Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • 86
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1661 Пользователь офлайн   Arstan   11 Май 2010 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Саламатсынбы Студентка?
Сага ийгилик каалайм!

Суроом

1 - Кандай гулду жактырасын?

2 - Шаардын жашоосу жагабы же Айылдынбы?

3 - Кандай салам берсе,ошондой жооп бер дегенге кандай тушуносун?

4 - Балдардын кандай мунозун баалайсын?

5 - Ата энендин кимисин кобууроок жакшы коросун?

6 - Кыргызстандын кайсы шаары жагат?

7 - Озуно жакпаган мунозун,сапатын кайсылар?

8 - .Эн бактылуу кунун же качан суйундун эле?

9 - Бироо конулунду оорутса эмне кыласын?кандай абалда каласын?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1662 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

СССР аке, Айзиля рахмат.

kom сага да салам.

1. Өзүң жөнүндө кичине айтып берсен?
- Өзүм жөнүндө бү...хммм.. .. конкреттү ү эле суроолорго жооп берип турайынчы э? Уч күндөн кийин мен жөнүндө баарын билип аласыз :)

2.Неге ниги "студентка" ?
- Иий бунун тарыхы узун :tongue: Анда мен 1 курска жаңы келген студент кыз болчумун. Мен окуган тармак IT тармагы менен байланыштуу үчүн сабактар да интернет менен байланыштуу болчу. Ошо, 1 курста эле интернет менен ооруп баштагам. Мен жаңы кирген форум Кыргызстан Обондорунун форуму болчу, анда интернет жакшы өнүгө элек болгондуктанбы, айтоор форум деген эле аты болбосо кыйраткан эч нерсе жок болчу, жада калса "регистрация" жок болчу. Модур -подур деген тушунук деле ле жок болчу... Жолоочу отуп бараткан киши деле каалаган билдирүү сүн таштап кете берчү. Сөгүнгө нү сөгүнгө н бойдон жата берчү... бир айда бир эптеп тазалап коюшчу...бир жолу эсимде бир чоң эле байке "Улутчулдар" темасында "орус" деген сөздү башкача жазып алып байкуш бир ай кечирим сураганы эсимде :tongue: Бирок андагы юзерлер аябай сыпаа мамиледеги кишилер болчу, көпчүлү гү... Ошо, анан мен да кошулгам аларга...тартынып атып темселеп эки жумадан ашык алардын жазгандарын окуп жүрүп. .. башта жөн эле Гули деп кирчүмү н... артымдан кууп жазып, тажаткан Студент деген юзер бар болчу... ошого атаандашып жүрүп мен да Студентка болуп алгам... Ал жактан өз ордумду тапкан соң ...кийин башка сайттардан башка ник менен катталсам эле "сен кимсиң" дей беришкенинен ..."ой мен баягычы Студентка" дейберип тажап анан "Вечная Студентка" болуп кала бердим. Ошо.

3.Өзү ңө жаккан жана жакпаган сапаттарын?
- Өзүмө жаккан сапатым... ммм... көкбетмин бирок көпкө таарына албайм, жиним келсе да сылык сүйлөп кишини өз ордун билгизе алганым... а жаман көргөн сапатым... көпчүлү к учурда болбогон нерсеге да "переживать" эте берем.... ойлонбой сүйлөп бирөөнү таарынтып алдымбы деп да көп ойлоном...Эң жаман сапатым көңү лүмдү аябай калтырган кишилерге кайра жакшы сүйлөп кете албайм. Колумдан жардам келсе да жардам бергим келбей кетет. Ушундай жаман адаммын (((

4. Кайсы кылыгын жан эргитет?
- Эркелегим го.

5."Кыз кылыгы менен" дегенге көз карашың?
- Түптүз. Албетте "кыз кылыгы" менен болуш керек деп ойлойм, бирок, чеги менен. Анан кылыгын кандай жерде көрсөтү үнү да билиш керек деп ойлойм.


Макул. Суроолор болсо дагы күтөм. Жан дилим менен жооп берүүгө даярмын :)

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 12 Май 2010 - 23:32

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1663 Пользователь офлайн   KG girl   11 Май 2010 - 20:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Салам сулуу.
1. Конулун чоккондо кантип которосун?
2. Сыр болушоор адамын ким?
3. Кыргызстандын- трагедиясы эмнеде?
4. Трайбализмге кандай коз караштасын?

калганы эртен.
Алдын ала рахмат.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1664 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Таллас мырза
Саламатчылык. Ошо, келип калдым :) Макул, бирок көп суроо менен кыйнабаң ыз ээ :tongue: (тамаша)

"Куру кайрат баш жарат" деген макалдын чечмеленү үсүн сизден билгим келип жатат.
- Өзүнү н күчүнө ишенбей кыйын болгондорду түшүнө м мен. Билбейм, мүмкүн башка мааниси да бардыр.

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 11 Май 2010 - 23:16

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1665 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатчылык Akjol . Рахмат.


1.Кандай гулду жактырасын?
- Георгин- чоң, ак түстөгү сү. Анан роза - бутон.

2.Шаардын жашоосу жагабы же Айылдынбы?
- Айылда да күчүң жетсе шаардын жашоосун куруп алса болот деген ой бар менде. Айылда жашаганга эмне жетсин (абасы таза, айылдын баё жөнөкө й калкы) :)

3.Кандай салам берсе,ошондой жооп бер дегенге кандай тушуносун?
- Түз эле түшүнө м. Бирок ага дагы бир тескери жооп бар "Таш ыргытканга, аш ыргыт" деген :)

4.Балдардын кандай мунозун баалайсын?
- Жигиттердин: Чечкиндү ү, ыймандуу, шайыр, аял затын сыйлай билген, ак көңү л, уялчак эмес, анан "подкаблучник" эмес :tongue: сапаттарын баалайм.

5. Ата энендин кимисин кобууроок жакшы коросун?
- Экөөнү тең бирдей жакшы көрөм :)

6.Кыргызстандын кайсы шаары жагат?
- Нарын менен Баткенди көрө элекмин, бирок областьтардан Ысык-Көл менен Жалалабат жагат.

7. Озуно жакпаган мунозун,сапатын кайсылар?
- komдун 3чү суроосун карасаңыз.

8.Эн бактылуу кунун же качан суйундун эле?
- Эсимде жок, көптөн бери сүйүнө да элекмин.

9. Бироо конулунду оорутса эмне кыласын?кандай абалда каласын?
- Таарынып калам. Эгерде аябай жакын адамым болбосо көңү л деле бурбайм т.е. билгизбейм, өзү бир күнү түшүнү п кечирим сурагандар да болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 11 Май 2010 - 22:28

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1666 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

KG girl эжекооу сизге да салам :)

1. Конулун чоккондо кантип которосун?
- Ыйлайм, эч кимге сүйлөбө й отуруп бугумду жазам, ыр жазам, китеп окуйм же кино көрөм.

2.Сыр болушоор адамын ким?
- Мурда сиңдим менен бөлүшчү элем, азыр подружкам, апам анан жакындан бери сиз :) Апам менен көбүнчө сүн жакшы жаңылыктарым менен эле бөлүшө м (көп көңү лүн ооруткум келбейт).

3.Кыргызстандын- трагедиясы эмнеде?
- Акча үчүн эл тынчтыгын бузуп, элдин ынтымагын ыдыраткан "чоң" имиштердин бийлик талашкан оюндары токтосо болот эле.

4.Трайбализмге кандай коз караштасын?
- Ынтымак жана түшүнү ү болсо бул түшүнү ктүү жойсо болот деп ойлойм. Негизгиси жерлиги эмес, адамдын адамдык сапаты да :)


Макул, күтөм эжеке:)

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 12 Май 2010 - 00:32

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1667 Пользователь офлайн   vais   11 Май 2010 - 22:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Вауу, Студентка суракта беле...
Берчи зачетканды, келе...
автомат эле коюп берейин
суроо-сопкуту жок эле...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1668 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 23:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Вауу, Студентка суракта беле...
Берчи зачетканды, келе...
автомат эле коюп берейин
суроо-сопкуту жок эле...



Айиий, чындап элеби :D Рахмат, рахмат vais аке:)
Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1669 Пользователь офлайн   vais   11 Май 2010 - 23:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

quote]


Айиий, чындап элеби :D Рахмат, рахмат vais аке :)
[/quote]
бирок кийинки сабакка окуп келгин ээ...баягы теманы, болбосо философиядан кулап каласын...
А бул суроо болсо жөн эле, для кругозора. "Кавказская пленницаны" канча жолу көргөнсү ң? Турмушта Сааховдор тынчынды албайтабы?

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 11 Май 2010 - 23:35

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1670 Пользователь офлайн   studentka   11 Май 2010 - 23:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Макул vais аке. Сөзсүз да:)

"Кавказская пленницаны" канча жолу көргөнсү ң?
- Байкуш раматылык Леонид Гайдай "акемдин" таанымал фильмине да 44 жыл болуптур, ошондо 24 жылдан бери көргөн болом го :tongue: Каап, бирок канча жолу көргөнү мдү эсептеп койсом болмоккен ээ...

Турмушта Сааховдор тынчынды албайтабы?
- Тынчымды алган Сааховдордон да эптеп кутулуп атам :blush: Бирок, Сашкамды тапсам "эшегине" өзүм эле минип кетмекмин хи хи хи %)

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 12 Май 2010 - 00:05

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1671 Пользователь офлайн   elif   12 Май 2010 - 05:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Salam Studentka,
1.'chindiginda kiz- jigit ajirashkanda gana suyuu(ashik) saktalip kalat,oshondo al ashik danazalangan,tarihta kala turgan suyuu(ashik) bolot',bul suylomgo koz karashin kanday?
2.Ayabay populyarduu irchi je aktrisa bolgun keldi bele? jana bolgun kelse emne uchun?
3.Azirki kesibindi ozun tandadinbi je ata-enenbi?
4.Maanayin nachar bolgonunda biroogo 'murunun menen barip bir tiyip' taarintip algan uchurlarin boldu bele?
5.Jannat menen tozoktun bar ekenine ishenesinbi?

Aldin ala rahmat,saga baktiluu jana iygiliktuu kundordu kaalaym.
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1672 Пользователь офлайн   Kushtar   12 Май 2010 - 08:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 15 Февраль 10
  • Соңку аракети: 04 Июн 2014 20:37
  • Жынысы:Эркек

салам Студентка!
"андагы юзерлер аябай сыпаа мамиледеги кишилер болчу, көпчүлү гү..." деген темадан баштайынчы %)
1). мурунку обонтайдын форумчуларынан кимиси менен азыр жакшы мамиледесин?
2). ЖКК турмушка чыккан, Кыргызбай уйлонуп, уулду болгон, сен кимисинен кабарын бар?
3). ал кездеги жолугушуулар жакчу беле?
4). Табийгат кайда?

ырахмат.
убакыт - женилбес душман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1673 Пользователь офлайн   Erkem   12 Май 2010 - 09:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 08 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 06 Фев 2022 21:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалалабат

ООО озумдун эжем сурака келип калгангооо. ...Салам кандайсыныз. ..коопто
н бери башынызды оорутпай койдум ээ? Анда менда бир эки суроо ыргыта кетейин?

1) 12айдын кызгызча аталышын айтып бере аласызбы?
2) Эгерде жашоодогу бир жанылган нерсенди ондоого мумкунчулук бар десе, кайсыл катанызды ондогон болоор элениз?
3) Кийим илгичинизде кайсыл тустогу кийимдер кобуроок?ошондо жактырган тусунуз кайсыл демекчимин?
4) Анан сиз канттай ширинсизби же туздай даамдуусузбу? тушундунузда ээ?
5) АЙылда жургондо бирооонун багынан момо уурдап жегенсизби же сизде андай учур болгон эмеспи?
6) Студенттеринизден суйуусун арнаган жигит болгонбу?
7 ) Мени качан жезделууу кылганы турасыз? :tongue:
8) Сиз кызганчааксызбы? Ата эненизди бир туугандарыныздан кызганып таарынган кунунуз болду беле?мисалы "мени эмес аны кобуроок эркелеттин" - деп дегендей.?
9) акыркысы жон гана сизге айткым келген соз мени деп коонунуз ооруган болсо кечириниз эээ? :give_rose:

азырынча ушулар дагы суроо узаткым келсе 3кун ичинде береттирмин эээ:)

Билдирүүнү түзөткөн: Erkem: 12 Май 2010 - 09:12

Чургап алып мени кусалык,
Сени куткон кундор узарып.
Омур токтоп ошол ирмемде,
Олтургансыйт жылбай тушалып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1674 Пользователь офлайн   Барс   12 Май 2010 - 09:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Таланттуу кызыбызга мен да суроо берип калайын:
1. Талант дегенди кандай түшүнө сүң?
2. Сен ырларын окуган кайсы акынды эң мыкты деп эсептейсиң ?
3. Акын катары өзүң жазган бир ырыңды (узу-ун болсо да, өзүң ө өллө жаккан!..) ушул жерге толук келтирчи!
4. Качан китебиң чыгат, же чыккан болсо, аттарын ата.
Сага ийгиликтерди каалаймын!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1675 Пользователь офлайн   kom   12 Май 2010 - 09:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Бүгүнкү күндүн эсебинен да суроолорду илип калайын...

1) Студент менен Комсомол дун айырмасы эмне?
2) Окуп жүргөнү ңдө пара бергенсинби?
3) Кайсы сабакты окуу менен рахат алчусун?
4) Өзу азыр кандай кесип аркалайсың ?
5) Өмүрлү к шеригиңди көптүн ичинен издейсиң би же өзү сени табат деп жүрөсү ңбү?
6) "Сүйү ү жашка карабайбы? Деги сен сүйүү нү эмне деер элең?
7) "Бир күндүк өмүрү ң болсо, түштүгү нө жорго мин" дешет, неге?
8) Сулуулук дүйнөнү сактайбы? Сактаса кантип?
9) Дежур сөзүң кандай элее....?
10) Күндө жатаарда эмнелер жөнүндө көп ойлоносуң ?

Жоопторуң а алдын-ала ыраазычылык билдирем. Ден-соолугуң чың болсун, өмүрү ң бактылуу күндөргө толсун... Дагы келем... :)
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1676 Пользователь офлайн   ona   12 Май 2010 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Салам...studentka! !!
1. Жакшы коргон тусун кайсы?
2. Озуно калп айта аласынбы?
рахмат :)
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1677 Пользователь офлайн   KG girl   12 Май 2010 - 15:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Жактырган макалын?
Тутунган принцибин?
Жашоо филисофиясы?
Баалган чыгарман, акын, жзуучун?
Жашоодогу девизин?
Клаптын кереги канчалык?
Улутту эмне сактап калат?
Омоооййй берилип кетипмин да. Коп суроо берип койдуп окшойт. :)
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1678 Пользователь офлайн   studentka   12 Май 2010 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Salam Studentka,
Сизге да салам elif

1.'chindiginda kiz- jigit ajirashkanda gana suyuu(ashik) saktalip kalat,oshondo al ashik danazalangan,tarihta kala turgan suyuu(ashik) bolot',bul suylomgo koz karashin kanday?
- Азыркы кезде ушул сөздүн чындыгы бар окшойт деп ойлонуп жатам. Мүмкүн чын эле бирге болсок ушул сезимдерибиздин күчүн билбей да калат белек... ким билет... Бирок, өкүнбө йм :)

2.Ayabay populyarduu irchi je aktrisa bolgun keldi bele? jana bolgun kelse emne uchun?
- Жок, андай кыялданбаптырмын негедир.

3.Azirki kesibindi ozun tandadinbi je ata-enenbi?
- Мен мектепти бүтүп шаарга келгенде информатик же математик болом деп келгем... бирок информатиканын бюджет бөлүмү нө өткөнү м менен тааныш билиши барлар өзүлө рүнүн "саясатын" жүргүзү шүп мен четке чыгып калганда апамдын кеңеши менен бир (ОРТтин) талонун "Лингвистика и новые информационные технологии" факультети жаңы ачылган экен, ошонун кантракт бөлүмү нө тапшырып өтүп кеткем. Окуп жатып 4-курска келгенде мугалимдерим өзүбү здүн институттан жумуш сунушташып, ошо менен ал жерде иштеп калдым. Ошо.

4.Maanayin nachar bolgonunda biroogo 'murunun menen barip bir tiyip' taarintip algan uchurlarin boldu bele?
- Негизи ушундай кезде өзүмдү башкалардан оолактатып турам, бирок ага да карабай жиниме тийип "ачышып жаткан жерге туз сепкендер" болсо катуу эле тийип коём.

5.Jannat menen tozoktun bar ekenine ishenesinbi?
- Бул сурооңуз мен үчүн оор экен, жооп бербей эле турсам болобу.


Кызыктуу суроолоруң узга рахмат:) Сизге да ийгилик каалайм.

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 12 Май 2010 - 23:29

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1679 Пользователь офлайн   studentka   12 Май 2010 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

салам Студентка!
Сизге да салам Kushtar

"андагы юзерлер аябай сыпаа мамиледеги кишилер болчу, көпчүлү гү..." деген темадан баштайынчы %)
Сиз да Обондоруна кирчүң үз беле :blink: Ошол Студент жигит өзүң үз эмес белеңиз иши кылса %)


1). мурунку обонтайдын форумчуларынан кимиси менен азыр жакшы мамиледесин?
- Azura, Mister жана ntj менен байналышып турам. Баары менен эле жакшы мамиледе болчумун, көп көрүшпө й калганыбыз эле болбосо.

2). ЖКК турмушка чыккан, Кыргызбай уйлонуп, уулду болгон, сен кимисинен кабарын бар?
- ЖККны тушмушка чыкканын уккам. Өткөндө көчөдө н капысынан көрүп калып кезиккем. Көбөйү шкөнү жаткан окшойт, жанымда бирөө бар болчу, жакшы сураша алган жокбуз. А Кыргызбай же Министр акем үйлөнгө ндөн кийин барып келген элек үйүнө , ошол бойдон неттен байланышып турчубуз, уккам уулу жөнүндө . Бирок, көптөн бери кабары жок акемдин дагы ле.

3). ал кездеги жолугушуулар жакчу беле?
- Жакчу:)

4). Табийгат кайда?
- Табийгат эжени да бир жыл мурун Салем байке Бишкеке келгенде көргөм, ошондон бери көрө элекмин. Почтасына жазсам кабары жок ((( Сагындым.

Эски күндөрдү эске салганыныз үчүн сизге да рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 14 Май 2010 - 01:52

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1680 Пользователь офлайн   studentka   13 Май 2010 - 00:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ООО озумдун эжем сурака келип калгангооо. ...Салам кандайсыныз. .. кооптон бери башынызды оорутпай койдум ээ? Анда менда бир эки суроо ыргыта кетейин?
Салам Еркем Мен жакшы кудайга шүгүр.

1) 12айдын кызгызча аталышын айтып бере аласызбы?
- Омий да сурооң укмуш го %) Эжекеңди биир сындырайын деген экенсиң да ээ :tongue: Чынын айтсам ай аталыштарын мектепде окуп жүргөндө жатка билчүмү н (себеби күнүгө тетрадька жазчубуз), кыргызча ай аталыштары бар болгону менен аны колдонбогонубуз үчүнбү негедир, азыр эстесем да аралашып жатат... андан көрө уят болбой эле айтпай эле коёюнчу э.

2) Эгерде жашоодогу бир жанылган нерсенди ондоого мумкунчулук бар десе, кайсыл катанызды ондогон болоор элениз?
- Билбейм, мен азыр орчундуу ката кетире элекмин деп ойлойм. Оңдогонго катам деле жок экен ойлонуп көрсөм.

3) Кийим илгичинизде кайсыл тустогу кийимдер кобуроок?ошондо жактырган тусунуз кайсыл демекчимин?
- Ачык түстөгү . Жайында көбүнчө сүн ачык же ак түстөгү кийимдерди көп кием. Ак түстү көп жактырам го.

4) Анан сиз канттай ширинсизби же туздай даамдуусузбу? тушундунузда ээ?
- Мени ким кандай кабыл алгысы келсе ошол кишиге ошондой болуп бере алам. Айтаарым ширин дагы даамдуу дагы боло алам.

5) Айылда жургондо бирооонун багынан момо уурдап жегенсизби же сизде андай учур болгон эмеспи?
- Айылда бир жолу тээ бизден алысыраак жерде платинага барып сууга түшчүбү з, жайында ошол жактан сууга түшүп келатып курсагыбыз ачканынан бирөөнү н багынан алма уурдап жейбиз деп итине таланганы аз калганыбыз эсимде :crazy-girl:

6) Студенттеринизден суйуусун арнаган жигит болгонбу?
- Астыма келип айта элек, бирок майрам сайын бир букет гүл, шокалад же торт алып келип "сизди сыйлайм эжеке" деп айткандан тажабаган бир студентим бар. Аябай тартиптуу, акылдуу бала.

7 ) Мени качан жезделууу кылганы турасыз?
- Буюрган күнү садага.

8) Сиз кызганчааксызбы? Ата эненизди бир туугандарыныздан кызганып таарынган кунунуз болду беле?мисалы "мени эмес аны кобуроок эркелеттин" - деп дегендей.?
- Эркелеп кызганган киши болушум мумкун, бирок бир туугандарыма атаандашпайм. Мен улуусу эмесминби. Үйдө ансыз деле менин сөзүм көп сүйлөнө т.


9) акыркысы жон гана сизге айткым келген соз мени деп коонунуз ооруган болсо кечириниз эээ?
- Эмнеге кечирим сурайсың . Мен сени түшүнө м. Абалынды туюп турам. Сен болгону айткан сөздү укканды үйрөнчү . Жашоо "ошол" нерсе же "ошол адам" менен эле чектелип калган жок экенин түшүнсө н аябай кубанычта болот элем. Сен акылдуу кызсың, сенин күчтүү экениңе ишенем. Өзүң дү сындырба! Макул?!



Кызыктуу суроолоруңа рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 13 Май 2010 - 00:17

Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • 86
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 18:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: