Суперстан: Бай атам, кедей атам. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бай атам, кедей атам. Бай ата-эне балдарын эмнеге уйрөтөт? Кедеі ата-эне эмнени үйрөтпөйт?

#121 Пользователь офлайн   Kanat.kg   25 Июнь 2016 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Мына ошентип, баш катырманынбөлүтөрү пайда боду. Менин жогорку билимдүү атам мыкты билим алган жанамансаптуу болгон. Бирок, мектепте акчаны кантип пайдаланышты жана кантипкоркунуч сезимин жеңүүнү үйрөткөн эмес. Жашооңдо өтө зарыл нерселерди билипжүрүш үчүн, мен эки атамдан тең билим алышым керектиги маалым болду.-Сизакчасыз калуу коркунучу жөнүндө айттыңыз. Акчаны каалоо – биздин ойжүгүртүүбүзгө кандайча таасирин тийгизет, - деп сурады Майк.

-Манаяңарды көтөрүү менен азгырыпжаткандай. Өзүңөрдү кандай сезип жаттыңар? – деп сурады бай атам. – Каалооңор чоңоюпжатканын байкадыңарбы?

Биз “ооба” – дегендей башыбыздыийкедик.

-Бирок, эмоцияга берилбей, ойжүгүртүүңөрдү кармап кала алдыңар. Бул өтө керек. Силерде дайыма коркунуч жанаач көздүк эмоциялары болот. Ошол эмоцияларды узак мөөнөкө, өзүңөрдүн пайдаңаргаиштеткенге өтө керек. Силердин ой жүгүртүүңөрдү башкарууга жол бербешиңеркерек. Көпчүлүк адамдар коркунуч жана ачкөздүк сезимин, өздөрүнүн зыянына пайдаланууга жол беришет. Ошондой олдоксондук башталат. Көпчүлүк адамдар коркунуч менен ач көздүктүн айынан дүрбөлөңгөтүшүп, акчанын артынан кууп, маянасынын көтөрүлүшүн күтүп, ишеничтүү жумушиздеп, кай жакка бара жатканын байкабай, жашап өтөт. Эми элестеткиле, арабакечэшекти арабага кошуп алып, узун таякчанын учунадагы жипке сабизди байлап,эшектин оозуна салаңдататып, азгырып бара жатканын. Арабакеч кайсы жаккабаргысы келсе, ал таякчаны ошол жакка бурат. А, эшек сабизге жеттпей, азгырылыпкете берет. Эртечи эшекке дагы бир сабизди байлап коёт.

-Сиздин айтууңуз боюнча, мен жаңыбейсбол кол кабын, оюнчук менен момпосулардын элестеткенде, эшек сабиздиэлестеткендей эле болуптурмун да? – дедим.

-Ооба, - деди бай атам. Чоңойгонсайын сенин оюнчуктарың да чоңойуп, акчасы да чоң боло баштайт. Досторуңдуналдында көрүнүш үчүн, кымбат машина, кабаттуу үй, кайык аласың. Коркунуч сезимиартыңдан кубайлайт, каалоо сезими сенин жан дүйнөңдү ээлеп алат. Экөө сенижарга такайт. Капканга түшөсүң. Олдоксондук – коркунуч менен каалоо сезимдеринбагып турат. Мына ошондуктан, Байлар байыган сайын коркунуч сезими күчөй берет.Акча – бул жанагы сабиз. Адам жашоосу – бул олдоксондук менен билим, тарбияалуунун күрөшү. Адам үйрөнүп-билүүнү токтоткондо олдоксондуктун “торуна” түшөт.Ушул абалда адам бир чечим кабыл алат. Таалим-тарбия, билим алууга же жабылып,эч нерсени кабыл албайт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Tansuluu09   25 Июнь 2016 - 21:33

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Молодец Канат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2016 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Башка тилде окудум эле, кыргызча которуп жазып жаткандарга алкыш. Финансылык абалын жакшырткысы келген адамдар үчүн жакшы табылга
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   nasik198   26 Июнь 2016 - 14:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Ой, рахмаат албетте уландысын кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Kanat.kg   26 Июнь 2016 - 19:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Билим аябай керек. Мектепке барып,окугула, коомго пайдаңар тие турган кесипке ээ болгула. Коомго мугалимдер, доктурлар,механиктер, сүрөтчүлөр, ашпозчулар, өрт өчүргүчтөр керек. Атайын окуужайларындата окутушат, ошого биздин маданиятыбыз өсүп-өнүгүп келе жатат, - дедибай атам. – Тилекке каршы, мектеп, окуп-үйрөнүү – көпчүлүк үчүн жолдун башыэмес, тескерисинче аягы.

Жымжыртык өкүм сүрдү. Бай атам жылмайыпкойду. Айтылган сөздөрдүн баарына түшүнө берген жокмун. Улуу мугалимдердин өздөрү жок болсо да,сөздөрү, осуяттары бизди, элди кылымдар бою окутуп келишет. Ошондой эле байатамдын сөздөрү, мени азыркы убакка чейин үйрөтүп келет.

-Бүгүн мен силерге катаал болдум окшойт, - деди бай атам. Буга себепбар. Силер бул айтылган сөздөрдү өмүр бою эстеп жүрүшүңөрдү каалайт элем.Мартин эженин өрнөгү силердин көз алдыңарда турсун. Эшек жөнүндө мисалдыэсиңерден чыгарбагыла. Коркунуч менен каалоо сезими силердин ой жүгүртүүңөрдүбийлеп алып, тагдырыңардагы чоң аңга тартып кетпесин. Өмүр бою коркуп жашап,алдыңа койгон ой-максаттарыңа жетпей калуу – аябай өкүнүчтүү. Акча сенибактылуу кыла турган нерселерди берет деп тырышып акчага иштеген аябай азаптуужана катаал. Карыздарды бериш керек деп, түндөсү чочуп ойгонуп, уйкуң качканыэң жаман. Өмүр бою акчанын буйругу менен жашоо – жашоо эмес! Акча сагакоопсуздукту берет десең – өзүңдү алдагандык болосуң. Бул аябай азаптуу. Эгер,мүмкүн болсо, мен силердин ошол аңды айланып өтүшүңөрдү каалайт элем. Акча үчүнөз тагдырына балта чапкан адамдарды да көргөм. Ошол үчүн, тагдырыңарды акчанын башкарышына жолбербегиле.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Kanat.kg   26 Июнь 2016 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Софтболдун тобу, биз олтурган столдун астына кирип кетти. Бай атам топтуалып чыгып, тоголонуп келген жагына ыргытып жиберди.

-Жашоодогу коркунуч, ач көздүк сезими менен олдоксондуктун кандайбайланышы бар? – деп суроо бердим.

-Акчага олдоксондук мамиле кылсаң, ач көздүктү, коркунуч сезимин пайдакылат, - деди бай атам. – Силерге мисал келтирип кетейин. Көп акча иштеп,үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн, доктурлар тейлөө баасын көтөрөт. Доктурга көрүнүү,дарылануу кымбаттайт. Жарды жашагандарга кыйын болот. Ошондо акчалууларгакараганда, жарды жашагандар, доктурга көрүнө албай, ден соолуктары начарлайт. Доктурларды көрүп адвокаттар да тейлөө баас ынкөтөрөт. Адвокаттар көтөрсө, мугалимдер да айлыгынын көбөйүшүн каалайт. Ошентиптүрмөк тоголонуп олтуруп чоңоё берет, аны менен кошо салык да өсө берет. Байларменен кедейлердин ортосунда чоң жаракка пайда болот. Хаос болуп, дагы бирцивилизация кулашы мүмкүн. Кедейлерменен байлар ортосунда терең аң болгондуктан, цивилизациялар жер бетинен жокболуп кетишкен. Тарых кайталанып жатканын далилдеп, Америка да ошол тарапкажылып баратат. Тарыхтан эч нерсе үйрөнбөйбүз, сабак албайбыз, жөн ганадаталарды жаттап окуп коёбуз.

-Баа көтөрүлөт деген божомолдор болбойбу? – деп сурадым.

-Келекчектүү, билимдүү өлкөдө болбойт. Чынында баа төмөндөш керек.Көпчүлүк учурда ал теория бойдон калат. Адепсиздик түрткү болгон ач көздүк жанакоркунуч сезиминин айынан баа кө төрүлө баштайт. Эгерде, мектептерде акчасабагынан өткөндө, баардыгынын акчасы көп болуп, баалар ылдыйлайт эле. Бирок,мектепте адамдарды, акчанын күчүн багындырып, акча сага иштеп беришин эмес,акчага кул болуп иштөөнү, акча үчүн иштөөгө көңүл бурат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Kanat.kg   27 Июнь 2016 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

-Бизде эмне бизнес-окуу жайлары жокпу? –деп сурады Майк. – Сиз өзүңүз мага ошол жакка барып билим ал деп жатасыз го.

-Бирок, көпчүлүк учурда бизнес-окуу жайларында, татаал эсеп-кысаптычыгара билген жумушкерлерди даярдашат. Алар бизнес менен шугулданууну билишеби?Андай адистер болгону эсептегенди, адамдарды жумуштан бошотууну жана бизнестикыйратуу гана колунан келет. Мен ошондойлорду жумушка алам, ошон үчүн эмне депжатканымды билем. Алардын ою өздүк баадан кымбат сатуу. Баш оорутмай, көпчүлүкучурда, ошондон келип чыгат. Эсеп-кысап өтө керек нерсе, аны билиш керек, бирокал аздык кылат.

-Иштин баары ошондойбу? – деп сурады Майк.

-Ооба, деди б ай атам. – Эмоцияны пайдаланууну үйрөнгүлө. Эмоция мененэмес, акыл менен ойлонгула. Эмоцияңардын тизгинин тартып, бекер иштегенге макулболгонуңарда, менде үмүт пайда болду. Чоң маяна коюп, силерди азгырып жатканда,эмоцияга алдырбай, ойлонуп, туруштук бергенди үйрөндүңөр. Бул – биринчи кадам.

-А, эмнеге биринчи кадам өтө зарыл? – деп сурадым.

-Мына ушуну үйрөнүшүңөр керек. Эгер, билгиңер келсе, мен силерди, чөпбаскан, таштак кыйын жол менен алып өтөм. Көптөрү ал жолдон качышат басканданкоркушат. Эгер менин артымдан жүрсөңөр, акчага кул болуп иштөөнү таштап, акчаныөзүңөргө иштетүүнү үйрөнөсүңөр!

-Эгерде, сиздин артыңыздан ээрчисек, эмнеге жетебиз? Сизден үйрөнүүгөмакул болсок, биз эмне утабыз? – деп суроо салдым.

-Сары май сүйкөлгөн нанды алалы. Нан – курулай нерсе, жалган дейли. Сарымай – бул катуу каалоо сезими десек. Ошол курулай нерседен эркиндикти утасыңар.

-Чөпбаскан татаал жол, ошол жолбу? – деп сурадым.

-Ооба, - деди бай атам. – Чөп баскан же тикенектер – бул жолубуздагы ачкөздүк менен каалоо сезимдер! Коркунуч сезими – тикенектүү жол. Алсыздык,бейкаруулук, ач көздүк сезимдери менен күрөшүп, алдыга басышыбыз керек. Ананжолубуз шыдыр болот. Акылдуулук, ойлонуп ой жүгүртүү менен жеңип өтөбүз.

-Ойлонуп ой жүгүртүү? – деди Майк жакшы түшүнө бербей. Бул эмне?

-Ооба, эмоцияга алдырбай, ойлонуп, акылдуулук менен ой жүгүртүш керек.Эртеңменен туруп, акча көйгөйүн чечиш үчүн, жөн гана жумушка жөнөбөй, ойлонуп, өзүңөсуроо бериш керек: “Тырышуу менен эмгектенүү, менин көйгөйүмдү жакшы жагыначечеби? ”. Көпчүлүк адамдар өзүнө чындыкты айтуудан коркушат. Ойлонгонго жөндөмүжок. Ойлонгондун ордуна жумушуна шашат. Ой жүгүртүүсүн башкарып, жанагы курукыял “сары май сүйкөлгөн нан” – мойнуна минип алган. Ошондуктан ойлонуп ойжүгүртүү жөнүндө айтып жатам. Чындыкты көрсөткөн – ой жүгүртүү.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Kanat.kg   28 Июнь 2016 - 13:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

-Кантип ошого жетишишибиз керек? – деп суроо узатты Майк.

-Мен силерли ошого, кайсыл ой жүгүртүүгө басым жасашты үйрөтөмүн. Эртеңменен чайыңды ичип-ичпей жумушка жөнөөнү адатка айландырбаш керек. “Жумуш –бул, узак мөөнөткө созулган көйгөйдү, аз убакытка чечкен нерсе” дегенимэсиңердеби? Көпчүлүк адамдардын оюнда бир гана нерсе бар – бул айдын аягындасвет, газга төлөө, базардан азык алуу, береселеринен кутулуу. Бул учурда акчаадамдын тагдырын башкарат. Элдер ата-энесинин кылганын кайталашат. Эртең менентуруп акчага иштегени жөнөшөт. “Башка жол барбы?” деп өздөрүнө суроо бергенгеубактысы жок. Мындай учурда эмоция, ой жүгүртүүнү башкарып 4алат. Мээ уктапжаткан болот.

-Эмоционалдуу ой жүгүртүү жана баш менен ой жүгүртүүнүн айырмасын айтыпбере аласызбы? – деп сурады Майк.

-Ооба, мен дайым ушул айырмачылыкты көрөм, - деди бай атам. – Мындай депайткандарды угам: “Бардык адамдар иштеш керек” же “Байлардын бардыгы алдамчы”,же “Мен кызматым боюнча көтөрүлүп жатам, мен ошого ылайыктуумун”, же “Жумушумишеничтүү болгондуктан, мага жагат”. Мындай дегенден көрө: “Мен бул жерде,бирдеме жоготуп жатпаймынбы? ” деп, мындайча айтканда, бир азга ойлонуп, талдоокерек эле да.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Kanat.kg   30 Июнь 2016 - 11:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Мен бай атамдын ушул сабагын жакшылап түшүнүп алышым керек экендигинбелгилөөм зарыл. Качан адам, эмоциянын басымы менен, качан сергек баш мененайтып жатканын үйрөнүп алышым керек эле. Бул сабакты жашоодо мен дайым колдонупжүрдүм. Айрыкча, эмоцияга баш ийип, сүйлөп жатканымда.

...Кайра магазинге келе жатканда, бай атам бизге, байлар чынында элеакча жасашаарын түшүндүрүп берди. Алар акчага кул болуп иштебейт. Майк экөөбүзтиш жуугуч пастасынын идиштерин эритип, акча жасап жатабыз деп ойлогонбуз, байатамдардын ой жүгүртүүсүнө чындап эле жакындаганыбызды айтты. Болгону биз,мыйзамсыз жолду тандап алганбыз. Жаш болгондуктан аны биз түшүнгөн эмеспиз. Албизге мыйзамдуу жана мыйзамсыз акча табуунун жолдору бар деп түшүндүрдү. Мисалдагыэшек сабиздb ээрчигендей – акча – бул иллюзия экендигин бай адамдар билишетдеди. Ач көздүк, коркунуч сезимдин айынан акча иллюзиядан анык акчага айланат.Бул – миллиондогон адамдар акча иллюзия эмес, анык деп ойлогондуктан. Чыныгыэле акчаны ойлоп чыгарат.

Байатам Американын стандарты жөнүндө айтып жатты. Ар бир чыгарылган доллар – булкүмүш доллардын сертификаты. Кандайдыр бир мезгилде стандарттан чектеп кетебиз.Биздин доллар – күмүш доллардын сертификаты болбой калат деген мишмиштер анытынчсыздандырып жатты.

-Ошол катаал мезгил келген кезде, балдар, баардык жамандык сыртка,боштондукка чыгат. Жарды жашагандар олдоксондукка кабылат. Акча иллюзия эмес –анык деп ишенген, жарды, орто жашаган адамдардын тагдыры бүлүнө баштайт.Жашоосу бүлүгөндүктүн себеби, алар өкмөт же жумуш берген компаниялар какоордуккөрсөтөт деп ишенип жүрө беришет.

Бирок, ошол күнү бай атамдын сөздөрүн анчейин түшүнө бебедик. Көпжылдардан кийин гана айтылган сөздөр бизге түшүнүктүү боло баштады.



Бошогондо жазып турам


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   nasik198   01 Июль 2016 - 23:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Kanat.kg   02 Июль 2016 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Башкалар байкабаганды көрүү

Дүкөндүн жанында турган унаасына түшүп жатып, бай атам бизге минтип айтты:

-Жумушуңарды уланта бергиле, балдар. Акчага муктаж экениңерди канчалык унутсаңар, ошончолук алдыдагы жашооңор оңой болот. Мээңерди иштеткиле. Бекериштегиле. Жакында, мен төлөп бере ала турган айлыктан да көп акча иштөөнүн жолун акылыңар көрсөтөт. Башкалар көзүнүн алдында турганда байкабай жатканын –мүмкүнчүлүктөрдү көрөсүңөр. Көпчүлүк элдер ошол мүмкүнчүлүктөрдү эч качан байкашпайт. Эмнеге дегенде алар акчаны,коопсуздукту издешет, анан ошону аларга берет. Силер бир мүмкүнчүлүктү көргөндөн кийин, башка мүмкүнчүлүктөрдү да көрө баштайсыңар. Андайлар өмүрүңөрдө көп кездешет. Ошол мүмкүнчүлүктү байкаганыңарда, мен силерди андан нары, дагы башка нерселерге үйрөтөм. Байкаштыргыла, ошондо силер тагдырыңардагыэң чоң аңды айланып өткөндү үйрөнөсүңөр. Анан эч качан чоң каалоо сүйкөлгөнжалганга жолобойсуңар! ..

Майк экөөбүз кийимдерибизди магазинден алып, Мартин эже менен коштошуп, азыркы олтурган жерибизге кайтып келдик. Дагы бир канча саат сүйлөшүп олтурдук.

Кийинки жума да сүйлөшүү, ой ж үгүртүү менен өттүү. Ошентип кийинки эки жуманы да ойлонуп жана бекер иштөө менен өткөрдүк.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 02 Июль 2016 - 12:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Kanat.kg   02 Июль 2016 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Экинчи жуманын алтынчы күнү, Мартин эже менен коштошуп, комикстер турган текчеге келип, журналды көпкө барактап турдум. Бекер иштеп, комикс сатып алаалбай жатканым аябай өкүнүчтүү болду. Капысынан, мурда байкабай жүргөн, биришти көрүп калдым. Мүмкүн мурда деле көргөндүрмүн, бирок, анда көңүл бурбаганокшойм. Мартин эже комикс журналдарынын тышкы беттерин экиге айрып, ичкибеттерин чоң кардон коробкага салып жатты. Журналдарды эмне кылып жатканын сураганымда, ал мага:

-Мен аларды ыргытып жатам. Дистрибьютер жаңы комиксти алып келгенде, өтпөй калган эски комикстердин тышкы беттерин ага берем. Ал бир сааттан кийин келет, - деди.

Майк экөөбүз бир саат күтүп турдук. Дистрибьютер келди. Мартин эже ыргытып жаткан комикстерди алсак болобу деп дистрибьютерден сурадым. Анын жообу мындай болду:

-Алсаңар болот. Эгерде силер ушул дүкөндө иштесеңер жана комикстерди башкаларга сатпасаңар гана.

...Майк экөөбүздүн шериктештигибиз кайрадан башталды. Майктын үйүндө, бош турган, апасынын бөлмөсү бар экен. Ал бөлмөнү тазалап, жүздөгөн комикстерди чогулта баштадык. Көп узабай, комикс көрүүчүлөргө, биздин китепканабыз ачылды. Китеп окууну сүйгөн жана китепканачы болгусу келген, Майктын карындашын, башкы китепканачы кылып, жумушка алдык. Ал ар бир келген балага 10 центтен кирүү кагазын жазып берип турчу. Китепкана күндө, мектептен кийин, саат 14:00дөн16:00гө чейин иштечү. Кардарлар – жакын жерде жашаган балдар. Эки саат ичи каалашынча комикс окуйт. Өзү бир комикс 10 цент турчу. А, бизде эки саатта 5-6комикс окуп чыкканга үлгүрчү. Ошондуктан балдарга да пайдалуу болду. Балдар журналдарды алып чыгып кетпеши үчүн, Майктын карындашы ар бир келген баланы текшерип жөнөтчү. Китептин абалын карап, күндө канча бала келгенин, ким экенин,алардын өтүнүчүн, сунуштарын жазып турчу. Майк экөөбүз үч ай бою, жумасына 9,50 доллар пайда көрчүбүз. Майктын карындашына жумасына 1 доллар төлөп жана комикстерди бекер көргөнгө уруксат бергенбиз. Ар алтынчы күнү дүкөндө иштеп, башка дүкөндөрдөн да комикстерди чогултуп, Майк экөөбүбүз бизнес өнөктөш болуп жүрдүк. Дистртибьютерге убада бергендей, комикстерди сатчу эмеспиз. Тытылып кеткен комикстерди өрттөп жиберчүбүз. Биз филиал ачалы деп, бирок, Майктын карындашындай ишеничтүү адам таппай койдук.

Жаш кезибизде эле ишеничтүү өнөктөштөрдү табыш оңой эмес экенин түшүндүк.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 02 Июль 2016 - 13:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Kanat.kg   02 Июль 2016 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Үч айдан кийин биздин китепканада мушташ чыкты. Башка жактык шок, тентек балдар келип, китепкананын ичинде уруш чыгарышты. Майктын атасы бизнесибизди жаап салышыбызды сунуштады. Комикс бизнесибиз жабылгандан кийин биз алтынчы күндөрү дүкөндө иштебей калдык. Кандай болбосун бай атабыз ыраазы эле. Эмнеге дегенде, бизди окутууга жаңы идеяларыбар болчу. Биринчи сабакты жакшы өздөштүргөнүбүз үчүн, ал бактылуу эле. Акчаны өзүбүзгө иштетүүнү үйрөндүк. Дүкөндө бекер иштеп жүрүп, акча иштештин мүмкүнчүлүгүн издеп, ой жүгүртүүгө аргасыз болдук. Комикс китепканасын ачып, өзүбүздүн бизнесибизди баштап, жумуш берүүчүдөн көз каранды болбой, акча каражатыбызды өзүбүз колго ала алдык. Биз китепканада иштебесек да, бизнесибиз акча алып келип турду. Кандай сонун. Акча бизге иштеп жатты.

Бай атабыз бизге маяна төлөп бергендин ордуна, ал бизге андан да көп нерсени берди.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 02 Июль 2016 - 23:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Kanat.kg   03 Июль 2016 - 23:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

3-бөлүм. 2-сабак

Каражатсабагын эмне үчүн алышыбыз керек?

1990-жылы менин эң жакшы жосум – Майк атасынын бизнес империясынын башчылык кызматына келди. Иши мурдагыдан да өркүндөй берди. Биз жылына бир-эки жолу гольф тренингинде көрүшөбүз. Ал жана анын аялы аябай жакшы адамдар. Бай атамдын империясы ишеничтүү адамдын колунда. Мурда бизди үйрөткөндөй, Майктын ордун ээлеп калыш үчүн, азыр ал баласын үйрөтүп жатат.

Мен 1994-жылы, 48 жашымда иштеримди таштадым. Аялым Ким 37 жашта болчу. Бизнесимди таштаганым, бекер жүрүү дегенди билдирбейт. Инфляцияга баш ийбей, аялым Ким экөөбүз иштебесек да, биздин байлык өсүп жатат. Бул эркиндикти билдирет. Активдер ушунчалык чоң болгондуктан, биздин кийлигүшүүсүз деле көтөрүлүүдө. Бул нерсени мен, бак тигүү менен салыштырмакмын. Көчөт тигесиң, Бир канча жыл сугарып турасың. Бир күнү эле, аны карап күтүүнүн кереги жок болуп калат. Бактын тамырлары жердин астына терең жайгашышты. Эми ал сизге түшүм, эс алып жатканга көлөкө берет.

Майк империяны башкарууну тандады. А, мен эс алганды тандап алдым.

Адамдар менен сүйлөшкөнүмдө, алар менден, “бизге эмне кылышыбызды сунуштамаксыз? ” деп сурашат. Аларды эмнеден башташ керектиги кызыктырат. “Кайсы китепти сунуштамакмын? Балдарыбызды эмнеге даярдашыбыз керек жана кантип? Ийгиликтин сыры эмнеде? Миллиондорумду кантип иштейм?” Ошондо мен мурда бир макаланы эстейм. Төмөндөгү сөз ошол жөнүндө болмокчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 03 Июль 2016 - 23:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Июль 2016 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Эң бай бизнесмендер

1923-жылы эң зор лидерлер жана эң бай бизнесмендер Чикагодо “Еджуотер Бич” отелинде жолугушуу өткөрүшкөн. Алардын арасында эң чоң көз карандысыз болот коюучу компаниянын ээси – Чарльз Шваб, дүйнө жүзүндө эң ири коммуналдык кызмат компаниясынын президенти – Семьюэл Инсел, күйүүчү май иштеп чыгаруучу эң чоң компаниянын башчысы – Говард Хопсон, ширеңке чыгаруучу, дүйнө жүзүндө эң ири компаниялардын президенти – Айвер Крюгер, эл аралык банктын президенти – Леон Фрейзер, Нью–Йорк биржа фондунун президенти – Ричарда Уитни, биржада эң чоң алып сатарлар – Артур Котн жана ДжесЛивермор, Хардинг президентинин администрациясынын өкүлү – Альберт Фол болгон.



Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Июль 2016 - 23:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Июль 2016 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Жогоруда айтылган 9 адам 25 жыл өткөндөн кийин эмне болду? – Шваб жакырчылыкта, өмүрүнүн акыркы жылдарында карызга батып өлдү. Инсел чет мамлекетте кедейликте каза тапты. Крюгер менен Котн ошондой эле жакырчылыкта өлүштү. Хопсон акылынан айнып калды. Уитни менен Альберт Фол түрмөдө олтуруп чыгышты. Фрейзер менен Ливермор өздөрүнүн өмүрүн өздөрү кыйып каза табышкан.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Июль 2016 - 23:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Июль 2016 - 23:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Чындыгында бул кишилерге эмне болгонун, бирөө жарым так айтып бере алышына көзүм жетпейт. Датага карасанар, 1923-жыл рыноктун кулашы, 1929-жыл улуу депрессия. Мындайча айтканда ошол жылдагы окуялар, өйдөдө атап өткөн адамдардын тагдырына чоң таасирин тийгизгендей. Албетте, тиги тогуз бай киши жашап өткөн мезгилден бүгүнкү мезгил, зор жана тез өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы менен айырмаланат. Тиги тогуз киши кабылган кырсыктуу иштердей эле азыркы мезгилде, алдыдагы 25 жылдын ичинде деле көптөгөн сенсациялуу банкроттор болот. Мени тынчсыздандырганы, көпчүлүк адамдардын оюнун баары, өзүнө эң чоң байлыгы –каражат акылмандуулугунда эмес, акчада болуп жаткандыгы. Адамдардын көз карашы өзгөрүлүп, болуп жаткан окуяларга сергек баа берип жана үйрөнүшсө, ошондо байлыгы арта баштайт. Эгерде, акча бардык көйгөйдү чечет деп ойлошсо, аларды тагдырдын катаал, оор сыноосу күтүп турат. Акылмандуулук көйгөйдү чечип, акча алып келет. Каражат билими жок болсо, бар акчасы – жок болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Июль 2016 - 23:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Июль 2016 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Адамдардын көбү өмүр бою түшүнбөй өтүп кетишет. Акчанын көптүгү адамдын тагдырын чечпешин, өзгөртпөсүн түшүнүшпөйт. Лотерея ойноп, утуп алган адамдарды көбүңөр эле уккан болушуңар керек. Бул адамдар миллиондогон долларларды лотереядан утуп алышкан. Кийин кайра эле сынык, тешик тепшисин кармап олтуруп калышкан. Кээр бир белгилүү спортсмендердин тагдырын да уккан чыгарсыңар, 24 жашында бир жылда миллиондогон долларларды тапкан, а 34 жашында көпүрөнүн астында түнөп, күнүмдүк жашоосун кечирген. Ушул саптарды жазып жатканда, алдымда жаш баскетболчунун тагдыры жөнүндө жазылган гезит жатат. Бир жыл мурун анын миллиондогон акчасы болуптур. Бүгүн ал акчасын талап-тоноп кеткен досторун, бухгалтерин, адвокатын каргап, болбогон айлыкка унаа жуугуч жайда иштеп олтурат. Ал 29 гана жашта. Унаа жуугуч жайдан да бошотушуп коюшуптур. Анын болгон күнөөсү эле унаа аарчып жатканда, мойнундагы чемпиондук медалын чечпей койгондугу. Мурунку чыгаан спортсмен акчасы жоктугуна жини келип, дискриминацияны каргап, унутулуп калгысы келбегендигин айткан. Мурунку жомоктогудай жашоосунан эсте кала турган медалы эле калгандыгын баяндап берген. Эгерде, медалын тартып алышса, анда ага жашоонун кереги жоктой сезилет.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Июль 2016 - 23:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Kanat.kg   09 Июль 2016 - 15:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Күрүлдөгөн 1920-жыдагыдай эле 1997-жылдары да бат миллионер болгон адамдардын саны көбөйдү. Байып жаткандарды көрүп сүйүнөм. Иштин баары көп акча иштегендиктен жана банкта акчаң жаткандыгында эмес экенин билем. Иштин маңызы ал акча сага жана сенин балдарыңа буйруйбу же жокпу, мына ушунда!

“Эмнеден башташ керек, кантип тез байыса болот?” деп менден сурагандар менин жообумду угушуп, көңүлү чөккөнүн байкайм. Мен аларга бай атам жаш кезимде айткан сөздү айтам: “Эгерде, сиз бай болгуңуз келсе, анда каражат боюнча сабаттуу болушуңуз керек” деп. Бул идеяны, мен бай атам менен жолукканда дайым кулагыма куйчу эле. Менин билимдүү атам китеп окуу зарыл экендигин айтса, бай атам каражат сабаттуу болуш керектигин баса белгилеген. Эгерде, сиз “Эмлайр Стейт Билдингдей” (102 кабаттуу имарат) салгыңыз келсе, эң биринчи жерди чукур казып, ишеничтүү, катуу, кубаттуу пайдубал куюшуңуз керек.

Агрардык мезгилде калыптанып калган мектеп системасы дагы деле пайдубалы жок үйлөргө ишенишет. Чаң баскан полдору дагы деле бар. Мектепти аяктагандар каражат боюнча билимдүү болуша албайт. Бир күнү уйкусу качып, кокосуна чейин карызга батат, жашаган жери начар. Американын кыялынан, эңсөөсүнөн кол жууп,тез баюунун жолун тапсам, бардык каражат көйгөйүм чечилет деп ойлошот. Анан алар асман чийген көп кабаттуу имаратты кура баштайт. Курулуш бат бүтөт, бирок,“Эмлайр Стейт Билдингдин” ордуна, солкулдап, кулап түшөйүн деп зорго турган имарат пайда болот. Уйкусуз түндөр кайтып келет. Майк экөөбүздүн тандаган жолубуздун ачыктыгы, жаш кезибизден, катуу, ишеничтүү каражат пайдубалын курууну үйрөнгөнүбүздө.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 09 Июль 2016 - 15:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Kanat.kg   17 Июль 2016 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Бүгүнку күндө каражат иштерин жүргүзүүнү эсептеп, карап чыгуу, көпчүлүгүн кызыктырбайт. Бул маселеде баш аламандыктар аябай көп. Эгерде, сизкөп убакытка чейин бай жашагыңыз келсе, каражат иштерин жүргүзүүнү эсептеп, ойлонууга кылдаттык менен караш керек. Маселенин баары, каражат иштерин жүргүзүүнү балдарыңарга көрсөтүп, бир сыйра эсептеп чыгуу зарыл экенин кантип үйрөтөсүңөр? Жооп мындай – түшүндүрүүнү жөнөкөйлөтүп, сүрөттөрдү колдонгула.




Колум такыр бошобой жатат, кечиктирип жатканым учун кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 17 Июль 2016 - 19:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: