Бийиктикке карай бет алуу
Даркан айлынан чыккан жүргүнчүлөр,
шаарды көздөй бара жатты. Автобустун ичи өтө деле толтура эмес болчу. Көбүнчө жаштар болгондуктан автобустун арт жагына отуруп алышып ырдап бара жатышты. Мен ырга бирде кошулсам бирде кошулбай, терезеден ар түрдү өсүмдүктөр айдалган талааларды карап, ойго батып бара жаттым. Оюма жалгыз бой ата-энем түшүп карындаштарым менен кантип оокат кылышаар экен, деп талаада жүргөн машина-тракторлорду,
жайылган малды, эмгектенип жүрүшкөн элдерди көргөн сайын зээним кейип жатты. Энем Жүзүмкан оорукчан болуп оор жумушка жарабай калган. Жамалбүбү, Вера (Бөдөнө) эжемдер өз түйшүктөрү менен алек болуп анда-санда гана катташчу. Жамалбүбү эжем эки балалуу болгон. Кайын энеси быйыл жазында каза болуп, ата-энем көз көрсөтүп барып келишкен. Күйөөсү Бекболот жездем өтө жоош болгондуктан түйшүктүн көбүн өзү тартып, эжем күйүкчөөл болуп калган эле. Өткөндө Жамал эжем жөнүндө энем кейип, убагында чыгарып алсак болмок экен, Жамал күйүкчөөл болуп калыптыр. Жумуштун баарын өзү жасайт экен. Күйөөсү абдан жоош болуп, колунан деле эч нерсе келчүдөй эмес. Улуу баласы Жыргалдын ден соолугу оң эмес окшойт, үч төрткө чыкканча сийем, чычам дебейт экен,-деп айтканын өз кулагым менен уккан элем. Бөдөнө эжем өз атынан уялып атын Вера деп котортуп алган. Вера эжем былтыр жазында Караколдон бир жылдык сатуучулардын мектебин бүткөндөн кийин, өзүбүздүн айлыбызга күйөөгө чыккан. Аны да Жамал эжем сыяктуу ала качып кетишти. Жездем Турусбек колхоздо машина, трактор айдап, кесиби механизатор экен. Атасы Качы колхоздун кампасында корукчу болчу. Карындашы Гүлшайыр мени менен классташ эле. Жакында эле өзүбүздүн айылга күйөөгө чыккан. Турусбек жездемдин төрт эркек, үч кыз бир тууганы бар экен. Агасы Жолоочу, эки иниси, Зарыпбек, Ырыс деген карындаштарынын аттары Гүлшайыр, Гүлбайра, Сайра экен. Аларды үйдөгүлөр жолун ачып күзүндө чакырып алабыз деп жатышкан. Азырынча катташа элек. Конокказы абам өткөн күздө ноябрда армияга кеткен. Ал Кавказдагы Майкоп шаарында авиамектептин полкунда кызмат өтөп жаткан. Эми минтип өзүм да ата-энемди, бир-туугандарымды таштап окуйм деп кетип бара жатканыма бушайман болуп, бир чети окууга тапшырбай эле кайра кайрылып, үйүмө кетким келсе, бир чети классташтарыма Медерканга ушул окууга тапшырмай болдум, деп койуп кайра кеткенден намыстанып жаттым. Анын үстүнө ата энем болгон акчаларын берип, акыл насааттарын айтып, ак жол каалап, кечээ эле узатышса, кантип кайра барам, эмне деп айтам аларга силерди аяп окууга тапшырбай келдим деймби, жок антүүгө болбойт. Кээ бир түшүнбөгөндөр окуудан кулап кайра келиптир дебейби. Эптеп окууга өтүшүм керек деп кайра чыйралып жаттым. Окуумду бүткөнчө эптеп чыдашса кийин аларды өзүм багып алам деген чечимге келип, ырдап жаткандарга кошулуп ырдай баштадым. Каракол шаарына жеткенде Светлыймыска баруучу автобуска барып отурдук. Облустун борборунан ал жерге чейин Караколдон Дарканчалык аралыкта экен. Аны билген себебим Даркандан Караколго чейин жол кирени сексен тыйын төлөсөк, Караколдон Светлыймыска чейин да сексен тыйын төлөдүк. Автобустагы жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү техникумда окуган студенттер менен жаңы окууга тапшырып жаткан абитуриенттер эле. Студенттер абитуриенттерден айырмаланып турушат. Студенттер чоң сүйлөп, кайсы жерденсиң, кайсы факультетке тапшырасың дешип кекете сүйлөшүп, ары тур бери тур, дешип чоңсунуп жатышты. Жаңы бараткандар болсо суроолорго жооп берип, маанайлары жапыз эле. Студенттер жаңы бараткандардын кээ бирлеринен ачык эле акча сурашып, ичип алгандары буулугуп опузалап жатышты. Биз беш алтообуз чогуу туруп алганбыз, бизден акча сурай алышкан жок. Бирок кекетип, мокотуп орой мамиле жасап тийишип жатышты. Автобус бешим ченде чоң жолдон бурулуп Светлыймыска кетчү жолго түштү. Светлыймысты жөн эле монастр деп да коюшат. Ал жерге чейин чоң жолдон эки үч километрдей аралык. Жолдун эки четинде бийик өскөн бак дарактардан көлөкө болуп, автобустун ичи салкындай түштү. Автобус үч төрт этаж үйлөрдү аралап барып, ашкана, дүкөндөрдүн жанына токтоду. Биз автобустан түшөөрүбүз менен топтошуп турган беш алты бала;-Эй достор бери келгиле-деп буйрук ирээтинде чакырып калды. Биз жандарына барсак,-баскыла бул жака дешип далдаага ээрчитип барышты. Узун бойлуу, кара немеси; -Кана достор акчаларыңарды бизди убара кылбай өзүңөр бересиңерби,
же өзүбүз алалыкпы-дешкенде мен мындай зордука чыдабай кетип;-Эмнеге акча беребиз-деп жиберсем, жаака чаап жиберди. Мен обдулуп кол кайтарсамбы десем тигилер бизден чоң болушкандыктан алыбыз жетчү түрүбүз жок. Боз ала болуп ысып күйүп чыккан, жаагымды сыйпалап туруп калдым. Жанымдагы балдарды карасам, коркуп бүжүрөп калышыптыр.
Тиги балдар жанымдагылардан беш он сомдон жыйнап алышты. Мен таяк жеп ызаланып калганыма, боорлору ооруштубу, менден акча алышкан жок. Ал балдар кетишкенден кийин жаңы келгендерди спорт залга жаткырат экен деп угуп сураштырып,
спорт залды таптык. Спорт залга толтура кроваттар орнотулган экен. Биз төр жагына барып өзүбүзгө орун ээлеп катталып жууркан төшөк алып аларды ирээттеп койдук. Спорт залдын ичи ызы чуу болуп бирөөлөрү киришсе бирөөлөрү чыгышып дагы бирөөлөрү ар кайсы фамилияларды кыйкырып бири-бирин издешип, опур топур болуп жатты. Спорт залдын ичинде жыйырма отуздай эле кроват, жууркан, төшөгү жок бош болчу. Калганынын барын мурда келгендер ээлеп алышыптыр. Кирүү экзамендер башталаарына болгону үч күн калган. Биз документтерибизди күн кеч болуп кеткендиктен эртеси күнү тапшырмай болдук. Кечке чейин ал жерден дагы жаңы тапшырган беш балага жолуктук. Алардан бул жердин сырын сурап билсек, мурда окуп жаткан студент балдар жаңы келген абитуриенттерди тоноп алышаарын айтышты. Ошондуктан жалгыз жарым жүрбөй чогулуп жүрмөй болуп сүйлөшүп алдык. Тамакка барсак да, ал тургай туалетке барсак да, чогу барып турдук. Башка балдардан мунумду тигинимди алдырып жибердим же таяк жедим деп арыздангандарын угуп жаттык. Эртеси эрте туруп, мурда докменттерин тапшырышкан балдардан төшөнчүлөрүбүздү чемодандарыбызды кайтартып койуп, документтерибизди тапшырганы жөнөдүк. Башкы окуу корпусу үч этаж экен. Биз эшиктен киргенде эле анын чоңдугуна жана кооздугуна таң калдык. Айылдагы мектебибиз бир этаж болуп залдары ичке болгондуктан,
мындай залда ар түркүн сүрөттөр илинип, атайын идиштерге чоң чоң гүлдөр өсүп тургандыктан,
анда Ленинградтын эрмитажына киргендей болдук. Жерге салынган килем дорожкалардын үстүнөн аяр басып, көп арылап өтө албай, анын үстүнө кайсы эшике кирээрибизди билбегендиктен туруп калдык. Арабыздагы мурда документтерин тапшырышкан балдар жүргүлө деп бизди ээрчитип жол башташты. Алар кооз жазы тепкич аркылуу өйдө чыга башташканда,
биз да алардын артынан ээрчип бастык. Үстүнкү этажга чыга бергенде чоң тамгалар менен «Кош келиңиздер Абитуриенттер» деп эшиктин башында жазылып туруптур. Мурун минтип, этажга чыгып көрбөгөн жаныбыз, жаңы сырдалган полдун үстүндөгү килем дорожка менен бутубузду толук жерге койгондон ичиркенип, буттун учу менен табыш чыгарбай басып бара жаттык. Биз экинчи этажга чыкканда да ылдыйкы этаждагыдай эле чоң идишке чоң гүл өстүрүлүп коюлуптур. Мындайды биринчи көрүп жаткандыктан,
таңданып карап калдык. Баштап бараткан балдар «Кабыл алуу комиссиясы» деген жазуусу бар эшике киришкенде,
биз арттарынан кошо кирдик. Ал бөлмөнүн ичи да өтө чоң экен; узун столдордун артында беш алты аял, эркектер отурушкан экен. Биздин саламыбызга кичи пейил сыпаа алик алышты. Биздин окууга тапшырганы келгендиктерибизди билишкенден кийин, узун бойлуу кара тору, арыкчырай, сулуусумак кыз бизге; -Балдар бул техникумда үч факультет бар, алар; агрономдук,
зоотехниктик,
ветеринардык.
Ким кайсы бөлүмүнө тапшыргысы келсе столдордун үстүндөгү жазуулар боюнча тандап алган факультетиңерге барып, документтериңерди тапшырсаңар болот- деди. Биз столдогу жазуулар боюнча өзүбүз тандап алган факультет жазылган столго барып турдук. Мен агрономдук факультет деп жазылган столдун жанына бардым. Ал столдо татынакай ак куба кыз отурган экен. Мага арыздын көчүрмөсүн берип, -Өз атыңды, фамилияңды жазып, калганын көчүрүп жаза бер, -деди. Мен арызды толтуруп, ага кошуп аттестатымды,
ден соолугум жөнүндөгү справканы, үч-төрт размериндеги төрт сүрөт, үй-бүлөө туурасындагы справка, митиркенин көчүрмөсүн,
жашаган жерим тууралуу справка бердим. Документтеримдин бардыгы туура болгондуктан,
эч тоскоолдуксуз кабыл алды. Ал жерден экзамен тапшыруу карточкасын берди. Мен биринчи экзаменди 1-августа химиядан ооз эки, экинчи экзамен 4-августа орус тилинен диктант жазмай болдум.Кээ бирлеринин документтери тура эмес болуп өткөрө албай калышты. Дархандан барган балдардын бардыгы документтерин тапшырышты.
Биз документтерди тапшырып сыртка чыккандан кийин ашканага жөнөдүк. Ашкананын ичи да абдан чоң экен. Анын ичинде отуздай стол, ар бир столдо төрттөн стул коюлган. Тамак бышырган жагы узун тосмо менен тосулуп коюлуптур, тамак ташуучу подностору узун темирден жасалган, текче аркылуу жылдырып каалаган тамактарды ага салып жүрүп отуруп, аягындагы кассага эсептетип алат экен. Кассанын жанындагы менюга ар бир тамактын баасы жазылып коюлуптур. Бул студенттик столовой болгондуктан,
тамактары абдан арзан. Биринчиси суюк шорпо төрт тыйын, экинчиси котлет менен гарнир жети тыйын, чай бир тыйын эки сынык нан эки тыйын, болгону он беш тыйынга абдан тоюп чыгууга болот. Биз тамагыбызды ичкенден кийин спорт залдагы жатаканабызга барып китептерибизди окуп, экзамендерге даярдана баштадык. Бирок спорт залдын ичи ызы-чуу болгондуктан,
окуганга ылайыгы жок эле. Ага карабай балдардын кээ бирөөлөрү жанталашып окуп жатышса, кээ бирөөлөрү жөн эле ары бери басып жүрүштү. Ал тургай кээ бирлери ичип келип алышып, окугандарга жолтоо болуп жатышты. Мен баш көтөрбөй химия, биология, ботаника китептерин окуп жаттым. Бул сабактарды мурда эле жакшы окуучумун, антсе да экзамендин сүрү катуу болгондуктан,
билбей калчудай болуп, өзүмө ишене албай жаттым. Конкурс катуу болуп, беш балага бир орун тура келет. Окууга өтүш үчүн сегиз бал алыш керек деп жатышты. Ал үчүн эки сабактан тең төрт алып же бир сабактан үч экинчисинен беш алыш керек болчу. Анын үстүнө балдардын арасында техникумга таанышы жоктор өтпөйт экен. Мунун таанышы бул экен, тигинин таанышы тигил экен, деген сөздөр жүрүп ого бетер коркутуп жатышкан. Мен китептерди окуп жатып үйдөгүлөрдү,
Медерканды,
классташтарды көз алдыма келтирип, аларга уят болбой өтүп кетсем экен деп кудайдан тилеп, тырышып окуп жаттым. Спорт залда күндүз ызы чуу болуп жатканына карабай кечке окуп, түнкүсүн кичине тынчыраак болгондуктан,
түндүн далайына чейин баш көтөрбөй окуп жаттым. Ошентип даярданып жатканда экзамен берчү күн да келип жетти.Биз эртең менен эрте туруп жуунуп кийинип, ашканадан тамак ичип алып, экзамен бергени тарап кеттик. Ал күнү спорт залга атайын дежурныйларды коюп, кайтартып коюшкандыктан,
оокаттарыбызды кайтарганы эч ким калган жок. Баарыбыз экзамен берчү жерде болдук. Онунчу классты бүтүрүп, агрономдук факултетке тапшырчу балдар жетимиштей экен. Алардын жыйырмасы өтөөрү белгилүү болду. Эшиктен тизме боюнча төрт бала кирсе, төртөө экзамен берип эшике чыгып турду. Эшиктин оозундагылар улам эшике чыккандарды тегеректеп суроолорду жаадырып, ичиндеги комиссиялар канчоо экен, эмнелерди сурап жатышат, сага кандай суроолор келди, кандай жооп бердиң, канча алдың,-деп сурап жатышты. Мен экзамендин сүрүнөн коркуп улам китебимди ача койуп окуп, бир орунга тура албай ары бери басып турдум. Ич жактан чыккандардын кээ бирлери өттүм деп жаркылдап кубанып чыгышса, кээ бирлери кабактары бүркөлүп жооп бере албай калдым дешип, ал эми кээ бирөөлөрү болсо эч нерсе айтышпастан,
түз эле кетип калып жатышты. Эшикте тургандардын арасында жалгыз эле жаштар болбостон, чоң кишилер да жүрүшкөн. Кээ бирөөлөрү ары бери чуркашып, бирөөлөргө сүйлөшүп жатышты.Мына менин да кезегим келди, фамилиям айтылып чакырылганда бүткөн боюмду түзөп экзаменге кирүүчүлөр менен эшиктен кирсем, төр жактагы узун столдо жети киши отурушуптур.
Алардын арасында үч аял калгандары эркектер экен. Алардын ичинен эки эркеги орустар болчу. Алардын каршысындагы столго төртөбүз барып отурдук. Жаңы кирген төртөбүзгө белет алгыла дешти. Биз бирден туруп барып белет алып номурун каттатып, кайра ордубузга отуруп, даярдана баштадык. Мурунку киргендер жооп берип жатышты. Мен №41-белетти алдым. Анда үч суроо бар экен, эки суроосун жакшы билип, бир суроосу бүдөмүк болуп жатты. Жанымдагылардан сурайын десем комиссиялар билип, калчудай болуп кыймылдай албай койдум. Эми эмне кылам өтпөй калат деген ушубу деп шаабайым сууй түштү. Жооп берип жаткан балдардын адеп чыкканы бат эле шатырата жооп берип, тез эле чыгып кеткен, андан кийинки чыкканы биринчи суроосунан эле анча мынча сүйлөп калган суроолоруна жооп бере албай калды. Аны комиссиянын арасынан бирөө жашы элүүлөргө барып калган толмочунан келген галстук значок тагынган салабаттуу киши токто гана, -Эмдиги жылы жакшылап даярданып кел -деп карточкасын алып чыгарып жиберди. Андан кийинки экөө да жакшы жооп бере алышкан жок. Үч алыштыбы же эки алып калыштыбы белгисиз болуп калды. Алар чыгышаары менен чогу кирген төртөөбүздү тигилердин ордуна жылдырып эшиктен жаңы кирген төртөөнү биздин ордубузга отургузушту.
Мени менен киргендерден бирөө жооп бергени чыкты. Анын жашы жыйырмалардан өтүп калган орус бала болчу. Ал чыкканда белеттин суроолоруна такалбай жооп берип жатты. Анын жообун укканда үмүтүмдү такыр эле үзүп койдум. Өзүмдү жоготуп толук билбегенден кийин көп жазгым да келбей койгом, ичимден жанакы баладай уят кылып тилдебей эле, жылма чыгарып жиберишсе экен деп тилеп жаттым. Орус балага беш коюшту окшойт. Ал чыгары менен жанымдагы бала чыкты. Ал биринчи экинчи суроого жооп берип, үчүнчү суроосун билбей калды. Кошумча суроо беришсе, ага да жооп бере албай калды. Ага үч койушту, аны көрүп, кичине үмүттөнө түштүм. Эми өзүмдүн фамилиям айтылганда ордумдан туруп, сүрдөп жатканымды билдирбөөгө аракет кылып, белеттин биринчи суроосуна жооп бере баштадым. Комиссияны карасам, мен жак четинде отурган жашы алтымыштарга барып калган толмочунан келген очки тагынган орус киши башын ийкегилеп түшүнүп жаткандай, кубаттап жаткан экен. Калгандары да тура деп жатышкандай,
аларды көрүп кайраттанып тартынбай сүйлөй баштадым. Эки суроосуна жакшы жооп берип үчүнчү суроого кыска бүдөмүк жооп бердим. Мага кошумча суроону жанакы орус киши кыргызча сураганда ага токтолбой жооп берсем, отурган комиссиялар жакшы дешип бирин бири карап калышты. Карточкамды колума беришкенде,
эшике кандай чыкканымды билбей калдым. Эшиктегилерге жакшы жакшы дегенден башка сөз айта албай, башка корпустун короосуна чыгып, карточкамды карасам «4» (төрт) деген баа коюлуп турган экен. Кубанган бойдон спорт залга жөнөдүм. Барсам Дархандык төрт бала бар экен. Сураштырсам экзаменден бирөө өтүп, калганы өтпөй калышыптыр.
Спорт залдын ичи мурдакыдай эле ызы чуу болуп, кымкуут түшүп жатты. Бирөөлөрү жууркан төшөктөрүн алып, айылдарына кетип жатышса, бирөөлөрү чемодандарын көтөрүп ары бери басып жүрүштү. Даркандык балдардын баары чогулганда,
сурашсырсак экзаменден сегизөө кулап, төртөөбүз өтүптүрбүз.
Кулап калган балдар күн кечтеп калгандыктан,
эртеси айылга кетишмей болуп жатышты. Кабактары бүркөлүп, кейишкен сайын, мен өзүмдү күнөөлүдөй сезип, тигилерге кайрат айтып, боор ооруп жубатууга аракет кылып жаттым. Эми алдыда бир экзамен калгандыктан,
жүрөгүм түпөйүл болуп сыртымдан кубанганым менен ичимден сар сана болуп жаттым. Спорт залдын ичиндеги кроваттардын жанында көбүнүн төшөкчүлөрү жок бош калды. Ызы-чуу басаңдап ичинде балдар азайа түштү. Анын үстүнө техникумдун жетекчилерине арыз түшкөнбү тоногон балдар мурдагыдай тийишпей калды. Атайын студенттер кызыл повязка тагынышып, ары-бери басып абитуриенттерге көз салып турушту. Ашканага барсак да, кезек күткөндөр азайып, ал жер да тынчый түштү. Бир азгы болсо да бул жерге көнө түшкөндөй болуп, айыл менен жалпы жонунан үстүртөн тааныша баштадык. Бирок көчөгө басып, эки жака чыкканга убакыт болбой тамактарыбызды ичип келип, экинчи экзаменген да даярданып диктант жазганды да үйрөнүп жаттык. Төртөбүз тең экинчи экзаменде диктант жазмакпыз. Мен бир эле орус тилинен граматикасынан эмес колумдун начарлыгынан да кыйналып жаттым. Мага бул экзамен биринчи экзаменге караганда алда канча кыйын болчудай сезилип диктант жазууга керээли кечке машыгып, бешим ченде гана башымды сергитүү үчүн спорт залдан чыгып, анча алыс эмес жердеги кичинекей бактын арасына бардым. Күндүн ысыгы бир аз кайтып калганы менен дагы эле ысык болуп тургандыктан,
бактын арасы көлөкө болуп салкын эле. Ал жер ээн болуп бактын арасы кооз болгондуктан,
кызыгып аралай басып жөнөдүм. Бак менен басып отуруп коктунун кырына чыктым. Коктунун таманында Ысыккөлдүн бир бурчу калкылдап күнгө чагылышып жатты. Ал эми бак дарактар коктунун боорунан көлдүн жээке чейин өскөн коктунун таманындагы көлдүн бурчу улам кеңейип отуруп, чоң көлгө кошулат экен. Бул жердеги бакты кимдер тигишсе да, акылдуу адамдар тигишкени көрүнүп турду. Анткени түп түз, катар катар болуп жакшы пландалып, тигилиптир.
Бактын арасында көп түрлүү дарактар, бар эле алар биринен бири түз өсүп, кооз болуп көргөндү өзүнө бурат. Бир чети мени көлдүн жакындыгы да кубантты, ылдый көлдүн жээгине чейин түшкүм келип, бирок жанымдагы балдарга айтпай кеткендиктен,
алар убара болушуп издеп калышаарын ойлоп, спорт залды көздөй жөнөдүм. Эртеси экзамен болгондуктан,
түндүн бир далайына чейин диктант жазып машыктык.Эртең менен диктант боюнча экзаменге биздин факультеттен элүүдөй бала чогулдук. Экзамен башталар алдында экзаменге комиссия болчу үч мугалим кирип биз менен учурашып, экзамен берүүнүн шарттарын түшүндүрүп жатышты. Алардын бири эркек экөө аял мугалимдер экен. Эркек мугалим орто бойлуу, ак куба келген көздөрү бакыракай чап жаак, жашы отуз беш кырктар чамасындагы кыргыз улутундагы киши эле. Аял мугалимдердин бирөө узун бойлуу, арыкчырай, сулуусумак,
чачы кыска кара кастюм юбка, ак кофта, кара туфлий кийген жашы элүүлөр курагындагы орус улутундагы аял, экинчиси толмочунан келген, чачын төбөсүнө түйгөн, жашы кырктардан өтүп калган, узун көйнөк, ак туфлий кийген кыргыз улутундагы аял эле. Аңгыча эшик ачылып жыйырмадан өтүп калган жаш келин колуна ак барактарды көтөрүп кирип, барыбызга тарата баштады. Эркек мугалим орусча сүйлөп экзаменге кирүүчүлөрдүн фамилиясын окуп, кимдин фамилиясы чыкпаса карточкасы менен катталарын айтып, фамилияларыбызды окуй баштады. Фамилияларды окуп бүткөндөн кийин бир экөө барып катталышты.
Андан кийин карточкаларыбызды жыйнап алышты. Экзамен башталып орус аял диктант жаздыра баштады. Берки мугалимдер бизди аралап, ары бери басып жүрүштү. Биз печат басылган ак барагыбызга дааналап шашпай окуп берип жаткан мугалимди кунт койуп угуп, ката кетирбей жазууга тырышып жазып жаттык. Диктанттын тексти жөнөкөй экен. Жакшылап эле жазгандай болдум. Мугалим эжей диктантты жаздырып бүткөндөн кийин, өз ордуна барып берки комиссиянын катарына отурду. Ак барактарды тараткан жаш эжей диктанттарыбызды кайра жыйнап алды. Мугалим агай ордунан туруп, экзамен бүткөндүгүн бааларыбызды эки күндөн кийин угарыбызды кулактандырды.
Ошентип экинчи экзаменди да берип бүттүм. Бирок бааларыбызды уга элек болгондуктан,
санаабыз тынбай анча деле кубанган жокпуз. Бирок бир жүктөн кутулгандай болуп, жеңилдей түштүк. Эми экзаменге даярдануу машакатынан кутулуп бош болуп калдык. Биз башкы корпустун алдындагы фонтандын тегерегиндеги отургучтарга олтуруп, ары бери өткөндөрдү карап эс алып олтурдук. Фонтандын тегерегинде роза гүлдөр бажырайып гүлдөп, бак-дарактар көрк кошуп, ар түркүн канаттуулардын сайраганы көңүлдү көтөрүп бул жер абдан кооз эле. Бул техникумга кыздар аз тапшырышат экен. Менин баамымда тапшыргандардын токсон пайызы эркек балдар болучу, жаныбыздан кыздар анда санда эле өтпөсө көбүнчө эркек балдар өтүп жатышты. Экзамен тапшыргандан кийин айылдагы балдарыбыз чогулуп бүткөндө төртөөбүз тең ашканага барып, жакшылап тамактандык.
Кечке дейре эч жакка чыкпай жакшылап эс алдык. Эртеси менин суранычым боюнча бош болгондуктан,
көлгө жөнөдүк. Кечээ мен көргөн жол менен бакты аралап барып, көлдүн жээгине түштүк. Күн ысык болуп жел жүрбөгөндүктөн көлдө толкун жок мемиреп жаткан көлдүн тунуктугунан түбүндөгү балырларды аралап сүзүп жүрүшкөн кичинекей балыктардан өйдө көрүнүп турду. Көлгө түшөлүк десем көлдүн жээгинде кум жок чөп өсүп тургандыктан,
жатууга кумдуу жер издеп көлдү жээктеп жөнөдүк. Жолдон эки үчтөн болуп, балык кармап жатышкан майда балдарга кабылып жаттык. Алар менен сүйлөшпөстөн көлдүн жээги менен кээ жерден камыштарды араласак, кээде чычырканактарды аралап жүрүп олтурдук. Бир кезде булуңдан чыгып көлдүн кумдуу жайык жерине келдик.Бул жерде көл булуңдагыдай толкунсуз мемиребей майда жыбыраган толкундар жээке урунуп жаткан экен. Биз бир топ басканча ысып тердеп кеткенибизден,
барарыбыз менен чечинип көлгө кирдик. Ал жерде бизден мурда түшүп жаткан балдар бар экен, алар менен чогу түшө баштадык. Бул жердин көлү Даркандын көлүнө караганда бир аз баскандан кийин эле тереңдеп кетет экен. Жээктен он метрдей баскандайын эле көлдүн тереңдиги моюндарыбызга чыга түштү. Чабакты жакшы билбегендиктен жээктен ары жыйырма метрче чабак уруп барып кайра келип жаттым. Көлгө түшүп сергип калганда жээке чыгып кумга күнгө кактанып жатып, көлдүн аркы өйүзүндөгү өзүмдүн туулуп өскөн жеримдеги тоолорго, айылдарга көз чаптырып, ал жактагы ата-энемди, бир туугандарымды,
Медерканды,
айылдаштарымды эстеп, аларды бир жуманын ичинде эле сагына түшкөндүктөн,
алар жөнүндө ойлонуп жаткан элем.Бир убактагы көлдүн ичинде ойноп жаткан балдардын арасынан бирөөнүн:-«Афу-
аф чөктүм»-деп кыйкырган үнү оюмду бузуп жиберди. Мен жат бурулуп көлдү карай салсам өзүмдүн тушумда жээктен он метрче ары, көлдүн ичинде бир бала сууга кирип кетип, кайра чыга калып, жан талашып сууну чапкылап жаткан экен. Берки балдарга кыйкырайын десем андан жыйырма отуз метрдей ары жүрүшкөн.-Эй тетиги бала чөккөнү жатат -деп колум менен көрсөтүп, бир кыйкырып алдым да, өзүмдүн чабак билбегенимди унутуп калып, тиги баланы көздөй чуркап жөнөдүм. Чабакты жакшы билбегендиктен,
секирип-секирип басып, өзүм да көлгө чумуп кетип жаттым. Тиги балага жакындаганда колумду сунсам колунун учу колума илине түштү. Эптеп жээкти көздөй тартсам, бери чыга түштү. Тиги баланын алы кетип, чөгө баштаган эле. Эгер колум илине түшпөгөндө чөгүп кетмек. Мен колум кармаганда өзүн жоготуп жиберди окшойт. Ылдый чөгө баштады, мен жанымдын баардыгынча сууну чапкылап, көлгө чумуганда бутумдун учу жерге тийери менен өйдө секирип, жан талашып жээкти көздөй сүйрөй баштадым. Бирок тиги мага жардам бере албай, чөгө баштагандыктан ордумдан жыла албай-жардамга деп кыйкырдым. Берки балдар эмне болуп кетти дегендей болуп бизди карап туруп калышты. Менин да шайым кете баштап мурункудай бутум жерге тийгенде секире албай калдым. Өлүм коркунучу келип эмне кыларымды билбей болгон күчүмдү жыйнап, жээкти көздөй секирдим. Эми бутум жерге тийип, башым көлдөн чыгып чөкпөй калдым, эсимди жыйнап, бутумдун учу менен басып, акырындап жээкти көздөй жыла баштадым. Суу мойнума чейин келгенде тиги баланын башын көтөрүп, суудан чыгардым диртилдеп дем алып, суу оозунан куюлуп жатты. Тиги баланы көтөрүп, темтеңдеп көлдөн араң дегенде жээке чыгып куладым. Балдар тегеректеп берки баланын башын ылдый каратып, дем алдырып киришти оозу мурдунан суу агып, бир топтон кийин эсине келе баштады.Тиги бала эсине келгенден кийин айылдаш балдарым жаныма келишип, -Чабак билбегенден кийин эмнеге бардың-деп жемелегенге киришти. Мен аларга таарынып чөгүп баратканын көрүп туруп кантип жардам бербей койом. Андан көрөк кыйкырганда жардамга келсеңер болмок,-десем тигилер күнөөлөрүн мойнуна алгандай болушуп унчукпай калышты. Тиги бала сегизинчи классты бүтүрүп, окууга тапшырганы келген бала окшойт, өзүндөй болгон жанында бир бала бар экен. Рахмат айтканга да жарай алышпастан кийинип алып кетип калышты. Мен бир топко чейин жалдырап жаттым. Ал убакта көлгө эч ким түшкөн жок. Көл эмнегедир сүрдүү көрүнгөндөй болуп, каралжын тарта баштады. Толкундар уламдан улам коюлап салкын жел жүрүп, көлдүн берки жагынан кара булуттар көрүнүп, көктөгү ала булуттар күндү тосо калып, ала көлөкө түшө баштады. Биз кетүүгө камынып кийинип алып көлдүн жээгинен бери чыга бергенде мал сарайга туш келдик. Малчынын иттери бизди кум жолдон чыкканча узатып коюшту. Биз талаанын четиндеги кум жолго түшкөндө арт жагыбызда бир кило метрдей аралыкта санатория көрүнүп турган, биз оңго бурулуп Светлыймыс айылын көздөй жөнөдүк. Мен бир чети коркуп, бир чети шалдырап алым кеткендиктен,
балдардын артынан ээрчип ойлуу келаттым. Балдар ар кайсыны сүйлөшүп, кээде күлүп көңүлдүү баратышты. Балдардын сөздөрүн кээде угуп, кээде укпай сөздөрүнө анча маани бергеним жок. Убакыт өткөн сайын күн уламдан улам бүркөлүп отуруп, жаай турган болду. Шамал да катуулай баштады. Айылдын четине жаңы эле жеткенде акырындан себелей баштап, биз басышыбызды ылдамдатып,
кээде чуркап олтуруп ашканага жеткенде, күн коюлап жаай баштады. Ашканада эл аз болгондуктан,
кезексиз эле тамак алып, столго жаңыдан эле отурганыбызда жаандын тамчылары терезеге тийип ылдый агып жатты. Биз тамагыбызды шашпай ичип алып, жатаканабызга кеттик. Эртеси күнү да бааларыбызды уга алган жокпуз мен ашканага тамак ичкени гана барганым болбосо, эч жакка чыкканым жок.Эртеси эртең менен бааларыбызды укканы башкы корпуска бардык. Баарыбыз чогулуп күтүп турсак, диктанттарыбызды жыйнап кеткен жаш мугалим эжей келип бааларыбызды угуза баштады. Мен диктанттан үч алыптырмын,
эки алгандар да бир топ экен. Эки албаганыма кудайга шүгүр кылдым, бирок өтөөрүмө толук ишене алганым жок. Конкурска илинбей калышым мүмкүн эле. Бааларыбыз окулуп бүткөндөн кийин мага окшоп арсар болгондор чогулуп өткөн өтпөгөндөрүбүздү билиш үчүн кабыл алуу комиссиясына кирдик. Ал жердегилер өткөндөрдүн тизмесин эртеси күнү группа-группага бөлүп залга илинерин айтышты. Ал жерден чыгып жатаканага барсам, берки үчөө күтүп жатышкан экен. Экөө өтпөй калдык деп олтурушуптур.
Текестен жаңы көчүп келген кошунам Жумакун абанын сегизинчи классты бүтүп барган Турдубек деген баласы өттүм деди. Ал күнү берки өтпөй калган балдарды автобуска айылга узатып жибердик. Спорт залда эми бирин-серин эле балдар калышты. Баары аңгырап бош калгандай болуп үркөрдөй болгон аз эле бала түнөдүк. Эртеси эртең менен биз да төшөнчүлөрүбүздү өткөрүп, чемодандарыбызды бир жолу көтөрө чыгып а дегенде ашканага барып, тамак ичип тойунуп алып башкы корпуска жөнөдүк.Түз эле экинчи этажга чыгып залдагы топурашкан балдарды аралап илинип турган тизмелердин арасынан өзүбүздүн фамилиябызды издей баштадык. Менин фамилиям агрономдук факультеттин 25-группасында жазылып турган экен. Фамилиямды көрөрүм менен ичимден «Ура» деп кыйкырып алгансыдым.
Тышымдан эч ким сурабаса да: -Мен окууга өтүптүрмүн-
деп жибердим. Уялып кетип эки жакты карасам, эч ким көңүл бурган жок. Баары эле тизмелерди тиктеп, өздөрүнүн фамилияларын издеп жатышыптыр.
Кээ бирөөлөр фамилияларын таап алышып кубанып жатса, кээ бирлери менин фамилиям көрүнбөйт деп боз ала болуп жатышты. Мен элдин арасынан суурулуп чыгып, берки жердешимди издеп жөнөсөм ,ал алдыман тосуп туруптур. Жолугарым менен, -Мен да өтүптүрмүн-
деди кубанычтуу.
Экөөбүз бири-бирибизди куттукташып кол алыштык. Окууга өтүшкөн тааныштар бири бирин студент болушуң менен дешип куттукташып жатышты. Биз сактык камерасына чемодандарыбызды өткөрүп койуп, үйгө кетүү үчүн автобус токточу аялдамага келдик. Ал жерден автобус үч сааттан кийин келээрин айтышты. Биз үч саатты күтүп олтурбастан,
чоң жолго барууну чечтик. Кубанычыбыз койнубузга батпай тургандыктан,
ал жерге үч саат бою автобус күтүп тура алмак эмеспиз. Бат эле айылга барып тааныгандарыбызга сүйүнчүлөгөнгө шашып жаттык. Техникумдан чоң жолго чейинки үч кило метрдей жолду кандай басып өткөнүбүз билинбей калдык. Экөөбүз кызуу сөзгө кирип алып чоң жолго бат эле жетип бардык. Ал жерден бир аз күткөндөн кийин эле Фрунзе-Каракол деген чоң автобус келип калды. Ага түшүп алып Каракол шаарына жөнөдүк. Автобус ордунан жыла берерде кылчайып терезеден Светлый-мыс айылындагы айыл чарба техникумун эки-үч этаждуу корпустарын,
жатаканаларын карап ыраазы болгондой жылмайып койдум. Эми мен ушул айыл чарба техникумунун студенти болгонума сыймыктанып айылдан келген ошончо баланын ичинен экөөбүз өткөнүбүзгө,
анын үстүнө эч кандай таанышы жок өтүп кеткениме чоң жеңиш менен айылыма бара жаткандай кубанып жаттым. Биз айылга жеткенибизде күн бешим чен болуп калган. Автобустан түшүп үйдү көздөй басып жөнөгөндө эле, алдымдан чыккан тааныштар окууга өттүңбү деп сурай башташты мен аларга окууга өткөнүмдү сыймыктануу менен айтып жүрүп олтурдум. Үйгө жакындаганда эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман жарыша үйдөн чуркап чыгышып:-Аба окууга өттүңүзбү?-дешти.
Турмуштан жаралган чоку Бекказы Элебесов
#22 23 August 2015 - 15:01
-Аба окууга өттүңүзбү?-дешти.
-Ооба окууга өтүп келатам-десем,
экөө тең так секирип кубанып кетишти. Биз үйгө кирип чай ичип болгон жаңылыктарды айтышканча кеч кирип кетип, жээке бара албай калдым. Кечинде Мураттыкына барып Муратты сурасам, энеси Фрунзеге окууга тапшырганы кеткен тейинче келе электигин айтып, алар болбой үйүнө киргизип чай беришти. Үйгө карангыда келдим. Карындаштарым уктап калышкан окшойт, үйдүн жарыгы өчүп туруптур. Медеркан эсиме түшүп, уйкум келбегендиктен,
түз эле барып бактын орто чениндеги дүмүргө олтурдум. Медеркан ал кезде айылында болчу, бул жакта болгондо, небак барып окууга өткөнүмдү айтып, кубанычымды тең бөлүшпөйт белем, деп өкүнүп алдым. Ушул кезде эмне кылып жатты болду экен же уктап жатабы же мени эстеп жатты болду бекен деген суроолор оюма келип, азыр жанымда болсо кана дегенсийм.Айлана жым-жырт болуп күндө ар кайсы жерден жандары тынбай үрүшкөн иттердин да үндөрү угулбайт. Асмандагы жылдыздар жымың-жымың деп сүйлөшкөнсүшөт.
Ай ачык асманда калкып айлана чөйрөнү жарык кылып маңдайыма келип токтой калгансыйт Бышкан мөмө жемиштер анда-санда тынчтыкты бузуп кылдырт этип бутактарга тийип түшүп жатты. Арыктагы шылдырттап аккан сунун үнү угулуп, ээн эркин ойногон салкын желге чөптөрдүн баштары кыймылдап, ары бери ыргалышат. Тоолор да тунжурап асман менен кошо айлана чөйрө мемирейт. Мен терең ойлонуп көз алдыма Медерканды элестетип, булутка окшоп, табыш чыгарбай жаныма азыр эле келип калчудай күткөнсүйм.
Кыялымда аны менен сүйлөшүп, саламатсыңбы деп учурашып окууга өтүп келдим,-десем ал күлүмсүрөп,
саламатчылык,
жакшы болгон турбайбы, куттуктайм,
деп жаныма келип отурса, анын эки колун аяр кармап, сен кандай жакшы кызсың, мен сени абдан жакшы көрүп калдым–деп көздөрүнө тигиле карасам, ал да мага карап, ооба сиз да мага абдан жагасыз десе, мен ушул жерге келгенде жүрөгүм ээ жаабербей оозума тыгыла түшчүдөй туйлап чыкты. Ордуман тура калып ары бери бастым. Көкүрөгүмө аба толуп калып сыртка чыга албай жаткандай сезилди. Медеркан азыр эле жетип келчүдөй болуп сезилип, көпкө дейре ары-бери басып жүрүп, жүрөгүмдүн туйлаганы басаңдаганда үйгө кирип колума ручка, блокнот алып, «Келсеңчи» деген ырды жаза баштадым.Бир гана мен, бүт жандыктан жалгыз болуп,Айлана тынч, дабышы жок жымжырттанып.
Эч ким жокто тыңшап койчу сөзүбүздү,Келсеңчи,
жел айдаган булутка окшоп.Жер бетин күмүш менен каптап салып,Ай дагы карап турат күлүп коюп.Асманда жымың этип жылдыздар да,Көз кысат качан келет деген болуп.Бак дарак күткөндүгүн билдиргенсип,
Акырын үн чыгарат шырт эттирип.Ары-
бери ыргалышат чөптөр дагы,Буларда бир нерсени күтүшкөнсүп.
Шылдырт деп анда-санда мөлтүр суулар,Сурашкандай алардын да үнү угулар.Тоолор да, көпкөк болгон асман дагы,Келсеңчи баары сени күткөн чыгаар.Ырды жазып бүткөндөн кийин көкүрөгүм бошогонсуп,
жеңилдей түшкөндөй болдум да, талыкшып уйкумдун келгенин сезип, чечинип төшөгүмө жатканда да, ырдын саптары көңүлүмдө кайталанып Медеркандын элеси көз алдымда келип көшүлүп уктап бараттым. Эртең менен эрте туруп жуунуп, тамагымды ичип,жээктеги ата энемдерге барайын деп жатсам карындаштарым дагы биз дагы барып келеличи деп калышты. Аларды көңүлдөрүн кыйбай ээрчитип алдым. Айылдан чыкканча кечекидей эле тааныгандар учурашкан сайын окуумду сурап жатышты. Мен окууга өткөнүмдү айтып жүрүп отурдум. Ушул окууга кеткендеги ончакты күн мен үчүн көп убакыт жүргөндөй сезилип калыптыр. Мурункуга караганда чоңойо түшкөндөй болуп, жолуккандар менен сыпаа сылык өзүмдү токтоо кармап учурашып жаттым. Ичимден эми студентмин дегендей сыймыктанып жаттым. Мурдакыга караганда өзүмдү көптү билип түшүнүп калгандай болдум. Жолдон Карга акенин мүрзөсүнүн жанынан өтүп бара жатканда, бата кылып жакамды кармап, арбактарга сыйынып өттүм. Андан ары жүрүп отуруп Кара дөбөгө жеткенде ары жагындагы атамдар отурган сарай көрүнүп турду. Койлор сарайдын тегерегинде жайылып жүрүшүптүр,
Куркук үйдүн жанында ээр токумчан байланып, Бопой тору ары жагында тушалуу жүрөт. Короочу эки жыл мурда дайынсыз жоголуп кетип, ордуна Кумайыкты кичине күчүк чагында окуудан келе жатып көчөдөн таап келип чоңойтком. Ал бизди алыстан тааныды окшойт, куйругун шыйпаңдатып чуркап келип, биз жакындаганда мага асылды, мен башынан сылап эркелетип койдум. Куркук мурдагы калыбындагыдай уктап турган экен, биздин дабышыбыздан селт этип а дегенде кулагын тикчийтип карап алып андан кийин тааныдыбы кайрадан турган тейинче уктаганга кирди. Биз үйгө киргенде үйдөгүлөрдүн бары тең кубанып кетишип, менден окууга өткөнүмдү сурай башташты. Мен бары менен учурашып чыккандан кийин окууга өткөнүмдү, баргандан келгенге чейинкимдин барын төкпөй чачпай айтып бердим. Алар барын угушкандан кийин аман эсен окууга өтүп келгениме, ыразы болушуп кубанып калышты. Андан кийин адаттарынча ата энем айылдагы жаңылыктарды,
Жамалбүбү,Вера эжемдерди Конокказы абамды алардын кат кабарын, айыл ападагыларды сурашып, анан үйдөгү жасалып жаткан жумуштарды сурашар эле. Биз болсок ата энелерибиздин ден соолуктарын,
мал жанын аманчылыгын сурачубуз.Бул сапар да ошндой пикир алышуу болду. Атам былтыр кара тумо болуп кышында катуу ооругандан кийин менин көзүмө эмнегедир бою кичирейип, карый түшкөндөй болуп көрүнүп калган. Энемдин жылдан жылга оорусу көбөйүп, баскан турганда өпкөсү кышылдап, буту колдорунда кыйналганда шишиктер пайда болуп баскан турганы оорлоп бараткан биз келгенде үйлөрү базар болуп берерге эч нерселерин таппай өзүлөрү жебестен бизге койуп, төрт беш күн мурда жакшы тамак жешсе да, балдарыма дешип алып койушар эле. Кээде алар жегенге жараксыз болуп бузулуп да, кетүүчү ата-энемдин үйүнөн жакшы тамак аш өксүчү эмес. Биз барганда эт салып, же манты жасашып конок күткөндөй тосуп алышчу. Биз жакадан барганда алма, өрүк, чай чемек көтөрө барсак, тоодон болобу жээктен болобу келе жатканда баштыктарыбыз толуп, көтөрө албай айылга араң жетчүбүз.Чабыр койлорду багуу оңой эле болчу. Алардын саны болгону үч төрт жүзгө жетип, аларды көлдүн четиндеги сазга кайтарып күн ысыганда сугарып, түштө көлөкөгө кайтарып кечке жуук сарайдын тегерегине таштап койсо, эч жака деле кетишчү эмес. Уйлар токойдон чыкпай кечке жүрүп кечинде музоолоруна карап өзүлөрү келишчү. Эми күз келип күн салкындайын деп калгандыктан түйшүктү көбүрөөк талап кылып калган. Эми бир айдан кийин жайлоодогу койлор жакага келишкенде чабыр койлорду короо короого кайра бөлүштүрүп бермек. Мен августун аягына чейин окууга киргенче үйдөгү ар кайсы жумуштарды бүтүрүп бирде айылдагы жумуштарды жасап, бирде талаада чөп чаап, малдын кышкы тоютуна чөп чар камдап, отун суу алып, огород жайды оңдоп жүрдүм.Августун аяк жагында Светлыймыска окууга жөнөдүм. Медеркан жаңы окуу жылына карата келе элек болгондуктан,
бу сапар каникул учурунда ага жолуга албадым. Кечээ Кубандын үйүнө барсам Кубан үйүндө жок экен. Инилеринен сураштырып Медеркан айылдан келе элек экенин билдим. Качан келери белгисиз болгондуктан,
күтө алганым жок. Себеби каникулдан эрте барып жатакана алып, окуу башталганга чейин орношушум керек болчу. Ошондуктан күтүүгө шартым келбегендиктен,
Фрунзеден окууга өтө албай келген Муратка Медерканга менден салам айтып койуусун өтүнүп жолго чыктым.Автобус зуулдап жолдун четиндеги бак дарактарды артка калтырып баратты. Мен Медерканга көптөн бери жолукпаганыма,
аны сагынып жүрөгүм түпөйүл болуп, ойлонуп бара жаттым. Ошол эле күнү техникумга жетип төрт этаж жатаканадан үчүнчү этажынан орун алдым. Өзүмдөн башка эки бала менен үчөөбүз бир комнатага жатмай бодук. Чогуу жата турган балдардын биринин аты Мурат. Ал Тоң районунун Болшевик айылынан келиптир. Ал орто бойлуу, арыкчырай, чап жаак ак жумал сулуусумак келген ачык айрым, сөзмөр жигит экен. Экинчисинин аты Кадырбек экен. Ал дагы Тоң районунан Бөкөнбаев айылынан келиптир. Жапалдаш бойлуу, кара тору, сөзгө сараң толмочунан келген жигит. Үчөбүз ошол эле күнү тил табышып бири бирибиз менен жакшы мамиле түзүп кеттик. Техникум жеке эле жатакана менен камсыз кылбастан жууркан-төшөк,
шейшеп, полотенсасынан өйдө берип жумасына бир жолу мончого бекер түшүрүп, полотенса, шейшептерди алмаштырып берет экен. Андан тышкары китепкана, студенттик арзандатылган дүкөн, ашкана, клуб, студенттер үчүн кызмат кылып үчүнчү күндөрү бекер концерт коюлуп, танцы уюштурулуп,
ай сайын отуз сомдон стипендия төлөнөт экен. Биз эки үч күнү техникум менен таанышканча жаңы окуу жылы да башталып калды. Окуу расписаниясы менен таанышып жазып алдык. Канчанчы номерлүү аудитория кайсы корпуста экенин билбей издеп жүрүп таап барганча окуудан кечигип калып жаттык. 25-группада отуз алтыбыз окуп, анын ичинен сегизи кыз, калганы эркек балдар болчу. Сегиз кыздын ичинен экөө орус кыздар, эркек балдардын үчөө орус балдар эле. Мектептегиге караганда бул жерде көп айырмачылыктар болуп жатты. Сабактардын баардыгы орусча болуп көп жаңы сөздөр менен таанышууга туура келди; классты-аудитория,
мугалимди-преподаватель,
сабакты-пара деп мурда бир сабак кырк беш минуттан болсо , эми бир пар токсон минуттан болуп, курс, сессия, семестр. Мурда мугалимдерди агай-эжей десек, эми атын, атасынын атын айтып кайрылып дегендей жаңы эрежелерге көнө албай жаттык.Күн өткөн сайын кичинеден студенттик турмушка көнө баштадык. Баарыбызга окуу китептери бекер таратылып берилди. Бул жерде дагы мектептегидей эле дем алыш күндөрү окубайт экенбиз. Клубда күндүз кино болгондуктан кино көрөбүз. Ашканада тамак канчалык арзан болсо да, үч маал ичкенге түтчүдөй эмеспиз, жогорку курстун балдарын туурап үчөбүз ортого акча чыгарып идиш аяк, продукт алып, тамакты комнатабыздан ичмей болдук. Ошентип студенттик турмуш башталды. Техникумда окуп жүргөндө өткөндө атам Кумжалда Куркуктун ооздугун чыгарып коюп жайылып жаткан койлорду карап ойлонуп турган экен. Жанына барсам ошондо мага айткандарын эстедим. Ал мага:-«Балам мен эс тарткандан ушул кезге чейинкими эстөөгө аракет кылып, өзүмө суроо бердим. Кана мен буга чейин бул жарык дүйнөгө келгени эмне жумуш бүтүрдүм? Кара жанымды карч уруп иштеп ата-бабаларымдан бери байдын тукумдарынан болуп келсем да колхоздун активдериндей чоң үй салып балдарымды чоң окуулардан окута албай кыйналып келе жатам. Ушу кезге чейин араң үч бөлмөлүү үй салдым, балдарды эптеп чоңойтуудамын,
ак эмгегим менен жан багуудамын.
Балким колхоздун чоңдору жеп ичип алышпай, элге калыс карап эмгегимди туура баалашса турмушум мындан дагы жакшы болмок беле,-колхоздун активдери башынан бери уюшуп алышып, жеп ичишип арасынан ак ниет калыстары чыкса басмырлап, ар кандай жалааларды жаап, өзүлөрүнө бут тостурбай жолдорунан тазалап турушат. Өзүлөрүнө карөзгөй митайымдарды кошуп алып, алар менен кошо жешет. Сен эми окууга өтүп, чоң болсом деп ойлоп жатасың. Эгер биздин колхоздун чоңдорундай алдым-жуттум болуп, элдин эсебинен оокат кылам деген оюң болсо окубай эле койгонуң оң. Элдин убал сообу деген болот. Акыры жүрүп отуруп аягы оң болбойт. «Жакшы жашамак оңой, жакшы өлмөк кыйын» деген бар. Чоңдор азыр кудай теңирин тааныбай көөп жатышканы менен, түбү кандай болоорун ким билет Ушуну эсиңен чыгарбасаң,
кийин атамдын айтканы туура экен деп билеерсиң. Таманакы, маңдай тер менен табылган буюм оокат кылганга жарайт, ата-бабаларымдан бери бирөөгө кара санабай келген экен, бизге арамдык жарашпайт. Кичине эле күнөө кетирсек, эки эсе чыгып кетет, кээ бирөөнө арамдык, убактылуу жакканы менен, баары бир түбү жакшы болбойт, кудайымдын чийини бар, канча жан талашсаң да, андан ашып кете албасың, бирок аракет кылсаң берекет болот, дарак мөмө байлаган сайын, салаңдайт, болгон сайын жөнөкөй болуп эч убакта көтөрүлбө. Турмуш деген татаал, аны чыдамкай киши гана жеңе алат, көтөрүмчүл бол, атам айтаар эле «жалкоонун чекеси тердебейт, ал бирөөнүн да чекесин тердетпейт»,
деп. Иштемчил бол «ак ийилет, бирок сынбайт», дегендей ак жүрсөң эле тилегиңе жетесиң. Бул айткандарым ата катары сага айткан акыл насаатым, ушул айткандарымды эсиңе тутуп калыш өзүңдүн дээриңден «өз акыл өзөк менен тең, өзгөнүн акылы кишен менен тушоо» дейт, казактар айткандай «бирөөнүн акылы бирөөнө сыйбайт». Кана балам эми чоңойуп бойго жеттиң, мындан ары өзүңдүн турмушуңду өзүң курасың, алдыда кандай максатың ойлоруң бар?»-дегенде:
-«Аба буюрса техникумду бүтүрсөм, агроном деген кесип алып чыгам. Сиз айткандай кара ниет алдым-жуттум болуп элдин эсебинен жан бакпай, ак ниет иштемчил болуп, жакшы иштеп колхозду көтөрүп, элдин эмгегин туура баалап калыс, так, таза иштеп, дайым карапайым элге болушуп, кара өзгөй жегич-ичкичтер менен күрөшүп, аларды жаап жашырбай күнөөсүн бетине айтып, чынчыл болуп, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүп айылдагы элдин жашоосун жеңилдетүүгө аракет кылам. Силерди жакшы багып доктурларга даарылатам,
иштеп атып Фрунзедеги айыл чарба институтунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, билимимди жогорулатам.
Жогорку билимдүү агроном болуп, партияга өтүп колхозубузду алдынкы колхоздордун катарына жеткирем» десем атам ойлонуп угуп туруп, башын чайкап:-«Атаны байкуш балам ай! Сен ушул ак көңүл, чынчыл, боорукер, намыскөй, күйүкчөөлдүгүңдөн далайды көрөсүң го, турмуш сен ойлогондой,
шыдыр кетпесин али жаштыгың менен түшүнө элексиң да. Алдыңда эчендеген азулуу камандардай болуп, жаман адамдар турганын кайдан билесиң, «чындыктын тузу ачуу болот», чындык ар кимге эле жага бербейт, чындыкты айтып жаман адамдар менен күрөшөм деп далай чыркырайсың го, сени ушундай кылып бала күнүңдөн чынчылдыкка тарбиялаган өзүмдө да күнөө бар. Бирок чындык түбү жеңет турмушуң оор болгону менен жеңиш сен жакта болоор. Эми ушул оюңдан кайтпа асмандан кудай, тегерегиңден ата-бабалардын арбактары карап турбайбы. Эми сени жеңип өзүң үчүн жашагыдай болуп турмуштун агымы менен көрсөң да көрмөксөнгө салып күчтүүлөрдүн ойлоруңан чыкпай, өзүңдү аяп акты кара деп алдым-жуттум болуп, өз көмөчүңө күл тартсаң турмушуң жеңил болуп өзүң үчүн жакшы болот, эми андай кыл деп айтуудан алысмын, айткан менен эми ага көнө албай калдың ата катары боор ооруганым менен турмуштун жеңил туура эмес жолун тандап алар элең. Эми сен турмуштун оор туура жолун тандап алыптырсың,
турмушту өз көзүң менен көргөнүң жакшы. «Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит ат минет», дегендей башыңдан баарын өткөрүп, өзүң түшүн, кийин акылың жеткенде, ак менен каранын айырмасын талдап менден да тереңирээк түшүнөөрсүң,
кимдин ким экенин билеерсиң, күйүгүп бышыгып жүрүп оорукчан болуп калбасаң болду. Өзүңдү да айай жүр «жети өлчөп, бир кес» дегендей ойлонуп иш кыл. Мага караганда билим алып жатпайсыңбы кудай мага жаманчылыгыңды көрсөтпөсө эле болду. Аман жүргөнүң эле бакканың, ылайым жанакы айткан тилектериңе жет»,-деп оттоп жаткан Куркуктун башын өйдө тартып алыстап бараткан койлорун көздөй бастырып кеткен.Менин техникумда окуп жатканыма жарым айдан ашып калганда техникум жайгашкан айылды анын тегерек чети менен таанышып калдым. Бул айылда илгери чоң монастрь болуп, анда монахтар, монашкалар жашашкан экен. Ал тургай өткөндө барган көлдүн булуңунун аркы өйүзүндөгү дөбөдө монахтар жашаган он чакты бөлмөлүү чоң үңкүр бар экенин, бийик тоого чыгып караса айылдын ичиндеги бийик өскөн бак-дарактар кресть түрүндө тигилгенин угуп, аларды көрүүгө абдан кызыктым. Ошол айылда жашаган Даркандык бир эже менен тааныштым. Ал киши Даркандык Өзгөрүш абанын бир тууган эжеси экен. Эженин аты Үмүткан. Ал киши техникумда кассир болуп иштеп жатыптыр. Эженин жашы отуздардагы толмочунан келген, ак жуумал, сулуусумак,
орто бойлуу, мүнөзү токтоо киши. Күйөөсү Жекебаев Насыр жашы отуздардан өтүп калган, арыкчырай, кара тору, орто бойлуу, ачык– айрым, ал киши да техникумда мугалим болуп иштеп, багбанчылык боюнча сабак берет. Алардын бир уул, бир кызы бар экен. Уулу үч-төрткө чыгып калган кызы эки жашта. Алардыкына барганда бир тууганы келгендей кабыл алышчу. Мен да бекер турбай колумдан келишинче жумуштарын жасап жардам берчүмүн. Эки жакка конокко кетишерде же жумуштары чыгып калганда балдарын карап турганы мени үйгө таштап кетишчү. Кадырбек, Мурат үчөөбүз күндөкүдөй эле эрте туруп жуунуп – тазаланып чайларыбызды ичип алып, сабактарыбызга жөнөдүк. Ал күнү биринчи пар Михаил Михаилович Ивашенконуку болчу. Ал киши алтымыш жаш курагына барып калган, толмочунан келген, көз айнек тагынган. Бир бутунан согушта жарадар болуп, бир буту протезделгендиктен ошол жагынан аксап, таяк таянып жүрчү. Ал өсүмдүк өстүрүү деген сабактан берер эле. Сабакты жакшы түшүндүргөндүктөн,
балдар да сабагына толук барышып, жакшы билишчү. Көрсөтмө куралдарын көп пайдаланып сабакты кызыктуу өтүүчү. Өзүнүн ишин абдан сүйгөн ачык айрым, адамкерчиликтүү жакшы киши болчу. Өткөндө экзамен бергенге катышып, мага кошумча суроо берген ошол киши экенин кийин билдим. Михаил Михаилович эшиктен аудиторияга киргенде эле баарыбыз жалпы тура калдык. Ал сылтып басып келип, өзүнүн ордуна жеткенде саламдашып,
андан кийин ордуна отурду. Биз сумкаларыбыздан китеп, дептерлерибизди ала баштадык. Михаил Михаилович көрсөтмө куралдарын доскага илип: -Бүгүн жаңы тема өтөбүз. Силерден өткөн темаларды сурайм- деп орусча айтаары менен эшик ачылып, техникумдун директору Амантуров жанына дагы бир киши ээрчитип кирип келгенде баарыбыз оордуларыбыздан тура калдык. Директор биз менен саламдашып,
Михаил Михаиловичке;
-Кечириңиз, кулактандыруу бар эле-дегенде баарыбыз отуруп, эмне кулактандыруу болду экен дегендей тыңшап калдык. Андан кийин директор бизге кайрылып:-«өзүңөр уксаңар керек бул Светлыймыс айылы төрт жүз гектар жери менен техникумга карап, бул жер техникумдун көмөкчү чарбасы болуп эсептелет. Студентер ушул көмөкчү чарба аркылуу иштешип практика жүзүндө үйрөнүү үчүн да пайдаланылат.
Бизде талаачылыктан башка да мал чарбасы: койлор, уйлар, жылкылар бар ушулардан өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн баары студентер ашканасын, дүкөнүн, жатаканасын арзан продуктылар менен камсыз кылат. Баардык жагынан техникумдун материалдык базасын чыңдоого пайдаланабыз.
Ушул көмөкчү чарбабызды негизинен студенттердин күчү менен иштетебиз. Мен силерди буларды тааныштыруу иретинде айтып кеттим. Азыр силерге айтайын деп киргеним Беловодск айылынын ары четинде тоонун этегинде техникумдун отуз гектар алма багы бар. Бүгүнтөн баштап ошол жерден алма үзүп, түшүм жыйноого тарайсыңар.
Азыр эски кийим- кечелериңерди кийинип алып башкы корпустун маңдайына келгиле. Ал жерден силерди эртели кеч автобус алып барып, алып келип турат. Жумуштан себепсиз калуучу болбогула эскертип койоюн, кимде ким жумуштан калса окуудан калганга барабар болуп, бир айда үч күн калган студенке стипендия берилбейт жана жумуш убагында тартип бузгандар окуудагыдай эле окуудан чыгарылат. Мындан ары иш учурунда ушу кишинин карамагында болосуңар, силердин ишиңерди текшерип турат,-деп кошумчулап,
- кимде кандай суроо бар-деди. Баарыбыз түшүнүктүү дегендей болуп унчукпай калдык,-анда тарай бергиле-деп коюп чыгып кетишти. Михаил Михаилович да плакаттарын жыйнап алып, алардын артынан кетти. Биз алма үзүүгө тараганыбызга абдан кубанып, кыйкырык, күлкүдөн аудиториянын ичи дуу дей түштү. Биз жатаканаларыбызга барып эски кийимдерибизди кийинип алып, директор айткан башкы корпустун алдына чогулдук. Ар бир курста экиден группа бар эле. Бир группасы он жылдык аттестат менен окууга тапшыргандар,
алар түз эле экинчи курска киргендер. Берки группадагылар сегизинчи классты бүтүп күбөлүк менен тапшыргандар.
Алар биринчи курстан баштап окушчу. Он жылдык аттестат менен тапшыргандар эки жарым жыл, ал эми сегизинчи класстын күбөлүгү менен тапшыргандар үч жарым жыл окушат экен. Менин группамдагылар экинчи курска киргенбиз. Төртүнчү курстан окууларыбызды бүтмөкбүз. Чогулган студенттерди ташуу үчүн көп өтөй эле автобус келип калды. Студенттер жык жыйма болуп тыгылып түшкөндөн кийип оордунан жылып жөнөдү. Автобусдун ичиндегилер бак-шака болуп сүйлөшүп, ырдап, ары бери түртүшүп көңүлдүү бара жатышты. Автобус бир топ жүргөндөн кийин бары өз оорундарын табышты окшойт жалпы ырдаганга киришти. Кээ бир балдар кыздар менен таанышып кызуу сүйлөшүп жатышты. Беловодский айылы техникумдан чоң жолго чыга бергенде чоң жолдун астынкы бетинде узатасынан бир катар баш аягы бир километрдей жерге жайгашкан кичинекей айыл эле. Автобус чоң жолго чыгып Беловодск айылынын четиндеги жол менен төш таянып дүпүйүп өскөн алма бакты көздөй баратты. Беловодск айылында болгону элүү алтымыштай үй болгондуктан бир кичинекей ларек дүкөнүнөн башка клуб, мончо өңдүү эч нерсеси жок эле. Ошон үчүн өзүнчө бөлүм катары Светлыймыс айылы менен кошо техникумдун көмөкчү чарбасына кирип, аларды техникум совхозу деп койчу. Алма бак айылдан көп алыс болгондуктан,
автобус алма бакты курчаган тамдын жанындагы жол менен жүрүп отуруп бактын ортосунда орнотулган эки вагондун жанына келип токтоду. Баарыбыз жерге түшөөрүбүз менен шактары ийилип бышкан алмаларды көздөй жабылып жөнөдүк. Студенттер менен чогуу келишкен ар бир группанын кураторлору вагондордун жанында топтошуп турган. Беш алты кишини көздөй басышты автобус калган студенттери алып келүү үчүн экинчи рейске кайра жөнөдү.Күз келип жер жемиштердин баары бышып алма бактын арасындагы дарактардын жалбырактары бирин серин саргая баштаганы менен жердеги өскөн чөптөр али жапжашыл бойдон болчу. Күндүн ысыгы кайтпагандыктан,
күндүзү күн ысык болгондуктан бактын арасынан көлөкө издеп бактын далдаасына калкалана калып жаттык. Үйлөрүбүздөн келгенибизге бир топ болуп мөмө-жемиштерди сагына түшкөнүбүздөн адегенде четинен эле даамына карабай эле үзүп жей баштадык. Кичине бөрү тоют болуп кызыктарыбыз тарай түшкөндөн кийин бакты аралап улам даамдуурагын издеп кыдырып жүрдүк. Алмага тойгондон кийин гана кайра вагондун жанына чогула баштадык.Жыйырма бешинчи группанын куратору Ольга Павловна деген орус аял эле. Жашы жыйырма беш курагындагы толмочунан келген, сулуусумак орто бойлуу, мүнөзү катуу, ачуусу чукул болгондуктан студенттер коркуп турчу. Ал бизге эмгекти коргоо деген сабактан берүүчү. Студенттер сабагы болоордо абдан даярданып тапшырмаларын аткарып, сабакка кечикпей келүүгө аракет кылышчу. Ольга Петровна өз боюн тыкан, таза алып жүрүүчү, кийген кийимдери жарашчу. Сулуу мүчөсүнө жарашып студент балдар анын сулуулугуна жүрүш-турушуна кызыгып сыртынан ашык болгондору да бар болчу. Анын күйөөсү техникумда мугалим болуп иштечү. Алардын бир уулу боло турган. Эртели кеч бала жетелеп өтүп калчу.Автобус экинчи рейс менен студенттердин калганын алып келди. Группанын старостасы майор Владимир деген немец улутундагы жыйырмалардан ашып калган жигит. Ал автобуска чуркап барып экинчи рейс менен келген жыйырма бешинчи группанын калган балдарын чогултуп келди. Ольга Павловна бизге иштин тартибин түшүндүрүп бул жерден яшик, чака, тепкичтер менен камсыз болоорубузду,
түшкүсүн тамак берилерин, кечинде алмаларыбызды сорту боюнча өткөрүп берерибизди,
ал жердеги өткөрүп алган кишилер ар бир группанын өткөргөн алмаларын өз -өзүнчө каттап жыйынтык чыгарышаарын айтып, тартип бузуп, жаман иштеп, группаны уятка калтырбагандай болгула деп эскертти. Бул жерге бактан иштегени агрофактын студенттери келишкен. Калган студенттерди кураторлору группа группа кылып чогултуп алышып, өзүлөрүнчө сүйлөшүп жатышты. Баардык группалар иштин тартиби жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин вагондордун жанында үйүлүп турган яшиктерди, инвентарларды ар бир группанын старостасы өткөрүп алып, өзүлөрүнүн группаларына таратып беришти. Группадагы балдар, кыздар ар бир түп алмага төрттөн-бештен болуп, алма үзгөнгө киришти. Биздин группага жыйырма сол алма бөлүнүп берилген. Калган группалар да балдарынын санына жараша алмалардын солдорун бөлүп алышкан. Алма бак жаш болгондуктан алмалардын бою анча бийик эмес болчу. Анын үстүнө жакшы байлагандыктан яшиктер бат баттан толуп жатты. Түшкө чейин тынбай үзүп, обедтерибизди ичкенден кийин бир аз эс алып башка группалардан арта калбайлы деп кайрадан ишке кириштик. Группанын жарымы алма үзүп жарымы үзүлгөн алмаларды яшиктерге сорттоп упаковкалап жатышты. Кандай сорттоп, кандай үзгөндү ошол жердеги иштеген кишилер ар бирибизге үйрөтүп жүрүштү. Алардан сырткары кураторлорубуз менен старостабыз текшерип турушту. Кечинде жүз элүү яшик алманы сортторго бөлүп, упаковкалап вагондун жанына ташып барып өткөрүп бердик. Ал күнү калган группаларга караганда бизден группа жакшы иштеп, биринчи орунду алдык. Кечинде жатаканабызга барганда тамактарыбызды ичип алып, чарчаганыбызга кайыл болуп клубта танцы күн болгондуктан,
таза кийимдерибизди кийинип жасанып түзөнүп, танцыга жөнөдүк. Клубда дайыма экинчи, бешинчи күндөрү танцы болуп турчу. Ал күндөрү кино болчу эмес. Кеч киргенден баштап эрте барышкан студенттер отурган үстөлдөрдү жылдырышып бийлегенге плошадка жасап баардыгын бийлегенге даярдап коюшчу. Техникумдун өзүнүн ансамблы бар болчу. Алар электро гитараларда ар түрлүүү инструменттерде ойношчу. Кечтен баштап клубтун ичи бака шака болуп, бирөөлөр музыкалык инструменттерин күүлөп жатса, бирөөлөр отургучтарды жылдырып бийлегенге жер жасап эрте келген кыз жигиттер топ-топ болуп сүйлөшүп, анда санда алардын күлгөндөрү угулуп шаңга толчу. Биз клубка жакындаганда эле музыканын үнү жаңырып жатты. Клубдун эшигинин оозунда топ топ болуп, балдар, кыздар турушкан экен. Аларды аралап клубка киргенибизде сахнада ансамбл ойноп, клубтун ортосундагы аянчада балдар кыздар бийлеп жатышкан экен. Аянтчанын тегерегине коюлган отургучтарда толтура болуп отургандар бийлегендерди карап отурушуптур.
Мурат клубка кирген эле жерден бийлеп жаткандарга кошулуп бийлеп кетти. Кадырбек экөөбүз бийлеп жаткандарды карап бош оорундарга барып отурдук. Мурат кара тору, сулуу сумак кызды жандап бийлеп жатты. Анда-санда колу менен жандап бийлебейсиңерби дегендей кылып коёт. Аны көрүп Кадырбекти:
-Бийлебейсиңби-
десем ал болбойт. -Жүрү чогуу бийлейлик-деди.
Мен макул болуп бийлегендерге экөөбүз да барып аралаштык. Бир аз бийлегенден кийин Мураттардын жанына барып төртөөбүз өзүнчө бийлей баштадык. Улам жакшы ырдагандары чыгып ансамблдын коштоосунда ырдап жатышты. Кадырбек экөөбүздү карап Мурат жанындагы кызга таанышып алгыла мени менен чогуу жаткан балдар-деди.
Мен кызга колумду сунуп: -Бекказы -десем ал кыз, -Гуля -деп колун берди. Андан кийин Кадырбек да таанышты. Мен Гулянын көңүлүн көтөрмөккө:
-Сиз абдан жакшы бийлейт экенсиз- десем Гуля кызара тшүп, -Жок анча деле жакшы бийлей албайм-деди көзүн ала качып. Мен ага: -Андай дебеңиз сиз чынында эле жакшы бийлейт экенсиз. Эгер жакшы бийлебесеңиз мен азыр бийлебей эле тигил жерде карап отурмакмын-
дегиче болбой таңгого ылайыктуу музыка ойнолуп калды. Мен:-мүмкүн болсо сизди бийге чакырсам болоор бекен- дедим. Гуля макул болуп: -Бийлесе бийлейли-деп эки колун ийиниме койду. Экөөбүз жагымдуу музыканын коштоосунда бир калыпта термелип бийлей баштадык. Менин эсиме Медеркан түшүп, ушул кыздын ордунда Медеркан болуп калсачы деп жаттым. Мен ушул кезге чейин Медеркан менен чогуу отурушка барбагандыгымды,
аны менен чогуу бийлебегендигимди эстеп, өзүмдүн мококтугум үчүн өзүмдү жемелеп жаттым. Ичимден жумуш бүткөндөн кийин окууга киргенде алтынчы күнү айылга барып Медерканды отурушка чакырып ушундай жагымдуу музыканын коштоосунда бийлесем деп кыялданып жатсам, менин оюмду, -Эмне мынча катуу ойлонуп калдыңыз-деген Гулянын үнү бузуп жиберди. Мен эсимди жыйып, -Ооба музыкага абдан берилип кеткен турбаймынбы-
деп Гуляны жылмайып карап оюмду ага билгизбөөгө аракет кылдым. Ичимден татынакай кыз экен деп: -«Гуля сиздин эркелеткен атыңыз болсо керек?»-дедим.
Кыз мага, -Сиз туура айтасыз менин өз атым Гүлай, бирок баары Гуля дешет-деди. Мен толук билгим келип, -Сиз бул жерде окуйсузбу?-деп суроо бердим.-Мен техникумда окубайм. Ушул айылда жашайм. Мектепте онунчу класста окуйм-деди. Мени сырдуу тиктеп үнүн акырын чыгарып. Анан кайра мага суроо узатып:-«Сиз кайсы группада окуйсуз?» –деди. Мен: -Жыйырма бешинчи группада, агрофактын экинчи курсунда окуйм. Окууга быйыл эле өткөмүн-деп толук жооп бердим.Ангыча тангонун музыкасы бүтүп, музыка көңүлдүү ойнолуп, берки экөө да кошулду. Бий учурунда менин көзүм менен Гулянын көздөрү тиктеше түшүп жатты. Үч төрт жолу катары менен бий бийлегенден кийин кайрадан тангонун музыкасы башталды. Мен Гуля менен эми берки балдар бийлесин дегендей кылып, четке отургучтарды көздөй басканда Гүлай да жаныма келип отурду. Мурат менен Кадырбек башка эки кыз менен бийлей башташты. Мен Гүлайга: -Эмне бийлеген жоксуз,- десем Гүлай
#23 23 August 2015 - 15:02
-Эмне бийлеген жоксуз,- десем Гүлай: -Жөн эле эс алып отургум келди,-деп жылмайып койду. Аңгыча жаныбызга бир кыз басып келип:, -Саламатсызбы,
-деп учурашып калды. Гүлай: -Менин классташ кызым-деди. Мен ордумдан тура калып; -Келиңиз таанышып алалы, Бекказы-деп колумду сундум.-Жамал,
-деп кол алышты. Жамалга орун көрсөтүп, -Келиңиз отуруңуз,- дедим. Жамал отургандан кийин Гүлайды карап, -Үйгө кетпейлиби?
Кирбей калып жүрбөйлү -деп күлдү. Гүлай: -Кетсе кетели мен сени качан келет деп күтүп жаттым эле–деп ордунан козголгондо мен да алар менен кошо туруп, арттарынан ээрчий бастым.-Сиздер макул болсоңуздар узатып койойун,- дедим.-Мейлиңиз-
деп мени караганда көздөрүбүз тиктеше түштү. Гүлай уялып кетти көрүнөт көзүн ала качып, башка жакты карап кетти. Жамал ачык айрым кыз көрүнөт: -Жакшы болот жүрүңүз анда-деди. Биз клубдан чыкканда, ай караңгы экен, көзгө сайса көрүнгүс болуп эч нерсе көрүнбөйт. Бир азга аярлап акырын баскандан кийин көздөрүбүз көнө түшүп, кишилер басуучу тратуар менен басып отуруп, чоң жолго чыктык. Мурат менен Кадырбек артыбыздан келеби десем алар көрүнбөйт. Бийге алаксып калышкан окшойт. Тегеректеги үйлөрдүн жарыгы менен чоң жол анча караңгы эмес экен. Чоң жол бир саатча мурда ар кандай түскө бөлөнүп турган. Эми жаратылышты текши карартып үп болгону менен жай басып бара жаттык. Бир топтон кийин Жамал сөз баштап,-Эмне эле экөөңөр ойлонуп, сүйлөбөй калгансыңар?
,-дегенде мен жигит туруп унчукпай бара жатканыма, сөз мага тийгендей тынчсыздана түштүм. -Биз бүгүн окуудан тарап алма үзгөнү Беловодск айылынын четиндеги алма бакка бардык. Эртең дагы алма үзгөнгө барабыз-дедим сөз баштамака, алар сурашпаса деле. Жамал: -Алманы качан үзүп бүтөсүңөр? –деди. -Билбейм качан бүтөөрүбүздү,
алма бак чоң экен, бүгүн эле баштадык. Дагы бир топ күн үзөбүз го,-дедим. Гүлай эмнегедир сөзгө аралашпай, ойлуу басып бара жатты.-Сиз кайсы жерден болосуз?- деп Жамал сураганда, -Жетиөгүз районундагы Даркан айылынан болом-дедим.
Жамал: -Бул жер сизге жактыбы?- дегенде, -Жакшы жер экен жаңыдан таанышып жатам.-Биз да келип калдык, бул менин үйүм, тиги көк дарбаза Гүлайдын үйү-деп маңдайымдагы төрт бөлмөлүү, андан кийин эки үйдөн кийинки чоң үйдү көрсөттү да,-жакшы барыңыз узатканыңызга чоң рахмат,-деп Жамал коштошкону колун сунганда, аны менен кол алышып жатсам, Гүлай да, -Жакшы барыңыз,-деп колун сунду.-Жакшы калыңыз-деп колун кармадым. Жамал чуркаган бойдон үйүнө кирип кетти. Гүлай дарбазасынын жанына жеткенде артына кылчайып, мен жакты карап алды да, дарбазасынан кирип көрүнбөй калды. Мен жолдо келе жатып Гүлайдын мүнөзүнүн өзгөрө түшкөнүн, адегенде Мурат менен бийлеп жатканда жаркылдап күлүп, сүйлөп жатса, андан кийин мен барганда көп сүйлөбөй күлбөй токтоо болуп, калганын ойлоп бара жаттым. Эмнегедир бат баттан экөөбүздүн көздөрүбүз тиктеше түшүп жатканын андан кийин жолдо келе жатканда такыр сүйлөбөй өзүнчө ойго чөмүлгөнүнө түшүнбөй жаттым. Өзүмө суроо берип, «менин жанымда жүргөндү жактырган жокпу?»-деп кайра ага бат эле жооп бердим. «Андай болсо Мураттар менен бийлеп менин жаныма жолобой койбойт беле, өзү жаныма келип отурбадыбы,
узатып койойун десем макул болбодубу, анан коштошуп жатканда эмне үчүн жалооруй карап, рахмат жакшы барыңыз деп дарбазасынан кирерде эмне үчүн кайрылып, мен жакты карады», деп Гүлай экөөбүздүн тиктеше түшкөнүбүздү элестетип эмне себептен экөөбүз жакшы мамиледе болуп калдык. «Гүлайды жакшы көрүп калдымбы, эмне үчүн аны ойлоп жатам», деген ой келип кайра «жок менин сүйлөшкөн кызым бар андай болууга мүмкүн эмес, мен Медерканды алдоого акым жок», деп ал ойду ойлогондон коркуп кетип, бирөөнүн алдында убада берип жаткансыдым.
Жатакананын алдына келгенде үчүнчү этаждагы өзүмдүн комнатамдын жарыгы күйүп турган экен. Балдардын келишкенин билип, үчүнчү этажга өзүм жашаган 305-комнатага кирсем, Мурат менен Кадырбек чай кайнатып жаңы эле ичкени жатышкан экен.-Ой Беке кел, Гүля менен ээрчишип эле болбойсуң–деди Мурат. Мен андан Гүляны тартып кеткендей болуп тынчсыздана түштүм.-Муке мен Гүля менен Жамалды үйлөрүнө чейин узатып койдум, сен Гүляны тартып алат деп коркпой эле кой, менин айылда сүйлөшкөн кызым бар –дедим актангандай костюмумду чечип кийим илгичке илип жатып.-Жок Беке сен менин оюмду түшүнбөй калдың, мен деле Гүля менен жаңы эле таанышпадым беле жөн гана Гүлянын сени жакшы көрүп калганын айтып жатам. Туурабы Кадырбек–дегенде Кадырбек: -Туура. Чын эле Гүля сени жакшы көрүп калды окшойт-деп Муратка кошула кетти. Алар айтканда мага да ошондой ой кетип, бирок билмексен болуп:-Эмне бийлеп чогуу басып койсо эле, жакшы көрүп калмак беле? –дедим столго отуруп жатып.-Жок- деди Мурат –сен байкабай калган турбайсыңбы,
бийлеп жатканда сени кечке тиктеп атканын, анын үстүнө биз бийге чакырсак болбой, сенин жаныңа отуруп албадыбы!
.Аңгыча Кадырбектин айылдашы биз менен окуган Жаныш кирип келип, биз менен отуруп калганда, сөзүбүз башкага бурулуп эртеңки жумуш туурасында сүйлөшүп, чай ичилип бүткөндө, Жаныш өз комнатасына кетип, биз уктаганы жаттык.Биз күн сайын эртеден кечке алма бакта иштеп кечинде жатаканаларыбызга келип, жакшы кино болгон күнү киного барып, чарчаган күнү киного да барбай жатып алчубуз, же китеп окуучубуз. Биз алтынчы күндөрү да иштегенибизден,
дем алыш күнү гана бош болуп, айылга барып келүүгө үлгүрө албагандыктан,
кирлерибизди жууп, жатаканаларыбызда болчубуз. Жакын жердегилер гана үйлөрүнө барып келишээр эле. Мончого барганда шейшеп, платенсаларыбызды ала барып, алмаштырып келээр элек. Биз убакыт өткөн сайын үйлөрүбүздү сагынып, айылыбыз, үй-бүлөөбүз,
тааныштарыбыз жөнүндө бири-бирибиз менен сүйлөшүп калар элек. Алма бакта иштеп жаткан студенттердин ичинен биздин 25-группа эң алдыда бараткандыгыбызды,
биз жыйырма бир тонна алма өткөргөндүгүбүзү кечээ Ольга Павловна айтып барыбызды мактаган. Алма бак чоң болгондуктан,
дагы көп үзүлө элек болчу.Октябрдын ондору болуп калган, түшкү тамак маалына жакындап калганда техникумдун директору Амантуров сөз сүйлөп жалпы алма бактагы иштер туурасында бүгүнкү күнгө чейин канча алма үзүлгөндүгүн,
кимдер кандай иштеп жаткандыгын айтып, 25-группа биринчи орунду алгандыгын,
15-группа экинчи орунду, 27-группа үчүнчү орунда баратышкандыгын айтып, бизге ыразычылыгын билдирди. Жумушка келбей качып кеткен эки студент окуудан чыгарылгандыгын,
кээ бир группалардын начар иштеп жаткандыгын айтып, кураторлордон тартипти катуу кармап иштетүүсүн талап кылды. Ольга Павловнага жана эки мугалимге жакшы иштеткендери үчүн сыйлыктарды тапшырды. Чогулуш аяктагандан кийин күндөгү калыбыбыз менен тамактарыбызды ичип алып жумушка кириштик. Алма бактагы жумуш октябр айынын аягында бүттү. Ноябрдын төртүнө чейин окуп, майрамга карата ноябрдын онуна чейин каникулга тарадык. Мен бешинчи ноябрда айылды көздөй жолго чыктым. Техникумдан шаарга чейин эртең мененки саат жетиде автобус кетүүчү. Аялдамага келсем автобус туруптур, ичинде бир топ кишилер бар экен. Тааныш балдар жолугуп калып, алар менен сүйлөшүп отурдук. Баарынын көңүлдөрү ачык, маанайлары жакшы болуп, үйлөрүнө баратканга кубанып жатышкандай,
үйлөрүнө көптөн бери барышпаганга,
үйлөрүн абдан сагынышканы,
алардын сөздөрүнөн эле билинип турду. Автобустун ичи жык жыйма болуп толгондо, шофёр белет алып бүткөндөн кийин автобус шаарды көздөй жылып жөнөдү.Көңүлдөрү куунак студенттер автобус жылары менен ырдай башташты. А мен айылга баратканга кубанычым койнума батпай, айылдагыларды эстеп, аларга жолукканча шашып жаттым. Мага автобус өтө эле жай жылып бараткандай сезилди. Мурда үйдөн мынча убакыт башка жакта жүрбөгөнгө абдан сагынган элем. Каракол шаарына келип, ал жерден эч жакка бурулбастан,
өз айылыма кетүүчү автобуска түштүм. Айылга келгенде түш ооп калган эле. Кеч күз болуп калгандыктан,
дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, кичинекей эле жел аргы болсо аны менен кошо учуп жерге сабалып түшүп жаткан учуру эле. Жердин бети жалбырактарга толуп, күн суук тартып, күн так маңдайда турса дагы жеңил кийинип алгандыктан,
бир аз чыйрыктырып жалбырактарды учуруп жаткан жел аргы, башымдагы калпагымды учуруп кетчүдөй болуп жаткандыктан баса кийип алдым. Колумда үйдөгүлөргө алып алган таттуу салынган баштыгым бар эле. Автобустан түшүп басарым менен баягы окуудан жаңы өтүп келаткандай болуп, өз айылымдын абасынан ач көздүк менен терең дем алып кере жуткан соң, өзүмдү жеңилдей түшкөндөй сезип, арышымды кенен таштап басып жөнөдүм. «Туулуп өскөн жериңдин баркын алыс чыкканда билесиң», деген туура белем. Айылда жүргөндө эрен-төрөн албаган айылым, анын көчөлөрү, ал тургай ар бир үйлөрү көзүмө кооз көрүнүп, алдымдан чыгышкан эли, бир туугандай сезилип, ар бири менен ал жаным калбай учурашып жаттым. Үйдүн жанына келгенде Куркук ээр токумчан дарбазанын кире беришинде байланып турган экен. Атамдын түшкү тамака келип, үйдө отурганын билдим. Дарбазадан кирерим менен Кумайык куйругун шыйпаңдатып эркелеп тосуп алды. Койлор кезүүгө кеткен окшойт, уйлар ордуларында байлануу турган экен, огороддогу алмалар үзүлүп, картошкалар казылып баары жыйылыптыр.
Жакында өзүм үйүп кеткен үймөктөрдөн башка бир үймөк чөп, бир үймөк саман үйүлүптүр. Короодон андан башка деле өзгөрүүлөрдү байкай алган жокмун. Ичимден огородду сугарып, кышка карата короо жайдын жыртык тешигин бүтөп, каникул учурунда оңдоп коюну ойлодум.Үйгө кирсем ата-энем карындаштарым самоорду ортого коюп, чай ичишип жай баракат отурушкан экен. Мени көрө коюшуп карындаштарым тура калышты. Баарыбыз бири-бирибизди сагынышып калган экенбиз, кучакташып,
өбүшүп учураштык. Чай ичилип бүткөнчө черлерибиз жазылганча аркы беркини сурашып сүйлөштүк. Үйдөгүлөр айылдагы жаңылыктарды айтып беришти. Мен да уккан көргөндөрүмдү айтып бердим. Ата-энем чабыр койлорду өткөрүп айылдагы үйгө көчүп келгендерине жарым айдан ашып калыптыр. Атам колхоздун ар кайсы жумуштарында иштеп жатыптыр. Чайын ичип алып жумушка кетти. Көзүмө атам жүдөй түшкөндөй көрүндү, сакал муруту өсүп өңүнөн аза түшкөндөй. Энем оорукчан болуп калгандыктан,
баскан турганда өпкөсү кышылдап араң эле кыймылдап жатты. Карындаштарым мектепте окуп жатышыптыр.
Алар да колхоздо алма үзүп, картошка терип иштешип, жаңы эле окууга киришиптир.
Үйдөгүлөр Вера эжемди төркүлөтүп чакырып алабыз деп камынып жатышыптыр.
Жамал эжем менен жездем жакында келип кетиптир. Алар да жакшы жатышыптыр,
Конокказы абамдан кат келип атыптыр. Ал аякы катында отпускага барбай эле, бир жолу кийинки жылы ноябрда армияны бүткөндө эле бармай болдум деп жазыптыр, анын каттарын окуп чыктым.Ошентип үйдөгү жаңылыктарды угуп санаам тынгандан кийин Медеркан оюма түшүп, келе элек жатып үйдөн кайра чыгып кеткенден уялып, кечке чейин эптеп чыдап, кечинде барууну чечтим. Менин ойлонуп отурганымды көрүп энем,-Ээ балам эмне санааң бар, деги дениң сак, окууларың жакшыбы, окууларың орусча болуп кыйналбай элесиңби?-деди мени жашырып жатабы деп билгиси келгендей. Мен чоң энем өлгөндөн кийин чоңойо түшкөнгө, «жеңе», дегенден уялып, энемди мамаша деп эркелетип койор элем.-Мамаша эч жерим оорубай эле, деним сак, окуулар болсо жакшы, анын үстүнө көп деле окуган жокпуз, жумушта жүрүп, андан көрө өзүңүз кандайсыз эмне үчүн дем алганыңыз оорлоп кыйналгандай болуп жатасыз, -десем, энем мени аянычтуу карап:-Аа, балам, баягы катуу ооругандан кийин эле, ар кайсы жерим көп ооручу болбодубу. Деги өпкө жүрөгүмдүн соо жери жок окшойт, буту колумдун да шишиги көбөйө баштады, -деди үшкүрүнүп.-Мамаша майрам бүткөндөн кийин доктурга көрүнбөйсүзбү,
ооруңуз күчөп кетип жүрбөсүн –дедим жаным кейип.-Жок балам доктурга барган менен үй жайды ким карайт, атаң таң күнү талаада жүрсө, кыш күрөө кирип келе жатса, Вера эжеңди төркүлөтүп чакыра элек болсок, анын үстүнө таанышы жок доктурлар деле жакшы карабайт дейт. Дары алып үйдөн ичип этият болсом айыгып кетээрмин-деди.
-Анда өзүңүзгө этият болуңуз, кудай буюрса окууну бүтүп келсем даарылатам –дегенге энем:-Тилегиңден алдыңа кетейин Гекиним айыга түшкөндөй болбодумбу,
-деп күлүп жиберди. Короого чыксам Алиман, Калиман, Жаңылкан, Света төртөө гөң ташып жатышыптыр.
Аларга аралашып иштеп кеттим. Жээктеги сарайдан чаап келген көңдү убактылуу көчөгө үйүп коюшкан экен, аны менен үйдөгү көңдөрдү кошкондо кенен эки машинага толуп бир чоң үймөк болду. Биз көңдү үйүп малды тейлегенче кеч кирди, жуунуп тазаланып алып көчөгө чыктым. Түз эле Мураттын үйүнө барсам, ал огородун сугарып жаткан экен. Мени көрө коюп:-Оо, Беке кел, кандай, качан келип калдың?-деп күлө карап басып келди.-Өзүң кандай, жакшы жүрөсүңбү-деп колумду сунуп утурлай бастым. Экөөбүз да көптөн бери көрүшпөгөнгө сагынышып калган окшойбуз, кучакташып учураштык. Мурат үйү жакка жетелеп: -Жүрү үйгө шашпай отуруп сүйлөшөлү, мен азыр чечине калайын–деп резинка өтүгүн чечип, колу-бетин жууна салды. Мурат экөөбүз ээрчишип үйүнө кирсек, Абдырай абышка менен Төйтө чоң эне үйүндө экен. Саламдашып учурашып ал жайларыбызды сурашкандан кийин, бир жакка барат элем дегениме болбой абышка кемпир чай ичкенге мажбур кылды. Сакалдуу кишилердин сөзүн кыя албай отуруп калдым. Абдырай абышка мага кайрылып:-Эмне окуудан окуп жатасың, балам?-деп сурап калды.-Агрономдун окуусун окуп жатам-десем,
Абдырай абышка:-Бали,
жарайсың балам, абдан жакшы окуудан окуп жаткан турбайсыңбы,
агроном бул өзү абдан жакшы кесип, мен дагы убагында агроном болуп иштегемин-деп сөз баштап келе жатканда:-Чоң ата биз Мурат экөөбүз бир жакка баралы деп шашып жаттык эле, ал жөнүндө кийин шашпай сүйлөшөөрбүз,
уруксаат берсеңиз биз кете берели,-дедим.
-Анда мейлиңер балам-деди. Биз куюлган чайыбызды иче калып туруп кеттик. Мурат кийинип чыкканча мен дарбазанын жанында күтүп турдум. Биз көчөгө чыкканда караңгы киргени менен ай жарык болуп, ай аркан бою көтөрүлүп калгандыктан,
айланабыз көрүнүп турду. Тыш чыкроондоп суук болуп калган эле. Мурат бир аз баскандан кийин:-Ой, Беке эмне мынча шашып, деги кайда барабыз?-деди.
Мен ага:-Муке ата-энеңдин көзүнчө айта алган жокмун Медерканды көрбөгөнүмө көп болду, учурашып келсекпи дедим эле.-Ой, түз эле сагындым дебейсиңби?
-деп күлдү.-Ооба,
эми ыраазысыңбы-
дедим. Экөөбүз жолдо карата бири-бирибизге буга чейинки көргөн билгендерибизди айтып Медеркандын үйүн көздөй шыпылдай басып бара жаттык. Менин жүрөгүм акылдап Медеркан менен адеп таанышкан күнкүдөй болуп турдум. Мурат менен сүйлөшүп келатканым менен оюм Медерканда болуп, кантип учурашам, сөздү эмнеден баштайм, деп ойлонуп келе жаттым. Мурат экөөбүз клубка жеткенибизде клубдун ичи-тышы жарык болуп оозунда балдар топтошуп турушуптур.
Мурат мага кайрылып:-Жүрүчү Беке тиги балдарга учураша кетели, кимдер болду экен-деп калды. Биз аларга кайрылып барып учурашсак, өзүбүз теңдүү балдардан эч кимиси жок экен. Киночу Өмүрбек белет сатып жатыптыр. Биз андан ары жөнөдүк, эки үч квартал өткөндөн кийин астынкы көчөгө түштүк. Медеркан жашаган Кубандын үйүнүн терезесинде жарык күйүп турат.- Менин жүрөгүм туйлап чыкты. Муке кандай чакырабыз же түз эле барып Кубанга келдик десекпи-деп Муратка суроолуу кайрылдым. -Түз эле барып Кубанды чакырабыз. Анан ылайыгы келип калса өзүнөн деле чакыртып алабыз-деди камаарабай.
Мен күнөөсү бар кишидей болуп, Мураттын артынан бастым. Биз үйүнүн жанына келгенде, Мурат Кубанды чакыра баштады, бир-эки жолу ышкырып «Кубан» деп кыйкырганда эшик ачылып, бир кичине бала баш бакканда «Кубан барбы, чакырып койчу?»-дедик.
Ал унчукпай кайра кирип кетти. Мурат мени карап: -Кубан үйдө экен, баары жайында болот. -Ой, кандайсыңар!
Кайдан адашып, жүргүлө үйгө киргиле-деп күлүп жайнап учурашып тосуп алды. Биз аны менен кол алышып учурашып:-Рахмат үйгө кирбей эле, тышта сүйлөшүп туралычы. Жөн эле учурашалы деп эле–дедик. Адегенде эле Медерканды сурагандан уялып, Кубан менен өткөн-кеткенди сүйлөшүп тургандан кийин менин чыдамым кетип:-Кубан Медеркан кайда? Аны менен учурашсак болобу-дедим.
Кубан менин жылмалап сүйлөгөнүмө күлкүсү келген өңдүү:-Беке Мурат экөөңөрдүн эмне үчүн келгениңерди жана эле билгемин, классташ болгон күндө да айылдын башынан ушундай суукта түн катып, чынында келмек эмессиңер, силерге оозум батып айта албай турдум эле Медеркан бүгүн окуудан тарагандан кийин үйүнө кеткен-деди өзүн күнөөлү сезгендей. Мен кейигенимди билгизбөөгө аракет кылдым.-Кандай жүрөт, окуулары жакшыбы-дедим.
-Жакшы, жакшы жүрөт, окуп жатат, окуу башталгандан бери үйүнө бара элек болчу. Ата-энесин, бир туугандарын сагынган окшойт, анын үстүнө беш күн каникулга тарашпадыбы,
үйүндөгүлөр күтүп калышабы деди окшойт-дегенде Мурат:-Жүрү Беке көп кайгырбай эле кой, кийин деле жолугушасың да –дегенде мен Кубанга:-Медеркан келгенде менден салам айтып кой, атайы учурашканы келип таппай кетти де, макулбу менин окуум жакшы, жакшы жүрөм, биздин окуубуз да он биринде башталат, бу сапар жолугуша албай калам го, болуптур анда салам айтканды унутпа-дедим.
Кубан менен коштошуп, жолдо келе жатканда «соодасы бүткөн сарттай» болуп сабырым суз тартып, кабагым салаңкы келаттым. Медеркан менен жолугуша албай калганга сагынычым ого бетер күч алгансып, канчалык Мурат менен сүйлөшүп алаксыгым келгени менен Медеркандын элеси көз алдымдан кетпей жатты. Асманда толгон ай калкып жерди жапжарык кылып жердеги майда таштардан өйдө көрүнүп турганы менен күндүн арты карарып кара булут асманды четинен баштап бүркөлтө баштады. Салкын соккон жел аргы шамалга айланып, суук боло баштады. Мурат үйүнүн жанына жеткенде эртең жолугушмай болуп калып калды. Мен үйгө келгенде терезенин жарыгы өчүп үйдөгүлөр жатышкан экен. Акырын үйгө кирип дабыш чыгарбоого аракет кылып, үйдөгүлөрдүн тынчын албайын деп бутумдун учу менен ички үйгө кирип баратсам энем:-Балам келдиңби мештин үстүндө тамак турат, жылуу болсо керек ичип ал,-деди. -Макул-деп бөлмөмдүн жарыгын күйгүзүп, энем айткан тамагын өзүмдүн бөлмөмө алып кирип ичип алып, салынуу турган төшөгүмө жатып алдым. Бирок уйкум келбей Медеркан оюмдан чыкпай кайра-кайра көз алдыма келип, кусалыгым артып, ары-бери ооналактап жата албай койгондо жарыкты күйгүзбөстөн төшөгүмө отуруп Медеркандын артынан издеп баргым келип, анын жери алыс болгонунан да издеп барсам үйүндөгүлөр билип калса Медерканды урушаарын ойлоп, кайра баруудан баш тарттым. Эгер ноябрдын онунан калып күтсөмчү ага да жооп табылды. Анда ата-энеме эмне деп айтам баарына онуна чейин тарадык деп койбодумбу,
жок мындай кылууга да болбойт. Окууга барып эптеп бир жума чыдап кийинки алтынчы күнү кайра келүүдөн башка жол таба албай койдум. Ооба, ушундай кылуудан башка аргам жок деген бүтүмгө келдим, андан башка аргам жок болчу.Шамал уңулдап терезеден угулуп жатты. Бир кезде терезени черткилеп мөндүр жаап кирди. Уйкум такыр келбегендиктен акырын туруп, жарыкты күйгүзүп алып «Асылкечим» деген ырды жаза баштадым.Гүлсүңбү көк шиберде жалгыз өскөн,Күнсүңбү жан дүйнөмө жарык берген.Же болбосо асылсыңбы кол жетпеген,Деги кимсиң дайым эстен кетпеген.Жүрөк согуп турган кезинде,Сени эстебей жашоо болбойт өзүмдө.Тагдырыма тартуу кылып бир сени,Саргайтууга жаралдыңбы периштем.Өңдүү,
түстүү сендей жок деп айта албайм,Анча деле сулуу эмессиң келишкен.Дайым эле эстен чыкпай калгандай,Канга сиңип калгансыңбы капырай.Сен турганда эч кимди мен сүйбөсмүн,Бир сен үчүн көңүл ачып күлөмүн.Тартып алган ой дилимди өзүмдөн,Асылкечим бир өзүңдөй көрбөдүм.Ырды жазып бүткөндө адаттагыдай эле жеңилдей түшкөндөй болдум. Тышка чыккым келгенинен короого чыксам, биринчи кар жаап жаткан экен. Асманды карап карга бетимди тостум, аппак жумшак карлар келип бетиме тийгенде эрип кетип жатты. Аппак карлар акырын табыш чыгарбай асмандан учуп түшүп айлана чөйрөнү аппак түскө боёп, жумшак апаппак болгон учкундары менен жабып тазартып жатты. Асманды бир топко карап турганда аппак кар бетиңди назик сылагандай болуп жуугандан кийин сергий түшүп, короодогу малды бир сыйра карап ары-бери басып бир азга жүрдүм да, чыйрыга баштаганда үйгө кирдим. Эртең менен күндүн нуру бетиме тийгенде гана ойгондум. Жылуу төшөктөн тургум келбей бир азга жатып тыштагы мал эсиме түшкөндө гана тура калып керилип-чоюлуп кийимдеримди арыдан бери кийине салып тышка чыктым. Кар тушардан жааптыр. Асман көпкөк болуп ачылып күн бир топ көтөрүлүптүр.
Үйдөн жаңы чыга калганда көзүм аппак кардан карыга түшүп көнө түшкөндөн кийин тарап кетти, тал-терек, алма бактын бутактарынан бери кар болуп бутактары ийилип ылдый самсалап баары аппак тон кийип алышкандай болуп теребел аппак карга чүмкөнүп кыштын кирип келгенинен кабар берип турду. Үйлөрдүн үстүндөгү карлар эрий баштаганга бирин-серин тамчылар тып-тып этип таамп жатты чымчыктар кече эле жер кара болуп каалаган жеринен жжем таап жүрсө бүгүн жердин бетин аппак кар жаап калаганга жем таап жей алышпай, малдардын жаткан жерлери карарып калса коно калып, бири-биринен жем талашып кара курсактын айынан булар да жансактоо үчүн чырк-чырк этип бири-бири менен сүйлөшүп жатышкандай,
учуп конуп жем издеп жүрүштү. Үйдөгүлөр менден мурда турушуп малдардын алдын күрөшүп чөп салып коюшкан экен. Чөптөрүн жеп жатышты мен кечирек турганга уяла түшүп күрөктү ала коюп короонун карын күрөй баштадым. Короонун жарымына жетип калганда Алиман эшикти ачып :-Аба сизди чай ичип алсын дейт-деп чакырып калды. Ага: «макул, азыр барам» деп коюп кызып калгандыктан карды жеңил сузуп, алыс ыргытып күрөп жаттым. Быйылкы биринчи кар болгондуктан,
кызыгып күрөп өзүм орто бойлуу болгонум менен, денем чымыр тартып, чарчаганды билбей күчкө толуп турган убагым эле. Өзүм курактуу узун бойлуулар да мага даап көп тийише алчу эмес. Тийишкендин катыгын берчүмүн.Жакында эле техникумдан өзүм менен чогуу окуган группалаш бир баланы үчүнчү курстун бир баласы сабап койгондо ага болушуп ал баланы сабап койгом. Бат эле короонун бир топ жерин күрөп жибердим, Атам чыгып: -Балам тер карышат. Үйгө кирип чай ичип алчы. Жылуу кийинип алып күрө, аз эле калган турбайбы-дегенде гана күрөгүмдү жөлөп коюп үйгө кирдим. Ал күндөрү короонун, мал сарайлардын карларын күрөп, малдарды тейлеп, отун сууларын камдап эч жакка чыкканым жок. Кечке жуук гана жумуштарым бүткөндө Мурат менен бир-эки саатай сүйлөшүп олтуруп, кайра келип үйдө болчумун. 7-ноябрь майрамында кар жаап салгандыктан көлдүн жээгинде ат чабыш, улак тартыш, кыз куумай өңдүү чоң оюндар болбой калды. Мурда андай оюндар болуп жүргөнүнө көнүп алган эл аттарына жасалгалуу эр токумдарын токунуп, көчөлөрдө топтошуп ары-бери бастырып жүрдү. Мектептин короосунун бир топ жерин күрөп жиберишип тыйын эңмей, ат оодарыш, күрөш, аркан тартышмай оюндарын уюштурушту.
Балдар үчүн күндүз беш тыйындан кинолор болду. Эл көчөлөрдө кызыл-тазыл кийинип алышып адаттагыдай эле майрамдап жүрүштү. Көчөлөрдө кызыл-тазыл желектер, ураандар илинип, радиолор ырдап, айылдын ичи шаңга толуп турду. Телевизордон айылдардагы,
район, облустардагы,
Фрунзедеги параттардын өтүп жатканын көрсөтүп жатышты. Көчөлөрдүн кары эрип, кар жааганы майрамга көп деле таасир кыла алган жок.Мен эртең менен малды тейлеп коюп таза кийимдеримди кийинип алып көчөгө чыгып теңтуштарыма жолугуп, алар менен майрамдап жүрдүм. Мектептеги оюндар тарагандан кийин кечинде болуучу отурушка камылга көрүп, акча чогултуп керектүү тамак- аштарды камдадык. Кечке жуук үйлөрүбүзгө тарап караңгы киргенде отуруш берүүчү үйгө чогулмай болдук. Кыздарды отурушка чакырып келүүнү, дүкөндөрдөн соода кылууну айылда жашаган теңтуштарым моюндарына алышкандыктан,
мен үйгө эртерек келип, үйдөгү оокаттарды жасап, кечинде Мурат менен аркы беркини сүйлөшүп отуруп, караңгы киргенде гана отурушка бармакмын. Мурат экөөбүз эки башка кампанияда элек. Демек отурушка эки башка отурчубуз. Кампания деген ар кайсы класстан чогулган ымаласы жакындар отурушка бирге отуруп, бирге кеңешип, жумуштары чыгып калса бирге жасап, ал тургай балдар тийишсе бирге мушташып дайым чогуу жүрүшкөн балдарды бир кампания деп коюшар эле. Отурушка барар убакыт чукулдаганда Мурат үйүнө кетти. Мен ата-энемден суранып алып караңгы кирип калганда үйдөн чыктым. Караңгы киргени менен ай жарык болгондуктан,
кар жааганга ого бетер жарык болуп, ийне түшүп кетсе көрүнчүдөй болуп турган. Айылдын ар кайсы жеринен ышкырыктар чыгып экиден-үчтөн болуп отурушка баратышкан кыз жигиттер алдымдан чыгышканда тааныгандарым менен учурашып жаттым. Күндүз күн тийгенге бир аз жылуу болгону менен түн киргенге кардын кекери менен суук болуп, кулак мурунду тызылдатат.
Бүгүнкү отурушту Тукелең бермек, анын үйү көп алыс эмес болгондуктан бат эле жетип бардым. Үйүнүн терезелеринин баарынан жарык күйүп, музыканын үнү кошулуп үйдүн ичиндегилердин бакылдашкандары тышка чейин угулуп жатты. Короодо самоор кайнатып эки кичирээк бала жүргөн экен. Алар менен саламдашып үйгө киргенде плитада от күйүп казан кайнап, конок узатуучу келин-кесектер столдо бир нерселерди туурап жатышыптыр.
Ички бөлмөдө магнитафондун,
ага кошулуп балдар кыздардын шарактаган үндөрү угулду. Оозгу үйдөгүлөр менен учурашып ички үйгө киргенде:-Оо,
кел, кел, эмне кечигип жүрөсүң штрафной куюш керек- дешип дуулдап калышты. Аларды майрамдары менен жалпы куттуктап, учураша электер менен учурашып дасторконго отурдум. Дасторкондун үстүндө түркүн тамак-аштар жайнап, винолор куюлуп туруптур. Тамак ичкендери тамак ичип, ырдагандары ырдап, сүйлөгөндөрү сүйлөп жатышты. Жалпы оюн ойнолордо гана кыжы-кужу токтоп, жалпы оюндун кызыгына батышты.Ал кезде отуруштарда мындай оюндар ойнолоор эле; бузук телефон, тыйын тиштешмей. Бузук телефон оюнунда балдар- кыздар катар отуруп алышып башындагысы бир сөз айтса бири-бирине шыбырашып аягына чейин айтыш керек. Эгер ким чала угуп айтылган сөздү өзгөртүп жиберсе ал ырдап берчү. Тыйын тиштемей оюнунда болсо катар отурган балдар-кыздар четинен баштап бири-биринин оозунан бир тыйындыкты тиштеп алып четине чыкчу. Ошондуктан катар отурушканда бир бала бир кыз болуп аралаш отурушчу. Тыйын тиштемей ойногондо кичинекей бир тыйындыкты эркек балдар кичине эле четин чыгарып, катуу тиштеп алышканда кыздар эркек баланын оозунан тыйынды тиштеп ала албай абдан кыйналышчу.
Эгер аны аткара албаса, отургандар канча ыр ырдап бер дешсе ошончо ыр ырдап берүүчү. Ал күнү отурушка карындаштарым Алиман менен Калимандын классташ кыздары келишкендиктен,
тартынып көп аралаша албай отурдум. Анын үстүнө Медеркандын отурушка келбегенине да өкүнүп жаттым.Мен ичкилик ичкенди жаман көрчүмүн. Менин ичпегенимди билген балдар ичкиликке кыйнашчу эмес. Кээ бир ичкилик ичип кызып алган балдар ар кайсыны сүйлөп тажатып жибергендиктен,
ичпеген балдардын жанына отурууга аракет кылчумун. Уят сөз айтып сөгүнүп, сагынып бирөөлөргө тийишчү эмесмин, кайра бирөөлөр уят сөз сүйлөп бирөөлөргө тийишип жатса, калыс сөзүмдү айтып четтен чыкканын тыйып койчумун, менин ырга шыгым жок болчу. Айрыкча кыздар ыр чыны сунганда ырдай албай абдан кыйналчумун.
Бирок бирөө жакшы ырдаса абдан кызыгып угуп, ыр, музыка уккандан тажачу эмесмин. Музыкалык аспаптарды да черткенди билчү эмесмин, кичине чакта бардык музыкалык аспаптардын түрлөрүн үйрөнөм деп аракет кылып үйрөнө албай койгомун. Акыры үйрөнө албасыма көзүм жеткенде магнитафон,
радиоприемник алдырып алып айылды кыдырып пластинка жыйнап, толгон ырларды магнитофонго жаздыргамын,
жаздырган касеталарым бир чоң баштык болгон. Айрыкча индийский ырларды жакшы көрчүмүн. Музыкалык аспаптарды чертип ырдай албаганыма өзүмө нааразы болуп, чертип ырдаган элден эмнем кем деп далай бушайман болуп ызаланган күндөрүм болгон. Оңой ырдалган ырдан бир экини жаттап алып, ыр чыны келгенде ошолорду ырдап эптеп кутулуп кетчүмүн. Эгер ал ырларды мен ырдаганча бирөө ырдап салса, ыр чыны бүткөнчө тышка чыгып кетип кутулчумун.
Менин дагы бир кемчилигим абдан уялчаак элем. Кыздар менен тамашалашып сүйлөшкөндө кулагыма чейин кызарып кетчүмүн. Кээ бир өзүм теңдүү балдарчылап кыздарды өпкүлөп, кармагылап,
сыйпалай алчу эмесмин. Ал тургай тыйын тиштемей оюнунда тамашакөй кыздар тыйынды тиштеп туруп алып, «кана тиштеп алчы» десе ошону тиштеп алгандан уялып мурдумдан бери тердеп кулагыма чейин кызарчу. Өзүмдөн эки-үч жаш кичүү кыздарга сөз айта албай алардан абдан уялчумун. Анткен себебим өзүмдөн эки жаш кичүү карындаштарым болгондуктанбы же өзүмдүн эле уялчактыгымданбы билбейм.
#24 23 August 2015 - 15:03
Ал күнү отурушта ойноп күлүп олтуруп, таң атарга жакын тарадык үйгө жакындаганы калганда табышымды акырын чыгарып ата-энем угуп калбасын деп өтө кеч калганыма алардан коркуп калидордон эле бутумду чечип эшикти акырын ачып дабыш чыгарбай, бутумдун учу менен өзүмдүн бөлмөмө кирип баратканда энемдин: -Бери келчи?- деген үнү чыкты. Мен селт этип чочуп кетип: -Азыр- деп үн чыгарып, энемдин жанына барсам, энем үнүн ачуулу чыгарып: -Эмне эле мынча түн катып жүрөсүң!- деди. -Балдар отуруштан тараганы ушул болду- дедим күнөөлүдөй.
-Сен эмне ичкилик ичип жүрөсүңбү, болбосо мынча эмнеге жүрмөк элең?- деп дагы эле ачуусу тарабай. -Ичкилик ичпейм, ишенип коюңуз-дедим.
-Кана, келип үйлөчү, көрөйүн?-деп уурумду кармайын дегенсип каарданып, мен: -Уш-уш,-деп эки-үч сапар мурдуна үйлөгөндө ичкиликтин жыты жок экенин билди окшойт, ачуусу тарай түшкөнсүп: -Бар эми жатып эс ал. Сени күтүп санаам алда кайда кетип, көз ирмебей жаттым эле-деди.-Кечирип коюңуз эми мындай кечикпейм-деп коюп өз бөлмөмө кирдим. Ичимден энемди сар-санаа кылып кечигип жүргөнүмө өкүнүп калдым. Эртеси үйдөгү жумуштарым менен алектенип, ноябрдын сегизи майрам күн болсо да, үйдөн эч жакка чыкканым жок. Көптөн бери көрүшпөгөнгө сагынычым жакшы тарай элек болгондуктан ата-энем, бир туугандарым менен болгум келди. Анын эртеси да окууга кетүүгө камынып үйдө болдум. Ону күнү эртең менен техникумга окууга жөнөдүм. Медерканга жолукпай кетип баратканыма жумушум чала бүткөндөй болуп, кабагым салыңкы. Адам баласы ойлогон оюна дайым эле жете бербейт тура. Турмуш ушунусу менен кызык беле. Өткөндө айылга келатканда оюмда баары менен жолугуп көрүшмөкмүн.
Баарынан сагынычым тарап, черим жазылып, санаам жок кайра кетмекмин. Эми минтип жакшы көргөн адамдарымдын бирөөнө жолуга албай калып олтурбаймынбы.
«Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет», дегендей болуп техникумга окууга барыш керек болуп калды, барбай коюга да болмок эмес.Кар улам Караколго жакындаган сайын калың жааптыр. Күн ачык болгондуктан,
жолдун үстүндөгү карлар эрип, жолдон суу агып жатканга автобустун дөңгөлөгү чуңкурларга урунган сайын дөңгөлөктөн чачыраган суулар терезеге чейин чачырап жатты. Күндүзгү карлар эрип, күн жылуу болгону менен эртели кеч күн суук болуп, эл жылуу кийимдерге өтө башташкан. Каракол шаарына жеткенде үйдөгүлөр жылуу кийим алып ал деп берген акчага дүкөндөрдү кыдырып кийим кече алдым. Мурда эле бир колумдагы чоң баштыка нан, алма, варение, эт салып алган элем. Эми экинчи баштык кийим кечеге толуп, эки колум тең бошобой көтөрүнүп алып техникумга кетүүчү аядамага келдим. Ал жерден мурда өзүм көрүп жүргөн техникумда окуган студенттерге жолугуп, техникумдун автобусу келгенде ага түшүп алып жол тарттык. Техникумга барсам, мени менен чогуу жаткан балдар келише элек экен. Бир ачкыч өзүмдө болгондуктан комнатаны ачып кирип чай коюп ичип, өзүм менен чогуу окуган балдардын комнатасына барып, алар менен учурашып, аркы берки жаңылыктарды сүйлөшүп убакыттын кандай өткөнү билинбей калды. Күн кеч бешим болуп калган чендерде Кадырбек менен Мурат экөө чогуу келишти. Биз эртеси күнкү окууларыбызга даярданып комнатабызда болдук.Эртеси эртең менен окууга барсак группабыздагы балдардын баары барышыптыр.
Эч кимиси окуудан калбаптыр. Ичимден окуудан калбаганым туура болуптур деп ойлоп койдум. Экинчи пар бүткөндөн кийин группалаш балдар болуп залда сүйлөшүп турган элек. Мурат тыштан чуркап келип, мени балдардан бөлүп чакырып калды. Мен анын жанына басып барып:-Эмне мынча шашылыш болуп кетти- десем Мурат күлүмсүрөп эки колун артына алып турган эле. -Сүйүнчүсүн берсең көрсөтөм же болбосо көрсөтпөйм-
деди анын артына эмне катып турганына абдан кызыгып: -Ал эмне деги, маалкатпай көрсөтчү, сүйүнчүсү болот-десем Мурат үч бүктөлгөн катты сунду. -Өткөндөгү тансыдан таанышкан Гүлай деген кызды билесиңби, ошол кыз тышка чыксам баякы жолдош кызы менен туруптур. Чакырышкандарынан жанына барсам, сени сурашып, анан бул катты сага берип жиберишти-деди.
Катты алып алып төш чөнтөгүмө салдым. -Беке катты анан чогуу окуйлу, маакулбу-деди Мурат. -Макул-деп коюп терезеге барып тышты карасам, Гүлайлар көрүнгөн жок. Корпустун алдында студенттер ары-бери басып жүрүшкөн эле. Айлана-чөйрө аппак кар болуп фонтандан суулар акпай жансыз томсоруп, бак-дарактар да терең ойго баткансышып,
жел аргыга дирилдеп жандуу кыймылдаган жалбыраксыз турушкан эле. Звоноктун чырылдаган үнүнөн улам студенттер аудиторияларга кире башташкан. Мен терең ойго баткан калыбымда өзүмдүн группамдагы балдар кирип жаткан аудиторияларга кирдим. Үчүнчү пар эстетика сабагы болмок, балдар аудиторияга киришип жаңыдан эле тынчтанып отурушары менен этика сабагынын мугалими Карина Людмила Николаевна кирип келип, биз менен саламдашып,
ордуна барып журналды ачып баарыбызды толуктап бүткөндөн кийин жаңы тема өтүүгө киришти. Карина Людмила Николаевна жашы элүүлөргө барып калган узун бойлуу, арыкчырай, сулуусумак келген, жашы өтүп калса да мүчөсү келишкен, өз боюн таза, тыкан алып, дайыма жарашыктуу кийинип жүргөн, өз кесибине чындап берилген мүнөзү катуу мугалим эле. Ал сабагын өткөндө кызыктуу кылып көп мисалдарды келтирип жанталашып түшүндүрүүчү.
Студенттердин арасында кадыр-барктуу болчу. Ал дайым жыңалбаш жүрчү, чачын кыска тегиздетип тармалдатып алганы өзүнө жарашып турчу. Анын узун боюна жараша буттары каккан казыктай түп түз болуп, узун такалуу шиш така туфлийи жарашып калчу. Ал мугалимдер бөлмөсүнөн чыкканда эле, шиш така туфлисинин табышы залды жаңыртып аудиторияларга угулуп студенттер анын келатканын билип, тынчтанып отуруп калышар эле. Мен мугалимдин айткандарын конспектилеп дептериме жазганым менен оюм алда кайда кетип жатты. Чөнтөгүмдөгү кат көкүрөгүмдү ысытып жаткандай болду. Бул кыз катка эмнелерди жазды экен деген суроо оюмда кайталанып жатты. Сабак бүтөөрү менен жатаканага барып, киймимди чечинбестен,
чөнтөгүмдөгү катты алып чыктым. Тыкандап бүктөлгөн үч бурчтук катты ачып жатканда эле, жүрөктүн сүрөтү тартылып, ага жаанын огунун сайылып турганын көргөндө, жүрөгүм дүкүлдөп согуп, ууру кылып жаткандай болуп коркуп кеттим. Ангыча залдан келаткандардын дабышы угулуп катты кайра бат-баттан бүктөп чөнтөгүмө сала койдум. Мурат менен Кадырбек кирип келишип: -Ой, Беке мынча эмне кызара түшкөнсүң?-дешкенде эмне деп айтарымды билбей калдым. Мурат: -Бүгүн Бекем үчүн чоң сюрприз болду. -Ал кандай сюрприз экен, мага деле айтпайсыңарбы,
эмне менден жашыралы дедиңерби чогуу жашап жатып. Менден жашырсаңар өзүңөр билгиле-деп таарына түштү Кадырбек. Мурат өзү айтсын дедиби мени эмне кылалы дегендей болуп тиктеп калды. Айтпаска чара калбагандыктан:
-Каке, сен таарынбай койо тур! Мурат мага экинчи пар бүткөндөн кийин өткөндөгү клубдагы танцыдан таанышкан Гүлай деген кыздан кат алып келип берген. Өзүм да окуй элекмин. Мурат ошону айтып жатат. Үчөөбүз чогуу жатып, бир нанды тең бөлүшүп жеп жаткандан кийин силерден жашырган эч нерсем жок-дедим. Кадырбектин көңүлү ачыла түштү. -Мен эрте эле таарынып жаткан турбаймынбы,
анда катты чогуу окубайлыбы?
-дегенде Мурат да араң эле турган көрүнөт:-Кана Беке сен катты алып чыкканча мен эшикти иле койойун- деп эшикти иле салды. Үчөөбүз столго отуруп катты окуп чыктык. Кат эки баракка толтура жазылаган экен. Мурат мени далыга таптап:-«Беке кандай кана бактылуу адамсың, кандай жигитке кыздар кат жазат болду экен»-десе, Кадырбек: -Эгер мага ушундай сулуу кыздар кат жазса кандай бактылуу болоор элем-деп сүрөп кетти. Мен болсом үн сөз жок экөөнүн айткан сөздөрүнө толук көңүл бурбастан, өзүмчө ойго батып отурдум. Бир аздан кийин катты бүктөп чөнтөгүмө салып:-Азыр келем-деп тигилерге айтып тышты көздөй жөнөдүм. Бирок экөө тең жарыша: -Кайда барасың?-деп калып калышты. Эч жакка көңүл бурбай, ойлуу басып бара жаттым. Күн суук болгондуктан буттун алдындагы карлар кырч-курч этип баскан сайын үн чыгарып басыгымды коштоп турду. Алдымдан чыккан тааныштарым саламдашып учурашса жакшы деп кыска жооп берем. Менин мындай мүнөзүмө тигилер таң калгандай карап калып жатышты. Демейде шайыр болуп мурда аларга кезиккенде күлүп жайнап учурашып, ал жайларынан өйдө сурап учурашкандыктан алардын мындай өзгөрүлө түшкөнүмө таң калышары мүмкүн эле.Мен түз эле башкы окуу корпусунун алдындагы адеп окууга тапшырып келгендеги бакка бардым. Бир топ жерине чейин аралап барып, отургучка барып отурдум. Ал жер эч киши жок болуп, ээн болгондуктан,
эч ким жолтоо болмок эмес. Бул бактын ичин кар түшкөнү эч ким аралап баспаптыр. Кардын үстүндө алгачкы жүрөк сырлары катылган катты кармаган менин изим гана жатты. Бак-дарактар да терең ойго баткандай тунжурап түшүп бүтпөй калган алтын жалбырактар бирин-экин анда-санда учуп түшүп жатты. Жем издеген канаттуулар да анда-санда эле бирөө жарымы учканы көрүнбөсө, алар да жокко эсе. Мен жаңы эле колумду чөнтөгүмө салайын десем, эки карга учуп келип «карк-карк» деп тигиндейрек турган бакка конуп, мени көрүп калышты окшойт, кайра учуп кетишти, кайрадан тычтык өкүм сүрдү. Асманда калкыган күндүн алсыз нурлары тийип турганы менен жылыта албай аба муздак болуп карларды эрите албай суук күчөй элек болсо да күчүнө кала берди. Мен бул жерге атайын келген элем себеби менин ойлонуума эч ким жолтоо болмок эмес. Ээн отуруп жакшылап ойлонууга ушул жерди ылайык көрдүм. Эки жагымды каранып алып эч кимдин жоктугуна көзүм жеткенден кийин чөнтөгүмдөн катты сууруп чыгып, кайра башынан окуй баштадым. Каттын мазмуну кыскача мындай эле: «Салам кат» деп темасын коюп ден-соолуктарымды,
окууларымды сурагандан кийин, «мен сизди биринчи көрүп, таанышкан күндөн баштап оюмдан кетпей койдуңуз. Канчалык өзүмдү кармап, сизди унутууга аракет кылсам да, унута алчудай эмесмин. Балким сиз кыз башы менен кат жазат, намысы жок, жеңил ойлуу кыз экен деп катты толук окубай тытып саларсыз. Бир чети антип ачууңуздун келери да туура. Себеби адаттан тышкары кыз башым менен кат жазып отурганым туура эмес чыгар. Ошондой болсо да бул катты жазбай койо албадым. Буга чейин сизге кат жазууга бир топ жолу камындым. Башын баштап жазып келип, кайра уятыма чыдай албай айрып салчумун, билбейм бул катты да аягына чыкпай айрып саламынбы же эрким жетип аягына чейин жазып, сиздин колуңузга тапшырамынбы.
Эгер сиздин колуңузга ушул кат жетип, окуп калсаңыз, мени жаман көрбөй туура түшүнүп, бир карапайым кыз өзүнүн оюн жашыра албай, таза ниети менен жазса керек, деп ойлосоңуз»,
деп жазып келип аягында «кат жазып тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм. Каттын жообун чыдамсыздык менен күтөм, Гүлай» деп катын бүтүрүптүр.
Катты окуп бүтүп Гүлай менен таанышканымды кайрадан көз алдыма келтирдим.Ооба,
Гүлай да абдан жакшы кыз, мен аны кат жазганы үчүн күнөөлөбөйм.
Мага ишенип, мени жогору баалаганына ыраазымын. Бирок Медеркан менен бир жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп, экөөнү тең кантип алдайм. Эгер Медеркан менен сүйлөшпөгөн болсом, мен да аны жакшы көрүп калганымды Гүлайдын өзүнө барып айтар элем. Экөөнү тең алдагым келбейт, эми Гүлайга сүйлөшкөн кызым бар экендиги жөнүндө чынын айтып катына жооп жазуум керек, деп ойлодум. Мен ичимден Гүлайды аяп да, жакшы көрүп да жаттым. Бирок ушундай чечимге келүүгө аргасыз болдум. Ордумдан туруп, ичимди ачыштырып жаткан көкүрөктөгү бугумду терең үшкүрүп чыгарып алдым. Айлана-чөйрөнү ойго чөмүлүп карап турдум да, жатакананы көздөй басып жөнөдүм.Өзүмдүн комнатама келгенде Кадырбек менен Мурат чайларын ичип бүтүшүп, кроваттарында эс алып жатышкан экен. Ордуларынан тура калышып: -Кайда барып келдиң?- дешип кызыгып сурап калышты.-Жөн эле бакка барып келдим-дедим.
Сырткы кийимдеримди чечип жатып. Мурат көңүлүмдү көтөрөйүн дедиби:-Ой, Беке анын эмнесине мынча ойлоносуң, экөөнү тең эле сүйөм деп жүрө бербейсиңби.
Сенин эмне кылып жүргөнүңдү алар кайдан билип жатышты эле?-деди күлүп, Кадырбек да: -Каттын жообун качан жазасың?-деди жылмайып. Мураттын сөзүн жактагандай,
мен чай коюп жатып, жообун бүгүн эле жазам, күттүргүм келбейт. Бирок сүйлөшкөн кызым бар экенин айтып жазам-дегенде Мурат ордунан тура калды. -Беке, түшүнсөң боло, көп эле балдар эки-үч кыз менен бир убакта сүйлөшүп жүрүшпөйбү,
өзү кат жазса, сүйлөшө бербейсиңби-
деп менин түшүнбөй жатканыма жаны кашайгандай болуп, абдан берилип түшүндүрүп кирди. Кадырбек дагы бир жагынан чыгып: -Ой, Беке Мурат туура айтат, сен аны менен сүйлөшсөң, биз жанындагы жолдош кыздары менен таанышабыз.
Кыздар өзүлөрү келип жатышса. Кыздардан качкан сени көрдүм. Керек болсо жолдош кыздары менен киного чакырып, кинодон кийин бул жерге конокко чакырып отуруш уюштурабыз.
Сен келген шансты колдон чыгарбай туура түшүнчү-деп жалооруй карады. Мен экөөнө карап чечкиндүү, түр көрсөтө: -Жок, мен аларды алдай албайм-деп тигилерге каршы чыктым. Берки экөө таарынгандай менин түшүнбөстүгүмө көздөрү жеттиби унчукпай калышты. Чайды чала-була ичип алып каттын жообун комнатадан жазууга болбой турганына көзүм жетип, кийимдеримди кийинип алып китепканага жөнөдүм. Китепканага кирсем, ичинде он чакты бала китеп окуп отурушкан экен, эң артындагы столго отуруп алып катка жооп жаза баштадым. Мен дагы катты «салам кат» деп баштадым.Ден-
соолугун, окуусун сурап келип: «Гүлай мен сиздин катыңызды алдым. Катты алуу менен бирге өтө кыйын абалда калдым. Сиз мени сыйлап, маган чоң ишеним көрсөтүп, жогору баалап, өзүңүздүн ак сүйүүңүздү билдиргениңизге өзүмдү өтө бактылуу жигит катары сездим. Сиздин акылдуу, абдан жакшы кыз экениңизди адеп жаңыдан таанышканда эле байкагамын.
Ошондо мен сизди улам-улам карагым келип, сизди үйүңүзгө чейин узатып барып, аз убакыт болсо да, жаныңызда болууну каалаган элем. Ошол учурда эле сиз экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир жакшы мамиле түзүлгөн. Сиз үйүңүзгө кирип бара жатып кылчайып мени караганда мен аз жерден сизди кайра чакыра жаздап, өзүмдү араң токтотуп калгамын Ошондо бир күч мени кармап калгандай болгон. Ошол сиз менен болгон жолугушуу мени да кайдыгер калтырган эмес. Сиз менен коштошкондон кийин жолдо бара жатып, сиз менен чогу болгон убакытты кайрадан эскерип, эмне үчүн мындай жылуу мамиледе болгонубузга жооп таба алган эмес элем. Эми бардыгы түшүнүктүү болду. Сиз кат жазганыңызга мени кандай ойдо калат дегендей кылыптырсыз менин оюмча кызбы, эркекпи ар ким өз оюн билдириши керек. Мунун эч кандай жаманы жок. Сиз ички сезимиңизди жашырып өкүттө калбай, өз оюңузду жазганыңыз абдан туура болгон. Бул жерден сиздин чечкиндүүлүгүңүз көрүнүп турат. Бул адамдагы жакшы сапаттардын бири деп ойлойм. Сиздин мага болгон ак ниетиңизди билдирип, жазган катыңызга кандай жооп жазып, сизге кантип, туура түшүндүрөөрүмдү билбей турам. Мен сизди алдагым келбейт, менин айылда сүйлөшкөн кызым бар, ал дагы онунчу класста окуйт. Эгер макул болсоңуз достук иретинде жолугушуп жүрөлү»-деп чынымды жазып аягына атымды, числону коюп катты өзүнүн катындай кылып бүктөп, төш чөнтөгүмө салып, бир чоң жумуш бүтүргөндөй болуп, жеңилдей түшүп көчөгө чыктым.Катты эртеси күнү окуудан тарагандан кийин Кадырбек менен Мураттан берип жибердим. Гүлай менин катыма жооп берген жок, мен да анын тынчын алып достук иретинде жүрөлү деп кайра барбадым. Гүлай жөнүндө жакшы ойдо болуп, аны эсимден чыгарбай, эгер катыма жооп берсе, достук иретинде жакшы мамиледе жүрүүгө даяр элем. Бирок Гүлай өзүнүн оюндагыдай жооп ала албай калганына намыстанды көрүнөт, катка жооп жазмак турсун, бир жолу группалаш балдар менен экинчи окуу корпусуна сабакка баратсак, Гүлай жолдош кыздары менен алдымдан чыгышканынан учурашайын деп аларды утурлай басып алдынан чыксам, учурашпастан тескери карап басып кетти. Мен эмне кыларымды билбей боз ала болуп туруп калсам, жанындагы кыздары өтө беришип, шарактап мени шылдыңдагандай болуп күлүп калышты. Ызаланып ичимден Гүлайдын бул эмнеси, жок дегенде башын ийкеп учурашып койбойбу. Каттын жообун жазганда жакшы эле түшүндүрүп жаздым эле го, деп көңүлүм кала түшүп түңүлгөндөй болуп Гүлайдан демим сууп унута баштадым.Убакыт билинбей өтүп каникулдан келгениме экинчи жумага жакындап калган эле. Өткөн алтынчы күнү айылга барганга камына баштаганда өзүм менен чогуу окуган баланын туулган күнү болуп балдардан бөлүнүп айылга бара албай калгам. Медерканга жолуксам дегенде ак эткенден так этип, алтынчы күндү чыдамсыздык менен күтүп, канчалык күткөн сайын убакыт өтпөгөндөй сезилип күндөр өтпөй бир орунда токтоп калгандай болуп араң дегенде алтынчы күнү болду. Эртең менен күндөгүдөн эртерек туруп айылга кийинип барганга өзүмө жарашыктуу кийим тандап өзүмчө кыңылдап ырдап көңүлүм ачык жүрдүм. Окууга барып үчүнчү пар бүтөөрү менен камдап койгон таза кийимдеримди кийинип алып жолго чыктым. Түшкү автобустун кайсы убакта жөнөөрүн билип калгандыктан автобуска убагында жетиштим. Автобуска эл толуп жөнөгөнү жатыптыр, жаңы эле түшөөрүм менен автобус ордунан жылып жөнөдү. Мен сыяктуу алтынчы күндү чыдамсыздык менен күтүшүп бирөө үйүн сагынса бирөөлөрү өздөрүнүн жакын адамдарын сагынышып көздөгөн жерлерине тезирек жетүүгө ашыгып бара жатышкан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү студенттер эле. Автобустун ичиндегилердин он чактысы гана ушул келип кеткендер болчу. Жаштар чогулганда айрыкча жол жүрүп баратышса өзгөчө көңүлдүү болушат эмеспи. Автобустун ичиндегилердин көпчүлүгүнүн көңүлдөрү ачык эле. Автобус зымырап алга жылган сайын техникумдун карааны алыстап артта калды. Дегдеп шашып бараткан жериме улам жакындаган сайын Медерканга бүгүнкү кечте жолугушарымды ойлоп ичимден кубанып эмнелер жөнүндө сүйлөшөрүмдү камдап өзүмчө кыялданып бара жаттым. Медерканга жолукпаганыма жарым жылдын жүзү болуп калгандыктан ага айта турган сөздөрүм көп болуп абдан сагынып калгам. Ага болгон сүйүүм ого бетер күч алып, айтаарга жакшы сөз таба албай, сөздү эмнеден баштарымды билбей, азыр эле жолуга калчудай болуп камынып жаттым. Оюма төмөнкүдөй ыр саптары келип, блокнотума «Алтынчы күн» деген ырымды жаза баштадым.Бир нерсем унут калгансып,Тынчым кетип ар дайым.Тезирээк келсе экен деп,Алтынчы күндү самадым.Күндөр өттү жай жылып,Болжогон күнгө жакындап.Күттүрүп келди көрүнөт,Алтынчы күн жаркырап.Автобус жылат зымырап,Окуган жерди калтырып.Азгырып барат сүйгөн кыз,Алтынчы күнү шаштырып.Ырды жазып бүткөндөн кийин автобустун ичиндеги жаштар менен сүйлөшүп алаксып кеттим. Шаракташкан жаштарга толгон автобус уламдан улам Каракол шаарына жакындап күн бешим болуп калганда жетип келдик. Эртеден бери күн ачык болуп тургандыктан,
тегеректин барын аппак кар жаап турганы менен күн өтө суук болбой жылуу тартып турган. Автовокзалдын үстүндөгү радиодон кайсы жерге кайсы автобус канчада кетип жатканы кулактандырылып жүргүнчүлөрдүн кассадан белет алуусун диспетчерлер айтып жатышты. Автовокзалдын тегерегине тизилген автобустардын бири келсе, бири кетип жүргүнчүлөр кымкуут болуп бирөөлөр бир жактан жаңы келип түшүп жатышса, бирөөлөр бир жака шашып жөнөп жатышты. Үстүнөн караган кишиге автовакзалга кирип чыгып жатышкан адамдар кумурскадай быкылдап жүктөрүн ары бери ташып чуркап жүрүшкөн эле. Мен Даркан айылы жакка кетүүчү автобуска отуруп айылга келип түштүм. Адаттагыдай тегерегимди бир сыйра карап терең дем алдым да кандайсыңар мен келдим деп ичимден учурашып үйдү көздөй жөнөдүм. Мен биринчи кезекте үйдөгүлөр менен учурашып үйгө келгендигимди билдирип, андан кийин теңтуш балдарга учурашып келейин деген шылтоо менен, Медерканга кечкисин бармай болуп жолдо келе жатканда пландап алгамын. Антпесем үйгө түн катып барсам ата-энемден караңгыда кайда жүрөсүң деп тил угуп, уят болмокмун. Анын үстүнө эки жумадан бери келбегенге ата-энем, бир туугандарымды да сагына түшкөмүн. Үйдөгүлөргө учурашып кечки тамакты ичип алып ата-энемден суранып алып, күүгүм кире үйдөн чыктым.Күн суук болуп турган эле. Муратка жолугуп аны чогуу ээрчитип алууну ойлоп үйүнө кирсем, атасы короодо жүргөн экен. Учурашкандан кийин Муратты сурасам үйүндө жок экендигин айткан соң, өзүм жалгыз жөнөдүм. Күндүз эрип, кечкисин тоңо түшкөн кар аралаш музду катырата басып кетип бараттым. Ай караңгы болуп асман ачык болгондуктан,
жылдыздар жыбырап, айлана өтө караңгы болбой жолдогу ункур-чункурлар көрүнүп турду. Көчөнүн эки четиндеги үйлөрдүн терезелеринен жарык күйүп, морлорунан таш көмүрдүн кара түтүнү бурулдап аба менен кошо жагымсыз жыт келип турду. Кээ бир үйлөрдөн чыккан иттер, ажылдап үрүп узатып коюп жатты. Жолдон анда санда гана бир адам кезикпесе, көчө жым жырт болуп, айылдын ар кайсы жеринен анда-санда гана үргөн иттердин үнү угулат. Чоң жолго чыкканда машиналар жарыгын күйгүзүп алып сейрек кезигип жолдун тайгагынан уламбы жокко эсе эле. Түз эле Кубанга барып, ага ачыгын айтып Медерканды чакыртып алмай болдум.Мына өзүмө тааныш үйдүн жанына жете келдим. Терезелеринен жарык күйүп турду. Үйдү көргөндө жүрөгүм катуулап сого баштады. «Эми үйдө болсо экен» деген ойго кеттим. өзүмдү токтотуп түз эле үйүнүн жанына барып, эки-үч жолу ышкырдым. Эшик ачылып мурунку чыккан бала эшике чыкты. Огороддогу байлануу турган дөбөт ажылдап үрүп киргендиктен,
үнүмдү катуу чыгарып:-Кубан барбы, чакырып койчу-деп кыйкырдым. Кичине баланын:- Кубан абам үйдө жок-деген үнү мага араң эле угулду. Бала эшикти жаап кайра кирип кеткенден кийин башка чапкан немедей бурулуп, эми эмне кылам пландын баары бузулду. «Медерканды кантип чакырам» деген суроолордон улам, «жок, баары бир Медерканга жолукмайынча бүгүн кетпейм» деген ой келди. Теректин далдасына басып барып терезени карап, жука терезе пардонун аркасындагы караандардан Медеркандын караанын ажырата албай көпкө карап турдум. Бутум үшүп чыдатпаганынан улам бир бутумду бир бутум менен тепкилеп ага болбогондо,
ары бери баса баштадым. Тегеректеги үйлөрдүн жарыктары улам бирден жалп этип өчүп жатты. Минтип тура берсем бул үйдөгүлөр да жатышарын билип эмне болсо да терезеге жакын барып пардонун кычыгынан шыкаалап Медеркан болсо акырын белги берип чакырайын деген ойго келип тобокелге салып, табыш чыгарбоого аракет кылып, терезенин жанына акырын басып бардым. Каргаша болуп дөбөт туюп калды көрүнөт жулунуп үрө баштады. Терезеден шыкалап пардонун ачылып калган жеринен Медеркан көрүндү. Тегерек столдун үстүндө идиш жууп жаткан экен, ичимден Медеркан деп кыйкырып жибергендей болуп кубанып кеттим. Төрдө бир кемпир отурат, анын жанында он эки он үч жаштардагы эркек бала, тогуздар чамасындагы бир кыз башка эч ким көрүнбөйт. Кубан ата-энеси, карындашы төртөө бир жака кетишкен окшойт. Алар көрүнбөйт. Мен акырын терезени чертип Медеркан терезени жалт караганда экөбүздүн көздөрүбүз тиктеше түшкөндөй болду. Аңгыча төрдө отурган кемпирдин үнү угулду. -Короону карагылачы ит эмне мынча катуу үрүп жатат-деди. Мен ылдый боло калып качууга үлгүрбөй калып коридордун алдына кире качтым. Жанакы эркек бала короого чуркап чыгып, эки жакты карап: -Эч ким көрүнбөйт-деп кайра кирди. Ит ого бетер ажылдап жан алы калбай мен жакты карап үрө баштады. Коридордун астынан жаңы эле чыгайын дегенде үйүндөгүлөрдүн топурап эшикке чыгып келе жатышкандарын угуп кайра кире качтым. Кемпир тышка чыгары менен: -Ой, эки жакты жакшылап карагылачы.
Ит эмне мынча жан талашып үрүп жатат, ууру кирип жүрбөсүн–дегенде баары сарайларын,
огородун, короонун барын карап жүрүштү. Кемпир коридордун жанында ары-бери басып турду. Мен ичимден кемпирдин ордунда Медеркан болуп калса эмне деп жаттым. Калгандары баарын карап бүтүшкөндөн кийин кемпирге келип: -Эч ким көрүнбөйт ит жөн эле үрүп жатса керек-дешти.
Кемпир тигилерге: -Бу, өлүгүңдү көрөйүн соо үргөн жери жок. Итти агыткылачы дегенде тиги бала чуркап барып дөбөттү агытканда, көзүм жамандыкты көрбөсүн чоң дөбөт басып жечидөй болуп, түз эле коридордун астындагы мени көздөй келатты. Мага ушул убакта өлөт деген ушул экен го деген гана ой келди. Дөбөт атырылган тейинче келип даап кол сала албай арсылдап үрө баштады. Кемпир жанындагыларга кайрылып:-«коридордун алдында бир неме бар го карагылачы»-
деди. Мен жылып бурчка тыгылдым эркек бала коридордун астын карап;-Эч нерсе көрүнбөйт- деди. Медеркан атайлап айттыбы же жөн эле айттыбы: -Мышык кирип кеткен го- дегенде кемпир ишенгендей:
-Ошондой дейм да, болбосо ит мынча үрбөйт эле чык өлүгүңдү көрөйүн арсылдап уктатпайт ко, деп итти таягы менен ары кууп жиберип, үйгө кирип кетишти. Мен коридордун астынан көчөгө чуркап чыктым. Ит артыман кууп көчөнүн ортосуна жеткенде бурула берип тап берсем, ажылдап үрүп туруп калды. Балакеттен чын эле кутулдумбу дегендей болуп терең-терең дем алып өзүмдү алаксытып түрсүлдөп соккон жүрөгүмдү басаңдатууга аракет кылып ары-бери бастым. Бир аздан кийин Медеркан кичинекей кыз менен сыртка чыкты. Мен кубанып кеткенимен Медеркан деп кыйкырып жибергенимди өзүм да сезбей калдым. Медеркан жалт карай салып тааныды окшойт, мага утурлай басты. Дагы эле демигип турганымдан демимди ичиме алып коркконумду билдирбөөгө аракет кылдым. -Саламатсызбы Медеркан-деп колумду сундум. Ал жылмайып: -Саламатчылык-
деп колун берди. Мен эртеден бери пландаган сөздөрүмдү таппай калып:-Көптөн бери көрүшпүй калдык, кандай жакшы жүрөсүңбү?- дегенде: -Жакшы! Өзүң кандайсың?-деди.
Иттин ажылдап үргөнү кичинекей кыздын: -Эже жүрү үйгө киреличи үшүп кеттим?-дегени жолто болуп жатты. Мен сөздү токтотпоого аракет кылып Медеркан мен сизди аябай сагындым, а сизчи?-дегенде Медеркан көзүн ала качып:-Мен дагы-деп жер карады. Мен толкунданып,
сөз таба албай калдым экөөбүз үн сөзсүз бири-бирибизди тиктешип турдук. Ошол маалда үн чыгарбаганыбыз менен көздөрүбүз аркылуу сүйлөшүп жаткандай болдук.-Сиздин окууларыңыз жакшыбы, кайра качан кетесиз?-деди.
-Жакшы эртең кетем-дегенге араң жарадым. Ит ажылдап, кайрадан тиги кыз шаштырып баштаганда Медеркан: -Мен үйгө кирейинчи үйдөгүлөр урушат ко?- дегенде: -Ооба көрүшкөнчө жакшы туруңуз-деп колумду сундум. Медеркан колун бергенде бир азга кармап туруп коё бердим. Медеркан чуркап барып тиги кызды а дегенде эшиктен киргизип кылчайып артын карап, колун көтөрүп булгалап койду да, үйгө кирип кетти. Мен да колумду булгалап кала бердим. Түш көрүп ойгонгондой болуп чынында эле жолукканыма көзүм жеткендиктен,
ыраазы болгондой жылмайып койдум кайра бир сыйра үйдүн терезесин карап Медеркан көрүнөбү дегендей үмүт кылып, бир топко карап туруп үйдүн жарыгы өчкөндө жакшы кал эмдиги көрүшкөнгө чейин деп ичимден айттым да, үйдү көздөй жөнөдүм. Жанатан бери үрүп тажаган дөбөт эми өзүмдүн ишимди аткарып бүттүм деди окшойт коридордун астындагы өзүнүн кечки түнөгүнө кирип үн чыгарбай калган. Кыштын кычыраган түнкү суугуна карабай бүт денем ысып күйүп Медеркан менен жолугушкан убакты кайра–кайра көз алдыма келтирип айтылбай калган сөздөрүмдү өз убагында айта албай калганыма ичим ачышып, өзүмдү өзүм жемелеп келе жаттым. Кайра туруп жолугушуп сүйлөшкөндөрүмдө эстегенде ыраазы боло түшүп жылмайып коюп, кайрадан сүйлөшүп жаткандай болуп сүйүүнүн ырахатына батып, жан дүйнөм жыргап, сүйүүнүн айтып бүткүс кереметине чулганып, бүт кыйынчылыктарды унутуп таштап өзүмчө жыргап келаттым.Бул күн өмүрүмдө түбөлүккө калып өмүрүмдөгү кызыктуу күндөрдүн бири экенин билбесем керек. Ал учурда менин оюмда Медерканга жолуккандагы минуталар,сүйлөшүлбөй калган сөздөр, жылмайуулар,
тиктешүүлөр,
ар бир кыймыл аракеттер көз алдыма тартылып, сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй болуп бараткам. Үйдүн жанына жеткенде гана терезенин жарыгы өчүп турганын көрүп үйдөгүлөрдүн тынчын албас үчүн табыш чыгарбай кирүүнү ойлодум. Дарбазадан аттап өтөрдө кумайык а дегенде үрүп жиберип, кайра тааный коюп, куйругун шыйпаңдатып эркелеп тосуп алды .Куркук окуранып чөп сурагансып жер тепкилегенде үйгө кирип кете албай, бир айры чөп салып кандайсың деп кобуранып, тумшугунан сылап, мойнунан кучактап эркелетсем,
ал дагы кайда жүрөсүң дегендей кылып этегимден тиштеп тартып койду. Акырын басып дабыш чыгарбай кирип, чечинип төшөгүмдө бир топко ойлонуп жатып уктап кеттим. Эртеси түшкө чейин үйдө болуп, түштө техникумду көздөй жолго чыктым. Бул күнү үйдөгүлөргө Медерканга учурашканга санаам тынып окууга маанайым жарык болуп кайттым.Техникумда сабактар орусча окутулуп, суроо-талаптар катуу болгондуктан айылдагы мектептен кыргызча окуп онунчу классты бүтүрүп барган балдар үчүн, окуу оор болуп кыйналып жаттык. Мугалимдер лекцияны орусча окуганда үлгүрүп жаза албай, көп жерлерин калтырып кетип орусча мектепти бүтүрүп барган же орус балдарга окуу бүткөндөн кийин барып, конспектилерин сурап алып жазбай кеткен жерлерибизди толуктап жазып жаттык. Орусча китеп окуганда бирине түшүнсөк, бирине түшүнбөй кээ бир сабактарды жаттап барып айтып берчүбүз. Көпчүлүк сабактардан бир күнү лекция болуп жаңы тема өтүлсө кийинки күндө өтүлгөн темадан сурап баа коюлчу. Практикалык сабактар өтүлүп лабораториялык тажрыйбаларды жасатуучу. Техникумдун материалдык-
техникалык базасы күчтүү болгондуктан,
практикалык сабактар бардык көргөзмө куралдар колдонулуу менен күчтүү өтүлүүчү. Сабактан эки алып, сабактан калып тартип бузгандар дубал газеталарга чыгып, стипендиялардан куру калчу. Эгер көбүрөөк окуудан калып, катуурак тартип бузуп сабактан жетише албай калса окуудан чыгарылуучу
#25 23 August 2015 - 15:05
Мен колум бошоп айылга көп бара албай жаңы жылда барып келген бойдон кышкы сессия башталып төрт сабактан экзамен, беш сабактан зачет берип жаттым. Түшкө чейин окуу корпустарында болуп, түштөн кийин китепканада болуп экзамен, зачетторго даярданчубуз.
Экзамен же зачет берген күндөрү атайын белгилеп кечкисин клубка киного же танцыга барып эс алчубуз. Мына ушундай студенттик жашоо менен алек болуп жатып кыштын кандай өткөнүн да билбей калдык. Март айы жаңырып кышкы сессия аяктады. Мен кышкы сессиядан бардык экзамен-зачетторумду ийгиликтүү тапшырдым. Группадан он чакты бала тапшырып бүтө албай жайкы сессияга чейин сыноодо калышты. Эки бала жетише албай окуудан чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Техникумдун студенттерин төртүнчү марттан он биринчи мартка чейин каникулга таратышты. Мен каникулга тарарым менен айылга кеткем. Каникул учурунда өзүмдүн жакшы санаалаштарым менен бирге болуп сагынычымды таратып үйдөгү жумуштарга жардам берип жүрдүм. Медерканга эртели кеч жолугуп турдум. Мурункудай эле Медерканга жолугарда камдап алган сөздөрүмдү жолукканда айта албай мукактанып же ирети менен айта албай маанисин кетирип алганыма өзүмө өзүм ыразы болбой, жолуккандан кийин өзүмдү өзүм жемелемей адат болуп калган. Мен өз алдымча тың, ачык-айрым сөзмөр болгонум менен Медерканга жолукканда же жаңы кыздар менен таанышканда сөзгө чоркок болуп, уялып сүйлөй албай калган адатым бар экенин жакшы билчүмүн. Бирок мурдатан тааныш болгон кыздар менен жакшы сүйлөшүп, жакшы мамиле түзгөндүктөн теңтуш балдарым: -Ой, Беке сени менен таанышкан кыздар эмне эле жаныңдан чыкпай калышат. Кандай сырың бар айтчы-деп калышчу. Мен эркек балдарга караганда кыздар менен жакшы сүйлөшүп, алар менен бат эле тил табышып кетчүмүн. Алар менен сырдашып ичтериндеги сырларын угуп аларга кеңештеримди айтып, колдон келген жардамымды аячу эмесмин. Кээ бир балдардын минтип-тигинтип деген зордук зомбулугу жөнүндө айткандарын укканда кадимкидей урушуп кетчүмүн. Ал тургай бир жолу кызга болушуп мушташып кеткен учурум болгон. Минткен себебим эже-карындаштарым көп болгондуктанбы же алардын эркектерге караганда алсыздыгынанбы,
иши кылып дайыма кыздарга болушуп жүрөр элем. Каникулум аяктап кайра окууга кетүүгө камынып жаттым.Март айынын ондору болуп күн бир топ узарып калганы менен огороддогу карлар эрибей, эртели кеч суук болуп, жердин тоңу кетпегендиктен,
жазгы жумуштар баштала элек болчу. Көчөнүн баары күндүзү баткак болуп түнкүсүн тоңуп калып жаткан. Элдер койлорун кезүүгө чыгарып, бодо малдары колдон тоюттанып, кээ бирөөлөрүнүн чөп чарлары түгөнүп, жаздын толук келиши кечендегендигинен улам оорчулук келе баштаган. Элдин турмуш тиричилиги жылдан жылга оңолуп көчөдөгү үйлөрдүн үстү шифер менен жабылып, үч-төрт бөлмөлүү үйлөр көбөйүп кире беришине дарбазалар орноп, огороддорго бак-шак тигилип, четтерине каша кармалып мурункудай бири-биринин огороддоруна ээн эркин өтө албай калышкан. Көчөлөрдүн баарына кум-таштар төгүлүп суу алуучу колонкалар орнотулуп, мурункудай суу тегирменден,
электр станциядан апкөч менен же чана менен флягилерге кышкысын суу ташылбай калган. Контор, бала бакча, мончо салынып айыл уламдан улам көрктөнө баштаган.Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын сьезддери болгон сайын, эл керектөөчү товарлар арзандатылып ири курулуштар курулуп, тартип бекемделип,
жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн «баары бирөө үчүн, бирөө баардыгы үчүн», деген ураандын алдында элди патриоттуулукка тарбиялап, Мекен үчүн, мамлекет үчүн Коммунистик партиянын жетекчилиги астында элди тындырбай, керек болсо күнү-түнү менен эмгектентип,
мамлекет күчтүү өнүгүп бараткан. Райком партияларында бюролор болуп, колхоз-совхоз иштерин карап, пландары аткарылбай калган жетекчилерге,
адистерине сөгүш берилип, жеп ичип алып күнөө кетиргендери болсо партиядан чыгарылып ага карата иш козголуп турган. Газет-журналдардан,
теле-радиодон жетишкендиктер менен бирге эле кемчиликтер чагылдырылып,
аларга тиешелүү адамдар жооп беришип, кайра массалык-маалымат каражаттарынан чагылдырылып турган. «Ала-Тоо» журналына элди патриоттуулукка,
адеп-ахлактуулукка тарбиялаган көркөм чыгармалар чыгарылып турса, «Чалкан» журналына кемчиликтер чагылдырылып,
аларды ашкерелеп, элдин алдында уят кылынган. «Кыргызстан аялдары» журналына бир беткей аялдар туурасында жазылып, жетишкендиктер,
кемчиликтер менен кошо кеп-кеңештер берилген. «Ден соолук» журналына адамдын ден соолугуна байланыштуу нерселердин баары чыгып турган. Эл кышкысын мурдагыдай карта ойноп көчөгө көп отурушпай, айылдын ар бир жумушка жарамдуу адамдары эсепке алынып, баары иш менен камсыз болуп, элдин бош убактылары көп болбой калган. Менин көз алдымда акыркы он жылдан бери ушундай өзгөрүүлөр болуп жатты.Мамлекеттеги болуп жаткан саясат, бир жагынан таасир этсе бир жагынан ата-энемдин айткан акыл-насааттары таасир этип жатты окшойт. Колхоздун активтеринин мурункудай эле карапайым элдин үстүнөн жеп-ичип жатышат деп элден уккандарыман улам, алардын чектен чыккан жоруктарына кыжырым кайнап койо тургула, окуумду бүтүп келгенде көрө жатармын деп жек көрүү сезимим күчөй баштады. Мен окууну бүткөндө эле өзүм каалаган жумушка орношуп, алардын арасына кошулуп, аларды тарбиялап, оңдоп жиберчүдөй чындыкка бат эле жетчүдөй болдум. Адам баласы жаралгандан бери чындык менен жалгандын бири менен бири кармашып жеңе алышпай келе жатышканын,
ал учурда түшүнбөсөм керек. Ал кезде көбүнчө жаштыктын байо сезимине азгырылып менин негизги максатым окууну бүтүп, элге кызмат кылам, ата-эне, бир туугандарыма жардам берүү менен алек болуу эле. Бир чети анда колумдан ушулар эле келмек. Каникулда эс алып окууга барганыма аз эле убакыт болгондо Покровкадан военкоматка чакыруу кагазы барды.Менин аскердик каттоом Покровкада эле. Жетиөгүз районунун борбору Покровка болчу. Мурда азыркы Кызылсуу айлын Покровка дешчү. Окуудан суранып алып эртең менен эрте чыгып военкоматка саат он бирлерде жете келдим. Военкоматтын короосунда өзүм курду балдар чогулуп турган экен, арасында айылдаш теңтуштарым да жүрүшүптүр алар менен жолугушуп калдым. Ал жайды сурашып учурашкандан кийин эмнеге чакыртып жатканын сураштырсам армияга жарамдуулугубуз жөнүндө медициналык кароодон өтөт экенбиз. Мен ичке кирип келгендигимди белгилетип катталып коюп, өзүмдүн айылдаштарым менен тышта кезек күтүп турдук. Кээ бир балдар «медкомиссиядан өтпөй калдым» деп кабагы бүркөлүп чыкса, кээ бирөөлөр «медкомиссиядан өттүк» дешип кубанып чыгып жатышты. Армияга жараксыз болуп, армияда кызмат өтөбөй калуу ал кезде абдан уят иш катары бааланчу. Армияга барбай калган балдар армияга барып келген балдардын алдында «сөзгө сөлтүк, кепке кемтик» болуп калышар эле. Ал тургай кыздар да армияга барбай калган балдарды шектүү карашып, аларга көп көңүл бурушпай армияга барып келген балдар менен сүйлөшүүнү каалашчу. Армия курагынан өтүп калган жигиттер менен тааныбаган адам сүйлөшүп калса, биринчи эле жолу «армиялык милдетиңди кутулдуңбу»-
деп сурашчу. Эгер армияга барып келдим десе бир чоң эрдик кылгандай: «оо, чоң азамат болуп, милдетиңден кутулган турбайсыңбы» дешчү. Ал эми эркек бала төрөлгөндөн баштап; «оо, солдат турбайбы» дешип ал убакта армияга барып, кызмат кылуу өзүнчө эле сыймык болуп, эркектин бирден бир милдети болуп эсептелчү.Медкомиссиядан өтүп жаткандар анча-мынча оору сыркоолорун жашырып, комиссиядан байкалбай өтүп кетүүгө аракет кылышчу. Кээ бирөөнү ооруйсуң десе болбой кайра-кайра суранып жатып, армияга кеткен учурлар болгон. Биз кезек күтүп тургандан кийин Даркан айылынан келгендер киргиле деп калды. Биздин айылдан жыйырма чакты бала барган экенбиз топурап биринчи бөлмөгө киргенде, анда иштеген «прапоршик» наамындагы адам медициналык кароодон өтүүнүн тартибин айтып берди. Андан кийин бөлмөдөн бөлмөгө өтүп ар түрдүү врачтардын текшерүүсү жүрүп жатты. Ал жерден буттун тырмагынан,
чачтын учуна чейин текшеришти.
Менин ден соолугум жакшы болгондуктан баардык врачтар карточкама «жарактуу» деп жазып беришти. Мен окуумдан ошол эле күнгө сурангандыктан Покровка менен Даркандын ортосунда бир эле айыл болгонуна карабастан,
айылга барууга жетише албай окуума кайра кеттим.Убакыт өткөн сайын орусча аз да болсо үйрөнө баштадым. Окууларымдан көп кыйналбай калдым. Кийинки күндөрү орусча жазылган жука аңгеме-жомокторду өз алдымча окуйм. Айлар айга кетип жер бети көк жашыл тартса, бак-дарактар бүрдөп, эрте бышкан өрүктөр гүлүн ачууга камынып, жаңыдан курт-кумурскалар чыга баштап, айтор баары уйкуларынан жаңы ойгонушкансып бүт тирүү жандыктын баары күндүн жылуу нурларынын алдында жаңы тирлигин башташты. Мындай айлана-чөйрөдө жаңылануу болуп жатканда адам баласы карап турчубу, үстүндөгү оор кийимдерин чечип ташташып, жеңилденип алышып чоң-кичине дебей эмгектенип,
табигаттын жаңыдан көркүнө келе баштаган сулуулугуна кызыктары тарабай үйлөрүнө камалбай эшикте жүргүлөрү келишет эмеспи.Биз чогу окуган балдар менен ушул дем алыш күнү манахтардын үңкүрүнө барууга камынып жаткан элек. Он чакты бала дем алыш күнү эртең мененки тамактарыбызды ичкенден кийин жатаканаларыбыздан чыгып, көлдүн жээгин көздөй жөнөдүк. Жолдо баратып ар ким монастр жөнүндө анда жашаган монахтар, монашкалар жөнүндө уккан билгендерин айтып бара жатышты. Күн ачык болуп аркан бою көтөрүлүп калгандыктан,
жылуу болуп тегеректеги айлана чөйрөнүн кооздугу артып, канаттуу куштар сайрап, көл ачык көгүш болуп майда жыбыраган толкундар акырын жээке жылып келип, кайра тарап кетип билинер билинбес соккон салкын жел беттен назик сылап, жаратылыштын көркүнө көрк кошулуп турган учуру эле. Бир убакта алдыда баштап бараткан Мурат: -Ай балдар токтогулачы үңкүрдөн үн чыккансып жатат-деди. Бакылдашып сүйлөшүп бараткан элек Мураттын айтканын угарыбыз менен орундарыбызда турган жерибизде тыңшап туруп калдык. Айлана жымжырт болуп сайраган куштардын үндөрүнөн башка кулагыбызга эч нерсе угулган жок. Бет маңдайыбыздагы боордо карарып турган үңкүрдүн оозу ан сайын сүрдүү көрүнүп ичинен бирөө шыкаалап аңдып тургансып көрүнөт. Мурат кайра сөз баштап уят болбоюн дедиби;-Мен жана бул жакка чыгарда силерге айтпадым беле. Монахтар кара кийинип колдоруна кресттерди көтөрүп алып, ары- бери үңкүрдүн тегерегинде басып жүрүшөт экен деп, мага чын эле үн чыккандай угулду-деди.
Анда Касый:-Койсоңчу Мурат, болбогон кебиңди эч кандай үн угулбай эле турат-деди. Касый бизден эки-үч жаш улуу, армияга барып келген, жапалдаш бойлуу арыкчырай, орусчаны жакшы билген, өз жанына тың жигит эле. Калганыбызга корку сезими келип же Касыйга же Муратка ишенерибизди билбей сестенип калдык. Касый алдыга түшүп:-Жүргүлө,
эми эле үңкүргө кире элек жатып коркуп калдыңарбы-
деп жол баштап жөнөдү. Жолдо келе жатканда үңкүр жөнүндө ар кандай шумдуктуу сөздөрдү уккан жаныбыз, абдан коркуп калгандыктан,
Касый жол баштап жөнөгөндө айласыздан сыр алдырбай артынан ээрчип жөнөдүк. Алыстан кичине көрүнгөн үңкүрдүн оозу улам жакындаган сайын кеңейип, жанына барганда киши эңкейип басып кирчүдөй экен. Мурда бакылдап келатсак, эми үңкүрдүн жанына келгенде үндөрүбүздү акырын чыгарып, үндөрүбүз катуурак чыгып кетсе, бирөөлөр угуп калчудай болуп шыбырашып сүйлөшүп жаттык. Биз күн мурунтан даярдангандыктан фонариктерди,
адашпас үчүн белги коюга борлорду алып алганбыз. Үңкүргө кирерде үңкүрдүн ичинде кандай жүрөрүбүздү кеңешип алып, Касый:-Даяр болдуңарбы,
жүргүлө-дегенде орундарыбыздан туруп артынан ээрчидик. Адегенде Касый фонаригин күйгүзүп алып үңкүргө кирди. Артынан калгандарыбыз кире баштадык. Оозунан араң батып киргенибиз менен ары киргенден кийин кадимкидей туруп басып жүрүүгө болчудай кенен экен. Узунунан кеткен эки киши катар басып жүргөндөй тунелдин эки жагында кадимкидей бөлмөлөр оюлуп жасалыптыр.
Ар бир бөлмөнүн боорунда адам уктоого ылайыкташкан текчелер болуп, ал экиден киши жашагыдай ылайыкталыптыр.
Үңкүрдүн ичинде баш аягы ондон ашык бөлмө бар экен. Баарына кирип чыктык. Бир бөлмөсүндө таштан жасалган кишинин эстелиги бар экен. Бул үңкүрдө качандыр бир убакта кишилердин жашаганы билинип турду. Үңкүрдүн ичин көрүп бүтүп тышка чыкканда күндөн көзүбүз уялып жарыкты да тик карай албай, көнгөнчө үңкүрдүн оозунда отурдук. Кайра жолдо келе жатканда үңкүр жөнүндө ар кимибиз өз билгендерибизди айтып талкуулайбыз.
Мен ал күнү жатаканага келгенден кийин монастрдагы монахтар, монашкалар жөнүндө ойлонсом, бул дүйнөдөгү оюн-зоок, бала-чакадан кечип коюшуп, өз каалоолору менен монастрга келип, кудайга сыйынуу менен жашоосун өткөрүп, тышкы чөйрө менен байланышын үзүп, өз кара жандарын багып, жердин алдындагы үңкүрлөрдө кантип жашашкандарын элестеттим.
Булардын ата-эне, бир тууган эли-жерин сагынышпай,
өзүнчө эле чектелүү бир жерден чыга алышпай, күнүгө жасаган жумуштарын күндө кайталап өмүрлөрүн өткөрүшкөндүктөрүнө,
алардын эрктеринин күчтүүлүгүнө,
динге берилгендиктерине,
ушунун баарын эч кимдин кыйноосусуз өз эрктери менен жасашканына таң калдым. Монахтар, монашкалар жөнүндө толук билбесем да кинолордон көрүп, китептен окуп, эл оозунан уккандарыман улам салыштырып,
илгери ушул айылдын тегерегинде жашаган монахтардын жашоосун болжолдоп билишимче ой жүгүртүү менен алек болдум. Бир чети аларга боорум ооруса, бир чети алардын жашоосун тереңирек билүүгө кызыктым. Техникум орун алган айыл бир кезде Монастр аталып, андан кийин Светлыймыс болуп, эми техникум аталып калганын ойлодум. Бир кезде бул жерде Монастр болгондо бул жердин гүлдөп өсүп турганы, абдан кооз жер болгону, ар түрдүү өскөн бак дарактардан алардын крест түрүндө ирети менен тизилгенинен көрүнүп турат. Көлдүн жээгине чейин бак тигилип кооз жерден орун алганын ойлодум. Кийинчерек да бир топ күнгө чейин монастр жөнүндө ойлонуп жүрдүм.Алдыда Биринчи май майрамы келе жатты. Түшкө чейин окууга барып түштөн кийин китепканада,
жатаканада,
кечкисин кээде акча болуп калганда киного барып, кээде танцыга барып, кээ бир күндөрү акчабыз жок болуп калганда ачка калып, кээде отурушка барганда ар түрлүү тамак-аштар желбей калып, студенттик күндөр биринен сала бири кызыктуу болуп өтүп жатты. Билинбей Биринчи май майрамы келип каникулга тараганда үйгө кеттим. Үйгө барсам үйдөгүлөр мага төртүнчү майга военкоматтан повестка келгенин, классташ балдардын кээ бирөөлөрү военкоматтан армияга кетүүгө кагаз алышкандыктарын айтышты. Алар мени да армияга алып кетип калабы деп коркуп жатышыптыр,
энем көзүнө жаш алып:-Айланайын Гекиним эми сени армияга алып кетсе окууң эмне болот. Конокказы абаң да армияда жүрсө, жок дегенде абаң күзүндө армиядан келгенче коё турушса боло, экөөң бирдей армияда жүрсөңөр айлабыз эмне болот-деди кейип-кепчип.
Мен кайраттантып:
-Мамаша коркпой эле коюңуз азыр тынччылык эмеспи, мага окуумдан улуксаат беришет, кайра келгенде улантып окуйм, бир чети баары бир армияга бара тургандан кийин өз теңтуштарым менен убагында барганым оң-дедим. Бул сапар каникулга келгени түнкүсүн эле үйдө болгонум болбосо күндүзү теңтуштарым менен жүрдүм. Медеркан майрамга карата каникулга тарары менен айылына кетиптир. Ага кезиге алган жокмун, бирок окуу төртүнчү майда баштала тургандыктан,
мен ал күндөрү айылда болорумду билип, ага жолугарыма көзүм жетип көңүлүм ток эле. Анын үстүнө бир чети майрам болуп, бир чети теңтуштарымды армияга узатып, «күндө майрам күндө той» дегендей ал күндөрдүн кандай өткөнү билинбей калды. Төртүнчү майда военкаматка барсам тогузунчу майга аскерге жөнөтүү кагазын берди. Бешинчи майда техникумга барып окуган жериме военкаматтын кагазын тапшырып ал жердеги чогуу окугандарым менен коштошуп, «обходной лист» деп койор эле, китепканага,
жатаканага жана башка он чакты жерге кол койдуруп карызы жок дегенди билдирген кагазды толтуруп, баарын тактап окуу бөлүмүнө алып барып буйрук чыгартып, окуудан убактылуу улуксат алып, алтынчы май күнү кечинде үйгө кайра келдим.Ата-энем менен сүйлөшүп эртеси жетинчи май күнү кечинде теңтуштарыма,
сегизинчи май күнү кошуна, туугандарга узатуу тамагын бермей болдум. Түнү менен Медерканга барып сүйлөшүп аны эртеси күнү кечинде болуучу узатуу кечесине чакырдым. Ал мектептеги мугалимдердин узатуу кечелерине барууга катуу тыйуу салып жаткандыгын,
айрыкча кыздарды отурушка барышканы билинип калса, ата-энесин чакыртып аялдар кенешине салып жатканын айтып, бирок кандай болгон күндө да, мен үчүн классташ кыздары менен отурушка барарын айтты. Мен жетинчи май күнү эч жакка чыкпай эртеден кечке кой союп, конок камын көрүп жаттым. Кечинде үч теңтуш баламды ээрчитип алып Медерканды теңтуш кыздары менен отурушка алып келүү үчүн жөнөдүм. Биз барсак Медеркан беш-алты классташ кызы менен даяр турушкан экен. Биз барарыбыз менен Кубандын үйүнөн чыга келишти. Аларды ээрчитип алып үйгө келсек, музыканын үнү угулуп, үйдө калган балдар бака-шака болуп ырдап, бийлеп жатышкан экен. Үйгө кире берерде Медеркан тышкы үйдөгү конок камын жеп жүрүшкөн эже- карындаштарымды көрүп алардан уялып кирбей койду. Мен тышкы үйгө кирип верендада отурушкан бир туугандарыма аркы ата-энемдер отурган үйгө кире тургулачы деп суранып кыздардын уялып, кире албай жатышкандарын айтсам, карындаштарым менен жеңелерим менин сүйлөшкөн кызымды көрөбүз деп болбой коюшканынан аларга анан көрсөтөм деп айтып атып араң көндүрдүм.Верендадагы түз кирген эшикте ата-энем, бир туугандарым отурушкан, сол жактагы эшиктен киргендеги эки бөлмөдө теңтуш балдарым ырдап-бийлеп жатышкан. Мен веранда бошогондо сырттагыларды үйгө киргиздим. Кыздар-балдар жайланышып отурушкандан кийин, буркураган самоорлор үстөкө-босток киргизилип,
отурушка келгендер чай ичип жатышты. Тыштан киргизилген самоордогу чайды Медеркан куюп берип, мен куюлган чайларды сунуп, экөөбүз бири-бирибизди сырдуу тиктешип конокторду Медеркан экөөбүз биригип сыйлап жатканыбызга ыраазы болуп кубанычым койнума батпай жүрдүм. Аябай толкунданып өзүмдү бактылуу сезип Медеркан ошо жердеги кыздардын арасынан эң татынакайы болгондуктан,
теңтуш балдарыма «көрдүңөрбү менин сүйлөшкөн кызым кандай сулуу, кандай акылдуу» дегендей кылып сыймыктанам.
Тышкы үйгө кирип чыкканда жеңелерим, эже-карындаштарым «сүйлөшкөн кызың кайсынысы, көрсөтпөйсүңбү» дешкенинен Медеркан кийип келген жарашыктуу кыпкызыл туфлийди көрсөтүп, «мына бул туфлийдин ээси, муну тышка чыкканда ким кийсе ошол», деп күлүп койдум. Тигилер туфлийдин ээсин көрөбүз дешип, туфлийди кайтарып калышты. Чай менен кошо вино ичилип бир сыйра тамак желгенден кийин, бийлегендер бийлеп тышка чыкканы тышка чыгып кирип жатышты. Мен бошой калганда Медеркандын кулагына шыбырап: -Сыртка чыгып келбейлиби-
дедим. Ал макул болуп экөөбүз ээрчишип көчөгө чыктык. Ай сүттөй жарык болуп турган экен. Көчөдөгү үйлөрдүн анда сандасынын эле терезелеринен жарык көрүнбөсө көпчүлүгү жатышкан окшойт. Терезелеринин жарыгы өчүптүр. Көчөдө жай колтукташып бараткан экөөбүзгө жолто болбойлу дешкенби күндөгү ажылдап үргөн иттердин да үндөрү угулбай жым-жырт болуп турду. Экөөбүз бир топ баскандан кийин, үйдөн чыгып жаткан музыканын үнү да угулбай калды. Ошондо унчугушпай ойлуу басып бара жаткан экөөбүз бир мезгилде токтоп, бири-бирибизге бурулуп, беттеше түштүк да, кучакташкан бойдон эстеликтей болуп бир саамга катып калдык. Мен адегенде тамагымды жасап, үнүм чыгарына ишенгенден кийин үнүмдү эч ким укпагандай акырын чыгарып;-Меку,
мени күтөсүңбү?-дедим.
Медеркан мени жалжылдап тиктеп:-Ооба,
бирок…-деп унчукпай калды. Мен анын саамайынан назик сылап:-Эмнени жашырып жатасың, айтчы, балким мени сүйбөгөн чыгарсың-дедим.
Бирок деген сөзү жүрөгүмдү түпөйүл кылып, анын маанисин билиш үчүн Медеркан чочуп кеткендей оозумду колу менен баса коюп:-Жок, андай дебе! Мен сени жакшы көрбөсөм ушинтип жаныңда жүрөт белем. Мен сага болгонун ачык айтайын. Үйдөгүлөр кичинемде кудалап коюшкан экен, бирок мен аны жактырбайм,
өзүң деле байкап жүрсөң керек окуудан тарарым менен үйгө алып кетишет, үйдөгүлөр Кубандын ата-энесине да аябай табышташкан.
Сен келгенче ала качып кетишеби деп корком, үйдөгүлөр да ошого алып беребиз деп дайыма айтышат-деп өзүнүн алсыздыгын айтып арызданып жаткандай көзүн жалжылдатып маңдайымда сүйлөп жатты. Менин ичим тызылдап ачышып, кимдир бирөөлөргө ачуум келип, эми эле бактыма эч ким жолто болбочудай дүйнөм түгөл болуп турганга күтүүсүз сокку болуп, эми минтип карасаң ойдо жок жерден каргаша болуп мындайы да бар беле дегендей болдум. Анын үстүнө колумдан эмне келмек, бир күндөн кийин армияга эки жылга башка жака кеткени жатсам деп ага эмне айтарымды билбей калдым. Медерканды алаксытууга аракет кылып:-Меку,
андай болбойт. Сен аны жактырбагандан кийин ал ала албайт, анда деле намыс бардыр, өзүн жактырбаган кызды ал кантип алмак эле. Армиядан келгенче күт, келгенде үйлөнүп бактылуу болобуз-деп чөнтөгүмөн атайы арнап койгон шакекти алып чыгып:-«бул шакекти сага деп атайын алдым эле. Мени сагынганда ушул шакекти көрүп мени эстеп жүр»-деп Медеркандын колуна салдым. Медеркан колундагы шакекти карап,-Ай, ий, кандай кооз жакшы шакек менин колума да чап чак экен-деди. Мен Медеркандын шакекти жактырганына кубанып:-Отуруш кандай өтүп жатат. Үйдөгүлөр сага жактыбы-дедим.
Медеркан күлүмсүрөп,
кабагы ачыла түшүп:-Ооба,
үйдөгүлөрдүн баары жакшы экен-деп кабагы кайра бүркөлө түшүп:-«теңтуштарыңдын арасында чыккынчы бар экен, сен тышка чыкканда Бекказы эми армияга кетет, эми экөөбүз сүйлөшүп жүрөлү, аны эмне кыласың»-деди.
–«Мен аны менен уруша кеттим»-дегенде ачуум келе түштү. -Ал ким экен?-деп Медерканды карадым. Медеркан бир азга ойлоно түшүп чыр чыгып кетерин түшүндү окшойт.-Атын айтпай эле койойун, мен аны уруштум, андан кам санабай эле кой. Ал эми мага экинчи тийише албайт-деди өзүнө ишенгендей чечкиндүү. Мен Медеркандын чечкиндүүлүгүнө ыраазы болуп эңкейип бетинен өптүм. Бул менин биринчи өбүшүм эле. Медеркан уялып көзүн ала качып жер карады. Мен анын саамайынан назик сылап турдум. Ким билет канча убакыт турар элек, үй жактан бизди чакырып бир бала менен бир кыз чуркап келип калышпаганда.
Экөөбүз кыйкырып келаткандарды утурлай басып кол кармашып бараттык. -Ой, кайакта эле жүрөсүңөр, силерди жанатан бери издеп жүрөбүз үйдөгүлөр тамак бышты деп жатышат-дешти.
Биз үйгө келсек, эт бышып чыгарганы жатышыптыр.
Тамак желип жатканда: -Тосту Медеркан сүйлөсүн чоң стаканга куйгула-дешип кызып калган кыздар-балдар жаалап калышты. Медеркан мурунтан эле ичкилик ичпей аткандыктан,
кантер экен деп карап калдым. Ал кезде тост сүйлөгөн адам кандай ичсе ошондой ичишчү. Медеркан жакшы каалоолорун айтып сүйлөп туруп: -Бекказы үчүн ууда болсо ичем-деп кошумчалап,
чоң стакандагы винону ичип жиберди. Кантер экен деп карап тургандардын бары дуу дей түшүп: -Мына сүйүү деп ушуну айтат! Бали азаматсың!
-дешип, ар кимиси мактап, алдындагы стакандагы винолорун чогуу ичип жиберишти. Мен сыймыктануу менен Медерканды карап турдум. Тамак желип бүтүп чай ичилгенден кийин отуруштагылар үйлөрүнө тарашты. Мурат экөөбүз кыздарды узатып жөнөдүк. Жолдо баратканда Мурат кыздар менен алдыга кетишти Медеркан экөөбүз колтукташып алып бири-бирибизге жакшы каалоолорубузду айтышып, үзбөй кат жазышып турмай болуп, бири-бирибизге жүрөктөн чыкан жакшы назик сөздөрүбүздү айтышып эч кимге эч нерсеге көңүл бурбай бул ааламда экөөбүз эле жүргөндөй сезип бара жаттык. Тиги алдыга кеткендерден алыстап бөлүнүп калганыбызды да билбей калыптырбыз.
Качан гана Медеркан жашаган үйгө келгенде тигилерден адашып калганыбызды сездик. Медерканды эңкейип бетинен өөп: -Кечинде келем-дедим да, коштошуп үйүнө кийрип жиберип жалгыз келип чоң жолго чыктым. Мурат жалгыз турган экен. Ал менин алдымдан чыгып: -Мени берки класстын балдары сабап кетти?-деди.
Менин ачуум келип: -Алар кайда кетишти?-дедим.
Мурат: -Мобу жакка деп күн батышты көрсөттү.-Жүрү кеттик аларды элеби-деп ызырынып алдыга түшүп көрсөткөн жака чуркадым. Биз бир топ жерге чейин чуркап барып, Муратты сабап кеткен балдарды таппай калдык.Мен үйгө жеткенде таң сүрүп келаткан эле. Кечке үйдөгүлөр менен болуп кечинде Кубандын үйүнө бардым. Медеркан тамакты көтөрүп келип үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып идиш-аягын белендеп баарыбызга тамак бере баштады. Эмнегедир Медеркан тамакты куюп бергенден кийин тышка чыгып кетип кайра кирген жок. Кубандын ата-энеси аркы беркини сүйлөшүп, аларга армияга эртеси күнү кеткени жатканымды айтып, алар аман-эсен барып жакшылап кызмат өтөп кел деген каалоолорун айтып отуруп тамакты ичип бүткөн соң Кубанды тышка чыгалы деп жаңдадым. Кубан түшүнө коюп үйдөгүлөрүнө биз тышка чыга берели жумуштарыбыз бар эле деп бата кылып оозгу үйгө чыгып Кубанга шыбырадым: -Медеркан кайда десем, Кубан ички үйдүн эшигин көрсөтүп, -Бияка кир,- деп коюп өзү тышка чыгып кетти. Кубан көрсөткөн ички үйдүн эшигин ачып кирсем Медеркан столдо отуруп бетин эки колу менен жаап алып ыйлап отурган экен. Эки колун алып өйдө тургузуп кучактап көзүнүн жашын алаканым менен аарчып:-«Меку сага эмне болду»-деп шыбырап сурасам, Медеркан суу болгон кирпиктерин бат-баттан ирмеп кап-кара көздөрүн балбылдатып:
-Жөн эле сиз армияга кетип жатканыңыз үчүн ыйлап жатам- деди. Бетинен жумшак сылап: -Баары жакшы болот кудай буюрса эки жыл эки күндөй өтүп кетет-дегиче тышкы үйгө калдыратып бирөө чыкты. Мен кирип келбесе экен дегендей кылып чочуп кетип:-«анда эртеңки көрүшкөнгө чейин» деп бетинен өөп тышты көздөй жөнөдүм. Короодо Кубан күтүп турган экен. Аны менен сүйлөшүп ага да эртең менен военкоматтан жолугушмай болуп Куркукка минип алып, үйдү көздөй чапкылап жөнөдүм. Куркук да менин алыска узак убакытка жөнөгөнү жатканымды түшүнгөнсүп,
камчы салдырбай эле катуу чуркап келатты. Асманда булут жок болуп ай жарык болгондуктан,
көчөнүн эки жагындагы үйлөр короо-жайлары менен даана көрүнүп, дүпүйүп өскөн бак-дарактар аларга жарашып тургандай болуп, көзүмө айылдын ичи өзгөчө кооз көрүнүп жатты. Кош болгула туулуп өскөн айылым эки жылдан кийин кайра көрүшкөнчө деп кыйкырып жаткандай болуп айыл менен коштошуп эки жагымды карап чаап келе жаттым. Мен үйгө келгенде мени узатканы келгендердин баары жатышып жалгыз гана энем олтурган экен. Куркукту отко коюп үйгө кирип бардым.-Балам,
кайда жүрөсүң. Эртерээк тамак ичип алып эс ал, эртең менен таңдан туруп военкоматка барасың, жол жүрөсүң- деди. Мен энемди бетинен өөп курсагым ток, эс алайын деп төркү үйгө эс алганы кирип кеттим. Эртең тогузунчу май. Колхоздон военкоматка жеткириш үчүн атайын чегилген автобус келгенде ойготушту, тура калып кийинип, жуунуп алып чайга келгенде үйдөгүлөрдүн баары эбак эле турушуптур.
Дасторконду тегеректешип отурушкан экен, дасторконго менин аман-эсен барып келишимди кудайдан тилешип бата кылып чай ичилип бүтүп калганда энем май токоч алып келип: -Балам бул токочко бата кылып жарымын жеп жарымын коюп койо тур. Кайра аман-эсен келгенде жейсиң-деди.
Мен айткандай токочтун жарымын жеп, жарымын калтырганы энеме бердим. Чайларыбызды ичип бүткөндөн кийин военкоматка жеткирүүчү автобуска түшө баштадык. Мени узатканы барчуларга автобус толуп калды. Алар ата-энем, Садырбай абам аялы менен Саадаткан жеңем, эки таякем аялдары менен Жамал эжем, Вера эжем күйөөсү Турусбек жездем, карындаштарым жана жакын туугандарымдан ар бир үйдөн бирден киши, туугандарымдын балдар кыздарынан бар эле. Жолго деген чемоданымды военкоматтан кудайга жалынып бата тилегенге тамак-аш, майда бараттын баарын автобуска салышты. Чоң жолго чыкканда эки-үч жерден токтошуп мени узатканы барганы күтүп турушкан теңтуштарым түшүштү автобус военкоматка күн чыга келип токтоду. Ал жерде бизден мурда келишкен көп элдер бар экен. Топ-топ болушуп бирөөлөрү ырдап жатышса, бирөөлөрү гармошка, гитара чертишип, бийлешип, бүрөөлөрү дасторкон жайышып военкоматтын маңдайындагы бакта олтурушуптур.
Мени узатып баргандар бакка дасторкон жайышып отурушканча эле эл дагы көбөйүп кымкуут боло баштады. Мен теңтуш балдарым менен чогуу аскерге кетүүчү балдарды кыдырып, алар менен учурашып жайнаган элдин арасынан Медерканды карап элеңдеп жүрдүм. Убакыт өткөн сайын тынчсызданып күтө баштадым. Чогуу кетүүчү балдар менен учурашкандан кийин өзүмдү узатып келгендердин жанында болдум. Бир убакта Кубан шаша-буша жетип келип, мени чакырып калды. Жанына барсам үч бурчтук болуп бүктөлгөн катты берип: -Медеркан сени таарынбасын деп ушул каты берип жиберди- деди. Мен катты окусам, төмөндөгүдөй мазмунда жазылган экен:«Бекказы «эр жигит эл четинде жоо бетинде» дегендей бизди коргогону жигиттик милдетиңди өтөгөнү аскерге кетип жатасың. Мен сени менен дайыма сыймыктанам.
Сени узатпай калганыма абдан капа болуп жатам. Себеби бизди сени узатууга барганы жатканыбызды бирөөлөр мугалимдерге айтып коюшуптур. Эртең менен узатканы чыкканы жатсак, класс жетекчибиз үйлөрүбүздү кыдырып келип эскертип кетти. Кимде ким военкоматка барса чогулушка салып уят кылабыз деди. Ушул катты жазып жатканда ыйлап олтуруп жазгандыктан,
көзүмдүн жаштары тамчылап кетти. Сени узатканы баралбай калгандыгым үчүн кечирип кой. Сенин аман-эсен аскерге барып келишиңди кудайдан тилейм жана сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтөм деп Медеркан» деген жазуулардын үстүндө үч-төрт тамчы көз жаштын тагы бар экен. Мен катты кайра–кайра окуп чыктым. Эмне кыларымды билбей ары-бери басып, өзүмдү токтотуп жатсам, Кубан мени аяды көрүнөт: -Беке, капа болбочу. Медеркан да ыйлаган боюнча калды- деди. Ангыча үч «ЛАЗ» автобусу зуулдаган боюнча военкоматтын короосуна кирди. Ошол замат радиодон армияга чакырылуучулар военкоматка кирип катталыңыздар,
узатуучулар армияга кетүүчүлөрдү жолунан кармабай военкоматка киргизүүңүздөрдү суранабыз деп улам-улам кайталап жатты. Ошол жерде жүргөндөрдүн баары чуру–чуу түшүп узатып келген балдар армияга кетүүчү балдар менен коштошуп улам бирөө кучактап жатышты. Узатканы келгендер менен коштошуп бүткөн балдарды четинен чемоданы менен кошо көтөрүп теңтуштары военкоматка кийирип жатышты. Мен да коштошуп бүткөндөн кийин теңтуштарым чемоданым менен көтөрүп жөнөштү. Военкоматка кирерим менен капитан наамындагы офицер фамилиямды,
аты- жөнүмдү жазып алып автобуска олтургузду.
Үч автобус толоору менен радиодон кайра кулактандырып элдин жолду бошотууларын эки-үч сыйра кулактандыргандан кийин, темир дарбаза ачылып, короодон автобустар чыга баштады. Көчөдө тургандар автобустарга жабылып, ээ беришпей автобустарды койгулап жатышты. Автобустун ичиндеги балдарда терезеге жабыша калып кол булгалап кыйкырып жаттык. Ошентип автобустар чоң жолго чыгып катуу жүрүп жөнөгөндө гана армияга бараткан балдар өз орундарыбызга олтуруп тынчып калдык.Ар бир айылдын балдары өз айылдарынан өтүп баратканда жолдон көрүнгөн тааныштарына кол булгалап кыйкырып баратышты. Мен да Даркандан өтүп баратканда тааныштарыма кол булгалап өттүм. Автобустагы балдар Жети-Өгүз районунан болгондуктан райондун айылдарынан өткөндөн кийин гана тынчып калдык. Бирок кээ бир мас болгон балдар үндөрүн бийик чыгарып кажылдашып сүйлөшүп баратышса, кээ бирлери уйкуга киришти. Автобустун ичинде эки офицер бар болучу, бири майор, экинчиси капитан эле. Аларды сураштырсак биздин аскерден кызмат өтөөчү жерден келишиптир.
Кайсы жерден десек айтпай коюшту. Мен терезени тиктеп ойлуу бараттым.Ысыккөл жолдун боюнан бирде алыстап, бирде жолго жакындап эч нерсе менен иши жоктой мелмилдеп жатты. Үстүндө өрдөктөр калкып майда толкундар менен кошо бирде өйдө чыга калып, кайра көрүнбөй калышып бей капар өзүлөрүнүн күндөгү адатындай эле жем издеп жүрүштү. Асман ала булут болуп көлдүн аркы өйүзүндөгү аркайган ала тоолордун аркасынан чубашып улам бирден кезектешип чыгып жатышкансып,
асманда булуттар ар түркүн жандыкты элестетип жайылып жүрүштү. Автобустун дөңгөлөктөрү асфалтталган жолдун үстү менен тынбай чимирилген сайын туулган жерден, элден уламдан алыстап бак дарактарды тоолорду, адырлары менен айылдарды артка таштап, алды жакты көздөй зуулдап кетип бара жаттык. Ан сайын узак убакыт алыска чыкпагандыктан,
ичим тызылдап, көзүмө көрүнгөндүн баары менен коштошуп, аларды эсиме тутуп калууга аракет кылып, эки жылдын ичинде сагынганда эстеп бугумду чыгарып сагынчымды таратам деп ойлоп бараттым. Автобустар Кажысай пасёлкасына келгенде жолдун жээгине токтоп, ичиндеги коштоп бараткан офицерлер «көлдүн жээгиндеги ашканадан тамак ичип алгыла» дешти. Ал жерден тамак ичип алып түш оой кайра жолго чыктык. Андан кийин үч автобус тең тынбай жүрүп олтуруп, Рыбачьеден бир топ өтүп машиналарды коюп эс алдырганга ылайыкталган жерге токтошуп, ал жерден шашпай эки үч саат эс алдырып тамактанып алып, күүгүм кирип калганда кайра жолго чыктык.
#26 23 August 2015 - 15:06
Автобустар ээрчишип түнү менен тынбай жүрүп олтурушту, ичиндеги чарчаган балдар уктап калышты. Автобустар саат ондордо Отар деген жерге келип айылды аралабастан бери жагындагы жолго чоң жолдон бурулуп, аскердик гарнизон жайгашкан шаарчага баратты. Бир узунунан салынган чоң барак үйдүн жанына келгенде автобустар токтоп, офицерлар:-Силер олтуруп тургула. Биз өзүбүз чакырабыз-деп коюшуп кирип кетишти. Бир аздан кийин жанакы офицерлер дагы үч төрт офицерлар менен кошо чыгышып, автобустан түшүп катарга тизилгиле деп буйрук беришти. Биз автобустан түшүп чемодандарыбызды көтөргөн тейинче жол жүрүп чарчагандыктан мойнубуздан байлаган иттей болуп катарга тизилдик. Баарыбыздын аты-жөнүбүздү окуп, толуктап ал жердеги жаңы кошулган офицер, сержанттарга өткөрүп беришти. Жолдо ызы-чуу болуп эрдемсип келаткан балдар бул жерден кой оозуна чөп албаган момун болуп жоошуй түшүштү. Ары-бери өтүп баратып бизди көрүп бурулушкан мурунтан кызмат өтөп жүрүшкөн солдат- сержанттар,
ар кайсы сөздөрдү айтып шылдыңдап күлүп жатышты. Бизди жанакы барак үйгө алып кирип өзүлөрүбүздүн бойлорубузга жараша аскер кийимдерин таратып беришти. Ал жерден жолго деп алып алган чемодандарыбызды,
ичиндеги арткан тамак-аш, кийим-кечелерибиз менен кошо жыйнап кетишти. Андан кийин кайра көчөгө чыгарып стройго тизип, жаңы алган кийимдерибизди көтөртүп алып, мончого алып барды. Мончосу абдан чоң экен жүздөн ашык бала жөн эле батып кеттик. Ал жерден кийип турган кийимдерибизди да жыйнап кетишти, чачтарыбызды такыр кылып машинка менен алып мончого жуунгандан кийин бизди кайра казармага алып келишти. Баарыбыз тооктун жөжөлөрүндөй болуп окшошуп калдык, бири бирибизди көрүп алып, шылдыңдап күлүп жаттык. Анткени солдаттын кийимдерин кийинип чачтарыбызды алып салганга таанылбай көзгө абдан өөн учурап калыптырбыз.
Кечинде жаңы алган кийимдерибизди иретке келтиргиле деп ийне- жип карматып коюшту. Кээ бир үйүнөн чыкпай ийне кармабаган балдар колдорун ийне менен жара сайып абдан кыйналышты.
Ал күнү казармадан эч жака чыкканыбыз жок. Сержанттар күн тартиби менен тааныштырып,
рота, баталёндорго бөлүштүрүштү.
Мен наводчиктердин ротасына бөлүндүм.Бизге наводчиктердин окуусун алты ай окуп, андан кийин танкалык бөлүккө барасыңар дешти. Ошентип бул жерден танка атуучу деген кесип боюнча алты ай окумай болдук. Мен төртүнчү ротадамын. Төртүнчү, бешинчи роталар наводчиктерди даярдоочу роталар болчу. Ушул эки рота катар турган эки казармада жайгашты. Ар бир ротада жүздүн тегерегинде солдаттар бар эле. Узун казарманын ичинде кроваттар эки этаж болуп коюлуп, ар кроваттын жанында тумпучкалар коюлган. Ар бир солдатка жууркан-төшөк,
жаздык, шейшеп одеалдары, сүлгүрлөрү менен берилип, аларды кандай коюш керек экендигин үйрөтүштү. Самын, тиш жууган шотка, пасталарды өзүбүз сатып алдык. Түнкү саат ондо сержанттар келип, баарыбызды катарга тизип:-Азыр жатасыңар, биз «жаткыла» деп кыйкырганда кырк беш секундда чечинип, кийимдериңерди оңдоп жатып калышыңар керек. Эгер ушул убакта бирөөңөр эле жетишпей калсаңар баарыңар кайрадан турасыңар деди. Команда берилгенде бир минутада кийинип, кайра катарга тизилип туруп калышыңар керек. Качан ушул белгиленген убакытка жетишкенде гана команда токтотулат.
Кана даярдангыла-
деди. Биз даярданып команданы күтүп калдык. Орусчаны түшүнбөгөн балдар: -Эмне деп атышат-дешкенде орусчаны билгендерибиз аларга түшүндүрүп бердик. Арабызда көп улуттун өкүлдөрү бар эле. «отбой» деген команда берилгенде баарыбыз опур-топур болуп бири-бирибизди жөөлөп түртүшүп, кийимдерибизди туш келди ыргытып чечинип баштадык. Алды төшөгүнө жата баштаганда кырк беш секунд бат эле бүтүп калды окшойт «отставит, строится» деп сержант кыйкырганда,
кайра кийине баштадык. Ошентип ончакты жолу команда берилип убакытка жетише албай, кайра тизилгенде артта калган балдарыбыз менен сен үчүн убара болуп жатабыз деп урушуп өзүбүздү өзүбүз сержанттарсыз эле тартипке сала баштадык. Аягында саат он бирлерде сержанттарда тажады шекилдүү. Жедеп биз жүрбөй калганда тапшырманы толук аткарбасак да команда берип коюп кетип калышты. Бирок адегендегиге караганда кийимдерибизди иреттеп койгонго аз да болсо жетишип калдык. Мына ушунтип аскердик кызматтын биринчи күнү башталды. Ушундай болгону үчүн баарыбыз мусапыр боло түштүк да жаздыкка башыбыз тиери менен кандай уктап калганыбызды билбей калдык. Эртең менен эрте саат алтыда сержанттар келип «тургула» деп кыйкырганда мурун ошондой укпагандыктан эмне болуп кетти дегендей жаздыктан башыбызды көтөрүп казарманын ичиндеги сержанттарды көрө коюп эсибизге келе калды. Жаңыдан кийине баштадык эле, «отбой» деген команда берилгенде кайра чечинип жата баштадык. Кээ бир солдаттар эч нерседен бейкапар уктап жатышса, кээ бирлери жаздыктан баштарын көтөрүп эки жагын эмне болуп кетти деп эсине келгичекти эле бир мүнөт убакыт өтүп кетти окшойт. Кайра команда берилди. Ошентип эртең менен да бир топко чечинип «отставит»,
«отбой» деген команданын астында убара болуп жатып араң дегенде катарга тизилгенге жетишип калдык. Бирок кийимдерибиз толук топчуланбай,
илгичтерибиз туура тагылбай катарга тизилдик. Кээ бир балдар эзели өтүк кийип көрүшпөгөндүктөн,
чылгоолорунун учтары өтүктүн кончунан чыгып турду. Сержанттардын биздин мажүрөөлүгүбүзгө кыжырлары кайнап, ачуулары келишти окшойт көчөгө чыгарып тизип алышып төрт-беш километрдей жерге чуркатышып спорт плошаткага алып келип көнүгүүлөрдү жасатып, казармага алып келип жуунтуп, тазалатып эртең мененки тамака даярдаңгыла деп таратып жиберди. Биз казармага кирип самын, тиш жуугуч, сүлгүлөрүбүздү алып атайын жуунган жайга орнотулган жерге бардык. Жуунуп казармага келип өтүктөрүбүздү майлап, кийим кечелерибизди жасап, түздөп жаттык. Саат сегизге ашканага тамакка алып барышты. Ашканага киргенибизде абдан чоң залда катар катар столдор коюлуп, эки жагында бирден эки скамейка коюлуптур. Биздин ротабыз ар бир столго ондон отурганда он столго эле батып калдык. Ашкананын ичинде болжол менен үч жүздөй стол бар болчу. Бардык столдордо солдаттар олтурушкан.
Ошондо жарым саатта үч миңдей адам бир эле убакта тамак ичип кетүүгө болчудай экен. Ар бир столдун үстүндө эртең мененки тамак үчүн деп мискейде коюу тамак, бир чайнек чай, он кашык, он тарелка, он солдаттык курушка, бир бөлкө нан, тарелкада он тоголок сливичный май коюлган. Сержанттар ар бир ротанын ашканада өз орундары бар экенин дайыма ушул орундарга олтурарыбызды айтышып, тамак ичүүнүн тартибин үйрөтүштү. Күндө кезек менен тамакты бирден солдат теңдеп бөлүштүрүп берип, тамак ичилип бүткөндөн кийин, идиштерди жыйнап тамак таратуучу, терезеге алып барып койот экен. Эртең мененки тамакта ар бир солдатка бирден тарелка коюу тамак үстүндө чочконун бирден үзүм эти менен бир курушка чай, бир тоголок май, эки кесим нан тийди. Столдо орустардан башка кыргыз, казак, өзбектер бар болгондуктан,
этти карап туруп чочконун эти экенин билип калып тамакты жебей койдук. Нанга май сүйкөп жеп чайды ичтик. Ротабызды тамакты ичип бүтүшкөндөн кийин сержанттар бизди алып жөнөдү. -Шагом марш, бир, эки, үч-деп буттарыбызды тең бастырып казармага алып кетишти. Калган роталар да биз сыяктуу тизилип алып өзүлөрүнүн казармаларына кетип жатышты. Бул жерде бүт гарнизондун курамы мен билгенден танкисттердин,
артиллеристтердин,
жөө аскерлеринин полктору жана башка полктор, алардан тышкары автомобилдик,
сапёрдук, химиялык ботальон жана медиктер жайгашып, окуп жатышыптыр.
Солдаттар алты ай окугандан кийин кесибине жараша Орто Азия округу боюнча ар кайсы бөлүктөргө жөнөтүлөт экен. Бул гарнизон Отар станциясынын жанынан орун алып, ал жерде ар бир полктун казармалары,
окуу корпустары,
административдик,
тейлөө имараттары,
складдары, мончо, клубдары болуп өзүнчө эле шаарча экен. Гарнизондун түндүк жагында Гвардейский тибиндеги шаарчада офицерлер жашачу. Көпчүлүгү этаж үйлөрдөн турган пасёлок экен, анын чыгыш жагында Отар станциясы орун алган. Гарнизондун батыш жагы менен түштүк жагы талаа. Алдыраакта түштүктөн чыгышты карай майда адырлар көрүнүп турду. Ал жакта ок атуучу жай орун алып танкаларды атканды үйрөтүү, нары жагында «БУП» деген танке айдаганды үйрөтүүчү жер бар экенин кийин билдик. Гарнизон түз талаада жайгашкандыктан жайы ысык болуп, кечкисин шамал жүрүп кум-топурак учуруп турат экен. Атайын өстүрүлгөн бак- дарактардан башка өзү өскөн бийик эч нерсе жок. Жери куу такыр келип, саксаул деген кичинекей жапыз куурайдын боюндай жыгач, майда кылкан чөптөр өсөт экен.Кыргызстандык жыйырмадайыбыз танкалык полкто кызмат өтөп убактыларыбыз боло калганда жолугушуп турдук. Танкалык полк үч батальондон турат. Биринчи батальон сержанттарды даярдаса, экинчи батальон поводчиктерди,
аткычтарды,
үчүнчү батальон танка айдоочуларды даярдоочу. Ар бир батальондо экиден рота бар. Офицерлерден батальондун командири, саясий, жана техника боюнча командирдин орун басарлары, ротанын командири, үч взводдо бирден взводдун командирлери иштесе, аларга старшиналар менен сержанттар жардам берип турушчу. Ал күнү түшкө чейин асфальтталган горнизондун парад кабыл алуучу чоң аянтына бизди алып барып басууну, катарга тизилүүнү, өзүнөн улуу чиндегилерге саламдашууну,
командир чакырып калса кандай кайрылууну,
рапорт берүүнү жана башка солдаттарга керектүү эрежелерди үйрөттү. Түштө бирден экиге чейин тамактануу болот. Түшкүсүн он солдатка бир мискей суюк тамак, бир мискей коюу тамак, бир кружкадан кисел, эки кесим нан берилди. Ал тамакта да чочконун эти болгондуктан жебей койдук. Киселге көнбөгөндүктөн айлабыздын жогунан нан менен ичүүгө туура келди.Түшкү тамактан кийин бир саатка бош убакыт берилип, өтүктөрүбүздү тазалап, кийимдерибизди жамап-жазгап,
кат жазабыз. Саат үчтөн алтыга чейин окуу корпустарына болуп окуйбуз. Анда танкалардын түзүлүшү, огунун түрлөрү, танканы кандай айдоо керек экендигин жалпы жонунан тааныштырып,
кийинки сабактан баштап тереңдетип,
ар бир тетигине чейин окутушаарын айтты. Бул корпустун ичи баардык көрсөтмө куралдары менен жабдылыптыр.
Танкадан башка майда барат куралдардан бери көрсөтмөгө коюлуптур. Танканы айдаганды, БУПтан атканды ок атуучу шаарчада үйрөнөсүңөр деди. Кечки жетиде тамактанууга алып барышат. Эртең мененки тамактагыдай эле чай, кою тамак, эки кесим нан, майы жок экен. Биз дагы эле чочконун этин жебей чай ичип, нан жедик. Мурда чочконун этин жеп жүргөндөргө тамагы жакшы эле болду. Биз үчүн биринчи күнү көп деле курсагыбыз ачканы сезилген жок. Кечки сегизден саат онго чейин бош убакыт берилип, ондо кечээкидей «жатуу», «туруу» болуп атып саат он бирлерде араң уктаганга улуксат алабыз. Ал күнү да абдан чарчадык.Ал кезде Советтер Союзу дүйнөдөгү мамлекеттерден Куралдуу Күчтөр жагынан бирден бир күчтүү мамлекет болуп, тартип күчөп баардык жагынан өнүгүп өсүп турган. Ал кезде дүнүйөнүн мамлекеттери экиге бөлүнүп капиталисттик жана социалисттик мамлекет болуп бири-бирине тирешип турган учур. Социалисттик мамлекеттердин башында СССР, капиталисттик мамлекеттердин башында Америка, Япония, Англия сыяктуу өлкөлөр турган. Биз армияга чакырылган жылдары СССРдин Кытай менен мамилеси начарлап коңшу мамлекетибиз СССРге кол салганы жатыптыр деген имиштер угулуп жаткан. Ал тургай кээ бир жерден кол салганы, совет мамлекети кытайларга эскертүү иретинде лазердик курал колдонгондугун басма сөздөрдө жазып жатышты. Ал тургай саясий окууда мугалимдерибиздин бул туурасында кыскача айтып бергени бар. Кийинки күндөрү ушундай эле күндөлүк иштер менен алектенип кызмат өтөп жаттык.Кыргызстандан барган балдар көбүнчө саат сегизден кийин бош убактыбызда орто ченде чоң курилка бар эле ошол жерден жолугушаар элек. Биз жолугушканда бири-бирибиз менен өз эл жерибиз жөнүндө сүйлөшүп, жаңылыктарды айтышып, кээ бир учурда жакшы ырдаган балдар гитаранын, кыяктын коштоосунда ырдап беришчү. Танкисттердин полкунда Шалбалык Элебесов Өмүрбек, Комсомол айылынан Жалгасын, Чырак айылынан Темирбек, Кош-Дөбөлүк Качкын, Корумдулук Султанбек, Талаптык Нурмат, Ак-Кочкорлук Элмир, Саруулук Сарыбай, Барскоондук Дүйшөн, Кажысайлык Сары Эшен, Камчыбек, Большевиктик Догдурбек, Оттуктан Боржон, Кызыл-Суудан Аскарбек, Ой-Талдан Тилек деген Ысыккөлдүк балдар бар эле. Аларга эртең менен полктун жуунган жери бир болгондуктан ал жерден да жолугушуп турчубуз. Күндүзү ар бирибиз ар кайсы батальондордо болуп ар бир батальон өз-өзүнчө окуп, практикалык даярдыктарга машыккандыктан башка батальондогулар менен кезиге алчу эмеспиз. Наводчиктердин батольонундагылар күндүзү чогуу болчубуз. Биз чочконун этин мурда жеп көрбөгөндүктөн он күнгө чейин тамак ичпей жалаң чай, нан, май менен тамактанып жүрдүк.Ушул он күндүн ичинде кызмат оор болгондуктан кадимкидей арыктап баспай калдык. Башка түшсө байтал жорго болот дегендей жедеп айлабыз кеткенде эттерин терип таштап, тамак иче баштадык. Андан кийин акырындап эттин кара жерин терип жеп, андан кийин бир ай чамасында этке да көнүп кеттик. Түшкө чейин теориялык жактан полктун ичиндеги окуу корпусунда окусак, практикалык жактан эки километр алыстыктагы ок атуучу жайга барып так атканды үйрөнөбүз. Ал жерде үч танканы бокстун ичине орнотуп коюптур. Танкеге түшүп алып оордунан эки-үч жүз метрдей жердеги мишендерди атып үйрөнүп жаттык. Ал жерде баардыгы автоматташтырылган.
Поводчик же ок атуучу танкадагы өзүнүн ордуна отуруп кнопканы басканда танка кадимки жүрүп бараткандай кыймылдай баштайт. Мишендерди операторлор улам бирден убакыт боюнча чыгарып турат. Ок мишенге тийсе кадимкидей мишен жыгылып көрүнбөй калат. Качан гана убакыт бүткөндө өзү жыгылып, оордуна башка мишен чыгат. Мишендер кишинин, пулемоттун,
танканын жана башка ар кандай нерсенин сөлөкөтүндө болчу. Бул жерди «стрелба» деп койчу. Кийин бара-бара ок атуучу шаарчага барып ок атууну үйрөнөсүңөр деп жатышты. Ал жактан кадимки согуштагыдай танкалар линиялар менен жүрүп, мишендер жылып турат деп айтышты. Бизди ротадагы офицерлер үйрөтүштү. Армиядагы жатып туруу, басуу командирге рапорт берүү, саламдашуу өзүнүн бүткөн боюн алып жүрүү жана башка эрежелерди бир ай дегенде үйрөнүп бүттүк. Эми присяга алып, ант бересиңер деп жатты. Присяганын тексттерин жаттап, кандай присяга берерди үйрөнгөндөн кийин присяга бермей болдук. Присяганы танкисттердин полку бир күндө бердик. Үч батальонго ичинен роталарга, анан взводдорго бөлүнүп тизилип турдук.Полктун,
батальондун,
ротанын командирлери ортодогу трибунада турушту. Ар бир взводдун маңдайында он метрдей аралыкта үстү кызыл жабуу менен жабылган столдун үстүндө присяганын тексти жазылган барактар коюлду. Полктун командири сөз сүйлөп Ата-Мекен үчүн ак ниеттик менен кызмат өтөө керектигин айтып бүткөндөн кийин присяга берүү аземи башталды. Ар бир взводдон бирден солдат столдун жанында турган взводдун командирине рапорт берип жатты. Аты-жөнүн айтып присяга берерин айтканда взводдун командири присяганын текстин алып келгенде аны шатыратып окуп, андан кийин ортодо турган полктун туусун бир буту менен жерге тизелеп туруп өөп: -Советтер Союзуна кызмат кыламын!-деп кайра ордуна тизилип жатышты. Присяга берилип бүткөндөн кийин полк музыкалык оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен трибунанын алдынан параддан өттүк. Присяга алгандан кийин эми чыныгы солдат болдуңар. Туура эмес иш жасасаңар мыйзамдын алдында жооп бересиңер. Мындан ары окууну бүтүп бөлүккө кеткенче курсант болосуңар дешти. Курсант болгондон кийин түйшүгүбүз жеңилдеп кеткен жок, кайра оорлой баштады. Адам баласы канчалык оорчулук болсо да баарына чыдайт тура. Эми аскердик эрежелерди,
ички тартипти сактап, тамагына көнүп, теориялык окуулардан тышкары ок атуучу шаарчага жыйырма километрдей алыстыкка барып танка менен атууну үйрөнүп, отуз километрдей алыстыктагы БУПка барып танка айдаганды үйрөнүп, караулга туруу, ашканага нарядка баруу дегендей толгон түйшүктөр кошулду. Кээде станцияга алып барып вагондордон ар кандай жүктөрдү да түшүрөр элек. Такыр эле бош калганда казарманын полун айнек менен кырып, мастит деген май менен майлап, тряпка менен сүргөн сайын пол жылтырап калчу. Кайра-кайра сүрттүрүп күнгө чагылышканча сержанттар мажбурлап сүрттүрүшчү.
Ушундай жумуштардан улам бош убактыларыбыз жок эсе болуп, көпчүлүк учурларда кат жазууга үлгүрбөй калчубуз. Эптеп ала-чоло боло калганда үйдөкүлөргө дарегибизди билдирип бир сыйра кат жазууга үлгүрдүк. Кээде ал тургай үйдөкүлөрдү,
айылдагыларды ойлоого чоло тийбей калчу. Түнкүсүн жаздыкка башыбыз тийери менен уктап калганга аракеттенебиз.
Ошол күндөрдүн бир күндүк турмушун алып көрсөм: адаттагыдай эле сержанттар келип эртең мененки саат алтыда «тургула» деп кыйкырышканы.
Кызуу уйкуда жатышкан курсанттар сержанттын үнүнөн улам оорундарынан туруп кийимдерин арыдан-бери кийе калышып, өз убагында катарга тизилип калышчу. Сержант тизилген курсанттардын кийинген кийимдеринен кынтык издеп таппай калганда кайра он мүнөттөн кийин строевой текшерүүгө тизилгиле деп саатын белгилеп таратып жиберчү.Курсанттар кроваттарын иретке келтирип, өтүктөрүн тазалап, жакаларын, топчуларын оңдоп-түздөп он мүнөттө ушунун баарына жетишүүгө аракет көрүшчү. Сержант кандай болгон күндө да курсанттардын бир жеринен кынтык таап наряд берип ашканага, казармага дневалныйликке экиден төрт курсантты чыгарып жазалашы керек болчу. Арадан он мүнөт өтүп өтпөй: -Строевой текшерүүгө тизилгиле-деген буйрук берди. Курсанттар тизилип туруп калдык. Сержант ар бир курсантты кунт коюу менен карап, текшерип жатты. Бир курсанттын жанына келип:-«жакаң кир экен катардан бери чык»-деди, дагы бирөөнүн жанына келип, өтүгүң кир экен: «катардан чык»- деди, үчүнчүсүнө-
«илгичиңди туура тагынбаптырсың»,
жанындагысына:
-«бир топчуң топчуланбай калыптыр»-деп төртөөнү катардан чыгарып, экөөнү ашканага картошка тазалаганы,
экөөнү казармага дневальный болосуң деп наряд берди. Ашканага баргандар кезек менен сменага барган роталарга жардам берип сутка бою иштешчү. Ал эми дневальный болгондор бирден кире бериштеги тумпочканын жанында болуп, казармага командирлер киргенде ротадагылар туурасында жооп берип турчу. Экинчиси казарманы тазалап, жууп чыгышчу, алар да сутка бою дежур болчу. Күнүгө ушул көрүнүш кайталанчу.
Сержант калган курсанттарга кайрылып:-Бүгүн БУПка танка айдаганды үйрөнгөнү барасыңар-деди.
Бул күнү ашканага мурунтан айтылып эрежеден тышкары эрте тамак ичип алып казармага келдик. Күндө жасалуучу эртең мененки алты километр чуркоо, физарядка жасоо жана башка жумуштар жасалган жок. Казармага келип ар бир курсантка бирден автоматты октору салынган магазини, противогаз салынган баштык, ОВТ химиялык уу заттарга каршы кийе турган резинка кийимдер менен кошо катарга тизип, БУПту көздөй алып жөнөштү. Биз мурдагыдай эле горнизондон эрте чыгып кеттик. Сержанттар горнизондон чыгаарыбыз менен ротаны эки взводко бөлүп алышып чуркатышты.
Жайдын толук кези болгондуктан күн аркан бою көтөрүлүп калган. Жонубузга көтөргөнүбүз автомат, эки магазин салынган баштык, противогаз,
ОВТ салынган баштык, суу куюлган пляшка, штык нож болуп бир топ жүгүбүз бар болчу. Анын үстүнө буттарыбызда керзывый өтүк, кээ бирөөлөрү чылгоолорун орогонду үйрөнө элек кез. Бирөөлөрүбүздүн өтүктөрүбүз чоң болсо, бирөөнүкү тар болуп, бир километрдей жерге чуркаганда эле жондорубуздан тер куюла баштады. Кишинин жаланкычы киши дегендей кайда болбосун кара ниет, кара өзгөйлөр колдоруна кичине эле бийлик тийе калса ошол бийликтен пайдаланып алы жеткендерди эзгенди жакшы көрөт беле. Сержанттар да бийликтеринен пайдаланып курсанттарды эзгилери келген көрүнөт, чуркап бара жатканыбызда токтотуп: -Противогаз,
ОВТларды кийгиле-деп көтөрүп келе жаткан жүктөрүбүз аз келгенсип буйрук беришти. Биз противогаз,
ОВТларыбызды кийгенден кийин кайра чуркатып жөнөттү. Эки взводдун курсанттары катар чуркап бара жаттык. Жаан резинадан кийинип үстүбүзгө оор жүк көтөрүп, противогаз бир жагынан думуктуруп,
дем алдырбай жатса ал кез келгенсип күндүн ысыгы бир жагынан куйкалап жонубуздан ылдый тер куюлуп араң чуркап бара жаттык. Жеңил-желпи кийинип эч нерсе көтөрбөгөн көпкөн сержанттар буга да алым сынбай курсанттарды бастырып, жаткырып, сойлотуп, отургузуп жатышты. Мындай кыйноого чыдай албай кээ бир курсанттар жанталашып беттериндеги противогаздарын ала коюшса, сержанттар урушуп-тилдешип кайра кийгизишти.
Кээ бир курсанттардын буттары жооруп, аксап келе жатышты. Курсанттардын кыйналганын көргөн сержанттар:
-биз да убагында ушундай азаптарды тартканбыз-
деп бир чети табалашса, бир чети моокумдары канып, өзүлөрүнүн кылган ишине ыраазы болушкандай,
кыйкырып, өкүрүп, тилдешип, чоң эрдик кылышкандай болуп жатты. Бир кезде буттарыбыз баспай кара терге түшүп тердеп дем ала албай калганда өлтүрсөңөр койсоңор өзүңөр билгиле дегендей кылып эки взвод тең отуруп алдык.Противогаздарыбызды чечкенде баарыбыздын өңдөрүбүз кубарып кетиптир. Беттерибиз жуунгандай болуп тер куюлуп жатат. Сержанттар кыйкырып, өкүрүп ар кимибизди тепкилей башташты.-Силерге ким отургула деп команда берди, силер мыйзамдын алдында жооп бересиңер-деп ар кайсы сөздөрдү айтып коркутуп жатышты. Демейде коркуп сержанттардын буйругун эки кылып көргөн эмес элек, үн сөз жок отуруп калдык. Баарыбыз ич ара сүйлөшүп эгер сержанттар сабап, чуркатып кыйнай берсе кол салалы дегенге бардык. Биздин баары бир буйруктарын аткарбастыгыбызга көздөрү жетиштиби айлалары кеткенде туулдум-өлдүмгө салышканыбызды сезишкенден кийин обочороок барышып өзүлөрүнчө сүйлөшүп отурушту. Биз бул сапар жеңишке жеткендигибизди билгенден кийин ОВТларды чечип, противогаздарды баштыктарга салып буттарыбыздагы чылгоолорубузду жайып коюп эс алып жайланышып отурдук да биз да өзүбүзчө кеңеш куруп эгер сержанттар кайра келип кийингиле десе, же жөн эле чуркагыла десе алардын буйруктарын аткарбайлы,
бирибизге кол көтөрүшсө аларды баарылап сабайлы. Жөн эле катарга тизилип баскыла десе макул бололук. Кимде-ким бул сүйлөшкөндөрдү аткарбай, сержанттын тилин алса баарылап сабайлы деп сүйлөштүк.Үстүбүздөгү кийимдерибиз терге чыланып кетиптир, аларды чечип майка, турсычан отурдук, кээ бирөөнүн буттары жооруп канап, кызыл жошо болуп чылгоолору булганып калыптыр. Аларды көрүп алып сержанттарга ого бетер ачуубуз келип, ар бирибизде жек көрүү сезимдери пайда болду. Пляшкидеги сууларыбызды ичип бир аз эс алгандан кийин эми сержанттар эмне кылышаар экен деп жүрөк заада боло баштадык.Күн абдан ысык болгондуктан чарчаган курсанттардын кээ бирөө үргүлөй баштады. Сержанттар келип чырды ырбатпайлы дештиби, же өзүлөрүнүн мыйзамга туура эмес иштерин түшүнүштүбү,
айтор кийинип катарга тизилгиле дешип буйрук беришти. Катарга тизип алып аскер тартиби боюнча бастырып жөнөштү. Буттары жооруп кеткендери аксаңдап бара жатышты. Горнизондон чыккандан бери болгону он чакты километр жол бастык. Эми дагы жолдун көбү бар болчу. Күн ысык болгондуктан сууларыбызды ичип алганбыз. Тилдерибиз оозубузга батпай, таңдайларыбыз кургап суусап бара жаттык. Сержанттардан токтоп эс алалык десек улуксаат беришпейт. Жол алыс болгондуктан бирде дөңгө чыгып, бирде түз талаа менен кетип бара жаттык. Терге чыланган кийимдерибиз кургаганда агарып туздар чыгып катып калды. Куудурап кыймылдаган сайын өйкөп колтуктарыбызды жоорутуп барат.Ээн талаа эрме чөл болгондуктан эч бир жерде аккан суу же булак жок абдан суусаганыбызга чыдабай чуңкур жердеги жаандын суусунан, көлчүктөрдөн майда бакаларды, көнөк баштарды үркүтүп жиберип, жата калып жылуу сасык жыттанып даамданган суулардан ичип жаттык. Ал да бир аздан кийин суусатып суусундарыбыз канган жок. Ошентип өлгөн талганда жыйырма километр жол басып БУПка жеттик. Ал жерге саат он бирде барган элек. Муздак суу ичип суусундарыбыз канып, бир аз эс алып сергигенден кийин полегонго же танка айдоону үйрөтүүчү жерге алып барды. Ал жерге атайын курсанттарды үйрөтүүчү танкалар бар экен.Ар бир танкада курсанттарды үйрөтүүчү мурда кызмат өтөгөн бирден солдат бекитилип коюлуптур. Офицерлер бизден мурда машина менен барышыптыр,
алар бизди тосуп алышты. Барганда танка айдоону түшүндүрүп беришти. Ал жерде үч танка болгондуктан ротаны үч катарга тизип ар бир танкага бирден бала отуруп, бир айланып келгенде берки үчөө алмаштырып турмай болду. Вождения же танка айдоо башталганда:
«машиналарга» деген буйрук берилгенде алдыдагы үчөө танкага жүгүрүп барып түшүп жатты. Ал жерден эски кызмат өтөгөн солдат курсантка кандай айдоо керек экенин бир сыйра түшүндүрүп,
эгер курсант айтканын туура аткаралбай калса башка көзгө койгулап, уруп- сабап айдатуучу. Ал солдаттар күндө курсанттарга үйрөтүп жатышып тажашканбы же өздөрүнүн эле кыялдары бузук немелерби, айтор кичине эле ката болсо уруп-сабап кирчү. Саат үчтөрдө ротанын курсанттары танкаларды айдап бүткөнүбүздөн кийин сержанттар БУПтан ашканага алып келип түшкү тамакты беришти. Тамак ичкенибизден кийин бир-эки солярка ташуучу машинага ылайыктап жасалган кичинекей гараждагы окуу үчүн турган үч танканы тазалатты. БУПта чакан солдаттар жашоочу. Жыйырмадай кишилик казарма, ашкана, гараж, заправка бар болчу. Жанакы айдаганды үйрөткөн солдаттар танкаларды тазалатып, майын куйдуртуп, майлоочу жерлерин майлатып ар бир танканы өткөрүп алышты. Андан кийин сержанттар ротаны эки взводко тизип алып аскердик жүрүш менен кайра горнизонго алып жөнөштү. Күн кеч бешим болуп калган. Күндүн илеби кайтканы менен эртеден бери басып жүргөндүктөн шалдырап көтөргөн жүктөрүбүз улам оорлогонсуп,
ийиндерибизди ылдый басып, буттарыбызды араң шилтеп бара жаттык. Аныбызды көргөн сержанттар үндөрүн бийик чыгарып «выше ноги» деп кыйкырып жатышты. Бир убакта: -Раз, два, три, запевай, - деп буйрук бергенде курсанттар көңүлүбүз келбесе да ырдоого аргасыз болдук. Күндөкү ырдап жүргөн ырларыбызды ырдай баштадык:Не плачь, девчонка,Пройдут года.Солдат вернется,Ты только жди –деп ырдап жатып Медеркан эсиме түштү. Армияга адеп келгенде эле эки-үч күн өткөндөн кийин үйдөкүлөргө,
Медерканга кат жазып дарегимди берген элем. Андан бери бир айдан ашык убакыт өтсө дагы, алардан жооп ала элек болчумун. Курсанттардын ырдаган үндөрү жаңырып бир топ жерге угулуп, алардын үнүнөн сагынычтын белгиси сезилип жатты. Биз горнизонго түнкү саат ондордо келдик. Тамак ичип алып эртең менен алган противогаз,
ОВТ, автомат, штык, нож, магазин салынган баштыкты, суу куйган пляшкилерибизди складка тапшырып бердик. Тынч жатып калбастан эртең мененки строевой текшерүүгө даярданып кийим-кече, жакаларыбызды жууп, өтүктөрүбүздү тазалап, жатканча саат он эки болду. Эртең менен саат алтыга чейин жууган кийимдерибизди үтүктөшүбүз керек болчу. Эртең менен таңдан туруп алып кийимдерибизди үтүктөп даярдадык. Ал түнү төрт-беш саат гана уктадык. БУПка барган күндөрү ушундай оор күндөрдү башыбыздан өткөрчүбүз.
Ал жакка он күндө бирден барчубуз. Эртеси күнү эртең мененки тамактан кийин окуу корпусунда болдук. Танкадан кандай ок атуу керек экендигин бирөө окутса, танканы айдоону, танканын түзүлүшүн дагы бирөөлөр окутат. Танкадан башка саясий окуу деп саясатты да өзүнчө окуйбуз. Бул жерден да ар кайсы сабактан өз өзүнчө мугалимдер окутуучу, техникумдагыдан бир гана айырмасы аскердик чини бар офицерлер окутушаар эле. Кадимкидей эле журнал ачылып, баалар коюлуп жаңы тема өтүлсө эртеси күнү өткөн теманы кайра сурачу. Ал эми практикалык сабактардан болсо өзүбүздүн ротанын офицерлери баа коюшчу. Мен техникумдан окуп орусча үйрөнүп барганга, жакшы окуп жалаң сабактардан беш алчумун. Түштө казармага келсек старшина Шинкараев почтадан кат алып келген экен. Фамилия боюнча каттарды окуп четинен тарата баштады. Старшинанын көңүлү жай турганда тамашакөй жигит эле. Фамилиясы чыгып алганы баргандарга суроо берип: -Катты кимден келди деп ойлойсуң?-дегенде туура жооп бергенге конверт менен мурунга бир чаап, туура эмес жооп бергенге конверт менен мурунга эки чаап, өзүнүн ишине ыраазы болгондой каттарды таратып жатты. Мен старшинанын колундагы каттар азайган сайын жүрөк заада болуп чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Бир кезде:-«Элебесов»-
деген үн чыкты. Ал орусча;-«земляк иди сюда»-дегенде старшинанын кыргызстандык экендиги билинип калды. Колуна эки конверт кармап турган эле. Туура айтып берсем экөөнү каттап туруп мурунга бир чаап колума карматты. Кат албай калган курсанттар боз ала болушуп, томсоруп калышты. Кат алгандар ар кими ар кайсы жерге барып каттарын окуганга киришти. Мен эки катты тең окуп чыгып көңүлүм жайлана түштү. Үйдөкүлөрдөн келген катта ата-энем, бир туугандарым,
айылдаштар баардыгы жакшы жатышкандыгын,
карындаштарым каникулга тарашкандарын,
ата-энем жылдагыдай эле көл жээгинде колхоздун чабыр койлорун багып жатканын, Конокказы абамдан жакында кат алышкандыгын,
ал армияда жакшы кызмат өтөп жатканын жазышыптыр.
Медеркан:-«жакында бүтүрүү экзамендеримди ийгиликтүү тапшырып аттестатымды алдым. Азыр Караколдомун,
кайсыл окууга тапшырарым чечиле элек. Үйдөкүлөр бир жакка кетишкенде этаж үйдүн терезесинин түбүндөгү столдун жанында жалгыз кат жазып отурам. Күн кечтеп, аба салкын болуп турат. Терезеден көчөнү карасам колтукташкан кыз-жигиттер ары-бери басып жүрүшөт. Аларды көрүп эгер сен бул жерде болгондо биз да ошолордой болуп бир жактарга чогуу барбайт белек, деген ой келет. Булар кандай бактылуу адамдар, биз дагы чогуу жүрсөк кандай жакшы болоор эле. Үйдөкүлөрдүн мени окутууга анча деле көңүлдөрү жок. Өткөндө кудалап койгон жерге алып беребиз дешкенинен баары бир окумайын турмушка чыкпайм деп урушуп койдум. Бирок сен сарсанаа болбо. Мен окууга өтүүгө аракет кылам. Эки жыл эки күндөй өтүп кетеерин билем. Сен армиядан келгенде биз да көчөдөгү жаштардай болуп колтукташып чогуу басчу күндөр да келер. Мени сарсанаа кылбай төмөнкү дарек боюнча кат жазып тур»-деп дареги менен кошо эки кыз болуп чогуу түшкөн сүрөтүн салып жибериптир.
Сүрөттө Медеркан эки кыздын ортосунда туруп мен белек кылган шакек тагылган колун алдындагы кыздын ийнине коюп, сен берген шакекти тагынып жүрөм дегендей кылып түшүптүр. Мен каттарды кечке дейре эки-үч жолу окуп, сүрөттү улам-улам карап жүрдүм. Ошол күндүн эртеси казармага сүрөтчү келип калыптыр. Сүрөткө түшүп, сүрөттү аларым менен тааныштарыма кат жазып, сүрөттү чогуу кат менен салып жибермей болдум. Үйдөкүлөрдөн санаам тынганы менен Медеркандын катында жазылган сөздөр менин жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Медеркандын үйдөкүлөрү эмне үчүн окутпай, өзү каалаган жигитине турмушка чыгуусуна жолто болуп, кудалаган жерине бергени жатышат.Деги адамдар кызык эле. Биринин турмушун бири кыйындатып,
бирине-бири жардам берүүнүн ордуна кайра кыйнашат. Мейли кудалашсын,
менин деле каршылыгым жок. Ата-бабадан калган салт. Бирок ошенткен күндө да эки жаш бири-бирин жактырышкан күндө гана үйлөндүрүшсө жакшы болбойт беле. Бул жерде деле сержанттар,
эски кызмат өтөшкөн солдаттар бийликтеринен ашкере пайдаланып,
ыгы жок курсанттарды кыйнабаганда армияда кызмат өтөө абдан эле жеңил болбойт беле, же айылдагы чоңдор туура иштеп, жеп-ичип, карапайым элди эзилтпей калыс болгондо элге деле жеңил болот эле. Кудайым эмне үчүн адам баласын бири-бирине кыянат кылдырып койгон. Түшүнбөгөн адамдар кайдан чыгат, анын үстүнө түшүнбөгөн начар адамдар түшүнүктүү жакшы адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүшүп,
дайым аларды кыйнап эзип келишет. Ойлонуп көрсөм илгертеден бери ушундай болуп, жакшы адамдардын качан гана көзү өткөндөн кийин: «көрсө бул ушундай жакшы адам турбайбы. Биз убагында билбептирбиз»-
деп чыгышат. Балким атеисттер айткандай кудай жокпу. Жок андай эмес. Мен баары бир кудай бар экенине ишенем, ошон үчүн «ак менен кара жарышат, акка кудай болушат» болуп атам айткандай баары бир ак адамдар эртели кеч жеңишет да. Ошондуктан жер шаары тең салмакта турат да. Болбосо жалаң-жаман адамдар үстөмдүк кылса акыр-кыямат болуп кетпейт беле. Жакшы адамдар бар үчүн турмуштан ак менен кара кармашып жеңише албай, тең салмак сакталып турбайбы. Бирок эмне үчүн көпчүлүк учурда бийликке алдым- жуттум, карөзгөй адамдар келишет. Өткөндө эле колхоздун башкармасы агроному жөнүндө элдер баланчаны алдап кетишиптир,
баланчанын бир нерсесин тартып алыптыр, түкүнчөнүн аялын бузуптур деп сөз кылып жатышпады беле. Эмне үчүн ак ниет адамдар кара ниеттерге алдары жетпей дайыма алар менен күрөшүп, жеңип чыкканча кара ниеттер бул дүнүйөнүн дооранын сүрүп алышат. Алар жөнүндө элдер кеч түшүнүшөт. Эмне үчүн кудайым ушундайды бат эле элге караны кара, акты ак деп билгизбейт деген ойлор менин оюма биринен сала бири келип, бирок алар жоопсуз калып жатты.Мен кечки тамакты ичип келгенден кийин бош убактымда ээн жерге олтуруп алып Медеркандын катын кайра бир сыйра окуп чыгып, сүрөтүн карап олтуруп бир чети сагынып, бир чети ага боорум ооруп
#27 23 August 2015 - 15:07
Медеркандын катын кайра бир сыйра окуп чыгып, сүрөтүн карап олтуруп бир чети сагынып, бир чети ага боорум ооруп, ал үчүн эч нерсе аянбастыгымды билдирип колумдан келгендин баарын сен үчүн жасаар элем деп Медерканга жетип барып айта албасам да жүрөгүмдөгүнү кагазга түшүрүп «Сен үчүн» деген ырымды жаздым:Түтүн басса көңүлүмдү тумчуктуруп,
Сен аны күйүп турган отко айланттың.Жарыгын өмүр бою өчкүс кылып,Тутанттың,
алоолонттуң,
жалындаттың.
Сага арнап жылдыздардан жыйып алып,Таксам дейм мойнуңа шуру кылып.Алтын нурлуу күндөн да берсем кана,Күзгү кылып жүргүн деп сулууланып.
Жер бетинин кооз жеринен чогулттуруп,
Көйнөк кылып тиктирсем ээ, карап туруп.Асмандагы булуттан жоолук салып,Анан берсем океандан сарай куруп.Бирок мен жылдызды эмес, күндү алалбайм,Булут менен океанды кайдан кармайм.Ойлогонум орундалып калбаса да,Сен үчүн мен, эч нерсени аябайм. Мен ырды жазып бүткөндөн кийин сержанттар көп убакыт өтпөй ротаны катарга тизип толуктап, баары толук экенин билишкенден кийин «отбой» деп жатууга команда беришти. Буйрукту угаарыбыз менен чечинип кийимдерибизди иреттеп коюп жатып калдык.Кийинки убактарда бир жолу буйрук берилгенде жатып же туруп тизилип калар элек. Кээ бир учурларда гана эки жолу жатып же турган күндөрүбүз болчу. Эртеси эртең мененки тамактан кийин старшина Шинкараев ротаны тизип алып бүгүн ок атуучу шаарчага мылтык атуу үчүн барабыз деп жуунгандан кийин ашканага тамака алып жөнөдү. Тамак ичкенден кийин протевогаз,
автомат, ОВТ жана башка курал-жарактарыбызды алдык. Ротадагылар старшинанын айткандарын алып катарга тизилгенде өзү баарыбызды тизме боюнча текшерип чыкты. Взводуңар менен тизилгиле деген команда берди. Биз взвод боюнча тизилгенде өзү алдыга түшүп взводдун командиринин милдетин аткаруучу эки кенже сержантка эки взводду жетектетип строевой жүрүш менен ырдатып жөнөдү. Ротаны БУПка танка айдаганды үйрөткөнү алып барганда сержанттар эле алып барышчу. Ал эми ок атуучу шаарчага мылтык атканы барганыбызда өтө жооптуу болгондуктан,
старшина өзү баштап алып баруучу. Ротанын, взводдун командирлери ок атуучу жайдагы атайын курулган бийиктиктин жанынан ок дарылар жүктөлгөн машинаны өзүлөрү тосуп алуучу. Алар ок атуучу шаарчада мишендерди даярдап, иштеген жана ок атууга үйрөтүүчү танкаларды айдаган мурдагы солдаттарга канча курсант келерин, кандай мишендер даяр болушу керек экенине заявка берип баарын күн мурунтан даярдап коюшчу.Бул шаарчада БУПтагыдай эле үч танка бар болучу. Аларда дагы ар бир жаңы келгендерге эски солдаттар бекитилип ок атуу убагында өзүлөрү гана айдашчу. Алар өзүлөрүнүн атайын жасалган жолдору менен тегеренип вышкага келишчү. Жолдон мишендерди даярдоочу операторлор командирлер заказ беришкен мишендерди чыгаруу убагында аларды жөнгө салып турушаар эле. Шаарчага мылтык атуу үчүн барганда танканын ичинде баратканда мишендин түрүнө жараша команда боюнча ок атып, ок мишенге тийгенде же мишендин пайда болуу убактысы бүткөндө жыгылып калчу. Ал эми мишенге ок тийгенде вышкадагы пулттан кызыл лампочка күйүп кайсы линиядагы танканын огу тийгени кадимкидей билинип турчу. Баары автоматташтырылгандыктан кадимки согуштагыдай мишендер ары-бери жылып турчу. Рота бул жерден ар бир танкага үчтөн болуп тизилип кезек күтүп тураар элек. Вышкадан командирлер радио аркылуу «к машинам» дегенде үч курсант бир танкага он беш секунтта кирип өз орундарына отуруп шлемафондорун кийип, люктарды жаап шлемафондун провотторун рацияга туташтуруусу керек, рация аркылуу «моторду иштеткиле» дегенде механик- айдоочулар танкаларды от алдырышчу. Бул командалар рация аркылуу берилүүчү. Ал эми биз ошол учурда атууга даярданып атуучу приборлорду текшерчүбүз.
Командир вышкадан танкадагыларга берилген буйрукту кайталап бизге көрсөтмө берчү. Танканын ичинде бир солдат атылуучу снаряддарды пушкага салып атууга камдап турчу. «Алдыга» деген команда болгондо танкалар жыла баштачу. Танкалар алдыга бир аз жылышкандан кийин командирдин:
«мишен справа пятсот метр поправкы ватер двух тысячный по пеготам противника огон» деген команда берилгенде танкада кайталап рациядан айтылуучу. Анда поводчик приборду ошого карата жөнгө салып, ок жабдыгыч плюмотко ок тагылган ленталарды салып даярдайт. Алардын даярдыгын көргөн командир «аткыла» дегенде поводчик мээлеп атат же вышкадан «с лева танка противника тысяча метр поправка ветра четыре тысяча по танку противника огон» дегенде танканын командири жогор жактан келген команданы кайталап «слева танка противника тысяча метр поправка ветра четыре тысяча по танку противника бронебойным» деп кошумчалаганда ок жабдыгыч танканын пушкасына бронебойный снаряд салат, даяр болгондо командир «танка огон» дегенде поводчик атат. Ошентип мишенге жараша ок атылат. Айлананы тегеренип келгенде ок атуу бүткөндө экипаж механик-айдоочудан башка үч курсант ордуна келип тизилгенде команда боюнча берки күтүп турган курсанттар тапшырманы аткарууга жөнөйт. Бардык ротанын курсанттары тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин ротанын офицерлери ким кандай тапшырма аткаргандыгы жөнүндө жыйынтыгын угузуп баа койот.Ок атуучу шаарчадан мишендерди чыгарып туруучу операторлор жердин алдыларында атайын казылып жасалган кепелерде олтуруп алышып, баардыгы автоматташтырылгандыктан темир жолдор аркылуу мишендерди жылдырып, жыгып, тургузуп, бардык кыймыл аракеттерди Россия менен сүйлөшүп пульт менен кнопкалар аркылуу башкарышчу.
Шаарчада танкалар менен ок атууну курсанттар күндүз эле үйрөнүшпөстөн түн ичинде да үйрөнүшчү. Анда танканын түнкү жарык берүүчү приборлору жана фарлардын жардамы менен кадимки күндүзгүдөй эле атуучубуз. Ок атуучу шаарчанын аралыгы горнизондон чыкканда барып келиш үчүн жыйырма километрдей жол басчубуз. Сержанттар старшинадан айбыгыштыбы бизди чуркатышпастан бир калыпта бастырып келе жатышты.Күндүн ысыгы мээни кайнатып жаныбызга куюп алган пляшкадагы сууларыбыз жылып калгандыктан ичкен сайын кайра ичкибизди келтирип, суусунубузду кандырбайт.
Тегеректин баары БУПка бараткандагыдай боз талаа болгондуктан жан жаныбарлардын баары анда-санда өскөн саксаулдун түбүнө ысыктан корголошконбу кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Айлана чөйрө томсоргонсуп үп эткен жел жок. Үстүбүздөгү жүгүбүз өтө оор болбогону менен улам баскан сайын салмактанып бир калыпта басып келатсак да терчилдер тердеп чекелерибизден тер куюлуп бараттык. Мен ырдап бараткан курсанттарга кошулуп ырдамыш болгонум менен оюмдун баары тулуп өскөн жеримде ата-энемде, бир туугандарымда,
Медерканда тели-теңтуштарымда болуп, аларды көз алдыма элестетип келаттым. Алардын баарын тең абдан сагынган элем. Айрыкча бул кангыраган талаада кетип бараткандыктанбы,
өзүмдүн тулуп өскөн Ысыккөлүмдү салыштырып оюма Ысыккөлүм жөнүндө төмөнкүдөй ойлор келди:Ысыккөлүм сага эч жер тең эмес,Бардык жагың эч нерседен кем эмес.Дүнүйөдө ким асыл жер издесе,Эч бир жерди бир өзүңө теңебес.Айланаңды күмүш аска курчаган,Бүт байлыктан жер сууларың куралган.Күн нуруна чагылышат Көл үстү,Өзүң бермет кымбат баалуу алтындан.Айтылса да өз мекени алтын деп,Ким айталат өз жеримди начар деп.Алла таала бүт ааламды суктантып,Жараткандыр жер соорусу ушул деп-ырдын текстин ичимден кайталап улутунуп алдым. Чын эле Ысыккөл жердин соорусу белем. Кайда барбагын суулар шаркырап агып тоо түсүнүн баарына көк жашыл чөптөр бак дарактардын түрлөрү өсөт тура. Азыр бул убакта элдин баары көлгө түшүп, жээгиндеги кумдарда күнгө кактанып эс алып жатышат. Жайкысы өтө ысык болбой, кышкысы өтө суук болбой турганычы деген ойлордон улам шаарчага жеткенде гана алагды болдум. Ротанын офицерлери вышканын жанында турушкан экен. Старшина аларга он беш метрдей калганда токтотуп «рота смирна» деп түз тургузду. Старшина ротанын командирине аскер тартиби боюнча колун чекесине коюп төртүнчү ротанын танкадан ок атууну үйрөнгөнү келгендигин жана бардык тапшырмаларды аткарууга даяр экендиктери туурасында рапорт берип, четке бир кадам жылып жол бошотту. Ротабыздын командири капитан В.С.Волкан колун чекесине алган тейинче басып келип «здравствуйте курсанты» дегенде баарыбыз бир ооздон «Здрава желаем товариш капитан» деп учураштык. Ал колун түшүрүп «вольна» дегенде биз бошоңдоп эркин туруп калганда ал акыбалдарыбызды сурап эмне суроо талаптарыңар бар деди.Командирди эртели кеч көргөнүбүз менен анда санда эле сүйлөшчүбүз,
Көбүнчө ротанын офицерлери,
взводдун командирлери менен сүйлөшүп турар элек. Канчалык кыйналып жатсак да командирге сыр билдиргенибиз жок. Анын суроолоруна баары жакшы деп жооп берди. Сержанттардын,
эски солдаттардын зордук-зомбулуктары жөнүндө ооз ачпай, жашырып койдук. Командир В.С.Волкан орто бойлуу, кырк бештер курактагы, мүнөзү токтоо, толмочунан келген адам эле. Ал биздин турмушубузду айтпасак да жакшы билгендиктен,
ичинен биздин патриоттуулугубузга ыраазы болду окшойт, бизге акыл- насааттарын айтып «окууда оор болгону менен согушта жеңил болот», деген макал бар. Силер эл жерди коргоону үйрөнүп жатасыңар. Чыдамкай болгула, силерге оор болуп жатканын билип турам деп биздин жаныбызда бир топ сүйлөшүп туруп, андан соң взводдун командирлерин ээрчитип вышкага чыгып кетти. Старшина менен сержанттар командирге эч нерсе айтып даттанбаганыбыз үчүн бизге жылуу мамиле жасашып, кагып- силкпей команда берип калышты. Танкаларды ок атууга даярдатышты.
Вышкадагы командалык пункттан мурдагыдай эле команда берилгенде,
мурдатан үйрөнүп калгандыктан бу сапар да ирээтибиз менен командирлердин буйруктарын аткарып жаттык. Танкалардан ок атууну үйрөнүп түш оой бүттүк. Командирлер ок атуунун жыйынтыгын угузгандан кийин, ротаны келгендегидей старшина эки взводко бөлүп, ротанын командирине бүгүнкү тапшырманын аткарылгандыгы туурасында рапорт берди. Командир бизге танкаларды атууну үйрөнүп калгандыгыбызды айтып, ыраазылыгын билдирди. Андан соң ал жерден тамактанып алып, шаарчанын тегерегин тазалап операторлорго жардамдашып,
мишендерди ремонттошуп,
мишен жүрүүчү жолдордогу кум-таштарды тазалап иретке келтиришип коюп кечке жуук старшиналар тизип алып горнизонду көздөй алып жөнөдү. Эртеси күнү горнизондон чыкканыбыз жок. Биз мурункудай эле окуу корпустарында окудук. Түшкө жакындап калганда сүрөтчү келгенин угуп тыныгуу учурунда сүрөттөрүбүздү алдык. Кечки тамактан кийин бош убактымда кат жазууга кириштим. Ал күнү үйдөгүлөргө,
Медерканга,
Муратка, эже-жезделериме,
Конокказы абама кат жаздым. Ал каттарга сүрөттөрүмдү кошуп салып жибердим. Ичимдеги жүрөгүмдү өйүп жүргөн ойлорумду катка жазгандан кийин, аз да болсо жеңилдей түштүм. Окууда талап күндөн күнгө катуулап теориялык практикалык саясат жактан окутуп такшалтып жатышты. Эки күндүн биринде эле ар кайсы жактан текшерүү келип, окуулардан сырткары бош убакыт боло калганда эле же казарманы же территорияны тазалатып, бош убактыбыз жокко эсе болуп калды. Алардан тышкары рота кезеги келгенде караулга туруп, солдаттар аскердик обьектилерди кайтарып, ашканага нарядка барчубуз. Бир сөз менен айтканда эртең мененки алтыдан түнкү саат онго чейинки убакыт эсептелүү болуп, эч жакка чыга алчу эмеспиз. Караулга ашканага барууга ротанын кезеги келгенде ал күндөрү суткасы менен иштеп смен менен эс алчубуз. Ошол аз убакыттан пайдаланып курсанттар бири бирине жолугушуп үйлөрүнө кат жазышып кийим кечелерин жууп, жакаларын тигип жана башка майда барат жумуштарын бүтүрүүгө үлгүрүшчү. Ошондой кыйынчылыктардан уламбы же сержанттардын мурунку кызмат өтөгөн солдаттардын кыйноосунанбы горнизон боюнча бат-баттан эле өзүн-өзү өлтүргөн курсанттар жөнүндө угулуп турчу. Дем алыш күндөрү эгер рота нарядда болбосо окуулар болбой эс алдырып киного барып мончого түшчүбүз. Мончого сүлгү, шейшептерибизди ала барып алмаштырып алчубуз. Армияда тартип катуу болгону менен офицерлердин көздөрү мындай болоору менен сержанттар менен эски кызмат өтөгөн солдаттар курсанттарга өз билгендерин жасачу. Ансыз да талап катуу коюлуп, курсанттардын кыйналып жатышканына карашпастан ашкере кыйнай беришчү. Биздин укканыбызча чет мамлекеттерде кызмат өтөгөндөр үчүн тартип жакшы болгондуктан,
армиянын эрежеси так сакталып солдаттар уставтын негизинде кызмат өтөшөт экен. Ошондуктан чет мамлекеттерге чоңдордун балдары барышып, эгер балдардын саны жетпей калса гана карапайым элдин балдары туш келет экен. Ал эми мени менен кызмат өтөгөндөр карапайым элдердин балдары болчу.Ушундай кыйынчылыктарды башымдан өткөрүп жүргөнүмө үч ай болуп калганда Медеркандан кат алдым конверттин сыртын окуп Медеркандан экенин билгенде абдан кубанып жаткандан кийин шашпай окуюн деп чөнтөгүмө салып катып койдум. Түнкү саат ондон кийин кечке күтүп жүргөндүктөн,
сержанттар жатууга команда берип чыгып кетери менен ордумдан акырын туруп кийимдеримди кийип алып табыш чыгарбай бутумдун учу менен басып ээн бөлмө издеп жөнөдүм. Ээн бөлмө таап ага кирип алып отургучка отуруп чөнтөгүмдөгү конверти сууруп чыгып этияттык менен ачып ичиндеги катты алып анан жарым эле бетке жазылганын көргөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Каттан шаша-буша көз жүгүртүп андан төмөнкүдөй сөздөрдү окудум.«Салам кат. Кандай Бекказы табигаттын таш боор кырсыктарынан сырткары дениң сак жакшы жүрөсүңбү? Мен сага көптөн бери кат жаза албай жаткандыгымдын себеби, өткөндөгү катка ала качып кетишти деп жаза албадым. Сага ушул күнгө чейин эмне деп жазарымды билбей жүрдүм. Акыры чындыкты айтып катка жазууну туура деп чечтим. Эми айла жоктон турмушка баш ийүүгө туура келди. Эми сенден суранаарым кат жазууну токтот. Мен башка бирөөнүн бүлөөсү болгондуктан,
сенден кат келсе бияктагылар ар кандай ойлошу ыктымал, аны өзүң жакшы түшүнөсүң. Менин сага кааларым өз теңиңди таап бактылуу болушуңа тилектешмин,
Медеркан.»Башка эч кандай сөз жок болчу.Мен көргөн көзүмө ишене албай башым тумандап көңүлүм айный түштү. Эки көзүмдөн аккан жашым бетим ылдый чубурду. Өзүмдү алаксытууга аракет кылып өзүмдү-өзүм алдап, жок андай болууга мүмкүн эмес Медеркан жөн эле мени сынап, тамашалап жатат, дедим ичимден. Биртоп ден дароо болуп отуруп катка ишенбей кайра окуп чыктым. Ачуума чыдабай ары-бери басып, кимгедир ызырынып чуркап бараткандай болуп демигип жаттым. Бир топтон кийин түңүлбөй, кайра отура калып кайра көз жүгүртүп баягы эле сөздөр. Акыры Медерканды колдон чыгарып жибергенимди,
аны кайра кайрып ала албасымды, күчүмдүн жетпегенин сезип, эки көзүмдөн аккан жаш муунтуп, муунумду бошотуп ордума олтургузду.
Ээ жаа бербей үнүмдү чыгарбай ыйлап бугумду чыгарып жаттым ***Таң жаңыдан агарып жерге жарык түшө баштаган Сагаалы жүгөнүн алып сыртка чыкканда Куркуктун оттоп жүргөн карааны көрүндү. Анын корукка кирип корукчулар кууп кетишпегенине кубанып кетти. Асман ачык болуп жылдыздар суюлуп бир четинен өчө баштаган мезгил күзгө таянып калгандыктан таңкы жел аргы муздак болуп суук тартып бүткөн бойду чыйрыктырат.
Ысыккөл кара көк тартып сүрдүү көрүнүп, ар кайсы жерден агарып майда толкундар көрүнүп кайра жок болуп кетип, жээке келип шарылдап урунуп жатты. Айлана мемиреп жымжырт, сайраган канаттуу куштардын үндөрү али угулбайт. Айтор баары тегиз уктап жатышкандай ээсинин табышын уккан Кумайык гана уйкусунан жаңы ойгонуп ээсинин артынан ээрчип жөнөдү. Короодогу койлордун бирөө жарымы турганы менен негизинен баары уктап жатышкандыктан дем алгандары билинер билинбес угулуп жатты. Сагаалы жаңыдан Куркукка жетип, жүгөн сала баштаганда жерге жарык кирип бирин эки куштар сайрай баштады. Убакыт өткөн сайын тээ алыстан көрүнгөн кар жамынган улуу тоолордун арт жагынан күндүн нуру кызарып, асманга таралып жатты. Үй жактан кемпири турган окшойт, самоордун кернейинен түтүнү оргуштап көрүндү ак чардактар чуруу түшүп балык уулап, көлдү жээктеп кайкып уча башташты. Комбайн тракторлордун от алган үндөрү угулуп тирүүлүктүн шаңы уламдан улам күчөп аз убакыттан соң тынч уктап жаткан жан жаныбарлар өз тирилигин баштады. Сагаалы атын алып үйүнө келгенде ак мөңгүлүү чокунун кылда учунан күндүн чети көрүндү ал анын күндөгү эле атты алып келчү убагы эле. Эртең мененки таза аба ачык асман адамдын көңүлүн көтөрөт эмеспи, Сагалынын көңүлү ачык эле. Ал өзүн карап күтүп турган кемпирине жылмая карап, -Кемпир жакшы эс алдыңбы?- деди кемпири жооп бере электе эле6-«оо чайың дагы кайнаган турбайбы»-деди Жүзүмкан күйөөсүнүн ал жайын сураганына ыраазы болуп:-Жакшы,
чай жана эле кайнаган-деп жооп берди. Казан аягын калдыратып чайын белендөөгө киришти. Жүзүмкандын чайы даяр болгончо Сагаалы арыдан бери атын токуп короосундагы койлорун жайытты көздөй чыгарып коюп жуунуп үйгө кирди. Ал короодогу койлорун чыгармайынча эртең мененки тамакка олтурчу эмес. Эртең менен койлорун короодон эрте чыгарыш үчүн дайыма кечкисин санап, түгөлдөп, оору-сыркоосун даарылап караңгы киргенде гана атын отко коюп кирер эле. Дайыма күнүнкү жумуштары ушинтип башталчу күнү бою жасала турган жумуштарын кемпири экөө эртең мененки чай учурунда кеңешип алышчу. Сагаалы үйгө киргенде кемпири күтүп калган Жүзүмкан өз жанына тың, сарамжалдуу кемпир болгондуктан,
дайым дасторкону кенен болоор эле. Дастаркондун үстүндө кыпкызыл болуп казанга жабылган нан, каймак, май, чакада көбүрүп жабырган бозо карагат өрүктөн жасалган варениялар жана башка тамактар толуп турчу. Абышкасы бозону жакшы көргөндүктөн өзү оорукчал болгонуна карабастан жайы-кышы дебей бозо салып берүүчү. Дасторконго бата тилешкенден кийин чай ичиле баштады. Адаттагыдай эле Жүзүмкан сөзүн баштап: -Ээ, абышка ушунча балабыз туруп бирөө да жаныбызда болбой, экөөбүз соксойуп олтуруп чай ичип калдыкпы. Балдар кичине кезинде жакшы эле ушул дасторконду тегеректеп отурганда дасторкондун тегереги толуп кыжы-кужу болуп бапырап отурар элек. Илгеркилер бекер айтышпаган экен, «балалуу үй базар баласыз үй мазар», деп сен кой кайтарып кеткенде үйдө жалгыз калган жаман экен-деди кейигендей үшкүрүнүп. Сагаалы да бул сөзүң туура дегендей башын ийкегилеп:-Айтканың туура баары туш-тушка тарап кетишти. Кайда жүрүшсө аман жүрүшсүн. Аман жүргөндөрү эле бакканы. Үйдө жалгыз калган сага оор экенин түшүнүп турам, мен деле күндүз кой кайтарып алаксыганым менен эртели кеч үй ээн болгонсуп, коопсунуп калчу болдум. Эгер макул болсоң Жамалбүбүнүн экинчи уулу Ырысбек бир жаштан өтүп басып калды. Эрмек кылып убактылуу балдар чогулганча багып алсакпы деп жүрдүм эле,- деди да кайра суроо берип,- бул оюма кандай дейсиң?- деп жооп күтүп калды. Бул сөздү укканда Жүзүмкандын кабагы ачыла түшүп
#28 23 August 2015 - 15:08
-Ырас болот ата-энеси макул болушса эле, багып алалы,- деп кубанып кетти. Балдардын ызы чуусуна көнүп калган экөө үчүн бул ойдун пайда болушу чоң кубаныч алып келди. Экөө өзүлөрүнчө санаасыменен байышып ошол баланы багып алышса эле телегейлери тегиз болчудай сезилди. Ошол учурда багып алган баланын жаңы эле бир жашка толгонун, аны канча түйшүк канча кыйынчылык менен чоңойтушаарын эсепке алышкан жок. Иши кылып ата-энеси беришсе болду деп кудайдан тилек кыла башташты. Баланын ата-энеси бербей койсо кантебиз деген ой күн мурунтан эле жүрөктөрүн өйүй баштады.Алар ал күнү жасала турган жумуштары жөнүндө сүйлөшкөн жок сөз жалаң эле Ырысбек жөнүндө болду. Дүнүйөлөрү түгөл болуп чай ичилип бүткөндөн кийин Сагаалы Куркугун минип алып коюна кетти. Жүзүмкан уйларын саап сүтүн каймак тартканы сүт жылытканы кирди. Ал кезде Сагаалынын улуу кыздары Жамалбүбү менен Вера күйөөдө өз күндөрүн өзүлөрү көрүп жатышкан андан кийинки удаа эки уулу Конокказы менен Бекказы армияда, Конокказы армиядагы эки жылы бүтүп ушул жылдын ноябырь айында келмек алардан кийинки эгиз кыздары Алиман менен Калиман алардан кийинкилери Жаңылкан менен Света төртөө тең мектепте окуп айылдагы үйүндө эле. Алар азыр каникулда болуп огроттогу өсүмдүктөрдү багып жаңы окуу жылына даярданып жатышкан. Сагаалы койлордун жанына жеткенде күн көтөрүлүп калган ар кайсы малчылардан чогулган чабыр койлор анын үстүнө анча көп эмес өзүнүн койлорун кошкондо төрт жүздөй эле көп кой болбогондуктан анча деле көп басып кетишпей топтошуп алып сазда оттоп жатышкан койлору жакшы оттоп жатканын көрүп атынын башын кум жалга бурду. Кум жал дегенибиз көлдүн жээгиндеги токойлуу тилкеден алда канча бийик өзүнчө кумдуу узунунан көл жээктеп кыр болуп айыл жакы талаалардан да бицик болгондуктан ал кырчаны кум жал деп коюшар эле. Кум жалга чыкканда көл жак, айыл, тоо, талаалар көрүнүп турчу. Сагаалы Кум жалга чыгып Куркукту тушап, отко коюп өзү дайыма ала жүргөн талпагын жылуу кумдун үстүнө жая салып жамбаштап жата кетти. Анын көңүлү тээ алыста иштеп жаткан комбайн, машина, тракторлорго бурулду. Эгин чаап жаткан комбайындын жанына машиналар чаң ызгытып келип токтоп, комбайын эгин куюп бергенде жүктөп алып кайра чаң ызгытып кырманды көздөй кетип жатышты. Тракторлор беденин экинчи чабыгын чаап жатышкан, алар да бири чаап салып берип жатышса бири ташып жатышат. Талаанын бир четиндеги жашылча айдаган талаада кызыл тазыл кийинген элдердин карааны кым куут болуп жүрүшөт бул жерде да эмгектин кайнап турган учуру эле. Бир убакта айыл жактан башкарманын машинасынын карааны көрүндү ал түз жол менен зымырап жүрүп келип эгин чабылып жаткан жерге келип токтору менен туш туштан ат минген адамдар чапкылап келип жатышты. Сагаалы башкарма Абылай келгенин анын жанына чогулуп жаткандар бригадир учётчиктер экенин билип жатты. Ал кезде Советтер Союзу дүйнөнү дүңгөрөтүп Коммунистик партия күчүнө толуп анын сьезддеринин чечимдери кыйшайуусуз толук аткарылып турган учуру эле. Коммунистик партиянын жер жерлердеги областык, райондук, айылдык комитеттери мекемеде уюмдары катуу иштеп, Компартиянын саясатын анын чечимдерин ар бир кишиге чейин жеткирилип,
алардын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынып турган. Коммунистик партиянын башкы идеалогиясы коммунизимди курууга жетишүү эле. Саясаттын күчтүүлүгүнөн элдин патриоттук сезими ойгонуп күнү бою керек болгон учурларда түнкүсүн да кабагым кашым дебей мамлекет үчүн жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн мекен үчүн иштөөгө тура келген. Анда карапайым эл өз кызыкчылыгы үчүн иштөөнү экинчи планга койгон. Суроо талаптардын күчөшү элдин жылдан жылга жакшы жашоого умтулушуна жараша компартиянын сьездери болгон сайын эл керектөөчү товарлар арзандап айлыктар пенсиялар жогорулап жеңилдетүүчү профсоюздар тарабынан да элдин эс алууларына шарттар түзүлүп, курортторго бекер путевкалар берилип эмгектенүүгө шар түзүлүп, эмгектин түрүнө жараша спец кийимдер эмгек куралдары менен камсыз кылышкан ден соолукка зыяны тийген жумуштарда иштегендер үчүн кошумча азык түлүк берилип техника коопсуздугу үчүн кам көрүлүп эмгекти коргоо боюнча жакшы иштер алып барылып жаткан. Комсомол уюумдары жаштар саясатын жүргүзүп жаштар боюнча иштер алып барылып алардын укугун коргоо илим билим алуусуна тартибине маданияттуу эс алуусуна иштөөсүнө камкөрүүчү аялдар кеңештери аялдардын проблемаларын өз убагында чечип, алардын жашоо тиричилигине кам көрчү. Ошол убакта эле кээ бир митаам кишилер элди митедей соруп эл көзүнө компартиянын саясатын жактоочу болуп көрүнүп, өзүлөрүнүн чыныгы жүзүнө маска тагынып алышып, эл үчүн иштеп жаткандай көрүнүп жатышкан.Эми Сагаалынын ойу колхоздун башкармасы Абылайга бурулду. Абылайдын атасы Сатылган арыкчырай, жапалдаш бойлуу, сыпаа киши эле. Ал дайыма молдонун жанында жүрө турган, куранды жакшы билип, дин кармагандыктанбы,
айылдагылар ал кишини Сатылган «сопу» деше турган. Ал кишини Сагаалы бала кезинде эле көрүп калгандыктан,
ал киши жөнүндө көп маалыматы жок болчу. Кийинчерээк эс тартып калган убагында Абылайдын атасынан жаш калгандыгын энеси саанчы болуп, Абылай жети сегиз жашында өгүзгө минип алып, сүт ташыганын жакшы билчү. Абылай Сагаалыдан кичүү болгондуктан,
Абылайдын да бала чагы согуш мезгилине туш болуп, ал деле көпчүлүк сыяктуу эле жылаңач жыртык ачка ток болуп, эл тарткан кыйынчылыкты кошо тартып чоңойду. Мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзеден айыл чарба иниститутуна өтүп агрономдук кесипке ээ болду. Окууну бүтүп келгенден кийин колхозго бригадир болуп орношту. Кийинчерээк колхозго Барскоондук Кайбылда башкарма болуп келгенде чоң окууну бүтүп келген адистер аз болгондуктан,
башкы агрономдук кызматка көтөрүлдү.Кайбылда учурунда кыйын башкарма эле. Кайбылда келатат дегенде ыйлап жаткан бала соорончу. Элди катуу иштетип өзүнүн да жаны тынчу эмес бир карасаң айылдын ичинде жүрсө, бир карасаң жээкте бирде тоодон көрчүсүң кол алдындагыларга талапты катуу коюп, эгер аткарылбай калса, заар тили менен жер жеберлерине жетүүчү. Улуу, кичүү аял, эркек дебей уят сыйытына карабай сөгүп сагып кирчү. Элди койдой ийрип бирин да тескери бастырбай иштетип Компартиянын саясатына таянып, элдин жүрөгүнүн үшүн алган Колхоз да жылдан жылга оңолуп, жаңы айыл чарба обьектилери курулуп, колхоздун жаңыча фундаменти түптөлүп, район, област, республикада Алатоо колхозу делип атагы чыгып, колхоз республикалык Ардак тактага илине баштаган. Кайбылданын кадыр-баркы жогорулай баштаганда капилеттен катуу ооруп калып, кызматын өткөрүп берүүгө туура келет. Кайбылданын кадыр-баркы чоң болгондуктан,
жетекчи болуу адамдардын тагдырына байланышкан кызмат болгондугуна карабай тажрыйбасы аз болсо да чыйрактыгына карап, башкы агрономдук кызматка өзү көтөргөндүктөн Абылайды ордуна калтырууга райкомго сунуш киргизет. Райкомдогулар биринчиден Кайбылданын сунушун эске алып, экинчиден ошол кезде партиянын райондук комитетинде Абдрахманов Садырбек Даркандык айылдашы болгондуктан,
ага да карашып Абылайды 1968-жылы Алатоо колхозунун башкармалыгына дайындашат.
Абылай Кайбылданын жанында эки жылдай чогуу иштешип таалимин алып калгандыктан,
Абылай да Кайбылданын жолуна түшөт. Ал биринчиден райкомдун жердеши болгондуктан,
экинчиден эл тартипке баш ийип, колхоз алдынкы колхоздордун катарында болуп фундаменти түптөлүп калгандыктан,
баардык жагынан Абылайга жагымдуу шарт түзүлүп, Абылай башкармалык жумушту алып кетет. Абылай да Кайбылданын жолун жолдоп, а деген жылдары каттуу эмгектенди,
ал да талапты катуу коюп, тартипти бекем кармап жумушту аткарбагандарга Кайбылдадай каарду болуп, аял эркегине, улуу-кичүүсүнө карабай сөгө баштады. Элдин арасында Кайбылданынн жолуна түшүп башкармабыз каттуу болду деген сөздөр тарай баштады. Эми башкарма болгонуна беш алты жыл болуп калган. Ал ишине такшалып уламдан улам тааныш тамыр күтүп узарып бара жаткан. Анын адегендеги жакшы сапаттары азайып мансап менен байлык көзүн тумандата баштаган обкомдун биринчи катчылыгына институттагы чогуу окуган Дүйшеев Арстанбек келген. Жогорку Кеңештин төрагасы Кошоев да институтта чогуу окуптур, эми өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип дегендей кой ай деген киши жок колхозду каалагандай башкарганга өткөн тегерегине өзүнүн теңтуштарын жыйнай баштаган.Башкы агроному Аманкулов Бейшен, башкы экономистик кесибине агроном болсо да Салиев Токтобек, башкы бухгалтери Аманкулов Асанкадыр, кампачы теңтушу Токтогонов Дүйшөк ушул бешөө бир нерсени чогуу чечишип баскан тургандары,
ичип жешкендерине чейин чогуу болгондуктан булар бири бири менен аябай ынтымактуу болгондуктан сырларын сыртка чыгарышчу эмес. Булар чогулуп кандай чечим кабыл алышса ошондой аткарылуучу айылдагы адамдарды каалагандай калчап кызматка койом дегенин коюп, алам дегенин алып, жейм дегенин жеп, ичем дегенин ичип бир сөз менен айтканда өз билгендерин жасашчу. Ал эми адамдардын кийинки тагдыры эмне болот, алардын убал-сообу болобу жеп ичкендерибиз аш болобу, болбойбу алар менен эч убакта эсептешишчү эмес. Өз билгендерин ойлоруна келгендей жасашкандыктан,
эл ушул бешөөнү жандарына батышкандыктан «беш каман» дешчү. Ушул бешөөнөн кандай тарбия көрүп, ушул даражага жеткенге чейинкисин билүү үчүн алардын кичинекейинен баштап Сагаалы эстеп көз алдына келтирип жатты.Эми Абылайдан кийин башкы агроном Аманкулов Бейшендин турмушуна көз чаптырды. Башкы агроном Бейшендин атасы Аманкул узун бойлуу, ак саргыл, беттеринде чаары бар, олбурлуу келген кайраттуу киши эле. Ал жаш кезинен мал жандап жүрүүчү. Аны айылдакылар кесик кулак Аманкул дешчү. Анын кесик кулак аталып калышынын себеби мындайча болуптур. Ошол кез Үркүндүн убагы экен, эл Текеске үркүп барышканда падыша тактан кулап Совет өкмөтү орноп жергиликтүү калкка орустар тийбей калыптыр деген кабар угулганда кайра эл өз жерлерине кете башташат. Аманкулдар Текесте жүргөндө ал жердеги бай манаптардын малын кайсыл убакта кандай уурдашты билишсе керек, бала чакаларын жөнөтүп жиберишип ага-туугандарынын эр бүлөөлөрү менен мал урдашмаккка Текесте калып калышат. Үй-бүлөөлөрү эки-үч күнчөлүк жерге узап кеткенге чейин Аманкулдар ошол жердеги байлардын жылкы төөлөрүн уурдап качышат. Малынын жоголгондугун ээлери билип калышып арттарынан куугун түшөт. Мал уурдагандардын арасынан Аманкул жашы да кайраттуусу да болгондуктан кууп келе жаткан куугунчулардын алдын тосуп куугунчулар менен чабышып калып калат. Көптүн иши көп эмеспи малын алдырып ичтери күйгөн куугунчулар малдарынын ордуна Аманкулду байлар байлап матап барымтага алып кетишет. Үйлөрүнө жеткенде өлөөрчө сабашып, колу-бутун байлап орго салып коюшат. Ошол тегеректеги үйлөрдөн бир кемпир жаш жигиттин ордун түбүндө кыйналып жатканына боору ооруп, уурдап тамак ташып берип жүрөт. Бир күнү Аманкул кемпирдин боорукерлигинен пайдаланып кемпир жанына келгенде, -Айланайын энекебай мендей балаңыз бардыр тирүү болсом ушул жакшылыгыңызды билемин колу бутумду чечип, ушул ордон чыгарып жиберсеңиз,
- деп жалдырайт, кемпир колу-буту байланып ордо жаткан жаш жигиттин жаман акыбалына боору ачыйт.-Балам сенин кыйналганыңды көрүп менин деле боорум ооруп турат, тиги малын уурдаткандар малыбызды алып келип беришмейинче,
ордун түбүндө ачкадан өлтүрөбүз, деп жатышат. Мен сени чыгарып жиберсем билип калышса теримди тескери сыйрышат го,- деп коркуп кетип калат. Эртеси да кемпирдин жүрөгү чыдабай уурданып тамак алып келип, кемпир туткундун онтоп ооруп калганын көрүп бушайман болуп турганда Аманкул кайра жалына баштайт. Эненин жүрөгү чыдабай тобокелге салып:- «алда балам ай, мени кыйын кыстоого салдың, мен өзүңө ишенип сени бошотойун, жаш экенсиң сен да бирөөнүн баласы болсоң керек. Бирок адам баласы болгондон кийин жакшылыкты унутуп калат, менин жакшылыгымды дайым эстеп жүргөндөй кылып кулагыңды кесип алайын ушуга макулсуңбу»-
дейт, жан айласын таппай жаткан Аманкул дароо макул болот. Кемпир чөнтөгүнөн макисин алып Аманкулдун кулагын кесип таштайт жерге түшкөн тирүү чагында кесилген кулак бир топко чейин ары бери секирип анан тынчып жатып калат. Ошентип Аманкул ордон качып чыгып ат уурдап минип дагы алдына бир топ жылкы айдап алып элине келген экен. Аманкулдун үйү суунун жегинде эки бөлмөлүү эски там. Мал-салы деле билинчү эмес. Аманкул иниси Чолпонкул экөө колхоздун малын багышкандыктан Бейшен кенедейинен малда жүрүп чоңойду. Кийин Абылай менен чогуу окуп, институтту бүткөндөн кийин Тамгада башкы агроном болуп иштеп туруп ал жерден бирөөнүн кашелогун уурдап, Чалкан журналына чыгып, элге кашелок атыгып, ал жерден жыдып калып жумушунан бошогон учурда анын багына чогуу окуган теңтушу Абылай колхозго башкарма боло калып минтип башкы агроном болуп отурат. Башкы экономист Токтобектин атасы Саалы карапайым, уудуң–шуудуңу жок, өз оокаты менен эл арасында эл катары токтоо жүргөн киши эле. Сагаалы анын жаш кезинде кандай экендигин билбейт экен. Ал эми Токтобек Фрунзеден айыл чарба институтун Абылай, Бейшендер бүткөндөн кийин. Ал Тоң районунун колхоздорунун бирине агроном болуп орношуп иштеп жүргөндө, ал жерден соттолуп түрмөгө түшүп калат. Кийин түрмөдөн жаңы бошонгондо Абылай башкарма болуп калып колхозго башкы экономист болуп калды. Башкы бухгалтер Асанкадырдын атасы Аманкул узун бойлуу, чап жаак, арыкчырай келген киши эле, ал деле карапайым колхозчулардын катарында эл катары оокат өткөрүп, өзү ачык айрым тамашакөй болуп көп сүйлөгөндүктөн аны айылдагылар,
куу жаак Аманкул дешер эле. А Асанкадыр Абылайлар менен институтта чогуу окубаса да ошол кезде Фрунзеде чогуу жүрүшүп мектепте бирге окуп, бирге чоңоюп теңтуш өсүшкөн. Абылай башкарма боло электе жөнөкөй эле бухгалтер болуп иштеп жүрүүчү, эми минтип башкы бухгалтер болуп жатат. Токтогонов Дүйшөк бул дагы Абылай менен чогуу чоңойгон теңтуш, атасы Токтогон касапчы болуп жүргөн карапайым киши эле. Дүйшөк орто бойлуу кыялы чукул киши. Ал кезде колхоздун бүт ырыскысы кампадан өтчү. Алма бактын бригадери Доскалый карапайым үй бүлөөдө чоңоюп институтта чогуу окуган. Эми минтип Абылай алма бакка бригадир кылып дайындаган.
Ушинтип жоро жолдошторун тегеректетип алып колхозду өз билгениндей башкарып жатканын Сагаалы ойлонуп жатты.Анын оюн тээ алыстан Кызыл ат минип келе жаткан кой ферма башчысынын карааны бөлүп кетти. Турганбай башкы зоотехниктен ферма башчылыгына жаңы эле которулган.
Ферма башчысы Турганбай элүүдөн жаңы өтүп калган эле. Өзү эр ортонунан өтүп калса да дайым көңүлү ачык, басса-турса ырдап жүрчу. Узун бойлуу, ак саргыл келген өңүнө көгүш көзү жарашып турчу. Ал уламдан-улам жакындап келе жатты. Жакындаган сайын кыңылдап ырдаганы улам даана угула баштады. Сагаалы ыйба кылып утурлай басканда Турганбай төрт-беш жаш улуу болсо да мурда озунуп: -Кандай Саке мал башың менен аман эсенсиңби,-деп жайдаңдап учурашып калды. Ферма антип учурашып жылуу-жумшак мамиле кылып жатканда жакшы сөз жан эргитет дегендей Сагаалы да күлүңдөп;-Жакшы Тукай аба өзүңүз жакшы жүрөсүзбү, иштериңиз жакшыбы,- деп колун берип, түшүүгө камынган Турганбайды аттан колтуктап түшүрүп атын тушап отко коюп тигиндейреек отурган ферманын жанына басып келип,- Тукай аба келип калыптырсыз,
жайчылыкпы-
деп суроо узатканы менен анын жөн келбегенин мамилесинен эле сезип турду. Турганбай күлүп: -Ээ, дос иним жумуштап келип турганымды билип туруп сурайсың, кел момундай жаныма жакыныраак отур, эсептешели,
- деп адатынча кыңылдап ырдап дайыма жанына асынып жүрүүчү сумкасын оодара баштады. Андан төрт-беш барак ак кагаздарды сууруп чыгып,- Саке сага кеңешүүчү бир иш болуп калды,- деп Сагаалынын каш кабагын байкап, анын эч нерседен капары жок жылуу жүзүн көрүп кайра сөзүн улап,- өзүң көрүп турасың, азыркы заманда текшерип келген чоңдордон көп неме жок экен күндө бирөө текшерип келип жаныңды койбойт. Бул жеринен бирди узатсаң, экинчиси келип кээде бир күндө үчөө, төртөө келет. Алар келгенде жөн келмек беле, бирди союп, бирди салып бериш керек. Ары жагындагы арак шарап дасторконун айтпай эле кой. Антпесе колхозубузду жамандап айлыбыз менен баарыбыз жаман атты болчудайбыз.
Анын үстүнө Абылай да район, область, республикага барган сайын экиден, үчтөн союп да тирүүлөй да салып кетет ошентип бул койлордун баарын төлөсөң чач кирпигиң жетчүдөй эмес,-деп кайра Сагаалыны карады. Сагаалынын бей капар дагы эле башын ийкегилеп турганын көрүп, кайра сөзүн улады,- Саке азыркы заманда чоң болуп иштеш оңой эмес экен, эгер антпейин десең эртең эле жумуштан кууп жиберишчүдөй,
ошондуктан Саке өзүң түшүнүктүү ата тегиңен бери өнүп өскөн адамдын тукумусуң ишенип сөз айтсам түшүнөт деп кишиге оозунан чыгарбайт деп сага кайрылып отурам,- дегенде Сагаалы, ата-тегин көтөрө чалып өзүн түшүнүктүсүң деп жогору баалап жатканына маашырланып жетине албай: -Айта бериңиз Тукай аба менин оозумдан эч нерсе чыкпасын өзүңүз билесиз да эркек деген бир эле айтат, өзүңүздөй көрүп айта бериңиз, колумдан келген иш болсо аткарууга даярмын,- дегенде Турганбайдын чырагына май тамып көктөн издегени жерден табылгандай кубанып: -Ооба мен сенин ушундай түшүнүктүү оозу бек адам экениңди билгенмин да болбосо өзүң билесиң менин карамагымда жыйырмадан ашык чабан бар экенин. Ошондуктан ишенген үчүн жалгыз сага келип отурбайынбы,
- дегенде Сагаалынын көңүлү ого бетер көтөрүлүп калды. Турганбай оңдонуп отуруп, -Эми мындай Саке убадалашкандан кийин оозуңдан эч кимге чыкпасың момундай акт жаздым. Жакшылап угуп тур,- деп актыны окуп кирди. Ал актыда «Кыштоодо Элебесов Сагаалы бир короо кой багып жаткан жеринен тоодон көчкү көчүп короодогу койлорун басып калып, өзү үй-бүлөөсү менен араң кутулган»,- деген жерине келгенде эмне дер экен дегендей Турганбай Сагаалыны караганда Сагаалынын кабагы бүркөлүп: -Мындай калптын эмне кереги бар, качан ошондой болду эле,- деп Турганбайды жеп жиберчүдөй карады. Турганбай чебеленип: -Саке койлорду кантип төлөйм эми көргөн күнүм эмне болот. Сен эмне коркуп кеттиң, сага эч нерсе болбойт, сен болгону эле бирөө жарымы сураса: «ооба ошондой болгон» деп койсоң эле болду. Бул кагаздар жөн эле көп кагаздардын арасында кала берет, сенден эч ким, эч нерсе сурабайт. Сен ушул актыга кол коюп берсең, мен сенин ушул жакшылыгыңды унутмак белем,- деп жалпалактап жиберди. Сагаалынын бир четинен Турганбайга калп айтып акт жазганына ачуусу келсе, бир чети ферма башы менен жалпалактап жалынып жатканын көрүп боору ооруп чоңдорго берген койлорду кантип төлөйт деп көңүлүн кыя албай унчукпастан колун сунду. Турганбай ручка кагазын Сагаалынын колуна кармата коюп, өзү тура калып,- мына бул жерге,- деп чебелектеп көрсөтүп жатты. Сагаалы кол коюп бүткөндөн кийин эч нерсе деп унчукпай дулдуйган бойдон аттын жанына басып кетти.Турганбай кагаздарын сумкасына сала коюп: -Рахмат Саке, рахмат!- деп улам-улам рахматтын айтып жоо куугандай атына тез минип, кармап калчудай болуп артына карабай айылды көзөй зуу койду. Сагаалынын ойу уйгу-туйгу болуп ачуусу келип:-Бул өлөрмандардын жалган акты жазганы эмнеси, ал актыга эмнеге кол койдум экен. «Ак көңүлдүн атты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт», бул өлармандарга эмнеге боорум ооруду. боорукеримден далайды көрдүм го атам айткандай жаманга убал жок мага сооп чала болот- деп өзүн жемелеп жатты. Дулдуйуп атынын жанына барганы менен атын минбестен койлорун карап туруп калды. Кечке кыбырап кылган ишине нааразы болуп жүрдү.Ал убадага так болгондуктан айткан убадасынан кайтчу эмес ал Турганбайга барып актыларды айрып сал, мен байкабай кол коюп салыптырмын деп эчен ирет айткысы келсе да ал убада берип, маакул болуп кол коюп бергенден кийин кайра барганга ар намысы жол бербей бара алган жок. Кечинде койлорун жайып үйүнө барганда кемпири Жүзүмкан алдынан чыгып Сагаалынын кабагын көргөндө эле анын капалуу экенин билип деги тынчылыкпы эмне мынча түнөрүп бирөө менен уруштуңбу,-дегенде кемпиринен жашыра албай Турганбай менен болгон окуяны айтып берди. Жүзүмкан акылдуу, күйүкчөөл аял болгондуктан иштин жайын ошол замат түшүнүп:-Өлүгүңдү көрөйүн жамандар эми койлорду бирден жешпей короосу менен жеп киришкен тура,- дегенде, Сагаалы кемпирин тыйып: -Болду эми, эч кимге айтпайм деп убада берип койдум, колхоздун койлорун чоңдор өзүлөрү билишет да жегилери келсе бизсиз деле жешет. «Байдын ашын байкуш айайт», дегендей биздин колубуздан эмне келет, алар менен тең тайлашып. Бул эмнеңер дечү адам чыгаар,- деди, Жүзүмкан күйөөсүнүн убадага так экенин иштин кеч болуп калганын билип унчукпай калды.Эртесинен баштап Турганбайдын колу коюлган кагаздар менен ар кимдер келишип бештен ондон кой алып кете башташты. Ошентип октябрь айына жетпей эле бир короо койду бөлүп кетишип, Сагаалы айылдагы там үйүнө көчүп барды. Ал койдон Сагаалыга бир да кой беришкен жок, себеби анын так экенин билишкендиктен муну сен ал деп айта алышкан жок. Сагаалыдан да акт жөнүндө эч ким сураган жок, жабылуу нерсе жабылуу тейден калды. Колхоз мурдагыдай эле жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн деген ураандын алдында шуулдап иштеп жатты. Сагаалыны көчүп баргандын эртеси эле бригадирлар сугатка айдап келишип суу сугарууга киришти. Жүзүмкан кыздарына огороттогу алмаларын үзүп, картошкаларын казып бүткөнү көр оокат менен алек болуп жүрдү. Бир күнү октябрь айынын орто ченинде Арал айылындагы улуу кызы Жамалбүбү Ырысбегин көтөрүп күйөөсү Бекболот менен келип калышты. Булардын келиши Сагаалынын үй-бүлөсүн абдан кубантты, алар семиз коюн көтөрүп, чаап берерге тамактарын таппай калышты. Сагаалы менен Жүзүмкан сөздү эмнеден баштарын билишпей жатышты. Кеч кирип тамак желип бүткөндөн кийин Сагаалы эми сөз баштабаганына Жүзүмкандын ичи бышып кетти көрүнөт:-Бекболот Жамалбүбү кандай болсо сен дагы бизге ошондой эле баласың менин айткан сөзүмдү жаман көрбөгүлө балдар чонойуп окуганы окуп, окубаганы армияга кетип, жайкысын малда жүргөндө Сагаалы экөөбүз тиктешип жалгыз калчу болдук. Эгер туура көрсөңөр Ырысбегиңерди убактылуу багып алсакпы дедик эле,- деп токтогондо жооп болгуча үйдүн ичи тым-тырс боло түштү. Бекболот менен Жамал бирин бири тиктешип, көздөрүнөн сен айт, мен айт болушканын билинип турду. Бекболот унчукпаган соң Жамал чыдабай кетти көрүнөт Бекболотко карап: -Жооп бербейсиңби эмне дейсиң-деп баланы өзүнүн төркүнү сурап жаткандыктан жооп берип баланы алгыла дешке батына албай, Бекболот:- Атам менен энем сурап жатышкандан кийин берсе берели,- деп жер карады, бала деген оңойбу алар бири–бирин тиктешип ойлонуп калышканда,
Сагаалы айнып кетишти дегендей кылып тигилердин андан ары сөздөрүн укпай эле:-Болду, болду айланайындарым уучуңар куру эмес Жыргал менен Ырахатыңар турат. Кудай дагы эле берерин унутпасын- деп батасын берип жиберди, беркилер коштоп кетишти. Бекболот менен Жамал эч нерсе дей алышпай макул дебеске чамалары жок отуруп калышты. Эртеси Жамал менен Бекболот Ырысбекти таштап өздөрүнүн айлына жөнөп кетишти.Сагаалынын үй-бүлөсүнө түйшүк түшүп жашка жаңы эле толуп өз алдынча толук баса элек Ырысбекти багып алышты. Сагаалы сугатта үч смен менен иштегендиктен бир күнү эртең мененки тогуздан кечки төрткө чейин иштечү, бош калган күндөрү Куркукка араба кошуп алып талаадагы арыктын жээктеринен кышында малына берүү үчүн чөп чаап келет. Ортодо кичине эле убактысы боло калса Ырысбекти эркелетип жанынан чыкпайт. Сагаалы мурда өзүнүн балдары кичинекей кезинде мынча эркелетчү эмес, балдарына тоң мамиле жасап иштемчилдикке,
өз бойлорун тыкан алып жүрүүгө тарбиялоочу.
Конокказы менен Бекказы кичине эле тентек кылышса «ой тукумуңду урайындар, тигинин балдарын көрбөйсүңөрбү мындай иштеп жатышат» деп өздөрү теңдүү балдарды мисал кылып атаандаштыруучу.
Анан жай олтуруп калган убагында балдарын жанына олтургузуп алып бирөөлөрдүн балдарынын терс жактарын айтып мисал келтирип карагылачы баланчанын баласы тамеки тартып арак ичет экен, түкүнчөнүн баласынын чачы кыздардыкындай узарып акылынын бары чачына чыгып кетиптир өз боюн караганга алы жетпегенден кийин кимди жыргатмак эле. Баланчанын баласы атасы менен кагышып арак ичет экен азыртан арак, вино ичсе кийин кайда барат алкаш атыгып көчөдө калбайбы. Кичинесинде мылжың болгон чоңойгондо кылжың болот. Болоор уул богунан дейт кичинекейинде эстүү болсо чоңойгондо деле ошондой болот. «Уулу жакшы болсо төр үстүнөн сый табат, уулу жаман болсо төр үстүнөн ит кабат» атасын, бир жанын ит деле багат атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат. Эркелик айыкпас илдет карагылачы илгери биздин Тазабек деген саяпкер тууганыбыз болуптур анын Сүйүнбай деген жалгыз баласы бар экен. Тазабек атагы чыккан саяпкер экен ал таптаган күлүк дайым байге алып колунда бардар болуп жалгыз уулу Сүйүнбайды абдан эркелетип чоңойтуптур.
Ал дасторконду тебелеп ойносо да тим койчу экен бир күнү жакшы саналаш бирөө ай Тазабек сен кандай эркелетсең эркелет бирок досторконду тебелетип эркелетпесеңчи десе, Тазабек эч нерсе эмес бала эмеспи деп тилин укпай койот. Кийин Тазабек каза болгондон кийин атасынан калган көп дүйнө Сүйүнбайга упаа болбой тентип жүрүп ачкадан өлгөн экен. Кесир деген жаман болот кесирлүү болбогула деп көп акыл насааттарын айтчу.
#29 23 August 2015 - 15:12
Ошондуктан балдарын канчалык жакшы көрүп турса да эркелетүүчү эмес эркелеткенден коркчу. Эми минтип Ырысбекти эркелеткенине Жүзүмкан да таң калып жүрдү ал ичинен небере деген балага караганда ысык көрүнөт дегени ырас ко же көптөн бери үйдө кичинекей бала жок болгонго сагынып калганбы деген ойго кетчү болду. Алиман, Калиман, Жаңылкан, Светалар да окууларынан келишкенден кийин Ырысбекти бири жерге койору менен бирөөсү көтөрүп колдорунан түшүрүшпөйт.
Жүзүмкандын убакыт өткөн сайын оорусу көбөйүп баратты мурда өпкө жүрөгү, буту колу ооруса эми башы ооручу болду, уламдан улам эттенип баратты анысына карабай таң аткандан түндүн бир оокумуна чейин жаны тынбайт майда барат үй оокаттарын кыздары жасаганы менен керели кечке короодон, огороттон тоокчо ардеме бирдемелерди термелеп жасап кечтен түн ортосуна чейин иш жасаганга кыздарынын себине даярданат. Кыргыздын салты боюнча ар бир төшөнчү орунчусун алакийиз, шырдагын, суу жоолук, дасторкон, майлыгына чейин бериши керек эмеспи алты кызга ошончо оокат даярдаш оңойбу, андан сырткары эки уулуна да энчи бериш керек жана үй оокаттарынын улам эскисин жаңыртышы керек. Ошентип ооруп онтоп жатсаң да иш жасаганы жасаган. Өткөндө Конокказынын жакында барып калам деген катын алгандан бери уйкусу качып жанын койорго жер таппай калды. Уулум келгенде жесин деп колуна тийген тамак аштын оңураагын ката баштады. Үйгө келери менен кийсин деп бир сыйра кийим алып койууга абышкасын көндүрдү.Ушинтип күтүп жүргөндө ноябрь майрамына аралаш Конокказы армиядан келди. Уулунун армиядан аман эсен келгенине ата-эне жетине алышпай кошуна колоңдорун,
туугандарын,
бала-чака, куда сөөктөрүн өз өзүнчө түлөөгө чакырып койлорун союп жатышты. Бул түлөө чоң тойго айланды. ***Кар жааган менен ызылдаган шамал жерге түшүрбөй учуруп кетип жатты. Ал күн 1974-жылдын 12-ноябры эле. Казакстандагы Отар станциясынын жанында жайгашкан Советтик армиянын Орто Азия округунун окуу гарнизонунда эртең мененки тамактан кийин өзгөчө салтанат башталды. Майрамдарда парат өтүүчү чоң аянтка гарнизондун жалпы курсанттары кесиби боюнча ар бир дивизия өз өзүнчө тизилип бүт гарнизон чогула баштады. Баардык гарнизон катарга тизилип болгондон кийин аянттын ортосунда орнотулган трибунадан радио аркылуу: «Гарнизон смирна, равнения на право» деген команда берилди. Бул командадан соң кумурскадай жайнаган курсанттар,
офицерлер бири-бири менен кыжы-кужу болуп сүйлөшүп жаткандардын үндөрү тып басылып бир кишидей жапырт түздөнүп баштарын оң жакка кыйшайтып карап калышты. Гарнизондун тизилгендиги жөнүндө рапорт берилгенден кийин аянттын баш жагынан үстү ачык жеңил машина акырын каалгып чыкканда оркестр музыка ойной баштады. Машина биринчи полктун жанына келип токтогондо оркестр музыканы тык токтотту машинанын үстүндө туруп чест берип келаткан гарнизондун командири генерал «здравствуйте товариши артиллеристы» дегенде артиллерия боюнча окуусун бүтүрүшкөн курсанттар «здравы желаем товариш генерал» дешип бир ооздон саламдашканда машина ордунан козголуп, кийинки полкту көздөй жылганда оркестр музыка ойноп саламдашкан курсанттар бир ооздон «ура, ура, ура» дешип үч жолу кыйкырып узатып калышты.Машина кийинки полктун жанына келгенде оркестр музыкасын токтотуп саперлор менен учурашты. Саперлор да генерал менен саламдашып машина жылары менен оркестрдын коштоосунда ураалап узатышты. Ошентип генерал улам бир полк менен учурашып олтуруп танкисттерге келгенде алар да мурункудай саламдашып узатышты. Генерал гарнизонду кыдырып бүткөндөн кийин гарнизондун генералы трибунага жетип, трибунага чыкканча оркестр коштоп турду. Генрал трибунага чыкканда жалпы гарнизонго «Гарнизон волна» деген команда берилди. Гарнизондун командири сөз сүйлөп жалпы гарнизондун курсанттарын ар кайсы кесип боюнча алты ай окуп билим алышкандыгы менен куттуктап мындан ары ошол алган кесиптери боюнча Орто Азия округундагы бөлүктөргө барып кызмат өтөшөрүн жана ал жактан Ата мекенине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөшүп үйлөрүнө аман-эсен кайтууларына каалоо тилектерин айтты. Андан соң бардык полктор гарнизондун командирлери турган трибунанын алдынан параддан өтүштү.Парад бүткөндөн кийин казармаларга барып окууну бүткөндүгүбүз жөнүндөгү күбөлүктөрүбүздү алдык. Мен күбөлүктү алганда «отлино» деген бааны окуп абдан кубандым. Күбөлүктү алгандан кийин кимдин кайсы бөлүккө барарлыгы эскертилди.
Мен Казакстандын Актогай деген жериндеги танкалык бөлүгүнө бармай болдум. Ал күнү майрам сыяктуу болуп алты ай бою ар кандай кыйынчылыктарды баштарыбыздан чогуу өткөрүп, бир туугандардай болуп калгандыктан төртүнчү, бешинчи ротанын наводчиктери жалпы батальондун курсанттары,
сержанттары,
офицерлери менен коштошуп бири бирибизге жакшы каалоо тилектерибизди айтып жаттык. Алардан тышкары армияга чогуу барган жалпы танкисттердин полкундагы жердештерибизге жолугуп алар менен да коштоштук. Бул күнү кечке эч кандай эрежелер сакталбай ар ким өз билгендериндей жүрдү.Эртеси эртең мененки тамактан кийин ар ким өзүнө тиешелүү оокаттары салынган рюкзактары менен кечээки чоң аянтка тизилүүгө команда берилди. Рюкзактын ичинде өздүк буюмдарыбыздан тышкары бир суткалык тамак аш, сухой пайок бар болчу, ал кечинде таратылып берилген. Эми аянтка чогулган курсанттар ар ким кесиби боюнча полк, ротага бөлүнүп тизилбей бөлүнгөн жерлери боюнча тизилип жатты. Актогайга кетүүчүлөрдүн арасында кесиптин барлык түрлөрү боюнча курсанттар бар эле. Тизип жатышкан офицерлер да ошол жактан келишкен чоочун адамдар. Актогайга кетүүчү курсанттар чогулуп тизмелер такталаары менен Отардагы поезддин станциясын көздөй алып жөнөштү. Биз поездге түшкөндө түшкө жакындап калган ошондо мен өмүрүмдө биринчи жолу эл ташыган поездге түштүм. Мурда деле поезддерди көрүп жүк түшүрүп жүргөнүм менен эл ташыган поездге түшө элек болчумун. Поездге түшүп бүтүшөрү менен поезд ордунан козголуп жыла баштады. Эч ким орундарына олтурган жок, баардыгы жабыла терезени карашып өзүлөрүнүн алты ай бою жүргөн жерлеринен көздөрүн алышпайт тигинде поездин тышында борон улуп чаң учурат поезд акырындап жылган сайын бирин экин тамдар артта калып поезд уламдан улам катуулап бара жатты.Отар станциясынын четине чыкканда гарнизондун,
андагы мекемелер баардык көзгө тааныш жерлердин карааны алыстан барып көрүнбөй калды. Бул жерде канчалык кыйынчылыктарды тартып жүрсөк да эми баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, бул жерди калтырып кетип баратканыбызга жандарыбыз кейигенсип вагондун ичиндеги курсанттардын баары үн сөзсүз терезени жалдырап бир нерсени калтырып жатышкансып же жакшы адамдары калышкансып тиктешет. Бир топ кейип кайра эстерине келишкендей ар ким өзүнүн жердештерин чогуу окугандарынан издей башташты. Мен вагондон вагонго издеп Качкын менен Нурматты таптым. Качкын Түп районунун Кош-дөбө айлынан, Нурмат Жетиөгүз районунун Талап айылынан болчу, үчөөбүз тең окууда танкисттердин полкунда болгонбуз. Нурмат механик айдоочунукун,
Качкын болсо бир батальондо бешинчи ротада наводчиктикин окуду. Үчөөбүз тең бири-бирибизге кезигишип туруучубуз.
Вагондун ичиндегилер тамактана баштагандыктан биз дагы рюкзагыбыздагы консерва, нандарыбызды алып чыгып жей баштадык. Качкын, Нурмат экөөбүздөн бойлуурак, толмочунан келип, чачы тармалданып,
кырдач мурдуна жарашып койуу каштары, бакырайган көздөрү аны келбеттүү кылып көрсөтүүчү.
Ал ачык айрым, сөзгө чечен, ырды да жакшы ырдачу. Нурмат орто бойлуу, толмоч, сары тоголок жигит болчу, сөзгө сараң бир сырдуу жигит оңой менен кишиге чечилип сүйлөөчү эмес. Качкын сөз баштап: -Эми окуудан бөлүккө бара жатабыз. Актогай кандай жер болду экен. Качан жетер экенбиз?-деп,
эмне унчукпайсыңар дегендей кылып экөөбүздү карап калды. Мен өзүнчө ойлуу бараткан элем. Качкындын сөзүнөн улам оюмдан алагды болуп ойлогон оюмду ортого салып:-Окууда бир топ эле жердештер бар элек. Ошолордун ичинен Актогайга үчөөбүз эле баратабыз. Эми үчөөбүз тең бир ротага туш келсек экен?-дедим.
Беркилер да кубатташып:
-Туура айтасың! Чогуу болсок жакшы болоор эле, ал жерде да жердештерибиз болсо экен. Бөлүккө барганда эски кызмат өтөгөн «стариктер» жаңы барган «молодойлорду» эзет экен деп уктум-деди Качкын. Нурмат да башын ийкегилеп: -Эми бара көрөрбүз, эртелеп кейий бергенде эмне. Эми андан көрө Качкын баягы ырларыңды ырдап койбойсуңбу-
деди. Мен дагы: -Нурмат туура айтат кана обон созуп койчу баарын унутуп калгандай кылып-деп коштоп кеттим. Качкын макул анда эмесе деп обонун созуп коё берди.Качкындын обону менин жүрөгүмдү эзип кайрадан Медерканды эсиме салды. Мен кат алгандан бери анын күйөөгө чыкканын билсем да аны унута албай жүргөм. Канчалык унутайын десем да анын элеси кайрадан эсиме түшө берүүчү. Алгачкы кат алган күндөрү эчен жолу санаам бузулуп, эчен жолу качып кете турган болуп, кайра мени намысым, уятым токтотуп кой баягынын баласы армиядан качып келиптир деген сөзгө калам, эл мени түшүнүшмөк беле, болбосо күйөөгө чыкса мейли деп Медеркан менен үйлөнүп албайт белем, кантейин айла жок деп өзүмдү токтотуп калчумун. Эчен жолу ручка кагаз алып кат жазып кайра кат жазба дебеди беле кокустан күйөөсү көрүп калса эмне дейт? Медерканды урушуп жүрбөсүн деп аны аяп кайра тытып салчумун. Мен ырды берилип угуп жаткамын Качкын ырдап бүтөөрү менен аны сүрөп:-Бах чиркин! Ыр эмес бекен, чыныгы турмуштан алыныптыр, Каке суроолор боюнча кайра кайра ырдап бересиңби-десем,
Нурмат да;-Кана Каке кайра ырдап берчи–деп калды. Качкын мактоо сөзгө жибип кетти көрүнөт ырды кайрадан ырдай баштады.Биринчи ырдаганда тегерегибиздегилер анча маани беришпеген көрүнөт. Бу сапар кыжы-кужу болушуп, ар кайсы тилде сүйлөп жаткандар сөздөрүн токтотушуп баары тең тыңшап калышты. Качкын ырдап бүтөөрү менен баары шатырата кол чабышып алар да кайра ырдоосун сурап калышты. Биз да аларга кошулуп:- Каке, ушул ырыңды кайра ырдап койчу-деп сурандык.-Ой,
башка эле ырды ырдайынчы кайталап ырдаганды жаман көрөм-деди Качкын. -Мен көшөрүп суранып болбой койдум. Качкын кутулбасына көзү жеткен соң, болуптур шагың сынбасын дедиби кайрадан обонун созуп кирди.Казак,
өзбек, орус улутундагылар сөздүн маанисине толук түшүнүшпөсө да обону жагып калды көрүнөт суранышып Качкынды кайра кайра ырдатып жатышты. Качкындын обонун поезддин темир дөңгөлөктөрүнүн бир калыпта тыкы-тык, тыкы-тык этип бир калыпта угулган үнү коштоп жаткансыды.
Мен ырдап жаткан балдарга анда санда кошулуп жатканым менен оюм алда кайда кетип жаткан эле. Вагондун ичиндегилер катуу чарчашкандыктан күүгүм кирери менен уктай башташкан. Алардын уйкуларын поездин улам бир станцияга келип токтоп, кайра жүткүнүп жүргөнү, гудок берип кыйкырганы да буза алган жок. Вагон толтура болгондуктан жатарга орун жок ар ким олтурган жеринде уктап жатышты. Түндүн бир убагында узатып келе жатышкан офицерлердин «тургула келдик» дешип ойготушкан кыйкырыктарынан улам көзүбүздү ачып тура калып терезени карасак, поезд бир чоң имараттын жанында токтоп турган экен.Тыштын баары апаппакай карга чүмкөлгөн, тыштагы элдин кийинишкенинен эле суук экени көрүнүп турду. Ар кайсы вагондордон жаңы келген солдаттар тышка топурап чыга башташты. Тышка чыгарыбыз менен узатып келген офицерлер кесиптерине жараша кызмат өтөөчү полкторуна баруучуларды өз өзүнчө тизе башташты. Биз танкисттердин полкуна баруучулардын катарына тизилдик. Кычыраган суук бат эле кулак мурунду каарып, колу буттарды тоңутуп кирди. Биздин кийимдерибиз анча деле калың эмес болчу, буттарыбызда керзивый өтүк, жондорубузда шинел, баштарыбызда тумак эле. Мындай кийимдерибиз менен катуу суукка туруштук бере албай үшүп, буту бутубузга тийбей жер тепкилеп жаттык. Тизилип бүткөн соң нарыраакта турган автобустарга түшүүгө буйрук берилди. Автобустар Актогай станциясынан чыгышкандан кийин бир аздан соң көп этаждуу шаарчага кирди. Бул гарнизондун офицерлери жашаган үйлөрү экенин кийин билдим. Узун автобус барак үйлөрдү аралап келип токтоду да ал жердеги үйлөргө киргизишти.
Эртең менен окууда жүргөндөй эле эртең мененки саат алтыда турууга буйрук берилип бул жерде эч кандай шарт болбогондуктан эрежелердин сакталышы эске алынган жок. Анткени жаңы келгендерди али туруктуу жашоочу казармаларга алып барыша элек болучу. Түндө бул жерде убактылуу эле шейшеби жок матрас, жууркандарды төшөнүп жатып таң атырганбыз.
Биз ордуларыбыздан шашпай туруп кийинип, жуунуп алып эртең мененки тамакты күтүп жаттык.Сыртта суук болуп жаткандыктан көбүнчө казармаларда болдук. Саат сегиздерде тышка тизилүүгө буйрук берилип жүздөй солдат катарда турдук. Баарыбыз рюкзактарыбызды асынып алганбыз. Ары бери өтүшкөн солдаттар бизди шылдың кылышып күлүп ар кайсы сөздөрдү айтып өтүп жатышты. Кээ бирөөсү «эй салдатики от куда вы приехали», десе бири «эй молокасосы тепер вместе будим служит», деп дагы бири «тепер вы здес пахать будите как папа корло» дешип, бир четинен жаңы келген бизди күндүн суугу бүрүштүрүп жүдөтсө бир четинен эски кызмат өтөгөн стариктердин шылдың кылып күлгөндөрү жүдөтүп, «аңгектен качса дөңгөкө» дегендей отардагыдан да өткөн балээге туш келгенбизби дегенсип шылкыйып турдук.Кечээ алып келген офицерлерибиз ашканага барып тамактанарыбызды айтып аскердик тартип менен бастырып ашканага алып жөнөдү. Ашкана жакын жерде экен бат эле жеттик. Ашкананын ичи окуудагы ашканага караганда анча чоң эмес, ал жерден тамактангандан кийин аянтка келдик. Аянтта кечээки келгендердин баары тизилип турушкан экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин полктун командири келе жатат дешти. Жапалдаш бойлуу, толмочунан келген жашы кырк жаш курагындагы полковник аянтка кире бергенде бизге адаттагыдай эле смирно равнения на право деген команда берилди. Буйрук берген майор аскерче эреже менен басып барып командир полкко чест берип полкко жаңы адистер келгендиги тууралу рапорт берди. Командир полк учрашып жалпы жаңы келгендерди чыныгы адис катары армияга кызмат өтөгөнү келгендиктерибиз менен куттуктап андан сырткары бул полк жөнүндө үстүртөдөн тааныштырып өттү. Андан кийин офицерлер жаңы келгендердин баарын батальон, роталарга кесиптерибиз боюнча бөлүштүрүшүп өз өзүнчө казармаларга алып кирип кетишти. Танкалык полктун курамына авто, сапердук, артиллериялык,
ракеталык, курулуш батальондору,
химиялык рота, өзүнүн оркестри, медсанбат, штаб, складдар, тейлөө кызматтары кирет экен.Негизги танкисттердин үч батальонунда үчтөн рота, ар бир ротада үчтөн взвод бар экен. Ал үч батальон үч этаждуу үч казармада жайгашыптыр.
Алардан тышкары ал казармаларда артиллеристтер да, ракетчиктер,
химиктер, саперлор да бар экен. Качкын экөөбүз үчүнчү батальонго туш келдик. Бирок экөөбүз эки ротада болдук. Качкын сегизинчи, мен тогузунчу ротага бөлүндүк. Биздин батальондун казармасы үч этаж: күн батыш жак четиндеги имараттын экинчи этажында экен. Нурмат экинчи батальонго туш келип анын казармасы ортоңку имаратта болчу. Биз казармага киргенде бүт экинчи этажды башынан аягына чейин узун зал бириктирип,
ал зал үч бөлүккө бөлүнгөн экен. Тогузунчу рота күн чыгыш жагынан, сегизинчи рота күн батыш жагынан, жетинчи рота ортосунан орун алыптыр. Ар бир ротанын ортосунда бирден каптерка, бош убактыда эс алуучу комната, умывальник орнотулган.
Ошондой эле комнаталар,
ротанын командиринин кабинети, курал жарак сактоочу склад, туалет бар болчу. Алардан тышкары батальондун камандиринин,
анын саясий жактан орун басарынын кабинети бар экен. Казарманын ичи тап таза болуп кроваттар экиден катар коюлуп, ар биринде тумпочка турат. Биз казармага кирип таанышкандан кийин батальондун командири Шишков, анын саясий жактан орун басары Казлов жана роталардын,
взводдордун командирлери менен таанышуу болду. Шишков жапалдаш бойлуу, арыкчырай, жашы кырктарга барып калган майор чининдеги адам экен. Казловдун чини капитан, арыкчырай, чап жаак, узун бойлуу, жашы отуз бештерде. Ал экөөнөн тышкары он эки офицерлер отурушту. Ал офицерлер үч ротанын, взводдордун командирлери болчу.Командир батальон сөз сүйлөп, батальондун иштери туурасында жалпысынан тааныштырып,
биздин аткаруучу милдеттерибиз жөнүндө айтып келип, ар бир ротанын, взводдордун командирлерин тааныштырды.
Тогузунчу ротанын командири капитан Хахлов кырк жаш курагындагы толмочунан келген бетин безетки басып майда томпоктору бар орто бойлуу капитан экен, взвод командири Смирнов жыйырмалардан жаңы өтүп калган узун бойлуу, аксаргыл, сулуусумак лейтенант чининдеги жигит. Батальондун командирлери менен таанышкандан кийин старшиналар ар бир ротанын жаңы келген солдаттарына жата турган орундарын көрсөтүп керектүү буюм-тайымдары менен камсыз кылып, армиянын эрежелеринин чегиндеги күн тартиби менен тааныштырды.
Ал күнү кечке таанышуунун үстүндө болуп эч кандай жумуш аткарбайсыңар дешти. Бул жерде үйлөрүнө кетүүчү солдаттарды дембил, бир жарым жылдыктарды дед, бир жыл кызмат өтөшкөн солдаттарды старик, учебкадан жаңы баргандарды молодой, салага дешет. Бизди ар кайсы жумуштарда иштетип офицерлердин көздөрү мындай болору менен өз билгендерин жасашат экен.Окууда старшина, сержанттар анда санда БУПка ок атуучу шаарчага барганда эски кызмат өтөгөн солдаттар кыйнашса, бул жерден бизден мурда барып кызмат өтөп жатышкан солдаттардын бардыгы кыйнашканы аз келгенсип, суугу кышкысын катуу болот дешти.Ошентип биздин жүгүбүз бул жерден да жарым жылга чейин жеңилдечүдөй эмес. Эски кызмат өтөп жаткандар улам келип тийишишип жаңы кийимдерибизди тартып алышып өзүлөрүнүн эски кийимдерин кийинтишип деги эле көздөрүнө эмне жакшы көрүнсө баарын тартып алып жатышты. Биз карышкырдан коргологон койлордой болуп бүжүрөп баарыбыз бир жерге чогулуп турдук. Качан гана ротага түшкү тамакка барууга тышка чыгып тизилгиле деген команда берилгенде тышка чыктык. Биздин ротада кыркка чукул солдат бар экен. Биз эң алдына үч катар болуп тизилдик. Андан кийин стариктер, алардан кийин деддер тизилишти. Бүгүн эртең кетебиз деп жатышкан дембилдер катарга тизилишпей эле топтошуп басып барышат экен. Катарга тизилгендерибиз старшинанын командасынын алдында аскердик тартип менен басып ашканага бардык. Ашканадан тамак ичүүнүн да өзүнчө тартиби бар экен. Учебкадагыдай эле бир столго тамак он кишиге эсептелип коюлуптур. Бул жерде өзгөчөлүгү молодойлор столдун баш жагына, андан кийин стариктер, анан дедтер, эң төрүнө дембилдер олтурушкандан кийин столдун башында олтурган молодойлор туруп он кишиге эсептелип коюлган тамактарды дембилдерден баштап таратып, акырында калса өзүлөрү ичишет экен. Ар бир ротага үчтөн эле столго тамак даярдалыптыр себеби он дембил кетише турган болгондуктан аларга тамак берилбептир.
Бул сапар ар бир столго он үч, он төрттөн киши олтурдук. Бул жерде дембилдерди эсептебегенде молодойлор,
стариктер, дедтер ар бир призывдан ондон солдат болгондуктан ротада отуз солдат калмак. Тамак ичилип бүтүп калган кезде бүт ашкананын ичиндегилер столдорду, табак- аяктарды кашык менен ургулай башташты. Биз жаңы барган молодойлор булар эмне минтип жатышат дегендей оозубузду ачып аңырайып карап калдык бизге жаныбыздагы стариктер мындай деп түшүндүрүштү булар бүгүн үйлөрүнө кетүүчү дембилдер ашканадан акыркы жолу тамак ичишип идиш-аяктарын өзүлөрү алып барып ашкананын терезесине коюп коштошуп жатышат. Ал эми залдагылар аларды узатууда дешти. Дембилдер идиштерин көтөрүп ордуларынан тургандан баштап идиштерди терезеге койгонго чейин залдагылар кашык менен идиш-аяктарды ургулап турушту. Мен идиштерди көтөрүп баратышкан дембилдерди карап булар кандай бактылуу адамдар деп ичимден кызыгып турдум, кийин мен дагы ушинтип идишимди өзүм көтөрүп ашкананын терезесине залдагылардын коштоосунда алып бара турган күндүн келишине тилек кылып жаттым. Андан кийин ар бир столдун молодойлору идиштерди ашкананын терезесине алып барып жатышты. Тамак ичилип бүткөндөн кийин тизилип алып келген жолубуз менен казармабызга кеттик. Ошентип бир саатка жетпеген убакта миңдин тегерегиндеги солдаттар тамак ичип алышып тарап кетишти.Казармага баргандан кийин стариктер казарманы генеральный уборка кылып тазалайбыз дешип молодойлорду иштетип өзүлөрү ар кайсы жерде карап турушту. Кичине эле жай кыймылдаган молодойлорду тепкилеп иштетишүүдө.
Биз казармадагы кроваттарды бир бурчка жыйнап бир четинен айнектин сыныктары менен полду кырып эски маститтерден тазалап бир четинен тряпкаларга кир жууган самынды көбүртүп алып жууп кургаган жерин кайра мастит деген май менен майлап тряпка менен кайра кайра сүргөндө пол жалтырап калып жатты. Казарманын ичи чоң болгондуктан кечки тамакка жакын араң тазалап бүттүк. Биз чуркап иштеп жүргөнүбүздөн араң эле басып ыргалып жүрбөй калдык, кээ бирөөлөрдүн колдорун айнек тилип кеткендиктен колдорун таңып жүрүшкөндөрү да бар эле. Кечки тамакка барып келгенден кийин кийимдерибизди тазалап, жакаларыбызды жууп, тагып, өтүктөрүбүздү тазалап, майлап эртең мененки текшерүүгө камынып жаттык. Анын ортосунда стариктер наскийлерин,
майка, турсилерин жуудурушуп,
кийимдерин үтүктөтүшүп өзүлөрү болсо телевизор көрүп, газет-журнал окуп эс алып жатышты. Дедтер менен дембилдер каптеркага кирип алышып арак, вино ичишип отурушту. Кээ бирлери Антогайга же жакын жердеги айылдарга самогонкага кетип жатышты. Жумуштары чыгып калса стариктер аркылуу молодойлорго жасатып, аларды кечкисин эч ким кой, ай дебейт экен.Кечээ күнү эле биз келе электеги молодойлор бүгүн старик болушуп, стариктер дед болуп колдору жаңы узарган стариктерге бүгүнкү күн майрам сыяктуу болуп молодой чагында көргөн кордуктарын бизден чыгарып жатышкандай болушту. Бул жерде деле окуудагыдай күн тартибинде «отбой, падём, завтрак, обед, ужин, кечки бош убакыт» бирдей экен.Түнкү саат он болуп жатаарга келгенде «отбой» деген команда стариктер менен молодойлорго гана берилди. Стариктер шашпай чечинип жата башташты. Молодойлор үчүн старшина бир тал ширенкени күйгүзүп:-Ушул тал күйүп бүткөнчө чечинип, кийимдериңерди стулга иреттеп коюп жатууга үлгүрөсүңөр–деди.
Ширенке күйүп бүтөөрү менен старшина кылдан кыйкым табыш үчүн молодойлордун кроваттарын кыдырып жүрдү. Бир кезде бир молодойдун кроватынын жанына келип бир өтүгү жыгылып калганын көрүп кайра:-Падём-
деп кыйкырды. Мында да ширенкени күйгүзүп карап турду. Стариктер турушкан жок. Молодойлор экинчи ярустагы керебеттеринен секирип түшүшүп дүрбөп кийинип ширенкенин талы күйүп бүткөнчө тизилип калышты. Ушинтип улам күнөө таап жатып отбой падём деп он чакты жаткырып тургузган соң өзү да тажады окшойт аягында кетип калды. Дедтер менен дембилдер каалаган убактыларында келип жатышты. Биздин Актогайга келгендеги алгачкы күнүбүз ушундай башталды.Эртеси эртең менен саат алтыда «рота падём» деген старшинанын кыйкырыгы тынчтыкты бузуп казарманын ичиндеги тегиз уктап жаткан солдаттарды дүрбөлөңгө салды. Молодойлор үчүн старшина дагы эле ширенкенин талын күйгүздү. Ширенкенин талы күйүп бүткөнчө катарга тизилип калдык. Старшина болоор болбос жерден күнөө таап эки үч сапар кайра жаткырып тургузду. Аңгыча стариктер менен дедтер да катарга тизилип бүттү. Старшина катарга тизилген солдаттарга «смирна» деп түзөтүп коюп строевой текшерүү өткөрүп жатты. Жакалары кичине эле кир болсо кийимдери кирдеп же үтүктөлбөсө,
өтүгү кир болсо, илгичин туура эмес курчанса, бир сөз менен айтканда кичине эле кынтык тапса солдаттарга күнөө тагып сага бир наряд же эки наряд деп казармага дневальнийлике же ашканага жиберет экен. Ал смотрдан молодойлор менен стариктер өтүп дедтер өтпөйт экен. Андан соң стариктер менен молодойлорду эшике алып чыгып эртең мененки кычыраган суукта жалаңкат хыбы деген кийимчен үч төрт километр аянтты айлантып чуркатты. Андан кийин жуунтуп, жаткан керебетиңди иретке келтиртип, эртең мененки тамака алып барып келгенден кийин батальондун техникасы жайгашкан гаражга алып жөнөдү. Ал жерден батальондун командири майор Шишков баш болгон офицерлер ар бир танкага экипаждарын толуктап жана ар кимди өзүнө бекитилген танкасы менен тааныштырды.
Окууда жалаң наводчиктер ар кайсы танке менен атканды, айдаганды үйрөнүшсө, бул жерден танканын командири, наводчик, механик-айдоочу үчөөнө бир танка бөлүнүп берилип, ученияларда ошол экипаж гана бөлүнгөн танкасы менен жүрүүгө болоорун айтышты.Мен 196 танкага туш келдим. Командир батальон бизге бул жерден да теориялык, практикалык жактан окууларыбызды улантаарыбызды,
ок атуучу шаарчадан атууну, танка айдаганды танкадромдон үйрөнөөрүбүздү,
ал эми өзүбүздүн танкаларыбызды ученияларда гана экипажыбыз менен колдоноорубузду айтты. Алардан тышкары, учебкадагыдай эле ротабыз менен караулга туруп ок-дары, тамак-аш сакталган складдарды кайтарарыбызды,
ашканага нарядка барарыбызды,
дем алыш күндөрү мончого түшүп, кино көрүп, эс аларыбызды кошумчалап түшүндүрдү.
Учебкадагыга караганда бул жердин өзгөчөлүгү танканын командири, механик-айдоочу,
наводчик чогуу экипажы менен кызмат өтөп ученияларга барып турарыбыз белгилүү болду. Батальондогу отуз бир танка, автомашина чиркегич, БТР менен сегиз техникасы бар экен. Ал техникалардын баары бир бокста жайгашыптыр.
Бокстын баш жагында комбаттын танкасы, автомашиналар менен турса, үч ротанын ондон танкасы үч башка ортосун зым тор менен тосулуп коюлуптур. Үч взводдо үчтөн танка, онунчу танка ротанын командириники экен. Ошентип ал күнү түшкө чейин батальондун танка коючу боксу менен тааныштык. Ал жерде биздин батальондун боксунан тышкары биринчи экинчи батальондун эки боксу дагы автоматтын эки боксу болуп узунунан катар тизилген беш бокс жайгашыптыр.
Түшкү тамактан кийин жалпы полктун турак-жайлары менен таныштык ошентип Актогайдан аскердик милдетти өтөөгө кириштим. Күн узарып жаздын белгиси көрүнүп март айы жаңырганы менен эртели кеч суук болуп, талааларда дагы эле кар жаткан. Арыктардын жээктерине,
кары эрип кеткен күнөс жерлерге көк чөп чыгып жаздын келери билине баштады.
#30 23 August 2015 - 15:13
Ушул өткөн кыш биз үчүн өзгөчө катаал болду. Бир жагынан аскердик талап күчтүү болуп эртеден кечке окутуп огневой городокторго алып барып танкадан атканды үйрөттүп кычыраган суукта караулга туруп кухняга нарятка барып армиянын эрежелерин сактаганга аракет кылып алдыдагы милдетибизди аткарып жатсак андан дагы стариктердин жөнү жок кыйнагандары өттү. Бош убактыларыбызда өз жайыбызга койушпай кийимдерин жуудурушуп үтүктөтүшөт ал аз келгенсип түнкү саат ондон кийин казарманы генеральный уборка жасайбыз дешип түнү менен полду айнек менен кырдырып мастиктетип умувальник толеттен бери жуудурушат.
Таңга маал кирпиктен тартса жыгылгыдай болуп жок дегенде эки саат же бир саат болсо да уктап эс ала калалы деп баарын тазалап бүткөндө көпкөн старик, дедтер келип ак болотнайдан жасалган хыбыга тагылган жакабызды жулуп алышып, полду сүртүп көрүшүп, кичине эле кир болсо кайра кир сууларды полго төгүп салышат. Биз жанталашып кайра тазалап аларга жакса кээ күнү эки саат кээде бир саат уктап эс алууга үлгүрөбүз.Караулга нарятка барганда молодойлор алыскы суук жердеги посторго турушат айрыкча түнкүсүн өтө суук болгондуктан эки сааттын өтмөгү тозок болуп, түкүргөн түкүрүгүң жерге муз болуп түшөт. Рота караулга бир сутка нарятка турчу караулга эки сааттан үч смен турар элек. Алыскы постон келгенче бир саат убакыт өтүп смен алмашууга барганча дагы бир саат убакыт өтүп ар бир смен сайын эс алууга бөлүнгөн төрт сааттын эки саатты жолго кетип эки гана сааттан эс алчуубуз. Ашканага нарядка барганда да молодойлор ит өлчү жерге коюлуучу, алар идиш-аяк жууганга барганда миң солдат үч маал тамак ичүү үчүн түшкү эки түрлүү тамакты эсептегенде бир суткада төрт миң тарелка, үч миң кружка, үч миң кашык жана башка май салган идиштерди төрт солдат жууш керек эле. Андан тышкары молодойлор картошка аарчып, отун жарып, от жакан жерде турушчу. Ок атуучу шаарчага танкадромго барганда практикалык окуулар бүткөндө танкаларды молодойлор тазалоочу. Кээде станциядан полко поезд менен келген көмүрлөрдү,
отундарды продуктуларды түшүрүүдө да ротага бөлүнгөн жумуштарды молодойлор бүтүрүүчү. Муну ротанын офицерлери билип турушса да жумуш иреети менен өз убагында бүтүп жатканына ыраазы болушуп, көз жумдуга салып коюшчу. Кээ күндөрү аскердик тревога деп ротаны же батальонду көтөрүп бокстагы танкаларды айдатып талааны кыдыртып эки үч саат танка менен тизилип жүргөндү, согуш убагында чабуулга өткөндү үйрөтүп, кайра бокска келгенден кийин ар бир экипажга өздөрүнө бекитилген танканы таза турса да күнү бою тазалатып кайра орундарына койдурчу. Танкаларды жөн эле жуудуртуп, чаңдарын сүрттүрбөстөн узницаларынан өйдө чечтирип, баарын бириндеттирип тазалаттырып,
майлоочу жерлерин майлатып кичине эле жеринен сыр кетсе сырдатып туруучу. Танканы айдагандан да техникалык кароодон өткөргөндөрү көп болчу. Анда да негизги оор жумуштарды экипаждын молодойлору аткарышчу.Кыштын суугунун күчү бир жагынан сөөккө жетип башка кыйноолор аз келгенсип, молодойлорду бир жагынан жүдөттү. Эртели кеч танканы мээлейсиз кармаганда кол темирге жабыша калчу, молодойлордун кээ бирөөлөрү кулак-мурундарын үшүтүп жиберген учурлар болду. Ошондой кыйынчылыктар менен жазга араң илиндик.Бир күнү рота эртең мененки тамактан келип казармага киреерибиз менен ротанын командири өзү тышка тизилгиле деп калды. Биз казарманын алдына чыгып тизилип турсак командир жанына граждандык кийимчен кишини эрчитип келип, бизге кайрылып:-Лепси станциясында райкомдун имараты бүтпөй жатыптыр он күнгө жардам берүүгө ким барат?- деп калды ротабыз менен: -Мен барам, -Мен барам,- деп текши жабалактап кол көтөрдүк. Командир көңүлүнө жаккан солдаттарды эс алып келсин дедиби, ар бир танкадан бирден солдатты: -Сен чык, сен чык,- деп он солдатты катардан чыгарды. Алардын арасында мен да бар болчумун. Бара турган онобуз казармага кирип күндөлүк керектелүүчү буюмдарыбызды рюкзака салып даярданып бат эле чыктык. Бизди жанагы гражданчан кийинген киши ээрчитип түз эле станцияга барып, Лепси станциясына жөнөп кеттик.Лепси станциясы Актогайдан анча деле алыс эмес экен. Биз ал жерге бат эле жеткендей болдук, ал жакта райкомдун аппараты үчүн эки этаж имарат салынып жатыптыр. Жумуштун көпчүлүгү бүтүп майда барат эле жумуштары калыптыр. Кыязы куруучулар имаратты тапшыруу мөөнөтүнө жетпей баратышканда бизди жардамга чакырышкан окшойт. Ал күнү биз иштегенибиз жок, жатакана, төшөнчү орунчу менен камсыз болуп ал жерде иштешкен куруучулар менен таанышып бош болдук. Кечкисин каалаган убагыбызда жатып, эртең менен жай туруп, бизди алып барган кишинин берген талондору менен жаныбыздагы анча алыс эмес жердеги ашканадан тамак ичип, куруучулар менен жумушка кирдик. Биз өзүбүздү башка дүйнөгө келип калгандай сезип кой, ай деген киши жок жыргап эле калдык. Бешөөбүз имараттын тегерегин асфальттагандарга жардам бердик. Бешөө имараттын ичиндеги сырдап актагандарга жардам берип жүрүштү. Армияда жүргөндөгүгө караганда бул жерде алда канча жеңил болуп ал тургай арабыздагы старик, дедтер да бизге жакшы мамиле жасашып жумушту тең иштеп ынтымактуу болуп калдык. Таң калыштуусу старик менен дедтердин мүнөздөрү өзгөрүп, аскердеги ызырынып кыйкыргандардын бирөө жок, жоошуп калышкандай болушту. Бул жерде тамак-аш да нормаланбай каалашыбызча ичип, эртели-кеч айылды аралап, ээн эркин басып кино, танцыларга барып турдук. Бизге күндүз иштеген иштерибиз куруучуларга караганда көбүрөөк иштесек да жеңил эле болгондой болуп бул жерге эс алууга эле келгендей болдук. Убакыттын кандай өткөнү билинбей он күн аяктап бараткан сайын өзгөчө молодойлор жүрөк заада болуп жаттык.Он күн убактыбыз бүткөндө курулуп аткан имарат да бүтүп бүгүн эртең пайдаланууга берилет деп жатканда бөлүктөн бизди алып кетүү үчүн взводдун командири келип калды. Ал экинчи взводдун командири лейтенант Седоров болчу. Ал келип бизди алып келген курулуштун прорабы менен сүйлөшүп жатканда алардын жанында дагы бир киши бар болчу. Ал жапалдаш бойлуу арыкчырай, чап жаак, ак саргыл келген жашы кырктар курагындагы казак киши болчу. Ал: -Төрт солдат керек колхоздун айдоо, себүүсүнө жардамга, мен полктун командиринен улуксаат алдым, төрт солдат берүүнү бул лейтенантка тапшырышты-
деди прорабка.Биз алар сүйлөшүп жатканда жакын жерден угуп турган элек. Ангыча лейтенант биздин жаныбызга келип ал жайыбызды сурап учурашканча берки экөө да келип калышты. Жанагы мага төрт солдат керек деген киши бизге:-Ким айыл чарба жумуштарын жакшы билет, кимиңер айылдан келдиңер,-деп орусча сурап калды.-Мен,-Мен,
-деп беш алтообуз кол көтөрдүк. Мен кыргызча агрономдун окуусун армияга чейин окуп жаткандыгымды айтсам, тиги киши6-Ой-бай баорум, сен кыргызсың гой, сен калгын-деди.
Мени адегенде андан кийин эки казак, бир орус баланы да калтырды. Ал киши машина менен келген экен төртөөбүздү машинасына отургузуп ошол Лепси станциясынын жанындагы колхозго алып жөнөдү. Бизди алып бараткан киши жолдо биз аткара турган жумуштар туурасында сүйлөп баратты. Ал кишинин айтуусуна караганда жылыга айдоо-себүү учурунда колхоздо жумушчу күчү жетишпегендиктен солдаттарды сурап алат экен. Анын аты Сейит экенин колхоздун башкы агроному болуп иштерин билдик. Биз да аты жөнүбүздү, кайдан келгенибизди айтып таанышып алдык. Лепсиден чыкканда жарым саатча убакыт өткөндөн кийин Сейит талааларды көрсөтүп,- мына биздин колхоздун талаалары- деп баш аягына көз жеткис боз талааны көрсөттү.Тээ алыста чоң тракторлор катар тизилип жер айдап жүрүшүптүр.
Мен талааларынын чоңдугуна абдан таң калдым. Себеби өз жеримде ар бир айдоо талаасы элүү гектардан жүз гектарга чейин болчу. Бул жерде ар бир талаа беш жүз гектардан кем эмес көрүндү. Биз бараткан машина кичирээк айылдын четиндеги талаага келип токтоду. Ал жерде узунунан салынган эки чоң кампа, алардын жанында кырман үч барак үй техникалар токтоочу короо бар экен. Бизди барак үйдүн бир комнатасына жайгаштырып ал жердеги элдер менен тааныштырды.
Сейит мени агрономдун окуусунан окуп жаткандыгыма байланыштуу өзүнө жардамчы кылып алды. Беркилер үрөн жүктөп, үрөн себишип ар кайсы жумуштарда иштемей болду. Жанындагы казак балдардын бирөөсүнүн аты Кылычбек болчу. Ал узун бойлуу, ак саргыл, толмочунан келген олбурлуу жигит. Экинчисинин аты Ахмет кара тору, орто бойлуу, мурду чоң, сөзгө сараң, толмочунан келген көздөрү бүтүйгөн жигит эле. Берки орус баланын аты Александр бизден жарым жыл мурда келип, старик болгону менен мүнөзү токтоо, орто бойлуу, толмочунан келген жигит болчу.Биз ошол эле күнү солдаттын кийимдерин чечип ал жердегилердин эски кийимдерин сурап алдык. Андан тышкары спецовкаларды кийинип, ошол жерде иштеген кишилерге аралашып кеттик. Бул жерде күчтүү техникалар колдонулуп,
жерди өзүнүн технологиясынын негизинде иштетишет экен. Адегенде чоң тракторлор менен айдап кетишкенден кийин, ДТ-75 тракторлоруна бир канча тырмоокторду чиркеп алып артынан тырмап, анын артынан ДТ-75 тракторуна үчтөн сеялка чиркеп алып сээп кетишет. Кампадан үрөндү машиналарга погрузчик менен жүктөшүп, үзгүлтүксүз талааларга жеткиришип,
бир сөз менен айтканда жердин нымын кетирбей себишет экен. Ушундай жумуштарды комплекстүү аткаруу үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр,
үрөндөрдү атайын үрөн ташуучу машинага кампадан жүктөтүп ал машиналар менен талаага барып сеялкаларга жүктөтүп берчүмүн. Андай машиналардан үч-төртөө бар болчу. Дайыма ошол машиналар менен жүрүп күйүүчү, майлоочу майлар менен майлап жана запастык бөлүктөр үрөндөр менен иштеген техникаларды камсыз кылып жумушчуларды уюштуруп, иштетип ишти үзгүлтүкө учуратпай тейлөө милдети мага жүктөлгөн. Мен дайым башкы аграном Сейитке эртели кеч жумуштардын жүрүшү туурасында маалымат берип, өзүм чече албаган иш болсо аны менен биргелешип чешчүбүз.Бул жердеги жумуш кесибиме ылайык болгондуктанбы жумушка абдан кызыгып, көңүлүм көтөрүлүп, ар кайсы санаадан жеңилдей түшкөндөй болдум. Анын үстүнө Сейит менен жакшы мамиледе болуп, ал дайым мени колдоп тургандыктан өзүмдү ээн эркин сезип жүрдүм. Аскерде жүргөнүмдү башымдан өткөргөн кыйынчылыктарды аз да болсо унуткандай болуп, ошол жерде иштеген жаштар менен аралашып кеттим. Ошолор менен кечкисин айылга барып түндүн бир оокумуна чейин жүрүп келчүмүн. Ошол айылдын балдары бир күнү кечкиге үйлөнүү тоюна чыкырып калышты. Ал күнү жумуштан эрте келип өзүм менен чогуу жаткан Александрдын прапоршиктер кийүүчү костюм-шымын сурап алып, аны тазалап үтүктөп, жуунуп тазаланып, жасанып-түзөнүп кийинсем берки үчөө кийимдерим абдан жарашып калгандарын айтышты. Күүгүм кирип калган ченде казак досторум Мукамбет, Серик, Муктарлар келип ээрчитип кетишти.Той болуп жаткан үй алыстан белгилүү болот эмеспи, музыканын үнү чыгып бака-шака болуп жатышкан экен. Биз барарыбыз менен тосуп алышып, жаштар кирген үйгө киргизишти.
Бөлмөнүн ичинде толтура балдар-кыздар ортодогу узун столдун үстүндө дүр-дүйүм тамак-аш жайнап шатыра–шатман болуп жатышкан экен. Биз кирип барганда менин аскер кийимимди көрүшүп бары тым-тырс болуп мени тиктеп калышты:-Бери өтүңдөр-деп эки-үчөө тура калып орун көрсөтүштү.
Мен өзүмдү ыңгайсыз сезе түшүп, кызарып чекемден нымшып, тер чыга түштү. Жаңы үйлөнүп жаткан үй ээси Касым менин кысталып турганымды сездиби же жөн эле тааныштырайын дедиби. Отургандарды тынчтандырып:
-Достар мана бул алдыңыстарда турган кыргыз жигитинин аты Бекказы. Усул кесте армияда кысмат өтүп жүрөтүн. Энди биздин колхоздо жардам этип жүрөтин. Бистин жаксы досумус танысып алыңар,-дегенде баары бирден туруп келишип колдорун берип аттарын айтып таанышып жатышты. Мен көпчүлүктөн айрыкча кыздардан сүрдөп, чекемен тер кетип бирөөнүн да атын эсиме туталбай калдым. Өзгөчө көптөн бери кыздар менен саламдашпаганга жүрөгүм дүкүлдөп согуп. Үнүмдү араң чыгарып атымды араң айтып жаттым.Мага андагы кыздардын баары текши сулуу болуп көрүндү. Чынында эле ал жердеги кыздардын баары сулуу болчу. Ал кыздар өздөрүн эркин сезип, шаракташып ар кандай сөздөрдү айтышып мени тамашалашып ортого алышты. Баарынын көңүлдөрү мага бурулганына мен ан сайын кысынып, оозуман сөз чыгара албай жылмайып күлүп, сүйлөгөндөргө башымды ийкегенге аран жарап жаттым. Алдыбызга тамактар келип, винолор ичилип. Убакыт өткөн сайын алар менен көнүшүп, жүрөгүм ордуна келе баштады. Эки жагымда отурган кыздардын аттарын билдим. Алардын аттары Раушан, Замзагүл, Рашида, Асылгүл экен. Мен мындай үйлөнүү тоюна биринчи катышып отургам. Мурда өз жеримде жүргөндө «свадьба» деп орустар гана ушундай үйлөнүү тойлорун өткөрүшчү, кийинчерек аскерге кетерге жакын шаардык кыргыздар да свадьба өткөрө баштаганын уккамын. Айыл жеринде үйлөнгөн жаштар өзүнүн теңтуштарын чакырып эле отуруш берүүчү. Ал эми бул жерде болсо жаңы үйлөнгөндөрдүн ата энелери бир бөлмөдө отурушкан болсо, дагы бир бөлмөдө экөөнүн тең тели теңтуштары отурушат. Жаңы үйлөнгөндөр столдун башында катар отурушуп теңтуштары менен чогуу ойноп күлүп жатышты. Биздин айылда болсо жаңы келин жоолугун чүмкөп салынып жер карап чай куюп отурмак. Мен ушуларды ичимден салыштырып казактардын свадьбасына баа берип ыраазы болуп отурдум.Бир убакта Касым ыр кесе баштап кимге сунсам дегендей кылып тегеренип карап калганда кыздар жаалап: -Кыргыс жигитине сун жырлап берсин,- деп калышты. Менин ырга шыгым жок болгондуктан оңтойсуздана түштүм. Касым суроолор боюнча мага сунганда баары мени карап калышты. Баш тарта албай калып, Качкын ырдаган ырды ырдап коё бердим. Ырды болушунча Качкынга окшоштуруп ырдоого аракет кылдым. Баарынын тынчтанып берилишип тыңшап калышканын көрүп, ого бетер үнүмдүн жетишинче обонумду созуп жаттым. Ырдап бүтөөрүм менен баары дуулдашып кол чаап жиберишти. Замзагүл ордунан тура калып: -Бекказы мен үшүн «Тумарым» деген жырды жырлап жиберши,-деп сырдуу тиктегенде мен кандай макул деп жибергенимди билбей калдым. Анын үстүнө ырымды баары жактырып жатышканына эрдемсип калдым. Мен Тумарым деген ырдын эки куплетин эле билчү элем, болгон үнүм менен ырдап бердим. Жаңы ырдап бүтөөрүм менен Раушан дагы Тумарымды кайра ырдап берүүмдү суранды анын да көңүлүн кыя албай кайра ырдап берсем, Асылкүл менен Рашида да: -Биз үшүн дахы бир жолу жырлап берши-деп суранып калышты. Алардын да көңүлдөрүн кыя албай кайра ырдадым. Ошентип суранып жатышып, Тумарымды үч төрт сыйра кайра кайра ырдатып жатышты. Ырдаган ырларым баарына жагып жатканына өзүм да таң калдым.Ал күнкү үйлөнүү тоюнда баарынын көңүлдөрүнүн борборунда болуп армияда жүргөн жалгыз кыргыз жигити дештиби айтор жан алдары калбай сыйлап жатышты. Мен өзүмдү жакшы сезип, отургандарга аралашып кеттим. Улам бир кыз бийге чакырып баары менен бийлейм… Ичкилик дене бойду кызыттыбы кыздардан көп уялбай калдым.Башынан бери келе жаткан уяңдык сезими мени ашыкча кетирип одоно кетирген жок, мен казактардын арасында жалгыз кыргыз экенимди сезип капыстан ичкилике кызып калып уят болбоюн деп өзүмдү сактап тойдун аягына чейин жакшы карманып чогу отурган жаштардын арасында кадыр баркым менен, адептүү кичи пейил жакшы жигит катарында эстеринде калдым окшойт.Таңга маал дос балдарыма кошулуп Замзагүл, Раушан, Асылкүл, Рашида болушуп мени жатаканама чейин узатып калышты. Ушул төрт кыз тең онунчу класста чогуу окуп жатышыптыр.
Баары тең жакшы кыздар болчу. Айрыкча Замзагүл менен Рашида мага жагып калышты. Кийинки күндөрү жумуштан келгенден кийин Сашанын кийимдерин кийинип, жасанып түзөнүп алып, кечкисин айылга кетүүчү болдум. Мен бул күнү да адатымча жумуштан келгенден кийин жуунуп таранып жасанып түзөнүп алып айылга баруу үчүн стандан чыктым.Май айынын аягы чени эле бул жакта жайдын күнүндөй күндүзү күндүн ысыгы мээ кайнатып, жылуу жел аргы жүрүп ысык болуп турду. Жазгы айдоо себүү бүткөнгө он күнчө болуп биз полктон келип алып кеткиче чөп жыйноого жардам берип иште жүргөнбүз. Бул жерге эгин жалаң кургак жерге айдалып, сугат жерлерине жүгөрү, көп жылдык чөп, жашылча айдалат экен. Кургак жердеги эгин талаалары чоң-чоң болгону менен сугат жерлериндеги талаалар чакан болуп жүз гектардын тегерегинде бөлүнүптүр,
сугат жери кайрак жерге караганда алда канча аз болуп суу жетишпейт экен. Мен айылга келгенде күн батканы менен күүгүм кире элек болгондуктан күндүзгү ысыктын аптабы дагы эле кайтпай түз талаа болгону менен талаалары жашыл түскө бөлөнүп, бак-дарактар өсүп көрктүү эле. Ар кай жерлердин суулары түркүн куштар сайрап, шамал болсо да убагы менен болуп, жаан бат–бат жаап тоолору көлү жок болсо да менин туулган жериме окшошуп кетип жашоо шартка ылайыктуу болчу. Бул айылдын үйлөрүнүн, короо-жайларынын салынышы жакшы болуп, огороддору толтура бак тигилип айыл көрктүү көрүнүүчү. Актогайдагы үйлөрдүн короо жай огороддору жок тегереги кумдуу боз талаа курчап, анда санда саксаулдар өсүп тургандыктан кунарсыз болуп турчу. Мен дүпүйгөн айылдын ортосуна жетип калганда күүгүм тартып караңгылай баштады. Адегенде Серик жолугуп экөөбүз Муктардыкына келсек ал үйүндө жок экен. Андан ары барып Мукамбетти короосунан үчөөбүз жолугушканда караңгы кирип калган. Биз ээрчишип алып киного чакырыш үчүн кыздардын үйлөрүнө жөнөдүк. Кыздардын төртөө тең үйлөрүндө экен. Алар киного барууга макул болушту. Кинодон чыккандан кийин балдар берки кыздарды үйлөрүнө узатып кетишти. Кийинки кездерде Рашида экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болуп, күндө кечинде көрүшүп турар элек. Биздин мамилебиз жакшы экенин билишкендиктен беркилер атайы таштап кетишсе керек. Рашида экөөбүз көчөдө каалгып басып келе жаттык. Асман ачык болгондуктан жылдыздар жыбырап ай аркан бою көтөрүлүп калган. Аба салкын тартып, анда-санда гана иттердин үргөнү угулбаса айлана тынч, мен Рашидага күндөгүдөй эле күнү бою эмне менен алектенгенимди айтып келе жаткам. Рашида да мага жолугары менен, -Эмне кечиктиң аябай күттүм. Убакыт такыр өтпөй койду деп жалооруп карап, узун кирпиктүү кара көздөрү моймолжуп турду. Рашида чынында эле сулуу кыздардын катарына кирүүчү. Ал орто бойлуу арыкчырай, чап жаак, кырдач мурун көздөрү бакырайып, кара каштары кол менен жасап койгондой бакырайган кара көздөрүнө жарашып туруучу, аппакай бетинин кулак түп жагында жарашыктуу меңдери бар болчу. Ичке мойуну узун келип, мойунуна тагынган сепичкасы мойунун ого беттер келишимдүү көрсөтчү. Бели ичке болуп кандай кийим кийинип алса да, жарашып турчу, анын узун манжалары ичке эле, билегине тагынган билектери атайын жасагандай көрктүү болчу. Анын келбетүү дене боюна сүйлөгөндөрү,
назик үнү, тилинин таттуулугу куп келишип туруучу, ал жанымда турганда көзүмө айлана чөйрөнүн бары сулуу боло түшкөндөй көрүнүүчү. Андан жыпар жыт аңкып, кулагыма шыбырап суйлөп жатканда шыңгыр назик добушун укканда ырахатка батчумун. Анын сөзүнө караганда ал да мени абдан жактырса керек, жолуккан сайын убакытты өткөрө албай кыйналгандыгын айтып, мен кучактап бетинен өпсөм унчукпастан эркиме баш ийип өзүн жоготуп жибергендей болчу. Ооба ал экөөбүз бири бирибизге абдан берилип уламдан-улам жакын болуп баратканбыз.
Биз Рашиданын үйүнө жакындаганда ар кимибиз өз өзүбүзчө ойлонуп унчукпай калдык. Рашиданын үйүнүн жанына келгенде экөөбүз дагы эле унчугушпай бири бирибизге бурулуп, экөөбүздүн колдорубуз тең көтөрүлүп ийиндерибизге жабышты. Мен тынчтыкты бузгум келгендей үнүмдү билинер билинбес чыгарып: -Рашида карачы кандай сонун түн, эгер макул болсоң айылдын четине чыгып келбейликпи-
дедим. Рашида бир аз ойлоно калып:-Мейли,
дегенде эңкейсем мурдума жыпар жыт уруп келип, анын назик бети оозума урунганда мас болгондой магдырап эки колум белине оролуп, дене боюм балкып кетти.Экөөбүз бир топко кучакташып каалгып басып айылдын четине чыгарыбыз менен Рашиданын ийнине колумду коюп кучактап алдым. Биз кайда баратканыбызды билбей максатсыз жалгыз аяк жол менен бет келген жагыбызга акырын басып кете бердик. Айылдан бир топ узагандан кийин Рашида мага кайрылып: -Бекказы?- деди. -Ии-дедим. -Мага Ысык-Көл жөнүндө айтып берчи-деди. Мен эмнеден баштарымды бир азга ойлонуп анан бир башынан айта баштадым. Ысык-Көлдүн кышкысын тоңбогондугун,
тегерегин кызыл – тазыл болуп ар түркүн өсүмдүктөр өскөн талаалар курчап, андан кийин жапжашыл тоолор, андан кийин аппак аскалар курчап турганын аска тоолордон тунук суулары агып көлгө куюп турарын, көлдө түрлүү балыктар жүрөрүн, жер жемиштердин түрлөрү өсөрүн, аба-ырайы жайкысын өтө ысык болбосун, кышкысын өтө суук болбой мээлүн болуп турарын айттып жаттым
#31 23 August 2015 - 15:15
Рашида өтө кызыктуу жомок угуп жаткандай, кунт коюп келе жатты. Мен айткан сайын мактанып жаткандай болуп, бирок чындыгында эле өз жеримдин жомоктогудай сулуулугуна бир чети сыймыктанып жаттым. Биз көлмөнүн четиндеги дөбөгө келип токтогондо аркы жактагы чабылган чөптөн кучактап келип жая салып Рашидага орун көрсөттүм. Экөөбүз тең отуруп көлмөнү тиктеп калдык. Ай бийик көтөрүлүп айлана тегеректи жарык кылып турду. Көлмөгө бакалардын чулп деп секирип түшкөнү ар кайсы жеринен чардагандары угулуп жатты. Тегеректеги камыштардын баштары жел аргыга билинер-билинбес сеңселип ары бери ыргалып турду. Көлмөнүн үстүндө ай дана көрүнүп турду. Ары жакта дүпүйүп чөмөлөнгөн чөптөрдүн карааны көрүнөт. чегирткелер ар түрлүү обонго салып ырдап жаткансып бири токтосо бири үн чыгарып жатышты. Отурганга аба муздагансый түшкөнүнөн мен кастюмумду чечип Рашиданын үстүнө жапканымда ал мени карап, -Ысык көлдүн суусу ысыкпы? Эмне үчүн Ысык-Көл,-дешет деп сурады, мен: -Жок ысык эмес кадимкидей эле жайкысын жылуу кышкысын муздак бирок тоңбойт, анын тоңбогон себеби туздуу болгондуктан болуш керек,- дедим. -Ошондой кооз жердин да кыздары да сулуу болушса керек,- деп сураганда, -Арасында сулуулары бар,- дедим. Рашида саал башын ийип ойлоно калып мени карап, -Сен мени көлгө алып кетесиңби?- деди. Бул суроо күтүүсүз болгондуктан мен эмне дээримди билбей туруп калдым. Себеби мага мурда Рашиданы алып кетүү жөнүндө ой келген эмес эле. Менин алдымда кайра полко барып дагы бир жылча армияда кызмат өтөө милдети тургандыктан,
аял алуу оюма да келген эмес. Бирок Рашиданы абдан жактыргандыктан чын эле армиядан кийин өзүмдөн улуу айылдаш балдар колукту алып барып жүрүшпөйбү.
Андан кийин дагы эки жыл окушум керек. Мейли Рашида айылда ата-энем менен болсо мен келип кетип турам да деген ойлор башымда алек саатта убап-чубап өтүп: -Ооба, мен сени өз жериме армияны бүтөөрүм менен ала кетем, -деп жооп күтүп турган Рашиданы кучактадым,
ал дагы мага ыктап жаштыктын жалындуу илеби экөөбүздү чулгап бири бирибизге берилип кеттик. Бир убакта колум Рашиданын көйнөгүнүн ичи менен өтүп, белине жеткенде Рашиданын оозунан чыккан ысык дем бетимди куйкалап: -Кош кабат болуп калбайымбы,
-дегенде мен эсиме келе калып адепсиздикке азгырылып баратканымды токтотуп, чалкамдан оодарылып кеттим. Себеби мен мурда кыз белгисинен ажырап келин болуп келгендер жөнүндө жаман атты кептерди көп уккам. Ошондуктан Рашиданы аяп аны үйүмө таза бойдон алып барууну чечтим. Мени ак көңүлдүгүм,
боорукердигим бул сапар да кармап калды. Рашида да эсин жыя калдыбы көйнөк башын күбүнүп ордунан тура калды. Экөөбүз ал жерден айылды көздөй таң атаарда гана жөнөдүк. Рашиданын үйүнө келгенде эртеңкиге чейин деп коштошуп өзүм талааны көздөй жөнөдүмАл күнү Рашида экөөбүз түбөлүккө коштошуп жаткандыгыбызды билген жок элек. Мен жатаканама жеткенде таң жаңыдан агара баштады. Катуу уктап кеткен экенмин Кылычбек жулкулдатып ойготуп:-Ой,
сени жанатан бери кыйкырсам ойгонбойсуң деги түрүүсүңбү,
- деди чакыраңдап мен уйкумдан көзүмдү араң ачып: -Эмне болуп кетти, дегенге араң жарадым Кылыч өзүнчө кобуранып, -Эмне болуп кетти дейт! Ой сени Сейит чакырып жатат бол батыраак,- деди да башка эч нерсе дебестен тышка чыгып кетти. Сейит чакырып жатат дегенден улам көзүм чайыттай ачылып, тура калып кийине баштадым. Тышка чыксам күн бир топ көтөрүлүп калган экен. Уктап калганыма абдан уялып башымды көтөрө албай аркы жакта берки үчөө менен сүйлөшүп турган Сейитке араң салам айттым бул менин биринчи жолу жумуштан кечигүүм эле Сейит мени күлө карап:-Ой Беке күндө эрте турчу элең бүгүн эмне болгонсуң,- дегенде берки балдар менден мурда: -Түнү бою кыздар менен жүргөн да,- дешти. Мен ого бетер уялгандан кызарып кеттим. Сейит уялтпайын дедиби сөздү башкага буруп: -Балдар силер бүгүн өзүңөрдүн полкуңарга кайра кетмей болдуңар. Командир полкуңардан кагаз келди, сөзсүз келишсин дептир,-дегенде бул күтүлбөгөн кабарды укканда баарыбыз оозубузду ачып карап калдык. Бул жерде жүргөнүбүз биз үчүн жакшы эле да Сейит бир тууган абамдай болуп калгандыктан бир арга таап алып калбайсызбы дегендей жал ооруп карадым. Сейитта менин көз карашымдан түшүндү окшойт,-Бекказы силердин кетип жатканыңарга менин да ичим ооруп жатыр, айла жок буйрук деген буйрук, силерди бүгүн калтырсам мени күнөөгө тартышат. Жолго даярданып машинага олтургула-деп түңүлтө айтып нары басып кетти. Мен эмне кыларымды билбей калдым, же тигил үчөөнү эрчип баса албай же Сейитке мен кетпей эле койоюнчу деп айта албай акыры эсимди жыйып армияда кызмат өтө мойнумдагы парыз экенин түшүнүп Сейитти күттүрбөс үчүн балдардын артынан жатаканага чуркадым. Биз машинага олтурарыбыз менен Сейит машинасын Лепси станциясын көздөй айдап жөнөдү. Мен терезеден уламдан улам алыстап бараткан айылды карап телмирип тиктеп тигилердин сөздөрүнө көңүл бурбай ойлонуп бараттым. Мен өзгөчө Рашиданын адресин албай калганыма абдан өкүнүп жаттым.Машина бат эле станцияга жетип келди. Станцияда атайын бизди күтүп тургансып поезд турган экен. Сейит балдар менен коштошуп, менин жаныма басып келип кучактап, эки бетимден өөп боорум сага үлкен рахмет. Эгер армияны бүткөндөн кийин келип иштейм десең сен үчүн орун даяр деди. Биз Сейит менен коштошуп поездге олтурарыбыз менен поезд гудогун кыйкыртып, менин кайгымды бөлүшкөнсүп оор үшкүрүп алгандай болуп гүш этип алды да быш-быш этип үн чыгарып ордунан жылар жылмаксан болуп акырын козголуп ал дагы кийинки станцияга жетүү керек экенин түшүндү окшойт уламдан –улам катуулай баштады. Сейиттин карааны алыстап кичирейип отуруп көрүнбөй калды. Поезд түз талааларды тепчип өткөн сайын талаалардын учу кыйры жоктой аягы көрүнбөй анда санда гана топтошкон төөлөр бирин экин үйлөр көрүнөт мен дагы эле терезеден көзүмдү албай көз алдыма кечээ эле чогуу жүргөн балдар, Рашида тартылып жатты.Турмуш ушунусу менен кызык көрүнбөйбү.
Адам баласын өз эркине койбой өзү каалагандай башкарат да турат. Эгер дайым эле адам баласы өзү ойлогондой боло берсе балким жашоо кызык болбой ойлоруна оңой эле жетип баары бир аткарылат деп бир нерсени алдыга максат кылбай, аракети жоголуп бардыгына кайдыгер карап манкурт болуп кетишет беле ким билет. Бирок адам баласы турмуштун да өз оюна коюп мен ага караганда алсызмын турмуш көрсөтөт деп жата бериши да туура эмес болсо керек. Ошондуктан адам үчүн аракет кылып турмуштун ченемине баш ийбей, керек болсо турмуш сени жетелеп алам деп аракеттенет.
Ошол үчүн турмуш менен адамдын ортосунда тирүүчүлүктө дайыма күрөш жүрүп бирде Адам жеңип бирде турмуш жеңип ит жыгылыш болуп кээ бир учурларда адамдын аң сезимине кайратына жараша Адам жеңсе кээде адамга ээ кылбай турмуш жеңет окшобойбу. Турмуш бул сапарда оюма койбой шылдыңдагандай болду. Шылдың эмей эмне Медеркан экөөбүздү дагы эки жака бөлүп кетти. Андан жаңыдан эле түңүлүп турмушка баш ийсем эми минтип Рашида менен жаңыдан таанышып үйгө ала кетсемби деп ниет кылсам мындан да бөлүп кетип олтурбайбы.
Жок дегенде кечээ бөлүккө бүгүн кетерибизди билгенде эмне Рашиданын, балдар кыздардын адрестерин алып, өзүмдүн адресимди аларга бербейт белем. Жок дегенде алардын фамиляларын сурап алганда эмне. «Эх турмуш сен ушинтип качанкыга чейин эле жазалай бересиң?»-жок дегенде кичине калыстык кылсаң болбойбу деп ага кайрылып, турмуш деген бул эмне адам баласынын жашоосунда бирге жүрчү нерсеби?- дайым жолто боло береби деп кайра ага баш ийгим келбей айламды таппай улутунуп алдым да көкүрөгүмдөгү бугумду чыгармакка чөнтөгүмдөгү блакнотумду алып «Турмуш деген эмне» деген ырды жаза баштадым.Турмуш сен тоодан аккан дайра белең,Бирде жай бирде ташка урат белең.Же адамга күн мурунтан ачылбаган,Табийгаттын жашыруун сыры белең.Адамдар жалпы тегиз жашабастан,
Бири жыргап, бирөөлөрү азап чеккен.Турмуш сен жашоо менен бирге болсоң,Бу сенин калыстыгың кайда кеткен.Турмуш деп сен жөнүндө ойлономун,Жөн эле айтылуучу сөз болбогун.Кээде мен өзүмө өзүм суроо берем,Чынында эле турмуш өзү эмне деген.Мен ырды жазып бүтүп, берки үч жолдошумду карасам, эч нерседен бейкапар жүргүнчүлөр менен сүйлөшүп жатышат. Биз Актогай станциясына түш оой жеттик. Ал жерден жолдон тамак ичип алгыла деп Сейит берген акчага тамак ичип алып, гарнизонду карай жөнөдүк.Гарнизон станциядан анча алыс болбогондуктан,
жөө баскан киши бир саатка жетпей жетип барчу. Гарнизондун территориясына кирерибиз менен тааныгандар жолугуп алар менен учурашып жаттык. Казармага келип командир батальонго командировкадан келгендиктерибиз жөнүндө рапорт бердик. Колхоздон ала келген документтерибизди тапшырсак, командир батальон биздин келгенибиз туурасында полктун командирине телефон аркылуу кабарлады. Командир батальон бизге Орто Азия округу боюнча чоң учения болгону жаткандыгын,
ошол үчүн бизди тезинен чакырткандыктарын айтты. Мен командир батальондон чыгаарым менен Качкынга жолуктум. Ал алыстан эле эки колун жайып -«ой земляк мы стобой окола лет не виделись» деп келип кучактап калды.Экөөбүз кучакташып көрүшкөндөн кийин деги кайда эле жүрөсүң дегенде командировкада жүргөнүмдү кыскача айтып бердим. Качкын дагы болгон жаңылыктарды айтып берди. Мен командировкада жүргөндө да бул жерде бир топ жаңылыктар болуптур. Бөлүккө молодойлор келип, менин призывымдагылар старик болушуп, стариктер дед, дедтер дембилге кетишиптир.
Качкындардын сегизинчи ротасына Түп районунун БЧК айылынан Бейшен деген бала учебкадан келиптир, аны менен учурашайын десем караулга кетиптир. Качкын старик болуп кызматты жеңилдей түшкөнү көрүнүп турду. Ал өзүн эркин сезип, өтүгүнө така урдуруп, гармошкалап,
төшүндөгү топчуларын толук топчулабай,
илгичин бош кое берип, көңүлү куунак эле. Экөөбүз сүйлөшүп турсак, менин тогузунчу ротам да келип калышты. Алар да өзгөрө түшүптүр. Баардыгы жакшы маанайда учурашышты.
Өзгөчө өзүмдүн призывымдагы жүдөп жүргөн молодойлор эми бою баштарын түзөнүп өзүлөрүн эркин сезишип, оңолуп калышыптыр.
Жаңы келгендер өзүнчө бөлүнүп булар кандай стариктер болушту экен дешкендей даап жаныбызга келе алышпай үрпөңдөп турушту.Ротабыздын командири капитан Хахлов башка жакка которулуп кетип, ордуна жаңы командир болуп капитан Егоров келиптир.Мен командировкада жүргөндө мага ондон ашык кат келген экен, аларды беришти. Каттар үйдөн, ага-тууган, теңтуш балдардан келиптир. Каттарды окуп ротадагылар менен аркы беркилерди сүйлөшкүчө күн кечкирип кечки тамактын убагы болуп калды. Ротам менен ашканага барып тамак ичип келдим. Мурдагыдай алдыга тизилбестен ортого тизилип, ашканадан стариктер отурчу орунга отурдум. Кайра казармага келгенде да мага эч ким тийишпей бош убактымды өзүм каалагандай пайдаландым.
Качкындын ротасына келген жердешим менен тааныштым. Экинчи батальонго барып Нурмат менен учурашып келдим. Жердешим Бейшен арыкчырай, орто бойлуу, ак куба келген мүнөзү токтоо жигит экен. Аны менен бир топ сүйлөшүп отурдум. Жатууга команда берилгенде шашпай чечинип алдыңкы кроватка жаттым. Службанын командировкага чейинкиге караганда абдан эле жеңилдеп калганын сездим. Ошентип кайрадан армиядагы жашоого аралашып кеттим
#32 23 August 2015 - 15:16
Ал кезде Сагаалы үй-бүлөөсү менен колхоздун коюн багып «Ат жайлоо» деген жайлоого көчүп барганына аз эле убакыт болгон. Сагаалынын быйыл чабыр койду көлдүн жээгине бакпай калган себеби колхоз айылдын көл жак четиндеги сарайга мал дарылоочу пункт уюштуруп, өтө оорусу катураак чабыр койлорду ошол жерге багып, дарылаш үчүн алып калышып, тыңыраактары менен Сагаалыны жайлоого чыгарышкан.
Бул жерге жаан көп жаап, айылга каттаганга алыстыгы болбосо, малга жайлуу болуп, дени сак мал бат эле тирденип оңолуп кетээр эле. Булут пайда болсо түз эле бул жерге келип, алай дүлөй түшүрүп, күн шатыратып, көнөктөп суу куйгандай катуу жаап жылгалардан сел жүрүп, боордогу таштар кулап, бир жагынан чагылган чартылдап, күн күркүрөп күлакты тундуруп, кудай бетин көрсөтпө жаңы көргөн кишиге доор кыямат болуп, келаткандай сезилчү. Айылдан алыс демекчи, айылдан ат менен чыккан киши бул жерге алты жети саат жол жүрүп, араң жетүүчү.Бул жайлоого Сагаалы менен Жүзүй, кичүү кызы Света, багып алган уулу Рыспек, алардан тышкары экинчи кызы Веранын кичүү кайниси Ырыс болуп көчүп келишкен. Ырыс малды жакшы көргөндүктөн окууга качып барбай коюп, Сагаалыныкына качып кеткенде атасы Качы далай жолу кууп келип кайра үйүнө алып кетер эле. Эчен жолу Сагаалы кудасына айтып, Ырыс качып келсе кууп жиберсең дечү. Бирок Сагаалынын мүнөзү жоош болгондуктан балага катуу айта албай Ырыс келгенде ээ Ырыс үйдөн сурандыңбы эгер качып келсең куда экөөбүздү тең сабап жүрбөсүн десе Ырыс ооба суранып келдим деп калп айтып койчу. Сагаалы бир чети анын көңүлүнө караса бир чети кол арага жараганына карап тим койчу. Ырыс кичү кызы Света менен тең болчу, быйыл бешинчи классты бүткөн атасы Качы жедеп тажаганда тим койгон. Уулу Конокказы армиядан келгени Сагаалынын колу узарып калды. Конокказы кышкысын малын тейлеп, жазгысын огорот – жайын карап, андан тышкары айылдагы темир-тезек магазинде иштеп, быйыл чоң окууга тапшырам деп камынып жаткан кыздары Жамал менен Вера өз күндөрүн өзүлөрү көрүп жүрүшкөн. Жамал быйыл жазында дагы бир уулду болуп атын Алтынбек коюшту. Ал бала басты болуп кайнэнеси кайтыш болгону эки жакка көп чыга албай былтыркы күздөн бери ата-энесине бир туугандарына учураша элек. Анын үстүнө жалгыз бой болуп каралашкан жакын тууганы жок жашай аялмет болуп калышты. Бекболоттун иниси Темирболот иштейм деген боюнча кайрылып келген эмес. Күйөөсү Бекболот жоош болгондуктан колхоздун жумушунан келгенден кийин Жамал айтып муну жаса тигини жаса демейин эч нерсе менен иши жок жата берчү. Оор түйшүк Жамалдын өзүндө болчу. Эл катары жашайлы деп жан талашып эски эки бөлмөнү үйүнүн жанына беш бөлмөлүү чоң үй салып жатышкан. Жамал күйүгүп бышып кара жанын карч уруп күйөсүнүн ордуна курулуш материалдарына усталарга сүйлөшүп өтө эле жанын сабап жиберчү болду. Жамалдын антип жатканын уккан ата- энесинин сай сөөгү сыздап, Жамалынын мындай аквалга туш келгенине өзүлөрүн күнөөлү сезип калар эле. Алар бат – батан кыздарын Аралга жиберип Жамалдан кабар алып турушчу. Экинчи кызы Вера айылда дүкөн кармап, Турусбек колхоздо машина айдап, кээде башкарма Абылайды ташып калчу. Алар да айылдын четине үй салып өзүнчө бөлүнөбүз деп жатышкан. Бир уулду болушуп, аттын Руслан коюшкан. Түтүнү бөлөктун түйшүгү бөлөк дегендей өздөрүнчө оокат кылып, кээде гана Сагаалынын оор түлүк жумуштарына жардам беришчү. Алар өз оокаттарына тың болуп жакшы жашап жатышкан. Бекказыдан кийинки эгиз кыздары быйыл онду бүтүшүп окууга тапшырышмак.
Жаңыл да быйыл сегизинчи классты бүтүп, экзамен тапшыргандыктан тоого келе албай калган. Ошентип Сагаалынын үй–бүлөөсү бөлүндү болуп, ар кимиси турмуш–шартка байланыштуу оокат жасап, жашоо кечирип жатышкан.Сагаалы эртең мененки тамагын ичип алып күндөгү калыбы менен Куркугун токунуп алып, койлорун жайып үйүнөн чыгып кетти. Жүзүмкан, Ырыс, Ырысбек үчөө чатырда калышты. Алар да күндөгү жумуштарын жасашмак. Алар уй саап сүт жылытып, каймак тартып уйларды жайытка айдап чыгарып коюп тезек терип, отун суу камдап, үй оокаттары менен алек болгуча түш болуп Ырыс Сагаалыны түшкү тамакка жиберүү үчүн Бопойторуну минип койго кетсе Жүзүй менен Ырысбек чайларын кайнатып Сагаалыны күтүшөт. Сагаалы тамактан кийин Ырысты жиберип, өзү койго кетип, Жүзүй үй оокаты менен илешип күн кечкиртишмек.
Кечинде кой короого келгенде баарылап койлорду санап, малдарын тейлеп уйларын саап кечки тамактарын ичип уктаганы жатышат.Күндө жасаган жумуштары негизинен ушулар эле. Бул эреже күн жаагандай эле өзгөрбөсө өзгөрчү эмес. Сагаалы койлорун жайып коюп кыялап белге чыгып асман ачык болуп күн жылуу болгондуктан,
куркукту отко коюп кыр менен басып жөнөдү кыр канча бийик болсо да тегереги бийик аска-зоо болгондуктан айлана- тегерек көрүнчү эмес. Ал дайым кой кайтарып чыкканда койлорунун алдын тосуп айлана-тегерекке көз чаптырып ар кандай кыйалдарга батып ойлонгонду жакшы көргөндүктөн тоонун чокусуна чыгып отургандлы жакшы көрчү. Бирок бул жерде Сагалынын мүмкүнчүлүгү жок эле.Кырдан жүрүп отуруп бир топ бийиктегенден кийин майда шагыл таштарга андан кийин чоң таштарга туш келип таштан ташка секирип отуруп жарга кептелип өйдө чыга албай калганда гана, чоң таштын үстүнө чоң талпагып жайа отура кетти. Анын оюндагыдай болсо аска-зоонун чокусуна чыгып, көзү жеткен жердин баарын карап отурмак. Сагаалы отурган жерден күн ччыгыш жагынан ат жайлоонун ичи бүт көрүнүп анын ары жагын аска зоолор калкалап ортосундагы кычыктан тик коммунизм деген ал тегеректеги чокулардын бийик чокусу үзүнүн ылдыйкы карагай баскан тоолору менен көрүнүп турду. Сагаалынын оюна ушул бийик чокунун үстүнө чыгып тегерете айлана–чүйрөнү карасам кандай сонун болоор эле деген ой кетти. Андан бери чоң жуукунун ичи «Жууку» суусу анын берки бетинде «Кашкасуу» аларды тоолор тосуп калгандыктан көрүнгөн жок. Мурда уккандарына караганда «Кашкасуудан» ат менен ашууга болот дешкендерин уккан, бирок өзү аша элек болчу. Ал жерлер чытырман токой, шагыл таштуу болуп жарлуу чап болгондуктан ат менен кантип ашууга болоруна таң калып койду. Балким атты жетелеп чыкчу жери болсо керек деп ойлоп койду. Берки «Ат жайлоонун» ичи тегерете аска-зоо болуп зоолордун этегиндеги жапжашыл жайык жердин чок ортосунда өзүнүн чатыры тигилген жанында аска зоолордогу таштардын коргулунан чыккан мөлтүр суу аккан кичинекей арык бар эле, чакага суу жакшы сузулбагандыктан кудук казып коюшкан, мал жандын бары ошол арыктан суу ичишчү. Чатыры короосу менен алаканга салгандай көрүнүп турду. Ары жагында өзүнүн төрт уйу Бопойторусу оттоп жүрсө, бери жагында музоолору аркандалып турган. Ырыс менен Ырысбек, Светалар тышта ойноп жүрүшөт. Жүзүй чатырга кирип чыгып оокаты менен алектенип жүрдү. Андан берки түшө калыштагы боордо койлор жайылып келе жатты. Аларды көрүп Сагаалы ушундай мал жанга ылайыктуу аска-зоолордун арасындагы жерлерди ким качан кантип тапты болду экен деп өткөн ата-бабаларга ыраазы болду. Ал жерден түндүк түштүк жагын аска–зоолор тосуп калып эч нерсе көрүнбөгөндүктөн чыгыш жагына бурулду, тээ алыста Ысык-Көл өйүз-бүйүзү менен мелтиреп жатат. Ысык-Көлдүн күн чыгыш жагын бийик аска тосуп калгандыктан Кызыл-Суунун тушунан баштап көрүнгөн жок. Калган жагынан тескейинин Тосор айылынын ары жагы көрүнбөй тоолор тосуп калганы болбосо, көз жеткен жерлердин баары көрүнүп турду. Ыссык-Көлдүн күнгөй тарабындагы аска-зоолордун учтарында дагы эле карлар эрибей арстандын аппак азууларындай аркайып катар катар тизилип жатты. Бери жагындагы карагайлуу тоолор айылдар кара көк тартып көзгө дана көрүнүп турду күнгөй тескей тоолорунун ортосунда ар түркүн түскө кубулуп Ысык-Көл чалкып жатат. Ушундай көз алдына тартылган жаратылыштын керемет кооздугуна Сагаалынын бир жагынан көңүлү көтөрүлсө, бир жагынан өткөн кеткендерине сары эсеп салууга мажбурлагансып,
ар кандай ойлор биринин артынан бири келип, азгырылып бүтпөгөн ой тоолорго азгырылып аралашып бара жатты.Тигинде көлдүн бери жагында сарайда былтыр ушул убакта жээкте кой багып жүргөн элем. Быйыл минтип аска зоолордун арасына келип калдым, дагы алдыда эмнелер күтүп турат болду экен. Бул адам баласы жашоо турмушун алдын ала билбегенин карачы, жашоо ушунусу менен кызык белем тигинде ата-бабалардын коргону. Кайран гана кишилер убагында өлбөчүдөй болуп бирине бири жаман-жакшы көрүнүшүп көр тирлик үчүн эмнеге гана барышпаган чыгаар, алар да балдарымды чоңойтом дешип кара жандарын карч урушса керек. Эми минтип укум тукумдары бири–бирин көрө алышпай бирине-бири душман болуп, ар кимиси кайдыгер кишилердей болуп өз турмуштары менен алек болуп кетишерин алар деле ал убакта кайдан билишти дейсиң. Бу адам баласы ар кимиси өз балдары үчүн кам көрүп ал балдары чоңойуп балалуу болуп тукум улап улам убакыт өткөн сайын алар көбөйүп айыл болуп, айылдан район, райондон бир аймакка чейин көбөйүп жүрүп олтуруп өзүнчө мамлекет болуп кетет окшобойбу. Ошол эле кишинин тукумдары башында бир ата, бир энеден төрөлгөнүн билишпей душмандык кылып кол салгандан кайра тартышпай, чоң согуш чыгарышып кырылганга чейин барышкандыгын карабайсыңбы.
Ошол үчүн кудайым адам баласына ишене бербей пенделерим пенделик кылыптыр деп анча мынча күнөөлөрүнө кечиримдүүлүк кылса керек. Эң башкы ата-бабаларыбыз Ата Түрктү албаганда эле андан берки сегиз жүз жылча мурда өткөн Долон бий атабызды алсак анын укум-тукумдары өзүнчө мамлекетти түзүп отурбайбы. Аларды коюп кечеки эле Туума атадан бүт Дархан айылы пайда болуп анын тукумдары бири-бирине үстөмдүк кылып биринин эсебинен бири күн көрүп, биринин ырыскысына бири кол салып жатпайбы. Андан дагы берилесем, Карга ата мындан жүз элүү жети жыл мурда көзү өткөн экен анын эркек тукумдары азыр эки жүз түтүндөн ашып отурат. Атабыздын он уулу болуп алар эки аялынан төрөлүшкөн экен: биринчи аялынан Чотон, Адыл, Кожотай, Шанияз, Жаныбек; экинчи аялы Асыл энебизден Чекир, Чоңмурун, Дөөрүк, Бозкозу, Телкозу. Биринчи аялынан төрөлгөн балдарынын укум-тукумдары өсүп, ар бир уулунун түтүндөрү көп болгондуктан алар беш ондукка бөлүнүп кетишкен. Экинчи аялы Асыл энеден төрөлгөн беш уулунун тукумдары аз болгондуктан ушул күнгө чейин бир ондуктан ашпай, беш уулунун балдары бир ондук болуп төрт беш ата өтүшкөн тууган болсок да жаманчылык-
жакшылыкта чогуу болуп келе жатабыз. Чекир деген уулунун тукумунан Ыйманкожо, Сыдыкбек, Токторбай, Эсенбек; Чоңмурундан Турганбай, Муканбет, Жамыш, Сагаалы, Садырбай; Дөөрүктөн Айдаркан; Телкозудан Акынбайдын жээн небереси Эсентур; калган бирөөнөн Бозкозудан тукум жок. Ошентип Карганын экинчи аялынан болгону баарын кошкондо ушул кезде он түтүн тууганбыз. Ыйманкожонун эки эркек, төрт кызы бар. Эркегинин улуусу Мустафа. Ал үйлөнө элек Фрунзеде чоң окууда окуп жүрөт, кичүү улуу Тоонай он-онбирге чыгып калды. Сыдыкбектин эркеги кичинесинде чарчап калып эркек тукуму жок, бир кызы бар эле. Ал Барскоонго күйөөгө кеткен, азыр ошол кызынын кыздарын багып жүрөт. Өзүнүн көзү өткөн, азар кемпири бар. Токторбайдан беш эркек, төрт кыз. Балдары жаш, энеси Кымкатай жеңемдин көзү тирүү, атасынын көзү өтүп кеткен, өзү айылдык кенештин катчысы болуп иштеп жүрөт. Улуу уулу Кубат он үч-он төрткө чыгып калды, андан кийинкилери Максат, Муктар. Мирбек, Нурбек алар жаш, алды мектепте окуп, арты быйыл жаңы эле төрөлдү. Эсенбектен беш эркек, беш кыз. Эркегинин улуусу Айтбек, ал дагы он үч-он төрттөрдө, калгандары Адылбек, Кубат, Акыл, Бакыт Токторбайдын балдарындай жаш. Муканбеттин жалгыз уулу Асанкадыр, андан Аскер, Гүлай деген бир уул, бир кызы бар. Аскер армияда. Турганбайдын үч кыз, бир уулу бар. Улуу кызы Саалай Дарканга турмушка чыккан, бир кызы Барскоондо,
бирөө Актеректе, уулу Табылдыдан эки эркек Алмаз, Камчы алар кичине окууга бара элек. Жамыштан алты кыз, үч эркек, эркегинин улуусу Тилекмат быйыл тогузга чыкты, ортончусу Таалай жети жашта, кичүүсү Бакыт бир жашта. Садырбайдан беш кыз, Үч эркек. Эркегинин улуусу быйыл онго чыкты, ортончусу Жолдошбек экиге чыкты, кичүүсү Каныбек быйыл жаңы төрөлдү. Айдаркандан беш эркек, үч кыз. Эркегинин улуусу Желденбай он үч, он төрттөрдө, андан кийинкилери Кубат он экилерде, Болот ондо, Жуку, Мурат кичинекей. Эсентур Акынбайдын небереси. Акынбай Телкозунун баласы, көзү өтүп кеткен. Эсентур төрткө чыгып калды. Чоң энеси Зууранын колунда. Ошентип бала-бакыраларын кошкондо да саналуу эле туугандарыбыз бар. Туугандардан баш көтөрүп кызмат иштегендери Садырбай менен Токторбай алар деле жашаялмет болуп, туугандарга жардамдары тийе албай жүрүшөт. Анын үстүнө ар кайсы атадан куралгандыктанбы туугандарыбыздын бири-бири менен ынтымактары жок. Чогулган жерден эле ит арка болуп өтөмөнчө ичкилик ичип алышкандан кийин, биринин сөзүн бири укпайт же сакалдуу өңдөнүшүп Муканбет менен Ыйманкожо баш тоголотуп, ыймандыкка чакыруунун ордуна Чоңмурун уулу, Чекир уулу дешип, өзүлөрү экиге бөлүнүшөт.Туугандардын баарын айтпай эле койойун өзүмдүн бир туугандарым Жамыш, Садырбай үчөөбүздүн деле ынтымагыбыз жок. Бири-бирибизди көрө албай душмандарча касташып келебиз. Жамыш адегенде удаа беш кыздуу болуп, уулду болгуча сенин балдарың Гагарин болуп асманга учабы деп Конокказы менен Бекказыны балдар менен ойноп жаткан жеринен жөндөн жөн эле үйгө чейин кууп келип сабап, мага жулунган күндөрү болгон. Аягында деги ушунун сөзүнөн кутулайынчы деп кудайга зар какшап ыйлап, кудай ушуларга көз арттырбай эркек тукумду берсең тең бере көр деп сурандым эле. Кудайым зарымды уктубу экөө тең үчтөн уулду болуп отурат. Кудайым берерин унутпаса мен дагы бир уулду болуп калармын. Садырбай үйлөнөөрдө Жамышка сен эмне кошумча кошосуң десем мен эч нерсе бере албайм сен сары тонуңду бересиңби, кантип үйлөндүргөнү жатасың деп койгондон кийин андан түңүлүп эч нерсе сурабай калганмын. Садырбайды окутуп, чокутуп үйлөндүргөндөн кийин чоңдор айылдан жумуш бербей коюшканда райкомдун биринчи секретары Садырбекке өзүм барып сүйлөшүп, жумушка орноштуруп улуу уулу Айтбек төрөлгөндө жетине албай тоюн мен берем деп жылкы союп телинсем да кийин мени менен огород талашып ата конушун мен ээлемекчимин деп айылдын четиндеги бактан жер берсе да, болбой огороддун башын кестирип алып отуруп алды. Эгер үйү жарылып кетип ураганы калбаганда мени көчүрүп жиберет беле ким билет. Эми өзүмдүн уулдарым биздей болушпаса болду.Конокказы,
атам айткандай чөптөн башкага зыяны жок жоош болуп чоңойуп келе жатат. Ал мугалимдикин окуйм дейт. Өз оокатына тың болуп үй-бүлөө күтүп, бала-чакалуу болуп оокат кылып кетсе эле болду. Атам айткандай Бекказыдан бир нерсе чыгабы деп калам, баскан тургандары тың, намыскөй, аккөңүл, эң эле күйүкчөөл, «болоор уул богунан» дегендей өтө эле чынчыл, туура эмес нерсени бетке айтат, кара өзгөйлүктү жаман көрөт күчтүүлөрдөн кагуу жеп калабы деп корком же колдогон ага тууганы болбосо же менин билимим, мансабым болбосо кийин окуусун бүтүп, колхозго келсе, колхоздун чоңдору жаман аттылап баламды араларына кошпой, жумуш беришпей кодулашат го, «чындыктын тузу ачуу» дегендей жеп ичкендерин,
туура эмес жактарын бетке айтам деп азылуу камандарга чалдырып албаса эле болгону. Кудайым оңдой берди кылып ата-бабаларынын арбактары колдоп жаманчылыктарын көрсөтүшпөсө эле болгону, балдарым өмүрлүү бактылуу болсо экен, аман жүрүшсө эле мени баканы. Кыз бала чоңойгондо эле бирөөнүн бүлөөсү болуп төркүнгө конок болуп калышат тура. Алар барган жеринен бактылуу болушуп, тилеген тилектерине жетишип, баягынын кыздары дедиришсе болгону, укум-тукумум өсүп ошолордун чайын ичип, Жүзүй экөөбүз терең карылыкка жетип бактылуу таалайлуу абышка-кемпирлерден болсок экен. Менин көзүм өткөндөн кийин балдарым Урдөөлөттүн балдарындай ынтымактуу болушса гана. Токтосун менен Токтокожо азыркыга чейин экөөнүн үйү эки башка болсо да, экөөнүн эки үйдүн ортосундагы бир дарбазадан кирип чыгып бир дасторкондон тамак ичишет. Огороддорун да экиге бөлбөй түшүмдөрүн бир пайдаланышып,
малдарын дагы чогуу кармашат экен. Тапкан ташынгандарын бир жерге топтошуп, сеники, меники жок, ушу күнгө чейин бир үйдөгүдөй. Токтосун менден төрт жаш, Токтокожо сегиз жаш кичүү кимисинин баласы ким экендиги билинбей эки үйдүн балдары Токтосунду ата дешсе аялын эне дешип кимдин баласысың деп сураган кишиге баары Урдөөлөттүн деп жооп беришет. Мына бир тууган деп ушуларды айт. Кийин бир топ жыл өткөндөн кийин укум-тукумдарым Жаныбектин тукумдарындай болсо. Жаныбек Карга атанын бир уулу, анын тукумдары азыркы кезде отуз-кырк түтүн. Эми булардын ынтымагын айтсаң сөз кылаарлык, аккан арыктан суу агат дегендей Асанаалынын баласы Үсөнбек эстүү чыгып туугандарынын баары анын сөзүнөн чыгышпайт, жаманчылык-
жакшылыкта чук турушуп бир кишидей кызмат кылышат, кичине эле бир нерсе болсо Үсөнбеккке чуркап барып кеңешишет. Ал кандай айтса иштин баары ошондой чечилет. Мына уруу деп ушуну айт, мындай ынтымактуу тукумдардын ата-бабалары да көрүндө тынч жатышса керек. Ошон үчүн жамандар менен жакшылар аралаш болгондуктан дүйнө оодарылып кетпей тең салмакта турса керек. Ата бабаларынын коргонун көргөндө Сагаалы ушуларды ойлогон эле.
#33 23 August 2015 - 15:17
Андан бери көз жүгүртсө айылдын көл жак чети кана көрүндү. Себеби айылдын берки четин боз адырлуу майда тоолор тосуп калган эле. Сагаалы айылды карап туруп азыр жумуш күчөп, бир жагынан талаадагы өсүмдүктөр сугарылып жатса, бир жагынан аялдар менен бала-бакыра өсүмдүк отошуп, бир жагынан чөптүн биринчи чабыгы башталып, карапайым эл таң күнү талаада жүрүшсө колхоздун чоңдору жумушту уюштурумуш болуп кандай жеп ичиштин айла-амалдарын издеп жүрүшсө керек деп ойлоду.Ооба ошол учурда айылда Сагаалы ойлогондой болуп жаткан. Ал кезде Коммунистик партиянын генеральный секретары Леонид Ильич Брежневдин жетекчилиги астында СССРдин курамында он беш союздук республика күчтүү бир чоң мамлекетке биригип, анын борбору Москва шаарында Кремлде Коммунистик партиянын Саясий бюросунун мүчөлөрүнүн чечимдеринин турмушка ашырууга жогорку уюшкандыкта жапа тырмак бир үй-бүлөөдөй болуп иштеп жатышкан Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөлөрү жыйырма чакты кишиден туруп, алардын башында Компартиянын БКнын генералдык секретары башчылык кылып баардык чечимдер ошолор аркылуу чыгарылып турчу. Компартиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөлүгүнө баардык эле республикалардын жетекчилери же болбосо Компартиянын биринчи секретарлары мүчө боло алышчу эмес. Мисалы Орто Азия республикаларынын ичинен Казакстандын Компартиясынын биринчи секретары Кунаев, Өзбекстандын Компартиясынын биринчи секретары Рашидовдор эле Саясий бюронун мүчөлөрү болчу. Биздин Кыргызстандын Компартиясынын биринчи секретары ошол кезде Турдакун Усубалиев болчу. Ал киши Москвадакылар менен кеңешмейинче орчунду эч нерсе чече алчу эмес. Бүт СССР боюнча мамлекеттин ички-тышкы саясаты адегенде Саясий бюродо каралып, андан кийин баардык маселелер компартиянын чечиминин негизинде коюлуучу. Сьездин чечимдери жалпы мамлекеттин эли тарабынан эч кыйшайуусуз аткарылып турган учуру болгондуктан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар бир түрү боюнча план салынчу. Ошондой эле мал чарбасы боюнча төрт түлүк малдын төлүнөн баштап алардан алынуучу жүн, сүт, этине чейин план салынып, милдеттүү түрдө аткарылуучу,
сугатчылар бир тамчы суу текке кетпесин деген ураандын алдында иштеп жатышса, өсүмдүктө иштегендер карысынан жашына чейин планды жүз проценттен жүз элүү процентке чейин аткарабыз деп жан талашып калган. Башка тармактагылар да планды канча көп аткарсак ошончо акыбетибиз кайтат дешип эмгектенип жатышкан. Ошол эле учурда ушундай чоң өнөктүктүн шарданы менен колхоздун чоңдору уюштурумуш болуп өз билгендерин жасап жатышкан.Эртең менен эрте Абылай адаттагыдай эле эрте туруп, жуунуп таранып эртең мененки тамагын ичип алып конторго барды. Конторго барса колхоздун активдери эбак чогулуп күтүп турушкан экен. Алардын айткан саламдарына баш ийкеп кабагын бүркөп сыртын салып Алик алган болуп кабылдамага кирсе катчысы Күзүйпа алдынан чыгып учурашты. Ал мурда мындай эрте келчү эмес эле бүгүн эрте келгенине кубандыбы, же Күзүйпанын татынакай келбетине жүрөгү жибип кеттиби өңүнө жылмайуу пайда болуп кабагы жаңы чыккан күндөй жарк дей түшүп, мүнөзү жумшарып сылык сыпа мээримдүүлүк менен кабинетине кирди. Абылай кабинетине кирип кеткенден кийин кабылдамага активдер кире башташты. Алар даап кире алышпай Күзүйпадан «башкарманын кабагы кандай экен» дешип сурап жатышты. Күзүйпа да бирине оң жооп берсе бирөөнү теңине албай бой көтөрүп чүйрүйүп тескери карап басып кетип жатты. Ал кезде Күзүйпа көргөндүн көзүнүн жоосун алган татынакай жаш келин болчу. Мындан Абылайдын кабинетине баягы эле жоро жолдоштору эч тоскоолдуксуз түз кирип жатышты. Алар өзүлөрүнчө бир топ кеңешип алышкандан кийин парторук баштаган башка адистер алардын артынан кызматына жараша калган колхоздун активдери кире башташты. Колхоздун парторугу Бугубай жашы элүүлөргө барып калган узун бойлуу, толмочунан келген, ак куба, мүнөзү токтоо көрүнгөнү менен ачык айрым, ак көңүл, салабаттту жакшы киши болчу. Ал Аңөстөн айылынан көчүп келип илгерки Байгазы болуштан калган колхозго тиешелүү үйдө үй-бүлөөсү менен туруучу. Колхозду жетектөө башкарманын колунда болгону менен айылдагы уюмдарды жетектөө партиялык уюмдун секретары же кыскартып айтканда парторуктун колунда эле. Айылда профсоюздардын уюму, комсомолдордун уюму, элдик текшерүү уюму, аялдар уюму, Аксакалдар кеңеши сыяктуу уюмдар менен иш алып барып партиянын саясатынын аткарылышына көзөмөлдүк кылуучу. Керек болсо саясат жактан алганда парторктун кызматы башкарманын кызматы менен бирдей деңгээлде эле. Бугубай түз сүйлөп, түз жүргөн адам болгондуктан элге кадыр баркы чоң болуп, кээ бир учурларда калыстыгын айтам деп Абылайга жаман көрүнүп калуучу. Бирок Абылай ичинен жаман көргөнү менен Бугубайдын элге кадыр баркы чоң болгондуктан анын үстүнө мүнөзү жоош киши болуп ачык каршы чыкпагандыктан тим койчу. Бугубай да өз ишин так алып барып башкарманын кемчилигин көрсө да, көрмөксөнгө салууга аргасыз болуучу, себеби Абылайдын досу Кошоев Жогорку Кеңештин төрагасы болсо, Дүйшеев обкомдун секретары болсо, жердеши Абдрахманов райкомдо иштесе анан кантип теңтайлашып чындыкты бетке айта алмак. Абылайдын кабинетине Бугубай баштаган колхоздун активдери кире баштаганда Абылай жоро жолдоштору менен бир нерселер жөнүндө сүйлөшүп күлүп отурушкан эле тигилерди көрүп, өзүнүн столунун жанындагы жоро жолдоштору отурган столдун башынан орун көрсөтүп: -Буке келиңиз,- деди калгандары бирден чубап кирип кабинет кенен болгондуктан,
кыдырата тизилип коюлган столдорго өзүлөрүнүн баскан дабышынан өзүлөрү корккондой бүжүрөп отура башташты. Кабинетке баш аягы кырк элүүдөй киши кирип отурушканы менен чымын учса угулгандай болуп кабинеттин ичи тыптынч болуп турду. Абылай столдун үстүндөгү ар түрлүү кагаздарды окуп отуруп бир убакта жаңы эсине келе калган кишидей болуп башын өйдө көтөрүп баарын көзүнүн огу менен атып жиберчүдөй болуп желкеге карады да кыдырата стулда отурган активдердин ар бирин тургузуп, кечээки күндүн аткарылган иштери туурасында сурай баштады. Күнөө кетиргендер ордуларынан турушкандай эле бүткөн бойлору калчылдап, титиреп, кекечтенип сүйлөй албай жатышты. Абылай аларды улуу кичүүсүнө, аял-эркегине карабай оозго алгыс сөздөр менен сөгүп сөз таба албай калганда каргап шилеп беркилер коркуп калчылдап жатса тиги өзүн токтото албай калганда калчылдап жатты. Ошентип баарынан отчет алып бүткөндөн кийин өзүнүн эси ооп калды көрүнөт үнүн акырын чыгарып:-Жакшы иштейсиңерби жокпу,-деди кабинеттин ичиндегилер үн сөз жок дагы эле тымтырс. Абылай кагазга бир нерселерди жазып бүтүп тигилерди караса дагы эле унчуккан киши жок. Кыжыры кайнап кетти көрүнөт,-акмактар тилден калып калдыңарбы.
Эмне унчукпайсыңар же мени шылдың кылып өкүрүп бакыра берсин, биз өз билгенибизди жасайбыз деп жатасыңарбы ыя!- деп баарын сабап жиберчүдөй болуп кыйкырып тура калганда Бугубай акырын ордунан туруп: -Абылай Сатылганович мына бул кызматкерлер өзүлөрүнүн кемчиликтерин моюндарына алышып, унчугушпай отурушпайбы,
эми кетирген кемчиликтеринен туура жыйынтык чыгарышат, деген ойдомун,- дегенде Абылай үшкүрүнүп алып ордуна отуруп: -Бара бергиле,- деп,- силерге айткан кайран сөз -дегендей колун шилтеп койду.Кабинетте араң тургандар кандай киришсе ошондой аяк чыга башташты, аягында парторк Бугубай чыккандан кийин баягы эле жоро-жолдоштору менен Абылай кабинетте калды. Арадан көп өтпөй эле кабинеттен кажы-кужу үндөр чыгып Абылайдын каткырып күлгөндөрү угулду. Тышка чыгышкан колхоздун активдери болсо тил укпагандары,
тил уккандарын тамашалап сени кандай тилдеди деп күлүшсө, тил уккандарынын кабагы бүркөлүп ал кантужин бүгүн мени сөксө эртең сени сөгөт деп ар кимиси ар кайсы жакка тарап кетип жатышты. Абылай жоро-жолдоштору менен кеңешип бүтүп аларды чыгарып жибергенден кийин Күзүйпадан Бугубайды чакыртты. Бугубай киргенде Абылай жалгыз отурган эле:-Келиңиз Буке,-деп ордунан тура калып жанынан орун көрсөтүп:-«ээ,
Буке бул акмактарга акырын айткан менен түшүнүшчүдөй эмес, өзүңүз көрүп жатпайсызбы,
ишти теңирден тескери жасашат, «эшекти отко айдаса бокко качат дегендей болуп», Кичине катуураак кетсем кечирип коюңуз»-деди актангандай болуп. Бугубай сеники туура деп да туура эмес деп да айтпастан жөн гана: -Иш учурунда боло берет да,-деп койду. Бугубайдын сын айтпаганына Абылайдын көңүлү жайдары боло түшүп; -Буке, сизди чакыртканым себебим шоферум Зарылбекти чукулунан маанилүү бир иш чыгып калып ошол жерге жиберип жөө калдым, эгер машинаңыз бош болсо бүгүнчө берип турасызбы дейин дедим эле,- дегенде, Бугубай өзүнө таандык токтоо мүнөзү менен: -Алсаң алып тур, бирок, колхоздо башка машиналар толуп жатпайбы,- деди жактырбагандай.
Абылай: -Туура айтасың Буке колхоздо машина көп деңизчи, бирок азыркы заманда «бир көз бир көзгө жоо», дегендей ишенчиликтүү шофер менен жүрбөсөк туалетке баргандан бери билинип калат экен,- деди. Бугубай: -Болуптур анда менде башка жумуштарың жокпу,-дегенде Абылай: -Жок, сизге ушуну эле айтайын дегем, машина керек болсо завгардан каалаган машинаңызды ала бериңиз,-деди.
Бугубай маакул деп коюп чыгып кетти. Бир аздан кийин Алыбай тышка чыкса Бугубайдын шоферу Конок ГАЗ-69 маркасындагы машинасы менен турган эле. Аны айдатып алып талааны көздөй жөнөдү. Конок отуз алты, отуз жети жаштар курагындагы орто бойлуу, арыкчырай кара тору, мүнөзү токтоо, сөзгө сараң, бир мүнөздүү эч кимге сырын айтпаган машинасын жакшы кармаган немецтей так жүргөн жигит эле. Ал 1966-жылы Кайбылда башкарма болуп турганда айылга көчүп келип, адегенде сугатчы болуп андан кийин сындан жакшы өтүп вензавод машина айдап, эми паркторктун машинасын айдап жүргөн. Конок айылга келгенге чейин Жууку ичиндеги лесхоздо тактай зоотчу болуп иштечү. Ал мурда Абылайдын өзүнүн шоферу Зарылбек бошобой калганда бир топ жумуштарын оюндагыдай аткарып жүрүп, өз кишиси болуп ишенчилигине кирип алган. Абылай эки бригададан эки кишиге ириктерди байлатып коюп Конокту он чакты күндө ирикке жиберип сойдуртуп турчу. Абылай өзү семиз ириктин омуртка аркаларынан башка этин жечү эмес. Конокту башка шоферлордой тышка койбостон үйүнө киргизип арак-шарабын берип сыйлап туруучу. Бүгүн да Абылай жолдо бара жатып Конокко бир тапшырмаларды берди. Алар бир сыйра талааларды кыдырып келип, колхоздун кампасына барышты. Колхоздун кампачысы Дүйшөк аларды тосуп алды. Абылай кампаларды Дүйшөккө ачтырып кыдырып жүрдү. Кампаларда эгин-тегинден башка ысык тамакка берилүүчү продуктулар бар болчу. Эт сактаган складка киришкенде Абылай Конокту чакырып: -Идишиң болсо момуну салып ал-деп аябай семиз козунун туш этин көрсөттү. Конок: -Идишим жок эле,- деп жер караганда: -Менде бар,-деп Дүйшөк жаңы мүшөк берди. Конок козунун тушун мүшөккө салып чыга бергенде Дүйшөк Коноктун кулагына шыбырап,-сен жаныңа идиш сала жүрбөйсүңбү?
Абылай дайыма келгенде шоферуна ушинтип салып берип турат,- деди. Ал жерден чыгып конторго барганда кой ферма Турганбай контордун кире беришинде турган экен. Абылайдын алдын утурлай басып райондон телефон чалып Коммунизм колхозунан бир короо кой алып келгиле дегенин Жумабай, Канимет деген кишилерди аттары менен өзүнүн аты менен жетелетип Кызыл-Сууга жибергенин айтты. Абылай мурдатан кабардар экен: -Ооба сүйлөшүлгөн бүгүнтөн калтырбай алып кетишибиз керек бекен,- деди. -Ооба, азыр батыраак келгиле дегендей болуптур. Конок менен бара калгыла,- деп Абылай контордо калып калды. Турганбай менен Конок Кызыл-Сууну көздөй жөнөдү. Анда Коммунизм колхозунун башкармасы Социалистик Эмгектин Баатыры Анна Тихиновна Юматова деген атактуу аял эле. «Коммунизм» колхозу республикадагы алдынкы колхоздордун катарына кирип атагы чыгып турган. «Коммунизм» колхозунун борбору да, райондун борбору да Кызыл-Суу айылы болгондуктан Дархан менен Кызыл-Суунун ортосу он беш чакырым эле. Турганбай менен Конок колхоздун конторасына бат эле жетип барышты. Контордо колхоздун кой фермасы күтүп турган экен. Аны менен Турганбай Юматовага кирип сүйлөшүп чыгышкандан кийин Кызыл-Суу айылынын көл жак бетиндеги сарайына барышса Турганбай койлорду айдап кетүү үчүн жиберген кишилери да барып калышкан экен. Бир короо койду бат эле санап өткөрүп документтерге кол коюшуп бүткөндөн кийин Турганбай Конокко: -Ветстанцияга барып келе калалы,-деп калды. Конок Абылайдын контордо күтүп жаткандыгын айтып кыйылды эле, Турганбай суранып болбой койду. Конок ишим түшүп калып жүрбөсүн дегендей кийинкисин ойлоп айласыздан макул болду. Алар ветстанцияга барганда Конок тыштан күтүп калып Турганбай ветстанциянын короосуна кирип кеткен эле. Көп убакыт өтпөй Турганбай дарбазадан баш багып, Конок бери келчи,- деп коюп өзү алдыга түшүп ветстанциянын короосундагы складка ээрчитип барып чоң айнек бутулду көрсөтүп,-момуну машинага салып койчу,-деди.
Конок көтөрүп барып машинага салгандан кийин Турганбай машинага отуруп жатып,-Конок мени кайра тиги сарайга жеткирип кой бул спирт өзүң билип куюп алып, калганын үйгө жеткирип кой,- деди.Конок Турганбайдын сөзүнө ичинен кубанып кетти. Анткени атасы рак менен ооруп доктурлар спирт берип тургула дегенинен таза спирт таппай жаткан убагы эле. Ал Турганбайды сарайга жеткирип коюп шаша-буша конторго келсе Абылай контордо жок экен. Өзүнүн үйүнө барып складдан алган семиз козусун түшүрүп, төрт литрдей спирт куюп алганын көргөн үй-бүлөөсү Коноктун олжолуу келгенин кубатташып аябай кубанып калышты.Конок түш мезгили болуп калганына карабай түшкү тамак убагында Турганбайдын аманатын жеткирип түшкү тамак бүтөөрү менен Абылайга баруу үчүн шашып тамак ичпестен Турганбайдын үйүнө жөнөдү. Турганбайдын үйүнө барса аялы Бүбүзуура үйүндө экен. Ал контордо бухгалтерияда иштөөчү эле, түшкү тамакка барган окшойт. Бүбүзууранын мурунку күйөөсү Бейшенби мотосиклден авария болуп, кайтыш болуп калгандан кийин Турганбай менен баш кошконуна аз эле убакыт болгон. Бейшенбиден эки эркек бала калган. Бейшенби Конок менен тең туш болгон эле. Конок менен Бүбүзуура эски тааныштар болушкандыктан жакшы учурашышты.
Бүбүзуура жашы отуздун тегерегиндеги орто бойлуу сулуусумак,
ачык айрым келин. Бүбүзуура Конок аяшын болбой үйүнө киргизип, тамагын берип сый көрсөттү. Конок андан тамактанып алып, Абылайдыкын көздөй жөнөдү. Мына айылда ошол учурда ушундай окуялар болуп жаткан.Сагаалы,
айылдан берки, майда тоолорго көз чаптырып, Кулматтын дөбөсүнө келди. Айылдын эли бул майда тоолорду жалпы жонунан Коңур деп коюшаар эле. Антишкен себеби бул майда жапыз тоолордун үстүн жана коктуларынын күнгөй жак беттерин бүтүндөй төөкуйрук каптап кургакчыл, каксоо келип ак топурактуу келгенинен болсо керек. Бул Коңурга Кулматтын дөбөсүнө чейин кирчү. Андан ары Үч дөбөдөн баштап жайлоо деп коюшчу. Коңур бир топко бөлүнүп кетчү. Мисалы: Топотак бул Чычкан айылы жагы же күн батыш жак айылдын жайытынын чек арасы, андан өйдө Жорголот, андан бери Узунжон-Чолок,
жондун аягын Изолятордун коктусу, ошол коктунун аягында изолятор колхоздун өлгөн малынын башын чапкан жер бар болчу. Кулматтын дөбөсүнүн аягы Сатынын коктусу, Батманын коктусу деп, өйдөлөгөндө Салкын өлчү, Шадыбек арпа айдоочу, Кулматтын дөбөсү, Чолок-Жон, Узун-жон, Жорголоттун башы дешчү. Чычкан-Башына ат менен барган киши Жорголотту ашып барчу. Айылдын четине чыкканда эле Коңурдун түбү менен кеткен аттын жалгыз аяк жолу Жорголотко алып барып, андан ары Чычкан-Башына кирип кетүүчү. Бул майда адырлуу коңурда Сагаалынын баспаган жери калбаса керек. кенедейинде эле, эс тарткандан атасы Элебес кышкысын колхоздун коюн туудуруп, анда колхоздун сарайлары жок болгондуктан Топотакта кыштачу.Анда кайдагы сарай жерди оюп землянка жасап, чидерип толготуп калган койлорду ошого киргизип, коюшаар эле. Калган койлор козулары менен кыштын кыраан чилдесинде тышта эле калуучу. Андагы койлор кыргыз куйруктуу кара койлор болчу. Күндүзү карга тууп эле ээрчитип кетүүчү. Анда кайдагы машина, араба аттарга, уйларга, чабыр койлорго, чөптү төөлөргө артып келишээр эле. Ошондой шарттын катаалдыгына карабастан атасы койлордун ар жүзүнөн жетимиш, сексенден козу алып берүүчү эле. Азыр колхоздун койлорун канчалык бөпөлөп жылуу сарайларга кийиришип, жем чөбүн койлорунун ооздоруна кармап, жайнаган сакмалчылар багышса да ар жүзүнө жүздөн ашса ашып ашпаса жок, төл алып жатышпайбы.
Андан кийин эс тартып калганда ВЗУга айдап, ал жерден качып келгенден кийин көп өтпөй эле согуш чыгып, эл тарткан кыйынчылыкты ал да тартып колхоздун ар кайсы жумуштарында иштеп жүрдү. Ошентип жүрүп, балалыгы менен кош айтышты. Согуш бүтүп эр бүлөөлөрдүн тирүү калгандары согуштан келгенден кийин Жүзүмкан экөө баш кошуп, атасы менен эки короо кой багышты. Жаңы эле тирдене башташканда төрт беш балалуу болушкандан кийин атасы өлүп ишенген кишисинен жөлөк таягынан ажырап, инисин үйлөнтүп, бөлүп чыгарып, кызыл чилдей жаш балдарын багып калышты. Андан кийин өзүнчө үй салып бөлүнүшүп сегиз тогуз баланы тарбиялап чоңойтушту.
Мына ушинтип кара жанын карч уруп отуруп ушул деңгээлге жетип отурат.Эми Сагаалы Кулматтын дөбөсүнөн берки Үч-Дөбөнү, Жалгыз-Карагайдын чокуларын, Батманын кайкысын, андан берки Чапкан кыяны,Чет-Булактын кайкысын анан берки Сары-Жон менен көз жүгүртүп отуруп Карала арчаны ашып Чуңкур-Төргө келип, андан Кум-Кыя менен Ат жайлоонун кайкысына чыгып өзүнүн тушап койгон Куркугун көрдү.Ооба Сагаалынын бул жайлоолордо да жүрбөгөн жери жок болчу. Себеби ушул кезге чейин кой багып келгендиктен кышкысын Коңурда кыштоолордо жүрсө, жаз, күз ушул жайлоолордо жүрдү. Жайкысын сыртта жайлап, Үзөнгү-Кууш,
Эмеген-Кайнар,
Кыргоо, Тарагай, Ботокандын курт көлү деген жайлоолордо болду.Ошентип Сагаалынын бул айылдын четиндеги жерлерден жүрбөгөн жери баспаган ташы калбай ак эмгеги менен кызмат кылып келди. Сагаалы ушул жерлердин баарына көз жүгүртүп бүткөндөн кийин үйү жакты караса Ырыс Бопойторуну минип бастырып келе жаткан экен. Сагаалы түшкү тамакка баруу үчүн ылдый жактагы Куркукту көздөй басты. ***Менин командировкадан келгениме үч төрт күн болуп калган, таңкы саат бештер чамасында радиодон тревоганын серенасы угулуп тавлодон тревога, тревога деген жазуу күйүп өчө баштады. Бүт батальон дүрбөп туруп, каптеркалардан рюкзак, противогаздарын алып, курал-жарак сакталган складдардан автомат, ок толтурулган магазин салынган баштыктарын алып тышка чуркап чыгып жатышты. Тыштан бирөөлөрү танкалар туруучу бокстарды көздөй чуркап жатышса бирөөлөрү чабармандык милдетин аткарып өзүнө бекитилген офицерлерге кабарлоо үчүн офицерлер жашоочу үйлөрдү көздөй чуркап жатышты. Мен чабарман болгондуктан мага тревога учурунда кабарлоо үчүн күн мурунтан бөлүнгөн ротанын командири Егоровдун үйүн көздөй чуркап жөнөдүм. Чабарманды пасылный деп да коюшат. Негизинен наводчиктер бөлүнүүчү. Себеби командир менен механик-айдоочу белгиленген убактан кечикпей танканы от алдырып коллонага тизүүгө үлгүрүшү керек болчу. Ал күнкү тревогадан бүт гарнизон бутуна тургузулганы билинип турду.Ар бир полктун штабынын жанындагы радио узелдерден тревоганын серенасы озондоп жатты. Мен офицерлердин этаж үйлөрүнүн жанына жеткенде, ар түрдүү техникалардын күр шар этип от алган үндөрү угулуп, ава заматта түтүн жыттана түштү. Мен Егоровду ойготуп кайра тартканда таң аппак атып техникалар жүрүп келип, ар бир полктун тушуна өз коллоналарына тизиле баштады. Мен чуркап келип, жаңы эле коллонага тизилип, токтогон танкама түшүп, шлемафонумду кийип ордума отурдум. Арадан он-онбеш минута өтпөй полктун камандиринин рациядан полк, батальон боюнча интервалды кармап Актогай станциясынын жүк жүктөөчү жерин көздөй жөнөгүлө деген буйругу угулду. Ал буйрукту чыры-чуу түшүп батальондун командири роталардын командирлерине рация аркалуу кабарлагандан кийин биздин командир дагы интервалды сактоо менен алга деп механик- айдоочуга буйрук берди. Алдынкы танка ордунан жылгандан кийин, биздин танка дагы алдыга жылып жөнөдү.Жолдо бара жатканда рация аркылуу полктун командири батальондордун командирлерине,
батальон командирлери роталардын командирлерине,
роталардын командирлери взводдорго буйрук беришип, катардан чыгып кеткен же интервалды сактабай алдыга кеткен же артта калган танкаларды катарга тизип иреттеп жатышты. Биздин полктун танкалары үч коллонага шурудай тизилип, ээрчишип бара жатышты. Биз станцияга жеткенде платформа вагондор чиркелген поезд даяр турган экен, биринчи полктун командиринин 101 танкасы жүктөлгөндөн кийин биринчи батальондун танкаларынан баштап жүктөлө баштады. Буйруктар так жана тез аткарылды. Полктун танкалары эртең мененки саат сегизге чейин толук жүктөлүп бүтүп жол жүрүүгө даяр болду. Солдаттар техника жүктөлгөн платформа вагондордун баш жагындагы он чакты товар ташыган вагонго отургузулду.
Бизге Актюбинск областында болуучу чоң учения-сыноого барарыбызды офицерлер айтышып, бир суткага жетерлик сухой тамак таратып беришти. Поезд саат тогузда ордунан жылды. Аскердик тартиптин күчтүүлүгүнүн негизинде төрт сааттын ичинде жүздөгөн техникалар поездге жүктөлүп, миңдеген солдаттар жолго даяр болушту. Поезд станциядан чыккандан баштап эч жерге токтобой тынбай жүрүп отурду. Кээ бир гана станция же разьезден жол бошобой калганда кичине токтой калып жатты. Поезд токтоору менен вагондорго аялдар менен балдар чуркап келишип, кургатылган балык, каймак, сүт жана башка бир нерселерин сатып жатышты. Акчасы бар солдаттар акчаларына алып, акчасы жоктору сухой тамак берилген консерваларга алмашып жатышты. Биздин танкисттердин полкуна ай сайын получка берилип турчу, командир танкага он сом элүү тыйын наводчиктерге тогуз сом сексен тыйын, механик-айдоочуга тогуз сомдон берилүүчү. Ошол эле акчага бир топ майда барат оокаттарды алууга болоор эле. Көбүнчө ал акчага чайканадан консерваланган сүт, пряник, кофе алчубуз жана сүрөткө түшүп, керектүү оокаттарга жеткирчүбүз.
Кээ бир солдаттар ошол акчаны айдын аягына чейин жеткирүүчү.
Көбүнчөсүнүкү акчаны алгандан кийин бир жумага жетип, жетпей түгөнүп калчу. Поезд зыпылдап айыл, кыштактарды,
шаарларды казакстандын мелтиреген түптүз учу кыйыры жок талааларын артта калтырып баратты. Вагондун ичиндеги кээ бир солдаттар «мына менин туулуп өскөн жерим» деп сыймыктануу менен айтып, ар кимдин туулган жери өзүнө мисир дегендей вагондун эшигине жабыша калып боз талаа болсо да бул жер мындай, тиги жер тигиндей деп мактап айтып түгөтө алышпай жатты. Өзгөчө айылдардан же шаарлардан өтүп бара жатышканда тааныгандарын көрүп калышса, эки колун булгалашып кыйкырып жатышты. Качан гана туулуп өскөн жеринин чегинен өтүшкөндө гана көкүрөктөрүндөгү сагынычтары бир аз болсо да таркагандай болушуп, көңүлдөрү жайлана орундарына барып отуруп калып жатышты.Поезд зыпылдап Талдыкоргон,
Чымкент, Кызылордо областтарын басып өтүп, Актюбинск областынын борбору Актюбинск шаарынын жанындагы станцияга бир суткадан өткөндө түш ченде келди. Бул поезде биздин полктун эле техникалары жүктөлгөн эле. Кийинки келүүчү поездерге орун бошотуш керек болдубу, айтор поезд токтоору менен техникаларды түшүрүүгө буйрук берилди. Жерге түшкөн техникалар кайрадан батальон батальону менен коллонияларга тизиле баштады. Техникалар түшүрүлүп бүткөндөн кийин жол жүрүүгө буйрук берилип, он километрдей аралык басылып өткөн соң, учения болуучу жерге келгенибиз кабарланып,
жалпы полк боюнча чогулушка чогулууга буйрук берилди. Бүт техника токтотулуп рота рота боюнча тизилип полктун солдаттары бир жерге чогулду. Полктун алдына полктун командири полковник Тыжненко, орун басары подполковник Треңук баштаган жоон топ офицерлер келишти. Алар мурдагыдай полкту түздөндүрүп келаткан жака каратып строевой кадам менен басып барып рапорт берип, анан полктун командири да аскердик тартип менен басып келип саламдашпастан,
бул сапар эч кандай эрежеси жок эле, жөнөкөй эле келишип саламдашышкан соң, полктун командири сөз алып, мурда гарнизон боюнча же полктор аралык учениялар болуп келген болсо бул сапар Орто Азия округунда чоң учения болорун айтты. Бул ученияга миңдеген техника, он миңдеген солдаттар, жүздөгөн офицерлер, ондогон генералдар катышаарын айтып темирдей тартип сакталып, буйруктардын так аткарылышын талап кылды. Андан кийин полктун командиринин саясат боюнча орун басары сөз сүйлөп капиталисттик системадагы мамлекеттердин агрессиясы күчөгөнүн, андан тышкары Кытай мамлекети менен кийинки кездерде мамиле бузулуп, кол салуу коркунучу туулуп жатканын, ыйык Ата-Мекенди коргоо ар бир адамдын ыйык парызы экенин, ошондуктан ар бир солдат кайсы гана убак болбосун согушка даяр болуусуна, аскердик уставдын так аткарылышына,
берилген антка туруусуна үндөлгөн сөзүн сүйлөдү. Алардан кийин командир батальондор уюштуруу маселелери боюнча ар бири өздөрүнүн батальондоруна тапшырма беришти. Аягында полктун командири команда берип ушул минутадан баштап учения башталгандыгы туурасында кабарлап, ар бир техниканын аралыгы отуз метрден жерге окоп казылып, маскировкалансын деген буйрук берди.Чогулуш тарап, полк полктун командиринин буйруктарын аткарууга киришти. Ар бир танка отуз метрдей аралыкта коюлуп, ар бир экипаж өз танкаларынын алдына танка баткандай окоп каза башташты. Күчкө толуп турган солдаттар окопторду үч саатка жетпей казып бүтүштү. Камбылдары танкаларын от алдырып окопко кийире башташты. Ротанын офицерлери ар бир экипажды кыдырып учения убагында согуштагыдай жүрүүлөрү керек экендигин түшүндүрүп жүрүштү. Алардын айткандары боюнча ар бир экипаж өздөрүнүн техникаларынын жандарынан чыкпай окоптордо болуп, рациянын жанынан чыкпай эки сааттан дежурлук кылып күзөткө туруп, рация аркылуу берилген буйруктарды,
кабарларды экипажга жеткирип турушу керек болчу. Кечке жуук бүт полктун техникалары окопторго кирип маскировкаланып,
офицерлер айткандай тыштан эч ким көрүнбөй жым-жырт болуп, ошончо техника, солдаттар бир жака кетип калышкандай болду. Себеби маскировка үчүн берилген жалбырактардын көчөттөрү түшүрүлгөн тор жеке эле танканы эле эмес бүт окопту жаап калган. Асманда вертолёттор ар бир саат сайын айланып учуп турду.Жайдын күнү болуп күн жылуу болгондуктан,
алдыбызга чөп чар төшөп алып дежурдан башкабыз кургак тамактарыбызды жеп алып, кезегибиз келгенде дежурныйды алмаштырып турдук. Эртеси таң аткандан кийин саат жетилер чамасында асмандан тизилген стребител самолёттор кулакты тундуруп жапыз учуп өтүштү. Ангыча рациянын жанында отурган дежурный, танкадан чыга калып, согушка даярдангыла деген буйрук берилди деди. Биз орундарыбыздан тура калып, тездик менен маскировкаланган торду жыйнап, орундарыбызга отуруп танкаларыбызды от алдырууга кириштик. Көп убакыт өтпөй эле бүт полктун танкалары окоптордон чыгып план боюнча чабуулга даярданып калышты. Андан кийин «алга» деген буйрук берилгенде жерди дүңгүрөтүп бүт техника орундарынан жылды. Бир километрден алдыга жылгандан кийин «БТР» деген согуштук машиналар бизди кууп өтүп пехоталарды жүз метрдей биздин алдыбызга түшүрдү. Пехоталар чабуулга өтүп алдыга чуркап жөнөштү. Үстүбүздөн самолёт, вертолеттер учуп өтүп жатышты. Танкалар пехоталардан өтө бергенде рациядан душмандарга карата «аткыла» деген буйруктар берилгенде командирибиз бизге «переди похода противника осколочно пугасным паправка ветра двух тысяча ростояние тристо метра огонь» дегенде команда боюнча алдыдагы көрүнгөн мишенге ок атуучу прибор менен мээлеп ок чыгардым. Снаряд барып мишенге таамай тийди. Андан кийин плёмоттон кишинин мишендери көрүнө баштаганда плёмот менен атып, танканын мишендери көрүнгөндө бронибойный снаряд менен, үйдүн мишендери көрүнгөндө кумлятивный снаряд менен атып жаттым. Аткан октордун кээ бирөөсү эле ката кетпесе дээрлик көпчүлүгү таамай тийип мишендердин быт– чыты чыгып жатты. Жер дүңгүрөп тарса–турса болуп түтүн чаңга аралашып кадимки кинодогудай согуш болуп жатты. Танканын ичи дары жыттанып плёмот пушкалар ысып чыкты.Мен танкадан жакшы атчумун мурда «отличник Советской Армии» деген значок менен «Лучший огневик баталона» деген лента менен сыйланганмын.
Учение кечке жуук аяктады
#34 23 August 2015 - 15:18
Эртеси учениянын жыйынтыгы боюнча талаада Орто Азия округу боюнча чоң чогулуш болду. Чогулушка катышкандар корпуска, дивизияга полкко бөлүнүп анын ичинен батальон, роталарга бөлүнүп тегерете тизилип турушту. Ортого трибуна орнотулуп баарына угулуш үчүн микрофон коюлуптур. Чогулушту биздин жердешибиз,
округдун командачысы,
генерал-полковник Ляшенко ачты. Ал узун бойлуу, толмочунан келген киши экен. Өз сөзүндө ошол жерде тургандарды учениянын ийгиликтүү өтүшү менен жалпы куттуктап ученияга СССРдин Коргоо министри, Советтер Союзунун Маршалы Гречконун катышкандыгын айтып, анын куттуктоосун окуп берди. Анда Гречко учениянын жакшы өткөндүгүн белгилеп ыраазычылыгын билдириптир.
Андан кийинки сөздү орун басары алып ар бир корпус, дивизия, полк, батальон, рота, взводдун, жеке командирлердин,
офицерлерден солдатка чейин ученияда артыкчылык кылып жакшы ийгиликтерге жетишкендерди трибунага чакырып жатты. Ал эми учениянын командачысы генерал-полковник алардын ар бири менен кол алышып куттуктап, сыйлыктарын тапшырууда.
Бир убакта трибунада микрафондун биздин полктун 01287 деген номуру айтылып 196 номерлүү танканын наводчиги катардагы солдат Элебесов Бекказы Сагаалыевич дегенде мен эмне кыларымды билбей калдым. Ротабыздын командири трибунага бар дегенде гана эсиме келе калып трибунаны көздөй басып жөнөдүм.Ошондо элүү метрдей аралык беш жүз метрге узарып кеткендей болду. Трибунага жакындаган сайын бүткөн боюм титирегенсип өзүмдү түз кармоого аракет кылып бара жаттым. Трибунадагы генерал-полковникке жакындаганда аскердик тартип боюнча басып барып честь берип командирдин трибунага чыгып бараткандагы үйрөткөнү боюнча:-Товариш генерал-полковник рядовой Элебесов Бекказы прибыл по вашему вызову»,-дедим Орто Азия округунун командачысы колумдан кыса кармап: -Молодец гвардец обьявляю блогодарность и послать письмо на родину,- деди микрафондон ошол замат анын сөзү кайталанды.
мен честь берип «служу Советскому Союзу», деп бурулуп алып кайра өзүмдүн полкумду көздөй басып жөнөдүм. Башым тегеренип жер көчүп бара жаткандай сезилди. Мен өзүмдү болгон күчүм менен кармап араң басып бара жаттым. Полктун кайсы жерде турганын таппай кала таштап, кол булгалап жатышканынан баамдадым. Ордума келгенде жанымда турган офицерлер, солдаттар колдорун сунуп, куттуктай башташты. Себеби Мекенине кат жөнөтүү, ал убакта анда санда гана солдаттын бактысына туура келүүчү. Анын үстүнө ушундай чоң ученияда генерал-полковник өзү кол алышып куттуктап айтып отурганы бул чоң сыймык эле, андай наамга полк боюнча мен гана татыктуу болдум. Ошол ученияда биздин полк полктордун ичинен үчүнчү орунду алып, полктун командири полковник Тыжненко да куттуктоо алган.Бул полк үчүн чоң сыймык болду. Кайра өзүбүздүн Актогайдагы гарнизонубузга учения бүтүп, келгенибизге үч төрт күн болуп калганда мени полктун штабына чакыртып калышты. Штабка барсам полктун командири өзү чакырып жатканын айтышты. Полктун штабы эки этаж имарат болчу, полктун командиринин кабинети экинчи этажда эле, кабылдамасына кирип аты-жөнүмдү айтсам секретарша кыз кабинетке кирип кетип, кайра чыгып, -Кире бер-деди. Кабинетке кирсем полковник Тыжненко төрдөгү чоң столдун башындагы өз ордунда креслодо чалкалап отурган экен. Мен аскер эрежеси боюнча честь берип, келгенимди айтып, рапорт берсем:-Кел,
бул жерге отур,-деп столунун капталындагы отургучту көрсөттү. Ал командачынын тапшырмасы боюнча Мекениме кат жибергени жатканын, өз атынан отпуска берерин айтып, учениядагы ийгиликтерим үчүн, полктун да үчүнчү орунду ээлешине чоң салым кошконумду белгилеп, ыраазылыгын билдирип, рахматын айтып, колумду кыса кармады.Мен отпускага баруудан баш тарттым, себеби мурда айылда жүргөндө отпускага барып алып, үйдөгүлөрүн куру бекер убара кылгандарды жаман көрчүмүн. Анын үстүнө ата-энем тоодо болгондуктан аларды убара кылгым келген жок. Полктун командири мени жиберилүүчү каттын мазмуну менен тааныштырып,
экинчи көчүрмөсүн мага берди. Ал катта мындай деп жазылган эле:«Уважаемый Сагаалы Элебесович!
Сообшаем Вам, что ваш сын рядовой Элебесов Бекказы Сагаалиевич проходит службу в рядах Вооруженных Сил СССР, отдавая свой гражданский долг перед Родиной в вверенной нам войсковой части, добросовестно выполняет свой служебные обязанности,
являетсься отличником боевой и политической подготовки,
классным специалистом,
активно участвует в обшественной жизни подразделения.
Ваш сын пользуеться заслуженным авторитетом у командования и товаришей послужбе за успехи в боевой и политической подготовке он неоднократно поошерялся командованием части. Мы выражаем Вам нашу искренную благодарность за воспитание Вашего сына достойного наследника боевых традиций Советских Вооруженных Сил. Желаем Вам крепкого здоровья новых успехов в труде на благо нашей Социалистической Родины, большого личного счастья!Командир войсковой части 01287 «Тыжненко»Заместитель командира по полит.части «Терешук» деп жазылып печат коюлуп, колдору коюлган, ал катты казармага алып келип, альбомума сактап койдум.Армияда кызмат өтөгөн күндөр көпчүлүк убакта бири бирине окшош болуп өтүп жатты. Мурдагыдай эле дем алыш күндөрү рота нарядтын очереди келбесе клубдан кино көрүп, мончого түшүп, эч кандай окуу болбой, практика жүзүндө ок атуучу шаарчага, танкадромго барып даярдыктан өтпөй эс алуучубуз. Ошондой эс алган дем алыш күндөрдүн биринде клубка киного барсак, «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» деген кино болуп калды. Ал кино менин туулуп өскөн жеримден тартылгандыктан кинодон өз жеримди таанып элимди көргөндө абдан кубанып жанымдагы отургандарга:
-Мына бул кишинин аты мындай, тиги кишинин аты тигиндей, бул мындай деген жер, көрдүңөрбү менин туулуп өскөн жеримдин кооздугун,-деп мактанып, өзүмдүн туулган жерим менен сыймыктанып отурдум. Жанымдагылар жердин кооздугуна абдан таң калып,-Чын эле сенин туулуп өскөн жериң абдан кооз турбайбы,-деп жатышты. Мен ал күнү айылыма барып келгендей эле болдум. Арадан көп убакыт өтпөй эле дагы бир дем алыш күнү киного барсак, «Мен Тянь-Шань» деген кино болду. Андагы боз талааларда Иляздын машинаны ары-бери чаңдатып айдаганын көрүп жанымдагы отургандар мага:-Кана, сен өткөндө менин туулуп өскөн жеримдин баары эле ушундай кооз деп мактанбадың беле-дешип шылдың кылып, күлүп жатышты. Мен кинодон көрсөтүп жаткандан кийин эмне деп айта алмакмын. -Бул Ысык-Көлдүн бир эле чети турбайбы,- деп бет тырмаар кылганым менен кинону көрүп алып, өзүм да уялып жаттым.Жанымдагыларга өткөндөгүдөй мактанмак турсун уялып өйдө карай алганым жок, жөн гана режиссердун боз такырдан башка жер таппай калгансып тарткан жерин деп кинонун бат эле бүтүүсүн тилеп жаттым. Биз дем алыш күндөн башка күндөрү саясый окууларды, аскердик техникалар жөнүндө окуп, жумасына эки үч жолу ок атууга же танкадромго барып аларды практика жүзүндө үйрөнүп жаттык. Өткөн чоң учениядан кийин эки үч жолу майда учениялар болуп, тревога менен бир эки күн гарнизондон чыгып кеткен учурларыбыз болду. Ошентип армияда кызмат өтөп жүрүп жай мезгилинин кандай өтүп кеткени билинбей, ноябрь айы кирип келип, эртели кеч суук боло баштады. ***Быйыл Ысык-Көлгө кар эрте түштү, жылда ноябрь айында кар калың түшпөй декабрь аяктап жаңы жылга жакын кар калың жаар эле. Ноябрь майрамы жаңы эле өткөн, ак мөңгүлүү аска зоолордон баштап Ысык-Көлдүн жээгине дейре ак шейшеп жаап койгондой аппак кар чүмкөп, тегерете курчаган тоолордун арасында не бир түркүн түскө бөлөнүп, берметтей кубулуп Ысык-Көл жатат. Кар калың жаагандыктан бийик өскөн теректерге гана кар токтобогондуктан,
кара көк тартып, үйлөр бийик өскөн теректердин далдоосунда калгандыктан карарып айылдын карааны алыстан көрүнүп турду. Мелтиреген ак кар баскан талаадагы жолдор менен күндүн нурлары жерге жайыла электе эле колхоздун техникалары чыйыр салып келатканы айыл жактан көрүнө баштады, артынан атчандар эки үчтөн болуп топтошуп, айрыларын өңөрүп келе жатышкандары көрүндү. Экинчи бригаттын бригадири Мамытов Бейшен карагер атына камчы уруп, алдыдагы узап баратышкан үч атчандын артынан шыпылдата бастырып, аларга жетүүгө шашылгансыйт.
Ал жонуна кара ичигин бутуна кийиз өтүк, башына тумак кийип, адаттагысындай жылуу кийинип алыптыр. Бейшен кара тору узун бойлуу, толмочунан келген, мүнөзү токтоо, жашы кырктар чамасындагы киши эле. Мурда учётчик болуп жүрүп, бригадир болгонуна аз эле убакыт болгон. өзү, айткан сөзүнөн кайтпаган, бир сырлуу адам болгондуктан,
айылдын жалпы чогулушунда эл башкармадан суранып жатышып, бригадир шайлап алышкан. Бейшендин жогорку билими болбогондуктан Абылай өз ордунан коркпосо да, элге кадыр баркы өтүп, алынып баратканына ичи тарып бригадирлик жумуш өтө жоопту болгондуктан ичинен «иштеп кеткенин көрө жатармын» деп, тышынан сыр билдирбей көпчүлүкө макул болгон. Абылайдын аны жактырбаган себеби Бейшен башка активдердей Абылай эмнени айтса башын ийкеп макул деп кошомат кылбай туура эмес жактарын бетине айтып, керек болсо тилин албай да койчу. Андай адамдарды Абылай баштаган беш каман элге жаманатты кылып, бат эле айдап отко салышчу. Бейшен кичинесинен эл менен өтө жакын болгондуктан,
ал бир ишти артынан түшүп, көгөрө бергендиктен,
беш каман жана алардын кошоматчылары ишинен кынтык таба алышпай айлалары кеткенде, көкбет Бейшен деп ат койушканы менен, ишине так болгондуктан кызматынан ала алышкан эмес, анын үстүнө ал алардан кызмат талашмак эмес. Бейшен жакындап келгенде алдыдагы үч атчан да аттарынын оозун тарта бригадирин күтүп калышты. Бейшен алардан кичүү болгондуктан атчандарга жете келип:-Салоом алейкумдар,
-деп салам айтканда Шарше, Бейшебай, Сагалы үчөө тең жарыша:-Алейкума атсалам,-деп Алик алышты. Бейшен токтолбой сөздү баштап:-Быйыл кар жылдагыдан эртерээк калың түшүп калды. Чөп жылдагыга караганда азыраак даярдалган эле, жазга кандай жетер экенбиз, малга тоют камдоочу айдоо жерлерибиз азайып, эгин жашылча айдалчу жерлер жылдан жылга көбөйүп план,план аткарыш керек эле кысышат, же малдын санын азайтышпайт,
кайра көбөйтүшүп,
бу жогору жактагылар эмнени ойлоп жатышат билбейм, уламдан улам план көбөйгөн сайын, пландарды аткаруу кыйындап, ал келбей калганда аргасыздан барын кошуп жазууга туура келип, биздин чоңдорубуз да элден убактылуу болсо да кутулуунун амалында өйдө жака жалган отчётторду берип жатышат. Эми мунун бары эле карапайым элдин мойнуна түшкөн мүшкүл болот ко-деп кимгедир ачуусу келгендей кейип. Шарше берки экөөнөн эки-үч жаш улуу эле, Бейшендин айткандарына жооп кылып:-Ээ Бейшеке, эмнесин айтасың, мамлекеттин планын аткарбаска чара барбы?! План аткарылбай калды дегенче, колхоздун чоңдорун райкомдун бюросуна чакырып сөгүш берип, анан калса парт белетиңди алам деп коркутушат экен, андан кутулуш үчүн чоңдор жалган отчёт беришсе да, эптеп кутулуп, силердей активтерди кысышса силер бизди кысып, кошуп жазылган жел козуларды бизден жыйнап жатпайсыңарбы,
бу карапайым эл барына чыдайт турбайбы, эптеп жылдагыдай эле кыштан чыгарбыз,-деди.
-Шакем тура айтат, бу өкүмөттүн тапшырмасын аткарабыз деп кошуп жазылгандан улам жылдан жылга арыктын жээгиндеги чөптөн өйдө жыйналып, колдогу бирин экин малды багышыбыз кыйындап баратат, эгер жаман көрбөсөң Бейшеке кечинде үйүбүзгө бирден мүшөк чөп алып кетип турсак кантет,-деп сөз келе калганынан улам Бейшебай кошумчалай кетти. Бейшен бул сөздү кайдан баштадым эле дегендей болуп бир азга ойлонуп калды. Ал бул сөздү, алардан мурда күтпөсө да сөздү атайын кепке жаздык кылып тоют аз болуп жатат, чөпкө тийбегиле дейин деген. Алардын кечинде чөп алып кетип, кээде сатып жатышканын мурда кошоматчылардан уккан эле. Эми тигилер сөзгө кармап, мурда оозунуп кетишкенинен улам:-Эми өзүңөр көрүп турасыңар, быйыл тоюттун жетпей жатканын эскертип койойун, силерди эстүү баштуу, сакалдуу кишилер деп айтып отурам, кээ бир эси жоктор тоютка беш колун салбасын, атыңарды жылдагыдай ээн коё бербей четке байлап чөп салгыла, чөп салат десе эле тебелетпей,
кичинеден салгыла, шакел чыгарганыңарды көрбөйүн. Эми кечинде бир мүшөктөн алалы деп суранып калыптырсыңар,
эч кимге көрсөтпөй алгыла, билинип калсаңар өзүңөр жооп бергендей болгула, мени ал деп айтты дебегиле –деп омуроолой сүйлөп, эмне дээр экен дегендей кылып жооп күтүп калды. Берки үчөө бригадирге эмне деше алат эле, анын үстүнө бирден мүшөк чөп алып кетүүгө уруксаат берип жатса, бары үчүн Шарше жооп берип,-Маакул бейшеке, Сенин айткандарыңды калгандарга да айтып койолу. Бир мүшөктөн чөп алып турганга уруксаат бергениңе рахмат,-дегенде,
Бейшен айтчу сөзүн айтып, тигилерди баш ийдиргенине маашырланып:
-Анда, биз сүйлөшкөндөй болсун,- деп карагер атына камчы салып үчөөнөн оозо уй сарайды көздөй жол тартты.Сагаалы күзүндө чабыр койлорду өткөрүп бергенден кийин ар жумуштарда иштеп жүрүп, чөп туураган жерде иштей баштаганына аз эле убакыт болгон. Алар уй сарайдын чет жагындагы корма цехтин жанында чөп туурап иштеп жатышкан. Талаадагы уймөктөрдөн ташылып келген чөп, саманда жети сегиз киши тоют майдалаган машинага салып, туурап беришкенден кийин, машиналар менен чабандарга ташып жеткирүүчү.
Мындай чөп туураган жер колхоздо эки жер эле. Булар экинчи бригаданын колхозчулары эле. Буларга жанагы бригадир Бейшендин омуроолоп, «беш колуңарды салбагыла» деп эскерткени бекер эмес болчу. Өзүлөрү алып кеткенден тышкары фуражор менен сүйлөшүп алып, же кормовойдун машиналары менен сүйлөшүп, ашык рейс чөп жүктөшүп, сатып ийип, арак ичишкен күндөрү да болчу. Бейшен учётчик болуп иштеп жүргөндө далай аралашып калгандыктан,
булардын сырын жакшы билүүчү.Сагаалылар корма цехке келип аттарын четке байлап, чөп салып жатышканда берки чогуу иштешкендери да келип чогула башташты. Бригадирдин айткандарын чогуу иштешкендерине айтып, анын сөздөрүн талкуулашып,
аттарын жайгарышып,
чөп туураган машинанын тегерегин тазалашып, жумуштарына киришкенче күн тоодон карыш бою көтөрүлүп, асман ачык болгондуктан,
жылуу нурларын чачыратып, таңкы сууктун күчү кайтып жылуу боло баштаганда,
иштеп жаткандарда бир жагынан күндүн жылуу нуру жылыта баштаса, бир жагынан айрылары менен чөп сузуп ыргытканга дене бойлору жибип, үстүлөрүндөгү чапандарын чечине башташты. Чөп туураган машинанын үнү тырылдап, үч төрт киши чөптү катары менен ыргытып жиберишкенде,
какай түшүп, окшугандай болуп, «куук» эткен үнү чыгып, чөп тууралып көмөкөйүнөн өтүп кеткенден кийин кайра калыбына келип, тырылдап жатты. Ал машинанын үнү менен иштегендердин үнү кошулуп, бака-шака үндөр алыстан эле угулуп жатканда, чөп ташыган кормовой машиналар келип, талаа шаңга бөлөнө түшкөндөй болду. Трактор, тууралган чөптү машинага жүктөп берип, машиналардын жарымы сарайга кетип жатса, жарымы талаадан кесек чөп, саман жүктөп келип жатты.Сагаалы кесек чөптү күчүнүн бардыгынча айры менен сузуп, чөп туурагычка ыргытып жатып, ара-чоло боло калганда чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, терин улам сүртүп койот, башынын терин сүртүү үчүн тумагын ала койгондо төбөсүнөн көк буу атырылып чыгат. Бул жумуш анын жылыга кышкысын иштеген көнгөн жумушу эле. Жүзүмкан балдары менен үйүндө болчу. Быйыл кызы Алиман онунчу класты бүткөндөн кийин Түптөгү алты айлык дүкөнчүнүн окуусун окуп жүргөн, азыр үйдө Калиман, Жаңылкан, Света, Ырысбек калган. Улуу эркеги Конокказы Фрунзе шаарындагы университетте география факультетинин даярдоо курсунда окуп жаткан. Жамал менен Вера күйөөлөрү менен анда-санда учурашканы келип кетип турушчу. Вера айылга чыгып, үйү жакын болгондуктан ал дүкөндө иштеп, колу бошой калганда күйөөсү Турусбек менен келе калып, оор-түлүк жумуштарына каралашып турчу. Үйдөгү майда барат жумуштар менен малдарды тейлөө милдети Жүзүмкан менен кыздарынын мойнунда эле.Сагаалы таң эртеңден күүгүмгө чейин талаадагы жумушта жүрүп, кечкисин чарчанып үйгө араң эле баруучу. Жүзүмкан да оорукчан болуп алгандактан,
ар кайсы жерим де онтоп койуп, ишенер кишичи жок болгондуктан,
ички да тышкы да жумуштун көбүн өзү бүтүрчү. Аны үйдө делгени эле болбосо, эртеден кечке Жаны тынчу эмес. Кыш күрөөдө кар күрөмөй, отун жармай, малга чөп салмай, сугармай, алдыларын тазаламай жана башка толгон токой жумуштар, үйгө кирсе тамакты, идиш аякты кыздары жасаса да, калган жип ийирмей, байпак токумай, иш жасамай деги койчу айтып отурса түгөнбөгөн түйшүк.Конокказы окуйм деп окууга дилгир болуп туруп алганынан, үй –бүлөөнүн баары кеңешип туруп, Сагаалынын бир баласы Фрунзеде окуп жүрөт дешсин деп, атасы Элебес айткандай намыстанышып шарттарынын жоктугуна карабай окууга жиберишкен болчу. Эми алардын бел байлаганы экинчи уулу Бекказы эле. Ал жазында армиядан келсе, окуусун бүтүп келип, айылда атка минээр болуп иштесе, ошондо жумушубуз жеңилдер дешип, чоң үмүт менен жашашчу. Бекказынын келерине жакындаган сайын убакыт ого бетер жай өтүп жаткандай сезилип, ан сайын сагынычтары күчөп Бекказы эстерине түшө калганда, мынча ай мынча күн калды дешип ай күндөрдү эсептеп калышчу. Айрыкча Бекказыдан кат келгенде, алмак салмак талашып окушуп, кайра-кайра катты окугулары келе берүүчү. Кийинки каты келгенче катты оңой жерге коюп коюшуп, кайталап окуй беришчү.Үйдө мал союлуп же бирөө жылкы союп касап кылып калса, өздөрү жегенге ыраа көрбөй Бекказыга пасылка салып жиберели дешип, өзүлөрү жебестен жөнөтүшчү. Ал тургай Сагаалы айылдан оңураак көйнөк кийип келсе да өзү кийбестен «ой кемпир бул Бекказыга ылайыктуу көрүнөт мен кийбесем жок, уулума катып койчу,»-деп кемпирине бере турган. Ошентип бул үй-бүлөө Бекказыны бир жарым жылдан ашык көрүшпөгөнгө сагынышып, чыдамсыздык менен күтүп жатышкан.Сагаалылар кечке чейин күндөгүдөй эле катуу иштеп күн батарга жакын үйлөрүнө камынып жатканда бригадир Бейшен келип:-Эртең эртең менен клубда чогулуш болот, райондон кишилер келет экен, баарыңар саат тогузда клубда болгула. Бүгүн чөптү караңгы киргенге чейин туурап, эртеңкиге запастап койгула,-деди.
Эртеси эртең менен тамагын ичип алып, саат тогузда Сагаалы шашпай клубка барса, эл чогулуп, клубдун ичи толуп калган экен. Алдыда орун жок болгондуктан арт жагынан орун алды. Көп убакыт өтпөй эле Абылай баштаган төрт киши сахнага чыгып, орун алып отурушкандан кийин, колхоздун башкы экономисти Салиев Токтобек ордунан туруп, трибунага барып элди тынчтандырып:
-Жолдоштор, Ала-Тоо колхозунун 1975-жылдагы аткарган иштер туурасындагы отчёттук чогулушу өткөрүлсүн деген, жолдоштор кол көтөрүп койсоңуздар,
-дегенде залдын ичиндегилердин бары колдорун көтөрүштү. –каршы, калыс –дегенде эч ким кол көтөргөн жок. –Анда барыңыздар макул болсоңуздар чогулушту баштардан мурда, чогулуштун президиумун шайлап алсак–дегенде залдын туш-тушунан президиумдун мүчөлөрүнүн аты жөнүн айтып башташты. Адегенде райкомдун биринчи секретары Бейшеналы Куловдун аты аталды. Андан кийин Абылайдын, Токтобектин,
военком Бейшебаевдин,
башкы агроном Бейшендин, жашылчанын звеновойу Үмөталиева Шарыйдын, андан кийин Элебесов Сагаалынын аты аталганда, Сагаалы өзү уккан кулагына ишене алган жок, жанындагылар:
- Сени атап жатышат-дешти.
Ушул жетөөнүн аты аталгандан кийин Токтобек:-Анда ушул аты аталгандар президиум составына кирсин деп кол көтөрүп койсоңуздар,
-дегенде, залдагылардын бары колдорун көтөрүштү. Каршы, калыс дегенде дагы эле эч ким колун көтөргөн жок. Токтобек, -анда аттары аталган жолдоштор президиумдан орун алсаңыздар-
дегенде, төртөө мурда эле сахнада отурушкандыктан Бейшен, Шарый, Сагаалы үчөө орундарынан туруп, сахнаны көздөй жөнөштү.Президиумдун мүчөлөрү орун алышкандан кийин Токтобек:-Эми күн тартибиндеги каралуучу маселелерди бекитип алсак. Күн тартибине үч маселени кароо сунушталат.
1. маселе: 1975-жылдагы аткарылган иштер туурасындагы башкарманын башкы адистердин отчёту. 2. маселе: Мамлекеттин план тапшырмаларынын аткарылышы.
3. маселе: Военкомдун айылдагы жаштардын аскер кызматын өтөөсү туурасындагы маалыматы.Ушул маселелер боюнча кимдин кандай сунушу, кошумча-алымчасы бар,-дегенде эч ким унчуккан жок.-Анда ушул күн тартибинде каралуучу маселелер бекитилсин дегендер колуңуздарды көтөрсөңүздөр.
залдагылар колдорун көтөрүштү. Каршы, калыс дегенде эч ким дегеле кол көтөргөн жок, себеби, эл мурунтан ушундай тартипке көнүшкөн болчу. Токтобек: -Сөз колхоздун башкармасы Сатылканов Абылай Сатылгановичке берилет-деп коюп трибунадан түшүп, өзүнүн ордуна барып отурду.Абылай ордунан туруп, трибунага барып отчётун бере баштады.Сагалы эс-мас болгон эмедей болуп президиумга кандайча шайланып калганына таң калып отурду. Ал өмүрүндө биринчи жолу клубдун сахнасына чыгышы эле. Өткөндө Бекказы окуп жүргөндө кана мектепте биринчи класстын окуучуларынын ата-энелеринин чогулушунда президиумга шайланган. Эми ал экинчи жолу бүт айылдын элинин өкүлдөрү катышкан чоң чогулушта президиумга шайланып, сахнада бийиктен элди карап отурганына кантип таң калбай коймок эле. Ал президиумда отурганына бир чети сыймыктанып жатса, бир чети сүрдөп, бир чети таң калып жатты.Абылай колхоздун бир жыл ичиндеги жетишкендиктери жана кетирилген кемчиликтер туурасында жалпысынан отчёт берип өттү. Ал бери айтканда бир сааттай тынбай сүйлөдү, эл дагы орундарынан козголбой чыдап отуруп беришти. Анын айтуусу боюнча эл эч кыйналбай жумуштун баары оңой эле бүтүп, жомоктогудай эле жыргап куунап жашап жатышкандай болду. Залда отурган эл Абылайдын сөзүнө эрип майкөл-сүткөл болду. Токтобек ордунан туруп:-Кимде доклад боюнча суроо бар,-дегенде эч ким суроо бере алган жок. Отчетту талкуулоого,
жарыш сөзгө «ким чыгат» дегенде мурунтан даярдап койгондор чыгып колхоздогу болуп жаткан иштерди жаналдары калбай макташып, жөн эле кудай бетин көрсөтпө «коммунизм биздин колхоздо курулду», деп айтып жибере жаздашып, уялгандарынан айтпай калды көрүнөт, иши кылып тилдери жеткенче макташып, ал тургай Абылайды, «эмне үчүн ушунча жаныңды сабап элге кызмат кыласың, араактан берек эле иштеп, ден соолугуңду карасаң боло», дегенге чейин барышып, отчёттун толук канагаттандырарлык экендигин айтышты. Эгер андан жогору баа болсо аны деле беришмек. Жакшы байкаган кишиге колхоздун көрсөткүчтөрү жылдан жылга төмөндөп бара жаткан. Абылайдын отчёту талкууланып бүткөндөн кийин Токтобек ордунан туруп, сөздү колхоздун башкы агроному Аманкулов Бейшенге берди. Залдагы араң чыдап отурган эл бири бири менен кобурашып:-Чын эле колхоздо ушундай иштер болуп жатабы,-деп уккан кулагына ишенбей бири экинчисинен сураса, экинчиси:-Болгонун угуп жатпайсыңбы,
-деп жооп берип жатышты, тышка чыкчулар дабырап тышка кирип чыга башташты. Абылайдын отчёту бүткөндөн кийин калгандарынын отчеттору элге кызыксыз болчу. Себеби Абылай кимисин жумуштан алып, кимисин койорун айтмак, бул сапар кызматтан алып, койуу жөнүндө эч кандай сөз болбогондуктан,
калгандарынын отчеттору канагаттандырарлык деген бааларга ээ болору белгилүү болчу. Аманкулов Бейшен жашы кырктардан өтүп калган, орто бойлуу, толмочунан келген, сары киши эле, аны эл кашалёк деген кличкасынан тышкары сапсары, помидор деп коюшчу. Ал мүнөзү токтоо, болгону менен сөзгө чечен болуп, чукугандай сөз тапчу. Анын чыйылдап сүйлөгөн, өзүнө таандык үнү бар эле. Ал айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуудагы жасалып жаткан иштер туурасында отчётун берди. Андан кийин башкы зоотехник, башкы ветврач, башкы инженер, эки бригаданын бригадирлери чыгып отчётторун беришти. Алардын отчеттору чогуу эле аягында талкууга коюлуп, баарынын иштерине канагаттандырарлык деген баалар берилди. Андан кийин Абылай өзү ордунан туруп:-Эми экинчи маселеге өтсөк, мамлекеттик план тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө сөз колхоздун башкы экономисти Салиев Токтобеке берилет,-деди.
Токтобек сахнада президиумда отурган эле. Кагазын алып, трибунага чыгып, докладын окуй баштады. Токтобек орто бойлуу, толмочунан келген Абылайлар курактуу, ак жумал мүнөзү токтоо, өзүн сылык сыпаа алып жүргөн киши эле. Эл аны «илгерки Байгазы болуштан эмнебиз кем»деп айткан сөзүнөн уламбы же «жаздын күнү кичине эле жаан тийсе ооруп калам» дегениненби «куу чирен» деп коюшчу. Анын доклады боюнча колхоз мамлекеттик план тапшырмаларды жалаң жүз отуздан, жүз сексен процентке чейин аткарылыптыр,
бул маселе боюнча талкууга эч ким чыкпагандыктан уялдыбы Абылай өзү ордунан туруп, мындай жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө элдин талыкпай эмгектенгендигинин натыйжасы экенин айтып, жана буга чоң салым кошкондор деп бир топ кишинин аты-жөнүн атап, андан кийин үч төрт тартип бузган жалкоолонгондордун аты-жөнүн да атай кетип, мындан ары да Коммунистик партиянын жетекчилиги менен мындан да чоң ийгиликтерге жетишерибизге Даркан элинин атынан жолдош Бейшеналы Кулович сизди ишендирип кетүүгө уруксаат этиңиз,-деп сөзүн жыйынтыктады.
Кайра Токтобек ордунан туруп:-Жолдоштор!
Тынчтанып отурсаңыздар,
эми акыркы маселе боюнча айылдагы жаштардын аскер кызматын өтөөсү туурасында районубуздун военкому жолдош Бейшебаевге сөз берилет,- деди. Бейшебаев узун бойлуу, толмочунан келген, олбурлуу, ак жумал жашы элүүлөргө барып калган киши эле. Аскердик чини подполковник болчу, ал аскер формачан, трибунага чыгып, жалпы дүйнөдө болуп жаткан аскердик саясий абал жөнүндө баяндап, азыркы мезгилде согуш чыгып кетүү коркунучу туулуп жатканын, райондон канча бала жылыга аскерге чакырыларын,
ушул кезде канча бала аскерде кызмат өтөп, кандай ийгиликтерге жетип, ошол эле учурда кандай тартипсиздиктер орун алганын, мамлекетти коргоого жиберип жаткан балдардын аскерде жакшы кызмат өтөөрүнө ата-энелердин,
мугалимдердин ролу чоң экендигин айтып келип, залдагыларга кайрылып:- Урматтуу чогулуштун катышуучулары сиздердин айылга тиешелүү жакшы кабарды айтканы атайын чогулушуңарга катышып отурам. Мына бул катты өзүңөрдүн бир балаңардын аскердеги кызмат өтөөдө жетишкен ийгиликтери туурасында жазылган экен. Эгер уруксаат берсеңиздер бул каты окуп берейин дегенде залдагылардан:
-Уруксаат, уруксаат,-деген үндөр чыкты. Военком катты окуй баштаганда залдагылар тым-тырс болуп тыңшап калышты. Сагаалы орусчага түшүнбөсө да, элдин кунт коюп, өзүнүн уулу жөнүндөгү жакшы кабарды угуп жатканына сыймыктанып,
чекесинен терин бет аарчысы менен сүрүп жатты. Военком катты окуп бүткөндө залдагы бүт эл кол чаап жиберишти. Военком:-Ушундай уулду тарбиялаганыңызга чоң ырахмат,-деп микрафондон айтып трибунадан туруп келип, Сагаалынын колун кысты, президиумдагылар да колдорун сунуп Сагаалыны куттуктап жатышты. Токтобек залдагы дүпүлдөгөн элди тынчтандырып,
-Жолдоштор, күн тартибиндеги каралуучу маселелер каралып бүттү, эми токтомдун долбоорун колхоздун башкы бухгалтери чогулуштун секретары Аманкулов Асанкадыр окуп берсин,-деди.
Асанкадыр залда отурган эле, аты-жөнүн укканда ордунан туруп, кагазы менен трибунага чыгып чогулуштун токтомун окуй баштады. Асанкадыр узун бойлуу, арыкчырай, чап жаак, ачык айрым, жашы Абылайлар курактуу киши эле, аны эл «попугай» деп койчу. Себеби чогулган жерде Абылай эмне десе кайталап турганынан болсо керек. Ал мурда даярдалган токтомдун долбоорун окуп бүткөндөн кийин, Токтобек:Кимдин токтомго алымча, кошумчасы бар- деди, зал тып-тынч болуп эч кимиси унчугушкан жок. –Анда чогулуштун токтому бекитилсин дегендер кол көтөрүп койсоңуздар,
-дегенде баары колдорун көтөрүштү. Каршы, калыс дегенде эч кимиси колун көтөрүшкөн жок. Чогулушту жыйынтыктап Бейшеналы Кулов сөз сүйлөгөндөн кийин чогулуш бүтүп эл өз жумуштарына тарап кетишти.Ошол күнү Сагаалы өзүн бактылуу сезип, кечке чейин күндөгү норманы толтуруп, колхоздун малына тууралган чөптү жеткирүү үчүн катуу иштешсе да чарчаганы билинген жок. Ал кечке дейре убакыттын бат өтүп, кечтин киришин күтүп, кубанычын кемпири Жүзүмкан менен тең бөлүшкүсү келип жүрдү. Кечинде жумуш бүтөөрү менен үйүнө көңүлдүү кайтты
#35 23 August 2015 - 15:20
Кыштын суугу Актогайда да катуу болуп жатты. Сууктун катуу болуп жатканы казарманын ичиндеги терезенин айнегинен карап турган мага дагы билинип турду. Мен эртең менен кросс чуркап жүрүшкөн өзүмдүн ротамдагы балдарды карап тургам. Муз тоңгон айнектерге тыш көрүнбөй баратканда,
улам үйлөп сүртүп коюп, кайрадан тышты тиктейм. Тыштагы столбалардагы зымдарга, темирлерге өзүнчө кар жаап койгондой апапакай бубак басып, эртең мененки сууктан зымдардан зуулдаган үн чыгып турат. Үстүлөрүнө жалаңкат көйнөк кийинип солдаттар, сержанттын башкаруусунда чуркап жүрүшөт. кээ бирөөсү токтой калып, үшүп бараткан кулак, мурунун, беттерин ушалай калып жатышты. Мен аларды көрүп туруп өткөн кышта эле алардын ордунда чуркап жүргөнүмдү эстеп жаттым.Армияда кызмат өтөгөнүмө бир жарым жылдан ашып дед болуп калган элем. Биздин призывтагылар эртең менен орундарыбыздан турбай, ротадагылар туруп кеткенден кийин бир топко жатып каалаган убагыбызда турчубуз. Эртең мененки кросс чуркоого, строевой текшерүүгө катышчу эмеспиз, ашканага барганда да катарга тизилбей эле ротанын артынан ээрчип алчубуз. Ротага наряддын кезеги келгенде караулга жылуу, отуруп карап турчу жерлерге турчубуз, идиш жуумай, пол жуумай, кийим жуумай жумуштарга колубуз тийбей калган. Ок атуучу шаарчага же танкадромго барсак да чаңдабай машинанын алдына отуруп, танкаларды тазалоо менен ишибиз жок калган. Бир сөз менен айтканда бош убактыларыбыз көп болуп, дедтердин жашоосу жеңилдеп калаар эле. Бирок үйгө кетериме аз калган сайын убакыт абдан жай өтүп жаткандай сезилчү, туулуп өскөн жеримди, элимди, ата-эне бир-туугандарымды,
тели-теңтуштарымды сагынып жүрдүм. Бош убактыларым боло калса ой санаамдын баары эле алыскы Ысык-Көлдө болуучу, ал жакты ойлогондон кийин же отуруп кат жазууга кирчүмүн, же жердештериме жолугуп туулуп өскөн жерим, элим жөнүндө чер жазылганча сүйлөшчүмүн.
Терезенин жанында бир азга ойлонуп туруп, бир казармада чогуу жашаган Качкын менен Бейшенге жөнөдүм. Алардын сегизинчи ротасы залдын аркы башында эле, ошондой болсо да кээ күндөрү көрүшпөй да калар элек. Алардын дедтери чогулуп турушкан экен. Качкын көрүнбөгөнүнөн сурасам каптеркада уктап жатат дешти. Каптеркага баш багарым менен дабышымдан ойгонуп кеттиби же уктабай жатканбы, башын көтөрүп мен саламдаша электе эле:-Ой, Беке кел, жөн жай элеби?–деп жанындагы отургучту көрсөттү. Мен отуруп жатып:-Жакшы,
жөн жай эле, учурашайын деп келдим. Өзүң кандай түндүн узундугу бу болсо, түшкө чейин уктап, бул эмнең?–дедим.
Качкындын көңүлү жай экен, кийимчен үстүнө шинелин жамынып жаткан экен. Ордунан тура калып, мага күлүмсүрөй карап:-Ээ, Беке, эмнесин айтасың, түндө самоволкага станцияга барып таңга маал эле келгемин-деп менин жаныма отура кетти. Мен анын сөзүн угууга кызыгып:-Ии,
кептин бары сенде экен, кана айта башта?-деп кулагымды тосо бердим. Качкын станцияга баргандан келгенге чейинки балдар, кыздар менен жүргөндөрүн төкпөй чачпай айтып жатты. Мен анын айткандарын кызыгуу менен угуп, анда-санда күлүп коюп жаттым. Аңгыча тыштан кросс чуркап жаңы эле кирген Бейшен,-Ой дедтер кандайсыңар?
-деп учурашып калды. Биз аны менен учурашып, жаныбыздан кел отур деп орун көрсөтө бердик. Качкын сөзүн улантып, берки экөөбүз анын сөзүн талкуулап, черибиз жазылганча сүйлөшүп эртең мененки тамака барууга убакыт болгондо өзүмдүн тогузунчу ротамды көздөй кеттим.Мен бул экөөнөн тышкары бош убактым көбүрөөк боло калганда биринчи батальондогу Түп районунун Корумду айылынан келген Султанбек, экинчи батальондогу Талаптык Нурматка, Чүйлүк медсамбаттагы Болотко жолугуп турчумун.Бир күнү декабрь айынын орто ченинде таңга маал тревоганын серенасы угулуп, таблодон «тревога», «тревога» деген жазуу өчүп күйө баштады. Биз орундарыбыздан атып туруп, мурдагы тревогадагыдай эле каптеркадан кийим-кечелерибизди,
рюкзактарыбызды,
складдан курал-жарактарыбызды алып тышты көздөй чуркап жөнөдүк. Мен тышка чыгарым менен командир ротанын үйүн көздөй чуркадым. Бул сапар танкалык полк тревога менен бүт көтөрүлгөн экен. Штабдын жанындагы радио берүүдөн «тревога»,«тревога» деп кыйкырып, серенанын үнү озондоп жатты. Мен командир ротага кабарлап коюп, кайра чуркап бокстун жанына жеткенде, танкалар бокстан чыгып батальон боюнча өткөндөгүдөй болуп танкалар жана башка техникалар коллоналарга тизиле баштады. Мен чуркап барып танкама түштүм. Көп өтпөй эле өткөндөгүдөй буйрук берилип станцияны көздөй жөнөдүк. Станцияга мурункудай эле убакта жеткенибиз менен жерге жарык кирип таң жаңы аткан. Бу сапар мурдагы чоң учениядагыдай бүт гарнизон көтөрүлбөстөн танкалык полк эле көтөрүлгөндүктөн мурдагыдай ученияга барабыз делип ачык айтылбастан,
кайда барарыбыз белгисиз болуп, солдаттар эле эмес офицерлер да билишпейт экен. Танкадан чыга калганда, таңкы суук бетти, колду каарып, темирлерди кармаганда колдорубуз жабыша калып, танкаларды поездге жүктөө жайкыга караганда чоң кыйынчылык менен түш оой араң бүттү. Өткөн чоң ученияда поезд күн батышты баштанып турса, эми поезд күн чыгышты баштанып турду. Техникалар жүктөлүп бүтөрү менен үч суткага эсептелген кургак тамактар таратылып түштөндүк. Дагы эле кайда барарыбыз түшүнүксүз болуп, ар кимиси ар кайсыны айтышып, бирөөлөрү жөн эле ученияга бара жатсак керек дешсе, бирөөлөрү Кытай менен согуш башталыптыр,
согушка бара жатабыз дешип үрпөңдөшүп,
кыжы-кужу болуп жатышты. Бир кезде саат экилерде жолго чыгууга буйрук берилип бул сапар киши ташыган вагондорго отуруп, Аягуз шаарына барарыбыз белгилүү болду. Бирок эмне үчүн бара жаткандыгыбыз дагы эле белгисиз бойдон калды.Биз жолдо бара жатканда мурдагы ученияга бара жаткандагыдай бири бирибизди тамашалап күлбөстөн, сабырыбыз суз болуп, ар кимиси өз ойлору менен алектенип баратышты. Биздин мындай абалда болорубуздун себеби бар эле, ошол 1975-жылдын күз айларында Кытай мамлекети менен Советтер Союзунун ортосундагы мамиле начарлап, согуш чыгуу коркунучу туулуп жатат деп далай жолу саясий окуулардан укканбыз. Кийинчерек андай сөздөр кичине басаңдап калган эле. Анын үстүнө полктун офицерлери да кабактарын ачпай бизди катуу кармап, бизден бир нерсени жашыргандай болуп, өздөрүнчө күңкүлдөшүп,
шыбырашып бизге угузбай сүйлөшүшкөнүнөн улам, чын эле согушка бара жатабызбы деген ойлорду ойлоого аргасыз болуп жаттык. Бирок биздин Мекенди коргоого болгон патриоттуулугубуздун күчтүүлүгүнөн согуштан анча деле коркконубуз жок. Вагондогу солдаттардын биринин да оозунан наалыган сөзүн уга алган жокмун. Же мекенди коргоо үчүн ант беришкендиктенби,
же «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген макал сөз төрөлгөндөн канга сиңип калганбы, буйрук берип, алга десе артка кылчайбай согуш болуп жаткан күндө да алдыга жөнөөгө даяр элек.Мага чын эле согушка баратабызбы деген ой келе калганда жүрөгүм түпөйүл боло түшүп, кайра Мекенди коргоого баратканымды ойлоп, сыймыктанып жаттым.Түндүн бир оокумунда Аягуз шаарынын станциясына жеттик. Жетерибиз менен эле техникаларды поездден түшүрүүгө буйрук берилди. Техникалар поездден түшүрүлүп бүткөндөн кийин станциядан үч төрт километрдей аралыкта жайгашкан Аягуз гарнизонунун жанындагы талаага танкаларды жана башка техникаларды токтоттуруп кайтарууга күзөтчү коюп калганыбызды ошол жердеги танкалык полктун казармаларына бөлүштүрүп андагы солдаттар менен жатууга буйрук берилди. Тыштагы сууктун күчүнө кутурган итти байласа да чыдагыс эле. Жеке эле суук болбостон шамал, бороон болуп жаткан бир кроватка экиден солдат жатып, эптеп таң атырууга туура келди. Ал жерден учебкада чогуу болгон Кажысайлык Эшен, Камчы деген балдарды, Тоң районунун Большевик айылынан Догдурбекти издеп таап, алар менен бир туугандай кучакташып,
өбүшүп учураштым. Алар да бул эмне деген тревога экендигин билишпегендигин айтышты. Убактыларыбыз аз болгондуктан алар менен деле көп сүйлөшө алганым жок. Бизге ал жердеги ашканадан тамак беришкенден кийин кайра техникаларыбызга жөнөгөндө, ал жердегилерге да тревога болуп, тревоганын серенасы угулду. Ал жерден биздин полкко дагы ончакты километр жол жүрүүгө буйрук берилип, болжогон жерге жеткенден кийин ар бир танканы маскировкалатып согуш абалындагыдай тартип киргизип ар бир ротага бирден палатка тиктирип, аларды да маскировкалатып,
түнкүсүн от жактырбай күндүзү палатканын ичине орнотулган ортосу оюлуп керней чыгарылып жасалган титан сыяктуу солярка менен жагылган мештерге от жагып жылынууга туура келди. Жалаң кургак тамактар менен тамактанып жаттык. Ошентип кыштын кычыраган суугунда үч сутка талаада жашагандан кийин учения токтотулсун деген команда берилип, чогулуш болоору кабарланды.
Бул чогулушка биздин полктон башка дагы беш алты полк катышты. Көрсө Орто Азия округунун ичинен бир корпусунун жалаң танкисттердин полктору бул ученияга катышкан өңдүү. Бардык полктор өз өз бөлүктөрү менен тизилип бүткөндөн кийин корпустун командачысы генерал майор (фамилиясын биле алган жокмун) командачылык кылып, аскердик тартип боюнча чогулушка катышуу үчүн келген Орто Азия округунун башкы командачысы армиянын генералы Ляшенкого рапорт берди. Армиянын генералы Ляшенко да аскер тартиби боюнча ортого басып келип, баарыбызга бир салам айтып учурашты. Биз салт боюнча саламдашып учурашкандан кийин «ура, ура» деп үч жолу кыйкырдык. Ляшенко мурда генерал полковник болсо, эми Армиянын генералы деген чин алыптыр. Ошондо Ляшенкону жакындан көрдүм, ал өтө зор киши экен. Жанында турган генерал, офицерлер анын көкүрөгүнөн эле келип калышты. Мен аларды көрүп, мугалимдин жанында турган алтынчы, жетинчи класстын балдарына салыштырдым.
Ляшенконун сөзүнө караганда ушул күндөрү биз турган жерден Кытай, Советтер Союзуна кол салмак болот. Ошондуктан танкисттердин корпусун жогорку согуш даярдыгында кармап турганы ошондон экен. Эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытай кол салбай калгандыктан,
биздин коргонуубуз токтотулуп,
кайра бөлүктөрүбүздөргө тарап кетмей болуптурбуз.
Көрсө биз ученияга келбей эле согуш коркунучунан улам чек араны коргоо үчүн келген экенбиз, ошондуктан офицерлерден өйдө эмнеге келгенибизди билбей жатышкандары ошондон экен. Чогулуштан кийин биздин полк келген жолубуз менен кайра станцияны көздөй жөнөдүк. Бирок офицерлер менен солдаттардын өз Мекенин коргоого даяр экендиги даана билинди.Биз бөлүккө келгенден кийин убакыт билинбей өтүп жатып жазга да келип жеттик. Мен үчүн 1976-жылдын 30-март күнү эсте каларлык кубанычтуу күндөрдүн бири болду. Анткени көптөн күткөн СССРдин Коргоо министри А.А. Гречконун аскерде кызмат өтөп жаткан солдаттарды үйлөрүнө дембилге жөнөтүү жөнүндөгү №343-буйругу чыкты. Ал буйрукту укканда ушул жазда дембилге кетүүчү туулуп өскөн жерин, элин сагынган солдаттардын баары кубанды. Алар газета, журналга чыккан Коргоо министринин буйругун көтөрүп алышып, бири бирин куттуктап жүрүштү. Эки жылы армияда аскердик турмуштун ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңуп жүргөндүктөн үйлөрүнө кетишеринде ого бетер ынтымактуу болушуп, улуттарына,
кайсы жерлерден экендиктерине карашпай бири бирине кат жазып турушмай болуп адрестерин алып жатышты. Арадан он чакты күн өткөндөн кийин дембилдердин алды үйлөрүнө кете башташты. Дембилге жума сайын дайыма экинчи күнү полк боюнча жыйырмадан солдат кетип турду. Алар эртең мененки дембилдик коштошуу тамагынан кийин оркестрдын коштоосунда полктун жетекчилигинин алдынан өтүп чогуу автобуска түшүп алып станцияга кетишчү. Мен да өзүмдүн үйүмө кетүүчү күнүмдү күтүп, кийим кечелеримди камдап, даярдык көрүп жаттым. 16-май күнү кечинде ротанын командири, капитан Егоров мени өзүнө чакырып алып эртеси күнү дембилге кетеримди айтты. Мен угарым менен Качкынга барсам анын да ротасынын командири эртең кетесиң деп жаңы эле айткан экен. Биз чогуу кетмей болгондугубузга абдан кубандык. Экөөбүз ээрчишип алып Нурматка барсак, анын качан кетери белгисиз болуп жатыптыр. Ал түнү батальондогу эски кызмат өтөгөн балдар менен түн жарымына чейин отуруп коштоштук.Ордума келип жаткандан кийин ары-бери ооналактап уктай албай койдум. Оюма ар кайсы ойлор келип бир чети туулуп өскөн жерди, элди, үйдөгүлөрдү сагынып жатсам, бир чети бир жарым жыл кызмат өтөгөн жерди таштап кетким келбей жатты. Жана эле эртең үйгө кетмей болдуң деген кабарды укканга чейин батыраак эле кетсем экен деп күн санап, саат санап жатсам, эми кетким келбегенине таң калдым. Ар кайсы ойлор менен алек болуп эзилип жатып таңга маал уктап кеткен экенмин. Дневальныйдын «рота падём» деген үнүнөн улам ойгонуп кеттим. Ротадагы солдаттар топурап кийине башташты. Бул сержанттын көңүлүнө жакпай калды көрүнөт кайра «одбой» деди. Мен ордумдан шашпай туруп кийинип бүткөнчө сержант жаңы келгендерди бир канча жолу жаткырып, тургузду. Мен аларды карап туруп өткөн турмушумду эстеп жылмайып койдум да аларга кийлигишпей жуунганы басып кеттим.Эртең мененки тамакка барганда коштошуу үчүн идиш аягымды өзүм өткөрүп ашкананын терезесин көздөй жөнөгөндө, бүт залдагылар идиш-аяк, столдорун кашыктары менен койгулап узатып турушту. Мага да ушундай коштошуу аземинин келүүчү убактысын бир кезде кудайымдан тилегеним эсиме түшүп, ошол тилегиме жеттим. Коштошуу аземине катышып жатканыма кудайга ыразы болдум. Ашканадан түз эле казармага келип, каптеркадан даярдап койгон чемоданымды алып чыгып баратканымда ротанын офицерлери солдаттар менен күтүп турушкан экен. Адегенде капитан Егоров келип, ак жол каалап кучактап бетимден өпкөндөн кийин, калгандары анын артынан келип коштошуп жатышты. Мен да аларга ийгилик каалап, эшикке чыга бергенде старшинанын «рота строиться» деген буйругу угулду, мен көзүмө келе калган жашымды араң тыйып, эшикти көздөй аттадым. Тышка чыксам аянтта дембилге кетүүчү солдаттар чемодандарын алып тизилип турушкан экен, мен да аларга барып кошулдум. Асман көп-көк болуп күндүн жылуу нурлары мээримин төгүп бизге биздин аскердик милдетибизди ийгиликтүү аяктап үйлөрүбүзгө кетип баратканыбызды куттуктап жаткандай күн жылуу болуп, атайын кооздук үчүн отургузулган бак дарактар ар кайсы түскө бөлөнүп, гүлдөр жайнап кызмат өтөп бүтүп калтырып кетип жаткан жерибиз ого бетер кооз көрүнүп турду.Мен кошулгандан көп убакыт өтпөй эле полктун штабынан полковник Тыжненко эки-үч офицер менен бери чыгып аянттын четине жеткенде, биздин жаныбызда турган полктун дежурный офицери улуу лейтенант бизди түздөндүрүп сол жакты каратып коюп аскер тартиби боюнча басып барып чест берип, полктун дембилге кетүүчү солдаттарынын узатуу аземине тизилгендиги туурасында рапорт бергенде полктун командири биз менен учурашып, андан кийин ак жол каалап сөз сүйлөдү. Биз адаттагыдай эле оркестрдын коштоосунда параддан өттүк.Музыканттар биз автобуска түшкөнчө чоң салтанатта ойногон көңүлдүү маршты ойноп жатышты. Биз менен кошо автобуска бизди станцияга чейин узатып келүү үчүн эки офицер да кошо түшүштү. Биз автобустарга түшөөрүбүз менен терезелерге жабышып алып кол булгалап жалпы эле гарнизон менен көрүнгөн офицер, солдаттар менен коштошуп бараттык. Кээ бир солдаттар көздөрүнө жаш алып ыйлап жатышты, менин да көзүмө жаш тегеренип кетти. Биз менен барган офицерлер бизди түз эле вокзалга алып барып, дүкөндөрдү кыдырып белек бечкек алып алалы дегенибизге болбой, белет алдырып поездге салып жиберишти. Качкын экөөбүз Отарга чейин белет алдык, андан ары автобус менен Фрунзеге кетмекчибиз.
Себеби поезд Аягуз-Москва маршруту боюнча кетип бараткандыктан Фрунзеге кайрылбай Алма-Ата аркылуу кетмек. Бизге автобуска Отардан отурган ылайыктуу эле. Биз вагонго түшкөндөн кийин орундарыбызга отурбастан терезеге барып тышты карап турдук.Поезд ордунан жылгандан баштап станциянын четине чыгып, гарнизондон өтүп, качан гана гарнизондун карааны көрүнбөй калганча үн сөзсүз ар кимибиз өз ойлорубуз менен алек болуп карап турган элек. Ордубузду таап отургандан кийин да, соодасы бүткөн сарттай болуп, томсоруп отуруп калган экенбиз.Бир убакта Качкын:-Ой, Беке армиялык милдетибизди аткарып, үйгө бараткан киши өңдөнүп, көңүл ачып отурбайлыбы-
деп күлө карады. Мен анын сөзүнөн улам томсоруп, бир нерсесин жоготкон адамдай болуп баратканыма тынчсыздана түшүп:-Кантип көңүл ачабыз-дедим.
-Бул поезде бизге окшогон дембилдер бар экен, жердештерибизди издебейлиби,
алар менен жолугушуп каларбыз-дегенде мен макул болуп экөөбүз ээрчишип алып, вагондон вагонго өтүп кыдырып жөнөдүк. Эки вагондон өткөндөн кийин үчүнчү вагонго жеткенде Тоң районунун Большевик айылынан учебкада чогуу болгон Догдурбек деген жигит менен жолугушуп калдык. Аны менен кучакташып учурашып, ал-жайыбызды сурашкандан кийин, дагы жердештерге жолугушуп калабызбы деп Догдурбекти ээрчитип алып, поездин аягына чейин барып, эч кимди таба алганыбыз жок. Эми үчөөбүз болуп калдык.Отар станциясына бешим ченде келип, Фрунзеге кечке калбай жетүү үчүн, ал жерге токтолбой автовокзалына барып, Фрунзеге кетүүгө белет алып, ал жерден автобуска отуруп Фрунзеге келгенибизде күн батаарга чукулдап калган эле. Мен ошондо Фрунзени биринчи жолу көргөн элем. Автобустан түшөөрүбүз менен кыргыздар менен саламдашып учурашып аркы-беркини сүйлөшкөндө эле, бир туугандарымды көргөндөй, үйгө жеткендей болуп абдан кубандым.Фрунзенин кооздугуна кызыгып, беркилердин бол баспайсыңбы дегенине болбой, басып баратып тегерете карай бердим. Алдыбыздан чыккан жеңил жарашыктуу кийинишкен татынакай кыз жигиттерди көрүп, аларга аралашып мен дагы ушул шаарда басып жүрсөм деп суктанып жаттым. Алар да бизге суктангандай болуп, кечке тиктеп жылмайып жатышты. Себеби биз үчөөбүз тең аскер формаларыбызды аябай кооздоп окшошуп кийинип алганбыз. Ал кийимдерибиз өзүбүзгө абдан жарашып турган; төштөрүбүздө значоктор толтура болуп, чоң эрдик жасап келаткан баатырлардай болуп алардын көзүнө көрүнүп жатсак керек.Биз кайда жатарыбызды билбей караңгы киргенче тааныш издемей болдук. Мен берки балдарга, университетте агамдын окуп жатканын айтсам, алар ошол жака баралы дешти. Качкын мурун Фрунзеге келип жүргөн экен, ал бизди ээрчитип алып университеттин жатаканасына алып келери менен, менин агамдан мурда эле өзүнүн бир тааныш баласы кезигип калды. Качкын аны менен кучакташып учураша кетти. Андан кийин биз аны менен таанышып сүйлөшүп туруп калсак, Качкынга:-Кимди издеп келип калдыңар,-деп калды, Качкын:-Жатчу жер издеп жүрөбүз-деп мени көрсөттү.-Бул жигиттин агасы ушул жерде экен-дегенде эле:-Ой, бая эле ошентпейсиңерби,
жүргүлө менин комнатамдагы балдарды башка комнатага кууп жиберип, силерге орун бошотуп берем-деп калды. Биз аны угуп абдан кубанып кеттик, себеби күн батып кеч кирип кеткен эле. Студенттик турмуш менин да башымдан өтүп калгандыктан дүкөндөн тамак-аш алып алалы деп беркилерге шыбырап, алдыбыздан жолуккан биринчи дүкөнгө кирип, тамак-ашты кеңири алып, ал тургай винолордон да алып алдык. Ал жигиттин жатаканасы жакын эле жерде экен. Беш этаж имараттын төртүнчү этажында жашайт экен, комнатасында өзүнөн башка үч бала отурушуптур.
Бизди тааныштыргандан кийин ал жерде жайланышып отуруп калдык. Тамак-аш ичилип бир топ отургандан кийин, жол жүрүп чарчаганга алдыбыз үргүлөй баштаганда,
ал жерде жаткан балдар:-Эс алгыла–дешип комнаталарын бизге бошотуп берип чыгып кетишти. Биз чечинип жатаарыбыз менен уйкуга кеттик.Эртең менен уйкудан ойгонуп көзүмдү ачсам, Качкын менен Догдурбек туруп кийинип жатышкан экен. Качкын: -Тур Беке шаарды көрөлү-деп калды. Мен радиодон ырдап жаткан «Тоо гүлү» деген ырды абдан берилип угуп жаткан элем. Анткени эки жылдан бери кыргызча ырды биринчи уккангабы мага ыр абдан жагып, ыр бүткөнчө кыймылдабай угуп жатып, ыр бүткөндөн кийин туруп кийине баштадым, бат-баттан кийине салып терезеден көчөнүн кооздугу, кызыл-тазыл кийинген жердештеримди көрүп жагымдуу музыка коштоп турганга жүрөгүм элжиреп кеттиби: «эх, жигиттер ушундай кереметтүү жерге келип алып кантип комнатада отурабыз, жүргүлө кеттик көчөгө» дедим да шыпылдай басып эшикке чыктык. Биз көчөгө чыксак түнкүсүн жаан жаап өткөн экен күн жаңы эле ачылып, нурларын айлана–чөйрөгө чачырата баштаптыр. Фрунзе ошол май айынын ажайып күнүндө гүлгө оролуп турган убагы эле. Айлана-чөйрөнүн кооздугу, кызыл-тазыл кийинген кыздар баары бири-бирине жарашып тургандай болуп үчөөбүз ошондогу жомоктогу кереметтүү дүйнөгө туш келгендей болдук. Мен биринчиден мындай кооз шаарды биринчи аралап жүргөндүктөн,
экинчиден элимди сагынгандыктан,
эртең мененки таза аба, куштардын сайраганы, ар кай жерден чыккан жагымдуу кыргыз музыкасынын үндөрү, деги эле койчу делебемди козгоп жалындуу жаштыктын илеби күйүп жанып эмне кылаарымды биле албай жаттым.Биз Фрунзеде үч күн балдар кыздар менен ойноп күлүп жүрүп, үч күндөн кийин Ысыккөлдөгү туулуп өскөн жерибизге, элибизге жөнөдүк. Үчөөбүз тең көлдөн болгондуктан Каракол шаарына көлдүн түштүк жагы менен баруучу автобуска отурдук. Биздин белетибиздеги орундар автобустун арт жагында болгондуктан,
артына өтүп ордума барсам, менин жанымдагы орунда бир татынакай кыз отурган экен. Мен анын жанынан орун алдым. А берки экөө биздин арт жагыбыздагы орундардан орун алышты. Менин ордум кыздын жанындагы орунга туш келип калганынан улам «мен отурайынбы» дешип улам бирөө жаңдап жатышты. «Мен ичиңер күйсө туз жалагыла» дегендей кылып тигилерди карап, кызды жаңдап көрсөтүп коюп, шылдың кылып күлүп жаттым.Берки кыз көрмөксөн болуп, терезени карап отурат. Эл толгондон кийин автобус ордунан жылып, көлдү көздөй жол тартканда сөздү эмнеден баштап кызга тийишеримди билбей ойлонуп баратсам, артымдагы экөө улам бирөө чукулап, жанымды койбой болбойсуңбу деп жатышты.Акыры автобус бир топ жүргөндөн кийин тигилердин кыстоосуна чыдабай: -Чоң кыз таанышып албайлыбы, атыңыз ким?-дедим. -Бактыгүл-деди.
Мен да өз атымды айттым. Андан кийин сөз таба албай бир топко чейин кайра унчукпай калдым, тигилер да шаштырып чукулаганда:
-Кайда бара жатасыз?- десем, -Дарканга-десе болобу, мен уккан кулагыма ишенбей: -Дарханга дейсизби?-деп кайра сурадым. -Ооба-деди. -Сиз кимдин кызы болосуз? Мен да Дархандык болом. Ал мени карап туруп: -Сиз Алимандын агасысызбы?
-деп менин суроомо жооп бербей эле, кайра мага суроо узатты.-Ооба,
мен Алимандын агасы болом, сиз Алиманды кайдан тааныйсыз?- десем, Бактыгүл:-Мен Алиман, Калиман менен чогуу окуганмын-деди.
Мен эмне дээримди билбей карындаштарымдын классташы экенин билгенден кийин ак деп да, көк деп да айта албай калдым. Бир топтон кийин Бактыгүл: -Аба армиядан келе жатасызбы?-деп суроо узатты. Мен анын суроосуна жооп берүүдөн башка арга таба албай калдым. Менин айылга жеткенче баары бир бул кыз менен таанышып алып берки эки жолдошумду суктантам деген оюм таш талкандай болду. Эми жанынан кантип туруп тигилердин бирөө менен орун алмашаарымды билбей бара жаттым. Бир кезде автобус муздак сууга келип токтоп, эс алып алгыла дегенде, жүргүнчүлөрдүн баары жерге түшө баштады. Жерге түшкөндө берки экөө жаныма келип: -Ой, ий, абдан жакшы кыз көрүнөт, өзүң эле таанышпай бизди деле тааныштырсаң-
дешкенде кимгедир ачуум келгендей: -Эгер силерге жагып калса мени менен орун алмашып, өзүңөр таанышып алгыла-деп басып кеттим. Доктурбек артымдан чуркап келип:- Беке, сенин ордуңа мен отурайынчы-
деди.-Мейлиң-
деп кыска жооп бердим. Биз автобуска кайра кирип отурганда Доктурбек экөөбүз орун алмашып отурдук. Доктурбек ачык–айрым сөзмөр жигит эле. Бактыгүл экөө бат эле таанышып, сүйлөшүп кетишти. Качкын экөөбүз артта аркы-беркини сүйлөшүп отуруп уктап кеткен экенбиз. Бир убакта ойгонсом, Кажысайдан өтүп бара жатыптырбыз.
Тыш караңгы болуп калыптыр. Алдыбыздагы Доктурбек менен Бактыгүл дагы эле сүйлөшүп бара жаткан экен. Адегенде этибар албай кайра үргүлөп бара жатып Доктурбектин Большевик айлынан экени эсиме түшө калып, көзүм чайыттай ачылып тигини далыдан чапчып:-«ай,
сен айлыңдан өтүп кеткен турбайсыңбы»-
дедим. Ал сөзгө абдан берилип алган экен, чочуп кетип: -Чын элеби-деп терезени карай салып:-«туй ата өтүп кеткен турбаймынбы,
эми кантем»-деп карайлап калды. Мен аны жоошутуп: -Эч нерсе эмес азыр караңгы болуп калды, бул жерден түшүп калсаң, унаа чыкпай, убара болуп каласың. Андан көрө меникине жатып ал, эртең менен кайра салып жиберем-дедим.
Берки кызга да карадыбы көпкө ойлонуп турбастан эле башын ийкеди. Качкын Каракол шаарынан ары Түп районунун Кош-Дөбө айылына кетиши керек эле. Ал жакка түн ичинде эмес күндүз да автобус аз каттагандыктан ал дагы менин үйүмө калып калмай болду. Ошентип үчөөбүз тең айсыз караңгыда айылдын кире беришинен менин үйүмдүн тушунан түшүп калдык. Мына туулган жердин баркы алыста жүргөндө билинет дегендей түшкөн эле жерде караңгы болгондуктан көзүм жеткен жерге чейин тегерегимди карасам баары тааныш үйлөр, ал тургай үйлөрдүн ичинде кимдер жашаарынан өйдө билинип турду. Аларды көрбөсөм да баарын көзүмө элестетип алдым.Түн ортосу ооп калгандыктан анда-санда гана иттердин үндөрү угулбаса кыбырт эткен жан жок. Бак-дарактар дүпүйүп кээ бир үйлөрдүн жарыгы күйүп турду. Айылдын таза абасынан кере жутуп ичимден: «саламатсыңбы тулуп өскөн айылым, эли-журтум мен келдим дедим да, берки экөөнү жүргүлө үйгө, кеттик дедим». Үчөөбүз ээрчишип Мөкүш абышканын көчөсү менен өйдө бастык. Үйгө кирсек үйдөкүлөр жатып алышкан экен. Терезени тыкылдатсам:
-Бул ким?- деген Жаңылкандын үнү угулду. -Мен келдим-дегенде эле үнүмдөн таанып: -Бекказы абам келиптир-деп айтып топурап кийине башташты. Мен үйдүн эшигине жеткенче эшик ачылды. Жаңыл экөөбүз кучакташып учурашканча Алиман, Калиман, Светалар да келишип, алар менен да учурашып үйгө кирдим. Берки экөө көрүшүп алышсын дештиби короодо калышкан. Алар менен учурашып бүткөндүн кийин үйгө киргизип карындаштарым чай коюп, ал жайды сурашып отуруп таң атаарга жакын жаттык.Ата-энем жылдагыдай эле колхоздун малын топтоп төштөгү сарайда экен. Июнь айы жаңырары менен мен келгенден кийин жээке көчкөнү жатышыптыр.
Конокказы абам Фрунзеде подкурста окуп жатыптыр. Мен аны менен кезиге алган жок элем. Аны менен үч жарым жыл кезикпегендиктен абдан сагынгамын.
Фрунзеден эки жолу издеп барып экөөндө тең таппай калгам. Алиман окуусун бүтүп келип айылда дүкөнчү болуп иштеп жатыптыр. Калиман үйгө каралашып үйдө болуптур. Жаңыл менен Света мектепте окуп жатышыптыр.
Ырысбек ата-энем менен экен, калган ага-тууган, кошуна-колоңдор аман-эсен жатышыптыр.
Алардын баарын бир сыйра сурап алып санам тына түшкөнгөбү же жолдо жүрүп катуу чарчагангабы уктап кеткен экенмин. Светанын: -Аба туруңуз, атам менен энем келди-деген үнүнөн улам тура калып терезени карасам, грузовой машинанын үстүнүн атам, кабинадан энем менен Ырысбек түшүп жатыптыр. Машинанын үстүндө кошунабыз Кыдырмыш аба да бар экен. Көрсө ал киши менин келгенимди ата-энеме сүйүнчүлөп барган окшойт. Аларды көрө коюп шапа-шупа кийине калып астын тосуп үйдөн чуркап чыктым. Ата-энем менен кучакташып өбүшүп учурашып жатканда эле тегеректеги кошуна-колоңдор чогула башташты. Ата-энем төштөгү сарайдан кой ала келишкен экен. Малга бата тиленип түлөөгө кой союлуп кошуналар, ага-туугандар чакырылды. Мага учурашканы келгендер чоң кишидей мамиле кылып жатышты, мен да алардын анысын сезип өзүмдү токтоо кармап, орунду сүйлөөгө аракет кылып жаттым. Түлөөдөн кийин ата-энем малына кетишти. Качкын менен Докдурбекти эртеси эртең менен эрте үйлөрүнө салып жибердим. Көчөдө ары-бери басканда өзүмдү чоң кишидей алып жүрө баштадым.
#36 23 August 2015 - 15:21
Көчөдө ойноп жүргөн балдарга кошулуп мурункудай ойноп кете албай четтеп калдым. Демек бул балалык курагым артта калып жигиттик куракка келгенимдин белгиси эле. Убакыт өткөн сайын турмуш улам бийиктикке жетелей берет тура. Көчөдөн жолуккандар да аскердик формамды сылашкандыктанбы же өзүмдү токтоо алып жүргөнүмдөнбү мага кичи-пейил мамиле жасашып, жакшылап учурашып жатышты. Ал тургай көчөдө бара жатсам терезелеринен карап турушканын байкап калчу болдум. Ага-туугандар,
жакшы санаалаштар жакшы тамагы болсо чакырып армиядан келгени коноктоп жатышты. Мен армияда жүргөндө бир топ абышка-кемпирлердин көздөрү өтүп кетишиптир аларга көз көрсөтүп жаттым. Армияга кете электеги кичине балдар-кыздар чоңое түшүшүптүр.
Бир күнү терезени карап турсам үйдүн маңдайындагы колонкадан бир суйкайган сулуу кыз суу алып жатыптыр. Үйдөн чаканы алып чуркап чыгып колонкадагы кыздын жанына жетип барсам, тиги кыз кудай жалгап менден мурда: -Саламатсызбы Бекказы аба аскерге жакшы барып келдиңизби?
-десе болобу. Жакшылап карасам өзүбүздүн эле кошунанын кызы экен. Кызара түшүп уялып кетип: -Жакшы-жакшы өзүңдүн окууларың жакшыбы-дегенге араң чыдадым. Ичимден атаңдын көрү аз жерден абийирим кетип кала таштады ээ, эми сак болбосоң булар чоңойуп калган турбайбы деп алдым.Карындаштарым да бойго жетип, созолонгон кыздар болуптур. Мына ошолорду көргөндө өзүңдөн өзүң токтолбоско чараң жок экен. Теңтуш балдарыма барып калганда кыздарга жолугуп калсам а дегенде акырын сураштырып аты-жөнүн, кайда жашаарын билгенден кийин гана ачылып тамашалашып сүйлөшө турган болдум. Мына ушинтип турмуш акырындап тарбиялай баштады. Айылга келгени эртели–кеч короолорду ирээттеп, огороддогу өсүмдүктөрдү сугарып, отоп-түптөп,
кашааларын оңдоп кичине эле бошой калганда ошолор менен алектенип көчөгө деле көп басканым жок. Теңтуш балдарымдын дээрлик көпчүлүгү армияга кетишиптир.
Айылдагы кошуналардан Жолоочу эле айылда калыптыр. Ал дагы колхоздо машина айдап таң күнү талаада экен.Кечкисин дайыма ата-энем болуп күндүз короо жайды бир сыйра ирээтке келтирип коюп айылдан аз да болсо сагынычым тараган соң техникумдагы окуумда жайкы сессия баштала турган убакыт болуп калгандыктан айылда бир жума тургандан кийин Түптөгү окуума жөнөдүм.Техникумга барсам өзүм менен чогуу окуган группалаштарым окууларын бүтүп кетишкен экен. Алардан тышкары мурда окуп жүргөндөгү тааныгандарымды да жолуктура алганым жок. Ушул эки жылдын ичинде техникумда да бир топ өзгөрүүлөр болуптур. Техникумдун күн чыгыш жак кире беришинде эки этаждуу төрт-беш имарат курулуп, киши басчу тратуар жолдор салынып. Гүлдөр отургузулуп айылдын ичи көркүнө чыга түшүптүр. Техникумдун директору Амантуров башка жакка которулуп кетип ордуна Байтолоев деген киши директор болуп барыптыр. Мен ал кишиге кирип документтеримди көрсөтүп болгонун айтып түшүндүрсөм секретарына окуумду улантууга буйрук чыгартып берди. Байтолоев толмочунан келген орто бойлуу, мүнөзү токтоо, жашы кырктардан өтүп элүүлөргө барып калган киши экен. Мен буйрук боюнча агрономдук факультеттин экинчи курсуна кирдим. Мурда жыйырма бешинчи группада болсом, эми жыйырма үчүнчү группага туш келдим. Мени менен чогуу окуган балдар жаңы салынган эки этаж жатаканада жатышыптыр.
Мурунку төрт этаж жатакана ветеренария факультетинин балдары жатышат экен.Мен агрофактын балдары жаткан өзүмдүн группамдын балдарын сураштырсам менин жаңы окуй турган группамда айылдаш Бектурсун деген бала окуурун, ал биринчи этаждагы сегизинчи комнатада жашаарын айтты. Сегизинчи комнатага барсам Бектурсундар жаңы эле сабактан келишиптир.
Мен алар менен учурашып, жөн жайымды айтсам биз менен эле жатыңыз деп калды. Жанындагысы Жети-Өгүз районунун Аңөстөн айылынан келген Мурат деген бала экен. Ал комнатага коменданттан төшөнчү-орунчу алып орун очок алгандан кийин Бектурсун менен Муратты ээрчитип бул жерде окуган Дархандык балдар бар дешкенинен аларды издеп көчөгө чыктык. Ал тегеректеги эки этаждуу төрт имараттын экөөндө зоотехникалык факультеттин балдары, экөөндө агрономия факультетинин балдары жашашат экен. Биз адегенде агрономия факультетинин үчүнчү курсунда окуган Белек, Тынчтык деген балдарга жолугуу үчүн биздин күн батыш жагыбыздагы агрономия факультетинин имаратына кирдик. Белектердин комнатасы экинчи этажда экен. Биз барсак алар комнатасында отурушуптур.
Алар менен таанышып бир топко сүйлөшүп отуруп ал жерде ал күнү башка жердеги балдарга жолуга алган жокмун. Себеби Белек менен Тынчтык менден бир жаш кичүү болушса да, бир курс жогору үчүнчү курста окушат экен.Мен армияга кеткен жылы онунчу классты бүтүп окууга тапшырып экинчи курска өтүшүптүр. Мурда айылда жүргөндө алар өзүмдөн бир класс кийин окушкандыктан өңдөрүнөн тааныганым менен аттарын жакшы билбей калыптырмын.
Анын үстүнө айыл чоң болгондуктан алар айылдын күн чыгыш жак башында жашашкандыктан байланышып көргөн эмес элем. Айылда бири-бирибизди жакшы тааныбаганыбыз менен четке чыкканда бир-туугандардай болуп калат экенбиз. Белек,Тынчтык,
Бектурсун үчөө тең мени менен бир–тууганын көрүшкөндөй болуп жакшы учурашышып колдорунда болгону менен сыйлап жатышты. Мен дагы алардын жакшы мамилесинен улам «сыйга сый-сыр аякка бал» дегендей аларды ашканага алып барып тамак алып берип андан кийин базарлыгым,
комнатамды майлаганым деп комнатама алып барып сыйладым. Ошону менен ал күндүн кандай өтүп кеткени билинбей калды. Белек узун бойлуу, арыкчырай, кара тору, ачык айрым, баскан турганы тың, тирикарак жигит экен. Тынчтык болсо орто бойлуу, толмочунан келген, сөзгө сараң, токтоо жигит көрүнөт. Бектурсун менден эки жаш кичүү болуп онду карындаштарым менен бүтүп, былтыр онунчу класс билими менен окууга тапшырып экинчи курска отуруптур. Ал орто бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым, тамашакөй, жок-барга кейибеген мүнөздүү жигит көрүндү. Берки Мурат Бектурсун менен жашташ. Узун бойлуу, арык чырай, ак саргыл, ачык айрым жигит. Ушул таанышкан төртөө менен тең бат эле тил табышып кеттим.Эртеси эртең менен Бектурсун, Мураттарга кошулуп окууга бардым. Мурда бул жерден окуп кетип аудиториялардын баарын билгендиктен,
мугалимдердин көпчүлүгү тааныш болгондуктан окуу эрежелерин түшүнгөндүктөн группамдагы балдар, кыздар менен таанышкандан кийин эле чоочуркабастан группамдагылар менен аралашып кеттим. Мурдагыга караганда техникумда окуган кыздар көбөйүп кызыл-тазыл кийинип алышкандыктан техникумдун көркүн ого бетер ачып тургандай болушту. Тартиптин да оңолуп калганы сезилип мурдагыдай балдар тийишпей калыптыр. Эки жылдан бери көрбөй жүрүп окуган жеримди сагынып калгангабы айлана-чөйрөнүн баары көзүмө жакшы көрүнүп көңүлүм көтөрүнкү жүрдүм. Белек, Бектурсун болуп үчөөбүз фонтандын жанынан сүрөткө түштүк. Ошентип техникумдагы окуумду кайрадан уланта баштадым. ***Күн чоң шашке болуп аркан бою көтөрүлүп калганы менен күн эритип жиберчүдөй ачуу тийгендиктен,
аба түштөгүдөй үп тартып күнөстө жүн сабап отурган Жүзүмкандын дем алганы оорлоп, оорукчан өпкөсү кышылдай баштады ал ордун которуп отурганга ылайыктуу көлөкө жер издегени ордунан туруп, эки жагын карап жатканда айыл тараптан кыздары Жаңылкан менен Светанын келе жатканын көрүп жүрөгү оозуна тыгыла түшчүдөй акылдап кетти. Ал ичинен капырай эмне алтынчы күн боло электе эле эрте келе жатышат, деги жакшылык эле болсо экен деген ойлор менен кыздарын тиктеп туруп калды. Иштин кызуусуна кирип көл-шал болуп тердеп кеткенин сезбей калган экен. Чекесинен куюлган тер көзүнө кирип көзүн ачыштырганда жоолугунун учу менен терин аарчыды Жүзүмкан, кыздары үн жетээрлик жерге жеткенде эле чыдап тура албай: -Эмне болуп кетти, деги тынччылыкпы-
деп кыйкырып жиберди. Тиги экөөнүн кабактары ачык эле күлүмсүрөшүп:
-Тынччылык эле окуудан үч айлык каникулга тарадык-дешип үн алыша кыйкырышып жооп беришти.-Ошондой эле болсо болду-деп Жүзүмкан санаасы тына үйүн карай басты. Жылыга балдары июндун төрт-бештеринде эле каникулга тарашчу эле быйыл майдын отузунда эле тарап келе жатышкандыктан балдарынын эрте келе жатканын көрүп коркуп кеткени ошондон эле. Эненин жүрүгү өзгөчө эмеспи балдарынын көпчүлүгү тала түздө ар кайсы жакта жүрүшсө анан кантсин. Жедеп балдарын ойлоп күтүп жүрүп адатка айланып аларды баса-турса да эсинен чыгарчу эмес ар дайым аларды ойлогондо кудайдан тилек тилеп балдарым оорубай-сыктабай жүрүшсө экен ээ кудай чын пендем деп жаратсаң балдарымдын жаманчылыгын көрсөтө көрбө деп дайым тиленчү. Мына кудайым тилегимди берип Бекказым армиядан аман эсен келди деп анын армиядан келгенин укканда абдан кубанган эле.Мына Бекказы армиядан келгени он күнчө болгону менен бир жумача үйдө болуп кайра окуусуна кеткен эле. Баласын абдан сагынгандыктан сагынычы тарабай калган. Сүйлөшкөн сөздөрүнөн сүйлөнө турган сөздөрү көп болуп, келгенде муну сурабасам тигини айтпасам, кайра анын окууга кеткенине үч-төрт эле күн болсо да батырак кайра келишин күтө баштаган. Мурда Бекказысы армияда жүргөндө көр окаттын айынан ар нерсеге алаксып кетип анда–санда эстешсе эми көздөрүнө көрүнгүнү отура калышса эле Бекказысын эстешип, жалаң ошол жөнүндө сөз кылышчу болду. Бекказынын ар бир кыймылына баа беришип, мындай болуп калыптыр, мындай болуп калыптыр, тигинтип айтып, минтип айтып-дешип айтор ооздорунан түшүрүшпөйт.
«Карга баласын аппагым» дегендей, анын кемчилик жагын байкашпай, жалаң жакшы жактарын сөз кылышып, сыймыктанышып,
мурункуга караганга абдан эле чоңойуп, өз боюна тыкан болуп, мүнөзү токтолуп акыл эстүү болуп калыптыр, дешип, өздөрүнчө күлүп жыргап калышса, үч жашка чыгып калган Ырысбек: «булар эмне күлүп жатышат» дегендей кылып, аларды тиктеп калчу.Жүзүмкан үйдөн самоорун көтөрүп чыгып келип калган кыздарына:-Бирөөң тамызып, бирөөң суу куя калып, батыраак кайнатып ичип алып атаңарга баргыла, ал коюн эрте чыгарып кеткен эле, курсагы ачса керек-деп ары басып баратып өзүнчө кобуранып,- жанталашып тамагын оңураак ичпей, таң азандан жоо кууп бараткансып шашып жөнөйт, коммунизмди жеке эле өзү курчудай болуп-деп абышкасына бир чети бору ооругандай,
бир чети ачуулангандай болуп. Аңгыча Жаңыл ойноп отурган Ырысбекти көтөрүп, бетинен бир өөп алды да, энесине кайрылып:-Эне мен биринчи июндан баштап экзамен бермей болдум, эртең консултацияга барам-дегенде,
Света сөзгө аралашып:-Мен бир жолу тарап келдим, эми үч ай бою силерге жардам берем-деди энесинин көңүлүн жубата.-Анан сен качан бошойсуң, эки үч күндө жээке көчүп кетпесек чоңдор көчкүлө деп жатышат-деп Жаңылды караганда:-Июндун он бештеринде-
деди.Жаңыл быйыл сегизинчи классты бүтүрүп жаткан, ал чоңоюп калгандыктан,
өз боюн жасап, түзөп, кыз адатынча сөз жасап сүйлөп калган. Света алтынчы класты бүтүп эркелиги дагы эле кала элек болчу. Сагаалы Кулматтын дөбөсүндө жайылган койлоруна көз салып, оттоп жаткан Куркукту карап, ойго чөмүлүп жамбаштап жаткан. Күндүн жылуу нурлары магдыратып,
тоонун салкын жели маңдайынан сылап, деле ысып кетпегендиктен оордунан козголбойт.
Ал өткөндө бригадир келип, «Сагаалы аба, жээке көчүп баргандан кийин Куркукту бересиз го, сураштырсам жашы далайга барып калыптыр, жайлата талаага ээн коё берип ысык тамакка союлу деп чечтик, сизге экинчи бригаттын аттарынын ичинен каалаган атыңызды берели» дегенде, «Эгер антип Куркукту ала турган болсоңор көнгөн эле Бопойторуну минип турайын» деген эле. Ошол оюнан улам Куркукту караса чөптү чайнаганы бошоңдоп, айрыкча быйыл карылыкка баш койгону билинип калыптыр. Канчалык өрөзгөлөп чабыр койлорго бир маал берип тур деген жемден берсе да жакшы оңолбой койду.Сагаалынын эсине Куркукту жаңы алган кези түштү. Адеп менчик кой алган жылы колхоз Бопойтору экөөнү берген эле. Анда Бопойторунун кунан кези болчу. Сагаалы Куркукту адеп көргөндө эле төрт беш асый болуп калган жылкы болчу, анын кыржыйып турганын көрүп:-Ой, мунуңар тоого жеткенче эле өлүп калат ко,-деп ошол кездеги экинчи бригаттын бригадири Тентиге айтса, ал күлүп:-Ой, Саке бул абдан карылуу ат, флягилеп Чычканбашынан Жалгызкарагайдын башына суу көтөрүп чыкканда көрөсүң-деген.
Адеп ээрин токуп мингенде эле, кашаңдыгын көрүп, ого бетер жини келип:-«Муну кайдан алдым эле, мындан көрө жөө жүргөнүм оң, мага мындай аттын кереги жок. Берсеңер оңураак ат бергиле, муну минбейм деп баш тартсам, жанагы Тенти деген неме ушуну мактап, жатып албадыбы»-деп кыжырланып өкүнгөн. Ал тургай кайра алып барып берип, чыр салгысы келип жүргөн. Убакыт өткөн сайын Куркуктун жакшы сапаттары кичинеден көрүнүп, жаман сапаттарын жууп кетип жатты. Адегенде кежирленсе сабап, сөгүп-сагып жатып калчу, бара-бара сабап, тилдегенин азайта баштады. Себеби ал сыртынан серт көрүнүп, мингенде кежирленгени болбосо, араба тартканы, жүк көтөргөнү, бала бакыра мингенге былк этпеген жооштугу, тушап койсо алыс кетпегени мыкты болчу. Оор түлүк жумуштарды кабагым кашым дебей, кебелбей аткарганда,
Сагаалы маңдайынан сылап, жалынып жалбаруучу болду. Адегенде ачууланып, «оо атаңдын оозун урайын, куураган куу Куркук» деп тилдеп жүрүп, эми жалынганга өттү. Куркук деген атты өзү койгон, адегенде үй-бүлөөсү Куркук дешсе, эми айылдагылардын баары Куркук деше турган. Сагаалынын оор-түлүк жумуштарын бүтүрүп, эмгеги сиңип, далай кыжалатынан чыккан, кадыр баркы өсүп, эми эч бир атка алмашкыс ат болуп калган Сагаалы үчүн. Кийинки кездерде Куркукту аяп, жылыга койду өткөргөндөн кийин башкаларга берип коюшпаса экен деп бригадирлердин көзүн карап, жакшы тамагы боло калса чакырып берип, кышкысын айдаган жериңерге барып берейин, Куркукту өзүмө эле калтыргыла,
өзүм багып минейин-деп жалдырачу эле.
#37 23 August 2015 - 15:22
Ошентип Куркукту колунан чыгарбай жайы-кышы менен минүүчү болду. Анын жооштугунан пайдаланып балдар кыздары да адегенде Куркукка минишип атка мингенди үйрөнүштү. Ошентип бул Куркук Сагаалынын колуна кол, бутуна бут болуп келген. Эми минтип карылыгы жеткенин көрүп, күзгө жуук союларын ойлоп, Сагаалынын зээни кейиди. Ал Куркукту өткөрүп бергенден кийин күзгө чейин эптеп чыдап койду өткөрүп, кийинки жылы кой бакпоону чечти.Сагаалынын оюна келгенин бербеген көк беттиги бар болчу. Куркугу мындай ойго салбаганда ким билет, балким койдон бошойм деген чечимге оңой менен келмек эмес, себеби ата-бабасынан бери мал жандап келгендиктен,
мал бакканды жакшы көрүүчү.Ал ушуларды ойлоп жатканда кыздарынын кобурашкан үндөрү аны оюнан алагды кылып жиберди, дабыш чыккан жакты оодарылып караса кыздары келе жатышкан экен.-Ой, эмне мынча эрте келип калдыңар, алтынчы күнгө дагы үч төрт күн бар эмеспи-деди.
Кыздары:-Ата каникулга тарадык-дешти.
Сагаалы кыздары менен аны мунуну сүйлөшүп, ылдый үйүн көздөй бастырганда күн түш болуп калган. ***Менин үйгө барууга чолоом тийбей жатты. Июндун он бештеринен баштап жайкы сессиям башталды. Армиядан, мурдагы окугандарымдын көпчүлүгү унутулуп калгандыктан,
баштан аяк кайра окууга туура келди. Бирок мурункуга караганда орусча үйрөнүп келгендиктен,
окугандарымды жеңил түшүнүп, экзамендеримден жакшы бааларды алып жаттым. 23-группанын куратору Даркандын күйөө баласы Жекебаев Насыр жезде экен. Бизге «овошеводство» деген сабактан берүүчү. Мен алардын үй-бүлөөсү менен жакшы мамиледе болуп калгандыктан,
сабак учурунда чогуу окугандарымдын көзүнчө Насыр Жекебаевич деп кайрылып, үйүнө барганда эже-жезде дечү болдум. Эже техникумда бухгалтерияда иштеп, жезде экөө тең бошобой калганда, балдарын үйүндө мен карап калчумун, оор түлүк жумуштары чыгып калса да жардамдашчумун.
Алардыкына көп барып тургандыктан,
алар мени бир тууганындай көрүшчү. Мен да алардыкына барганда өз үйүмдөй сезчүмүн. Кээде комнатада тамак жок калып, ачка калганда чакыртпай эле барып, тамак ичип кетип, акчам жок калса акча сурап алчумун. Мага балдары да көнүп калгандыктан,
кээде бир жума барбай калсам, балдары кадимкидей сагынып калышчу.Биздин сессия июлдун ондорунда бүтүп, айыл чарба жумушуна тарадык. Жумуш ошол эле техникумдун жанындагы тоют топтоодо иштей турган болдук. Кыздарыбыз техникумдун жанындагы талаадан жашылча отомой болушту. Менин группамда сегиз кыз, жыйырма бир эркек бала бар болчу. Биз талаадагы вагондорго жатып, сенаж көмүүгө жардамдашмай болгонбуз. Ал жерде узуну элүү метр, туурасы жыйырма беш метр келген үч яма бар болчу.Биз барганда биринчи яманын жарымынан гана сенаж даярдалыптыр,
үч трактор ямада сенаж тебелеп, калган трактор машиналар талаадан чөп ташып келишет экен.Биз ончактыбыз колубузга айры алып, трактор-машиналар чөп жүктөп келишкенде,
бортторун ачып тросун ямадагы тракторго чиркеп четтерине түшкөн чөптү ямага ыргытып турмай болдук. Балдардын калгандары талаадан машина тракторлорго жүктөлгөн чөптөр жерге түшүп калбаш үчүн кузовтун үстүнө чыгып алып тегиздеп, жерге түшкөн чөптөрдү кузовко салып турушканы талаага кетишти. Ошентип талаага барган эле күнү жумушка кириштик. Техникум жакын эле жерде болсо да, таң эртеңден күүгүм киргенге чейин иштегендиктен,
колубуз бошоп бара алган жокпуз. Тамакты да жумуш жүрүп жаткан жерге алып барып берип жатышты. Бара-бара ал жердеги иштегендер менен таанышып мамилебиз жакшы болуп калды. Трактористтерден трактор айдаганды үйрөнүп, ал тургай кийинки кездерде өзүбүз айдап сенаж тебелеткенге жарап калдык. Ошол жердеги үч яма тең, сенажга толгондон кийин, бизди айыл чарба жумуштарынан бошотушту.Биз 4-августта техникумга барып 1-сентябрга чейин каникулга тарагандыктан,
комендантка төшөнчүлөрүбүздү өткөрүп, жуунуп таранып алып, 5-август күнү айылды көздөй жолго чыктым.Өткөндө айылда аз эле убакыт болуп, окууда эки айдан ашык убакыт жүрүп калгандыктан,
кайра үйдөгүлөрдү сагынып калган элем. Эч жака токтобой Караколдон эле башка автобуска отурганым болбосо, жол жүрүп отуруп айылга түш оой жетип келдим. Үйгө келсем үйдүн тышынан кулпу менен бекилип турган экен. Үйдөгүлөрдүн кайда кетишкенин кошуналардан сурайын деп көчөгө чыксам Дүйшөкө абанын аялы Шарый жеңе өтүп бараткан экен. Ал киши менен учурашып:-Шарый жеңе биздин үйдөгүлөрдү көрө алган жоксузбу-дедим.
-Алар жээке кетишсе керек, кечээ эле кыздар үйдө жүрүшкөн. Жүрү жээке барсаң, чогуу басалы, мен дагы ылдый Карадөбөнүн бери жагына чейин барат элем-деди. Мен:-Анда жакшы болот-деп Шарый жеңе менен жээкти көздөй чогуу жөнөдүм.Шарый жеңе кырктарга барып калган, орто бойлуу, кызыл жүздүү, арыкчырай, ачык айрым, баскан турганы тың, кичипейил аял эле. Чогуу иштешкен аялдарга кадыр-барктуу болуп, жакшы иштегенинен улам көпчүлүк чогулушта жашылчада иштеген аялдар звеновой шайлап алышкан. Звенонун иши жылдан жылга жогорулап, адегенде айылдык кеңештин депутатына,
кийин райондун депутатына шайланып, кадыр-баркы жылдан жылга жогорулап, көпчүлүк чогулуштарда президиумдан түшүүчү эмес. Өзү да адамкерчиликтүү болгондуктан,
адамдар менен бат эле тил табышып кетүүчү.Шарый жеңе бир аз баскандан кийин эле сөз баштап:-Окууңду улантып, окуп жатасыңбы?-деди.
-Ооба, улантып жатам, түлөө бергенден бир жума өтпөй эле окууга кеткемин-дедим.
Шарый жеңе көчөнүн аягында жашагандыктан,
өткөндө кошуна катары түлөөгө катышкан эле. Бир аз баскандан кийин:-Сени агрономдун окуусун окуп жатат деп уктум эле окууну бүткөнүңө канча калды. Жакшы кесипти тандап алыптырсың,
жакшы окуп бүтүрсөң кайдан иштейин деп жатасың-деди.
-Ооба, агрономдун окуусун окуп жатам. Армияга экинчи курстан кеттим эле, кайра улантып экинчи курсту бүтүрүп келдим. Эми бир жарым жыл калды, окууну бүткөндөн кийин айылга эле келсем дейм. Ата-энем жалгыз бой болуп, короо-жай каралбай, куурап кетишти. Анын үстүнө энемдин ден соолугу да жылдан жылга начарлап баратат-дедим.
Шарый жеңе:-Туура кыласың ата-энең силерди багам деп жүрүп жакшы эле куурашты. Өткөндө бир чогулушта сени мактап армиядан кат келгенде, абам экөөбүз президиумда чогуу отурган элек. Тим эле абамдын кубанганын айтпа, жеке абам эмес баарыбыз кубанган элек. Бирок колхоздун чоңдору айылдан иш беришсе эле болду, окууларын бүтүп келген өзүбүздүн далай балдарды иш бербей кууп жиберип жатышпайбы-
деп мага боору ооругандай карап. Мен ичимден мындай сөздү атамдан да мурда укканымды эстеп, чын эле чоңдор ушундайбы, кийин иш бербей коюшса кантем деген ойдо калдым. Шарый жеңе унчукпаганынан сөздү баштап:-Өзүңүздүн иштериңиз жакшы жүрүп жатабы?-Ооба,
иштер алынча жүрүп жатат. Таң күнү талаадабыз,
жумуштан колубуз бошобойт. Түшүм быйыл жаман эмес, жаңы эле жыйнап баштадык, план чоң, эптеп кутулабыз деген үмүтүбүз бар-деди.Биз катуу басып баратканыбыздан бат эле айылдын четине чыгып калган элек. Артыбыздан бир Москвич машинасы жете келип, шоферу терезеден башын чыгарып:-Түшкүлө ала кетейин–деп калды. Артында эки орун бош экен. Кубанып кетип рахматыбызды айтып, машинага түштүк. Шарый жеңе Карадөбөгө жетпей жашылча талаасынын тушунан түшүп калды. Мен сарайдын тушунан түштүм, москвич ылдый кетти.Сарайга жакындаганда үйдүн жанындагы мамыда Куркуктун байланып турганын көрүп атамдын үйдө экенин билдим. Жакын арада кой көрүнбөйт күн ысык болгондуктан,
токойдун көлөкөсүнө кирип кетишсе керек-деп ойлоп койдум. Сарайга жакындаганда Короочу үрүп алдыман тосуп чыкты, ал эки жылы көрбөгөнгө чоочуркап калса керек. Жаныма чейин үрүп келгенде:-Чык!
Эмне мени тааныбай калдыңбы-деп колумду өйдө көтөрүп эркелеткенде араң үргөнү басылып, жаныма жакын келбей, «ошобу, же башкабы» дегенсип көзүнүн кыйыгы менен карап, тигиндейрээк барып үйдүн түбүнө жата кетти. Ит үрүп, менин үнүм чыгып жатса да үйдөн эч ким чыккан жок. Мен үйгө жакындаганда үйдөн кобурашып сүйлөшкөн аял эркектердин үнүн угуп, үйдө чоочун кишилер бар экен деген ой менен эшикти ачсам, үйдүн ичи толтура болушуп бака-шака түшүп ата-энем, бир- туугандарым менен чай ичип отурушкан экен. Конокказы абам мени көрө коюп ордунан туруп, мени көздөй басканда мен да кучагымды жайып, утурлай бастым. Экөөбүз үч жарым жылдан бери көрүшпөй сагынышып калганга көпкө чейин кучакташып өбүшүп учураштык. Эми көрүшө элек бир туугандарымдан Жамал эжем эле калды, ал мен окууга кеткенде айылга келип мени таппай кетиптир. Вера эжемдер күйөөсү менен учурашып кетишкен. Конокказы абам даярдоо курсун бүтүрүп, университеттин биринчи курсуна география факультетине өтүп келгенине бир жумача болуп калыптыр. Алиман айылдан өзүнчө дүкөн таппагандыктан мурда дүкөнчүнүн жардамчысы болуп иштеп жаткан эле, эми Аксуу районунун Тепке айылында дүкөнчү болуп иштей баштаптыр. Калиман Каракол шаарындагы сыр заводко жаңы ишке орношуп иштеп жатыптыр.Атам менен энем күйөөдөгү кыздарынан башка балдарынын баары чогулганга Даркандагы Вера эжемди күйөөсү менен чакыртып козу союшту. Конокказы абам мурункудан өзгөрүп, бою өсүп, толмоч тартып, өңү-түсү келбеттүү болуп, мурут коюп, чоң азамат болуп калыптыр. Баарыбыз бири бирибизден сагынычыбыз тарабай түндүн бир оокумуна чейин отурдук.Эртеси эртең мененки тамактарыбызды ичкенден кийин Вера эжем менен Турусбек жездем үйлөрүнө кетишмей болуп, Света менен Жаңылкан үй жайды караганы төртөө жолго чыгышты. Калганыбыз үч күн көлгө түшүп эс алып ата-энебизге жардам бермей болдук. Алиман менен Калиман үч күндөн кийин жумуштарына кетишмей болду.Биз жаңы эле Вера эжемдерди узатып көлгө баралы деп жатсак, Чокмо деген киши Бопой торуну жетелеп келатыптыр,
ал атама:-Ой, Саке мал баш аман эсенби жакшы турасыңарбы-
деди. Алыстан эле, атам жакшы дегиче эле Короочу ажылдап үрүп алдынан чыкты. Биз агам экөөбүз аттарын алып мамыга байладык, атам экөө учурашкандан кийин, атам тиги кишини ээрчитип үйгө кирип кетти. Биз эмнеге келгенин билип алып кетмей болуп аярлап туруп калдык. Алар бат эле үйдөн чыгышып атам мага кайрылып:-Бекказы Куркуктун ээр токумун алып Бопойторуга токучу, Чокмо атаң Куркукту алып кеткени келиптир-деди кабагы бүркөө. Мен убактылуу сурап келсе керек деген ой менен эч нерсени этибар албай, Куркуктун ээрин алып Бопойторуга токуй салдым. Атам Куркуктун жүгөнүн алып Бопойторуга тагып, аны байлап келген жип менен Куркукту байлады. Ошондо гана мен Куркукту бир жолу алып кетип жатканын билип ичим ачыша түштү. Себеби бала күнүмдөн минип чоңойгон ат эле да. Атам болсо Куркуктун мойнунан кучактап:-Бар эми жаныбарым-деп жаагын жаагына тийгизди.Куркук да сөзгө түшүнүп жаткандай болуп, көзүнүн жашын куюлтуп турду. Атам да жашып кетти окшойт тескери бурулуп басып кетти. Мен Куркуктун чылбырын берки ат минип турган Чокмо атага алып бердим. Ал киши жакшы калгыла деп Куркукту жетелеп кеткенде, алардын караандары үзүлгөнчө карап турдум, андан кийин атамдын жанына барып:-Аба Куркукту кимге берет экен-десем, атам:-Балам аны байлап сойгон алып кетти-деди жашылданып.
Аны укканда ыйлап жибере жаздап, «атаны байкуш Куркугум ай» деген сөз оозумдан чыкпаса да көкүрөгүмдөн чыккандай болуп, көлдү көздөй басып жөнөдүм. Беркилер алдыда баратышкан эле, алардын артынан ээрчип, Куркуктун кыял жоругун, аны минип жүргөн күндөрүмдү эстеп жүрүп отурдум. Биз көлдүн бери жагындагы токойлорду аралап өткөндөн кийин, көлдүн жээгиндеги кумдарга жеткенде бут кийимдерибизди чечип көтөрүп алдык.Күн абдан көтөрүлө элек болсо дагы кум ысый баштаган экен, тамандарыбыз ысып, ташыркап отуруп көлдүн жээгине келдик. Алиман менен Калиман бизден уялышты окшойт «биз ары жака барып түшөбүз» дешип кетип калышты. Конокказы абам кийимдерин чечине баштаганда,
мен көлдү тиктеп, көл менен учурашып жаттым.Ысыккөл адатынча түркүн түскө бөлөнүп тегерегиндеги тоолордун кучагында чалкып жатат. Менин көлгө түшө элегиме үч жылча болгон. Армияга кетээр жылы да көлдүн түшөөр убагы келе элек болуп түшпөй армияга кеткем. Армиядан келгенден кийин да колум бошобогондуктан түшө алган эмесмин. Ошентип жүрүп эми гана келип отурамын.Жыбыраган майда толкундары күндүн нуруна чагылышып жылт-жулт этип бутума келип урунушуп, «кайда жүрөсүң көрүнбөй, аман эсен жүрөсүңбү »дешкенсишип,
кайра артты көздөй кетип, «жүрбөйсүңбү эмне турасың, түшүп сергибейсиңби,
күндүн ысыгын карачы, тердеп да кетиптирсиң»деп эркелетишкенсийт.
Мен ичимден аларга: «Оо асылым көл энем, амансыңбы, мен сени сагынып келдим, өзүмдүн эркектик милдетимди аткарып армияга барып келдим. Колум бошоп сага келе албай жаттым, эми мынча убкыт таштабай бат батан келип турам», деп жаттым. Ошол убакытта абам Конокказы эй эмне турасың түшпөйсүңбү дегенинен мен көлгө эңкейип эки-үч ууртап алып бетимди жууп кайра жээке чыгып чечине баштадым. Конокказы абам карындаштарым менен бир топ түшүшкөндөн кийин түш ой үйгө кетишти менин көлдөн сагынычым тарабагандыктан калып калып күүгүмгө чейин жүрдүм. Ким билет эгер караңгы кирип кетпегенде,
дагы эле жүрө берет белеем. Караңгы кире баштап айлана түнөрө баштаганда үйдү карай жөнөдүм. Курсагымдын абдан ачып кеткенин жолдо бара жатып сездим. Эртеси күнү эрте көлгө келдим да, колума ручка блакнот ала келген элем. Көл жээктеп бир топ жүрүп бир кызык окуяга келип, төмөнкү ыр саптарын жаздым, ырдын атын «Көл жээгинде» деп койдум.Жашылдан кымкап кийип залкар тоолор,Көгөргөн асман менен сырдашкансыйт.
Күн калкыйт көл үстүнө алтын чачып,Кубантып толкундарды жымыңдатып.
Мурунтан баары чогуу кеңешкенсип,
Бүт жандык токой чөпкө жашыныптыр.
Сүйүүнүн кызыгына чулганышып,
Уул аккуу, кыз аккууну өөп жатыптыр.Салкын жел тигилерге суктангансып,
Кез-кезде ар кай жерден башын салып.Мен болсом баш көтөрбөй жатам жерде,Дем албай көз ирмебей таштай катып.Чуп этип көл алдынан чыга калып,Тынчтыкты тентек балык бузуп салды.Экөө тең чочуп кетип уялгандай,Бат сүзүп эки жакка кетип калды.Мен ырды жазып бүтүп черим жазылгандай жылмайып алып, эки жагымды карасам, колдоруна баштыктарын көтөрүп алып бир-туугандарым келе жатышкан экен. Алардын алдын утурлай бастым.Биз көлгө түшүп эки-үч күн эс алып, сагынычыбыз тарагандан кийин Алиман менен Калиманды жумуштарына узатып жиберип Конокказы абам экөөбүз малга кышкыга чөп дайындап, токойдон отун алып, сарайдан көң чаап, аларды Турусбек жездем трактор таап келип айылдагы үйгө жеткирип жыйып берип ата-энебиздин майда-барат жумуштарына жардам берип, бир күн да тыным албай иштедик.Жаңы окуу жылы башталаарда августун отузунда Конокказы абам Фрунзеге, мен Түпкө окууларыбызга кеттик. Мен жаңы окуу жылында үчүнчү курска кирдим. Группадагы балдардын дээрлик көпчүлүгү армиядан келген балдар болчу. Алардын арасынан беш-алтоо эле армияга бара элек эле. Сегиз кыз, жыйырма бир бала баардыгы жыйырма тогуз элек биздин группадагылардын көпчүлүгү армиядан орус тилин үйрөнүп келишкендиктен берки параллель курстагы он бешинчи группага караганда жакшы окушчу. Арабыздан эки-үч бала эле окууларына жетише албай калып. Стипендияга жетпей калышчу. Техникумда ар бир студентке айына отуз сомдон стипендия берип туруучу. Ошол алган отуз сомубузга майда-бараттардын баарын алып, жаңы алганда байый түшчүбүз. Отуз сомдун он сомун ортого тамакка чыгарып койчубуз калган жыйырма сомун өзүбүз билгендей урунаар элек. Мисалы үч жумада же бир айда айылга барып келгенге үч сом кенен жетүүчү. Туулган күнгө, отурушка барганда беш сомдон чыгарчубуз,
отурушка алып барган кыздарга жол кире, ручка, тетрадь, киного кирмей кез-кезде ашканадан тамак ичмей иши кылып сарамжалдуулар стипендияны айдын аягына эптеп жеткирсе, кээ бирөө стипендия алгандан кийин он чакты күндө түгөтүп карыз сурап калышчу. Мен стипендияны орто короткондордун арасына кирчүмүн. Айылга барганда ата-энемдер он-он беш сомдон акча берип турушчу, өзүм да аларды аяп андан да көп алчу эмесмин. Стипендияма ошол акчамды кошкондо эптеп жетүүчү. Эгер эже жездемдер, таяке- тайлар, ага-туугандардан акча берип калышып акчам артып калса үйгө барганда конфет, печенье, энеме дары ала барчумун. Үйдөгүлөрдү кийим алып бер деп көп кыйначу эмес элем. Кийимимдин кичине жери жыртылып калса билинтпей жамап алчумун мен көп балалуу карапайым малчынын үй-бүлөөсүндө жетип жетпей чоңойгондуктан акчаны кайдан табылаарын жакшы билчүмүн.Жанымдагы эки бала жаш болгондуктан алар эки жака көп басып кетишип көпчүлүк учурларда комнатада жалгыз калгандыктан үстүнкү этаждан жыйырманчы комнатасындагы саруулук эки баланын жанына которулуп алганмын. Бирөөнүн аты Дөкөн, экинчисиники Таалай болчу. Дөкөн менден бир жаш улуу, орто бойлуу, арык чырай, кара тору, мүнөзү токтоо жигит эле. Таалай менден бир жаш кичүү, узун бойлуу, арык чырай, көздөрү бакырайып сулуу сумак келген ачык айрым жигит. Дөкөн мени менен бир группада чогуу окуучу. Таалай болсо зоотехниктин экинчи курсунда окуучу. Дөкөн ден соолугуна байланыштуу армияга барбай калган экен. Антсе да өз боюн тыкан алып жүрүп акчасын ашыкча коротпой сарамжалдуу болгондуктан аны комнатабызга кассир шайлап алып тамакка деген акчаларыбызды ошого чогултуп берчүбүз. Таалай экөөбүздүн акчабыз түгөнүп калса клубка жакшы кино келгенде Дөкөндөн жалдырап жыйырма тыйындан ортодогу акчадан берчи деп сураганыбызда ал бизге ачууланып, «силер эмес атаңар келсе да бербейм» деп кесе айтканда биз ага «өзүңдүн атаңдын жол киреси жок кете албай жыйырма тыйын сураса кантесиң», десек ал токтолбостон «ага да бербейм» деди. Биз ошондон кийин Дөкөндөн сураганча акча керек болуп калса башкалардан сурачу болгонбуз.Бирок Дөкөндүн ошондой сарамжалдуулугунан улам биздин комнатадан айдан айга чейин тамак өксүчү эмес. Башка комнатадагы балдардын тамак ашы айдын аягына жетпей калып суранып калышчу. Анын үстүнө мен ысык тамак ичким келгенде эжемдикине барып же Белек менен Жумакадырдыкына барып тамак ичип келчүмүн. Белек менен Жумакадыр өзүлөрүнүн группасы госпрактикага кетишкенде көлдүн жээгиндеги сарайда техникумдун жаш музоолорун багышып айран, сүт, каймактан өксү болушчу эмес. Жумакадыр Белек менен чогуу окуучу, ал Жети-Өгүздүн Ак-Кочкор айылынан эле. Жумакадыр орто бойлуу, толмочунан келген, ак саргыл, менден бир жаш улуу, ачык айрым жигит эле. Ал экөөбүз бир айылдан болбогонубуз менен районубуз бир болгондуктан бир чети жердеш катары, бир чети теңтуш катары жакшы мамиледе болуп кеттик. Белектин Караколдогу педагогикалык училишада окуган Гүлай деген сүйлөшкөн кызы бар болчу. Белек Гүлайга барарда группалаштары госпрактикада болуп, жанындагы Жумакадыр музоолорду карап калып жанына эрчитерге киши таппай мен бошогонго атайын алтынчы күндү күтүп менин бошобойм дегениме болбой жанына жолдош кылып ээрчитип алчу. Белек менен Караколго барып жүрүп Гүлайдын чогуу окуган дос кыздары менен жакшы мамиледе болуп кеттим. Алар Жыпар, Бурулкан, Гүлбүбү, Нургүл, Гүлай, Дарика деген кыздар өздөрүнчө бир компания болушуп, «жетиген» деген ат коюп алышыптыр. Булардын отурушуна барганда да, Белектердин отурушуна барганда да, булар менен чогуу отуруштарда болуп бат-баттан кезигип турчубуз. Гүлайдын айылдашы Ырыскүл деген дос кызы бар эле. Аны менен да тааныш элем. Белектин группалаштарынын Гүлайдын дос кыздарынан башка армияда чогуу кызмат өтөгөн Качкын да окууга тапшырып экинчи курска өткөн. Ал группасында староста болчу. Ал аркылуу алардын балдары менен да жакшы мамиледе болуп алардын да отуруштарына барчумун. Андан тышкары өзүмдүн группалаштарым менен да отуруштарды көп уюштурчубуз.
Кээ бир эле алтынчы күнү үйдөкүлөргө учурашканы кетип отурушка барбай калбасам дайыма отуруштарда болуп. Калган күндөрү кечкисин бош убактарым боло калганда техникумда окушкан жакшы мамиледе жүргөн кыздарга барып турчумун. Алар Шайыргүл, Жибек, Айнура, Акылай, Нургүл, Сайрагүл деген кыздар эле. Ошентип студенттик күндөрүм көңүлдүү өтүп жатты. Ошол күндөрдүн биринде «Жаштыгым» деген ырымды жазган элем.Топтошуп теңтуштарым жандап туруп,Шампан,
коньяк ичкенимде олтуруп.Шапар тээп, шайыр күлкү коштоп турса,Жүрөк эргийт, музыкага кошулуп.Деңиздеги толкун сымал албууттанып,
Жээктеги жар таштарга урунчудай.Жэ болбосо жаздагы жамгыр сымал,Жаштыгым токтоо билбейт каптап селдей.Ичтеги бугум чыгат, вулкан сымал,Жанар тоо чарт жарылып атылгандай.
Магдырап бүткөн боюм, эрип балкып,Бул дүйнө бейиш болуп калганындай.
Чер жазылып бүт дүйнөм түгөл болуп,Айтылганда кымбат сөздөр таза алтындай.Шаңга бөлөп тамашаны кургум келет,Карыз болсом кутулаармын мейличи ай –деп жалындуу жаштык кезде жазган элем.Ошол армиядан келген жылы жоро-жолдошторум көбөйүп эч нерседен тартынбай, көр тирлик жөнүндө көп ойлобой, кабагым-кашым дебей, күлүп жайнап, санаа жок жыргалдуу жаштыктын күндөрүн баштан кечирип, жүргөн экенбиз. Көрсө ошол мезгилим жыргалдуу жаштык күндөрүмдүн туу чокусунда жүргөн учур экен көрсө. Чиркин! Ошол кезде ошондой улуу күндөрдүн өтүп жатканын кайдан билиптирмин.
Ошондо деле курсагыбыз кичине ачып калса, же жумуштан катуурак чарчап калсак, же оюмдагыдай болбой калса наалыган учурларым болсо керек. Деги адам баласына эмне жагат болду экен, убагында баардык нерседен тажайт да турат. Кийин ал убакыт өтүп кеткенден кийин дайыма кап, кап ай, ошондой кылсам эмне-деп өкүнөт да турат. Ал убакта оюн-күлкүгө,
иш десе ишке тойбой. Окууга да жетишип, баарынын көңүлүн алып оору-сыркоо,
кайгы-капа ойдо жок учур эле. Эркек балдар менен болобу же кыздар болобу бат эле таанышып жакшы мамиледе болуп кетеер элем. Ал тургай кыздар кат жазып калган учурлары болгондо алардын шагын сындыргым келбей. Достук мамиледе бололу деп жооп берчүмүн. Көп кыз бир-туугандарым болгондуктанбы же өзүмдүн боорукерлигименби кыздардын шагын сындырып же алдоочу эмесмин. Кээде бул кызды алдап кеттим деген жолдошторум болсо ал кызды таанысам да, тааныбасам да, ал кыздын таламын талашып уруша кетчүмүн.
#38 23 August 2015 - 15:23
Эчен жерден кыздарга болушуп, бир начар иштин четин билип калсам аларды качырып жиберип, балдардан тил уккан күндөрүм да болгон. Кээде балдар кыздарды отурушка алып келерин алып келишип, аларга жол кире төлөөрдө качышканда бир чети уялып, бир чети намыстанып,
чөнтөгүмдөгү болгон акчамды төлөп, эгер акчам жетпей калса балдардан карыз алсам да, автобуска салып жиберүүчүмүн.
Көп кыздар менен тааныш болуп жакшы мамиледе жүрсөм да сүйлөшкөн кызым жок эле. Качкын менен Белек мени кыздар менен сүйлөштүрөбүз дешип сүйлөшкөн кыздарына айтып, кыз тандашып, атайын кече уюштуруп, татынакай кыздарды тааныштырышса да, алар көңүлүмө толбой сүйлөшпөй койгондо, акыры Качкын менен Белек тажап «деги сага кандай кыз жагат» дешип тим болушкан. Мен тааныш кыздардын ичинен бул жакшы кыз экен деп жактырганым менен алардын ичинен бирөөнү да сүйө алган жокмун. Бирок сүйлөшүүгө кыз издеп бирөөнү сүйгүм келип, аны менен сырдашып, ага берилип, жаштыктагы таттуу күндөрүмдү аны менен бөлүшкүм келип, кумарлуу таттуу кыялдарга батып ойлонгонум менен сүйө турган кыз белгисиз бойдон калып, ага жолуга албай жүрдүм. Мен көп жолдошторумду кыздарга тааныштырып,
алар бири-бирин жактырып калып сүйлөшүп кетип жатышты. Кээде жолдош балдарым «сүйлөшкөн кызым кандай кыз көрүнөт сынап берчи» деп көргөзүшкөндө колуман келишинче сынап берип жүрдүм.Мурат Караколдогу педагогикалык институттун математика факультетине биринчи курска өтүп ага көп жолугуша албай калдым. Айылдан, кээде үйүнөн жолуксам, көбүнчө ал да окууда болгондуктан таппай калчумун. Караколго барганда да жатаканасынан кээде тапсам, көбүнчө таппай калып, ал экөөбүз анда-санда гана жолугушуп калдык.Убакыт өз нугу менен өтүп кыштын суугунун күчү кайтып күн жылып карлар эриди. Арыктардын жээктерине,
дөңсөө келген каксоо жерлерге көк чыга баштады. Март айынын баш жагында Белектер окуусун бүтүп үйлөрүнө кетишти. Төртүнчү курстар окууларын бүтүшкөндөн кийин эми окууну бүтүрүүчү кезек бизге жетти. Биздин окууларыбызды бүтүрөөрүбүзгө туура бир жыл убакыт калды. Биз жайкы сессияларыбызды бүтүп, каникулга барып келгенден кийин сентябрдын баш жагынан ноябрдын аягына чейин мамлекеттик практикага чыгып, жаңы жылга чейин окуп, андан кийин кышкы сессияны берип мамлекеттик экзаменге даярдык болмок. Кудай буюрса эмдиги жылы ушул убакта окууну бүтүрөбүз деп жатканбыз. ***Сагаалы адаттагысындай эле эрте туруп малын тейлеп жүрдү. Жүзүмкан от жагып, чайын коюп үй оокаты менен алек болуп жаткан. Жаңылкан менен Света окууга кеткени даярданып жатышса, Ырысбек мемиреп уктап жаткан. Сагаалы илгертеден ата-бабасынан малдуу болуп келгендиктенби кошуналарына караганда дагы эле малдуу болчу. Анын отуз-кырк кою, (козуларын кошпогондо) үч ую, эки жылкысы бар эле. Антсе да Куркуктун орду бош калганга куркуюп Куркугу байланып тургансып карай калып адегенде бир топко көнө албай жүрүп эми гана көнүп калган. Бирок Куркугун дагы эле унута элек болчу. Адегенде малына чөп салаарда алдыларын, андан кийин акырларын тазалап туруп, анан чөп сала баштачу. Ал бир тал чөптү да ысырап кылгысы келбей сарамжалдуу пайдалануучу.
Ошондуктан короосунда шакел чөп жатчу эмес.Сагаалы жаңы эле малына чөп салып бүтүп калганда кыңылдап ырдап:-Сагаалы-
деп ферма Турганбай дарбазанын тышынан кыйкырганда Короочу ажылдап үрүп тышка чуркап жөнөдү. Сагаалы итин тыйып дарбазадан чыгып Турганбай менен саламдашып үйгө түшүрдү. Дасторконго бата кылып чай алдыга келгенде Турганбай:-Ээ,
Саке мына минтип өлбөгөн кишиге жаз да келди, койлордун тууту аяктап да келе жатат. Көнгөн калыбың менен жылдагыдай чабыр койлорду багып бер?-деп чайдан ууртап, Сагаалыны суроолу карады. Сагаалы кандай жооп айтсам дегендей бир азга күймөлө түшүп, анан:-Тукай аба мал бакканга шартым келбей калды. Жүзүй да оорукчан болуп алды, балдар-кыздарым окуганы окуп, иштегени иштеп кетип, колумда эки кызым менен кичинекей уулум бар. Жылыга минип көнүп алган Куркук да жок, эми мен балдарым окууларын бүтүрүп келишкенче айылда эле болуп, айдаган жагыңарга барып турайын-дегенде Турганбай мындай сөздү Сагаалыдан күткөн эмес эле, болушабы дегендей чай куюп отурган Жүзүмканды карап: -Сагаалы эмне деп жатат. Ой, илгертен малга көнүп, мал жандап жүрүп эми айылдан кантип оокат кыласыңар, анын үстүнө мынча малыңарды кайда батырасыңар,
ойлонуп көргүлөчү?- дегенде, Жүзүмкан да күйөөсүнүн сөзүн сүйлөп: -Аба мурда кеңешкен элек. Сагаалы туура айтат. Мал бакканга шартыбыз болбой калды-деп кесе айтты. Үйдү бир азга тынчтык өкүм сүрүп Турганбайдын кабагы бүркөлүп өзүнө ылайыктуу чабанынан ажыраганы турганына ичинен сызып, балким кайра көнүп калабы деген үмүт менен көндүрүүгө аракет кылып:-Ээ, Саке бул чабыр койлорду бакканда анча деле шарттын кереги деле жокко. Жылыга минип көнүп алган Куркугум жок дейсиң, эгер ат эле керек болсо тандап туруп, бир эле эмес эки ат берейин, антпей эптеп быйылча багып бер?- деп жалооруп карады. Фермасы айтып турганда Сагаалынын ак көңүлү кармап кетип, кемпири Жүзүмканды эмне дейин дегендей кылып, көзүнүн кыйыгы менен караганда Жүзүмкан жок дегендей кылып кабагын бүркөп койду. Сагаалы: -Тукай аба шартым келбей калган үчүн айтып жатпаймынбы,
болбосо өзүңүз деле билесиз ата-бабамдан бери мал жандап келгенмин. Анын үстүнө өзүм деле мал бакканды жакшы көрөөрүмдү-
деп ферманын шагын сындыргысы келбей жумшактап сүйлөгөндө Турганбай чынысындагы чайды бат-баттан ууртап, таарынгандай түр көрсөтүп: -Ойлонуп көргүлө дагы эки-үч күн күтөйүн?-деп оордунан туруп, аттап-буттап эшикке чыга жөнөдү. Сагаалы артынан чыгып узатып койду. Сагаалы эшиктен кабагы салыңкы кирди. Ал өмүр бою мал багып келип өмүрүндө биринчи жолу мал баккандан баш тартып жатканына ичи ачышып, санаасы санга бөлөнүп, чын эле кесибимди ушинтип таштаймынбы деп жатты.Сагаалы чайын улам ууртап коюп сүйлөбөй дулдуюп отурганын көрүп Жүзүмкан ичи бышып кетти көрүнөт: -Эмне, мал багайын деген оюң болсо мага карабай эле өзүң эле макул дебейт белең. Өзүң мурда быйыл кой бакпайлы деп айтарын айтып коюп-деди. Мага таарынып жатат го дегендей кылып Сагаалы кемпирине карап, ага таарынбай эле турганын билгизейин деп көңүлүн жубата: -Жок кемпир! Сенде эмне күнөө. Экөөбүз мурда кеңешпедик беле, жөн эле мурда малга көнүп алгандыктан,
ар кайсыны ойлоп жатпаймынбы?
-деди. Кемпири санаасы тына: -Ии, ошентсең. Дулдуюп калганыңдан мени азгыргандай көрүп калдыбы дедим эле. Андан көрөкчө чайыңды ич, эми биз деле бала-чакабыз менен чогуу оокат кылалы. Мал багабыз деп жүрүп ушул күнгө чейин жакшы эле куурадык. Колхоздун чоңдору же жарытып эмгегибизди оң төлөбөйт же рахмат деп айтканга жарашпайт. Эмгегибиз оң бааланса бир жөн, эл үчүн иштеп жатабыз деп коюшуп өздөрү жеп жуткандан башка билишпейт-деп абышкасын жубатып, чайын даамдуулап куйду.Сагаалы кемпиринин сөзүнөн улам айтса айтпаса төгүнбү дегендей бир аз жазыла түшүп чайын ууртай баштады. Сагаалынын мал багууга баш тартканына бир жума өтүп өтпөй бригадир Бейшен жумушка айдаганы келди. Саламдашып учурашкандан кийин Бейшен: -Сагаалы аба бул фермаңыз эмне дейт, кой баккандан баш тартып жатат, башка жумушка айдагыла дегенинен бир ишенип, бир ишенбей эле келип калдым-деди.
-Ооба, Бейшен мал бакканга шартым келбей калды. Эл катары айдаган жумушуңарга барып берейин-деди.
-А анда мейли шартка да карашыбыз керек, эртеңден баштап жумушка чыгып бериңиз. Чокмо абам экөөңөр бир смен болосуңар-деди.
Сагаалы: -Ии, ырас болбодубу бала-чакага ары тур, бери тур дедирбей Чокмо экөөбүз теңтуш болгондуктан,
тил табышабыз-деп кубанып кеткенде, Бейшен: -Ооба, биз дагы ойлонуп көрүп жаңы эле сууга чыкканы жатат деп суунун ыгын жакшы билген Чокмо абага коштук. Сууга өзүңүздүн көнгөн Бопойторуңузду миниңиз. Анда эмесе болуптур аба, биз сүйлөшкөндөй болсун. Чокмо аба менен жооптошуп атыңызды алып кийинки сменден баштап сугатка чыга бериңиз- деп бастырып кетти.Чокмо колхоздун жылкысын өткөргөнүнө төрт-беш жыл болуп ошондон бери колхоздо сугатчы. Иштеп жумушка такшалып калган. Сагаалы Бейшен сугатка чык деп айтып кеткен күнү эле колхоздун атчысынан Бопойторуну алып Чокмого барып жооптошуп эртеси эртең менен эле сугатка чыгып кетти.Апрель айынын орто чени болуп калганы менен суунун башындагы мөңгүлөр эрий элек болгондуктан эки бригат биригип болгону алты кулак суу менен суу жетишинче сугарып жатышкан. Адеп барган күндөрү Сагаалы кулакты кайсы жерге кандай байлаарды билбей абдан кыйналып жүрдү. Байлаган кулактарын суу жеп кетип кайра байлап. Же тура эмес жерден байлап алып суу чуңкур жер менен кетип дөңүнө суу чыгара албай, кетмен менен керели кечке чапкылаган.
Эки билеги ооруп, басып жүрүп буттары баспай үйүнө араң эле барып жыгылчу болду. Чокмо үйрөткөнү менен дайым эле жанында турбайт эмеспи. Ал да кээде үйрөткөнүн үйрөткөндөй жасабаганда ачуусу келип тим коюп, мейли арам тери чыксын баш иштебесе буту колго күч келет деп тажанып жанына басып барбай койчу. Ошентип жүрүп бир ай дегенде араң суу сугарганды үйрөнүп алды. Андан кийин Чокмого чоң болуп сменге убагында кел, эмне кечигип келесиң, бүгүн мурунку сменден көбүрөөк сугаралы деп айдап алчу болду. ***Биздин жайкы сессиябыз башталып бош убактыларыбыз азайып эки жакка көп чыга албай калдык. Мен убактымдын көпчүлүгүн китепкананын залында өткөрүп экзамен зачетторго даярданып жаттым. Сессия башталаарда Насыр Жекебаевич кирип сессияга жакшы берип кетүүгө тырышып, окуугула эгер зачет же экзамен бере албай карыз болуп калсаңар каникулдан келгенден кийин сентябрь айынын башында эле госпрактикага кетесиңер анда тапшыра албай калгандар госпрактикага барбайт кийин укпай калдык дебегиле деп катуу эскерткен эле. Ошондуктан группадагы балдардын баары экзамен. Зачетторду убагында тапшырууга аракет кылып жатышты. Мугалимдер да талапты каттуу коюп билбей калгандарды экзамен зачеттордо кулатып жатышкан. Бизден мурда бүтүп кеткендерден экөө жайкы сессиясин тапшыра албай калышып же практикага барбай калышкан. Эми алар карыз сабактарын биз менен тапшырып жүрүшкөн. аларды көргөн сайын ого бетер тырышып окуп жаттык.Экзамендерин убагында тапшыра албай калгандар кайра тапшырууга суранышып, мугалимдердин жандарын коюшпай артынан чуркап жүрүштү. Мен экзамендерден жакшы деген баа алып, зачетторду убагында тапшырып жаттым. Сессия июнь айынын аяктарында бүтүп каникулга биринчи сентябрга чейин тарадык. Айылга барсам атам сугатта иштеп жатыптыр, энем, Жаңыл, Света, Ырыспектер үйдө экен. Мен май майрамынан бери келбегенге абдан сагынышып калыптырбыз,
ал жайыбызды сурашып ал күнү кечке үйдө болдум. Жамал, Вера эжемдер, жездемдер жакшы жатышыптыр,
Алиман, Калимандар мурунку эле жерлеринде иштеп жатышыптыр.
Конокказы абам Даркандын курортунда өзүнүн чогуу окуган группасы менен келип эс алышып, тоолорду кыдырып, практика жүзүндө окуусун үйрөнүп жатышыптыр.
Ал курортту университет жайкысын арендага алып, өзүнүн студенттерин эс алдырып, практикалык жактан окууларын үйрөтөт экен.Өткөндө он күн мурун өзүнүн группалаш балдары менен келип конок болуп кетишиптир.
Садырбай абамдар айылга көчүп келишип огороддун аягына үй салабыз деп жатышыптыр.
Ал Даркандан көчүп кеткенден кийин Тамгада башкы агроном болуп туруп, андан кийин Кой Сары санаториясынын колхозунда башкы агроном болуп иштеп, кийинки убакта Бөрүбашта башкы агроном болуп иштеп жаткан. Эми айылга көчүп келип үй салам деп райондо селхозхимияда агроном болуп иштеп жатыптыр. Ага да айылдан орун бербей коюшкан эле. Алма бактын четинен огород беришти бул огороддон көчпөйм деп болбой огородтун башын кестирип алыптыр.Мен Садырбай абамдардыкына барып учурашып келсем, Мурат мени күтүп үйдө отурган экен. Ал да каникулга тарап келип, бир жумадан бери үйүндө экен. Экөөбүз да көптөн бери көрүшө элек болчубуз, аркы беркилерди сүйлөшүп отуруп, түн жарымында тарадык. Эртеси күнү түшкө чейин огороддун чөбүн чаап, түштөн кийин көлгө бардык. Көлгө түшүп жатсак көлдүн жээгине эки кыз келип калды. Экөөбүздүн тушубузга келип купалникчен болуп чечинишип көлгө киришти. Биз аларды көрүп таанышып алалы деп жандарына бардык. Мурат экөөбүз аларга сөз айта албай, сөздү сен башта мен башта болуп бир топко туруп акыры мен:-Кыздар таанышып албайлыбы-дедим.
Арыкчырай сулуусумак келген кыз:-Таанышса таанышып алалы, менин атым Назгүл-деди,
берки жанындагы толмочунан келген кара тору кыздын аты Айгүл экен. Экөөбүз да аттарыбызды айтып таанышып алдык. Алар онунчу классты жаңыдан бүтүшкөн кыздар экен. Жайдын толук кези болгондуктан,
көлдүн жылып турган убагы эле. Көлдүн ичинде да, ичинде да элдер көп болчу. Биз элден обочороок жерде түшүп жатканбыз. Мурат көлдө чабак урганды жакшы билгендиктен көлдүн алды менен да сүзүп, үстү менен да чабак уруп жатты. Аны көргөн кыздар абдан кызыгып чабак үйрөткүлө дешкенинен,
мен чабак урганды жакшы билбесем да аларга шек алдырбай чабак урбасам да мындай тигиндей чабак уруш керек, деп ооз эки айтып үйрөтүп жаттым. Мурат чабак уруп көрсөтүп жатты. Көлдүн жылуулугунан тышка чыккыбыз келбей, көлдүн ичинде көпкө дейре жүрдүк. Кыздарга чабак урганды үйрөтүп, суу чачышып ойноп, аркы беркини сүйлөшүп, тамашалашып жатып алар менен эски тааныштай болуп, жакшы мамиледе болуп калдык. Көлдөн кызыгыбыз тараганда чыгып кийине баштадык. Кыздар өздөрүнчө кийингени кетишкенде Мураттан кыздардын кайсынысы жагып калды деп сурасам ал Назгүлдү жактырып калганын айтты. Мен Мураттын айтуусу боюнча Назгүлдү Муратка жакшылап тааныштырууга аракет кылып, айылга бараткан жолго ал экөөнү бир коюп, өзүм Айгүл менен артта калдым.Биз айылга жеткенде күн батайын деп калган, кыздар менен коштошуп, алар менен күндө кечкисин жолугушуп турмай болуп сүйлөшүп алып, Мурат экөөбүз үйлөрүбүзгө кеттик. Кийинки күндөрү Мурат экөөбүз кечкисин Назгүлгө барып анын кыздары менен сүйлөшүп жүрдүк.Биз күндөгүдөй эле кечинде ээрчишип көчөгө чыкканда караңгы кирип кетти, ай караңгы болуп күн бүркөк болгондуктан көзгө сайса көрүнгүс эле. Антсе да Мурат Назгүлдү жактырып калгандыктан анын көңүлүн кыя албай өзүм каалабай турсам да барууга тура келди. Биз Назгүлдүкүнө жеткенде Назгүл менен Айгүл күтүп турушкан экен, алдыбыздан тосуп чыгышты. Биз мурунку күнү келгенде Назгүл энесинин эртең айылга кетээрин айтып, огородунун чөбү чабыла электигин айтканда Мурат экөөбүз эртең түнү менен чаап беребиз деп убада берип койгон элек. Ал үйдө Назгүл энеси экөө эле турушчу. Энеси жок болгондуктан,
үйүнө киргизди, мурда энеси болгондо тыштан эле сүйлөшүп, отуруп кетээр элек. Үйгө кирсек дасторкон даярдап койгон экен, төртөөбүз шашпай сүйлөшүп отуруп, тамактанып алып, чөп чапканы тышка чыксак, күн себелеп жаап кирген экен, биз жаштыгыбыз менен күндүн жааганына карабай, айсыз караңгыда, жалгыз башы мокоп калган мокок чалгы менен чөп чапканга кириштик. Огород чоң экен, кыязы отуз сотиктей көрүнөт,анын үстүнө бедеси коюу өсүп, суу болгон беде чапканга оор болуп жатты. Ага карабай күчкө толуп тургандыктан,
алмак-салмак чөптү чаап жаттык.Күн уламдан улам катуулап жаап, тер аралаш суу багалектерибизден куюлат. Улам чапкан сайын бири бирибизди тамашалашып,
ар кайсыны сүйлөшүп ойноп күлүп жатып чарчаганыбызды билген деле жокпуз. Биз огороду чаап бүткөндө таң агарып, жаан да басылды.Мурат экөөбүз жолдо келе жатканда гана чарчагандарыбызды сезип, мөлтүрөп жооруган алакандарыбызды бири бирибизге көрсөттүк. Үйлөрүбүзгө жеткенде кыздар менен көлгө барууну убадалашкандыктан.
Алар менен качан кандай жолугушууну такташып алып үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Түшкө чейин эс алып жуунуп таранып, түшкү тамакты ичип алып Мураттыкына келсем ал күтүп жаткан экен. Экөөбүз чогу аялдамага келсек, кыздар көрүнбөйт, бир азга күтүп тургандан кийин Назгүл жанына бир татынакай сулуу кыз ээрчитип келип калды. Учурашкан соң Назгүл мага күлүмсүрөй карап:-Таанышып алгыла, менин класташ кызым болот-деди. Мен атымды айтып, ага жалооруй карасам, ал мени бир карап алып, тиктеп турганыман сүрдөп кеттиби:-Гүмүшай-
деп колун созуп, көзүн ала качып, жер тиктеп калды. Мен колун кармаган бойдон туруп калган экенмин, колун тартып алганда гана өзүмдүн чекилик кылганымды сезип уялып кеттим. Мага кыз абдан жагып калды. Медеркан менен Рашидадан кийин кыздарды мынчалык жактырган эмес болчумун, сүйүүм кайра тутангандай болуп, өзүмдү абдан кичи пейил, жакшы кармоого аракет кылып жаттым. Күндө сөздү адеп баштоочу элем, үн чыгара албай Гүмүшайды көзүмдүн кыйыгы менен тиктеп, анын ар бир кыймылынан кебете кешпиринен кынтык таба албай койдум. Гүмүшай орто бойлуу, акжуумал, көздөрү бакырайып балбылдап күйгөн чырактай жанып, узун кирпиктери көзүн ирмегенде бириге калып жатты. Каштары капкара болуп, жаңы туулган айдай иймейип, оозу оймоктой болуп, кырдачынан келген мурдуна жарашып тургандай көмүрдөй капкара узун чачтары эки өрүлүп кайра төбөсүнө апапакай бантиктер менен байланып коюлган экен. Койкойгон моюну жаш баланын билегиндей жумуру келип, ак мрамырдай төшүнө көрк берип турат. Кийген кийимдери абдан жарашып, татынакай көркүнө көрк кошуп ого бетер сулуу көрсөтүп турду. Анын сүйлөгөн сөздөрү үнүнүн назиктиги бары бири бирине төп келишип тургандай. Мен ичимден абдан татынакай, жакшы кыз экен деп ойлоп жаттым.Биз автобуска түшүп Чычкан менен Даркандын ортосундагы курортко бармакпыз, ал жердин көлү кумдуу келип, кишилер көп болгондуктан,
көлгө түшүү көңүлдүү болмок. Биз автобус тосуп аялдамада турсак Жолоочу машинасы менен өтүп баратып, бизди көрүп токтоп калды. Ал колхоздо механизаторлорду ташуу үчүн атайын жасалган бутка машина айдап жүргөн. Жолоочу биз менен учурашып жатып, биздин жаныбызда турган татынакай жаш кыздарды көрүп, кызыгып кетти көрүнөт,-Ой кайда жөнөп калдыңар-деп жылмая карады. Биз көлгө бара жатканыбызды айтып,-Эгер бош болсоң курорттун тушуна машинаң менен таштап койбойсуңбу-
десек Жолоочу бир бизди карап бир кыздарды карап, жок дей албай, шашып жүргөн экен айласыздан макул болду. Ал кыздарга карап жылмайып:-Келгиле кыздар, жылуу жумшак силер кабинага түшүп алгыла-деп кабинанын эшигин ача салганда кыздар:-Жок агай, биз булар менен эле үстүнө түшүп алабыз- дешип, бутканын артындагы эшигин көздөй басышты. Төртөбүздү курорттун тушуна таштап коюп, Жолоочу кайра кетти. Биз көлдүн жээгин көздөй кеткен жол менен басып жөнөдүк.Чоң жолдон көлдүн жээгине чейин эки километрдей жол басмакпыз. Биз жолдо бара жатканда Назгүл менен Мурат мени тамашалап:-Ой,
сен эмне сүйлөбөй калгансың, бүгүн сага эмне болгон,-деп калышты. Ан сайын уялып кызара түшүп,-Жөн эле,-дедим. Тигилерге сыр алдырбоого аракет кылып, чын эле сөзгө аралашпай өзүмчө ойлонуп, баратканымды сезип, тигилерге аралашып сүйлөйүн десем, оозума такыр ылайыктуу сөз келбей койду. Тигилер ан сайын тамашалап, бир нерседен шек алышкандай,
Гүмүшай экөөбүзгө тең тийише башташты. Гүмүшай да көп сүйлөбөй тигилер тийишип сөз айтышканда койгулачы деп күлүп койуп жатты. Ал дагы менин жактырып калганымды сезгендей болуп, мени тике карабай, көп сөзгө аралаша албай, суроолорго кыска жооп берип баратты. Биз көлгө жеткенде кыздар уялбасын дегендей кылып алардан обочорок барып чечине баштадык. Мурат чечинип жаткан кыздарга карап, -Кандай дейсиң чынында эле сулуу кыз экен ээ,- деди. Мен-Ооба,- деп башымды ийкедим. Мурат жылмайып күлүп, -Менин байкашыма караганда сага жагып калды окшойт чыныңды айтчы,- деп мени тандырбайын дегендей тике карады. Мен андан жашыра албай, -Ообо жакшы кыз экен, чынын айтсам жагып калды,- десем Мурат: -Анда Назгүлгө айтып анын да ойун билели,- деди. Мен: -Айтпай коё тур өзүнүн убагы келээр,- деп Муратты токтотуп койдум. Тиги кыздар чечинип бүтүшүп көлдү көздөй басышканда,
биз алардын артынан жөнөдүк.Көлдө эл көп экен курортто он чакты үй бар болчу көлдүн сезону болгондуктан,
аларда толтура эл толуп андан сырткары бизге окшогондор да, ал жака көп барышар эле. Себеби курорттун ашканасында тамак аш сатылып дайым көңүлдүү музыка ойноп турчу. Ал жерде жайкысын студентер эс алышкандыктан,
кечкисин көлгө түшкөн жаштар калып калышып, дискотекага катышып, кыз жигиттер менен таанышып көңүлдүү эс алышаар эле. Бүгүн да курорт жактан көңүлдүү музыканын үнү угулуп көлдүн жээгиндеги жаштар топ ойношуп, көлгө түшүп бака шака болуп жатты. Асман ачык болгондуктан күн жылуу болуп, көлгө түшкөндөрдүн маанайлары көтөрүңкү эле.Биз көлгө түшүп жаткандарга аралашып кеттик. Гүмүшайдын өрүмүн жазып коё берген капкара чачтары билегинен ылдый түшүп, татынакай денесине жарашып өңү кандай сулуу көрүнсө бүткөн бою да ошондой сулуу эле. Биз көлгө түшүп, ары бери чабак уруп ойной баштадык. Ал жомоктогу русалкадай болуп, чабакты да жакшы урат экен. Тим эле көлдүн тегерегиндеги жаратылыштын сулуулугу менен төп келишип атайын ошол жаратылыштын кейпинде жасалган идишке кооздук үчүн салып койгон алтын балыктай болуп көрүнөт. Мен даап ага жакындай албай жаттым. Мурат улам көзүн кысып «бол кармабайсыңбы»,
дегендей иш арат кылат. Бир кезде чымырканып көлдүн алды менен сүзүп барып, так жанынан чыгып белинен кучактай кармаганда экөөбүздүн көздөрүбүз көз ирмемге тиктеше түштү. Гүмүшай уялып кетти көрүнөт менин кучагымдан суурулуп чабак уруп кетти. Андан кийин мен да оңтойсуз абалда калгандыктан ага жакындай алган жокмун. Биз бешим ченде көлдөн чыгып ашканадан тамак ичип алып, айылды көздөй жөнөдүк. Мурат экөөбүз сүйлөшүп алгандыктан Гүмүшай экөөбүздү алдыга коё беришип, Назгүл менен Мурат артта калып калышты.Тигилерден бир топ узагандан кийин мен сөз баштап,-Кайсы окууга тапшырганы жатасыз?-дедим.
Гүмүшай:-Фрунзедеги университетке,
-деп жооп берди. Мен дагы эмне деп айтаарымды билбей ичимден окууга качан жөнөйт болду экен деген ой келип.-Окууга качан жөнөгөнү жатасыз десем-Бүрсүгүнү,
- дегенде мен аны жалт карап уккан кулагыма ишене албай-Бүрсүгүнү дейсизби?,- деп кандай сурап жибергенимди билбей калдым. Гүмүшай менин чочуп кеткениме күлкүсү келдиби мени жылмая карап, -Ооба, бүрсүгүнү Фрунзеге жөнөгөнү жатам,- деп жообун бышыктады. Мен ичимден бүрсүгүнү Фрунзеге кетсе убакыт абдан аз экен дедим да, -Эгер убактыңыз болсо кечинда киного барбайлыкпы,
- дедим. Гүмүшай эмне жооп айтарын билбей жаттыбы бир аз ойлонгондон кийин, -Кечирип коюңуз киного бара албайм,-деди.
Мен оңтойсузданып ичимден эмне үчүн киного чакырсам бара албайм деди, балким бул кыз мени жактырбай жаткан чыгар деп андан ачыгын билгим келип, -Эмне үчүн баралбайсыз,
-десем Гүмүшайда катуу айтып алдымбы дегендей кылып, -Барат элем бирок, үйдөгүлөр кечкисин эч жака жиберишпейт,
- дегенде санаам бир аз тына түштү.Биз жай басып бара жаттык. Кандай сөз айтсам кызга жагат болду экен деп оюма келген сөздөрдөн тандап жаттым. Күндүн илеби кайтып жолдун эки четинде бак-дарактар өсүп тургандыктан,
жолго көлөкө түшүп салкын жел жүрүп турган ары бери өткөн машиналар анда санда зуу коюп өтүп кетип жатышты.Биз чоң жолго чыкканда да жолдун узактыгына карабай жолдон машина тосуп турбастан жөө жөнөдүк. Эмнегедир Гүмүшай да машина тосолу деген жок курорттун тушунан айылга чейин алты жети километрдей эле. Улам барган сайын бат эле жакындап бараткандай болуп, менин шаштым кетип суроолорду бат-баттан берип, алардан жооп алууга убакыт аз болгондуктан,
аракет кылып, -Сиздин сүйлөшкөн жигитиңиз барбы?- дедим Гүмүшай менин жактырып калганымды билип турса да, билмексен болуп, -Анын эмнесин сурап жатасыз,- деп көзүнүн кыйыгы менен мени карап жылмайды. Мен эмне деп айтаарымды биле албай какап калып тамагыма бир нерсе тыгылып калгансып унчуга албай араң дегенде, -Билейин деп эле,- дедим. Андан сүрдөй көзүмдү ала качып эмнегедир суроомду жоопсуз калтырып качан жооп берет деп күткөнүмө карабай унчукпай ойлуу басып баратты. Бир топко унчукпай басканыбыздан кийин тынчым кетип, -Менин суромо жооп бербей калдыңыз, десем Гүмүшай менин суроомо, -Жок,- деп гана кыска жооп берди. Мен Гүмүшайды таарынтып алчудай болуп кандай айтсам деп улам бир сөздүн ылайгын келтире албай бушайман болуп, кыйналып бараттым качан гана айылдын карааны жакындап калганда бүрсүгүнү окууга кеткени жатса кечинде киного келбесе азыр айтпасам болбойт деген чечимге келип токелге салып туруп, -Гүмүшай- деп катуу эле айткандай болгонум менен үнүмдүн акырын чыкканын өзүмда сезип калдым Гүмүшай: -Ии -деген назик үнүн чыгарды мен чымырканып:
-Сиз мага жагып калдыңыз эгер макул болсоңуз кат алышып турбайлыбы,
- дедим. Менин бул суроом дагы эле жоопсуз калды, дагы эле жооп күтүп бир топ баскандан кийин,- азыркы суроомдун жообун билүүгө болоор бекен,- десем Гүмүшайда катуу ойлонуп келаткан эле, -Мен бүрсүгүнү Фрунзеге кеткени жатсам, сиз бул жакта каласыз, балким сиз мени жактырып калдым деп жөн эле айтып жаткан чыгарсыз. Эгер чындап эле жактырып калсаңыз Назгүл аркылуу адресимди билип алып, артымдан Фрунзеге издеп барыңыз, ошол жерден жообун берейин,- деп чечкиндүү айтты. Мен ал жоопту уккандан кийин эч нерсе деп айта албай, -Макул мен сизди издеп барам,- деп гана айтып унчукпай калдым. Ангыча айылдын четине кирип келгендигибизден берки экөөнү күтүп туруп калдык. Биздин күтүп калганыбызды көрүп берки экөө бат эле жете келишти. Мурат экөөбүз кыздарды үйлөрүнө жеткирип койуп кайра тарттык. Жолдо келатканда Мурат Гүмүшай менен эмне сүйлөшкөндүгүмдү сурап калды. Муратка Гүмүшайдын берген жообун айтып бердим.
#39 23 August 2015 - 15:24
Гүмүшайдын элеси көз алдыма тартылып бассам турсам ойумдан чыкпай калды. Эртеси кечке үйдөн жумуш жасап эптеп күндү кеч киртип кечинде Мураты ээрчитип алып Назгүлгө бардык. Эчөөбүз Гүмүшайдын үйүнө жеткенде караңгы кирип ай караңгы болгондуктан,
киши таанылбай калган. Биз Гүмүшайды чакыртып чыгуу үчүн Назгүлдү үйүнө кийрип жиберип, өзүбүз көчөнүн далдоо жеринде күтүп турдук. Эмнегедир Назгүл бир топко чейин кармалып, кенен бир саат убакыттан кийин Гүмүшайды ээрчитип келди.Алар үйдөгүлөрүнөн чыга албай жатышкандыгын айтып жаңы эле учурашып жатканда, короосунан энесинин Гүмүшайды чакырган үнү угулду. Гүмүшай энесинин үнүн угары менен шашып,-Жакшы калгыла, Фрунзеге эртең кетмей болдум, аялдамадан эртең саат ондо жолугушалы,
-деп койуп, үйүнө чуркап кирип кетти. Мен оозумдан алдырган бөрүдөй болуп, эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Биз кайра чыгып калабы деп турсак, Назгүл «үйүндөгүлөрү Гүмүшайды бары бир эшикке чыгарбайт» деген соң, Назгүлдүн үйүн көздөй жөнөдүк. Мен капаланып ар кайсы санаага батып берки экөөнүн артынан бара жаттым. Назгүлдүн үйүнө келсек Айгүл бизди күтүп жаткан экен.-Ой кайда эле жүрөсүңөр, мен силерди бир сааттан бери күтүп жатса,-деди көңүлү жайдары бизге күлө карап. Биз учурашкандан кийин Назгүл кечээтен берки көргөн билгендерин айтып берди. Айгүл сөздү жактыра бербей кабагы салаңкы угуп бүтүп бир аз унчукпай турду да, магаг тике карап,-Сиз чындап эле Гүмүшайды жактырып калдыңызбы,
-деди. Мен эч ой жок эле,-Ооба,-дегенде Айгүл артын көздөй үн сөзү жок тез бурулду да чуркаган бойдон жөнөдү. Мурат экөөбүз эмне болуп кеткенине түшүнө албай жалдырап карап туруп калсак Назгүл,-Токто Айгүл!,деп артынан кошо чуркап кетти. Биз да эсибизге келе калып алардын артынан кошо чуркадык. Айгүлдү биз канчалык токто деп кыйкырсак да болбой чуркап баратты. Анын үйү бир километрдей аралыкта болчу. Ал түз эле чуркап короосуна кирди, бир артынан чуркап кошо кирсек, Айгүл үн сөз жок сарайдын алдында шолоктоп ыйлап жаткан экен. Назгүл аны соорото баштады, биз эмне дээрибизди билбей карап турсак, бизди көрүп Назгүл,-Силер көчөгө чыга тургулачы,-деди.
Мурат экөөбүз көчөгө чыгып, бири бирибизден эмне болду деп сурашып, эч нерсеге түшүнбөй жаттык. Биздин турганыбызга бир саатча убакыт болуп калганда дарбазадан Назгүл чыгып-Кеттик-
деди. Мындай басаарыбыз менен Мурат экөөбүз эки жагынан чыгып, эмне үчүн Айгүлдүн ыйлап жатканын сураганыбызда Назгүл кабагы салаңкы келе жаткан эле, ал кейиген үнү менен, -менде да күнөө бар, Айгүлдүн Бекказынын жакшы көрөөрүн мурда айтып койбогон,-деди.
Ошондо гана Мурат экөөбүз Айгүлдүн эмне үчүн ыйлаганына араң түшүндүк. Ичимден Айгүлгө боорум ооруп,эмне үчүн ойун мурда билдирген жок болду экен,деген ойдо болдум.ал мага мурда жакшы көрүп калганын билдирген эмес эле.Эртеси күнү эртең менен саат тогуздарда Муратка келип, ал экөөбүз чоң жолго чыксак, көчөөнүн башындагы аялдамада чоң автобус турган экен. Биз автобусту көрө койуп, Гүмүшайдын үйү ошол жакта болгондуктан,
ошол автобуска түшүп калабы деген ой менен чуркап жөнөдүк. Чымын куюн түшүп чуркап барсак Гүмүшай жүктөрүн салып бүтүп Назгүл менен коштошуп, автобуска түшүп жатыптыр. Мен адегенде чуркап жетип:- Жакшы барыңыз, артыңыздан издеп барам,-дегенге гана үлгүрүп калдым. Аңгыча автобус жүрүп үчөөбүз кол булгалап калып калдык. Назгүлдөн,-Эмне үчүн саат тогуздагы автобуска түштү, бизге ондогу автобуска түшөм дебеди беле,- десем Назгүл:-Кечинде Гүмүшайдын,
саат ондо аялдамадан жолугалы деген сөзүн энеси угуп калыптыр. ошондуктан эжеси экөөнү саат тогуздагы автобуска түшкүлө деп болбой койуптур, Гүмүшай өзү жалгыз кетпестен эжеси менен кетти.- деди. Назгүлдүн жообун уккандан кийин эрте келбегениме өкүнүп кала бердим. Арадан эки үч күн өткөндөн баштап, күн сайын кечинде Назгүлдөн «Гүмүшайдан кат келдиби» деп сурап турдум. Август айынын орто ченинде Назгүл да окууга кеттиби же башка жака кеттиби Мурат экөөбүз барсак үйүндө жок болуп чыкты. Андан кийин да эки үч жолу барып үйүнөн таппай койдук. Мен Гүмүшайды такыр унута албай же издеп барайын десем адресин билбей сары оору болуп, кыйналып жүргөн күндөрүмдүн биринде «Сага» деген ырымды жазган элем.Сен назиксиң, жаздын жаңы гүлүндөй,Сен тазасың, тоонун таза суусундай.Сен бийиксиң, кол жетпеген жылдыздай,Сен асылсың, эңсөө үчүн туулгандай.
Мен кыялкеч, ойлоо үчүн жаралган,Мен алсызмын жетпегенге кол сунган.Мен мококмун, сөз учугун таппаган,Мен бактысыз, сүйүүгө жетпей умтулган.Сулуулугу акылына жарашкан,Аял заттан аз кезигээр сендей жан.Сени сүйөм бактым болчу деп сага,Ыгын таап айталбадым кайрадан.Куса болуп күндө эстеп кыйналам,Куугунтуктап күндөр өтөт кыйладан.Кыялымда жашай берем сен менен,Өмүр өтүп кетмейинче дүйнөдөн.Мына ошентип тагдырдын тамашасына кайра кабылып унутулуп бара жаткан сүйүү оту кайра тутанып жалындап күйүп кете албай, быкшып түтөп жаткандай болуп кайрадан өзүмдү өзүм кыйнап эч ойдо жок жерден, сүйүнүн торуна чалынып калдым каникул аяктап жаңы окуу жылы жакындап калганда көкүрөгүмө толгон санаа менен Түптөгү окуума жөнөдүм. Жаңы окуу жылы башталып үч-төрт күн окуугандан кийин госпрактикага тарадык. Техникумдун директору Байтолоев башка жумушка которулуп кетип ордуна Сатыбеков директор болуп келиптир. Ал киши узун бойлуу, толмочунан келген, ак жуумал, өңдүү түстүү, сыпаа жашы кырктан өтүп кырк бештерге барып калган киши экен. Анын улуту казак дешти, бирок өзүм сүйлөшүп көргөн жокмун бизге гос практиканы өтүү үчүн райондук айыл чарба башкармасына жолдомо берилди. Мен госпрактикага тарап баргандан кийин үйгө эки-үч күн туруп биринчи күнү эртең менен Кызыл-Суудагы айыл чарба башкармалыгынын канторасына бардым ал жерде менден мурда үч киши кезек күтүп кабылдамада отурушкан экен мен дагы башкармага кирүүгө кезек алып алардын катарында күтүп отурдум. Кезегим жеткенде райондук айыл чарба башкармалыгынын начальнигинин кабинетине кирсем техникумдун мурунку директору Байтолоев отурган экен. Мен саламдашып учурашкандан кийин жолдомо сунсам мени карап күлүп,-Оо госпрактикага келдиңби кел мындай отур,- деп мени өзүнө чукулураак жерге отургузуп,- кана айтчы өзүң практиканы кайсы колхоздон өтөйүн деген ойуң бар?- деди. Мен анын жакшы мамилесинен улам тартынбай, -Госпрактиканы өз айлымдан өтсөм болоор бекен,- дедим. Ал мага карап жылмайган боюнча, -Тура кыласың өз айлыңдан жакшы иштеп, өзүңдү көрсөтсөң кийин окууну бүткөндө өз айлыңдан иштегениңе жакшы болот, деп кайра суроо узатып,- силердин айыл кайсы колхоз эле,- деди. Мен-Дархан айылынан, Ала-Тоо колхозунан болом,-десем жолдомонун бурчуна бир нерселерди жазып туруп, -Ушул залдын күн чыгыш жак башындагы сол жакы кабинетке кирсең райондун башкы агроному Бекен Исмаилович деген киши отурат. Ага бул жолдомону берип Ала-Тоо колхозуна барасың деп мени айтты де,- деди.Мен кубанып жолдомону алып ырахматымды айтып ал кабинеттен чыгып Бекен Исмаиловичтин кабинетине барсам, ал кабинете эки киши отурган экен. Мен салам айтып жолдомону Бекен Исмаилович ушул киши болсо керек деп болжолдоп төрдө отурган орто бойлуу, кара тору, кочкор тумшук, көзү алайган жашы кырктардан өтүп калган кишиге сунуп, -Мени Ала-Тоо колхозуна барсын,- деди дедим. Ал мени олурайа тиктеп алып, -Мен сени кайда жиберишти өзүм билем, мага кеңешпей эле өзү чече берет бекен,- дегенде, мурунку кабинеттен жакшы мамиледе чыгып, эрдемсип эркин турган элем анын сөзүн угуп өзүмдөн өзүм бүрүшө түштүм. Бакен Исмаилович жолдомону бир карап алып столунун аркы бурчуна ыргытып койуп, мени эзелки кеги бар кас душманындай жекире карап алып, жанындагы кишиге,- ой ушулардан кайсы адис чыкмак эле окууну бүтүшкөнү менен кетмен көтөрүшөт да,- деп ормоңдоп койду. Берки киши анын сөзүн жактырбагандай болуп мага боору оорудубу менин оңтойсузданган абалымды көрүп мени жылмайа карап тең элбей эле кой дегендей кылып көзүн ысып койду да, -Бекен Исмаилович бул жигитти Ала-Тоо колхозуна эле жибербейлиби,
Аманкулов жетишпей жатабыз деп дайым эле ыйлап жүрөт,- дегенде тиги алдындагы кагаздардан баш көтөрбөй, -Мейлиң,- деп койду. Мен ичимден бул кишини мурда көрүп билбесем эмне үчүн мага мынча ачуусу келип жатат, бирөөлөр мурда мени ушактап койгонбу ким болду экен, же мүнөзү эле ушундай жаман кишиби деп ойлоп жаткан элем. Мейлиң деген сөзүнөн улам кайра кубанып кеттим.Берки киши машинкага басып жолдомо даярдай салып Бекен Исмаиловичке кол койдуруп мага сунуп, -Кана жигит практикаң ийгиликтүү өтсүн,- деди. Мен» -Ырахмат агай,- деп жолдомо берген кишиге ыраазычылыгымды билдирип көчөгө чыктым.Жолдо келе жатып бир туруп айыл чарба башкармасынын начальнигине Бакен Исмаиловичтин жанындагы кишиге ыраазы болсом, бир туруп Бакен Исмаиловичтин мага кылган мамилесине таарынып же сүйлөөрүмдү же күбүнөөрүмдү билбей келе жаттым. Мен эч жакка бурулбастан айылыма түз келип кохоздун конторасына кирдим. Контордо киши көп экен, башкарманын кабылдамасында атайын күтүп отурган киши көрүнбөйт, башкармага колхоздун активтеринин бири кирсе бири чыгып жатышты, киши жок боло калганда машинка басып жаткан башкарманын секретары машинкасын токтото коюп, -Бол киши жокто кире кал, азыр чогулуш болгону жатат, андан кийин бошобойт,- деди. Мен уруксаат сурап эшиктен кирсем колхоздун башкармасы Сатылганов Абылай көп кагаздарды барактап улам бирөөнө көз жүгүртүп отурган экен, -Кел,- дегенде ишарат кылды. Мен жанына барып жолдомону сунсам унчукпай алып окуп чыгып,- кимдин баласысың -деди мен: -Сагаалынын,
- деп жооп берсем, -Практикага келгениң жакшы болуптур сага жумуш берели. Жумуш көп болуп активтер жетишпей жатышты эле бизде жумуш абдан көп жакшы иштешиң керек. Эгер жалкоолонсоң тарынышмай жок болсун, бизде айо деген болбойт. Мүнөздөмө албай каласың,- деп жолдомонун четине жазып,- муну Аманкулов Бейшенге бер, ал сага жумуш таап берет,- деп жолдомону кайра сунду.Мен башкармадан жакшы мамиле жакшы сөз күткөн элем башкарманын көңүл коштугуна капаланып, ал кабинеттен кабагым бүркөө чыктым. Аманкулов Бейшендин кабинетине кирсем ордунда отурган экен жанындагы кишилерге бир нерселерди сүйлөп жатыптыр. Мен уруксаат сурап, салам айтып кирип босогого туруп калдым, Бейшен мени көрүп турса да көрмөксөн болуп сүйлөй берди. Качан гана берки кишилерге сүйлөп бүткөндөн кийин мени карап, -Сен эмне дейсиң,- деди,-Сизге жиберди,- деп жолдомону окуп көрүп, өзүнө таандык үнү менен чыйылдап, -Эртең таң жаңыдан сүрөөрү менен гаражга бар. Ошол жерден сүйлөшөбүз.
Уйкуң катуу эмеспи, уйкуң катуу болсо уйкуңду бат эле ачабыз, -деп шылдың кылып мазактап күлгөндө, берки жанындагыдар да аны коштоп шарактап күлүп калышты. Ан сайын Бейшен өзүнүн сөз тапкычтыгына маашырланып,
- мындайлар көп эле практигага келишип иштей келгенде чыдай алышпай көздөн кайым болушат,- деп мыйыгынан күлгөндө беркилер коштоп, -Туура Бейшекке бу чарбага өзүң өңдөнгөн киши гана чыдабаса жумушуңар оорда булар азыр токочтун кантип табыларын билишпейт эмеспи,- дешкенде мен отургандардын баарына кыжырым кайнап, ал кабинеттен чыгып кеткенге шаштым. Менин артымдан алардын каткырып күлгөндөрү угулуп калды.Мен тышка чыгарым менен тыштагыларды чогулушка киргиле деп калды. Контордун тегерегиндекилардин бары чогулуш өтүүчү залга кире башташты. Мен да булардын чогулушу кандай болоор экен деп чогулуш болуучу залга, эл менен кирип арт жагына отурдум. Эл орун алышкандан кийин залга Абылай баштаган колхоздун чоңдору кире баштады. Абылайдын артынан парторк Бугубай, башкы агронном Бейшен, башкы бухгалтер Асанкадыр, башкы экономист Токтобек, башкы ветврач, башкы зоотехник кирип президиумга отурушту. Зал толтура болгондуктан,
залдын ичинде эки жүздөй киши бар болчу.Күндүн ысыктыгынан элдин көптүгүнөн залдын ичине аба жетпей үп болуп кеткенде терезелердин форточкаларын ачып койушту. Колхоздун парторугу Бугубай ордунан туруп, -Жолдоштор бүгүнкү партиянын ачык чогулушуна колхоздун активтери жана жалпы механизаторлору чакырылган эле. Чакырылгандар келип бүтүп калгандыгына байланыштуу эгер уруксаат этсеңиздер чогулушту баштай берсек кандай дейсиңер,- дегенде залдагылар дуулдап, -Анда баштай берели,-деп калышты. Бугубай залга кайрылып, -Чогулушту баштайлы деген жолдоштор колуңуздарды көтөрүп койсоңуздар,
-дегенде бары колдорун көтөрүштү каршы калыс дегенде эч ким кол көтөргөн жок. Анда чогулуштун президиумун шайлап алсак, кимде кандай сунуш пикир бар,- дегенде залдагылар ар кайсы жерден кыйкырып трибунадад отургандардын фамилияларын жана эки бригадирдин фамилиясын аташты. Биринчи бригаттын бригадири Үсөнбай деген киши эле. Ал узун бойлуу толмочунан келген ак саргыл жашы алтымыштарга барып калган мүнөзү токтоо, башында чачы жок таз киши болчу аны душмандары көзү жокто Үсөнбай таз дешчү. Президиумга көрсөтүлгөндөр орундарына отурушкандан кийин Бугубай кайрадан сөз алып,- жолдоштор эми чогулуштун күн тартибинде каралуучу маселелерди бекитип алсак, бүгүнкү чогулушта эки маселе каралмакчы,
биринчи маселе айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча иштердин жүрүшү туурасында.
Экинчи маселе айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо боюнча техникалардын даярдыгы туурасында.
Кана жолдоштор ушул эки маселелерден тышкары дагы кандай кошумча алымчаңыздар бар,- деди. Эч ким унчукпаган соң,- анда ушул эки маселе күн тартибинде каралсын деген жолдоштор колуңуздарды көтөрүп койсоңуздар,
- деди, залдагылардын бары колдорун көтөрүшкөндөн кийин каршы, калыс деп эч ким кол көтөрбөгөндөн кийин,- жодоштор күн тартибинде каралуучу эки маселе боюнча докладды колхоздун башкармасынын төрагасы Сатылганов Абылай Сатылганович жасаса, андан кийин эки маселе боюнча чогу талкууга өтсөк, деген сунушум бар кандай дейсиңер же өз-өзүнчө карайлыбы,- дегенде алдында отурган кошоматчылар,
-Сиз айткандай болсун,- дешкенде калгандары,
-Ошондой болсун,- деп жаалап кетишти. Бугубай, -Анда сөз Сатылганов Абылай Сатылгановичке берилет, деп салтанаттуу кулактандырганда алдыдагылар колдорун чаап жиберишти. Аларды калгандары коштоп кетишти.Абылай колуна кагаздарын кармап, трибунага келип тамагын жасап алып алдындагы стаканда куюлуп турган суусундуктан ууртап, -Жолдоштор,-
деп сөзүн акырын баштап колхоздун жер аянтынын канча жерине эмне өсүмдүк себилгенин айтып, алар кандай өстүрүлгөнүн кимдер жакшы кимдер жаман иштегендерин айтып келип, улам барган сайын күчөгөнүнөн күчөп, кыйкырганынан кыйкырып тамагы кургап баратканда бөтөлкөдөгү суудан стаканга куюп жута баштады, ал кээ бир жерден уят сыйытка карабай сөгүнгөндө,
аялдар баштарын ката койуп жатышты. Сөздүн күүсү менен өзүнө ээ боло албай калып жатты.Мен ан сайын таң калып эл муну чын эле «контужин» дейт турбайбы деп жаттым. Бир убакта түшүм жыйноочу техникалардын даярдыгын кароого келгенде кызарып –татарып башкы инженер менен трибунадан түшүп келип мушташа кетчүдөй болуп, -Жанакы Курманбаев деген акмак барбы,- деп залдагыларга кайрылганда залдын орто ченинен, -Мен бармын,- деген үн угулуп шүмүрөйгөн кара томолок, орто бойлуу, отуз жаш курагынан жаңы өтүп калган жигит ордунан турду. Абылай аны элге көрсөтүп, -Жолдоштор мына бул акмакты көрүп алгыла, биз ушул акмакты жаш адис экен деп башкы инженер кылып койсок, эми бул акмактын кесиринен, итчилигинен техникалар түшүм жыйноого дайар болбой жатат, муну эл душманы катары сотко беришибиз керек. Өкмөт менен партиянын план тапшырмалары аткарылбай жатса, эл эгини жок ачка отурушса, өкмөт менен партия бизге ишенип кызмат берип жатышса, бул акмак ишти уюштуруп иштетпегенинен мунун кесепети жалпы элге тийип баарыбыз өкмөт менен партиянын алдында уят болгону отурабыз. Мындай акмактын кесири элге тийе электе жоготушубуз керек,- деп көктөн алып жерге, жерден алып көккө уруп тилдеп жатып, чарчады окшойт үнү каргылданып безгек тийген немедей калчылдап, жедеп мууну бошоп бүткөндө ордуна барып отурду.Залдын ичи тымтырс болуп, чымын учса угулгандай бир да табыш үн жок. Залдагылардын үрөйү учуп баштарын жерге салып өйдө карашкандан коркуп отурушту. Чогулушту алып барып жаткан Бугубай ордунан туруп, -Жолдоштор доклады талкуулаганга өтсөк, кимде сөз бар,- дегенде залдын ичинен шыбыр-күбүр деген үндөр угулуп менде сөз бар дегенге эчкимиси даай албай турду. Бугубай дагы эле туруп турган башкы инженер Курманбаев Чубакка кайрылып,- сен башкарманын айтканы боюнча эмне жооп айта аласың, сенде сөз барбы,- дегенде тилден калган немедей башын ийкеп ооба дегендей кылды. Бугубай,- анда сөз башкы инженер Курманбаевке берилет,- дегенде Чубак ордунан козголуп трибунаны көздөй жөнөдү, мен азыр инженер эмне дээр экен башкармага кайаша айтаар бекен деп турдум. Залдагы күбүр-шыбыр болуп жаткан эл да эмне дээр экен дешкендей болуп тынчып тыңшап калышты. Чубак трибунага чыгып,-Жолдоштор,
деп элди бир карап алып андан кийин Абылайга гана сүйлөчүдөй президиум жакты карап алып,- мен чынында эле абдан күнөөлүмүн Абылай Сатылганолвич туура айтат,- дегенде тыптынч болуп отурган залдагылар шыбыраша-күбүрөшө башташты. Президиумдагылар болсо жылмайып баштарын ийкегилеп тура баштадың дегендей кылышканын көрүп Чубак тыңый түшүп анан санаасы тына эл жакты карап сөзүн улады.- Абылай Сатылганович айткандай мени соттоп жиберсе аздык кылат, бирок Абылай Сатылганович кеменгер, боорукер адам болгондуктан мени сотко бербей, алдыңарга салып отурат, мени Абылай Сатылганович атасы баласын эркелеткендей кылып, жаштыгыма карабай жоопту кызматты ишенип тапшырса, мен ишеничине татымак турсун, боор ооруса боорго тээп акмактык кылып түшүм жыйноого техникаларды толук даярдай албай калдым. Жолдоштор Абылай Сатылганович мага кандай жаза колдонсо да аздык кылат. Эгер ушул жумушумда кайра иштеп калсам, башым менен жер казсам да техникаларды беш күндүн ичинде же болбосо сентябрдын онуна чейин түшүм жыйноого дайар кылууга болгон күч аракетимди аянбай, эгер дайар кыла албай калсам Абылай Сатылганович кандай чара колдонсоңуз даярмын анда өз убалым өзүмдө,- дегенде кошоматчылар тура дешип колдорун чаап жиберишкенде бүт залдагылар коштоп кетишти. Чубак мен сөзүмдү аяктадым дегендей Бугубайды караганда агроном Бейшен эңкейип Бугубайга шыбырап сөз сурагандай болду. Бугубай ордунан туруп, -Инженерге кандай суроолоруңар бар,- дегенде эч ким унчуккан жок. Чубакты отура бер дегендей башын ийкеп кайра залдагыларды карап,- анда сөз колхоздун башкы агроному Аманкулов Бейшенге берилет,- деди. Бейшен ордунан туруп шашпай трибунага чайпала басып келип өзүнө таандык чыйылдаган үнү менен, -Жолдоштор колхоздун башкармасы Абылай Сатылганович айткандай биздин жетишкен жактарыбызга караганда жетишпеген жактарыбыз көп, же тактап айтканда иштегенибизден иштебегенибиз көп болду. Кемчиликти мойнубузга алышыбыз керек. Биз колхоздун активтери кийинки учурларда жаман адат таап алдык өз акылыбыз өз башыбыз менен иштебей эле Абылай Сатылгановичке сүйөнүп алып башкарма айтсын анан жасайбыз дегендей кылып башкарма айтмайынча өзүбүзгө милдеттүү жумуштарыбызды аткарбай баарыбыз айдама болуп калдык,- дегенде залдагылар дуу күлүп жиберишти. Бейшен да өзүнүн сөзүнө ыраазы болгондой мышмыйып күлүп койуп анан кайра сөзүн улантып,- жолдоштор ошондон улам мындай дегим келет эмне ушул жасалып жаткан жумуштун бары жеке эле Абылай Сатылгановичке керекпи же тапкан зарплатыңарды ушул кишиге бересиңерби жок антпейсиңер айлык алганда эстээриңерди кудай билет андай болгон соң эмне үчүн өзүбүздүн милдетибизди так аткарып, алган эмгек акбызды актабай жатабыз. Абылай Сатылгановичтин жалгыз башы кайсы жерине жетет бизден башка да башкарманын жумушу чачтан көп,- деп Абылайды карап койуп анын кабак-кашына карап сүйлөп жатты. Абылай баарына таарынгандай болуп мелтейип унчукпайт. Бейшен дагы эле сүйлөп келип акырында Чубакты элдин көзүнчө коргомуш болойун дедиби сөзүн улантып,- түшүм жыйноочу техниканын даярдыгын өз көзүм менен көрөйүн деп санам чыдабай чогулуштун алдында гаражга кирсем Абылай Сатылганович,
- деп Абылайды карап,- кечеки сиз көргөн эки комбайндын бирөөнү түнү менен оңдоп чыгышыптыр,
бирөөнү бүгүн эртең оңдоп чыгабыз дешти. Ушул күнгө чейин техникаларды түшүм жыйноого толук даяр кылбаган Курманбаевтин акмакчылыгын тура белгилеп кетиңиз, мындан кийин Курманбаевдин үстүнөн өзүм контролдук кылайын. Бир ачууңузду мага бериңиз жаш эмеспи оңолуп кетээр, өзү деле күнөөсүн мойнуна алып жатпайбы, эгер оңолбосо өзү айткандай өз убалы өзүндө,- деп сөзүн бүтүрдү.Байкаган кишиге бул чогулушта жаңы иштеп жаткан жаш адис Курманбаев Чубакты иштеги кемчиликтерин элге көрсөтүп кың дедирбей баш ийдирип тарбияга салыш үчүн эгер тарбияга түшпөчүдөй болсо жумуштан кууп жибериш үчүн атайын Абылай менен Бейшен кеңешип жасашкан эле жаш адистер райком партиянын көзөмөлүндө тургандыктан партиянын чогулушуна салбай туруп кууп чыгууга мүмкүн эмес болчу. Менин ойумча чогулуш башталарда Чубакка кандай сүйлөштү Бейшен үйрөткөн, эми азоого салма салгандай мойнуна чалма түшкөнүн Чубак анда билген эмес.Мына ушуга окшогон өзүлөрүнүн ыкмаларын колдонушуп,
бешөө колхозду калагандарындай башкарып жеп ичип жатышкан. Үстүлөрүнөн болсо өзүлөрүнүн ишенген кожоолору колдоп турушкандыктан алар он чакты жылдан бери мындай иштердин далайын баштарынан өткөрүшкөндүктөн ар түрдүү ыкмаларын чебер колдонушуп эч кимге сыр алдырбай элге өзүлөрүн иштерман акылдуу көрсөтүшүп ар кимиси кошоматчы, ушакчы, экижүздүү, бакан ооз кишилерди колдоруна алышып улам барган сайын алары көбөйүп тамырлап каяша айткан, кичине эле баш көтөргөндөрдү төбөгө чаап, элди кың дедиришпей билип алышып каалагандарын жасап, каалагандарын алып турушкан. Алардын мындай ыкмасын ал убакта мен дагы билген эмесмин андан кийин чогулушка улам бирөө чыгып сүйлөп жатышты. Алар да атайын даярдалган кошоматчылар эле. Алардын сөздөрүнүн көпчүлүгү бири-бирине окшош болуп колхоздун чоңдоруна ант берип жатышкандай болду. Чогулуштун аягында күн мурунтадан даярдалган токтом кабыл алынып Абылай кол көтөргөндө робот сыйактуу бары тегиз кол көтөрүп жатышты.Чогулуш бүткөндөн кийин экиден үчтүн болуп тарап бара жатышып, чогулушта уккан көргөндөрүн талкуулашып «үйдө баатыр, жоодо жок», болушуп кайрадан эле чоңдорду жамандап бара жатышты. Мен эч кимге кошулбай өз оюм менен өзүм алек болуп, эч нерсеге түшүнө албай эмне үчүн деген суроолорго башымды катырып жооп таба албай жаттым. Чубак тил укпай эле өзүм тил уккандай болуп Абылайдын тилдегендерин Чубактын жооп берип жатканын Бейшендин мышмыйып күлүп сүйлөп жатканын баарын баштан аяк көз алдыма келтирип жаттым кээде ошончо тил угуп иштеп жаткан Чубакка ачуум келсе кээде тилдеген Абылайга ачуум келип эртең эле оңдоп чыкчу бир комбайн үчүн ушунча да тилдейби деп бир чети таң калсам бир чети Бейшенди жакшы көрүп бул жакшы киши көрүнөт Чубакка болушуп жатканын карачы эми комбайнды эртең оңдобой калса Абылай агны да сөгөтко деп ичимен Бейшенди аяп бара жаттым.Кэчээ эле менин ойум такыр башкача болчу. Мен өзүмдү окуумду бүтүп жаткан билимдүү кишимин, практика башталгандан баштап өзүмдүн техникумда окуп үйрөнгөндөрүмдү иш жүзүндө көрсөтүп өсүмдүктөрдү өзүнүн эрежелери менен өстүрүп түшүмүн жогорулатып элди ыраазы кылып сый урматка татыктуу болуп ишке баш отум менен берилип иштеп, кийин ата-энемди багып өзүмдү эл алдында жакшы адам катары көрсөтсөм деп ойлонуп жаткан элем эмичи эми бир эле күндүн ичинде ойум таш-талкандай болуп мен ойлогондой болбой калды, кайда барсам да ойума маани берилбей мени менен эсептешпей кагып силкип отурушпайбы минтип чогулуштарда бири-бирин сөгүшүп кичине эле күнөө кетиришсе ушинтип элдин көзүнчө ит-абийирди кетирип сөгүп отурушса ким иштегиси келет. Ошондуктан эл айткандай сөгүп, жүдөтүп, жаманаттылап жаңы келген кызматчыларды кууп жиберишет деген чын белем деп баарынан түңүлүп жаттым.Бирок менин ойума райондун айыл–чарба башкармалыгынын начальниги Байтолоев же Бекен Исмаиловичтин жанындагы жардамчысы келе калганда кайрадан үмүт пайда боло түшүп эгер булар колхоздон иштетишпесе башка жактан деле иштеп кетсемби деп койом кайра бүгүнкү көргөн терс көрүнүштөрдү эстегенде көңүлүм чөгүп үмүтүм үзүлө түшөт. Үйүмө жакындаганда ойумду жыйнап кайраттана жакшы иштеп баарынын көздөрүнө көрүнүп теңдерине албагандардын баарына өзүмдүн ким экендигимди көрсөтүп жакшы иштебесем дедим. Үйгө келсем атам жумушта экен, үйдө энем карындаштарым,
Ырысбек болуп түшкү чайларын ичип жатышыптыр мен канчалык капаланып жатканымды билдирбөөгө аракет кылсам да кабагымдын салынкы экенин энем сездиби энем иштериң кандай балам практикаңды өзүбүздүн айылдан эле өтмөй болдуңбу эмне мынча кабагың салынкы дегенде бүгүнкү уккан көргөндөрүмдү энеме айтып берсем энем кунт койуп угуп анын эмнесине кейийсиң жакшы иштеп жакшы жүрсөң эле аларга алынып кетесиң азыр сени баласынтып теңдерине алышпай жатышса керек андан көрө бүгүн жакшылап эс алып эртең эрте туруп айткан убагынан кечикпей бар ырас айылдан иштемей болгон турбайсыңбы деп көңүлүмдү жубатып койду. Мен Мураттан Назгүлдү сурап Гүмүшайдын дарегин билейин десем Мурат Назгүлдүн үйүндө жок экендигин ал дагы окууга тапшырганы кеткенден бери айылга келе элек экендигин өзү да анын дайнын билбей жаткандыгын айткан. Эми Гүмүшай менен байланыша албай калганыма капаланып ага канчалык жолуккум келип абдан сагынып андан башка кыздар менен таанышкым келбей ал дайыма ойумдан чыкпаганы менен аны менен жолугууга шартым келбей жатты. Фрунзеге издеп барган күндө да адресин билбегендиктен анын үстүнө убакыт учкан куштай бат өтүп арадан төрт-беш ай убакыт өтүп кеткендиктен,
мен аны канчалык жакшы көргөнүм менен ал мага оң жооп берерине күмөн санагандыктан,
тобокелге салып артынан издеп барууга чамам жетпей, эгер мен жөнүндө ою болсо дарегин билгизер деп күтүп жаттым. Ал күнү түштөн кийин короо жайдагы майда-барат оокаттар менен алек болуп эч жакка чыкпай үйдө болдум. Энем эртеси таң жаңыдан агарып келе жатканда эле ойготту. Мен кийинип жуунганча энем чайын даярдай койду курсагымды тойгузуп алып шаша буша гаражга жөнөдүм. Гаражга үрүң-бараңдан келсем эч ким жок экен ары-бери басып бир сааатча күткөндөн кийин корукчу туруп гараждын дарбазасын ачты. Ал кишиге салам айтып, иштегендердин качан келишеерин сурасам эми бир сааттан кийин келе башташат деди. Ошондо гана Бейшендин шылдың кылганын түшүндүм. Кайра үйгө кетип калуунун орду жок, айласыздан дагы күтүүгө тура келди. Корукчу айткандай бир саатча убакыт өткөндөн кийин шофер, трактористтер келе башташты, алардан кийин гаражда иштегендер келишти. Баары чогулуп ишке киришкенден кийин гана Бейшен келди. Мен алдынан чыгып салам айтсам оозун кыбыратып араң алик алып мени карап да койбостон түз эле гараждын конторасына кирип кетти. Артынан ээрчип конторго кирсем, контордун төр жагындагы столдо инженер Чубак отуруптур анын берки столунда он чакты киши өйүз-бүйүз отурушкан экен. Алар Бейшенди көргөндө орундарынан тура калышып салам айтышты Чубак орун бошото бергенде Бейшен өтүп барып анын ордуна отурду. Мен босого жакта бир орун бар экен ага көчүк бастым
#40 23 August 2015 - 15:25
Бейшен күндө эртең менен ушул убакта гаражга келип, машина тракторлорду колхоздун ар кайсы жумуштарына бөлүштүрөт экен. Ал көнгөн адатынча түшкөн арыздар боюнча техникаларды бөлүштүрө баштады мен контордо отургандар гаражга иштеген инженер механик, завсклад, завгараж өңдүү гараждын чоңдору экенин баамдадым. Бир аздан кийин колхоздун активтери арыздарын алып техника сурап келе башташты. Инженер механиктер кайсы техника даяр экендигин Бейшенге айтып берип жатышты. Мага эч кимиси көңүл бурбагандыктан короого чыгып ошол жерде иштеп жатышкан теңтуштарым менен жолугушуп сүйлөшүп турдум конторго кирген чыккан элдин аягы суюлганда конторго кирсем Бейшендин жанында эртең менен адеп киргендеги отурушкан инженер механиктер эле калышкан экен. Бейшан мени жаңы эле көрүп жаткансып, -Ии келдиңби,-деп койуп беркилерге кайрылып, бул бала бизге практикага келиптир. Гаражда кандай жумушуңар бар,- деди мыйыгынан күлө карап. Шайыпов Совет, -Бейшен аба техникалардын ремонтуна киши жетишпей жатат мага бересизби,- дегенде Бейшен мени карап, -Ай бала сен кыздарга барчудай болуп жасанып келбей мындан ары жаман кийимдериңди кийип келип, мына бул Советтин карамагында иштеп тур кийинкисин да көрөбүз,-деп койуп оордунан тура жөнөдү. Аны укканда шаамайым сууп унчуга албай туруп калдым. Беркилер күлүп Бейшендин аркасынан чыгышты.«Соодасы бүткөн сарттай», болуп алардын аркасынан чыгып үйгө барып эски кийимдеримди кийинип келип, Советке жолуксам ал ээрчитип барып комбайн оңдоп жаткандарга кошуп койду. Совет гаражда айыл чарба машиналары боюнча механик болчу. Ал жерде иштеп жатышкан механизатордлор мени баласынтып ит өлчү жердин баарына айдашып иштете башташты. Кечинде майлы-көө болуп аябай чарчанып үйгө бардым. Ызаланганымды үйдөкүлөргө билдирбөөгө аракет кылып кечки тамагымды чала-була ичип алып киного баралы деп келишкен теңтуштарым менен да эч жакка барбай эрте эле жатып алдым. Ар кайсыны ойлоп көпкө чейин уктай албай ары бери ооналактап жатып уктап кетиптирмин.
Күндөн күн өткөн сайын ал жумушка да көнүө баштадым. Барган сайын механизаторлордун бары менен таанышып, аларга да бат эле аралашып кеттим алар да өзүмө тийешелүү жумуштан башкага жумшабай калышты. Кечкисин эрте бошоп калган күндөрү үйдөкү огород жайды карап кечкисин теңтуштарым менен киного кыздарга баруучу болдум. Колхоздо бир жагынан эгин чабылып жатса бир жагынан жүгөрү силозго чабылып бир жагынан жашылча мөмө жемиштер жыйналып техникалардын бузулуп келгендерин улам оңдоп чыгарып жаттык. Сентябрь айы аяктап калган кезде айылдын четиндеги талаалардагы өсүмдүктөрдү орум жыйымы бүтүп комбайндар тоодогу жерлердин эгиндерин чапмай болушту. Чычкан башына төрт комбайн жиберилип калган комбайндар коңурдун жонундагы эгиндерди чапканы калды. Мени Бейшен Чычканбашына барып эгин чапкан комбайндарга көзөмөл кыласың деди. Эртеси агроном Бейшендин тапшырмасы боюнча Чычканбашына жөнөп кеттим. Чычканбашы аты айтып тургандай Чычкан айылынын тушунда эле. Ал жерге машина менен барыш үчүн адегенде Чычкан айылына барып андан тоону көздөй кеткен жол менен он километрдей өйдө чыгыш керек. Ал жер түзөң келип баш аягы эки жүз гектардай жер сугарылып айдоо айанты болуп эгин чөп айдала турган анын Дархан айылына тийешелүү алтымыш, жетимиш гектардай жери бар болчу. Анын жарымына чөп айдалгандыктан отуз кырк гектар жерине эгин айдалып ошол жердин эгинин жыйнаганы барганбыз. Ал күнү комбайндар жеткенче эле кеч кирди. Дархандын башында Муканбет чоң аталар айылга көчүп кеткендиктен башка киши корукчу болуп барыптыр.Кичинемде мал сугарганда барып жүргөн жерлеримди көргөнүмө абдан кубанып, караңгы кирип көз байлангыча жалгыз карагайдын тоолорундагы балалыгым өткөн жерлерди карап үйгө кирген жокмун. Сууну бойлоп кой сугарып, суу алган жерлерди кыдырып басып жүрдүм. Эртеси эртең менен комбайндар эгин чабууга киришти. Мен күнү кечке комбайндардын жанында жүрүп кайсы комбайн канча бункер чапканын каттап жүрдүм анын үстүнө «бир мүшөк буудай жоголсо же уурдалса сен жооп бересиң», деп Бейшендин айтканы эсимде болчу. Биз Чычканбашына барганыбызга бир жумача болуп эгин чабылып бүтүп калган эртең кетебиз деген күнү кечинде бирөөлөр «бир машина буудай Чычкандыктарга сатылды» деп айтып калды. Аны угуп текшерейин деген ой менен комбайнерлерге күнү кечке «мынча буудай бункер жөнөттүм» дедирип накладнойлорго кол койдурайын десем жашы элүүлөр курагына келип калган Абдылда деген комбайнер «бир бункер буудайды жөнөткөн жокмун», деп танып кол койбой койду. Мен анын караманча танганына ачуум келип акты жазып ошол жердеги көргөн билген эки-үч кишиге кол койдурдум.Эртеси айылга түшкөндө үйгө бурулбастан түз эле конторго барып актыны алып Абылайдын өз колуна тапшырдым ал ачуусу келип калчылдап «мен аны жерден чукутуп ошол буудайды таптырам», деп туш-тушка телефон чалып мага «эртең менен эрте конторго кел», деди.Ал күнү үйдө болуп жуунуп-таранып эс алып эртеси эртең менен конторго барсам контордун эшигинин алдында райондун башкы аграному Бекен Исмаилов агроном Бейшен экөө сүйлөшүп турушкан экен. Аларга салам айтып жандарына барсам уруну башка бүрөө жасабай эле мен жасагандай болуп агроном Бейшен жекирип:-Сен бала тынч жүрө албаган чыр неме окшойсуң жете элек жатканда эле эмне үчүн чыр салып райондон бери чуулдатып жүрөсүң ыя,- деди. Анын бул сөзүнө таң калсам, бир чети түшүнө албай тигилерди карап калдым. Райондон келген Бакен Исмаилович жаман көзү менен карап буга корогон кайран кеп дегендей тескери карап кетти. Бейшен сөзүн улап,- Абылайга чуркап бара калбай эмне үчүн адегенде мага кайрылбайсың,
- дегенде, -Конторго келсем сиз жок экенсиз,- деп күнөөлүдөй жер карадым. Алар мени менен сүйлөшкүлөрү келбей тескери карап кетишкенде жакпай калганымды сезип конторду көздөй басканда, артыман, -Мындайлар ишти оң аткарышпай теңирден тышкары жасашат,- деген Бакен Исмаиловичтин үнү кулагыма шак дей түштү. Контордун тегерегинде жүрүшкөн активтер да менин саламыма оң алик алышпай, көздөрүнүн төбөсү менен карап, араң эле ооздорун кыбыратып жатышты.Абылайдын кабинетине кирсем участковый милиция дагы эки чоочун киши бар экен. Салам айтсам эч кимиси салам алган жок. Абылай беркилерге мени көрсөтүп, -Мына ызы-чуу кылган мына бул жигит,- деди беркилер коркунучтуу бандитти карап турушкансып таңыркап карап калышты. Андан соң Абылай мени карап,- сен кете бер баарын бүтүрдүк,- деди. Мен кайра чыкканда Бейшендин жанына барып, -Мен эми кайдан иштейин,- дедим. Бейшен менин суроомо мыскылдап күлүп какшык менен, -Сен катуу иштеп, чарчадың окшойт, үйүңдө эле эс алып тур керек болгондо чакыртып алабыз,- деди. Аны укканда шабайым сууй түшүп, үйдү көздөй жөнөдүм. Берки экөө артымдан бир нерсемди айтып шылдыңдашып күлүп калышты.Эмне үчүн мынча баары жек көрүп күнөөлөп жатышканына түшүнбөй бара жаттым. Бейшендин Чычканбашына баратканда айткан сөздөрүн эсиме түшүрүп, «бир мүшөк буудай да уурдатуучу болбо эгер уурдатсаң жооп бересиң», дебеди беле, эми ууруну кармап актысын жазсам, эмне чуу кыласың, чыр саласың дешет. Бул эмнелери деп түшүнбөй жаттым.Көрсө алардын мени жек көрүшкөн себеби мындай болгон экен. Кечээ Абылайга актыны алып келгенде, Абылай ачуусу менен райондун начальник милициясына телефон чалып, бир машина буудай уурдалып, таба албай жатканын кабарлайт. Начальник милиция аны чоң жаңылык катары райком партияга билдирет, ал жерден районго дуу болуп, кечее эле конторго комбайнер Абдылданы кысымга алдырышып, кайсы шаарга жүктөгөнүн айттырышат,
ал шофердон кимге алып барганын билишип кайра буудайды жүктөтүп келишип буудай уурдалбай эле машина бузулуп жолдо калыптыр дешип бас-бас кылышат.Эгер бул ишти минтип басышпаганда колхоздун чоңдору эле жооп беришпестен райондун чоңдоруна чейин жооп беришип бүт республикага чейин угулмак эле. Абылай да мындай ызы-чуу болуп кетерин убагында ойлогон эмес, кийин жан жөкөрлөрү айтканда гана эсине келип райондогулардын оозун басып, буудай уурдалбаптыр жөн эле машина бузулуп жолдо калса буудай уурдалды деп чу чыгарыптыр деп жандалбас уруп практикага келген мага күнөөнү оодарып тынч кутуулуунун амалын кылышкан.Ошентип мен бүт райондун алдында ак жеринен күнөөлү болуп калып, эгер адегенде Бейшенге келип айканда иш башкача болмок. Бейшен бул ишти Абылайга да жеткирбей шофер менен комбайнерду чакырып алып алардын уурусун жашырган киши болуп буудайды жүктөтүп келип үйүнө түшүртүп, андан тышкары аларды экинчи кың дегис кылып көзүн каратып алып кың деген күнү коркутуп алып баягыны билесиңби мен ошондо силерди түрмөдөн алып калып жакшылык кылбадым беле деп өмүр бою күнкор кылып Бекказы кестирип ийерде алып калганмын деп аларды өзүнө баш ийдирип бир ок менен эки коенду атмак. Бейшен күнү түнү талаа кыдырып жүргөндүктөн ууруларды көп кармап дайым ушундай амал колдонуп элдин көбүнүн жүрөгүнүн үшүн алып кың дедирбей башын ийдирип алганы ошондон болчу. Ошентип Бейшен өзүлөрүнүн байлыгы менен өзүлөрүн колго түшүрүп алганын түшүнбөгөн эл Бейшенге өмүр бою ыраазымын, мени карматып жибербей өзү жылма бүтүрүп салды. Азамат экен дешип айдаган жагына тил алып баш ийип калышчу. Ал башынан көптү өткөргөндүктөн баамчылдык жагы бар болчу. Бейшендин үйү менин үйүмөн көп алыс эмес болгондуктан,
анын үстүнө уруусу бир болуп Желдең уруусунан болгондугубуздан менин ата-тегимен бери жакшы билип, тың чоңойуп келе жатканымды көрүп жүргөн. Мен окуумду бүтөөрүмө жакындап госпрактигага келип элге алынып баратканда ага жакпай калгам, эртедир-кечтир жолтоо болоорума көзү жетип, мага окуумду бүткөндө жумуш бердирбей коюну ойлоп жүргөн. Эми минтип шылтоо табылган соң мени кечээ эле бир топ кишиге жамандап салган.Мен эки-үч күн үйдө майда барат жумуштарды жасап жүрүп алым сынбай койдум. Мурат да окуусууна кетип эрмектешер киши жок чоң жумуш баштап баш отум менен берилип иштегим келди. Биздин жаныбыздагы үйдү Садырбай абам огороддун башына көчүрүп кеткенден кийин бош калган эле. Ошол жерди мал кирбес үчүн каша менен тосуп койгон элек. Атам үй салайын десем колуңда каражатың болбогондон кийин кантип салмак элең, эгер колуң бошоп калса там согуп, тосуп кой деген эле. Атамдар Саруудагы таякемдердики той берип эки-үч күнгө кетишкендиктен аларды күтүп отургум келбей кашааларды чечип, чоң үйдүн фундаментин каза баштадым. Үй салына турган жер эски үй менен сарайдын орду болгондуктан кээ бир жерлерин бел кырчоого чейин казууга туура келди. Ал жерди көгөрүп казып жатып үч күндө бүт үйдүн фундаментин казып бүтүрдүм ошол күнү кечинде Саруудан ата-энем келип, тоодой болуп үйүлгүн топурактарды көрүшүп таң калышты. Атам үйдүн фундаментинин казылгандыгына ачууланды.-Ой балам колуңда тыйының жок болсо, кийин саласың деп өткөндө эле айтпадым беле, жок дегенде ченеп эле казсаң боло, эми мунун баарына үй салыш үчүн эмне деген каражат кетет. Үйдү салып бүтө албай калып баягыларча деп элге-журтка күлкү болот экенбиз го-дегенде энем: -Абышка баланын оюна койчу. Мунун дагы ойлогону бардыр, курулган иш куру калмак беле-деп мага болуша кетти.Менин ишим оңдой берди болуп эртеси Саруудан Асанкары таякем келип: -Оо, жээнбай азаматсың!
Аябай чоң үй салганы жаткансың го,- дегенде мен: -Таяке салайын деп жатканым менен эч материалым жок туруп, чоң баштап алыптырмын-
дедим. -Эч нерсе эмес жээним, биздин колхоз окуучуларга таш тердирип, аны мен ташып талаанын четине төгүп жаттым эле, колумдан келишинче сага таш ташып берейин-деди.
Мен сүйүнүп кетип: -Ой, таяке анда ырас болот эле. Асанкары таякем Сарууда машина айдап шофер болуп иштеп жүргөн. Ошол эле күнү самосвал машинасы менен беш-алты рейс таш түшүрүп кетти.Мага жумуш табылып жаңы казылган фундаментке таш тизе баштадым. Атам да куралган иш куру калбайт деген чын турбайбы деп унчукпай калды. Таякем алып келген таш үйдүн фундаментинин бир сыйрасына тизгенге эле жетти. Эми фундамент куйганга он чакты машина таш, алты-жети машина кум керек болчу. Мен элге, теңтуштарыма алымдуу болгондуктан ар кимиси менен сүйлөшүп таш-кумун ташып бүтүп, цемент алганга ата-энемден акча алып ар кимден экиден-үчтүн опаловка чогултуп жүрүп октябрь айынын аяктарында үйдүн фундаментин куюп бүтүрдүм. Баягы боюнча Бейшен да чакырткан жок, мен да жумуштан колум бошобогонго иштейинби деп барганым жок. Мен ноябрдын биринде колхоздун конторуна барып мүнөздөмө жаздырып алып техникумумдагы окуума кеттим.Техникумда окуп жүрүп ноябрь айынын аяк ченинде үйгө келсем карындашым Алиманды өзү иштеп жаткан айылга ала качып алышыптыр. Жакында эле ачуу басары келип кеткенин үйдөгүлөр айтышты. Менин ала качып кеткенине ачуум келгени менен колумдан эч нерсе келмек эмес. Ата-энем бирөөнүн босогосун аттагандан кийин кыргыздын салты боюнча келген кудаларды кайра кууп жибере алышпай жакшылап тосуп алышып, алып келгендерин алып, баталарын берип узатып жиберишиптир.
Мен убагында болгондо деле канчалык ала качууну жек көргөн күндү да ата-энемдин оюнан чыга алмак эмесмин. Жеке эле Алиманды эмес бүт эже-карындаштарымды жакшы көргөндүктөн алардын баарын ала качып, сүйлөшпөй өз каалагандарына бара албай жатышкандыктан намыстанып бир чети аларга боорум ооруганы менен ала качып кеткендерди жек көргөндөн башка эч кандай чара колдоно албаганымдан ичим ачышып кейип жаттым. Ата-энемден укканыма караганда күйөө бала өзүнөн баш жаш улуу, ал Караколдогу педагогикалык институту бүтүрүп айылында мугалим болуп иштеп жатыптыр. Аны укканда кичине болсо да санам тынып калды. Өзү жогорку билимдүү мугалим болуп балдарды окутуп жатса жаман жигит болбосо керек деп Алимандын бактылуу жашап кетишин тилеп жаттым. Конокказы абам ноябрь майрамына карата келип кетиптир. Ал университеттин экинчи курсунда окуп жүргөн, окуусун жалаң бешке окуп өзүнүн группасына староста болуп, география факультетинин комсомол комитетинин секретары да болуптур. Университеттин мугалимдерине кадыр-барктуу болгону үчүн быйылкы жайда абитуриенттерден экзамен алганга катышып, андан кийин курулуш отрядда жүрүп колу бошобой калып жайкы каникулга келбей калган эле. Ал жөнүндө жакшы кабарларды укканда сыймыктанып,
кубанып калуучумун.
Жамал эжем алысыраак жашагандыктан анын үстүнө бала бакыралуу болуп жалгыз бой болгондуктан айылга аз каттап, бир жылда эки үч жолу гана көрүшчүбүз.
Ата-энем малда жүргөндө биз кичине чагыбызда баш көз болуп жүргөнгөбү Жамал эжемди экинчи энемдей эле көрчүмүн. Эжеме жолукканда көзүнүн кареги менен тең айланып айтаарга сөзүмдү таппай калчумун. Ичимдеги сырларымды андан жашырбай дайыма кеңешип турчумун. Ал да мени жашсынтпай мага чоң кишилердей мамиле кеңештерин берип сырын айтып туруучу. Жамал эжем ошол кезде үч уул, бир кыздуу болгон. Эки уулу оорукчан төрөлүп чоңойуп калышса акыл сезимдери жетишпей чоң энесине көп түйшүк тарттырышты.
Кийин чоң энесинин көзү өткөндөн кийин бир жагынан үй оокаттарын тейлеп балдарын бакса, бир жагынан колхоздун ар кайсы жумуштарына барып, тыңдыгынан айылдагыларга алынып кеткен. Күйөөсү Бекболот абдан эле жоош адам болгондуктан колхоздун айдаган жумуштарына баргандан башка андай-мындай менен иши жок, өз оокатын өзү кылып жаса дегенин жасап жүрө берүүчү. Жамал эжем энемди тартып күйүкчөөл болуп оокат дегенде жанын сабап жиберүүчү. Быйыл колхоздун талаасында тамак жасап ал жерден мал багып жан сактоого ылайыктуу экенин көрүп чоңдорго айтып жатып ошол жерге көчүп барып алган. Талашкан кишилер көп болсо да Жамал эжемдин тыңдыгынан ошол жерди ээлеп калган. Ошентип Жамал эжем өз эмгеги менен үй-бүлөөсүн багып оокатын кылып жаткан. Андан кийинки эжем Вера эки уул, бир кыздуу болуп үч балалуу болушкан. Өзү айылда дүкөн кармап, күйөөсү колхоздо трактор айдап жүргөн. Быйыл айылдын четиндеги кашаттын кырындагы үйүн салып бүтүрүп өздөрүнчө бөлүнүшкөн.
Карындашым Калиман баягы эле сыр заводдунда иштеп Караколдо квртирада жашап жаткан, жалгыз бой болгондуктан өз боюна тың болуп ата-энесине учурашканы келгенде чай майын жайнатып алып келип барктуу эле. Жаңылкан менен Света мектепте окуп, Ырысбек үчөө ата-энемдин колунда. Ошентип менин үйүмдөгүлөр кадимки эле карапайым көп балалуу үй-бүлөөлөрдөй турмуш өткөрүп жатышкан. Атамдын иниси Садырбай үч уул, беш кыздуу болуп сегиз балалуу болчу. Аялы Бүбүажар оорукчан болуп жумушка чыкпай жалгыз сельхоз химияда агроном болуп барып, келип иштеп өз оокаты менен өзү алек болуп, балдары жаш болгондуктан бизге жардамы тийүүчү эмес. Энемдин эки эркек бир тууганы үй бүлөөлөрү менен Сарууда жашашчу. Таяэнем кичүү таякемдин колунда турчу, улуу таякем Таштанды зоотехниктин окуусун техникумдан окуп бүтүп айылында уй фермада иштеп өзүнчө үй салып бөлүнүп, инисине аял алып берип жаңыдан алар да өз күндөрүн өздөрү көрүп жатышкан. Туугандарыбыздын ичинен ишке аралашып чоң кызматта иштегени жок болгондуктан,
агам экөөбүз окуларыбызды бүтүп келген күндө да жөлөп таяп акыл насаатын айтчу ата-энебизден башка кишибиз жок болчу. Атам деле өзү айткандай үч төрт жашынан кой багып, мектепте окуп билим албай элге көп аралашпай атанын тарбиясын алганы менен карапайым чоңойгон. Энем деле ошондой турмушта жашап келген. Ошентип мага жол көрсөтүүчү ишенимдүү таянаар кишим жок эле.Биз бүтүрүүчү курс болгондуктан кышкы семестрге чейин үч курстук иш жазып өткөрдүк алардан кийин экзамен зачетторду тапшыра баштадык. Кышкы сессиядан кийин эки сабактан гос экзамен бересиңер деп эмитен эле коркута башташты. Гос экзаменге башка жактан комиссия келет экен мынча киши катышып мындай суроолорду берет экен дешип ого бетер кошмолоп айтып жатышты. Убакыт билинбей өтүп кышкы сессияда өтүп гос экзамендерди да тапшырдык. Мен эки экзаменди тең төрт деген бааларга тапшырдым. Биздин группабыздагы балдардын бары гос экзамендерди толук тапшырышып окууларын тегиз бүтүрүштү. Сегизинчи класс менен тапшырган параллел он бешинчи группадан бир бала экзаменден кулап калып окуусун бүтпөй калды. Биз группабыз менен аман эсен бүткөндүгүбүздү белгилеп төртүнчү мартта Каракол шарындагы Алтын-көл ресторанында кече өткөрмөй болдук. Биз жыйырманчы февралда мамлекеттик экзамендерди бүтүрүп, экинчи мартта диплом алмай болгондуктан ага чейин үйлөрүбүзгө тарадык. Дөкөн экөөбүз жыйырма биринчи февраль күнү эртең мененки чайыбызды ичип алып, төшөнчүлөрүбүздү комендантка өткөрүп обходной толтуруп кийим кечелерибизди чемодандарыбызга салып алып үйдү көздөй жолго чыктык. Күн аркан бою көтөрүлүп асман ачык болгону менен кыштын суугу кулак мурунду тызылдатып күн узарып калса да кыштын суугу дагы эле кайта элек болчу. Күн түш убагы болгондо карлар кичине эрип, кечке жуук эриген карлар кайра тоңуп баштап, жолдордун үстүн муз каптап, абдан тайгалак болуп турган. Тоолордун күнгөй беттеги карлары кеткени менен тескей бетиндеги карлар эрибей ошол эле боюнча жаткан.Талаалардагы кар калың болуп жаздын келиши билине элек болчу. Эки үч күн мурда эле ар кайсы китептерди окуп эмне болуп кетеер экенбиз деп чуркап жүргөн элек. Эми окууларыбызды бүтүп санааларыбыз тынганга жай баракат басып көңүлдөрүбүз ачык айалдамага келип турдук. Ал жерде да бизден мурда да кишилер турушкан экен. Аларга кошулуп учурашып аркы-беркини сүйлөшкөнчө жоң жолдон техникумду көздөй автобус бурулуп калды. Автобус келип жүргүнчүлөрдү салып белетин алары менен мурункудай күтүп турбастан кайра жолго чыкты. Жол тайгак болгондуктан шофер автобусту акырын айдап улам бир аялдамадан токтоп отуруп Караколго түш ченде жеттик. Дүкөндөрдү кыдырып үйдөкүлөрүбүзгө базарлык алып ашкан акчабызга тамак ичкенибизден кийин автовокзалга келсек Барскоондун автобусу жүргөнү жатыптыр. Автобустун ичи толуп арт жагында эки орун бош экен. Дөкөн экөөбүз ошол эки орунга отурдук. Биз отурагандан кийин көп өтпөй автобус ордунан жылды.Биздин алдыбыздагы орундарда эки кыз отурган эле. Мен Дөкөнгө, -Бул кыздар менен таанышып албайлыбы,- десем Дөкөн: -Сен баштап тийиш,- деди. Анын мүнөзү жоош болгондуктан,
кыздарга тийишип сүйлөшө алчу эмес. Мен андан эч нерсе чыкпасын билип, бир азга кандай тийишсем деп ойлонуп отуруп өзүм терезе жагында отургандыктан алдынкы кыздын чачына байлаган бантигин акырын тартып койдум. Тиги кыз бантигин колу менен оңдоп коюп артты караган жок. Мен кайра бантигинен катуураак тартканда бантигинин учу карыштай узара түштү. Тиги кыз артка кылчайып бул эмнеңиз дегендей карап калды. Мен: -Кечирип коюңуз карындаш колум тийип кетти,- деп жылмая карасам тигил кыз да бир жылмайып коюп чачын оңдой баштады. Мага кыздын токтоо мүнөзү жагып калды. Ангыча жанында отурган кара тору, толмочунан келген кыз, беркиге карап, бантигин кайра байлап жатканын көрүп, -Толкун бантигиң чечилип кеттиби?- дегенде ал шек билдирбей, -Ооба,- деп мени карап жылмайып койду. Мен тийишип жаткан кыздын аты Толкун экенин билип, -Толкун таанышып албайлыбы,- деп колумду сунуп,- Бекказы,- десем ал, -Толкун,- деп колун берди. Андан кийин жанындагы кызга колумду сунуп атымды айтсам, -Бурул,- деди күлө карап. Мен сөз учугун чубап, -Кыздар кайда окуйсуңар, кайсы жерге чейин барасыңар?,-
деп Толкунга карасам, Бурул оозунуп, -Бухгалтердик мектепте окуйбуз. Шалбага чейин барабыз,- деди. Мен Дөкөндү тамашалап кыздарга угуза, -Сен дагы кыздар менен таанышып албайсыңбы Шалбага аз эле калды тааныша албай калып өкүттө калба,- десем Дөкөн уялганынан кыздар менен танышууга аргасыз болду. Бурул бизге карап, -Өзүңүздөр окуйсуздарбы же иштейсиздерби,
- деди, биз техникумду окуп бүтүрүп келе жатканыбызды айттык. Бурул,- ой ырас болгон турбайбы биз июндун аягында араң бүтөбүз,- деди бизге көз арта мен анын көңүлүн жубатып,-Силердин деле окууңарды бүтөөрүңөргө аз калган турбайбы,- дедим. Толкун мелтиреп сүйлөбөй бара жатты. Анын кынапталып эки өрүлгөн көмүрдөй капкара чачы ак бантик менен төбөсүнө байланып, ак жуумал келген өңүнө жарашып, анын токтоо мүнөзү ойлонуп сүйлөгөнү, мага барган сайын жага баштады. Мен Толкунду сөзгө тартмакка,- Толкун Бурул экөөңөрдүн убактыңар болуп калса төртүнчү март группадагы балдарыбыз окууларыбызды бүткөндүгүбүздү белгилеп кече уюштурганы жатабыз. Чакырсак ошол кечеге келе аласыңарбы,
- десем Толкун ойлонуп калганда, Бурул кубанып кетип,-Чакырсаңар эле сөсүз барабыз,- деп күлүп жиберди. Толкундан жооп болбогондуктан,
-Сизчи, десем Толкун жанындагы Бурулга карап,-Сен буларга сөсүз барабыз дейсиң эгер зарыл жумуш чыгып калса, калпычы болуп калбайбызбы,
ошондуктан кудай буюрса барабыз дешиң керек эле,- деди. Бурулду жактыра бербегендей,
андан кийин мага кайрылып,- агай ошол күнү колубуз бош болуп калса кудай буюрса барабыз,- деп жылмайганда экөөбүздүн көздөрүбүз тиктеше түштү.Толкундун бул жообу мага абдан жагып, -Рахмат жообуңузга өзүңүз айткандай төртүнчү мартта кудай буюрса жолугушалы,
- дедим.Ангыча автобус Шалбанын айалдамасына жетип, эки кыз коштошуп түшүп калышты. Мен ушул кызды эле алып алсамбы деп өзүмчө кобуранганымды өзүм сезбей калыптырмын.
Ошол күндөн баштап Толкун жүрөгүмдөн орун алып басам турсам Толкун жөнүндө ойлонуп, жолугушканымды элестете берүүчү болдум. Биринчи мартка чейин үйдө болуп ошол күнү эртең менен диплом алып келгени техникумду көздөй жолго чыктым. Техникумга барсам группалаштарым чогулуп төртүнчү мартта болуучу кечени кандай өткөрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышыптыр.
Мен эки кызды конокко чакырып койгонумду айтып чакырылуучу коноктордун тизмесине киргиздирдим.
Эртеси экинчи март күнү диплом тапшыруу аземи болбой калып дипломду үчүнчү мартта алмай болдук. Эртеси үчүнчү март күнү диплом тапшыруу аземи башталд. Спорт залдын ичи бүтүрүүчүлөргө толтура болуп техникумдун оркестри көңүлдүү музыкаларды ойноп баарыбыз жакшы маанайда техникумдун жетекчилерин күтүп жаттык. Бир убакта сахнага техникумдун директору Садырбеков баштаган жоон топ киши президиумдагылар отуруу үчүн узун жасалгаланып койулган столдун артындагы отургучтарга отура башташты. Алардын арасынан бирөө микрафонду алып тынчтангыла дегендей кылып черткилей баштаганда музыка токтоп залдын ичиндеги кыжы-кужу болгон бүтүрүүчүлөр тынчтанып калышты. Залдын ичинде тынчтык өкүм сүрүп калганда микрафонду кармаган киши ордунан туруп: «кымбатттуу бүтүрүүчүлөр!
Бүтүрүү аземин ачык деп жарыялоого уруксаат этиңиздер» дегенде залдагылардын баары шатырата кол чаап жибердик. Кол чабуу бүткөндөн кийин чогулушту алып барып жаткан киши анда куттуктоо сөз техникумдун директору жолдош Садыбековко берилет дегенде Садыбеков ордунан туруп трибунага барганча кол чабуулар коштоп турду. Ал бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, кесипке ээ болуушуларыбыз менен куттуктап сөз сүйлөдү. Анын соңунан үч факультеттин атынан үч бүтүрүүчү сөз сүйлөшүп тарбиялап билим берип кесипке ээ кылышкандыгы үчүн техникумдар мугалимдер жамаатына ыразычылыктарын билдиришти.

Супер-Инфо
super.kg
видео








