Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 626
  • 627
  • 628
  • 629
  • 630
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12541 Пользователь офлайн   rumaika5544   18 Февраль 2017 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Sagyn.91 (18 Февраль 2017 - 00:43) жазган:

Саламатсызбы Румайка айым!
Мен да суроо бере кетпесем болбос))

* Айтсаныз, Кыз-жигиттин ортосундагы суйуу никеден кийин башталат деп айтып калышат. А сиз да ушуга ынандынызбы? ( Жогоруда жазып отупсуз, "конулумо карабай турмушка берген" деп, ушундай суроо жаралды, кененирээк жооп жазыныз)))

* Байкашымча оор басырыктуу, сырдуу, сырынызды айта бербеген сыяктанасыз. Ушул муноздомого жакынсызбы?

* Жети атанызды билесизби?, эгер билсениз жаза кетсениз.

Алдын ала жоопторунуз учун рахмат)))


Саламатпыз), Келиңиз.
Албетте берип кетиңизда).

1.Айтайын,айтайын)). "Сүйүү никеден кийин,эгерде таанышканда, киичине болсо дагы жактыруу болсо же кыз-жигит бири-бирине жакса " деген жагы барда. Бул баягы,кызды ала качканда,кетип калбасын,босогону аттап кетпесин деп эле,жарымы калып калган. Ал эми мага келсек,мен ошо көңүлүмө карабай берип салганда эле,түптүз болуп түзөлгөм,ээч убакта ,кандай болгон күндө дагы артка кайтпайм деп). Буйруса ынанып жатам. Анан өзүмө бир эженин "турмуш курууда,алгачкы 5 жыл таанышуу,андан кийинки 5 жыл баарлашуу,андан кийинки 5 жыл көнүшүү,ушуларга чыдай алсаң,андан калган жылдар,сүйүү- күйүү,бакыт, сыйлашуу,баары бар "-деген сөзүн өзүмө сабак кылып жашайм. Сүйүү албетте 5 жылбы,10 жылбы баары бир орнойт. Мөмөсүн берет. Буйруса.
Кенен эле болду окшойт менимче)

2. Ооба,туура эле баамдаптырсыз.

3. Ооба билем,бирок, биздики 7 ата эмес,9 атадан кайрылганда. Болобереби. .)
1. Өз атам-Бердигул
2.Чоң атам-Сүйнаалы
3.Бабам-Уметаалы
4.Бубам-Жангарач.
5. Жетем-Бооке
6.Жотом-Чокмор
7.Шапак
8.Көчүмкул
9.Кубарым-Келдейбай.


Сизге дагы ыраазычылык.



Уух тоолтура жазсам өчүп кетип жатат да))
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12542 Пользователь офлайн   rumaika5544   18 Февраль 2017 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения raia (18 Февраль 2017 - 08:14) жазган:

Куш келипсин Румайка кызым!!
1.Биринчи энелик сезимин ойгонгонду эскерип корчу кызым.
2.Экинчиси тунгучунду коргондо сезимин.
3.Ошондо апакен баасын билгенинди.
4. Кайнене болгон урматын жана сыйын...
Эми Румайка кызым суп.и на ийгилик,кичинекей чожолорун аман болуп,алганын менен тен арып,тен карып,эки дуйно бактылуулук каалап кетем...



Арыбаңыз Рая апа!
Куш көрдүк сизди. Кайрылып,келип кеткениңизге кубанычтамын.

1. Биринчи энелик сезимим:боюма болбой жүрүп,болгондо аябай башкача сезим,ичимде жатканда тээп,төрөлүп ыйлаганда. Анан тили "апа "дегенде ушшунчалык башкача болуп,мени дагы "апа " деп айтаар,эки кичинекей алакандарын бетиме коюп,"апа, апа " десе жан дүйнөм ээрип,"эне " болуу сезимин ушшунчалык билгем. Апаларга урматым,андан да катуу ашкан.


2. Тунгучумду көргөндө; биринчи ыйлабай түшүп,догдурлар менден бекитип бир нерсе кылыша берди, өзүм тура албай жатам,акыбалым жетпейт,ичимден " оо АЛЛАХ ушу баланы менин көзүмө көрсөтүп койдуң,мага пайдалуу кылып кайтарып бер! " деп шыбырап эле ыйлай бергем. Андан мурун 1,5 сутка,аяябай катуу кыйналып, толгоо тартып төрөгөндө" ээкинчи төрөбөйм " деген сөзүмө кээчке тооба кылып кечирим сурай берипмин. Канча экенин билбейм,көөптөн кийин балам чыңырып ыйласа,өзүм кошо ыйлагам, ошондогу сезимимди жеткире албайм чынында.

3. Апамдын баасын,күйөөгө тийип,экинчи апамдын босогосун аттаганда сездим. Сүрөтүн карап алып ыйлай эле берет элем. Баардык апалар окшош,болот деп алган жаным,экинчи апамдын ар бир көз караш,уруш сөздөрүнөн апамдын баасын билип,түшүнүп жеткем. Апамдай ээч ким боло албастыгы,апамдай ээч ким мага чыдай албастыгы,апамдай мени көтөрмөлөбөгөнүн билип,апамдын кадырын миң-миң эсе сезип. Апамдай жан болууга, аракет кылып баштаганмын. Апамдын баасы теңелгис. Балдарымды төрөгөндө,толгоо башталганда суук болсо да,алыс болсо да,апам эшиктен кирбей,мен үчүн дуба кылып,мени менен сүйлөшпөсө да,ыйлап көзү кызарып жүргөнүн угуп,апамдын баасын,кадырын билдим. Эки апам тең маңдайыбызда аман болсун!

4: "кайнене" дегим келбейт да эмнегедир," апатайым же апашкам " дейм. Апатайыма болгон сый-урматым чексиз. Ар дайым, жука төшөкө,жылытма тамак,тиши жок болгонго катуурак тамак кылып бербегенге, алымдын болушунча аракет кылам. "Мен барында ордуңуздан жЫлбай,мага айтып туруңуз,өзүм эле кылып алам " деп көндүрүп койгом. Сиз убагында кылып койгонсуз деп,болушунча сыйлаганга аракет кылам. Небере-чөбөрөлөрүнүн бешенезинде аман жүрсүн!

Рахмаат Рая апа,суроолоруңуз аркылуу апамдарды сагынганымды дагы да болсо билдим) Сиз дагы аман болуңуз!

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 18 Февраль 2017 - 22:09

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12543 Пользователь офлайн   mega777   19 Февраль 2017 - 00:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Гүлайда!Сонун атың бар экен.
Суроо бергенге үлгүрбөдүм, шартка карап.
Эки дүйнөнүн бактысын тилейм.Кичинекейлериңдин өмүрүн берсин.Аллах кылган ибадаттарыңды кабыл кылган болсун.

Инсан динди 6ай окуганда "Динди 100пайыз билем!" Иливойуңду" чакыр,мен кыйынмын" деп чыгат экен дейт.Ошол инсан 2жыл окугандан кийин "Ии мен 50пайызын эми билдим"дээр экен.Ал эми 20жыл диндин артынан жүргөн такыбаа "Мен эч нерсени билбейт турбаймынбы! "деп башын жерге салыптыр.Сенин алган илимиңдин да ушундай терең жана акыбеттүү болушун тилейт элем.Сендей диндар кыздарыбыз арбын болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12544 Пользователь офлайн   rumaika5544   19 Февраль 2017 - 08:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Kg.lady (18 Февраль 2017 - 11:50) жазган:

Рая эжеге экинчи ирээт кайрылып келип суроо берем деген убадамдын отосунон чыга албай калдым. Андыктан кечирим сурайм Рая эжеден.

Ал эми сага болсо, Алланын тынчтыгы болсун деп салам айтам.:)
Салам взрывчатка! ))
Жакшы журунбу, оору-сыркоодон оолак болуп?
Ушунча келип суроо салбай кетсем болбос.
Жолдошундун сен сыйлап, сен кадырлаган эн асыл сапаты кайсыда, жининди келтирип, кадимкидей кыжырына тийген терс сапаты кайсы? Баарыле тогорогу топ келишпейтда адамдында жакшы анан, жаман сапаттары бар дегендей.
Кээде уруш-талаш болгондо баарын жыйыштырып туруп басып кетип калсамбы деген ойлор болгонбу ачууга алдырып. Болсо аларды кантип женгенсин?
Кайнененин каприздеринен кантип кутуласын?
Кулуп жа[moderated]рленип отурупбу, же оозуна талкан салып отурупбу?))
Жолдошуна экинчи жубай алып беруу жонундо кеп козголсо.)) Алланынын заарылчылыгынан сырткары кайсыл себептерге таянып макул дейсин? Жолдошундун адилеттуу карап, силерди материалдык жактан камсыз кылуудан сырткары напсисине багынып калат деген ой тынчсыздандырбайбы? Эгер эле ушул иштер ишке ашып уйлонсо, озун напсине азгырылып байкабай куноо кетирип албаймбы деп коркпойсунбу? Кантседа пендебиз, шайтандын шыбышына жетеленебиз дегендей. Кунулук кылбайсынбы дегеним эле.))
Дегеле кош, жана андан коп аялдуулук жонундо сенин айымдарга болгон эн, эн мыкты агитациян.(Кутом) Ыым, болду ошо суроолорум. Жеткиликтуу, жатык тил мн даават айтканынды сыйлайм.Ылайым ыйманын акыретте бейишке жетелесин. Сендей аруу,диндар айымдар жашоодо коп болсун!


Аллахтын сизге дагы ырайым-Рахматы болсун!

Сизге Салют)). Унута элек экенсизда э)))

АЛЛАХга миң мертебе шүгүр,көзүм көрүп,кулак угуп,басып жүргөнүмө.

Албетте,суроолоруңуз дагы жарга такайт экенда).

1. Мен өзүм жөнөкөйлүк менен элпектикти өтө баалайм,ошол эки сапат тең жолдошумда бар. Бир нерсе кылып атсаң же суранып калсаң ээч убакта "мен эркекмин " деген эмес. Үйдө болуп калса кадимкидей, идиш жууп,кир жуушуп жиберет. Кээде мен бул жумушту кыла берейин,сен тигини кыла бер " деп бөлүштүрүп алат. Анан колу өтөле ачык). Даагы экөөбүз таарынышып кетсек 5 мүнөттөн кийин келип эле,эч нерсе болбогондой сүйлөй берет,мен сүйлөбөй калсам, куудул болуп кетет,акыры чыдай албай жарылып кетем. Анан, мага окшоп телпектеп,убактын интернетке коротуучулардан эмес,азырга чейин жөнөкөй телефон көтөрүп жүрөт. Ошо.
Жаман көргөн сапаты болсо; телевизор койдуң дегичекти,баарын унутуп ошол телевизордун ичине кирип кетет. Чай ичип атса чайлары калат,бирөө менен сүйлөшүп атса, анысы деле калат. Ошол сапатын өөлгүдөй жаман көрөм). Анан унутчагыраак. Мен бир нерсе дайындасам сөссүз унутуп келет. Ар саатта чалып эстетип турам.)). Анан уйкуну жакшы көрөт. Ошол. Ушу үч сапатынан арылса эле,соонун болмокда))

2. Муруун намазды толук окуй элек убагында "кет,жогол " дей берчү эле эмнегедир,көчөдөн жини кайнап келсе деле. Ошондо деле таакыр "кетем" -деп ойлогон жокмун. Азыр ушунча аракет кылып, намаз окуп,динден илим алып,адеп-ахлактуу киши болуп калды,"кетем " ойлобойм дагы. Даяр ашты таштагым келбейт)). Уруш-талаш болот, бирок кыыыйкырышып өкүрүшүп урушпайбыз, ал өзү деле акырыын сүйлөгөн,акырын жүргөн адам,жини келип жатканын байкап эле "балык " болуп алам, жумшап,кычык- мычык дей баштаса " айтсаңыз эле ай жарык го,сиз жумшасаз мен кантип эле олтуруп алайын " ,"сиз " деп калсам эле күлүп жиберет),менин жиним кайнап атканда,күлдүрүп "хоп ханым,сиздин бир ооз,сөзүңүзго, сиз не десез ошо " деп атып жазып ийет.

3. Апатайымдын, сөзүн угууп жанында олтура берем,сүйлөнүп бүткөндө эшике чыгып кетем дагы,өзүмө келип,анан кирип сүйлөй берем. (Өзү балдарына жини келсе деле бизден (келинден) чыгарат. Ошондуктан унчукпайм. ). Кээде сүйлөбөй калса "яя не дейсиз? Яя апа,бир деме дедиңизби? ","апа дейм,укпай калдыңызбы? " деп 10 жолу болсо деле кайталай берем)).
Ошентип эле ачуусун кетирип алам. Мурун бышыңдап ыйлай берчүмүн,жаш экенминда))).

4. Ушул суроо көп берилет да магачы)) "каршы эмесмин " десем,"күйөөңдү сүйбөйт экенсиңда " дешет. Мен күйөөдөн дагы,АЛЛАХты катуу сүйөм,ошондуктан напси кааласа да,каршы боло албайм. Бир жолу айттым эле,"азыр эмес,өзүм айтам ,ошондо " деген ошол боюнча кеп козгогон эмесмин. Мен деле,өзүм билип жүргөн,адеп- ахлахтуу,токтоо, сабырдуу,чыдамдуу аялдардан алса деп тилейм. Анан көп сүйлөбөгөн болсо жакшы деп да тиленем." Напсиңе жеңдирбейм деп ишенсең " ала бер деп көөп эле жолу айткам. Алса дагы өзү жооп берет, албаса дагы өзү жооп берет, ошондуктан "албайсың деп дагыы,аласың деп дагы " жарга такабайм.).

Ооба пендебиз анан да "инсанбыз " (унутчаак) . Мен күнүлүк кылбайм деп азыр айта беришим мүмкүн. Ал эми ошо кырдаалга жараша болот да)). Эгер өзү катылып келбесе эле,мен оозунуп катыла албайм(табиятымдан ошондой адаммын). Эмии өзүм диндеги адам болгондон кийин "АЛЛАХтын ыраазычылыгы жана өзүмө каалаган жакшылыкты, башка аялдарга дагы каалайм," албетте,эркек кишинин үйдө басып жүргөнү эле каанча нерсеге татыйт.
Ымм,агитатциябы. .),айтып көрөйүнчү окшоор бекен.
Мурун бойдок кезимде бир сабака барып жүргөндө эжейибиз "ээң жакшы көргөн,нерселериңерди садака кылгыла "деп,биз соонун жарашкан, кымбаат нерселерибизди, жоолук,көйнөктөрүбүздү атайылап сурайт эле. Биринчи; ичибиз тызылдап(аялдардын ичи тарыраак да өзүчү)) жатып берсек,эртеси, андай нерсе азыраак болот эле. Андан кийин уже,өзүң көнүп каласың,жакшыы нерсең болсо "ии тигиге берейин,буга берейин " деп. Ошентип көнгүлө,андан кийин,күйөөнү бөлүшкөнгө жеңилиреек болот.))) . Ошол эле (агитатциям) ..
Сизге ыраазычылык, эже. Ошол даваатым акырындан болсо таасир этип жатса,абдан кубанычтамын.
Өтөле мактап жибердиңиз) )
Сизге дагы эки дүйнөнүн бактылуулугун каалайм.

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 19 Февраль 2017 - 08:24

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12545 Пользователь офлайн   rumaika5544   19 Февраль 2017 - 08:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения mega777 (19 Февраль 2017 - 00:59) жазган:

Гүлайда!Сонун атың бар экен.
Суроо бергенге үлгүрбөдүм, шартка карап.
Эки дүйнөнүн бактысын тилейм.Кичинекейлериңдин өмүрүн берсин.Аллах кылган ибадаттарыңды кабыл кылган болсун.

Инсан динди 6ай окуганда "Динди 100пайыз билем!" Иливойуңду" чакыр,мен кыйынмын" деп чыгат экен дейт.Ошол инсан 2жыл окугандан кийин "Ии мен 50пайызын эми билдим"дээр экен.Ал эми 20жыл диндин артынан жүргөн такыбаа "Мен эч нерсени билбейт турбаймынбы! "деп башын жерге салыптыр.Сенин алган илимиңдин да ушундай терең жана акыбеттүү болушун тилейт элем.Сендей диндар кыздарыбыз арбын болсун!


Рахмат,эже . Ушунча жүрүп атыңызды билбейт экенмин). Ылайым эле айткандарыңыз келсин! Сизге дагы эки дүйнөнүн бактылуулугун каалайм! Кайрылып каалоо-тилек айтып өткөнүңүзгө абдан кубанычтамын.

Ымм,жакшы икая экен,менин кошумчам "ошо 6 ай окуп алып,"баарын билем "төш каккан адамдарды,бир кемпайлар ээрчип алганына таңмында! Аят-хадистен далил алып келип жатсаң деле,тигил айткан деп,АЛЛАХтын сөзүнөн тиги "илимпозун" өөдө тутуп алат " .

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12546 Пользователь офлайн   rumaika5544   19 Февраль 2017 - 08:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бир жума өтүп кетиптир,убактым тартышыраак болуп кaлды,жооптор канаатандыраарлык эле болду окшойт деп ойлойм. Суроо бергендерге жана жөн эле көңүл бөлүп окуп койгондорго ыраазычык! :give_rose:
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12547 Пользователь офлайн   DNurgiza   19 Февраль 2017 - 21:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Суроо жооптор соонун, кызыктуу болуптур.... үй бүлөөлүк бакыт каалайм....... .сиздей аял заты көп болсун.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12548 Пользователь офлайн   -NURIK-   19 Февраль 2017 - 22:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Просмотр сообщения rumaika5544 (19 Февраль 2017 - 08:29) жазган:

Бир жума өтүп кетиптир,убактым тартышыраак болуп кaлды,жооптор канаатандыраарлык эле болду окшойт деп ойлойм. Суроо бергендерге жана жөн эле көңүл бөлүп окуп койгондорго ыраазычык! :give_rose:

Жакшы барыңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12549 Пользователь офлайн   mega777   20 Февраль 2017 - 02:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

rumaika5544 супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат . Бар болуңуз.

Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири, өзүнүн салмактуу билдирүүлөрү менен суперстандан өз ордун тапкан форумчу Sema04 болмокчу.
Sema04 мырза , супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, адаттагы суроолор;

1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.

Интервьюңузга ийгилик.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12550 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Саламатсыздарды. .Чакырганынар учун,терээн ыраазымын..Колдон келишинче аракет кылам..

1) Анарбаев Саматбек..1991- жылы 4-апрелде Ноокен району Кочкор-Ата шаарында торолгом..

2) 2014-октябрь айларынан баштап суперге конок катары кире баштадым..Башында спорт болумун гана окучу элем..Себеби башка болумдор бар экенин билчу эмесмин.Элдар96 деген мырзаны баарын,таанысаныздар керек.Ошол жигиттин Реал Мадрид темасына жазган билдируулорун коп окуйт элем.Анан мен да жазгым келчу.Кантсе Реалдын куйорманымын да..)) ошентип издеп жайма-жай окуп журуп 2015-март айларында катталып калдым.Нигим туралуу маалымат оной эле..Сема псевдоним 04 туулган кун жана ай.

3) Ал кун дале кызык..Эки тоо корушпойт эки адам корушот демекчи,эски бир таанышымды учуратып калдым..

4) Суперстан кээде тыптынч кээде толкун
Толкуса толкунуна тен ортокмун
Жашоодо канча сайтты араласам
Кыдырып сендей сайтты тапкан жокмун ))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12551 Пользователь офлайн   Shalunka1215   20 Февраль 2017 - 06:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

Хо хо хо)) Куш келипсин интервьюга Сематай)
Кандайсын? Ден-соолук? Иштер? Тиштер? Каштар? Чачтар дегендей))
1 жума кыйнайлы эми суроолордон жаадырып))

1. Суйуу деген эмне?

2. Жашоодо эн кымбат адамыныз? (Бироосун эле айт)

3. Эркек киши 40 жашка чыкканда переходный возраст болот деп угуп калам) сенин коз карашын? Жана эмнеге мындай дешет?

4. Баланын суротун коруп калгамын форумдан. Демек уй-булолусун. . аялына оз тандоон менен жакшы коруп уйлонгонсунбу?

Азырынча ушууу.. дагы келип калышым мумкун)
Интервьюна ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12552 Пользователь офлайн   -NURIK-   20 Февраль 2017 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Салам алекум Sema04!

Жеке жашооңдо сыр бойдон калбай турган нерселерди айтып бере аласыңбы?

Намаз окуйсуңбу?(эгер окубасаң ниет аракет барбы?)

Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12553 Пользователь офлайн   Naku01   20 Февраль 2017 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Куш келипсиз Sema04 брат )))))

Суроолорум жакпаса кечирим сурайм,бирок жакса да,жакпаса да по братский жооп берип коес деген ойдомун :84:


Форумда бир темага жазганынызды окуп калдым эле,Суперстан "СУЙУУМУ "таап берди деген.ошо Babi деген форумчу эмесби....?%)алдын ала жообунузга чооон рахмаааат... .!интервьюнузду ийгиликтуу откоруп алыныз.... :)
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12554 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Просмотр сообщения Shalunka1215 (20 Февраль 2017 - 06:20) жазган:

Хо хо хо)) Куш келипсин интервьюга Сематай)
Кандайсын? Ден-соолук? Иштер? Тиштер? Каштар? Чачтар дегендей))
1 жума кыйнайлы эми суроолордон жаадырып))

1. Суйуу деген эмне?

2. Жашоодо эн кымбат адамыныз? (Бироосун эле айт)

3. Эркек киши 40 жашка чыкканда переходный возраст болот деп угуп калам) сенин коз карашын? Жана эмнеге мындай дешет?

4. Баланын суротун коруп калгамын форумдан. Демек уй-булолусун. . аялына оз тандоон менен жакшы коруп уйлонгонсунбу?

Азырынча ушууу.. дагы келип калышым мумкун)
Интервьюна ийгилик!


Баары жакшы рахмат..

1) Суйуу бул-ааламдагы ар нерсени озуно камтыган,баалуу зат.

2) Апакем..Апалар аман болсун.

3) Аллах омур берсе 40 жашка чыгайнчы,анан сага жолугуп,переходный возраст кандай экенин айтып берем.))

4) Кыска жооп:"апамдын тандоосу жана менин келечеке коз караш менен тандоом"

Рахмат..Келип тур )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12555 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Просмотр сообщения -NURIK- (20 Февраль 2017 - 09:08) жазган:

Салам алекум Sema04!

Жеке жашооңдо сыр бойдон калбай турган нерселерди айтып бере аласыңбы?

Намаз окуйсуңбу?(эгер окубасаң ниет аракет барбы?)

Рахмат.


1) Эми тууганым ар бир адамдын жеке жашоосунда сыры болсо керек.Андыктан сыр бойдон кала берсин.

2) Азырынча Жумабекмин. .Дайыма Аллах жолунда жургонго аракет кылам..Инша Аллах 5 убак намаз окуганга аракет кылабыз.

Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12556 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Просмотр сообщения Naku01 (20 Февраль 2017 - 10:17) жазган:

Куш келипсиз Sema04 брат )))))

Суроолорум жакпаса кечирим сурайм,бирок жакса да,жакпаса да по братский жооп берип коес деген ойдомун :84:


Форумда бир темага жазганынызды окуп калдым эле,Суперстан "СУЙУУМУ "таап берди деген.ошо Babi деген форумчу эмесби....?%)алдын ала жообунузга чооон рахмаааат... .!интервьюнузду ийгиликтуу откоруп алыныз.... :)


Куш кордук..
Ошол кыз,бирок "суйуумду таап берди" дегенден алысмын.Экообуз бир шаардан,бир кочодон,бир мектепте окуганбыз..Бирок пешене экен..)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12557 Пользователь офлайн   asi.gulum   20 Февраль 2017 - 12:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Сема брат куш келипсиз! ! Менден да суроолор болсун..

1.Жашоону өзгөртүү колубуздан келсе эмнени өзгөртмөксүз?
2.Эркектин аялынын астындагы милдеттери эмне? Жана аларды так аткарам деп айта аласызбы?
3. Жашоодо кимден үлгү алып жашайсыз? Же "өзүм билем өтүгүмдү төргө илем" дегендерденсизби?
4.Адам баласынын эң баалуу касиети?
5. Форум сиз үчүн..... жана форумга катталганынызга өкүнөсүзбү?
6.Жашоодо кайсы сезимдерди сактап калуу керек?
Азырынча ушулар,дагы келем буйруса...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12558 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 13:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Просмотр сообщения asi.gulum (20 Февраль 2017 - 12:24) жазган:

Сема брат куш келипсиз! ! Менден да суроолор болсун..

1.Жашоону өзгөртүү колубуздан келсе эмнени өзгөртмөксүз?
2.Эркектин аялынын астындагы милдеттери эмне? Жана аларды так аткарам деп айта аласызбы?
3. Жашоодо кимден үлгү алып жашайсыз? Же "өзүм билем өтүгүмдү төргө илем" дегендерденсизби?
4.Адам баласынын эң баалуу касиети?
5. Форум сиз үчүн..... жана форумга катталганынызга өкүнөсүзбү?
6.Жашоодо кайсы сезимдерди сактап калуу керек?
Азырынча ушулар,дагы келем буйруса...



1) Тагам бар,ошоонун жашоосун озгортмокмун, менин бир созум эле керек эле.

2) Эн маанилуу милдет бул аялга болгон конул деп ойлойм.ж.б. милдеттерди аткарганга аракет кылам.

3) Жашоодо эч кимден улгу албайм жана озумчул да эмесмин.Эгерде бир ишти бутургонго козум жетсе,озум аракет кылып багындырам. .Эгер жетпесе апам,бир-туугандарым менен кенешип,акылдашып баштайм..

4) Адам баласынын эн баалуу касиети бул-адамгерчилик жана кундон кунго адам болууга умтулуу.

5) Форум мен учун ойдо тепкичтерден орун албайт..Бирок ватсап,ок,контакт ж.б. пикир алышуу сайттардан ойдо турат..Албетте окунбойм..Кызыктын баары ушул жерде..))

6) Суроонуз курчундуу суроолордон экен..Бардык нерсеге (динине,ата- энене,мекенге, бир-тууганына ж.б) суйуу сезимин сактап калса.Адам ошондо бактылуу жашайт деп ойлойм.

Рахмат.Жакшы суроолор болду.Албетте келиниз.))

Билдирүүнү түзөткөн: Sema04: 20 Февраль 2017 - 13:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12559 Пользователь офлайн   Mani.kg.   20 Февраль 2017 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9 692
  • Катталган: 04 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары.

Саламатсызбы Сема04 куш келипсиз!
1)Реал Мадриддин куйорманы экенинизди билебиз.Реал Мадридге кантип куйорман болуп калгансыз?
2)Баалаган футболчунуз?
3)Суперден эмнени таптыныз?Эмнени жоготтунуз?
4)Реалда кайсы форумчулар менен жолукансыз?
Рахмат!
Интервьюнузга ийгилик!
Буйурса,баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12560 Пользователь офлайн   Sema04   20 Февраль 2017 - 21:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Просмотр сообщения Mani.kg. (20 Февраль 2017 - 21:01) жазган:

Саламатсызбы Сема04 куш келипсиз!
1)Реал Мадриддин куйорманы экенинизди билебиз.Реал Мадридге кантип куйорман болуп калгансыз?
2)Баалаган футболчунуз?
3)Суперден эмнени таптыныз?Эмнени жоготтунуз?
4)Реалда кайсы форумчулар менен жолукансыз?
Рахмат!
Интервьюнузга ийгилик!


Саламатчылык. .Куш кордук..

1) Бир тууган агам Реалдын куйорманы эле..Оюндарын калтырбай корот..Эми ал мезгилде кыйын эле футбол коруш.Бирок айылдан шаарга барып корчу..Таенем мени да кошуп койот эле кошо барып кел деп..Ошентип журуп куйорман болуп калгам..)

2) Баалаган оюнчулар коп эле..Роналду, Месси,Клюверт, Анринин оюндары жакчу..Ал эми азыркы мезгилде Бэйлди кобуроок колдойм.)

3) Суперде силерди таптым..Суперге кирген "убактынды" гана жоготпосон, башка эч нерсени жоготпойбузго деген ойдомун.)

4) Ашка менен жолуктум..Эми капысынан десем болот..Осмон менен жолукканга шарттар бар эле,досм экообуз колдоно албадык.)

Рахмат..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 626
  • 627
  • 628
  • 629
  • 630
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: