Суперстан: Жүрөгүңүздү жаралай турган мырзадан байкалган белгилер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүңүздү жаралай турган мырзадан байкалган белгилер konul burunuz!

#1 Пользователь офлайн   medina.   12 Сентябрь 2015 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Келечекте бир болууга ниеттенип, мамиле куруп, баарлашып жүргөн мырзаңыз тараптан күмөн саноолор болсо, анда, эч шашылбай анын сизге болгон мамилесине жана жүрүм- турумуна байкоо салыңыз. Үй бүлө куруу жеңил- желпи жана күн сайын эле жаңылап турчу буюм эмес. Ага өтө олуттуу мамиле жасоо талап кылынат. Андыктан адашып калууга өзүңүзгө жол бербеңиз. Түбөлүгү болбогон адамдан үмүттөнүп жүрө берип, башка мүмкүнчүлүктөрдөн кур калбаңыз.

Кайдыгерлик же көңүл буруунун жетишсиздиги

Акыркы күндөрү адаттагыдай эртең менен кутман таң каалап жазбай калды. Жолугушууларды мурдагыдай болжошпой, же жолугууга келем деп, келбей койду. Себебин тушүндүрүүдөн баш тартты же ойду- тоону сүйлөп жалган себептерди айтканы билинип калды. Телефон чалсаңыз, мурдагыдай көңүлдөнүп сүйлөшпөйт, же кайра озүм чалам деп, бирок, чалбайт. Өзүңүз чалып, эмне үчүн байланышууга чыкпаганын сурасаңыз унутуп калганын айтат. Демек, бул адам менен сиздин бирге болууңузга күмөн жаралат.

Сүрөт

Сизге караганда достору маанилүүрөөк

Бош убактысынын дээрлик бардыгын достору менен өткөрөт. Ошондой эле бул учурда сизге достору менен жүргөндүгүн билдирип коюуну маанилүү деп эсептебейт. Дем алыш күндөрү мурдагыдай сейилдеп келүүгө же, киного, паркка барууга чакырбай калды. Андыктан аны көлөкөдөй ээрчигенди токтотуңуз.

Сүрөт

Зыкым

Мурункудай кафе же ашканага барып чогуу тамактанбай калдыңыздар. Майрамдарда көңүлүңүздү көтөрүп гүл десте да бербей калды. Демек, ал сизди жашоосундагы маанилүү адам катары көрбөйт, андыктан ашыкча каражат короткусу келбейт.

Сүрөт

Сүйлөшөөргө сөз табылбай калды

Сүйлөшүүлөр кыска суроо- жооп менен коштолот. Жөн гана чоочун адамдардан деле сурай турган көнүмүш ал- ахывал сурашуу менен чектелет. Экөөңүздөрдү кызыктырган башка тема такыр табылбайт. Ортодогу узак жымжырттыктан улам бири- бириңиздерден тажай баштайсыздар. Ыңгайсыздык жаралат.

Сүрөт

Көңүлкоштук

Маанайыңыз чөгүп же сыркоолоп турганыңызды байкаса деле ага маани бербейт. Же болбосо жакшынакай көйнөк кийип келсеңиз аны мактап, жакшы пикир айтып коюуга да жарабайт. Бардык тарабынан көңүлкоштугун көрсөтөт. Мындай адамдан ддагы эмнени үмүт кылууга болот?!... Ойлонуп көрүңүз.

Сүрөт

Башка айымдарга көңүл бура баштайт

Ооба, кээ бир мырзалар өтө эле адепсиздигин көрсөтөт. Сиз менен бара жатса же сейил бакта отурса ары- бери өткөн кыздарга суктана карап, алар тууралуу өз оюн айткандан уялбайт. Сизге бул оор тийээрин эске албайт. Мындай мырзадан түбөлүктүү жар күтүүгө негиз барбы?! Сергек акыл менен ойлонуп, аны өз жайына коюңуз.

Мындан сырткары...

Себепсиз кызганычтар. ..

Кээ бир мырзалар сүйгөндүгүнөн эмес, ишеничтин жоктугунан бир күндө 100 жолу телефон чалып ,кайда жүргөндүгүңүздү сурай берет. Ар дайым шектенүү менен карайт. Мындайлар адатта үйлөнгөндөн кийин сөзсүз кол көтөрөт. Сүйөт, ошон үчүн кызганат-, деген бекер кеп. Кызгануунун орду башкача болот.

Сүрөт

Мамилеси олуттуу эмес

Сүйлөшүп жүргөнүңүздөргө көп убакыт болсо деле жоро- жолдоштору, туугандары же ата- энеси менен тааныштырууга шашылбайт. Сиздин дагы жакындарыңыз менен таанышууну каалабайт. Экөөңүздөргө тиешелүү келечек тууралуу такыр кеп козгобойт, эптеп эле убакыт өткөрүүнүн айласында жүрөт. Мындай мамиленин сизге кереги барбы?!

Сезимдери байкалбайт

Эгерде анын сизге болгон сезими бар болсо, анда аны сиз сөзсүз түрдө байкайсыз. Сөздөрүнөн, көздөрүнөн, жасаган мамилесинен байкасаңыз болот. Ал эми сезими жок болсо, ал тараптан бир гана муздактык келет....

Сүрөт

Ал тууралуу эч нерсе билбейсиз... .

Анын жашоосундагы маанилүү кабарлардан дайыма артта каласыз, же таптакыр эле укпайсыз. Кандайдыр бир ийгиликке жетишкенин, окуяга кабылганын, ооруп калганын, же бир жакка барып келгенин башкалардан угасыз. Кээде кокусунан өзүнөн бир топ убакыт өткөн соң угасыз. Себеби, айдан ачык көрүнүп турат эмеспи....

Сүрөт

Жыйынтыктап айтканда, келечетк үй бүлө курууга ниеттенип мамиле курган мырзаңыздан жогорудагы белгилердин бири эле байкалса, кеч боло электе байланышты үзүңүз. Анткени мындай шартта ал бир күнү сөзсүз жүрөгүңүздү жаралап кош айтып кетет. Бул учурда катуу кыйналып калышыңыз ыктымал. Андыктан ар дайым өзүңүзгө кам көрүп, жүрөгүңүздү оорутууга эч кимге жол бербеңиз.

U


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kesh.26.   13 Сентябрь 2015 - 01:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 276
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 08 Янв 2016 07:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Хе хе хе... Кээ бир жерлери туура, кээ бир жерлери туура эмес..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   happy02   13 Сентябрь 2015 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Ситуацияга жараша баалаш керек. Кичине эле конул бура албай калса терс бурулуп кетип олтурсак анда эч ким менен малиле куруш мумкун болбой калат го. Эгер чегинен чыгып бара жатса кол шилтеп баса берууну он кором.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Holerik10   13 Сентябрь 2015 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Идеал адам жок. Бирде жакшы болот,бирде жаман болот. Иштен бошобой чалбай калса эле мээсин жей берсен болбойт,дайым эле сага конул буруп ар Жака алып бара албай калат сенден башка жакын адамдарына дагы конул буруш керек. Конулум которулот деп кечке эле белек куто бериштин дагы кажети жок,майрам кундору берсе жетишетко дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Flander   15 Сентябрь 2015 - 13:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 242
  • Катталган: 22 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Мар 2016 15:04
  • Калаасы:Баары бир мени издебейсиң.

Мм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 19:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: