Суперстан: Айыз кечигип жатат - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Гинекология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айыз кечигип жатат

#1 Пользователь офлайн   erketaiko   12 Сентябрь 2015 - 15:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Салам достор. Менин месячныйым задержка менен келет... 5-6айда бир келет. Гинекологко кайрыл дейсиздер азыр баарыныздар билем мен деле. Бирок озунуздордун кеп кенешиниздерди бергилечи. Бул эмнеден болот и зыяны жокпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

«Ургаачынын дени сактыгы – учурунда келген этек кири», – деп чоң энелерибиз бекеринен айтпаса керек. Өспүрүм кезибизден эле айыз жөнүндө кеңири түшүнүк алганыбыз менен, катаал күндөр келгенде көөнүбүз айнып, башыбыз айланып, өзүбүздү коёрго жер таппай калабыз. Айлана бозомтук тартып, бүткүл аалам бизге каршы тургандай сыяктанат. Мындай күндөрү жибектей созулган айымдар дагы ажаанга айланат дешет. Анда аялдардын бактысы да, азабы да болгон айыз тууралуу макалага орун беребиз.

Биз байырлаган аймакта туулуп өскөн айымдардын алгачкы айызынын келиши 12 жаштан 14 жашка чейин болот. Кээ бир учурда кыздарда балакатка жетүү ар башка өтөт. Анткени тукум куучулуктан да көз каранды болушу мүмкүн. Бирок 15 жаштан өткөн кыздын айызы келбесе, дарыгерге көрсөтүү керек. Биринчи жылы этек кир олку-солку болуп калыптануу процесси жүрөт, ошентсе да жыл ичинде 8 гана цикл болушу кажет. Цикл дегенибиз айыз келген күндөн тартып, кийинкисине чейинки убакыт жана ал 21 күндөн 33 күнгө чейин созулат. Айыз өз убагынан 14 күндөн ашык кечигип баратса, кооптонууга негиз бар. Айрым учурда, тескерисинче, этек кирдин тез-тез келишинен жабыркагандар да кездешет. Көп жылдар бою цикл 21-22 күндөн ашпай, акыркы учурларда өтө эле узарып кетсе, бул дагы коркунучтун белгиси болушу мүмкүн.

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 12 Сентябрь 2015 - 15:58

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Альгоменорея …
Айыз маалындагы башыбыздын айланып, кускубуз келгенине анчалык маани бербегенибиз менен медицинада бул дарт альгоменорея деп аталат. Бул оору 60-70% айымдарда жолугат. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн арасында көп кездешет. Аялдардын 84% окшуп кусса, 79% ич өткөккө кабылышат, 23% башы айланса, 13,5% аялдар чыдатпаган баш оорудан жабыркашат. 16% таптакыр эле эс учун жоготуп жыгылат. Көп учурда ооруксунуу айызга 1-2 күн калганда башталып, 3 күндөн соң айыгат. Кээ бир айымдар мындайда эмгекке жарамдуулугун таптакыр жоготот.
Альгоменорея аялдын физикалык абалына гана эмес психикасына дагы чоң таасирин тийгизет. Белгилери: курсактын ылдыйкы бөлүгү, бел-бөйрөк тушуңуз сайгылашып, толгоо тарткандай ооруйт. Оору менен коштолгон айыз бардык дарттар сыяктуу эле медициналык кийлигишүүнү талап кылат. Бирок алгач кайсыл түрү экендигин аныктап алуу зарыл. Альгоменореянын биринчилик жана экинчилик деген эки түрү бар.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Биринчилик – деп нерв системасынын ооруларынан улам же аялдын жыныс органдарынын түзүлүшүнүн анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу пайда болгон ооруну айтабыз. Мисалы, жетилбей калган же туура эмес жайгашкан жатын себеп болушу мүмкүн. Ал эми айыз учурундагы ооруксунуу кайталанбай, айрым учурда гана тынчсыздандырса психологиялык жабыркоонун, денеге күч келтирүүнүн натыйжасы болушу ыктымал.
Экинчилик – суук тийгенден жана сийдик чыгаруу системасынын ар түрдүү ооруларынын кесепетинен келип чыгат. Алар эндометриоз, шишик жана киста болушу мүмкүн.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 16:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

21 кылымдын эпидемиясы. ..Экинчилик альгоменорея эндометриоз (гормоналдык дисбаланстын негизинде, иммундук системанын бузулушунан келип чыккан өнөкөт оору. Өөрчүп кеткен ткандардын жатындын сыртына жайгашып калышы) дартынын эсебинен көп пайда болот. Анын негизги мүнөздүү белгиси дагы оору менен коштолгон айыз. Эндометриоз оорусунун башталышында эндометрия (жатындын ичине төшөлгөн, тамырлар менен мол жабдылган былжырлуу кабык) клеткалары «ыңгайсыз» жерлерге – сийдик түтүкчөсүнө, бөйрөккө жайгашканы аз келгенсип, кадимкисиндей өз функциясын аткара берет. Ал эми айыз келген учурда көөп, жарылып канай баштайт. Мындан улам жан кейиткен оору башталат. Эндометриоз оор жүк көтөргөндө, стресске кабылганда жана солярийге какталганда, ар кандай ванналарды көп колдонгондо келип чыгат. Эндометриозду «жашыруун» хламидиоз (жыныстык катнаштан жугуучу инфекциялык оору) инфекциясы сыяктуу эле 21кылымдын эпидемиясы деп келишет.
Ооруксунган айыздын себебин аныктоо үчүн гинекологдун гана эмес эндокринологдун дагы кароосунан өтүү абзел. Гинекологиялык кароодо жатындын жайгашуусуна, өлчөмүнө, ички жыныс органдарынын анатомиялык түзүлүшүнө басым коюлат. Альгоменореянын себебин аныктагандан кийин дарылоого киришсе болот.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 16:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Айыз алдындагы алсыздык(ПМС)«Айыз алдындагы алсыздык» этек кир келээрден 10-12 күн мурда башталат. Кечинде эч нерседен бейкапар уйкуга киришип, эртең менен турганда чачыңыз ирээтсиз чачылып, көзүңүздүн үстү шишип, ээгиңизге кызыл бүртүкчөлөр чыгып, эмчек бездери ооруксунуп калса – айыз жакындап калганынын белгиси. Мындай жагымсыз сезимдер этек кир келип бүткөндөн кийин жоголот. Өзгөчө отуз беш жаштан жогору курактагы айымдарда «айыз алдындагы алсыздык» татаал өтөт.
Мындай көрүнүштү дарыгерлер организмдеги эстроген жана прогестерон гормондорунун бузулушунан деп түшүндүрүшөт. Кадимки абалда бул гормондор айкалышып иштегени менен айыз маалында бири экинчисинен көбүрөөк бөлүнө баштайт. Мындай дисбаланстан организм жабыркайт. Организминде эстроген көп бөлүнүп чыккан аялдар кыжырданып, агрессивдүү болуп калышат. Ал эми прогестерон көбөйгөн учурда алсыз, ыргылжың болуп, чарчап-чаалыга берет. Айрым адистердин белгилөөсүндө циклдин 22-күнүндө аялдын организминдеги прогестерон нормадан 25 эсе көбөйөт. Мындан улам эмчек бездеринин кан тамырларында кан уюп, салмак жогорулап, суюктук сыртка чыкпай калат. Ошондой эле дененин температурасы жогорулап, уйку качып, маанай чөгөт.
«Айыз алдындагы алсыздыктын» келип чыгышынын дагы бир себеби – интоксикация, башкача айтканда организмдеги суу-туз суюктуктарынын алмашуусунун бузулушу. Жагымсыз сезимдер менен жан кейиткен оору болгон «Айыз алдындагы алсыздыкды» 1994-жылы Америка Психиатриялык Ассоциациясы олуттуу депрессиялык дарттардын катарына кошкон. Мындай дартты кантип дарыласа болот? Ооруну сакайтууда табигый гестаген гормонунун көчүрмөсү болгон синтетикалык каражаттар, А, Е витаминдери, магний, кальций, талапка жараша дары-дармектерден турган комплекстүү дарылоо ыкмасы колдонулуп келет. Болгону адистин толук кароосунан кийин гана дарылоо курсу башталууга тийиш. Өзүңүзгө диагноз коюп, чоң апаңыздын ыкмасы менен дарылануу коркунучтуу.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Этек кир тууралуу эки МИФ
«Катаал күндөрдө» аялдын тамакка болгон табити күчөп, ач карышкырдай абалга жетип калат. Бул организмдин өзгөчөлүгү эмес, табияттын тамашасы. Тамашасы дегенибиз, жогоруда айтып өткөндөй айыз маалында организмден прогестерон көп чыга баштайт. Ал эми бул гормон кош бойлуулукка жооп берет, дени сак мураскор көз жарууну ыйык милдетим деп билген аял организми, болочок түйүлдүккө азык-заттарды жыйнай баштайт. Андан сырткары аялдар өздөрүнө өздөрү кээде мифтерди токуп алышат.
Биринчи миф. Этек кир келээрде организм жабыркайт, андыктан жогорку калориялуу тамак-аш жеп, калыбына келтирүү керек
Бул карандай калп! Айыз маалында кошулган 900 граммга чейинки салмак нормалдуу деп эсептелинет. Тилекке каршы айымдар табитти тыя албай, салмагын килограммдан ашырып жиберет. Айыз ар айда кайталанган соң ашыкча салмак чогулуп отуруп, келишкен мүчөнүн кейпин кетирет. Андыктан витаминге бай жашылча-жемиштерге басым жасаңыз. Майлуу колбаса, сыр же эт азыктары, майонез менен куурулган картөшкө биринчи душманыңыз болушу зарыл. Таттууну самап турсаңыз, банан, дарбыз, күн карама жана жаңгак данектерин жеңиз.
Экинчи миф. Этек кир учурунда дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат
Тескерисинче, дене тарбиялык көнүгүүлөр гормондорду тең салмакка келтирип, стресстен арылтат. Муну менен катар ашынган аппетитти басаңдатат. 15 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөр же бий менен машыгуу эмоционалдык абалыңызды жакшыртып, бирок алсыратпайт. Статистика боюнча дагы спорт менен машыккан айымдардын этек кири ооруксунбай, тынч өтөт.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эске түйүп алыңыз:
Этек кирдин 3 күндөн 7 күнгө чейин келиши нормалдуу болуп эсептелет.
Толук кандуу этек кир 28 күндө бир келет. Депрессия, булганыч экологиянын терс таасиринен улам айыз мөөнөтүнөн эрте же кеч келиши мүмкүн. Эки жумадан ашык кечигип баратса, доктур-гинекологго кайрылыш керек. Айыз мезгилинин бузулушу кээде жатындагы ар кандай оорулардан кабар берет.
«Катаал күндөрдө» айымдар күнүнө 20-50 грамм, жалпысынан 250 грамм кан жоготот. Кан менен кошо организмде темир да азаят. Кээ бирөөлөр үчүн байкалбаса, кай бирлерибиздин организмибиз катуу жабыркайт. Демек, курамында темири көп азык-заттарга муктажбыз. Организм үчүн алмашкыс делген темирди деңиз капустасынан, какаодон таба алабыз. Эт азыктарынан 20-30%, өсүмдүктөрдөн 3-5% темир алса болот.
Этек кириңиздин келүүсүн контролго алыңыз, сөзсүз календарь колдонуңуз!
Эгер өнөктөшүңүз ирээнжибесе, өзүңүз аябай каалап турсаңыз, айыз учурунда жыныстык катнашка барууга болот. Бирок бул учурда жатындын моюнчасы ачык болгондуктан, «презерватив» колдонбосоңор, инфекциялардын кирип кетүү коркунучу бар. Андыктан гигиенаны адаттагыдан өзгөчө сактаңыз.
Этек кир учурунда бойго бүтүп калуу нормалдуу көрүнүш.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Назира Маматова, врач-гинеколог, медицина илимдеринин кандидаты:

Өз учурунда келген айыз аялдын репродуктивдик (тукум улоочулук) системасынын талапка ылайык өнүгүүсүнүн белгиси болуп саналат. Негизи эле аял затынын организми сезимтал келип, ички жана сырткы чөйрөнүн түрдүү өзгөрүүлөрүнөн таасирленип турат. Мисалы, аба ырайынын алмашышы, стресс жана уйкунун канбай калышы, дененин салмагынын жогорулашы же тескерисинче, азайышы, ар кыл диеталар жана абага көтөрүлүү сыяктуу. Ушул себептердин кайсынысы болбосун айыздын кечигишине алып келиши толук ыктымал. Айыздын кечигишинин физиологиялык себеби катары кош бойлуулук саналат. Этек кир өз убагынан өтүп же убагына жетпей келиши репродуктивдик системадагы коркунучтуу оорунун белгиси дагы болушу мүмкүн. Демек, гинекологго кайрылып, текшерилип, себеби аныкталса, дарылануу талап кылынат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   erketaiko   12 Сентябрь 2015 - 16:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Рахмат. Народные средства ким билет айтып кетсениздер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   BRILIANTTKA   12 Сентябрь 2015 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Мар 2024 00:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы)))

Мм жакшы маалымат экен. Меники таакыр задержка болбоптур,боюма болуп калып эле болбосо. Меники как часы,мурунку айда 27 синде келсе, бул айдын 25 инде келет. Ошентип 25,23,21 деп жылып кете берет. Задержка болсо автор врачтарга эле көрүн. Народный медицина деген менен причинасын билбей колдонуп алып, ден соолугуңа зыян келип жүрбөсүн. Гинеколог как никак билет ,текшерет и даары жазып берет.
И еще автор канча кгсың. 45 кгдан кичине эмессиңби?
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Сентябрь 2015 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өйдө жактагы билдирүүнү түзөтө алган жокмун, шариятта этек кир келгенде жыныстык катнашта болууга болбойт, этек кир бүткөн соң гусул алып анан жыныстык катнашта болгонуңуз жакшы.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Nur.88   12 Сентябрь 2015 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 372
  • Катталган: 13 Июль 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 01:49
  • Жынысы:Аялзаты

Организмге жараша ар кимдики ар кандай келсе керек, меники кыз маалымда эле 2айда бир келчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Holerik10   12 Сентябрь 2015 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения erketaiko (12 Сентябрь 2015 - 16:45) жазган:

Рахмат. Народные средства ким билет айтып кетсениздер

Гормональное нарушение бар окшойт башынан бери ушундайбы,канча кун келет,оору барбы келгенде толук жазсан,канча жашында келген,тузулушун кандай дегендей
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aqua.94mema   12 Сентябрь 2015 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Менде ар бир айдын 28 и саар менен келип калатго . куну да жылбайт сааты да жылбайт . немец немец деп коем оздук конокторго .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   erketaiko   12 Сентябрь 2015 - 19:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Просмотр сообщения Holerik10 (12 Сентябрь 2015 - 18:57) жазган:

Гормональное нарушение бар окшойт башынан бери ушундайбы,канча кун келет,оору барбы келгенде толук жазсан,канча жашында келген,тузулушун кандай дегендей

Оз жашыма чон коруном салмактуу элемин. 12 жашымда келген.1 жылда ашып барса 3жолу келет. Апам айтат бир отоло турмушка чыгардан алдын коруносун деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   erketaiko   12 Сентябрь 2015 - 19:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Просмотр сообщения Tatli_Melek (12 Сентябрь 2015 - 17:35) жазган:

Өйдө жактагы билдирүүнү түзөтө алган жокмун, шариятта этек кир келгенде жыныстык катнашта болууга болбойт, этек кир бүткөн соң гусул алып анан жыныстык катнашта болгонуңуз жакшы.

Ээ кайдагы жыныстык катнаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Holerik10   12 Сентябрь 2015 - 19:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения erketaiko (12 Сентябрь 2015 - 19:43) жазган:

Оз жашыма чон коруном салмактуу элемин. 12 жашымда келген.1 жылда ашып барса 3жолу келет. Апам айтат бир отоло турмушка чыгардан алдын коруносун деп

Ана чейин корунуп даарыланыш керек,эртен эрге тий сен оорукчансын дейт. Анда ошо гормон жетишпейт экенда барып корун Ар кимден угуп алып оз алдынча даарылай берген болбойт. Бизде ушу кыз маалында гинекологко барса дуу-дуу соз болот жаман ойлошот деп апаларыбыз эч алып барбайт,сенде дагы ошондой деген окшойтта. Болбосо аба алмаштырып кор ошондо озгорушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   erketaiko   12 Сентябрь 2015 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Просмотр сообщения Holerik10 (12 Сентябрь 2015 - 19:49) жазган:

Ана чейин корунуп даарыланыш керек,эртен эрге тий сен оорукчансын дейт. Анда ошо гормон жетишпейт экенда барып корун Ар кимден угуп алып оз алдынча даарылай берген болбойт. Бизде ушу кыз маалында гинекологко барса дуу-дуу соз болот жаман ойлошот деп апаларыбыз эч алып барбайт,сенде дагы ошондой деген окшойтта. Болбосо аба алмаштырып кор ошондо озгорушу мумкун.

Аа рахмат. Сизге турмушка чыгалексизби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Holerik10   12 Сентябрь 2015 - 20:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения erketaiko (12 Сентябрь 2015 - 20:18) жазган:

Аа рахмат. Сизге турмушка чыгалексизби?

Jok
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Гинекология
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: