Суперстан: Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (37 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?

#21 Пользователь офлайн   edu.kg   28 Февраль 2015 - 00:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения MoXiTo (28 Февраль 2015 - 00:23) жазган:

Эгер шайлоодо болуп калсам блютенге балчайтып " Баарынар жарылып олгуло!! !" деп жазып коймокмун... эсептебей эле койушсун блютенимди. Бири дагы татыктуу эмес.

Сиздики эн туура жооп болду... Чындыгы ,эч бириси конул толоорлук адамдар эместей,эч бирисин кыргыз парламентинде алгылыктуу иш алып барганын корбодук. Коч башы кайда бурулса ,аягы бурулбаганга аргасыз деген чын окшойт,ажобуж баш болуп эч корунуктуу алгылыктуу иш алып бара алышпады . Баарынын кандайдыр бир терс иштер менен байланышы бар эч тазасы жок ,ошентсе да адамдык абиир намыстан бийлик мансапты жогору койуп,уялбастан былык иштери коркойуп корунуп турса да, дагы да болсо бийликке келуунун айласын кылып жатышат. Азыр байкасан эл окулдору кунумдук иштерин унутуп койушуп ,кузундогу шайлоо камын коруп аркандай талап сунуштарды трибунага чыга калып упай топтоо эл алдында озун коргозуу менен алек болуп, элдин козун дагы да бойоп жатышат окшойт деп калдым. Шайлоого чейин дагы нечен турлуу шоу програмаларын коргозушоору толук анык аны дагы коро жатаарбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   madina.87   28 Февраль 2015 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Мадумаров
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   ZANIA-92   28 Февраль 2015 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 391
  • Катталган: 27 Январь 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогул

Жепжутаттарды өлтүрүп койсо аздык кылат. Андан көрө жаштардын партиясын түзүш керек кыскасы жаштар келиш керек бийлике
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   28 Февраль 2015 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

М.Мырзакматовдун Улуттар биримдиги партиясынан үмүт кылса болчудай. Башкасын билбедим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   01 Март 2015 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Просмотр сообщения mekenchil_jigit (28 Февраль 2015 - 19:03) жазган:

М.Мырзакматовдун Улуттар биримдиги партиясынан үмүт кылса болчудай. Башкасын билбедим

Бул партияда, Мелис братка окшогондору барбы составында? Атактуулардан дегеним...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   KblCHAS   01 Март 2015 - 23:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 717
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Апр 2015 21:20

ким акча берсе ошодон башкасына добуш берем .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   KUMTOR1   09 Март 2015 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 083
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2016 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Город 0322

Мен оз добушумду, А. Салаянова тузгон жаны партияга, же М.Мырзакматовтун партиясына берем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   09 Март 2015 - 22:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

"Мекен Ынтымагы" ,лидери Темирбек Асанбеков! Курамы,максаты таза жалгыз партия!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   EdikoKG   11 Март 2015 - 07:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Шайлоого барып,убара да болгум келбейт. Баары татыксыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   jumaijanym   20 Март 2015 - 02:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
  • Жынысы:Эркек

Парламентке элге күйгөндөр келеби?
Кошкон: Мээрим Дүйшеева Тарых: Бей, 19/03/2015 - 18:47


Шайлоонун керней-сурнайы мындан ары тынбай тартыла берет. Анткени “ак сөөктөрдүн” баары депутат болуу үчүн кыр-кырлардан ат ойнотуп, көздүн жоосун ала баштады. Мунун да жөнү бар. Себеби “ак жакалуу” төбөл болгондордун жүз пайызы элеттен келген, же калппы? Анан эле курсагы тоюнуп, галстук тагынгандан кийин беш жылга чейин өз айылын унутуп калышканы жаман адат. Былтыртан бери айрым алысты көрө алгандар туулган жерине байма-бай каттап тууган-туушкандарына, аксакал, көксакалдарга чайын берип батасын алып келүүдө. Андай учурда булардан сылык, акылдуу киши болбостур? Мындайга Акаев мезгилинен бери карай карапайым эл көнүп бүттү. Чейрек кылымдан бери канча жолу чабыш менен, соттошуу менен шайлоолор аягына чыкканын санап бүтө албайсың.

Ал тургай “Алга Кыргызстанды” Бермет Акаева өзү башкарып ошондо иниси Айдар экөө депутаттык мандатка ээ болгон. Тилекке каршы үч күндөн кийин төңкөрүш болуп кетип өлкө башчысынын үй-бүлөөсү, акырлаштары качып кетишкен. “Ак Жол” партиясынын терисин жамынгандар деле оңуп кетишпеди. Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов сыяктуу ЖКнын спикерлери эмдигиче даңкы өчө элек. Экинчиси окумуштуу экен кээде онтолоп орусча акыл үйрөтүп калат тимеле. Биринчиси болсо чириген бай. Оюна койсо төрдөн орун-очок алгысы келет, бирок ага шаасы жетпейт. Акча чогулткан “кошелёктору”, “комбайндары” дале болсо бийликке көзүн кызартып, каерден кулагын тикчийтсем деген ниетте. Ким эле өлкөнүн майлуу жерине олтуруп алып жилик кемиргиси келбесин? Макоолор, аңкоолор дагын андай “ырыскыдан” алыс болгусу келбестир?

Ооба, бүгүн өпкөсүн өйдө көтөрүп алган партиялар тизмеге орчундуу лөктөрдү киргизүү менен алек. Мурдагы Акаевчилер, кийинки Бакиевчилер улам төлгө салдырып кайсыл партияга кирсем итим чөп жейт деп санаага батып жүрүшөт. Айрыкча КСДПнын кареги менен тең айлангандар чымындай көбөйүп кетти. Партиянын “босстору” муну тизмеге киргизсек болобу деп өлкөнүн биринчи адамына чуркап кирип жүргөнү маалым. Анткени кыбыр эткен тирүү нерсенин баарын Алмазбек Атамбаев өзү көзөмөлдөп турат. Буга айрым өткөн чакырылышта тизмеге кирип алып тескери көз-карашты жараткан дөңбайлар себепкер. Мактанган партиядан да сасыткылар чыкканы коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Демек, өтө кылдат болуу учурдун өктөм талабы экенин сезишти. Ошентип мурда мурдун балта кеспеген, кыйды байлар кандай болсо да жол табууга дилгир.

Албетте, сандыгында толтура акчасы барлар мен баары бир депутат болом деген ишеничте. Акылбек Жапаров , Кубатбек Байболов, Улукбек Ормонов, Муратбек Малабаев, Искендер Гаипкулов, Кубанычбек Исабеков, Аскарбек Шадиев, Арзыбек Бурханов сыяктуу көпөстөр чүкөсүн улам өкчөп коюп турган кези. Ал эми акылы бар, акчасы жоктор айласын таппай кайсалактап турганын да билебиз. Алардын идеяларын, аброюн пайдаланыш үчүн элүүнчү орунду берип артынан ээрчитип алган эпчилдер бар экендигин танууга болбойт. Атаганат, калыстыктын жоктугу ушундайда байкалат турбайбы?

Эми биз эстебеген байлар да күздө депутат болууга умтулат. Ошондо жалаң гана бизнести чеңгелдеген соодагерлер, кызыл кулактар, элдин эсебинен жашоого кынык алгандар кайра эле устуканга ээ болуп калабы деген ой мээни жейт. Минтип отурсак коррупциянын сыйрытмагынан кутулууга аргабыз жок окшойт. Өзү үчүн күлтүңдөп кам көргөндөрдүн табитин көбүрөөк калемпир салып тыя алар бекенбиз? Ал үчүн мамлекеттик жетекчилер, коомчулук адал иштөөгө, асыл ойлордун жетегинде болууга ниетин бурушу талапка ылайык. Аң-сезимди ойготпосок эски адаттардан сырт болбойбуз. Качан гана жылуу орунду, күлүк темир жоргону, байлыкты планга киргизбеген, эл үчүн күйгөн инсандар парламентке көбүрөөк келсе турмушубуз оңолот. Ошондой уул, кыздарды колдоого алып, шайлоо убагында ошолорго добушубузду берсек “жепутаттардан” алыс болоорубузду ар бирибиз көңүлдүн түпкүрүндө сактообуз кажет.

Ж.Сулайманов

Булак: Ачык сөз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   jigit.paren   20 Март 2015 - 09:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 654
  • Катталган: 27 Апрель 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2025 10:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

каалайбызбы каалабайбызбы парламентке булар келет, 1-орунду СДПК алат, 2-орунду Республика - Атажурт алат, 3-орунду Атамекен алат, 4-орунду Арнамыс же Замандаш алышы мумкун. Салянова Атамекен менен бириксе, Мадумаров СДПК менен биригиши мумкун. Улуттар биримдиги отпойт анткени Мырзакматов озу жок болсо да тундук тараптан жетиштуу добуш алалалбайт, добуш алышы учун Мырзакматовту Караколдун МЭРи кылыш керек. Анан парламентке 1-орунду алып келиши мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   20 Март 2015 - 19:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Мен "Республика- Ата-Журт" партиясына добушумду беремин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Sadyrov_n93   20 Март 2015 - 21:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 15 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2017 13:41
  • Жынысы:Эркек

Я за Ата-Мекен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   CauseLove   20 Март 2015 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 20:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения KUMTOR1 (09 Март 2015 - 16:45) жазган:

Мен оз добушумду, А. Салаянова тузгон жаны партияга, же М.Мырзакматовтун партиясына берем.


Ак же көк бол да. "Же" болуп ортодо калбай.
Же вообще нейтралдуу бол.
Мен баарына нейтралдуу көз караш мененмин.
Кимиси болсо да алган (жеткен) наамына татыктуу болушса...


Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   CauseLove   20 Март 2015 - 22:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 20:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения jigit.paren (20 Март 2015 - 09:51) жазган:

каалайбызбы каалабайбызбы парламентке булар келет, 1-орунду СДПК алат, 2-орунду Республика - Атажурт алат, 3-орунду Атамекен алат, 4-орунду Арнамыс же Замандаш алышы мумкун. Салянова Атамекен менен бириксе, Мадумаров СДПК менен биригиши мумкун. Улуттар биримдиги отпойт анткени Мырзакматов озу жок болсо да тундук тараптан жетиштуу добуш алалалбайт, добуш алышы учун Мырзакматовту Караколдун МЭРи кылыш керек. Анан парламентке 1-орунду алып келиши мумкун.


Мурунку шайлоодо СДПКнын биздеги не деп койчу эле жанагы шайлоого үгүттөгөндөрчү, ошолор шайлоо боло турган күндөн бир күн мурда кечеге даярданып коюшкан. Эртеси шайлоонун жыйынтыгы чыга элек жатып майрамдай башташкан. Баары белгилүү болчу да, кааласа-каалабаса СДПК "утуп" чыгаары…


Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Daud   20 Март 2015 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен катышпайм. Илгертен эле катышкан эмесмин. Катышканда не, ошол эле саясатчылыр. Көрбөй жүрдүм беле аларды. Баары алтын болгон күндө деле алардын бир нерсени өзгөртүп жиберишине ишенбейм. Алар мыйзам чыгарган күндө деле ал мыйзамдарды аткарган адам жок. Эми шайлоодогу махинацияны айтпай эле коёюн. Кээде шайлоочулар шайлоо өттү деш үчүн эле керек болсо керек деп ойлоп калам. А результатты өздөрү келишип, орундарды бөлүшүп алышса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   jigit.paren   21 Март 2015 - 07:29

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 654
  • Катталган: 27 Апрель 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2025 10:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

Просмотр сообщения Daud (20 Март 2015 - 23:17) жазган:

Мен катышпайм. Илгертен эле катышкан эмесмин. Катышканда не, ошол эле саясатчылыр. Көрбөй жүрдүм беле аларды. Баары алтын болгон күндө деле алардын бир нерсени өзгөртүп жиберишине ишенбейм. Алар мыйзам чыгарган күндө деле ал мыйзамдарды аткарган адам жок. Эми шайлоодогу махинацияны айтпай эле коёюн. Кээде шайлоочулар шайлоо өттү деш үчүн эле керек болсо керек деп ойлоп калам. А результатты өздөрү келишип, орундарды бөлүшүп алышса керек.

Ушинтип кайдигер болуп жатсак анан кантип онугобуз? Сен кайдигер болсон анан жогору жактагылар сенин берчу добушунду махинация кылат да. Жок антпей оз добушунду каалаган партияна бер кудай деп туруп. Мумкун сенин добушун тагдырды озгортуп жибериши мумкун, созсуз келип катыш, кайдигерликти ташта !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Daud   21 Март 2015 - 14:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул кайдыгерлик эмес. Бул менин позициям. Тарыхтагы чоң ийгиликтер шайлоо аркылуу болгон эмес. Негизи эле тарыхта шайлоочулар кандайдыр бир нерсени өзгөртүп жибергенин көргөн да, уккан да эмесмин.

Дүйнөдөгү шайлоолордун баары окшош. Шайлоочуларга бир канча вариант берилет. Бирок ал варианттардын ичинде туура жооп жок. Демек, туура жооп жок болсо, тандоонун деле кереги жок. Мен барып, баарына каршымын дегенден көрө, барбай каршылыгымды билдиргеним туура болотко.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 21 Март 2015 - 14:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   zhiza   21 Март 2015 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Айрым азыркы депутаттардын эл окулу болууга, мыйзам чыгарууга жана кабыл алууга кымындай да моралдык, адамдык укугу жок. Алардын орду темир тордун ары жагында.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   eldiyarmacho   22 Март 2015 - 08:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 725
  • Катталган: 21 Апрель 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2023 19:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл, Жалалабад р, Базар-Коргон с, Таш-Булак

Ата -Мекенге добушумду берем өзүм ресбуплика- ата журт партиясында иштейм калп эле силердин адамыңармын деп иштеп жүрөм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (37 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: