Саясаттын сооп жана күнөөсү
"Саясат"
сөзү "башкаруу"
маанисин билдирип, жетекчи кол астындагыларды башкаруусу түшүндүрүлөт.
Саясат жеке адамда, коомдук турмушта жана мамлекетте жүргүзүлөт.
Кайсы бир ишти кылуу менен көпчүлүктүн аң-сезимин башка бир тарапка буруу саясий иш дейилет. Мисалы Америка Эгиздер деп аталган кабаттуу үйдү кулатуу менен өз элин жада калса башка элдердин аң-сезимине Ислам жана мусулмандарды согушкер катары көрсөттү. Бул ой пикирден дале эл чыгып кете элек. Же болбосо Россиянын бюджет танкыстыгын жоюу үчүн токой өртүн чыгарганы сыяктуу. Дагы бир мисал Англиянын Халифалык мамлекетти кулатуудагы Мустафа Кемалди колдонгону сыяктуу(1924-жыл 3-март).
Бүгүнкү күндө президент, примьер министр андан ары айыл башчылар элди - эл ойлоп тапкан мыйзамдар негизинде башкарып, саясат жүргүзүшүүдө.
Саясат арамбы? Саясат тактап айтканда элди башкаруу арам дей турган болсок, анда кайсы бир мезгилде пайгамбар Мухаммад с.а.в элди башкарды, андан кийин анын асхабдары башкарууну колго алып Испаниядан Индонезияга чейинки аралыкты камтыган Ислам мамлекетин башкарышты,
саясат жүргүзүштү.
Бул мезгилдер тарых барактарына алтын тамгалар менен жазылып калды. Арийне, пайгамбар жана андан кийинки Халифалар элди башкарууда карманышкан мыйзамдар Куран жана Сүннөттөн алынат болчу. Мындай таризде жүргүзүлүп жаткан саясатты арам деп баш ийбей эмес, балким баш ийүүсү милдеттүү түрдө болот эле. Кой союлган бычак менен адам сойулса мындай учурда бычак жаман болуп калбайт. Балким адам союу иши жаман иш болуп саналат. Бүгүнкү күндө сасясатты арам дегендер мына ушул бычак эмне да, бычак аркылуу аткарылып жаткан иш эмне ажыратып алуулары керек. Ооба бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан саясат арам. Анткени бул саясат Куран жана Сүннөткө негизделбестен адам ойлоп тапкан мыйзамдарга негизделген.
А мусулмандарга Куран жана Сүннөттөн башкага баш ийүүгө Аллах Таала уруксат берген эмес. Эми ушул кезеңде дагы бир көрүнүштү айтпай койсок болбойт. Кээ бир мусулман бир туугандарыбыз саясаттын өзүн арам дейт да, арамга айланган саясатка катышып жүргөнүн көрөбүз. Макул саясат арам дейли. Саясатты жүргүзүп жаткандар арамзаада. А ушул саясатка баш ийип жаткандар ким анда. Алты күн арак ичип жетинчи күнү желбиреген,
же эмне деп айтып жатканын жээктеп алып кемирбеген,
болгону “ИншаАллаh” деп айтып койсо шайлоого барып, “Бизге саясатыңды жүргүзө бер”- деп шайлап коюп жатышат. Анан айта келсең саясат арам деп алкымдуу боло башташат. Мына бир тууганым жогорудагы пикирлерден жыйынтык чыгара турган болсок “Саясат” бул жөн гана башкаруу, жетектөө. Аны Аллах берген мыйзамга негиздеп АДАЛ кылып алса болот же адам ойлоп тапкан мыйзамга негиздеп АРАМ кылып алса болот. Бул жагын өзүң ойлонуп, туура чечимге келерсиң!
Саясат деген эмне? Саясат дегенде эмнени түшүнөсүз?
#3 15 August 2015 - 15:00
Саясат дегенде эмнени түшүнөсүз?
«Саясат ыпылас, сасык иш, аны менен диндарлар алектениши мүмкүн эмес» деген сөздү кандай түшүнөсүз?
Президент, премьер-министр, жогорку кеңеш депутаттары жана башка саясат менен иш алып барып жаткан саясий адамдар ыпылас иштер менен алектенип жаткан ыпыластарбы? Аларды ушул иштер менен алектениши үчүн шайладыңызбы? Ушул иштерди аткарышында аларга моюн сунасызбы?
«Саясат ыпылас, сасык иш, аны менен диндарлар алектениши мүмкүн эмес» деген сөздү кандай түшүнөсүз?
Президент, премьер-министр, жогорку кеңеш депутаттары жана башка саясат менен иш алып барып жаткан саясий адамдар ыпылас иштер менен алектенип жаткан ыпыластарбы? Аларды ушул иштер менен алектениши үчүн шайладыңызбы? Ушул иштерди аткарышында аларга моюн сунасызбы?
#4 21 August 2015 - 06:48
Саясат татаал нерсе.Кээлердин ан-сезимине синип калбадыбы акыркы убакта "Балтабай,
Тешебайдан бери саясатчы"
Айта берсен соз коп.Бул союз кулагандан бери адамдар окшошсо,окшошпосо саясатчы болууга бел байлады.Бирок,
созсуз эле мансапка жетуу учун эмес,мекен учун саясаттан кабардар болуу ашыкча болбойт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#5 22 August 2015 - 17:55
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#6 25 August 2015 - 22:49
Америка Эгиздер деп аталган кабаттуу үйдү кулатуу менен өз элин жада калса башка элдердин аң-сезимине Ислам жана мусулмандарды согушкер катары көрсөттү.
Эмне деп койгонуңу өзүң түшүндүңбү? "Бүткүл дүйнөлүк соода борбору" жайгашкан көп кабатттуу 2 имаратты Америка өзү кулаткан жок, аны мусулман террористери жардырып, жер менен жексен кылышпадыбы. Анан алар согушчандар эмей эмне, самолет менен пицца таратуучуларбы? !
#7 26 August 2015 - 15:43
Саясат бул - куралдуу согуштун, куралсыз мыйзам турундо уланышы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 26 August 2015 - 15:47
саясат бул оюн
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#9 08 September 2015 - 23:15
Саясат деген эмне экенин айрыкча биздин кыргыз олкосундо биринчи класстын окучусунан бери абдан жакшы тушунуп калышты,беш жыл жым дебей отурушат беш жыл аяктаганда ырчы чоорчуларын ээрчитип туро айыл апаны кыдырып ат тезегин кургатпай каттап калышат,эптеп септеп жогорку кызматка отурду болду ал адамды келерки беш жыллын шайлоосунда гана коро аласын.
#11 09 September 2015 - 16:06
Бир агайым айткан болчу. Саясатчы деген созду грек тилинен которгондо жалганчы дегенди тушундурот экен.
#12 27 September 2015 - 01:01
Жарды мамлекеттин эли саясатчы болот дейт даанышмандар.
Туура айтылган соз. Жогоруда айтылыптыр;
Американын коп кабаттуу уйун мусульман террорчулар кыйраткан деп. Андай жыйынтык менен биз адашкан болобуз урматтуу мусулман бир тууган. Ислам дини эч качан бузукулукка,
адам олтурууго, кыйратууга,
зыян келтирууго жада калса бироого катуу суйлоп, конулун оорутууга жол бербейт жана ага ундобойт. Мусулман элден чыккан адам ошондой ишти жасаган болсо, анда ал мусулман эмес.
#13 27 September 2015 - 02:24
Саясат дегенде эле сразу негатифтик коз карашта болуу туура эмес. "Саясат"
деген соз араб тилинен алынган соз. Мааниси "башкаруу"
дегенди билдирет. Уй булону башкаруу - уй було саясаты. Мамлекетти башкаруу - мамлекттик саясат. Ишкананы башкаруу - ишкана саясаты деп эсептелет. Эгер саяст жаман болуп жаткан болсо саясатта (саясат деген терминде) куноо жок, саясатчыда куноо. Анткени саясат саясатчыдан коз каранды болот.
#14 29 September 2015 - 21:58
#15 03 October 2015 - 00:41
Бир агайым айткан болчу. Саясатчы деген созду грек тилинен которгондо жалганчы дегенди тушундурот экен.
Ал агайыңыз азыркы саясатчыларды айткан экен да. Бирок агайыңыздын айтканын да жан бар. Саясат деген бул политика...
"МЫ часто обманываем самих себя. Мы думаем, что мы особенные, но судный день действительно покажет, какие мы особенные."
#16 05 October 2015 - 23:43
Saiasat degen suunu ylailatyp alyp balyk karmoo.
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#17 06 October 2015 - 08:41
сайасат деген сайасат жеп жутарды сайратат мамлекет елдин, туйшугун артырып кундо баратат, алдай берсе ушинтип бир куну жарга такашат!
#18 06 October 2015 - 09:10
Тема "саясат бул арамбы, же адалбы" дегендин тегерегинде талкуу экен. Ошол үчүн тиешелүү бөлүмгө жөнөтүлдү.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."

Супер-Инфо
super.kg
видео



















