шайлоого барбайм! окунучтуу!
анткени алыс жактамын!
Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?
#483 01 Октябрь 2015 - 12:56
#484 01 Октябрь 2015 - 23:31
СДПКга беребиз
себеби О.Артыкбаев айылыбыздын жолун, мектептин плошадьын оңдотуп берди.

Роналду - бул кайталангыс талант
#486 01 Октябрь 2015 - 23:34
1.СДПК
2.Р-АТАЖУРТ
3.АТАМЕКЕН
4.ӨНҮГҮҮ
өтөт ко дейм
2.Р-АТАЖУРТ
3.АТАМЕКЕН
4.ӨНҮГҮҮ
өтөт ко дейм
Роналду - бул кайталангыс талант
#487 01 Октябрь 2015 - 23:41
Атайын иликтөө
Шайлоо: көмүскө каржылоонун "көрүнбөс кожоюндары"
22 мүнөт мурун
Кубанычбек Жолдошев
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын шайлоо фондундагы каржы агымынын кыймылы боюнча соңку отчетун жарыялады.
Анда шайлоо фондуна жүз миллион сомдон ашуун акча чогулткан жана чыгымдаган “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика Ата-Журт”, КСДП” партиялары алдыга чыкты.
Бирок шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзгөн эксперттер шайлоого жумшалып жаткан көмүскө каражаттын өлчөмү расмий жарыяланган суммадан алда канча көп экенин белгилешүүдө.
Талдоочулар мындай ири чыгымды ичине камтыган шайлоо өнөктүгүн өлкөдөгү көмүскө экономиканын ички оюнчулары, маңзат мафиясы жана чет элдик олигархтар каржылашы мүмкүн экенин болжолдошууда.
Расмий сандар “сайраганда”
Борбордук шайлоо комиссиясы 2015-жылдын 28-сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фондундагы акчанын агымы боюнча каржылык отчетту жарыялады. Анда түшкөн каражаттын өлчөмү боюнча биринчи орунга “Өнүгүү-Прогресс” партиясы чыкты. Анын шайлоо фондундагы эсебине 112 миллион сомдон ашуун акча чогулуп, партия 108 миллиондон ашуунун чыгымдаган.
Экинчи саптагы “Республика Ата-Журт” партиясынын эсебине 105 миллион сомдон ашуун акча түшүп, чыгымдалгандан калганы 201 миң 605 сомду түзгөн.
КСДПнын эсебине 103 миллион сомдон ашуун каражат түшүп, анын 81 миллион сомдон ашууну чыгымдалган. Шайлоого катышып жаткан калган он бир партиянын эсебине түшкөн каражаттын өлчөмү 7 миллион сомдон 74 миллион сомго чейинки сумманы түзгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев партиялардын каржылык дарамети ар кандай деңгээлде экенин белгиледи:
- Айрым бир партиялар шайлоо фондуна 100 миллион сомдон ашуун топтосо, кээ бирлери 10 миллион сомдун айланасында акча чогултушту. Бул жерде эми маселе топтолгон акчанын көлөмүндө эмес, ошол партиянын аброюнда да. Партиялардын көпчүлүк чыгымдары үгүт иштерине, көрнөк-жарнактарга жана үгүтчүлөр менен атайын өкүлдөргө маяна төлөөгө жумшалганын байкоого болот. Ошол чыгымдардагы мыйзамга каршы келген жагдайлардын бардыгын карап турабыз.
Көмүскө экономиканын “көрүнүктүү” колдоосу
Ошол эле кезде шайлоо өнөктүгүнө сереп салып турган байкоочулар саясий партиялардын үгүт өнөктүгүнө жумшаган каражатынын өлчөмү шайлоо фондунун эсебиндеги расмий жарыяланган акчадан бир канча эсе көп экенин белгилешүүдө. Анткени бир катар талдоочулар бир топ саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүндөгү иш-чаралары көмүскө каржы булактарынан каржыланып жатканын мисал келтиришти.
“Болуш” коомдук уюмунун өкүлү Сапар Аргынбаев шайлоо өнөктүгү коррупциялык байланыштар аркылуу каржыланып жатканына токтолду:
Сапар Аргынбаев
- Мында негизинен коррупцияга малынган мурдагы же кийинки аткаминерлер шайлоо өнөктүгүнүн негизги демөөрчүсү болуп жатканына күбө болуудабыз. Ошолордун каржылык мүмкүнчүлүгү жана коррупциялык байланыштары менен бир катар партиялар электоратты өзүнө тартууга жандалбастап жатышат. Партиялардын жолугушууларына 10 миңден ашуун адамды чогултуу үчүн транспорт жалданып, элди чогултуп бере ала турган адамдарга ири өлчөмдөгү акча төлөнүп турганын байкадык. Анан административдик ресурс аркылуу дагы жергиликтүү аткаминерлерге жана ишкерлерге салык салынып, белгилүү бир санда добуш алуу жагы милдеттендирилгени көрүнүп калды.
Мында партиялар саясий технологдордун реалдуу акысын, ырчы-чоорчулардын гонорарын жана үгүтчүлөрдүн чыныгы маянасын жашырып жатканы айтылууда. Партиянын үгүт кербенин бир ай бою коштоп жүрчү бир ырчынын гонорары эле 10 миңден 30 миң долларга барабар экени буга чейин эле жарыяланган.
Ал эми байкоочулар азыр айрым бир саясий партиялардын үгүт кербенин жыйырмага чукул эстрада жылдызы коштоп жүргөнүнө күбө болушкан. Байкоочу Гүлжигит Исаков буларга токтолду:
- Көрүнүктүү эле депутаттыкка талапкерлерибиз шайлоочулардын алдына барып “жол салып берем, көпүрө салып берем, мектептин имаратын тургузам” деп өзүнүн милдетине кирбеген чоң убадаларды берип жатат. Бирок кайсы каражаттын эсебинен экенин айтышпайт. Алардын салык декларациясын карасаң жеке наамына эч нерсе жазылган эмес. Анан кайсы акчага ошондой убада берип жатканына түшүнбөйсүң. Булардын бардыгы көмүскө экономиканын оюнчулары же тагыраагы уурулар. Ошол эле бажы, алкоголь, ун, энергетика тармагын май-талканга айландырган эргулдар мамлекеттен жашырган акчасын шайлоо өнөктүгүн каржылоого жумшай баштады. Ал акчанын каяктан табылганын айтып бере алышпайт. Анткени ал акча уурулук жол менен ошол эле элдин эсебинен жең ичинен чогултулган.
Калың капчыкка марыган “саясий технологдор”
Коомдук Биринчи каналдын теледебатында алып баруучу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевден ири өлчөмдөгү каражаттын каяктан экенин сураган. Буга Бакыт Төрөбаев башкалардан айырмаланып, партия эсепке түшкөн акчаны ачык көргөзүп жатканын айткан болчу.
Буга чейин айрым саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн уюштуруу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн саясий технологдорду жалдап келишкени тууралуу маалымат тараган. Партиянын пиар стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке ашыруучу саясий технологдор адатта ири өлчөмдөгү акча каражатына жалданат. Анткени чет элден чакыртылган бир саясий технологдун акысы 50 миң доллардан жогору экени көрсөтүлгөн.
Коомдук Биринчи каналдын теледебат өткөргөн студиясы
Жакында “Өнүгүү-Прогресс” партиясына кеңеш берген казакстандык саясий технологдор тобу Бишкектеги сауналардын биринде кармалганы тартылган видео тасма тараган. Алардын биринин жанынан он беш миң доллар табылган.
Теледебатта алып баруучу саясий технологдордун эмгек акысын сураган. Бирок Бакыт Төрөбаев аларга төлөнгөн гонорардын өлчөмүн так айтуудан жалтайлады.
Алып баруучу: Казакстандык саясий технологдордун видео тасмасында алардын жанынан 15 миң АКШ доллары чыкты. Бакыт Төрөбаев, чет өлкөдөн канча адам жалдап келип, алардын ар бирине канчадан акча төлөп жатат деген маселеге кызыгуу бар. Сиз өзүңүз жарык өлкөнү куруу идеясы менен саясатка бара жаткан лидер катары ушул маселени ачыктап бере аласызбы?
Төрөбаев: Мага Казакстан менен Орусиядан көптөгөн саясий технологдор келет. Келип таанышып кетишет. Ал Нурлан деген жигит Казакстанда журналист. Биз аны менен таанышып, кыргыз товарларын Казакстанда кантип жайылтуу боюнча сүйлөшкөнбүз. Биздин ал өнөктөштөр ошол боюнча гана иштеп жатышкан. Бул жерде биздин милиция аябай “жакшы” иштеп жатыптыр. Ага биз кол чаап жатабыз. Анан биздин кыздар дагы аябай “жакшы” иштеп жатышыптыр. Аларга дагы кол чаап жатабыз. Эми бул ошо түшүп калыптыр. Биз эми эмне кылмак элек? Аны Казакстанда көрсөтөбүз да. Бул боюнча бизде маселе бүттү.
Салык алуунун кыйынчылыгы
Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жасап, үгүт өнөктүгүнө жумшалган чыгымдарга байланыштуу салык төлөөнү унутпоого чакырган. Бирок салык кызматы саясий партиялар шайлоо фондунан каржылаган расмий чыгымдардан гана салык ала алат.
Салык кызматынын маалыматы боюнча, ири гонорарга жалданып келген саясий технологдордун эмгек акысынын эсебинен салык алуу практикасы бул шайлоо өнөктүгүнүн учурунда каттала элек. Анткени салык чогултуу органы партиялардын көмүскө каржылоо булактарын аныктап, ошол эле кезде көмүскө чыгымдарды эсептөөгө дарамети жетпейт.
Бул жагдай туурасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов мындай дейт:
Замирбек Осмонов
- Салык мыйзамы боюнча сентябрь айы үчүн отчет тапшыруу мөөнөтү октябрда болот. Эми келген отчетторду карап, мыйзам бузуу фактылары барбы же жокпу талдап көрөбүз. Канча үгүтчүгө айлык төлөндү, штабдарга канчадан ижара төлөндү, кайсы жерлерге көрнөк-жарнактар илинди - ошонун бардыгы текшерилет. Анан гезит-журнал, телеканалдарга берилген үгүт материалдары өзүнчө каралат. Анан эми саясий партиялар үгүтчүлөргө кандай шартта айлык төлөгөнү боюнча өздөрү жооп беришет. Көмүскө маяна берилген болсо аны далилдөө чынында кыйын. Анткени эки тарап келишип алып туруп, жең ичинен эмгек акысы төлөнсө аны биз кантип таап чыгабыз. Мамлекетти оңдойм, мамлекетке кызмат кылам, бюджетти көбөйтөм деген партиялар өздөрү көмүскөдөн чыгып салыгын төлөш керек.
Сырткы күчтөрдүн каржылоосу
Айрым талдоочулардын баамында, шайлоо өнөктүгүндөгү олчойгон ири чыгымдарды көтөрүүгө Кыргызстандын ичиндеги ири капиталга ээ болгон көрүнүктүү байлардын дагы мүмкүнчүлүгү жетмек эмес. Мына ошондуктан айрым бир саясий партияларды Кыргызстанда экономикалык жана саясий кызыкчылыгы бар эл аралык синдикаттар - маңзат мафиясы жана трансулуттук корпорацияларга ээлик кылган эл аралык финансы топтору каржылашы мүмкүн экени болжолдонууда.
Талдоочулар Кыргызстанда кызыкчылыгы бар үч негизги “борборду” аташууда. Бул Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов ("Граф" ) жана Патох Шодиев баштаган олигархтар тобу. Ошондой эле мультимиллионер Алишер Усманов менен космонавт Салижан Шарипов баштаган топ жана Ташкендеги “Салим байбача” деген ат менен белгилүү өзбекстандык таасирдүү ишкер Салимбай Абдувалиев. Бирок булардын кимиси Кыргызстандагы кайсы саясий партияны каржылап жатканы боюнча далилдер жетишсиз.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов бул жагдайды төмөндөгүчө мүнөздөдү:
Марат Иманкулов
- Азыр үгүт иштеринде партиялардын миллиондогон чыгымдарын көрүп туруп мына ошондой тыянак чыгарууга болот. Бул каяктагы акча? Мурдатан эле Кыргызстанда ачык же көмүскө болобу ири ишкердик менен алектенген эл аралык деңгээлдеги олигархтардын бул жакта кызыкчылыгы бар экени белгилүү. Мына ошол каржы топторунун кайсы бир партияларды каржылык колдоосу толук мүмкүн. Ошондой эле криминалдык уюшма топтордун, маңзат мафиясынын жана керек болсо экстремисттик уюмдардын дагы кызыкчылыгы бар. Алар колдогон партия праламентке келип, өкмөттү түзсө алардын жолу ачылат. Алар мына ушундай жол менен өздөрүнө жол ачууга аракет жасашат.
2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Москвадагы “Независимая газета” басылмасы Кыргызстанды “шайлоодон киреше менен чыккан уникалдуу өлкө” деп сыпаттаган болчу. Муну менен басылма Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүн сырткы күчтөр каржылаганын айткысы келген. Ошол эле кезде Кыргызстандын мыйзамдары саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн чет өлкөлүк тараптардын каржылоосуна тыюу салат.
Кубанычбек Жолдошев
"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

#488 01 Октябрь 2015 - 23:53
Шайлоого барбасанар дагы СДПК алып коет. Ар бир келбеген адам келди СДПК ны шайлады деген документти,
шайлоодон кийин издеп тапсанар болот. Оздору даярдаган список боюнча биз барсак дагы,барбасак дагы шайлады деп ото берет. Факттар бар,бирок 2-3жылдан кийин чыгат,азыр эмес.
Агитация учурунда канча адам коп келсе,колдоочу ошончо коп болот деп тв ден корсотушот. Мурдагы парламенттик шайлоодо СДПК келгенде милициялар баш болуп эч кимди калтырбай стадионго алып чыккан,чыкпаган окуучуларды мектептен айдайбыз деп,жолугушуу учурунда стадионду бут тосуп койгон чыкпасын эч ким деп. Эртеси рекламалары эми укмуш Элдин баары колдойт,паланча эл келди колдогону деп,каяктан, ким,кантип алып келгени менен иши жок. Мамлекеттик иште иштегендер, мектеп,университет, армия бут бар жогу айла жок СДПК ны шайлайт. Шайлоого ишеништин эч кереги жок. Олкобузду ойлойлу,бирок, президентти колдобой эле коелу деп рекламасын озгортуп койсон дагы жарашат.

#490 02 Октябрь 2015 - 00:36
Holerik10 (01 Октябрь 2015 - 23:53) жазган:

Даа.
#491 02 Октябрь 2015 - 02:58
Ата-журтка калганы бири олуп бири калсын
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#495 02 Октябрь 2015 - 15:24
Азыркы кезде ар бир партия ичиндеги парламент талапкерлерин
карасан ар биринде акаев бакиев азыркы президент режиминде иштеп э,сибиздин
бейкут жашоосу учун мамлекетибиздин онугуп осуусу учун, терс
кадамдарын таштаган жашоо шартыбызга кыйынчылык абалды алып
келууго аябагандай зор салымдарын кошкон адамдар кайра эле
аркандай амал менен келууну коздоп жатышканын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан мекендештер силерден
суранаарым келечек биздин колубузда , жанылбай аз да болсо
эл учун иштеп бере турган адамдарды тандоонорду суранат
элем! Биз дагы да жанылып алардын амалдарына татуу
создоруно ишиенип келечегибизди олкобузду колдоруна салып
бергибиз келбейт! Бизге онуп осуу жаркын жашоо тынчылык керек! Эки кун калды жакшылап тандоо жасаныздар! Тиги пиртия бул партия баарибир отот мен барсам барбасам деле дебестен келечек учун туура тандайлы!

Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 02 Октябрь 2015 - 15:26
#498 03 Октябрь 2015 - 00:29
Ата-журт
"МЫ часто обманываем самих себя. Мы думаем, что мы особенные, но судный день действительно покажет, какие мы особенные."
#499 03 Октябрь 2015 - 00:55
Ата-мекен партиясынын,
Бутун Кыргызстан учун, тараткан видеосу жигитче болбой калыптыр. Эптеп эле жамандап, бийлике келиш экенда Омкенин...
#500 03 Октябрь 2015 - 04:30
Акаев,Бакиев убагында иштегендер арасында депсиздер
Анан булар каяктан пайда болот ошол убакта иштегенмин деп экообузго жол бермек беле баарысы жан талашып жатат да креслого отура калайын даны 5ж болсо да дер болоор болбос создору мн Элди алдап Тим эле Теледен чыгышат ушул эле партияны шайлайбыз деп кайсы бири суйлотиу да суйлоп бер деп бул жактагы Адам ишенгенсип.