Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 625
  • 626
  • 627
  • 628
  • 629
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12521 Пользователь офлайн   izdeim.seni   14 Февраль 2017 - 18:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Салам кандайсыз
Канча тил билесиз ?
Кайсы ЖОЖдо окугансыз?
Күлкүлүү окуялардан эстеп кетпейсизби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12522 Пользователь офлайн   Monchoshka   14 Февраль 2017 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Ассалям алейкум Румайка эже ! Сизди көрбөсөм да, билдирүүлөрүңөздөн акылдуу, ыймандуу айым деп элестетип койом.
Менин суроолорум.
Кандай китептерди көп окуйсуз?
Кур'андан канча пара жаттагансыз?
Кесибиңиз боюнча кимсиз?
Канча жашыңызда турмушка чыккансыз ?
Адамдар менен бат тил табышып кетесизби, же убакыт мененби ?

Рахмат, интервьюңузга ийгилик! ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12523 Пользователь офлайн   LaDy-GaGa   14 Февраль 2017 - 22:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 28 Май 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2018 05:21
  • Калаасы:Нью-Йорк, США

Ассаламу алейкум!)

Интервью торуно куш келипсиз Румайка эже)

Амансызбы?

Анда четте пайлаап отурьай менда суроо бере кетейин э)

1. Турмушка оз тандоонуз менен чыккансызбы?

2. Ороносуз Аллах сизге ыраазы болсун! Оронгондо ынгайсыз жагдайлар болдубу? Мисалы жаш эле туруп оронуп алды дегенге окшогон создор.. ошол учурда сизден кандай жооп болду? Чечип салгыныз келчуубу?

3. Ата-энени канткенде ыраазы кыла алабыз?

4. Кайсы форумчунун билдируулорун калтырбай окуйсуз?

Азырынча ушул суроолорго кызыгып койдум)

Интервьюнузга ийгилип каалап Шалунка)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12524 Пользователь офлайн   asi.gulum   14 Февраль 2017 - 23:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Румайка эже менда суроо узата кетейин.
1.Азыркы жашоодо сизди кейитип,жүрөгүңүздү өйгөн маселе...
2. Жаңы келиндик доордон бир элес айтып бериңизчи.
3.Наристе сиз үчүн?
4. Адамдарда баалаган сапатыңыз?
5. Кайсы тамакты катыра жасайсыз?
Азырынча ушулар дагы келем буйруса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12525 Пользователь офлайн   -NURIK-   14 Февраль 2017 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Саламатсызбы!

Сизди билебиз аллах жолунда жүргөнүңүздү.
Суроо:

Аялзаты канткенде баардык чөйрөсүндөгү адамдардын купулуна толо турган аял боло алат?

Жубай тандоодо жигиттер кандай критерийлерге басым жасаш керек?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12526 Пользователь офлайн   atai9292   15 Февраль 2017 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Саламатсызбы?
Менин суроом деле жок,эгер суроом болуп калса келип кетем.
Интервьюңузга ийгилик! Жеке жашоодо эч качан жамандык көрбөңүз,ар баскан кадамыңыз жемиштүү жана ийгиликтүү болсун
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12527 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 12:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

eldar96

Уаалайкумусалаа! Келиңиз! Сизди бул жактан көргөнүмө кубанычтамын.


1.Мектепти бүткөндөн 1 жылдан кийин кийип алганмын,андан жарым жылдан соң,турмушка чыктым,хиджап кийишке акем себепчи болду. Өзүм дагы айлана-чөйрөмө карап,андай жашоо жакпай жүрүп,ушул жолго келип калдым,АЛЛАХга миң мертебе шүгүр.

2.Ооба,токтоо элемин.). Оңойу менен күлбөйм,оңойу менен ыйлабайм,капаланбайм). Анан жоош элемин го дейм,бир туугандарым, досторум деле ошентип айтканына караганда)


3. Бала кезим,айылда ээң сонун кезде өттү,азыркыдай сотка-мотка деген нерселер жок. Эртең менен туруп алып,чайдан ичип алып,кошуналарды топтоп,ар түркүн оюндарды ойноп,апам чывык менен кубалап келгиче ойночу элек.

Ммм.. кызыктуу кездерден. Өтө-өтө көк бет элем,кылам деген нерсемди,алам деген нерсемди алчымун. Бир күнү ошондой көктүгүм кармап калып,апам мени катуу урушуп койду. Үйдөн эртең менен 8 дерде чыгып кеткем,үйдөн эки үй нары жакта,арык(канал) бар болчу. Ошол жерге барып ыйлаап олтуруп,уктап кетипмин. Турсам күн батаарга ааз калыптыр. Курсагым аяябай ачыптыр,туруп, үйүбүздүн, короолорунда тыттар абдан көп,эң таттуусунун чокусуна чыгып алып жеп жатсам,апам көрүп калып,үлүшүмдү берген болучу))). Мага билинген эмес,байкуш апам аябай эле ыйлап,нерв болгон экен,ошондо, азыр ойлосом.

Даагы бир жолу,апам бир эженин үйүнө жөнөттү, помидор көчөт алып кел деп,атын жакшы эле айттыле,жеткиче унутуп калдым,анын кличкасы "соку баш " деген баласы болчу. Не деп чакырышымды билбей "Соку баш акее ,Соку баш аке " деп кыйкырып жатсам,дал ошо аке чыгып калды,коркконуман "бул Соку баш акенин үйүбү? Соку баш аке каякта? "-деп алып тыззылдап качып,көчөтү жок келип,апамдан анда да үлүш алгам))
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12528 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения izdeim.seni (14 Февраль 2017 - 18:13) жазган:

Салам кандайсыз
Канча тил билесиз ?
Кайсы ЖОЖдо окугансыз?
Күлкүлүү окуялардан эстеп кетпейсизби?


Жакшы,Кудайга шүгүр.

1.2 эле тил билем (уялган быйтык) англисчени окуп жүргөндө,билип катуу берилип сүйлөшө албасамда түшүнүп,баарлашканга жарачымун. Азыр таакыр сүйлөшпөй окубай калганга унутуп калыпмын. Эми баштадым буйруса. Аракеттин үстүндөмүн.

2.Ээч бир ЖОЖдо окуган эмесмин,тилеке каршы((.
Мектепти эле бүткөнмүн.


3.Кызыктуу окуялар эске келбей жатат,мектептеги кездерден жаза берейин э.
Атам,кошуна айылга,тойго барып, мас болуп уктап калып, мени алып кетсин деп айттырып ийиптир. Үй кийимим менен эле,атамдын гигант бусу менен бардым. Барсам атам машинен үстүнө чыгып жатып алды,экөөбүз келип атканбыз,өммүрү ГАИ жүрбөгөн ,биздин айылда жүрүшөт. Жол бир машинелик эле болчу. Эки машине карама -каршы чыгып калса,бирөөсү жол бошотуп турчу. Тиги көзөмөлдөөчүлөр, жолдун оортосуна туруп алды,каяка качаарымды билбей,токтоттум арга жок.сыртынан ключ менен ачмайынча ачылчу эмес. Ачкычты унутуп түшкөн экенмин,машине жабылып калса). Тигилер дагы,бул эшигине,тигил эшигине чуркашат ача албай,койдук. Артына өтүп,номерин чечип кетейин деп,ошол жакта турсак,тиги майор машинеде таянып турат эле (аябаай эле толук экен) ,атам машинени айдап кетип калса.. иий өлдүк тиги майорубуз жииндеп атат. Не кылат,мен мектеп окуучусумун. Анын үстүнө кыз кишимин. Тигилер "машинеде бирөө бар болчу девейт белең " деп кыыйкырган боюнча кетишти,орто жолдо мен эле калдым,иий уялдым аябай. Элдин баары бизди карап турат болчу. Анан ээптеп жөө үйгө жетип барсам атам жок,издеп кеттим өйдөнү көздөп. Баратсам эле,тигилер атамды эки колун бурап машинеге салып коюшту. Тиги майор болсо,биздин бусга олтуруп айдайын деп,айдай албай койду. 15 мүнөттөй турушту окшойт,улам ар ким олтуруп көрөт. Айдай албайт,мен бекинип турам. Көрсө мени айдатып кетмек да). Анан эле атамдын колунан кишенин бошотуп(тим эле кылмышкер кармашкансып, колуна кишен салып коюшкан эле). Атамы тиги майор кармап машинеге олтургузуп, (ключ майордо болчу)ээми өзү бир жагына олтурайын деп баратканда, атам машинени аайдаган боюнча кеетти. Тиги майор даагы жыгылды,чаңга оонап). Атамы таппай калышты же мени алышпаган экен,үйүбүз каерде экенин билбейт,элдерден сурашЫптыр эле, алар билбейбиз деп коюшуптур. Түндө,атамды таап алып келген. Айылдын депутаты,атамдын жээни эле,ключун алып келип берген. Ошо.
Жеткиликтүү кылып жаза албадым. Атам менен жүргөн аар бир күнүм кызык болчу.

Рахмат. Келип кеткениңизге.

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 15 Февраль 2017 - 13:42

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12529 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

MonchoshKa.
Уаалайкумусалаам! Ыраазычылык элестетүүңүзгө:give_rose: биир семирип алдымго)

1;Китептин баардык түрүн окуй берем(башка секта,диндеги китептерден бөлөгүн.) Мага кино же башка нерсе көргөндөн көрө, көбүрөөк китеп окуган жагат.

2;Эки эле :blush: ,буйруса,азыр жаттай элекмин,себеби баламды бир парга жеткиртейин деп,ошо менен убарамын.


3; Кесибим жок чынында. Бирок өнөр бар. :rolleyes:


4;19 жашымда турмушка чыкканмын.



5;Бат эле тил табышып кетем.

Рахмат,убакыт бөлүп келип-кеткениңизге :kiss2:

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 15 Февраль 2017 - 14:51

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12530 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

LaDy-GaGa

Ассаламу алейкум!)
Уаалайкумусалаам! :ханыша:

Интервью торуно куш келипсиз Румайка эже)

Куш көрдүк,Шалун кыз. Ээми билдим сен экениңди).

Амансызбы?
Аманмын,буйруса.

Анда четте пайлаап отурьай менда суроо бере кетейин э)

Ошент да,пайлагандан көрө жакшыраак))

1. Турмушка оз тандоонуз менен чыккансызбы?

Жоок. Өзүмдүн калоом болгон эмес. Мен оронуп алганда,атам эмнегедир көңүлүмө карабай берип койгон.

2. Ороносуз Аллах сизге ыраазы болсун! Оронгондо ынгайсыз жагдайлар болдубу? Мисалы жаш эле туруп оронуп алды дегенге окшогон создор.. ошол учурда сизден кандай жооп болду? Чечип салгыныз келчуубу?

Ооба,андай нерселер болгон. Ээч ким кабыл албай койгон. "Жаш эле туруп оронуп" деген сөңдөрдү азыр деле бат-баттан угуп турам. Күлүп эле кутулам.Чынында оронгонумда эч ким кабыл албай көчөдө калганымда деле,чечүү жөнүндө ойлонбопмун.

3. Ата-энени канткенде ыраазы кыла алабыз?

Ата-энеге, оор сүйлөбөй койсоң анан сенин бактылуу экениңди көрсө эле ыраазы экен. Оорубай,жашоодо өз ордуңду таап,жакшыы жүрсөң эле,ошо бакытка ата-эне ыраазы болот.
Ал эми,ак сүтүн ээч убакта актай албайбызго.
Көздөрү тирүү кезинде,бейиш эшиги ачык кезинде,сыйлап калганга үлгүрөлү.

4. Кайсы форумчунун билдируулорун калтырбай окуйсуз?

Муруунку убактарда,аябай бир форумчунун жазганы жакса,кууп окуйт элем. Азыр көп кирбей калганга,өзүм жазчу темалардын үстүнө ким жазганын,кантип жазганын окуп коем.
Негизи азыркы убакта жакшы жазгандар бар. Бирок көбүнчө, жашоого нааразылар кирип атабы деген ойдо калам.


Рахмаат :достор: ,күтүп калам

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12531 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения asi.gulum (14 Февраль 2017 - 23:07) жазган:

Румайка эже менда суроо узата кетейин.
1.Азыркы жашоодо сизди кейитип,жүрөгүңүздү өйгөн маселе...
2. Жаңы келиндик доордон бир элес айтып бериңизчи.
3.Наристе сиз үчүн?
4. Адамдарда баалаган сапатыңыз?
5. Кайсы тамакты катыра жасайсыз?
Азырынча ушулар дагы келем буйруса...



Узата гой)

1;Бажылдап,эркектердин аялдарга,аялдардын эркектерге окшоп бараткандагысы. Акчага көп нерсени,өлчөп алгандары,кай жакты караба,баардыгы нааразы. Көөп экен,ойлонуп жургөн маселелер.

2: Жаңы келиндик доордон.... ыммм. Эстейинчи а)
Биринчи келинмин,ошого апам дагы,мен дагы башкача болуп жүргөнбүз. Кайнилерим дагы менден чоң. Эмне аташты билбейм." бала,сиз " десем жыгылып күлүшөт. Акыры апам,биз жакта тергебейт деле,"сен анан атынан айта бер " деди. Эмне каратышты билбейм. Жолдошумду жөнөтөм," чакырып бериңиз " деп. Аны сиз десем деле,күлүшөт. Акыры сен дегенге көндүм мен дагы. Жаш экенминда,кайним, кайни сиңдим менен түнгө чейин,карта, табышмак,тоолтура оюндарды ойноп,ошеерге уктап калып,кайнага, кошуналарга карабай,топ ойноп жатышса ойноп кетчумун). Бирок жумуштарым калчу эмес,убак-убагы менен бүтүрчүмүн. Кошуна кичине кыз-балдар менен топ качырмай,картышка, ортого түшмөй,балеенин баарын ойной берчүбүз.)) Азыр ошо кыз-балдар созулууп чоңойуп,учурашканга араң жарап калышкан. Алардын үкө-сиңдилери менен ойнойм,барып калганда)))
Апамдар болсо "менден,жеңем ойнойбу? " деп сурап келишет деп күлдүрүп калат.)

3. Жан дүйнөсү таза,ээч жаман ойлобогон,ушак айтпаган,аруу да булар.


4. Адамдардагы: жөнөкөйлүк жана элпектикти аяябай баалайм чынында.

5.Өзүм ашпозчу болгонго,бапрын эле жасайт экенмин.

Күтүп калам :give_rose:

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12532 Пользователь офлайн   Meruet84   15 Февраль 2017 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ассалааму алайкум Румайка 5544.

Супер интервюга куш келипсиң.
Румайка 5544 сага үй бүлөөлүк бакыт жана эки дүйнө бактылуулук каалайм.

Ийгилик!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12533 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 19:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения -NURIK- (14 Февраль 2017 - 23:59) жазган:

Саламатсызбы!

Сизди билебиз аллах жолунда жүргөнүңүздү.
Суроо:

Аялзаты канткенде баардык чөйрөсүндөгү адамдардын купулуна толо турган аял боло алат?

Жубай тандоодо жигиттер кандай критерийлерге басым жасаш керек?


Саламатчылык!

Аял өз ордун,милдетин билсе. Сыйчыл,элпек, жөнөкөй болсо деп ойлойм.


Эми ал кээ бир эркектин өзүнүн иши,кээ бирлер сулуугуна, кээ бирлер мансабына карайт,мен бир аалымдын сөзүн жаза кетейин э. Адеп-ахлагына карашат.

Биринчи ыйманы болсо 1 болот, сулуулугу болсо 0 болот, мансабы болсо 0 болот баары биригип 100 болдубу? Эгерде, ыймыны жок болуп 100 бирин алып койсо эмне болот, 00 жок болду э? Ошондой эле ыйманына карашсын дегеним, ыйманы болсо баары болот буйруса, анан үйлөнө турган жигиттер,баарын талдап алышса кийин өкүнбөгөндөй болушуп анан кызганышты үйрөнүшсө жакшы болоор эле......

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12534 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения atai9292 (15 Февраль 2017 - 12:20) жазган:

Саламатсызбы?
Менин суроом деле жок,эгер суроом болуп калса келип кетем.
Интервьюңузга ийгилик! Жеке жашоодо эч качан жамандык көрбөңүз,ар баскан кадамыңыз жемиштүү жана ийгиликтүү болсун


Саламатчылык!

Маакул,келиңиз!

Ыраазычылык! :pardon: Ылайым эле айтканыңыз келсин!

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12535 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Февраль 2017 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Meruet84 (15 Февраль 2017 - 17:38) жазган:

Ассалааму алайкум Румайка 5544.

Супер интервюга куш келипсиң.
Румайка 5544 сага үй бүлөөлүк бакыт жана эки дүйнө бактылуулук каалайм.

Ийгилик!


Уаалайкумусалаам!

Куш көрдүк! Сизди көргөнүмө кубанычтамын.
Амин! Айтканыңыз келсин! Сизге дагы бактылуулук!

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12536 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   15 Февраль 2017 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Гүлай эжее,сиз бактылуу болууга татыктуусуз! Сизге түбөлүк бакыт,жүзүңүзгө жылмаю каалайм!

Интервьюңузга ийгилик!

Суроолорум болсо,адаттагыдай эле өзүңүзгө кайрылам)))
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12537 Пользователь офлайн   Sagyn.91   18 Февраль 2017 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Саламатсызбы Румайка айым!
Мен да суроо бере кетпесем болбос))

* Айтсаныз, Кыз-жигиттин ортосундагы суйуу никеден кийин башталат деп айтып калышат. А сиз да ушуга ынандынызбы? ( Жогоруда жазып отупсуз, "конулумо карабай турмушка берген" деп, ушундай суроо жаралды, кененирээк жооп жазыныз)))

* Байкашымча оор басырыктуу, сырдуу, сырынызды айта бербеген сыяктанасыз. Ушул муноздомого жакынсызбы?

* Жети атанызды билесизби?, эгер билсениз жаза кетсениз.

Алдын ала жоопторунуз учун рахмат)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12538 Пользователь офлайн   raia   18 Февраль 2017 - 08:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Куш келипсин Румайка кызым!!
1.Биринчи энелик сезимин ойгонгонду эскерип корчу кызым.
2.Экинчиси тунгучунду коргондо сезимин.
3.Ошондо апакен баасын билгенинди.
4. Кайнене болгон урматын жана сыйын...
Эми Румайка кызым суп.и на ийгилик,кичинекей чожолорун аман болуп,алганын менен тен арып,тен карып,эки дуйно бактылуулук каалап кетем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12539 Пользователь офлайн   Kg.lady   18 Февраль 2017 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Рая эжеге экинчи ирээт кайрылып келип суроо берем деген убадамдын отосунон чыга албай калдым. Андыктан кечирим сурайм Рая эжеден.

Ал эми сага болсо, Алланын тынчтыгы болсун деп салам айтам.:)
Салам взрывчатка! ))
Жакшы журунбу, оору-сыркоодон оолак болуп?
Ушунча келип суроо салбай кетсем болбос.
Жолдошундун сен сыйлап, сен кадырлаган эн асыл сапаты кайсыда, жининди келтирип, кадимкидей кыжырына тийген терс сапаты кайсы? Баарыле тогорогу топ келишпейтда адамдында жакшы анан, жаман сапаттары бар дегендей.
Кээде уруш-талаш болгондо баарын жыйыштырып туруп басып кетип калсамбы деген ойлор болгонбу ачууга алдырып. Болсо аларды кантип женгенсин?
Кайнененин каприздеринен кантип кутуласын?
Кулуп жасакерленип отурупбу, же оозуна талкан салып отурупбу?))
Жолдошуна экинчи жубай алып беруу жонундо кеп козголсо.)) Алланынын заарылчылыгынан сырткары кайсыл себептерге таянып макул дейсин? Жолдошундун адилеттуу карап, силерди материалдык жактан камсыз кылуудан сырткары напсисине багынып калат деген ой тынчсыздандырбайбы? Эгер эле ушул иштер ишке ашып уйлонсо, озун напсине азгырылып байкабай куноо кетирип албаймбы деп коркпойсунбу? Кантседа пендебиз, шайтандын шыбышына жетеленебиз дегендей. Кунулук кылбайсынбы дегеним эле.))
Дегеле кош, жана андан коп аялдуулук жонундо сенин айымдарга болгон эн, эн мыкты агитациян.(Кутом) Ыым, болду ошо суроолорум. Жеткиликтуу, жатык тил мн даават айтканынды сыйлайм.Ылайым ыйманын акыретте бейишке жетелесин. Сендей аруу,диндар айымдар жашоодо коп болсун!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 18 Февраль 2017 - 11:58


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12540 Пользователь офлайн   rumaika5544   18 Февраль 2017 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Syr_sandyk (15 Февраль 2017 - 20:24) жазган:

Гүлай эжее,сиз бактылуу болууга татыктуусуз! Сизге түбөлүк бакыт,жүзүңүзгө жылмаю каалайм!

Интервьюңузга ийгилик!

Суроолорум болсо,адаттагыдай эле өзүңүзгө кайрылам)))


Кел,раахмат, кичинекейим)
Ар дайым эшик ачык келе бер.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 625
  • 626
  • 627
  • 628
  • 629
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: