Кыргыз парк Кыргыз парк - кыргыз жашоосу
#1 08 November 2015 - 03:05
Кыргыз парк
Туризмди өнүктүрүү жаатында менин кыялым...
Мисалы, Америкада Диснейланд деген оюн зоокпаркы бар. Өтө атактуу парк. Байкашымча ал ошол дисней мултфилмдеринин урматынатүптөлсө крек. Анан Голливууд бар. Ал жердин өзгөчөлүгү болсо кино тасмалар,актерлорго басым жасалган. Ал эми Динозаврлар доорунун паркында динозавр өңдүүнерселерге көңүл бурулган. А эмне үчүн бизде ошондой нерсе курганга болбосун?
Жок биз динозавр жасабайбыз. Биз Голливуддунже Кыргыз киносунун дагы паркын түптөбөйбүз. Ал биздин колдон келбейт. Эч кимгекызыксыз. Диснейланд болсо түшүбүзгө да кирбейт. Кирбей деле койсун, бизгекереги жок. Бизде андан да сонун, андан да кызык байлык бар. Ооба, өзүбүзбилбеген укмуштуудай байлык бар. Ал «көчмөн маданияты» деген нерсе. Биздекөчмөн паркын кура турган укмуштуудай чоң мүмкүнчүлүк бар. Эмне элестете албайтурасызбы? Эмесе байкап туруңуз. Шашпай ой жүгүртүп элестетип көрүңүз...
Кыргыздын керемет тоолорунун койнундабыжыраган боз үйлөр турат. Кадимки Ормон Хандын, же андан наркы Манастынубагындай эч нерсе аралашпаган кыргыз айылы. (Эми аны уюштуруш оңой эле го) Бозүйлөр бир караганда чачкын көрүнгөнү менен баары ирээттүү. Пландары, жолдорубар. Айылдын кире беришинде атайын тосмо коюлган. Балким ал дагы аркайганнайзалар менен, бакандар менен тосулган. Келген туристтер ал жердегикароолдордон билет алып киришет. Ошону менен алар бүтүндөй көчмөндөрдүнжашоосуна сүңгүп кетти десеңиз да болот. Атка чапчаң минген жигиттерден бирэкөө чаап келип келген мейманды анча азоо эмес атка мингизип алып жөнөйт.Албетте, ал жигиттердин гид экени айтпаса да белгилүү болсо керек. Бирок, бизаны атайылап кыргызча аталыш менен атайбыз. Жандооч же болбосо ат кошчу дейбизаны. Ошентип жандооч мейманды кыргыз айылын аралатып отуруп атайын тигилгенөргөөгө алып барат. Эми бул жерде туристтин төлөмүнө жараша жай берилээритурган кеп. Мисалы, акчалуу болсо бийлердин айлына, ак өргөөлөргө жайгашат.Орто болсо карапайым эл арасына конот. Ал эми андан да ылдыйраак болсо беркижылкычылардын, малчылардын чакан боз үйүнө жайгашат.
Анан ошол келгенден тартып көчмөн жашоосубашталат. Атайын форма берилет. Териден тигилген. Ат мингенге ылайыктуу. Саймаөтүк, жаргак шым, тон, чепкен, тебетей, калпак дегендей. Өзү тандайт аларды. Аткаминишет. Ар бир боз үйдөн ар кандай кыргыздын улуттук оюндарына күбө болот.Жумшак даярдалган аянттарда күрөшкө катышат. А дагы бир жерде жабык аянттакаскадер жигиттер найза сайыш уюштуруп беришет. Ага күбө болот. Топ топ болупаттарга минип жүрүштөргө чыгышат. Коңшу уруудан жылкы тийип келишет. (Мунунбаары атайын даярдалат.) Баса атка минип жылкы айдап көргөн киши анын кандайадреналин экенин жакшы билет. Эгер жылкы айдап көрбөсөңүз, баарыңарга сунушкылам. Дүркүрөгөн жылкыны кууп ат чабуу машинаны 200 менен айдагандан алдаканча таасирдүү. Ал эми ага атайын эпизод даядап, спец эффект кошуп берсеңертүбөлүк эсте каларлык нерсе болот. Албетте, ошол учурда атайын даярдалганжерлерден (жашыруун жайлардан, же учкан камера менен) туристтерди видеого, сүрөткөтартса болот. Эми бул бир укмуш сүрөттөр болооруна бөркүмдөй ишенем.
Анан айдалып келген жылкыга аркан ыргытышат. Кармапжайдак минишет. Буга турситти түздөн түз катыштырбаш керек. Ага балким анча-мынчааркан ыргыттырса болот. Бирок, негизги ишти кыргыз жигиттер кылат. Кечкисин,селкинчектер орнотулуп, ырлар ырдалат. Кара жорголор бийленет. Бир өргөөдөМанас, Төштүк сыяктуу дастандар айтылат.
Кыскасы бул паркты аябай кеңейтсе болот. Алтургай душманар менен чабыштырса да болот. Көчмөндүн жашоосунда болгон да ошондой.Мисалы, бир күнү эле турист уктап атса таң атпай ызы-чуу башталат. Бүткүлтуристтер дуулдап боз үйлөрүнөн чыгат. Чыкса эле нары жактан жер жайнапмоңголдор чаап келеткан болот. (Моңголдун көрүнүшүн туристтер таанйыт. Далайкинодон көрүшкөн. А бул жерден өз көзү менен көрөт) Бечара турист өз көзүнөишене албай коркконунан жашынаарга жер таппайт. (балким чындап корккондор даболот. Коркпогондору болсо камераларын алып чыгып тарта баштайт. Бирок,тартканга уруксат бербесе да болот. Башкаларга сыр бойдон калышы үчүн). Эмимоңголдун чабуулун ушундай даярдаш керек. Жер жаңырткан добулбас, ач айкырыккуу сүрөөндү уюштуруп коюу азыр анча деле кыйын эмес. Ар кайсы жерге орнотулганатайын үн бергичтер колдонулат. Ошентип калмактын колу айылга жете берээрде булжактан айыл арасынан кыргыз жигиттери аттанып чыгат. Алар жоого каршы чаапбарып ортодо каскадерлердун оюну башталат. Мына туристтер үчүн жандуу кино.Кылычтар чабылып, жигиттер аттан кулайт. Атка сүйрөлөт. Арканга сүйрөлөт. Атматы менен тоголонот. Ошол убакта кимдир бирөөлөр балким турсттерге да атмингизип жоону карай алып жөнөйт. Анан калмактар качат. Качкан калмактардыкыргыздар кубалайт. Аларга кошулуп туристтер да кубалайт. (туристтерге дакыргызча формалар берилгенин унутпаңыз.) Ошентип алар дагы тарыхка өздөрүаралашкандай таасир алышат. Жоо кууп баратканын элестетишет. Аларга даколдоруна кылыч же найза (жасалма) берилет. Анан жеңишке жетип кайракайткандарында айыл эли (парктын кызматчылары) аларды дүңгүрөтө керней сурнайтартып, алакан жайып бата берип тосуп алат. Той сыяктуу бир нерселеруюштурулат.
Мындай парктарда туристтерге жаа атканга көпэле шарт түзүлөт. Бир атканың баланча сом деп битиребей эле, жөнөкөй жасалганжааларды өздөрү көтөрүп жүрүшсө болот. Атайын жаа атуучу аянтта каалашынча атышсын.Жаанын огу алыс кетмек беле, кайра терип алса болот. Эч нерсе коробойт. Бирок,чет өлкөлүк адамга укмуштай таасир берет. Коопсуздук жаатында болсо алжебелердин учун курч кылбаса да болот. Анан ат жарыштар, көк бөрү уюштурулат. Туристтерди байма-бай атка мингизиш керек. Ал тургай аларга паркка киргенденбаштап кеткенге чейин бир ат берилет. Ошону өзү карап, өзү минет. Албетте аткошчусу да болот. Эми ал гид катары да, жардамчы катары да жүрөт эмеспи. Атбагуу туристтин көбүнө жагат. Керек болсо байларына бүркүт, тайган да берилсеболот. Баарына өзү ээлик кылат. Ат кошчунун жардамы менен аларды өзү багат.Кыргыз тамактары менен тамактанат. Эми кыргыз тамагынан кыйналса батыш тамагыделе берилет. Ал деле кыйын эмес. Эртең менен эрте туруп жылкы байланганынкөрөт. Бээ саалганын көрөт. Кааласа сүтүн ичет. Ошол убакта туристтин көзалдында кадимкидей көчмөн жашоосу жүрүп турат. Койлор жайытка чыгат, уйларбадага кетет. Кыскасы, 3-4 күн, же 5-6 күн балким 10 күндөп турист кыргызайылында эс алат. Мына мен кыялданган «Кыргыз парк»...
#2 08 November 2015 - 03:06
Бул кыялымдагы Кыргыз Парктын дагы кененирээк чагылдырылышы.
Уландысы деп айтканга болбос муну...
2-кыял
Кыргыз паркта туристтер үчүн бардык шарттарболушу керек. Бирок, ошол эле маалда ал шарттар сырттан караганда жалпы кыргызайылынын нукуралыгына да доо кетирбегени жакшы. Ошондуктан бардыкгинекологиялык талаптарга жооп берген дааратканалар менен душтар жайгаштырылат. Ал эми аларды сыртынан билиндирбеш үчүн туалеттер четкерээк салынып, сыртынаналачык келбетине келтирилет. Ал эми душтар болсо ВИП туристтер үчүн ар бирөргөөнүн бир бурчу чий менен тартылып, анын ичинде душу болот. Үч төрт боз үйдүаймакташтырып бир атайын боз үй тигилет жана ичинде душ кабиналары болот.Кыскасы, туристтертин тазалыгына көңүл бурулуш керек. Бирок ошол эле маалдажалпы айылдын көрүнүшүнө бир дагы залакасы тийбеши керек.
Эми туристтер таңдан кечке эмне кылат? Аларүчүн бардык убакытты кызыктуу өткөргүдөй программа түзүлүшү керек. Мисалы,биринчи күнү туристти айлана чөйрөнү кыдыртып келүүгө болот. Ат менен саякат.Анча алыс эмес. Жалпы айылды, тоо ташты, табиятты сыртынан көргөзүү. Ошол элемаалда ага улам бир жерден атайын даярдалган адамдар жолугуп турат. Мисалыбирөө көчмөн мергенчи бүркүтү тайганы менен. Ал капилет жолуккан киши болуптуристтерге өзүнүн өнөрүн көргөзөт. Андан кийин дагы бир жерден аларга топозайдаган кишилер жолугат. Малчылар. Балким жылкы айдаган кишилер. Андан кийиндагы бир жерден бир кыз чаап чыгат. Артынан бир жигит кууп өтөт. Бул кыз куумайоюну десек да болот. Бул жерден көчмөн аялзатынын чыйрактыгы даңазаланат. Анданкийин кандайдыр бир коктунун же капчыгайдын ичинде жайгаштырылган бир эки бозүйгө туш келет. Ал жер да мурдатан көчмөн жашоосун көргөзө турган жер болушукерек. Бул жерден туристтер эс алып, тамактанат. Кыскасы ушунун баары сырттанкелген адамга кадимкидей көчмөндөрдү аралап жүргөндөй элес калтырганы жакшы. Өзүкирип келген айылдан чыгып кеткенине карабай улам улам көчмөндөргө жолугуптуруу аларга аябай таасир берет. Болгондо да капилеттен жолугуп туруу эң кызыкболмокчу. Буга дагы кошумчаларды кошсок болот.
Ошентип кеч киргенде тамак берилет жана конокжатып эс алат. Менимче бул жерге келген туристтер эрте жатып эрте турганы оң.Себеби эч кандай интернет, телевизор болбойт. Турист толугу менен көчмөн доорунжашашы керек. Андайда түн узак сезилип тажап кетиши мүмкүн. Ошондуктан таңатпай тургузуп, кечке чарчатып кечинде эрте уктатуу керек.
Экинчи күнү эртең менен эрте турган турист булкүндү такыр жаңы нерселер менен тосуп алганы жакшы. Алгач албетте тамактанат. Келечекте баары пландалып калат деп ойлойм. Мисалы 4-5 күнгө келген туристтинар бир күнү өзүнчө тематикада өтүшү керек. мисалы, биринчи күн жеңил саякатжана көчмөн турмушу менен таанышуу. Экинчи күн маданият жана спорттук оюндаргаарналышы мүмкүн. Демек бул күнү эртең мененки тамактан баштап кечке чейинайылдын жанында кыргыз тою өткөрүлөт. Төкмө акындар жар салып, керней сурнайтартылат. Эл бир аянтка чогулуп күрөш, көк бөрү, ат чабыш, жорго оюндары өтөт.Келген туристтер өздөрүнүн аттарын минип жарышка түшөт. (жанында жандоочторудайыма болот). Жамбы атыш болот. Натыйжада туристтер узун шыргыйга илингенжамбыларды жаа менен атууга аракет кылат. Ошол эле жерде кыргыз ырлары ырдалат.Манас айтылат. Ордо атышат. Кыскасы бул күн маданиятка арналат.
Үчүнчү күндү жортуул темасына бурсак болот.Туристтер эртең менен туруп даярданат да аттанып жөнөшөт. Аларды даярдалганжигиттер ээрчитип жүрүп отуруп жайылган жылкыга алып барат. Жылкыны дагы кимдирбирөөлөр кайтарып турган болот. Туристтер тарап акырын өңүп отуруп аларгажетип, чабыш башталат. Бул жерде жылкы кайтаргандар менен ээрчитип баргандаркаскадерлор болгону жакшы. Алар өз өнөрлөрүн кыска кыска тартуу кылышат. Бироктолук каскадерлук көрүнбөйт. Натыйжада бат эле бир эки жылкы кайтаргычты жыгачаап жылкыны кууп жөнөшөт. Бул жогоруда айтылгандай өзүнчө адреналин. Ананаларды бир жерге айдап барып чалма ыргытышат. Жайдак минишет. Дагы бирнерселерди жасаш керек. Бул күн турист үчүн ат оюндары дагы, саякат дагы болууменен аяктайт. Анан калса туристтер аз да болсо каскадерлук өнөргө күбөболушат. Бул күнү туристтер жолдо тамактанышат. Кыргызча айтканда жол азык,аларча айтканда пикник болот. J
Төртүнчү күнү чабуул. Бул күнү айылга жоокаптап кирет. Анын кандай өтөөрү жогоруда айтылган. Бирок, ага дагы бир канчадеталдары кошсо болот. Мисалы, жоо алгач алыстан кыркалакей тизилип, өзүнүнсүрүн көргөзөт. Эгер сиз узун катар тизилген атчандарды өз көзүңүз мененкөрсөңүз анда алардын сөөлөтү кандай сонун экенин билесиз. Эгер көрө элекболсоңуз анда билип коюңуз, тегиз атчан турган адамдар укмуштуудай сонункөрүнөт. Мен былтыр Ат Башыда жүргөнүмдө көптөгөн атчан адамдын коктунункырында тизилип турганын көргөндө чыныгы жоокердик, көчмөндүк духту сезгем. Өтөсонун көрүнүш болгон. Эми сиз ошондой катар тизилген атчандардын, болгондо дажоо кийими менен турганын элестетсеңиз. Тимэле укмуш болмок. Ошентип аларакырындан жакындап келе баштайт. Анан алдыга бир жигит чыгарышат. Бул туристтертараптан да бир жигит чыгып эр сайыш өткөрүшөт. Албетте каскадерлордун өнөрүнөкүбө болобуз. Андан кийин тигилер чабуул койот. Чабуул башталганда бултараптагылар аларга каршы текши жаа тартышат. Туристтер да кошулуп атса болот.(Жебелер учу жок бирок алыс уча тургандай даярдалат. Тигилер болсо атайын бышыккийим кийип алышат) Жебелердин текши асманга атылып чыгып кайра атчандаргажааганын көрүү, алардын кадимки жебе тийгендей тоголонуп түшкөнү баарынасыйкырдуу таасир берерине ишенем. Кыскасы ошентип чабуул башталат жана көптөгөнкаскадерлордун өнөрү көргөзүлөт.
Демек, азырынча туристтерди 4 күндүк программаменен тартса болот. Менимче бул сайттар аркылуу жарыяланып, жакшы рекламакылынышы керек жана туристтер атайын топ топ болуп келип кеткени оң. Тагыраакайтканда аларды поток поток кылып кабыл алуу ыңгайлуураактай. Албетте мындайубакта деле Кыргыз парк иштей берет. Ар кандай адамдар балким өз алдынча келип,боз үйлөрдү алып, жай турмушту өткөрө берсе болот. Саякаттап, спорттук оюндаргакатышып, көчмөн жашоосу менен тааныша берет. Бирок, толук бир пакет көчмөнжашоосун көргүсү келген туристтер үчүн жогоруда айтылган төрт күндүк программаишке киришет. Албетте алардын толук пакет үчүн төлөмү да өзгөчө болот. Башкаларгакандайдыр бир саатына, же күнүнө деп төлөм алынып турса, булар чоң суммадагыакчаны бир эле төлөйт.
Эми бул сумма алар үчүн кызмат кылганадамдарга, кетирген чыгымдарына, убакытка жараша эсептелип чыгышы керек.
Андан сырткары, ушул бир топ болуп келгентуристтердин арасына кандайдыр бирбөлүктөрүнө гана катышкысы келген адамдардыда өзүнчө төлөм алып аралаштырып ийсе да болот деп ойлойм. Мисалы, мен барганучурда атайын топ жортуулга чыкканы турса мен так ошол жортуул үчүн гана акчатөлөп, кошулуп амакмын. Же төртүнчү күнү боло турган чабуулга катышмакмын. Албетте бул эки күн алдыңкы күндөрдөн кымбатыраак турушу мүмкүн. Туристтерденкуралган атайын топ даяр болуп кыргыз Паркка келүүгө келишим түзүлүп (аларменен келишим түзүлүшү керек) алгачкы төлөмдөр кабыл алынгандан баштап аларгаылайыкташкан эс алуунун күн тартиби сайттарга жарыяланат. Ошол күн тартипкежараша кошулгусу келгендер акырындап кошула берсе болот.
Ушуга чейинки ой жоруудан чыккан натыйжагакараганда биздин Кыргыз парктын башкалардан өзгөчөлүгү бул анын жамаатташаөткөнүндө. Тагыраак айтканда, Диснейлендде же башка парктарда эс алуучулар өзчөйрөсүнөн башка эч ким менен иши жок сыяктуу жүрсө, бул жерде эс алуучуларжалпыга арналган көрүнүштөргө күбө болот. Балким алар кандайдыр бир кыйынчылыктардыбирге да чечишет. Бирге тамактанышат. Бирге саякатташат. Ушунун баары чынындакөчмөн жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Анткени көчмөн элдер дайыма чогуу болушкан.Алар ошонусу менен катаал шарттарды жеңип чыгып, кыйынчылыктарга туруштукберишкен.
Бул парктын менимче чет элдиктерди тартатурган тараптары аябай эле көп. Биринчиден өздөрүнө такыр белгисиз, сырдуумаданият менен таанышса, экинчиден алар технологиядан, шаар турмушунан алыстап,табият менен жуурулушуу бактысына ээ болушат. Мээлери болуп көрбөгөндөйсергийт. Үчүнчүдөн болсо бул жерде дайыма таза жана табигый таза тамактар менентамактанышат. Туристтерди тарта турган ушул нерселерге биз дагы көңүлбурганыбыз оң. Кыргыз Паркта эч кандай ГМО жана консерванттар болбогонуна катуукөңүл бурулат. Керек болсо бул жерге келип бир канча күн жашап кеткенадамдардын (мейли чет элдик турист болсун, мейли өзүбүздүн жарандар болсун) денсоолугу чыңдалды десек да болот. Себеби, азыркы учурда жөн гана кымыз ичип, жесүт ичиш үчүн жайлоолорго барып, тууган туушканына тыгылып жүргөндөр толтура.Ал тургай бараарга жер таппай кыйналгандар да көп. Мына ушундай адамдар үчүнКыргыз Парк табылгыс жер болуп, кызмат өтөсө болот.
Баса, анча кымыз, анча бээ кайдан табылат?Мунун дагы бир чечүүчү жолу бар. Кыргыз Паркта кызмат көрсөтүп, өзүмө үлүш аламдегендер үчүн кызматташтык эшик ачык. Тагыраак айтканда кимде ылайыктуу боз үй,өз боз үйүн тейлегидей адам, сааганга бээси болсо Кыргыз Парктын аймагына көчүпкелип кошулса болот. Муну менен ал адам өзүнө да, жалпы Кыргыз Паркка да пайдакелтирет. Келген туристтерге продукциясын өтөкрүү жана кызматын сунуштоо мененөзү пайда тапса, анын Кыргыз Парктын өзгөчөлүгүнө кошкон салымы аркылуу парк дапайда алат. Бирок, эң негизгизи келишим түзүлүшү керек. кимде ким эрежени бузсапарктан чыгарылат. Эрежеде жүрүм турум, кийим кече, күнүмдүк турмуш жанатазалык, тыкандык, сөзсүз каралат. Коопсуздук үчүн боз үйлөргө камера орнотсокда болот. (Кире беришине жок дегенде)
Баса, саала турган бээлер, тейлей турганадамдар менен эс алуучулар аралаша конбойт. Мал жандык аралашып, жердин чаңтозоңун чыгарып жибербеши үчүн «малчылар» алысыраак жайгашат. Бирок, кымыздаржана бээнин сүттөрү жалпы корго ташылып, ошол жерден бөлүнүп турат. Ким канчасүт, канча кымыз, канча эт тапшырганын тактап, ошого жараша эсеп жүрөт.
Партын дагы бир уникалдуулугу катары,конокторго чыгыш кербенин көрсөтүүгө да мүмчүнкүлүк түзүлүшү мүмкүн. Себеби,коноктор үчүн, жана жалпы эле парк үчүн ар кандай азык түлүк, майда чүйдөнерселер керектелет. Ал эми бул керек жаракты ташып туруу үчүн эч кандайавтомобиль жалдабайбыз. Жөн гана төөлөргө, качырларга артылган кербен бирмаалда чубала пайда болуп, кадимкидей чыгыш элесин тартуулаганча «айылга» тийипөтөт. Мейли парк кызматкерлери болсун, мейли коноктор болсун ал жерден өз алынажараша соода кылат. Анан кербен андан нары жылып кетип калат. Бул көрүнүштү өзкөзүң менен көрүү азырынча көптөгөн адамга насип боло элек. Баса, төөлөрдүкайдан табабыз? Чечим жанагыдай эле. Кимде төө бар болсо жана аны менен акчатапкысы келсе, «Кыргыз Парктын» кербенине кошула берсин.
Бул парктын дагы бир өзгөчөлүгү андагы кыргызкол өнөрчүлүгүн даңазалоосунда. Кай бир боз үйлөр атайын даярдалып, шырдактар,саймалар, курактар, комуз, чепкен, ээр сыяктуу жана ошого окшош нерселеркоюлат. Балким, турист көп келе турган болсо аларды жасачу уздар менен усталарөздөрү да келип орун алышат. Соодасын жүргүзүп кардар табышат.
Паркты электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүнкүн энергиясын колдонуу сунушталат. Ансыз деле бул жерде эч кандай техникалыкжабдыктар болбойт. Бирок душтарда сууларды жылытуу жана ашканаларда тамак ашжагын тейлөө үчүн колдонула турган кубатты күндөн алсак болот.
Туристтерди бул убакта ар кайсы ракурстан, аркандай кызыктуу учурлардан сүрөткө тартып туруу жагын караш керек. Мисалы алардынат мингендерин, жаа тарткан убактарын, ат чаап баратканын, жыргап атканын,жылкы кууп келетканын тартып алуу үчүн атайын жашыруун орундар даярдалат. Кудумснайпердей жашынган фотографтар туристтерди эң сапаттуу аппараттар менен тартыптурушу керек. Албетте мунун баарын турист акыркы күнгө чейин байкабаганы жакшы.Байкабай турганда гана эң сонун кадрлар чыгат эмеспи. Ал эми акыркы күнү аларгаөздөрүнүн ар кандай кызыктуу учурлары тартылган сүрөттөрдү тартуулоо аларгаукмуштуудай маанай тартуулайт жана бул кийинки келе турган туристтер үчүн эңсонун реклама болот. Баса сүрөтчүлөрдү дагы жөн гана кызматташуу жолу менентабууга болот. Бизде бул жаатка кызыккан жаштар деле көп эмеспи. Алар менеништешүүгө эшикти ачып коюшубуз керек. Өздөрү туура деп тандаган жерлердентуристтер өтчү маалды болжолдоп өңүп барып тартышсын жана кызматына жарашаакысын алсын. Эч ким жок дебейт. Алардын туристти ыраазы кылганы Парк үчүн дачоң жетишкендик. Бирок, ашыкча көп сүрөтчү деле алынбайт. Атймакчы,сүрөтчүлөргө конкурс жарыяланып мыктынын мыктылары тандалат...Орун чектелүү.Шашылгыла фотографтар. Ала Тоо аянтынан чыга турган маалыңар келди J
Кыргыз Парктын коопсуздук тарабы.
Биринчиден эле Кыргыз Паркта эч бир меймангаэч кандай коркунуч жаралбагыдай болушу керек. Мисалы, талап тоноо, уурулук,оройлук, иренжитүү, көңүл калтыруу деген нерселерди таптакыр жок кылуу үчүнбардык чаралар колдонулат. Жашыруун жайларга камералар орнотулат жана тандалгантартип сакчылар тобу иштейт. Ал эми паркта кызмат көрсөткөндөр көчмөндөр тартибинеылайык топ-топко бөлүнөт. Эгер кайсы бир топто бир эле адам тартипти бузатурган болсо, анда ошол топ чогуусу менен жазага тартылат. Ушул тартип менеништесек алар өз ара дагы бири бирине көзөмөлдүк кылышат деген ишеничтемин.
Ал эми медициналык жардам берүү жагына келетурган болсок, Кыргыз парктын чет тарабына атайын боз үй жана аскердик чатыржайгаштырылат. Аларда дарыгерлер жана дарыкана жашыруун жайгашкан. Чынындадарыгерлер элдик табыптар катары туристтерге келип, ал абалын билип, кандайдырбир маселеси болсо көрүп турса болот. Анын өзүнө ылайык формасы иштелип чыгат.Ошол эле маалда чатырда шайма шай даярдалган унаа жашыруун катылып турганы оң.Кокус өтө шашылыш нерсе болсо ал ишке кирет. Бирок мунун бар экенин көпчүлүкбайкабаганы талапка ылайык. Андан сырткары, жанагыдай атка минүүдө, оюндарга жежортуулдарга катышууда, туристтердин коопсуздугу үчүн жандоочулар жандапжүрүшөт. Бирок ошого карабай ар кандай кырсык болуп кетүү мүмкүнчүлүгүболгондуктан, туристтерден паркка келээрде, же жанагы жүрүштөргө чыгаардакокустук болуп кетсе доом жок маанисиндеги келишим түзүлгөнү жөндүү...

#5 09 November 2015 - 05:28
Пикир билдиргиле,
ой бөлүшкүлө, жаңы сунуштардан кошкула, башкаларга да жеткиргиле туугандар. Ким билет бир күнү болбосо бир күнү ушул ойлорду ишке ашыраар адам чыгаар. Балким мындан да жакшы болоор.

Супер-Инфо
super.kg
видео