Аракет кылса баарына жетишсе болот,айылда журсон деле жетишип кете бересин. Мен азыр 4 балам менен шаардамын,уйдо бардык шарттарым бар,эчкимден коз каранды эмесмин,атабыз абдан чон жардам берет,озубуздун удовольствия учун жашаганды уйрондук,эл козуно эмес,себеби кор тирилик,атаандашуу да коп энергияны,коп бактылуу мунотторду алып коет,ар бир аткан танды баалоону уйрондум,антпесе тирилик бутбогон нерсе экен,келиндер озубуздун ден соолугубузга да карайлы,балдарга бактылуу эне керек биринчи..Аялдын конулу ачык,энергияга бай болсо,айлвнасы да бактылуу болушат,аял дайыма чарчанкы,конулу суз болуп турса ,балдары толук кандуу бактылуу болуша албайт,биринчиден озубузду суйолу,куйоолорубуздон жакшы созубузду,балдарыбыздан мээримибизди,
кайын журттан сыйыбызды аябайлы..
Бала менен бардыгына кантип жетишсе болот?
#162 10 Ноябрь 2020 - 10:15
Эң негизгиси баланды биринчи орунга коюш керек. Үй жыйналат,чачыла берет. Балага туура тарбия бергенге жетишиш керек. Илгеркиии балдарымды ачка болсо дагы, ооруса деле ,кой келин деген ушундай экен деп жүрө бергенимди эстеп((((( тигини кылайын анан муну деп,өзуңөрдү дагы унутпагыла.
Үй жумуштарына жетишпей жатам деп эч эле кабатыр болбогула.
#163 05 Декабрь 2020 - 02:49
Аллага шугур ширин кызымдын биринчи куну. Шаааашпай таанышып атавыз тоонуда тонкоруп салчуудай энелерге данк
#164 10 Декабрь 2020 - 20:31
Кудайга шүгүр, чоңум мага жардамчы болуп калды. Мал карашат, оюнчуктарын жыйнайт, өзү кийинет, тамакты өзү жейт, карындашына да жегизет.
#165 30 Январь 2021 - 18:50
Ооууу бали бали азаматтар баарыңар кыйын тың экенсиңер.Мен эле сөөдүрөп эч нерсеге жетишпейт калат экен ууф.Ойлочумун балдар чоңойсо колум бираз да болсо бошоп калат ко деп.Кайдан тескерисинче туйшуктун устуно туйшук кошулат экен иии.Физически анан марально да чарчап калам.Эки үйдүн ортосунда эле калам талтайып.
#166 30 Январь 2021 - 19:26
Улгурбойм,жетишпейм,
но болушунчале кылам.
"Баарына улгуром мурдагыдай! "-дегенди мээмден чыгарып конудурдум озумду.Ошол.
"Баарына улгуром мурдагыдай! "-дегенди мээмден чыгарып конудурдум озумду.Ошол.
#167 02 Февраль 2021 - 21:31
Перейдите по ссылке, чтобы вступить в мою группу в WhatsApp: https://chat.whatsap.
..lJMa6NTbMZU9ISL
#168 04 Февраль 2021 - 01:25
Биринчимде жетишпейм деп журчумун. Экоо болгондо баарына жетишип эле,эс алганы да убакыт таап калдым. Балаиы бешике болоп,кызыма алаксытчу оюнчуктар же бир демке берип койсом,ошол учурда коп иштеримди бутуруп алам. Азыр балам да чоноюп калды,8ай болуп. Ходунокко салып да тамак аш кылып калдым. Эн негизгиси жакшы жардамчым бар,кайын синдим. Ошол балдарымы карашат кобунчо,азыр мектеп ачылып бир аз кыйналдык,энеси карайт кээде.
Айтор каалоо болсо баарына жетишсе болот экен,мурда шылтоолоп жургон экем. Бугун кылчу иштерими пландап алам,ошолордун баарына жетишкенге аракет кылам. Кыскасы жакшы келин,жакшы апа болгонго аракет кылып журобуз..

#169 06 Февраль 2021 - 23:48
Кайненем айтмакчы бечел чычкагым жок. Баарына жетишишим керек. Бүгүн ишимин баарын бүтүрүп малды камап келсем кайненемин подружкасы камырын көтөрүп келиптир тандырыңа нан жаап алайын деп. Макул деп отун саздап, тандырды агартып койдум десем мына бетине сүт, жакшына кылып жаап койчу дейт. Кечки 9га чейин нан жаптым анан фонарик менен.
#170 17 Февраль 2021 - 16:59
Тороттон кийинки стресске кабылгандар барбы ыя аранарда. Мен деги арылалбай койдумго. Кошумча кызымдын оорусу болуп. Денеси кызамыкка окшоп кызарып ысып чыгат туну. Кычышабы айтор ыйлап чыгат. Эртеси апасы кинодогу вампирлердей журотко чиркин. Айтор бала менен жетишимиш болуп атабыз. Ары карап ыйлап бери карап кулуп.
#171 18 Февраль 2021 - 23:56
Кыйын эле болот эки баламда тен чумом чыктыго. Авысыныма тын экен деп койдум эгиздерине витаминдерин кошо озу жасайт, озун укмуш карайт ушакада жетишет
#172 19 Февраль 2021 - 08:08
Кайненем айтмакчы бечел чычкагым жок. Баарына жетишишим керек. Бүгүн ишимин баарын бүтүрүп малды камап келсем кайненемин подружкасы камырын көтөрүп келиптир тандырыңа нан жаап алайын деп. Макул деп отун саздап, тандырды агартып койдум десем мына бетине сүт, жакшына кылып жаап койчу дейт. Кечки 9га чейин нан жаптым анан фонарик менен.
Ар ким өзү менен болсо а.Мен жапмак эмесмин.Анан да баарына жетишүүгө милдеттүү да эмесмин.Тирилик өлгөндө бүтөт.Ээ, билбейм.Мен кайнене менен жашабаганга чоң сүйлөп жатамбы же?!
#173 22 Февраль 2021 - 16:23

Келинге малынан бери табыштаган кайын-журтка опшум таң калам эй!
Ар ким өзү менен болсо а.Мен жапмак эмесмин.Анан да баарына жетишүүгө милдеттүү да эмесмин.Тирилик өлгөндө бүтөт.Ээ, билбейм.Мен кайнене менен жашабаганга чоң сүйлөп жатамбы же?!
+
Туура айтасың, адам өзүн-өзү сыйлабаса башка бирөө сыйлайбы? Кайнене менен жашаган күндө да кичине келинде өзү үчүн убакыт болуусу керек, антип кошунанын нанынан бери жаппай.
Мен ушул Айзиректин билдирүүсүн окусам эле оюма бөлө эжем келе берет...
В каждой шутке есть доля правды...
#174 17 Апрель 2021 - 15:26
Жетишпей чарчап баратамбы деймда акыркы убактарда. Нервный болуп калгандаймын
#175 08 Май 2021 - 21:56
Аракет кылса баарына жетишсе болот,айылда журсон деле жетишип кете бересин. Мен азыр 4 балам менен шаардамын,уйдо бардык шарттарым бар,эчкимден коз каранды эмесмин,атабыз абдан чон жардам берет,озубуздун удовольствия учун жашаганды уйрондук,эл козуно эмес,себеби кор тирилик,атаандашуу да коп энергияны,коп бактылуу мунотторду алып коет,ар бир аткан танды баалоону уйрондум,антпесе тирилик бутбогон нерсе экен,келиндер озубуздун ден соолугубузга да карайлы,балдарга бактылуу эне керек биринчи..Аялдын конулу ачык,энергияга бай болсо,айлвнасы да бактылуу болушат,аял дайыма чарчанкы,конулу суз болуп турса ,балдары толук кандуу бактылуу болуша албайт,биринчиден озубузду суйолу,куйоолорубуздон жакшы созубузду,балдарыбыздан мээримибизди,
кайын журттан сыйыбызды аябайлы..
Кандай жакшы! Биз качан ошол кундорго жетээр экенбиз. Биз эл эмне дейт деп жашайбыз,кайненем элден аябай коркот. А бизде башка арга жок.
#176 10 Май 2021 - 23:06
Баарына жетишем, аялдын болгон ишин тык тык кылып коем Алхамдулиллах.
Бирок! Кайненем создон соз чыгып, урушуп,сени эми мен аябаймын,барып сарайдагы боктордун баарын огородко ташып тогуп ,туготосун деди. Барсам ,почти жарым метр когоруп чирип кеткен кык турат . Алым жетпеди. Ачууланып ыйладым . Жуунуп тазаланып,эмне учун мен кылышым кк деп озумо суроо бердим. Дагы урушканда,"
Эркектин ишин эркек кылсын,а мен сарай ишин кылганга милдеттуу эмесмин,ансыз да 2кызым мн пытырап баарына улгургону аракет кылам "-дедим. Тилине тебиртке чыккыр,элдин келиндери жер тээп,мал карап эле журушот деди эле, мен элдин келини деп жашабаймын,
укугуму ,милдетими ото жакшы билем"-дедим.
Келиндин туйшугу бездельник адамдарга кыпындай корунбойт экен, ошол учун уктаганда уктап, иш кылганда орду мн иш кылыш кк ,аял назик,ал кыйын иштепди жасаганга жаралган эмес деген ой келди . Оз ордубузду билели .
#177 14 Июнь 2021 - 23:54
Мен дагы "баарына жетишкенге милдеттүү эмесмин" деп өзүмдү-өзүм алаксытып кою-уууп жүрөм кайын журтка келгенден бери)). Айылда не көп, иш көп. Жүзүн бүтүрсөң миңи чыгат. Кумурска эмеспиз го өзүбүздөн жүз эсе көп оор жүк көтөрө алгыдай, алыбыздын жетишинче иш кылабыз. Эл эмне дейт деп жашасаң, лучше жашабайле коюш керек болот)). Кылсаң да, кылбасаң да баары өзүң үчүн, эл ар балекетти сүйлөй берет.
А если честно, мен иш деле кылбайм... Балдардан бошобойм. Бирин уктатсаң экинчиси ойгонот. Астын тазалап, сооротуп, курсагын тойгузуп ушул айлампада жүрүп эле болуп көрбөгөндөй чарчап калам..
А если честно, мен иш деле кылбайм... Балдардан бошобойм. Бирин уктатсаң экинчиси ойгонот. Астын тазалап, сооротуп, курсагын тойгузуп ушул айлампада жүрүп эле болуп көрбөгөндөй чарчап калам..
В каждой шутке есть доля правды...
#178 15 Июнь 2021 - 08:49
Баары бир жакпайбыз балдарга кобуроок конул бургула. Ач ток калса деле ыйласа деле ишибиз бутсун деген менен эн кереги бизге бала го. Бала болбосо ошол кылган иштердин кереги не...
#179 15 Июнь 2021 - 11:09
Ушунчалыгына шугур деп отурам, убагында кечке жудоп жетишкенге аракет кылат элем, азыр кыздарым бар кыйла колум узарып калды, бири бала караса, бири идиш-аякты жууп дегендей. Анан айылда тирилик бутпойт, бирин кылсан экинчиси чыга берет кечке

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия