Баратбай Аракеев, журналист: "Абийирсиздер деп айтууга акым жок, бирок, буга чейин жанагы 92 депутат эмне кылып олтурган?"
Кошкон: Айнура Абдиназарова Тарых: Шар, 16/09/2015 - 10:59
Шайлоо кампаниясындагы жүрүштөрдү көрүп, угуп, билип… ойлоносуң да. Бу кыргыз улутуна жакшы мүнөздү кенен берген, аныбыз бар. Аны менен бирге убада берүү жагынан кудай таалам аша кеткен экен, сынаганыдыр… Ошол убада анча-мынча чен-өлчөмү менен берилсе гана, жок, кылымдар аткарылгыс,
дегеле аткарылгыс убадаларды да берип жатпайбы. Маселен, «2050-жылы Кыргызстан эң бир өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулат, кошобуз» дейт. А айланайындар ага чейин ким бар да, ким жок?! Беш-он жылда эле оңдоп салбайт белеңер… Эмне, ушул убаданы бергендер 25 беш жыл бою парламентте олтургусу барбы?! Анда шорубуз катат экен го! Анткени, эмдиги парламенттен орун алабыз дегендердин ичинде азыркы парламенттин 92 депутаты бар. Эгерде ошолор кыргыз элине жакшылык кылгысы келсе, бир он чактысы калып, калганы колунан келген ишти кылбайбы дейм да!
Буга чейин жанагы 92 депутат эмне кылып олтурган? Өздөрү кайдан айтмак, мен айтайын, башкаңар айткыла: бу парламенттин көзгө көрүнөрлүк дурус эмгеги болбоду, эки-экиден мушташты, кадимкидей эле канжалашты,
жакалашты, аялдардын ичинен чыккан албууттары эркегинин бетин алып түшө жаздады, өкмөт курамын түзөөрдө санаалаштарын кызматка кое албай далай кылгылыктарды кылды, бизнесин кайтарып жатып парламент жыйындарына келбей жүргөндөр, келимиш болгондор көп болду, коррупциялык иши булт эте түшүп камалгандар болду, дагы бирлерин камайбыз десе, ага «кол тийгизбей» туруп беришти, мамлекеттин эсебинен бүтүп жаткан ар кандай курулуштарды «биз куруп жатабыз» деген уятсыздыкка барды, кээси криминал менен алакада жүрдү, дагы бири качып жок… Жогоруда саналгандарды бир идишке салып, анан чалып туруп карасак, анда «мындай парламенттен барынан жогу» деген бүтүм чыгары дааналанды!
Убадалардан улайлы. «Жолдун баарын салып бүтүрөбүз, көлдү көз карегиндей сактайбыз, турист деген он жылдап кезекке туруп келгендей кылабыз, жер иштеткенге трактирлер «таракандай» каптайт, айдалбаган жер калбайт, баланча деген завод-фабрика курабыз, пенсия дегенди чал-кемпирлер алып түгөтө албай убара болот, балдардын баары сыдыргыга салгандай тартиптүү болот, бандиттерге,
наркобарондорго,
коррупционерлерге катуу сокку урабыз, урганда да тургус кылып урабыз, аялдарды алдыңкы планга алып чыгабыз, алар эркек менен тең болсун же үстүндө болсун, шаарыбыз жапжарык болот, жолдо «гаичилер» болбойт, видеолор шыкаалап турат, ГЭСтердин баарын кыдырата куруп таштайбыз, түтүнсүз асман болот, газ деген жерге кирсин күнү-түнү жак, картошка менен буурчакты Бурундияга чейин саттырабыз,
этти Эфиопияга чейин, каймакты Калифорнияга чейин жеткизебиз… Убаданын баарын санап олтурсак, шайлоо бүткөнчө айтып бүтө албаспыз. Дагы эле баягы суроо туулат: депутаттыкка талапкердин дээрлик көпчүлүгү кызматы барлар, мурун иштеп кеткендер, айтылган 92 депутат, анан алар мурда «текей оттоп» жүргөн турбайбы!
Ошолордун арасында «кетсем, келбейм» деген Бабанов инимдейлер да толтура.
Убада берип коюп аткарбагандык итчиликтир бир! Убада берип жатканда, алды менен абийирге кара, аның аткарылбаса адамдыктан кетериңди ойло! Андыктан убаданы ченеми менен бериш керек эмеспи. «Айды алперем, Күндү алперем» деген поэзиянын иши, ага айла жок! Азыркылар, тээ илгерки шайлоочуларда эмес, алар реалдуулукту жалгандыктан ажырата алган адамдар. «Ай, кечээки убадаң кана» деп эртең эле сурап турчу шайлоочу бар. Ошондо аткарылбас убада берген неме атасынын башын тартуулайбы?
! Бирок, убадакөйлөргө эмне коркунуч, көнүмүш адатынча бетин тултуйтуп туруп берет эмеспи, «кылы кыйшайбай»!
Булак: "Фабула"
Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?
#362 17 September 2015 - 12:12
Өнүгүү-Прогрессти СДПК сүрөп келаткандай сезилипатат) СДПК, Республика-
Ата-Журт, Ата Мекен, Өнүгүү-Прогресс өтөт - деп интуициямды текшерип көрөйүн)
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#363 17 September 2015 - 13:55
Сдпк полибому биринчи отот 1 орунда андан кийин ата журт ата мекен онугуу бирбол ушулар келишсе керек менимче
#364 17 September 2015 - 16:10
Сдпк,
Республика Ата журт,Бутун Кыргызстан Эмгек,Ата Мекен.Ушулар отот го менимче.
#365 17 September 2015 - 16:52
Учурда бир бол партиясы каттуу кучуно кирди ар бир добуш учун 1000 берет экен, агидаторго кунуно 1000 сомдон экен. Эгерде добуштарды акчага сатып алса кайдагы таза шайлоо дагы, уялбай корупцияны жок кылабыз деп коюшат. Мен алабука районундагы агидаторлордон уктум.
#368 17 September 2015 - 23:56
СДПК өтөт! Анткени биздин айылга келип, шайлоого карата биометрикаңарды текшерип алгыла, анча-мынчасыныкы чыкпай калып жатат деп, бармак издерин алып, калкты алдап, өздөрүнө кыйла добушту алып коюптур... Мен үйдө жок элем, менин ордума апамдын бармак изин алышыптыр. Таза шайлоо болот, таза өтөт, баары таза болот деп, Атамбаев кимди алдап атат. Именно Атамбаевтин партиясы мафия иштерди жасап жатат го. Бул кетиште таза шайлоо болбой калды го.
"МЫ часто обманываем самих себя. Мы думаем, что мы особенные, но судный день действительно покажет, какие мы особенные."
#369 18 September 2015 - 00:32
Таза шайлоо болбойт,болгонда эмес,болбойттагы.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#372 18 September 2015 - 15:23
Үгүт иштери жарымына келип калды.
Кандай ойлойсуңар шайлоодон канча жана кайсы партиялар утуп чыгат?
Кандай ойлойсуңар шайлоодон канча жана кайсы партиялар утуп чыгат?
Куш кабар уктум Ата-мекен, СДПК, Кыргызстан отот экен.
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#374 18 September 2015 - 16:52
"байдын акчасын байкуш санайт" болбойун, бирок бул шайлоонун агитациялык иштери ото эле аша чаап жатабы деймда: стадиондорду элге толтуруп, ырчы - чоорчуларды сайрандатып,
тамак - аш таратып (кулака илген лапшаны эске албаганда) на широкую ногу, с размахом угуттоп атышат. Байыркы Рим империясынын суроттомосу эске келет: "хлеба и зрелищ". Бийлике умтулгандар элди ушинтип алдап аткандан кийин эмне кандай чечим чыгарыш керек: же элдин тушунугу томон, же бийлике умтулгандар ушунча эле элин жакшы корушобу?!
Анда эмнеге ошол эле угуттоо акциясына корогон каражатты элдин камсыздоосуна колдонуп койбойт?!
Журокту ойуйт, журокту ойуйт...
Журокту ойуйт, журокту ойуйт...
brother
#375 18 September 2015 - 17:02
Окуп алып эсим ооп эле калдыго.
Алтынбек Сулайманов: «БИЗДИ УКПАСА, КЕСКИН ЧАРАЛАРГА БАРАБЫЗ»
Кыргызстан жакынкы 5 жылдык тагдырын аныктоочу окуянын алдында турат. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринде эмне максат-мүдөө бар? Буга чейин эмне кемчиликтерди кетиришти, эми кантип аларды жоюшмакчы? Алардын сыймыктана турган кандай жетишкендиктери бар? «Азаттыктын» партия лидерлери менен болгон маектеринин урунттуу учурларына бул санда да орун бердик.
– Алтынбек мырза, «Бир бол» парламентке өтөт деп ишенип турасыздарбы?
– Атаандаштарыбыздын баары күчтүү партиялар. Албетте, өтөбүз деген ишеничибиз бар.
– Мен эсептеп бара жатып жаӊылып кеттим, аябай көп сандагы «Ак жолдун» мурдагы депутаттары, Бакиев бийлигинин акыркы күнүндө аны менен иштешип жаткан премьер-министр, министр, прокурорлор жүрөт. Ушундай эски кадрлар менен парламентке өтөбүз деп ишенип турасыздарбы?
– Албетте.
– Эл 2010-жылы ыӊкылап кылып бул кишилерди тараткан болчу да...
– 2010-жылы тарагандан кийин Акаевдин же Бакиевдин кезинде иштегендердин баары иштебей калдыбы? Ар бири өз мезгилинде Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон. Азыр жакшы иштеген инсандардын баары өз ордун таап, ар жерде иштеп жүрүшөт. Биздин тизмеде да ошондой кишилер бар.
– Талапкерлер арасында криминалга тиешеси барлар тууралуу көп сөздөр жүрүп жатат. Сиздердикине келсек, «Душка» деген каймана аттуу Дүйшөн Төрөкулов криминалга тиешеси бар делип жатат. Ошто көбү тааныйт экен. Ал тургай Кара-Суу районун кармайт, карайт деп айтып жүрүшөт...
– Дагы жаӊылышып жатасыӊар. Маалыматыӊарга журналисттик жакшы анализ жүргүзүп алсаӊар болмок. Ал жигит Ошто спорт комитетин башкарат.
– Ооба, аны билебиз. Андан тышкары...
– Ал жигит бул күнгө чейин спорт тармагында жүргөн. Криминалдык дүйнөдө жүргөн болсо иликтеп көргүлө, кимдер менен жүргөн, кайсы кылмышты кылган? Жөн эле спортчуларды же көчөдө тентегирээк жүргөн балдарды криминалга такай берген туура эмес.
– Сиздин атыӊыз деле аралашып жүрөт...
– Ооба, меники да көптөн бери аралашып жүрөт. Дагы айтам: иш козголмок түгүл бир күн да милиция кызматкерине сурак берип көргөн жигит эмесмин.
– Ош аэропортундагы карактоо боюнча мурдагы партиялашыӊыз Жусуп Коргонбай уулу жана анын иниси Жоомарт «каракчылыкка шектелгендердин бирөөсү менен байланышыбыз болгон, катташып жүргөнбүз» деп моюнга алышты. Сиздин дагы бир өнөктөшүӊүз, партиялашыӊыз Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси да каракчылыкка шектелип кармалды. Ошол миллиондогон долларды карактаган ишти бийликте отурган чоӊ жетекчилер болбосо, таасирдүү топ болбосо жасай алмак эмес деп багытты сиздер тарапка буруп койгон болчу. Сиз кандай жооп бересиз, байланыш бар болуп калган жокпу, же жөн гана дал келүүчүлүкпү?
– Замир Сыргабаев көп жылдар бою жанымда жүргөн. Иниси ошол ишке аралашып жаткан болсо, ал азыр түрмөдө отурат. Ал ишти жасагандар бүт ачыкка чыгып, камалганы камалып, качканы качып, керек болсо ал ишке байланыштуу казактар да кармалды. Бүт аягына чейин чыкты да. Чыккандан кийин ошол сөз да токтободубу. Аралашкан болсок бизди эбак эле жеп коймок да?!
– Бир тыйын дагы алган эмессизби?
– Кандайча бир тыйын алышым керек?! Сен мындай кичине сөзүӊдү оӊдоп койсоӊ...
– Жок-жок, колуӊузга бир тыйын да тийген эмеспи?
– Тийген эмес. Керек болсо биз ал ишти билген эмеспиз, кийин билип жатпайбызбы.
– Сиздин кирешеӊиз кайдан түшөт, эл билсе болобу ушуну?
– Менин кирешем... Менин компаньон досторум бар, депутаттыкка келгенге чейин жасап жүргөн бизнесимди уланткан инилерим бар. Бизнесим көбүнчө курулуш тармагында. Өндүрүш жакта да бар. Түрдүү иштерди кылган «Карго» бар.
– Декларация толтурганда жалаӊ эле айлыгыӊызды көрсөтүпсүз. 2014-жылга 721 миӊ сом деп эсептелиптир. Сиз анчалык кедей эмессиз да?
– Көрүп жатпайсыӊарбы, мыйзам иштебей жатса, элдин бардыгы байлыгын көрсөткөндөн коркушса, анан журналисттер алып чыгып көрсөтүп жатсаӊар, ким кепилдик берет?.. Эртеӊ аларды кимдер келип тоноп кетет? Бул деген жашыруун болушу керек да. Декларация деген менен ар бир жарандын коопсуздугу сакталышы керек...
– Сиз мамлекеттик кызматкер катары мыйзам боюнча ачык болушу керек да.
– Ооба, меники боюнча эч бир мыйзамды бузган эмесмин. Мүлктөрүмдү өзүмдүн атыма жаздырган эмесмин. Мен азыр бизнес менен алектенбейм, бүгүн депутат катары мамлекеттен маянадан тышкары эч нерсе алган жокмун. Бизнесимдин өзүнүн менеджерлери бар, бир тууган иним бар, ошол жумуштарды жүргүзүп жатат.
– «Жаш күч» деген спорт клубуӊуз Ошто көп. Парламенттик шайлоодон кийин башкача натыйжалар чыгып калса, «Жаш күчтүн» спортчулары кокусунан ошол иштерге аралашпайбы?
– Жеӊгенди да, жеӊилгенди да билиш керек. Эгерде биз чындап жеӊген болсок, тийиштүү добушубузду алган болсок, бирок жыйынтык бурмаланса, анда биз ар бир шайлоочубуздун добушун коргоого милдеттүүбүз.
– Кантип коргойсуздар?
– Кеттик, согуштук, мушташтык деген сөз болбойт. Биз мыйзам чегинде барышыбыз мүмкүн. Эгерде талабыбызды талашып, добушубузду сактап бергиле дегенибизди укпаган болсо, анда башка нерселерге да барышыбыз мүмкүн.
– Мисалы, эмнеге барышыӊыздар мүмкүн?
– Биз анда бүгүнкү бийликтин кетишин талап кылабыз.
– Сиздер айтсаӊыздар эле кетпейт да...
– Кетпесе... Кандай кетпейт? Биздин туура койгон талаптарыбызды укпаган болсо, анда биз деле «крайний» жолдорго барышыбыз мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп,
кыскартылып берилди.

*************************************
#377 18 September 2015 - 20:59
Бир Бол партиясына добуш берем деп турам
Бир бол партиясынын жол башчысы, Алтынбек Сулаймановдун http://www.super.kg/ article/show/33481 берген интервюсу.
#378 19 September 2015 - 19:28
Бир бол партиясынын жол башчысы, Алтынбек Сулаймановдун http://www.super.kg/
article/show/33481 берген интервюсу.
Бирбол, бут эле, эски чиновниктерди чогултуп алыптырго. Жаштарды которо албай жатса, наоборот артка тартатко бул онбогурлар. ..
#379 19 September 2015 - 20:56
Бирбол, бут эле, эски чиновниктерди чогултуп алыптырго. Жаштарды которо албай жатса, наоборот артка тартатко бул онбогурлар.
..
булар артка тартса анда ким которот экен? кайсы партия которот экен? жаштарды кайсы бир партия которбойт.. жаштар озун озу которуш керек
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#380 19 September 2015 - 21:15
1. Булар артка тартса анда ким которот экен?
2. кайсы партия которот экен?
3. жаштарды кайсы бир партия которбойт.. жаштар озун озу которуш керек
2. кайсы партия которот экен?
3. жаштарды кайсы бир партия которбойт.. жаштар озун озу которуш керек
1. Ошо эчким которбой жатпайбы, ошого ушулар улгу болсо, деген, ойду айткамда эми))...
2. Ооногулар которсо, башкаларда которот беле, деген ойда...
3. Дуйнодогу, саясий тарыхта, эч кайсы олкодо, жаштар оздоруну-оздору котормолоп бийлике келген эмес, и келеда албайт. Жаштарды ушуга окшогон, профессионалдуу чиновниктер, котормолоп, тажрыйба алмаштырып, оздору жардам бермейин, жаштар бийлике келиши, бул, акылга сыйбаган маселе...

Супер-Инфо
super.kg
видео