Карыз – күлүп келип, ыйлап кетет… Шерзат Шамшиев
#1 26 September 2015 - 20:42
بسم الله الرحمن الرحيم
Тема: Карыз тууралуу болмокчу
(аңгеме окуяларды жазсаңыздар болот.) Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-дубасы болсун) мечитке кирсе, Абу Умама аттуу сахаба олтурган экен. Пайгамбарыбыз анын жанына келип:
– Намаз убактысы кире элек, мечитте эмне кылып отурасың? – деп сурады.
– Карызымды төлөй албай, сарсанаа болуп отурам, деди Абу Умама. Пайгамбарыбыз анын жанына отуруп:
– Сен эрте менен жана кечинде Аллага кайрылып: “Аллахумма, ауузу бика минал хамми вал хузни, ва ауузу бика минал аьжзи вал касал, ва ауузу бика минал жубни вал бухли, ва ауузу бика мин голабатид-дайни ва кахрир рижаал” деп айтып жүргүн – деп үйрөттү.
(Бул дубанын мааниси: Оо, Жараткан, санаа жана кайгыдан, алсыздык жана жалкоолуктан, чыдамсыздык менен сараңдыктан, карызга батуу жана адамдардын басмырлоосунан сактоону Сенден суранамын).
Кийин Абу Умама: Ушул дубаны окуй баштагандан кийин Алла ишиме ийгилик берип, карызымдан кутулуп кеттим – деп айткан.
Пайгамбарыбыз үйрөткөн жогорудагы дубаны жакшылап карай турган болсок, байлык, акча, дүнүйө деген сөздөрдү кезиктире албайбыз. Бирок, дубанын негизги максаты дал ушулар тууралуу болуп жатат. Анткени аны пайгамбарыбыз карызынан кутула албай жаткан адамга үйрөткөн. Азыркы заман талабына ылайык байуунун жолун үйрөтүүчү бизнес-тренерлердин айтканына кулак төшөсөң, байлык акчага тиешелүү эмес экендигин жана акча издебей, акча табуу жолун издөө керектигин кан-какшап айтышат. Жогорудагы дуба пайгамбарыбыздын адам затка жашоо мыйзамын үйрөтүүчү улук инсан экендигин дагы бир жолу айгинелеп турат. Дубада адамга ийгилик алып келүүчү жолдордун баары айтылган. Анда эмесе дубаны кайрадан чечмелеп көрөлү.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#2 26 September 2015 - 20:45
Санаа.
Учурдагы өтө көйгөйлүү маселелердин бири – санаага алдыруу. Санаа адамдын убактысын коротуп, физикалык жөндөмүн азайтуучу фактор. Иши жүрүшпөй, бир аз кыйынчылыкка дуушар болгон адам өзүн санаага алдырып коёт да, иштөө мүмкүнчүлүгүнөн толук айрылып калат. Ал биринчи кезекте дал ушул “сары-санаадан” өзүн алып чыгуу жолун тапмайынча, ишин алдыга жылдыра албайт. Убакыт өткөн сайын иши артка кетип, санаасы көбөйө берет да, акыры толук бойдон өзүн башкара албай калат.

#3 26 September 2015 - 20:46
Кайгы.
Адамдын ой жүгүртүүсүнө жана сергектигине тоскоол болуучу дагы бир нерсе – кайгы. Болор-болбос нерсеге бир аз кайгыруу адамдын ошол күнү текке кетти деген сөз. Жоопкерчиликтүү адам кайгырып отуруп калса, кайгы аны санаага батырат. Натыйжада санаага баткан адам жогоруда айтылгандай өзүн-өзү жоготуп алуусу толук мүмкүн.

#4 26 September 2015 - 20:47
Алсыздык.
Адам тамак-аштын начарлыгынан же уйкунун аздыгынан алсырап чарчашы мүмкүн. Кээде жогоруда айтылган санаа менен кайгы да адамды алсыратып коёт. Ошондуктан “Ашасаң ашка, иштесең ишке” тойбогон убакта ар дайым чыйрак болуп, өзун сергек алып жүрүү зарыл. Антпесе алдуулар алга жылып, алсыздар тебеленип кала берери бышык.

#5 26 September 2015 - 20:49
Жалкоолук.
Алсыздыктын артында көбүнчө жалкоолук жолдош болуп турат. Жалкоолукту адам өзү пайда кылып алат. Алдындагы ишти аткаруу колунан келип турса да, аны эртеңкиге калтырып, анын ордуна нафсисине жаккан, бирок пайдасыз нерсе менен алек болуу адамга жалкоолуктун эшигин ачып берет. Адамдын напсиси эч качан кыйналууну каалабайт, оор жумушту калтырып коюу напсиге бир жагып калгандан кийин, көнүмүшкө айланат да, адам кантип жалкоолордун короосуна кирип калганын өзү да билбей калат.

#6 26 September 2015 - 20:50
Чыдамсыздык.
Адамдардын баары эле иш баштай алат, бирок алардын кээ бирөөлөрү гана ишин ийгиликтүү алып кете алат. Мунун негизги себеби – чыдамдуулук. Соода болобу, курулуш болобу, кайсы эле жумуш болбосун баштагандан эле ийгилик менен коштолбойт. Сөзсүз түрдө кыйынчылык, тоскоолдуктар болот. Мына ошол тоскоолдуктарга чыдап, сабыр кылган адам гана ийгиликке жете алат. “Кыбыраган араба менен кыр ашат” деген ушул.

#7 26 September 2015 - 20:51
Сараңдык.
Адамдагы бул сыпат да иштин илгери болуусуна кедергисин тийгизбей койбойт. Өзү тапкан акчага жарытылуу кийинбей, бала-чакасына чеке жылытарлык кубаныч тартуулабай сараңдык менен дүнүйө топтогон адамда кайдан береке болсун? Акчаны акча табат. Канча көп жумшасаң кирешеси да ошончо болот эмеспи. Бирок, жумшоо керек экен деп чектен чыгып кетүү ысырапкорлукка алып баруусу да мүмкүн. Ошондуктан тапкан малды туура, так иштете билүү зарыл.

#8 26 September 2015 - 20:53
Карызга батуу.
Карыз – адамды бул дүйнөдө гана бактысыз кылбастан акыретине да зыян тийгизет. Карызы бар адамдын карызы төлөнмөйүнчө сурак-соболу оор болору маалым. Ошондуктан көр башында өлгөн адамдын жакыны “Кимдин маркумдан аласа-бересеси болсо, мага кайрылсын” деп кайрылат. Карызга батуу адамдын жашоосуна, ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келет. Карызын төлөй албай, анын айынан жанын кыйып алгандар канча. Арызга батып, үйжайынан, бала-чакасынан ажырап селсаяк болуп талаада калгандар канча. Карыз алган күндөн аны кайтарып бергенге чейин эмне деген кайгылуу күндөр болбойт? “Төлөй албай калсам кантет” деген санаа менен уйкусуз түндөр өтөт. Ошондуктан кредит сыяктуу арам иштерден алыс болуу зарыл. Ал эмес адал болгон карызды алуудан да этият кылуу керек. “Карыз – адамдын аброюн жана динин алсыздатат” деген сөз өтө туура айтылган. Колуңдан келсе карыз алба, алсаң батыраак кутулууга аракет кыл. Болбосо, карыз үстүнө карыз кошулуп, кайсы бир күнү үйүңдү таппай калууң турган кеп.

#9 26 September 2015 - 20:54
Адамдардын басмырлоосу.
Бул да кайсы бир деңгээлде карызга тиешелүү. Карыз алган адам карыз берген адамдын алдында өзүн алсыз, бечара сезери белгилүү. Ошол эле учурда карыз берген адам өзүн өйдөрөөк сезип, сени басынтуусу мүмкүн. А эгер карызын убактысында бере албасаң, оозуна келгенди оттоп каалагандай сөгүп-багып салуусу да мүмкүн. А сен ага эч нерсе дей албайсың. Мына ушундай басмырлоо – адамдын ички дүйнөсүн алсыздатып, башкалардан өзүн төмөн сезүүгө алып келет да, убакыт өткөн сайын ичинен жеп олтуруп адамды оорукчан, же эч нерсеге жөндөмсүз бир бечара кылып коёт. Демек, урматтуу окурман, пайгамбарыбыздын Абу Умамага үйрөткөн эки ооз дубасы адам баласынын тээ кыяматка чейинки бактылуу жашоосун көрсөткөн ачык-айкын жол экенин күбө болдук. Адам затка ибадаттын түрлөрүн гана эмес, жашоо мыйзамдарын толук үйрөткөн пайгамбарыбыздын ар бир сөзүндө биздин ар бир мүнөтүбуз үчүн зарыл болгон асыл эрежелер сакталып жатканы жалган эмес. Болгону, биз аны туура түшүнүп, жашообузда туура колдоно алсак болду. Мындан ары эртең менен жана кечинде жогорудагы дубаны окуп, чын ыклас менен Аллага кайрылып, Ага сөйөнүп, ага тобокел кылып, Анын гана көрсөткөн жолу менен жашасак, эч качан жогоруда айтылган кыйынчылыктарга дуушар болбойбуз.

#10 26 September 2015 - 21:20
Таасирлүү окуя...
Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат: «Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: «Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың» – деп айтат. Ойгонуп кеткен кедей, сүйүнүчтөн жинди болуп кетейин деди. Ошол эле күнү болгон камын көрүп Мисирге жолго чыкты. Ысык чөлдө суусуз, тамаксыз «иттин күнүн» көрүп Мисирге жетти. Бирок, анда барышы менен эле жыргап кеткен жок. Мисирдин көчөлөрүн кечке кыдырып чарчады. Казынанын да байлыктын да дайыны жок. Азык-оокаты түгөнүп, тилемчилик кылууга туура келди. Алды-кийин мындай ишти кылып көрбөгөн жаны элден уялып, кеч кирип, караңгы түшсө анан суранайын деп, бир чоң үйдүн эшик алдына отура кетти. Ошол убакта жумуштан келе жаткан маале башчысы эшигинин алдында отурган чоочун адамды көрүп калды, аны ууру го деп ойлоп, жакасынан тартып тургузду:
– Менин үйүмдүн алдында эмне кылып отурасың, чыныңды айт, болбосо камап салам?! Капыстан эле урчуудай болуп, опурулган эмеден чочуп кеткен тиги:
– Токто, урбагын, чынымды айтамын, – деп жалынып жиберди.
– Чоочун экениңди түрүңдөн көрүп турам, эгер чыныңды айтпасаң бардык уурулардын сазайын сенден чыгарам, – деп ачууланды үй ээси.
– Мен ууру да, качкын да эмесмин, – деп сөзүн баштады тиги. – Мен бир күнү түшүмдө Мисирде казына бар экендигин көрүп, ошону издеп келген Багдаттык бир бечарамын.
Маале башчынын күлкүсү келип, тигинин жакасын коё берди да:
– Сенин ууру эмес экендигиңе ишендим, бирок акмак эмес экендигиңе ишене албай турам. Мен канча жылдан бери, «Багдаттаяяяяяяс, баланча жерде, баланча үйдүн алдында казына катылган» деп түш көрөм. Бирок бир жолу да ал тарапка барууну ойлогонум жок. Сен болсо бир жолу түш көрүп, жетип келипсиң, – деди. Маале башчынын андан ары эмне деп сүйлөп жатканы тигинин кулагынын сыртынан кетти. Ал жинди болгон сыяктуу маале башчысынын колунан өпкүлөп, жалынып жиберди. Таңданган маале башчы «Бул жөн эле акмак эмес, биротоло жинди болуп калган эме го» деп, акырын колун тартып алды да, үйүнө кирип кетти. Тиги болсо, «Оо, Аллахым, мен Сенин жардамыңдан үмүт үзгөн эмес элем. Казынанын үстүнө жашатып койгонуң үчүн Сага чексиз шүгүрлөр болсун» – деп чекесин жерге коюп сеждеге жыгылды. Көрсө, маале башчы «түбүнө казына катылган» деп, дал ушул кишинин үйүн айткан экен.

#12 27 September 2015 - 08:18
Пайдалуу маалыматтар учун ыраазычылык Татли Мелек .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#14 29 September 2015 - 13:02

Алхимик го бул
#15 14 October 2015 - 09:59
Менден бир эже карызга билет алган болчу 15500сомго, эми учпай турган болуп акчасын бербейм деп атат, а билетин акчасын менин мойнума илинип калды,анткени билетти кайтарууга мумкун эмес, баарын биле туруп бербейм деп атат. Карызды кайтаруу учун дуба билсениз,бул жерге жазып койсонуз, анткени 15мин чон акча ошол акчаны табыш учун почти 2 айлык акым кетип калат экен.Аябай ойлонуп жаман болуп атам.
#16 25 October 2015 - 10:04
Оку, бирок ыйлаба! «ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ»
"КОЛУНДАГЫ АДАМДЫН КАДЫРЫНА ЖЕТ"
– Кайда барасың? – Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм...– Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!.. Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап, жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип башталчу болду. Жумушка барам, андан ары кыздар, той, тамаша... Мен качан ушул нерсени адатка айлантып алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп болсо, укмуш жашасак экен...» деп ойлошот. А бирок бечаралар так ошол акча алардын күйөөсүн бузарын билишпейт. Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады, төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийинайласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм менен өзүм болуп жүрүп балдарымдын кандай чоңоюп калганын байкабай калыптырмын. Кезектеги «чоң казатта» мен уруп жаткан апасынын үстүнө түшө калып чырылдаган кызымды жиним менен түртүп жибердим. Кызым сенделе бурчка барып туруп калды да: – Мен сизди жек көрөм!- деди. – Эмне-е?.. – Апамды эмнеге урасыз?! Эмне кылды сизге?! Өзүмө келип соолуга түштүм. Калчылдап мени тиктеп, көзүнөн каары чыгып турган 12 жашар кызды эмес, чоң адамды көргөндөй болдум. Шалдайып отуруп калдым. «Качан булар чоңоюп кетишкен?..» дедим ичимден. Ошондо балдарымдын менден алыс чоңоюп калганын байкадым. Мен келсем тамак жеп жаткан жеринен туруп же сыртка чыгып кетишет. Мага эң оор жаза ошол болду. Аны да аялымдан көрүп «сениби, шашпа, акмак, балдардын көзүнө мени желмогуз кылып көрсөтүп жатасың!.. » деп кекендим. Ошол күндөн баштап аялым менин эң биринчи душманыма айланды. Эми ачык эле анын көзүнчө көңүлдөштөрүм менен сүйлөшүп, жасанып чыгып кеткенге өттүм. Бул арада мен бир аялды жактырып калдым. Ажар мени эмнеси менен арбап алды билбейм, менден алты метр алыс качып жатканына да карабадым. Эркектер табиятыбыздан аңчы болот окшобойбузбу. Канчалык өзүнө жолотпой качкан сайын, аны жеңүү менин кумарыма айланды. Бир максатты көздөсөм, ага баары бир жетем. Артынан калбай жүрүп Ажарды да макул кылдым. Биротоло сөзүбүздү бекемдеп, мен үйүмдөн чыгып кете турган болдум. Ошол күнү аялым жумушта, балдарым сабакта кезде үйгө бардым. Эч ким менен урушуп-талашпай эле, акырын кетип калууну чечтим. Кийимдеримди салып, өзүмө тиешелүү документтерди таппайм. Үйдү чаң ызгыта тинтип айлам кетти. Акыры ачкыч менен бекитиле турган шкаф бар эле, ошол көзүмө урунду. Бир уруп ачтым. Издегенимди таптым. Нике тууралуу күбөлүк, менин паспортум жана бир нече кагаздар жүргөн экен. Көңүл коюп карасам, аялымдын медициналык баракчасы экен. Ошондо гана шкафтын ичи дарыга толо экенин көрдүм. Рак! Аялым рак менен ооруп жүргөнүнө бир жыл болуптур. Шалдырап колумдан кагазым түшүп отуруп калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу корктум. Балдар эмне болот? Мен эмне болом? Үй-жай, урук-тууган? .. Акыркы жылдары эч ким менен ишим болбоптур. А Наргиза үйдү, сыртты, тууган-туушканды, катышты, баарын өзү тейлеп келген. Канча отурдум ким билет, эшик ачылып Наргиза кирип келди. Тобо, ал ушунчалык карып кеттиби? 37 эле жашта го... Эмне көрдү бул өмүрдө байкушум? Экөөлөп бизнес баштаганбыз. Мага жардам берип жүрүп эле эки баланы төрөдү. Эми жашообуз жашоого окшошуп баратканда менин таскагым чыкты. Ал бөлмөгө бир көз жүгүртүп алып, оор улутунду. – Кетесиңби?- деди чарчаңкы. Унчуга албадым. Ал ордунан туруп баратканда баракчаны бетине такай бердим. – Бул эмне, ыя? – Бул – оору, бул – өлүм...- деди жай гана. – Эмнеге мага айткан жоксуң? Эмнеге жашырдың?- дедим демите, колум көнүп калгандай көтөрүлүп. Наргиза мени таң кала тиктеп алды. Бакырайган көздөрүнөн аккан жашты көрүп, колум өзүнөн-өзү түшүп калды. – Эмнеге жашырдың? Эмне кылам эми? – Бара бер, колуңду кармабайм... - деди аялым. А мен кете албадым. Ошол күнү кечке шаар аралап басып жүрдүм. Көз алдыма жубайымдын жаш кези, үмүткө, сүйүүгө толгон жүзү тартылып баратты. Ишенбейсиңер, бирок ошол түнү мен аялымдыгана өмүр бою сүйгөнүмдү түшүндүм. Башка аялдар жөн гана көңүл ачуу, адреналин экен. Атүгүл Ажар да... Таң агарганда гана үйгө келдим. Наргиза уктап жаткан экен, анын кубарган жүзүнөн сылап отуруп көзүмдөн жаш тегеренип, жаак ылдый агып турду. – Ал аял менен бактылуу болушуңду каалайм!.. - деди көзүн ачпастан. – Жок! Мен акмакмын! Мен билбепмин, бактым жанымда экенин аңдабапмын! – Мен балдарым үчүн аты жаман ооруну жеңем. А сен бара бер...- деди. Бирок ал айткан сөзүнө турган жок. Ооруну жеңе албай жүрүп, бир жылдан кийин каза тапты. Бир күн да жанынан чыккан жокмун, алып барбаган доктурум, таппаган дарым калбады. Өмүрүнүн акыркы күнү гана мени карай жылмайып: «Сен эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон турбайбы. Мен сени кечирдим! »- деди. Бирок мен өзүмдү кечире албай жашап келем.

#17 29 October 2015 - 16:51
Таасирлүү окуя...
Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат: «Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: «Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың» – деп айтат. Ойгонуп кеткен кедей, сүйүнүчтөн жинди болуп кетейин деди. Ошол эле күнү болгон камын көрүп Мисирге жолго чыкты. Ысык чөлдө суусуз, тамаксыз «иттин күнүн» көрүп Мисирге жетти. Бирок, анда барышы менен эле жыргап кеткен жок. Мисирдин көчөлөрүн кечке кыдырып чарчады. Казынанын да байлыктын да дайыны жок. Азык-оокаты түгөнүп, тилемчилик кылууга туура келди. Алды-кийин мындай ишти кылып көрбөгөн жаны элден уялып, кеч кирип, караңгы түшсө анан суранайын деп, бир чоң үйдүн эшик алдына отура кетти. Ошол убакта жумуштан келе жаткан маале башчысы эшигинин алдында отурган чоочун адамды көрүп калды, аны ууру го деп ойлоп, жакасынан тартып тургузду:
– Менин үйүмдүн алдында эмне кылып отурасың, чыныңды айт, болбосо камап салам?! Капыстан эле урчуудай болуп, опурулган эмеден чочуп кеткен тиги:
– Токто, урбагын, чынымды айтамын, – деп жалынып жиберди.
– Чоочун экениңди түрүңдөн көрүп турам, эгер чыныңды айтпасаң бардык уурулардын сазайын сенден чыгарам, – деп ачууланды үй ээси.
– Мен ууру да, качкын да эмесмин, – деп сөзүн баштады тиги. – Мен бир күнү түшүмдө Мисирде казына бар экендигин көрүп, ошону издеп келген Багдаттык бир бечарамын.
Маале башчынын күлкүсү келип, тигинин жакасын коё берди да:
– Сенин ууру эмес экендигиңе ишендим, бирок акмак эмес экендигиңе ишене албай турам. Мен канча жылдан бери, «Багдаттаяяяяяяс, баланча жерде, баланча үйдүн алдында казына катылган» деп түш көрөм. Бирок бир жолу да ал тарапка барууну ойлогонум жок. Сен болсо бир жолу түш көрүп, жетип келипсиң, – деди. Маале башчынын андан ары эмне деп сүйлөп жатканы тигинин кулагынын сыртынан кетти. Ал жинди болгон сыяктуу маале башчысынын колунан өпкүлөп, жалынып жиберди. Таңданган маале башчы «Бул жөн эле акмак эмес, биротоло жинди болуп калган эме го» деп, акырын колун тартып алды да, үйүнө кирип кетти. Тиги болсо, «Оо, Аллахым, мен Сенин жардамыңдан үмүт үзгөн эмес элем. Казынанын үстүнө жашатып койгонуң үчүн Сага чексиз шүгүрлөр болсун» – деп чекесин жерге коюп сеждеге жыгылды. Көрсө, маале башчы «түбүнө казына катылган» деп, дал ушул кишинин үйүн айткан экен.
Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат: «Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: «Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың» – деп айтат. Ойгонуп кеткен кедей, сүйүнүчтөн жинди болуп кетейин деди. Ошол эле күнү болгон камын көрүп Мисирге жолго чыкты. Ысык чөлдө суусуз, тамаксыз «иттин күнүн» көрүп Мисирге жетти. Бирок, анда барышы менен эле жыргап кеткен жок. Мисирдин көчөлөрүн кечке кыдырып чарчады. Казынанын да байлыктын да дайыны жок. Азык-оокаты түгөнүп, тилемчилик кылууга туура келди. Алды-кийин мындай ишти кылып көрбөгөн жаны элден уялып, кеч кирип, караңгы түшсө анан суранайын деп, бир чоң үйдүн эшик алдына отура кетти. Ошол убакта жумуштан келе жаткан маале башчысы эшигинин алдында отурган чоочун адамды көрүп калды, аны ууру го деп ойлоп, жакасынан тартып тургузду:
– Менин үйүмдүн алдында эмне кылып отурасың, чыныңды айт, болбосо камап салам?! Капыстан эле урчуудай болуп, опурулган эмеден чочуп кеткен тиги:
– Токто, урбагын, чынымды айтамын, – деп жалынып жиберди.
– Чоочун экениңди түрүңдөн көрүп турам, эгер чыныңды айтпасаң бардык уурулардын сазайын сенден чыгарам, – деп ачууланды үй ээси.
– Мен ууру да, качкын да эмесмин, – деп сөзүн баштады тиги. – Мен бир күнү түшүмдө Мисирде казына бар экендигин көрүп, ошону издеп келген Багдаттык бир бечарамын.
Маале башчынын күлкүсү келип, тигинин жакасын коё берди да:
– Сенин ууру эмес экендигиңе ишендим, бирок акмак эмес экендигиңе ишене албай турам. Мен канча жылдан бери, «Багдаттаяяяяяяс, баланча жерде, баланча үйдүн алдында казына катылган» деп түш көрөм. Бирок бир жолу да ал тарапка барууну ойлогонум жок. Сен болсо бир жолу түш көрүп, жетип келипсиң, – деди. Маале башчынын андан ары эмне деп сүйлөп жатканы тигинин кулагынын сыртынан кетти. Ал жинди болгон сыяктуу маале башчысынын колунан өпкүлөп, жалынып жиберди. Таңданган маале башчы «Бул жөн эле акмак эмес, биротоло жинди болуп калган эме го» деп, акырын колун тартып алды да, үйүнө кирип кетти. Тиги болсо, «Оо, Аллахым, мен Сенин жардамыңдан үмүт үзгөн эмес элем. Казынанын үстүнө жашатып койгонуң үчүн Сага чексиз шүгүрлөр болсун» – деп чекесин жерге коюп сеждеге жыгылды. Көрсө, маале башчы «түбүнө казына катылган» деп, дал ушул кишинин үйүн айткан экен.
Сонун окуя экен абдан жакты

Супер-Инфо
super.kg
видео