Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#681 Пользователь офлайн   Jeka   23 Апрель 2009 - 19:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Укмуш эми, Майка!
Сенин жоопторуң у окуп жатып эле күлкүнү н бир айлык нормасын аткардым го!
Суроо бергенге да алым калган жок.
Азаматсын!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#682 Пользователь офлайн   биз   23 Апрель 2009 - 19:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Март 09
  • Соңку аракети: 17 Авг 2011 17:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:нарын

Салам!
1)-Кандай адамдарды жаман адамдар деп ойлойсун?
2)-кийин турмуш курганда куйоондун ата энеси менен жашашына кандай коз караштасын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#683 Пользователь офлайн   Maika   23 Апрель 2009 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

Салам Майка! менимче убакытын буто элек ээ.
salaaam,LIMONvay dagy bir jolu!!!.. .men dagy oshentivoyloym...

1)-суроо. Анын бетин ары кылсын дечи бирок.Эгер сени бирооо жактырып калып кут дегинине карабай ала качып кетсе эмне кылат элен..

mm..daa alakachayn dedinvele yaaa...? :crazy-girl: (tamasha..) egerde chyndavele oshondoy bolso,mne kylat elem men baykush oturup kalat elemdaa..(tamasha dagy bir jolu..)..anpestir emi kuday saktap..tytyshyvele urshup kirsem kerek.. :crazy-girl:
2)-Суроо.Башка улуттагы жигиттерге кндай коз караш менен карайсын.же ошондой жигиттер сенин колунду сурап калса кантет элен.

bul jonundo kovele oylonup kalam...kyrgyzymdyn myrzalarynan otoru jok.
3)-Анан мага кичинекей ото эле кичинекей кыздай сезиле бересин.канча жаштасын.

ova ay emile basavashtasam anan kichinekey korunom daa.. 16 jashtamyn bayketay...
бул суроолор мурун берилген жок деп эсептейм. Эгер берилген болсо кечирим сурайм.Себеби англиский тамга менен жазгандардыкын окуп чыккыча жудоп кетем.ошондуктан баарын окуй алган жокмун..

jakshylap okuda.. berilgen jok altyn.. surooloruna choon rahmat !!!

Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#684 Пользователь офлайн   Maika   23 Апрель 2009 - 20:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

Укмуш эми, Майка!
Сенин жоопторуң у окуп жатып эле күлкүнү н бир айлык нормасын аткардым го!
Суроо бергенге да алым калган жок.
Азаматсын!


kaaap...azyyraak kulson bolchuken..men emi kaysy suroogo jooperem.. :crazy-girl: saga jaksa boldu baykezi..
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#685 Пользователь офлайн   Maika   23 Апрель 2009 - 20:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

Салам!
1)-Кандай адамдарды жаман адамдар деп ойлойсун?
2)-кийин турмуш курганда куйоондун ата энеси менен жашашына кандай коз караштасын. ..


SALAM,Biz!!! .
1-adamdar joondo oylorum jakshyle...oshentse da mykaachy,kaydyger j.b.u.s..(sogungondo
rdu ayvay jaman korom)birok ar bir adamdyn jakshy,jaman boluu kolunan kelse kerek,andyktan akyl kalchap ish kyluu kerek devoyloym...
2-jakshyle koz karashtamyn..alarga erkelep tursam kanday jakshy.... :crazy-girl:
jakshyyy surooloruna rahmat,Biz!!!
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#686 Пользователь офлайн   maksi   24 Апрель 2009 - 01:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Биздин эркетай Майка кызыбызга чооооң рахмат, эркелеп жатып жакшы эле жооп берди .


Андан кийинки катышуучу форумдун азамат жигиттеринин бири Кыргызшаа болмокчу. ... 3 кун аралыгында сиздерге жооп бергенге аракет кылат.

P.S : USSR байкебиз форумга кире албай жүргөндү гүнө байланыштуу , өтүнү чү менен мен илип койдум . :crazy-girl:

Билдирүүнү түзөткөн: maksi: 24 Апрель 2009 - 01:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#687 Пользователь офлайн   arhidey   24 Апрель 2009 - 10:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Салам Кыргызшаар коногубузга куш келипсиз ийгиликтер каалап кетем, суроом сизге:

1.Албетте биринчиден омур баяныныз жонундо кыскача жаза кетсениз?

2.Туркия жеринде журуу сизге озгоруш алып келдиби?

3.Оз жеринизди сагынуу сезимин канчалык даражада баалай аласыз?

4.Кыргыз жергесине качан кайтасыз?

Алдын ала рахмат,жакшылыктар коштоп журсун дайыма!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#688 Пользователь офлайн   adalsvards   24 Апрель 2009 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Саламатсызбы, Кыргызшаа! !!

Менин суроолорум:

1. Чыныгы атыныз, эмне менен алектенесиз?
2. Форум сизди эмнеси менен озуно тартып кызыктырат?
3. Бизди кубандырып, эсинизде болгон кызыктуу окуя айтып беринизчи...

Дагы суроолорум болсо, жетишермин, алдын-ала рахмат!!!
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#689 Пользователь офлайн   temu   24 Апрель 2009 - 11:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Салам Кыргызшаа! !!

Менин суроолорум:

1. Менин билишимче туркияда экенсин, ал жактын эли кандай, башкача айтканда жашоосу биздикине салыштырмалуу кандай денгелде? Улутчулдук багытындагы жаштар кезикпейби, бул суроону берип жатканымдын бирден бир себеби орустардын скинхедтерине салыштырмалуу. Мендеги маалыматтар боюнча турк элинин 70% кат сапатсыз деп уккам, сен кандай ойлойсун?
2. Турк эли Кыргызстан мамлекетине коз карашы кандай? Чет жерде журуп Кыргызстанды сагынгандырсын? Туркияга барууга эмне себеп болду?
3. Супер форумдун сага жаккан жана жакпаган корунуштору? Форумга катталууда сага эмне туртку болду эле? Никти тамдоодо эмнеге таянгансын?
4. Кыргызстанды келечекте кандай элестетесин? Жакында болотурган президентик шайлоодо кимдин жоргосу алдыда келет деп ойлойсун? Негизи эле сайсатка кызыгасынбы?

Билдирүүнү түзөткөн: temu: 24 Апрель 2009 - 11:35

temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#690 Пользователь офлайн   Еретик   25 Апрель 2009 - 17:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 08 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 24 Май 2010 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Фрунзе

Саламатсың бы Адес!!!
Баарыбыз сени, болочок......политол
ог религиовед. .... болооруң ду билдик..... :give_rose: .....ошого сага суроо....
1) Атактуу .....Спинозанын ....филисофиясын окугандырсың .......буга көз карашың жана ойюң.....Сенин ойюңча.... .ал ....динге каршы чыкканбы..... же адамдын ....Акыл Эсинин...... улуулугун билдиргенби?
2) Ааламдашуу (Глобализация) процессинде ......улуттук байлыктардын жана идеалогиянын. ....орд
у жөнүндө ......өз ойлоруңду айта кетсең.... ...Кандай технологиялар сенин ойюңча.... .басымду
улук кылат.....? 30-40 жылдан кийинки Кыргызстан. ....сенин божомолдооруң ....кыялың. .....
3) Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына көз карашың.. ...?......Ал ар бир ....романында ....фантастикалык окуяларды ....эмне үчүн жазды деп ойлойсуң ?.......футурологиялы
к мааниси бар деп эсептейсиң би .......?
Азырынча ушул.......калганын .......дагы убактың болгондо жооп берерсиң.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#691 Пользователь офлайн   USSR   27 Апрель 2009 - 11:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Адес суроолорго жооп бербей жатабы, же мага жаны билдируулор корунбой жатабы?

Урматтуу форумчулар! Кээ бир форумчуларга (ошондой эле Адеске да,мага да) сайттагы жаны билдируулор ачылбай жатат...меники азыр эле ачылды....буйруса Адеске да ачылып калаар...суроолор болсо бере бергиле...мумкунчулу
гуно карап Адеске убакыт кошуп берем

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#692 Пользователь офлайн   moi lev   27 Апрель 2009 - 11:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 25 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Июн 2011 16:08

Салам Адес!
Озун чет жерде жургон жигиттердин бири экенсин. Эки болок динди туткан адамдардын уйбуло куруусуна коз карашын кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#693 Пользователь офлайн   adalsvards   27 Апрель 2009 - 12:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Мен чё-то чё-то тушунбой калдым. Менин баракчаларым эмне болуп кеткен?
Жарымы бар, жарым жок, кантип эми суроо берем?
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#694 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 12:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата(arhidey @ 24.4.2009, 10:01) <{POST_SNAPBACK}>Салам Кыргызшаар коногубузга куш келипсиз ийгиликтер каалап кетем, суроом сизге:

1.Албетте биринчиден омур баяныныз жонундо кыскача жаза кетсениз?

2.Туркия жеринде журуу сизге озгоруш алып келдиби?

3.Оз жеринизди сагынуу сезимин канчалык даражада баалай аласыз?

4.Кыргыз жергесине качан кайтасыз?

Алдын ала рахмат,жакшылыктар коштоп журсун дайыма!
[/ quote]

УРМАТТУУ СУПЕР ФОРУМЧУЛАР, СИЗДЕРДИН СУРООЛОРУҢ УЗДАРДЫ ОКУЙ АЛБАЙ ЖАТАМ. ОШЕНТСЕ ДА БАШКА АДАМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАЙЫН.

arhidey

1. Албетте биринчиден омур баяныныз жонундо кыскача жаза кетсениз?

1983-жылы 22 июльда Ош областынын Каракулжа районунда туулгамын. 2000-2002 жылдары Турцияда Анкара Университетинде билим алдым. Шартка байланыштуу 2003 -2005 жылдар арасында Ош Мамлекеттик Университетинде окудум. 2004-2005 жылдары проекттик фонддо иштедим. 2006-2007 жылдары бир мамлекеттик агенттиктин эксперти, ошол эле учурда Жалалабат областында бир мекеменин башчысынын жардамчысы, 2008 жылдын жай айларында Казак-Түрк тоо кендерин иштетүү фирмасында котормочу, директордун ассистенти катары эмгектендим.

2006-жылдан бери Ош Мамлекеттик Университетинин саясат таануу илими боюнча аспирантымын. 2007-жылдан тартып Анкара Университетинин коомдук илимдер институтунда магистратурада окуп келем. Эки жогорку билимим бар. Төрт бир туугандын үчүнчү сүмүн.

2. Туркия жеринде жүрүү сизге озгоруш алып келдиби?

Турцияда жүрүү албетте көптөгө н өзгөрү үлөрдү алып келди десем жаңылышпасам керек. Ар бир чыккан күн менен кошо адам баласынын да жашоосу өзгөрү п турат го деп ойлойм, кечээки күндү эртенки күнгө эч качан окшоштурбайм.

3. Оз жеринизди сагынуу сезимин канчалык даражада баалай аласыз?

2000-жылдары биринчи жолу ата энемдин жанынан алыска кеткемин. Ошол күндөрдө аябай сагынаар элем, ал сезимдердин даражасын башка нерсеге салыштырып ченегенге болбойт го деп ойлойм. Ошол күндөн тартып ата энемди жылына бир жолу көрөм. Бир жылга чейин сагынсам да чыдап жүрө берем, бир жылдан ашып кетсе кандай болоорун көрө жатаарбыз. )))

4. Кыргыз жергесине качан кайтасыз?


Учурда магистрдык ишимди жазып жүрөм. Бүтүргө ндөн кийин докторантурага окусамбы деген тилегим бар эле. Эгер окуп калсам анда дагы 7-8 жылдан кийин барам го....

Алдын ала рахмат, жакшылыктар коштоп жүрсүн дайыма


Каалоо тилектериң из үчүн рахмат, Жараткан жашооңузда жалаң гана жакшылыктарды ыроолосун.

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 27 Апрель 2009 - 12:42


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#695 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

[quote name='adalsvards' date='24.4.2009, 10:06' post='185185' ]
Саламатсызбы, Кыргызшаа! !!

Менин суроолорум:

1. Чыныгы атыныз, эмне менен алектенесиз?
2. Форум сизди эмнеси менен озуно тартып кызыктырат?
3. Бизди кубандырып, эсинизде болгон кызыктуу окуя айтып беринизчи...

Дагы суроолорум болсо, жетишермин, алдын-ала рахмат!! !

adalsvards

Саламатчылык adalsvards

1. Чыныгы атыныз, эмне менен алектенесиз?


Атым Адес, учурда илим изилдөө менен алекмин, ал эми келечекте балким дагы башкача багыттарда иш алып барып калабыз деген ойлорум бар, албетте сизге окшогон супер айымдар менен бирге)))

2. Форум сизди эмнеси менен озуно тартып кызыктырат?

Форумдагы ар түрдүү темалардагы талкууларга жазган жооптордон адамдын дүйнө көз карашын, психологиясын, табиятын ж.б. көп нерсени үйрөнү үгө мүмкүн. Ошол себептүү кирем. Ал эми ошол темалар канчалык деңгээлде кызыктуу десеңиз, чынын айтсам көп темаларды мага кызыктуу болгону үчүн эмес жогоруда айткан себептерден улам окуп калам.

3. Бизди кубандырып, эсинизде болгон кызыктуу окуя айтып беринизчи


Жашоом өзү кызыктуу окуяларга бай, кээде өзүмү н да күлкүм келет ))) Анда эмесе эсте калган кызыктуу күндөрдө н бирөөн айтып берейин.

Стамбул шаарына баттан барып турам. Стамбулду деңиз бөлүп тургандыгына байланыштуу жүргүнчү ташуучу кемелер бар. Күндөрдү н биринде Стамбулдун Европа жагына барып келейин деп жөнөп калдым. Портко барып кемеге жетон сатып алдым, анан трамвайга да алып убара болбойунчу деп көөп алып алдым. Анан трамвайдын аялдамасына барып эле жетонду салсам ачылбайт, дагы бирөөн салсам дагы ачылбайт....кө рсө кеменин жетону менен трамвайдыкы эки башка экен да, менин көзүмө окшош эле көрүнгө н....эстеген сайын күлөм )))

Дагы суроолорум болсо, жетишермин, алдын-ала рахмат!! !

Суроолоруң узга жооп берүүгө ар дайым даярмын, бар болуңуз !!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#696 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 12:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Салам Кыргызшаа! !!

Менин суроолорум:

1. Менин билишимче туркияда экенсин, ал жактын эли кандай, башкача айтканда жашоосу биздикине салыштырмалуу кандай денгелде? Улутчулдук багытындагы жаштар кезикпейби, бул суроону берип жатканымдын бирден бир себеби орустардын скинхедтерине салыштырмалуу. Мендеги маалыматтар боюнча турк элинин 70% кат сапатсыз деп уккам, сен кандай ойлойсун?
2. Турк эли Кыргызстан мамлекетине коз карашы кандай? Чет жерде журуп Кыргызстанды сагынгандырсын? Туркияга барууга эмне себеп болду?
3. Супер форумдун сага жаккан жана жакпаган корунуштору? Форумга катталууда сага эмне туртку болду эле? Никти тамдоодо эмнеге таянгансын?
4. Кыргызстанды келечекте кандай элестетесин? Жакында болотурган президентик шайлоодо кимдин жоргосу алдыда келет деп ойлойсун? Негизи эле сайсатка кызыгасынбы?


Temu

Салам Temu

1. Менин билишимче туркияда экенсин, ал жактын эли кандай, башкача айтканда жашоосу биздикине слыштырмалуу кандай денгелде? Улутчулдук багытындагы жаштар кезикпейби, бул суроону берип жатканымдын бирден бир себеби орустардын скинхедтерине салыштырмалуу. Мендеги маалыматтар боюнча турк элинин 70% кат сапатсыз деп уккам, сен кандай ойлойсун?

1. Мамлекеттик бюджеттен берилген эң төмөнкү айлык 400$ дын тегерегинде, бирок баалар бизге салыштырмалуу кымбатыраак.

2. Улутчулдук багытындагы партиялар бар, аларга мүчө болгон жаштарды кезиктирү үгө болот, бирок улутчулдар ата тегибиз силер жактан келген деп Орто Азиялыктарды жакшы көрүшө т. Орус улутчулдарына окшоп өлтүрү п кетүү жок.

3. Сендеги маалыматтар логикага канчалык туура келээрин жакшылап ойлонуп көрүш керек экен...Турция дүйнөдө гү өнүгү п келе жаткан 20 өлкөнү н катарына кирет, калкынын 70% кат сабатсыз болгон өлкөнү н өнүгү үсү да кеч болмок, бул жеке көз карашым, албетте сабатсыз адамдар да жок эмес, бирок 70% деген бул чындыкка коошпой турган маалымат экен...



2. Турк эли Кыргызстан мамлекетине коз карашы кандай? Чет жерде журуп Кыргызстанды сагынгандырсын? Туркияга барууга эмне себеп болду?

1. Турк элинин Кыргыз мамлекетине коз карашы жакшы деп айтаар элем. Тарых барактарына карап корсок, Кыргызстан оз эгемендуулугун жарыялаганда 2-болуп Турция тааныган. 93-жылдан бери жылына 80 студент, андан сырткары магистратурага жана докторантурага бюджеттик негизде Кыргыз жаштарын алып келип окутушат. Ай сайын 150$ тегерегинде стипендия, жатаканасын беришет. Стамбул, Кония ж.б. шаарларда коомдук транспорттордо акысыз жүрүү гө уруксат беришкен. Булардын баардыгы турк элинин кыргыздарга болгон көз карашын чагылдырып турат. Жалпысынан эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелер жакшы деп айтууга арзыйт.

2. Кыргызстанды сагындым! !!!!! !!!

3. Турцияга келүүмдү н бирден бир себеби, билимимди өркүндө түү, мындан башка эч кандай себеп жок.

3. Супер форумдун сага жаккан жана жакпаган корунуштору? Форумга катталууга сага эмне туртку болду эле? Никти тамдоодо эмнеге таянгансын?

1. Супер форум аркылуу кээ бир жакшы адамдар менин тааныштым. Шоу дүйнөсү нө көп кызыкпагандыгым үчүн суперде жазылган жанылыктарды кызыгып деле окубайм. Бирок ар бир нерседен кандайдыр бир нерсе үйрөнү үгө болот. Мен да супер форумдан кээ бир нерселерди үйрөндү м. Мени таң калтырганы, эң көп ачылган, эң көп окулган, эң көп билдирүү жазылган темалардын "алиги жөнүндө " болуусу...Албетте ал дагы керек, бирок кыргыз жаштарынын көйгөйлү ү маселесине айланганбы "алиги" деп ойлоп кетет экенсиң.. . "Алигинтип" жүрүп Ата-Журтту, "эметип" жүрүп экономиканы көтөрө албайбыз гоо....

2. Интернеттен көрүп калып эле катталгамын, биринчи жолу кыргыз тилиндеги сайт мен үчүн кызыктуу болгон.

3. Ч. Абыкеевдин Бриллиант Жылаан деген китебинде баш каарман чет өлкөгө кетип жатып паспортуна улутумун аты өчпөсү н деп атын Кыргызшаа деп өзгөртө т. Ошол чыгарма мага жакчу. Улуттук кызыкчылыкка таянган идеологияларым да бар эле...Анан ушул никти тандап алдым.




4. Кыргызстанды келечекте кандай элестетесин? Жакында болотурган президентик шайлоодо кимдин жоргосу алдыда келет деп ойлойсун? Негизи сайсатка кызыгасынбы?

1. Учурда Кыргызстан өткөө л мезгилде жашап жатат. Бул учурдан этияттык менен чыгып кетүүбү з зарыл, болбосо Америка, Россияга окшогон 1-дүйнө өлкөлө рүнүн расмий эмес колониясына айланып баратабыз. Ошол себептүү Кыргызстандын келечеги жөнүндө так ой пикирим жок. Башка өлкөлө р кандуу согуштар менен алган эгемендү үлүктү бизге жөн гана тартуулап койушту. Ошонун кадырына жетип, көз карандысыз мамлекетибизди гүлдөтү п, эртеңки муунга тапшырып берүү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылуубуз зарыл!!!

2. Жакында боло турган президенттик шайлоодо А. Атамбаевдин мүмкүнчү лүгү көбүрө өк болуш керек (жеке анализим боюнча). Оппозиция лидерлери бир добуштан сүрөшө т (Сариевден башкалары). Садыркулов менен Кадыралиевдин өлүмү , электр энергиясы тууралуу чуу, экономикалык кризис сыяктуу көйгөйлө р президенттин эл арасындагы кадырына доо кетирди. Ал гана эмес кечээ жакында Ак Жол партиясынын төрага орун басары Э. Ибраимованын президентке ачык кайрылуусун партия ичинде да келишпестиктердин бар экендигинин далили катары караса болот. Булардын бардыгы Атамбаевдин пайдасына болот. Эгерде шайлоо ТАЗА болсо, Атамбаевдин утуп чыгаарына ишенем.

3. Негизинен саясаттын өзүнө эмес, анын теориясына көбүрө өк кызыгам. Саясатты башкаруу искуствосу катары карай турган болсок, анын биринчиден максатын билип, шарттарын, талаптарын ж.б. өз учурунда так жана туура орундатуу зарыл...өлкө бүздө болуп жаткан саясаттын эмнеге багытталганын көп эле түшүнө бербейм...(Учурда саясат таануу боюнча кандидаттык диссертация даярдап жүрөм, буйурса 1-2 жылдын ичинде жактап калам деген үмүттөмүн).

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#697 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 12:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Aechka

Алейкум салам Aechka эже



1. Сайт жакшы иштеш учун эмне кылыш керек, кандай деп ойлойсун?

Сайт жакшы иштеш үчүн өз ишин мыкты билген админдерди жумушка алыш керек го дейм))) 4 күндөн бери эч нерсе окуй албай жатам...суроолорду да башка бирөөлө рдүн жардамын менен алып жатам...батыраак оңдоп койушса жакшы болоор эле


2. Алдыга койгон максатын, келечекте ошону аткара аламын деп ойлойсунбу?
Көптөгө н максаттарым бар...өмү р бизден өткөн соң, эл эмгектен эскерсин демекчи, эң негизги максатым, кыргыз коомчулугу үчүн, эртеңки муун үчүн пайдалуу нерселерди жасагым келет....максаттарым орундалабы же жокпу аны убакыт көрсөтө т...


3. Кыргызстандан колдон келгендердин баары кетип жатышат, эмне учун, сенин коз карашын ушул жагдайга?


Эң биринчи себеби, мамлекет өз элин бакканга кудурети жетпей жатат, жумушсуздук күндөн күнгө күч алууда, карапайым калк Россия баш болгон дүйнөнү н башка өлкөлө рүнө акча табуу үчүн кетип жатышат. Тышкы миграциянын токтотуунун бирден бир жолу, калкты жумуш менен камсыздандырып, айлык акыны көбөйтү ү керек. Бирок экономикабыз мышык ыйлагыдай болуп туруп эч нерсе кыла албайбыз го...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#698 Пользователь офлайн   Prince   27 Апрель 2009 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Салам Адес мырза, алгач ал абалындан кабар алайын. Иштеринизге ийгилик. Ден-соолук.

Атынызды (логин) чечмелесек улуу кыргыз же кыргыздын улуусу деген маанини алып журот экен. Айтып кетсениз кантип далилдейсиз же чыныгы жашоодо дагы шаасызбы?

"Арымдын ары жагы корумдун бери жагы2, - дейт келечектегикоздогон пландарыныз кандай?

Эс тартып баштаганыныздагы биринчи ойлонгон мушкулдуупроблеманыз эмне болду эле?

Кыргызстанды кантип онуктуро алабыз? Эгер сиз президент болуп калсаныз ошого даяр белениз жана кандай иш чараларды колдоноор элениз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#699 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 12:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

УРМАТТУУ ФОРУМЧУЛАР! !! САЙТ ЖАКШЫ ИШТЕБЕЙ ЖАТКАНДЫГЫНАН УЛАМ, БЕРИЛГЕН СУРООЛОРГО ТОЛУГУ МЕНЕН ЖООП БЕРЕ АЛБАЙ КАЛГАНДЫГЫМ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙМ. ЭГЕР МОДЕРАТОРЛОР УБАКЫТ КОШУП БЕРИШСЕ БААРДЫК СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛАМ.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#700 Пользователь офлайн   USSR   27 Апрель 2009 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Цитата

Адес суроолорго жооп бербей жатабы, же мага жаны билдируулор корунбой жатабы?

Урматтуу форумчулар! Кээ бир форумчуларга (ошондой эле Адеске да,мага да) сайттагы жаны билдируулор ачылбай жатат...меники азыр эле ачылды....буйруса Адеске да ачылып калаар...суроолор болсо бере бергиле...мумкунчулу
гуно карап Адеске убакыт кошуп берем


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 03:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: