Баяман Эркинбаев, Рыспек Акматбаев, "чёрныйлар" тууралуу Алга Кыргыз
#41 17 Август 2015 - 19:45
Өзбекпи же кыргызбы деп эмгиче билалбайм. Аңгыча "Ташкент, 3-кабина" деп чакырып калды эле, ал шарт барып кирип кетти. Өлгөн экем, өзбек турбайбы деп анык корко баштадым. Анан калса өзбек жигиттери көбүнчө ак көйнөк, ак шым, ак туфли кийип жүрүшчүле, ал да куду ошондой кийинип алыптыр. Акыры мен да Фрунзе менен сүйлөшүп бүтүп эми тезирээк кетип калайын деп шашып чыгып баратсам алиги жашынып турган экен, мени шап кармап калды. "Чоң кыз, таанышып алалы" деди. Мен ошондо андан жакшылыкча сүйлөшүп кутулбасам кутула албаганымды сездим. "Атым Чолпон" десем, "Оо, көктөгү жылдыз турбайсыңбы" деп мени жалжылдап тиктегени эмгиче жадымда. Анан ал мага ар кайсыны сүйлөп, орой угулган анекдотторду кошуп ийип, айтор жакындай баштады. Мен эмне, ал кезде Москвада окуган жапжаш кызмын, ал жактагыдай модаланып кийинип алгам. Балким ал менин кийимиме карап, ушундай жеңил мамиле кылып атабы деп коем. Анан да "Арсланбапка барып эс алып келбейлиби? " деп коет. Мындай орой мамилесине ичим бышып, ошол бир сааттай убакыт мага бир жылдай сезилип кетти.
Айтор сөздөрүнө, кыймыл аракетине таңгалып оозум ачылды. Акыры "Баяман аке, мен кете берейинчи" десем, "сен эмне жиндисиңби, жалгыз бассаң өзбектер салып кетет" деди дагы, үйүмө жеткирип койду. Аны менен эле бүтсө кана. Ошол күнү телефондор иштеп калган экен, түнкү саат 12де телефон шыңгырады. Алсам, жанагыл үн. Көрсө биздин үйдүн жанында агаларынан жашачу экен. Ошолордон сурап билип алыптыр. "Кандайсың, кеч болуп калды, кечирип кой" деген да жок, "эртең дагы жолугабыз! " дейт. Коркконуман эртеси Араванга ата-энем менен кетип калдым. Ошо менен Баяманды көргөн жокмун. Москвага кеттим. 5-курсту аяктап келип Ошко ЗАГСка жумушка орноштум. Жаңы орношуп аткан күндөрдүн биринде Асел деген курбум экөөбүз балмуздак жей турган барчикке кирип калдык. Отурсак эле ким келатат дебейсиңби, эңгезердей үч бала жанында баягы Баяман..."
#42 17 Август 2015 - 20:17
#43 17 Август 2015 - 20:28
Эскербей турган эр беле, Эркинбаев Баямандын көз жумганына бир жылдан өтүптүр. 38 жашка чыккыча үч жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп, Алыш күрөшүн дүйнөгө тааныта алыптыр. Кайран жигит, Дооронбек аке айткандай 60 саясатчы бириксе да кыргызга анчалык айбат боло албаганын айт. Устаты Малик айтчу тура: "Сен Акаевден кууй турган кунуң деле жок, тескерисинче, ошол падышанын тушунда жылдызың жанды... ал сен үчүн ак жолтой пааша болуп берди" деп. Бирок өзү билдиргендей "эл айтып атса эмнеге отурам" деп багытсыз ыңкылапты көздөй билек түрүп берилип алганы... 2005-жылдын 24-марты келиши менен Баямандан биротоло бакыт тайыган. Ал анысын "Тыякта Акүй алынып атса, революциянын башкы каарманы бул жакта эмне кылып жүрөт?" деген "муздак" ойдон кийин бир билген. Бирок ал "улуу тапшырма" боюнча ыңкылаптын эң талуу майданын башкарып жүрбөдү беле. Анан шашып Бишкекке келсе хан сарайдын эшиктери жабылып, бекемдеп сакчы коюлуп калган эле... Түштүк болсо ыңкылаптын урматына парад даярдап, "Баямандап" ураан салып күтүп турган.
Ошо менен устаранын мизинде оодарылган дүнүйө болуп, оомат деген омураң калгыр бирине айкүр, бирине бөк конуп турду. Анан эле президенттик шайлоо жарыя айтылып кетти. Түшүнүп, түшүнбөгөн тирешүүлөр башталды. Арадан үч ай өтпөй акыры Баямандын эң кирешелүү базарын тартып алышты. Бул "сен таман алдындасың" деген эң биринчи белги болчу. Анан эле Баямандын бир тууган жээни, жакындай көргөн эң жакын жан сакчысы Чомоев Жылдызбек табышмактуу өлүмгө туш болду. Жылдызбектин денеси дамбырадай шишип өзүнүн үйүндө жаткан жерге Баямандын биртуугандары жана изкубарлар кошо барышкан. Денесинде бир дагы бычактын же октун изи болгон эмес. Бир туугандарынын айтымында, денеси, кийим-кечеси алардын көзүнчө текшерилген менен моргго барган жерден чөнтөгүнөн беш сомдукка оролгон наркозатты таап чыгышкан. Анан Баяманга мурдуна атып дагы бир жолу "маданияттуу" түшүндүрүштү. "Туратали" базарынын башчысы болгон Абдалим Жунусов өлтүрүлүп, ага күнөөлүү болуп Б.Эркинбаев чыга келди. Бирок Жунусовдун туугандары Абдалимдин өлүмүн Баямандан көрбөгөнүн кеп кылышат.
Акыры 2005-жылы 21-сентябрь күнү Б.Эркинбаевдин өзүн атып тынышты. Ал өлүмгө байланышкан сот дээрлик 8 айга созулуп, жыйынтыгында Рузиметов менен Батыров канкорлор аталып, экөө тең өлүм жазасына буйрулду. Кызыгы, Баямандын бүлөсү жана туугандары бүгүн соттун бул өкүмүнө макул эмес. Алар өлүмдүн бети али ачыла элек экендигин айтышат. Адам баласы акыры ажалга да көнөт, моюн сунат. Бирок адилеттик издеген жүрөктүн түрсүлү эч качан токтобойт көрүнөт. Анткени, баланын, биртуугандын, жесирдин ыйы ошондой.
Дооронбек Садырбаев, ЖК депутаты:
- Баяман 30га чыкпай эле ЖКга депутат болду. Ойлоп көрсөм жапжаш эле бала экен. Ак жүрөктүгү ушул, мага келип "аке, саясатта акыл үйрөтө жүрүң, каерде кандай жүрүп, кандай сүйлөштү айта жүрүңүз" дээр эле. Мага арткан ошол ишенимин актагандай болдум. Эми эмне дейин, Баяман өзгөчө Түштүк кыргыздар үчүн сүр болчу. Айбат болчу. Бүгүнкү замандын шер уулу эле. Эми андай сүрдөн айрылып калдык. Муну эч ким жашыра албайт. Ачуу болсо да айтайын: Баяман өлгөндөн кийин түштүктүн канча үйүндө аш басылып, майрам болду... Маселен, түштүктөн чыккан саясатчылардан: Өмүрбек бар, Исхак бар, Адахан бар, Азимбек бар, чалдардан мен бармын. Биз ушулар саясаттын көп кемтигин толуктап тураарбыз. Бирок, бирибиз дагы кыргыз эли үчүн Баяманчалык, бейиши болгур Рысбекчелик айбат болуп бералбайбыз. Баяман балбан эле эмес, баатыр болчу. Эми да тарыхта XXI кылымдагы түштүк кыргыздардан чыккан баатыр аталып кала берет. Ачык айтканда Бакиевди бийликке Баяман алып келген. Кантип элди көтөрүп, элди кантип бакканы биздин көз алдыбызда өтпөдүбү, анан кантип аны унутабыз. Акыркы күндөрү мен бир жамандык болоорун сезип: "сен жок дегенде 10 күнгө чет элге кете турчу, сен мага керексиң, кыргызга керексиң" десем, "сиз кызык адамсыз, бийлик менин жан жигиттеримди, биртууган жээнимди камап койду, аларды таштап кантип басып кетем!" деп туруп алды. Анан эле жайлап кетишпедиби...
#44 17 Август 2015 - 20:30
- 2005-жылы март окуясынан көп өтпөй мага Баяман телефон чалды. Экөөбүз биздин үйдүн жанындагы, № 5 мектептин аянтчасынан жолугушуп, 40 мүнөтчө сүйлөштүк. Ал "Абдыганы аке, мен президенттикке ат салышкан атам, сиз идеологиялык иштеримди башкарып бериңиз, мен өзүмө ишенип турам, акчам жетиштүү..." деди. Мен ошол замат Баямандын сунушуна эмес, президенттикке барам дегенине каршы болдум. Эмне дегенде, ошол кездеги кырдаал бөлөкчө болчу, болгондо да салмагы арта түшкөн Баяман жөнүндө ар түркүн каңшаарлар болуп аткан. Экинчиден, "Баяман азыр сага эртелик кылат, кое турушуң керек, мезгили келет" дегем. Анан көп өтпөй эле мурдуна атып кетишти. Ошондо да пресс-конференциясына барып катышкам. Үчүнчү ирет ал депутаттыгын майлап чакырганда барып сүйлөштүк. Ошол жерден да ал президенттикке барарын жарыя айтты. Келген депутаттардан кетип атышып он чактысы эле калган. Анда да "сага берээр кеңешим ушул - азыр шайлоого барба" деп сөзүмдү кайталадым. Эми бүгүн минтип Баяман арабызда жок. Эрте кеткенине өкүнөм. Бул өлүм кримчатактын эмес, саясый өңүттөн келип чыккан нерсе. Ф.Куловдун "күнөөлүүнү билем" деп туруп эмгиче айтпай коюшу абдан чеки иш болгон.
Алярбек Абжалиев, ЖК депутаты:
- Баяман экөөбүз 9-класста бирге окуп, ошондон бери дос болуп калганбыз. Кийин Жогорку окуу жайын бүтүп келгенден кийин ал бат эле депутат болуп кетти. Же колдой турган чоң кызматтарда иштеген туугандары деле жок эле. Чынын айтканда, Баяман саясатка аралашкан кезде биз депутаттык эмне экени оюбузга да келбей жүргөн кез. Турмушта ордун тез тапты. Анан да жигит пири ийнинен түшпөгөн шер эле. Өлүмү өтө өкүнүчтүү болду. Арга жок экен. Бүгүн эзелки досу катары үйбүлөсү менен байланышып, ал-ахыбалдарын сурап турам.
Динара Батырова, Айсалкын Эркинбаеванын кызы:
- 2005-жылдын 9-июнь күнү башында азыркы депутат Санжар Кыдыралиев, Канжар, Айдарлар турган миңге жакын киши Карасуу базарын келип басып алышкан. Алардын 300дөн ашыгы аялдар болчу. Ошол эле топ 13-июнь күнү тапанча, автоматтар менен куралданып барышып, "Алай" мейманканасына кол салышкан. Биз жалаң туугандар чогулуп алардан коргонгонбуз. Ошол коргонгон аракетибиз үчүн "ок чыгарды" деп менин күйөөмдү 14 жылга, биртууган иним Өмүрбекти бөтөлкө кармап, каршылык кылганы үчүн 4 жылга кесип жиберишти. Алар бүгүн Жалалабат түрмөсүндө жатышат. Сот болуп атканда да арак ичип алып тукурулуп келген аялдар бизди адвокаттарыбызга кошуп урушту. Адвокаттар ошол бойдон келбей коюшту. Ош облсоту Жолдош Алиев "ишиңерди бүткөрүп берем" деп 10 миң доллар сураган. Ал акчаны алып барып бердик. Бирок көп өтпөй эле ал суммадан 200 доллар алып калып, калганын бизге кайрып берди. "Силердин эч кандай күнөөңөр деле жок, бирок мен Үсөн Сыдыковдун берген буйругун аткарып жатам. Эми эч жардам бералбайм" деди. Бүгүн Баямандын жанында жүргөн тууган-урук, сакчыларынын он экиси түрмөдө отурушат. Алардын экөө кысым башталганда эле качып кетишкен. Бүгүн эмне кылып, кайда жүргөнүн билбейбиз. Бир адам көз жумду.
Анвар Артыков:
- Баяман Эркинбаев эки нерсенин курмандыгы болду. Бири саясый оюндун, аны акыркы кадамдары үчүн жазалаш керек болгон. Экинчиден, мүлкүн тартып алуу жолу менен сындырмакчы болушкан. Ошо менен Карасуу базарын алып тынышты. Муну ким уюштурган? Аны ачык айтып коеюн, президенттин биртууган иниси Жаныш Бакиев уюштурган. Мен ал кезде Ошто губернатор элем, базар чатагына кийлигишейин десем мени жолотпой коюшкан. Ал базарды элдик кылып, элге өткөзөбүз деген менен андай болгон жок, бир кишинин колунан эле экинчи колго өттү. Бүгүн болсо Баямандын көзү жок. Анын өлүмү боюнча соту да адилет болгон жок. Соттор мурдагыдай эле акүйдүн буйругун кыңк этпей аткарып келишет.
#45 17 Август 2015 - 20:48
Рысбек Акматбаев 1960-жылы 6-июлда Ысыккөлдүн Чолпоната шаарында төрөлгөн. Советтик Армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктагандан соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинет. Ал эми 1988-жылы рэкетчилик менен алектенди деген айып тагылып камакка алынат. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышат.
Анын эркиндикке чыгышы Кыргызстандын эгемендик алган мезгилине төп келет. 90-жылдардын башында ал өз командасын топтоп, ошол учурдагы башка адамдар сыяктуу бизнес тармагын өздөштүрө баштайт. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-96-жылдары туулуп-өскөн Чолпоната шаарына шаардын негиздөөчүсү болгон Чолпон Атанын эстелигин орноттурат. Ошол кездерде анын ийгиликтүү бизнесине мурдагы ажобуздун баласы көз арта баштаганы тууралуу жана Рысбектин ага моюн сунбай жатканы тууралуу имиштер айтыла баштайт. Көп өтпөй Рысбек кайрадан укук коргоо органдарынын "каарына калат". 2001-жылы уюшулган кылмыш тобун түздү деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана 2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбектин мойнуна илинет.
Былтыркы март окуясынан кийин бийлик алмашып, акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен башкы прокуратурага кайрылат. Ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыгат. Ушул жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетишет. Бирок, депутаттык мандатты алалек жатып, 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза табат.
Рысбек Акматбаевдин өмүрүнө буга чейин эки ирет кол салуу уюштурулуп, бирок, аман калган эле. 1996-жылы каршылаштары аны гранатомёттун жардамы менен жок кылууга аракет жасашса, төрт жыл илгери автомат менен аткылашкан. Бирок, ичээр суусу бүтпөгөндүктөн, мөндүрдөй жааган октун ичинен да аман чыккан болчу.
Мындан бир жыл мурун анын бүтүрүүчү класста окуган уулу белгисиз себептерден улам каза болгон. Анын денеси асынып турган жеринен табылган. Ал эми жарым жыл мурун бир тууган иниси депутат Тынычбек Акматбаев колониядагы иш сапарынын үстүндө кылмышкерлер тарабынан өлүмгө кириптер болгон...
#48 19 Август 2015 - 11:41
brother
#49 21 Август 2015 - 00:49
sister (19 Август 2015 - 11:41) жазган:
Жанылышып жатас Рыспек чыныгы патриот болгон. Рыспек колдун кожойуну деп аталчу экен.Ал биринчи эле шайлоодо 80℅ добуш менен откон. Эгер ал жаман болгондо элдер аны шайлашмак эмесда. Баяман болсо 96℅ менен откон. Ушул убакка чейин эч ким мындай корсоткуч менен откон эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Adilet94: 21 Август 2015 - 00:52
#50 21 Август 2015 - 09:12
Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 21 Август 2015 - 09:14
#51 21 Август 2015 - 09:55
Ар бир инсан бул дуйнодогу кылыктары учун жооп берет. Сурак болот, ошону ойлонолу...
Билдирүүнү түзөткөн: Nadya_90: 21 Август 2015 - 09:56
#52 21 Август 2015 - 10:13
#53 21 Август 2015 - 12:52
#54 21 Август 2015 - 23:43
Nadya_90 (21 Август 2015 - 09:55) жазган:
Ар бир инсан бул дуйнодогу кылыктары учун жооп берет. Сурак болот, ошону ойлонолу...
Ким айты буларды чёрный деп. Булардын куноосуз адамды олтургону жонундо далилиниз барбы? Билбей туруп эле акылдуу болуп жаза бербегилечи. Сиз ушул эки адам тууралу жакшы билгенинизде мындай создорду айтпайт элениз. Ушул эки адам болгондо Ош окуясы болбойт эле. Андагы озбектердин кылыктарын корсонуз, алардан кордук коргон адамдардын ыйлап айтып бергендерин уканынызда эч качан кечире албайт элениз. Кыргыз болуп туруп улутунуз учун куйбогонунузго мен тан калышым керек. Алар Кыргызстанда туулуп, осупда оз жерин мактабайт. Ушундай олкодо эркин жашап турупда, озбекстанды мактайт. Интернете Кыргызстандык эле озбектер бизди жамандап жазышат. Ушундай адамдарды жакшы деп айта аласызбы? Булар бизге эч качан дос боло албайт. Алардын баарын жаман дебейм. Бирок копчулугу аябай жаман болушат.
Билдирүүнү түзөткөн: Adilet94: 21 Август 2015 - 23:59
#55 22 Август 2015 - 00:15
ayildik_kiz (21 Август 2015 - 09:12) жазган:
Алар кымбат машина минип бай жашаса мейли. Аларда оз мээнетери менен таап жатат. Бирок кооп алып кыргыздарды тоготпой, кыйынсынганы каныны кайнатат. Оюмча Баямандын ишин уланта турган адам жок азыр. Оздорун ойлогон рекетер эле болбосо. Баяман олгондон кийин балдары тарап кеткен экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Adilet94: 22 Август 2015 - 00:18
#57 23 Август 2015 - 16:16
#59 03 Сентябрь 2015 - 15:37
#60 03 Сентябрь 2015 - 15:49