Жашка келсек, танданыз, кааласаныз, 'сиз' дейин, кааласаныз, 'сен' дейин, кааласаныз, 'айымдын' ары жагына отпой эле коеюн
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#6301 30 November 2013 - 17:25
Жоопторунуз жакты, комуско кенештериниз бир кумуш сыргалык чыкты, илип алдым, рахмат
Жашка келсек, танданыз, кааласаныз, 'сиз' дейин, кааласаныз, 'сен' дейин, кааласаныз, 'айымдын' ары жагына отпой эле коеюн
Жашка келсек, танданыз, кааласаныз, 'сиз' дейин, кааласаныз, 'сен' дейин, кааласаныз, 'айымдын' ары жагына отпой эле коеюн
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#6302 30 November 2013 - 19:20
Саламатсызбы Мега айым,ал-акыбал,
мал-жан аманбы?
Олум менен омурдун ортосунда айгышкан курош жургузуп,аябагандай кыйналган экенсиз,эн алгач кудайым айттырбай келген кырсыктан сактасын деп тилейин.Ананда ошол кезде операцияга кирип баратканда эмне ойлорду ойлодунуз,апам жонундо ойлондум дептирсиз,апаныздан башка дагы,олум менен омур жонундо ойлондунузбу, операциядан чыкпай каламбы деген журоксуу болдубу?Дегеле олум деген сезим коркунуч алып келдиби?Суроом онтойсуз болсо кечирим сурайм.
Экинчи суроом, Курманжан датка энебиз барган баатырдыкка сиз бара алат белениз,бутундой бир эл учун кан-жанынан чыккан уулун курмандыкка чалгандай,сизда элиниздин бакубат жашоосу учун,чурпонуздун омурун сураса берет белениз?Албетте эне учун бул аябагандай оор нерсе,а бирок Курманжан датка энебиз,энелик мээримин оз элинин келечеги учун садага чапкан.А биз балабыздын чыпалагына тикен кирип,же кесилип калса,журогубуз канап,журогубузго бычак ургандай болот эмеспи.Негизи бул суроону кайсы бир форумчугада берген элем,суроо таппай кайсалактап, бир суроону кайра-кайра кайталап бере беремда,ал учун кечирим сурайм.
Усунчусу,бал жуурат менен ак серке деген кыргыздын озгочо тамактары жонундо маалымат таштай кетинизчи,Алайдын нукура тоо жыттанган кызы экенсиз?
Ушул эле суроолорум, кудайым аманчылыгынызды берип,кырсык деген аты жаман нерсе сизден бир канча чакырым алыс журсун,Балдарыныздын жакшылыгын гана корууну кудайым насип этсин.

Саламатчылык Леди эжеке(жаңылбасам менден улуу болушуңуз керек
1.Алгач жагымдуу тилегиңизге раазычылык билдирип кетейин.Ошол көз ирмемдей убакытта башыма түшкөн оор кырсыкты көп эстегенден, ойлогондон өзүм качат болчум,мына эми убакыттын өтүшү менен көкүрөктөгү жараатым айыккандай болуп,анча мынча эскерүүлөрүм эч кандай толкундатууну жаратпай бараткандыгы кубандырат. Жакшы тилек жарым ырыс дегендей менин абалымды сурап келгендердин көпчүлүгү" Ушул күндөрүң түштөй болуп өтүп кетсин"деген жагымдуу сөздөрдү айтышкан,ошол ак ниет баталары кабыл болуп бараткандай. Ооруканада мед айым,санитаркасына чейин абалыма үстүртөн тиктеп,кээ бири ачык эле бутума турууга шансым жоктугун,врачтар улам кирип операцияга 1пайыз да кепилдик бере албай тургандыгын айтып,кокустук болсо кайыр доом жок деген кагазды алуу үчүн жакын адамдарымды сураштырып жүрүшсө,анан кимдин ойуна жакшылык келмек эле айтыңызчы.Бирок чиркин үмүт шооласын чарк айланып жүргөн жакындарымдан гана көрүп жаттым.Билесизби, ошол убакта менин сезимимди капкайдагы таш боор кайдыгерлик бийлеп алды,азыр да таң калам ошол кайдыгерликке. Айласыз жаткан байкуш кирсек эле көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлап кирсе керек дешип,сырттан эле чала була жашып алып абалымды сурап келип жаткан мамилелеш,тааныштар да жүзүмө бир үңүлүп алышып тамаша аралаш сөздөрүмө анча мынча күлгөн болушуп кетип атышкан,кийин ошолор ушунчалык кайраттуу жан экенсиң дешти.Мүмкүн ошо кайдыгерлигим кайраттуулуктай болуп көрүнгөн чыгар.Ойлорум канчалык чачыранды болсо да күнөөгө батып наалып,акаарат келтирбей кайра бир гана Аллага шүгүрчүлүк келтирип тообомдон жазбай жатканмын.Адам келмеси менен кеткени жакшы деп укканым бар эле,операцияга даярдай баштаганда эле келмемди айтып баштагам...өзүмө келгенден кийин да тообомдон жазбай жаттым,азыр деле.
2.Мезгилди доорго алмаштырсам Курманжан датка энебиздин доору менен биз жашаган доорду салыштыруу кыйын.Ал мезгилде жалпысынан айтканда элдин пейли кандай кенен,ыйманы кандай бекем ынтымагы кандай күчтүү болгон.Бул салыштыруу менен элимдин жеримдин беделин түшүргөндүк эмес,кашайган чындыкты айткым келди.Ошентсе да кийинки мисалды өзүмө келтирейин. Датка энебиз мындай турсун ошол доордогу карапайым аялга мен тең келе аламбы?Ак элечегин башынан түшүрбөй,күйөөсүнө катуу айтмак түгүл көзүнө тике караган эмес .Менчи?Сен кийгенди кие албаймбы деп эбак шымды кийип алгам,кээде кажаңдап өз билгенимди койо бербейм,токолдун "т"сын уксам жинди болуп кетсем керек.Ооба доор алмашты,заман өзгөрдү,ага жараша адам өзгөрдү.Курманжандай өз чүрпөмдү мен ким үчүн,кайсы бирдиктүү максатыбыз үчүн курмандыкка чалайын?Бир эле менин балам тургай 84 эр азаматтын жанын сууруп кетишти,өз кызыкчылыгы үчүн!Ошолордун ар бири менин,Сиздин, Датканын баласындай ыйык балапандар эле,биздей эненин боор этинен жаралган чүрпөлөрү эле.Ошолордун өлүмү эмнени чечти???
3.Быйыл КРга барганыбызда тойлор аябай көп болду.Эң кубандырганы дасторкондо кыргыздын улуттук тамак-аштары көз жоосун алат.Сабиз тумшук өрдөктүн жумурткаларынын ортосунда жатканы,токочтой болуп оролуп жаткан жыланга окшогон быжы,ак салфеткадан жоолук салынган мойну койкойгон ак кууну көрүп кесип жегенден кызганып карап эле отура бергиң келет.Сүттөн бал кошуп жасалса керек бал жуурат,анан ак серкени кой сойгондо шорпосуна кичине айран кошуп ак серкелетип ичип калабыз.
Суроолоруңузга рахмат.Айтканыңыз келсин,Сизге да үй бүлөөлүк бакыт тилейм
#6303 30 November 2013 - 19:28
#6304 30 November 2013 - 21:10
Мега эже абдан маңыздуу жооптор болуптур.
Жоопторуңузду окуп жатып "Жүрөк сыры" бөлүмүдөгү сиз ачкан теманы дагы бир сыйра окуп көрдум.
Мына ошол темада эненин мээрими,эненин жүрөгү канчалык улук,бийик экенине дагы бир жолу ынандым.Жана ал теманы окуп жатып бул ыр саптар эсиме түштү...
Жайдыр,кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү.
Сизге ден-соолук,энелик бакыт жана болгон жакшылыктарды каалайм.
Жоопторуңуз үчүн рахматымды айтамын.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#6305 01 December 2013 - 01:12
Суперсиз эжеке.Зынкыйган жооп болдуго мен учун.Купулума толдуго чиркин.Каргыштанго Кудайым озу сактасын.
Анда кийинки суроолоруму берейин э?!
Азыркы "современная тип" болушуп,согунушуп суйлогон кыздарга эмне дейсиз?Дегеле кыз киши эркек адамга согунсо кандай болот?
Акыр заман болот деп былтыр элдер даярданышып жатышканда, сиз эмне кылгансыз,жана кандай ойлор келген оюнузга?
Мени кандай бала деп элестетесиз реалда?

Рахмат
Макул.
Совреманная тип дегениңди тиги окелерди туурап өзүн "кыйын" сезгендерди божомолдодум. Биз батыштын жакшы жактарын азыраак,а жаман сапаттарын көбүрөөк кабыл алып жатат окшойбуз.Жакшы — сөздү таап сүйлөйт, жаман — каап сүйлөйт дегендей ошол орусчалап сөгүнгөндө өзүн тим эле башкалардан жогору болуп кеткенсип сезген кыздарыбыз жок эмес.Алар келечектеги жубайлар,мээримдүү энелер.Ушул кемчиликтерин сезип,каталарын оңдоп кетишет деп ишенип,үмүт кылып туралы.
Оой мен деле кыйла кулак түргөнмүн.Бирок "акыр заман"эмес кандайдыр бир табигый кырсык болуп кетеби деп чочулаганмын. Алладан улук сүйлөп акыр заман деп айтып алышып,ошонун маанисине жетпей эле азык камдап,шам сатып "даярданып" алгандары таң калыштуу болгон.Бир анегдот эске келип кетти.Бир апендиден баласы "Ата,жер эмнеге термелет?" -деп сураса "Балам жерди көтөрүп турган өгүздүн мүйүзү талыганда экинчи мүйүзүнө алмаштырат" -деп жооп берген экен
Реалда деле ушундай активдүү,өз билгениңди койо бербеген жигит болсоң керек
#6306 01 December 2013 - 01:38
Саламатсызбы?
Кандайсыз?
Берейин деген суроолорум;
1) "Карысы бардын, ырысы бар",- ушул созду откондо бир адам менен талашып-тартыша кеттим, ал карысы бардын дегенди 'карыз'(долг) деп тушунот экен. Сиздин тушунугунуздо?
2)Бала кезинде баары эле кыялданса керек.. Сиздин кыялдарыныз аткарылдыбы? (же мечта боюнча калып кеттиби)
3) Жазган билдируулорунуз мазмунду, копту билгениниз, тушунгонунузду, ошол эле маалда ойнок мунозунуз бар экенин айтып турат. Билейин дегеним, кыйын кырдаалдарда озунуз чечип кете аласызбы жаралган маселени? Же колдоого, кенешке муктаждык жаралабы?
Сизге кажыбас кайрат, узун омур, чын ден-соолук, иштеринизге ийгилик каалап кетейин! Аман болсок буюрса "ОШ" базары биздики деп ДА коюшчу беле КААЛООлордо; -Р

Саламатчылык Мырза,кудайга шүгүр.
1.Карысы-улгайган ,кары адам.Карыс-айрым бир диалектиде карыз деген сөздүн айтылышы(с-з). Карысы бар үй чынында ырыстуу үй.Төрдө ак сакалын жайкалтып,же ак жоолугун
оронуп,акыл насаат сөздөрүн аянбай,кирсе чыкса алакан жайып ак батасын берип
отурса,бата менен эл көгөрөт демекчи ырыстын баары ошол үйдө болот
эмеспи.
2.Балалык кыялдарымбы, таттуну жакшы көргөн жаным шоколад саткан
магазинде иштеп калсам деп кыялданчу элем
3.Ушундайда жаман тез чечип койом да,бирок бир баш жакшы эки баш андан жакшы деп бир эле адамга кайрылам.Кандай кеңеш уксам дагы,өз чечимим туурадай көрүнө берип,баари бир өзүмдүн ойлогонумдай жасап койом кээде
Ой рахмаат каалоолоруңузга. Бирок моогу аман болгонубузду түшүнгөнүм менен, "Ош базарында" бир аз күмөнүм калып кетти
Сизге да жарыкчылыктын жакшы күндөрүн тилеп кетем
#6307 01 December 2013 - 01:59
#6308 01 December 2013 - 02:04
Мега эже абдан маңыздуу жооптор болуптур.
Жоопторуңузду окуп жатып "Жүрөк сыры" бөлүмүдөгү сиз ачкан теманы дагы бир сыйра окуп көрдум.
Мына ошол темада эненин мээрими,эненин жүрөгү канчалык улук,бийик экенине дагы бир жолу ынандым.Жана ал теманы окуп жатып бул ыр саптар эсиме түштү...
Жайдыр,кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү.
Сизге ден-соолук,энелик бакыт жана болгон жакшылыктарды каалайм.
Жоопторуңуз үчүн рахматымды айтамын.
Жоопторуңузду окуп жатып "Жүрөк сыры" бөлүмүдөгү сиз ачкан теманы дагы бир сыйра окуп көрдум.
Мына ошол темада эненин мээрими,эненин жүрөгү канчалык улук,бийик экенине дагы бир жолу ынандым.Жана ал теманы окуп жатып бул ыр саптар эсиме түштү...
Жайдыр,кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү.
Сизге ден-соолук,энелик бакыт жана болгон жакшылыктарды каалайм.
Жоопторуңуз үчүн рахматымды айтамын.
Ушул төрт эле сапта канчалык терең,улуу маани жатат...
Сизге дагы рахмат Аринса сулуу,аман болуңуз
#6309 01 December 2013 - 13:44
Ой рахмаат тилегинизге!
Эмнеси болсо да олумдон башкасы эртесинен келсинчи.
Ал "ОШ" базар дегеним, буюрса далай жакшылыктар, жетчу ийгиликтер али алдыда эле дегеним, кумон санабай эле коюнуз.
Ал "ОШ" базар дегеним, буюрса далай жакшылыктар, жетчу ийгиликтер али алдыда эле дегеним, кумон санабай эле коюнуз.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#6310 01 December 2013 - 20:05
Оой,эжекеси билдируулорунузду окусам, менден улуудайсыз.
Сиздин балдарыныз мектептен билим алууга жарап калыптыр,а меники мектепке барууга жарай элек.Ошондуктан мен сизди эже дегенге милдеттуу экенмин.
Ал эми жоопторунуз учун ыраазычылык, сиздей улуу эжелерден кенеш алып турсак болчуудай экен.
Ал эми жоопторунуз учун ыраазычылык, сиздей улуу эжелерден кенеш алып турсак болчуудай экен.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6311 01 December 2013 - 21:28
Саламатсыңбы,
Мега кызым?Көптөн бери суперге киргенге мүмкүнчүлүк болбой жатты эле.Бүгүн кирип сенин интервьюларыңы окуп абдан ыраазы болдум.Ар бир суроого ташка тамга баскандай таамай жоопторуң купулума толду..Мен бере турган деле суроо калбагандай го.Адамды башына келген кыйынчылыктан өзүнүн кайраттуулугу,
ишеничи алып чыгат.Сенин ошондой сапатың ажалдын оозунан сууруп алыптыр.Акыркы көргөн жамандыгың ошол болсун.Мындан ары жакшылыктардын эле "азабын"
тартып жүрө бер кызым.Жакшылыктын азабы дегеним "балам үйлөнмөк эле тойго даярданышым керек,кызым күйөөгө чыкмак эле сеп даярдайын"
"Абышкам 80ге чыгып жатат ,ошонун юблейин өткөрөйүн"
деген сыяктуу.Жолдошуңдун Балдарыңдын бешенесине бар бол,Өмүрлүү бол.Үйүнөрдөн бакыттын илеби кетпесин.Апаң менен кайненең да силердин жакшылыгыңарга ортоктош болуп,аман болушсун.Мен суроо бербей эле каалоо айткым келди. Бар бол,кызым.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6312 02 December 2013 - 14:27
Мega777, өткөн аптадагы кызыктуу, ары таасирлүү маегиңиз үчүн ыраазычылык!
Суперстанда ушул калыбыңыздан жазбай, активдүү болуп жүрө беришиңизге тилектешмин.
Бул темадан дагы далай ирет маектешебиз деген үмүттө калам.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#6313 02 December 2013 - 14:38
Бул жумадагы маек төрүбүздүн коногу, Суперстандагы өзгөчө билдирүүлөрдүн ээси, жолугушуу уюштуруп, форум үчүн салым кошууда да активдүү болуп жүргөн форумчубуз - Айым94.
Айым94, куш келдиң Супер- интервьюга! Сен үчүн да, жалпы форумчуларга да кызыктуу маек аптасы болооруна ишенем. Сага мыкты маанай жар болушуна тилектешмин. Эмесе, сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың жана нигиңдин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп.
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң.
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес...
Сага ийгилик жана жалпыга жагымдуу маек!
Айым94, куш келдиң Супер- интервьюга! Сен үчүн да, жалпы форумчуларга да кызыктуу маек аптасы болооруна ишенем. Сага мыкты маанай жар болушуна тилектешмин. Эмесе, сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың жана нигиңдин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп.
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң.
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес...
Сага ийгилик жана жалпыга жагымдуу маек!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#6314 02 December 2013 - 15:43
Айым94 карындашым турбайбы))
анда алгачкылардан болуп суроо узата берейин:
1) Окуйсуңбу же иштейсиңби?
2) Жашоодогу максатың?
3) Биз жашаш үчүн жейбизби, же жеш үчүн жашайбызбы?
4) Корей актрисаларына кумир тутасыңбы?
5) Кайсы жерден болосуң?
6) Сенин мүнөзүң?
7) Өзүңө жакпаган сапатың?
8) Xоббиң?
9) Сен жактырган актриса/актёр жана ырчы?
10) Үй-бүлөң жөнүндө жаза кетсең?!

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6315 02 December 2013 - 16:34
Куш келипсин Айым94!
1.Намаз окуйсунбу?
2.Озун менен сыймыктанган учур болду беле?
З.Баштан откон кулкулуу окуялдардын бирин айтып бере аласынбы?
4.Спорттун кайсы туруно кызыгасын да,кайсы туру менен машыгасын?
5.Сенин кыялындагы эркек кандай сапаттарга ээ болуш керек?
6.Суйгонун кечирим сурап келсе кечирет белен?
7.Достукка бекемсинби? Досторун сатып кеткен учур болду беле?

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#6316 02 December 2013 - 17:00
Salam! kandaisyn? dep uchurawa keteyin.
1) Ozundu akylduumun dep esepteisinbi?
2) Ata enenin sozun ukpai koigon kunun boldu bele?.
3) Super infonun jawoondo, kanchalyk ordu bar? je jawoondu jakwy jagyna ozgorttubu?
4) Jaman sapattaryny, jakwy jagyna ozgorto alam dep oiloisunbu? Eger jaman sappatyn bolso albette.
5) Kelechektegi oi maksatyn?
Interviuga kuw kelipsin! Bir juma boiu, forumchulardy jooptorun menen kubandyrasyn dep oiloim.
Anda iygilik saga, Jawoodo jalan jakwylyktyn ustundo, El jurt, Ata ene, bir tuugandaryn men bar bol!

Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#6317 02 December 2013 - 21:57
Оой,эжекеси билдируулорунузду окусам, менден улуудайсыз.
Сиздин балдарыныз мектептен билим алууга жарап калыптыр,а меники мектепке барууга жарай элек.Ошондуктан мен сизди эже дегенге милдеттуу экенмин.
Ал эми жоопторунуз учун ыраазычылык, сиздей улуу эжелерден кенеш алып турсак болчуудай экен.
Ал эми жоопторунуз учун ыраазычылык, сиздей улуу эжелерден кенеш алып турсак болчуудай экен.
Рахмат Леди,аман болунуз!
#6318 02 December 2013 - 22:04
Саламатсыңбы,
Мега кызым?Көптөн бери суперге киргенге мүмкүнчүлүк болбой жатты эле.Бүгүн кирип сенин интервьюларыңы окуп абдан ыраазы болдум.Ар бир суроого ташка тамга баскандай таамай жоопторуң купулума толду..Мен бере турган деле суроо калбагандай го.Адамды башына келген кыйынчылыктан өзүнүн кайраттуулугу,
ишеничи алып чыгат.Сенин ошондой сапатың ажалдын оозунан сууруп алыптыр.Акыркы көргөн жамандыгың ошол болсун.Мындан ары жакшылыктардын эле "азабын"
тартып жүрө бер кызым.Жакшылыктын азабы дегеним "балам үйлөнмөк эле тойго даярданышым керек,кызым күйөөгө чыкмак эле сеп даярдайын"
"Абышкам 80ге чыгып жатат ,ошонун юблейин өткөрөйүн"
деген сыяктуу.Жолдошуңдун Балдарыңдын бешенесине бар бол,Өмүрлүү бол.Үйүнөрдөн бакыттын илеби кетпесин.Апаң менен кайненең да силердин жакшылыгыңарга ортоктош болуп,аман болушсун.Мен суроо бербей эле каалоо айткым келди. Бар бол,кызым.
Эже рахматымды айтып сиздердей акылман Апаларга таазим кылам!Жашообуздун корку Сиздер менен,андыктан ар дайым амандыгыныздарды тилейм.
#6319 02 December 2013 - 22:07
Мega777
, өткөн аптадагы кызыктуу, ары таасирлүү маегиңиз үчүн ыраазычылык!
Суперстанда ушул калыбыңыздан жазбай, активдүү болуп жүрө беришиңизге тилектешмин.
Бул темадан дагы далай ирет маектешебиз деген үмүттө калам.
Мондур сулуу кайрадан ушул жерден аманчылыкта жолугушабыз деп жакшы умут менен рахматымды айтам.
#6320 02 December 2013 - 22:19
Урматтуу форумчулар,
каалоо-тилек,
суроолор учун жалпынарга раазычылык билдирип кетейин.Ар бир суроонор журок кылын терметип,конулдогу тупойул кылып жургон ойлорду козгоп жатты.Аманчылыкта ар дайым жакшылыктардын устундо журушунорду тилейм !
Айым капа этпейттирсин, сенин аймагына кирип кеткениме.Конулдуу маек жана ийгилик.
Айым капа этпейттирсин, сенин аймагына кирип кеткениме.Конулдуу маек жана ийгилик.

Супер-Инфо
super.kg
видео