Китептин автору бала менен алгачкы күндөн
тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл
экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар
эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын
турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил
менен айтып берет. Балдардын толук кандуу
өнүгүшүндө,
бактылуу жана ийгиликтүү болушунда
ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү
мааниге ээ экендигине басым жасайт.
Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн
ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө
кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.
Баш соз
Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер
менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип
отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын
негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон
атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз
тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир
чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар
темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу.
Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер,
ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен
кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер
болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо
маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду
өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен.
Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына
жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке
жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк
атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы
ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу
керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат
деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш
ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө
жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо
стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга
алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин,
такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен
биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони”
фирмасын негиздеген.
Азыр да модернизациялануу
доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан
дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган
инженерлердин,
адистердин,
жумушчулардын
эмгегине таянат.
Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктү-
рүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX
кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул
багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Алардын
ичинде Нобель сыйлыгынын ээси экономист Жеймс
Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр
кенже куракта пайда болорун, алар менен системалуу
иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук май-
наптуу болорун белгилеген.
Ал тургай ал экономи-
калык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки
балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8
доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан.
Башкача айтканда, биз сыяктуу өнүгүп жаткан өлкө-
лөрдө билим берүү системасын каржылоо пирамиданын учунда тургандыгын белгилеген.
ЖОЖдордун ордуна кенже курактагы балдарга каражатты макси-
малдуу жумшоо зарыл экендигин экономикалык тил
менен түшүндүрүп берген. Азыркы күндө өнүккөн
өлкөлөрдө билим берүү дал ушул нукта өнүгүүдө.
Совет системасы кыйрап, завод-фабрикалар
жабылуу астында турган кезде балдардын 30
пайызы бала бакчага барса, азыркы учурда анын
жарымынан да азайып кеткенине күбө болуудабыз.
Ар кыл формадагы бала бакчалардын жетишпей
жаткандыгы – ачуу чындык. Мектепке барганда
окуганды үйрөнүп, билим алат, ага чейин ойноп,
телевизор көрүп алсын деген пикир коомдо
кеңири жайылган. Андан тышкары жашоонун
кыйынчылыктарына шылтоолоп, балдардын
тарбиясына жана өсүп-өнүгүүсүнө анча маани
бере беришпейт. Жыйынтыгында кенже курактагы
балдардын мектепке даярдыгы начар болуп,
сабакты өздөштүрүүдө кыйналышат.
Ушул сыяктуу
себептерден улам балдар мектепти араң бүтүрүшөт.
Жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жумуш издеп
барган балдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү кара
жумуштарда иштешип, ошол өлкөлөрдөгү төмөнкү
квалификациялуу адистерден болуп калышууда.
Ошондуктан биздин фонд Кыргызстандын билим
берүү системасында кенже курактагы балдардын
өнүгүүсүнө артыкчылык берип, бул багыттагы
бир канча долбоорлорду ишке ашырууда Кенже
8
курактагы балдарды өнүктүрүү – өтө маанилүү
багыттардын бири. Өлкөбүздүн келечеги азыркы
кенже курактагы балдардын колунда. Балдардын өтө
тез өсөрүнө Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон
жылдарда төрөлгөн балдардын кантип өскөнүн
байкабай калгандыгыбыз мисал боло алат.
Масару Ибука мазмунду эмес, тарбия жолдорун
өзгөртүүнү сунуштайт. Чоң кишилер кыйындык ме-
нен үйрөнгөн нерселерди балдар ойноп жатып эле
үйрөнүп аларын ишенимдүү мисалдардын негизинде
көрсөтүп жатат. Адам баласынын нерв клеткалары
үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80 пайызга
дейре калыптанат.
Бул курак бала бардыгын билгиси
келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң
түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат.
АКШнын окумуштуулары эң алдыңкы технология-
ларды колдонуу менен бир-эки жашка чыккан бал-
дарды дыкат изилдөөнүн негизинде ошол куракта
чет тилдерин оңой эле үйрөнүп аларын далилдешти.
Менин неберем 2 жашка чыккандан тартып 40-50
мамлекеттин желектерин жатка айтып, айырмалай
алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экенди-
гин дагы бир жолу далилдеп турат.
Кенже балдарды окутуу дегендик – үч жашка
чейинки балдарга окуганды, санаганды эле үйрөтүү
эмес! Айлана-чөйрөдөгү негизги түшүнүктөрдү
жалпы эле чөп-чар, тал-терек, мөмө-жемиштер
Үч жаштан кийин кеч.
#1 03 September 2015 - 14:51
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#3 03 September 2015 - 23:03

Супер-Инфо
super.kg
видео










