кете албайт,кетсе ызы чуусу коп болот.Азыркы жаштарыбызда коп жолугуп атат.Уй булоону мен башкарам,бийлик менде болбосо мен сага баш ийбейм сени менен укугум тен дегендер.
Бул ой акылдуу зайыптан чыкпайт.Илгертен бери эле аял эркектен бир тепкич ылдыйбыз.Жакшы аял,жолдошунун жол корсоткучу болот.,кенешчуусу болот.Ошон учун катын жакшы,эр жакшы делсе керек да....
Ракмат балам,озуно да иштерине ийгилик каалайм
#12508 12 Февраль 2017 - 08:13
happy02 (12 Февраль 2017 - 01:33) жазган:
Себеби кусалык мени да эзген күндөрү болду.. Күзүндө Көлгө барып алыстан гана чалкып жатканын көрдүм.. Машинадан түшүп Көл тараптан соккон сыдырым желге бой таштап, абасынан кере- кере жуттум.. Кимдир бирөө үчүн бул жөн гана бир көрүнүш болсо керек, а мен үчүн чоң бир бактылуу көз ирмем..
Менин бир суроом бар экен:
Жумшактыкты, мээримдүүлүктү, сабырдуулукту, тең салмактуулукту кайдан аласыз..?
Ушул төрт сапатты бириктирип кармап жүргөнүңүз мени көп таасирлентти. .
Тунук акылыңыз менен жаштарга акыл-насаатыңызды айтып жүрө бериңиз..
Бактылуу карылык каалайым жездем экөөңүздөргө. .
Эки дүйнө бактылуу болуңуздар. .
Менин коп мунозуму таэкелерим, тайэжелерим, эжебизге окшош болупсун дешет. Апам ото сабырлуу жан эле.Ойлонуп келсем 27 жашынан куйодон калып,огой эне,келин менен бир уйдо жашоо...Балдарын ар кимиси алып койгон.Бирин баласы жок кайнагасы,мени бала корбогон огой энеси.Ушул азапка кантип туруштук берген экен деп ойлоном.Бала боор этин менен тен го...Кийин ата энем олгондо мени ким менен каласын дегенде тайэкем менен калам депмин да.Ошондо да бир серпилип койбой бирок тентушуна аябай оксуп ыйлаган экен эле.Чыны синдим мен мындай кыла албасам керек эле деп апамын сабырлуулугуна тан берип калам...
Турмуш мени эркем деди бирок мени тагдыр эркелетпеди деп Тенти эжебиз ыр саптарында айтып кетет го.
Мен деле турмуштан коптуу кордум.Жвачкадай чайналып,чайналып, созулуп барып узулойун,узулойун деп барып узуло албай.отко салган темирдей урулуп,согулуп бирок сына албай,турмуштун туткасын колуман чыгарбай кок бетигиме салып женип келдим.Женилип жерде калган кундорум деле болду бирок кайра чыйралып,неге мен жерде калышым керек деп кубунуп,журогумду тазалап жолдун кууш жолунан чыгып,темселеп дангыр жолду издеп,изденип кадам таштайт элем.Ошон учун колдо айтылат,турмуштун университетинен оттунбу деп.Берки универди 5 жыл болбосо 6-7 жылда бутуп бир кесиптин ээси болосун.Турмуштун универине отсон да жондомуну салып иштеп кетиш ото кыйын...
Озуно да кызым ( кичинекей синдижаным) эки дуйно бактылуулук каалайм,турмушта сага сени сыйлаган,кадырына жеткен жар болушун Аллахтан тиленип калам...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 12 Февраль 2017 - 08:15
#12509 13 Февраль 2017 - 00:52
Суроо берип кайрылган бардык балдар кыздарыма чон раазычылык. ,Бардыгынарга ден соолук,ишингерге ийгилик...
Бар болунуздар, аман болунуздар !! САламатта болунуздар, насип этип жуздошкончо! - деп Рая апанар...
#12510 13 Февраль 2017 - 00:56
#12511 13 Февраль 2017 - 02:10
Бар болуңуз, бай болуңуз, көп болуңуз!
Билдирүүнү түзөткөн: kofesmolokom: 13 Февраль 2017 - 02:11
#12512 13 Февраль 2017 - 08:16
оба айтып кеткениниздей синдиниз болом. Ажарлуу Ала Тоонун бермети болгон Ысык Колдон чон салам!!! Интервьюнуз ийгиликтуу отконуно кубанычтамын. Эн мыкты интервьюлардын бири болду. Балдарыныздардын кашында жездем экоонуз сак саламатта журунуздор. Сиздин даражанызга жетууго кудай бизге да насип этсин.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#12513 13 Февраль 2017 - 10:03
raia (12 Февраль 2017 - 08:13) жазган:
Турмуш мени эркем деди бирок мени тагдыр эркелетпеди деп Тенти эжебиз ыр саптарында айтып кетет го.
Мен деле турмуштан коптуу кордум.Жвачкадай чайналып,чайналып, созулуп барып узулойун,узулойун деп барып узуло албай.отко салган темирдей урулуп,согулуп бирок сына албай,турмуштун туткасын колуман чыгарбай кок бетигиме салып женип келдим.Женилип жерде калган кундорум деле болду бирок кайра чыйралып,неге мен жерде калышым керек деп кубунуп,журогумду тазалап жолдун кууш жолунан чыгып,темселеп дангыр жолду издеп,изденип кадам таштайт элем.Ошон учун колдо айтылат,турмуштун университетинен оттунбу деп.Берки универди 5 жыл болбосо 6-7 жылда бутуп бир кесиптин ээси болосун.Турмуштун универине отсон да жондомуну салып иштеп кетиш ото кыйын...
Озуно да кызым ( кичинекей синдижаным) эки дуйно бактылуулук каалайм,турмушта сага сени сыйлаган,кадырына жеткен жар болушун Аллахтан тиленип калам...
Чооң рахмааат Рая апа.. Айтканыңыз келсин..
Бир жума боюу эң бир мазмуунду, маанилүү маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык. . Окуп сыймыктанып олтурдум..
Бар болуңуз..
#12514 13 Февраль 2017 - 18:22
Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири, өзүнүн салмактуу билдирүүлөрү менен суперстандан өз ордун тапкан, кадыр-барктуу форумчу кызыбыз rumaika5544 болмокчу.
rumaika5544 , супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, адаттагы суроолор;
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Интервьюңузга ийгилик.
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 13 Февраль 2017 - 18:32
#12515 13 Февраль 2017 - 20:27
mega777 (13 Февраль 2017 - 18:22) жазган:
Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири, өзүнүн салмактуу билдирүүлөрү менен суперстандан өз ордун тапкан, кадыр-барктуу форумчу кызыбыз rumaika5544 болмокчу.
rumaika5544 , супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, адаттагы суроолор;
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Интервьюңузга ийгилик.
Рахмат,чакырууңузга!
1. Бердигул кызы Гүлаида. Жалал-Абад областынын Аксы районунун Тегене айылында, 1991-жылы 3-майда бул дүйнөгө келген экенмин.
2.Суперди 2010-жылдан бери окуп жүрчүмүн,бир күнү чукулап атып суперстанга кирип кетип,аябай жаккан эле,бирок таакыр каттала албай(анда @mail деген нерсени түшүнбөгөн окшоймун) 2012- жылы өзүмдүн атымдан ээптеп катталдым эле,аны да унутуп калып,2014-жылы катталып алдым.
Нигим кызымдын эркелетилген атынан койулган. А "5544"-деген санды эмнеге кошуп койгонум эсимде жок.
3. Кызыка бай күндөр эсимде деле жок. Мен катталып билдирүү калтырып жүрсөм,бир курбум каттала албай жатам,берип тур нигиңди дегенинен ага берип койсом, "таанышуу "бөлүмүнө ысымдарды башкача кылып жазып койгон экен,купуядан "Саламатсыңбы Айлин " деген каттар келе берип тажатканы эсимде калыптыр)
4. Ыр чыгарууга шыгым калбаптыр). Жөн гана таза сактоону каалайт элем.
кидают камень, отвечайте плодами»
#12516 13 Февраль 2017 - 22:11
1-суроо;
Жашоо сизге эмнеси менен таттуу жана эмнеси менен окунучтуу?
2-суроо;
Гулаида,деген жакшы ысымыныз бар экен биринчи жолу угушум мындай ысымды.Мумкун болсо чечмелеп бересизби? Кайсы тилден кирген жана башка.
3-суроо;
Атанызга же апанызга белек тартуулап турасызбы акыркы жолу качан белек же жакшы соз арнадыныз?
4-суроо;
Бир эле корушкон адамынызды, кандай экенин байкай аласызбы?
5-суроо;
Кыздарга тиешелуу баардык жумушту аткара аласызбы? Талаа жумуштарына чыккансызбы чыксаныз бир кызык окуя баяндап беринизчи.
6-суроо;
Бала уйдун куту,бала базар деген жакшы создор бар.Балдарынызга канчалык мээрим тогуп карайсыз? Уруп,урушуп тарбия бересизби же тескерисинче эркелетип жакшы создор мененби?
7-суроо;
Намаз окуп,орозо кармайсызбы?
8-суроо;
Бакыт,сиз учун эмне?
#12518 14 Февраль 2017 - 15:16
Уаалайкумусалаам! АЛЛАХга шүгүр,баары жайында.
1:Ыммм.. Жашоонун өзү татту,өзү ачуу.
2:Кыргыз эле тилинен келген. Атам койгон,"Айдагы гүл" узаак болуп кетет экен деп Гүлайда деп койгон экен.
3:
Атам тилеке каршы бул дүйнөдө жок,ага дуба гана кыла аламын. Аа,апама болсо бат-бат чалып турганга аракет кылам,жакшы сөздөрдү ватсапптан арнап турам,белектерди барганда же кайсы тууганым жөнөп жатса берип жиберем.
4:
Азыр адамдарды билиш кыйын,бир көрүшкөндө эле,байкап алуу оңой эмес. Бирок баарлашканда, сүйлөгөнүнө караап туруп ичине сүңгүгөнгө аракет кылам.
5:
Кыздарга ылайык колумдан бардыгы деле келбейт,бирок тамак жасап,кийим бычып-тигип, токуп деген нерселерди жасай берем. Талаа жумуштарына анча жогураакмын, бирок жасайм да.
Мммм.. кызык окуялардан эстей албай турам
6:
Балдарыма мүмкүн болушунча жаай олтуруп түшүндүргөнгө аракет кылам. Бирок урчу жерден уруп деле койом).
Ооба.
8:
Бакыт-бул исламда.
кидают камень, отвечайте плодами»
#12519 14 Февраль 2017 - 15:17
кидают камень, отвечайте плодами»
#12520 14 Февраль 2017 - 16:05
1. Адашпасам хиджабдасыз. Кийгенинизге канча болду жана ким себепчи же турмуш жолунан кийин башталдыбы дегеним.
2. Сизди бир сыйра негизгилерин муноздой турган болсом: ото жоош, токтоо элестетет экенмин же.))))
3. Балалык кез каякта отду жана кандай таризде. Кызыктуу учурларынан ж.б.
Интервьюга ийгилик. ))))
*************************************