Саламатсызбы,
mother апа!Форумда сиздей апамдай болгон эжелердин бар экенине кубанычтамын,
биздей жаш муундарга улуулардын каякта болбосун,кеп-
кеңеш,насааттары керек,билдирүүлөрүңүздү окуп калам,Рая эже экөөңүздөрдүн,
албетте өзгөчө!Бар болуңуз,үй-бүлөңүз менен жакшылыктардын үстүндө гана бактылуу өмүр сүрүңүз!
1.Адамдын акылы үч жерде дейт:
1)Мээде болсо акылман
2)Колдо болсо иштерман
3).......(кайсы жеринде деп ойлойсуз?)
2."Ата даңкы менен кыз өтөт"Сиздин оюңуз?Дегеле ушуга кошула аласызбы?
3.Кыргыздарды башка элден,кайсы өзгөчөлүктөрүн белгилеп айта аласыз?
Аман болуңуз!
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#6461 24 December 2013 - 20:01
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#6462 24 December 2013 - 20:09
morther. Эжеге суроом кантип форумга катталып калдыңыз эле? Эмне түрткү болгон ?.
Мындай суроо берилген болсо кечирим сурайм.

Саламатсыңбы? Мындай суроо берилген.Ошентсе да жооп берейин.Балдарымын баары ар жакта жүрүшөт.Кичине балам апа,мен сизге компьютер алып берем,видеозвоноктон көрүп сүйлөшүп турабыз деп жүрүп,компьютер алып берген.Балдар кыздарым менен сүйлөшүп турчумун.Интернеттен жаңылыктарды окуп жүрдүм.Анан кызым (Ld.Kg)каттап койдум Суперстанга кирсеңиз бул жакта башка дүйнөгө киргендей болосуз деп кызыктырып койду.Ошо менен форумчулардын катарын толуктап калдым.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6463 24 December 2013 - 20:36
Саламатсызбы эжеке? Сиздин кесибинизди аябай урматтайм. Сизге мындай суроо бергим келип турат:
1)Эне болгондо эненин кадырын тушуносун дешет. Сиз канчалык денгээлде апанызды тушундунуз?
2)Бала тарбиялоодо уулга караганда кыздардын тарбиясы татаалыраак деп коет го. Сиз буга кандай карайсыз?
3)Турмушта тугойду акыл менен тандаган жакшыбы же журок менен суйуп тандаган жакшыбы?

Саламатчылык. Мугалимдерди урматтагандарды мен да урматтайм.
1.Балам балалуу болгондо билесиң дейт го.Мен эне эле эмес,чоң эне ,тайэне да болуп калбадымбы. Эненин баркын абдан эле түшүнүп калдым.Апам бар,кудайга шүгүр,кудай өмүрүн узун кылып,биздин урмат сыйыбызды көрүп жүрушун насип этсин.Апам жоош момун,үй жумуштарын катыра жасаган,азыркы күндө да анча -мынча келинге караганда тың.Апам келиндерине катуу сүйлөбөгөн ,дегеле бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жан.Сиңдим экөөбүз келиндериңизди эркелетип койдуңуз,антип койсоңуз болбойбу минтип койсоңуз болбойбу?дей берчүбуз да.Азыр мен да кайнене болгондо билип отурам.Ар бир бала ,ар бир келин эне үчун өз орду бар,ар бири эне үчун кымбат.
2. Мен уулга же кызга тарбия берүүнүн мунусу татаал деп бөлүп карабайм.Анткени экөөнө тең татыктуу тарбия берүү керек.Экөөнүн тең өз кыйынчылыгы бар.Уулуңа татыктуу тарбия берсең келечекте сени кор кылбай багып,эл керегине жараган намыскөй уул,үй-бүлөсүнүн камкор тиреги болот.кызга татыктуу тарбия берсең,сага жаркылдаган кыз, бир үй-бүлөнүн туткасы,жароокер жары,мээримдүү эне болот.
3.Түгөйдү тандоодо жүрөк сүйөт,акыл тандайт.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6464 24 December 2013 - 22:35
Саламатсызбы Махабат эже? Ден-соолугуңуз,
иштериңиз баары жайындабы? Келе жаткан жаңы 2014-жыл үй-бүлөңүздөргө жалаң гана жакшылыктарды алып келсин!
Сизге биринчи эле заманбап суроомду узатайын.
1) Эмне менен алектенгенди көбүрөөк жакшы көрөсүз? Мисалы, кол өнөрчүлүкпү, же тамактын түрүн жасагандыбы, же китеп окугандыбы, же бизге окшоп маалымат чогултуп интернетте жүргөндүбү? Айтор, бир сөз менен айтканда хоббиңиз эмне?
2) Эки уул-эки кызым бар дедиңиз, кыздарыңыздын бири биз билген Чолпон айым экен
/>. Ошол уул-кыздарыңыз жөнүндө кеп сала кетпейсизби?
Каерде иштешет, эмне менен алектенишет?
3) Келиндериңиз барбы? Бар болсо мамилеңиздер кандай? Дегеле кайнене менен келиндин ортосундагы сый мамиле кандай болушу керек бөлүшө кетпейсизби? Балким, кээ бир жаштарыбызга сабак болоттур.
4) Азыркы жаштар менен тээ союз убагындагы жаштар эмнеси менен айырмаланышат? Жакшы жана жаман жактарынан бир-эки ооз кеп сала кетсеңиз жакшы болмок.
5) Бул суроом баарына эле кызык болсо керек. Сизге компьютерде иштөөнү ким үйрөткөн? Тез эле үйрөнүп кеттиңизби же кыйынчылык туудурдубу? Дегеним, сиз курактуулар комп. эмес телефондун кээ бир функцияларын анча аңдап биле беришпейт
/> .
"Мазер эже келсе берейин" деп камдап жүргөн суроолорум ушулар болду окшойт. Жоопторуңузду чыдамсыздык менен күтөм. Интервьюңузга ийгилик каалап, амандыгыңызды тилеп кетейин
/>.

Саламатчылык. Рахмат,баары жайында.Баарыбызга жаңы жыл жакшылыктын үрөөнүн сепсин.
1.Мен жаш кезимен баштап эле китеп окуганга кызыгам.Адабий китептерди орус тилинде,кыргызча ,өзбекче окуй берчүмүн.Мектептеги китепканада кандай китептер бар экенин библиотекардан кем билбейм.Газеталардагы пайдалуу кеңештерди ден соолукка байланыштуусун, ашкана сырларын,айымдарга кеңештерин кыркып,ак баракка жабыштырып, ар бирин өз-өзүнчө файлга салып топтоп жүрөм.Кесибиме байланыштуусу өзүнчө.Андан сырткары аял кишиге тиешелүү жумуштардын баарын эле жасайм,бирок өтө эле чебер эмесмин.Анча- мынча машина кармай калчы элем.Келиним чебер болгондуктан, машина мага тийбей калды.Салаттын түрлөрүн жакшы көрүп жасайм.Азыр келин-кыздарым жасап мага карматышпайт. Интернетти үйрөнүп алгандан бери дүйнөнү бир кыдырып келмейинче уйкум келбейт.Иши кылса хоббим көп.Үйдө канчалык ишим көп болсо да китеп окуганга,компьютер "чукулаганга" убакыт табам.
2.Улуу балам 1 уул,3 кыздын атасы.Филология факультетинде сырттан окуйт.,азыр шартка байланыштуу Орусияда жүрөт. Келинчеги Кара-Суунун кызы.Мага тигүүчү машинаны бербей койгон келиним ошол
3. Келиним бар.Улуу балам башта алыскы областтан үйлөнүп,2 балалуу болгондо ажырашып кетишти.Экөөнү ынтымакка келтиргенге аракет жасап,бирок күчүм жетпеди. Күнөө уулуман да,келинимен да кетти.Ортодо 2 бала эки жакта,бөлөк- бөтөн болуп тарбияланып жатышат.Тагдыр экен.Кийин Кара-Суудан үйлөндү.Келин келиндей,кайнене кайненедей болуш керек .Экөөнүн ортосунда сый,түшүнүшүү болсо эч качан келишпестик болбойт.Мен келинимен үч гана нерсени сурагам,1..эч качан кабагыңы салба, 2.дайыма тазалыкты сакта.3.күйөөңү, кайынжуртуңу сыйла.ушуларды аткарсаң сен жакшы келин болосуң деп.Азыркы келиним кудайга шүгүр,менин айтканымы эки кылбайт.Мен да муну кылбапсың,тигини кылбапсың деп эле артынан түшүп албайм,Туура эмес кылган болсо акырын эле түшүндүруп айтам.Туура эле кабыл алып,апалап эле жаркылдап турат.
4.Мурунку жаштар баёо болчу,ыймандуу эле.Улуулардан ийменип турушчу.Азыркы жаштарыбыздан ыйман кетти дегим келбейт.Ыймандуу жаштарыбыз деле бар.Бирок технология өнүккөн коомдо жаштарыбыз дүйнолүк цивилизацияга таасирленип кетип жатышат.5-10 жыл мурун батыштын таасири тийип,жарым жылаңач болуп кийинип,жаштарыбыз, кыздарыбыз тамекини чычайта тиштеп,уялуу дегенди билбей калган болсо,акыркы 2-3 жыл аралыгында чыгыштын таасири тийе баштады.Кореяларды туурап чач коюп,ошолордой кийинип башташты эле,эми хиджаб кийген кыздарыбыз көбөйүп,сакал койгон жаштарыбыз пайда боло баштады.Мунун баары мамлекетибиздин идеологиясынын жоктугу.Мурда союз маалында компартиянын идеологиясы менен жашачубуз.Мектепте октябрят,пионер, комсомол,анан комунист болууга аракеттенчүбүз. Комунисттерди идеал тутчубуз.Азыр жаштар эмнеге карап түздөнөт.баары башаламан болуп кетпедиби.
5.Компьютердик 10 күндүк курста окудум.Телефондун функцияларын жакшы билгендиктен, тез эле өздөштүрдүм. Алгач мектептеги иш кагаздарымы жазууну үйрөндүм.Жазгандарымы жоготуп алып,башка программаларына кетип калып,мектептеги информатика мугалимин,секретарь кызды кечке эле чакыра берчүмүн..Азыр мектебибизге 5 интерактивдүү доска келген.Ал ноутбук менен иштетилет.Мугалимдер да үйрөнүп жатышат.Билбегенин сурап калышат,эже муну кантем,тигини кантем деп билгенимче үйрөтүп калам,тишим өтпөй калганда информатиктерди жардамга чакыра коем.
Суроолоруңа колуман келишинче жооп берүүгө аракет жасадым.Купулуңа толдубу толбодубу,билбейм. ..Кеч жооп жазганыма кечирим сурайм,анткени колум эми бошоду
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6465 24 December 2013 - 22:53
[quote name='Aijan1968'
date='24 Декабрь 2013 - 17:35' timestamp='1387884921'
post='1368224'
]
Жердеш экенбиз Жалал-Абаддыктарча амандаша кетейинчи;
-Жакшысызбы Эже? Ден-соолугунуз, иштериниз жакшыбы? Бала-бакыраныз, "Жездебиз" менен тынч отурасыздарбы?
Суроого отсом; 1) Уруунуз кай эл(атамдын улуу агасы Сузактагы Кызыл-Сууда турчу эле дегенинизге караганда мага таэже болуп кетесизби дегеним)?
Жездем экоонуздорго бекем ден-соолук,жашоонун узактыгын,бал ширин неберелериниздердин кызыгына болонгон таттуу бакыт тилеп кетем!!! Форумчулардын арасында ар дайым бар болунуз!!
______________________________________________________________________________________________________
Жакшы Айжан сиңдим.Бала- бакыра тынч.Жездең да жүрөт.
1.Уруум -- Басыздын Шыбакайы.Апаң да Кызыл-Суунун кызыбы?Кайсы уруудан болот?Балким эжемдир же сиңдим чыгаар.Менден салам айт.Кызыл-Суудан болсо балким атамы тааныйттыр. ..
Тилегиңе ырахмат.Айтканың келсин.Сен да бактылуу болуп жалаң жакшылыктын доорун сүр.

#6466 24 December 2013 - 23:03
Саламатсызбы Мозер айым!
Куш келипсиз. Менин суроолорум деле жок... Жашоодо ийгилик, энелик бакыт, уй-булолук ынтымак, чын ден-соолук каалап, Кудайым берген жашты жалан жакшылыктар менен откорунуз деген эле тилегимди айта кетейин дегем.
Бар болунуз!

Саламатчылык, Sweet-Lika.
Кушубак кылсын.Чоң рахмат.Сага да турмуш жолуңдун байсалдуу болуп,өмүрүңдү жакшылык коштоп,ишиңди ийгилик жылоолошун каалайм.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6467 24 December 2013 - 23:06
Салам баарына! Жалпы форумчуларга суроо????
1 Кантип Форумга келип калгансынар?
2 Аранарда суйуусун тапкандар барбы?
3 Озбек тилинде маектен жазышканда кыжырга тийип сиздин реакцияныз?
4 Форумга кирбесе башы ооругандар барбы аранарда?
5 Эмнеге кээбирлери оздук маалыматты аябай жашырасыздар? жаман соз жазып же туура эмес иштер учунбу?
6 Эмне максат менен Суперге киресинер?
Баса келе жаткан жаны жылыныздар менен Кыргыз калкым !!!

#6469 25 December 2013 - 00:35
[quote name='jemile'
date='24 Декабрь 2013 - 20:01' timestamp='1387893709'
post='1368452'
]
Саламатсызбы, mother апа!Форумда сиздей апамдай болгон эжелердин бар экенине кубанычтамын, биздей жаш муундарга улуулардын каякта болбосун,кеп- кеңеш,насааттары керек,билдирүүлөрүңүздү окуп калам,Рая эже экөөңүздөрдүн, албетте өзгөчө!Бар болуңуз,үй-бүлөңүз менен жакшылыктардын үстүндө гана бактылуу өмүр сүрүңүз!
_________________________________________________________________________________________________________________________________-
Саламатчылык Жамийла кызым.Тилегиңе рахмат.
_________________________________________________________________________________________________________________________________
1.Адамдын акылы үч жерде дейт:
1)Мээде болсо акылман
2)Колдо болсо иштерман
3).......(кайсы жеринде деп ойлойсуз?)
_________________________________________________________________________________________________________________________________
БУЛ СУРООҢО ЖООП ТАБА АЛБАЙ УЯТ БОЛУП КАЛДЫМ ОКШОЙТ.Ойлонуп анан айтайын.
_________________________________________________________________________________________________________________________________
2."Ата даңкы менен кыз өтөт"Сиздин оюңуз?Дегеле ушуга кошула аласызбы?
_________________________________________________________________________________________________________________________________
Туура атанын даңкы менен кыз өткөн учурлар көп эле учурайт.Ким болбосун келин алганда сөзсүз ата-тегин сүрүштүрөт. Атасы аттуу баштуу адам болсо,жакшы атанын кызы экен деп мактаныч менен айтышат. "Атасы жиндинин бири жинди,энеси жиндинин баары жинди" деп айтат элибизде.Ошондуктан келинди тектүү,тарбиялуу жерден алууну көздөшөт.Келин жакшы болсо акыл-эстүү неберелүү болосуң.Жогорудагы макал туура айтылган деп ойлойм.Илгери ат арытып,жол карытып келин издеп ата-тегин сураштырып анан баласын үйлөшкөн.Атанын даңкы,эненин наркы менен кыз алышкан.
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ------------
3.Кыргыздарды башка элден,кайсы өзгөчөлүктөрүн белгилеп айта аласыз?
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ------------
Кыргыздын башка улуттан өзгөчөлүгү меймандостугунда, айкөлдүгүндө, создү баалай билген чечендигинде, Комузда кол ойнотуп черткенинде, Сөз берметин таап,куюлуштуруп, ырды жамгырдай төккөн төкмөлүгүндө, урууну сүрүштүрүп, санжыра айтканындаЖана да жалкоолугу. Кыргыздан башка эч кайсы эл тамактын даамдуусун, конфеттин жакшысын конокко деп сактабайт.Кыргыздан башка эч кайсы улут "Таш менен урганды аш менен урбайт"," Атасын өлтүргөнгө энесин бербейт".
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------
Аман болуңуз!
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- -------------------------------------
Сен да аман бол

#6470 25 December 2013 - 00:50
[quote name='ms.byityk'
date='24 Декабрь 2013 - 23:06' timestamp='1387904787'
post='1368953'
]
Салам баарына! Жалпы форумчуларга суроо????
1 Кантип Форумга келип калгансынар?
Бул сурооңо жооп бергемин жогоруда.
2 Аранарда суйуусун тапкандар барбы?
Табышып жатышат го.
3 Озбек тилинде маектен жазышканда кыжырга тийип сиздин реакцияныз?
Мен маекке кирбейм.Ар бир улуттун өз тили бар.өзбектер өзбекче сүйлөсо ага мен эч кандай реакция кылбайм.Кыргыз кыргызча,өрус орусча сүйлөй берсин,анын неси бар экен.
4 Форумга кирбесе башы ооругандар барбы аранарда?
Болушу мүмкүн.Бул да азгырык да.
5 Эмнеге кээбирлери оздук маалыматты аябай жашырасыздар? жаман соз жазып же туура эмес иштер учунбу?
Бул сурооңо маалыматын жашыргандар жооп берсинчи...
6 Эмне максат менен Суперге киресинер?
Мен суперге ар кандай маалымат алуу үчүн,кээ бирлеринин кызыккандарына туура жооп берүү үчүн кирем.Мени кызыктырган көп маалыматты таба алам.
Баса келе жаткан жаны жылыныздар менен Кыргыз калкым !!!
рахмат

#6471 25 December 2013 - 01:29
[quote name='WwWwWwW'
date='24 Декабрь 2013 - 23:24' timestamp='1387905844'
post='1369032'
]
Mother би же morther
[/quote
Mother болуш керек эле,адашып ушундай жазылып калган,өзгөртө албай койдук
Morther
Mother би же morther
[/quote
Mother болуш керек эле,адашып ушундай жазылып калган,өзгөртө албай койдук
Morther
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6472 25 December 2013 - 04:11
Саламатсынбы синдим Махабат.Супер ин. торуно куш келишин менен куттуктайм.
Махабат деген атынды окуп .Жезден кыздуу болсок атын МАХАБАТ койом деп кыз кутуп бирок жалан уул болуп койбой калды эле.Учунчу улубузда суйунчулоп врач чыкса "Опят мальчик" деп тескери басып таарынып врачтардан тил уканы эсиме тушту...
Демек сен да бир уй булоонун суймончулук МАХАБАТЫ болгон экенсин.
Менин сага берер суроом жок го дейм бирок калоом бар.
Махабат келе жаткан жаны жылын менен! Жаны жылда алганын менен бала чакан,неберелерин менен бактылуу тозуп алышынды каалайм.Алыстагы балдарын аман эсен болуп,тилектери орундалып бооруна аман эсен кайтып келишин каалайм.Заманыбыз онолуп баласын зарыгып куткон экообузго окшогон энелер болбошун каалайм.!! !!

#6473 25 December 2013 - 08:14
Мен дагы форумчулардын,
балдарыңыздын катарында "АПА" десем каршы болбоңузчу
апам менен күндө сүйлөшсөм дагы ар бир сөзүмдүн биринде апалап сүйлөм. "АПА, АТА" деген кандай 'ыйык, улук' экенин алыста жүргөнүмдө билип түшүндүм. Сиздин да ар бир жоопторуңузду окуп отуруп көзүмө жаш тегеренип кетти, апам менен сүйлөшүп олтургандай болдум. Апакемди аябай сагындым!
Мен мектепте окуп жүргөндө, эч качан мугалим болбоймун дейт элем себеби ушунчалык зары чачырап турган мугалимдерди карап туруп ойлочумунда, мени да окуучулар ушундай жек көрүп жүрүшүн каалабайм деп!
Менин да кесибим боюнча информатик болом буюруса, ушул мүнөттөрдө менде башкача сезим ойгонду! Кантип, кандай мугалим болунун, бул нерсеге сиздин мээримдүүлүгүңүз, боорукердигиңиз түрткү болду десем жаңылышпайм!
Темадан бир аз алыстадым, мен оюм дагы суроолорго жоопторуңузду окуп алдым, ошентседа форумда сиздердей апалардын баары мен үчүн кубаныч! Ардайым акыл-насаатыңыздарды угууга биз дайыма даярбыз. Сизге чын ден-соолук жана келе жаткан жаңы жыл жалаң гана ийгиликтердин коштоосунда, балдарыңыздын бактысына жаркылдап узак өмүр сүрүп жүрө беришиңизге тилектешмин!

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#6474 25 December 2013 - 12:10
Эжеке, албетте жоопторуңуздун баары купулга толду. Кечирим суроонун кажети жок. Убакыт таап жооп жазып кеткениңизге рахмат.
Ар дайым чалыңыз экөөңүздөр уул-кыздарыңыздардын төрүндө небере-чөбөрө жыттап, балпайган кемпир-чал болуп, кадырлуу ата-энелердин катарын толуктап жүрө бериңиздер
.

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#6475 25 December 2013 - 12:16
ms.byityk
, бул темага бир жумага бир конок чакырылат. Бул жуманын коногу- morther. Ошондуктан morther'ге болгон сурооңузду бериңиз. Бардык форумчулар үчүн суроону "Универсал интервьюсуна
" бересиз.
#6476 25 December 2013 - 22:09
Саламатсынбы синдим Махабат.Супер ин. торуно куш келишин менен куттуктайм.
Махабат деген атынды окуп .Жезден кыздуу болсок атын МАХАБАТ койом деп кыз кутуп бирок жалан уул болуп койбой калды эле.Учунчу улубузда суйунчулоп врач чыкса "Опят мальчик" деп тескери басып таарынып врачтардан тил уканы эсиме тушту...
Демек сен да бир уй булоонун суймончулук МАХАБАТЫ болгон экенсин.
Менин сага берер суроом жок го дейм бирок калоом бар.
Махабат келе жаткан жаны жылын менен! Жаны жылда алганын менен бала чакан,неберелерин менен бактылуу тозуп алышынды каалайм.Алыстагы балдарын аман эсен болуп,тилектери орундалып бооруна аман эсен кайтып келишин каалайм.Заманыбыз онолуп баласын зарыгып куткон экообузго окшогон энелер болбошун каалайм.!! !!
Демек сен да бир уй булоонун суймончулук МАХАБАТЫ болгон экенсин.
Менин сага берер суроом жок го дейм бирок калоом бар.
Махабат келе жаткан жаны жылын менен! Жаны жылда алганын менен бала чакан,неберелерин менен бактылуу тозуп алышынды каалайм.Алыстагы балдарын аман эсен болуп,тилектери орундалып бооруна аман эсен кайтып келишин каалайм.Заманыбыз онолуп баласын зарыгып куткон экообузго окшогон энелер болбошун каалайм.!! !!
Саламатсызбы, Рая эже?Каалоо тилегиңизге чоң рахмат.Туура айтасыз,мен ата-энем студент кездеринде төрөлүп,биздин тунук махабатыбыз деп атымы ушундай коюшуптур.Атам мен тун кызы болгондуктанбы, башка балдарынан башкача жакшы көрүп мээрим төгүп турчу.Неберелүү болуп калган кезимде да 1ай барбай калсам эле,өзү кабар алганы жетип келчү.Сагындырып барбай койдуң го деп.Мен үйгө барып калсам жаңы жазган ырларын окуп берип сынатып," Бол байбиче,дасторконуңу жайнат, муну сага коюп койдук эле,жүзүмдөн үзүп келсең,тигини алып келсең,салып бер"-деп эле барпаңдап калаар эле.Кичинекей иним "Эжем чоң эне болуп калса деле,Махабатка деп эле турасыңар да"деп тамашаласа, атам:" Махабат неберелерине чоң эне боло берсин,мага дагы деле бала"деп калчу.Мен адабиятка кызыкканым атаман өтсө керек дейм.Анткени атам абдан мааниси терең ырларды жазчу.Менден да акын болот же жазуучу болот деп үмүттөнчү.Бирок мен атамын жолун улай албадым. Кечиресиз,Рая эже атам жөнүндө сөз башталса эле атам жөнүндө айтып түгөтө албай калам.
Рая эже сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Сизге да жаңы жыл жакшылыктарды алып келишин,чоң атаңар менен бактылуу карылыктын доорун сүрүшүңөрдү каалайм.Өзүңүздү көрбөсөм да сизди Суперстандагы эжем катары билдирүүлөрүңүздү чыдамсыздык менен күтүп окуйм.Сиздин кеңештериңиз мага да оң таасирин берип турат.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6477 25 December 2013 - 22:27
Саламатсызбы?
Менден сизге суроолор
1. Жайлоого чыгып бээ сагансызбы?
2. Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
3. Аткарылбай калган өкүнүчтөр барбы?
4.Ыр жазасызбы? Болсо 1 кулет жок дегенде.
5. Сизге жаккан макал-лакап.
6. 2014 жылга кыргыз элине калоолоруңуз.
Ар дайым ден-соолукта болуңуз, жүзүңүздөң күлкү кетпесин.

Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#6478 25 December 2013 - 23:04
Мен дагы форумчулардын,
балдарыңыздын катарында "АПА" десем каршы болбоңузчу
апам менен күндө сүйлөшсөм дагы ар бир сөзүмдүн биринде апалап сүйлөм. "АПА, АТА" деген кандай 'ыйык, улук' экенин алыста жүргөнүмдө билип түшүндүм. Сиздин да ар бир жоопторуңузду окуп отуруп көзүмө жаш тегеренип кетти, апам менен сүйлөшүп олтургандай болдум. Апакемди аябай сагындым!
Мен мектепте окуп жүргөндө, эч качан мугалим болбоймун дейт элем себеби ушунчалык зары чачырап турган мугалимдерди карап туруп ойлочумунда, мени да окуучулар ушундай жек көрүп жүрүшүн каалабайм деп!
Менин да кесибим боюнча информатик болом буюруса, ушул мүнөттөрдө менде башкача сезим ойгонду! Кантип, кандай мугалим болунун, бул нерсеге сиздин мээримдүүлүгүңүз, боорукердигиңиз түрткү болду десем жаңылышпайм!
Темадан бир аз алыстадым, мен оюм дагы суроолорго жоопторуңузду окуп алдым, ошентседа форумда сиздердей апалардын баары мен үчүн кубаныч! Ардайым акыл-насаатыңыздарды угууга биз дайыма даярбыз. Сизге чын ден-соолук жана келе жаткан жаңы жыл жалаң гана ийгиликтердин коштоосунда, балдарыңыздын бактысына жаркылдап узак өмүр сүрүп жүрө беришиңизге тилектешмин!
Мен мектепте окуп жүргөндө, эч качан мугалим болбоймун дейт элем себеби ушунчалык зары чачырап турган мугалимдерди карап туруп ойлочумунда, мени да окуучулар ушундай жек көрүп жүрүшүн каалабайм деп!
Менин да кесибим боюнча информатик болом буюруса, ушул мүнөттөрдө менде башкача сезим ойгонду! Кантип, кандай мугалим болунун, бул нерсеге сиздин мээримдүүлүгүңүз, боорукердигиңиз түрткү болду десем жаңылышпайм!
Темадан бир аз алыстадым, мен оюм дагы суроолорго жоопторуңузду окуп алдым, ошентседа форумда сиздердей апалардын баары мен үчүн кубаныч! Ардайым акыл-насаатыңыздарды угууга биз дайыма даярбыз. Сизге чын ден-соолук жана келе жаткан жаңы жыл жалаң гана ийгиликтердин коштоосунда, балдарыңыздын бактысына жаркылдап узак өмүр сүрүп жүрө беришиңизге тилектешмин!
Саламатсыңбы Барика кызым?Апа дегениңе неге каршы болоюн.Сага окшогон көп уул-кыздарым бар.Алар --окуучуларым. Силердей жаштар апакелеп турса менин бактым чексиз болбойбу.Окуучуларым да көргөн жерде чуркап келип учурашып калса кээ бирлерин тааныбай да калам,өздөрү таанытышат. Мен баланчамын го деп.
Кубанам көк тиреген бактым менен
Дүйнөдө кандай бакыт "эне" деген.
Тагдырым тамшандырбай ,суусаттырбай,
тартуулап уул да, берген кыз да берген.
Кылчалык ыраа көрбөйм болбос жакты,
Каалаймын ар бирине таалай-бакты.
Алымдын жетишинче жолго салып,
Актаймын "Эне"деген ыйык атты.Ар бир ата-эненин тилеги ушундай болуш керек.Ата-энени сыйлап,сагынып турган балаң болсо кантип сыймыктанбай кое аласың.Ата-энең маңдайыңа бар болушсун.Дайыма сендей кызы менен сыймыктанып, сенин жакшылыктарыңын эле кадырлуу коногу болуп жүрө беришсин.
Ал эми мугалимдер жөнүнддө айтсам,ата-энеңен кийинки адам мугалим.Ак-караны ажыратууга тарбиялаган адам--мугалим. Сен айтып жаткан заарын чачкан мугалим да өкуткан окуучусунун жакшы окушун,жакшы адам болушун каалайт.
Александар Македонский аскерлери менен бир жүрүштөн кайтып келе жатып,бир айылга киргенде,бардык жоокерлерди токтотуп,аттан түшүрүп,аттарын жетелеп акырын баскыла деп буйрук берет.Ошол айылдан чыкканча Македонскийдин буйругу менен аттарын жетелеп акырын басып чыгып кетишет.Кийинки айылдан өтүп ,дем алганы отурган кезде,аскер башчы :"Неге мурунку айылды жөө басып өттүк?- деп сурайт Македонский; "Бул айылда менин улуу урматтуу мугалимим жашайт.Мен анын тынчтыгын бузгум келбейт,Ошон үчүн аттардын басыгы мугалимдин уйкусун бузбасын деп,аттарды жетелеп чыккыла деп буйрук бергемин" -деп жооп берген экен.Көрдүңбү мугалимди улуу адамдар да кандай сыйлаган.Ошондуктан мугалим болууну коркпой эле тандай берсең болот.Жалкоо, өзүң айткандай заарын чачкан мугалим болбой окуучулардын сүйүктүү эжейи болооруңа ишенем.
Кечикпей сабактардын убагынан,
Келсем деп өз ичимен дуба кылам.
Канчалык оор күнөөдөн коркпосом да,
Коркомун окуучунун убалынан.-- деп иштеп келе жатам.Окуучунун убалынан корккон мугалим чыныгы мугалим.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6479 25 December 2013 - 23:13
Эжеке, албетте жоопторуңуздун баары купулга толду. Кечирим суроонун кажети жок. Убакыт таап жооп жазып кеткениңизге рахмат.
Ар дайым чалыңыз экөөңүздөр уул-кыздарыңыздардын төрүндө небере-чөбөрө жыттап, балпайган кемпир-чал болуп, кадырлуу ата-энелердин катарын толуктап жүрө бериңиздер
.
Ар дайым чалыңыз экөөңүздөр уул-кыздарыңыздардын төрүндө небере-чөбөрө жыттап, балпайган кемпир-чал болуп, кадырлуу ата-энелердин катарын толуктап жүрө бериңиздер
Рахмат,кызым.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6480 26 December 2013 - 00:22
Саламатсызбы?
Менден сизге суроолор
1. Жайлоого чыгып бээ сагансызбы?
2. Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
3. Аткарылбай калган өкүнүчтөр барбы?
4.Ыр жазасызбы? Болсо 1 кулет жок дегенде.
5. Сизге жаккан макал-лакап.
6. 2014 жылга кыргыз элине калоолоруңуз.
Ар дайым ден-соолукта болуңуз, жүзүңүздөң күлкү кетпесин.
1. Жайлоого чыгып бээ сагансызбы?
2. Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
3. Аткарылбай калган өкүнүчтөр барбы?
4.Ыр жазасызбы? Болсо 1 кулет жок дегенде.
5. Сизге жаккан макал-лакап.
6. 2014 жылга кыргыз элине калоолоруңуз.
Ар дайым ден-соолукта болуңуз, жүзүңүздөң күлкү кетпесин.
Саламатчылык, Барин балам.
1. Жайлоого көп эле чыккамын.Бирок бээ сааган эмесмин.Анткени мен шаарда өсүп калгандыктан, мени эч ким бээ саадырчу эмес.Жаңы келин болуп келген
кезимде
кайненемдер жайлоого чыгышчу.Мен отпуска мааоында 1 айга гана барчумун,бээ саагандан башка жайлоодогу бардык жумуштарын аткара берчүмүн.
2. Кыргызстан 10 жылдан кийин,эгерде иш билги ,кыргыз үчүн күйгөн чыныгы патриот адам эл башы болсо анда гүлдөп өнүгөт.Алдыңкы технологиянын түрлөрү
көбөйүп,адамдардын жумуштары жеңилдейт.Мурда биз бардык нерсени кара күчүбүз менен аткарсак,азыр баары башкача болуп калбадыбы.Мындай
озгөрүүлөр дагы да боло берет. Жаман нерсени ойлобой жакшы тилек кылсак,силердей уул-кыздарыбыз турганда мамлекетибиз оңолот.
3. Аткарылбай калган өкүнүчүм -- чыгармачылыгымы улантпай калганым,
4. Жаш кезимде анча-мынча ыр жазымыш болчумун. Турмушка чыккандан кийин айылдын турмушу белгилүү эмеспи.Ыр жазмак түгүл,нормалдуу курсагымы
тойгузганга убакытым жок болуп калчу.Талантты таптап турбаса,ташыркап калат экен.Калемим ошентип мокоп калды.Өзүм да жалкоолук кылдым окшойт.Бирок
мектепте майрамдарда мугалимдерге достук азилдерди,арноо ырларын жаза коем
Өң кыярып,жүздү жылга жай кылып,
Өмүр узайт күлгү кезден айрылып,
Эчен кыя белести ашып баратып,
Карап көрсөм арт жагыма кайрылып.
Мени азгырып узак алып барыптыр,
Карылыктын кайыгына салыптыр.
Байкатпастан өзү артка чегинип,
Кайран жаштык тээ алыста калыптыр.
Кайгырбаймын жаштык узак калганга,
Өң кыярып өр таянып барганга
Ар бир жылдын бар эмеспи жыргалы,
Акыл айтып,баш көз болчу балдарга.
5. Элибиздин макал-лакаптарынын баары эле жагат.Ал эми бул макадды баалайм.
"Башкара албаган элди бузат,бастыра албаган жолду бузат"
6.Кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктайм. Элиме кааларым бакты- таалай,шайыр- шаттуу маанай.Темирдей бекем ден соолук,Түгөнбөс байлык,убагында тийчү айлык,Жаңы жыл жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун, тынчтыктын,ынтымактын, ийгиликтин жылы болсун.
Каалоң үчүн рахмат
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.

Супер-Инфо
super.kg
видео