Барс байке, жөнөкө
й мугалим сүйлөп-
сүйлөп тим болот; жакшы мугалим түшүндү
рүп берет; таланттуу мугалим түшүндү
рүп да, практикада көрсөтү
п да берет; чыныгы мугалим эч нерсени түшүндү
рбөйт, ал жөн гана окуучуларына пикир берип, жол көрсөтө
т деп айтышат. Сиз өзүң
үздү булардын ичинен кайсы мугалимге кошор элеңиз? Негизи ушул айтылган сөз туурабы?
Мугалимдерди баскычка бөлгөнү ң абдан туура. Буга "устат мугалим" дегенди да кошуп коюу керек го дейм. Мен билгенден сен санап берген сапаттардын баарын аткарып, мугалимдик кесипте өзүнү н МЕКТЕБИН түзө алган, б.а. өзүнү н артынан жакшы, таланттуу, чыныгы мугалимдерди табиялоого жетишкен мугалимдер да бар. Аларга жазуучу жана педагог Ж. Мавляновду, таластык мугалим Б. Исаковду ж.б. кошсок болот.
Эми мага келсек, мен ушул сен айткан мугалимдик баскычтын баарын басым өттүм го, кыязы! Анткени, мугалимдик ишмердүү лүгүң башталганда эле "таланттуу" , "чыныгы" , "устат" мугалим болуп калуу колдон келбей турган нерсе. Андыктан, ага тынымсыз эмгектин, чыдамкайлыктын, негизгиси балдарды сүйүү нүн натыйжасында гана жетише аласың. Баарыдан да ушул аткарып жаткан ишиң өз элиң үчүн, өз өлкөң үчүн абдан зарыл да, өтө керек да экенине 100% ишенишиң керек. Ансыз сырттагылар айткандай ызы-чуулу, тынчы жок, айлыгы аз бул кесипте бир окуу жылы да эмгектене албайсың !
Эң негизгиси-ө з предметиң ден билимдүү болушуң шарт.
Бир мугалим айткан имиш: " Бүгүн окуучуларыма жаңы теманы түшүндү рөйүн деп, бир сыйра айтып берсем, түшүнү шпөдү. Экинчи сыйра дагы кайталап айтып берсем, дагы түшүнү шпөдү. Анан үчүнчү жолу айтканымда өзүм түшүнү п калдым..." -деп. Демек, мугалим окуучуларга бир нерсени түшүндү рүү үчүн оболу ошол нерсени өзү толук түшүнү шү зарыл...
Эң жакшы сурооң үчүн ырахмат!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия