Суперстан: Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?

#461 Пользователь офлайн   stimyl.kg   30 Сентябрь 2015 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

СДПКнын айла кеткендеги айла амалы - административдик ресурстарды пайдалануу
Кошкон: Таалайбек Асан Тарых: Шар, 30/09/2015 - 12:20


Кечээ, 29-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Аблязов акимиаттын жыйындар залына мамлекеттик кызматта иштегендерди, врач, мугалимдерди жана "дүжүрлөрдү" жыйнап алып, районго келаткан СДПКнын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерин кантип "салтанаттуу" шайыр-шатман тосуп алуу керектигин мажбурлап үйрөткөн, репетиция өткөргөн. Аким Каныбек Аблязов өзү президиумда олтуруп, акимиаттын канцелярия башчысы Жээнбү Кебекчиева жумушун таштап репетицияга келген мамлекеттик кызматкерлерди 1-класстын окуучуларындай олтуруп-тургузуп, ураалатып кыйкыртып, СДПКны жана СДПКчы спикер Асилбек Жээнбековду колдоого мажбурлашкан. Видеотасмадан үзүндүлөрдү тыңдаңыздар:

Жээнбү Кебекчиева: - Кыйкыргыла, ...

залда кол чабуулар

Жээнбү Кебекчиева: - ыракмат, ушундай кол чаап, кыйкыргыла. ..

Жээнбү Кебекчиева: - Сөз Кыргыз Республикасынын төрагасы Асилбек Жээнбековго берилет дегенде кол чаап жибересиңер. ..

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - СДПКнын өкүлдөрү кирип келатат, анан кетип жатат дегенибизде дүркүрөтө кол чабасыңар..

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Кыргыз Республикасынын төрагасы Жээнбеков Асилбек Шарипович...

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Анан мен айтамын "Жашасын СДПК партиясы! "...

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Кайталайм, "Жашасын СДПК партиясы! " Урааа!

жыйындын катышуучулары: - Ураа! Ураа! Ураа! залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Муса Саипович, Райымбек, Болот... сиздер өзүңүздөр баш болуп кыйкырышыңар керек... Жашасын Кыргызстан!

(залда кол чабуулар, сүрөөндөр... )

Каныбек Аблязов: - Бизин ишенимдүү тирегибиз ким? СДПК!

жыйындын катышуучулары: - СДПК! СДПК! СДПК! (залда кол чабуулар, сүрөөндөр..)

Жээнбү Кебекчиева: - Биз кимди колдойбуз? СДПКны!

жыйындын катышуучулары: - СДПКны! СДПКны! СДПКны! (залда кол чабуулар, сүрөөндөр... )

Бул көрүнүш бийликте олтурган СДПК партиясы административдик ресурстарды толук пайдаланып, шайлоо боюнча мамлекеттик мыйзамдарды одоно бузуп жаткандыгын көрсөтөт. Конституцияны бузуп, мыйзамдарды сыйлабай президент Алмаз Атамбаев региондорду кыдырып СДПКга үгүттөп жүрөт. Мыйзам боюнча иштеп жаткан президент шайлоонун, партиялардын үстүндө калыс туруп бериш керек эле. Аны көрүп спикер, акимдер да мыйзам бузууга өтүштү. Жер-жерлерде СДПКны, Асилбек Жээнбековду каргап-шилеп жатышкандыктан жогоркудай жасалма колдоолорду уюштурууга аргасыз болушууда. Жолугушууларда спикерге ыңгайсыз ачуу суроолорду бергендерге ызаланган Асилбек Жээнбеков "Силер добуш бербесеңер деле өтөмүн! Анан мен депутат болгондон кийин жолугушабыз! Ошондо жолуңардын, сууңардын бүткөнүн көрөмүн!" деп шайлоочуларды кекеткенин журналист Орунбеков жазып чыкты.

https://

Булак: Кyrgyztoday.kg
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   stimyl.kg   30 Сентябрь 2015 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Тообо ушунчалык бийликтин камчысын чаап уят болуп жатышабы? Окуп алып тобо чачын тик туруп,кайра кулкун келет. Деги эле бизде мыйзам иштейби же жокпу? Шайлоо мыйзамдарын бузуп атышатго аны козомолдогон адам жок,же бийлик партиясына болбереби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   stimyl.kg   30 Сентябрь 2015 - 16:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Эл ишенимине бираз болсо да татыган адамдарды аркандай ыкма менен буттан чалып шайлоого жакындатпай четтетип акырында бийлик тандаган бийликтин батасын алган партиялар калат окшойт. Алдын ала шайлоо программасы тузуп ким отот ким отпойт деп чечип койушкан десе ишенбедим эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   edu.kg.   30 Сентябрь 2015 - 17:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения Aziyat_01 (29 Сентябрь 2015 - 23:38) жазган:

Үчөөнөн деген сөзда... Кичине ой жүгүртсөңөр

Учоонон дегенди учоонон деп эле айтылып жазылатго? Ойжугурткондо эмне,болгону кыргызча айтылган создукторубузду бурмалабайлы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   Oceana   30 Сентябрь 2015 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Бугун биздин декан кирди.
Саламатсыңарбы?
-Саламатчылык!
4- октябрь эмне болот?
-ШАЙЛОО.
Мен кими шайлайм?
-СДПКаны
И,силерда ошону шайлашыңар керек. Уктуңарбы?
-Уктук!
Оо,көчөдөгү жазууларга ишенбегиле, алар жалган.
Силерге ишенсем болобу?
-Ооба!
Паспорттун копияларын баарынар бердиңерби?
-Бердик.
Откон жумада айылга барып келдиңерби?
-барып келдик.
Үйдөгүлөр жакшы бекен?
-ооба!
Эми бул апта айылга барбай,шайлоого барасыңар.
- :)


Эртеден кийин дагы келет,ушул суроолорун которуп))


Анан,филасофия сабагы башталды. Ал агайда кирип эле биз СДПКаны шайлашыбыз керек,ал коптогоон иштерди кылып жатат. Жакшы иштейт ата,пата деп мактап кетти,сарттын баласындай болуп. :макоо: .унчукпаай угуп кое бердик анан. ) Сабак өтпөй эле,кечке саясатты суйлөмөй болдук. СДПКаны мактап.)
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   Xanif   30 Сентябрь 2015 - 21:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Шайлоодунда кашасы чыга баштаптырго, БШК соттон отуп, Сот БШК дан отуп чечим чыгарып...

Эскертуусуз, же иштин жыйынтыгысыз эле четтетип дегендей...

Шайлоодон кийин отпой калган партияларда, жон жатпаганын, эми эле билдире баштаптыр, "Биз отпосок, тошно бийликтин мафиясы болгон болот", деп...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 30 Сентябрь 2015 - 21:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   Somalimogadishu   30 Сентябрь 2015 - 21:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 319
  • Катталган: 26 Январь 14
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2017 13:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:"Город грехов"

Онугууу-Прогресс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   Somalimogadishu   30 Сентябрь 2015 - 21:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 319
  • Катталган: 26 Январь 14
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2017 13:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:"Город грехов"

Ташиевти алып салганы жакшы болуптур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   realmadrid.   30 Сентябрь 2015 - 21:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 409
  • Катталган: 11 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мекенчил отуп кетсе экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   aibi8984   30 Сентябрь 2015 - 22:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 03 Июнь 13
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2019 19:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ата Мекенди шайлайм кудай буйруса! Себеби:тагам менен окул атам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   edu.kg.   30 Сентябрь 2015 - 22:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Садыр Жапаров, экс-депутат:
“Текебаев менен Мадумаров анчалык деңгээлге түшпөй эле коюшса болмок”
Экс-депутат Садыр Жапаров менен баарлашып, түз эфирде орун алган дебаттар, шайлоо, жана башка маселелр тууралуу ой бөлүштүк.

Садыр мырза, шайлоо алдындагы түз эфирдеги дебаттар партиялардын көп добуш алышына же тескерисинче лидерлердин жүзүн ачып элди иренжитүүгө салым кошобу?

Албетте, салым кошот. Ал тургай баарынын тагдырын теле дебат чечип коет. Анткени, шайлоо алдында элдин баары теледебатты кутот. Ким эмне деп айтат. Кимдин кандай программасы бар, кимиси эмнеси менен айырмаланат? Ким эмне иш аткарды. Кимдин сөзү салмактуу. Кимди ээрчисек болот деген суроолорго жооп алгылары келет. Теле дебаттан Чыныбайга окшоп тантыгандарды көргөндө эле элдин кускусу келип шайлабай коёт. Эгер Чыныбайдын партиясы бийликтин партиясы болбой жөнөкөй партиялардын катарында болгондо парламенттин эшигин аттамак тургай караандабай калмак. Ал эми өзүнүн ишин, программасын, келечектеги багытын элге түшүндүрө жеткире алган партия лидерин көрүп, эл да ошол партияны ээрчип кетет. Теле дебаттын күчү ушунда.

Текебаев, Мадумаров, Төрөбаев катышкан теле дебатын көрүп кимисине ынандыныз?

Экөө бири-биринин абийирлерин ачышты. Анчалык деңгээлге түшпөй эле коюшса болмок. Экөө тең саясатта жыйырма жылдан бери чогуу жүрүшөт. Саясаттын ачуу таттуусун бирге татышты. Эл кимдин ким экенин экөө бири бирине акаарат айтпаса деле талдап алмак. Башка дебаттарга караганда күчтүү болду дегенибиз менен олдоксон кептер орун алып кеткени орунсуз болуп калды.

Ошол дебатта Текебаев “Атамбаев бийликтен кетсе, Рысалиевге кылмыш иши козголот” деди го? Ишенсек болобу?

Негизи бизде мыйзам иштебейт. Ким бийликте олтурса, ким күчтүү болсо ошонун заманы болуп жаткан учурда жашап жатабыз. Эгер Текебаев бийликке келип калса, чынында эле Зарылбек Рысалиевди камайт. Бул турган иш. А эгер Зарылбек Рысалиев бийликке келип калса анда, ал Текебаевди камайт. Анткени, экөөнүн тең бири-бирине болгон компр материалдары жетиштүү. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын күтө туралы.

Бакыт Төрөбаев неге “мен”, “өзүм” дегенден өйдө боло алган жок?

Ар ким өзүнүн жасаган ишин мен жасадым дейт да. Ошон үчүн Бакыт Төрөбаев мен жасадым, мен өзүм каржылап атам деген сөздөрүн көп айтты. КСДПнын жыйырма жылдан бери жасалып келе жаткан жакшы иштерди өздөрүнө ыйгарып алып мактангандарына караганда Бакыт Төрөбаевдин жасаган ишин айтып, мен, өзүм дегенин туура эле кабыл алдым. Эки жылдан бери МТС сервистерди уюштуруп болсо да, элге жардам берип келе жатканын көрүп жүрөбүз. Эч нерсе эмес. кагылып, согулуп, ушинтип сүйлөп анан такшалат саясатта. Кийинки беш жылдыкта сөздөн да, иштен да алдына саясатчы чыгарбаган Төрөбаевди көрүшүбүз мүмкүн.

Шайлоого саналуу эле күндөр калды. Бул шайлоо Сарпашев айткандай таза өтөбү же адаттагыдай эле бурмалоо орун алып, мурдагылар шайланып келип калышабы?

Кыргызстандын тарыхында 2010- жылдагы парламенттик шайлоо таза болгон. Ал жылы апрель окуясы болуп, аны жасагандар эйфорияга батып, таза шайлоо өткөрөбүз, биз гана өтөбүз, эл бизди гана шайлайт деп ишенип олтуруп уттуруп жиберишкен. Жыйынтыгында, таза шайлоо өтүп, “Ата-Журт” партиясы биринчи орунду ээлеген. Ошондон кийин катуу сабак алышып, "оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп, 2011-жылкы президенттик шайлоодо компьютер аркылуу шайлоо өткөрүшкөн. Ошол шайлоого катышкан кандидаттардын ар биринде фактылары бар. Кыйкырып эч нерсе кыла алышпай кала беришкен. Эл да митинг, пикеттерден тажаган мезгил болгон үчүн көңүл бурган эмес. Эми бул шайлоону дагы көнгөн адаттарынча компьютер аркылуу жасап коюшат. Биометрика аркылуу таза шайлоо өткөрөбүз дегендери бул жомок. Накта жасалма шайлоо өткөрүп алыш үчүн биометриканы ойлонуп чыгышкан. Эгер бийлик башында турган адам чындап таза шайлоо өткөргүсү келсе беш секундда таза шайлоо өткөрө алат. Албетте, ал адам таза шайлоо өтүшүн каалабайт. Себеби, таза шайлоо өткөрөм десе өзүнүн партиясы өтпөй калат. Ошол себептен бул шайлоо эч качан таза өтпөйт. Президент кайсы партияларга бата берген болсо, ошол партиялар өтүп келишет. Чындап эл шайлаган партия же эл шайлаган талапкер эч качан парламентке келе албайт.

Чыныгы эл шайлаган партия келе албаса, алар ушунча чыгым коротуп коюшуп тынч эле олтуруп калышабы? Эл которулуп кетпейби?

Азыр эл митинг, пикеттерден тажап калган. Шал болсо да ушул бийлик олтура берсинчи дегендер басымдуулук кылат. Анткени, эки революция болду. Эч өзгөрүү жок. Ал эми элдин добуштарын сатып алып жаткан партиялар элди көтөрүп чыгабыз дешсе, КТР аркылуу беш эле мүнөттө мокочо кылып көрсөтүп коет. Бакиевдер каржылап атат деп бир эки дежур чалды сүйлөтүп койсо эле болду. Элдер чын экен деп олтуруп калышат. Калп экени элге толук жеткиче бир эки жыл убакыт өтүп кетет. Ал убакта кеч болуп калат. Муну беш жылдан бери көрүп келе жатабыз.

Буга чейин "жасалма парламент келсе кнопка сатышат" деген мегиңиз чыкты эле. Кантип кнопка сатса болот? Кнопка кандай бааланат? Аны кимдер сатып алат?

Кнопка кандай сатылат, кандай бааланат, кимдер сатып алат муну 20 жылдан бери депутат болуп келе жаткандар беш колундай билишет. Бирок, ачыка чыгаргандан коркушат. Баарын айтып олтурсам өзүнчө эле тарых болот. Бир аз мисалдарга токтолоюн. Мисалы: мамлекеттик чоң, чоң кирешелуүү ишканаларды сатууда каршы чыккан депутаттар болот. Азыр да андай кирешелүү чоң ишканалар сатылуу алдында турат. Каршы чыккан депутаттарды бийлик же мекемени сатып алып жаткан тарап дароо колго алышат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп миллиондорду берип же туугандарына кресло берип сатып алганга отушот. Бийликке караштуу депутаттардын добушун жөн эле алып коюшат. Лидер фракциянын "шеф суранып атат" деген бир эле сөзү жетиштүү болот. Ошентип жетиштүү добуш болуп калгандан кийин добушка коюп сатып жиберишет. Ал эми таптакыр сүйлөшүүгө барбаган, сатылбаган депутаттар менен сүйлөшүп дагы убара болушпайт. Алар кыйкырып, кыйкырып кала беришет. Алардын каршы берген добушу эч нерсе чечпей калат. Бийлик менен бийликке ыктаган көпчүлүк депутаттар мыйыгынан күлүп, аларды шылдындап журо беришет. Мына ушундай жолдор менен кнопкалар сатылат. Буга чейин жалпы эл күбө болуп келген бир топ эле окуялар болду. Анын баарын санап олтурсак санак жетпейт. Бүгүн деле уланып атат. Мыйзамда болсо депутат сүйлөгөн сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт деп жазып коюшкан. Ошол үчүн мен депутаттардын ар бир берген добушу эгер мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган болсо, жоопко тартылышы керек деген сунуш берип келе жатам. Тилекке каршы, бул маселенин өтүшү кыйын. Эгер өтүп кетсе анда накта мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон депутаттар пайда болмок. Добуш берээрде биринчи кезекте президенттин өтүнүчүн эмес, өзүнүн кийинки күнүн ойломок. Же болбосо партиялык тизмени жоюп, бир мандаттуу округ аркылуу шайлоо кылышыбыз керек. Ошондо гана парламентке 90 пайызы татыктуу, таза депутаттар келмек. Себеби, ар бир район өзүнүн чыгаан, татыктуу талапкерин шайлап жиберишмек. Антпесек бүгүн партиянын артына жашынып алышып, парламентке кимдер гана келбеди.

Ушундай терс көрүнүштөрдүн баарын жоюп, таза башкаруу системасына өтүүнүн кандай жолдору бар? Сунушунуз?

Биринчи, өкмөттү президент өзү башкарыш керек. Бүгүнкү күндө экөө бирин-бири кайталоо болуп, эффективдүү эмес, ашыкча бюджеттик чыгым кылган башкаруу болуп жатат. Рыноктук экономикада мындай башкаруу банкротко алып келет. Тагыраагы алып келди.
Экинчи, парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Ошондо гана ар бир депутат эч бир бийликке көз каранды болбостон өзүнүн гана элине көз каранды болот. Эл үчүн иштейт. Элине отчёт берет.
Үчүнчү, жылда бир жолу жалпы элдик Курултай болуп, президенттен, парламенттен, башпрокурордон, жогорку соттон отчёт алып туруш керек. Мына ушундай болгондо гана эффективдүү, адилеттүү, иштерман, ар бир кылган иши үчүн жооптуу система түзүлгөн болот. Бул боюнча эки жыл мурда ММКлар аркылуу элге кайрылуу жасагам. Ошол жерде майда -чүйдөсүнө чейин жазылган. Бирок бул сунушумду бийлик ишке ашырбайт. Анткени, жыл сайын эмес, беш жылда бир дагы жолу элге отчёт бербеген бийлик жыл сайын эл алдына чыгып отчёт бериштен коркот.

Асылкан кызы Перизат

7
113•Класс!
Поделиться

Комментарии
10:55
Миргуль Турдуевна
С. Жапаров эн туура жооп берген. Теле дебатта биринин артын бири чукумай. Эл башкарат деген адамдар ошончолук томон денгээлде болуп жатышса булардан кандай жыйынтык кутсо болот. Бизде акылмандардын созу бар адамды кийимине карап тосуп ал да акылына карап узат деген...
Бул шайлоонун таза отушуно эч ким ишенбейт.
Биздин олкодо кылган ишине эч ким жооп бербейт ошондуктан башаламан баардыгы. Качан гана ар бир бийликчил адам кылган ишине жоопкерчиликтуу болгондо гана олкодо онугуу жана туруктуулук болот деп ойлойм.
С. Жапаров сиздин сунуштаган системаныз эн туура деп эсептейм.
Аллахым буюруп, элибиз колдоп президенттике барып калсаныз олкодо туруктуулук жана онугуу болот деген ишеничтемин. ..

4•Класс!
Ответить

10:58
НАЗИРБЕК AКМАТОВ


1•Класс!
Ответить

13:29
NAZGUL KEMELOVA
Тупа туура айтасыз

1•Класс!
Ответить

14:29
Дильшодбек Аллаев
Ен туура соз айтыныз

1•Класс!
Ответить

17:01
Касиет Ураимова
Садыр мырза сиз партиядан чыгып кеттинизби, кыргызга ушу тапта сизге окшогон лидер керек болуп турбайбы.

Класс!
Ответить

19:11
Назгул Эшеналиева ответила Касиет Ураимовой
Садыр мырза учурда "Мекенчилдер" партиясынын тен торогасы,туура айттыныз,азыр кыргызга Жапаровдой мекенчил,таза

Класс!
Ответить

19:11
Назгул Эшеналиева
лидер керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   edu.kg.   30 Сентябрь 2015 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Садыр Жапаров на Facebook. Для того, чтобы связаться с Садыром, зарегистрируйтесь на Facebook сегодня.
Регистрация
Вход
Садыр Жапаров

"Чык татырбас Чыныбайдын калптары" .
Чыныбай Турсунбеков
Токтогулдагы сууну Артыкбаев толтуруп кетсе, Шадиев министр болуп барып сатып жиберди дейт.
Мыктыбек Абдылдаев Артыкбаев Шадиевден кийин министр болуп барган, ошол кезде суу сатылып кетти деп бетине коюп берип жатса дагы мойнуна албады. Бет жоктуктун дагы чеги болуш керек го дейм?
Шадиев 2011 жылы министр болгон. Артыкбаев андан кийин барып, кечээ жакында эле суу тугонгондон кийин оз каалоосу менен отставкага кеткенин кантип жашырат? Же элди дулой, сокур деп ойлойбу?
Ушундай аферист, калпычы, коз боегуч саясатчыларды кайра кайра шайлап олтура берсе, анда Кыргыз элинин келечеги будомук экен.
Жыйырма жылдан бери жасалып келе жаткан жакшы иштердин баары СДПК ныкы экен дагы, жаман иштердин баары башкалардыкы экен.
Акаевдин убагынан бери салынып келе жаткан "Датка-Кемин" долбоору дагы Чыныбайдыкы экен.
Баракелде! LIVE: КСДП, "Бир Бол" и "Мекен Ынтымагы" партиялардын теледебаттары
sputnik.kg

27 сентября в 3:23 · отредактировано · Доступно всем

Это понравилось Марсу Кыдыкбаеву и еще 166 пользователям.
Просмотр предыдущих комментариев…
Замирбек Атабаласы
Ушуларды коруп нерфинерди кетирбейле койгулачы )
4 · воскресенье в 14:11
Шайдилла Шакиев
СДПК МУМКУН ЧЫНЫБАЙДЫ КЕТИРСЕ ОНОЛОТ, УШУНЧАЛЫК ТYРY ДА ТYСY ДА СУУК НЕМЕ ЭКЕН.
7 · воскресенье в 18:29
Мирсеит Тойчуев
"ЧЫНЫБАЙДЫН ЧЫРКЫРАГАН КАЛПТАРЫ" деген китеп жазса болгудай)))
7 · воскресенье в 18:57
Илияз Апызов
Бети жок екен, Генерал чындыкты айтып жатса мойнуна албай жажылдап атты, мындай жалганчылардан жараткан озу сактасын

4 · воскресенье в 20:29
Бактыбек Рахматов
Сдпк озунун жузун Чыныбай Турсунбеков аркылуу корсотту мындай партиянын бийликке парламентке келишине акысы жок
8 · воскресенье в 22:43
Нарзулла Мурзаев
Демек Кыргыз Республикасы бул КСДПка экенда (((
1 · понедельник в 4:43
Мирбек Садыков
Булардын колунан эч нерсе келбейт, болгону булар колонизатор путиндин жаны малайы болууга жулунуп жатышат. Оздору жалган берип жаткан убадаларына оздору ушунчалык катуу ишенишип кыргызстанды гулстан кылып жатышат а чынында кыргызстандын аба ырайын Путин белгилейт. Жеке Чыныбай эмес баары калпычы олкону болушунча талап тоношуп сууну сатып анын устуно электр энергиясын сатышып, батухаевди бошотушуп, Кумтордогу катастрофаны коздоруно илишпей канаданын кызыкчылыгына чечишип олкону болушунча ойрон кылган мурунку парламенттин улкондору кайрадан парламентке жулунуп жатышат. Айтпаса адамдын жанын кашайткан акмактар.
3 · понедельник в 18:16
Tursunali Egemberdiev
Садыр Жапаровдун президент болуусун кутобуз!
3 · понедельник в 22:35
Н. Женишбековна

1 · понедельник в 23:16
Beka Sultan
Elibiz birlikte Sadir uulun koldop berse bergen ishenimi jerde kalbayt!-dep ishenem! Sebebi sözü menen ishi aykaliship kelgen chinigi patriyot! Chindap "KİRGİZİM! "- dep sokkon jurogu bar kirgiz uulu!
1 · Вчера в 0:31
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   stimyl.kg   30 Сентябрь 2015 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения stimyl.kg (30 Сентябрь 2015 - 16:48) жазган:

СДПКнын айла кеткендеги айла амалы - административдик ресурстарды пайдалануу
Кошкон: Таалайбек Асан Тарых: Шар, 30/09/2015 - 12:20


Кечээ, 29-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Аблязов акимиаттын жыйындар залына мамлекеттик кызматта иштегендерди, врач, мугалимдерди жана "дүжүрлөрдү" жыйнап алып, районго келаткан СДПКнын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерин кантип "салтанаттуу" шайыр-шатман тосуп алуу керектигин мажбурлап үйрөткөн, репетиция өткөргөн. Аким Каныбек Аблязов өзү президиумда олтуруп, акимиаттын канцелярия башчысы Жээнбү Кебекчиева жумушун таштап репетицияга келген мамлекеттик кызматкерлерди 1-класстын окуучуларындай олтуруп-тургузуп, ураалатып кыйкыртып, СДПКны жана СДПКчы спикер Асилбек Жээнбековду колдоого мажбурлашкан. Видеотасмадан үзүндүлөрдү тыңдаңыздар:

Жээнбү Кебекчиева: - Кыйкыргыла, ...

залда кол чабуулар

Жээнбү Кебекчиева: - ыракмат, ушундай кол чаап, кыйкыргыла. ..

Жээнбү Кебекчиева: - Сөз Кыргыз Республикасынын төрагасы Асилбек Жээнбековго берилет дегенде кол чаап жибересиңер. ..

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - СДПКнын өкүлдөрү кирип келатат, анан кетип жатат дегенибизде дүркүрөтө кол чабасыңар..

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Кыргыз Республикасынын төрагасы Жээнбеков Асилбек Шарипович...

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Анан мен айтамын "Жашасын СДПК партиясы! "...

залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Кайталайм, "Жашасын СДПК партиясы! " Урааа!

жыйындын катышуучулары: - Ураа! Ураа! Ураа! залда кол чабуулар, сүрөөндөр..

Жээнбү Кебекчиева: - Муса Саипович, Райымбек, Болот... сиздер өзүңүздөр баш болуп кыйкырышыңар керек... Жашасын Кыргызстан!

(залда кол чабуулар, сүрөөндөр... )

Каныбек Аблязов: - Бизин ишенимдүү тирегибиз ким? СДПК!

жыйындын катышуучулары: - СДПК! СДПК! СДПК! (залда кол чабуулар, сүрөөндөр..)

Жээнбү Кебекчиева: - Биз кимди колдойбуз? СДПКны!

жыйындын катышуучулары: - СДПКны! СДПКны! СДПКны! (залда кол чабуулар, сүрөөндөр... )

Бул көрүнүш бийликте олтурган СДПК партиясы административдик ресурстарды толук пайдаланып, шайлоо боюнча мамлекеттик мыйзамдарды одоно бузуп жаткандыгын көрсөтөт. Конституцияны бузуп, мыйзамдарды сыйлабай президент Алмаз Атамбаев региондорду кыдырып СДПКга үгүттөп жүрөт. Мыйзам боюнча иштеп жаткан президент шайлоонун, партиялардын үстүндө калыс туруп бериш керек эле. Аны көрүп спикер, акимдер да мыйзам бузууга өтүштү. Жер-жерлерде СДПКны, Асилбек Жээнбековду каргап-шилеп жатышкандыктан жогоркудай жасалма колдоолорду уюштурууга аргасыз болушууда. Жолугушууларда спикерге ыңгайсыз ачуу суроолорду бергендерге ызаланган Асилбек Жээнбеков "Силер добуш бербесеңер деле өтөмүн! Анан мен депутат болгондон кийин жолугушабыз! Ошондо жолуңардын, сууңардын бүткөнүн көрөмүн!" деп шайлоочуларды кекеткенин журналист Орунбеков жазып чыкты.

https://

Булак: Кyrgyztoday.kg

Кааласаныздар видеосун да жуктоп койоюн,эгер админдер урушпаса. Видеону коруп алып бийликтин дужур кошоматчыларына, ушунчалык адамдык абиирден ар намыстан аттап кетишкенине тишинди тиштенгенден башка эчнерсе кыла албайт экенсин. СДПК ны жамандап каралап эмес,болгону элдин алдында кадыр баркы начар экенин гана тушунууго болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   stimyl.kg   30 Сентябрь 2015 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Мен шайлоодон таза отушунон бугун такыр умутумду уздум. Баягыдан бери чала була угуп келе жаткан ушактар чындыгына айлана баштады„бийлик шайлоодо озуно караштуу партияларды отушуно качан эле пландап жол жобосун тузуп койгон„ деген создорго ишенбедим эле. Мына бийликтин анык жузу Ташиев Мырзакматов сыяктуу элибиз кобуроок ишенимин арткан адамдарды ,буттан чалып шайлоого катышпоо амалдарын коруп тез арада чечмин чыгарасалып ,озунун айтканынан чыкпаган адамдарына жол ачып жатканы далил эмес эмине? Коомдук активистер которуп чыккан депутаттык колтийбестик артыкчылыктарды алып салуу бойунча мемарандумуна кол койууга келбей баш тартып жаткан да бийлик кошоматчылары, же байлык мансап дегенде бетинен кеткен,угутоо иштерине эл менен жолугууга эптеп катышып,эл алдына куру убадаларды берип клоун боло салып кандай амал болсо да аткарып парламенткке келсем болду дегендер, элдин мамлекеттин кызыкчылыгын эмес озунун жеке кызыкчылыгын ойлогондор болушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   Grand   01 Октябрь 2015 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 374
  • Катталган: 10 Апрель 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ошон учун достор, баарына каршымынды шайлагыла.
СДПК отуп кетсе 2016 жылы конституцияны озгортуп, Атамбаевди дагы президенттике коюшат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   Mamadiyar   01 Октябрь 2015 - 00:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 418
  • Катталган: 21 Июнь 15
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 10:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мен шайлоого катышпайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   Xanif   01 Октябрь 2015 - 00:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Жапаров, Ташиев, и Мырзакматов, ушул учоо тузугураактайго дейм...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 01 Октябрь 2015 - 00:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   munarbek15   01 Октябрь 2015 - 02:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 06 Янв 2016 00:07

Biz silerge talbyz terekpiz biz silerge shailodo gana kerekpiz da
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   munarbek15   01 Октябрь 2015 - 02:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 06 Янв 2016 00:07

1 orunda sdpk ototta sebebi al biilik bolup jatpaiby Bir bol siler sozuz otuwunor kerek kudaiym koldosun silerdi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   magic1721   01 Октябрь 2015 - 12:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 25 Сен 2018 17:22
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:КG

КСДП отот буюрса!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 41 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 41, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 19:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: