3 күндөн бери күрүгүү болуп элдин сүйлөшкөнү эле абактан качкан экстремисттер-
террористтер,
эмне дейт, "жайшуль-
махдичилер"
дейби, айтор...
Форумда дин жаатында маалыматы көп адамдар бар, мына ошолордон жалпак тилде ушул агымды түшүндүрүп берүүңуздөрдү өтүнөт элем. Булар ким? Кандай максатты көздөшөт? Каалагандары эмне? Салттуу динден айырмасы канча?
Калтырган постторуңуздар баарыбызга пайдалуу маалымат болот деп үмүт кылам.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Жайшуль Махди" - бул эмне?
#2 13 October 2015 - 19:29
Жайшуль Махди бул Имам Махдинин жоокерлери деп которулса керек
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#3 15 October 2015 - 10:16
Булар ким? Кандай максатты көздөшөт? Каалагандары эмне? Салттуу динден айырмасы канча?
Биздин диний башкармачылык эмне дейт:
Запрещенная террористическая организация «Жайшуль Махди» была создана с целью построения Халифата с шиитскими ценностями,
отметил 13 октября в комментарии АКИpress сотрудник отдела фатвы ДУМК Жигитали Исмаилов. По его словам, организация «Жайшуль Махди» была создана в 2003 году в Ираке, предводители организаций были последователями направления в шиизме.
«Цель организаций – после смерти Саддама Хусейна вывести американские войска из Ирака, установить там Халифат и сохранить ценности шиизма. На сегодняшний день члены организаций продолжают свою деятельность в Ираке, Иране и Сирии. Организация «Жайшуль Махди» в Кыргызстане считается экстремистской и запрещенной. «Жайшуль Махди» означает войска Махди», - сказал сотрудник отдела фатвы ДУМК Ж.Исмаилов.

#4 29 October 2015 - 15:37
Мындай уюм дегиле Кыргызстанда болгон эмес, бийликтин ойлоп тапкан жасалма уюму. Үмөталиева үч жылдан бери дүйнөдөн издеп таппай койгон экен.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#5 29 October 2015 - 15:54
Кызык жок уюмду кантип жоктон бар кылышты экен.Мен да омурумдо биринчи жолу уктум мындай созду .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#6 29 October 2015 - 16:21
Жаны уюмбу,ойлоп табылса да турмодон качып адам олтуруп жатпайбы.Ислам тынчтыктын дини!эч кандай кан тогууго жол бербейт.Лично мен бул адамдарды колдобойм!
#7 29 October 2015 - 16:52
Жаны уюмбу,ойлоп табылса да турмодон качып адам олтуруп жатпайбы.Ислам тынчтыктын дини!эч кандай кан тогууго жол бербейт.Лично мен бул адамдарды колдобойм!
Үмөталиеванын пресс конференциясын уксаңыз, ал айтып жатат түрмөдөн качкандардын адам өлтүрүүгө тиешеси жок деп. Бул бийликтин заказы менен болгон окуя деп. Пресс конференцияны толугу менен көрүү үчүн интернеттен Адвокат Ж.Жунусов: По ситуации в СИЗО №50. Что происходит? деп издей салыңыз. Мен деле киши өлтүргөндөрдү колдобойм, ошондо Үмөталиеванын айтканы дурус болуп, качкандардын тиешеси жок болсо, мен кимди колдоп жатам, суроо ушунда.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#8 29 October 2015 - 17:26
Оа..ошондой болгон кундо да качпаш керек беле деп ойлойм..
Озу олгондун артынан соз кылып болбойт Аллах озу кечирсин!
Озу олгондун артынан соз кылып болбойт Аллах озу кечирсин!
#9 30 October 2015 - 00:20
Оа..ошондой болгон кундо да качпаш керек беле деп ойлойм..
Озу олгондун артынан соз кылып болбойт Аллах озу кечирсин!
Озу олгондун артынан соз кылып болбойт Аллах озу кечирсин!
Адам түрмөдөн качканы үчүн башка чара каралган да, өлүм жазасы эмес. Кылмыш-жаза кодексинде түрмөдөн качкандар үчүн мындай жаза каралган:
336-статья. Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу
(1) Жазасын өтөп жаткан же алдын ала камакта жаткан адам эркиндигинен ажыратуучу жайдан же камактан качканда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Алдын ала бүтүм боюнча же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган, адамдын өмүрүнө же ден соолугуна күчкө салуу менен, же болбосо мындай күч колдоном деп коркутуу менен ага тете эле курал же курал катары колдонулган нерселерди колдонуу менен жасалган жосун, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эркиндигинен ажыратуучу жайдан же камактан биринчи жолу качкандан тартып үч күндүк мөөнөттө ыктыяры менен кайра келген адам, эгерде ал жаңы кылмыш жасабаса же эгерде качуу ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар менен коштолбосо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Биз жашап жаткан мамлекетте ар бир адамдын эркиндиги менен укуктарынын коргоолусунун кепилдиги болусу керек. Мен ошону гана жазып жатам. Эртен укук коргоо кызматкерлери бей күнөө адамды атып салып жанына кара байрак менен эки дискти таштап коюп бул террорист болчу деп салбайт деген бизде кепилдик болуусу шарт. Аныгында террорист болсо террористтей жазасын алсын, аныгында болсо. Ал эми болбосо ал ак жеринен күйбөөсү керек жана өлтүрүлбөшү керек. Анын эркиндиги, өмүрү, диний тутуму кол тийгис болуусу шарт. Ал адамдын баласы "менин атам террорист болгон эмес" деп боздобошу керек атасынан айрылып, анын энеси "менин баламдын күнөөсү жок болчу" деп сыздабашы керек баласынан айрылып. Ар бир кылмышка адекваттуу жаза болушу керек.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#10 30 October 2015 - 00:34
Бул уйум такыр эле жок имишго. Анан кайдан ойлоп табышты бул уйумду тушунуксуз.
.... Терористер деп куноологон адамдарды эмне себептен абактан качырып кайрадан бирден олтурушту бул да тушунуксуз.
... Ушулардын баарын ким пландап ойлоштурду эмне себептен...
#11 30 October 2015 - 00:43
Анда эмнеге "Жайшул- магди" деп дурболон кылып, тынч жаткан элдин уройун учуруп жатышат. Кыззззык..
#12 30 October 2015 - 09:30
Мен да барган сайын бул уюмдун жыт-пыты да жок экенине ынанып бара жатам. Антпесе, эмне үчүн маалымат аз?!
Талибан, Аль-Каида, билбейм ай, дагы кандай террорчул уюмдар бар, ошолордун бири десе да жарашмак беле?
Талибан, Аль-Каида, билбейм ай, дагы кандай террорчул уюмдар бар, ошолордун бири десе да жарашмак беле?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 30 October 2015 - 11:27
Кыргызстанда жаны ачылган уюм..
Саресеп салсак эки жак тен тура болуп чыга берет экен.Булардын кылган иштерине карап баа берсек тура болчудайго. .
Саресеп салсак эки жак тен тура болуп чыга берет экен.Булардын кылган иштерине карап баа берсек тура болчудайго. .
#14 30 October 2015 - 11:37
Мындай уюм жок болсо, Саясатчылардын биринен сураса айтып койсо керек да. Ойношунун атын анан чала угуп алып"Жайнагулду"
, "Жайшул-магди"
- деп атап койсо керек да
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#15 30 October 2015 - 12:08
Мындай уюм бар же жок экенин билбеймго, бирок Иранда Махдинин армиясы деп аталган өзүнчө бир спецназ сыяктуу бир нерсеси бар. Эми булардын ага тиешеси жок болсо керек. Балким жаңы пайда болгондур. Азыр андай майда топтор көп. Укканыбыздан уга элегибиз көп дегендей эле. Бир көз караштагы 5-6 адам биригип алып эле уюм түзө коюп жатышат. Балким ошондой уюмдардын биридир. Балким чын эле андай уюм жоктур.
Бирок тиги түрмөдөн качкандардын баары террорист экенине деле ишениш кыйын. Просто бизде террорист чыкты деп айтылып эле, анан алардын баары атылып кетет. Бири да тирүү калбайт. Мурдакы 3 милиционерди атты дегендер да ошондой болгон болчу. Анан эле алардын ата-эне, туугандарынын сөздөрүн уксаң алардын террорист экенине деле ишенбей кетесиң. Билбейм, билбейм. Так бир нерсе деп айтыш кыйын...

#16 30 October 2015 - 16:58

Ассаламу алейкум Дауд мырза, Аллахым насип этип сиз менен жазышып жатканыма абдан кубанычтамын. Сиз туура жазып жатасыз, бул окуяда күмөн нерселер көп болуп жатат. Ал эми биздин мамлекеттеги мыйзамга ылайык ар бир күмөн нерсе айыптоолучунун пайдасына жоромолдонот. Түшүнүктүү болсу үчүн биздин баш мыйзамдагы статьяны жаза кетейин орусчасын п.2 ст. 26 Конституции КР гласит, что никто не обязан доказывать свою невиновность! !! Любые сомнения трактуются в пользу обвиняемого! !! Анан күмөн нерселерди бул жакка кыстыра кетейин:
1. Абактын ичиндегилер кантип 15 мүнөттүн ичинде эшикке административдик корпус аркылуу чыгып кетти? Ал жер сейилдөөчү парк эмес да? Бир башынан экинчи башына чуркап чыгып кеткендей. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар мындай жайлардын жертөөлүндө кармалышат. Анан үч камера бир убакта кантип ачылып калды? Жертөөлдөн биринчи кабатка чыга берүүчү жеринде темир тор эшиги болот, анын ачкычы жертөөлдү кайтарган адамда гана болот. Биринчи кабатты кайтарган адам жертөөлдөгү эшикти ача албайт, ал эми жертөөлдү кайтарган кызматкер биринчи кабатка кирүүчү эшикти ача албайт. Анан ал эки эшик кантип ачылып калды? Ошондой эле темир тор эшик админситративдик корпустун кире беришинде аларды күтүп турган. Анан ошонун баарын ачтырып, камеранын эшигин, жертөөлдөн чыгуучу эшикти, биринчи кабатка кирүүчү эшикти, биринчи кабаттан чыгуучу эшикти, административдик корпуска кирчү эшикти, мунун бары темир тордон эскертип коёюн, 15 мүнөттө кантип алар сыртта болуп калышты. Ар бир эшикти бир эле адам ачалат, башка адам ача албайт. Мына ушул мени ойлонткон биринчи күмөн.
2. Абактан качты делгенде түрмө башкармалыгы түрмөдө качуу болуп жатканда жарым саат электр жарыгы жок болгон деп пресс конференцияда айтып чыкса Түндүкэлектро ал күнү түрмөнүн электр жарыгын өчүрбөгөндүгү тууралуу маалымат беришкен. http://www.[moderated]/ obschestvo/20693_oao_severelektro_soobschaet_o_tom_chto_v_moment_pobega_zaklyuchennyih_iz_sizo_50_svet_ne_otklyuchali_/ бул менин экинчи күмөнүм. Түрмөдө болуп жаткан нерселерди тартып жаткан видеокамералар ал күнү иштебей турганын жазбай эле коёюн.
Эми "террористтер" тууралуу күмөндөрүмдү жаза кетейин.
Муратбек Жумалиев. Билген адамдар ал Токмок шаарынан кармалганын айтып жатышат. Токмок шаарында кыргыз кыздарын чет мамлекетке сойку кылып иштетүү үчүн алып барып жүргөн бир эже-синди бар экен. Ошол эже-синди бир кичине кем акыл адамдын, ошол эже-синдиге жээн болот экен, карындашын ошентип сойку кылып чет мамлекетке алып барып таарынтып койгон себебинен жээни аларды өлтүрөм деп келет. Эже-синдини кыздары менен ал адам бычактап салып, ал жерден кетүү үчүн такси чакырат. Шоорду таксист тиги ыраматлык Муратбек Жумалиев болгон экен. Заказ келсе таксист бара берет да, ал кайдан билет чыкырган кардары эмне иш кылганын. Кем акылды жеткирчү жерине жеткиргенде тиги адам акчасы жок экенин атып бир телефон таштап кеткен экен. Ошентип Жумалиев кардарын жеткирип койгону үчүн "киши өлтүргүч" болуп биринчи, анан "террорист, экстремист Жайшуль Махдинин мүчөсү" болуп калды. Анык киши өлтүргөн адам "Жумалиевдин эч кандай тиешесижок" деп жазып бергенине карабай ал шоорду киши өлтүрдү болуп соттолуп кеткен экен. Бир тууганы кийин пресс конференцияда айтып жатпайбы "бир тууганым динчил болгон эмес. Беш маал намаз да эзели окуган эмес. Ак жеринен камалып, күнөөсүз жети жыл абакта жаткан" деп. Беш маал намаз окубаган, эзели динчил болгон эмес адам анан кантип "исламчыл террорист, Жайшуль Махдинин мүчөсү" болуп калат?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#18 30 October 2015 - 18:58
АЛАР ТЕРРОРИСТ ЭМЕС ДЕЙБИ ??? Бул Эмне деген ШУМДУК !!! деп издеп корсонор интернеттен табасынар
#19 30 October 2015 - 22:07
АЛАР ТЕРРОРИСТ ЭМЕС ДЕЙБИ ??? Бул Эмне деген ШУМДУК !!! деп издеп корсонор интернеттен табасынар
Рахмат, өтө кызыгуу менен көрдүм.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#20 30 October 2015 - 22:17
Күмөндүү нерселерди кыска-кыска жазайын эми, силердин кыжырынарга тийбей. Эмне себеп ал качкындарды бир-эки жуманын ичинде башка түрмөлөрдөн алдырып, ошол түрмөгө жыйнаган. Жөн гана жыйнабастан аларды сүрөткө тартып дааналап даярдашкан.
Беш-алты жыл түрмөдө отурган адамдар буга чейин сүрөткө түшүрүлбөй эмне үчүн качуунун алдында сүрөткө түшүрүлүшкөн.
Эмне себептен окуя кандай болгонун тактап айтып бере алчу адамдар мынчалык аёсуз өлтүрүлдү. Айыптоолучу Мусуралиев,
кылмышкер эмес, себеби сот өкүмү чыга элек болчу ал балага, тергөө жүрүп жаткан ага карата, эмне себептен өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар менен бир камерада болуп калган. Жана башка толтура ушул сыяктуу күмөн нерселер көп болуп жатат. Жогоруда жазып кеткендей баш мыйзам боюнча ар бир күмөн нерсе айыптоолучунун пайдасына жоромолдонот.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео