Суперстан: Эркек кишиге кандай кесип ыңгайлуу? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эркек кишиге кандай кесип ыңгайлуу? Эркек кишиге кандай кесип ыңгайлуу?

#1 Пользователь офлайн   bakai.96.kg   02 Апрель 2013 - 01:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 778
  • Катталган: 01 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Апр 2015 17:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана

Эркек кишиге кандай кесип ынгайлуу?
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   arxinur   02 Апрель 2013 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 22 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 21 Июн 2021 16:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кесип деген эмне?



Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX кылымдын аягына чейин кенири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши жыгач уста болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу. Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеѕейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады (Бообекова Кадиян, Кыргыз-Түрк “Манас” Университети, ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты).


Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   arxinur   02 Апрель 2013 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 22 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 21 Июн 2021 16:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тандалган кесиптин мааниси - Тандалган кесип кишинин өмүр бою бир иштин ээси болушун жана ал иште ийгиликтүү иштешин көрсөтөт; - Кесип тандоо менен бирдикте ар дайым чогуу иштей турган кишилерди, жолдошторун, ал тургай кээ де өмүрлүк жарын тандоосуна да маанилүү роль ойнойт; - Өмүр бою бирге жашай турган чөйрөнүн өзгөчөлүгүн жана жерин; - Үй бүлөнүн тапкан кирешесин жана сарптоо өзгөчөлүгүн; - Кишинин өз ишине болгон мамилесин; - Жоопкерчиликтүү бир жумушчу же кызматчы экенин; - Иши менен сыймыктанып, турмушуна ыраазы, бактылуу же нааразы экенин көрсөтүүчү мааниге ээ.
есип тандоодо маанилүү көрүнүштөр Кишилер кесиптерин түрдүү кырдаалга жараша тандашат. Бул болсо анын кесипти жетишээрлик денгээлде билип-билбегенине да жараша өзгөрөт. Төмөндө ирети менен көрсөтөлү жана баяндайлы:
1. Жекече өзгөчөлүктөр: - Акылы; - жөндөмдүүлүгү; - кызыгуусу; - кулк-мүнөзү; - жынысы; - физиологиялык өзгөчөлүктөрү: жаш, бой, салмак, ден соолугу ж.б.
2. Үй бүлөгө таандык өгөчөлүктөр: - үй бүлөнүн жашоо (экономикалык) денгээли, - маданий денгээли, - үй бүлөнүн баладан күткөндөрү, - ата-эненин, бир туугандардын кесиптери, - авторитар ата-эне; - кайдыгер ата-эне; «колу бошобогон» ата- эне.
3. Чөйрөгө жараша өзгөчөлүктөр: - аймактык өзгөчөлүктөр; - технологиялык өнүгүүлөр; - өлкөнүн экономикалык абалы; - кээ бир кесиптердин таасирденүү . - Ошол аймакта маанилүү, барктуу болгон кесиптер; Эми бул өзгөчөлүктөрдүн таасирлерин тактап көрөлү
Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   arxinur   02 Апрель 2013 - 09:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 22 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 21 Июн 2021 16:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Жекече өзгөчөлүктөр инсандын (личностун) акыл-эсин, үйрөнүү жөндөмүн, түшүнүү, кабыл алуу деңгээлин көрсөткөн сапат болуп эсептелет. Кишилер өз ара акыл-эс деңгээли, адамкерчилигине, мүнөзүнө жараша бири-биринен айырмаланат. Бул кызыгуусуна, кабыл алуусуна, билимине де таасир тийгизет. Оной үйрөнүлө турган, ойлоо күчүн көп талап кылбаган кесипте иштегендер менен үйрөнүүсү оор жана акыл эмгегин, ойлоо күчүн талап кылган кесиптерде иштегендердин арасында айырма бар . Мисалы, заводдун цехинде ар дайым станоктон бир тетикти жасаган жумушчу менен ошол станоктун проектисин чийген инженердин иштери түрдүү ойлоо күчүн талап кылат.
Жөндөмдүүлүк кишиде өзгөчө сапат. Белгилүү бир иш-аракетти жасоо үчүн тубаса талант менен кийин үйрөнгөн "жасай алуу" күчүнө жөндөмдүүлүк дейбиз. Жөндөмдүүлүк кишинин кызыгуусуна жараша өзгөрөт. Мисалы, сүйлөө жөндөмү, эсептөө жөндөмү, искусствого болгон шыгы, музыкалык аспаптарда ойной алуу, сүрөт тартуу, жаны моделдер жаратуу ж.б.
Кызыгуу бир ишке белгилүү бир убакыт ичинде алаксуу же жакшы көрүү маанисинде; кесип тандоодо да он же терс таасир бериши мүмкүн. Кызыгуу көбүнчө белгилүү бир убакыттан кийин өзгөрүп, тарап кетиши, тескерисинче өмүр бою калышы да мүмкүн. Башкача айтканда ишке кызыгып кесип тандоо, убакыт өткөн сайын тандаган кесибинин ага төп келбегенин, жөн гана убактысын өткөрүп жатканын ойлоп, өзүн кызыктырган башка кесипти чечиши керек болот. Ошондуктан жаштарда өз кызыгуусуна жараша кесип тандоосу, тандоодон мурун жакшылап ойлонуусу абзел.
Кулк-мүнөз , бир кишинин башкалардан айырмалаган өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Жаштардын кесибин тандоосу мүнөзүнө жараша деген ойлорго караганда бирөө кесип тандап жатып, ошол эле убакта өзүн бул жолго салып жаткандыр. Бул жагынан алып карасак, кишинин өзү жөнүндө ойлоосу, өзүнө берген баасы менен тандаган кесиби арасында бир байланыш бар. Жаңылыштык менен, туура эмес кесип тандоо кишинин мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, ишине канааттанбоосуна түрткү болот, бат чарчайт ж.б. ишин сүйгөн кишинин мүнөз, көз карашы ошол кесипти чагылдырат. Мисалы, мугалим, доктор, инженер, ветеринар, адвокаттар кесиптеринде өздөрүн көрсөтүшүп, бир-биринен мүнөздөрү ого эле айырманалып турушу мүмкүн.
Жынысы. Байыркы уруулар, элдер жашаган доорлордон бери эле кишилердин жынысы кесип тандоодо маанилүү роль ойногон. Байыркы замандарда да эркектерди анчы, каарман, үй бүлөсүн баккан; аялдарды болсо балдарды чоңойтуп, тарбиялоочу, үй иштерин жасаган бирөө катары көрүшкөн. Аялдын кесип тандоосу жана үйдөн алыс иштөөсү ХХ кылымга тиешелүү көрүнүш болуп эсептелет. Кээ бирөөсү бир окууну бүтүрүп иштеп жатышса, кээси үй иши менен алектенип иштей алышпайт. Жыныска байланыштуу коомдук көз караштар, ишенимдер жана пикирлер иштин өзүнө жараша кесип тандоого жол ачат. Мисалы, кесиби архитектор, инженер болгон же командировкага көп чыга турган, нөөмөткө (күзөткө) көп кала турган аялдар үй бүлө, турмуш шартына жараша иштей албаган учурлар көп болот. Ушул себептен кыз балдардын туура кесип тандоосуна жол көрсөтүп, коомдо эркектер үчүн да, аялдар үчүн да билинген кесиптерди айтып, анда иштеп кете алаарын, ошондо үй бүлө арка планга кала турганын түшүндүрүп бул кесиптин жакшы–жаман, кааланган жана кааланбаган жактарын ачык айтып, таанытуу керек. Азыр да мурунку убактагыдай эле кесип тандоодо жыныстын ролу бар. Кыздар көбүнчө үйгө тиешелүү же болбосо социалдык тармактарда кишилер менен же компьютер менен иштей турган кесиптерди тандашса, эркек балдар көпчүлүк учурда сыртта, үйдөн алыс, илимий изилдөөлөр менен алышып, техника менен иштей турган, саясатка байланыштуу болгон же күч эмгегин талап кылган кесиптерди тандашат. Азыр Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө, Японияда жалан гана "кыздарга ылайык" болгон, үй экономиясы, үй тиричилигин башкаруу токуучулук, тигүүчүлүк, дизайн, ашпоздук, балдар бакчасында тарбиячы, башталгыч класстын мугалими сыяктуу кесиптер берилет. Кесип тандоодо да маанилүү роль ойногон башка бир фактор да физиологиялык өзгөчөлүк болуп эсептелет. Мисалы, кээ бир кесиптерде бою, салмагы, туюу органдарынын бешөөнүн тең чың болушу, шамдагайлык, ж.б. талап кылынат. Алсак, космонавт же учкучтарда көзү курч, ден соолугу чын болушу керек. Музыканттарда манжаларынын узун болушу, балерондордо атайын окуу жайын бүтүргөнү, артисттерде, мугалимдерде, кабарчыларда, кээде саясатчыларда, айрыкча дикторлордо дикциясынын так, үнү жагымдуу болушу талап кылынат.
Жаш. Жаштын кесип тандоодо да маанилүү ролу бар. Бала иштөө, кесипке ээ болуу жөнүндө кичинекейинен, мектепке чейинки курактан эле билип баштайт. Бирок бул убакта фантазиялык ойлоосу жана көңүл буруусу туруксуз болгондуктан, кесип жөнүндө ойлору өзгөрүп турат. Башталгыч класстарда балдардын кесип жөнүндөгү түшүнүгү кеңейип, бир кесипке ээ болуу тууралуу ойлору калыптана баштайт. Балдар мектепке чейинки куракта чоңдордун иштегенин туурап оюн ойношот. Ар кимдин бир иши бар экенин, бул иштердин арасындагы байланыштарды жана өзгөчөлүктөрдү байкашат. Орто класстарда кесип жөнүндө түшүнүгү дагы да кеңейип, өздөрүнө кайсы кесип ылайык экенин изилдей башташат. Кесип тандоодо кээси 10-16 жашында бир чечимге келсе, кээси 20-22 жашында да бир чечимге келе албайт.

Билдирүүнү түзөткөн: arxinur: 02 Апрель 2013 - 09:47

Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   arxinur   02 Апрель 2013 - 09:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 22 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 21 Июн 2021 16:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

2. Үй бүлөгө таандык өзгөчөлүктөр.
Үй бүлөнүн коомдо өзгөчө мааниси бар. Баланын кесип тандоосунда ар кандай таасири болот. Анын дүйнөгө көз карашы, кишилиги, кулк-мүнөзү, баалуулуктары, кызыгуусу, кесиптер жөнүндөгү түшүнүктөрү эң биринчи үй бүлөдө калыптанат. Үй бүлө мүчөлөрүнүн кесипке болгон көз карашы абдан маанилүү. Үй бүлөнүн экономикалык жашоо шарты баланын кесип тандоосунда таасир берет. Кирешеси көп же жетиштүү болгон үй бүлөдөгү балдардын көз карашы менен орто же аз кирешелүү болгон үйдөгү баланын көз карашы айырмалуу болоорун психологтор белгилейт.
Үй бүлө мүчөлөрүнүн билим денгээли. Ата-эне жана бир туугундар балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Үй бүлө мүчөлөрүнүн билим деңгээли, алардын келечек жөнүндө ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу балдардын ойлоруна да таасир тийгизет. Ата-эненин балдарга кесип тандоодо жардамдашуусу, алар менен кеңешүүсү зарыл. Бул жардам бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир ата-эне жоопкерчиликтен качып, "өзүң бил", - деп баланы өтө зарыл убакта жалгыз таштап койсо, кээде баласынын эмнеге шыгы бар экенин жакшы билбегени үчүн туура эмес көз караштар пайда болобу деп коркушат. "Өзүң бил", - деп балага ушундайча жардам берип жатабыз, тоскоол болбодук" , -деп ойлошот.
Ата-эненин баласынан күткөнү. Үй бүлөнүн баладан күткөнү, анын окуудагы ийгилигине, зээндүүлүгүнө жана ден соолугуна да байланыштуу. Баласынан күтүүсү аз болсо үй бүлө ага тескери таасирин тийгизет. Үй бүлөнүн баладан анын деңгээлинен (жасай ала турганынан) жогору, көп ийгилик күтүүсү да баланы кайгыртат. Өзү каалабаган кесипти ата-энесинин каалоосу боюнча тандап, кийин өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Баланы маселени өзү чечип, жоопкерчиликти өзү алганга үйрөтүү, көндүрүү зарыл. Бул иште мектеп психологунун ролу чон. Авторитар ата (эне) да баланын кесип тандоосунда терс таасир берет. Өзүнүн көз карашы боюнча баланын каалоосуна жана жөндөмүнө көңүл бөлбөй туруп, өз кесибин баласынын улантуусун каалоосу баладагы личносттук "мен" түшүнүгүнүн калыптанышында терс роль ойнойт. Үй бүлөсүнө каяша айтып баштайт, атайылап ата-энесине жакпаган же алар тыюу салган нерселерди жасап баштайт, таптакыр чүнчүп, өзү менен өзү болуп, басмырт болуп кетет, депрессияга кирет, үйдөн качат ж.б.

Ата-эненин кесиптери да кээде баланы ойлонтот. Атага баласы окшош болгусу келет, анын кесиби кызыктырат. Алар үчүн кээ бир кесиптер башкаларына караганда маанилүү, сыйлуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Ошол кесипти алса баласы бактылуу болоорун же жакшы иш таба алаарын, кирешеси жакшы болуп, жашоо шарты да жеңил болоорун ойлойт. Кээ кесиптерди жактырбашы мүмкүн. Ата-эненин өз иштерин сүйүүсү, урматтоосу же башка сезимдери балага кесип тандоого бир жол көрсөткүч да боло алат. Кээде бир доктор ата баласынын да доктор болуусун каалаганы сыяктуу, кесип коомдо урмат көргөнүнө байланыштуу да көз караштар өзгөрөт. Кээ бир кесиптер балага оң таасир тийгизгендей эле терс да таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок, кыйнап кесип тандатуу зыяндуу.
Ата-эненин ишсиз же кайдыгер болушунун да баладан көптү күткөн сыяктуу эле терс таасири бар. Кээ бир ата-эне баарын балага таштап, кесиптер жөнүндө жакшы түшүнүктөрү болбогонун айтып, жардам берүүдөн качат. Ушул убакта мектеп психологунун кесип тандоо боюнча тесттерди жүргүзүп, анкеталарды толтуруп, алардын жыйынтыгы боюнча балдар менен аңгемелешип жол көрсөтүүсү чон мааниге ээ болор эле.

Билдирүүнү түзөткөн: arxinur: 02 Апрель 2013 - 09:49

Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   arxinur   02 Апрель 2013 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 22 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 21 Июн 2021 16:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

3. Аймактык- өзгөчөлүктөр
Кесип тандоодо жашаган жер, айлана – чөйрөнүн чоң ролу бар. Үй бүлөнүн тааныштарынын, тууган-туушкандардын кесиптери, баланын жолдошторунун каалаган кесиптери, жашаган жери, району, техникадагы жетишкендиктер, радио, телевизор, басма сөз ж.б. баланы ойлондурат. Техникадагы жетишкендиктердин натыйжасында кол менен жасалган көп иштердин автоматтык, жарым автоматтык түрдө оңой жана бат жасалуучу иштер, кесип тандоодо белгилүү деңгээлде ойлонтот. Аймактык айырмачылык да ролго ээ. Мисалы, ошол аймакта шахта болуп же бир кен табылып ал жерде иштөө, же башка иш бар болсо бөлөк жерге барбай эле ошол жерде иштөө ыңгайлуу. Аймакка жараша, тамеки иштетүү, мал чарбачылыгы боюнча адистерге ж.б. оңой иш табылышы мүмкүн.
Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   saltanat.   02 Апрель 2013 - 13:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Трактор айдаган жарашат
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kipchak   02 Апрель 2013 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 871
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Сен 2014 23:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад

Жондомуно жана кызыгууна карап тандап ал кесибинди... ..



"First think then speak."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   T-1000   02 Апрель 2013 - 13:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 267
  • Катталган: 15 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 18:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кесип тандоодо адамдын жынысы мааниге ээ эмес.Негизгиси болуп анын жөндөмү,таланты, шыгы эсептелет.Антип бөлө турган болсок автобус айдаган аял кишилер,стилист болгон эркектер деле жүрбөйбү...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   nurai92   02 Апрель 2013 - 17:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Озуно жаккан нерсе менен алектенип акча тапсан ошо кесип го дейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   admin_superstan   02 Апрель 2013 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Флуддоодон алыс болгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Rinatik94   02 Апрель 2013 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Аскер кызматкери жарашат,себеби, айымдар аскер кызматкерлерин таянар тоосу катары корот экен.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Daud   03 Апрель 2013 - 02:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения kipchak (02 Апрель 2013 - 13:42) жазган:

Жондомуно жана кызыгууна карап тандап ал кесибинди... ..

Воо. Мына ушул туура сөз.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Likvidator   03 Апрель 2013 - 07:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения kipchak (02 Апрель 2013 - 13:42) жазган:

Жондомуно жана кызыгууна карап тандап ал кесибинди... ..

Шартка да кароо керек го дейм.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   лунка   03 Апрель 2013 - 11:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

Просмотр сообщения Rinatik94 (02 Апрель 2013 - 23:18) жазган:

Аскер кызматкери жарашат,себеби, айымдар аскер кызматкерлерин таянар тоосу катары корот экен.

эн туура.эркек деген эркектей болуп элге жерге кызмат кылып уй булосун бакса болот..корьера кылса болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   eliza90   04 Апрель 2013 - 13:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 103
  • Катталган: 30 Июль 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2013 10:31
  • Жынысы:Аялзаты

Сүрөт
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься, так она и отзовется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Жолоочу_DaniNaku_* 04 Апрель 2013 - 13:34

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эмнеге аскер эле? Мугалим, тракторист, окумуштуу, дыйкан, шофер, бизнесмен, механик, электрик, отукчу булар деле эркектики да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aote   04 Апрель 2013 - 14:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Kойчу,малчы,сартараш, мугалим,медик, шофер чыныгы эркектер эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Жолоочу_Kosmopolitka_* 04 Апрель 2013 - 18:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

:) кыскасы азыркы кезде кээ бир адамдарда,талаа аялга,ашкана анан,уй кожойкелик милдет эркекке энчиленип кетип жатат...эркек качан эркектей болот десенер,качан гана жоопкерчиликтуу, озуно тиешелуу милдетин билсе,мына ошол эркек! А кесипке келсек,аял затынын жумуштарынан, кесиптеринен сырткары,баардык кесиптер жараша берет. Жигитке 70 онор коптук кылып жатса да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   saltanat.   08 Апрель 2013 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

эптештирсен эки кыл дейт беле илибой кесип жараша берет
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыз-жигит
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Июл 2025 09:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: