Тамак үчүн күйөөсүн жиликтеген келин
#1 18 August 2015 - 17:26
Бишкек шаарында таштанды таштоочу челектин ичинен эркек адамдын дене мүчөлөрү табылды
Бишкек шаарында таштанды таштоочу челектин ичинен эркек адамдын дене мүчөлөрү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эркек адамдын кесилген колдору жана буттары кечээ, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ишти иликтөө үчүн мыкты кызматкерлер тартылды.
http://www.super.kg/ kabar/news/121246/
#2 18 August 2015 - 17:27
Бишкектеги Фучик эс алуу багынан адамдын башы табылды
Бишкектеги Фучик эс алуу багынан адамдын кесилген башы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми кечээ, 15-август күнү Фучик эс алуу багынан белгисиз адамдын башы табылды. Азырынча табылган дене мүчөлөр Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган тургунуна таандык экени айтылууда.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн мыкты кызматкерлер тартылганын билдирген.
http://www.super.kg/ kabar/news/121270/
#3 18 August 2015 - 17:29
Бишкекте өлтүрүлүп, жиликтенген жаран менен аялынын ортосунда жасалган тамактан улам чыр чыккан
Бишкекте өлтүрүлүп, жиликтенген жаран менен аялынын ортосунда жасалган тамактан улам чыр чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 12-август күнү кечинде болгон. Анда жумуштан келген күйөөсү аялынын жасаган тамагын жактырбай, ортодо уруш чыккан. Ачуусу келген аялы күйөөсүн бычак менен сайып салган. Анан эмне кыларын билбей, кылмышты жашыруу үчүн жансыз денени бир канча бөлүккө бөлүп, шаардын ар кайсы бөлүгүнө такси менен алып барып таштаган.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү менен маркум 4 жыл бирге жашашкан. Алардын 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Аялы кылмышты өзү жасаган. Шектүү 2013-жылы Медициналык академияны бүтүргөн. Буга чейин күйөөсү бир нече жолу аялына кол көтөргөнү айтылды. Ал эми маркум, 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган ишкананы башкарчу. Ал бир канча жыл Англияда жана Кытайда иштеп келген.
Учурда кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми кийинки күнү адамдын башы Фучик көчөсүнөн, дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган.
http://www.super.kg/ kabar/news/121393/
#4 18 August 2015 - 17:31
Бул кызды ким ойлойптур күйөөсүн минтип өлтүрөт деп, кебетесинен андай мыкаачы деп деле ойлобойт экенсиң.
Медицина академиясын бүткөн экен, өлүктөн деле коркпосо керек.
Кантип күйөөсүнө алы жетти? Мени ушул суроо ойлондуруп жатат. Тамак үчүн урушканы айтылыптыр, бирок тамак үчүн ушуга барууга мүмкүн эмес го?
Силер кандай ойлойсуңар?
Медицина академиясын бүткөн экен, өлүктөн деле коркпосо керек.
Кантип күйөөсүнө алы жетти? Мени ушул суроо ойлондуруп жатат. Тамак үчүн урушканы айтылыптыр, бирок тамак үчүн ушуга барууга мүмкүн эмес го?
Силер кандай ойлойсуңар?
#6 18 August 2015 - 17:39
#7 18 August 2015 - 17:40
Мен бул жанылыка ишенип-ишенбей турам. Бул келин озу жалгыз мындай кадамга бара албаса керек? Учунчу куч да болушу мумкун. Же,оорулу келин.
#8 18 August 2015 - 17:44
Тема уй-було болумуно жылдырылды!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 18 August 2015 - 17:44
Бир Кудай билет.Мумкун чынеле коркутуп мойнуна алдыргандыр.
Мумкун чын эле оз колу мн жасагандыр.
Бир озу жалгыз жансыз жаткан денени чон курч бычак мн 2,4 кундун ичинде жонеле жиликтеп салатда.Болгондода Мед айым экен.Мумкун жанында башка жардамчылары дагы болгондур.Уруштун себеби тамакта эмес башкададыр.
Ай ким билет , ким билет.Баарыбызга Ыйман ынсап берсин Кудайым
#10 18 August 2015 - 17:54
Оо жараткан деги заман кайда баратат?.... Тообо кылдым. Кудай сакта.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#11 18 August 2015 - 17:58
tooba kyldyym |Kudaidan korkpogon kandai neme
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#13 18 August 2015 - 18:06
Куйосуно кантип алы жетти депсинер.Бычак мн бирди сайса анысы жатып калатда .Анан кылчусун кылгандыр жилектеп.Ошончо кун жиликтептир уйундо эчким жок бекен эле алардан башка.мына ушунусу тан калычтуу болуп жатат.Бул айымдын колунан келчу эмнстей эле сезилип жатат.Ошондой эле болуп калсакен.
#14 18 August 2015 - 18:28
Заманын менен куурап кал!
Эми эки баланын тагдыры эмне болот?
Куйоосу бир иш кананын директору экен....токтука шоктук деп ушуну айт....
Тынч эле жашай бербейби нары, болбогон нерсеге урушпай!
Мыкаачы аял,озун жашоосун да талкалаптыр да!
Тообо тан калаарлык окуялар кобойдуго... .
Кандай соз айтаарымды да билбей калдым....
#15 18 August 2015 - 18:32
Ушундай жаман окуялардын баарына батыштын аты жаман кинолорунун таасири чон деп ойлойм.....
#16 18 August 2015 - 19:09
Тамагын мындай экен деп аялыма айткандан коркуп калдым. ))))))))))))))))
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#17 18 August 2015 - 19:10
Так что эркеки абайлагыла койнунда жаткан адам ким экенин билбейсинер.
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#19 18 August 2015 - 19:42
Эмне эле болуп баратабыз Кудайым баарыбызга ЫЙМАН берсин эмне дешти да билбей турам
#20 18 August 2015 - 19:52
Адамдарга ынсап берсин да, аял киши эркек кишиге, караганда алсыз болотго. АЯЛ озу кылалбайт,буга бироо жардам берген.Бир кудайым билет,биз анын жанында болбогондон кийин,бир нерсе деш кыйын.
[color="blue"]Салам[\
blue]

Супер-Инфо
super.kg
видео

















