Кайтаары тез дунуйо...
Кичинекей курагым, эми гана эсимди таанып, мектептин босогосун аттап, эркелигимди артка таштап, колума китеп, дептеримди бекем кысып, болоктордон кызганып жургон убагым. Эсимде ал убакта апам менден эрте туруп саарлык учун аш оокатын камдап, андан кийин гана мени ойготоор эле, ойгоноорум менен эркелеп болбогон нерсеге тултундап жегенимди жеп, жебегенимди жактырбай ары суруп кыскасын айтканда оз чегимден ашып кетчуумун. Эмне кылык кылбайын, кандай жорук корсотпойун которо билген апамды эстеп олтуруп азыр козумдон жаш тегеренет. Корсо апам ото эрктуу аял болгон экен, анын акылын, тетик зээнин эми гана баамдадым. Эмнеси болсо дагы эрке курагым артка ташталып, убакыт зымырап учуп, ата багымдан болок айылга келин болуп туштум. Мындан он беш жыл мурда апама корсоткон жоруктарымды жаны буломдо кайнысиндилерим ашыгы менен корсото башташты. Жолдошум кун бою жумушта, эч нерседен кабары жок, менин айтканга дараметим жок. Жалгандарга аралашкан создорду аркамдан ээрчитип жашоомдо улантып жаттым. Акыр айагы актануугадагы чолом калбады, сыгылганымданбы же башка себептенби айтоор бир жылдан ашса дагы бойума бутподу. Керели кечке кызматын кылып, кемине согушун угуп, жалганына башымды ийип, "турмуш экен" деген соз менен озумду сооротконду уйронуп алдым. Кайненем жакшы аял болчу, мени аяаган жалгыз чырагымдай ондонуп, аркамдан айткан создордон коргоого аракет жасаар эле. Бирок кайдан дейсиз жалгандардын,
чырдын аркасынан болуп куйоом дагы менден алыстады. Уйдо кармап турган жолдошумдун кайдыгерлигинен кийин андан ары улантууга кучум калбады, барымды алып, торкунумо карай аттандым. Болду эми аркага кайтпайм, оз тирилигимди кылайын деп кесибимдин артынан шаарга карай жонодум, тигуучулугум онунан келип иш таптым. Куйоомдон кеткениме эки айдын жузу болгондо, кардымда он уч жумалык ымыркайдын журогу согуп турганын уктум. Озумчо очкон чырака май тамды деп ойлодум, бирок андай болбоду, санаама санаа кошулуп, ажырашуу жонундогу келишимди колума кармадым, куйоомо соз айтууга да чолом жетпеди. Себеби аны жанында коштогон жубайы бар экенин уктум. Танданганым менин кеткениме эми гана эки ай болгондо, ордумду басаар адам тапканы болду. Бир жарым жыл болсо дагы бир жаздыкка баш коюп, анын мындай кылаарына козум жетчу эмес. Дагы "тагдыр экен" деген созумду кайталап, кайра оз жолумду уладым, алты ай иштеп иштебей торкунумо кайтып, коз жардым. Коздору молтуроп куйоомду эстеткен уулумду боорума кыстым, ал учурда мени менен тенме тен апам тун уйкусун, кун тынчтын балам менен мага арнады. Ошол кундон тарта бир гана нерсени тушундум "ката иштин кайтаары тез" болот экен, башыма тушкондордун баарын балалыгымдагы чеги жок эркеликтеримден деп билдим... Энелерибизди баалай билели, бир гана алар бизди таштабайт...
Автор: АБАЙ КЫЗЫ ТУРСУНАЙ
Кайтаары тез дүнүйө...
#1 03 July 2015 - 13:46
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#3 03 July 2015 - 15:36
Ошон учун Пайшамбарыбызда бириняи эненди сыйла экинчида эненди учунчуда эненди анан атанды деген
#4 15 October 2015 - 09:03
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#5 16 October 2015 - 18:55
Бул чыгарма мага да кичинекей кезимди эстетти. Апамда мени сабакка жиберерде, эн биринчи озу ойгонуп, чайды даярдап алып анан мени ойготуп, мектепке жиберчуу. Мектепке кеч калган куну апама ыйлачуумун,
сиз эртерээк туруп мени ойготпой, мен мектепке кечигип бардым деп... Ал кездерди эстеп, эми гана таразалап жаткан убагым.
#6 20 October 2015 - 16:22
Канчалык чоноюп озун балалуу болуп калсан да эне учун ар дайым бала бойдон каласын. Менин апам азыркыга чейин мен озум эле туруп жумушка барам десем болбой эрте туруп, мага жуунганга жылуу суу даярдап, тамагымды жылытып турат.

Супер-Инфо
super.kg
видео










