Суперстан: Кайтар дүйнө - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайтар дүйнө

#41 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 23-барак!Коздорундо жаш тегеренген уком -аке мен шашылыш келдим.Тездик менен акча кылышыбыз керек.Бактыгул женемдин абалы ото оор.Дарыгерлер уйундо эс алгын деп орууканадан чыгарып жибергенин угуп чыдай албай барган болчумун.Женемди коруп коркуп кеттим.Жалдырап эки козу гана калыптыр.Менден аябай суранды женем сизге озунун абалы жонундо айтпаныз деп.Сиздин жашооунузга тосколдук болбойун деп ойлоп жатса керек.Аке женемдин создорунон байкадым.Женем умут,арзу менен оконуздор салган уйунуздорду бир жолу болсода оз козу менен коруп,ошол уйдун астанасын жок дегенде бир жолу болсода аттасам деп ойлойт.Аке эми эмне болсо болду.Пешенениз шор экен баарысын чыдап жашашыныз керек.Бактыгул женем сиздин аялыныз.Жок дегенде акыркы убактасында жанында болун аке.Женем сизди келбесин деседа барибир сизди кутуп жатат.Сураныч женемди арзу кылган уйуно алып келин.Оз уйундо коз жумсун женем.Эртеби кечби барибир бир кун апам баарысын билет.Ошондой экен эми апамдан коркондон пайда жок.Женем олум тошогундо жатат аке сураныч тездик менен женеме жетин деди. Укомдун создорун угуп денем туз куйгандай ачышып,коздорумдон жаш агып кетти.Зулайканы карасам алда шолоктоп ыйлап жатыптыр.Коздорунун жашын тыйалбаган Зулайка -Барын Ушундай кундо Бактыгулду жалгыз калтырбан.Байкуш бар омурун сизге арнады.Апаныз башына иттин кунун салсада сизди деп чыдап,уйубуз бутсо болунуп тынч жашайбыз деген умут менен жашады эле.Колунуздан келсе Бактыгулду оз уйуно алып келин.Оз уйундо,оз омурун курбан кылган жарынын колунда жан берсин.Биз уконуз окобуз эч ким жашабай жаткан ал уйду сиздер келгинче дайардап койобуз.Уконуз айткандай эми апаныздан жашырган менен пайда жок.Жерде жылан кыймылдаганын билген апаныз барибир угат.Сиздер келгинче билдирбегени арекеткылабыз деди.-Туура айтас жене.Апам жер астындагы жыландын кыймылдаганын билсе,сиз жыландын майын жалаган аялсыз.Апамдан отсоз отоз бирок эч арта калбайсыз.Планынызды эми ишке салын.Апам каалаган убактысында келип калышы мункун.Апамдын горуно кирпич койгондон коро апам ишене турган амал ойлоп турун деди уком.Ошондо мен-жок дегенде бугун айтышпагылачы. Азыр айтышкандын учуру эмес дедим ачууланып.-Бул биздин акыркы мункунчулугубуз эч кимге билдирбей мал сатып акча кыла турган.Мени жылан дейсизби айбан дейсизби дей берин.Акениз элдин назарынан калып болгон.Кайрадан элдин рахматын угуу учун Бактыгулдун соогун оз уйунон чыгарып бардык чыгымды оз мойнунуздарга алышыныздар керек.Керек болсо сойуштарына чейин алып барып камдап койуу зарыл.Мындай мункунчулук башка бизде эч качан болбойт.Бактыгулдун козу откон сон эмне болсо ошо болсун.Баарыбыз ур токмоктун тубундо калышыбыз анык деди.-Ошондо деле жене сиз суудан курук чыгас.Акем окобуздун башыбыз балеге калат.Бирок аке сизди билбедимго мен эч качан кылган ишиме окунбоймун. Бактыгул женем учун баардык бурчубузду аткаралы.Кааласамда каалабасамда Зулайка женемдин айткандарына баш ийуудон болок айла жок.Сойушуна чейин камдап койушубуз керек.Жаман айтпай жакшы жок деди уком.Ошондо сигнал берип машина келип калды.Уком суйлошуп келген экен.Биз мурдагыдай кылып касапчыга мал сатып акча кылдык.Мен ошодон нары жоноп кеттим Бактыгулду коздой.Уком дагы эптеп бир жолун таап акча кылам,баардыгын дайардап койом сиз женеми алып эле туз оз уйунуздорго келе берин деди.Машина шуулдап жургон сайын журогумда сыздап баратты.Кудайыма жалынып-эй жараткан эгем адам баласы которо алгыз жазза бере корбо мага сураныч деп жалдырап ыйлап бараттым.Бар дуйном Бактыгул деп сыздап бараткан болсода Зулайканын мен уйдон кетип жатканда -Бактыгулго менден салам айтын.Балдарынан конулу ток болсун.Менда Бактыгул айткандай аял болуп жашаганы арекет кылам.Бактыгулго айта барын,ал куткондой мен эне болом деп ыйлап жибергени коз алдымдан кетпей баратты.Бардык ой санам Бактыгулдо болсода Эмне учун Зулайка кош бойлуу болгондон бери тынбай унсуз табышмактуу ыйлап жатат деп ойлоп калдым......... ...............Кандай гана коз менен корбойун мен барганда Бактыгул уйкудагы сулуудай коздорун жумуп жаткан экен.Аны карап жаткан эжеси Бактыгул туну боюу кыйналып уктай албай чыккан болуучу азыр эле коздорун жумду деген болуучу.Озумду озум колго алалбай,муундарым бошошуп,козумдон жаштарым тамчылап калтыраган колдорум менен Бактыгулдун эти качып соогу гана калган колун кармадым.Бактыгулдун колдору титиреп уктап жаткан коздорунон жаш куйула тушту.Эмне деп соз башташты билбей турсам Бактыгул -келеринизди билген болчумун.Сизди корбой туруп олгону менин акым жок.Мурдагыдай коздорум жакшы корбосода журогумду жалын чырмады.Сиздин колунуз колума тийери менен бут денеме жан кирди.Демек мен жашап жатам жан.Эгерде сиздин келгениниз чын болсо демек Зулайканын бойунда бар.Туурабы асылым.Эмнеге унчукпайсыз? Бир ооз соз айтын асылым деди.-Ооба Бактыгул мен сен айткандай жашап жатам.Зулайка буйруса эне болот дедим.Ошондо гана Бактыгул нурсуз калган коздорун ачтыда колун мага сунуп-Жакынырак келинчи жан жузунуздон кармагым келип жатат.Ар кун сизди коргум келчи деди.Мен Бактыгулго жакын барып башынан жыттап пешенесинен оптум.Ал болсо жузумду сыйпалап туруп-кандай жакшы а жан журогун суйгон инсандын жуздорунон сылаган.Кандайгана керемет жан сиз менен чогу жашоо деп чукур дем алып -жан сизди жыттап жытынызгада тойбой жатам,кантип эле сизди таштап кетерим чын болсун деди.Мен аны кучагыма кыстым.Ошондо анын башында бош салынган чыт жолугу сыдырылып тушуп кетти.Бактыгулдун башында бир тал чачыда калган эмес болуучу....... ....... у...бар...
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 24-барак!Мен Бактыгулду коздой кеткен кундун эртеси эле эч келбей жаткан апам ата менен бизден кабар алганы келип калышыптыр. Алдырар куну жаздырар болуп Зулайка менен уком апам менен атамды коруп,буту куйгон тооктой тыпырчылап калышыптыр. Менин уйдо жоктугумду коруп алгач апам мал карап журсо керек деп ойлогон окшойт мен жонундо сурабаптырда. Келе бербегенимден козу торт болуп -Зулайка Дастан эмнеге корунбойт кайда журот озу.Деги биздин келгенибизди уктубу? дептир.Ошондо Зулайка мурда ойлоп койгондой бат эле козуно жаш алып -билбейм апа,баланызды озунуз билесизго,коптон бери буулугуп журчу бугун эртен менен кийинип чыгып кеткенче келген жок.-Ой бул бала мени жееп анан тынат окшойт.Бираз бош койдун озу билип отугун торго илет.Алиги шуркуясы дагы тушуно кирип калган корунот.Иттей жаныда бышык экен анын,олбоду мен кутулбадым. Озумда сезген болчумун,Бактыгул олмойунчо Зулайка окобузго жакшы кун жок деп.Ажалда Бактыгул менен сойку апасынан алыс качат.Жер жуткурлар десе,колдон келсе окоосун тен муунтуп олтуруп коймокмун,бул жузу каралардын айынан олгонго чейин азап тартып жашайт окшоймун.Кимгеда бармак эле Дастан Бактыгулдон болок.Жанын чыккыр десе олуп жатыпда тынч олбойт окшойт бул шуркуя.Апасына окшоп бироонун уй-булосун бузгандан болок иши жок булардын деп ачууланып куйуп кетиптир апам.-Апа андай дебен Келип калар баланыз.Олум тошогундо жаткан Бактугулдон кантип кызганайын. Балдары бар барибир бир кун келетда.-Балдардан айланып садага кетсин эркек дегендер.Суйбой олушсун сойруктор.Балдарда коздоруно корунбойт бул жузу жоктордун.Ой кызым мынча тагдырын менин тагдырыма окшобосо.Мен жалгыздыкта торт бала менен тарткан азаптар аз беле,эми сен калганын тарткыдай.Бул ата баланын башын,сойку Гулипа менен кызы айлантырып бизди жеп тынар болушту.Эми эмне кылсак болот бул шерменделерди деп кыйкыра баштаптыр апам бийик ун менен атамды уксун деген корунот.Ошол учурда мурда женеси менен суйлошуп алышкандай уком сыртан кирип келип апамдын кулагына-апа кыйкырып женемди чочутпан женем кош бойлуу корунот дептир.Уком созун бутуруп бутурбой эле Зулайка -апа ичим оруп жатат деп ичин кармап жатып калыптыр.Апам- ой садаган кетейин эмне болду сага тынчтан кызым деп Зулайканын устуно тушо калыптыр.Укомо болсо -атанды чакыр машинаны дайардасын тездик менен Зулайканы ооруу канага жеткизейик дептир.Ичин байлап онтоп олтурган Зулайканы жетелешип балдары менен машинага салышып апамдар жоноп кетишиптир менда эсинен чыгып.Апам кетер алдынан укомо -мал калдин бардыгын толукта балам.Жылкылардыда айдап кел,атан эртен кочманды алып келет баарысын санап откузуп берип тез уйго бар.Оногу санда жок акени издеп таап келесин деп жоноп кетишиптир. Жолмо жол апам Зулайка калп эле онтоп калса -кызым коп жаман нерселерди ойлонбо.Сен азыр эн биринчи ичиндеги баланды ойлошун керек.Бул биринчи наристен,аны аябай этият кыл кагылайын.Дастанды ойлобой эле кой садагам.Алма сабынан алыс тушпойт.Ат айланып,айланып келип бир кун казыгын табат.Атасынын баласыда анан сон койдой жоош болушуп,туштон сон тим эле алардан жакшы адам жоктой оздорун корсотушот кызым.Сабыр кылып жашоону уйрон садагам.Кудайым сабырдуу келинди суйот.Бактыгулдун омуру аз калды.Бугун бар эртен жок ал.Олгондун озунун шору,утук сеники кызым этенини толтуруп тороп алсан эми Дастанын кайгада бармак.Болгону азыр жамандык жонундо коп ойлонуп,журогунду кыспагын деп келе жатыптыр.Зулайка болсо-Апа камтама болбон ичим оорууганы басыла тушкондой болуп жатат.Баланыздан эмнеге капа болойун,уйдо болсода анын бар жогу мага билинбейт.Ушул эки баламгана баланызды кармап турат менин жанымда. Жакшыда,жаман болсода ушул эки баланы Бактыгул менин бактыма тороп койгон экен.Ушул балдар болбогондо Уулунуз мени менен бир кунда жашамак эмес деп Зулайка апамдын алсыз жерин ойуп кана алыптыр,бычак менен ойгондой.Апам Зулайкадан коздорун алып качып соз таппай калды дейт.Зулайка болсо озун дуйнодогу эн бооруукер жана ак конул аял кылып корсотуп,атайын апамдын журогуно ийне сайгылап эки жагында апалап кучактап уктап келе жаткан Бактыгулдун эки баласын алмак салмак ооп жыттап койуптур.Анын кылыгы апамдын бышып куйо албай жаткан отуна бензин сепкендей болду окшойт апамдын куйбогон жери кул болуп -ой менин ак конул кызым.Ар кимдида мага окшоп озундой биле бербегин.Сак болгонун дурус.Буйруса сенин озундун балдарын торолот.Ошолор сага суйоноор тоо болот.Бул балдардын тамырында биздин каныбыз агып жаткан болсода аларды барибир Бактыгул эмгизген.Бактыгул болсо сойку апасын эмген дептир.-Апа торогон апа эмес баккан апа болот.Мен буларды сиздин ойунуздагыдай кылып тарбиялаймын эч ойлонбон.Эч ким бул балдарды сойку аялдын неберелер деп айтышпайт.Булар сиздин неберелериниз менин балдарым болушат.Апа мен сиздин ар бир айткан созунузду мин жолудан ойлонуп баалаймын.Сиздин ар бир айткан созунуздон тарбия алам.Сиз туура айткан экез апа саяк жургон аялдын уйундо береке болбойт деп.Тайнеси саяк журсо неберелериниз курсагы ачынан корунгондун эшигин моролоп тилемчилик кылмак.Оз балдарын тилемчи деп айтышса элдер уулунуз кантип чыдамак апа.Уулунуздун келечеги учунда мен балдарды оз канатымдын астына алган болчумун дептир Зулайка апамды тируулой горго алып барып такап.Оз неберелерин тилемчи деп айтканы эсине тушуп кеткен окшойт апамды бироо денесин бычак менен тилип кеткендей коздору башкача болуп башын кыймылдатып калды дейт Зулайка.Зулайка болсо ичинен -бул башталышы апа.Оло турган Бактыгулдун куну бутуп жатат.Эми биздин курош башталат апа.Баарысына жооп берер кун келди деп ойлоп мыйыгынан кулуп койуптур..... ..............у...бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 25-барак!Коздорумо мурдагыданда алсыз жана мундуу корунгон Бактыгулду кокурогумо кысып -жаным мен сени алып кеткени келдим.Мени менен кетесинби? дедим.Ал болсо аран гана башын кыймылдатып- жан мени азырда мурункудай ойлоп жатас корунот.Мурдагыдай абалым болгондо,сиз менен дуйнонун наркы ойузуно чейин кетууго дайар болот элем.Асман узулуп башыма тушсода сиз менен чогу болмокмун.Бир гана апаныз эмес,бутун дуйно биздин бактыбызга каршы чыккан болсода махабатыбыз учун акырына чейин курошкон болот элем.Ден соолугум болгондо экинчи аялыныз болупда болок уйдо жашаганы макул болчумун.Зулайканын мага кылган жакшылыгын, омур бойу анын балдарын карап кайтарган болот элем жан.Азыр болсо менде андай ал кучда,арзууларымда калбады.Кудайымдан Зулайканын кош бойлуу экенин уккунча омур бердеп суранган болчумун.Ошол кунгода жеттим кудайыма мин мертебе шукур.Мага келуучу жолдорунуз апаныздын каттуу коз карашы менен жабык болсода сиз келдиниз.Солуп жаткан аял учун оз суйуктуусунун колунда жан беруудон артык бакыт жок алтыным деди Бактыгул. Анын создорун угуп ого бетер муундарым калтырап кетти.Анын колдорунан сылап Кучагыма бекем кысып опкулогум келип жатты бирок,анын жансыздай сезилген денесин бекем кысканымда коркуп турдум.Кыйалымда каттуурак кармасам эле колдору узулуп кетчуудой.-Аппагым менин сени мен оз уйубузго алып кеткени келдим.Оз уйубуздо чогу жашайбыз.Биз арзуу кылып салган уйубуз бизди кутуп жатат.Сен ошол уйдо жашаганды арзуу кылганын менин эсимде жаным.Жок деп айтпа жур чогу кетелик дедим.Ал копко унсуз ойлуу ыйлап олтуруп-сиз мени оз уйумо алып кеткени келген экенсиз мен сиз менен кетем.Бирок апаныз мени оз уйумдо жан беришиме жол койот бекен жан.Апаныз жонундода ойлоп кордунузбу? Сураныч оз апанызга каршы барбай эле койун деди.-сен апамдан коркпо Зулайка ал жагын ойлоп койгон.Биз оз уйубузго барып жашаганы эч ким тосколдук бере албайт ардагым дедим.Ал макул дегендей жансыз соогу гана калган колдору менен жузумду кайра кайра сылады да-кетсек кетейикчи жан.Сиссиз откон ар бир кунум азап менен дозокто отту.Сураныч акыркы коз ирменим чейин мени жалгыз калтырбан деди.-Мен сеникимин Бактыгул.Сенсиз мага жашоо жок,сен менин бактымсын дедим.Бир азга унчукпай турган Бактыгул козу менен ыпдап мага тордогу сандыкты корсотуп-теетиги сандыкда бир туйунчок бар алып берин сураныч деди.Мен сандыкты ачып бир ак жолукка туйулгон туйунчокту алып бердим.Бактыгул ал туйунчокту чечип жатып-тан калып жаткан болсонуз керек жан.келиндерде бир талай дуйносу болот.Менде болсо ушул туйунчоктон болок эч нерсе жок.Булда болсо балдарымдын кичиндеги кийимдери балдарымды сагынганда жыттап ыйлачумун деп жатып туйунчоктун эн тубундогу жаны келин болуп келгенде мен алып берген баягы ону очо тушкон жалгыз кызыл койногун колуна алып -жан бул койнокту таныдынызбы? деди жаш агып жаткан нурсуз коздору жайнай тушуп.Ооба дегендей баш ийкедим.Ал болсо-жан жаны келин болуп келгенимде сиз ушул койнокту мага алып берген болчусуз.Махабатыбыздан болгон белек деп мен анын ону очуп кеткен болсода сактап келем.Келин болуп келгендеги койногумду, аялыныз болуп колунуздан кетип жатканымда кийип кетейин арстаным.Жузумдун онуда койногумдун тусундой очуп бири бирине дал келишет экен.Мага жардам берип койун жан бул койнокту кийгени.эсимде жан ошондода озунуз бул койнокту мага кийгизген элес биринчи жолу.Эми акыркы жолуда озунуз кийгизин.Каран кыска убакытта эмнелер гана болуп кетти.Ал кезде мен бакты бутун жети мучоосу соо жаш келин элем.Азыр болсо......эх эмнесин айтасыз деп башын чайкап колун силкеп койду тагдырынаа нааразы болуп капаланган Бактыгул.Мен болсо Бактыгулдун ээниндеги халатын чечип кызыл койногун кийгиздим.Эх эми окунгон менен эмне пайда ушундай болот экен,мен алып берген ар бир буюм алтындай кадырлуу болорун билгенимде онта койнок алып берген болот болчумум.Байкуш Бактыгул апам гана берген ар эжелеримдин эскисин кийип журуп эки баланы тороп чонойтуптур азыр ойлосом.Бардык акчаны апам оз козомолуно алганы учунда Бактыгулго койнок эмес наски алганыда коркчумун.Бул кызыл койноктуда Мен Бактыгулду алып качып келгенимде уйдогу тополондон сон кутукташып келген туугандардан чогулган акчага алган элем............. ...............Бактыгулдун коздоруно ону очкон болсода койногу жакшы корунду.Койногунун устунон жылуу кийинтип -Кел Бактыгул мен сени которуп эле машинага алып барып салайын кыйналып каласын дедим.-Жан азырынча алсыз болсода буттарым басып жатат.Ошондуктан оз буттарым менен басып чыгайын эшикке.Бара бара буттарымда баскандан чарчашып баспай калат.Барган сайын коздорумда жакшы корбой калып жатат.Мейли эмнеси болсода тилден калбай кулагым сизди угуп турса болгону.Болок эмнени да арзуу кылган болот элем деди.Мен Бактыгулду жетелеп барып машинага салдым.Кун жылуу болгондуктанда себелеп кар жай баштады.Биз жоноп кеттик уйду коздой.Мега суйонуп келе жаткан Бактыгул -Арстаным мени кечир мен айламдын жогунан сенен сурабай Зулайка менен бир иш кылып койдум.Менде Зулайканын сунушунан болок жол жок болуучу деди............. ..у....бар...
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 26-барак!Канчалык убакытты шаштырып аппак жааган карлар бизди коштоп,машина менен жарашпасын, ошончолук жолубуз арыбай жатты.Кыйалымда бир эле жерде тургандайбыз. Бактыгул бирде онтоп,бирде энтигип кыйналып бара жатканын коруп коздорумдон от чагылып жатты.-Эх кудайымай чымындай жаны болгон ардагыма мынчалык оор дарт бергенден коро мага берсен болбойт беле деген соз кантип оозумдан чыгып кеткенин билбейда калдым.Бактыгул болсо мени аяды корунот бираз озун туздогон болуп-жан ыйлабачы,болор иш болду,эми эч нерсени озгортуп болбойт.Бизге келген тагдыр ушундай экен жан акырына чейин чыдайбызда. .....деп бир азга ойлуу туруп -жан Сизден сурабай туруп Зулайка менен эмне иш кылганыбызга кызыгыпда сурабадыныз деди.- Периштем менин мен сага ишенем сен эч качан туура эмес иш кылбайсын асылзадам.Зулайкада акылсыз аялга окшобойт деди.-Зулайка алысты коро билген аял.Ал жети олчоп бир кесет.Ошондуктанда мен ага ишенип балдарымды тапшырдым жан.Балдарым эми Зулайканын жон эле багып алган балдары эмес.Мыйзам турундода толук Зулайка алардын апасы.Жан,мага ишенбепсинда Бактыгул деп ойлобо.Мени туура тушун эне оз балдарынын келечеги учун,тикенектида басканы дайар болот экен.Сизда билбесениз керек апаныз мени айдап жибергенден сон магада сизгеда билдирбей,кандайдыр жол менен окобуздун уйлонгонубуз жонундогу куболугубузду бекер кылып койгон экен.Зулайкада апаныздын жолунан барып балдардыда бутундой озуно откузуп алды.Сиздинда ордунузга мен кол койуп бердим окшоштуруп. Анданда кызыктуурагы Зулайка кантип апаныздын сандыгынан биздин уйдун дакиментин уурдап чыккан эч акылым жетпей калды.Айтор биздин уйда толугу менен Зулайканын атына откон.Эми ал уй Зулайканын менчиги.Ал уйдо сиздинда менинда апаныздында акысы жок.Ал уй Зулайка жана балдарымкы мыйзам турундо.Бир гана кыла турган иш,кудайым корсотпосун эгер кокус апаныз Зулайка менен соттошуп калса сиз айтышыныз керек-мен Бактыгулдун козу тируусундо кенешип окобуз тен макул болуп,Бактыгулдун ден соолугуна байланыштуу балдарды Зулайканын атына оз колдорубуз менен кол койуп откозуп бергенбиз дейс.Дагы Уйду мен Зулайкага нак акчага сатып Бактыгулду дарылатканмын деп айтас.Мыйзам турундо баарысы буткон.Калганын Зулайка сизге бирден тушундуруп берет.Мени кечирин арстаным.Мен сизди биринчи куну коргондо кандай суйуп калган болсом,азырда ошондой суйом.Бирок бугунку абалыбыз ушундай жол менен барганы мажбур кылды.Сиз бир жолу балдардыда менида коргой алганыныз жок.Сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет дегендей,коздорунун карегиндей болгон эки чырагын кыйалбай солуп жаткан энеден дагы эмнени куттунуз эле жан.Мени кечирин жан сизге татыктуу жар боло албаганым аз келгенсип,сизге жагымсызда иш кылдым.Мен болгону апаныздан корктум.Мейли мен бир мезгилдерде апанызды куйгузгон апаныздын кундошунун кызы экеним чындык дейли.Бирок менин балдарымда эмне куно.Оз энеси балдарымды тилемчи деп кочого айдаганда-апа булар тилемчи эмес менин балдарым,сиздин неберелериниз деп айта албаган балдарымдын атасына кантип ишенип балдарымды таштаймын.Сураныч жан мени гордо тынч жатсын десениз Зулайка менен дайыма бирге болун.Аны менен чогу биздин уйдо жашап биздин балдарды тарбиялан жан.Буйруса Зулайка оконунуздордунда балдарыныздар болот.Мага соз берин сураныч Зулайканы бактылуу кылам деп.Мыйзам турундо гана уй жайда балдарда Зулайканыкы болгон менен Журогунуздо баары сиздики арстаным.Сиздин балдарыныз. Сиздин уй-жайыныз, сиздин аялыныз.Болгону сиз конулу ото бош боруукер жансыз.Кудайым мага ушундай дарт берип олумго турпогондо, мен эч качан сизге каршы иш кылган болбойт болчумун.Кочодо калган болсомда,тиш тырнагым менен курошуп балдарымды баккан болот болчумун жан.Мени оз омурлук жарын же ишенген аялын катары кечире албасанда эне катары кечир ардагым деп ыйлап жатты Бактыгул колдорумду бекем кысып.Ошол убакта мени уй-жайда,Зулайкада эч нерсе ойума келбейт болуучу жалгыз Бактыгулдон болок.Мен коз жашы кол болгон Бактыгулдун пешенесинен ооп жыттап -Бактыгул сен менден эмес,сени ушул абалга салган мен сенден кечирим сурашым керек алтыным.Мейли мен сени туура тушуном.Эгер сен ошону каалаган экенсин мейли ошондой болсун.Кагазда эмне болсода балдарым менин журогумдо ар дайым.Мен мурунку Дастан эмесмин.Кор таягын бир гана жолу жоготот.Эгерде менден сураганынарда да эч жок деп айтпаган болот элем.Бактымды бир жолу адаштырдым, кайра дагы аны жоготу максатым жок.Зулайкага келсек ал сен айткандай акылман жан.Анын курсагында менин балам чонойуп жатат.Мен Зулайканы эч качан сени суйгончолук суйо албасамда,бизге кылган жакшылыктары учун омур бойу конулун оорутпай сыйлап отомун.Сага соз берем,Зулайканы эч качан ыйлатпаймын деп.Зулайкадан болок кимда мени тушунот дейсин алтыным дедим.Ошондо Бактыгулдон жашыруун Зулайканын планы жонундо сурагым келип сурай албадым.Ал болсо башын которуп- Зулайка сизден кош бойлуу экен оз пландарын озгортушу мункун.Бирок барибир Зулайканын пландары сиздин Зулайкага болгон мамиленизге байланыштуу болот.Ага чын журогунуздон ишенип,эмне иш кылсаныздарда чогу кенешип иш кылыныздар. Кылмыш кырк жылда болсода билинет.Биркун апаныз баарысынан кабар табат.Ошондо Зулайканы жалгыз таштабан.Бардык кунону оз мойнунузга алын.Апаныз сизди балта менен чаап таштай албайт.Ошол оттой болуп чагылган тушуп турган мезгилде сиз Зулайка таянар тоо болсонуз андан сон баарысын Зулайка озу орду ордуна койот деди. -Мейли жаным мен баарысын сен айткандай кыламын,баарысы сен ойлогондой болот дедим.Биздин айылга жетип калганыбыз учунда айыл четиндеги Бактыгул окобуздун уйубуздун дарегин тушундурдум айдоочуга.Биз уйдун жанына келгенибизде, уйдун чырагы жанып,уйдун тобосунон тутун чыгып туруптур.Эмнегедир мени коркунуч каптап чыкты.Бирок Бактыгулго билдирбедим. Бактыгул башын которуп -жан биздин уйдо кимдир бироо жашап жаткан корунот деди.-Жок алтыным биздин уйдо биринчи жолу окобуз тунойбуз.Сен арзуу кылгандай дедим. -Арзуулар ишке ашат десе ишенчи эмес болчумун.Баарысы жомоктогудай болуп жатат,мага жардам берин бул кунду мен узак куттум деп машинадан тушмокчу болуп арекет кылган болуучу буттарын эч жылдыра албай койуп-оо арстаным буттарым иштебей жатат.Эми мен басалбайт окшойм.Оз босогомду оз буттарым менен аттай албаганым бул кандай деп буркурап эки бутун ургулап-басасынар, басышынар керек деп ыйлап жатты.Мен болсо-Тынчтан Бактыгул баары жакшы болот сураныч озунду колго ал деп аны бекем кучактап машинадан которуп тушуруп уйду карай бастым.Уйдо эч ким жок корунот,себеби бизди эч ким тосуп чыккан жок...........уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 27-барак. ..................... ....Махабат менен коштошу....... ...............Мен боздоп жаткан Бактыгулду которуп уйго алып кирдим.Уйдун ичи от жагылгандыктан жылуу болуучу.Кимдир Бактыгулго арнап калын жана жумшак кылып тошок салып койгон экен,Буттары иштебей калган Бактыгулду тошокко жаткызып башына балыш койдум.Кимдир бироо бизди карап тургандай сезилгендиги учун,Бактыгулго жегиликтуу бир нерсе табайын деген ойдо башымды эшик жакка бурдум.Ошондо Бактыгул шарт колумду кармай калып-жан суранам менден кадам алыс кетпечи.Мен коркуп жатам деди.-Мен жанындамын корпо алтыным.Эмне жегин келип жатат.Уйдон чыккандан бери бир култум сууда ичкенин жок дедим.Ыйлап жаткан Бактыгулдун купкурук болуп калган жузундо жылмайуу пайда болуп -Арстаным менин,мен учун дуйнодо сенин бир ооз созундон таттуу дам жок дуйнодо.Сенин журогумду жылытар коз карашындан артык дагы курсагымды тойдурар бир куч барбы озу айт? Сен жанымда болсон ооруп жатканымдыда унутуп,дароо кыйалдана кетем.Дуйнодо аял дартына оз жан жолдошунун меериминен кучтуу дары жок.Сиздин мени суйуп эркелеткендериниз бар азабымды жууп кетет жан деди коздорунон жашы куйулуп.Ошондо анын абалы тез тез озгоруп жатты.Коз алдында гулдой солуп жаткан чырагына жардам беруу учун колундан эч нерсе келбегенинен откон азап жок экен дуйнодо.Коз алдымда,ар бир секунт жылган сайын журогумдун тумары, майы тугоп жаткан чырактай очуп бара жатканы сай соогумду сыздатып жатты.-жан эми жашырган менен эмне.Менин оорум ушундай жол менен аяктап акыры ичер суум тугонору мага сыр эмез.Бара бара буттарын иштебей калат дегенине эч ишенген эмес болчумун.Кантип эле бир жакшы басып жургон буттарым иштебей калат деп.Мына озунуз кубо болгондой эки иттин олугундой эки бутум,менин буттарым эмездей баспай калды.Эми ички органдарымда бир бирден иштен чыгып,тилденда коздонда калам жан.Бир гана сизди деп соккон журогум гана сизди кыйалбай копко кыйналса керек деди Бактыгул.-Андай деп айтпа периштем сен жакшы болуп кетесин.Сенден умутум чон дедим.-Жан Мен озумду бактысыз деп эсептебеймин. Отузга жашым жетпей аз жашаган болсомда ото мазмундуу жашадым.Жашооумдун негизги мазмуну сиз жана балдарым болду.Балдарыма мен жонундо эч нерсе айтпан.Алар Зулайканы оз апалары деп билип чонойушсун. Бир кун келип акылдарына киришип,эр жетишкенде элден деле угар.Сизден сурашса ошондо мен жонундо айтарсыз..... ........ Бир гана журогумду ооруткан жер бул апамдын жоругу болду жашооумда.Сиз апанызды кандай жакшы корсонуз менда оз апамды ошондой жакшы кором.Бутун дуйно апамды сойку деп айткан тагдырдада, мен апамды сен депда айтпаймын.Себеби ал мени торогон аял.Сиздин атаныз менен менин апам жаштыктарында бизге окшоп суйушушкон экен.Тилеке каршы атаныз апанызга уйлонот.Бирок менин апам кош бойлуу экенин билбей калат.Кийин апам башкага турмушка чыгып кеткенден сон да алар жолугушуп журушуптур. Менин атам,тактап айтканда апамдын экинчи жолдошу байкап калганбы же элден укканбы айтор уйубуздо коп уруш жанжал болуучу.Ошонун айынан болсо керек атам коп ичип кетти.Акыры тубуно арак жетти.Атамдын козу откон сон биз сиздердин айылыныздарга жанада апам туулуп чонойгон айылга кочуп келдик.Ушул жакка келгенден сон апам жаман жолдо журуп кетти.Канча жолу эжелерим менен жалынып ыйласакда апамды бул жолдон кайтара алганыбыз жок.Эненин бузулганы кыздарынын жашоосуна ото чон зыйаны тийет турбайбы?.Дуйнодо эч бир кыздын апасы жаман жолго тушпосун.Ичиме курт тушкондой ички органдарым бир бирден иштебей олумго мени туртуп жатканынан, апамдын жоругу эч бир кеми жок.эки дартым тен болуп акыры мени жыгышты жан.Эч кимге айта албаган журок дартым акыры мени ичимден жееп туготту мени жан.Менин бетиме коо болуп суйколгон апамдын жоругу бир кун келип балдарымада зыйаны тийбесин деп балдарымды сизге жана Зулайкага таштап жатам.Канчалык балдарым коздорумдон учуп жаткан болсода,Ушундай абалымда алар мени эстеп калышын каалабаймын жан деп Бактыгул эттигип кусуп жиберди.Ден бойум муздап корконумдан колдорум калтырап кетти.Себеби Бактыгул кан кусуп жаткан болуучу.Мен анын мойнуларына агып жаткан болок салтак болгон кандарды арчып тазалдым.Бактыгул болсо колу менен болок болгон боорго окшоп кеткен затты кармап-жан жакшы корбой жатам бул эмне карайган .Уюган канбы же боорум эзилип кетти бекен деп ыйлап жатты.Мен болсо анын кан болгон колдорун тазалап -эч нерсе эмес периштем коркпо дедим. Оо сезимдеримдин падышасы эмнеге коркойун.Олум ак.Мен дуйнодо сизди жоготуп койуудан коркот болчумун.Сиз жанымдасыз ыссык жаным денемди таштап кеткенге чейин сиз менен болом.Ичимде эч нерсем калбасада сизге болгон махабатым оло элек жан.Тилим суйлогондон калгынчакты сизге суйлой берем арстаным.Менин олумумон сон кайгыга биро толу чогуп кетпен.Жаныныза мен кеткен сон Зулайканын бар экенин унутпан.Бир кун убактысы келгенде тушунос дуйнодо туболуктуу эч нерсе жок.Ошондуктан колунузда бар бактыныздын кадырына жетин.Азыркыдай мункунчулук эч качан кийин сизде болбойт.Зулайка менен ортонуздар кызып турганда аны суйуп калганы арекет кылын.Ар дайым сабырдуу болун арстаным.Эч качан жакшы кундордон умутунузду узбон.Олгондун артынан олмок жок.Олгондун озунун эле шору.Тируу калган адам бир кунун коро берет.Суранам жан мени тынч жатсын десениз озунузду бактылуу кылып жашан.Дуйнодо эн кымбат нерсе бул суйуу,достук жана ишеним.Мен кеткенсон биздин суйуу аксап калат.Бирок менин ордумду басар Зулайка бар.Мен ага баарысын бердим.Болгону сиз убакыттан туура пайдалансаныз болгону.Эч убакта озунузго болгон ишеничинизди жоготпон.Ар убакта жакшы кундор алдыда экенине ишенип жашан.Убакыт отушу менен айлана чойронуздогу адамдар озгорушу мункун.Бирок журогунуздогу жакшы ой тилек озунузго жана жарынызга болгон ишенчиниз озгорбой.Ар бир келген жаздын туру болок.Ар бир ачылган гулдун жыты болок жашооум менин.Мени эч бир гулдун ичинен издебен.Мен эмнем болсо баарын озум менен кошо алып кетем.Мен болгону сиздин журогунуздун туп тубундо гана бир элес болуп жашашым мункун ардагым.Зулайканы эч качан мага салыштырбан. Анын оз орду болушу керек журогунуздо деп Бактыгул бирде суйлоп,бирде энтигип бирде алсыз коздору илинип жатты.Арангана дем алып жаткандай колдоруда ото эле алсыз болуучу.Мен анын башын которуп кокурогумо кысып-уктабачы периштем суранам жакшы соз айтчы мага дедим.Бактыгул бир эттигип,бир кусуп кайра озун туздоп-Арстаным менин биздин жашоо бир жомок сымал башталган болуучу,бир жомок сымал аяктап жатат.Мен сиз менен откон омурумо эч качан оорунбаймын. Омурумдун эн бактылуу кундору сиз менен отту............. ...................... ......деп кайра эле Бактыгул унчукпай калды. -Алтыным суйлой берчи отуном сенин создоруно кулагым тойбой жатат дедим. Башы жансыз гана ийилип турган Бактыгул бар кучу менен башын которуп -Арстаным менин адам тагдыры поюз жолундай.Артка кайтмак жок.Артка кайткан тагдырдада ар бир стансияда ар турду адамдар болот.Мени эч качан адамдар ичинен издебе,мен сенин поюзундан тушуп калат окшоймун деди.-андай деп айтпа периштем.Сен ар дайым мени менен бирге жашайсын.Сени акыркы коз ирмениме чейин суйуп жашаймын.Сураныч мени жалгыз таштаба дедим.Бактыгул жансыз колдору менен менин жузумду сыйпалап кармап-жан коздорум сиздин жузунуздуда жакшы корбой жатат........ жан азыр тунбу же кундузбу кайсы убак деди.-Азыр тун бир убак болду Бактыгул дедим.-Озумда тун болсо керек деп ойлогон болчумун сураныч жан мени сыртка алып чыгын.Билесизго тунду аябай жакшы коромун.Жылдыздарды коргум келип жатат деди.-макул асылзадам сен эмнени кааласан ошону кылууга арекет кылам деп Бактыгулду сыртка которуп чыктым.Бирин серин себелеп жаткан кар учкундары Бактыгулдун жузун ооп жатты -Жан бугун жылдыздар чыккан жокбу?Коздорум эч кандай жарыкты корбой жатат деди.Ошондо билдим Бактыгулдун коздору эч нерсени корбой калганын.Себеби кар учкундап жаап жатсада асманда жылдыздар бар болуучу.-Ардагым бугун каар жаап кун буулугуп турат ошондуктанда жылдыздар корунбой жатат дедим.Ал макул дегендей башын ийкеп -жан уйкум келип жатат деп мени мойнумдан бир каттуу кучактап кайра койуп жибердида,бут денеси бошошуп кетти.Корконумдан -Бактыгул периштем менин коздорунду ач дедим.Коздорун акыркы кучу менен ачты окшойт,коздору арангана ачылды бирок колдору кайра которулгон жок.Оозун бир далайга кыймылдатып туруп-Арстаным менин мага жаны уйлонгонубуздогу, кошого ичинде берген убадаларынызды дагы айтын,уккум келип жатат деп созун бутуруп бутурбой коздору кайра жумулуп бир ачылып жатты.-Оо махабатымдын ханышасы.Сен дуйного мен учун гана жаралгансын. Сенсиз мага жашоо жок.Сен учун дуйноонун бардык азабынада чыдаганы дайармын.Эн бактылуу кундорундода, эн жаман кундорундода ар дайым жанында болом.Бизди олум ажыратмайынча сени таштап кетпеймин.Сен менин таалайыма тийген кунумсун,жылдызымсын айымсын.Мен сени дуйнодогу эн бактылуу аял кылам деп айтканымда Бактыгул козун бир ачып"Менден ыраазы болун"-дегендей баш ийкеп менден узап кете берди........... ...................... ...у.....бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында Турбаган жигит!" 28-барак!Он гулунон бир гулу ачылбай,Кызыл койногунун гулдорундой бажырабай,Ташбоор тагдыр жолдорунда талкаланып периштем Бактыгул мени таштап кете берди.Озу айткандай апасынын жоругу менен, менин чечкинсиздигим асылымды алтын башын тупуракка жаткызды.Апам менен кайненемдин бири бирине очошкону,акыры тубу барып Бактыгулду туболук уйкуга алып кетти.Оо асылзадам,оо ак гулум,ак когучконум сенин акактай ак суйунду алсыраткан мен кор пендени кечиргин.Кош эми туболукко кош асылым.Сен бир омурго мени менен жашайсын алтыным....... ...................... .Бактыгулдун менин колумда оз уй-жайында коз жумганы тез эле айылга тараган корунот,бат эле уйубузду коншу колон,тууган урук каптап кетти.Бактыгул коз жумган сон эми мындан артык жоготор эч нерсеси жоктой коркпой калган болсомда,качан апам келип бир чыр чыгарат экен деп коркуп турдум.Бир чети Зулайка апамдын келишине жол койбосо керек деп тынчсыздансамда, барибир конулум кир болуучу.Уком келди кеттини карап,кемчилдиктерди толуктап жургонуно козум тушкон болсода эч атам корунгон жок.Молдо келип периштем Бактыгулдун тазиясы окулуп,акыркы сапарга узатканы машинага салганы жатсак апамдын-Дас- т-а-а-н токто балам эмне иш кылып жатасын.Кантип оз апанды ойлогонун жок.Бактыгул олуп жатыпда сени мага каршы койгон турбайбы балам.Озум кадам койбогон уйумдон Кундошумдун кызынын олугу чыккандан коро,апан олсо болбойт беле балам деп унунун барынча бакырып мени карай жулкунуп жатты.Апамдын унун угуп уйдон чыга калган аялдар чурулдашып -Кой андай деп айтпа.Жакшыбы жаманбы баландын никесиндеги аялы болуучу.Эки баласынын апасы десе,бири -Олор Бактыгул олду,эми олгондон сон тынч кой эми байкушту деп жатты.Апам болсо андан бетер алоолонуп куйуп-мени бычаксыз сойдун балам.Сени ушул кунду корсотот деп торогон белем кулунум.Менденда сага ошол сойку аялын артык беле балам деп кыйкырып жатты.Мен эл менен кошо Бактыгулдун жансыз денесин машинага жуктодум.Канча убадаларды берип биринда аткара албай,жок дегенде Бактыгулдун жансыз денесинин алдындагы акыркы парзымды аткаруу учун эл менен кошо,Бактыгулду топуракка беруу учун машинага чыгып жатсам апам каттуу ун менен -Дастан кайт артына деп чынырып барып жерге кулады.Журогум болк дей тушуп,коздорумдун асты карайып кеткен болсода,Мен машинадан тушо алганым жок.Атамдын колунда апам ээсин жоготконун коруп артыма кайткым келди,бирок буттарым ордунан жылбай койду.Апамды которушуп машинага салып жатышканын коруп туруп,оз аялымды акыркы сапарга узаттуу учун жоноп кеттим.Элдин баары чурулдашып биз жонундо соз кылышып калды.Кимдир мени тарбиясыз бала -озун торогон апасынанда олгон аялын артык корду.Апа деп машинадан тушупда койгон жок десе,кимдир бироо байкуш Бактыгул келин болуп келгенден бери кордодун жок дегенде олугун тынч кой.Сенинда кыздарын барго.Бактыгул сенден олуп гана кутулду деп апамды жаман коруп жатса,кимдир биро болсо уйлонгонундон бери апандын айтканын кылып Бактыгулду азаптап жашадын,жок дегенде бир жолуда болсо Бактыгулду ойлоп аны оз колун менен топуракка бер.Бактыгул эми жок.Эми омурундун акырына чейин апандын айтканын кылып жашай бересин деп жатышты....... ..............Периштем Бактыгул мени таштап кеткенине эки жуманын жузу болгон сон гана уком келип -Аке абалыныз кандай? Коп сыгылып ойлоно бербен.Балдарыныз аялыныз бир туугандарыныз, ата энениз барго.Ошогода шукур кылын.Болор иш болду.Эми эч нерсени озгортуп болбойт.Апамы коргону кадам басыпда барбадыныз. Апамдын абалы аябай оор.Кече атам окобуз мал сатып,акча кылып келдик.Атам бир эки кундун ичинде апамды борборго алып кеткени жатат.Биздин даригерлер эч кандай жардам бере албайбыз дешиптир.Кааласаныз эртен барып апамды коруп калын.Сизди куноолоо максатым жокко бирок апамдан кабар албаганыныз жакшы эмес.Сиз апамды кечиришиниз керек.Апамда сизди кечирет.Кайсы эне оз баласынан кечип кетет эле аке.деди.-Туура айтасын эртен буйруса барам.Мен барибир апамды жакшы кором.Соссуз барам уком дедим.Уком эмненидир мага айталбай тайсалдап ары бери басып жаткандыктан -уком дагы эмненидир айтмакчы болуп жатасынбы? деп сурадым.Ал биртке ойлонуп туруп -аке Зулайка женем сизге эч теке айткан жокбу? деди.-Жок тынччылыкбы деги? деп сурадым.-Тынччылык эле аке.Сиз Зулайка женеме кудайга ишенгендей ишенип жатканыныз мага жакпай жатат.Зулайка женемдин акылына,сиздин менин апамдын акылын кошсокта жетчудой эмесбиз аке. -Эмне болду ачык айтчы дагы тартышып калдынарбы? дедим. -Аке создун ачыгы сиз Акчаны алып Бактыгул женеми алып келгени кеткенинизде, биздин жылкыны уйуру менен ууру алып кеткен.Кочманыбыз барганда эле малдарды санап тапшырайын деп эле издеп жылкыларды таппай калдым аке.Мейли ууру болсо бирди алсын,экини алсын уйуру менен уурдап кетти дегени эмнеси.Бул иште женемин колу бар аке.Зулайка женемин сизге билдирбеген пландары бар.Эми женеми каттуурак кармашыныз керек.Мен айлам кеткенинен атама баарын айттым.Мал азайып кеткенинен. Эгер кокус апам билип калса баарыбыздын башыбыз кетет аке.Женем менен суйлошуп корун деди.Уком кеткен сон Бактыгулдун -менин козум жумулушу менен эле Зулайканын пландары ишке аша баштайт.Аны сизгана токтотушунуз мункун деген созу эсиме тушту.-Зулайка акылдуу жан туура эмес жолду тандабаса керек.Анын устуно кош бойлуу деп ойлоп калдым....... Эртеси куну эле апамды коргону бардым.Бактыгулдун олумундо апамдында куноосу бар экенин билип турсамда барибир апамды жакшы коргонум учунда апамдан кечирим сураганы бардым.Бирок апам менин келгенимди угуп коздорун ачпайда суйлобойда койду.Апамдын алдында копко олтуруп акыры -апа мени кечирин.Сиз мен учун дуйнодогу ыйык затсыз.Бирок Бактыгулда мен учун орду толгуз жоготуу.Эми сиздин маанайынызды чоктуро турган Бактыгул жок.Эми конулунуз оз ордуна тушсо керек.Апа тез кундо айыгып кетин.Сиз бизге керексиз апаке мени кечирин деп Зулайка менен суйлошкону жоноп кеттим........Дарбазадан кирип эле уком менен Зулайканын урушуп жатышканы кулагыма чалынды.Уком болсо-жене эмне бизди бардыгыбызды тешик тагаранын тубуно калтыруу максатыныз бар беле.Кандай жузу жок аялсыз.Апам билсе эмне болушун ойлоп жатасызбы? деди. -Ойноп суйлосонузда ойлоп суйлон бала.Жылкыларыныз менен менин ишим эмне.Ким уурдаган болсо конулумдогуну кылыптыр.Бактыгулдун доолоту озу менен кетиптир бала деди Зулайка.-Жене биз колубуздан келишинче Бактыгул женеме жардам бердик.Калганы сиздин пландарыныз болуп жатат.Эгерде жылкыларды ордуна койбосонуз мен бардыгын апама айтам. -бала арканды узун таштан шашылбай. Карышкыр кой жеседа оозу кан,жебеседа оозу кан.Сиз бир жолу менин аягымдан тамак жединиз,эми омур бойу оозунуз кан бойдон калат бала.Мен онойчулук менен жан бербеймин.Олуп жатсамда сизди кошо горго тартып кетем.Жакшылыкча мени башка мал калинизге аралаштырбан. Бактыгулдун козу отту.Эми бала биздин жолдор айрылыш.Мен сизди,сиз мени таныбайсыз. Эми биздин пландарыбызда, максаттарыбызда болок.Сизге жакшы кенешим бала апама айтам деп мени коркуткандын ордуна,озунузго жарашыктуу жубай таап уйлонун.Апаныздан сиз коркушунуз мункун мен эмес.Эгерде мен апаныздан корконумда мындай иш кылбаган болот элем.Сизда апанызда али менин самыныма кир жууа элексиздер бала деди Зулайка.-Менчи Зулайка.Менда сенин самынына кир жууган эмесминби? дедим бойрогун таянып турган Зулайкага... .. уландысы бар......
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 29-барак!Мени коруп эле Зулайка бойрогун таянган колдорун тушуруп -келиниз,келгенинизди билбей калыпмын.Бирок убагында келдиниз.Уконуз окобуз келише албай жаткан болчубуз.Ууруну каракчы уруптур дегендей ууруларга шериксиз деп менден кумон санап жатат деди.-А сен озун кандай ойдосун Зулайка.Омуру биздин коородон мал уурдалган эмес дедим.-Демек сизда менден кумон санап жатыпсызда деди мени тике карап Зулайка.-Жок мен сени ууруларга шериксин дегеним жок.Ойунду гана билейин деген болчум дедим.-Мен сизге турмушка чыкканымдан бери эмне кылган болсом баарысын сиздин намысынызды коргогону учун жасадым.Сиздин абиринизди сактап,бир кун дилиниз тилингендей ачышпастыгы учун,аял башым менен эркек баскыс жолду бастым.Эмне план кылган болсом,сизди апаныз камап койгон карангы жардан алып чыгып,коздорунузду ачуу учун кылдым.Эртеби кечби сиз жарыктыкты корушунуз керек.Айлананы жана оз аялынызды апаныздын козу менен эмес,оз козунуз менен корун.Бактыгул байкуш сизден конулунузду кыйалбай,сиз тушкон кара жарга тушуп акыры оз жанын озу кыйды.Мен Бактыгул эмесмин.Бактыгулдой боло албаймында. Муну уконусго жакшылап тушунтуруп койун.Кайра менден малдарын сурап башымды орутпасын.Бактыгулдун ар бир коз жаш тамчысынын жообу бар.Балким сиздердин уй-булонуздорго жооп берер кез келгендир.Апаныстарда ооруп жатат.Ишенген дуйнонустор болгон малдарыныстардыда ууру алыптыр.Кудай урарда пенделерине кошолоктоп дарт берет.Чыныгы эркектер баарысына чыдашы керек деди Зулайка.Мен мындай создорду Зулайкадан кутпогонум учун эмне деп жооп берерди билбей калдым.Тобо чачы тик турган Уком -жене ызатыныз бутту.Андан коро буйумдарынызды чогултуп кеткениниз дурус деди. -Эмне бала ишиниздер бутту,эшекинистер ылайдан оттубу? Эми менин керегим жокбу? Адашас бала, апаныстын канатынын астынан чыкпай журо берип акылыныз оспой калыптыр.Акылы тайкы чечкинсиз эркекке акылдуу аял омур боюу керек.Дагы бир жолу мени кетин деп оозунузду орутпан,мен сиздин эмес акенистин аялымын деди.Уком женесине тиштенип эмнедир дегени жатканда -Жетет Зулайка тилинди тыйда барып балдарды кара окобуз кийин суйлошобуз дедим.Зулайка унчукбай чыгып кетти.Уком болсо согунуп калды.-озунду бас уком.Жалганбы женендин акылы менен иш кылганыбыз. Эмне болгон тагдырдада сен менин жалгыз укомсун.Ошондуктанда женен менен тил табышканы туура келет.Мен женен менен ажырашуу ойум жок.Жененди башка кет деп айтпа.Мен балдарымды энесиз осушун каалабаймын. Мен Зулайка менен да суйлошуп койом.Сен Зулайканы Бактыгулго салыштырба. Бактыгул бир жаралып калган жан экенда,Эссиз кадырына жетпедик.Азыр мен апамдын алдынан келип жатам.Апам мага суйломоктугул карапда койгон жок.Апамдын абалы оор экенин кордумуп ичим ачышып кетти.Эч тушунбоймун апам эмне учун мынчалык менин каталарымды журогуно жакын алат дедим.-Аке озу Бактыгул женеме уйлонуп ото чон ката кылган экенсиз.Аныда бактылуу кылалбадыныз, озунузда тынч жашабадыныз. Апамдыда кыйнадыныз. Аныныз ас келгенсип суудан курук чыгар Зулайка женеме жолукканыныз эмне десек болот.Эх мынчалык пешенениз шор болбосо.Эмне болсода башка женемдин апама каршы пландарына макул болбон дедида уком чыгып кетти.Уком чыгып кетери менен Зулайка кирип -дасторкон салып чай кайнатып койдум.Аз болсода бир деме жееп алын деди.-Балдар корунбойт деп сурадым.-Азыракта укташып калышкан болуучу деди ал.Зулайка окобуз чай ичип болгон сон.-Зулайка сен уком менен айтышканынды кой.Ал менин жалгыз уком.Аны менен тил табышканы арекет кыл.Карышкыр кой жеседа жебеседа оозу кан дегендей,эми кой жоголмоктугул койдун буту сынсада сенден кумон санашат.Буга сен конугушун керек.Жылкыларга келсек сенинда колун бар экенин менда билем.Бардыкты алдашын мункун бирок мени алдай албайсын.Сураныч мындан ары менден жашырып иш кылбагын.Эми Бактыгул биз учун жок.Сен Бактыгулдун ордуна мееримдуу эне гана болуп калбастан,Бактыгулдун ордун басар суйуктуу жарда болушун керек.Бул жонундо Бактыгул сага айткан болсо керек дедим.Зулайка болсо олтурган жеринде унсузгана ыйлап -мени кечирин менин планымда сизге суйуктуу жар болуп омур боюу жанынызда калуу жок болуучу.Мен оз максатым учун курошом деди.-Эгер эсинде болсо сен пландар абалыбызга карап озгорот деп айткан болуучун.Балким планын озгорор убакыт келгендир.Кайтар дуйно деп ушуну айтышса керек.Сен оз максатына жетуу учун менин журогумо жол издеп,канча кыйналып мени куткон болуучун.Эми болсо мен оз келечегим учун сенин журогуно жол издеп кутом.Канча болсо кутом сен менин балдарымдын апасы болуп омур бою жанымда кал деп Зулайка жашап жаткан атамдардын уйунон Бактыгул коз жумган оз уйумо жоной бастым.Зулайка болсо табышмактуу гана ыйлап калды.Ал сыртынан ото кучтуу аял корунгону менен ички дуйносу ото назик болуучу.Тан калыштуу мурда мага эч коз жашын корсотпогон Зулайка кош бойлуу болгондон баштап эле табышмактуу унсуз ыйлай берет ичинен.Бугунда ушундай ыйлап калды.Сурасам эч нерсе айтпайт.Жаны Зулайкага апамдын кыстоосу менен уйлонгон кезимде аялым болсода эч коз кырымды салбаганым учун ал мага кызыгып ички дуйномду билгиси келген болсо,эми мен анын чыныгы максаты,жана табышмактуу коз жашынын сырын билуу учун кызыгып жашап калдым.Ушундай кайраттуу жана акылдуу аял оз тагдырын тобокелге салып,кандайдыр бир максат учун мага турмушка чыгып эми баары бутту деп кетип калбаса керек деген ойда мага келбей койгон жок............... ...Апамды уком мен Зулайка учобуз атам менен борборго кузотуп калдык.Апам Уком менен Зулайканы ооп жыттап жакшы создорун айтып коштошту.Мага болсо карапда койгон жок.Ичимден апамдын тарынычы алида жазылбаптырда. Мейли апа бир кун тентек баланды кечирерсин деп койдум.Апам болсо -апа,апа деп кополоктой айланып жаткан Зулайкага -кызым озунду этият кыл.Тилеп алган балабызды аман эсен торогун кагылайын.Олуп жатсамда небере жытын жыттап олсом арманым жок садагам.Суранам менин биринчи неберемди козундун карегиндей сакта деди.Апам Бактыгул торогон менин эки баламды небере ордунда корбой суйлогон созу тобо чачымды тике тургузуп жиберди.Тобо чачым гана тик турбай журогум ооруп коздорумдон жаш куйула тушкону учунда апам менен коштошпой тескери карап басып кеттим.Коздорумдон от чагылып Бактыгулду ойлоп ыйлап бараттым..... ............. Адамзат айлан кеткен сон коргон тушторунода ишенип жашайт экенсин.Бугун тушумо Бактыгул кириптир.Ал мурдагыдай ото сулуу экен.Мага жаккан кызыл койногун кийип алыптыр.Окобуз жетелешип копко сырдашып басып журдук.Тун экен.Ал жылдыздарды мага корсотуп суйлоп жатты.Ооба периштем Бактыгул тунду аябай жакшы корчу.Мага турмушка чыккандан кийин окобуз туну гана чогу болуп сырдашчубуз жана уруш жанжалы жок тынч бир гана айлуу тун дор эле ошондо.Кундузу апам Бактыгулго эч тынчтык бербей,кылдан кыйкынды таап уруш кыла бергени учунда Бактыгул тунду жакшы коруучу тынч жана сиз жанымдасыз деп.-качан ушул айлуу тундордун,тынч кундузу да болот экен а арстаным.Буйруса уйубузда бутойун деп калды уконуз уйлонсо эле бизди оз уйубузго болот экен атам айтты деп айтып калчу кееде ал.Эх мунун бары эми арман болуп гана калды........ Бактыгул тушумо кирген туну эч уктай албай койдум.Эшикке чыксам тан атып калыптыр.Эшик айланасындагы карларды куроп нан оос тийип Бактыгул жаткан жерине жонодум.Мазарга жеткенимде каар устундогу бир адамдын мазарга кирип кеткен изин коруп менденда мурда кимдир бироо келип кетиптир деп ойлоп койуп кетип жаттым.Бирок ал адамдын изи туура Периштем Бактыгул жаткан жерге барып токтоптур.Кардын тепселенгенине караганда копко олтурган болсо керек.-Кимдир келип кетиптир деген ойдо изди жакшылап карасам аял кишинин изине окшогон жок.Тоба ким болушу мункун менден мурда Бактыгулдон кабар алган деп тан калдым....Бактыгулдун козу отконуно коп болуп калган болсода мен оз уйубуздо жалгыз жашап жаттым.Зулайка балдар менен атамкында болуучу.Бактыгул олор алдында мага жалдырап-жан сураныч эмне болсо болсун бирок биздин уйдун чырагы очпосун.Ушул уйдо жашан деп айткан создору учунда мен бул уйдун чырагын очуруп кете албадым.Бирок Зулайканын кош бойлуу экени мени тынчсыздандыра баштады.Жакында гана апам мурдагы абалынан анча жакшы болуп келип уйдо эс алып кайра ооруу канага кеткени учунда апам барго Зулайканын жанында деп конулум тынч болуучу.Бирок апам кеткен сон Зулайка жалгыз калды эми эмне кылсам деп башым катты.Кундузу Зулайка окобуз кобунчо чогу болобуз бирок кеч кирген сон менин эч ал уйдо калгым келбейт.Бактыгул мени кутуп жаткандай оз уйумо шаша берем.Зулайка болсо апамдын конулуно карап биздин уйго кочуп келе албай алда сарсана болду.....уландысы бар.......Урматтуу окурмандар мага жоноткон белектеринистер учун ото чоон рахмат.Башым кокко жетти.Менден капа болбонустар жазган каттарыныздарга жооп жаза алганым жок.Туура тушуносуздор деген умутто калам.... Сын пикирлер келсек арстаным,жаным периштем деген создор менен мен болгону аял менен эркектин ортосундагы чыныгы суйууну гана даназаламакчы болгон болчумун.Эмне деп ойлосонуздар озунуздор билиниздер мен хурем султандын баянын эмес бир кара пайым чыныгы суйуунун курманы болгон кыргыз кызынын омурун гана жазуу максатым болуучу.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит! 30-барак!-Менсизделе бактарынызга жаз келет.Жанынызда мен болбосомда таалаларда гулдор ачылат.Сизге эркелеп,сизди суйуп жашабасамда, жаз менен кошо жарашып айыл шанга болонот.кучагыныздан менин жытым барган сайын кучсуз болуп жатсада,Асманынызга жылдыздар толо берет.Билем сиз жаз мезгилин ото жакшы корос.Менда жакшы кором.Бирок сураныч мени ар бир келген жаздан издей бербен.Адамдын жазы ичинде болот.Оз жазынызды оз ичинизден изден.Кутуп, кутуп кутудон кирпиктериниз талыганда унутарсыз мени арстаным..... ....... Адам тагдыры мезгилдерге багынат десе эч кулак турчу эмес болчумун.Окобуздун журок дартарыбызды коштоп омурубузгода кыш мезгилинин келгенин корун жан.Суранам менин коздорум жумулгандан сон журогунузгода кыш келбесин.Жанынызда Зулайканын бар экенин эч качан унутпан.Сиз Зулайканы никенизге алып аял катары корбой,конул койбогонунуз учунда,менин омурумду кыскартып жатат окшойт жан.Аял заты кулагы менен суйот.Зулайкадан ширин создорунузду аябан.Сиз ага канчалык жакшы соз айтып жакындашканыныз сайын,ал да сизге ошончолук ийилип кызматынызды кылат.Аял заты канчалык кучтуу,эрктуу жана сурдуу болбосун,барибир аял конулу гулдой назик.Сыртынан Зулайканын сурдуулугун коруп анын конулундо гул оспойт деп ойлобон.Аялыныздын конул бактарында туркун гулдун ачылышы эркектин кадамына байланыштуу арстаным.Зулайканы унутканыныз мени унутканыныз, балдарыбызды унутканыныз. Зулайканы суйгонунуз баарыбызды ойлогонунуз. Суранам убакыттан уттурбай Зулайканы багындырын. Анын пландары ишке ашышына жол койбон.Эгер анын пландары ишке ашса ал балдарды алып сизди таштап кетет.Мен сиздин мунозунузду билемин ардагым.Зулайкадан калсаныз омур бойюу жалгыз арманда жашап отос.Же уй-булодон же баладан же махабаттан жок болуп.Эч качан жалгыздыкты тандабан.Мен сизден айрылып жалгыз жашап,оз оорумду кучотуп алдым.Сиз бул жолду тандабан" -деген периштем Бактыгулдун создорун эстем айылыбызга келген жазга суктанып турдум.Ооба айыл ичи шанга болонуп,айлана аябай кооз.Бир гана менин журогумо жаз келбегендей эч конулум которулбой койду.Балким "-кайрылып келбес коктомум" -кетип,биринчи жолу жазды Бактыгулсуз тосуп жатканым учунда озумду колго алалбай жаткан болсом керек......Периштеге айланган асылым Бактыгулдун суранычын эстеп,балдарымды ойлоп да мен Зулайкага кайтууну ойлодум.Мен атамдардын уйуно келсем эки балам эки жагымдан аталап жугуруп чыгып,окоосу биринен бири отуп жарашып апасы тигип берген койнокторун мактанышып жатты.Балдарымды коруп эле бар мун кайгым таркап кетти.Аларды ооп жыттап эркелетип жатсам жети айлык болуп калган курсагы менен Зулайка уйдон акырын чыгып келди.Эмнегедир ошондо Зулайка коздорумо аябай жакшынакай, тим эле пешенесинен нур тогулуп тургандай корунду.Зулайканын ушундай сулуулугун коруп бир убактагы Бактыгулдун создору кулагыма угула баштады.Кече гана болуп откондой азырда коз алдымда ошол кез.Анда Бактыгул биринчи балама кош бойлуу болуучу.Адашпасам беш айлыктан отуп калган болсо керек.Ошондо Бактыгулда Зулайкадай аябай сулуу жана жузунон ажары тогулуп турган эле.Ошондо мен анын сулуулугуна тойбой ооп жыттап эркелеткенден жадабачымын. Мен ага -Бактыгул сен дуйнодогу эн сулуу аялсын дедим.Анда Бактыгул кулуп -Алтыным кош бойлуу бардык аялдар дуйнодогу эн сулуу аялдар.Аларды ар кадамында периштелер коргоп журот.Ошондуктанда кош бойлуу аялдардын жузунон ар дайым нур тогулуп турат деген эле.Бактыгул ак болуучу.Ал айткандай Зулайканында жузунон нур тогулуп турат эле.Биз уйго кирдик.Мен Зулайкага -Зулайка мен сени жана балдарымды алып кеткени келдим дедим. -Капа болбон сиз менен кете албаймын.Андан коро сиз келин деди Зулайка.-Келе албастыгымды билип туруп эмнеге келишимди сурап жатасын дедим.Зулайка ойлонуп туруп-Ал уй тубу барып биздики болот.Бактыгул эми арабызда жок.Козу откон инсанды эстеп жашоо жакшы,бирок ал суйуу деп оз жашоосуна уу себуу жакшы эмес.Кылмыш кырк жылда болсода билинет.Сырыбыз ачылганга чейин чыр чатактан алыс болушубуз керек.Элдин назарынан калган адам когорбойт.Ошондуктанда бардык ишти тегиз алып кетишибиз керек.Азыр сиз менен кетип калсам эли журт кайненеси ооруп ишке жарабай калган убагында таштап кетти деп наалат кылат.Менденда кобурок адамдар катынынын тилине кирип апасын таштап кетти ооруп калганда дешип.Сырыбыз ачылганда калам дегенинизгеда койбой апаныз бизди уйдон айдап чыгат ошондо кетебиз.Бактыгулдун козу откон уйдо жалгыз жашап ага болгон махабатынызды даназалагандан коро Бактыгулду журогунуздо сактан.Канчалык азап болсода ал эми жок.Эгер аны сагынып суйуп жашасаныз,анын айткан создорун унутпан.... деп Зулайка биразга жер тиктеп калды да кайра созун улады -абалыбызга карап пландарды токтотуп турабыз деди.-Мен Бактыгулдун козу откон откон сон пландар бутту болсо керек деп ойлогон болчумун дедим. -Ооба Ал учобуздун планыбыз болуучу Бактыгулго жардам бере турган.Бирок менин сизге турмушка чыкканымда ойлогон оз максатым бар.Мен коздогон максатыма али жеткеним жок. -Кандай максат экен билсек болобу? дедим.-Кандай максат экенин убакыт корсотот.Эки адам билген нерсе сыр болбойт.Аял затынын бардык кыйал максаттары озгорушу мункун.Анын баары сиздин колунузда.Мен Бактыгулдой сабырдуу келин болгону арекет кылып жатам бирок эч колумдан келбей жатат.Менден капа болбон.Мен эч озгоро албай жатам деди Зулайка. -Зулайка чынын айтчы сураныч сен кимден оч алуу учун мага турмушка чыктын.Менденби же апамданбы? Эмне учун бизге очоштун.Биз мурда эч бири бирибизди таныбаган алыс,алыс айылдардан болсок.Максатын эмне озу дедим чыдамым кетип.-Эгер чындыкты билгиниз келген болсо сизденда апаныстанда оч алуу учун сизге турмушка чыккан болчумун.Бирок тагдыр менденда катар болуп,менден оозуп сизденда апанызданда оч алып жатат.Бирок бул баарысы бутту дегени эмес.Баарысы эми башталды.Адамзат ар бир кылган куноосу учун жооп бериш керек.Эч бир куно жазасыз калбайт дуйнодо деди Зулайка.Мен Зулайкага болок бирда соз айтпай уйдон чыгып кеттим....Жаны гана апамдын алдынан келген атам менен суйлошуп апамдын мурдагы абалынан жакшы болуп калганын угуп конулум тоодой которулду. Кечки тамактан сон уком -аке эми биз менен ушул уйдо эле жашаганыныз он.Балдарынызда сизди сагынып кетишти.Кала берсе жакында апам келет.Мурдагыдай бактылуу жашоо баштайбыз деди.-Сен уйлонсон анданда жакшы болмок дедим.-Арекет кылып жатам аке бирок апам келип оз ойун айтпайынча мен сиздей оз башымчалык кылып алып качып келе албаймын деди уком.-Туура кыласын,эч качан менин катамды кайталаба. -Аке Зулайка женемдин жолдошу сиз болсонузда мен эмнегедир андан коркомун.Аке женемин ар кадамын кузотуп турун.Денизге толкун кутулбогондо келет Ал.бардык жакты бузуп,сындырып жок кылганда кана биз аны билебиз.Анда кеч болот аке деди уком.-Уком биздин денизге толкун келип болгон.Эми толкунга туруштук беруудон болок аргабыз жок уком мейли жакшы эс ал деп ордумдан туруп кеттим. Коптон бери бул уйдо тунобогонум учун да конулум жайдары болуп Зулайка окобуз жашаган уйго карай бастым.Эшикти ачып эле сырткы болмого мага жалгыз салынган тошокту коруп тобо чачым тик туруп кетти.Бардык денем шалдырап тошогумдун чекесине таянып олтуруп калдым.Зулайкадан мындайды кутпогонум учунда коздорумдон кандар агып кетти.Бактыгул мени эч качан мындай кылбаган болуучу.Кандай гана кун башыбызга тушсода ал эч качан тошогубузду болбогон болуучу....... ............. уландысы бар.....
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит" 31-барак!Баарыбызды кубантып атам апамды алып келип калды.Апам мурдагысынан коро ондон тайып арыктай тушуптур.Зулайка апамды коруп эле -апа мынча арыктап кеткес,жузунуздон нурда кетиптир деп буркурап ыйлап жиберди апамды кучактап.Апам болсо торойун деп олтурган Зулайканы аяп -кой кызым ыйлаба сен жакшы болуп калганымды коруп жатасын.Кара кучко салып оорууну убагында билбей журуп откозуп жиберипминда деди.Зулайка андан бетер апамды колунан жетелеп козунун жашын тыйбады.Ошондо Зулайканын жузунон апама боору ооруп ыйлаганында, же апамдын абалын коруп дабасы канып рахаттанып жатканында билуу ото кыйын болуучу.Зулайка бир гана кайраттуу жана сурдуу эмес ал эч кимге сырда бербей турган аял эле.Ушунчалык табиятынан кучтуу жана Зулайкадан мин эсе сурдуу апамда Зулайканын коздорунон сыр алалбай колунда курчактай ойноп жатты.Бир гана уком женесинин кылыктарынан куйуп кетип женеси менен айтыша кетип жатты.Апам оорууканада копко жатканы учунбу? же коп нерсени ойлонгонбу айтор мурдагыдан аз маз болсода жумшай тушуптур.Мага кулуп суйлобосода мени жаман козу менен караганы жок.Бар сырын Зулайкага айтып аны кыздарынанда артык коруп жаткан апамдан дагы бир жолу кечирим сурайын деп апам менен Зулайка олтурган болмого жол алдым.Мен болмого кадам койо элегимде эле Зулайканын уну кулагыма чалыгып калды.Ал апама -апа баланыз сизди ойлоп аябай кыйналып кетти.Басса турса ойлонбой кылган катасы учун озун озу жеп койойун деп журот.Апамдын ооруусуна жалгыз мен куноолуумун. Муну билгенимде Бактыгулдун алдына эч качан барбаган болот элем деп арманда калды.Сураныч апа мен учунда аны кечирин.Ооруп калабы деп коркуп жатам.Кокус ооруп калса абалыбыз эмне болот апа-деп жатыптыр.Апам курсулдоп бир жотолуп алдыда -мени эл журтун алдында иттенда пас кылып шерменде кылды уятсыз.Тууган уруктун алдында мен эмне деген адам болдум.Кундошум Гулупа дабасы кангынча жыргагандыр. Бактыгул эмес мен олгондой болдум.Атасына окшоп суйбойда олсун акмак бала.Оз ичимден чыгып,оз ичиме туз салды бул бала менин.Акыркы кылыгы мунун мага ото артыкча болуп отушуп кетти.Эч кандай оорууга мойун сунбаган жаным эсим ооп жыгылдым.Менго мейли бир кадам беридемин.Сен кантип койнундагы эриндин эмнени ойлоп кайда кадам койорун билбей калдын экен деди апам.-баланызда атама окшоп жарылып суйлобойт апа.Кечирин мени эч нерсени сезбейда калыпмын деди Зулайка.-Сен мен айткандай кылып жатасынбы Зулайка? деп сурады апам.-Ооба апа сиз кеткенден бери баланызга сыркы уйго болок тошок салып берип койдум.Озум балдар менен ички уйдо туноп жатам деди Зулайка. -Ошент кызым Бактыгул эми гордон тирилип келбейт.Жолдошундун Бактыгулдун горунон болок барар жери жок.Айланып ургулуп сага келет.Жанына жакындаштырбагын. Тим гой сенин кадырынды билсин.Айдай аялын корбой олуп жаткан шуркуяга барган экен коздору кор болсун.Эркектин айласы тошоктон кетет.Ич ичинен ит тырмап мышыктын абалына тушкондо гана кечиргин.Экинчи сен башкага алмаштыргыз болсун.Оз кадырынды паз койбогун деди апам дагы жотолуп.-Апа эч кам санабан,баланыз кылган катасын тушунду окшойт.-Сен шашылба.Мен аны кечирбей кайдада бармакмын.Эне кечиретда.Бирок сен корсоткун.Ойлонуп кадам койо турган болсун деди апам.... Мен алардын калган майегин уккум келбей чыгып кеттим акырын келгенимди билдирбей.Зулайкага тан калгандан болок айлам жок болуучу.Себеби ал бир ок менен эки койонду бир убакта атып жатат болуучу.....Зулайканын ар бир кадамын кузотуп,ар бир суйлогон создоруно маани берип жургон укомда баарысын байкап журуптур.Адаттагыдай эле ал женесине жинденип Женеси менен айтышып жатты апама уктурбай.Менда аралашкым келген жок.Уком тамак кылып жаткан женесине -жене эмнеге мынчалык апама камкор болуп кеттиниз.Же пландарыныз озгоруп калдыбы деди.-Бала эмнеге тушунбойсуз? Мурда бир максатта план тузгон болсок.Эми ар бирибиздин жолубуз ар болок.-Жолдорубуз ар болок болгону менен апабыз бир.Сиз бир убакта бир ок менен эки койонду атып жатас.Эне менен баланын бар сырын билип алып ичине тушкон курт болдунуз жене.Ичинен гана билдирбей жееп жатас аларды деди уком.-Зордон зор чыкса зор ордун бошотот бала.Сиз ойлогончолук деле жаман нийетим жок бирок баарысын орду ордуна койо турган мезгил келди.-Жок жене апамдын сизге ийилгенин ордун бошотту деп ойлобон.Байтал чыгып байге албайт жене сырыныз ачылгандан сон абалынызды кором.-Аны убакыт корсотот бала.Башында багы жанып турса байталды чапсан байге алат.Коз карашы тар апасынын дуйносунон болок эч нерсени корбогон тулпарды чапсан байгеденда кур калат.Байтал болсомда акыл жагынан сизден бир кадам алдыдамын бала.Сырынызды ачамын деп мени коркута бербен.Колунуздан келгенин кылын.Коромун апаныз мага ишенет бекен же сизгеби?Эгер сырыбыз ачылса уйдо чон уруш жанжал башталат.Баардыктын журогу тегиз оруйт.Апам мынданда оор абалга тушуп калат.Сизге ушул керекби бала.Эгер мени коргунуз келбесе тезирек уйлонун.Менин оз уй-жайым бар.Болунуп кетебиз.Ошондо гана жабык казан жабыгы бойунча калат.-жылкылар эмне болот жене анда.-жылкыларынызды менден эмес уурдаган адамдан суран деди Зулайка Балдарды ойнотуп жатсам Зулайка келип-апам сизди сурап жатат.Барып апамдан кечирим суран.Мен апам менен сиз жонундо суйлоштум деди. Макул дегендей баш чайкап апам жаткан болмого карай жол алдым.Барсам апам жаткан экен мени коруп башын которуп олтурду.Мен -апа озунузду кандай сезип жатас Дуруссузбу? дедим.-Жакшы балам жакынырак кел деди.Мен апама жакын барып колдорун укаладым.-Балам менин абалымды коруп турасын.Мейли кылган каталарынды кечирдим.Бактыгулун олду.Баленин баары ошол менен кетсин эми.Бактыгулдон олсо олугу артык Зулайкан бар жанында.Анын ай куну жакындашып калды.Атандын кейпин кийбестен эми Зулайканы аяп жакшы жашагыла.Дос душмандарга кулку болбостон деп апам созун бутуро электе.Эшик ачылып уком -апа сырткы душмандардан корккондон коро ичинизге кирип,бар сырынызды билип,ичтен тилген душмандан коркуш керек.Ички душмангана эн оор соккуну берет апа-деп укомда созун бутуро электе шашылып Зулайка кирип келип калды-апа даары чобунузду берууну унута жаздапмын деп апама колундагы чыныны сунду.Апам -омурун узун болсун кызым.Аман эсен кутулуп тороп алгын деп даарыны ичип жатты.Менин ойумча Зулайка кайнисин кутуусуздон бир соз айтып жиберет деп ойлоп шашылып келген окшойт.Ал укомду кашын которуп бир карап койду.Уком болсо женесин жеп койчудай жек коруп жатты.Апам даарысын ичип болгон сон Зулайка -апа дандырга от койойун деп жаткан болуучум.оногу баланы отун тушуруп берсе жакшы болмок деди.Апам укомо карап-сага эмне деген элем балам.Женендин абалын коруп турасын.Айтырбай эле жардам берсен болмок.Барып дандырга от жагып бер эч нерсе болбойт деп укомду урушту.Зулайка болсо -апа урушпан баланы,ал ар дайым мага жардам берет.Болгону унутуп калган корунот деп чыгып кетип жаткан укомду бир карап койуп fysy артынан чыгып кетти........... ... у.бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит! 32-барак!Адам болуп торолгон сон,тагдырдын берген бардык сыноолоруна баш ийип гана жашайт турбайсынбы? Бактыгулдон калып коргон кунум курусун менин.Барибир биринчи турмуш,алгачкы махабат башкача экен.Зулайка мага боору орудубу же жалгыз жатып жабыркабасын деп ойлодубу,балким апам айткандыр билбедимго айтор кайрадан бизге чогу тошок салыптыр.Балдар уктаган сон конулсуз барып окобузго салынган тошоктун асты жагына олтурдум.Чынын айтсам Зулайкага тошогубузду болуп салганы учун ачууланып жургом.Аман эсен тороп алса себебин сураймын деп ойлогом.Бирок кутусуздон кайра эле тошогубузду чогу салганына тан калып олтурсам -Менден капа болбон.Билем Бактыгул эч качан сиз менен тошогун болгон эмес.Жан дили сыздап турсада,сиздин конулунуздон ото албай кулгону мажбур болгон.Ошондуктанда сиз анын кадырына жеткениниз жок.Аны коруйда албадыныз.Туура ага болгон суйунуз чексиз болгон.Бирок бул уйдо Бактыгулдун кадыры болгон эмес.Отмушунузду эскертип сиздин журогунузду сыгуу максатым жок.Бирок жоголгон бычактын сабы алтындан болот.Азда болсо оз катанызды жалгыз муздак тошокто жатып билин деп гана ойлогон болчумун.Мен сиздин балдарынызга апа болушум мункун.Апаныз ойлогондой келин боло алам.Бирок менден андан артык эч нерсе кутпон.Сиз менен бир тошокто жатсамда мен эч качан сиздин жан дуйнонузду Бактыгулдой жылыта албаймын.Себеби сиз мени Бактыгулду суйгондой суйо албайсыз.Журогунуздо жок нерсени менден издебен сураныч деп ыйлап жиберди Зулайка.Бир жагынан ойлоп карасан Зулайканында айтканы туура.Мен аны эч Бактыгулду караган коз менен караганым жок.Эмне кылмакмын.Айтуугагана оной.Бирок мындай тагдырды басып отуу ото кыйын экен.Журогум секунт сайын Бактыгул деп согуп жатканы учунда мен Зулайканы бирда Бактыгулду эркелеткендей эркелете албадым.Канча арекет кылбайын эч тилим айланбай койду.Бар кучумду жумшап ыйлап жаткан Зулайканы боорума кыстым да-Мени кечир Зулайка.Арекет кылып жатам жакшы жолдош болгону дедим.Коз алдыма Бактыгулдун элеси тартылып анын-Арстаным, ар дайым эсинизде болсун менин козум откондон сонда жашоо уланат.Кыштында ордун жаз басат.Зулайкага мерим тогуп конул койун.Балдардын келечеги учунда Зулайканы суйуп жашан.Мен сиз учун жакшы аял болсомда,баарысы жаман,жаман дей беришкени учунда жаман сойку аял болдум.Мин Зулайканы суйо албай кыйналсанызда, аны жаман деп айтпан.Жаман болсода жакшы деп колдой берсениз жаман аялда жакшы болот.Жакшы аялды кантип суйуп калганынызды озунузда билбей каласыз.Эч качан Зулайканы мага салыштырбан деген создору кулагыма угулуп жатты. Копко ойлонуп олтуруп калган коруном бир убакта Зулайка -эки уч кундон бери аябай жаман тушторду коруп уктай албай коркуп жатам.Бир туруп тушумо Бактыгул кирет.Бир туруп сиз менен ото карангы бир жарга тушуп калып жол таба албай кыйналып журобуз.Бир туруп оногу бала учобузду токойдо ит кубалап журот.Эмне кылуунуда билбей калдым.Апам сизди кочманга жардам берип,малдарды туголдоп жайлоого кочурушкону эртен короого жонотобуз деген болуучу.Балким кетпегениниз дурустур.Журогум бир шумдукту сезгендей тынч эмес деди. -Коркбо мен жанындамын. Сени таштап кетпеймин дедим чачтарынан сылап.... Кечке жер тырмалап иштеп чарчаган коруном каттуу уктап кетипмин бир убакда эле Зулайканын -качын.......... ......ын сураныч.Жугурун деп каттуу кыйкырган унунон чочуп ойгонуп кеттим.Зулайка болсо Басырык баскан адамдай ары бери тыпырчылап суйлоп жатып-Бактыгул деп ойгонуп башын которду. Жузундо бир тамчы каныда калбаган болуучу.-Эмне болду Зулайка тынчтан дедим.Ал шашкалактап -суу беринчи сураныч деди.Мен дароо туруп эле Зулайкага суу алып келип бердим.Ал суу ичкен сон гана бираз опкосун басып озуно келип -жан Тушумо Бактыгул кириптир деди.Денем жымырап кетти.Байкосуздан Зулайка биринчи жолу жан деп айткан болсода.-Бактыгул эмненидир мага айтмакчы болуп,кыйналып жатты.Сизда бир жерде журос.Калганын эстей албай жатам.Бул жакшы туш эмес сураныч менден бир кадамда жылбан апам менен озум суйлошом.Эгер сизге бир нерсе болсо Бактыгул мени эч качан кечирбейт деп Зулайка колдорумду бекем кысып кармады.Ал менден корксо мен болсо торойун деп олтурган андан коркуп олтурдум.Ошентип окобуз тан аткынча уктабай чыктык.Эртеси куну баарыбыз эртемененки чайди ичип болуп бутуп оз жумуштарыбызга тарайын деп жатсак апам -Дастан сени атан окобуз кенешип кочмандарга жардам бергени корого жонотойук дедик эле.Бар байлыгыбыз мал менен болгон сон аны жакшылап караш керек.Мал калди толуктап,санап биротолу жайлого кочуруп келсен болмок дедим.Мен апама жооп беруу учун оозумду ача электе эле Зулайка -апа сизге айтайын деп айта албай жаткам болчумун.Эки уч кундон бери уйкум качып аябай кыйналып жатам.Торогонумо чейин баланыз жанымда болуп турса кандай дейсиз.Анын устуно кече кичинебала -жене апама айтын.Апам сиздин тилинизди алат.Сиз торойун деп олтурсаныз акем кетип менин калганым туура эмес.Акемдин ордуна мен барайын деп суранган болуучу деп Зулайка укомду бир карап койду.Укомдун болсо коздорунон от чачырап -апа мен ойлонуп калдым.Акем мен челик дыйканчылыкты жакшы карай албайт.Мен кетип калсам кийин куздо жакшы тушум ала албай калабыз.Сиз ошону билгениниз учунда акемди корого мени болсо дыйканчылык кылганы калтырып жатас деп ал да женесине бир карап -апа Зулайка женем Бактыгул женеме караганда тилида узун,озуда кучту.Акем бир жолуда Бактыгул женем торогондо жанында болгон эмес.Эмнеге Зулайка женемдин жанында болушу керек деди. Эмнегедир апамдын ачуусу чыгып кетти.Ал укомо кыйкырып-женен менен атандашып айтышканынды кой.Зулайканы эч качан Бактыгулго тенебе.Ошол тарбиясыздын тилин менин уйумдо эч качан тилине алба акмак бала.Бул уйдо мен журогумду жаза турган бир гана Зулайка болсо ошонунда жанын койбогула.Тездик менен дайардан короого кетесин деди.Андан сон Зулайкага карап -кызым кайниндин майда чуйдосун дайардап салыштырып бер деди.Зулайка макул дегендей баш ийкеп чыгып кетти.Уком болсо тиштенип ачуусу менен-апа сиз женемдин чыныгы жузун билбейс.сиз оз балдарынызданда келининизди бийик койуп жатас деди. -бала болуп силер мага эмне кылып бердинер.Акен болсо мени эл караган бетими жер каратып акыры жыкты.Сен болсо уялбай женен менен айтышасын.Кайсы бала женеси менен айтышат.Жене менен кайни сырдаш болот.Жененин башынчалык акылынар иштегенде мен минтип оруп жатпаган болот болчумун балам.Тез жолго туш деди............. ......Уком озун койорго жер таппай жинденип жайлоого жоногону дайарданып жатты.-эмне мынча ачууланасын дуйнонун нары бурчуна кетип жаткан жоксунго каалаганда келип кетесин дедим.-аке сизда апамдын созун суйлоп жатас.Тигил жыландын майын жалаган аялыныз мен тороп торот уйундо жатканда кайним апама бар сырды айтып койбосун деп атайын ушул тамашаны ойлоп тапты.Капа болбонго бул аял тубу барып сиздида жинди кылып койот аке деди.Уком озу менен алып кете турган нерселерин дайардап алып келген Зулайка -Сизге айткан болчумун бала.От менен ойношпон куйуп калас деп.Кулак салганыныз жок.Эми биздин жалпы планыбыз жок жолдорубуз айрылыш деген создорумду дагы бир жолу сизге эскертип койом бала.Жакшы барыныз.Арманынызды эми тоо таштарга айта бериниз.Ажепэмес баягы жоготкон жылкыларынызды таап алсаныз деди.-жене мен барибир бир кун сиздин чыныгы жузунузду апама корсотом деди уком женесине очошо карап. -Сиз келгенче коп нерселер озгоруп кетет бала.Анын устуно сиздин созунузго оз апаныз ишенбеген сон дагы кимда ишенет болуучу.Менин жузумду ачкыдай сизде бирда далилиниз жок.Кимда ишенет.Мендей жаш келинди мал уурдаптыр десе.Бирок унутпан бала сиз касапчыларга малды сойуп сатып жатканынызды коргондор бар.Мен эмне иш кылган болсом бирда артымда из калтырбаймын. Акмак болгонумда сизди шерик кылган болот белем.Жакшы барын бала капа болбой.Жакшы кундордо корушору деп Зулайка басып бара жатып токтоп артын бир карап-Бала эч камтама болбой кете берин апама озум карап турам деп жылмайып койуп басып кетти.Уком болсо тилденгенче жоноп кетти.Эмнегедир Зулайканын создору мага жаккан жок.Аларга аралашайын дейм бирок учолоп чурулдай тушсок апам сезип калабы деп коркомум.Бул сапар укомдун ашыкча эле ачууланганына чыдай албай Зулайканын артынан кирип бардымда -Зулайка сен качан уком менен айтышканды токтотосун дедим.Ал бираз мага карап туруп -сиз Бактыгулдун создорун эсинизден чыгарбан сураныч.Эгер сырыбыз ачылса эмне болот билесизби?.Бир ойлоп кордунузбу? кандай абалда калышыбызды. Акча мал дуйнону жанынанда артык коргон апаныз ошол куну жинди болуп калат.Ансызда ар жалганды бир айтып сорго эле апанызды корого жакындаштырбай кармап турам.Малдар жайлоого кочкондо дагы бир нерсени ойлоп табарбыз.Азырынча мен тороп алгынча баардыгы тынч болгону жакшы деди............. ....Укомдун жайлоого кеткенине бир жуманын жузу болуп калган болуучу.Зулайканын ай куну жеткен сайын кыйналып жатты.Ар туну ар туркун туш коруп тун ортосу суйлонуп уктабай чыкчу адат чыгарды.Ал кобунчо Бактыгулдун атын атап жатты.Бир туну эле Зулайка кыйнала бергенден уктабай жаткан болчумун.Ал ары бери карап мандай пешенеси тердеп бышып -Жомарт ардагым.Суранам коздорунду ач.Жок..... андай кылба Жомарт......ким бар жардам бергиле Жомарт коздорунду ач сураныч деп суйлонуп кыншылап ойгонуп кетти.Ал тура калып эле-ичим ичим оруп жатат,мени оруканага жеткизин деди.Мен ошол эле туну Зулайканы торот уйуно жеткиздим.Ал тан эрте менен кыз тороду.Кыздуу болгонумдан кубанычым койнума батпай жаткан болсода Жомарт деген ат сай соогумду сыздатып жатты.Жомар деген ким озу? Эмне учун Зулайка Жомарт ардагым коздорунду ач жардам бергиле деп кыйкырды? деген суроолор мага тынчтык бербей койду.Бир жактан Зулайканын -сизге бир максат менен турмушка чыккам деген табышмактуу создору башыма келсе,Бир жактан Периштем Бактыгулдун -Арстаным менин сиз эч качан отмуш менен жашабан.Азыркы убактыныз бул сиздин бактыныз.Келечек ал сиздин максаттарыныз. отуп кеткен кун ал эч качан кайтып келбейт.Акылдуу эркек жакшы коргон адамынын откон кундорун козгобойт.Бугунку куну жана эрте мененки максаты менен жашайт.Сураныч Зулайканы бутундой багындырып алын.Анын пландарын ишке ашышына жол бербен.Сиздин махабатыныз гана туз жолго салышы мункун деген создору эсиме тушту.Ошондо Бактыгул аябай каттуу ооруп кан кусуп жаткандыктанда баарына макул дей берип бирок терен ойлонуп корбогон экенмин.Эми ойлосом Бактыгул Зулайканын мага чейинки турмушун билген корунот.канча ойлонсомда эч акылым жетпей койду эмне учун менин периштем мени балдарымды жана биздин уй жайды ишенип Зулайкага таштады экен. Зулайка деген ким озу? деген суро эми мени кызыктыра баштады.Апама очошуп билип билбей эле туш болгон кызга уйлонгонумо бир туруп окунсом бир туруп анын кылган жакшылыктарsy ойлойм эх тагдыр мынчалык татал болбосо он козум сол козумо душман. Кандай кадам койунуда билбей калдым.Зулайка же Бактыгул айткандай менин суйумду башыма тажы кылып кийгизип хан кылат.Же болбосо уком айткандай мени акылдан азгырат.... ... ...... ... у.бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 33-барак!Зулайканы кызым менен торот уйунон чыгарып келгенибизден соз,уйубуздон жакын тууган ,туушкан,дос жоролордун аягы узулбой,биздин уйдо чыныгы майрам башталды.Апамдын коктон издегени жерден табылгандай, кубанычы койнуна батпай небересин айланып улгуруп эркелетип-баладанда небере ширин болот экен.Уулдан коргон биринчи неберем,Алгачкы менин кубанычым деп жатты.Балким апам келген коншу колондор Бактыгулдун апасына айтып барсын деп ойлосо керек.Коншу аялдар кобойгондо эле апам небересин колунан тушурбой калат.Эч откон кундорумду эстебейм дейм.Бирок апамдын Зулайкага кылган ар бир мамилеси мага,бир мезгилде апамдын Бактыгулду кордогондорун эскерте берет.Байкуш батыгул эки жолу уул торогондода апам бир жолуда неберелерин ооп жузунонда суйгон эмес болуучу.Зулайка менен кызыма турлуу кийимдер алды,Бактыгул менен ал торогон менин балдарыма кийим кече алмактугул бир ооз жакшы соз айтчу эмес.Тескерисинче апам жаны гана тороп торот уйунон чыгып келген Бактыгулго -мынча эле шалдырайсын. Теги эле кылган ишиндин тайини жок.Кечке колу бутун тынбасада кылган ишин козго корунбой.Сен тороп эле калган элдин баары туубас болуп калгандай керилгенинди кор мунун деп кагып силкип урушуп калчу.Мен ошол кезде баарын оз козум менен коруп турган болсомда эч качан Бактыгул менен апамдын ортосуна тушо алган эмес болчумун.Апама болгон сый урматымдын чексиздигинен эч качан Бактыгулду коруй алган эмес болчумун.Ошондуктанда Зулайка менен апамдында ортосуна тушкум келген жок.Зулайка бир гана акылдуу эмес ал ото митаам дагы.Апамдын ичи койнуна кирип,бар сырын билип алып ичинен апамдын озунун майына озун кууруп жатканын коруп турсамда эмнегедир эч апамды коруй турган ой пайда болгон жок.Балким Бактыгул мени деп келип биздин уйдо бирда жакшы кун корбой,акыры кан кусуп олгону журогумо муздай синип кеткени учунда таш боор болуп бараткандырмын. Ким билет....... Бактыгул мен суйуп ала качып алып келген биринчи аялым жанада апамдын кундошунун кызы,тактап айтканда ал атамдын ойношунун кызы болуучу.Колунда жок жердин булосу болуучу.Зулайка болсо оздоруно ток уй булонун кызы.Апам жактырып мага алып берген менин экинчи аялым эле.Бактыгул менен Зулайка бири биринен асман менен жердей айырмаланат. Бактыгулду бар дуйном менен чын журогумдон суйгонум учунда анын бирда менин конулум калтырар соз айтканын эстей албаймын.Ал бардык ал кучу менен мени деп бардык апамдын кордугуна чыдады,мени ойлоп акыркы дем алышына чейин мени деп олду........Мен Зулайканы жаман деген ойдон алысмын.Ал Бактыгул торогон эки баламды,озу торогон кызынанда артык жакшы коруп меерим тогот.Балдарымдын жакасына кир жуугузбайт. Ошондуктанда балдарым менденда кобурок Зулайкага жабышат апалап.Балдарым Бактыгул жонундо такыр унутушупда калышты.Ойунда кандай максаты бар экенин билбегеним учунда Зулайка канчалык коздорумо жакшы корунсода эч fys Бактыгулду эркелеткендей эркелете албадым.Дуйнодо эч бир адады кудайым биринчи турмушунан койбосо экен............. ....Бактыгулдун козу откон болсода мен анын ар бир айткан создорун эстеп,ал каалагандай жашаганы арекет кылып жаттым.Бактыгул мен Зулайканы анданда артык суйуп,ал эмне десе баарына макул болушумду коп жолу эскеркен жана Зулайканын откон тагдырына такыр кызыкбан деп айткан болуучу.Мен Бактыгулго соз бергеним учунда тишимди тилиме басып чыдап жаттым.Бирок барибир Эркек экенбизда эч озумду токтото албай койдум.Ит дагы аягын коруп ичет эмесби.Ага болгон кызганычым барган сайын куч ала баштады.Балким аны суйуп бара жаткандырмын. Эч озумо озум тушунбой журдум.Олгондун устуно комгон болуп бир туну Зулайка дага Жомартын атын атап уйкусурап суйлоп -жардам бергиле,Жомарт коздорунду ач,сураныч мени таштап кетпе ардагым деп ыйлап чочуп ойгонуп журогун кармап,чукур дем алып алаксырап олтуруп калды. -Зулайка Жомарт ким.Сен биринчи жолу Жомарттын атын атап жатканын жок дедим.Зулайка бираз озун басып башын кармап турдуда-Азыр сизге эч нерсе айта албаймын.Сиз кандай абалда болсонуз мен ошондой кабыл алып сизге турмушка чыктым.Эми сизда мени туура тушунун деди.-Зулайка сен менин аялымсын.Мен бардыгын билгим келет.Ким ал Жомарт.-Аялыныз экеним эми эсинизге туштубу? Коздорумдон кан агып жанынызда жат адамдай жашаганымда кайакта болчусуз.Бактыгулго менин боорум ачыган.Мен сизге Бактыгулго жардам беруу учун гана эмес болок максаттада турмушка чыккам.Чын журогумдон Бактыгулго жардам беруу учун кол сундум.Сиздин журогунуздун дартын женилдеттим. Сизчи? Жакшылыктарымдын ордуна сизден эмне алдым.Эмне бере алдыныз мага.Сизди эч качан суйбогон болсомда ак никениздеги аялыныз болгонум учунда сизге мееримим аша баштады.Бир тошокто жаткан болсокда менин уйдо бар жогум эч качан сизди кызыктырган жок.Мен Бактыгулду бир тууган эжемдей корсомда барибир кундош деген атыбыз бар экен.Сиз Бактыгулдун атын атап уктап,анын жытын энсеп аны издегенинизде менин коздорумдон кан аккан жок деп ойлойсузбу? Оз калоом менен сизди Бактыгулго жоноткон болсомда бирда кирпик какпай сизди куттум.Мин жолу олуп,мин жолу тирилдим.Сизчи? сиз мен жонундо бир жолу болсода ойлоп койдунузбу? Канча коп Бактыгулго жардам кылган болсом,ошончо коп олуп тирилдим.Эми мен баштаган ишимди аягына чыгарышым керек.Тагдыр пешенебизге эмне жазган болсо ошону коробуз.Мен сизге Жомарт жонундо баарын айтып берем.Бирок азыр эмес.Баары буткондо гана Жомарт жана дагы менин чыныгы максатым жонундо угасыз.Андан сон эмне кылсаныз озунуз билин.Сизден бир гана суранычым Бактыгулго берген убадаларынызды унутпан деди ыйлап Зулайка.Бул жолу анын козундогу жаштар чын журогунон чыгып жаткан болуучу. -Зулайка мен барибир жолдошунмун. Мени эмне кутуп жатканын билишим керек дедим. -менден такып эч нерсени сурабан.Сиз бир жолу чечкинсиздигинизден оз уй-булонузду жоготтунуз. Эмне эми биздида жоготкунуз келип жатабы?Апаныз менен Бактыгулдун ортосуна аралашып эч качан Бактыгулду коруй албагансыз, эми мен менен апаныздында ортобузга тушпон.Тагдыр эмнени жазган болсо ошону коробуз.Апаныз тубу барып Бактыгул кан кусуп тошокто жатып,журогунон эмнелерди откозгон болсо ошолордун баарын сезиши керек.Капа болбон мен оз ишин аягына чыгарбай таштап койо турган аял эмесмин.Эгер сиз жолумду тоссонуз анда арабыз муздап барат.Сураныч гул осмоктугул чырпыкда когорбой турган журогунузду анданда бетер муздатпан.Эч ким пешенесине жазганынан качып кутула албайт.Отуном балдар учунда мени оз эркиме койун.Мен сиз ойлогончолук жаман аял эмесмин.Мен болгону Бактыгулдун коз жаштарынын убалын гана коргум келет.Бул дуйно кайтар дуйно,шашылбан сизда тагдырдын белегинен кур калбайсыз деди Зулайка.Эмнегедир денем жымырап муздап кетти.Уурусу куч болсо эсин баса салат дегендей.Озум баштап озум басылдым...Муздай тушкон конулдорду коштоп уч торт кундон бери биз жайлоого кочобуз дегенден бери бизге очошкондой тынбай жамгыр,бир басылып бир жаап жатты.Зулайканын апама кылган жасалма мамилесин коргум келбей кочмандарды жайлоого кочуруп келгени барайын деп жаткан.Эмнегедир эч бутум тартпай койду.Эртен менен ойгонуп эле кантип Бактыгулдун жанына карай жоногонумду озумда билбей калдым окшойт.Адатда Эртен Бактыгулдун башына барып келем деп ойлоп жатчумун.Бугун эч нерсени ойлобой эле туура аны коздой жонодум.Балким аябай каттуу сагынып аны коргум келгенден болсо керек.Бактыгулдун башына барып аны менен копко суйлошуп олтуруп кайтым.Бир инсанга суйун чексиз болсо ал жанында болбосода суйоо берет экенсинда .................. Зулайка барбан деседа кулак салбай барам деп Корого жоноп жаткам кочмандарга жардам бергени,жамгыр басылганы учун.Бир убакта эле атамдын туугандары келип калышты топтолушуп. Корсо Жамгыр коп жаагандан сел журуп биздин корону туну мал калибиз менен сел алып кетиптир.Уком кочмандар менен оз жаныбызды сорго гана сактап калдык тоого качып чыгып туну деп калды.Мал дуйнобуз баары селде калып арам олуп,алал болгонунда сойуп элге карзга тартканыбыз учунда апамдын кан басымы которулуп мурункусунанда жаман абалга тушуп жатып калды.Бар жогубуздан айрылып апам мен атам уком тортобуз куйуп жатсак.Зулайка -эмнеге жер тееп кайгыраз.Андан коро сырыбыздын жабылганына суйунбойсузбу? Бактыгулго сатып берген малдын эсебин апаныз сурап калганда эмне кылмак элек.Эми болсо бардык малды сел алып кетти болуп сыр жабылды дейт.Дуйнону суу каптасада ордокко эмне кайгы дегендей Зулайканын сырыбыз жабылды деп кубанганын жактырбай жооп бербей басып кеттим.Зулайка болсо артымдан басып барып-мал дуйно жолдору кылданда ничке экенине ишендинизби? Апам кундон кунго орлошуп жатат орууканага жаткызыш керек.Анын устуно апамды куздо операция кылуу керек.Бизде болсо акча жок.Эми бизге элдинда коз карашы озгорот.Эми эч ким бизге карзгада акча бербейт.Болсо болбосо Бактыгулдун уйун сатабыз дейт апаныз.Сиз эмне деп жооп беришинизди унутпаган болсонуз керек.Бактыгул баарын сизге айткандыр деди.Мен унчукпастан гана жон болдум......Зулайкадан унчукпай кутулса болот болуучу бирок эл ичинде тараган биздин уй-булобуз жонундогу созго чыдап болбойт болуучу.Адамдар апамдын атын атап Бул озу ушуну коргону калган болуучу.Бактыгулду иттей кордоду эле эми озуда оруп Бактыгулдун абалына тушуп калдыдесе бири тоба сайдагы канча короолорду сел албай дондогу булардын коросун сел алганын кор. Кудайдан каргыш келсе ушулда деп жатышты....... ......... уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 34-барак! -Байлык колдун кири деп айтышса,колунан байлыгы кетпеген адамдар кобта ишенише бербесе керек.Байлыкты садака менен,боорукерлик жана муктаждарга жардам берип гана кармап турса болот.Ошондода бардык байлыгыныз жараткандын каалосунда. Байлыкты эч качан бироону кемситип,бироодон оч алып,бироону кордоп кармап тура албайсыз жан деген Зулайканын создорунон озумо келдим.Чындыгында тагдырдан бактын ачылбаган болсода,жаман кунуно жарай турган азда болсо дуйнон болсо конулун ток жашайт экенсин.Бир кундо эле баарынан ажырап эч нерсеси жок калуу жонокой адамдыда акылдан адаштыра жаздайт турбайбы.Апамго акча санаганды байлык топтогонду ото жакшы корчу.Ошондуктанда тошоктон турбай эки колуу менен башын кармап жатып калды.Байлыкка коп деле кызыкпаган мен менен укомда бар жогубуздан айрылып башы айланган койдой басар жолубуздуда таппай калдык.Атам болсо копделе озун жоготкон жок.Балким бизге сыр бербей жатканы менен ичинен эмне болсо болуп жаткандыр.Бир эле кундо бар жогубуздан айрылганыбыз бир гана Зулайканын журогуно жаз алып келди.Ал апамдын алдына кирип апам менен кошо буркурап боздоп -эми эмне кылабыз апа,кайсы кылган кунонуз учун кудайым сизди жазалады экен деп ыйлап сыздап,сыртка чыгып коктон издегени жерден табылгандай даабасы канып,коздорунун кыры менен кайнисин бир карап койуп кулуп журду.Бар байлыгыбызды сел алып кеткенде,байлык менен кошо уйубуздон береке дагы кеткендей мурдагыдай чогу олтуруп чайда ичпей калдык ар кимибиз ар жерде калып.Уйго кирип ыйлай берип коздору шишип,жузунон кан качып жотолуп жаткан апамды коруп уком окобузда аябай кыйналып кеттик.Зулайка болсо апамдын кыйналып жатканын коруп туруп,отко бензин сепкендей -апа кочогода чыга албай калдык айланайын апаке.Кочого чыктым дегинче эле элдин баары биз жонундо соз кылышып жатышат.Кече эле сиздин эн жакын сырдаш болгон коншуларыныз бугун сизди жамандап ушакташып жатышат.-Алар сизди Бактыгулдун каргышына калды.Бул аялды кудай урду.Оз неберелерин тилемчи деген жез кемпир эми озу тилемчи болот дешип айтышып жатышат деп ойунан озу соз токуп апамдын журогун ойкоп жатты.Ар куну кочодон ар турдуу соз таап апа сизди паланчы"- булда бул аялга аздык кылат,Бактыгулду кордоду эле,эми озуда кор болсун"-деди, кече эле чайинизди ичип олтурган пыстанчы эже -жердин астында жылан кыймылдаганын билген куу аял,кантип эле мал дуйносун сел аларын билбей калды экен деди деп апамдын журогун ого бетер эзип,апам менен кошо апама боору ачышкандай ыйлаган болуп ичинен кулуп жатканына уком чыдай албай кетти окшойт,жаны гана апамдын алдынан ыйлап чыккан женесин колунан судуроп келип -жене максатынызга жеттиниз.Сиз ойлогондой баарыбыз тешик тагаранын тубундо калдык.Апам болсо тошокко мыкталды.Сизге мынданда ашкан майрам болбосо керек.Эми тузгон пландарыныз аяктагандыр. Эки бутунуз сынып кала электе эми жоголун бул уйдон деди.Зулайка кайнисинин колун силкип жиберип.-Эки кулагыныз менен жакшылап угуп алын.Биринчиден Мен силерге кет десенер кетип,кел десенер келип,ол десенер оло турган Бактыгул эмесмин.Экинчиден сиз мени жогол деп жобумду бере турган эримда эмессиз.Кудайга шукур башымда эрим бар.Мен сизге эмес акенизге турмушка чыккам бала.Эмнеле мынча кутурган иттей коздорунуз кызарып мени жееп ийчидей карайсыз.Эмне коронузду сел аларда ажалдан жоо качканынызды менден чыгарайын деп жатасызбы? Ишенген мал дуйнонуз коз алдынызда селге агып,жаныныз оозунузга келген болсо менде эмне айып.Эгер колумдан сел жургузу келгенде мал дуйноону эмес сиз менен апанызды селге агызган болот элем Бактыгул олгон куну деди. -Баарысына сиз куноолусуз жене.Биздин ишенчек жана ак конулдугубуздон пайдаланып бизди алдап,оз апабызга каршы койдунуз.Ошолордун кузуру урду бизди.Дагы эмнени кутуп жатас жене дагы сизге эмне керек деди уком. -Шашылбан кайни.Дагы эмне керек экенин сураганымда билесиздер. Дайыма курсагыныздар ток болуп жокчулукту коргон эмессиздер. Жашоо учун курош эми башталат бала деп шарт бурулуп кашын керип басып кетти.Баарысын угуп турганым учунда менинда каным кайнап чыдай албай кеттим.Зулайканын артынан барып-Зулайка жетет эми биздин устубуздон кулгонун.Мени эмне десенда,эмне кылсанда макулмун.Бирок апам менен укомду оз абалына кой.Апамдын кыйналып жатканын коруп туруп бул эмне кылганын кочодогу созду ташып апама.Сенида апа торогондур дедим.-Мени кечирин канчалык озумду баспайын апаныздын кыйналып жатканын коруп туруп,коз алдыма бир тал чачыда калбай тогулуп олум алдында жаткан байкуш Бактыгулдун элеси келет.Кантип мен анан озумду токтотом жан.Сиз,сенида эне тороондур дейсиз.Эмнеге апаныз Бактыгулда бироонун айдай кызы экенин ойлогон эмес.Муну тагдыр ойуну деп айтышат.Сиз мени тыйганыныз мененда тагдырды тыйа албайсыз жан.Апаныз эмне эккен болсо ошону орор убагы келди.Мени кунолобон мен болгону тагдырдын буйругун аткарып жатам.Мен баарысы мынчалык тез жана ото оор болот деп ойлогон эмес болчумун.Тагдыр деген менденда ожор менденда куу турбайбы жан.Бир кундо эле сиздерди кедейге айландырды. Мен болсо туну куну ойлонуп план тузуп журупмун.Баарысын кудайга салып койгон жакшы турбайбы? деди.-Демек кудайга салыпсын пландарын буткондур анда? дедим.-айтышкандан коро келечегибиз жонундо ойлонойлу эми ар кимибиздин жолдорубуз ар болок.Оз тагдырыбызды ойлоп кадам ташташыбыз керек деп Зулайка созун бутуро электе укпай басып кеттим. Апамдын абалы орлошуп жатканы учунда атам машинасын арзан эле бироого сатып апамды борборго оруканага жаткызганы алып кетти.Апам менен атам кетиши менен эле Зулайка Бактыгул окобуздун уйубузго жукторун жылдыра баштады кочобуз деп.Мен болсо апамдар келишин кутолу деп окобуз эки ойдо жашап жаттык.Чындыгында жокчулукта жашоо ото кыйын экен.Кылган дыйканчылыгыбыздан болок жегенида эч текебиздин жоктугун эстесем журогум кадимкидей ооруп чыкты.Этсиз тамак жебегенибиз учунда Зулайка эттин жоктугунан эт кошпой тамак кылса ичкибиз келбей журуп акыры ошогода конуп калдык. Башка тушкондо баарын билет экенсин.Эми Бактыгул мени менен ажырашып кеткенде жокчулуктун айынан убагында дарылана албай жургондорун тушунуп ал жонундо мурдагыданда кобуроок ойлоно баштадым.Бир куну дерезеден тигилип туруп Зулайка эккен гулдордун ичинен аппак болуп ачылып турган уч даана гулго козум тушуп калды.Бактыгул аппак ачылган гулдорду аябай жакшы корчу.Ошондуктанда гулдорго жакын барып жыттадым.Журогум кадимкидей тим эле Бактыгулду жыттагандай жазылып кетти.Мурдума мен издеп таппай жургон бир жагымдуу Бактыгулдун жыты урулду.Балким мен азыркы абалымда Бактыгулдун бир ширин созуно зар болгонум учунда мага ушундай сезилип жаткан болсо керек.Коздорумо ошол ачылган уч даана ак гул дуйнодогу эн кооз гулдой корунду.Ал гулдордун тубун жумшатып аларга суу куйуп койдум.Куу аял менен жашасан куулукда жугабы билбедимго айтор Мени мага сездирбей коздорунун кыры менен карап турган Зулайканы байкап калдым.Кечкурун эртен эрте менен Бактыгулдун башына барып келем деп нийет кылып жаттымда,Эртеси куну саарлап туруп бети колумду жууп.Тазза тыкан кийинип Бактыгулдун мурзосуно барууга кадам таштап эле кечеги жакшынакай болуп ачылып турган уч даана ак гул бугун бироо болуп калганын коруп жакын бардым.Ит мышык аралап сабагын сындырып кеттиби деген ойдо гулдун айланасын карасам эч нерсе жок.Жулунган гулдун сынган жарты сабактары турат.Кимдир бироо узуп алган корунот деп ойлоп басып кеттим.Мурзого жеткинче Бактыгул менен откон жакшы кундорубузду эстеп,журогум кубанычка толуп,жолдун кыскарганында билбей калыпмын.Бактыгулдун мурзосуно жетип эле кече мен озум тазалап суу куйган,биздин бакта ачылып турган уч ак гулдун окоосу Бактыгулдун башында турганын коруп коздорум маштай ачылып кетти........... ....... уландысы бар......
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 35-барак!Сыныктан башка бардык нерсе жугат деп айтышса адамдар.Ушул соз кантип болсун.Адамдын озунонда.Бироонун мунозу бироого кантип жугуп кетмек деп ойлочумун.Бардык элдик акыл создорду башына келип тушкондо гана билет экенсин.Балким бул созду мендей бир пешенеси шор адам айтып калтыргандыр. .. Зулайка менен жашай баштаганымдан бери анын акылдуулугу жукпаган болсода, козго корунгуз тулкудой куудугу жуккан корунот.Мурда эч качан бироолордун суйлогон создорун жашырун тындоочу эмес болчумун.Бул жолу Зулайка мага чай берип -балдарды карап турун жумуштарымды кылып алайын деп мени алаксытып койуп,мен Бактыгулдун мурзосунон алып келип койгон эки ак гулду колуна алып туура укомдун болмосуно жоноду.Менда Зулайкага билдирбей уйду айланып барып инимдин болмосунун дерезесинин тубуно барып алардын создоруно жашырун кулак салдым.Чындыгында ошол мезгилде мага акгулдордун окуясы Зулайканын сырынанда кызыктуу болуучу.Уйдо Зулайка менен уком гана болгондуктан окоосунун кимиси мага сездирбей Бактыгулдун башына барат деген ой эч меемден кетпей койгондуктанда бироолордун созун андыганга турку болду... -Ым жене кандай шамал учурду сизди менин алдыма.Айтпаган белес эми жолдорубуз ар болок деп деди иним.-Тагдыр жолдорубуз башка болок багыттар менен кетседа бала мен сиздин женениз бойдон калам.Кайнилердин баштарына оор туйшук тушкон кезде,женелер ар дайым жардам колун сунат деди Зулайка.-Чоон рахмат жене.Бирок азырда мени мурункудай мага ишенет деп ойлосонуз адашас женеке.Озунуз айткандай мен сиздин самынынызга кир жууп болдум жене.Экинчи жолуу дагы сиздин тузагынызга илинуу максатым жок. -Жашсыз бала,Барибир жаштыгынызга барасыз бала.Тузагыма илинип болгоз деп Зулайка артына жашырган эки ак гулдорду Укомун алдына таштады корунот укомдун уну угулбай калды.Куулугуна салып Зулайка -Эми абалыныз кандай бала.Эгерде сиз айткандай жыландын майын жалаганым чын болсо демек мен сиздин бардык сырынызды билемин.Мага бардыгын Бактыгул айткан бала.Бактыгулдун козу жумулган сон сиздинда жененизге болгон суйунуз солуса керек деп ойлогон болчумун.Бирок тескерисинче куч алган турбайбы? Мен Бактыгул жакшы коргон ак гулдорду сиз учун эмес,апаныз Бактыгулдун козу откондон сонда бул уйдо ак гулдор ачылганын коруп ич ичинен куйуп жашасын деп эккен болчумун.Бирок бир эле убакта ак гулдор сиз менен акенизге Бактыгулду эсиниздерге саларын ойлобогон экенмин бала.Ушунчалык жан дуйнонуз менен суйгон экенсиз эмнеге убагында Бактыгулго жардам бере алганыныз жок.Апаныз Бактыгулду оттон алып чокко салганда,азыркы сайраган тилиниз кайда эле.Жардам бере албаганыныздан сон махабатыныз бир тыйынгада арзыбайт.Мени мин жаман корсонузда мен аял башым менен тобокелге салып сиз менен акенизди азда болсо абириниздер алдындагы азабтан куткардым деди Зулайка. -Жене сиз билбеген биздин уйбулонун бирда сыры калбаган окшойт.-Кайнисинин женесине болгон суйуусу бул сыр эмес,бул деген уят бала.Акениз билсе кандай абалда каларын бир жолу болсода ойлоп кордунузбу бала.- Уят болгудай женем окобуздун ортобузда эч нерсе болгон эмес.Женем акемден болок эч кимди ойлопда койгон эмес.Акемден жашыруун план тузмоктугул акемден сураксыз кочогода чыккан эмес болуучу деди уком.-Ошондуктан да Бактыгулдун бул уйдо кадыры болгон эмес.Мени Бактыгулго салыштыруунун кереги жок бала.Мен Бактыгул окоонунустордун ортонуздарда эч нерсе болбогонун билем.Бирок апаныз Бактыгулду кайнисинин башын айлантырды деген жалган жала менен уйдон кууп акенис менен ажыраткан.Демек сиз оз апаныстын да создорун жалганга чыгармакчысызбы бала деди Зулайка.-Баарысын билип турупда эмнеге мени мынчалык такып сурайсыз жене деги максатыныз эмне озу? -Максатым бала акениз баарысын билуудон мурда уйдон кетишиниз керек. -Эмне деп жатас жене? Кайда барам? -Сиз эркексиз.Эмне мынча жаш кыздардай коркосуз? Шаарга барып иштеп оз алдынызча жашоо баштаныз.Бул уйдо калсаныз Бактыгулду эстеп журуп омурунуз отот.Бул махабатты деп акениздин арман менен жашап жатканыда жетишет.Сиз бизден алысыракка кетин.Мурункудай байлыгыныз болбогон сон оз пешене териниз менен иштеп уй жай кылып уйлонун.Бактыгулго буйрубаган бул уй-жай мага да ата -эненизгеда, сизгеда буйрубайт бала.-Озу эмне кылмакчысыз жене?Мейли мен кетемин? Уй-жайга тийбен? -Сиздин кабарыныз болбосо керек апамды куздо аператция кылышмакчы болушкан болуучу.Эми бизде акча жок. сиздердин уйунуздор менен Бактыгул акениз окоосу салган уйдон болок.Бала озунузда ойлоп корун,мен Бактыгулдун уйун сатууга жол койо албаймын. -эмнеге жене ? Ал уй кичине жана бак дарагыда аз.Биздин уй болсо чоон.-Адашас бала ал уй тар болсода ал уйдо береке жана ыйман бар.Ыйман бар жерде баардык туйунду тынчтык менен чечсе болот.Эгер бул уйдо калсам апаныз мен жасаган нерселерди билген сон мени бир кунда бул уйго батырбайт.Бактыгулдун эки баласынын келечеги учунда мен бул уйдон кетишим керек.Апаныз менин колума барса мен уйумо батырам.Колумдан келишинче караймын.Апанызга очошконум мененда ал барибир жолдошумдун апасы,Мен келиндик бурчумду толугу менен аткарам.Болгону сиз оз жолунузду тапсаныз болгону.Мени оз уйумдон кууп жатат деп ойлобон.Бул уйдо эми эч качан ак гулдор гулдобойт.Сураныч бала акенистин тагдырын ойлонда кетпесениз болбойт.Мен сизге жардам берем.Борбордо менин бир иним бар мен ага айтам.Ал сизди жумуш таап орноштурат. Иштеп кетуу озунуздон болот деди Зулайка. -Макул жене мен кетемин бирок сиз мага соз берин эч качан акемди жалгыз калтырбаймын деп деди уком. -Бала менден колумдан келбей турган нерсени сурабан суранам.Сиз билесиз мен барибир бир кун кетем.-Жок жене сиз кете албайсыз.Сиз калышыныз керек. -Бала ар бир иштин башы жана аягы бар.Мен баштаган ишда бир кун аягына жетет.Андан сон тагдырым акенистин колунда калат.Бар акыйкатты билген сон акениз мени бир кунда аял кылбайт.Ошондо кетуудон болок айлам менин калбайт бала. -Жене ыйлабан баарысы жакшы болот деген умуттомун.Сиздин алдынызда айыптуумун мени кечирин.-Жок бала сиз мени кечирин.Мага ото окунучтуу,ушундай абалда жолдорубуздун айырылышып баратканы.Эч качан унутпан.Мин сизге конулунуз ооруутар соз айткан болсомда эч качан сиз жонундо жаман ойдо болгон эмесмин бала. -менда жене,сиз менен айтышсамда сизге болгон сый урматым жогору болгон деп укомдун коздорунон жашы агып жатканын сездимда озумду кармай албай Бактыгул коз жумган биздин уйго карай жол алдым.Жолмо жол укомдун мага Бактыгул жонундо айткан создору кулагыма угулуп баратты.Эмне учун Бактыгул бул жонундо мага бир оозда соз айтпады экен деген ойда мееме келбей койгон жок.Бактыгул омурунун акыркы минуттарында мага бир нерселерди айтмакчы болуп эриндерин кыймылдатып суйлой албай калган эле балким ошондо айтмакчы болуп улгурбой калган корунот асылым.Эх периштем мени кандай гана кундорго таштап кеттин.Кетет экенсин менида озун менен кошо алып кетсен эмне болмок. Сенден калып коргон кунум курусун менин периштем.Сенсиз жашай албайт экенмин эмне учун сага Бактылуу боломун деп соз бердим экен............. . уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит" 36-барак!Мен Бактыгул мени таштап периштеге айланып кеткен уйдун чарбасын жыйнап терип,эгиндерин суугарып уч торт кун калып кеттим.Ар туну Бактыгул окобуздун чогу откон кундорубузду эстеп,аны менен чогу жашап жаткандай эч бул уйдон кетким келбей жатты.Эркек заты кочодон оз уйундо жок нерсени издей берет экен.Канчалык Бактыгулго берген убадаларымды эстеп Зулайка менен арабызды сезим кылдары менен байлаганы арекет кылбайын,Зулайканын ар бир койгон кадамы мени андан алыстатып жатты.Арабыздагы жылуулук барган сайын солуп баратканы учунда мен Зулайканын алдына эч баргым келбей жатты.Кудайдан бир гана тилегеним айлап оорууканадан чыкпай калган апамдын ден соолугу жана балдарымдын омуру гана болуп калды........... ........Уч торткун кабарсыз кеткеним учунда Зулайка озу мени издеп келип калды.Биз конулсуз гана учурашып олтурдук.-Уч торт кундон бери уйго барбайсыз абалыныз эмне болду экен деп камтама болдум деди Зулайка. -Мени ойлоп кыжалат болуунун кереги жок.Мен бир тируулуктогу олгон адаммын.Бактыгул мени таштап кеткен сон,бар жан дуйномду сага арнаган болчумун.Бирок сен оз максатынды коздоп гана курошуп жатасын.Менин алдыдагы тагдырым сени кызыктырбайтда окшойт.Ортобузда кызыбыз болсода сен оз максатындан кайтканын жок.Билем азыр сен менден мин эсе кучтуу,жан дуйносу бутун адамсын.Ошондуктанда менин конулумо карабай кадам таштап жатасын.Ооба менде оруй турган конулдунда озуда калган эмес.Бар умут кыйалдарым, максаттарым, сенин ар бир баскан кадамдарына тогулуп тугонду.Баарысы сен ойлогондой болуп жатат.Дагы менден эмнени каалап келдин Зулайка дедим.-Эмне учун антип жатас.Мени кечирин сизди ушунчалык конулуно жакын алат деп ойлобогон экенмин.Мен болгону апанызды азда болсо кылган каталарын тушунсун деп гана ойлогон болчумун.Ооба менде апаныздан оч алуу максаты болгон,бирок тагдыр менденда аша чаап сиздерден оч алды.Мен жыл жылдап журуп жетишем деген планымды тагдыр бир кундо эле жайлады койду.Бар байлыгыныздарданда айрыды,уй-булонусторда чачылды,апанызда жардамга муктаж адамга айланды деди Зулайка. -Сенин чыныгы максатын ушул эмес беле? -Бул жерде менде куноо жок.Менин пландарым ишке ашпай калды.Мени эмес тагдырды куноолон.Мен эч кимге эч нерсе кылганым жок али.Менин ошол сиз торолгон,Ар бир таш жана кирпичинде Бактыгулдун колдорунун изи калган,ар бир дарагы Бактыгулдун коздорунун жашына суугарылган, ар бир эшик дерезесинин айнек кузгусунон Бактыгул коргон кордуктар корунгон ошол уйду ортоп,кулун кокко сапырып андан сон апаныздын абалына мышыктар ыйлаганын коруу максатым бар болуучу.Аттин мен ойлогондой болбой калды.Мен сизди жана сиздин балдарынызды кочодо калышын ойлоп бул пландан баш тартым.Эгерде ал уйду ортосом,апанызды дарылоо учун бул уйду сатып баарыбыз кочодо калабыз.Ак гулдор кайра ачылгыз ошол уй Бактыгулго буйруган жок бизгеда буйрубайт деди Зулайка коздорунун жашын арчып. -Апам сага эч жамандык кылган эмес.Эмне учун сен мынчалык апама очошуп жатасын? -Ар дайым эсинизде тутун.Кимдир бироого жакшылык кылсаныз,болок бир адамдан сизге жакшылык кайтат.Эгер сиз кимдидир кордосонуз, кимдир бироо дагы сизди кордойт.Бироону алдасаныз бироого алданасыз.Бул тагдыр ойуну.Кылган куноолорубуздун азабын тартуу учун олушубуз шарт эмес.Кудайым ушул дуйнодо эле бизди азаптайт.Эмне учун мени мынчалык жаман коз менен карайсыз.Мен дуйнонуздорду жок болгунча чачып,апанызга бир жаман ооруну атайын жуктуруп койгонум жок.Бул кудайымдан келген жаза.Эмне учун сай жеегиндеги элдердин королорун сел албай дондогу сиздердин короунуздарды малы менен сел алганын бир жолу болсода ойлоп кордунузбу? Демек бул кудайымдан келген каргыш.Апаныз оз кадыр баркын сиздердин алдыныздарда кармап туруу учун,соо эле жанын орукчан кылып,кала берсе озун асыпда алган экен.Адам кандай нийет кылса кудайым ошого жараша тагдыр берет.Мына эми азабын тарта берсин деди Зулайка.-Апам кандай гана аял болбосун сен барибир аны сыйлашын керек.Кайтар дуйно.Апам эч качан сендей жашарып кайрадан келин болбойт.А сен бир кун апамдын жашына жетип кайнене болосун.Сага да келиндеринден кайтат дедим.-Ооба туура айтас кайтар дуйно.Мен кудайымдан коркомун.Бирок бул Бактыгулдун уйун сатылышына жол койбоймун.Себеби бул уйдо ар дайым ак гулдор ачылат.Кузда келишине аз калды уй жай учун курошда башталат.апаныз бул уй жай жана Бактыгулдун эки баласы менин атыма отконун билгенде менин чыныгы жузум ачылат.Азыркы коргон азаптарыныз азап эмес.Ошондо баары башталат.Бутун дуйно мени колдоп бир гана сиз мага каршы чыксаныз менин сынып алсыз болгонум ошол болот.Бут дуйно мага каршы чыгып бир гана сиз мени колдосонуз эч бир азап кайгы мени жене албайт.Апаныз аттан тушсода эгерден тушкусу жок.Бирок мунун айласы жок.Колдон доолот кеткен сон бир гана апанызга эмес биздин уй-булого элдин коз карашы озгорду. -Муну убакыт корсотот Зулайка.Мен учун азыр эн негизгиси апамдын ден соолугу дедим.-Менда апаныздын жакшы болуп кетишин тилеймин.Эгер апаныз оз каталарын мойнуна алып тооба кылса мен апанызды омурунун акырына чейин оз апамдай караймын.Эгерде сиз каршы болбосонуз деп Зулайка эмнегедир окунгондой башын чайкап -уконуз кече шаарга иштегени кетти.Бул мазмунсуз кундордон тажады корунот деди.-Мен анын кетерин билгем.Атугул ак гулдорду Бактыгулдун мурзосуно сен эмес ал алып барып койгонунда билемин дедим. -Ойунузга эч жамандык келбесин.Уконуз Бактыгулдун адамдык сапатын ото жогору баалаган.Ага болгон сый урматы ото терен болгон.Кайненеси жыландай чагып жатсада,кочого бир оозда жаман соз чыгарбай,жат адамга бирда коз жашын корсотпой баарысына сизди деп чыдап тиричилик кылган Бактыгулго бир эле сиздин уконуз эмес бардык айыл эркекткри сабырдуулугуна там беришип,сыйлашкан. Ошондо сиздинда кочодо сый урматыныз болгон.Бактыгулдун козу откон сон сизди кочодода адамдар сыйлабай калышты.Элден чыгып болдук жан деди Зулайка.Мен башка Зулайканын создорун уккум келбегендиктенда ордумдан туруп кеттим.Чындыгында баардыгынан тажадым.Коздорумду жумуп,алыс,алыс жактарга кетип калгым келет болуучу.Бир аздан сон Зулайка артымдан келип -Мейли мен кеттим.Балдарды карайын.Балдардан болок эч кимгеда керегим жок корунот.Тарынычыныз жазылганда барарсыз деп мага буктолгон кагаз берип муну уконуз сизге берип койушумду суранган болуучу деп айттыда артын бирда карабай жоноп кетти... ... .... . уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит" 37-барак! "Салам Дастан аке.Мен шаарга иштегени кеттим.Сиз менен коштошкону жетишпедим. Капа болбон.Жумуш таап орношуп,озумду ондоп алганымда келемин. Аке менден капа болбон.Башынызга оор кун тушуп турганда сизди таштап кеткеним учун.Кетпесем болбойт болуучу.Оз келечегимди курушум учунда иштешим керек.Буйруса жакшы иштеп,уй-жай кылып,андан сон гана уйлоном.Сизди оз колдорум менен салган уйумо конокко чакырам.Окобуздунда журогубузду апамдын ооруусу ойкоп жатканы талашсыз.Коп конулунузду чоктурбон.Кудайым кааласа апам жакшы болуп кетет.Мен апама жакын болуу учунда шаарга кетип жатам.Мурда эч бир кара жумуш кылбаган эле,кантип иштейт экен деп эч мен жонундо ойлонбон.Башка тушсо байтал жорго болот аке.Мен кандайгана жумуш болбосун майын чыгарып иштеп апама жардам бергени арекет кылам.Аке кетип жатып мен оз каталарымды тушундум.Зулайка женем Бактыгул женемдин ордун баса албасада,анын жаман максаты жок.Ал бизге конул калчуудай деле жамандык кылган жок.Биз уй-булобуз менен кылган куноолорубуздун жазасын тартып жатабыз.Эн биринчи атам катага жол койду.Андан сон сиз Бактыгул женее уйлонуп адаштыныз.Кийин болсо апам аны кордоду.Биз болсо акыйкатты коруп турупда ападын созун суйлодук.Ушуларды коруп турупда Кудайым бизге акылдуу жана ото куу Зулайка женемди туш кылды.Зулайка женем менен арабызда кандайгана жаман создор откон болсода барибир мен кетип жатып,женемдин акылын бааладым.Ал болгону бизге ак менен караны корсото алды.Ал сиздин балдарыныздын апасы.Сураныч кандайгана кунго туш болсонузда Зулайка женемди жалгыз калтырбан.Апамды окобуз тен жакшы коробуз.Бирок окобуз тен тагдыр алдында алсызбыз.Эгерде муктаждык болуп калса Бактыгул женемдин уйун эмес атамдардын уйун сатыныздар. Бул уйдо болок эч качан ак гулдор гулдобойт.Аке катымдын акырында сизге бир сырды айтмакчымын. Мен да Бактыгул женеди жакшы коргом.Жакшы коргонум женемди суйуп,махабат отунда куйуу дегени эмес,болгону мен ар дайым Бактыгул женемдей ак конул,боорукер, сабырдуу жана ыймандуу кызга уйлонууну кыйалдана берчумун.Ошондуктанда ак гулдорду мен сизден мурда ойгонуп женемдин мурзосуно алып барып койгон болчумун.Айыпка буйрубан аке.Ошол туну Бактыгул женем тушумо кирип -бала алыска кетип жатас,жол полдо ушуп калбан бул акениздин кийимин кийип алын деп сиздин бир эски кийиминизди желкеме илип колума бир туйрам нан берген болуучу.Ойгонуп кетип бул кандай белги деп копко кыйналдым.Тушумду толук эстей албай калдым.Болгону Бактыгул женем колу менен корсоткон жолдун эн акырына нур тогулуп турган болуучу.Мен ошол нурлуу жолду издеп кеттим аке.Сураныч бактылуу болуп жашан.Колумдан келсе бир кун келип сизге жардам берем.Дагы бир жолу суранам,араныздарда эмне болуп отсода Зулайка женемдин кетишине жол койбон.Оз уй-булонузду сактап калын.Биз чачылып жатабыз.Сиздин уй-булонуз чачылбасын. Женемдин конулуно карасаныз ал сиздин чачылганынызды жыйнайт,узулгонунузду улайт.Сураныч аке Бактылуу болун... сый урмат менен акылсыз уконуз"-деп уком катын аяктаптыр.Кыйналып турганында бир боор укондун сенден алыс кеткени дененди бычак менен тилип кеткендей болот экен.Уком оз бактысын издеп кеткен болсода ичим туз куйгандай ачышып кетти........... ........Узак дарылануудан сон,атам апамды алып уйго алып келди.Кудайга шукур апам мурунку абалынан анча жакшы болуп калыптыр,жузуно кан жугуруп.Тапкан тергенибизди топтоп Зулайка дамдуу тамактарды жасап колунан келгенче апамдын конулун алып жатты.Эки эжемда уйлорунон бир таалай кылып жеегилик кылып келишиптир. Уйубуз мурдагыдай шанга толо баштады акырын.Апам коп ооруп жатып ойлонгон корунот,айтор биринчи жолу менин Бактыгулдон белек болуп калган эки баламды ооп жыттап эркелетип калды.Ошондо мен биринчи жолу Зулайкага ыраазы болуп кеттим.Апам тилемчилер деп Бактыгул торогон менин эки баламды жанынада жакындаштырчуу эмес болуучу.Зулайка куулук менен -баргыла балдарым энендин бутун укалагыла,колун укалагыла,энене суу бер,деги койчу акыры эне менен неберелеринин ортосуна копуро салды.Озу болсо апа бир жакшынакай болуп кетипсиз,оору канадан эмес,тим эле эс алуудан келгендейсиз деп апамдын башында кополоктой айланат.Бул жолу Зулайканын кандай максатта суйлоп жатканын билуу ото кыйын эле............... ..Ушентип уйубузго кут болуп орношкон бактылуу кундор колубузда жокто деле отуп жатты.Атам окобуз бар эгин тегинибизди жыйнап кыштын камын коро баштадык.Бир куну атам -балам апанды оператция кылуу убактысыда жакындашып жатат.Бизде болсо кунумдук тиричилигибизден ашар акча жок.Эки уйдун бирин сатпасак болбойт эми.Эгер апанды убагында оорууканага жаккызбасак жыйынтыгы жакшы болбой калат.Сен эмне деп ойлойсун балам кайсыл уйду сатсак экен деп сурап калды.Атамдын суроосуна эмне деп жооп береримдида билбей калдым.Ошондо Зулайканын" -барибир бир кун атам же апам сизден бир ооз сурайт.Кайсы уйду сатсак экен деп.Ошондо сиз-Бактыгул окобузго арналып салынган уй анчейин деле чоон эмес,анын устуно бак дарагыда жетишкен эмес.Сатсак ото чон деле акча болбойт.Ошондуктанда бул чоон уйду сатайык.Тузугурок акча болот.Эгер акча ашса биртке кой эчки кылып алабыз деп айтын"-деген созун эстеп атама да ошондой жооп бердим...... уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 38-барак! -Эми эмне кылабыз Зулайка.Эгер апам биздин уй жай жана балдар сенин атына отуп кеткенин билсе сыгылып дагы оруп калабы деп коркуп жатам.Озу эми гана уйубуздо тынчтык окум суруп жатат дедим.Зулайкада уктай албай ойлонуп жаткан экен башын которуп -ушул кундун келишин эч каалаган эмес болчумун.Эми мен эмне деген адам болом.Мен апаныздын ишеничин толугу менен жоготом деди. -эми кылган иштерине окунуп жатасынбы? -Жок эч качан окунбоймун. Жаман жолду тандаган болсомда мен коп адамдарга ак менен караны корсото алдым.Мен мынданда оор кундорду басып оттум.Мунуда бир эптеп жашап отормун.Апама тушундургонго арекет кылам.Бирок эч качан Бактыгулдун уйун сатууга жол койбоймун.Бар умутум сизден.Бактыгулдун создорун унутпагансыз деген умуттомун.Бизди ото чон сыноо кутуп турат.Ушул сыноодон эптеп отуп алсак эле баары оз изине тушуп кетет эле деди Зулайка. -Ооба Зулайка менда ушундай ойдомун.уй маселеси чечилип аман эсен апамды оператция кылдырып алсак,андан сон сенин мага турмушка чыкканындын себебин жана Жодар жонундо билгим келет.Сен озу кимсин? Мага чейин кандай жолду басып отконсун? Баарын,барын билгим келет дедим.-шашылбан ошол кунда келет.Азыр биздин негизги туйшугубуз ал эмес.Андан бологуда жетишип жатат........... ...............Эртеси куну баарыбыз кечки тамакды тамактанып болгонубуздан сон,мен эми гана ордумдан турайын деп жатсам апам -балам атан окобуз уй маселеси жонундо келише албай жатабыз.Билесин азыр бизге жат адам эмес,туугандарыбызда акча беришпейт.Баарысы эч нерселери калган жок кантип кайтарышат деп ойлонушуп жатышат.Мен аттан тушсомда али эгерден тушо элекмин балам.Эч кимге баш ийип акча сурап барбаймын.Сен менен укон бар экен кор болбоймун балдарым.Мен сенин уйунду сатайык деп атам.Атан болсо биздин уйду сатмакчы.Силердин уйунор кичине деп.Сен кантип ойлойсун кулунум деди.Мен апамдын коздоруно тике карай албай -апа атам туура айтат.Биздин уй арзыбаган гана акча болот.Эгер акча жетпей калса бизге кийин ким акча берет апа.Азыр биздин уй-булобуздун мурдагыдай досторуда жок дедим.-Балам соз акчада эмес.Сен менден жашырып,ошол уйго Бактыгулду биринчи болуп алып кирдин.Эми мен Бактыгул коз жумган уйдо жашашым керекби? жок балам андан коро дарыланбай оз уйумдо олгонум жакшы деди апам.-Андай деп айтпан апа.Сиз бизге керексиз.Бул кундорду корбогондой болуп кетес дедим. -Балам мен эненмин.Мени алдап Бактыгул менен жолугуп жургондорун аз келгенсип,мени уят кылып аны уйго алып киргениндида кечирдим.Бирок менден анын буту тийип,жаны чыккан уйдо жашоону суранба.Мени азапка салган ошол уйду сатып мени дарылант балам.-Апа жакшы болуп кетсениз,кайсыл жерде жашаганыныздын эмне айырмасы бар.Азыр бир гана ден соолугунузду ойлошунуз керек дедим.-Балам сени торогон аялга акыл уйротуп жатасынбы? уйун тынч болбосо кайдагы дарылану.Мен оз уйумду сатып дарыланбаймын. Сен болгону менден оз уйунду аяп жатасын деди апам жумшак гана.Апам акыркы жолу дарыланып келген сон анча жумшак болуп калган болуучу.Бирок барибир апамдын суруу кучту эле. -апа мени кечирин.Менин кара башымдан болок эч нерсем жок.Эгерде менин уйум болгондо сизден аямак эмес болчумун дедим.-Бул эмне дегенин балам? деп апам тан калгандай мени карап -тушундуруп айт деди. -апа мен уйумду сатып жибергем дедим жер карап.коздорумдон жаш агып кетти.-Эмне деп жатасын акмак бала деп апам менин эки жакамдан кармап силтида-качан саткансын,кимге саткансын акмак.Акчасын эмне кылдын деп мени туртуп жиберип башын кармап ыйлап жатты.-апа мени кечирин ушундай кылбасам болбойт болуучу деп апамдын этегине жармаштым.-жок балам сен мени ойлогонунда мындай кылбаган болот элен.мени тируулой горго тыктын.Ушунча коргон азаптарым аз беле.Эй кудайым эмнеге мени мынчалык кыйнайсын андан коро жанымды алсан болмок деп апам куйуп,куйуп ыйлап жатты........... .... у.бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 39-барак!-Эмне учун бизден бир ооз сурабай уйду саттын акмак бала.Ошончо чон акчаны эмне кылдын,кайда жумшадын айт деп апам коздору кызарып ачуунанып ыйлап жатты.Ошол кезде сыртан Зулайка кирип келип -апа бизди кечирин.Бизде мындан болок жол жок болуучу деди.Апамдын коздору чыгып кете жаздап -сен кайдан? Демек сенда баарын билип туруп менден жашырып жургон турбайсынбы? Сага оз кызыма ишенгендей ишенген болчумун Зулайка деди.Зулайка болсо апамдын бутуна жыгылып -апа айланайын апаке,бизди кечирин,баланызда айып жок барын мен жасадым.Баарын мен ойлоп таптым.Уйдуда мен сатып алдым деди.Апам Зулайканы бар кучу менен туртуп жиберип -Эмне деп жатасын Зулайка.Эгер айткан создорун чын болсо демек мен оз баламдын кучагына суу жыланды салыпмында. Жер жутсун сени тузум урсун сени жогол козумо корунбой айбан деп бакырды.Зулайка болсо ордунан туруп -Апа кет десениз кетип келдесениз келгидей мен сизге Бактыгул эмесмин.Уйдун акчасын баарысын Бактыгул ооруп жатканда ага жумшаганбыз. Бактыгулго биз жардам бергенбиз деди. -Жыландай сойлоп ичиме кирип,бар сырымды билип алып,анан ичимден тилген турбайсынбы? желмогуз.Бактыгул олсода мен андан кутулганым жок.Жер жутсун барынарды деди апам.-Бактыгулдон олуп гана кутулбасаныз, тируу болуп андан кутула албайсыз.Ага берген кордуктарыныз ар дайым сиздин дилинизди тилип жашайт.Баланызды уйлоп койдум эми биз учун Бактыгул жок деп адаштыныз.Бактыгул олсода ал тируу болуп,биздин арабызда жашап жатат.Баланызчы? Тируу боло туруп олгон менен барабар.Сиз оз баланыздыда бычаксыз сойдунуз апа.Мына эми жыйынтыгы эмне болду апа.Кудайым сизди бар жогунуздан айрылып сизди жазалады.Балдарынызды алыс бастырбай озунузду орукчан корсотчу элес,мына эми кудайым сизге дарт да берди.Эсинизде болсо оз неберелеринизди тилемчи деген элес,мына эми озунуз уй-жайы жок тилемчи болос деп Зулайка созун бутуро электе апам ага атырылып -тарт тилинди тарбиясыз.Козумо корунбой жогол деп кыйкырды. -Айтпасанызда балдарымды алып кетем апа.Бактыгулдун тируусундо эле мен уй-жайдыда балдардыда озумо откозуп алгам.Кудайга шукур оз уй-жайым жана балдарым бар.Бара турган жерим бар.Мени Бактыгулго окшотуп балама апасы оппогон кыз алып берем деп коркута албайсыз.Аппак баланыз озунузго сыйлоо болсун.Баланызга бир аял эмес,он аял алып берсенизда, менин тырнактай бир жеримда ачышпайт.Ансызда баланыз мени менен бир кооздолуп тартылган суроттой жашап жатат.Солокоту мени менен болсода бар ой кыйалдарынын баары Бактыгул менен жашап жатат.Оз баланыздын тагдырына балта чаптыныз.Андан коро мага рахмат деп айтын.Жан дуйносу олгон баланызды тируулордун катарына кошуп эр кылып журом дедида Зулайка уйдон чыгып кетти.Апам болсо мага атырылып-тилинди жутуп алгандай эмне унчукпайсын катынына бир нерсе деп айтпайсынбы? деди.Мен жер тиктеп турган абалымда -апа Зулайка сиз тандаган келин.Сизге жакканы учунда мен ага уйлонгом.Озунуз айткандай ал сиздин тарбиянызды алган келин.Ал менин ар бир созумо кулак салчудай Бактыгул эмес апа.Апа сиз Бактыгулду сойкунун кызы деп мени ажыратып,жамгырдан качып бурчакка жолуктунуз. Зулайка Бактыгулдой кедей жана сойкунун кызы болбосода ал ото куу жана амалкой аял болуп чыкты.Бактыгулду кедей,тилечи, сойку деп кагып силкип кордодук эле,мына эми озубузда сокур тыйыны жок кедейге айландык апа.Ал уйдо менин акымда жок апа.Мыйзам турундо баардыгы Зулайкага отуп болгон дедим. Апам болсо -ой балам журогум ооруп чыкты болду суйлобо деп коздорун жумуп журогун кармап калды.-Апа деп апамды акырын колдорунан кармап тошогуно жаткыздым. Баарысын сырта угуп турган атам кирип келип апамдын устундогу тошогун тартып жаап -коп сыгылба кемпир баары жакшы болот деди.Апам коздорун ачпай жатсада коздорунун кыйыгынан жаштары агып жатты.Биз копко унсуз олтурдук.Бир убакда уйдун дерезесинен Зулайка уч баламды жетелеп уч торт сумка которуп чыгып кетип жатканына козум тушту.Апам колдорумду бекем кармап жатканы учунда Зулайканын артынан чыга алганым жок.Аны коз менен гана узатып калдым.Эх тагдыр мынчалык татаал болбосо.Эч бир эркекти кудайым апасы менен аялынын ортосуна салбаса экен.Бир колунду тиштесен бир колун ооруйт......... .... у.бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 40-барак! Зулайканын сыры.....Башка тушконду коз корот дегендей,уй- булобуз менен жокчулуктун кунунда коруп жаттык.Апам байкуш ыйлап,ыйлап акыры айласы кеткенден атамдын уйун сатканы макулдук берди.Зулайка болсо балдарды алып кеткен бойдон кайтып келген жок.Апамдын абалы кундон кунго начарлап бара жатканы учунда уйубузду шашылыш саттык да апамды атам алып борборго орууканага жаткызганы алып кетти.Бар жогубуздан айрылып уй-жайыбызда колдон кетип жатканда ичим тилингендей ачышып кетти.Барынанда уйубузду жаны эси келгени учунда,калган каткан буюмдарыбызды топтоштуруп астананы аттап чыгып кетип жатып коздорумдон жашым куйулуп кетти.Ушул уйдо торолуп осуп,Ушул уйдо Бактыгулго баш кошуп,ушул уйдо омурумдун эн бактылуу кундору откону учунда ушул уй мен учун ото кадырлуу жана кымбат болуучу.Эх колдон кетерде дуйно карматпай учкан куштай турбайсынбы. ................. Чала олгон жандай болуп суйролуп озумдун кичинекей болгон уйубузго кирип барсам балдарым -аталап уч жагымдан чуркап чыгышып жабышып калышты.Ошол кезде биргана журогумо чырак жагар балдарымдын гана кулкусу болуучу.Жакшыда периштем Бактыгул эки баланы мага белек кылып тороп кеткен экен,ошолорго гана алаксып жашап калдым.Чындыгында балдарым болбогондо бул дуйнодо бир кунда жашай албаган болот белем ким билет.Балдарым гана мени жашоого жетелеп жаткандай,алар кулсо кошо кулуп алар ыйласа кошо ыйлап калдым.Тагдырдан кайра тура алгыз болуп сынганында конулунда жаш баланыкындай болуп калат экен............. ......Зулайкаданда конул калып кеткени учунда аны менен такыр суйлошпойда калдым.Эмнегедир арабыз муздай тушту.Бирок Зулайка бир куну -качанга чейин ушентип жашайбыз жан,Эгерде менден ушунчалык конулунуз калган болсо анда менин жообумду берин кетейин деп калды.-Эгер менден кете турган ойун болсо,мин сени айланып садака кетсемда сен барибир бир кун кетесин.Эгерде мени менен омур боюу жашоо максатын болсо,менин кандайгана адам экениме карабай,сабыр кылып жашайсын.Мен эч качан озгоро албайт окшоймун.Мен Бактыгул олгондо кошо олгон экенмин.Билем мендей адам менен омур суруу ото эле зеригиштуу. ..... Менин бардык жан дуйномду Бактыгул ээлеп алган.Мен учун Бактыгулдон болок дуйнонун озу жок.Айымда Бактыгул,кунумда тунумда Бактыгул.Андан болок эч ким коздорумо корунбойт.Мендей махабатынын курбанына айланган жансыз бир солокот менен сендей кучтуу аялдын бир омурго бирге жашай алышына козум жетпейт.Бирок кетеринден мурда эмне максат менен мага турмушка чыкканынды жана дагы Жомарт жонундо айтып кет дедим.Зулайка копко ойлонуп олтуруп калды.Коздорунон жаштары куйулуп кетти.-Байлык, уй жай жана акча булар баарысы келип кете турган нерселер.Бизден чыныгы адамгерчилик жана ыймандуулук кана калат.Бирде жигит жоо журот,бирде жигит тоо минет дешет.Эсинизде болсо биз окобуз биринчи жолу танышканыбызда эле бири бирибизге жаккан эмесбиз.Кор корду карангыда табат дегендей тагдырда биздин жолдорубузду туташтырганын корун.Мен сизди биринчи жолу коргондо эле сезгенмин,ичинизде тоодой арман боло туруп,апаныздын айтканынан чыга албай туш болгон кызга уйлонууго макул экенинизди. Журогундо махабатынын жазы жашап туруп,кучагын оз энесинин конулунон ото албай болок аялга ачкан эркек алсыз жана уятсыз экенин балким сиз анда билбегендирсиз. Бир коргондо эле жарадар аркардай болуп турганынызды коргон журогум эч тынч олтура албай калды.Себеби менда ошол мезгилде сиз тушкон абалда болчумун.Ким биринчи жуучу болуп келсе ошого тийе бере деп ойлогон элем.Мен сизге макулдук бербей туруп сиздин мурунку турмушунуз жонундо,сиздин уй-булонуз жонундо сураштырып билдим.Бар жан дуйносун сизге арнаган,сиздин эки баланыздын апасы болгон Бактыгул жонундо коп жакшы создорду уктум.Эч куноосу жок,оз махабаты учун акырына чейин курошкон Бактыгул менен менин тагдырым ото бири бирине окшош болуучу.Эми Жомарттын ким экенинда тушунуп жаткандырсыз. Жомарт бир тамчы суудай сизге окшогон ,апасынын айтканынан чыга албаган бала болуучу.Жомарт окобуз бири бирибизди балалыгыбыздан ото каттуу суйчубуз.Биздин махабатыбызга бардык суктанчу.Мен Жомартсыз, Жомарт болсо менсиз келечегибизди эч элестете алчуу эмеспиз.Бир кун корушпой калсак бир жыл корушпогондой эч убакыт отчу эмес болуучу мага.Биздин суйубузго башынан эле ата энелерибиз тиш тырнактары менен каршы болушуп журушту.Бирок биз бири бирибизди эч кыйа албай койдук.Канча жолу ата-энелерибиздин патасысыз эч качан кок тиреген бак боло албайбыз деп,тагдырга там берип башка болок жолдор менен кеткени арекет кылдык бирок эч акырына чейин баралбадык. Мен кыз болгондугум учунда кыздын колу кыска деп ыйлап,ыйлап конгонго арекет кылчум.Бирок Жомарт бир жумада чыдай албай кайра эле мага келе берчи.Жомарт апасынын тилеп алган жалгыз уулу болгондуктанда апасы аны жери кокко ишенчи эмес эле.Алар биздин айылдын эн бай адамдарынын бири болгондуктанда апасы Жомартка оздору тендуу келин издоочу дайыма.Жомартын эркине койбой ата энеси башка кызга сойко салып келгенин угуп мен Жомарка айтпай шаардагы таежемдин уйуно кетип калдым.Тез кундо Жодартын той куну белгиленгенин, Жомарт болсо мени издеп акылынан адашкан адамдай жургонун угуп жаттым.Алардын тойуна уч кун калганда,кимден дарегимди алган билбедимго Айтор Жодар мени издеп таежемкине барып калды.Мен сырта дарактардын тубундогу олтургучта олтурган болчумун.Жомартын машинасын коруп эле турган жеримде катып калдым.Андан качуунун эч мункунчулугу жок болуучу.Ал тушуп келип эле мени кучактап ыйлай берди.Ичипда алыптыр жыттанып турган болуучу.Ал мага -олтур машинага сени алып кеткени келдим,сенсиз жашай албаймын деп колумдан тарты. Мен болсо Жомарт озунду колго алчы кел жай олтурушуп суйлошолу деп машинасына чыктым.Ал болсо мени бекем кучактап-сенсиз жашай албастыгымды билип туруп,эмне учун мени таштап качып кеттин.Мен сени жердин тубунон болсода издеп табамын деп жатты.Мен болсо колумдан келгинче ага биз бирге боло албастыгыбызды тушундургонго арекет кылдым.Бирок ал мага эч кулак салбай койду.Акыры мен ага -Жомарт сен уйлоно бер мен сага экинчи аялын болупда турмушка чыкканы макулмун деп айттым.Ал агада макул болбостон -мен сен алып качып кетем,бизди эч ким таныбай турган жакка деп машинасын айдап жоноду.Мен колумдан келгенче аны алдап мейли мен макулмун машинаны акырын айда сураныч ичипда алыпсын деп жаттым.Ал болсо мага махабатын кайра кайра айтып,эмнегедир толкунданып ыйлап машинанын тездигин ашыра баштады шаардан сыртка чыккан учурубузда. Мен ардагым сураныч андай кылба деп Жомарка айтып,тушундуруго улгурбой эле биздин машина жол кырсыгына учурады.Коз ачып жумгунча эмне болуп кеткенин билбедимго чекемден ыссык кандын агып жатканынан улам коздорумду ачсам менден бираз нарыда ардагым Жомарт жансыз жатыптыр.Ордумдан тура албаганым учунда судуролуп болсода Жомарка жетип Сураныч Жомар мени коркутпа коздорунду ач ардагым деп ыйлап жаттым.Бир убакта эле биз жакты коздой жугурушуп келе жатышкан адамдарды коруп -Жардам бергиле сураныч деп бакырдым.Бут денем жаныма тынчтык бербей сыздатып жаткан болсода Жомартын жансыз жатканын коруп бирда оруну сезгеним жок.Бир мезгилде бизди которуп жолго алып чыгышкан адамдардан Жомартын олгонун угуп эси акылымды жоготтум.Башка эч нерсени эстей албай калдым. Ошентип он гулунон бир гулу ачылбай,омурунун эн кызыктуу учурунда,бак когортуп кошогого кирбестен Жомартын асыл коздору жумулду.Турмушта бирге болбосокда, болок кыз менен турмуш жолун уласада,мага Жомарт тируу журсо болду эле.Бирок ал ал жолду тандай алган жок.Мени чыркыратып туруп ал журогумдон чымчыктай болуп учуп кетти. Узак дарылануудан сон мен орууканадан уйго кайтып барсам Жомартын апасы келип-сен баламды жееп тындын уятсыз кыз деп тилге алгыз создор менен бизди кемситип тополон кылды.Коп отпой мени апамдар шаарга жонотуп салышты.Шаарда журуп окуп окууну аяктаган сон апамдар мени жашыда отуп баратат,эми оз тенин таап турмушка чыксын дешип апамдын эн кичине синдисиникине жонотушту.Мен ошол таежемкинде жашап журуп сиздин эжениз менен жолуктум.Ошол кундон баштап тагдырым сизге байлана баштады.Мен сиздин апанызды кандай аял экенин билип туруп,аны Жомартын апасына салыштырдым. Оз балдарынын бактысына балта чапкан ушундай мерес жана таш боор энелерден оч алуу учунда сизге турмушка чыктым.Эч бир ичинде кири жок менда апамдын аппак кызы элем.Ошол бойдон калууга тагдыр мага тосколдук кылды.Журогундо эч бир арманы жок адамдай бар дартымды ичиме жутуп,сиз менен апаныздын алдында озумду эн бактылуу адамдай корсотуп апаныздын ич койнуна кирип бардым.Максатым апаныстын ичине тушкон мите курт болуу болуучу.Апанызга окшогон аялдарды сыртынан жени болбошту билгеним учунда анын ишенчине кирип алып ичинен гана тилип жаттым.Ошол кездерде мен уйго келген учурда жан адамга билдирбей Бактыгул менен жолугуп ага бар максатымды тушундурдум. Апаныз бактыгулго олум тилеп жатсада Байкуш бактыгул мен апанызга очошпостон болок жол издеп табышымды суранды.Бактыгулдун бар максаты балдарын оз атасына тапшыруу болуучу.олум жакасында жаткан энеде мынданда болок кандай максат болот эле.Байкуш Бактыгул балдарым деп чырылдап жиберди.Эмне болгон тагдырдада балдарым оз атасынын кучагында болсун деп тилоочу.Мен куулук менен бал тилге салып,оз максатымдыда бир чекеге жыйыштырып койуп апанызга,озунун митамчилик менен кылган кылыктарын озуно курал катары колдонуп,апаныз тилемчилер деп кочого айдаган балдарынызды сиздин кучагынызга алып бердим.Сиз мени никенизге алып турупда менден жаа бойу качып,жат адамдай мени менен жашап жатканыныз мени ого бетер таш боор кылып салды.Муздак сиздин тошогунуздо барган сайын Бактыгулдун очун алуу планымдын кудугун ото терен каза баштадым.Байлыкка коздору кор болуп калган апанызды алсыздандыруу учун эн биринчи анын кашык менен топтогон байлыгын билдирбестен чомуч менен чача баштадым.Менин эн жетишкен утуктарымдын бири эки жуздуулук кылып,апаныздын ишенген эки баласын озуно каршы койдум.Эне менен балдардын ортосуна жар каздым.Эми жашырган менен пайда жок Жылкыларыныстардыда мен уурдатып жибергем.Андан болок уй-жайыныстардыда ортоп салуу максатым болгон.Байлыгыныстарды уурдатып журуп туготуп болбостугун билгеним учунда,мен апанызды билинбестен журуп акыры бир кун жыга турган,айыккыс дартка жолуктуруу максатымда бар эле.Себеби апанызда Бактыгулдун жаны ооруусу пайда болгонун оз коздору менен коруп туруп,эшшегинен чому кымбат болуп,эми бир кемим ушул сойкунун кызын дарылаттуу калды эле деп жалган жала менен Бактыгулдуда эл алдында шерменде кылып сойкунун кызы сойку болуп кетти деген жала менен айдап салган.Муну апаныз оз оозу менен мага айтып берген.Апаныз чыгымдан качыпда ушул жолду тандаган.Ошондуктанда менда козу ачыктан,козу ачыкты издетип,таабыпдан табып калбай суруштуруп олтуруп адамды,акырындык менен алсыз кылып журуп акыры айыккыз орууга душар кылуучу дары чоптордун тамырларын издеп таптырдым.Ошол жол менен мен бир убакта эле апаныздыда алсыз орукчан кылып,дарылануу учун байлыкыныздардыда чачуу максатым бар болуучу.Бардык куралдарым колумда дайар турсада мен Бактыгулдун создорун эстеп озумду токтотуп турдум.Ал мага мындай кылганын туура эмес максатындан кайт.Кайненем ото сезгир инсан билип калса сенида жон койбойт деп сурана берди.Агада кулак салгым келбечи.Сиз мага эч конул бурбаганыныз учунда сизди жанымда кармап туруу учун сизден кош бойлуу болууну чечтим.Бактыгулда менден ушуну коп суранган болуучу.Кош бойлуу болу ар кандай мерез,таш боор,журогу муздай тонуп калган аялдыда озгортуп жиберет экен.Кош бойлуу болгонумдан сон гана бала деп балапан башы кор болуп,чымчыктай чырылдаган Бактыгулдун абалын тушундум.Ичинде муштумдай болуп,журогунду тен экиге болуп бир жандын кундон кунго чонойуп жатканы ар кандай эненин журогундогу муздуда эритип жиберет экен............. у..бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 18:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 41-барак!-Жан дуйнон муздай тонуп турса айлананыда муз коздор менен карайт экенсин.Уйубуздун ар бир дубалы менен кирпичинин козу жана кулагы бардай,ар бир кадамымда алар мага Бактыгул коргон кордуктарды эстетип турду.Канчалык кечиримдуу болгонго арекет кылбайын,апаныздын Бактыгул жонундо айткан жаман создору,мени кундон кунго оч алууга турто берди.Ошол кундордо тагдырдын мага берген сыноосубу? же белегиби билбедимго сизден кош бойлуу экенимди билип тан аткынча ыйлап чыктым.Сиз менин ыйлап жатканымдыда, кош бойлуу экенимдида сезгениниз жок.Менин бойума бутушун чыдамсыздык менен кутуп жаткан болсонузда, Менин абалым менен кызыкпадыныз. Кайданда кызыкмаксыз мага,Жан дуйнонузду болок аял ээлеп турган учурда.Бактыгулдун адамгерчилигине, ак конулдуулугуно мин жолуудан ийилип салам берем,Бирок менинда сиздин журогунуздо оз ордум болушун каалаган элем.Сиз мага конулунуздон тырнактайда оорун бере алганыныз жок.Ооба сиздин журогунуздо Бактыгул кандай жашап жаткан болсо,ошол кезде менинда журогумдо Жомарт ошондой жашаган.Бирок биз аялдар эркектерден айырмаланып, баш кошкон жарыбызды сыйлап,анын конулун алганы,аны суйуп калганы арекет кылабыз.Бирок сиз мендей боло албадыныз.Канча тундорду жалгыз жаздык кучактап,кирпик какбай тан атыргандарым, мерез журогумду андан бетер таштай катырып салды.Капа болбонго мен эч качан,чечкинсиз жана оз уй-булосун коруй албаган эркектен кош бойлуу болууну каалаган эмес болчумун.Ар бир турмушка чыккан аялдын чыныгы бактысы Бул бойунда бутуу экенин билсемда,кош бойлуу экенимди сизден жашырып капа болуп ыйладым. Дуйноодо эн оор оруу эмне экенин билсениз керек.Ал журогун толло арман боло туруп,адамдардын козуно жылмайып кароо.Бар арманынды кулкундун артына жашыруу.Ошол кезде ич ичимден куйуп жатсамда,Бактыгулго жардам беруу учун коздорунузго кулуп карадым.Тагдыр экен,жазмыш экен,Оз кундошуно бакыт каалап,Бактыгул кайра чыкбас ай болуп жан дуйнонузго батып кетти.Эч бир куноосу жок,Барган жеринен бакыт таппай байкуш бактыгулдун олуму,мага сизди андан бетер жаман корсотуп жатты.Бир мезгилде сизденда апанызданда Бактыгул учун оч алуу ойда башыма келбей койгон жок.Канчалык кучтуу аял болбойун,канчалык журогум таш болбосун,коргон жерин ойуп алар коздорум болсода,ичимде кыймылдап жаткан тырнактай бир нерсе мени таштай талкалап салды.Ичинде бир ымыркайдын кундон кунго чонойуп жатканы,ар кандай мерез аялдында,арам ниети бар журогун тазалай баштайт экен.Сизге турмушка чыккан кундон баштап топтоло баштаган арам ойлорум,кара булуттардай тарай баштады.Журогум барган сайын тазаланып жатсада оч алуу максатымды тизгиндей албай жаттым.Бирок ар дайым Бактыгулдун создору мага тынчтык бербей жатты.Ал мага -Зулайка сураныч турмушта адашпаганга арекет кыл.Эч бир кыздын журогу менин журогумдой чыркырабасын. Эч бир эне менин энемдей адашбаса экен.Эненин бир жолу адашканы,омур бойу балдарынын бетине суртургон коо болот экен.Мен мындай кундорду басып отуп жене албай,ушул оорууну артырдым,Сураныч эгер сенда кыздуу болуп калсан,кыздарына менин кунум тушпосун.Сен кылган куноонду бардыктан сыр сакташын мункун.Бирок кудайымдан сыр сактай албайсын.Сен кайненеме сездирбей берген азабындын очун эч ким албастыгы мункун,бирок Кудайымдан келер каргыштан корк.Эч кимдин акысы эч кимде калып кетпейт.Эч бир куноону кудайым жазасызда калтырбайт. Сенин кылган куноолорунду эч бир инсан билбей калышы мункун,бирок кудайым сага омур боюу эскертип турат.Эненин кылган куноосунун кусуру балдарына урат деп айтышат.Суранам балдарындын майып торолуп бактысыз болуп калышындан корк.Эне турмуштун бардык азабына чыдашы мункун.Бир гана коз алдында балдарынын кыйналып жатканына чыдай албайт.Тереен ойлонуп,оз ойундан кайт.Мен учун оч алба.Мен баарысын кудайыма салдым.Олор абалынды билип калсан,оз журогунду тазалоо учунда сага жамандык кылган бардык адамдарды кечирет экенсин.Мен кайненемди кечирдим.Ага жамандыкда каалабаймын. Бирок тагдыр деген тагдырда.Арканды epeey ташташ керек,тарта турганда мезгил келет.Мен ал кундорду корбоймун.Балким сен корорсун.Кайненем менин атымды урмат сый менен тилине алат.........Эгер мага жардам беруу максатын болсо,оч алгандын ордуна менин балдарыма апа болуп,жолдошума татыктуу жар болгун"-деген Бактыгулдун создору тынбай кулагыма угула берди.Эки ойдо калды журогум.Бактыгулдун айтканын кылайын десем апаныз Бактыгулду тилге алгыз создор менен эстейт.Мин кылсанда кадырынды билбеген апаныздан оч алууну ойлосом тороло элек кызымдын тагдырынан корктум.Бирок барибир аял заты меене топтолуп калган жаман ойдон бир кундо кутулуу кыйын экен.Бир ишти баштаган сон ,акырына чыкпасамда бир жолу болсода туртку берип койойун кайненеме деп,апаныз жакшы коргондой кылып очокко чай кайнатып,апанызды алсыз кыла турган чоптордун топтомун таап айткандай кылып кошуп алып жонодум.Колдорум титиреп босогону аттарым сымал ак чайнек колумдан тушуп сынып кетти.Аябай коркуп кеткенден суйлой албай тилим буралды.Бул эмне деген белги болду экен деп копко уктай албай жатып коздорум илинип кетиптир.Бир убакта эле тушумдон чочуп ойгонуп,жакамды кармап келмемди келтирип калдым.Очошконсуп сизда ошол куну,мен салган тошокко эмес сыркы болмого жатып алган экенсиз.Тушумдо бир ото шаар аккан чоон суунун жегинде журуптурмун. бир убакта мийа-а-а деп эле таштардын арасынан апаныстын неберелериненда артык коргон сары мышыгы чыгып калды.Апаныз Бактыгул торогон эки небересин эркелетип,алдына алып олтургандан намыстанып, ушул мышыгын эркелетип суйгону учунда ушул мышыкты аябай жаман корчумун.Ээн жерде колго туштунбу?-деп апаныздын мышыгын кармап капка салып,каптын оозун бекем байлап,агып жаткан чоон сууга ыргытып жибердим.Бирок коп отпой эле эки колу чыканагынан жок болгон майып кыз торогонмушмун. Ай кунум толуп тургандыктанда аябай жаман коркуп кетип,мин жолуудан тооба кылдым.Ойлогон ойлорумдан озум коркуп кеттим.Ичимден тобба кылганым менен сыртымдан билдирбегенге арекет кылдым сиздерге.Мен ойумдан кайткан болсомда тагдыр сиздерди аяган жок.Мен максат кылгандай колунуздардан бар байлык кетип,апаныз тошокко жатып калганда,Бактыгулдун ар бир созундо тоодой маани бар экенин тушундум.Эх тоодой,кенен жана ак болгон Бактыгулдун журогу топуракка айланабы эми?.............. ...... Уй-жайыныз менин атымда болгону мененда эч кандай мааниси жок.Мен уй-жай байлык учун курошконум жок.Баарысы озунузго сыйлоо болсун.Сизге турмушка чыгып аялдык сапатымды жоготтум.Бирок энелик меерим колун толтурдум.Эгер оз апанызды олтургону арекет кылган аял менен жашай аламын десениз,сиз менен омур бойу бирге болууну нийет кылбаган болсомда калышым мункун.Кет десениз кантип келген болсом ошондой кетем.Болгону менден балдарды талашпан сураныч деп Зулайка ыйлап жиберди.Мен копко ойлонуп олтуруп калдым да бир убакда -Зулайка мен сага ар дайым ишенген болчумун.Сенин кандайдыр бир белгисиз максатын бар экенин билген болчумун.Бирок сени эч качан апамдын омуруно кол салат деп ойлобогон элем.Мени кечир мен оз апамды олтурмокчу болгон аялды бактылуу кыламын деп соз бере албаймын.Балдар сеники.Сен аларды кочодон алып келип бала кылдын.Талашканыда акым жок.Оз эркин озундо Зулайка.Убакыт отуп бутун дуйно озгорушу мункун.Бирок мен сен учун озгоро албаймын.Калсан кет деп кубалабаймын. Бирок жанында колокон болуп жашагандан болок эч бир убада бере албаймын.Эми менин колдон келбеген ишке убада беруу максатым жок.Эгер кетсен,тагдырга там берип жашагандан болок айлам жок дедим.Зулайка копко ойлонуп олтуруп уч баласын эрчитип уйдон чыгып кетти.Ал кетип жатканда бут денемди муздак тер басып коздорумдон жаштар агып кетти.Артынан чуркап барып кайтаргым келди,бирок аны кечире албай койдум......... ..........у...бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   ereka   15 Октябрь 2015 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Убадасында турбаган жигит!" 42-барак!Тагдыр сыноолорунан улам алгачкы суйууну алмаштырууга болот,бирок аны эч качан унутууга болбойт экен.Бактыгулду эстебей жашоо мага олум менен барабар болсода,Зулайканын меерим колуно чомулуп,аны менен бир омурго бирге болгум келди.Зулайка менен балдарымды эч качан койуп жиберуу максатым жок болуучу.Эмне болсода баарына чыдап,жарты бактым болсода,Уй буломду сактап калууну ойлодум.Бирок. .... бирок Зулайканыда Бактыгулдун абалына салып койуудан корктум.Зулайка Бактыгул эмес,баарына мени деп чыдай турган.Ал апам менен тенме тен айтышып,уйдо чыр чыгарат.Мурдагыдай коп болмолуу уйубуз болсода мейли эле,бирин бири корбой деле жашай берет дегидей.Азыркы уч болмолу уйубуздо,апам менен Зулайка тил табышып жашай алышпастыгы талашсыз.Коп оруп,жарым жан болуп калган апамды бир ойлоп,балдарымды мин ойлоп,Коодонуно кайгы мун толгон Зулайканыда ойлоп туруп,Мен Зулайканын кетуусуно туртку болдум.Ага кал Зулайка бир омурго мени менен деп айта албадым.Тагдырымды чече турган бир ооз соз айта албаганым учунда Зулайка байкуш менден кетууго аргасыз болду.Мен баарыбызды ойлопда Зулайка кеткени макул деп чечтим.Оз бактыма озум балта чаптым.Оз келечегимдин пайдубалын озум кулаттым..... . Зулайка уч баламды эрчитип кеткен сон бут айыл мага наалат айтып,каргашты. Адамдар мени колу менен корсотушуп -бир сары тыйыны жок,кайсы ырызына катын алып,катын койот.Уч баланын убалына калып акыры кор болот бул шумшук.Алтындай Зулайканы кетиргенин эмне десе болот? Ишенген апасы чала олгон чар жыландай жаткан болсо,бар дуйносунон ажыраган болушса,дагы эмнесине керилишет экен булар.Кудайымда ушундай акмак балага аялдында мыктысын туш кылганын кор.............. жана дагы ушул сыйактуу создорду айтышып жатышты.Кимдир бироолор болсо"Эки тоонун чобун энсеген аркар ачкадан олот"-дешет. Дастанда эки аялдын ортосунда калып,акыры акылынан адаша жаздаганбы, элгеда кошулбай калды,суйлосонда унчукпай басып кетет десе,дагы бироосу,ичпеген ,чекпеген тарбиялуу аябай жакшы бала эле,эмне жин урду билбедикко, ото жудоп калыптыр дейт.Дагы бири анын созун коштоп-Бактыгул олгондон сон Дастан озуно карабай койду,озун озу кор кылып жатат.Зулайкада мыкты келин болуучу,Эмнеге кетип калды экен дейт.......Ар бир уй-було сырын ошол уй-булодо жашаган адам гана билет эмесби? Бардык адамдар,билип билбей турушуп мени чечкинсиз,байлама, апасынын тилинен чыга албаган акмак дешип куноолой беришти.Бирок мен Апамда калган омурун тынч жашасын деп,Зулайкада калган омур,жана ден соолугун сактасын деп гана аны менен ажыраштым.Чындыгында мен аялым менен апамдын ортосуна тушуудон чарчадым.Он гулунон бир гулу ачылбаган Бактыгулго уйлонуп,эмне бере алдым мен озу.Азапдан болок эч нерсе.Апам Бактыгулду суйбоду,анын бирда кылган ишин жактырбады. Апамдын козуно Бактыгул торогон эки балада корунбоду.Себеби Бактыгул апамдын кундошунун кызы болуучу.Апамдыда туура тушунуш керек.Кайсы эне оз баласын,башына иттин кунун салган кундошунун кызын алып бермек.Балким, отконго коз жумуп унутуп,баласынын бактын ойлогон энелерда аз болсода арабызда бардыр,бирок менин апам андай боло алган жок.Бир убакда сыздаткан кундошунун очун кызы Бактыгулдон алып акыры аны эки баласы менен кочого айдады.Менин колумдан эч нерсе келген жок.Бактыгулду канчалык суйуп,какшап олуп жаткан болсомда апама бир оозда соз айта албадым.Себеби мен кичинекейимде атам айлап уйго келбей калганда,апам бизди корбоон кордукту коруп чонойткон болуучу.Канча жолу туну апамдын ыйлап жатканын коруп,чонойсом эч качан апа сизди ыйлатпаймын деп соз берген болучумун.Эне барибир энеда.Энеден болок дагы ким бизге ак сутун эмгизген.Эне ыраазы кудайым ыраазы болгону учунда мен апам тапкан кыз Зулайкага уйлондум.Мен Зулайканы эч качан жаман аял деп ойлобоймун. Ал мага турмуш менен курошконду уйротту.Ал балдарымдын башын сылады.Мындан артык аял барбы озу дуйнодо?.Анын журогундо эмне бар экенин билбей жашаган болсомда,андан конулум калган жок.Тескерисинче ага уйронуп калган экенмин таягын жоготкон кор адамдай болдумда калдым. Эмне кылмакмын,ал кетпесе болбойт болуучу.Апам борбордо оору канадан чыгып "-Зулайка бар экен ошол уйдо мен барбаймын деп уком батерге алган бир кичинекей бир болмолуу жер уйдо атам,уком учоосу тыгылышып жашап жатышыптыр. Муну уккандан сонда басар кадамымды билбей калдым.Зулайкада укту муну.Бирок мага бир ооз -апаныз ушентип айтыптыр деп айткан жок.Болгону менден жообун гана сурады.Мен барибир апамды дуйнодогу эч нерсеге алмаштыра албастыгымды тушунгон Зулайка бироозда жаман соз айтпай ыйлап,ыйлап гана уч баланы эрчитип кетти.....Адамдар мен жонундо эмне деседа дей беришсин,ооз алардыкы.Эгерде Зулайканы эрчип кеткенимдеда алар мени акмак оз апасын кечип,катынын эрчип кетти деп айтышмак.Мен бир эле эки оттун арасында куйуп,апам менен аялымдын ортосунда жашай албайт экенмин,ошондуктанда мен аялым эмес апамды тандадым..... .................Зулайка кеткенден сон коп отпой атам апамды алып келип калды.Апам тынбай Зулайканы каргап -тузум урсун,кор болсун деп жатты эстегенде аны.Апамдын ден соолугу жакшы болбогону учунда,мен апамдын конулун оорутар бирда соз айтпай аны карап жаттым.Бирок кыштын узун тундорундо жалгыз жашоо озун курбан кылуу менен барабар экен.Балдарымдан козум учуп,сагынып Зулайканында жылуу кучагын энсеп журуп,акыры кантип арак менен дос болуп кеткенимдида озумда сезбей калдым.Барибир биз эркектер аялдарга караганда атыбыз улуук болгону мененда,тагдыр сыноолорунун алдында алсыз экенбиз.Кудайым биз эркектерге улуулукту бергени мененда,бакыт ачкычын аялдардын колуна бериптир.Аялдар табиятынан гулдой назик болсода,алар тагдыр сыноолоруна болоттой бекем туруштук берет экен............. ........Мен алдын атам менен апамдан жашырып ичип журуп,бара бара аларданда жашыра албай калдым.Бир гана арак ичсем баардык кайгыны унутуп жаттым.Менин ичкеним кобойгон сайын апамдын ооруусуда куч ала баштады.Апам учун ушул кунго туш болгон болгон болсомда,бирок апам учун аракты токтото албадым.Эркек киши кочодон уйундо жок нерсени издейт деп Бактыгул туура айткан экен.Кочодо бактылуу журон уй-булолорду корупда ич ичимди ит тырмап,арак ичкеним анданда кобойо баштады....... ......... уландысы бар.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 04:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: