Мынча көп партиянын ичинен кайсы партияга добуш беришти ойлосоң башың катыйтго
Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?
#84 27 Май 2015 - 20:26
Келе жаткан парламенттик шайлоо таза өтөөрүнө көзүңүз жетеби?
Кошкон: Айнура Абдиназарова Тарых: Шар, 27/05/2015 - 17:43
Орозайым Нарматова, жаш саясий активист:
-Шайлоо таза өтөөрүнө ишенбейм, себеби, биринчиден биометрикалык паспортко ар ким өз каалоосу менен гана тапшырат, ал эми айыл-кыштак, тоолуу аймактарда жашаган жарандарыбыз шаарга келип же центрге келип тапшырганга мүмкүнчүлүгү жок. Шайлоого болсо биометрикалык паспортко тапшыргандар гана катыша алат дешкен. Экинчиден, парламенттик шайлоого катышууга ар бир партия 5 млн сом төлөйт дешти. Карапайым элден чыккан, эл үчүн эмгек кылам деген элет жердеги жөнөкөй мугалимдер, же капчыгы жукалар бул шайлоого катыша алышпайт экенин белгилешти. Бул бийлик биринчи өзүнө ыңгайлуу талаптарды гана иштеп чыгып жатат. Албетте аларда акча көп да, 5 млн сомду төлөп, кайра эле элди алдагандар бийликке бара берүүсүн каалашат. Анан элдин талабына карабай Кумтөр масалесин чечпей жатса, Жерүйдү Кыргызалтынга бербей өз кызыкчылыгын көздөгөн бийлик бул шайлоону таза өткөрөөрүнө ишенбейм. Светти кымбаттабайт деп элдин жашоосун оңдойм деп убада берип аткара албаган бийлик шайлоону да таза өткөрө албайт.
Шаирбек Маматокторов, саясатчы:
-Келе жаткан шайлоо таза өтүшүнө көзүм жетпейт. Себеби, күмөндүү биометрика деген адам укугун эске албаган ыкма менен өткөзөбүз деп, азыркы бийлик өнүккөн өлкөлөргө теңелгиси бар. Казды туурайм деп бутун сындырган каргадай болбосок эле болду. Негизи эле, шайлоо - бул укук. Ыктыярдуу нерсе. Анда неге, ыктыярдуу нерсеге жарандарды милдеттүү түрдө жеке сыпаттамаларын тапшырууга милдеттендирип жатышат? Мунун сыры да, сыры да келечекте. Жагы бир кооптуу фактор - БШКнын азыркы төрагасы. Туйгунаалы Абраимов жеткен куйту, принципсиз жана сатылма адам экени эч кимге сыр эмес. Бийлик кандай буйрук берсе, ошондой кылчу адам. Керек болсо, 100 “тубар” шайлоочудан, 130 добуш чогулта алат. Ишенип кое бериңиз. Мурдагы Акылбек Сариев алда канча таза иштегенин ошол шайлоолордун катышуучулары билет. Дагы айта кетчү нерсе, кележаткан шайлоо заманыбыздын эң кымбат жана оор шарттагы шайлоо болот. Себеби, күрөө акчанын суммасы 1000% га жогорулап, 500 Сиздин ордуна, 5 млн болду. Мурдагы 5% тосмонун ордуна 10% тосмо жаралып, майда жана орто партиялардын парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды. Албетте, мунун жакшы тарабы - партиялар ирилешип жатат, "үйлөнүшүп ", үй-бүлө куруп дегендей. Бирок, башка тарабынан, так ошол партиялардын ичинде атаандаштык жокко эсе болуп, капчыктуулар гана тизменин алдыңкы саптарында болуп калат. Демек, парламенттин кийинки курамы да сапаты жагынан азыркыдан айырмаланбайт. А түгүл, андан да начар болушу ыктымал.
Өмүрбек Абдырахман, ЖК депутаты:
-Авторитардык өлкөлөрдө шайлоо эч качан таза өтпөйт. Кечээ эле демократияга өткөн Польшада президенттик шайлоо болуп өттү. Оппозициялык кандидат Дуда 53% алды, ал эми азыркы президент Коморовский 47% алып, оппонентин биринчи куттуктады. Ал эми авторитардык өлкөлөрдө мамлекеттик жана бийликти колдогон телевидение жана радио аркылуу оппоненттер үчүн убакыт берилбейт. Информацияга болгон монополияны пайдаланып, бийлик ар күнү оппозициядагы саясатчыларды "шыбап" турушат. Конституция боюнча президент партиядан чыгып, баарына калыс жана тең болуш керек эле. А бизде президент өз партиясы үчүн гана иштейт. Күч стуктуралары, соттор, Борборшайлооком да президентке көз каранда болгондуктан, азыр бизде таза шайлоо болушу мүмкүн эмес...
Адиль Турдукулов, саясатчы:
-Ажобуз «таза шайлоо» деген ураанды кайталаган сайын, бийликтен күтүлүп жаткан президенттик жана парламенттик шайлоодон административдик ресурсту колдонуусун күтүп жатам. Эмне дегенде, 2017-жылдан кийин Атамбаевдин тынч жашоосу үчүн эки гана жолу бар. Биринчиси: ишенген кадрын Президенттик такка алып келүү. Экинчиси: азыркыдай тил уккан парламентти түзүү. Менин оюмча Атамбаев экинчи жолду тандайт. Бирок ал макстатка жетиш үчүн парламенттик шайлоодо бийлик тараптан чоң бузуулар болот. Бул жерде эң маанилүү нерсе эл буга чыдайбы же жокпу?..
Айнура Касымова, эркин журналист:
-Кандай гана шайлоо болбосун башында таза өтөт деген ишенимде болушат. Бирок, шайлоо жакындап калганда кандайдыр бир күбүр-шыбыр кептер угула баштайт. Өздөрүнүн кишисин коет деген түшүнүк пайда болот. Биз канчалык таза шайлоону күткөнүбүз менен жыйынтыгы биз күткөндөй болуп калганы өкүндүрөт. Бул жолу деле жаштарды, күчтүүлөрдү, татыктууларды сууруп чыккан тандоо болооруна көзүм жетпейт. Тилекке каршы, жыйынтыгы биз күткөндөй болбой жатканы өкүндүрөт.
Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын лидерлеринин бири:
-Көзүм жетпейт, анткени булар өтө көп байлыкты уурдашып алышты. Эми таза шайлоо өткөрүп, утулуп калууну каалашпайт. Өздөрү да билишет, эл буларды шайлабай коюшун, бул бир. Экинчиден, биометрика менен шайлоого баруу бул шайлоонун купуялыгын бузат. Анткени сиз бюллетенди салганда эле таблодон кайсы партияга добуш бергениңиз чыгып калат, а мындай нерсе чыр-чатакка сөзсүз алып келет. Азыр Атамбаев 7 партияда дапдаана жатат. Алардын кайсынысын шайласаң да ажыдаарды шайлаган болосуң. Ошентип элдин башын айлантып, элдин тандоосун өз короолоруна бургусу келишет да, биздин “Мекенчил” партиясын шайлоого киргизбегенге аракет кылышат...
Болот Баетов, жаш активист:
-Келе жаткан парламенттик шайлоо таза өтүшү азырынча мүмкүн эмес, себеби бул бийликтин шайлоону кандай ыплас өткөрөөрү Ош шаарынын мэрин шайлоодо көрүнүп калды го. Мэрди шайлоодо бир бөлмөнүн ичинеде мыйзамды бузгандар кантип эле мамлекеттик деңгээлде өткөргөн шайлоону таза өткөрүп калсын...
Тынчтык Алтымышев, журналист:
-Мен ишенбейм. Анткени, азыркы шайлоону өткөрүүгө жоопкер бийлик беш жылдын ичинде ишеним жарата алгандай иш жасаган жок. Алар сырткы коомчулукту да, элди да биометрикалык шайлоо менен алдоого аракет кылганын мурун эле билип алгам. Себеби, жаңы шайлоо мыйзамдары абдан чийки, эртеңки шайлоонун жасаламаланышына жол ачкан бойдон кабыл алынып кетти, кашайгырдыкы. Андыктан, шайлоо ким келди, ким келведи, Президент акам өззү билади...
Тимур Абылаев, саясий активист:
-Кыргызстандагы шайлоолордун бардыгы эч качан таза өткөн эмес жана мындан кийин дагы жакшы жагына өзгөрүү аз болот. Азыркы учурда шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү максатында калктан биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатышат. Кандайдыр бир деңгээлде бул жакшы демилге, бирок жаңы технологиялардын жардамы менен келээрки шайлоону ачык-айын өткөрүүгө бийликтин эрки жетээр бекен?! Өлкөбүздө болуп өткөн шайлоолордо шайлоо жыйынтыгын бурмалоо жана айрымдарга керектүү жыйынтык чыгаруу бул Борбордук шайлоо комиссиясында жүргүзүлөт. Бул баарына белгилүү маалымат. Мисалга алсак, 2010-жылы өткөн праламенттк шайлоонун жыйынтыктарын кайрадан санап чыгуу демилгеси көп көтөрүлгөн, бирок тилекке каршы ар кандай шылтоолор менен БШК беш жыл бою кайра эсептөөнү жүргүзгөн эмес. Ошондуктан, келээрки парламенттик шайлоо таза өтөөрүнө күмөнүм бар.
Келдибек Назиров, журналист:
-Бийлик шайлоону канчалык таза өткөрөбүз дебесин, баары акча менен өлчөнүп жатканда ал эч качан таза өтпөйт. Азыртадан эле КСДП партиясы баш болуп, акча чачып Ноокатта айрым иш чараларды өткөрө баштады. Ал турсун жайыттарга чейин партиялардын аттарын таш тизип жазып жатышат. Муну билген эл биздин айылга баланча сом берген партияны шайлайбыз деп ачык эле айтышууда. Административдик ресурс, жердешчилик, уруучулдук деген бар. Шайлоо Кыргызстанда эбак эле орошон сооданын борборуна айланган. Биометриялык белги болобу, башка болобу ал адамдын акыл парасатына байланыштуу. Илгери кыргыздар эки дөңсөгө таш чогултуп эле болуш шайлаган. Италиялык “Спрут” деген көп сериялуу кино бар. Ошондо Таразини деген адвокат “Акча ырдап жатканда музыканын үнү өчөт”, - дейт. Ошол сыңары шайлоонун таза өтөрүнө күмөнүм бар.
Суроо салган Аламан Ардакбек уулу
Булак: Искра Плюс

#86 01 Июнь 2015 - 17:03
kalen9001 (27 Май 2015 - 20:31) жазган:
Кайрале Атамбаев озу отурат тактыга.
Ким билет, президент айта берет, айткандан кайта берет" болобу?! Айтор,убакыт корсотот эми.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#90 02 Июнь 2015 - 21:58
AZIK01 (01 Июнь 2015 - 17:03) жазган:
<br /><font color="#0000ff"
>"Тактыны ээлеп отуруп албайм, ишимди аяктап орунду бошотом"
-деген созу бар эле го?<br /><br />Ким билет, президент айта берет, айткандан кайта берет" болобу?! Айтор,убакыт корсотот эми.</font><
br />
Суйлоп койо беретда, ким билет, шайлоо келе берсинчи
#91 03 Июнь 2015 - 13:16
Нурмухаммет созуно кошулам улуттар биримдиги шаайлого барса мен колдомокмун
#92 03 Июнь 2015 - 13:49
Республика,СДПК,
Ата Мекен деп какшагандар козунорду ачкыла!!
!Ойлон элим,болор-болбос акчага азгырылып озундун кызыкчылыгын учун алданба.
Онугуу-Прогресске добушумду бермекмин мумкунчулугум болсо эгер.Ушул партиянын иш планы мн таанышып чыккыла эринбестен. Курамында жаштар коп экен;бизди жаны муун жаны иш пландары мн гана алдыга суйрой алат.Келечектеги балдарыбыздын жакшы жашоосу учун,озубуз учун кайдыгер карабагыла.

#93 03 Июнь 2015 - 13:56
"Бирдиктүү мекендештер"
деген партияга берем добушумду.
Эмне? "Мындай партия жок?"
Анда түзө калышсын
Мага жаңы партияга ат койгонум үчүн чотур ыргытышса деле болот.
Эмне? "Мындай партия жок?"
Анда түзө калышсын

> Mен эл менен <
#94 03 Июнь 2015 - 13:58
Мындай уюшма саясий топторду олкодо жоюу керек!!!
Булар улутту болот!
#95 03 Июнь 2015 - 13:58
Мен " бутун кыргызстанга"
добушум .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#96 03 Июнь 2015 - 17:54
#99 07 Июнь 2015 - 11:09
Эмгекти сүйгөн,Кыргызстандын Бүтүндүгү үчүн берем добушумду.Эмгекти сүйөлү жаштар,Кыргызстандын Бүтүндүгүн сактайлы,Келечекке кайдигер карабайлы.Алдыдагы шайлоого сөссүз баралы,өз тандообузду жасайлы.
"Пусть лучше меня ненавидят за то, кто я есть, чем любят за то, кем я не являюсь."