Гупа, саламатсызбы?
Куш келипсиз.
Мен да суроолордон бере кетейин))
* Дино форумчубуз кайсыл жерде торолуп, кайсы мектепти бутту экен?
* Окуучулук кезде келечекте кыялданчу кесибиниз кайсы болчу? Ошол кыялдандан кесибиниздин устунон чыгып, кыялдарды орундата алдынызбы?
* Азыркы жолдошунуз сизди кайсы озгочо мамилесинен дейбизби, мунозу же болбосо кайсы жакшы саппаттары менен багындырып алды болду экен?
* Ар бир кыздындын кыялдары ар башка болот эмесби. Ошого карабай, турмушка чыгатурган кыз, дегеле бойго жеткен кыз, жигиттердин кайсы саппаттарына конул бурат, байлыкбы, бийликби, же тек гана сулуулук, чечкиндуулук, суйуу жана бакытты га кыялданышабы? Сиздин коз карашыныз. ( Озунузду да жаза кетсениз болот)
* Форумга ыймандуу, билимдуу, жалан жакшы инсандар катталып калганбы?, ( дегеним, ар бир темаларда ар бир форумчунун жакшы жактарын байкоого болот) , же виртте эле оздорун ыймандуу, жароокер, боорукер адам болуп ( жасалмалуу) калышабы? Жеке сиздин оюнуз?
Алдын ала жообунуз учун ыраазычылык.
Уй булонуз мн эки дуйно бактылуу болушунузга тилектешмин))))
Мен да суроолордон бере кетейин))
Саламатмын,
рахмат. Берегой
* Дино форумчубуз кайсыл жерде торолуп, кайсы мектепти бутту экен?
Мен жогоруда айтылган аймактын Сай-Талаа айылында торолуп, ошол айылдагы акын Сооронбай Жусуевдин аты коюлган орто мектепте окугам, шартка байланыштуу 11-классты Бишкектин 80-мектебинен окуп бүтүрдүм.
* Окуучулук кезде келечекте кыялданчу кесибиниз кайсы болчу? Ошол кыялдандан кесибиниздин устунон чыгып, кыялдарды орундата алдынызбы?
Мен медицина тармагын көп жактырчумун,
ал жагынан кетейин десем апам өзү медик болгону үчүнбү, болбой койду. А дегеле окуучу кезде кесип жагынан кыялым көп болчу, балким, утурумдук кызыгууларыма жараша ар нерсеге оой берсем керек. Юрист, тергөөчү болом десем бир туугандарым "тергөөчү моюнуна албаганды моюнуна алдырып, таш боорураак болуш керек, сен кылмышкердин баарын чыгарып жибересиң"
деп койсо, ал оюмдан кайтып кеткем. Бир кезде модельер болом деп да чыктым, атамдын эски шымдарын тескерисинен кылып шым тигип)) анан акырында 11ди бүтүп жатканда ушул кесипти тандадым, бир тууган эжем ушул эле факультетти окуп, кызыл дипломду колуна алганда бизди таштап кете берди, анын жолун улайын деген ниетте. Азырынча турмуш менен алаксып, ал максаттарыма толук жете элекмин, буюрса, алдыда дагы тилектер орундалчу күндөр бардыр.
* Азыркы жолдошунуз сизди кайсы озгочо мамилесинен дейбизби, мунозу же болбосо кайсы жакшы саппаттары менен багындырып алды болду экен?
Азыркы жолдошуңуз дегениңиз бир аз көздү чалынтты) Жолдошум жөнөкөй, боорукер, ак жүрөк, чыдамкай адам. Анан анын жакшы жагына жумшаса көп ийгиликтерге жетчү өзгөчө өжөрлүгү бар.
* Ар бир кыздындын кыялдары ар башка болот эмесби. Ошого карабай, турмушка чыгатурган кыз, дегеле бойго жеткен кыз, жигиттердин кайсы саппаттарына конул бурат, байлыкбы, бийликби, же тек гана сулуулук, чечкиндуулук, суйуу жана бакытты га кыялданышабы? Сиздин коз карашыныз. ( Озунузду да жаза кетсениз болот)
Мен бойдок кезде биринчи орунга сүйүүну койчумун, романтик болсом керек. Анан адамдын жакшы делчү жеке сапаттары, чечкиндүүлүгү,
ооба, чечкиндүүлүк көп учурда алдыга озуп чыкса керек.
* Форумга ыймандуу, билимдуу, жалан жакшы инсандар катталып калганбы?, ( дегеним, ар бир темаларда ар бир форумчунун жакшы жактарын байкоого болот) , же виртте эле оздорун ыймандуу, жароокер, боорукер адам болуп ( жасалмалуу) калышабы? Жеке сиздин оюнуз?
Ооба,
ошондой) Бул мындай да, жаман калк болбойт, аны жаманатты кылган жаман адам болот, жок, жаман адам болбойт, аны жаман кылган анын жаман сапаты болот. Ар бир адамдын анча-мынча терс сапаттары бар, бирок жүрөгү адамдыкы. Виртуалдуу дүйнөдө эмоциясын көбү тизгиндейт,
ойлонуп жазат, реалдууда тизгиндегенге жетишпей калышса керек.
Алдын ала жообунуз учун ыраазычылык.
Уй булонуз мн эки дуйно бактылуу болушунузга тилектешмин))))
Рахмат, айтканыңыз келсин!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















Мобилдүү версия