Кечээ маршруткада баратып бир окуяга туш болдум. Ошондон улам атайын бул теманы ачып, силердин оюңарды билүү менен, башка дагы ушуга окшогон окуяларды жазып, талкууласак деген ой пайда болду. Анда сөз башынан болсун:
Аялдамадан жашы элүүдөн өтүп калган эки аял кирди да, менин алдымдагы орунга отурушту. Биринин колунда кичинекей бала, экинчисинде - пакеттер. Бир маалда 20-25тердеги эки бала кирип, бири колу менен салондогу штанганы кармабай, ачылып турган люктун кырын кармап туруп калды. Пакет кармаган аял "Балам, колуңу алчы ал жерден, люк түшүп кетсе, колуң кыпчылып калат" деп, кадимки эле энелик мээримин төгүп, боор ооруу менен айтты. Бала аялды ушундай жини келип карады да, заар үнү менен "Кол меники. Кыпчылса менин колум кыпчылат. Сиз кыжаалат болбой отура бериңиз" деди. Аял үн-сөз таппай отуруп калды. Бала кармаган экинчиси "Ай Ырыскүл, эмне убара болосун азыркы жаштарга бирдеке деп. Унчукпай отура бер, билгенин кылышсын"
деп жооткотуп койду. Мен чыдай албай, "Ай балам, ушу кылганың жигиттик болбой калды. Эжекеден кечирим сурап кой" десем, "Сурайымбы,
сурабайымбы - аны өзүм билем" деп, мени да жеп койчудай болуп бир карап койду. Эмне дейсин? Башка жер, башка шарт болсо - башкача түшүндүрмөкмүн.
Элдин көзүнчө чоң эле жигиттин шагын сындырбайын деп, мен да унчукпай отуруп калдым. Бирок, үйгө жеткиче зееним кейип бардым.
Бул боюнча силердин пикириңер кандай?
- (2 )
-
- 1
- 2
Көңүл кейиткен окуялар Адеп, тарибия жана башкалар тууралуу...
#4 10 June 2013 - 13:05
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#6 10 June 2013 - 13:27
Маанайы жок болуп турган маалда тиги эжелер алып койчу деп суранганго.

Түшүнөм, бирок маанайы жок болуп турса деле эч болбогондо "Эжеке, кам көргөнүңүз үчүн рахмат. Мен кыпчытпайм, өтө этият болом" деп койсо болмок да, "Кол меники..." деп апасындай болгон аялды кагып-силкпей. Кантсе да ЖИГИТ эмеспи. Ал эми эжекенин болгону энелик инстинкти ойгонуп, баланы аяп кетти
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#7 10 June 2013 - 14:14
Мен да ошондой инстинктти которо албагандарданмын,
мурдагы гиперопеканын 'пайдасы'
. Эптеп тилимди тиштеп гана чыдайм.
Биз, аялдар, балдарыбыздын камы менен билинбестен "клушаларга" айланып калат экенбиз. Жакшы ниет жакшы, бирок кээде озубузду тыя билгенибиз да он. Болбосо, ар кимге указ берип журуп, жаман корунуп да бутобуз.
Биз, аялдар, балдарыбыздын камы менен билинбестен "клушаларга" айланып калат экенбиз. Жакшы ниет жакшы, бирок кээде озубузду тыя билгенибиз да он. Болбосо, ар кимге указ берип журуп, жаман корунуп да бутобуз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 10 June 2013 - 14:29
Түшүнөм, бирок маанайы жок болуп турса деле эч болбогондо "Эжеке, кам көргөнүңүз үчүн рахмат. Мен кыпчытпайм,
өтө этият болом" деп койсо болмок да, "Кол меники..."
деп апасындай болгон аялды кагып-силкпей.
Кантсе да ЖИГИТ эмеспи. Ал эми эжекенин болгону энелик инстинкти ойгонуп, баланы аяп кетти
Ошол баланын озунун акмактыгы да! Мин каарданып турса да анткенге акысы жок болчу! Жини келип турган кундо да эмне учун ал эжеден чыгарыш керек экен жинин? Кыйын болсо ошол жинине тийип койгондун озуно барып чыгарып албайбы? Негизи эле алсыздар ушундай болот. Жинин бироодон чыгарып. Эгер ошол эженин ордунда бир курсуйгон жигит: "Жигит,колунду ал! Кокус люк тушуп кетип колунду кыпчып кетпесин" деп айтса,кайра куйругун кыпчып,шыйпандап коркконунан жини тарап,жасалма жылмайып,ал тургай рахмат айтып иймек. Ушул эле созду же башка улуттун адамы айтса ага да корсулдай алмак эмес! 100 % кепилдик берем! Мындай наадандар алсыздарга, аялдарга кана кыйын! Ошол жерде мен болгондо "ой эже кыжаалат болбойле койунуз,кол аныкы экен. Кыпчылса анын колу кыпчылат. Маа демектен башка жери да кыпчылып калса кана! деп жооп узатып коймокмун! Анан эр болсо мага асылып жата берсин!
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#9 10 June 2013 - 14:40
как всегда беш кол тен эмес...буга себеп тарбия, азыр ата энеси башка жакта болуп жаштар озу каалагандай тарбия алып калышты...ошого ушундай корунуштор болуп атат..
Журоктор ыйманга толсун.
#10 10 June 2013 - 15:21
Мен деле жашмын. Айрыкча коомдук унаага тушуп калсан бардактын баары ошол жерде. Капчык уурусу, масы, соосу, догурунган аялдар, айрыкча орус кемпирлер, олдоксон айдоочу, телефон менен тынымсыз суйлошуп жинге тийген жургунчу... Айтор, ушунчалык маданиятсыздыкка кээде кейип кетем. Бир жолу оронгон жапжаш калп айтпасам 15ке чыга элек эки кыз чыкты маршруткага.
Манас аэропортуна бараттык эле, жолдон улуу эки аял чыкса тиги экоо тетири карап орун бошотуп бербейт, мен ансыз деле туруп бараттым эле. Ар кимиси айтып корду, ыйман жолундабыз деп жоолук салынгансынар да кыздарым, озунордон улууларга орун бошотуп бергенди уйрогуло"
деп айтып деле корушту, жок, тылтыйып турбай коюшту. Анан уялганынан бир киши орун бошотуп берди. Орун бошотпосо мейли, бриок "жоолукка алсыбагыла"
деп тирмелендегенине тан калып, кыжырланып кала бердим
#11 10 June 2013 - 15:56
Ушундай тарбиясыз жаштардын бар экени абдан өкүндүрөт.Мен да көп байкайм аялдарга же кыздарга корсулдаган жаштарды.Эми ошол эжени энесинин ордуна коюп көрбөйбү десек,андайлар ата энесине деле ошондой мамиле кылат.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#12 10 June 2013 - 16:57
Ээ, байке... Кээде акылды эмес муштумду да ишке салчуу учур келет эмеспи. Элге озунун сапатын корсоткусу келген адамды жакшынакай рекламалап коюу керек болчуу маршрутканын ичинде эле.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#13 10 June 2013 - 21:15
#14 11 June 2013 - 00:22
Колу кесилгенде,
корот эл да корондогонду.
Бироо келип байкабай жаап алганда.
#15 11 June 2013 - 00:28
Улууларды угуп койсо болмок экен,маанайы жок болгон убагында деле.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#16 11 June 2013 - 01:05
Эн окунучтуусу жаштардын бузулуп бараткандыгында,
мындай корунуштор коп кайталанууда,
айла жок, коруп турсан да эчтеме дей албайсын, бирдеме десен кайра беш жооп келет, ичтен ойлонуп, окунуп эле кала бермей
#17 11 June 2013 - 01:15
Адамгерчилиги жок болсо ошол да.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#18 11 June 2013 - 08:44
...Негизи эле алсыздар ушундай болот. Жинин бироодон чыгарып.
Эң туура баамдоо! Толугу менен кошулам.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#19 11 June 2013 - 21:10
Башка жер, башка шарт болсо - башкача түшүндүрмөкмүн.
Элдин көзүнчө чоң эле жигиттин шагын сындырбайын деп, мен да унчукпай отуруп калдым.
Бул боюнча силердин пикириңер кандай?
Бул боюнча силердин пикириңер кандай?
Ооба, жашоого кайдыгер карай албагандан сон андайга конул бурбай коё албайбыз. Бирок, "Эки адам урушса акылдуусу айыптуу" деп жон жерден айтылбаганын сиз да эске алыптырсыз.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#20 12 June 2013 - 03:09
Азыркылар акылдуу эч кимди укпай калышкан, алардын оюнда " баарын жаштар билет, кыйын, өздөрү чече алат". Жигит люк жабылгыча жетишетда колун тартып алганга ошондой ойлогон го баатыр болуп. Кайра сүйүнсө болот "мага боору ооруп, мени ойлоп жатат" деп. Жакшылыкты да билгенге кыл деп бекер айтышпаган да.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео






















