Суперстан: Бай атам, кедей атам. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бай атам, кедей атам. Бай ата-эне балдарын эмнеге уйрөтөт? Кедеі ата-эне эмнени үйрөтпөйт?

#101 Пользователь офлайн   Zolushka89   20 Июнь 2016 - 07:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:52

Калганын жазып бутурбойсуздорбу. ушу кантип болсун.кимдир бироонун совести жок калганбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Kanat.kg   21 Июнь 2016 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Мен улантып коёюн



- А, башкалар үйрөнүүнү каалагн эмеспи? –деп суроо узаттым.

- Жок, - деди. – акчага ишт өөнү үйрөнгөнжеңилирээк. Айрыкча акча маселесине келгенде, сени коркунуч сезими каптап турса…

- Мен түшүнбөдүм, - дедим мурдумдутырыштырып.

- Ал жөнүндө тынчсызданба. Азырынча, ошолкоркунуч сезими жөнүндө, адамдардын жумушка колу байланып калышын гана билипал. Свет, газдарга төлөй албай калуу, жумуштан айдалып кетүү, жетишерлүү акчаныколуна кармай албай калуу коркунучу. Баарын башынан баштоо коркунучу. Коркунучсезими, адам кесибин мыкты өздөштүрүп, билип алууга мажбурлайт. Анан адамакчага иштеп, акчага карай умтулат. Көпчүлүгү акча кул болуп калышат. Кийинбоссуна кыжырланышат.

- Акчаны өзүңө иштеп берүүсүн үйрөнүү,окуунун бир багытыбы? – деп сурадым.

- Албетте, - деди бай атам. – Албетте!

Унчукпай олтуруп калдык. Кеңсе жымжырт болотүштү. Эртең мененки күн сонун болуп тийип турат. Азыр дос балдарыбыз бейсболойной баштайт болуш керек. Эмнегелир мен Майктын атасына ыраазы болуп олтурдум.10 цент үчүн иштегениме да капа эмес элем.Менин досторум албаган сабактыжакында түшүнө баштаарымды сезип жаттым.

- Даярсыңбы? - деди бай атам. – Ачыгын айт!

- Албетте, - дедим жылмая. – Даярмын!

- Мен сөзүмө туруп, үйрөтүүнү тээ алыстанбаштадым. 9 жашыңда сен акча иштөөгө, акча үчүн иштөөнү билдиң. Акыркы үчжумаңды 50 жылга кош, ошондо сен, канчалаган адамдар өмүр бою эмне мененалектенип жатканын сезесиң.

- Түшүнбөй жатам, - дедим мен.

- Маянаңды көтөрүп беришимди, мен кеңседенчыкканымды күтүп олтуганыңда, сен өзүңдү кандай сезип жаттың?

- Аябай начар, - дедим мен. – Ачуум да келипжаткан эле.

- Эгерде, сен акчага иштөөнү, акчагаазгырылууну тандасаң – андан сен, көпчүлүк адамдар башынан кечирип жаткантагдырды тандайсың, - деди бай атам. – Мартин эжең 3 саат иштегениңе 30 центберип жатканда, өзүңдү кандай сезип жаттың?

- Аз экенин сезип жаттым. Бекер иштепжаткандай болдум. Көңүлүм калып, сизге ачууланганым ырас, - дедим мен.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Kanat.kg   21 Июнь 2016 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Ошондой сезимди, көпчүлүк жумушкерлер, айлыгы колуна тийгенде гана башынан өткөрүшөт. Айрыкча соцфондун карыздарын кармапкалгандан кийин. Сеники го 100 пайыз колуңа тийип жатты.

- Эмне жумушчуларга маянасы да толук тийбейби? – таң кала сурадым мен. – Кызык го!

- Ооба! – деп жооп берди бай атам. – Өкмөт, өзүнө тиешелүүсүн биринчи ирээтте кармап калат.

- Кантип кармап калат,- дедим.

- Салык, - деп айтты бай атам. – Акча иштегениңе салык салат. Акчаны коротконуңа салык салат. Акчаңды банкта кармаганыңда дагы. Өлсөң да салык төлөйсүң. Түшүндүңбү?

- А эмнеге адамдар, өкмөт өздөрүнө ошондой мамиле кылганга уруксат беришип жатышат?

- Байлар андайларга уруксат беришпейт, - деп күлдү. – Кедейлер, орточо жашаган адамдар гана ошого макул. Жалган айтпасам, мен сенин атаңдан көп иштейм. Бирок, мага караганда салыкты ал көп төлөйт.

- Кандайча ошондой болушу мүмкүн? - деп сурадым. Мага бул нерсе чын өңдүүдөй сезилбей жатты. – Эмнеге адамдар, өздөрүнө ошондой мамиле кылууга уруксат беришип жатышат?

Бай атам унчукпай калды. Ал мени сүйлөй бербей, угуп олтурушумду каалады го. Тынчтанып олтуруп калдым. Азыркы уккандарым мага жаккан жок. Атамдын «алган айлыгымдан көп кармап калат» - деп кыжырданганын укчу элем. Бирок, эч нерсе кыла алчу эмес. Мүмкүн жашоо аны ошентип соккулап жаткандыр?

Бай атам олтургучунда жай термелип , меникарады.

- Үйрөнгөнгө даярсыңбы? – деп сурады. Мен башымды ийкедим.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 21 Июнь 2016 - 21:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Kanzada97   21 Июнь 2016 - 21:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 29 Март 16
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 16:20
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Бул тема коп окуган элем) бир китеп эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

- Жана айткандай, көп билип, акчаны сага иштөөгө мажбурлоону билишиң зарыл. Ага, өмүр бою үйрөнүшүң керек. Көпчүлүк жогорку окуу жайларына тапшырат. 4-5 жыл окугандан кийин билим алуусу аяктайт. А, менин акча тууралуу сабагым өмүрүңдүн аягына чейин уланат. Канчалык көп билген сайын, ошончолук көп билим алышың керек. Көпчүлүгү акча сабагын үйрөнүшпөйт. Жумушуна барышат, маянасын алышат, анан болду. Акчанын аздыгына, зарылдыгына, жетпей жаткандыгына таң калышат. Акчаң көп болсо эле баардык маселен чечилип калгыдай ойлошот. Алардын акча билиминде кемчилик бар экенин көпчүлүк баамдабайт.

- Анда менин атам, каражат билими жок болгондуктан гана салык көйгөйүн тартып жатабы? – деп, уялгансып сурадым.

- Угуп тур, - деди бай атам. –Салык- бул кичине эле чети. Ал жөнүндө көп билиштин деле кажети жок. Менин билгим келгени, сенде, дагы деле, каражат билимин алам деген тилегин жоголуп кеткен жокпу? Көпчүлүгүнө мунун кереги жок. Алардын мектепке баргысы, бир кесипке ээ болгусу, жумуштан ырахат алгысы келет. Көп айлыкка иштегиси келет. Бир күнү ойгонсо эле акча көйгөйү турган болот. Иштебей койгонго мүмкүнчүлүгү жок. Мына, акча сага иштеп. Акчаны баш ийдирүүнү үйрөнүүнүн ордуна, бул акчага кул болуп иштегендин пайдасы! Билим алгын келбей калган жокпу?-деп сурады бай атам. - Балким, иренжий баштаган чыгарсын?

Билим мага керектигин – башымды ийкеп билдирдим.

-Жакшы, - деди. – Анда жумушка бара бер. Бул жолкусунда бекер иштейсин!

- Кандайча? –деп таң кала суроо узаттым.

- Мени уктуңбу? Бекер! Сен мурдагыдай эле ар ишемби күнү 3 сааттан иштейсиң. Бирок, мурдагыдай саатына 10 цент төлөп бербейм! Сен акчага кул болуп иштебегенди үйрөнгүң келбеди беле? Эми акчага иштебейсиң, эч нерсе төлөбөйм.

Уккан кулагыма ишенген жокмун.

- Сени менен сүйлөшкөндөй эле Майк менен да сүйлөшкөм, - деди жай баракат гана бай атам. – Ал азыр консервалардын чаңын аарчып, текчелерге жайгаштырып, бекер иштеп жатат. Сен да жумушка шашыл.

- Бул адилеттүүлүккө жатпайт! –деп кыйкырдым. – Аз болсо да төлөп беришиңиз керек!

- үйрөнгүм келет деп айттың го. Азыр үйрөнүп албасаң, жанагы аял менен кишидей акчага иштеп, жумуштан айдап жиберишимден коркуп, үмүттөнүп олтуруп каласың. Же бой жетип өзүңдүн атаңдай болуп, көп акчага иштеп, кулагыңа чейин карызга батып, көп акчам болгондо баары чечилмек деп ойлоп жүрө бересиң. Эгер, ошону кааласаң, анда мурдагы келишимге келели да, бир саатына 10 центтен иштей бер. Же башкалардай эле аз төлөп жатат деп даттанып, жумуштан чыгып, башка жумуш изде!

- Эмне кылайын? – деп сурадыммен.

- Пайдалан! – деп, билинер –билинбес башыма ургулады. – Эгерде, мен айтканды кылсаң, жакшы. Берген мүмкүнчүлүктү колдонуп, мага ырахмат айтып, келечекте бай жашайсың.

Арамза келишим сунуштап жатканына ишенбей, эс-мас болуп туруп калдым. Мен бул жакка маянаны көтөрүп бер деп келгем. Эми болсо, мага такыр бекер иштеп бер деп жатат.

Бай атам менин башыма дагы билинер-билинбес ургулап:

- Учурдан пайдалан. Менин кабинетимен чык да, жумушту башта!

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 22 Июнь 2016 - 01:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

1-сабак.

Байлар акчага кул болуп иштешпейт

Мен бекер иштеп жатканымды кедей атама айткан жокмун. Атам түшүнмөк эмес.А, мен өзүм да түшүнө элек нерсени ага айтып олтургум келеген жок. Дагы 3 жумаар ишемби күнү Майк экөөбүз 3 сааттан бекер иштедик. Жумуштун кыйынчылыгы дележок болучу, тажаган да жокпуз. Болгону бейсбол ойнобой жана комикс сатып алаалбай калдым. 3-жума дегенде түшкө маал, бай атам машинасы менен келди.Унаасынын мотору өчкөнүн уктук. Бай атам дукөнгө кирип келип, Мартин эже мененкучакташып көрүштү. Дүкөндөгү иштин жүрүшүн сурагандан кийин, муздаткычтан 2балмуздак алып, акчас ын берип, Майк экөөбүздү жанына чакырды.

- Жүргүлө басып келели, - деди.

Жолдун аркы бетине өтүп, чоң эмес,чөп өскөн мейкиндикке келдик. Ал жерде бир канча улуу кишилер софтбол ойношупжатыптыр. Чекеде турган столго олтургандан кийин, бай атам балмуздактардыбиздин колубузга карматты.

- Иштер кандай? – деди бай атам.

- Жакшы, - деди Майк, мен дагыбашымды ийкедим.

- Үйрөнөбүзбү дагы, - деп сурады бай атам.Майк экөөбүз бири-бирибизди карап, ийиндерибизди куушуруп, башыбызды ийкедик.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Tansuluu09   22 Июнь 2016 - 22:08

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 23:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын



Турмушубуздагы чоң капкандардын бирин кантипайланып өтсө болот?

- Жакшысы, балдар, эмнени ойлойбашташыңар керек. Алдыңардагы жашоонордо керек, эң чоң сабактардын бири. Эгер,силер аны өздөштүрүп алсаңар, анда силерди коопсуздук жана эркиндик күтүптурат. Андай болбосо, Мартин эжедей же бул аянтчада, софтбол ойноп жатканадамдардай эле аяктайсыңар. Алар, аз айлыкка, бирок, аябай аракет кылыпиштешет. Жумуш менен 3 жумалык эс алууну күтүп, 45 жыл эмгектенгенде кийин,берекеси жок пенсияга чыгышат. Эгер, бул нерсе көңүлүңөрдү кубанычка бөлөпжатса, анда мен силердин маянаңарды саатына 25 центке көтөрүп берейин.

- Бирок, булар жакшы, эмгекчиладамдар го. Сиз алардын үстүнөн күлүп жатасызбы? – деп сурадым.

Бай атамдын жүзүндө жылмаюу пайда болду.

- Мартин эжени мен, өзүмдүнапамлдай эле көрөм. Мен ага эч качан андай таш боордук жасабайт элем. Мүмкүнменин сөздөрүм силерге катаал угулуп жаткандыр. Силерге болгону бирдемкенижеткире түшүндүрөйүн, көз карашыңарды кеңейтейин деп жатам.Келекчекте, башкаларбилбеген нерсени көрүп, билип алсын дегеним эле. Башкалардын көз карашытар. Көпчүлүгү капканга түшүп калганынбайкашпайт!

Майк экөөбүз жакшы түшүнө бербейолтурдук. Ал абдан катуу айтып жатты. Бирок, биздин, бирдемкени үйрөнүшүбүздүкаалап жаткандыгын сезип турдук.

- А эмне, саатына 25 цент төлөсөмжаманбы? – Жылмаюу менен сүйлөдү байатам. – Жүрөгүңөр сүйүнүп. Тез-тез согуп жатпайбы?

Мен башымды чайкадым. Бирок, анынайтканы туура болчу, саатына 25 цент мен үчүн чоң акча эле.

- Макул, саатына 1 доллар төлөйм,- деди бай атам арамза жылмаюу менен.

Эми менин жүрөгүм көкүрөгүмдөн чыгыпкетейин деди. Уккан кулагыма ишенбей, ичимден “Макул! Макул!” деп кыйкырыпжаттым. Ошентсе да унчукпайт олтурдум. Сыр бербедим.

- Макул, саатына 2 доллар, - дедибай атам.

Менин 9 жашарлык мээм мененжүрөгүм жарылып кетейин деди.Бул 1956-жыл болчу. Саатына 2 доллар мени дүйнөдөгүэң бай балага айлантмак. Анчалык көп ишгенди элестете алчу эмесмин. Мен “ооба”дегим келди. Кол алышканга даяр бочумун. Мен жаңы велосипедди, жаңы бейсбол колкабын, досторум колумдагы акчаны көрүп, мага суктанышып жатканын элестетипжаттым. Ошондо Джимми өзүнүн бай достору менен мени эч качан “кедей баласың”деп айта алмак эмес.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 23:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Каталар кетсе коптон кечирим сурайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Tansuluu09   22 Июнь 2016 - 23:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ушул теманы кайра кайра окуп жакшы тушунбогон элем интернет ошол оюнду алайын деп тушунбой койдумбу ойной албай койгом ошол оюндун атын жазып койчу

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 22 Июнь 2016 - 23:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Tansuluu09 (22 Июнь 2016 - 23:51) жазган:

Ушул теманы кайра кайра окуп жакшы тушунбогон элем интернет ошол оюнду алайын деп тушунбой койдумбу ойной албай койгом ошол оюндун атын жазып койчу


Келемишин айлампасы дегенби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   nasik198   23 Июнь 2016 - 03:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Kanat.kg ушуну биротоло аягына чыгарып койчу убактын болсо рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 00:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Саатына 2 доллар төлөп беришин аябай кааласам да, өзүмдү кармадым. Балмуздагымээрип колумдан агып кетти. Жерге агып калган балмуздакты кумурскалар сүйүнүшүпашап жатты. Көздөрүн алайтып, баштары маң болуп карап турган эки балага байатам мыйыгынан жылмаюу менен карап турду. Ал бизди сынап, азгырып, келишимге макул болгубузкелгенин билип эле жатты. Ар бир адамдын ички дүйнөсүнүн алсыз жеринен кармап,сатып алса болушун ал билчү. Ошондой эле, ар бир адамдын ички дүйнөсүндө, бир болсо да, эч кандай акчага сатыпалгыс, эрки, кайраты болушун жакшы билчү. “Алсыздыкпы” же “кайрат” жеңеби –сөздүн баары ошондо болчу. Миңдеген адамдар ушул суроону өз башынан өткөргөн.

- Жакшы, саатына 5 доллар, - дедибай атам. Эмнегедир ички дүйнөмдө өзгөрүү пайда болду.Сунуш аябай элежоомарттай, анан сандырактай сезилди. Чоң кишилер деле 1956-жылдары саатына 5доллар иштеген эмес. Ички дүнөмдө жымжырттык өкүм сүрдү, азгырык жоголду.Майкты караш үчүн, акырын сол капталыма бурулдум. Ал өз кезегинде мени тиктептуруптур. Ички дүйнөмдүн саткын эмес, эрктүү тарабы жеңип кетти. Эми мен өзүмөишенип, эркин сезе баштадым. Майк да өзүн ошондой сезип жатканын байкап турдум.

- Жакшы, - жай сүйлөдү бай атам. –Көпчүлүк адамдардын өзүнүн баасы бар. Бар дегеним, алардын ички дүйнөсүндөкоркоктук жана ач көздүк жашайт. Биринчиси – акчасыз калуу коркунучу бизди көпиштегенге түрткү болот. Акчаны алгандан кийин биз ач көздүктүн жана каалоонунторуна түшөбүз. Биз анан акчага сатып ала турган нерселерди ойлой баштайбыз.Жашообуз бир калыпта өтө баштайт.

-Кандай калыпта? – деп сурооузаттым ага мен.

-Ал мыднай – туруп жумушкабарабыз, үйгө келебиз, эсептөөлөрдү (газ, свет, кредит, салык ж.б.) төлөйбүз,кайра жумушка, дагы эсептөө төлөйсүң. Ушундай калыпта жашаган адамдарды,коркунуч менен ач көздүк башкарат. Айлыгын көбөйтүп койсоң, алар чыгымын көбөйтүшүп, бир калыпта жүрүшө берет. Ушуну мен “келемиштин айлампасы” деп айтамын.

-Башка жол барбы? – деди Майк.

-Бар, - деп жай айтты. – Бирок, албардыгына эле кездеше бербейт.

-Ал кандай жол? – деп сурады Майк.

-Мен бара жаткан жол, балдар,эгер, силер менде иштеп жана үйрөнсөңөр, билесиңер. Мына ошондуктан силергеакча төлөбөй жатам.

-Эч болбогондо кулак кагыш кылыпкойбойсызбы? – деп сурады Майк. – Биз бекер иштей берип чарчадык.

-Биринчи кадам – чындыкту сүйлөө,- деди ал.

-Биз алдабайбыз, - дедим мен.

-Силер алдайт деп айткан жокмун,чындыкты сүйлөгүлө дедим.

-Кайсы чындык жөнүндө? – депсурадым бай атамдан.

-Эмнени сезип жатканыңар жөнүндө,- деди ал. – Өзүңөргө гана. Бирөөлөргө аны айтышыңардын кажети жок.

-Бул аянчадагы адамдар жана сиздин колуңузда иштеп жаткандар же Мартин эже, ушул нерсени жасашпайбы? – деп суроо узаттым.

-Ооба, себеби, ал шектүү көрүнөт,-деди бай атам, биздин башыбызды черткилеп. – Анын ордуна акчасыз калам деп коркушат. Коркуу сезими менен күрөшүүнүн ордуна, жеңилишип беришет. Ой жүгүртүүнү эмоция жеңип кетет. Бир-эки доллар колуна тийгенде сүйүнүү эмоциясы, каалоо, ач көздук, акыл-эстик жана туура ойлонууну басып калат.

-Ошондо алардын эмоциясы туура эмес ойлонууну калыптандырабы? – деп сурады Майк.

-Туптуура, - деди бай атам.–Чынында эмне сезип жатканың, өзүңө чындыкты айтуунун, туура ойлонуунун ордуна, алар ар кандай эмоцияга багынып беришет. Алар коркунуч сезимин туюшат. Жумушка барышат. Акча, алардын коркунуч сезимин басаңдатышына үмүтүн үзбөйт. Бирок, андай болбойт. Баягы эле коркунуч сезим артынан калбайт. Алар кайра жумушуна кайтышат, ошентип биринчи күнү экинчи күнүнө окшошуп кайталана берет. Жумушка барат, акча иштейт. Алган акчасы жетпейт, түгөнөт, кайра жумушка барат. “Тордон” чыга албай жүрө берет. Эртең менен турганда, коркунуч сезими кошо турат. Түнү уйкусу качат, ойлору чаташат, ички дүйнөсү кыйналып жүрө берет. Аларды акча башкарат. Акча алардын эмоциясын, каалоосун көзөмөлдөп турат. Адамдар ошол нерсени моюндарына алгандан баш тартышат.

Бай атам өзүнүн айткан сөздөрү биздин мээбизге сиңиш үчүн, бир аз унчукпай олтурду. Майк экөөбүз анын сөзүн укканыбыз менен жакшы түшүнө бергенибиз жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Июнь 2016 - 00:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 00:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

nasik198 (23 Июнь 2016 - 03:44) жазган:

Kanat.kg ушуну биротоло аягына чыгарып койчу убактын болсо рахмат.


Уббакыт тапкан сайын улантып турам, болушунча коптон жазганга аркет кылам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   nasik198   24 Июнь 2016 - 01:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Kanat.kg чоон рахмат кутуп окуп жатам,колун дарт корбосун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Чоңдор жумушка шашылышканын билчүмүн. Эмнеге мынчалык шашканы мага аябайкызык болчу. Бул көп деле сүйүнүчтүү эмес болчу, өздөрүн бактылуу да сезбечү.Бирок, бир нерсе, аларды шашканга мажбур кылчу.

-Ошол капкандарды айланыпөтүшүңөрдү каалай элем. Жөн гана бай болуунун жолун эмес, бай болсоң элебаардык көйгөй өзүнөн-өзү эле чечилип калбайт. Мына ошондуктан мен силердиүйрөткүм келет, - деди бай атам, айткан сөздөрүнүн жарымын болсо да түшүнүпалганыбызды көрүп.

-Чечпейт дейсизби? – дедим мен таңкала.

-Жок чечпейт. Каалоо деген эмне?Ошону караштырып көрөлү. Кээ бирлери сугалактык менен акча иштегенди – каалоо дейт.Мен антип ойлобойм. Жакшынакай, татынакай, сүйүнүчтүү нерсени каалоо – бул жакшыкөрүнүш. Өздөрүнүн каалоосун канааттандырыш үчүн элдер акча иштешет. Акчагакелип жаткан сонун нерселер – кубаныч тартуулабайт. Зор бактылуулукка, каалоосун канааттандырууга, комфортко, бейкадамдыкка дагы акча керек. Азапкасалып жаткан коркунуч сезими менен каалоо сезимин тынчтандырыш үчүн элдер жанынкыйнап, соңку деми чыгып кеткиче иштейт. Бирок акча жардам бербейт.

-Байларга дагыбы? - деп сурады Майк.

-Байларга дагы, деди бай атам. – Байлардын оюнда:акчасы жок калууну, кедейленгенде коркуу сезимин, дүнүйө тосуп турат дешет.Алар тонналаган акча топтошот. Коркунуч сезими андан да күчөйт. Байлар баарынжоготуп алышынан коркушат. Менин досторум бар, акчасы чирип жатса да, өздөрүиштөөнү токтотпойт. Бай эмес кезинде коркпогон, азыркы – миллионер болуп турганучурда – жүрөктөрү турушкан адамдарды билем. Байлыкка алып келген коркунучсезими, кайра күчөгөн. Алсыраган ички дүйнөсү мурдагыдан да катуу кыйкырат.Алар өздөрүнүн хан сарайындай үйлөрүн, машиналарын – акчага келген сонунжашоосун жоготкусу келбейт. Бардык байлыгын жоготуп алышса “элдер эмне дейт?”деп коркушат. Көп байлар, сырт келбетинен сопсоо, акча жетиштүү көрүнгөнү мененден соолуктары начарлай баштайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 01:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

nasik198 (24 Июнь 2016 - 01:24) жазган:

Kanat.kg чоон рахмат кутуп окуп жатам,колун дарт корбосун.


Чон рахмаат эжекеси, айтканыныз келсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 08:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

-А, эмне кедей адам, байгакараганда бактылуубу? – деп суроо узаттым.

-Жок, мен антип ойлобойм, - дедибай атам. – акчага муктаждыктын дагы – ашыкча байлыктай эле терс жагы бар.

...Ошол мезгилде биздин столдунжанынан селсаяк өтүп баратып, таштандыларды тыта баштады. Мурда бул кубулуштукөргөндө маани бербейт элек. Азыр биз – үчөөбүз абдан кызыгуу менен караптурдук. Бай атам капчыгынан 1 доллар алып чыгып, колу менен селсаякты чакырды.Ал акчаны көрүп, чуркап келип, долларды алды. Жан дили менен бай атамаыраазычылыгын билдирип, сүйүнгөн бойдон кетти.

-Бул киши, менин көпчүлүкжумушкерлеримден айырмасы жок, деди бай атам. – “Оо, акча мени кызыктырбайт”дегендерди көп эле жолуктурдум. Курулай камырабастык жөнүндө айтып, күнүнө 8саат эмгектенишет. Акчага көңүл кош болушса, анда эмне үчүн иштешет?

Бай атамды угуп олтурганда, өзүмдүн атамдын “Акча мени кызыктырбайт” деп көп жолу айтканы эсиме түштү. Же“Жумушумду сүйгөндүгүм үчүн гана иштейм” деп көп айтаар эле.

Алар эмне кылыш керек? – депсурадым. – Коркунуч сезими менен ач көздүктүн белгиси жоголгончо бекер иштешкерекпи?

-Жок, анда жөн эле убакыттыкоротуу болмок, - деди. – Адамды адам кылган эмоция! “Эмоция” деген сөзаракеттеги күчтү, түрткү болууну билдирет. Эмоцияларыңды туура кабыл алып, акылменен эмоцияңды зыяныңа эмес, өзүңдүн пайдаңа иштет.

-Сени десе! – деди Майктолкундана. – Укмуш экен!

-Азыркы айтканыма силертынчсызданбай эле койгула. Жыл өткөн сайын баары өз ордуна келет. Эмоцияңардыбайкап жүргүлө, бирок, каршылык көпсөтпөгүлө. Айрымдар адамдын ой жүгүртүүсүнкалыпка салган эмоция экенин билипейт. Силердин эмоцияңар – бул силердинэмоцияңар. Бирок, силер өзүңөрдүн ой жүгүртүүңөрдү өзүңөр калыпка салышыңаркерек.

-А, сиз буга мисал келтирип береаласызбы? – дедим мен.

-Албетте, - деди бай атам. – Адам“мен жумуш табышым керек” десе, анда анын ой жүгүртүүсүн эмоция башкарып жатканболот. Акчасы жок калуу коркунучу, ошол ойго күч берип турат.

-Бирок, элдерге чынында эле акчакерек да, - дедим мен.

-Албетте керек, - деди бай атам. –Болгону менин айтайын дегеним, көпчүлүк учурда коркунуч сезими адамдын ойжүгүртүүсүн калыптандырат.

-Түшүнүп жатам, - деди Майк.

-Мисалы, - деп сөзүн улады байатам. – “Эгерде, кокус жетишерлүү акча болбой калсачы?” – деген коркунуч сезимипайда болду дейли. Ошондо бир аз акча иштеп, коркунуч коркунуч сезимин өчүрөмдеп жумуш издегендин ордуна, өзүнө суроо берсе: “Жумуш тапсам эле, коркунучсезими түбү орду менен жоголуп кетеби?”. Менин оюмча “жок” деген жооп болот.Айрыкча тагдырыңды башынан аягына чейин караганда. Жумуш – бул көп мөөнөткөсозулган көйгөйдү, аз убакытка чече турган нерсе.

-Бирок, менин атам дайым: “Мектепте мыкты окуп, жакшы билим ал, ошондо ишеничтүү жумуш табааласың” дейт – деп тартынгансып сүйлөдүм. – Ушул туурабы?

Ообр, мен түшүнөм, эмне себептенантип айтып жатканын, деди. – Көпчүлүгү ошондой кеңеш берет. Анткени, булаларды канааттандырат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Июнь 2016 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

-Ошол нерсени менин, атам,корккондугунан айтат дейсизби?

-Ооба, - деди бай атам. – Акча иштейалбай, коомдон четтеп калам деп коркот. Мени тескери түшүнүп алба. Ал сенижакшы көрөт, жакшы болсун дейт. Анын коркуп жатканын түшүнүп турам. Билим алуужана жумуш эң керектүү. Бирок, ал коркунуч сезимин жок кылбайт. Эртең мененэрте, акча иштеш үчүн, жумушка тургузуп жаткан коркунуч сезими, атаңды – сага “оку”деп айттырып жатат.

-А, сиз бизге кандай кеңеш беретэлеңиз? – деп суроо узаттым.

-Мен сага акчанын күчүн башийдирүүнү жана коркпостукка үйрөтөм. Мектепте аны үйрөпөйт. Эгерде, сен үйрөнүпалбасаң, анда сен акчанын кулу болосуң.

Бай атам айткан сөздүн маанисибар. Ал чындап эле биздинкөз карашыбызды кеңейткиси келген. Чынында эле Мартинэже көрбөгөн, анын колунда иштеген жумушкерлер, өзүмдүн атам көрбөгөн нерсеникөрсүн деген. Келтирген мисалдары бир аз катаал болсун, бирок, мен аларды дайымэстеп жүрчүмүн. Ошол күнү менин көз карашым кеңейди. Адамдардын алдында жаткан “капканды”мен дагы байкай баштадым.

-Андай-мындай деген менен бизбаарыбыз жумушкербиз. Биз болгону ар башка деңгээлде эмгектенебиз, - деди менинбай атам. – Мен болгону, балдар, “капканды” айланып өткөнгө мүмкүнчүлүгүңөрболсун дейм. А, “капканды” эки эмоция коёт. Биринчиси коркунуч сезими, экинчисикаалоо сезими. А, ошол эмоцияларды зыяныңарга эмес, өзүңөрдүн падаңаргаиштеткиле. Мына ошого силерли үгүттөгүм келет. Силер көп акча иштегениңерге менкзыктар эмесмин. Аны менен каалоо жана коркунуч сезиминен өйдө тура албайсыңар. Эгерде, каалоо жана коркунуч сезимин багындырбай туруп байып кетсеңер, андасилер жөн эле чоң акча төлөгөн кул болосуңар.

-“Орго” түшүп калбаш үчүн биз эмнекылышыбыз керек? – дедим.

-Экономикада өкмөт же байлар башкыролдо эмес. Кедейчиликтин, акчага муктаж болуунун негизги себеби: коркунуч жанаолдоксондукта. Коркунуч менен олдоксондукту элдер өздөрү жабыштырып алышат.Алар адамдарды “орго” карм ап турушат. Силер мектепти аяктагыла, коледжкетапшырып билим алгыла. Мен силерге кантип “аңды” айланып өтүүнү үйрөтөм.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   nasik198   25 Июнь 2016 - 19:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Уландысы...... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 04:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: