Республика Ата-Журт партиясын шайладым
Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?
#562 04 Октябрь 2015 - 14:32
Республика+Атажуртту шайлап келдим.
Бирбол партиясы акча берип шайлатып атыптыр.Добушумду сатканга бетим чыдабады.
Негизи Бутун Кыргызстанды шайламакмын, Ташиевди чийип коюштуго,ошо учун да шайладым.1добуш болсода жардам болсун деп...

#563 04 Октябрь 2015 - 15:23
Апам шайлоого жөнөп жатса иним: "Бүтүн Кыргызстандын бир добушу баратат" деп күлдү эле, апам шайлап келди. Иним Республика Ата Журтту бир добушка көбөйтүп келейин, деп баратат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#565 04 Октябрь 2015 - 16:19
Nurmuxammet (04 Октябрь 2015 - 14:09) жазган:
Бутун Кыргызстан,
Ата Мекен, Эмгек Онугуу Прогрес партияларынын дебатын ким корду, ошол дебатта айтылды ушул соз. Текебаев Мадумаровко "менде сиздин ушундай видеонуз бар" десе, Мадумаров "сиз коп адамдардын видеолорун топтогонсуз,
бирок, озунуздун видеолорунузду топтогон эмессиз" дегенде кайда качышын билбей калды го Текебаев акебиз.
Ооба,калтырап эле калды сөз таппай. Сүзүштү эле билет экен Теке.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#568 04 Октябрь 2015 - 17:15
Созумо туруп"баарына каршы"ны белгилейм азыр барып.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#569 04 Октябрь 2015 - 17:17
Кыскасы:
1. СДПК
2. Кыргызстан
3. Бир бол
4. Республика Ата Журт
5. Өнүгүү Пргресс же Ата Мекен
6. Бүтүн Кыргызстан Эмгек
Калганы өтпөйт, өтсөда 1-2 адамдан.
1. СДПК
2. Кыргызстан
3. Бир бол
4. Республика Ата Журт
5. Өнүгүү Пргресс же Ата Мекен
6. Бүтүн Кыргызстан Эмгек
Калганы өтпөйт, өтсөда 1-2 адамдан.
#570 04 Октябрь 2015 - 17:45
Мурда, округ-округтан шайланып чыккан талапкерлерди,
шайлоо куну айтып турчу эле, "Баланчы балан процент менен алдында баратат, баланчы экинчиде баратат" деп. Азыркылар шайлоо буткондо эле жалпы жыйынтык чыгарат окшойтко э?-2010 догу шайлоону че то эстей албадым, ошого сураганым. Бирок ошол шайлоо тошно таза откон...
#572 04 Октябрь 2015 - 17:54
Үгүт өнөктүгү бүттү. Жеңишке жетишүүгө канча добуш керек?
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү соңуна чыгып, ага уруксат алган 14 партия аман-эсен марага жетип келди. Албетте, партиялар тизмесинде байкалбаган да, бараандуу да жоготуулар болду. Бирок алар шайлоонун жыйынтыгына же добуш берүүнүн жүрүшүнө олуттуу таасир эте албайт. Ошондуктан азыркы кезде негизги көңүл жекшемби күнү боло турган добуш берүү жана анын жыйынтыгына бурулуп турат.
Бийлик органдарынын маалымдоосу боюнча, 2 млн. 700 миңден ашуун шайлоочу биометрикалык маалыматын тапшырып, шайлоого катышууга укук алды. Бул шайлоочулардын баары 4-октябрда жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, добуш берүүгө келет деп айтуу кыйын.
2010-жылы да шайлоочулардын 56% жакыны гана добуш берүүгө катышкан. Эгерде быйыл дагы ал көрсөткүч кайталанып, 60% тегерегинде шайлоочу добуш бере турган болсо, анда 4-октябрда шайлоого 1 млн. 600 миңдей шайлоочу катышат деп боолголосок болот.
Мына ошол шайлоого катышкандардын 7% жана региондордон 0,5% добуш алган партия Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 1 млн. 600 миң шайлоочунун 7% 110-115 миңдей шайлоочуну түзөт, демек босогодон өтүү үчүн кеминде ошончо добуш алыш керек.
2010-жылкы парламенттик шайлоодо тизмеге шайлоочулардын 5% алган партия босогодон өтүп келген. Бирок анда шайлоочулар тизмеси добуш берүү учурунда кошумча тизменин эсебинен улам өсүп олтуруп, 148 миң добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй калды деп табылган.
Быйылкы жылы дагы кошумча тизме Бишкек жана Ош шаарында түзүлдү. Бишкектеги кошумча тизмеге 79 миң шайлоочу, ал эми Ошто 27 миңден ашуун шайлоочу киргизилди. ..

#573 04 Октябрь 2015 - 17:55
Камчыбек Ташиев жаңжалы
“Республика Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев кошумча тизмелер негизинен президент жана премьер-министр төрөлгөн райондордо түзүлүп, шайлоону бурмалоого даярдык көрүлүп жатат деп айыптап, бийликтин жаалын келтирген. Ошондуктан Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүүнүн себебин анын президент менен үгүт өнөктүгү учурундагы мына ошол тирешүүсүнөн көргөндөр да жок эмес. Ал эми Жалал-Абаддагы окуя Ташиев “жардан түртүүгө” оңтойлуу жагдай болуп берди. Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиев 26-сентябрда Жалал-Абадда “Өнүгүү - Прогресс” партиясынын талапкери Абдыманап Абдубахаповду сабаган жана кеңсесин бүлгүнгө учуратканы үчүн шайлоодон четтетилди деп билдирген.
Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүү чатагына 2-октябрда президент Атамбаев дагы кайрылды:
- Өзүн тыя албаган, маселени муштум менен чечкен бир талапкерди кайрадан депутат кылабыз деп кыйкырып жүрөт. Мындай партиялар мыйзамга түкүрдүк деген партиялар да ачык айтканда. Мыйзамды сыйлабаган партия парламентке барса эмне болот? Мурунку заман кайра келет анда, бандит, ит болсоң дагы депутат болсоң болду деген. Муну токтотуш керек.
Президент парламентке андай адамдардын келип, “тайраңдашына” жол бербесин кошумчалады. Мамлекет башчысы ошондой эле башка дагы атаандаш партияларды каарып өттү. Алардын бирин “коррупционерди” алып келатат деп айыптаса, башкасын “бандиттерге” жакын деп айыптады.
Бирок президенттин партиясы болгон КСДПнын тизмесине кылмыш дүйнөсүнө аралашкан делген адамдар кирип, маалымат каражаттары аны жазып чыккандан кийин алардын бирөөсү гана тизмеден чыгарылганы маалым. Калган шектүүлөр, маселен маркум Алмамбет Анапияевдин өкүл баласы аталган талапкер КСДПнын тизмесинде кала бергени маалым...

#574 04 Октябрь 2015 - 17:56
Камчыбек Ташиев өзүнүн шайлоодон четтетилишин чагым катары баалап жатат:
- Борбордук шайлоо комиссиянын чечими мыйзамсыз. Себеби дегенде, болбогон окуяга атайын арыз жаздыртып, атайын даярдалган саясий иш болду. Бул чагымчылдык болду. Биринчи берилген маалыматта айтылгандар жалган экени далилденип жатат. Азыр дарыгерлер ал адам эч кандай жаракат албаганын, эч жери сынбаганын өздөрүнүн маалыматтары менен далилдеп атат.
Камчыбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган Биринчи май райондук соттун чечимин да мыйзамсыз деп, жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди.
Бул үгүт өнөктүгү учурунда Ташиев жаңжалынан сырткары президенттин өз партиясынын пайдасына кыйыр түрдө үгүт жүргүзүүсү жана административдик ресурстун ченемсиз колдонулушу бийлик оппоненттери тарабынан сынга алынды. Алар мындай көрүнүштөр шайлоонун адилет жана таза өтөрүнө шек жаратарын билдирип жатышат.
Жарандык коомдун өкүлдөрү да Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, КСДПны шайлоодон четтетүүнү талап кылышты. Жарандык активист Бурул Усманалиева:
- Анткени алар өздөрүнүн ураандарында президенттин кызматтык абалын колдонуп атышат. Президент биз менен, демек президентти колдогула дегендин өзү юридикалык жактан туура эмес. КСДП ачык түрдө да, кыйыр түрдө да ошону далилдеп жатат. Кыйыр түрдө жарнактарында КСДП менен сүрөткө түшкөнүн көрсөтүп атат, телеканалдарда да көрсөтүлүүдө. Экинчиден, кечээ күндөн баштап ачык түрдө эле пайда болду, баннерлерде “Өлкөнү ойлогула, президенти колдогула” деп турат.
КСДПнын административдик ресурсту пайдаланып жатышын Кара-Кулжа районунда тартылган видеотасма да айкындады. Анда арасында райондук акимчиликтин кызматкерлери бар адамдар тобу КСДПны кантип даңазалоо жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду салтанаттуу түрдө тосуп алууга машыгып жатышканы тартылган.
Бийликтин административдик ресурсту колдонуусу жана президенттин кыйыр түрдө өз партиясына үгүт жүргүзүүсү 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан чочулоосунан, өз күчүнө ишенбөөсүнөн кабар берет. Ал чочулоо жана ишенбөөчүлүк канчалык негиздүү экени жакынкы мезгилде айкын болот. Анткени 4-октябрдагы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары ушул күнү эле кечинде белгилүү боло баштайт.
Кыргыз экономикасы атаандаштыктан артта
Жаңы парламенттин алдында өлкөнүн бир жылдык финансы-экономикалык турмушун аныктаган келерки жылга бюджетти карап, кабыл алуу милдети турат. Ал эми мамлекеттин финансы-экономикасында чечилбеген маселелер арбын экени маалым. Ал бюджеттин эбегейсиз тартыштыгы, тышкы карыздын ченемсиз өсүп баратышы сыяктуу маселелер. Эл аралык валюта кору Кыргызстандын тышкы карызы быйылкы жылы эле ички дүң продукциянын 68% жетип, келерки жылы 70% ашып кетерин эскертти...

#575 04 Октябрь 2015 - 18:07
Мага шайлоого барып добуш беруу буйрубаптыр тобаа грипп болуп эч нерсе кылгым келбей олтурам.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#576 04 Октябрь 2015 - 18:10
Мен шайласам да шайлабасам да СДПК отот деп жайлоого барбадым
#578 04 Октябрь 2015 - 18:44
#579 04 Октябрь 2015 - 18:46
Холерик жайлоого барбай рас кылыпсын,
Себеби бугун шайлоода.

Себеби бугун шайлоода.
#580 04 Октябрь 2015 - 19:03
Мен шайлай албайм, биометрикадан отпогом. Кошуна эжелер келди бутун кыргызстанды шайлап 1000сомдон алып келдик деп, эки минден бергендер да бар экен аны билбей калыптырбыз дешет.Таза шайлоо болчудай эмес,элдин да конулу калыптыр биз шайласак да шайлабасак да оздору отуп алат андан коро бекер акчасын алып алгыла деп кубур шыбыр айылда.