СЕЗИМ ЖАНА МЕЗГИЛ
Тизмектелген күндөрдүн дагы бири башталып, көр тирилик жанданды. Апам айтмакчы, бала кезимден Жараткандан тиешелүү ырыскымды алууга эрте турганга ашыгам. "Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос" деген жагымдуу маанай жараткан ыр саптары менен коштолгон музыка мени таң эрте алтыда ойготуп келгенине көп болду. Бүгүн да баягы эле сандар менен байланышкан жумушум менен алекмин. Жумуш… Кээде отуруп адамдардын (өзүм дагы) акчанын кулу болуп баратканына өкүнүп кетем. Кай жумушка кирбе, канчалык кесибиңди сүйбө, баары келип каржы маселесине такалат… Эсимде, бала кезимде котормочу болгум келген. Көп өтпөй доктур, мугалим... Ошентип, мектепти бүткөнчө көп кесипке токтолгом. Акыры минтип эч оюма келбеген эсепчи болуп отурам.
Мен иштеген ишкананын түптөлгөнүнө көп жыл болгон, жыйырма жылдай тарыхы бар. Эң негизгиси, жумуш ордубузда жагымдуу атмосфера. Ошол жагымдуу атмосфераны мен тымызын сүйгөн Мезгил түзөт. Өзү да, ысымы да керемет… Мезгил менен азыркы жумушума жаңы кирерде кокусунан таанышкам. Жарнамадан алган дарек боюнча ишкананын кичи райондордо жайгашкан бөлүмүнө жөнөдүм. Маршруткадан түшүп, даректи таба албай кайсалактап туруп калдым. “Жаздын күнү жаш баладай” демекчи, эми эле чаңкайып турган күндүн бетин булут каптап, чагылган чартылдап, жамгыр төгүп кирди. Элеңдеп чоочун райондо жүргөнүмдү билгизе бир тогуз кабат үйдүн дубалына жаандан калкалана берип, экөөбүз сүзүшө кеттик.
– Ой, абайлаңыз.
Мезгил мени карап жылмайып, тайгалана береримде колумдан тарта дубал жакка ыктай берди.
– Рахмат.
Өзүмдү оолак кармай, не дээримди билбей туруп калдым. Сумкамды ийиниме аса, суу болгон көкүлүмдү оңдоп, негедир денемди бир жылуулук аралап, толкундана түштүм. Маңдайымда жыйырма беш-отуз чамасындагы,
шыңга бойлуу, олбурлуу келген мырзанын дубалдын кичине жаан тийбеген бөлүгүнө калкаланып турганы саамга күлкүлүү көрүнүп кетти. Ууртумдан жылмайып, арыраакта жазылып турган мен издеген даректи көрөрүм менен “макул анда, мен барайын” деген тейде чуркап кеттим. Жолдун аркы өйүзүнө ары-бери агылган унаалардан өтө албай, кийимдерим бүт суу болду. Чуркаганга энтигип калдым. Кеңсенин каалгасын тартсам, бек. Жиним келди. Жанатан бери издеп жүрүп араң тапсам, эми минтип жабык.
– Ким керек сизге?
Колуна ачкычтарын кармай жанагы мырза келип калды.
– Чуркабай токтой турсаң, чогуу келмек экенбиз. Барар жерибиз бир жер турбайбы. Кечээ иш боюнча келмекчи болгон Алия го дейм...
Эшикти ача бермекчи болуп мага суроолуу карады.
– Ооба, бош орун бар дегениңиздерден улам келгем. Кеңсеңерди таба албай, минтип жаанга да калдым.
– Ичкери кир, менин атым – Мезгил. Бир аз күтө тур. Директор менеджер кызга тапшырып кеткен,- деп ичкери жакты көрсөттү.
Сыртынан жупуну көрүнгөнү менен, офистин ичи заманбап жасалгаланып,
ар бир жумушчуга ыңгайлуудай сезилди. Бир азга тунжурап, ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Мага сөз сүйлөбөсө да, негедир кыңылдап жайдары. Кофе даярдап, кабинеттин дал ортосунда турган стол жакка мени чакырды.
– Тартынбай аралаш. Бул мекемеге кош келипсиң!
Менин иштерим бар эле, иштей берейин.
– Рахмат…
Ал иш столуна үңүлө тиктеп, калем сабы менен бир нерселерди блокнотко жазууда. Ичимден Мезгил деген ысымды миң ирет кайталап жаттым. Айтор, мен жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан башкача бир жылуу сезимге сыйбай бараттым. Мезгилди караган боюнча катып калганмынбы,
анын өктөм үнү мени катуу селт эттирди.
– Алия, кофени ысык ичсеңчи, жазгы суук жандан өтөт болуп, эртең ооруп калба!
Колундагы калем сабын ары-бери ойноктото, жаагын таяна терезени телмире тиктеп, кайра мени жалт карады. Көздөр көзгө бир саамга чагылыша түштү. Бирок ал сыр алдырбай өз ишине киришти. А мен ошол күндөн тарта Мезгилди тымызын жактырып келем. Жок, жаңылышам, сүйүп келем...
****
Таң эрте жумушка “кыздар, кыздар, кызгалдактар” деп обон созо жадырап Мезгил кирип келери менен биздин кыздарда жандануу башталат. Мындай көрүнүштү мен жумушка жаңы орношкон күнү эле байкадым. Кайсы эле кыз Мезгилдей болгон азаматка ашык болбосун? Анын үстүнө мен келгенден аз өтпөй директор болуп калды. Негизи, шайыр эле жан элем, акыркы күндөрү көп сүйлөбөй, түнт болуп бараткансыйм.
Курбуларым менен деле байланышым үзүлүп баратат. Интернет деген курбу таап алгандаймын.
Ушинтип таң эрте элден биринчи келем да, иш башталгыча ой басып отура берем. Буга сүйүү себеп болуп жатпайбы. Мезгилдин карааны көрүнөрү менен кадимкидей денем жылуулукка оронуп, көздөрүм күлмүңдөй түшөт. Ал болсо эч нерсени байкамаксан,
билмексен. Иш аралыгында чогуу кофе же чай ичип, жанында баар алышканыма эле топук кылып келем. Бүгүн да жумушка келерим менен кофе ичип, интернетке кирдим.
– Оо, Алия, неге мынча эрте келдиң? Мезгил кабинетке кирип, таң калганын жашырган жок.
– Саламатсызбы!
Мен дайыма эле эрте келем. Адатым десем жаңылышпайм.
Эрте келгениме эрдемсине жооп кайтардым. Портфелин менин столума коюп, азыркы жайдары жүзү сумсайыңкы тарта мага тигилди.
– Мага кайдан билинсин, эрте келгениң, өзүм баарыңардан кеч келип жатсам. Болду, жакшылап иштеш керек. Болгону ушул уйкучулугумдан арыла албай келем. Тээ түн бир оокумга чейин жүрө берем да, эртең менен уйку таттуу болуп, ширини артып кетет. Бүгүн айылдан апам келип, таттуу уйкумду апамдын таттуу кептери жеңип, эрте тургузду. Анын үстүнө менин уктаганымды көрсө, апам кайгырабы дедим, “дагы деле баламдын уйкучулугу кала элек экен” деп. Апам ушунчалык баарын жүрөгүнө жакын кабыл алган киши... Эртең апам кетсе, кайра эле баягы көрүнүш го...
– Анда сизди ойготуп турушум керек экен...
Тамаша-чыны аралаш айткан кебимди аягына чыкпай токтоп калдым. Сырттан топурап кирип келген кызматкерлерди көргөн Мезгил ордунан тура иш бөлмөсүнө кирип кетти. Кызматкерлердин жүзүнөн “Күн каяктан чыгат?” дегендей таң калуу айтышпаса да байкалып турду. Ар ким өз иши менен алек болуп, иш күнү кызуу абалда. Кулагыма наушникти салып алып музыка ыргагында иштеп отургам. Жаныма Кымбат эже басып келди.
– Алия, директорго кирип чыкчы, сени чакырып жатат,- деп колума отчётту карматты.
– Сени чакырганын уккан жоксуңбу? Кулагыңдагы наушникти алсаң боло...- дегенинен эжеден уяла ордумдан турдум. Мезгилдин суранычы менен анын кабинетине кирип, кайра ыйлап жибере турган абалда чыкканымды көргөн кызматкерлер чочуп кетишти...
Бирок бирөө бирдеме десе эле жарылайын деп турган каректеримдеги мөлтүрөгөн жаштарды байкашса да, эч кимиси мага даап не болгонун сурай алышпады. Кымбат эже гана ордунан тура калып алдымды тосо чыкты. Сыягы, "отчёттун дагы эмнеси туура болбой калды..." деген кабатырлануу менен менин чыгышымды күтүп тургандай.
– Баары жакшы, эже, отчёттон кам санабаңыз...
Тилим күрмөөгө келбей, айтканым ушул эки сөз болду. Кулагыма Мезгилдин “үйлөнүү тоюмду өткөргөнгө жардам керек, эгер оорчулук жаратпаса, апама кол кабыш кылып, жардам берсең жакшы болор эле” деген кептери жаңырып, жан дүйнөм сыздап турду. Аба жетпей, теңселе басып ордума араң жеттим. Заманам тарып турду. Демек, Мезгилдин сүйгөнү бар. Анын сүйүктүүсү болууга мен татыксызмынбы?
Мен бактымдан кечиктимби?
Ак сүйүүм жоопсуз калабы? Деги койчу, түркүн суроолор мени ар тараптан кыстап баратты. Өзүмө өзүм батпай, кагаздарды бир орундан экинчи орунга алмаштырып,
столумдун үстүн шыпылдата жыйнап кирдим. Бул абалым менен бүгүн иштей албасымды түшүнүп, сумкамды кармай эч кимге эч нерсе айтпастан кеңседен кетүүгө ашыктым.
Жолго чыгып, биринчи эле келе жаткан маршруткага отурдум. Эң артына өтүп, ыңгайлуу жайгашып, кайда барарым белгисиз кете бердим. Жол боюнан ээрчишкен жаштарды көргөн сайын көзүмөн жаш агып, мурдумду шуу тарта, жашоомо нааразы болгонум күчөп баратты.
– Чоң кыз, сага телефон чалып жатышат...
Жанымда отурган бейтааныш жигит үн катты. Маршруткада эч ким жоктой сезилген, көрсө, катарымда бир жүргүнчү бар экен. Жанатан терезени тиктей жүзүмдү ыйга чайып келгенимди байкаган эмес окшойт.
– Сага эмне болду?
– Мен аны жоготтум...
Мас кишиче жигитке кыска гана жооп бердим.
– Кызык... Кимди жоготтуң?
Жооп ордуна жактырбаган көз караш менен жекире бир карадым окшойт, “койдум, койдум” дегендей үн катпай, берген суроосу жоопсуз калды.
– Алло!
– Алло, Алия, кайда кетип калдың?
Бул мени издөө салган Мезгил болчу.
– Мен... иштер менен чыктым эле...
– Айтып кетсең жакшы болмок. Жардам бергенге макулмун дегениңден апам менен жолуктурсамбы дегем. Баары шашылыш болгону жатат. Апам эртең айылга кетет. Сага тойго керектүү нерселерди тизмектеп таштап кетсе, базардан алып коёр белең?
Саамга тунжурай түштүм.
– Алия, эмне унчукпайсың?
Бир керекке жарап, колдон келген жардамыңды берип кой эми. Сени деле нааразы кылбайм...
– Ооба, ооба...
"Жок" деп айтууга дитим барбады. Бая өзүнө чакырганда атасы жок экенин, апасы шаардын четиндеги айылда турарын жана жалгыз эжекеси жаңы төрөгөнүн, ал эми үйлөнүү той жакынкы бир жуманын ичинде болууга тийиш экенин айткан. Мындай чечимди ал бир нече мүнөт мурун гана чечкенин да кошумчалаган болчу.
– Анда, Алия, бир сааттын ичинде биздин үйгө келе аласыңбы?
– Үйүңүзгөбү?
– Ооба, апама айткам, сени тойго камылга көргөнгө жардам берет деп. Анын үстүнө апам менен болочок келинин тааныштырайын дегем. Сен да таанышасың.
Кафеге баралы десем, апам болбойт, үйдө эле болом деп.
Кулагым чурулдап, трубканы басып салдым. Кайра коңгуроо келди.
– Неге коюп койдуң? Биздин даректи смс менен жиберем. Бат эле табасың, “Бета-Сторестин” жанындагы көп кабаттуу үйлөрдө.
Мезгил "айтчумду айттым" дегендей байланышты үзүп койду. Маршрутка акыркы аялдамасына келип калыптыр. Кайра шаардын тиги башынан шаардын чок ортосуна кетүүчү унаага түштүм. Жол бою “жардам берем дедимби, эми аягына чыгарышым керек. Ал мага ушунчалык ишенип жатса, а менин андан качканым туура эмес да. Же жумуштан чыгып, куйругумду биротоло үзүп кетсемби? "Жок, Алия, сен андай кадамга бара албайсың. Анткени сен аны сүйөсүң. Аны ойлоп уйкусуз атырган таңдарыңды унуттуңбу? Керек болсо ал үчүн гана жүрөгүң согуп калганын кантип танасың? Бар, сүйүүңдү билдир да, ары же бери бол" деп бир туюмум шыбыраса, экинчи туюмум "баары өтөт, убакыт баарын дарылайт. Сен өз теңиңди табасың, сөзсүз түрдө бактылуу болосуң" деп өз ойлорум менен өзүм алышып келдим.
Мезгил айтмакчы, жазылган дарек менен үйүн бат эле таптым. Көрсөтүлгөн батирдин коңгуроосун басып көпкө туруп калдым. Бир топто барып эшик ачылып, 60-65 курактардагы Мезгилдин апасы көрүндү. Эшик ачылары менен жаңы бышып жаткан боорсоктун жыты мурдумду өрдөп кетти. Таң эртеден бери бир кофеден башка наар албай ашказаным кулдурай түшкөнүн эми баамдадым. Апа мени башымдан ылдый сыдыра карап, жүзүнөн кубанып турганы билинип турду.
– Кел, келе гой... Мезгил сени келет дегенинен “чый-пый” кыла калайын деп...
Колумдан кармай, чоп эткизе чекемен сүйдү. Бах, чиркин! Ушундай бир жакшы көрүү менен, мээрим менен өпкөнүн сездим.
– Мен Мезгилдин...
"Мен Мезгилдин коллегасы болом" деп таанышкыча кайран киши күйпөлөктөй ашканага жүгүрдү. Күрмөмдү илип, апанын артынан кирдим.
– Бойдок деген бойдок экен. Бул Мезгилдин үйдөн тамак жебей калганына көп болгон окшойт... Ашказанын да оорутуп алыптыр.
"Эне байкуш баласына түйшөлүп жүрүп өтөт го" деген ой келди. Апам деле менин ар бир ишиме кайгырсам кайгырып, кубансам кубанып келет.
– Кай жердин кызы болосуң, айланайын? "Жылдыздуудан түңүлбө" дегендей, маңдайың жарык экен, кызым. Ушул Мезгилим бир өзгөчө жан да. Минтип экөөбүздү өздөрү аялдарча таанышсын дегени го, сени жалгыз жиберип. Бир аз мурун телефондон сүйлөшкөндө неге айтпадыэкен,
кагылайыным.
Аңгыча эшик ачылып, колуна гүл көтөргөн Мезгил, ага удаа бою узун, кудум модель кыздардай болгон татына кыз кирди. Модель кыздардай дейм да. Кудум эле модель кыз Асел экен...
- (2 )
-
- 1
- 2
Сезим жана Мезгил. Автору;Мээрим Жабуева
#3 30 September 2015 - 22:10
Шашкеде менин келеримди апам күтпөсө керек.
– Болуптур анда, бүгүн чалым менен кеңешип, эртең жообун беребиз,- деп телефондун трубкасын коюп, өңүмдүн кубарып, кабагымдын салыңкы экенин байкаган апам чочуп кетти.
– Кызым, деги жайчылыкпы? Жумушуң не болду?
– Апа, башым ооруп жатат. Кичине жатып эс алайынчы...
– Алтын эжең чалып, эже-жездеси сага куда түшүп келишерин кабарлады. Атаң келсе кеңешип, макул десекпи?
– Апа...
– Эмне, апа? Жашың деле келип калды. Элдин сендей кыздары экиден балалуу болушту.
Ушул мүнөттө апам менен ичимдеги, жан дүйнөмдөгү болуп жаткан бугум менен бөлүшкүм келди.
Түшүнөм, апам бардык энелер сындуу менин бактылуу болушумду тилеп, энелик жүрөгүндө үй-бүлөлүк очогумдун, коломтомдун эртерээк пайдубалы түптөлүп, бекемделишин чын дилден каалайт. А бирок ошол аруу тилектерге Мезгил менен жетишимди каалап, самап турганымды кайдан билсин? Озунуп кеп баштаганга үлгүрбөдүм. Кыраакы апам менин кабагымдан баарын байкап калды окшойт, колдон тарта диванга отургузуп, суракка ала баштады.
– Ушуга дейре жигит жандаганыңды көрбөдүм. Жигитиң жокпу?
Апамдын кабыргасынан коюлган суроосуна "жигитим жок, бирок мен аябай ашык болуп жүргөн адамым бар" деп айтууга эрким жетпеди. Башымды чайкап гана туруп бердим.
– Атаң келгиче эне-баладай болуп сүйлөшүп, чечишип алалы. Алтын эжең деле сени жаман жерге кыя койбойт. "Бала бутуна туруп калган, иштеген иши, жашаган үйү бар, зыңгыраган жигит. Ата-энеси да жакшы, алар менен бир дасторкондон далай даам сызып калганбыз. Абдан жөнөкөй, мартабаларына чиренбеген, түшүнүктүү адамдар. Менимче, уулу аларды тартса, жаман адам эмес" дейт.
– Жаман эмес болсо, жаман эмес... Таанышып көрөйүн...
Мисирейген тейде, апамдын көңүлүн ооруткум келбей кыска жооп бердим. Апамдын жанатан кабатырланган кабагы жайдарылана чөнтөк телефонун алып бөлмөдөн чыгып кетти. Көп өтпөй апам курбусу Алтын эжеге менин макул болгонумду айтканы эшик артынан даана угулуп жатты. Диванга чалкалай, уйкум келбесе да көздөрүмдү бекем жумуп, узунуман түшүп сулк жата бердим. Тасма сымал көз алдыма Мезгил менен Асел тартылып, бири-бирине куп жарашкан эки жаштын бактысына тоскоол болбошум керек экенин сезгеним менен, Мезгилге болгон сезимим жалбырттап, бүгүнкү болуп өткөн күн өңүм эмес, түшүм болуп калышын каалап турдум.
***
Таң эрте Мезгилдин үйүнө жөнөдүм. Жаздын таңкы сыдырым жели ичиркентип, күндүн бүгүн суугураак болорунан кабар бергенсийт. Бир далайга жөө басканга эки бетим албырып, салкын желди тоготор түрүм жок. Бат-баттан басып келгенге энтигип калдым. Биз аз демимди басып, эшиктин коңгуроосун кактым. Көп күттүрбөстөн Батма апа эшик ачып, жылуу тосуп алды.
– Ой, кызым, эрте келипсиң. Шашылбай деле койсоң болмок...
Батма апа адатынча кызыл алжапкычын белине байлап, дагы эле колунда кол аарчы кармап ашканада бир нерсе жасап жаткандай.
– "Бүгүн айылга кетем" дегениңизди угуп туруп, кайсы убакта кетериңизди да сурап албапмын. Эрте кетип калсаңыз, керек-жарактардын тизмесин албай каламбы деп келдим. Анын үстүнө апам эрте турганга кичинебизден көндүрүп койгон.
– Кайра жакшы, экөөбүз таңкы насипти бир татабыз дегендей, кел, кире гой.
Залдагы кичине стол бүгүн ашкананын ортосунан орун алып, аппак дасторкон салыныптыр. Үстүндө чиймеленген ак барак. Сыягы, тизме эбак жазылган окшойт.
– Айылга барбай калдым. Биротоло камынып алып кетпесем, үлгүрчүдөй эмеспиз. Туугандарга чалып, "бизде да жакшылык болгон жатат" деп ал-абалыбызды айтып, түшүндүргөнгө аракет кылдым. Мына бул ала турчу оокаттардын тизмеси.
Колума баракты карматты.
– Апа, той кайда болот?
– Айылда маркум абышка өз колу менен салган заңгыраган, 5 бөлмөлүү үй бар. Жалгыз уулумдун алгачкы жакшылыгы болуп жаткандан кийин ошол жакта эле дүңгүрөгөн той беребиз, буюрса. Байкуш абышкам, жаны жаннаттан жай алсын, ушул уул-кызынын жакшылыгын көрбөстөн, оору менен алпурушуп жүрүп кете бербедиби... Дарт деген жаман экен, акыры ажалга моюн сундурду.
Батма апа көзүнүн кычыктарына толгон жашын аарчыса, таң калып, ыңгайсыз абалга тушуктум. Мага Мезгилдин апасы күчтүү аялзатындай сезилген, көрсө, кудум апамдай жашык адам турбайбы.
– А киши көрбөгөн жакшылыктарды сиз көрүңүз, ыйлабаңызчы. ..
– Ыйлабайм, кызым, болдум. Кичине эреркеп кетем ушинтип...
Экөөбүз чайга отуруп, апа абышкасы тууралуу ушундай бир берилүү менен эскерип отурду. А мен ашкананын эшигинен аркы бөлмөдөн Мезгил качан чыга калат деп күтүп жаттым. Келгениме жарым саатча убакыт болгонуна карабай сүйүктүүмдүн караанын өз үйүнөн кездештире албадым. Кызык, Мезгил кайда? Уктап жатабы? Бирок ал айтпады беле “апам үйдө болгондо эрте турганга аракет кылам” деп. Мүмкүн, ишке кетип калгандыр? Жок, жумушка эң эрте дегенде сегизге келчү эле, мен үйүнө жети жарымда келдим, андай болушу мүмкүн эмес. Таптым... Ал Асел менен бирге болду. Мм, демек...
– Алия, эмнени ойлонуп калдың?
– Апа, Мезгил кайда?
Кайра апага суроолуу тигилдим.
– Таң эрте “тигиниси” чалып, ичим дегенинен ооруканага алып барышым керек деп кеткен.
– Кимиси? Аселдиби? Эмне ал?..
Батма апа көңүлсүз башын ийкегиледи.
– Ооба, кош бойлуу экен. Ошол себептен тойду чукул арада кылууга туура келди. Болбосо күркүрөгөн күздө той берет элек. Каатчылык баштан көп өткөнгөбү, үзүмчүлүк жазда болгонунан улам жазды башынан эле жактыра бербейм.
– Кандайча, кандайча боюнда болот?
– Эми эркек деген алды-артын карабай, кээде дене кумарына азгырылып калат. Мезгил айтканда мен да катуу чочудум. Балам “апа, Асел экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. Эч нерседен кабатырланбаңыз” деп санаамды тынчытып, андан көрө тойго жакшылап даярдануумду өтүндү. Баарынан кызыгы, кечээ мен сени ойлопмун, Мезгилимдин болочок келинчеги деп. "Үй-бүлө кургуча эки кат болуп жатса, кандай кыз?" деген санааркоо менен чочулап турсам, сен кирип келдиң. Маңдайың жарык, жылдыздуу жан турбайсыңбы, айланайын. Сени карап алып эле ичим жылып, кубанып жатсам, тастаңдатып тигинисин ээрчитип кирип келсе болобу? Оозума келмем келип, абдаарый түшкөнүмдү элес алган жок окшойсуңар?
– Жок, мен... мен байкабадым.
Ичимден “оо, Кудай, ошол сиз айткандай, Аселдин ордунда Мезгилдин болочок жубайы мен болуп калсам кана?!” деп жан дүйнөм Жаратканга жалбарып турду.
– Баарынан да сен кеткенден кийинки чырды айтпай эле коёюн.
Батма апанын Аселди жактырбаганы билинип, кош бойлуулугунун айынан гана Мезгил экөөнүн баш кошуусуна макул болуп тургандай элес калтырды.
– Мезгилим менин жүрөгүм оорубасын дедиби, мага азырынча сыр бербей эле. Бирок эне кургурдун жүрөгү баарын айттырбай сезерин уулум аңдабайт окшойт. Сыртынан билинбегени менен, көздөрүнүн түпкүрүнөн кандайдыр бир тынчсызданууну көрүүгө болот. Бул көрүнүштү кечээ Асел экөөнүн урушунан кийин байкап калдым...
Батма апа муңайым тарта, кечээ мен кеткенден кийин Асел Мезгилди менден кызганып чыр салганын айтып, бир саамга өз ою менен алек болуп отуруп калды.
– Түшүнбөстүктөр жаштардын ортосунда боло берет эмеспи, бара-бара жакшы түшүнүшүп кетишер...
"Мен кимге акыл айтып жатам?" деген ийменүү менен калган кебимди улантпастан тык басылдым.
– Ооба, аның чын... Кеттикпи, кызым, эрте күндү кеч кылбай тойдун камын көрөлү.
Чай ичип болуп, базарга ээрчише жөнөдүк. Сөзмөр адам менен күндүн кандай өткөнү билинбейт эмеспи. Бирде жашоого нааразылана, бирде кубана Батма апа экөөбүздүн ээрчишип бассак да, унаага түшсөк да сөзүбүз аягына чыкпай, күндүн кандай өткөнүн байкабай калдык. Тизме боюнча баарын алганга үлгүрдүк. Болочок келини купулуна толбой турганына карабай “уулумдун сезимин сыйлайм” деген Батма апа аруу тилеги менен Аселге аппак жоолук, бир сыйра кийимди жаш балача кудуңдап, маңдайы жарыла сүйүнүп алып жатканын көрүп, “бала үчүн эне баарына даяр” деген кептин төркүнүнө бүгүн дагы бир ирет ынандым.
Биз короонун алдына келип таксиден түшөрүбүз менен арыраакта турган унаасынан Мезгил көрүндү. Шамдагай басып, демейдегидей жайдары.
– Менин апам алтын киши...
Орто бойлуу, чүкөдөй апасын бооруна кыса бетинен өөп, колун суна мени менен учурашып, ыраазычылыгын билдирди.
– Алия, алдын ала рахмат!
– Айланайын, базарда эмне каякта сатыларын бүт билет экен. Эрте күндү кеч кылбай, бүгүн баарын алып жайгардык. Мындан ун, май, шекер калды. Аны өзүң барып дүңүнөн алып келерсиң.
Батма апа жоолугун оңдой орундукка көчүк басты.
– “Ээ, карылык деген кашаң ат” деген ушул, чарчап, жаным жер тартып турганын карачы. Кичине тыныгып алайын, анан өйдө көтөрүлөлү.
Мезгил баштыктарды ташып бүтүп, мени үйгө жеткирип коймой болду. Батма апа чоң эрдик жасаганымдан бетер ары бассам алкап, бери бассам мактайт. Мезгил мени карап тымызын жылмайгандан башка эч нерсе дебеди. Мен болсо аны тиктеп, жанатан апасы айткандай көздөрүнөн санааркоону деле байкай албадым.
Шаардын тиги башынан биз жакка баруу бир саатка жакын убакытты алат. Жолдо жумуш тууралуу сүйлөшүп бараттык. Далай ирет сөзүн бөлө “Мен сени сүйөм!” деп айткым келди. Бирок оозумду таптап барып токтоп калып жаттым. "Качан той тууралуу кеп баштайт?" дегеним менен, баарлашуунун нугун ишке буруп, бүгүнкү болгон жыйналышта кандай маселелер талкууланганынан кеп салды. Бир кезде чөнтөк телефону шыңгырап, телефондогу “Кайда баратасың?” деген айымдын суроосуна “Алияны жеткирип” деген кыска жооп берип, мостоё түштү. Мезгилге катарлаш отургандыктан, мага телефонунан жаңырып угулуп жатты.
– Аны жеткиргидей ал ким сага? Экөөң соо эмессиң!
– Асел, эмне деп дөөдүрөп жатасың? Алияны үйүнө таштап, сага барам, шашпай сүйлөшөбүз.
– Алияңдын бетин тытам! Билеби менин боюмда бар экенин?! Эмне эле сага уйгактай жабышып жатат же анын да боюнда барбы?!
– Асел дейм!
Мага Аселдин сүйлөгөнү угулуп жатканын сезип, Мезгил трубканы койгончо шашты.
– Алия, уккан жоксуң, ээ? Суранам, уксаң да укмаксан болуп койчу, ал кызганып, ачууга алдырып, эмне деп сүйлөгөнүн билбей калды. Азыр барып Асел менен сүйлөшөм...
– Мени таксиге салып жибериңиз, үйгө чейин аз эле калды. Эртерээк барып тынчтандырбасаңыз, аябай ачууланганы билинип турат... Анын үстүнө, апаңыздын айтымында, эртең менен ичи ооруп ооруканага кетишти деди эле...
– Эй...
Кандайдыр бир көңүл коштук менен Мезгил башын чайкай, ачууланганын ылдамдыктан чыгара унаасынын жүрүшүн катуулатты. Ансайын Аселдин жинине тийип, улам келген коңгуроону албастан басып коёт. Алайын деп, бирок менден жазганган сындуу.
– Алып жооп бериңиз да...
Артыбыздан ак түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаа алдыбызды торой өттү. Аз жерден эки унаа кагылыша кете жаздады. Мезгил унааны тааныйт окшойт, жолдон обочо чыга берип токтоору менен Мерседестен Асел атырылып чыгып, унаанын мен тарабына келип эшикти шарт ачты. Ушундай бир күч менен эшикти булкуп ачты, "Арык чырай келген бул кызда мынча күч кайдан?" деген суроо жаралбай койбоду.
– Түш! Койкоюп астына отуруп алганын деле кой!
Кашты серпе, колумдан тарта унаадан алып чыкты. Чачты төбөгө байлап, спорттук кийим кийип урушканга даярданып келгендей түрү бар. Кызганыч жаман дарт окшобойбу, өңү кубарып мени жеп ийчүдөй түр менен жекире карады.
– Ии, экөөбүз ачык чечишип алалычы. Мезгилдин боло турган аялы менби же сенби?
Оозума келген эки сөз ушул болду:
– Сен, албетте.
Билегимди мыкчып кармап алган экен, ооруп кетти. Болгон күчүмдү жыйнап, булкуп тартып алдым да, жиним келгенинен өзүмдү кармана албай кыйкырып жибердим.
– Сен кимсиң мага кыйкыргандай? Тарт колуңду! Унчукпай койсо, мени ким деп ойлоп жатасың? Силердин бактыңарга жолтоо болгон эч ким жок.
– Алия туура айтат... Асел, сен өтө кызганчаак болуп кеттиң. Билесиң, Алия экөөбүз коллегабыз. Менин өтүнүчүм боюнча апама тойго камданууга жардам берип жатат. Кечээ жакшылап түшүнүшпөдүк беле. Кечээ болуп өткөн окуяны кайра кайталоонун кажети бар беле? Экөөбүздү кой, ичиңдеги баланы ойло, көп жинденбе, ага таасири тиет...
Мезгилдин токтоолугуна аябай баа бердим. Акырын тирешип турган экөөбүздүн ортобузду бөлө Аселдин колундагы унаасынын ачкычын алганга аракет кылды.
– Билем коллега экениңерди, билем! Алияң сени сүйүп-күйүп жүргөнүн да билем! Ал аз келгенсип, бул шуркуяң апаңдын да башын айлантууга өттү. Анткени билет сен апаңдын сөзүн эки кылбаарыңды. ..- деп кыйкырып жатты.
Шуркуя... "Ириген ооздон чириген сөз чыгат" деген ушул. Мезгил кандай бат кыймылдады билбейм, Аселди шуу эткизе жаактан ары бир чапты. Андан ары кулагым чурулдап, "угар сөзүм ушул беле..." деген ойдо эмне дээримди билбей эс-мас абалга тушугуп, көздөрүмдөн жашым тамчылап туруп калдым. Сүйгөн адамымдын алдында шуркуя атка конгонума ызаланып ыйлап жаттым...
– Мезгил... Сен, сен... кантип... кантип мага кол көтөрдүң? Кантип колуң барды?..- мукактанган Асел эки колу менен бетин басып ыйлап кирди.
– Сен кимсиң мындай сөздөрдү айткандай?! Бир нерсени сүйлөөрдөн мурун ойлонуш керек!- деп Мезгил ачуусу менен жооп берди.
– Ойлонуш керек, ойлонуш керек... Сенин акыл айткан сөздөрүңдөн тажадым! Качан сен мени кандай болсом, ошондой сүйгөнгө өтөсүң? Менден дагы ушул Алия артыкпы? Ушунчаңда ачыгын айт!- деп ызырына сүйлөп жатты Асел.
Ал менин жүрөгүм кандай канталап ооруп турганын жашка толгон көздөрүмдөн, жаш чайыган жүзүмдөн деле байкамаксан боло, араздашууну уланта берчүдөй. “Алия, мен Мезгилсиз жашай албайм. Ал үчүн моделдик карьерамды садага чаап, төрөгөнгө да макул болуп турам. Суранам, биздин бактыбызга тоскоол болбочу!” деп Мезгилден жаакка жегенине да кайыл болуп, менин бутума чөгөлөгөнгө чейин барды. “Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура алмак белем? Мезгил менен Аселдин мындан аркы жашоосуна эч аралашпайм! ” Дал ушинтип сыртка чыгарып айта албасам да, жан дүйнөмдө өзүмө сөз бердим.
– Элдин баары бизди карап жатышат. Жүрү, калган кепти үйдөн сүйлөшөбүз, - деп Мезгил Аселди тургузуп, алып кетүүгө шашылды.
Мезгил Аселдин кызганганын эч бир түшүнө албай, улам-улам менден кечирим сурап жиберди. Аселди унаасына салып, берки машинаны четке жылдырып убараланып жатканын карап тура бердим. Үн катпай жүрөгүмдүн ээси менен коштошуп турдум. “Бактылуу бол, Мезгилим... Бактылуу болсоң экен!” деп ичимден кайталап жаттым.

#4 30 September 2015 - 22:11
Машинанын карааны узаганын байкабай, турган ордумда катыган бойдон шолоктоп, Аселдин мени каралап айткан "шуркуя"
деген сөзүнөн мурун, сүйүүмдүн туулбай жатып туна чөккөнүнө, Жараткан менин бактыма, тагдырыма Мезгилди жазбаганына арданып ыйлай бердим. Жол боюнда жашка бетим чайып турганым деле эч кимге байкалбады окшойт. Мени менен эч кимдин иши болбоду. “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” деген ушул тура. Тигине, Мезгил өз сүйгөнүн алып бул жерден кеткенче ашыкты. А мен ушул кезде өзүмдү эч кимге кереги жок адамдай сезип кеттим.
Оюм онго бөлүнүп канча турганымды билбейм. Колума чөнтөк телефонумду тырышып кармап турган экем, өзүмө келип, сумкамды таппай калдым. Сумкам бая Асел мени унаадан тартып чыкканда Мезгилдин унаасында кала бериптир. Эми эмне кылам? Чалып Мезгилге алып келип бер десемби? Жок. Анда ого бетер отко май тамызган болом го... Эптеп үйгө жетермин.
Көчөдөн тааныштар чыгып калабы деген ой менен мага тааныш жүздөрдү издей баштадым. Же чөнтөгүмдө бир тыйын болсочу. Таксини кой, маршруткага түшкөнгө акчам жок эле. Мындайда Бишкекте бир таанышың калбай калгандай элес калтырат экен. Аргасыздан 216-маршруткага түшүп, айдоочудан Ак-Өргөөгө чейин ала кетүүсүн сурандым. Ага түшүндүрүүнүн деле кажети жок болчу, “сенин көздөрүңдөн баарын билип турам” дегендей унчукпастан башын ийкеди. Маршруткада жай музыка жаңырып, ар ким өз ою менен алек. “Сезим мени азапка салды, кыйнады, сыздатты...” деп радиодо ырдап жаткан жигит кудум менин абалымды ырга айланткандай туюлду. Ансайын жүрөгүм сыгылып, же катуу ыйлап жибере албай, же жардам сурап кайрыла албай терезени тиктеп кете бердим.
– Рахмат, сизге,- айдоочуга чын дилден ыраазычылыгымды билдире үйгө жеткенде эшиктин алдындагы аялдамадан түшүп калдым.
Белгиленген күнү той болду. Мен сөзүмө туруп, тойго катышпадым. Буга дейре сезимимде "Мезгил менен бир болом" деген аруу максаттар менен жашап келсем, эми ал үйлөнгөнү жашоо кызыксыз болуп калды. Ишкананын башкы бөлүмүнө барып мөөнөтсүз иштен бошотушумду суранып, колуман келишинче Мезгил менен Аселден алыстаганга аракет кылдым. Мезгил сумкамды жолугуп берейин дегенинде да кездешүүдөн качып, инимден алдыртууга туура келди. Өңдөн азып, күн алыс башым ооруп калганынан апам “турмушка чык десем, капа болуп ооруп калдың окшойт. Кебимди кайра алам. Кудай буйруган күнү бактың күтүп жаткандыр, сени мен күйөөгө чык деп мажбурлабайм” деп өзүн күнөөлүү сезип, жайыма койду. А менин сүйүүдөн ооруп жатканымды ким билмек да, ким сезмек...
Айланамдан Мезгилге окшош адам издейм. Кээде ага чалып, жок дегенде коңур үнүн уккум келет. Ой басып кыйналып кеттим. Арадан убакыт өтүп, баары ордуна келгенсиди, бирок жайдары күнүм жокко эсе. Кабагымды кара булут каптагандай, маанайым салыңкы. Менин сырдашым – "Фейсбуктагы" баракчам, курбум радио болуп бараткансыйт.
Атамдын 50 жаш юбилейин өткөрүүгө "Дасмия" ресторанын сүйлөшүү үчүн баргам. Администраторду күтүп отуруп капысынан Мезгилди жолуктурдум. Ошол күнү экөөбүз бирге түштөндүк. Негедир тымызын сүйүп жүргөнүмдү билип алгандай. Аны тик кароодон айбыгып көздөрүмдү ала качып, биринчи жолу жолугушуп жаткансып сүрдөп жаттым.
– Апам тоюбузда сени улам-улам сурап, акыры иштин төркүнүн түшүндү окшойт, унчукпай калды. Канча убакыт өтсө да, сени алкап келет. Баса, сен такыр кат-кабарыңды билдирбей кеттиң го. Тойго камылга көрсөткөнүң үчүн мен сага карызмын. Мүмкүн, акчалай жардам керектир?
– Рахмат, мага эч нерсенин кереги жок...
– Андай болбойт. Эркек деген убадага бек болот. Мен сага убада бергем, сени ыраазы кылам деп. Айтканымды аткарам.
– Эрк сизде...
Ортодо тынчтык тунжурап, Мезгил бир топко ой басып ойлоно түштү.
– Билесиңби, ушу шаардын ызы-чуусунан тажап кеттим. Сен туура маалда жумуштан кетип калыпсың, шефти түрмөгө камап, иш козгоп салышты. Күндө сурак, иштегенге дагы мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Өткөндө сени да сурап келишкенде тергөөчү менен сүйлөшүп, "аны жайына койгула" деп жайгарганга аракет кылгам. Чындап келгенде сенин алар кылган былыктарга тиешең жок. Сен тазасың.
Мезгил ишеничтүү айтты.
– Мен укпапмын, Дастан Алымовичти камап коюштубу?
– Ооба. Бул иш тууралуу массалык маалымат каражаттарына маалымат кеткен жок, бирок аябай жешкен имиш. Ишти карап жаткан кызматкерлердин арасында таанышым бар эле, дагы тизмеде көп киши бар дейт. Кудай деп коюп жүрөбүз. Сактыкта кордук жок, мурдагы кагаздарыңдын сенде көчүрмөлөрү болсо, бир сыйра карап, дайындап, тактап кой.
Бир ирет эки жума ишкананын башкы бөлүмүндө убактылуу иштеп турганымда мени да чоңдор иле кетишпеди бекен деген санааркоо оюма келе калды:
– Баягы башкы бөлүмдө убактылуу иштеп турганымда эле аралашпасам, мен биздин бөлүмдүн гана эсеп-чотуна жооп берчүмүн. Кудай сактасын...
– Айтпа, бирок ак болгон соң, коркуп, санааркоонун кереги жок. Мен мурдагы Мезгилге кайта албай жүргөн учурум. Себебин өзүм да билбейм. Ушу тапта баарынан тажап, тоо арасын, гүлдүү талаа айдыңын, тоо этегин бойлой жайгашкан айылымды сагынып турам. Көптөн бери иш деп жүрүп, барганга мүмкүнчүлүк боло бербеди.
– Кандайча, тойдун астында Батма апа атаңыз салган үйгө той беребиз дегендей кылды эле го?
– Үйлөнүү тоюбуз шаарда эле болду. Асел баргысы келбеди...
– Каап, апа аябай тилек кылып жаткан. Мен силердин үйдү эчак көз алдыма апаңыздын айтуусу менен элестетип алгам. Атаңыздын колунан баары келген уста болгондуктан, баарын өз колу менен жасап, жыгач-таш менен кооздоп чыккан дейт го.
– Алия, жүрү биздин айылды, биздин үйдү көрсөтүп келем...- деп жылмайып менин жообумду күтүп калды.
– Буюрса, өз жолу менен барабыз...
Үй-бүлөлүк турмушун, Асел тууралуу эч кеп козгободу. Бул арада балалуу дагы болуп калышы керек эле. Өзү айтпагандан кийин сурагым деле келген жок. Тамактанып болуп, экөөбүз эки жолго түштүк. Коштошуп жатып Мезгилдин бетимден сүйүшү мага күтүүсүз болду. Менден өткөн бактылуу киши жок болуп, бетиме кызыл жүгүрүп, жүзүм жайдарылана түштү. Тээ алыстан бүлбүл от көрүнүп, жашагым келип калды, жашагым!
Таң эрте туруп, дал ушундай маанай менен көптөн бери ойгоно элегимди байкадым. Терезени ачып, жашыл жамынган айланага суктанып, кубанычым чексиз... Корообуздагы эки түп сирендин жыты бөлмөнүн ичин каптап, ансайын сезимимди кытыгылайт. Арыраакта бүрдөп турган бактар, көлдөлөң сымал жер бетин каптай өскөн жашыл чөп тегерекке куп жарашып, көңүл сергитет.
Үйдөгүлөрдү ойготмокко радионун үнүн чоңойтуп койдум. Бир заматта тынч турган үй ичинде музыка жаңырып, баарыбыз таңкы тамакка отурдук. Күндүн узарышы менен таңкы тамакка баарыбыз чогуу отурган адатыбыз башталганына көп болгон. Бирок мен кошулгум келчү эмес. Бүгүн менин баарынан эрте туруп, чай коюп, шатыра-шатман болуп жүргөнүмө ата-энемдин жана бир туугандарымдын сүйүнүп жатканы кантип мага сезилбей койсун. Ары-бери бассам артымдан жаңсай мени көрсөтүшө кубанып тургандарын көрүп, бир топ убакыт жеке сезимимдин айынан жакын адамдарымды убайымга салганыма өзүмдү жемелей, экинчи эмоциямды сыртка чыгарбоого аракет кылышым керек экенин түшүнүп турдум.
Маңдайым жарылып сүйүнүп жатканымдын себеби бар. Мезгил бүгүн мени жолугушууга чакырган. Неге жолугушалы дегенин, кандай максатта кездешкиси келгенин, жолукчу жерди айтканда, такып сурагым келген жок. Чындап келгенде мага да анын эмне максатта жолугушууга чакырганы кызык... Бирок мен үчүн ушу тапта анын карааны жана жылуу кептери табылгыс дары болуп турган. "Сүйүүнүн көзү сокур" демекчи, анын үй-бүлөлүү экенин эсиме алып, ортодогу чек катары көргүм келбеди. Мүмкүн, Кудайга жакпас кадамга барып жаткандырмын, айтор, мындан ары өз бактым үчүн күрөшүүгө бел байлоону чечтим.
Бойго жеткени келбетимде көпчүлүк кыздар сындуу кейий турган кемчилигим деле жок. Орто бойлуу, арык чырай келген тулку боюм, апама түспөлдөшүп кеткен бакырайган көздөрүм, атамдыкындай кырдач мурунум жана бойтойгон эриндерим баары мага идеалдуудай сезилет. Ага карабай бүгүн өзгөчө бир сулуу болууга ашыгып, күзгү алдында көпкө турдум. Улам бир көйнөгүмдү кийип, кандай кийинип барсам деген ой менен убараланып, акыры кызыл роза гүлдөрү бар тизеден келген тик жакалуу кара көйнөгүмдү тандап алдым. Байкасам Мезгил үйлөнгөнү кадимкидей өңдөн азып, жаак эттерим ичке кирип, арыктай түшкөндөймүн. Эч нерсе эмес, баары мен каалагандай болот...
Болжошкон жерге бир саат эрте барып алдым. Жүрөгүм опкоолжуп, кайдадыр алып учат. Мына, Мезгилим келе жатат... Эчак аны мендик кылып ээлеп алгам. Мындай чечкиндүүлүк мурда кай жагымда жүргөнүн билбей, алдын утурлай бастым. Буга дейре мындай сапат болгондо, кыз намысым коё бергенде, эбак ары же бери болот элем го. Жок, бул ирет мен тайманбай, бир келген жашоодо өз бактым үчүн салгылашам.
(...уландысы бар...)

#5 30 September 2015 - 22:21
– Кандай, Алия? Күттүрүп койдумбу?
Колумдан аяр кармай бетимден сүйдү. Мен эле эмес, ал деле кандайдыр бир даярдык менен келгени көрүнүп турат. Демейдегиден башкача, көйнөгүнүн дагы өңү күлгүн жашыл түстө болуп, костюмуна куп жарашып калыптыр. Мезгилдин машинасына түшүп, Совет көчөсү менен Түштүк магистраль жакка жөнөдүк. Кепти эмнеден баштаарыбызды билбей, бири-бирибизди карап тымызын жылмайып, унаанын күзгүсү аркылуу көз караштар менен арбашып бараттык. “Ала-Тоо” ресторанына жеткенче Мезгил бир нерсеге нааразылангандай түр көрсөтө, арткы орундукта отурган мени күзгүдөн карап башын чайкап:
– Ай, ай, Алия,- деп шуу үшкү¬рүндү.
Заманбап жасалгаланган, замандын талабына жооп берген аталган ресторандын атын гана укканым болбосо, биринчи ирет босогосун атташым. Мезгил алдын ала эки кишилик столду элден далдоо жерге даярдатып коюптур. Орун алып, тамак келгенче ширеден ууртай Мезгил ресторан тууралуу айтып отурду. Чындап келгенде анын тарыхы кулагымдын сыртынан кетип, кептин нугу анын жеке турмушу тарапка уланса экен деп каалап жаттым. Бир кезде чочугансып эмне шарап ичеримди сурады. 28 жашка чыккыча ичимдик ичпегем десем ашыкча калп айтып калган болом. Уялбастан "коньяк ичели" деген сунуш киргиздим.
– Ичимдиктерден экөөбүздүн табитибиз бир экен. Канча башка шараптардын даамын татпайын, коньякка жетпейт. Ден соолугума жагабы, айтор, эртеси эч жерим оорубайт.
– Көп деле ичпейм. Сизге өнөктөш болуп, ууртап-татып отурууга неге болбосун?
– Ошо, корпоративдик кечелерде, туулган күндөрдө деле сенин ичкениңди байкабапмын. ..
Мезгил официанттан бизге коньяк калып келүүсүн өтүндү. Алгач дасторконго ресторандын жеке фирмалык тамагын алып келишти. Кыргыз менен европа ашканасынан айкалыштырып даярдалган тамак өтө даамдуу экен. Тамшанып жеп, коньяктан ууртай өткөн-кеткендерди кеп кылып отурдук. Акыры чыдамым кете, ичимдеги жүз грамм коньяк да себеп болдубу, сурак алып жаткан тергөөчүдөн бетер “Асел кайда?” деп көздөрүнө тигилдим. Ушул кечте Мезгилим жана анын жеке турмушу тууралуу баарын айкын билгим келди. Сыягы, менин кыска суроом ага жетиштүү болду окшойт. “Сен даярсыңбы, бардык чындыкты укканга?” деп кеп баштады.
– Асел менен болгон мамилемдин башаты башынан кыйшык башталган. Өткөн жылдын аягында достор болуп чогулдук. Ичтик, жедик, жыргадык. Илим деген досумдун стилист болуп иштегенинен кабарың бар болсо керек. Өзү менен бирге койкойгон модель кыздарды ээрчите келиптир. Кыздардын татыналыгында, саркечтиктеринде сөз жок эле. Топ кыздардын арасынан Аселге көзүм түштү. Жашым 30дан ооп калса да, бир көрүп сүйүү деген болоруна ишенбеген жан элем. Аселди көргөн мүнөттөн тарта досторума ал мендик болорун айтып, ошол кечте анын көңүлүн өзүмө бурдурууга аракет кылдым. Мастык болдубу же мен эркектикке салдымбы, айтор, ошол отуруштун эртеси ал экөөбүз бир төшөктөн таңды тостук. Чектен аша ичилген ичимдиктен башым зыңылдап ооруп, жанымда жаткан Аселди көрүп эсиме келе түшкөндөй болдум. Канчалык ага деген жылуу сезимдерим болуп турса да, негедир никеге чейин катнашка барганыбыз жакпай турду. Чынын айтсам, Асел менен олуттуу мамиле куруп, апамдын астына жүзү жарык келин алып баруум керек эле. Бирок мен сүйгөн кыз үйлөнгүчө эле койнумда жатканына даяр эмес элем. "Бир көрүшүп эле төшөккө жатканыбыз экөөбүздүн тең жеңил ойлуулугубуздан кабар береби?" деген суроо бир ай бою мени кыйнап жүрдү.
Мезгил жанатан бери чылым чекпей отурган. Чөнтөгүнөн алып чыккан чылымын тутантып, сөзүн улады:
– Алия, сүйүү деген баарына кайыл кылып коёт экен. Өзүң күбө болгондой, Аселге болгон сүйүүм акыр аягы аны менен баш кошууга алып келди. Сүйүүдөн көзүм тунарып, анын кандай гана кылыктарына чыдадым. Бир гана апам менен келише албай, алтындай энекемди кор тутканына чыдай албадым. Аялга болгон махабаттан да энеңе болгон урматың баарын жеңип кетет тура. Апакеме көрсөткөн кыял-жоругун, кылган кылыктарын мен айтпай эле коёюн, сен укпай эле кой.
Эгер Мезгилдин айткандары чын болсо, ушу тапта апасына абдан оор болуп турганын, ал үйлөнөрдө кандай кудуңдап тойго даярдык көрүп жүргөнүн эстеп Батма апага чындап боорум ооруп турду.
– Мүмкүн, менден да күнөө кеткендир. "Сенин досторуң менен кантип эс алганыңды билем, кайда жүрдүң?" деп ал кызганат, "сен да куру калган эмессиң" деп мен кызганам. Аягы барып бири-бирибизди кызганганга өттүк. Эби жок кызгануунун арты, албетте, жаңжал менен бүтөт. Жаман сөздөр, көңүл кирдеткен уруштар улана берди. Үйлөнгөнгө чейин, баш кошкондон кийинки кызганычтарды, апама байланыштуу пикир келишпестиктерди ооздуктоого ортобуздагы наристе да данакер болуп бере албады. Себеби үйлөнгөндөн аз убакыт өтпөй Аселге толук алданганымды түшүндүм...
– Алия, мен сага жан дүйнөмдүн жанчылганын сөз менен айтып бере албай турам. Асел агынан жарылып башка бир адамдан боюнда болуп калганын, ал болсо үй-бүлөлүү адам болгондуктан, баш тартып койгондо кылтагына мен илингенимди, а мен кургурдун көзүнө эч нерсе көрүнбөй, сүйүү айланамды сыйкырлап койгонун айтканда канымдан жаралган тун уулум деп алдейлеп колума көтөрүп турган баланы жерге таштап жибере жаздадым. Жер астын-үстүн болгон сыңары кулактарым чурулдап, денем кыймылдоого чамасы келбей, оозум кургап чыкты. Ооба, ага чейин "баарын убакыт ордуна коёт, эң негизгиси, экөөбүздүн махабатыбыз баарын жеңет" деп өзүмдү-өзүм сооротуп келсем, ошол мүнөттөн тарта биздин жашообуздун уланышын, бактылуу үй-бүлө болорубузду элестете албадым. Сүйүүм менин жек көрүүгө айланды...
Мезгил дилинде буркан-шаркан түшүп, кыйналып келген буктарын ушул кечте толук ачыкка чыгарып, оор жүктү ийининен алып салгандай болду.
Оо, Кудай, менин гана жоопсуз сүйүүнүн курчоосунан чыга албай, күнү-түнү эс-дартымды сүйгөнүмдүн элеси ээлеп, сезим кулу болуп келгеним жетишет эле го. Ал аз келгенсип, сүйүктүүмдүн да бактысыз махабаттын курмандыгы болгондугу зээнимди кейитип баратты. Мезгилимди жалооруй тиктеп, Жараткандан "Кайда болбойлу, бактылуу бололучу?! " деп бар үнүм менен бакырып сурангым келди.
Мезгил менен бирге отурганга сүйүнүчтүн жашыбы же азап тарткан арзуумду ачыкка чыгара албай жаткан капалыктын тамчысыбы, айтор, каректерим жашка толуп, жүзүмдү жаш чайып жатты.
– Ой, сага эмне болду, ыйлабачы?.. Мезгил чөнтөгүндөгү бет аарчысын мага сунуп, тамашалай:
– Күзгү болсо берет элем, өзүңдү көрүп алып коркуп кетмексиң,- деп мени алаксытканга аракет кылды.
– Айтыңызчы, мен ушунчалык эле мокочомунбу?
Анын тамашалаганын билип турсам да, кудум кыз жигитине эркелегендей бултуюп, мурчуя түштүм.
– Жок, Алия, сен сулуусуң, сен ажарлуусуң, сен назиксиң...
Сүйгөн адамың “сүйөм” деп сезимин ачыкка чыгарып билдирбесе да, анын сага карата кылган мамилеси, тек гана жакшы сөздөрү баарын айгинелеп калат окшобойбу. Негедир бири-бирибизди айттырбай эле, эки жүрөк бир бүтүндүктү каалап турганын экөөбүз тең сезип турдук. Махабатка суусап турганыбызды көздөрүбүздөн билип турдук...

#6 30 September 2015 - 22:25
"Жакшы тилек – жарым ырыс" демекчи, Жараткандан жакшы гана нерселерди бассам-турсам тилеп, Мезгилдин караанына жалынып келем. Аз убакыттын ичинде баштапкы Алия кайра жаралгандай болду. Жаңы жумушка орношуп, баары ойдогудай. Эми менин ысыгыма күйүп, суугума тоңо турган сезимимдин падышасы – Мезгилим бар. Жолуккан сайын "көп убакытты текке кетирдим, көрсө, сүйүүм жанымда эле айланчыктап жүргөн тура" дегенинен тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө катуу өкүнөрүн байкап калам. Эч нерсе эмес, ийгиликтин эрте-кечи жок го...
Саат беш жарымды көрсөтөрү менен калдастап жумуштан чыкканча шашам. Мына, менин сүйүктүүм. Мезгилим... Ал телефон менен сүйлөшүп жатыптыр. Акырын артынан барып эки колум менен көзүн басып калдым.
– Апа, Алия экөөбүз барып калабыз...
– Бул жигит Алиянын уруксаты жок кайда барган жатат?
Телефонун чөнтөгүнө салып, колдорумду акырын аяр кармап бурулду да, мага күлүмсүрөй:
– Батма апаң менен тааныштырайын да.
– Таанышпыз го...
– Эми менин келинчегим болот деп тааныштырам, байкуш апамдын жүрөгү токтоп калбаса экен... Билесиң го, ал сени абдан жакшы көрөт. Жүрү, кеттик.
Мезгилди катуу сүйгөнүмдү ушундан билиңиз, жок деп айтууга оозум барбады. Керек болсо мага сарсанаа боло турган ата-энемди ойлогон дагы, капарыма алган дагы жокмун. Машинага отургандан кийин, тескерисинче, Мезгил мага эскертти.
– Алиш, үйдөгүлөргө айтып коёсуңбу, кечирээк барсаң издеп калышпасын.
Кайра Мезгилден уялып кеттим. Чөнтөк телефонумду алып, апамдын номерин тере баштадым. Көп күттүрүп барып телефондун трубкасын иним алды.
– Каку, апама берчи трубканы...
– Апам башым деп, жаңы эле уктагандай болду. Андан көрө эртерээк кел, кечки тамак жасаганга.
– Мм... анан... дары бердиңби, мен бир аз кармалып жатам, кечирээк барам.
– Кызыксың го, апам башым деп жатса, атам билсе...
Инимдин сөзүн аягына чыгарбай, кудум мени кармап калчудан бетер телефондун трубкасын койгончо шаштым.
Мезгилдин айылын алыс экен деп ойлогом, бара келгенде жакын сезиле түштү. Кебибиз түгөнбөй божурашып барып келгенгеби, айтор, жолдун узактыгы мага анча билинбеди. Чоң-Арыктан өтүп шаарга келгенде саатты карайын деп чөнтөк телефонумду карасам өчүрүлүп калыптыр. Ий, апам баятан бери чалып жатса керек, эмне эле тынч болуп калды дейм...
Саат туптуура түнкү он эки болуптур. Телефонду жандырарым менен биринин артынан бири чууруй смстер келе баштады. Бери дегенде эле отуз жолу чалган го. Апам гана эмес, атамдын дагы чалганын көрдүм. Иним, сиңдим, деги биздин үйдө мага чалбаган киши калбаптыр. Деги тынччылык болсо экен. Үйгө жеткенче 20 мүнөт бир кылымга тете болуп, атамдын чалганынан абдан коркуп турдум. Ооба, атам абдан баласаак, бирок тартипке талабы катуу киши.
– Болуптур, Алия, сен дарбазадан кирип кеткиче мен тигиндей барып карап турам.Жакшы жатып, түшүңдө мени көр...
Мезгил менен коштошуп, дарбазанын эшигин ачып, ууру мышыкчасынан кирерим менен атам менен апам тосуп чыгышты. Атамдын ушунчалык каарданганын биринчи көрүшүм.
– Мына кызыңа берген тарбияң! Башында жети түндө келет, бара-бара таң атырып келет. Баары майдадан башталат. Сүйлөшкөн жигити катын кетирген бала болсо... Анан сенин башың оорубаганда менин башым ооруйбу?!
Атам апамды ушундай жеп жиберчүдөй карады. Байкуш апам күчүн менден чыгара тилдегенге өттү. Канчалык атам апамды жекирип турса дагы, апам ага сөз тийгиси келбей:
– Ай, кайда жүрөсүң? Сени ойлой берип атаң экөөбүздүн башыбызга кан куюлуп кете жаздады. "Эненин ою балада, баланын ою талаада" деген ушул...
Азыр ачууланган атам менен апамдын каарынан унчукпай гана кутулушум керек болчу. Билем, менин кылганым туура эмес, бирок сүйүү кургурду кантебиз? Баарын айтсамбы? Мүмкүн, түшүнүшөт... Жо-ок, атам жокто четин чыгарып апама айтайын. Анын үстүнө Батма апа жана айтты го, "силер баш кошор күн алыс эмес" деп. Шашпай турайынчы.
Өз оюм менен алек болуп, башымды шылкыйта туруп бердим. Сыягы, атам бир нерсеге катуу ачуулангандай. Мүмкүн, жумушунда маселелер болуп жаткан чыгар... Атамдын үйгө кирип баратып айткан сөзү жүрөгүмдү селт эттирди.
– Жылдыз, кызың жанагы катын кетирген бала менен болгон мамилесин үзсүн, бирге болом деп ойлобой эле койсун.
– Мезгилгеби, неге?
Сүйлөп жибергенимди өзүм да байкабай калдым. Атам артка бурулуп, тапчан жакка мени жаңсай чакырды. Апам ата-кыз ортосунда сый калсын дедиби, "Нервиңди сактачы, эми эле кызың ал балага тие калчудай болбой. Караңгы түндө кыйкырып жатканыңды кошуналар укса эмне дешет?" деп атамдын жанына катарлаш көчүк басты. "Сөз сенде" дегендей мени күтүп калышты.
– Ооба, Мезгил менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөбүз...
– Демек, болор иш болуп, сүйлөшүп жатыпсыңар. Эгер чындап ал баланын көңүлү болсо, кийинки жуманын ишемби күнү ата-энеси менен үйгө келип, биздин астыбыздан өтүшсүн.
– Атасы жок.
– Атасы жок болсо, апасы, тууган-уругу бар чыгар. Болду, сөз бүттү.
– Ата...
Кепти андан ары улантып кете албадым. Апам башын чайкап "ашык сөздүн кереги жок" дегендей белги берди. Ушу атам дагы кызык. Мүнөзүн түшүнүп болбойт. Байкуш апам сүйгөн үчүн баарына чыдап жашап келе жатса керек. Махабаттын балына малынгандан бери баарын түшүнүп калбадымбы. Мезгил бейпил түн каалап телефон чалары менен ага атамдын айткан сөзүн айта албадым. "Мени качан аласың? Кийинки жумада атам силерди күтөт, келгиле" деп кантип догурунмак элем?
– Мезгил, сени үйдөгүлөр менен тааныштырбасам болбойт окшойт. Кандай дейсиң?
– Айылга барып келе калып эле жакшы ой таба калыпсың го, Алиш... Сиз дебей сенге да өтүп кеттиң?
– Апеей... Анда “сиз” деп жүрөйүн.
– Тамаша... Тамашалап маанайың көтөрөйүн деп жатпаймынбы.
– Чын эле үйдөгүлөр менен таанышкың келбей элеби?
– Жо-ок, кичине тартынгансып турам.
– Ой, тим эле... Мен ошентсем жарашмак...
– Качан деген турасың?
– Кааласаң эртең деле.
– Болуптур, эртең апамды кафеде боло турган тойго алып барып коёюн. Ал жактан чыгып, саат жетилерге барып калсам болобу?
– Албетте.
– А сага эмне ала барайын?
– Мага өзүң белексиң да.
– Сен дагы коёнегим.
– Эртең ишемби, мен го кеч турам. Сен уктап эс ал.
– Макул, жакшы жатып, мени түш көр. Алиш, мен сени сүйөм!
– Мен да сени! Жакшы кал... Мезгилим менин!
Азыр эле атамдын урушканы эсимден чыгып, денемде бакыт гормондору ашып-ташып мен өзүмө сыйбай бараттым. Мезгилимдин элесин элестеткен бойдон кыял чабытында термеле, магдырап уйкунун кучагына кандайча кошулганымды аңдабай калдым.
****
Атам демейдегиден жумуштан эрте келип, эшик астындагы гүлдөрдү сугарып, короо-жайды бир сыйра жыйнап чыкты. Гүлдөрдү караганынан эле маанайы жайдары экенин билип коём. Инилерим атама жардам беришип, жалгыз Мезгилди чоң конок келчүдөн бетер күтүп жатышты. Ашканада апам, сиңдим үчөөбүз дасторкон ажарын ачканга даярданып жүрөбүз.
– Ээ, кызым, эркек жөн жерден аял кетирбейт... Кыял-жоругу кандай болду экен?
Апакем алда неге тынчсыздангандай, өзүнчө кобуранып жатты.
– Бакыт таякем, Артур байке, Кеңеш аяш атамдар жаман адамдарбы? Өзүңүз айтчу элеңиз го. "Турмуштун өйдө-ылдыйы, адамдын аял-эркекке карабай жакшы-жаманы болот. Булардын аялдарынан кетти, болбосо баары мындай күйөөнү кайдан табат?" деп ачууланып жүрбөдүңүз беле. Мезгил дагы жакшы адам, болгону жаза тайып жаңылып калган турмушунан. ..
– Койдум, койдум. Деле сөз тийгизгиң жок, алда, кызым, ай. Мен эле кантип күйөө балдарымдын жаман чыгышын каалайын? Кичине санааркоом эле курган тилди жөн койбой жатпайбы...
Дасторконду жайып, Мезгилди чыдамсыздык менен күтүп калдык. Конок бөлмөдө баары сыналгы көрүп отурушат. Карбаластап атам менен апамдан качып, бир орунга отура албай жаттым. Баятан чалганымда Мезгил “айылдан апамды алып келгенге баратам. Буюрса, саат жетиге барып калам” деген. Сааттын жебеси жетини какты. Ит үрсө же шырп этип эшик жактан үн чыкса чуркап чыгам. Конок үйгө кирсем, атам менен апамдын кабактары бүркөлүп калган экен. Дивандан туруп жатып бурула бергенимде бурчтагы үстөлчөдөгү гүл салынып турган карапага чыканагым тийип, жерге жайнап эле жатып калды.
– Алия, эмне эле өзүңдү жоготуп жатасың?
Апам көз карашы менен жекире бир карап өттү. Далбастап суу төгүлгөн жерди кургактап, айнектерди тазалай салдым. Атам унчукпай кол саатын карап, кара көк тартып баратты. Кара киши ачууланганда ушундай го. Саат сегиз жарым болуп калганда чыйпылыктап, жанымды коёрго жер таппай калдым. Мезгилге чалсам телефону өчүк. Аргам кетип, "Мүмкүн, тойдо Батма апа менен калып калдыбы?" деген ой менен апага чалсам, анын да телефону өчүк. Айтор, атам менен апамдын астында жердин катуулугунан гана кармалып турдум. Кызык, оюма ар түркүн ойлор келет. Бирде жыргап тойдо отурганын элестетсем, бирде жыргап уктап жатканын, бирде "өткөндө прокуратурадагылар асылып жатканын айтты эле, Мезгилге дагы иш козгоп коюшканбы?" деп санаам санга бөлүнүп жатты. Атам менен апам менин абалымды түшүнүштү окшойт, ашыкча суроо берип тынчымды алышкан жок. Бирок алардын мен үчүн кабатырланып жаткандарын кантип сезбей коёюн.
– Жылдыз, алып кел тамак-ашыңды. Келбеген эмени күтө бермек белек...
Конок үйдөн атам баарыбызды дасторконго отуруубузду айтып, “Кана тигиниң?” дегендей менден номерин алып чалып көрдү.
– Акмак, мен буга эртең жолугуп туруп көргүлүктү көрсөтөм! Экинчи сенин жаныңа жологус кылбасам Таалай атым өчсүн! Айтканына турбаган адам эмне кылып жыргатмак? Мына, чыныгы жүзүн ушинтип көрсөтмөк, мындай акмактар...
Бир чети уялып, бир чети ызаланып үйдөгүлөр менен кечки тамакка отурганга кудуретим жете бербеди. Өз бөлмөмдө бүк түшүп Мезгилдин чалышын күтүп жатып таң атырдым. Келе албасаң, айтып койсоң болмок... Жоопкерчиликтүү эле жан элең го, Мезгилим, кара жаным, эмне болдуң? Деги бөөдө кырсыктан тыш болгой элең... Аз убакыттын ичинде жашоого арыз-муңум ашып турду. Мына, баары жакшы дегенимде неге кайра капаланам? "Бактылуу жашоо жок, бактылуу мүнөттөр гана бар" деген чын белем?
Түнү менен ата-энем мен жөнүндө сүйлөшүп чыккан белем, таң агарып, жерге жарык нур чачылары менен апам бөлмөмө баш бакты.
– Мезгилиңден дайын барбы?
– Жок...
– Жок болсо ырас болуптур. Ошондон ары кат-кабарын билгизбей кетсе экен.
Арданганымдан жан дүйнөмдөгү бугум жүрөк толтомо тыгылып, демим кысылып баратты. Апам менин абалымды түшүнөт деп турсам...
– Апа, неге? Неге антип турасыз же менин бактылуу болушумду каалабайсызбы?
– Алия, калп актриса болуп, көз жаш төккөнүңдү токтотчу. Бир четинен атаңдын айтканы да эп. Кайдагы бир катын кетирген балага сүйөм, күйөм деп жабышканыңа жол болсун! Атаңдын айтканынан кайтпаган мүнөзүн деги билесиң. Ал баланын убадага жок экенин билгенден кийин минтип биз менен тааныштырууга чакырбай деле койсоң болмок экен.
– Ал келмек. Буюрса, көрөсүз го, Мезгилдин кандай адам экенин. Сиз ошондо менин жаңылбаганымды сезесиз.
– Деле ага энчиленип алганын кантейин. Буюрса, Алтын эжеңдин эже-жездеси уулу менен сага кудалашканы келгени турат. Атаң сен каалайсыңбы- жокпу, ошол балага турмушка чыгууга даяр турушуң керек экенин кулагыма түнү менен куюп чыкты. Баланын аты – Кайрат. Жумушунан Россияга окууга кетип, жакында келиптир. Шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп иштейт.
– Өткөндө сиздин көңүлүңүздү кыя албай таанышса таанышып көрөйүн дегем. Эми караанын да жаныма жолотпойм. Жашоо меникиби же силердикиби? Анчалык эле мени күйөөгө бергиңер келип жатса, ага жеткирбей эле Мезгил экөөбүз баш кошобуз. Кечээ кеч келгенимде айылга апасына барганбыз. Кайтып жатканыбызда апасы “силер баш кошор күн алыс эмес” деген.
– Болду, Мезгилиңди унут.
Апам ачууланып, менин эч жакка чыкпашымды буюра чыгып кетти. Ушул мүнөттөрдө тезинен Мезгилди таап, ага үйдөгү болуп жаткан окуяны баштан аяк айтып беришим керек экенин сезип турдум. Уктоочу бөлмөмдөн чыга берейин дегиче эшиктин бекитилгенин көрүп чочуп кеттим.
– Апа, апа-а, апа-а-а! Эшикти неге бекитип салдыңыз?
– Атаң эч жакка чыкпасын деген.
– Апа, бул эмне кылганыңар? Мен кылмыш кылгансып...
– Кызым, атаңды да түшүн. Биз сенин бактылуу болушуңду каалайбыз. Билип турам, сен азыр Мезгилиңди издегенге чыкканы турасың. Сүйүү адамды сокур кылып, акылдан адаштырарын биз да билебиз.
– Үйгө камап кызыңарды бактылуу кылбай эле койгула.
Өз үйүмдө, ата-энемдин кашында камалып жатканыма арданып ыйлап кала бердим. Бир аздан соң апамдын басыгынан улам эшиктен узап баратканын туйдум. Мурдун шуу тартканына караганда апамдын мага кошулуп ыйлагандай түрү бар.өзүм илинип кетиптир. Түшүмдө чоң дарыянын ортосунда кичинекей таштын үстүндө турам. Бир өйүздө Мезгил кол булгалап, ал да бир нерсе деп кыйкыргандай. Бирок суунун күрпүлдөгөн шарынан эч нерсе угулбай калды. Экинчи өйүздө апам айткан Кайрат деген бала, бирок аны менен тааныш болбогонго анын элеси бүдөмүк. Мезгилге батыраак жетип, “Неге келбедиң?” деп сураганга ашыгып бурула бергенимде таштан тайып кеттим. Суу ушунчалык терең экен, чөгүп бараттым...
– Алия, Алия...
Апам келип ойготуп жибергени жакшы болду.
– Таңдан бери наар ала элексиң, жүрү чай ичели.
Эртең менен апамдын бетиндеги көк аланы байкаган эмесмин. Көрүп алып чочуп кеттим.
– Дагы урдубу?
Атамдын кол көтөрүп сабаганын такыр түшүнө албай келем. Биз кичине кезде өтө билинчү эмес. Чоңойгон сайын апамды аяп, атама далай ирет айтууга аракет кылганым менен, апам экөөнүн мамилесине кийлигишүүмдү каалабайт. Ар убак атамды актап турганы турган.
– Балдардын жакшы жагы болсо өзүн тартат, өзү тарбиялаган балдар. Жаза тайып сөз укпай жаман болсо, мен тарбиялаган кыз-уул. Кеп жок. Атаңдын бул адаты өлсө көрүнө кошо жатканы калды го... Жебей жүргөн токмок беле? Бышып деле бүтпөдүмбү. Менден кам санаба, жүрү тура кой.
Демек, "сенин тарбиялаган кызың" деп атам апамды кыжалат кылса керек.
– Бара бериңиз, апа, артыңыздан барып калам.
Кызык, Мезгилим, ушу тапта эмнени ойлоп жаттың экен? Кантип эле мени бушайманга салып коюп же бир чалып дайнын билдиргенге жарабай, кайдигер басып жүрөт? Же адамдан баарын күтсө болобу? Баш аламан суроолор канчага чейин созулмак, апамдын кайталап ашканага чакыруусу болбосо...
Ашканада апам астына киши салдырбайт. Азыр да булоолонтуп аш басыптыр. Сүттөлгөн чайынан куюп, муздаткычтын үстүндө турган телефонумду алып акырын алдыма жылдырып койду.
– Эртең менен атаңа келген жинимди сенден чыгарып, телефонуңду да алып койгом.
– Сиз чыгарыңыз менен Мезгилге чалайын деп таппай калбадымбы. ..
Шашкалактап чөнтөк телефонумду карасам, эч ким чалбаптыр. Мүмкүн, апам баарын өчүрүп койдубу деген шектенүү менен Мезгилдин номерин тердим. Оператор кыздын жадатма үнү кайрадан жаңырды.
– Кызым, бүгүнкү күн менен жашоо бүтүп калбайт. Утурумдук нерсеге азгырылбай, баарын акыл менен калчап иш кылганга жаштайыңдан үйрөнгөнүң жакшы. Мезгилиңдин чалышын сен эле эмес, таңдан бери мен деле күттүм. Телефонуң жымжырт. Мезгил менен болгон байланышыңды үзүп эле койгонуң оң. Биздин сөзүбүздү угуп, Кайратка турмушка чыксаң, жаңылбайсың, кызым.
– Биз бири-бирибизди жактырабызбы, сүйөбүзбү, сиздерди кызыктырбайбы? Макул үйлөндүк... Андан ары жашоону кантип алып кетем?
– Үй-бүлөдө эркектин сүйүүсү гана жетиштүү. Кайрат сени сыртыңдан билет экен. Бара-бара сүйүп кетесиң.
– Апа, жок дегенде сиз менин сезимимди түшүнүп коюңузчу, суранам!
– Болгондо да атаңдын айтканынан кайтпаган мүнөзүн сен тартып калгансыңбы деп турам.
Апам мени жай сөз менен ийге келтирем деп турса керек. Баарын жайынча түшүндүрүп кирди. А менин эс-дартым Мезгилде болуп, апамдын айткандары кулагымдын сыртынан кетип жатты. Чай ичип бүткөндөн кийин апам базарга барып азык-түлүк алып келип берүүмдү суранды.
– Атам эч жакка чыгарба деди деп камап жатпадыңыз беле?
– Азыр жумушунда болсо керек. Ал келгиче келип калгыдай бол. Тааныштар көрүп калса, бетимден уялып турам...
Кудуңдап сүйүнүп кеттим. Базар кыдыргычакты ага шылтоолой Мезгилге да жолуга келем.
– Макул, апа, мен анда батыраак барып келе калайын.
– Батыраак такси менен барып кел. Атаң билбегендей болсун.
Үйдөн чыгарым менен аркы көчөдөн такси көрүндү. Төлгө кылып, жолум болот экен деп боолголоп койдум.
– Кызым, такси керекпи?
Жашы элүүдөн таяп калган айдоочу жаныма келип унаасын токтото сурап калды.
– Ооба, "Ош базарына" чейин.
Соодалашпастан отурдум. Менин максатым эптеп базарга эрте жетип, алчуларды алып, Мезгилдин дайынын билүү болчу. Телефонумдан интернетке кирип, Мезгилдин досу Абайдын номерин издештирип баштадым. "Издеген табат" демекчи, акыры Абайдын номерин таап чалсам такыр албады. Аңгыча такси Пишпектен бурулары менен токтоп калды.
– Мен "Ош базарына" барышым керек.
Айдоочуга айтып түшүндүргүчө унаанын арткы эки эшигинен эки сомодой жигит капшыра кирип ныгыра отурушту. Көз ирмемчелик убакытта болуп өткөн окуяны түшүнө албай дендароо болуп отуруп калдым. Булар кимдер? Менден буларга не керек?
Бул убакта Абай кайра чалып калды.
– Абай, мен, Алия. Мезгил кайда билбейсиңби?
Быдылдап шашып сүйлөгөнүм түшүнүксүз болуп калды окшойт.
– Ким бул?
– Мен... Мен, Алия. Мезгил кайда билбейсиңби?
– Кандайсың? А сен билбей¬сиңби?
Сүйлөшүүбүз аягына чыккан жок. Алиги эки жигиттин бирөөсү колумдан акырын гана телефонду алып өчүрдү да, чөнтөгүнө салып койду.
– Силер кимсиңер? Келе телефонумду!
– Үйгө барганда беребиз.
– Эмне?! Кайсы үйгө? Эртеңки күнү жооп берип каласыңар!
Менин суроолорум жоопсуз калды. Эч ким ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Чарпылып айдоочуга жулунарым менен экөө эки колумдан кыса кармап, айдоочудан болжогон жерге батыраак жеткиришин суранышты. Айдоочу да буларды тааныйт окшобойбу, шаар ичи экенине карабай унаанын ылдамдыгын катуулатып айдап баратты.
Мага жаман ойлору бар болсо, бул жигиттер башкача мамиле кылышмак. Тек гана дүлөй, дудук кишилерден бетер кыйкырганыма, ыйлаганыма эч бир маани беришпеди. Көп өтпөй, шаардын кай жагына келгенибизди билбейм, эки кабат үйдүн эшиги толтура адамдар тосуп алышты. Катуу басылган сигналдан улам топ элдин ортосу жарыла ачылып, машина короонун дал ортосуна барып токтоору менен ой-боюма койбой унаадан тартып чыгарышты.
– Кагылайын, келген жериңен бак айтсын! Бактылуу бол, айланайын!
Салабаттуу кары кемпир ак жоолугун көтөрүп башыма салганга даярданып турганынан окуя төркүнүн түшүндүм.
– Жок, жок! Бул эмне кылганыңар?
Бет алдыма келгендин баарын колдорум менен чалды-куйду чаап, өзүмө жолотпой турдум. Ак жоолукту башыма салдырбай, босогону аттабаганга аракет кылып жаттым. Ары жактан апамдын курбусу Алтын эже көрүндү.
– Алтын эже!..
Баятан эки каруумдан катуу кармап үйгө киргизүүнүн амалын кылып турган келин-кесектер колдорумду бошотуп, токтоп калышты. Алтын эже мени бул жерден куткарып кетчүдөй ага карай жүткүндүм. Мойнуна асылып шолоктоп ыйлап да, сүйлөп да жаттым.
– Алтын эже, мени алып кетиңизчи!
– Болду эми, Алия. Акылдуу кыздын бул кылганы кантип болсун? Азыр жолдошуң боло турган жигит – Кайрат менен сүйлөшүп көр. Жакпаса сени кыйнабайбыз. Жүр, жүрө кой... Ичкери кирип жай отуралы.
Баёо сезимимде Алтын эженин айткандарына ишендим. "Жигитим бар, күйөө боло турган бала жакпайт" десем эле мени үйгө кетирчүдөй ойлодум.
– Кирбей эле, үйгө жеткирип койгулачы... Апам сарсанаа болот.
Үйдө калган апамды эстегенде баарынан дагы атамдан коркуп турдум. Алтын эже мени колдон кармай үйгө жетелеп киргизди. Бизге улай ак жоолугун көтөрүп жанатан мага жоолук сала албай убара болуп жаткан апа жанына өзү курдуу байбичени жана эки-үч келинди ээрчите кирди. Негедир топураган кишилер сыртта кала беришти.
– Алтын эже, жигитим бар экенинен кабарыңыз болсо керек?
– Билесиң го, мени деле уурдап кетишкен. Минтип очор-бачар болуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Жаштык кезде баары боло берет. Болду, азыр Кайрат келсе, ал жигитиң тууралуу ооз ачпай эле койгонуң оң болот.
– Ал эмне дегениңиз, сизге ишенип жатсам?! Каалаганыңарды кылгыла, отурбайм дедимби отурбайм!
Эшикти көздөй атырылдым. Алтын эже алдымды торой бөлмөдөгүлөргө кайрылды.
– Баарыңар чыгып тургулачы. Баса, жеңе, Кайратты мында чакыргыла...
Бөлмөдө Алтын эже экөөбүз калдык. Айланага көз чаптырдым. Көзүм аппак көшөгөгө урунду. Үй заманбап жасалгаланып, буюмдар орду-ордуна коюлган экен.
– Сенин бул жерде экениңден үйүңдөгүлөрдүн баары кабардар. Атайы алдыңа барып, кыз каадасы кылып алып кетет элек, апаңдын айтуусунда, жигитиң да үйлөнүүгө даярданып жаткан имиш... Шашылыш уурдап алып келгенге туура келди.
– Кандайча, баары билет дегениңиз?
– Атаң менен апаң азыр ушу тапта куда күтүүгө даярданып жаткан убагы. Эстүү кызсың, ата-энеңди жер каратпаарыңа ишенем.
Демек, апам атайы мени базарга шылтоолоп жиберип, а мен төлгө кылып жаткан такси – баары эбак даярдалган иш тура...
– Кайрат менин көз алдымда өскөн бала. Сени ыйлатпаарына көзүм жеткен үчүн мен силердин бир үй-бүлө болушуңарга кийлигишип жатам. Босогону аттап кетүү болбой турган иш. Карыларды ыйлатып, алардын каргышына калуу жаман нерсе экенинен кабардар болсоң керек.
Алтын эже сызылып агып жаткан көз жашымды аарчый бетимден өптү. Бурчта жаанда калган жөжөдөй тыгылып турган жеримден колдон тарта көшөгөгө киргизди. Далдырап, эс-учумду жыя албай башым айлангөчөк атып, дендароо абалга тушуктум.
– Мен азыр...
Бүйрө басып Алтын эже көшөгөдөн чыгып кетти. Сыягы, "жоолук салгыла" дегендей белги кылды окшойт. Келин-кесектер саамдан соң топурай кирип келишип, аппак жоолук башыма салынып, көшөгө ичинде отуруп калдым. Негедир каршылык кылганга менде дарман болбоду. Мелтиреп, бир жерди тиктей, ойлорумду топтой албай отура бердим. Жанымда тестиер кыздар чурулдап, тегеректеп отурушат. Баятан чакчырылып, эми жоошуп калганыма таңданып турушса керек. Андай абалыма бул кыздар эмес, өзүм дагы түшүнбөй турдум.
Оо, менин Мезгилим, мага тагдыр кандай белектерин тартуулап турганын билсем кана! Баарын башкача кылбайт белем! Ушинтип эле, бир заматта башка бир адамдын колуктусу болуп каламбы? Абай “Сен билбейсиңби? ” деп эмненин башын кылайтты? Мен билбей кала турган эмне иштин үстүнөн чыктың? Бир шаарда туруп экөөбүздүн аралыгыбыз асман менен жердей алыс болуп кетти го? Ушул жерде бул буюккан турмуш көз ирмеминен сууруп кете турган сен элең го!
Каалганын шарт ачылганы жүрөгүмдү “болк” эттирди.
– Баргыла, силер сыртка чыгып ойноп тургула...
Көшөгөнүн четинен башын кыңайтып киргизген Алтын эже жанымдагы кичинекейлерди чыгарып:
– Кайрат, Алия менен сүйлөшө берсең болот,- деп өзү дагы чыгып кетти.
Мына, чечишип сүйлөшө турган убакыт келди окшойт. Шарт ордуман туруп, жоолукту башымдан алдым. Маңдайымда ата-энем, Алтын эже, дегеле баары мактап жатышкан Кайрат турду.
– Кечир, Алия!
Кепти кечирим суроодон баштады.
– Ала качуу жигитчиликке жатпайт!
Ыйыма муунуп, андан ары кепти энтиге сүйлөп жаттым.
– Сен сүйбөгөн адам менен кандайча бактылуу турмушту элестетип, баш кошууга, бирге түтүн булатууга бел байладың? Менин сүйлөшкөн жигитим бар. Макул, ата-энемди колго алып, мени мажбурлап алган күндө да, мен сени сүйбөйм. Угуп жатасыңбы, сүйбөйм?!
– Алия, кечир мени! Бирок мен сени кичинеңден билем. Сыртыңдан тымызын жактырып келгем.
Кайрат мага жакындай кучактамакчы болду.
– Жолобо, мага! Ортого ар кимди, кемпир-кесекти салба. Турмуш экөөбүздүкү. Азыр баарын чакырып, сыйың менен мени үйүмө жеткир.
– Алия, баары жакшы болот...
– Жок, мен Мезгилсиз жашай албайм!
Уңулдап ыйлаганга өттүм.
–Ай, Кайрат?
Эшик ачылып, аял киши кайрылды.
– Жеңе, бизге убакыт бериңиздер. ..
Негедир Кайрат менден жигитим тууралуу айтып берүүсүн өтүндү. Ый аралаш баарын айттым. Мезгилдин убадасына турбай, ата-энем менен таанышууга келбегенин, аны таппай калганымды да жашырбадым. Мени угуп жатканда Кайраттын бирде жаак эттери түйүлө, калың каштары бириге жинденген абалы мага байкалып турду. Ал ансайын бирге жүргөн күндөрүбүздү колумдан келишинче көркөмдөп айтып, анын жинине тийгим келди. Мүмкүн, мени өз жайыма коё берет.
– Алия, баарын унут! Менин сүйүүм экөөбүзгө жетерине ишенем.
Колдорумду чеңгелдей кармап, көзүмө тик карады.
– Суранам, жоолукту салынчы, суранам! Сени бактылуу кылыш менин колумдан келет.
Кайрат колумдагы уучтай кармап турган ак жоолукту жулуп алды да, башыма калдастап салып жатты. Экөөбүз бир топко алыштык. Бутума чөгөлөдү. Сүйүүсүн билдирди. Тааптыр ашыктык арманын айта турган убакты. Болгон аракетим менен Кайратты менин бактыма тоскоол болбошун суранып, жалдыраганга дейре бардым.
– Жетишет, Алия! Менде дагы эркектик намыс бар. Сен мендик болосуң!
– Эркектик намысың болсо, малчасынан уурдап келет белең?
– Баарына өзүң күнөөлүүсүң. ..
– Сени менен баары бир жашабайм, көрөсүң го...
Кайрат чыгып кетти. Артынан кошо атырылып мен чыктым. Баары улагага улай биз жакты карап турушкан экен. "Келишип алдыңарбы?" деген жеңелеринин суроосуна Кайрат мени теше карап туруп жооп берди:
– Отургузгула, жашабаганда кайда барат?!
Көшөгөгө сүрмө топ менен кайра алышып жатып кирдим. Кайраттын керсейип “Жашабаганда кайда барат?!” деп айтканы мени катуу ардантты. Аргам канча, апам телефон чалып “отурган кыз ордун табат. Ошол жерден жылып көр, сендей кызыбыз жок деп билебиз” дегенде жер астын-үстүн болгондой болду. Акыры бешенеме жазган тагдырыма баш ийүүгө туура келди.
***
Кайрат мен үчүн чоочун адам. Болгон кыялымды көрсөтүп, аны өзүмдөн алыстатууга аракет кылып жатам. Ага карабай айланчыктап жанымдан кетпей, карегим менен тең айланат. Баары бир жүрөгүмдүн толтосунда – Мезгил. Анын болсо дайыны белгисиз, байланышканга менде шарт жок. А мен капастагы куштаймын. Жадакалса телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Кайын журтум болсо ресторанда боло турган үлпөт тоюбузга кызуу даярданышууда. Бүгүн дагы адаттагыдай кечки коноктор кетип, ашканада келиндик вазыйпамды аткарып идиштерди жууп жаткам. Кайрат келип мага жардамдашып калды.
– Алия, жүрү кечки Бишкекти айланып, сейилдеп келели.
Артымдан кучактай бетимден сүйдү. А мага баары бир болчу. Кайрат жакшы эркелетип жатабы, анткорлонгонума жинденип жатабы, капарыма албай сенек болуп катып калган элем...
Ушул үйдүн босогосун аттаган акыркы күндөрүм кайра жашоомо кайрылып келбесе деп тилеп келем. Бардык көз ирмемдер түш болуп калса кана!
– Эмне унчукпайсың? Бултуюп коркутканың жетишет го дейм.
– Сүйлөбөчү мага!
Менин сөзүмдү укмаксанга сала Кайрат ашкананын эшигин жапты. Конок бөлмөдө отурган ата-энесинин биздин сүйлөшкөнүбүздү угуусун каалабады окшойт. Стол жанына барып, салаттардан жеп, бар жинин тамактан чыгарып жатты. Байкаганым, Кайрат канчалык менин кылган аракеттериме жини келгени менен, өзүн абдан токтоо кармайт. Кылган мамилесинен улам айтканынан кайтпаган өжөрлүк сапат бар экенине ынанбаска аргам жок болчу.
– Алия, канчага чейин мышык-чычкан болобуз? "Чуркаган эмес, буюрган алат" дегендей, экөөбүздүн тагдырыбыз бир экен, минтип баш коштук. Мени да кыйнап, өзүң да азапка малынбай, мага жүрөгүңдүн бир бурчунан орун берчи, бир бурчунан гана... Көрөсүң го, баары жакшы болот.
Анын караанын көргөндө, сүйлөгөнүн укканда жек көрүүм ашып, урушарга жоо таппай турган абалга туш болом. Азыр өз оюм менен алек болуп, үндөбөдүм. Бардык кылыктарыма чыдап, сөз менен гана жайгарып, мени багындыргысы келип турганын карачы. Ал сезим, сүйүү, махабат менен эсептешкиси жок. Кайсы тилде, кандай кеп-сөз менен буга жан дүйнөмдө болуп жаткан ага болгон жек көрүүнү, көңүл коштукту түшүндүрөрүмдү билбей турдум.
***
Кайын журтум Кайрат экөөбүздүн келише албай жаткан мамилебизди билишкени менен, баары көрмөксөнгө салышууда. Бирок кайнене-кайнатамдын тымызын менин кабак-кашымды карашып, алда эмне болуп кетер экен деп турган санааркоолору көздөрүнөн байкалбай койбойт. Күндө эртең менен түнү менен ыйлап чыкканга эки көзүм тоодой шишигенин кантип алар байкабай коюшсун?
Жаныма жуутпай, кагып-силкип турганым жадата баштады көрүнөт, Кайрат үйдөн таң эрте кеткен бойдон келбеди. Жатарда анын кайда кеткенин сурабасам деле кайненем уктоочу бөлмөгө баш багып, Кайрат жумушуна кеткенин айтты.
Таң атарына аз калган. Менде кайдагы уйку? "Мезгилим да мени дал ушинтип эстеп жатты бекен?" деп ойлогонум ойлогон. Бир маалда Кайрат келди окшойт, апасы экөөнүн күбүр-шыбыр сүйлөшкөн үндөрү угулду. Уктоочу бөлмөнүн эшиги ачылары менен калп уктамыш боло мажбурлап көзүмдү жумдум.
– Билем, сен бул убакта качан уктачу элең? Анткорлонбой аччы көзүңдү...
Көйнөгүн чечип, колундагы саатын ары алып жатып:
– Сага күйөөң таңкы беште келсе деле баары бирби, ыя?- деп жаныма келди. Эңкейип жүзүмдөн сүйдү. Аракпы, сырабы, эмне ичкенин ким билсин, айтор, оозунан ичимдик буркурайт.
– Мезгилиңди таптым...
Кимди? Оо, Кудай, Мезгилге жолуккан белем, шарт жаткан ордумдан тура калдым.
– Мына, мына... Сенде кайдагы уйку?
Кайрат мени шакабалагандай, өзүнө жарашыксыз жылмайды.

#7 30 September 2015 - 22:33
– Мезгилиңди таптым...
Кимди? Оо, Кудай, Мезгилге жолуккан белем, шарт жаткан ордумдан тура калдым.
– Мына, мына... Сенде кайдагы уйку?
Кайрат мени шакабалагандай, өзүнө жарашыксыз жылмайды.
– Мезгилге кайдан жолуктуң? Аманбы деги?
– Алия, мен күйөөңмүн го. “Кайда жүрдүң? Каякка бардың?” деп сурап койсоң боло? Менден дагы ошол Мезгил артыкпы?
– Сен мени мажбурлап аял кылганыңды унутуп койдуңбу?
– Демек, дагы эле койнуңда жаткан эриңди жаныңа жакын жолоткуң келбейт экен да, ээ?
– Кандай ойлосоң ошондой ойло...
– Бир турмуштан өткөндөн кийин, жанагы Мезгилиң сени караарына деле көзүм жетпейт.
– Бир билип кой, биздин ортодо сүйүү бар. А сен сезимдерди түшүнгүң келбейт.
Саамга унчукпай калганынан Мезгилге кайдан жолукканын кайталап сурадым.
– Алия, мен эс алышым керек. Саат ондо маанилүү иштерим бар. Катуу айтсам кечирип кой. Мен сен ойлогондой сезим эмне экенин билбеген карамүртөз, орой адам эмесмин. Менде дагы эл катары жүрөк бар. Ошол жүрөк бир сен деп согорун эсиңден чыгарба.
Буурчак-буурчак жаштарым Кайратка көнүмүш болуп калгандай, ыйлап-ыйлап сооронот деди көрүнөт, унчукпастан коңурукту кош тартып уйкуга кирди. Ошону менен Кайраттын Мезгилге жолугуп-жолукпаганы мага табышмак бойдон калды. Алгылыктуу жооп бергиси келбегенден кийин, андан кайталап суроонун кажети жок болчу...
Жакында боло турган үйлөнүү тойго Нарындан мал алмакчы болуп кайнатам айылга кеткен. Таң эрте чай үстүндө кайненем кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өңү кумсарып жаман боло түштү.
– Жеңе, сизге эмне болду?
– Акыркы күндөрү бардык жаман-жакшыга эле ушинтип жүрөгүм кармап кала турган болду. Өткөндө Алияны алып келгенде да кубанычтан дал ушинтип жүрөгүм лакылдап, жаман боло түшкөм. Тиги бөлмөдө дарым бар, алып келип бергилечи...
Кайнагам менден муздак суу алып келишимди өтүндү. Мурда-кийин мындай абалын көрбөгөнгө баарыбыз коркуп турдук.
– Телефондон ким менен сүйлөштүңүз? Деги тынччылыкпы?
– Ой, тиги Сагида аяшыбыз аварияга учураптыр... Ошого катуу кайгырып, жүрөгүмө жакын кабыл алып жибердим окшойт.
Дары ичкенден кийин деле жакшы оңоло албай турган кайненемди доктурга кайнагам аялы менен алып бармай болду.
– Мен үйдө эле калсам болобу?
– Жок, жалгыз калтырып Кайраттан тил уккудай алым жок. Анын үстүнө үйдө жалгыз коркосуң.
Мени үйгө жалгыз калтыруудан кетип калбасын деп коркуштубу, айтор, бирге барарыбызды айтышты. Жолдо катар "бул шартты пайдаланып качып кетсемби" деген ойго берилип, өз оюм менен алекмин.– Өх, Кудай! өлсөм да Кайратымдын балдарын көрүп, небере жыттап кетсем арманым болбос...
– Койчу, жеңе... Капкайдагы жаман кептерди айтканыңды токтот. Ал күндүн келери да алыс эмес.
Кепке абысыны кошулду.
– Дагы далай жакшылыктар алдыда. Жаман сөздү экинчи айтпаңыз, тфү-тфү-тфү!
Эки жагына түкүрүнүп, кайненемди жооткотуп баратты.
Ооруканада тааныш доктурга телефон чалышып, кезекке турбастан жүрөгүн текшерүүгө түз алып кирип кетишти. Биз сыртта коридордо орундукта күтүп отуруп калдык. Кайнагам Кайрат менен сүйлөшүп, ооруканада экенибизди эскертип койду.
– Бул жакта экенибизди угары менен Кайрат азыр келип каларын айтты. Келсе, мен барып байкемди тосуп келейин. Жылкыны алып жолго чыгышкан. Келер маалы болуп калды.
Көп өтпөй коридордун аягынан Кайраттын карааны көрүндү. Кайнагам Аман утурлай басып, экөө сыртка чыгып кетишти. Апамдын абысыны кара торусунан келген, толмоч тарткан көп сүйлөбөгөн аял. Оозуман кеп чыкпай кабагым карыш түйүлүп турса, сүйлөгүсү деле келбеди окшойт. Бири-бирибизди кепке тартып сүйлөшө албадык.
Доктурдун кабинетинин эшиги ачылып, медайым бизди чакырды.
– Бул кишиге көп толкунданганга, кайгырганга болбойт. Бул Республикалык кардиологиялык борборго жолдомо. Дарыланууну ошол жактан улантасыздар, - деп доктур жылуу-жумшак узатып койду.
Кайненемди абысыны экөөбүз эки жагынан колтуктай сыртка чыгып баратканбыз,
"Алия, Алия!" деген кимдир бирөөнүн артымдын чакырышы мени тык токтотту. Артымды карап Мезгилдин эжеси Жамалдын мени утурлай келе жатканын көрдүм.
– Силер бара бересиздерби?
Эжеси халатчан жүргөнүнө караганда бул жерде дарыланып жатса керек. Демек, Мезгилди да ушул жерден табууга толук мүмкүн. Азыр жок болсо да, баары бир ал эжесине келет. Билем, ал эжекеси дегенде ичкен ашын жерге коёр эле.
Баягы жайдары Жамал эженин ордунда көздөрү муңайым тарткан, жүдөңкү келин турду. Кучакташып көрүштүк. Ичимден бир шумдуктун болгонун сезип турдум.
– Сенин келериңди билгем. Мезгилдин достору сени таба алышпай канча убара болушту?..
Башымды чайкай, эмне жаңылык айтып жиберет деп эженин оозун карап калдым.
– Алия, эч нерседен кабарың жокпу? Мен куруюн... Апам... байкуш апам... Апамдан айрылып калдык.
– Коюңузчу, Батма апа жакшы эле жүрбөдү беле?
– Ажалга айла жана ар жок экен. Бөөдө кырсык айттырбай келет тура. Ал аз келгенсип, Мезгил дагы оор абалда бул жерде.
– Жок, ишенбейм...
Батма апаны өлүмгө, Мезгилимди ооруга кыйбай турдум. Билгем, жүрөгүм сезген бир нерсе болгонун. Бирок жакшылыкка гана жоруп келбедимби.
– Ал кайда, кайсы палатада? Мен Мезгилге жолугушум керек...
Жамал эженин артынан ээрчий палата жакка басарым менен Кайрат келип “бас кеттик” деп билектен алды.
Кайраттын кабагы түйүлүп, кумсарып, жеп жиберчүдөй теше тиктеди.
– Алия, билип турам, ал жакта Мезгил бар…
– Билсең ошо…
– Жолугуунун зарылчылыгы жок… Ал...
– Ал эмне экен?
Колумду бар күчүм менен силкип туруп Жамал эженин артынан ээрчидим. Кайын журтум тиреген асманы болсо түшүрүп жиберсин, мага азыр баары бир болчу. Сүйгөн адамыңдын оор абалда, өлүм алдында жатканын элестеткен учур эч бир адамдын башына келбесин. Ошол он кадам алыс, коридор башында жайгашкан Мезгил жаткан палата он чакырымга барабардай сезилди го, чиркин! Көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кулагым чурулдап, алдыга карай жүткүндүм. Азыр жанына жетсем, экинчи сүйүктүүмдүн жанынан чыкпайм, трактор менен сүйрөтсө да… Ички сезимимде дал ушинтип өзүмө сөз берип бараттым.

#8 30 September 2015 - 22:34
Палатанын эшигин ача берип Жамал эже жол бошотту. Терезеге катарлаш коюлган керебетте аппак бинтке оролуп, эки көзү гана араң көрүнгөн Мезгилим жатыптыр. Бир бутун чоң асма темирге асып коюшуптур. Оо, Кудай, Мезгилимде ала албай турган эмне өчүң бар эле? Сыноонун дагы чеги болот го? Башы эшик жакка бурулуп, көздөрү биз жакта. Жалтыраган,
үмүт менен караган көздөрүн кантип тааныбай коёюн? Ооба, ошол көздөр… Мени сүйө караган сезимтал көздөр, эркелете тиктеген мээримдүү көздөр…
– Мезгил, Мезгил… Сага эмне болду?
Керебет тушуна жетерим менен Мезгилимдин айланасы ак кымкапка бөлөнө башка дүйнөгө сүңгүп кеттим. Калганы эсимде жок.
Саамай чачтарымды артка тарай, жылуу алакан чекемден сылай кимдир бирөө мээрим төгө жүзүмдү тигилип карап турганын сезип жаттым. Ошол ким экенин билүүгө менде дарман жок. Алсырап, каным катып, аба жетишпей «суу, суу» деп оозумду алсыз кыймылдатканга араң жарадым.
– Алия, өзүңдү кандай сезип жатасың? Кел, суудан уурта...
Маңдайымда бир колу менен башымды жөлөп, экинчи колу менен стакандагы сууну эриниме такап мага ичиргени турган Кайратты көрдүм. Суунун таттуулугу, ай!
– Мен кайдамын? Мезгил кайда?
– Эч кабатырланба, алтыным. Эң негизгиси, болочок балаңдын атасы жаныңда. Ал эми эч качан келинчегин, баласын эч кимге кор кылбайт. Болгону жубайы анын сезимин бааласа, барктаса... Жолдошу аны сүйгөндөй сүйсө...
Бул эмне деп турат? Баласы дейби? Сүйлөгөнүнө караганда, мен... менин боюмда барбы? Кандайча? Аз эле убакытта да кош бойлуу болууга мүмкүнбү?
Эшик ачылып, толмочунан келген, ак халат кийген врач кирди да, түз эле Кайратты колунан кысып куттуктаганга үлгүрдү.
– Мына, дагы бир жолу текшерүүнүн жыйынтыгы, келинчегиңиз кош бойлуу экен. Куттуктайм!
– Рахмат, абдан кубанычтамын!
Кайраттын толкунданганы сүйлөгөнүнөн билинип, а мен, тескерисинче, бул сүйүнүчтү кабыл ала албадым.
– Алгач ишене албай турдук эле. Эч нерседен кам санабай келинчегиңизди үйүңүзгө алып кете берсеңиз болот. Толук бир айдан кийин жубайыңызды өзүм тизмеге алганга күтүп алам, буюрса.
Билем, эне болуу, кош бойлуу болуу – аялзатынын эң бир жагымдуу, алтынга татыгыс зобололуу бактысы. Бирок... Ушул мүнөттөрдө ошол бакытымды чанып турдум. Доктур болсо арыдан бери кан басымымды ченеп, "баары жайында, сиз эне болууга даярдана бериңиз" деп мени кошо куттуктады.
Тагдырдын кыйноосу эми башталды окшойт. Ооруканадан чыгып баратып "Мезгилге жолугушум керек" деп көгөрдүм. Бирок Кайрат мени зордоп туруп, кандай ала качып келсе, дал ошондой бөктөрө үйгө алып келди. Күйпөлөктөп кайненем өзүнүн ооруп турганын унутта калтырып, маанайы жайдары. Үйдөгүлөрдүн баары сыртка чыгарбаса да, тымызын сүйүнүп тургандарын алардын кабак-кашынан байкоого болот.
Кайрат мени эс ал деп уктоочу бөлмөгө жалгыз калтырып чыгып кетти. Жалгыз ойлонсун дедиби, айтор, ашыкча эч бир кеп козгободу. Ушундай убакта ичимде эки Алия урушуп, кеп-сөзгө келе албай жатышты. Бири "Алия, сен Мезгилди эсиңден чыгардыңбы? Сүйгөнүңдүн оор абалда жатканын көрүп, баары бир деп баса бергениңе жол болсун! Ал адамсыз таңың атпай, күнүң батпай калчудай сүйүү толгон кездер унутулдубу? Ага болгон аруу, таза сезимиңчи?" деп жемелесе, экинчиси менден өткөн акмак адам жок экенин, Кайраттын ак сүйүүсүн тебелеп турганым Кудайга жакпаган иш болорун кайталап, "Ичтеги түйүлдүктүн тагдырычы? Ага толук кандуу ата-эне керек" деп кошумчалайт. Иретсиз ойлорумду башкара албай, алар мени башкарып, кең ааламга сыйбай бараттым…
-Үйлөнүү тойду апам айыкканча коё туралы деп чечтик.
Кайрат күнөөлүү кишидей күңк этти, башын жерге сала. А мага эмне? Баары бир экенин ал деле аябай сонун билет, бирок кош бойлуу экенин билгенден кийин өзгөрдү бекен деп тургандагысы го...
Бая чыгып кеткен бойдон киргени ушул. Төшөк четине чыканактай ичимди сылап көпкө отурду.
– Алтындарым менин…
А мен дем алганым эле болбосо, өлүк кишиден бетер чалкамдан түшүп сулк жатам.
– Туңгуюкка камалдым…
Ойлоп турган кебимди сыртка чыгара айтып алдым.
– Жок, жаным. Сен өзүңдү өзүң орго түртүп, туңгуюкка кептеп турасың. Болбосо экөөбүз бактылуу болгонго эмне жетишпейт дейсиң? Бизде баары бар…
– Сүйүүчү?
Негедир жайынча сүйлөшкүм келди. Анымды сезгендей Кайрат да мага тушташ чалкасынан жатты. Шыпты тиктеп, ар ким өз ою менен алек.
– Сүйүүбү? Ал керемет сезим бар үчүн баарына кайыл болуп, сенин карааныңа жалынып жүрөм го. Никелешкен күйөөң, койнуңда жаткан эриң, береги түйүлдүктүн атасы болсом да, менин махабатымды баалабаган кандай жансың? Ошол Мезгилден тапкан жылуулукту, аруулуктуу, сүйүүнү менден табууга мүмкүн эмеспи? Сезип турам, кандай кыйналып турганыңды. Сүйбөгөн адамыңдан кош бойлуу болуу, сүйгөн адамыңды оор абалда көрүү, ата-энеңдин кыстап турмушка берүүсү, деги койчу, сенде баары кыйноо, баары азап…
– Ошонун баарын түшүнүп туруп неге мени кыйнайсың? Неге жайыма койбойсуң?
– Алия, а сен мени түшүнгөнгө аракет кылып көрдүңбү? Жок дегенде бир ирет.
– Догурунбасаң. ..
– Ооба, ала качып алганым үчүн мен сенден өмүр бою кечирим суроого даярмын. Бүгүн ооруканадан экөөбүздүн жашообузга чекит коюлчудай сезилген. Бирок сен экөөбүздүн бактыбыздын данакерин дал ошол жактан таптык го. Сен алгач келгенде Мезгил тууралуу айтканыңда эле анын өмүр таржымалын изилдөөгө киришкем. Сенин жүрөгүңдөн орун тапкан жигиттин образын ачып, ага карап түздөнүүгө аракет кылайын дегем, бирок ооруканада экенин угуп жолуга албадым. Далай жолу эмне себептен Мезгилдин сен үйүңө чакырган күнү келе албай калган себебин билип, сенин "Эмне үчүн ал келбеди?" деген сурооңо жооп таап бергим келген… Себебин билгем, бирок айтууга күчүм жетпей, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылгым келбеди.
Көрсө, өткөндө ата-энем менен тааныштырууга келер күнү Мезгил менен Батма апа жол кырсыгына учураган экен. Кырсык болгон жерден байкуш апа жан бериптир. Ал эми ошол күндөн ушул тапка дейре Мезгил өзүнө жакшы келе албай, ал тургай апасынын бул дүйнө менен кош айтышканынан да кабары жок дейт. Кайрат баарын баяндап, "эгер бул кырсык болбосо экөөбүз баш кошот белек, ким билет..." дегендей мааниде бул да болсо тагдырдын жазмышы экенин кошумчалады.
– Сага түшүнө албай турам. Азыркы кебиң менен Мезгилди табалап турганыңбы?
– Кылдан кыйкым издебечи, суранам. Болгону Жараткан экөөбүздү жолуктуруу үчүн ушундай себептер болду го. "Чуркаган эмес, буюрган алат" демекчи...
Чарчаган белем, Кайрат уйкуга кирди. Чаржайыт ойлорум мени акылдан аздырабы деп турам. Оюмда Мезгил... Кандай жол менен Кайрат менен ажырашып, сүйгөнүмө жетүүгө болот? Басып кетейин десем, кашайып боюмда боло калганын кара... Таптым... Кандай жол менен болсо дагы боюмдагы түйүлдүктү түшүрүшүм керек. Денем жыйрылып кетти. Мен өзүмдөн мынчалык мыкаачылыкты күтпөгөм, деги акыл-эсим ордундабы? Бул жолдон башка арга жок. Бая Кайрат “сен каалагандай болсун, бири-бирибизди кыйнап жашабай эле коёлу дегем, бирок бул данакер бар экенин билип, эми сенин бардык кыял-жоругуңа чыдаймын” деп айтты го. Эптеп данакер сөрөйдү жок кылсам, ким көңүлү жок катындын көзүн карамак деген калпыс ой мени башкарып туруп алды.

#9 30 September 2015 - 22:39
Достор ким одного кирет.мүмкүн болсо одноклассникте Жан дүйнөм жанырыгы деген группадан алып бүтүрүп койбойсуздарбы.
менин срочна жумушум чыгып калды.өзү аз эле калды.болгону убактым бүтүп калды.
#10 01 October 2015 - 02:01
Эптеп данакер сөрөйдү жок кылсам, ким көңүлү жок катындын көзүн карамак деген калпыс ой мени башкарып туруп алды.
Бир канча ирет дары-дармек ичип көрөйүн дедим, бирок эрким жете бербеди. Түйүлдүк кичине кезде ысык мончого түшсө боюнан түшүп калат деп укканым бар эле. Менден шек алышпасын деп, эч нерседен сыр бербей Кайраттан үйдөгү мончону жагып берүүсүн сурандым. Алгач ирет сураныч менен кайрылып тургангабы, ал шымаланып мончону жакканга киришти. Мончого кирсем эле ичимдегиден кутулчудан бетер маанайым жайдары. Бирок кубанычым көпкө созулган жок. Ашканадан чай ичип бүтүп, тура бергенде башым айланып жыгылып кеттим. Болуп өткөн көз ирмемге түшүнө албай, жыгылган жерден таканчыктай турдум. Тизем зыркырайт, сыягы, шкафтын кырына тийип кетсе керек. Боюмду түздөй өйдө боло берип, көйнөгүмдүн булганып калганын байкадым.
– Кайрат, Кайрат!..
Кандан корккон жаным бакырып жибердим. Чуркап кирген Кайрат булганган көйнөгүмдү көрүп алдастай түштү.
– Кайрат, доктурга барбасак болбойт...
– Абайлабайт белең? Эмне, оор бирдеме көтөрдүңбү?
Ал чыканагымдан сүйөй колумдан жетелеп отургучка отургузду.
– Сага азыр кыймылдаганга болбойт. "Тез жардам" чакыра калайын.
– Мейлиң...
– Белиң ооруган жокпу?
– Жок, башым айланып кетти, болбосо жакшы эле жүрбөдүм беле...
Канча күндөн бери мен акмак болгон турбаймынбы. Мен куруюн, ушу өз канымдан жаралып, ичимде жүргөн түйүлдүктөн арылуунун жолдорун издеп жүргөнүмдү кара. Жосунсуз жоругум менен мен Кайратты ата болуу бактысынан ажыратканы турган экем да.
– Оо, Жараткан, айткан кептеримди кайра артка алам. Мени кечир!
Ичимден Жаратканга жалбарып, "мени алгачкы эне болуу бактысынан ажырата көрбө" деп суранып турдум.
– Деги жетип калдыңарбы? Туптуура 45 мүнөт болду. Ушунча убакытка күттүрөсүңөрбү?
Ачууланып, каршы-терши баскан Кайраттын чебелектеген абалын сөз менен сүрөттөөгө мүмкүн эмес. Улам-улам аларга чалып, тез келишин суранып жатты.
– Аларды алагды кылып дембе-дем чала бербе да. Көп нервиңди коротпо,
"Чын эле сен ушинтип сүйлөп жатасыңбы?" дегендей таңдануу Кайраттын көз карашында бар эле. Анан кантсин, жубайы болуп туруп ушул босогону атаганы ага үйрүлүп сүйлөгөнүм ушул “нервиңди коротпо” деген сөз болуп жатса.
Боюмдан козголгонуна байланыштуу эки апта доктурда дарыландым. Апам ал-абалымды сурап, этият болушум керек экенин эскерткенден тажабайт. Кыз бала энесине жакын, сырдана болорун билем, бирок мен апамды сезимиме болгон чыккынчы катары кабыл алганымды моюнума алышым керек. Кайратка турмушка чыкканы алгылыктуу деле сүйлөшө элекпиз. Атам болсо, апамдын айтымында, баары жакшы болоруна көзү жетип, санаасы тынч имиш.
– Апа, абдан кыйналып кеттим...
Акыркы ирет апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө баштаган кебим ушул болду.
– Алгач кош бойлуу болгондо баарыбыз тең талгак болуп, кусуп кыйналып жүрүп силерди төрөгөнбүз. Кызым, баары убактылуу нерсе, бала жытына балкыганда кыйналганың бир тыйынга да татыбай калат.
Ичимдеги түйүлдүк үчүн Кайратка жипсиз байланып, аргасыз сүйүктүү келинчектин милдетин аткарууда кыйналып кеткенимди апам кайра башкага буруп, түшүнгүсү жок.
Кээде мейманчылап келе калган Алтын эже менин баягыдай тастаңдабай, кабагым ачылып, орун алып калганыма сүйүнгөндөй. "Көрдүңбү, Кайрат экөөң куп жарашкан түгөйсүңөр" дегендей чай үстүндө катарлаш отурган бизди суктана карагандан тажабайт.
Айтор, баштагыдай Кайратка буркан-шаркан түшүп, кыялымды көрсөтпөй, оозума эмне келсе айта бербей, баарын ичиме катканга үйрөндүм. Сезим эскирет, унутулат деп сооронгонум менен, Мезгилди ойлогонум ойлогон. Эми бассам-турсам анын батыраак сакайышын Жараткандан тилеп келем. Санаам тынчыбай, бир эбин таап ал-абалын билгим келди.

#11 01 October 2015 - 02:02
– Алия, эже катары берер кеңешим, баарын акыл менен калчап, жылуу уяңды ордунан козгобо. Бул да болсо жазмыштын иши. Жолдошуң деле жаман жигит эмес көрүнөт,- деп жашырынып ооруканага барганымда Жамал эже мени Мезгилдин үстүнө киргизгиси келбеди. – Мезгилдин абалы жакшы. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" демекчи, акыры апамды жерге бергенибизди,
сенин турмушка узаганыңды айттым.– Эже, Мезгилге бир жолугуп алайын. Айтчу сөздөрүм бар эле...– Төө кыядан өткөн соң, айта турган эмне кебиң калды? Болду, сенин түтүнүң бөлөк. Кош бойлуу экениңден Мезгилдин кабары бар. Минтип эриңен жашырынып мурдагы жигитиңе келип турганың уят иш. Жаманбы, жакшыбы, сен эми эри бар келинсиң. Текеберленип,
сүйүүгө шылтап, ырыскыңды теппе.– Сүйүүчү? Сезимим менен эсептешкиси келбеген бардык жакындарыма бере турган суроомду бул саам эжеге да узаттым.– Билесиңби, сүйүү ашып кетсе үч эле жылдык. Тескерисинче,
жетпей калган сүйүүнү аздек тутуп каласың. Адам болгон соң, убакыттын өтүшү менен баарын жеңүүгө болорун эсиңден чыгарба. Айтайын дегеним, убакыт баарын дарылайт.Баягы эле утурумдук мени соороткон сөздөр... Уккум да келбейт. – Өмүр бою Мезгилдин астында күнөөлүү кишидей болбой, демимди бир суутуп, бар бугумду чыгаргым келип турат, Жамал эже! – Ал азыр сенин бугуңду, актанууңду уккудай абалда эмес...Жамал эже ойлуу улутуна "болду, биздин тынчыбызды алба" дегендей кош көңүл мамиле кылып оорукананын оозуна чейин узатып кала берди. Экинчи сапар ооруканага келгенимде эшик оозунда кирген-чыккандарды тескеген аял мени таанып калган белем же мен тууралуу кабары барбы, айтор, челкейген курсагымды бир сыдыра карап, Мезгилдин үйүнө чыгып кеткенин айтты. Чекем жарыла кубанып турдум. Ылайым бөөдө кырсыктан алыс болуп, Мезгилим бактылуу болсо экен.
#12 01 October 2015 - 02:03
Мезгилдин үйүнө шар кирип бара албай, үйдүн астындагы орундукта ичиркенткен желге жүзүмдү тосуп көпкө отурдум. Дыбырап жамгыр себелеп кирди. Ары-бери өткөндөр мени таң калып карап жатышат. А мен көздөрүмдү бекем жумуп, биз таанышкан жамгырлуу күндү эстеп жылмайып, дал ошол күнкүдөй кубанычка балкып турдум. Ичтеги ымыркайым да бир булкуп алды.
– Жамгырда калып ооруп калба.
Кол чатырга башын катып араң басып бараткан орус кемпирдин кеби кулагымдын сыртынан кетти.
Кыялымда баягыдай Мезгилге жолугуп, ал мага "үшүп калдың го" деп ысык кофе даярдап бергени көз алдыма тартылды.
– Сени ушул жерден табарымды билгем.
Кокусунан чыккан Кайраттын үнү мени селт эттирди.
– Карачы суу болгонуңду. .. Ооруп калсаң эмне болот? Акыры жолукчу адамыңа жолугуп, демиңди бастыңбы?
Ушу Кайраттын токтоолугуна таң калам. Суу болгон жүзүмдү бет аарчысы менен аарчып, кол чатыры менен калкалай мага суроолуу тигилди.
– Мыскылдабачы, демиңди бастыңбы деп...
– Жүрү кеттик, карачы сыгып алма суу болгонуңду.
Суу болгон плащымды чечип, үстүмө жеңил күрмөсүн кийгизди.
– Дагы деле артымдан аңдыганыңды коё элек экенсиң да, ээ?
– Кандай ойлосоң ошондой ойло...
Мени жекире караган Кайрат колумдан мыкчый подъездди көздөй жөнөдү. Кайрат тутканы кармап ача бергенде ары жактан Жамал эже көрүндү. Кайрат жол бошото берип боюн бери алары менен коляскада отурган Мезгилди көрдүм.
– Мезгил, Мезгил...
Мелтиреп, мени укканы да, көргөнү да билинбейт. Кандай күч пайда болду билбейм, чөгөлөй отуруп буркуп ыйлап жибердим. Оо, Кудай, пендеңе кылган бул эмне жазмышың, кордугуң?! Оозума кеп келбей, ыйдан күчүмдү чыгардым.
– Мен Алия, Алиямын го?! Кечир мени, Мезгил! Кечир мени, сүйгөнүм...
Кайрат көпкө карап тура албады көрүнөт, колтугумдан сүйөп өйдө тургузду. Карачы Жараткандын теңсиздигин, капилеттен кырсык берип алты саны аман Мезгилимди кандай адамга айлантып салганын?!
– Алия ыйлаган менен баарын артка кайрып ала турган болсок кана! Атаганат, андай эмес!
Кемшеңдеп Жамал эже менин көзүмдөгү жашты аарчый жүзүмдөн сүйдү.

#13 01 October 2015 - 02:03
– Минтип Мезгил же үндөбөйт, же сүйлөбөйт. Доктурлар бара-бара эсине келет деп чыгарып беришти. Ал жакта жата бергенден көрө үйгө чыкканыбыз оң экен. Дагы алтын башынын аман калганына шүгүр кылып келем. Жаратканым жар болсо, бул сыноолордун бүтчү убагы келер. Алия, көп ойлоно бербе, айтчу кебимди өткөндө айткам. Иним экөөңдүн мындай аянычтуу сүйүүңөргө ичим ачышып турат. Сен бактылуу болууга тийишсиң. Эч убакта өзүңдү күнөөлүү сезбе, жолдошуңду урматтап, ай-күнүңө жетип калыптырсың,
аман-эсен көз жарып ал.
Негедир бир нерсени түшүнгөндөй Мезгил ыйга чайыган жүзүмдү бир азга карап турду да, жүзүн менден буруп кетти. Ким билсин, мүмкүн, ал дагы ичтен сызып жаткандыр...
– Эже, иниңиздин жакшы болуп кетерине ишенем...
– Рахмат, Кайрат. Өткөндө сен айткан доктур бизге бир топ жардам берди.
Демек, Кайрат баары менен таанышканга үлгүрүптүр. Сыягы, Жамал эжеге мени Мезгилге жолуктурбасты ал суранса керек.
– Биз таза абага сейилдегенге чыкканбыз. Билем, Мезгил жамгыр жааган учурду абдан жактырар эле.
Эс-мас абалда майда жаандардын коштоосунда коляска сүйрөгөн Жамал эженин карааны тээ бульварга кирип, бак арасына сиңип кеткиче ошол жакты телмире карап тура бердим. Кайраттын "демиңди бастыңбы" дегени "майып сүйгөнүңдү көрдүңбү" дегени тура.
Эми Мезгилимдин мындан аркы жашоосу эмне болот? Ким ага кам көрөт? Жок эле дегенде апасы тирүү болсочу. Аярлап кароого аялы болсо кана? Жол бою ар кыл ой мени курттай жеп баратты. Акыры ой-тилектеримдин ашмалтайы чыгып, жан дүйнөмдү кайдигерлик ээлеп алгансыды.
Жараткан жар кылып кошкусу келсе, тээ төрөлгөнү маңдайыңа жазылган жазмыштан качып кутула албайт окшойсуң. Минтип эркиме карабай жашоо агымы өз нугуна салып, мени аркы же берки өйүзгө чыгаргысы жок. Менде алышкыдай дарман калбады. Чамасы, ошол нук менен кетүүгө, тагдырыма баш ийүүгө туура келет окшойт. Билген адамга өзүңдү сезим айдыңында күнөөлүү сезип, ага карабай сүйүүдөн бүткөн жараатың менен сыртыңдан бактылуу көрүнүп жашоо, сүйүктүүсүн оор абалда унутта калтыруу, аны менен бирге болгон күндөрдү түш сымал кабыл алуу ары татаал, өтө кыйын. Аялдык намысыма алдырып, аруу махабатымдан, ак сүйүүмдөн баш тартууга туура келди. Баарына кол шилтеп басып кетсем деле жарашмак, бирок ата-энем, бир туугандарым, жек-жаатым.. . Ушунун баарын, эртеңки турмушуңду ойлойсуң. Алгач кайгырдым, ардандым, Мезгилимсиз жашагым келбеди. Аруу, таза сезимдер көр тириликтин курмандыгы болору чын экенине көзүм жетти. Муңкандым. Бирок кызыл эт наристемдин ууртунан жылмаюусу мени бакытка балкытып баратты. Демек, жашоо уланат... Сезимдер ар түрлүү жана мезгилден көз каранды эмес...
(Аягы)

#15 01 October 2015 - 20:31
Куйоосун жек коруп аргасыз бала учун сабыр кылып жашагандар деле бар экен го...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#16 02 October 2015 - 16:30
Jan duinodogu uigu-tuigu sezimderdi en sonun chagyldyryp,surottoptur.
Maga jakty.Avtoru kim eken uwul chygarmanyn?
#17 02 October 2015 - 17:39
#20 03 October 2015 - 13:33
Эхх жашоо... ар бирибиз сүйүп-сүйүлүп жашоону Аллахым насип этсин
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео