Деги ким интервью берүүдө?.. USSRби же Isabellби?..
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#2322 04 April 2011 - 20:27
Кымбаттуу достор! Шарт мумкунчулук деген сыяктуу турмуштун оош-кыйыштарына байланыштуу интернет ааламына баш багууга такыр он келбеди... Кудаа кааласа эмитен баштап жооп бере баштайм... Куттургонум учун узур...
#2323 04 April 2011 - 23:06
Хм...эми серьезно...
Ушундай эле "серьезная" карындашым бар эле дейм да..:)
1)Сиз 10 жылдан кийин... :unsure:
Ммм... Он жылдан кийин өзүмдү ушундай эле элестетем... Дагы эле интернет казып... балдарымдан комп талашып NFS оюнунун ошол убактагы версиясын ойноп...%)
2)Жалгыздык сиздин козунуз менен... :smoke:
Жалгыздык... . Кээде өзүң менен өзүң сүйлөшкүң келип... жан дүйнөдөгү, мээдеги "быкы-чыкы" ларды өз текчелерине ирээттегиң келгенде- жалгыздык жакшы... А кээде сүйлөшкөнгө киши таппай калган учурлар болот... Мындай учурда- жалгыздык жаман...
3)Сумурон калган "суйуу"
сиздин козунуздо...
:жүрөк:
"Сүмүрөн" калган сүйүү тууралуу канчалаган гана сөздөр айтылбады... Кандай гана аныктамалар берилген жок... Кимдир бирөөлөр муну бакыттын туу чокусу десе, кээлери үчүн бул жашоонун негизги өзөгү... Сүйүүнү көрөйүн деген көзү жок адамдар кездешет... Канткен күндө да... жооптуу сүйүүбү жоопсузбу, айырмасы жок, менимче Сүйүү жараткандан берилген белек сыңары... Ар бир эле адамга чыныгы махабаттын даамын татуу мүмкүнчүлүгү берилбесе керек....
4)Кыялдарыныздан болушо кетинизчи...
:rolleyes:
Кыялдар демекчи... өтө кыялкеч болчумун жаштыгымда. .. Жаш өткөн сайын ал өнөрүм калып баратат... Анча-мынча кыялдар таштап кете албай дале жүрү аралашып..)) Бирок аларды айтып койсом кыял болбой калат го)))
5)"Кусалык"
жонундо бир шингил таштай кетинизчи!
(негизи мага керек болтат 4 сап... :crazy-girl: )
Бир шиңгил эмес... көөп эле шиңгил таштап берейинчи))
үйүмдүн жанындагы топ дарактар
Саргайып ойго батат
жалбырактар. ..
Күз келип дирилдешип суукка үшүп
үзүлөт ....каалгый учуп жерге түшүп...
Эсимде ...жолуккан күн эн алгачкы
Оо анда бул дарактар жашыл эле ....
Сүйүүңө жетип алчы байкушум деп
Шыбырап жалбырактар айткан
эле...
Азырчы ...азыр сени сагындым
Неге мынча жарык дүйн
ө тарыды...
Сагынычтан тургузулган төрт
дубалы
Ороп менин жандүйнөмд
ү жанчыды...
Сагынычым жык толуп бүт денеме
Баш ооруду көтөрүлө чыгып
мээме...
Бурк эттим саат сураган
бейтаанышка
Ойлоду го ..."жиндиби же кандай неме ?".....
Минут жебе саат менен
алмашкандай
Секундалар таш байлап
алышкандай. ..
Жолугаар күнүм сага жомок болуп
үмүтүм түтөп турат күйүп жанбай...
Былтыркы жазылган ырым болчу...
6)Эн акыркы,эн негизги айтаар созум...Сизге чооооооон РАХМАТ! Адамгерчилигинизге таазим! :0108:
Сага да чоң рахмат!
р.s. Таазимге деле арзыбайм го негизи:)
#2324 04 April 2011 - 23:21
сразу суроолорго знааччиитт
Анда мен да жоопторго "сразу" киришейин.)))
1)сиз озунузду серьезныймын деп ойлойсузбу
Жетиштүү эле токтоо эсептейм өзүмдү... Бирок кээде жакын санаган өз кишилердин арасында "айнып" коймой мүнөзүм бар.(айрыкча сыра ичип алганда) кээ бир форумчулар да күбө болуп калышкан жайы бар...))
2)сиз кайсы кесиптин ээсисиз
Жогорку билим албаганыма байланыштуу, атайын адистигим жок...
3)тандаган кесибиниз конулунузго топ келеби...
Бул суроого жогорку жоопту келтирсем болот окшойт...
#2325 04 April 2011 - 23:31
#2326 04 April 2011 - 23:35
#2327 05 April 2011 - 00:13
Жооп берип эле атат го,Варвара?
Суроом: 1) Isabell дагы сиздин никпи?
2) Кесибиңиз жана иштеген жериңиз?
3) СССР мезгили жагабы, жакса эмнеси менен?
Суроом: 1) Isabell дагы сиздин никпи?
2) Кесибиңиз жана иштеген жериңиз?
3) СССР мезгили жагабы, жакса эмнеси менен?
Кечиресиздер мен адашып кирип алдым окшойт да
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#2328 05 April 2011 - 00:36
Саламатсызбы?
Саламатчылык. ..
Учурда эмне менен алексиз?
Учурда европалык ыкмадагы ремонт, интерьер дизайны, корпустук эмерек сыяктуу тармактарда иштейм.
Аткарып жаткан ишиңиз өзүңүзгө жагабы?
Кандай десем... Жагат же жакпайт деп ойлонуп деле көрбөптүрмүн. .. Кээ бир жактары жагат, анча-мынча жери жакпайт дегендей...
Ошол азыриштеп жаткан тармакта Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо аласызбы?
Бул тармакта мамлекетти өнүктүрүүгө салым деле кошо албайм го.... Негизи... мунун баары кайсы өңүттөн караганга байланыштуу. ..
Кыргызстандын өнүгүүсүнө кандай салым кошо аласыз?
Бул жөнүндө көп ойлоном... Канткенде бир салымымды кошо алам... Балким мекенчил духтагы патриоттук ырларды жаратсам... окуган адамдын көөдөнүндө "мекен" деген кичинекей учкун пайда болсо... балким ошол менин салымым болоттур? Балким...
Кыргызстандын келечегин он жыл алдын кандай элестетет элеңиз?
Он жыл мурун мамлекет келечеги үчүн көп деле жапа чекпечүмүн. .. Же ойлорум башка нерседен бошобос беле... Эми ал кезде элеттик энөө боз бала болчумун да... Бирок ошол учурдагы саясий кырдаалдардан. .. башкаруучу саясий элитабыздын иш-аракеттеринен улам... өлкөбүз жакын арада оңдолбошун сезип калаар элем...
Ошол элестеткендей болдубу?
Ошондой эле болду го... Жакын арада оңолбойбуз го деген божомолум дале болсо күчүндө...
Кыргызстанды сиз он жылдан кийин кандай элестетесиз?
Учурдагы кырдаалдарды анализдеп көрүп... он жылдан кийин алгылыктуу ийгиликтерге, оңдуу жылыштар көп деле болбойт деген жыйынтыкка келем... жана күн өткөн сайын бул жыйынтыгым туура экенине ынанып келем...
Жоопторуңузга рахмат!!
!
Сиздин суроолоруңузга да чоң рахмат!
#2329 05 April 2011 - 00:49
Менин суроом жопжонокой,
онор эмес адам сизге суроо бериптир, анткени легендасыз билем, эми ошол суроо бергендердин арасына кимдин суроолору озгочо жага калды ... сизге???
andormeda карындашымдын "крутойсузбу" деген суроосу өлө жакты... Кандай мааниде берилгенин дагы эле түшүнө элекмин))) "Намек" жасап, "движение" кылып жатабы деп бир сыйра сүйүнүп да алдым))) негизи эле andormeda сулуу күтүүсүз жерден ар кырдуу суроолорду таба коет.))
р.s. Легенда деген сөздү биринчи ирет угуп жатышым, боекторду күчөтүп жибердиңиз окшойт))
#2330 05 April 2011 - 00:56
#2331 05 April 2011 - 01:18
1) Саламатсызбы?
Саламатчылык. .
2) Кыргызстандын жараны экенинизге окунбойсузбу?
Жок,өкүнбөйм. ..
3) Бул жашоодогу жетишкениниз жана окунгонунуз?
Сыймыктанып элге жар сала турган мактанчу деле жетишкендигим жокко эсе... Ал эми өкүнүч боюнча айтсам, эч нерсеге өкүнбөгөнгө аракет кылам... өкүнүч адамды артка тартып, буттарын тушап салган аркан сымал...
4) Менин кайсыл терс аракеттеримди каралайсыз Супердин форумунда?
Бирөөнү каралоо менин стилимде эмес... Кайсы бир иш аракеттерге өз позициямды билдирип коюшум мүмкүн... Анын үстүнө сизди жакшы тааныбайт экемин... Убакыт өтүп форумдан ой-пикирлериңизди окуп көрүп, "Форумчуларды сындайбыз" деген темага сиз жөнүндө оз оюмду (каралоо эмес) калтырып коем...
Р.S. Алдын ала терен ыраазычылык билдирем...
Сиздин суроолоруңузга да чоң рахмат...
#2332 05 April 2011 - 01:22
#2333 05 April 2011 - 01:41
Суроом: 1) Isabell дагы сиздин никпи?
Бул сулуу кыз теманын шартын жеткилең түшүнбөй калып менин ордума жооп берип койгон го :) Менин нигим эмес.
2) Кесибиңиз жана иштеген жериңиз?
ЖОЖдо окубагандыгым үчүн дипломдуу адистигим жок... А иштеген жерим ар жерде.)))
3) СССР мезгили жагабы, жакса эмнеси менен?
СССР мезгили жагат деп айта албайм... Улуу державанын курамында өткөргөн кыргыздын ал дооруна тарых катары мамиле кылам... Чынын айтканда бул доор Кыргызстан үчүн жакшы жылыштардын мезгили болгон деп эсептейм... өкүнүчтүүсү- ошол маалдагы байлыктарды чачып-төгүп. .. максатсыз пайдаланып алгандыгыбыз. ..
Эгер нигимден улам бул суроону берип жаткан болсоңуз... Балалыгым СССРдин балмуздак бир тыйын... майрамдарга 50 тыйын же бир сом менен көчөгө чыккан жаркын дооруна туура келгендиктен. .. USSR-СССР деген никтерди ачканыма түрткү болгон...
#2334 05 April 2011 - 01:44
#2335 05 April 2011 - 01:50
#2336 05 April 2011 - 08:52
Салам! Биринчиден,
кайрадан Суперге келип, өз ордуңду тапканың менен куттуктаймын!
Экинчиден, амансыңбы, иним? Үчүнчүдөн; турмуштук өзгөрүүлөр болдубу? Төртүнчүдөн,
мурунку жана кийинки жазылган ырларыңдын тагдыры эмне болду? Жоопторуңа алдын ала ырахмат!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2337 05 April 2011 - 10:22
Салам! Биринчиден,
кайрадан Суперге келип, өз ордуңду тапканың менен куттуктаймын!
Экинчиден, амансыңбы, иним? Үчүнчүдөн; турмуштук өзгөрүүлөр болдубу? Төртүнчүдөн,
мурунку жана кийинки жазылган ырларыңдын тагдыры эмне болду? Жоопторуңа алдын ала ырахмат!
Ва-алейкум ассалом аваке! Тосуп алганыңыз үчүн чоң рахмат... Кудайга шүгүр аваке, ден соолук жакшы, жумуштар болуп жатат, тууган-урук баары тынч...
Тилекке каршы.... жашоодо өзгөрүүлөр боло элек...)) өзгөртүү жасап жиберейин деп туш тараптагы тууган-урукка кабар салдырып... жакшыраак жер менен туугандашайын деп изөөлөп жүргөн учурум... Токтонуп калган жигитке "издөө" иштери жүдаа машакат иш экен аваке.:) Нике кайып деп коюшат эмеспи, убак-сааты чыкпаса кыйын экен, Жараткан насип этсе быйыл бул ишти бүтүрбөсөм болбойт....
Мурунку ырларым менде, инетбаракчаларында сакталуу жүрөт... Ортодо бир жагымсыз кокустуктан улам жай ичи, күз айларында жазган жыйырмадай ырымды өчүрүп алдым.... А кийинки учурларда ыр жазганга анча колум тийбей жүрөт... Илхам дагы мурункудай байма-бай каттабай, айда-жылда бир кабар алып коет..... "Музанын жоктугунан улам убактылуу ушинтип жатат, буюрса ырды али көп жазам" деп өзүмдү жубатып коюп жүрөм.
Р.S. Суроолоруңузга рахмат аваке.... Илгери Сиз жана Аруу жазган ырлардан көп таасир алчумун.... Чыгармачылык атаандашуу (сөздүн жакшы маанисинде) деген бар окшобойбу... Арууну эми кайдан көрөт элек, ошондуктан ырлардан көбүрөөк жазыңыз аваке, сизди окуп мен да көөдөнүмдү жерден көтөрүп көкүрөктү жандандырып алайын...
#2338 05 April 2011 - 11:54
Мен да кур калбай бере кетейинчи)))
1. Сиз лидерсизби? Лидер болуп торолобу же тарбияланабы?
2.Суйуу каттарын жаздыныз беле? Жазсаныз, сакталып калдыбы?
3.Сиз жакшы доссузбу? Неге антип ойлойсуз?
4.такыр кийбейм деген кийим?)))
5.Бир идея учун ачкачылык жарыялайт белениз? Идея учун киши олтуро аласызбы?
1. Сиз лидерсизби? Лидер болуп торолобу же тарбияланабы?
2.Суйуу каттарын жаздыныз беле? Жазсаныз, сакталып калдыбы?
3.Сиз жакшы доссузбу? Неге антип ойлойсуз?
4.такыр кийбейм деген кийим?)))
5.Бир идея учун ачкачылык жарыялайт белениз? Идея учун киши олтуро аласызбы?
#2339 05 April 2011 - 15:34
Мен да кур калбай бере кетейинчи)))
Ии... ошент! Арманда калба иним!)))
1. Сиз лидерсизби?
Лидер болуп торолобу же тарбияланабы?
Мен лидер эмесмин... Лидерлик үчүн тубаса сапаттар да керек... Он пайыз талант, 90 пайыз аракет дегендей, ылайыктуу тарбия да керек.... Мени билесиң го, чыгармачылмын, руханий жактарда "чукуланганды" жакшы көрөм, бирөөнү башкаруу жоопкерчиликтүү оор жүк, менин стилимде эмес...
2.Суйуу каттарын жаздыныз беле? Жазсаныз, сакталып калдыбы?
Сүйүү каттарын далай жаздым...өзүмдүн атымдан да, башкалар үчүн да жазган учурлар болду... Кагаз бетиндеги каттар сакталган эмес, ал эми электрондук варианттагы каттар почта жащиктеримде анча-мынча сакталуу...
3.Сиз жакшы доссузбу? Неге антип ойлойсуз?
Бул суроого жооп бере албайт экем... Сен жооп беришиң керек го?)))
4.такыр кийбейм деген кийим?)))
Кызыл түстөгү шым...)))
5.Бир идея учун ачкачылык жарыялайт белениз? Идея учун киши олтуро аласызбы?
Эгерде ушундай жол менен идеяны ишке ашырууга мүмкүн болсо- ачкачылык жарыялакмын. .. Жаш кезде жарыялап да көргөмүн.))) Бирок киши өлтүрө албайм.
#2340 05 April 2011 - 16:06
Оууу Агажан, издеп журуп ушул форумдан таап алдым окшойт Сизди.
1. Вирт дуйносунон алыстап калышыныздын себеби эмнеде?
2. Эмнеге ыр жабай калдыныз?
3. Кандай учурда илхом келет?
1. Вирт дуйносунон алыстап калышыныздын себеби эмнеде?
2. Эмнеге ыр жабай калдыныз?
3. Кандай учурда илхом келет?
Кыргызымдын чыныгы патриотумун!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео












