Баары норма эле.Дагы каягына онукмок эле.
Кыргыз тили эмнеге күнүмдүк турмушта колдонулбайт. Кыргыз тили жок болуп бара жатабы.
#302 22 August 2015 - 01:05
ХХХХ жанакы Ынтымак деген каналдын эмне кереги бар.Кабарчылар кыргызча суйлоптур бир ХХХХХ озбекче которуп олуп жатат.
Озбекче жанылыка бышырып койуптурбу?
Же эмне озбекче жанылыка мурдубуз бутуп калыптырбы?
Керек болсо спутник антена койуп алып каалашынча оздорунун каналын коруп жата берсин эч ким каршы эмес.
Азыноолак озбектер учун кыргызчаны озбекчеге которушуп акча учун.Мектебин ачып берди
тв каналын берди
Статяга киргизди озбек деп соксон камаласын деп
Эми биротоло кызынарды нукул озбеке берип баарын озбекче былжырагыла десе да болчуудай болуп калды
Аз келгенсип копчулугу корейлерди туурап солпулдоп гейге окшоп
Дагы бирлери гей парадка чыгып колдоп кубаттап аларды
Дагы бироолору кыргызды улуттук баш кийимин тоонун оркочуно тенеп
Дооруп орусча суйлошуп ит эле болуп кеттикко .Ит дагы урот мышыкча мёоолобойт .

Эн туура айтасыз. Ушул сиздин айткан создорунуз аябай жагатда. Ошол каналды эмнеге ачты тушунбойсун. Бизге улутчулдар керек.
#303 29 September 2015 - 15:59
"Барчук, келчүк" деп балдырабайлы.
..
мүнөткө жетпей мурун
Шайлообек Дүйшеев
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
“Турак” деп коет. Жашап турган жери, байыр алып баш калкалаган жайы, жашоо-тиричилигин улантуу үчүн жай таап туруп калган орду деген түшүнүк.
“Турагы жок неме экен” дейт. Тура турган жайы, үйү, жашай турган жери жок экен” дегенди билгизет. Ал эми “турак жай” же “турак үй” десе жашай турган тамды түшүндүрөт. “Турак үйлөр” дейт. “Турак жай курулушу” дейт. “Көп квартиралуу турак үйлөрдү курушту” дейт.
Кээде телеканалдардын алып баруучулары “Турак курушту”, “Турактарды алышты” деп туура эмес сүйлөп калган учурлары кездешүүдө. Турак деген сөзгө “үй” же “жай” деген сөз кошулуп айтылганда гана туура болот. Мисалы “Турак жайлуу болушту” же “Турак үй курулууда” деп айтылат же дагы ушул сыяктуу.
Азыркы жаштар “калаа” менен “кылаа” деген сөздүн айырмасын түшүнбөй калышты. Жакында Коомдук 1-каналдын “Замана” студиясынын алып баруучу кызы “Керемет Соң-Көл калаасында” деп кайта-кайта сүйлөп, туура эмес сүйлөп атканын өзү дагы такыр элес алган жок. “Калаа” деген шаар деген түшүнүк. “Соң-Көл жайлоосунда азырынча биз билгенден шаар салына элек. Алып баруучу “Соң-Көл кылаасында” дегенди “Соң-Көл калаасында” деп сүйлөп жатканын биз байкап калып уялып турдук. “Кылаа” деген сөз “жээк” деген түшүнүк. “Соң-Көлдүн кылаасы” деген “Соң-Көлдүн жээги” дегенди, “Соң-Көлдү кылаалап” деген сөз, “Соң-Көлдү жээктеп” дегенди түшүндүрөт.
Кийинки кездери айрым жаштар “Барчубуз” дегенди “барчук”, “Келчүбүз” дегенди “келчүк” деп тантык тил менен сүйлөгөндү өнөр кылып алды. Депутаттар Жогорку Кеңешке кандай кийим кийип келиши керек деген маселени койгондун ордуна, микрофондун алдында кандай сүйлөө керек деген маселени койгондо туура болмок деп ойлойбуз. Кыргыздын тили тантык тил эмес. Өз эне тилинин кадырын кетирип, сөздү бузуп сүйлөгөндү токтотолу, жаштар.
Эми “бий” деген сөзгө келели. “Бий” дегендин биринчи мааниси кадимки эле бий. “Кыргыз бийи”, “Татар бийи”, “Орус бийи”. Мисалы “Атай ааламдын бийчилерин Көлгө чогултту”, “Андабеков калмак бийин жакшы бийлечү”.
Бийдин экинчи мааниси, “Ортодогу чатак иштерди кыргыздын көпчүлүк бийлери пара менен бүтүргөн” дейт.. “Бий” деген кызмат даражасын түшүндүргөн сөз. Бүгүнкү түшүнүк менен алганда “сот” деген мааниде. Дагы бир мисал, “Өрдөк жокто чулдук бий” же “Бука жокто торпок бий”, “Калыс болгон бийигим, карды салык байигим” деп коет. “200 миң үйү бар Жаң-Жуң аттуу бийи бар” дейт эпосто.
Эми “бел” дегенге келсек. Белдин биринчи мааниси адамдын бели. Арык кыздарды “Кумурска бел, куурай сан” деп сыпаттаган. “Манас кетсе бел кетет, бели кетсе эл кетет” деген сөз айтылып калган. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген да макалыбыз бар.
“Жокчулук белден басты” дейт. “Белиңди бекем буу” дейт. Кыйынчылыкка моюн бербей бекем бол, кайратуу бол дегени.
Шайлообек Дүйшеев
"Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.

#304 06 October 2015 - 14:11
“Жайдак төш” деп коет. Ачык-
айрым, даалдаган, көңүлүндө
кири жок кишилерге айтылат.
“Ал бечара ошондой жайдак
төш жан эмес беле” дейт.
Ал эми экинчи мааниси
колунда эчтекеси жок, абдан
жупуну, жарды, жайсыз адамга
да берилген мүнөздөмө.
Түгөлбай Сыдыкбековдон
мисал тартсак, “Бой тумары
жок барса, шордуу жакыр
кызын жайдак төш узатыптыр
дешет” дейт.
“Жалаң төш” деген да бар.
“Бүгүн бул жерге өңчөй жалаң
төштөр чогулду” дейт. Эч
нерсесин жоготпогон өңчөй
кедей-кембагалдар чогулду
деген мааниде.
“Жанды оозго тиштөө” деп
коет. Баарына тобокел кылуу,
өлөр-тирилерине карабай
киришүү. “Ал жанын оозуна
тиштеп иштеп келатат” дейт.
Же дагы бир мааниси “Жер
титирегенден коркуп калган
жаныбыз, бул түнү да
жаныбызды оозубузга тиштеп
араң жатпадыкпы” дейт.
“Эшек курту мурдунан түшө
элек” деп коет.
Кыйынчылыкты көп көрө
элек, кагылып-согула элек
деген мааниде. “Эшек курту
мурдунан түшө электин баары
аткаминер болуп
алышпадыбы” дейт.
“Эт менен челдин ортосунда”
деген сөз бар. Эки ортодо, ал
жакка да, бул жакка да ачык
кошулбай, ортодо эптеп
мүлтүлдөп жашаган,
кошоматчылык менен күн
көргөн деген маанини
билдирет. “Тазалайбыз” деген
менен баягылар дагы эле эт
менен челдин ортосунда кала
берди” дейт.
“Ыңырчагы ырдап, керегеси
кердеп” деген да сөз бар. Бул
абдан кедейленүү, ач-жылаңач
калуу дегенди түшүндүрөт.
“Кечээ күнкү ыңырчагы
ырдаган, керегеси кердеген
кембагалдар бүгүн жыргаган
турмушка жетти" дейт.
“Ыйманы учуу” деген сөздү
чечмелеп көрөлү. Коркуу,
жүрөгү түшүү дегенди
билдирет. “Кабат-кабат тамы
туруп светке жаккан акчасын
төлөбөй качып жүргөн эр-
азаматтарыбыз бакыйган
кызматты мыкчып отурганын
көргөндө ыйманың учат экен”
дейт.
“Шиш куйрук” деп коет. Бир
жерге байыр алып туралбаган
кишиге айтылат. “Ал даана
шиш куйрук болчу” дейт.
“Сары казак болуу” деген да
сөз бар. Бир нерсени абдан
зарыга күтүү дегенди
түшүндүрөт. “Менин колумдан
келип турганда атаңа акча
таап берип турганың
жакшыбы же сары казак
болуп жок нерсеге көзүңдү
сатып кор болгонуң
жакшыбы?” дейт.
“Сары багалек болуу” деген да
сөз бар. Бул эгин суу тилеп
калганда же бышууга
жакындап калганда төмөнкү
сабагы саргара баштайт.
Ошону “сары багалек болду”
деп коет. “Эгиндин сары
багалек тартканына караганда
суусагандай түрү бар” дейт.
айрым, даалдаган, көңүлүндө
кири жок кишилерге айтылат.
“Ал бечара ошондой жайдак
төш жан эмес беле” дейт.
Ал эми экинчи мааниси
колунда эчтекеси жок, абдан
жупуну, жарды, жайсыз адамга
да берилген мүнөздөмө.
Түгөлбай Сыдыкбековдон
мисал тартсак, “Бой тумары
жок барса, шордуу жакыр
кызын жайдак төш узатыптыр
дешет” дейт.
“Жалаң төш” деген да бар.
“Бүгүн бул жерге өңчөй жалаң
төштөр чогулду” дейт. Эч
нерсесин жоготпогон өңчөй
кедей-кембагалдар чогулду
деген мааниде.
“Жанды оозго тиштөө” деп
коет. Баарына тобокел кылуу,
өлөр-тирилерине карабай
киришүү. “Ал жанын оозуна
тиштеп иштеп келатат” дейт.
Же дагы бир мааниси “Жер
титирегенден коркуп калган
жаныбыз, бул түнү да
жаныбызды оозубузга тиштеп
араң жатпадыкпы” дейт.
“Эшек курту мурдунан түшө
элек” деп коет.
Кыйынчылыкты көп көрө
элек, кагылып-согула элек
деген мааниде. “Эшек курту
мурдунан түшө электин баары
аткаминер болуп
алышпадыбы” дейт.
“Эт менен челдин ортосунда”
деген сөз бар. Эки ортодо, ал
жакка да, бул жакка да ачык
кошулбай, ортодо эптеп
мүлтүлдөп жашаган,
кошоматчылык менен күн
көргөн деген маанини
билдирет. “Тазалайбыз” деген
менен баягылар дагы эле эт
менен челдин ортосунда кала
берди” дейт.
“Ыңырчагы ырдап, керегеси
кердеп” деген да сөз бар. Бул
абдан кедейленүү, ач-жылаңач
калуу дегенди түшүндүрөт.
“Кечээ күнкү ыңырчагы
ырдаган, керегеси кердеген
кембагалдар бүгүн жыргаган
турмушка жетти" дейт.
“Ыйманы учуу” деген сөздү
чечмелеп көрөлү. Коркуу,
жүрөгү түшүү дегенди
билдирет. “Кабат-кабат тамы
туруп светке жаккан акчасын
төлөбөй качып жүргөн эр-
азаматтарыбыз бакыйган
кызматты мыкчып отурганын
көргөндө ыйманың учат экен”
дейт.
“Шиш куйрук” деп коет. Бир
жерге байыр алып туралбаган
кишиге айтылат. “Ал даана
шиш куйрук болчу” дейт.
“Сары казак болуу” деген да
сөз бар. Бир нерсени абдан
зарыга күтүү дегенди
түшүндүрөт. “Менин колумдан
келип турганда атаңа акча
таап берип турганың
жакшыбы же сары казак
болуп жок нерсеге көзүңдү
сатып кор болгонуң
жакшыбы?” дейт.
“Сары багалек болуу” деген да
сөз бар. Бул эгин суу тилеп
калганда же бышууга
жакындап калганда төмөнкү
сабагы саргара баштайт.
Ошону “сары багалек болду”
деп коет. “Эгиндин сары
багалек тартканына караганда
суусагандай түрү бар” дейт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#305 07 October 2015 - 09:56
Ар бирибиз оз эне-тилибиз болгон кыргыз-тилибизге орусча кошпой, так даана суйлосок ошондо онугот. Кээ бироолор бар го, орус тилин аралаштырып суйлоп! Ошондойлорду корсом кыжырым келет да, кыжырым келет!
#306 19 October 2015 - 11:54
"Жаман иттин аты - бөрү басар" - дегендей эле алгач сындагандар туура жазууга үйрөнүү керек да. Бир жылдары мамлекеттки тил комиссиясы Бишкек шаарында жүруш кылып эскертүүсүз эле орус тилинде, башка тилде жазылган жарнактарды жыртып киришти эле. Чынында алгач эскертүү бериш кеерк болчу. Орусча болсо да кайсы тилде болсо да ага акча кетирип жасатышты го. Ошондон көп өтпөй эле райондун мамлекеттик администрациясына кирсем "канцтовары"
деп орусча жаздырып коюшуптур. Анана ошол рай админде иштеген тааныш акелер турган экен "мамлекет кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп атса, сиздер мынтип орусча жаздырып отурсаңыздар туура эмес го?..." десем 2-3 күндөн кийин кыргызча жаздырып коюшуптур. Туура жазуунү өзүңөрдөн баштагыла. Сындайт десе элек критикалап кемчилик издеп калбай...
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
#307 25 October 2015 - 10:25
ЭНЕ-ТИЛ БОЛБОЙ, ЭЛ БОЛБОЙТ
Азыр дүйнө абдан чоң болгонуна карабай, компьютер байланышы күчөп, интернет желелери жалпы ааламды арал ап турат. Жаңылыктар упгунчалык көп. Ошол ааламдашуу жүрүп жатканда тилдер да бирибирине таасир тийгизип, бирин бири колдонуудан чыгарып сүрүп турат. Адамзаттын тарыхы ошондой жоголгон өлүү тилдердин эченин билет. Ушул учурда да эчен тилдер өлүп баратат. Алардын ичинде кыргыз тили жокпу деп ойлойсуң. Себеби бул тил да аз колдонулат. Өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй боорунда. Айрым адамдар кыргыз тили илимди камтый албайт, мамлекеттин тили боло албайт дешет.
Жок, андай эмес, кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Жалпы түрк тилдеринин башатын изилдеген Кашкарлык Махмуттун “Түрк тилдери жыйнагы” деген китебиндеги көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдонулуп келет. Байыркы ОрхонЭнесай таш жазууларын окуй келгенде да азыркы биз пайдаланган сөздөр учурайт.
Дүйнөдө кайталангыс ири чыгарма болгон “Манас” да кыргыз тилинде жаралган. Эгер кыргыз тили жарды болсо ушундай чоң байлык ошол тилде жаратылат беле? Же болбосо биздин төкмө акындардьга айтьпп өнөрүн абройлуу ЮНЕСКО уюму кайталангыс өнөр катары баалады. Эгер кыргыз тили жарды болсо акындар айтышып жатып, мурда жаттабай ушунча уйкашкан, мааниси дал келген сөздөрдү таба алат беле… Же манасчылар улуу дастанды айтып жатканда жамгыр, кар, борошого карабай аны уга берген, ооруп жаткан адамдарды да манас айтып, сөздүн керемет күчү менен дарылашкан. Манасты бир тынбай бир нече суткалап айтышчу экен. Бул кыргыз тилинин байлыгы болбой эмне?
Тилди сактоо бул элди сактоо, мамлекетти сактоо.
(М.А.)
ТИЛ ӨМҮРҮ ЭЛ ӨМҮРҮ
Кыргыз тили байыркы тилдердин бири. Анткени тил өмүрү эл өмүрү. Эгер кыргыз этнониминин өмүрү эки кылымдан ашык убакытка тете болсо, бул мезгил кыргыз тилинин да өмүрү.
Тил ар бир улуттун негизги улуттук белгилеринин бири. Кыргыз элинин улуулугу кылымдар бою өзүнүн улуттук тилин сактап келгендигинде. Бул жөнүндө көркөм сөз чеберлеринин бири Н.Байтемиров мындай ыр жазган:
Кыргында далай беттешип, Кыргыздар нени көргөн жок. Кырылып көбү өлсө да, Кыргыздын тили өлгөн жок. Кылычын кайрап от чачып, Кызыгып кимдер келген жок. Кыргында жанын берсе да.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#308 25 October 2015 - 10:34
Мындай кетиште эне-тилибиз эч кандай онукпойт. Ар бир кыргыз жараны озубуздун тилибизди баалап - барктасак ,сыйласак онугот.
#309 25 October 2015 - 10:49
Баарыбыз только кыргызча суйлосок тил онугот)))оно туугандарды дагы кыргызча суйлотуш керек.
Откондо повар озбек ака 45жашта экен,туулганымдан бери Ошто жашайм дейт,ата-энеси дагы бал жакта экен. Озбекистанга качан кетес десем не кылам ал жакта туулган жеримде жашайм дейт,не кыргызча суйлобойс Анда десем азыр сага кытайча суйлоп атамбы деп коет. Мен айткандан кийин чулдурап тилин бурап кыргызча суйлоп калды,балан, ата-энен бул жакта болсо олуп кетсен дагы Озбекистанына кетпесен кыргызча суйлобойсторбу десем улутту сакташ керек деп коет,улутту Ар ким оз жеринде сактайт деп айтышып кеттим сен нацист экенсин деп кыйкырынат, нацист болуп сен озбексин деген жерим жок,документин, туулган,жашаган жерин Кыргызстан болгондон кийин кыргызча суйлогуло деп урушуп кеттик. Кыйкырынып, согунуп алыптыр жинге тийип,ошолордун баарына кыргызчаны уйротуш керек,озбекче суйлосо айтып тушундургуло урушса урушкула! Озбекистанга барып кыргызча суйлоп кенири журуп коргулочу,же Америка же Россия Га барып суйлогулочу, ошондой болсо неге бизде эшек жайдак-деп жинин келет экен...

#310 25 October 2015 - 10:52

Мына ушинтип эле, ката кете берет да..
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#312 25 October 2015 - 11:25
Баарыбыз только кыргызча суйлосок тил онугот)))оно туугандарды дагы кыргызча суйлотуш керек.
Откондо повар озбек ака 45жашта экен,туулганымдан бери Ошто жашайм дейт,ата-энеси дагы бал жакта экен. Озбекистанга качан кетес десем не кылам ал жакта туулган жеримде жашайм дейт,не кыргызча суйлобойс Анда десем азыр сага кытайча суйлоп атамбы деп коет. Мен айткандан кийин чулдурап тилин бурап кыргызча суйлоп калды,балан, ата-энен бул жакта болсо олуп кетсен дагы Озбекистанына кетпесен кыргызча суйлобойсторбу десем улутту сакташ керек деп коет,улутту Ар ким оз жеринде сактайт деп айтышып кеттим сен нацист экенсин деп кыйкырынат, нацист болуп сен озбексин деген жерим жок,документин, туулган,жашаган жерин Кыргызстан болгондон кийин кыргызча суйлогуло деп урушуп кеттик. Кыйкырынып, согунуп алыптыр жинге тийип,ошолордун баарына кыргызчаны уйротуш керек,озбекче суйлосо айтып тушундургуло урушса урушкула! Озбекистанга барып кыргызча суйлоп кенири журуп коргулочу,же Америка же Россия Га барып суйлогулочу, ошондой болсо неге бизде эшек жайдак-деп жинин келет экен...
Откондо повар озбек ака 45жашта экен,туулганымдан бери Ошто жашайм дейт,ата-энеси дагы бал жакта экен. Озбекистанга качан кетес десем не кылам ал жакта туулган жеримде жашайм дейт,не кыргызча суйлобойс Анда десем азыр сага кытайча суйлоп атамбы деп коет. Мен айткандан кийин чулдурап тилин бурап кыргызча суйлоп калды,балан, ата-энен бул жакта болсо олуп кетсен дагы Озбекистанына кетпесен кыргызча суйлобойсторбу десем улутту сакташ керек деп коет,улутту Ар ким оз жеринде сактайт деп айтышып кеттим сен нацист экенсин деп кыйкырынат, нацист болуп сен озбексин деген жерим жок,документин, туулган,жашаган жерин Кыргызстан болгондон кийин кыргызча суйлогуло деп урушуп кеттик. Кыйкырынып, согунуп алыптыр жинге тийип,ошолордун баарына кыргызчаны уйротуш керек,озбекче суйлосо айтып тушундургуло урушса урушкула! Озбекистанга барып кыргызча суйлоп кенири журуп коргулочу,же Америка же Россия Га барып суйлогулочу, ошондой болсо неге бизде эшек жайдак-деп жинин келет экен...
Азамат! Мекенчил кыз экенсин! Алыстан коруп калам,сыналгыдан, Москвада жургон биздин "ошолор" азыр копчулугу " Кыргызчаалап" калышкандай! Кееде аалам баракчада Бишкекте турган,башка чет жактарда иштеп жургон кее бир накта "Кыргыз" жердештердин арасында,Орусчаалап, туркчоолоп кеткендери, ачууну келтирет. ! Биз Оз улуттубуздун кадаа салттын, Эне тилдин кадырын, жогору коймойунча! Биз дуйнодогу бир "улут" катары жашоо откозуубуз, туура эмес!!! Биз дуйнонун кайсы жеринде,болугундо жашап турбайлы! Эне тилди онуктуруу, аны ботон тилдердин арасында кемсинтпоо!
#313 25 October 2015 - 15:58
Ош окуясынан кийин таптак кыргызча суйлоп , аябай жумшак болуп калыштыле туугандар.Эми кайра мурунку калыптарына келип калышты кыргыздарга одурандашып.
Жакында бир 65.70деги кемпирге сатуучу тууган кыйкырып атыптыр , ошол жерден сабырым тугонду окшойт.Сатуучу тууганга не мындай мамиле кыласын , жакшына суйлобойсунбу улуу адамга дешиме туура келди.Карап туруп оз жерибизде басынтылып жатканыбызга зээним кейип кетет .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#314 09 November 2015 - 02:33
Мен чет жака чыгып, аяабай ичим ачышты баары өз тилинде сүйлөшот.(Мен каршы эмесмин башка тилди билгендерге)Бирок эки Кыргыз бириксе орусча сүйлошөт да Эмнеге???????777
#316 09 November 2015 - 10:34
Менин ойумча Орусча окуугандар Кр так ойун билдре албайт, алардын жан дуйносу Орусча болуп калган.
#317 09 November 2015 - 10:45
Чет жакта жүргөндөр мындай нерсеге көп кабылышса керек, мен түрктөрдүн өзүлөрүнүн тилинде сүйлөшкөнүгө суктандым. Бизде коомдук транспортто,
базарда, көчөдө баары орус тилинде сүйлөшөт, бул нерсе адамды кейитет.... Көчөлөрүбүздүн аталышы да орус тилинде, айта берсем көп экен. Ушулардын баарын кыргыз тилинде кылуу керек! Биз башка өлкөгө барсак, ошол өлкөнүн сүйлөгөн тилинде сүйлөйбүз, а бизде тескерисинче.
.. Бизге келген орус, кытай, немис ж.б. өзүлөрүнүн тилинде сүйлөтүп кетишет, өкүнүчтүү...
..
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#319 09 November 2015 - 12:50
отуруу,кутуу дегенди тушундуроттур аялдама.Бир агай сабак отуп жатып(АЧД сабагы эле) аял - дама деп мазактаган туура эмес которушат деп.
Senorita
#320 11 November 2015 - 20:10
Бардык улутта эле чет жактан келип калган сөздөрдү колдонуу кездешет. Өнүктүрөлү тилибизди деп которуп атышса да, туура эмес, дал келбейт деп жактырбайбыз.
Бир агайыбыз которгон эле кээ бир сөздөрдү. Процесс - жараян деп мисалы. Жараян колдонушканын учуратпадым.

Супер-Инфо
super.kg
видео