Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
"Азаттык"
радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди,
көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык"
радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.
Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу эле.
Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов буларды айтты:
- Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал "көлгө бир түшүп келейин" деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.
Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин,
2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген.
"Азаттык"
радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген.
"Азаттыктын"
2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "К" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда...
" баяны менен баш байгени утуп алган.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция"
) иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр,
түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.
Мансаптуулардын жер “бизнеси”
Ал өзгөчө бажы тармагындагы шектүү иштер, коррупциялык амалдар тууралуу бир катар материалдарды даярдаган.
Бажыдагы уурулук.
Бажыдагы миллиондор.
Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.
Уланбек Эгизбаев 2016-жылы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган.
2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.
Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял.
Уланбек Эгизбаев дагы бир тасма менен элдин эсинде калды. Журналист 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу "Жол" деп аталган тасма тарткан эле. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган.
Көп өтпөй “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылган.
"Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын да жеңген.
Азыркынын Дүйшөнү.
Уланбек Эгизбаев журналисттик негизги кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын ар дайым билдирип келгени менен айырмаланчу.
Ал адилетсиздикке,
мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес. Эмгекчилдиги,
кандан-бектен кайра тартпаган курчтугу менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу.
"Фейсбук"
баракчасындагы акыркы постунда да карапайым элдин көйгөйүн жазган экен.
"Скутердин 5 мүнөттүк ижара акысы 500 сом экен. Бул 15 миң сом айлыкка иштеген адамдын бир күндүк маңдай тери. Кымбат эмеспи?"
"Азаттыктын"
жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине,
жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаш болсо да кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп,
бай тилде сүйлөп, жазган таланттуу, абдан сабаттуу, мыкты кесиптешибизди жоготуу биз үчүн өтө оор кайгы.
Чыгаан кесиптешибизден айрылганыбызга ишенип-ишенбей,
кабыргабыз кайышып турат.
____________________________
Маалымат булагы башка сайт.
- (2 )
-
- 1
- 2
Чыгаан журналист жигитибиз каза тапты. Же саясаттын курмандыгы болдубу?!!
#2 23 July 2018 - 00:12
Кыргызстан учун куйуп жанган адамдарды жеп тугото берет экенбиз да. Жакындарына сабыр тилейм.
#4 23 July 2018 - 00:43
Сонку кабарга конул бурбай эле акчындап форумга кирип кеткен экенмин.... Кайра чыгып баратып окуп калдым. Нес болдум. Чындап оор тийди мага. Чындыкты чыркырата айткан, кыргыздын кыраан жигити эле. Азаттыктын башка журналисттеринен айырмаланып Кудайга болгон ишеними бар бала эле. Ээх... Жараткан ырайымына алып, бейишинен насип кылган болсун. Кош бол, Улан!!!
Туура эмес шекшип атсам Кудай озу кечирсин, бирок кырсыктады дегенге эч эле ишене албай турам. Канчалаган ууру миллионерлердин уурулугун ачты эле. Суу астына тартып кетпеди бекен суучул (водолаз) кейпин кийген киши олтургучтору. .. Оюм туура эмес болсо Жараткан озун кечире кор. Расмий версияга ишене албай турам..((
Болду бугун эч нерсе жазбайм.((

#5 23 July 2018 - 00:53
Бул кабарды окуп мен да коптун катарында "шок" болдум. Бул жигит "Азаттыкта"
курч макалалары менен элге таанылган, актуалдуу темаларда журналисттик иликтоо жургузуп, бийлик же коррупциялык топ элден жашырып келген ачуу чындыкты коомго ачык айдын жеткирип келген.
Колго 10 кунго эс алууга барып, кайтаар куну сууга чогуп кетти деп жатышат, ошончо кун сууга тушуп эл катары эс алып келген жигиттин акыркы куну сууга чогуп кеткени табышмак. Эл оозунда журналист жигиттин олумуно кимдир-бироолор себепкер болгон, ким бирооолор атайын олтурткон деген имиш имиштер айтылууда. Бул ишти ИИМ козомолго алды деп айтылганы менен ИИМге эч ким деле ишеним арткан жери жок.
Эмне болгон кундо да, келечектуу, копту умуттондургон журналист жигитибизден ажырап отурабыз. Окунучтуу албетте...

#6 23 July 2018 - 04:27
Туугандарына жубайына эле кыйын болду мыкты журналист эле мендагы окуп алып шок болдум жакшы адамдарды кудайым ушунтип эле алып кете берет экенда
#7 23 July 2018 - 11:10
Эхх айтаарга созум деле жок,ызага муунуп турам!биздин тойбостор эле бир нерсе кылып ийди окшойт!жаткан жери жайлуу болсун!Аллахым оз ырайымына алсын!
#8 24 July 2018 - 00:54
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, Аллахым билип билбей кылган куноолорун озу кечирсин. Кыныр иш кырк жылда билинет дечу эле, ачуу чындык бир куну билинет.
#9 24 July 2018 - 01:21
Билбегенге ааламдан бир КЫРГЫЗ кетти
Билгендерге ааламдан ЧЫНДЫК кетти.
Жанын жаннатан болсун!
Эх атаганат! Окунучтуу!
Кыргыз дагы бир мыкты уулунан айрылды.Мыкты азаматтардан четинен айрыла берсек,келечегибиз кандай болот билбейм.Деги качан онолор экенбиз.

#11 25 July 2018 - 01:17
Мындай жигиттер жуз жылда бир жаралат аттин арман озун менен кошо чындыкты алып кеттин мен сени менен тааныш болбосом дагы жакынымды жоготкондой кайгырдым.
#12 25 July 2018 - 09:47
Крим чойросундо бош конверттер "жашоочу эмес"дегенди тушундурсо,
бутунда тактар бар экендиги корунуп турса,бирок ИИМ сууга чогуу деп гана ишти жаап койсо....эхх жепжутарлар тойбодунарго 30 жылдан бери жеп!!!
ЖАРЫЛЫП ОЛГУЛО!
#13 27 July 2018 - 16:22
Корустон саткандар эле жасашты муну.
"Корустондогу коррупция" репортажын кечээ коруп, "ушул Максат Баялиевдин да канын ичишпесе болгону" деп ойлодум эле...
Досунун айткан создору интернет тармактарында журбойбу. "Роза Исаковна айткан экен. Улан, сен чет олкого эле чыгып кетишин керек" деп суйлогону эсимде калыптыр...

#14 27 July 2018 - 17:58
Уланды 2011 же 2012 жылдардан тарта эле билем. Ал кезде фб да катталган элем. КЫПКЫРГЫЗЧА деген тайпа бар (азыр деле). Ошол жакта көптөгөн талкуулар болучу. Билишимче, тайпаны негиздеген да ошол. Ошол жактан кыпкыргызча жазган көөп адамдарды көрүп сүйүнгөм. Азыр да ал тайпа "тирүү"
, бирок, мурдагыдай жандуу эмес, балким, мен күн-ара фб га кирбегенимден анча билбейттирмин.
Дегиңкиси, ошондо эле идиреги бар бала деп койгом. Кийин "Азаттыктын"
журналисти экенин билдим. Ара-чолодо тарткан сюжеттерин,
Нургазы тууралуу тартканын көрүп ичим жылыган. Кийинки тарткандарын көрүп, анын ичинен, айрыкча шайлоо убагында болсо керек талапкерлерди чакырып алар менен жүргүзгөн дебаттарды көрүп интернетте эле эмес, мындайда да кыпкыргызча "ташка тамга баскандай"
деп коёт го, ошондой так-так сүйлөгөнүн көрүп да баа бергем. Суроолорунун курчутугучу?
! Жанар Акаев бекеринен айткан жок да "Улан микрофонун көтөрүп Ак Үйгө киргенде саясатчылар кирерге эшик таппай калышчу!"
- деп. Албетте, буйтай алгыс суроолорду удаама-удаа берип атса кайсы саясатчы даай алмак эле?.
Жаңылыкты алгач укканда да ишене албадым. Азыркыга чейин де ишене албай кетем. Жакын адамыңдын көзү өткөндө ана-мына эшиктен кирип келчүдөй сезиле берет. Муну баарыңар эле билсеңер керек. Ошондой абал менде. Мен эле эмес миңдеген, жүз миңдеген адамдарда ушундай болушу керек, үй-бүлөсүн, жакын досторун, кесиптештерин айтпаганда. Мунун баары - Уландын тоодой эмгеги, эрдиги бар, ошонусу менен элдин жүрөгүнөн орун алганынан кабар берет...
Кош бол, элдин уулу!
Сендейлер аябай, аябай эле аз бизде..

> Mен эл менен <
#15 28 July 2018 - 10:36
Жаткан жери жайлуу болсун! Бул да болсо Аллахтын бешенесине жазганы, качып эч кайда бара албайбыз. Калган омурун келечекте тороло турган наристесине берсин Аллахым!
#16 28 July 2018 - 12:03
Сонку кабарга конул бурбай эле акчындап форумга кирип кеткен экенмин.... Кайра чыгып баратып окуп калдым. Нес болдум. Чындап оор тийди мага. Чындыкты чыркырата айткан, кыргыздын кыраан жигити эле. Азаттыктын башка журналисттеринен айырмаланып Кудайга болгон ишеними бар бала эле. Ээх... Жараткан ырайымына алып, бейишинен насип кылган болсун. Кош бол, Улан!!!
Туура эмес шекшип атсам Кудай озу кечирсин, бирок кырсыктады дегенге эч эле ишене албай турам. Канчалаган ууру миллионерлердин уурулугун ачты эле. Суу астына тартып кетпеди бекен суучул (водолаз) кейпин кийген киши олтургучтору. .. Оюм туура эмес болсо Жараткан озун кечире кор. Расмий версияга ишене албай турам..((
Болду бугун эч нерсе жазбайм.((
Туура эмес шекшип атсам Кудай озу кечирсин, бирок кырсыктады дегенге эч эле ишене албай турам. Канчалаган ууру миллионерлердин уурулугун ачты эле. Суу астына тартып кетпеди бекен суучул (водолаз) кейпин кийген киши олтургучтору. .. Оюм туура эмес болсо Жараткан озун кечире кор. Расмий версияга ишене албай турам..((
Болду бугун эч нерсе жазбайм.((
Уландын олуму боюнча "Азаттыктын" иликтоосун кордум. Видео козомолго тушуп калган кадрлар бар экен. Киши колдуу эмес, чындап эле кырсык болгондой таасир калтырды мага. Сууга да сузо алчу эмес экен.(( Кооптуу жерлерге эскертуу белгилерин коюп койбогон пансионат ээлеринин алешемдигинен келип чыккан кырсык десек болчудай экен...
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти.
#17 28 July 2018 - 12:20
Уландын олуму боюнча "Азаттыктын"
иликтоосун кордум. Видео козомолго тушуп калган кадрлар бар экен. Киши колдуу эмес, чындап эле кырсык болгондой таасир калтырды мага. Сууга да сузо алчу эмес экен.(( Кооптуу жерлерге эскертуу белгилерин коюп койбогон пансионат ээлеринин алешемдигинен келип чыккан кырсык десек болчудай экен...
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти.
. Жараткан бейишин насип кылган болсун.
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти.
+++ менда кырсык деп кабыл алдым. Мурда ишенбей аткам атайын буюртма деп.
#19 28 July 2018 - 15:45
Негизи акыйкат менен чындыктын атасы мындан 100 жыл илгери чыркырап олгон эмеспи ...Андан сон репереция болуп канчалаган чындыкты суйлоп эл жерге куйгон азаматтарыбыз ,терилип кеткен .....Андан сон Исках Раззакок ,Бекмамат Осмонов,Насирдин Исановдор эл учун куйуп суйлоп кете беришкен .....Эми болсо чындыкты суйлоп Уландай жапжаш жигиттерибиз кетип жатат ,кандай окунучту ((((.Бул нерсе качан токтойт качан акыйкат оз женишине жетет ,бул мен учун азыркы тапта ?????????жообу жок белгисиз бойдон ?!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#20 28 July 2018 - 16:19
Уландын олуму боюнча "Азаттыктын"
иликтоосун кордум. Видео козомолго тушуп калган кадрлар бар экен. Киши колдуу эмес, чындап эле кырсык болгондой таасир калтырды мага. Сууга да сузо алчу эмес экен.(( Кооптуу жерлерге эскертуу белгилерин коюп койбогон пансионат ээлеринин алешемдигинен келип чыккан кырсык десек болчудай экен...
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти.
. Жараткан бейишин насип кылган болсун.
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти.
Кутулбогон кырсык деп такыр кабылдай албадым!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео