Саламатсыздарбы.
Мен дагы өз арманымды жаза кетейин. Үй-бүлөнүн эң кичинекейи болчумун. Ата-энем билимдүү кишилер. Жалгыз эркек балага турмушка чыкканмын. Торт кайын сиңдим бар. Кайын-журтум т.е кайнатам жак аябай жакшы кишилер. Бирок кайнатам аябай жоош киши, баарын кайненем чечет. Хотя жолдошум экөөбүз тең жогорку билимдүү алардан финансы жагынан көз каранды эмеспиз. Кайын сиңдилеримдин балдарыны биздин балдардан жакшы көрөт. Ээх айта берсем арманым көп дегендей, кайсыл бирин жазарымды билбей атам. Кыскасын айтканда мен аларга служанкамында.
Келин болуп келгениме 20жылга жакындаса да киши катарында көрбөйт. Кыздарга айтарым барганда эле унчукпай жүрө бербей өз укугуңду коргой билиш керек экен. Менин тарбиямданбы улууларга каяша айталбаймын.
Ыйлап коюп эле жүрө берем. Жолдошума да боорум ооруйт мамасыны туура эмес кылып атса да эчтеке айталбаганына.
Бизден бир ооз сурабай эле кеңешпей эле конокторгу үйүбүзгө чакырып коет. Анан только приказ берип тиги тамакты жаса тигиндей кыл мындай кыл деп. Силерден кеңеш сурайын дегем кантип кайненеме биз менен кеңешип иш жасаңыз деп айтсам.Бирок үйдө жаңжал болуп кетеби деп корком. Балдарым да чоңоюп калышкан. Просто нервим чыдабай баратат.
Кунуго келеби кыздары. Уйлору барбы? Негизи кыздар апасы бар кезде эркелеп,эс алыш учун апасынын уйуно барышат. Бирок кунуго эмес, анда санда барса болот. Биз деле жамандык- жакшылыкта чогулсак бир короо болобуз. Бирок бир жылда бир,кээде эки жылда. Кунуго келгени жаман экен. Мен да эс алышым керек,робот эмесмин деп айтсан болобу?

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия