Кайын эненин кылыктары,кайын синдинин кылыктары деп эле жаман жагын айта бербей,балким жакшы жактарын да жазышаарбыз.
Башка темаларда менин кайын энем алтын адам деп эле кыстара кетпесек,озунчо мындай тема жок экен. Адамдар жакшы коргон адамынын жакшы жагын айтышат экенда,жаман коргон адамдарынын жаман жагын гана коруп айтып турушат экен. Темамдын максаты, кайын энелерин жаман коргондор да бир эки жакшы жагын жаза кетсенер.
Кайненемдин жакшы жактары
#2 28 Август 2015 - 15:38
Мен озум баштап берсем, жаны келин болуп келгенде коркуп,корунуп,
кээде туура эмес нерсе жасап алсам жаман ойлор да кетип калчу,анткени ар ким кайын энелери жонундо жаман айтып отуруп мээме синдирип койгон экен. А азыр шугур айтам,чексиз шугур! Жаны семьяга келип эле конуп кетиш кыйында,ошондо апам билбегеними уйротуп,туура эмесин туралап колдоп турду. Уй иштерин да созсуз сен кылышын керек дебей,озу да жумушуна кеткиче кылып,келгенде да озу кылып журо берет. Жалгыз кызы бар апамын, бир эки жолу атынан айтып алдым эле, ага да унчукпады. Озунду кыйнап иш кылбай эс алып ал, уктап ал деп эле турат. Башка кайын энелердей бизге киришпейт дагы. Он келген жерде келинин мактай калат)), эркелетет. Кайын энелерибизден мындан артык мамиле керек эмеско дейм. Омур бою сыйлашып отконго не жетсин!?
#3 28 Август 2015 - 20:14
Мен да мактап калайын куру калбай. Кайненем жакшы адам башка авсынчаларым энем анти минти деп эле калышат. Сиз кантип тилин таптыныз деп кулушот. Мага дайым чайын ич, коп коп жечи, ылык кийин деп эле куйуно берет. Анан да баласы (куйоом) урушуп калса мага оз кызындай жан тартат. Башка келиндерине мени мисал кылып эле айта берет. Себеби мен эрте менен турганда дайым эне жакшы дем алып турдунузбу,
андай мындай сурашкандарды жайыга койом да. кайнежелерим келсе да бир тууган эже синдилердей сырдашабыз.
Куйоом кызганып кетет менден да жакын коросунор деп
#4 29 Август 2015 - 01:29
Мен эжемдин кайын энесин мактай кетсем болоттур э. Кайын эне темасы болгондон кийин.
Эжемди узатып барганыбызда, арык, кичинекей болгон бир эже тыпылдап тосуп чыкты. Абдан сыйчыл, камкор, куйуумдуу экени дароо байкалды. Болочоктогу келиниме деп алып койгон кийим-кечеги дыккан тандалгандай эжеме куп жарашты да калды. Эжем шаардан айыл-жергесине турмушка чыккандыктан эшик жумуштарына комсоол келет, буга да тушунуу менен мамиле кылып сырткы жумуштардын баарын оз мойнуна алды, эжем ушул убакка чейин уй саадыра элек. Жаны тороп тыный элек кезинде колун сууга салдырган жок, эжемдин ыраазычылыгы дале болсо чексиз. Ашыра мактап жибергендей болуп калдым окшойт, бирок бул чындык.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 29 Август 2015 - 01:40
Сонун тема экен ээ? Кайненелердин баары ылайм ушул темадагыдай болсо экен.
Мен да кайсы бир убакта келип, ушул теманы гулдотуп, оз кайненемдин жакшы жактарын мактанып жазган кун насип кылса экен деп тилек кылдым....
Мен да кайсы бир убакта келип, ушул теманы гулдотуп, оз кайненемдин жакшы жактарын мактанып жазган кун насип кылса экен деп тилек кылдым....
Барпылыктар рулит))
#6 29 Август 2015 - 01:49
Абдан жакшы тема ачыпсынар!
баракелде ...
Кана келиндер....мактагыла эми оз суйгонунордун апаларын..вперед))))
Кана келиндер....мактагыла эми оз суйгонунордун апаларын..вперед))))
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#7 29 Август 2015 - 02:32
Бул темада мен жазбасам куноо болот.)Алтындай болгон кайынэнем бар,эч качан туура эмес кылган нерсемди козумо сайып корсоткон эмес,озум иий деп бушайман бп калсам,эч нерсе эмес,кийинкиси жакшы болот деп коет.Экообуз эки уч саат деле суйлошуп отура беребиз.Уулумду жаны тороп,жолдошум Москвада жургон кезде,бешикти ортого коюп алып тунку 2-3 торго чн кобураша берчубуз.Устуно кий,бутуна жылуу кий деп турат.Алыста журосунор,озунорду карагыла деп коп айтат.Азыр да тел.до кооп суйлошо берсек,кой атан урушат,келиниңдин акчасын коп кетирбе деди деп кулуп калат.Жакында эле уйго посылка жибергенбиз,
майла чуйдо, кийимдердин арасында бир тал чач журуптур, ии апанардын чачы экен деп балдарыны чакырып алыпмын дейт.)Кайынатам келининдин чачын да таанып алдынбы деп кулду дейт да.)Айтып берсе козумо жаш алдым..Омурунуз узун болсун,коп жашаңыз.!
#8 29 Август 2015 - 06:44
Кенже келинмин.Алтындай болгон кайненем бар да. Дайыма колдоо корсотуп турган. Уйдо кызындай эле журом.Озу иштеген, тушунуктуу аял. Озум эркелеп кетем кээде таарынып, оноруму корсотуп.
#9 29 Август 2015 - 11:30
Баркелде! Жамандаш оной вот мактай да билиш керек. Молодцы жакшыны жакшы деш керек.
Кайнене менен кайната меники да супер. (коз тийбесин)
)))))))))))))
Кайнене менен кайната меники да супер. (коз тийбесин)
)))))))))))))
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#10 29 Август 2015 - 11:30
Алтын апакем жонундо айта кетпесем болбос. Жаны уйго кочуп откондо,жол коргозоор,куйуп бышаар,ушул адамда. Андыктан ал адамдын урушканын коп коруп албай жакшы жака жоруй берели.... Мен уйго баш бакканда алыстаан карап турган,кошого киргенде аппак жоолугун салган апамдын кыймылдары,
коз караштары азыр дагы эсимде. Апамдын ар бир айткан создорун жакшы кором. Кичине жини келсе эле "АПАШКА,АПУХА,
АПАКЕ,АЛТЫН АПАМ" деп эле кучактап,минип алам
апам кулуп калат. Мен учун апамдын жылмайышы эле коп нерсеге арзыйт. Откондо авысыныма "женен мага иш кылдырбайт жакшы бечара,тамак кылышты уйрон ошодон"дептир.
Анысын угуп алып жетинчи асманда учуп калдым.)))
Автор сизге ыраазычылык, апакемди сагынганымды сездирдиниз. Буюрса 5 сентябрда келсе куччактап,кучакктап албасам
Ак конул апам барда. Баардык апалар аман болсун.
Аппак жоолук салындырып мен
барганда.
"Алгачкы келинимсин" -деп айтканда.
Апкаарып сурдогонум бир эсимде.
Апакебай калтырап алдынызда.
Тушунбостон келгенмин алдынызга.
Тарбиялап чыктыныз бул турмушка.
Токтоо тартып мунозум баягыдан,
Турмуш жолун билип алдым алда канча.
Жаштык кылып каталык кетирдимби?
Байкабастан конулунуз ооруттумбу?
Болуп откон баштан-аяк каталыка.
Кеч болсода сураймын кечиримди... .
Жологубуз апакем жашообузга.
Неберелер олтурсун алдынызда.
Урмат-сыйын коруп уул-кыздардын.
Балпайган байбиче болунузда.
Апама арнадым эле ашыкча болбос....

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#11 29 Август 2015 - 11:43
менин Кайненем биринчи келгенде кандай жумшак болсо ошондой дагы деле. Аллахыма шугур уйдогу жумуштарды баарына жардам берчу нан жаптырбайт уялып буттум же мага ишенбейби деп калам кээде мен жабайын десем болбой озу жабат. жок дегенде камыр жайып койойун десем да болбойт. Апам менин стилистим тойго же коноко бараарда тиги койногун менен тигил жоолугунду салынып чык, деп ар бир барган жагыма койнокторумду айтып турат эн чон келинимин баарын озу кылып уйронуп калганбы айтор анча мени жумуш жасата бербейт. жалгыз кайын синдим бар ошону жакшы карагыла жалгыз ал, эжесиндей бол деп коп айтат ушунчалык мээрим тогуп калган экем. Азыр эки кун чалбай калса сагынып кетем. Кайнатам болсо атамдай кайын синдим экообузду аябай эркелетет ич же деп турат кир жуусам да кайненемди урушуп калат кир машинеге эле жуудуртпайсынбы деп. (аз болсо колго эле жууп койом кээде) Аркасынан апам келет анан ой озу болбой жатат деп. оздорунчо кыжындашып койот да ушунчалык бактылуу болуп кетем ушундай уй-булоого келин болгонума. Алардын омуру узун болсун деп тилейм.
#12 29 Август 2015 - 12:32
Мен апамды дайым мактап келем. Мактай эле берчү апам бар. Жолдошумда айтат, "Кандай гана, бактылуусуң,
бешенелүүсүң"
деп. Чын эле бешенем бар экен.
Апамдын жакшы жактарын айтып бүтө албаймго, бир да жаман жагын көрө элекмин.
Такыр башкача адам, жаш балдардай күнөөсүз инсан деп айта алам. Себеби, майда жандыктарга да жамандык каалабайт.
Апамда мени жакшы көрөт (чын)
Сонун сөздөрдү сүйлөшөбүз, ушакташабыз. Апама белектерди эле бергим келе берет, ар барганда курук барбайм. Биз барсак,күйүп- бышып тосуп алат. Кыскасы сонунда. Айтып жеткире албайт экемин

#13 29 Август 2015 - 13:11
Энеке сиз салдыныз ак жоолукту башыма
Келин болуп босогону атаарымда
Келин эмес кызым бол деп кыз катары
Бата берип,сойко салып кулагыма
Баарынарга мээримдуу куйумдуу кайнене насип этсин биз да аларды сыйлай билели
Келин болуп босогону атаарымда
Келин эмес кызым бол деп кыз катары
Бата берип,сойко салып кулагыма
Баарынарга мээримдуу куйумдуу кайнене насип этсин биз да аларды сыйлай билели
#14 29 Август 2015 - 13:17

Оомийин, айтканыныз келсин.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#15 29 Август 2015 - 16:58
Ой баракелде...
апаларыбызга (кайын эне) арналган ырлар жакты. Бул ырды окуп да бата алалы келиндер)
#16 30 Август 2015 - 12:32
Аллахка мин мертебе шугурлор болсун ушундай апаны туш кылганына.Эн жакшы инсан десем болот,жаны келгенимде кандай куйумдуу болсо дагы да ошол бойдон тартынбай коп коп тамактангын,
озуно бир деме алса мени да эстеп турат,баарына каралашат озум эле десен экоонуку экоо болот деп коёт, бир жакка барып келсе мен уйдо болбой калсам мага деп алып коёт,тынчылыгыбызды тилеп олтурат,уулунуку туура болсо да мени колдоп турат.Жонокойлугун айтпай эле коёюн,ар дайым кулуп турат,туура эмес жасасам да каттуу айтпайт,бир аз капалана тушсо же уну озгоро калсам дароо байкайм бир деме болдубу дей калсам сенин 7-туюмун жакшы иштейт деп кулуп калат
.Аллахым омурунузду узун,ден-соолугунузду бекем кылсын.Уулдарыныздын урматын,кыз-
келиндердин кызматын корунуз.Жазып жатып сагынып кеттим ,буюрса жакынкы кундордо барып калам апаке.Кучактап кучактап алам деп журом.
#17 31 Август 2015 - 12:23
менин кайненемдин жакшы жактары коп. айтып бутпоймгооо
ишимди текшерип , киришпейт. эгер туура эмес жасасам сылык тушундуруп коет. косметика , кийим алып келип берет бир жака барса. боюмда барында уйдогулордон бекитип фрукты дагы коп жей турган нерселерди алып келип берчу бул уйдо сенден башкасы торобойт сен же деп. анан дагы айттырбай эле уйго кийгенге халаттын турлорун алып келип берет базарга барган сайын. кочого чыкканда озун каалагандай кийин дейт. озунду абайла оор иш кылба депда коп айтат

Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#18 31 Август 2015 - 12:47
Одноклассникиде кайненесин жамандаган келиндер мн урушуп маанай которгону суперге кирсем сонун талкуу кылып жатыпсынар.
Азаматсынар эн бактылуу келиндердин кайненеси жакшы болсо керек.Мен да силер сынары оз оюмду жаза кетейин!Келин болгонумо 4жыл болсо да бир жаман айтпады кайненем(мындан ары Апам деп жазам)Билбегеним уйротуп,жашсын уйронуп кетесин,мен да сендей келин болгонмун деп турат.Ар убак батаасын берип,баламды колунан тушурбойт.Апа которбон чоноюп калды деп ичим ачышып кетет.Бир жолу да тур тигини кыл,муну кыл дебеди,же тыпылдап баарын жасап турганыма унчукпаса керек деп коем.Дайым кенешин берип турат,бири-бирибизден сыр жашырбайбыз.
Куйоом кулуп калат кайненен мн сырдашып женилдеп калдынбы деп.Алтын Апам омурунуз узун болсун бактыбызга атам экоонуздор торубуздун куту болунуздар!
!!!!
#19 31 Август 2015 - 12:49
Аман болгула кайненесин сыйлаган келиндер!
!!Насип кылып кайнене болууга жеткенде Аллахым силерге озунорго окшогон ыймандуу,акылдуу келиндерден насип этсин!!!
#20 31 Август 2015 - 12:58
Окуп алып, жашагым келип кетти, жашагым 
Өтө бактылуу келинсиңер го, ыяяя?
Неме, адрес-мадресиңерди жаза кеткилечи, же үйлөнө элек кайниңер барбы?
Өтө бактылуу келинсиңер го, ыяяя?
Неме, адрес-мадресиңерди жаза кеткилечи, же үйлөнө элек кайниңер барбы?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия