Суперстан: Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?

#61 Пользователь офлайн   Lenin   14 Апрель 2015 - 12:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Просмотр сообщения Diyas (14 Апрель 2015 - 00:28) жазган:

Мунун лидери ким эле...??? А жанакы на словах Лев Толстой а на деле ко...к простой деген професианалдуу кытайский лапша илгич беле? :D

Таппасан сыйпалап кал.
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   KARL-MARKS   14 Апрель 2015 - 12:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 861
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2015 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Улуттар Биримдиги...

Бул шайлоодо Мелис Мырзакматов дагы катышат имиш...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Maksat81   14 Апрель 2015 - 20:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

[Мекен ынтымагына добушумду берем сөзсүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Aziyat_01   15 Апрель 2015 - 03:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 369
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 16:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан айылы ФЛУД көчөсү...

Просмотр сообщения Diyas (14 Апрель 2015 - 00:18) жазган:

Шайлоолор бутуп анан ушул эки партия бирикенде "7-канал" жанылыктарынан коруп калдым эле, элдерден сурап журушкон экен 2-партия бирикенине оюнар кандай деп? Бир ак-сакалга ушул суроону бергенде ал мынтип жооп берген "жоо откондон кийн, кылычынды бокко чап!" деген. :D

Ошондо Ташиев мн Бабан чычкактарды эстеп алып оло кулгонмун АХАХАА! :D

Ак сакал бийликти колдогон адам болсо керекда.)))
Жолуңдан адашпа Айкөлдүн урпагы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Aziyat_01   15 Апрель 2015 - 03:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 369
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 16:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан айылы ФЛУД көчөсү...

Просмотр сообщения Diyas (14 Апрель 2015 - 01:41) жазган:

Урушта болоберет дегендей... кечирдим ;)
Бирок озумдукунон кайтпайм! :)

Мадумаров мен эс тартып билгенче бул инсан 15-жылдан бери созду кыйн суйлогон, ар кандай мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген киши. А бирок андан башка элге жерге эмне пайда жасады...???? Ак уйду ремонт кылды жанагы Акмат Бакиев уурдап саткан жангак каптан. Башка пайдасы деле корунбойт...

Мени жаман корсонор коробергиле, бирок мага чын журоктон баары бир дегендей.
Мына мен Жалалабаттан боломун жана ал жерде эмне болуп атканын жакшы эле билемин. Менимче Кадыржан Батыровдой (жанагы издоодо жургон озбек лидери) биздин азыркы Улуу Кыргыз атка мындайча айтканда эшеке минерлерибиз оз эли учун мындай иш жасашкан жок!
Кадыржан оз эли учун (билесинер ким учун экенин) ОЗ ЧОНТОГУНОН зангыраган заманбап ак мрамордон УНИВЕРСИТЕТ салып берди, аны деген аябай жакшы кылып салган экен 2010ж коогаланда аны биздикилер 2-жолу ортоду эле 2-жолу тен ортонбой куйбой койду :)
Оз чонтогунон мектеп лицей салды.
Жанагы Союздан калган бала бакчаларды талатып талкалабастан оз чонтогунон сатып алып, ремонт кылып элдерге бала бакча кылып иштетип берип койду.
Канча деген заводтору иш каналары бар эле, ал заводтору азыркыга чейн бар жана ал жерде жумуш оруну бар эл эмгектенет. 1-пахта заводун андан ошол эле Акмат Бакиев тартып алып, таш талканын чыгарып темирин кытайга сатып ал заводту чоон сасыган базарга айланты.

Айта берсе арман коп дегендей, мен эмне дегим келип атат - биздин атка минеер чондорубуз оз Мекенинде болуптуруп чон-чон кызматтарды ээлеп, ушул оз чонтогунон бир дагы университет эмес даже мектеп салышкан жок!
Кыкенбайлар озунун чонтогунон жалан гана ресторан, сауна, сойкукана, казино салышты билет экенбиз...


Ошог мен азыркы эл тааныган эшек минерлердин эч кимисине ишенбейм! !


Бир гана Кыргызстанды Кыргыздарды бутуна тургузуп гулдотуп онуктурот деген умутум ошол ыйманы бар устудо жазган Чубак ажы менен Абдышукур ажы адамдарда гана.

Туура айтасыз Кадыржан өзүнүн эли үчүн көптөгөн иштерди жасаган,бирок өзү жалгыз жасаган эмес.

Эми суроо: Ошону айткандан мурун өзбек менен кыргыздын ынтымагын,биримдигин, пейилин салыштырып көрдүңүзбү?
Жолуңдан адашпа Айкөлдүн урпагы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   stimyl.kg   24 Апрель 2015 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Кечээ, 23-апрелде Ош шаардык кенешинин депутаттары Шайлообек Атазов, Сонунбек Жунусбаев жана "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы Медер Осмонов баштаган бир катар жаштар биригип тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын тең төрайымы Орозайым Нарматова маалымдады. Алар ортого ташталган ой-пикир, сунуштарды эске алынып, жыйынтыгында М. Мырзакматов менен С. Жапаровтун биригишин сунуштаган кайрылуу жазууну чечишкен. Кайрылууда минтип айтылат.

"Кадырлуу кыргыз журтум, урматы бийик улуу элим! Биз - жаштар эртеңки келечегибизди баарынын колуна тапшырып көргөнүбүздү көз алдыңда көрүп турасың. Элибиз саясат оюндарынан чарчаса чарчагандыр, көңүлү калса калгандыр! Бирок, биз – жаштар буга көз жума албайт экенбиз?! Артыбызда Ала-Тоо турат арачалап, жаныбызда демине темир кызычу жаштар турат теминип. Кайраты күчтүү элибиз, батасы менен алкаган аксакалдарыбыз, энелерибиз турса... Биз өзүбүз Кыргызстандын келечеги үчүн аракеттенмей болдук.

Өкмөтү иштей албай тура качып турганда, акыркы тыйынын чогула топтоп, биринин жанын бири сактап жүргөн заманда, биз-жаштар “кыргызым үчүн!” деп жашаган, камчыга сап болор уулдарыңдын биригүүсүн каалайбыз! Анткени, биз Кыргызстан үчүн төрөлүп, кыргыздар үчүн жашап өтчү мекенчил элдин урпагыбыз! Ала-Тооңдун төрүндө уул-кыздарың бактылуу жашашын каалар белең? Ар бирибиз үй-бүлөбүз бүтүн болушун, берекелүү дасторкондо чогуу отуруубузду каалайт белең? Сенин “кыргыз” деген атыңды жүрөгүнө чоң тамга менен жазып, саясий куугунтук жеп жүргөн уулдарыңдын жан аябай иштешин каалайт белең? Сен жашаган Мекенди гүлдөтүшүн колдойт белең? Биз - жаштар сенин көз алдыңда “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын лидери Мелис Мырзакматов менен "Мекенчил" саясий партиясынын тең төрагасы Садыр Жапаровтун кошулушун суранууну туура көрдүк. Оо эл-журт, бул уулдарыңдын эмгегиң баалап отурсаң керек? Ар бир кыргыз үчүн жандалбастап жан үрөп, чет элде туруп кыргыз деп безилдеп турган уулдарыңды унутпагандырсың? А балким, ишенимиң түгөнөр маалда да ушул уулдарыңдан үмүт үзбөй күтүп жаткандырсың!

Урматтуу Мелис Жоошбаевич Мырзакматов!

Урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров!

Биз “Мекенчил” саясий партиясынын жана “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын жаштары биригүүнү өзүбүздөн баштадык. Жаныбызда эл деп жалындап күйгөн жаштардын калоосун уктук, чогуу, биргеликте силерге сунуш киргизүүнү туура көрдүк. Анткени биздин Кыргызстаныбыз баарыбыздыкы эмеспи!

Жетер, өз элиңе кызмат кылууну астейдил каалап турсаң, бирикчи бир муштумга! Бир бүтүнгө айланчы! Кыргызыңды кыйын күнгө таштабай, жаштарыңдын келечегин ара жолго калтырбай ынтымактын далилин көрсөтчү элге! Максатың бир болгон соң, жарабас жарым күчтө болгонуң! Биз-жаштарды караңгыда көз болчу чырак деп бил. Сен тайманбас эр болсоң, бизди урабас чеп деп бил. Артыңда калыс эл турат, кыргыздын баарын шер деп бил. Биз келечекти ойлошубуз керектир. Силер калк үчүн шайкеш тилек менен бириксеңер, биз - жаштар таза булактан суу ичкендей болобуз. Журтубуз кайрадан жандансын! "

Тизмеге

1. Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин депутаты

2. Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты

3. Орозайым Нарматова, "Мекенчил" партиясынын тең төрайымы

4. Мелис Аспеков, "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

5. Медер Осмонов "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

6. Төрөхан Жунусбеков "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

7. Болот Баетов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

8. Нургазы Каримов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

9. Элдияр Кадыркулов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

10. Замирбек Кочорбаев "Кырк Чоро" уюмунун жетекчиси

11. Гүлжан Эшбаева "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

12. Айчүрөк Мансурова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

13. Минура Мойдунова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

14. Жаңыл Султанова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү жана ошондой эле "Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын, "Мекенчил" саясий партиясынын активисттери кол коюшту.
1
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   stimyl.kg   24 Апрель 2015 - 19:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Азыркы партиялардан бычака саптуу,эл паайдасына жарай турган партиялар,комускодогу койгойлорду сууруп чыгып чече алган адамдар топтолгону, эн негизгиси жаштар жаны программалар менен келечеке кадам таштай турга партиялар: "Мекенчил" "Улуттар биримдиги" "Онугуу прогресс" партиялары. Ушуларга добуш берсек кудай буйруса жанылышпайбыз деген ойдомун. Анткени калган партиялардын кылыктарын коруп байкап тойуп буттукко,Ата мекен эмнекылып берди?Сдпк эмне кылып кыйратты?Ар намыс кандай пайда алып кеди? Акшумкарчы? Баары 20жыйырма жылдан бери куйушканга кыпчылган хххххх болуп келе жатышат эч озгоруу жок. Талап тоноп бутушту эски партиялар,жанылануубуз керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Sadyrov_n93   24 Апрель 2015 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 15 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2017 13:41
  • Жынысы:Эркек

Койгулачы эми ушул эле партия жетишпей жатты эле.Кайсы эле партия мен Кыргызстан учун эч нерсе кылбайм деп келсин.Партиялардын санын кобойткон бир партия да бул да,жогорудагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   MIRlan   24 Апрель 2015 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения stimyl.kg (24 Апрель 2015 - 18:55) жазган:

Кечээ, 23-апрелде Ош шаардык кенешинин депутаттары Шайлообек Атазов, Сонунбек Жунусбаев жана "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы Медер Осмонов баштаган бир катар жаштар биригип тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын тең төрайымы Орозайым Нарматова маалымдады. Алар ортого ташталган ой-пикир, сунуштарды эске алынып, жыйынтыгында М. Мырзакматов менен С. Жапаровтун биригишин сунуштаган кайрылуу жазууну чечишкен. Кайрылууда минтип айтылат.

"Кадырлуу кыргыз журтум, урматы бийик улуу элим! Биз - жаштар эртеңки келечегибизди баарынын колуна тапшырып көргөнүбүздү көз алдыңда көрүп турасың. Элибиз саясат оюндарынан чарчаса чарчагандыр, көңүлү калса калгандыр! Бирок, биз – жаштар буга көз жума албайт экенбиз?! Артыбызда Ала-Тоо турат арачалап, жаныбызда демине темир кызычу жаштар турат теминип. Кайраты күчтүү элибиз, батасы менен алкаган аксакалдарыбыз, энелерибиз турса... Биз өзүбүз Кыргызстандын келечеги үчүн аракеттенмей болдук.

Өкмөтү иштей албай тура качып турганда, акыркы тыйынын чогула топтоп, биринин жанын бири сактап жүргөн заманда, биз-жаштар “кыргызым үчүн!” деп жашаган, камчыга сап болор уулдарыңдын биригүүсүн каалайбыз! Анткени, биз Кыргызстан үчүн төрөлүп, кыргыздар үчүн жашап өтчү мекенчил элдин урпагыбыз! Ала-Тооңдун төрүндө уул-кыздарың бактылуу жашашын каалар белең? Ар бирибиз үй-бүлөбүз бүтүн болушун, берекелүү дасторкондо чогуу отуруубузду каалайт белең? Сенин “кыргыз” деген атыңды жүрөгүнө чоң тамга менен жазып, саясий куугунтук жеп жүргөн уулдарыңдын жан аябай иштешин каалайт белең? Сен жашаган Мекенди гүлдөтүшүн колдойт белең? Биз - жаштар сенин көз алдыңда “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын лидери Мелис Мырзакматов менен "Мекенчил" саясий партиясынын тең төрагасы Садыр Жапаровтун кошулушун суранууну туура көрдүк. Оо эл-журт, бул уулдарыңдын эмгегиң баалап отурсаң керек? Ар бир кыргыз үчүн жандалбастап жан үрөп, чет элде туруп кыргыз деп безилдеп турган уулдарыңды унутпагандырсың? А балким, ишенимиң түгөнөр маалда да ушул уулдарыңдан үмүт үзбөй күтүп жаткандырсың!

Урматтуу Мелис Жоошбаевич Мырзакматов!

Урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров!

Биз “Мекенчил” саясий партиясынын жана “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын жаштары биригүүнү өзүбүздөн баштадык. Жаныбызда эл деп жалындап күйгөн жаштардын калоосун уктук, чогуу, биргеликте силерге сунуш киргизүүнү туура көрдүк. Анткени биздин Кыргызстаныбыз баарыбыздыкы эмеспи!

Жетер, өз элиңе кызмат кылууну астейдил каалап турсаң, бирикчи бир муштумга! Бир бүтүнгө айланчы! Кыргызыңды кыйын күнгө таштабай, жаштарыңдын келечегин ара жолго калтырбай ынтымактын далилин көрсөтчү элге! Максатың бир болгон соң, жарабас жарым күчтө болгонуң! Биз-жаштарды караңгыда көз болчу чырак деп бил. Сен тайманбас эр болсоң, бизди урабас чеп деп бил. Артыңда калыс эл турат, кыргыздын баарын шер деп бил. Биз келечекти ойлошубуз керектир. Силер калк үчүн шайкеш тилек менен бириксеңер, биз - жаштар таза булактан суу ичкендей болобуз. Журтубуз кайрадан жандансын! "

Тизмеге

1. Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин депутаты

2. Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты

3. Орозайым Нарматова, "Мекенчил" партиясынын тең төрайымы

4. Мелис Аспеков, "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

5. Медер Осмонов "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

6. Төрөхан Жунусбеков "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы

7. Болот Баетов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

8. Нургазы Каримов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

9. Элдияр Кадыркулов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү

10. Замирбек Кочорбаев "Кырк Чоро" уюмунун жетекчиси

11. Гүлжан Эшбаева "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

12. Айчүрөк Мансурова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

13. Минура Мойдунова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү

14. Жаңыл Султанова "Мекенчил" партиясынын мүчөсү жана ошондой эле "Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын, "Мекенчил" саясий партиясынын активисттери кол коюшту.
1

Тизмеде Мондур сулуу журотко.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   feridde   24 Апрель 2015 - 23:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 23 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Дек 2015 13:37

Мен " Эмгек " партиясына салам. Анткени ал жакта Нарынбек Молдобаев деген байке бар, оз оюнан кайтпаган, пара алганды жаман коргон байке, оз козум менен далай кордум баш тартканынан. Ушу байкеге ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Akabai   26 Апрель 2015 - 02:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 29 Май 14
  • Соңку аракети: 06 Июл 2021 05:15
  • Калаасы:Озумдун айылым

Улуттар Биримдиги партиясына Мырзакматов учун менен бир добуш буйурса

Билдирүүнү түзөткөн: Akabai: 26 Апрель 2015 - 02:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Beki035   29 Апрель 2015 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 651
  • Катталган: 16 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 19:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

200 партиянын кайсынысына добуш беришти ойлосоң башың айланатго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Talant86   16 Май 2015 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 466
  • Катталган: 25 Январь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 16:26
  • Жынысы:Эркек

Мекенчилдер алга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Aidyn   16 Май 2015 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

республика-ата журтка. Бабанов президент Ташиев премьер болсо дейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   jon__jurbos   17 Май 2015 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 692
  • Катталган: 21 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2016 14:12
  • Жынысы:Эркек

Эч кимисине бербейм!Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Delfinchik   17 Май 2015 - 16:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 042
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 19:46

Бабанов депутат андан сон призидент болот конситутцияга өзгөртүүлөрдү киргизип парламенттик башкарууну жоюп призденттик башкаруу болсо экен ушу 120 депутаттан тажадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   17 Май 2015 - 16:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Мекен Ынтымагы!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   stimyl.kg   22 Май 2015 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Кыргызстан” атын жамынган “дүжүр” партия пайда болду
Жума , 22 Бугу 2015

rn

Жакында, “Аю” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки), Нарындын мурдагы губернатору, жакында “Замандаштан” чыга качкан Канат Муратбеков жана Чүйдүн губернатору Канат Исаевдер “Кыргызстан” деген саясий партияны негиздешти.

Партиянын аталышы коомчулукту таң калтырып, мамлекеттин атын уурдап алганына нааразылар кѳп. Атына кызыккандан мурда, затына саресеп салсак, бул партия кадимки легендарлуу шоопур Икрамжан Илмияновдун кѳзѳмѳлүндѳ проект катары түзүлгѳнү бателе билине баштады.

Мындан мурда, Атамбаевдин таасиринин алдында “Замандаш” партиясы проект катары колдонулуп, бир катар аттуу-баштуулар ал партиянын катарына кирген. Кийин, тарыхы таза бийликке кѳз каранды болгусу келбеген партия андай шылуундарды тазалоо саясатын баштаганда, шоопурдун кол балдары аталган Рустам Маманов, Канат Муратбеков, Каныбек Иманалиевдер чыга качышкан. Булар эмнеге четтеп атат десе, кептин тѳркүнү башкада тура.





Канат Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун жетекчилигине алынган бул саясий топ “Кыргызстан” деген партия түзүп, шайлоого жакын жалаң акчалуулар капчыгын кагып, бийликтин кол баласына айланмакчы. Анча-мынча оппозициялык кѳз караштагы партиялардын колу-бутуна чалынып, добушун бѳлүп жармакка атайын жогору жактан алдын ала ойлонулган проект катары ишке ашмакчы. Тактап айтканда КСДПга кол куушуруп, “хоп ляббай” саясатын жүргүзѳт.

Шаирбек Маматокторов, саясатчы: “Кыргызстан деп атап алуу, мамлекеттин атын монополдоштургандай сезилет экен”



- Менин оюмча, бул талаш жаратчу маселе. Себеби, мамлекеттик символиканы колдонуу тартиби жөнүндө атайын мыйзам бар. Ошол мыйзамаг ылайык, мамлекеттик желек, герб, гимн мыйзам уруксат берген тартипте гана колдонулат деп турат. Бирок, ал мыйзамда 3 гана, жогоруда аталган нерселер көрсөтүлгөн. Ошол жерге, мамлекеттин аталышы же наамы да символика катары көрсөтүлүп, герб, гимн, желек сыяктуу статуска ээ болгондо туура болмок. Бул мыйзам Акаев кезиндеги редакциясы бойдон экен 6 август, 2004 жыл, N 61-62.Кайдагы бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чекетеген мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна, ушундай маанилүү мыйзамга ушунча убакыттан бери бир да мыйзамчы көңүл бөлбөгөнү өкүндүрөт. Маселеге кайтып келсек, мыйзам тыюу салбады деп эле партиялардын атына мамлекеттин аты менен атоо эч кур дегенде этикалык жактан деле туура эмес. Башка маселе, эгерде башка бир сөз кошуп атаса - Эркин Кыргызстан, Бүтүн Кыргызстан ж.б.у.с. Ал эми, Кыргызстан деп атап алуу, мамлекеттин атын монополдоштургандай сезилет экен. Кантсе да, жоопкерчилик, ушул партияны каттаган Адилет министрлигинде болот.

Адиль Турдукулов, саясатчы: “Абдыкеримов жетектеган “Кыргызстанда” жалаң кошоматчылык жана акча бүт маселени чечип коет”



-Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 199 партия катталыптыр. Канчалаган укмуш аттар гана жок. Ошолордун ичинен “Кыргызстан” деп аталган партияны катталышы өзү туура эмес. Кыргызстан бир топтун бренди болбошу керек. Ал партияны жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов экен. 2010-жылы ал “Республика” партиянын атынан депутаттык мандатка жетишкен. 2012-жылы ал жетектеген “Аю” ишканасы арака 100 миң жасалма акциздик марка жасаган үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мурунку жылы болсо Абдыкеримов Атамбаевди жактаган “Ынтымак” делген депутаттык топту түзгөн. Ошону менен кылмыш иш жөнүндө дагы дайын жок. Абдыкеримов жетектеган “Кыргызстанда” жалаң кошоматчылык жана акча бүт маселени чечип коет. Бизге болсо башка Кыргызстан керек.

Тѳрѳхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын лидери: “Атамбаевдин шайкалары элди алдаш үчүн жүздөрүн ар кандай алмаштырып турушат”



- “Кыргызстан” партиясынын аталышы моралдык этикага туура келбейт. Биздин мамлекеттин атын колдонуп, таанылгысы келгендери туура эмес. Мейли, Кыргызстан деген сѳзгѳ башка сѳздѳрдү уласа болмок. Ушул кантип болсун?! Мисалы, орустарда “Россия”, казактарда “Казакстан”, ѳзбектерде “Ѳзбекстан” деген партия жок. Мен таң калып жатам. Адилет министрлиги кантип каттоодон ѳткѳрүп берди? Же, КСДПнын кол баласымын десе каалаган атты каттап береби?

Мен билгенден, алар саясий соодагерлер булар шайлоого чейин эле беш партия алмаштырышат. Буга чейин канчасын алмаштырышканын Кудай билет. Шайлоодон өтүп калса да ары бери группа түзүшүп, башка бир партия ача калышат. Саясий туруктуулук деген жок. Бул бир, а эгер жаңы эле катталган болсо шайлоого катышууга укуктары жок болот. Бир сөз менен айтканда Атамбаевдин шайкалары элди алдаш үчүн жүздөрүн ар кандай алмаштырып турушат. Бирок бул жолу булар канчалык терилерине косметикалык операция жасашпасын эл көрүп алып күлүп жатышат. Убара болбогула Атамбаевдин шайкалары эл силерден тажады шайлоодон өтпөйсүңөр.

Жалил Сапаров, саясий баяндамачы: “Ѳздөрү түзгөн уюмду кандай аташса да боло берет, маа демектен "Шайтан" аташсын”



-Эгер укук жана мыйзам жагынан карасак, анда жарандар өздөрү түзгөн уюмду кандай аташса да боло берет, маа демектен "Шайтан" аташсын. Ал эми моралдык-этикалык жактан караганда, албетте, айрым аталыштар суроолорду жаратышы ыктымал. Аталыштар оройлукту, уятсыздыкты, улутчулдукту (шовинизм), басмырлоону же шылдыңдоону таркатпашы керек. Ал эми бул аталыш, менимче, мыйзам же моралдык-этикалык жактан эч кимге зыян келтирбейт. Эгер ким-бирөө ушундай эсептесе, анда сотко кайрылышы мүмкүн. Ал эми бул партиянын өкүлдөрү ким экени белгисиз мага, ошону үчүн баа бериш кыйын. Мүмкүн алардын жасаган кадамдарынан билебиз го. Ал эми партияны анын максаты, платформасы боюнча баалаш керек.

Эрнис Кыязов, журналист: “Кыргызстан деген тамеки, арак, коньяк да бар”



"Кыргызстан" деген партия шайлоо алдында күжүлдөй баштаганын уктум, эми кептин баары ал жаңы же эски партия экенинде, анын аты кандай экендигинде да эмес, менимче ал партияга кандай адамдар чогулгандыгында. Ошол адамдардын мурунку, кийинкисинде. Мен билгенден Кыргызстан деген арак, коньяк бар, Кыргызстан деген тамеки да бар, Кыргызстан деген дүкөндөр бар, эми демократия ушул экен, "Кыргызстан" деген партия да пайда болду, не дейбиз, аты го ат экен, кеп затында го...

Булак: “Маалымат.KG”

1
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   24 Май 2015 - 02:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Улуттар биримдиги шайлоого барса добушум ушуларга, барбаса шайлоого катышпайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 24 Май 2015 - 02:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Lenin   24 Май 2015 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Баары окшош! Ким кобуроок калп атйса ошого берем. )))))))))
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 64 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 64, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 09:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: