Чын эле тартынуу деген жок.
Жашоонун манызы сен учун?
Жашоонун манызы адам деген атка татыктуу жашап отуу. Бул жашоодо адамдын башына нелер келет да, нелер кетпейт. Кокустан башына иш тушуп турса эч качан чокпой, мункуробой, сынбай турмуш сыноосунан татыктуу отуу. Алсыз, эрксиз адамды турмуш сындырып койот. Же болбосом чон кубанычты да кадыресе кабыл алып эч качан коппой пенде экенинди унтпай жашап отуу. Мына ушул жашоонун манызы. Турмушта коруп эле журобуз, кээбир адамдык сапаттан куржалак калган, баш териси тетири капталган, колуна бийлик же, биртке акча тийсе кудайын карабай копкон пенделерди. Балдарымды мына ушундан жаман сапаттардан алыс кылып, татыктуу тарбия берип, ата-энемди жер каратпай адал эмгек, бешене тер менен уй-буломду эчтекеден кем кылбай баксам мына ошол жашоо манызы. Ар бир нерсе адамдын нийетине жараша болот! Жакшы нийет, жакшы тилек кылып жашасан баары жакшы болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















