Суперстан: Жаркын жашоонун башаты. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаркын жашоонун башаты. жашоо сырларынан бөлүшүү

#1 Пользователь офлайн   ales   24 Ноябрь 2015 - 22:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кээде отуруп өзүмчө күлкүм келет. Адатымча жылмаям, бирок калп эле же жасалма эмес, чын дилимден... Кайсы бир жагымсыз, коркунучтуу окуялар түш сымал артта калгандай. Кээде элес-булас кээ бир кара түстүү картиналар эске түшсө, ал окуяны кайсы бир жерден окугандай мамиле кылам да, баары бүттү дегенсип, өзүм байкабаганым менен терең дем алып коёт экенмин.
"Жаны жашоо" алгач күчтүү каалоодон башталды. Мен кааладым, аракет кылдым, аткардым.
Ушул бөлүмгө кайсы бир кезде арзууга толуп, бактыга балкыган, арманга чөгуп, аянычтуу күндөрумдү жазсам, баары артта калганын кубануу менен айткым келет!
Бул темада мага жардамга келген психологиялык китептерден үзуп жазып, өзүмдүн тажрыйбамдан бөлушкүм келди. Алдын ала айта кетейин, убактым тар. Ошондуктан, аз-аздан болсо да кээ бир адамдарга сабак катары тамга издери калса дейм.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   asylzaadam   24 Ноябрь 2015 - 22:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Сиздин кайрадан коргонумо кубанычтамын. Карангыда жаныңызга дем,жашоого умут,жалгыздыкка шерик болгон сырдашыныз калемсапты таштабаныз. Ийгилик Сизге,чыдамсыздык менен кутуп калабызСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 24 Ноябрь 2015 - 22:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   ales   24 Ноябрь 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"Сиздин ар бир оюуңуз чоң энергияга ээ. Ал сизге дем-күч берет, же сизди алсыздандырат" . Бул Уейн Дайердин ниеттин күчү тууралуу айткан цитатасы. Колума тийген китепти алганы шашылыш барактарын биринин аркасынан бирин ачып, жалпак тил менен жазылган китеп болсо да, мага бир жолу эмес, бир нече жолу жардамга келди. Алгач ой тууралу сөз кылгым келип турат.
(Китептен алынды)
Ой- бул биздин материалдуу дүйнөнү жараткан улуу энергия. Биздин ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүгубүз бизди адам кылып турган эң чоң артыкчылыгыбыз. Ой- адамдын мунөзүн, көнгөн адаттарын жана ага жараша тагдырын түзөт. Ой - бул, адамдын жашоо турмушунун алгачкы себилген үрөөнү. Адам өзүнүн аң-сезиминде кандай ойдун үрөөнүн сепсе, ошого жараша мөмөсүн алат.
Мисалы, тикенектин уругу тушкөн жерге эч качан помидор же алма өсүп чыкпайт. Ал жерге сөзсуз тикенек өсүп чыгат. Ал эми гул айдалган жерге сөзсуз гул өсуп чыгат. Бирок, жерге эмне айдалса да, ал каралып,сугарылып, багылып турбаса, себилген нерсе өспөй эле өлүмгө дуушар болот. Ошол сымал адамдардын ар бир оюу өсуп жетилип олтуруп, анын тагдырын аныктайт. Андыктан өзүңүздүн тагдырыңызды түзүүдө өзүнүз гана багбансыз.

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 24 Ноябрь 2015 - 23:24

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kinder   25 Ноябрь 2015 - 00:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 25 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 25 Авг 2017 14:51

мырзайым деген эже форумга кирбей койгонбу же жаны ысым мн киреби? ким билсе айтып койгулачы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ales   25 Ноябрь 2015 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Китептен алып жазган үзүндүлөрдү жашыл менен, өз сөзүмдү көк менен жазайын. Болбосо китептеги автор экөбуздун сөздөрубүз аралашып кетип, түшунүгө тосколдуктарды жаратпасын. Ал эми "ө, ү" боюнча айтсам, жумушумда ошол тамгалар жок болгондуктан ушундай болуп калды. Ондоп түшүнүп окуп коюуунуздарды өтүнөм.
(уландысы)
Биздин ар бир ойлогон оюбуз эртеби, кечпи, акыры чындыкка айланаарын көзүнүз жеткен чыгаар. Эгерде оюубуз күчтүү эмоция менен айтылса, (мисалы: коркунуч же суйунуч.) анда ал ой тез арада аткарылат. Копчулук окурман сезип жатса, мен кичинемден эле позитивдуу ойлорго караганда, негативдуу ойлордун уроонун кобуроок сепкендеймин. Озумдун жеке тагдырыма болгон изилдоом боюнча, менин ойлогон баардык ойлорум ишке ашкан экен. Окунучтуусу, ойлорумдун тенинен кобу терс муноздуу ойлор болуп чыкты. Бирок, ошол негативдуу ойлор да жон жерде ан сезимимде жашаган жок да. Агада бир нерсе туртку болгондур. Ооба, адамдардагы неативдуу ойлорду пайда кылган сезимдер, таарынуу, кек сактоо,коркуу ж.б.у.с. болуп саналат. Мына бул негативдуу ойду жараткан сезимдерди да болуп карай турган убакыт келет. Буларды да, бирден талдап чыгабыз. Азыр энергия тууралуу кеп кылсак.

Баардыгы энергиядан башталат.
Дуйнодогу баардык нерселер, анын ичинде биз да энергиядан турсак, анда биз баарыбыз “энергиянын океанында” жашайт экнбиз да. Анын ичинде биздин оюубуз, эмоцияларыбыз, болгон сезимдерибиздин баары энергия. Ал гана эмес, бири-бирибизге болгон мамлебиз да энергия. Демек, биз барыбызэнергетикалык системаларбыз. Ааламдагы ар бир жаралган зат, бул тынымсыз энергияны иштеп чыгып турган энергетикалык системалар деп айтсак жанылышпайбыз. Баардыгы энергия дегенибиз менен адам менен предметтин ортосундагы айырмачылык, адамда Улуу Рухтун жашагандыгында.

Эми кунумдук турмушубуздагы энергия жонундо соз кылсак. Биз ар бирибиз озубуздо кандай энергия бар экендигин сезип, билип турабыз.Эртен менен турганадан баштап эле, аркандай иш аракеттерибиз менен, ар кандай создорубуз менен озубуздун энергиябызды эки багытта гана пайдаланабыз.
1. Же энергияны топтоо жолундабыз.
2. Же энергияны жоготуу жолундабыз.
Белгилуу бестселлер Джо Виталенин кызыктуу мисалын келтирели.
Элестетиниздер, кун сайын сиз эртен менен турганда сизге 1000 $ акчалай берилип турат.Эгер сиз жакшы ойдо, конулунуз дайым которунку журсонуз, бул акча сизде калат,ал эми ар бир негативдуу ойлорунуз учун, конул тушургон сезимдериниз учун,катуу кайгырткан эмоцияларыныз учун, алардын куч маанисине жараша бул акчаныздан тиешелуу сумма алынып турат.

Кана, урматтуу форумчулар бугунку кунунузго ой чаптырып корунузчу. Канча акчанызды (энергиянызды) жоготтунуз? 100 $ бы же 300 $бы же 1000 $ дын барынбы?

Адатта биз эртен менен тошогубуздон турбай жатып эле ошол акчанын(энергиянын) жарымнан кобун жоготобуз.
Мисалы: Эртен менен козунду ачтык, эшикте кун буркок, бизге ой кете баштады:
«Шайтан алгыр десе, бугун кун буркок болуп калганын карсан,эми жамгыр жааса, дагы кишини жудотот тура» же «Карасан толгон кундон бугун,того чыгаарда кун бурколуп калганын», мындай кабагынызга кар жааган абалдыкармап туруу учун сиздин 100 $ ныз кетти. Андан ары кечээ кунку жарыныз менен болуп кеткен кичинекей мамиле келишпестикти эстей калып, ага капалана баштайсыз – дагы 100$ кетти. Андан кийин каалабаган жумушчу кунунузду эстегенде дагы 50 $ныз кетет. Туруп сыналгыны куйгузсонуз, созсуз турдо бир жакта суу каптаган же бир жакта жер титироо болгон, же болбосо бироону олтуруп кеткен. Эч болбогондо, телегороскоп бугун сиз учун кандай татаал кун экендигин айтып отот. Аларды коруп алып кечке чейин 300$ ныз кетти.Мына ушинтип отуруп, энергиябыздын копчулук болугун татыксыз ой сезимдерге жумшап салат экенбиз.
Эгерде, Улуу Жараткан бизге энергияны топтоо каражатын бербегенде, биздин энергиябыз ашып кетсе, бир айга жетмектир. "Энергия топтоо каражаты кайсы ?" - десениз, эн сонун каражатттар – кулку, жарык маанай, жакшы соз, жылуумамиле, журоктон чыккан ыраазычылык, суйуу, махабат, бакыт, боорукерлик, кайрымдуулук! Ушулардын жардамы менен биз ойлонбой сарамжалсыз короткон энергиябызды толуктап алууга мумкунчулугубуз бар. Бирок, мындай мумкунчулукту копчулугубуз колдоно бербейбиз.

Биз өзүбүздөгу энергияны ойлонбой туруп, болбогон нерселерге коромжулайт экенбиз. Эгерде болбогон нерселерге короткон энергиябызды, ой-максаттарыбызга, журокто жургон каалоо-тилектерге, очпос кыялдарга жумшасак кандай сонун болоор эле? Менин оюмча, биз ал тилектерибизге оной жана тез арада жетмекпиз.


Жыйынтыктап айтканда,терс мүнөздөгү ойлор, сезимдер, эмоциялар адамдын энергетикалык денгээлин томондотуп, ийгиликтен, ден-соолуктан, жаркын келечектен алыстатат. Ал эми күлкү, сүйүү, ачык маанайда жургон адамдарды ар дайым ийгилик коштоп, алдыга койгон максаттарына жетууго жолу дангыр болот экен.




"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   morther   25 Ноябрь 2015 - 23:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Туура,дайыма позитивдүү ойлонсоң,негативдүү ойлордон качсаң анда турмушуң жаркын болот.Себеби кыргызда айтат го "Жакшы тилек--жарым ырыс" деп.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 09:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ЖООПКЕРЧИЛИК

“Толук жоопкерчиликти алуу – бул жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, ал учун эч кимди, эч нерсени, анын ичинде озунду да куноолобо! ” – дегенди билдирет.

(Депак Чопра)

Сиз жашоонузда болуп жаткан жакшыбы, жаманбы, баардык окуяга, кырдаалдарга, сезимдерге, нерселерге толугу менен жооптусуз! Эсинизде болсун, жакшы окуяны да, жаман кырдаалды да, сиз жашоонузга озунуз гана алып келдиниз. Бул акыйкаттуу чындык!
Мындай коз карашка ишенсениз да, ишенбесениз да ал оз ишиниз. Биз жашообузда болуп жаткандын баардыгына жуз пайыз жоопкерчиликтебиз! Мындай чындыкты кабыл алуу онойго турбасын билем, бирок башка айла жок. Биз качан баардыгына жоопкерчилигибизди сезгенден баштап, биздин жашоо турмушубуз он жагына озгоруло баштайт.
Бирок, баарын дароо эле моюнга алуу оз тажрыйбамда деле кыйынга турган. Буга убакыт керек. Ал убакыт аралыгында баарын тушунуп моюнга алууга болот экен.

Тилекке каршы копчулугубуз, мындай жоопкерчиликти алганга даяр эмеспиз жана алгыбыз да келбейт. Бизге жоопкерчиликти моюнга алгандан коро, башкаларды куноолоп койгон абдан оной. Мисалы:
· Мурунку тажаал аялымдын айынан ушундай турмушта жашап жатам.
· Менин эмгегимди башкарма деги баалабай койду.
· Деги президентибиз онолбой койду.
· Мамлекет мени карабай койду.
· Иштегенге иш жок.
· Менин ушинтип калышыма ата-энем куноолуу
· Менин бир туугандарым мага каралашпай койду.
· Чиновниктер акмактар, иштеген акчамдын кобун жеп алып жатышат.
· Ушундай аз айлыка кайсы жинди иштесин.
· Менин балама мугалимдер жакшы тарбия бербей, ушуга жетип олтурат.
· Менин осушумду коллегаларым коро албай, мага бут тосуп жатышат.
· Ушундай аз айлыкка мен кантип бай болмок элем.
· Врачтар олдоксон болбогондо, мен мындай оорубайт элем.
· Мен озум аран жашап жатсам, кантип бироого жардам бермек элем.
Ал эле эмес, жаратылыш, табиятты да куноологондон тайманбайбыз:

· Жок дегенде бугун жамгыр жаабай койсо болот беле;

· Ушу кундун ысыгы менин кан басымымды которуп оору кылды;

· Кечээги катуу шамал болбогондо, менин кымбат балуу кепкам озумдо калат эле, аттин ж.б.
Болбой калганда, кудай ушинтип жаратып койсо, эмне кылам?” – деп, кудайга шылтоолоп кутулабыз. Биздин мындай ой-жугуртуубуз, бизди алдыга жылдырбастан, тескерисинче артты коздой тартаарын кобубуз билбейбиз. Ошондуктан, мындай ой-жугуртууну ан сезимибизден кууп, жок кылышыбыз абзел.

Туура, кээ бир кырдаалда абалдан чыга албай турган моменттер болот эмеспи, бул процессти сыноо катары кабыл алышыбыз керек. Бул учурда бизде тандоо болот. Кайсы жолду тандоо, бул биздин эркиндигибиз.
Тандоо эркиндиги боюнча Еворопада болгон бир окуяны баяндап берели.
Бир жаш жигит, киши олтуруу фактысы боюнча турмого тушот. Бул окуяны бир-эки журналист чагылдырып, ал кишинин мындай кылмыш жасоого эмне туртку болгонун кийин сурашканда, ал кандай кыйынчылыкта жашаганын, атасы кунуго ичип келип апасын сабай бергендигин, ал эми алардын ичип жегени болсо, атасынын уурдап келгендери болгонун айтып, акырында: “Ушундай жашоо-шартта менден дагы кандай адам чыгышын куттунор эле?” деген суроолуу жообу менен аяктайт. Чын эле, анан кандай адам чыкмак эле деп бутурсок болот эле, бирок, журналисттер бул адамдын эгиз бир тууганы бар экенин угуп калышат. Муну угаар менен алар ошол бир тууганына жетип барышат. Бирок, аларды тан калтырып, анын эгиз бир тууганы толугу менен эгизинин карама-каршысы болуп чыгат. Ал белгилуу адвокат, элдин урмат сыйына татыган, муниципалитет жана чиркоо кенешине тандалып шайланган, эки баланын бактылуу атасы, бактылуу уй-булонун ээси болуп чыгат. Ан-тан болгон журналисттер андан да, жашоо-турмушу жонундо айтып беруусун суранышат. Ал деле кылмышкер айткандардын баарын айтып берип, акырында: “Кичинемден ушунун баарын коруп отуруп, анан мындай жашоого эмнеге алып келээрине козум жеткен сон, мен мындан башкача боло алмак эмесмин”-деп созун аяктаган.
Мынакей. Бир ата-эне, бир уй-було, бирдей жашоо шарты, бирдей чойро, бирок таптакыр эки башка жыйынтык. Бироосу жоопкерчиликтин маани-манызын билген эмес же билгиси да келген эмес. Бироосу, баардык жоопкерчиликти оз мойнуна алып, оз тагдырынын ээси болгон.
Ушундан улам биздин эн чон байлыгыбыз тандоо эркиндиги экенин баса белгилегим келет. Ар бирибиздин жашоо жашоо-турмушубуз бул ар кандай сынооолордон, ар кандай жашоо корсоткон сабактардын тизмеги болуп эсептелинет. Ошол ар бир болуп жаткан окуяда биз, озубуздун гана тандообуз менен бир чечим чыгарабыз. Ал эми бул чечимибиздин чыгарылышы эки турдуу ой жугуртуудон келип чыгаарын билдик.
1 Байкуштун ой жугуртуусу
2 Тагдыр кожоюунун ой жугуртуусу.

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 26 Ноябрь 2015 - 09:56

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   fea-11   26 Ноябрь 2015 - 09:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 01 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2016 15:58

автор,ото соонун нерселерди жазыпсыз.Озунуздогу озгоруулор жонундо кобуроок жазып отсонуз дагыда соонун болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 10:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Байкуштун ой жугуртуусу
Байкуштун ой жугуртуусун карманган адамдардын бир жалпылык белгилери болот. Мындай белгилердин негизгилерин америкалык мультимиллионер, оратор, бизнес тренер, коптогон байлык жасоо жонундогу бестселлердин автору Харв Экер озунун "Миллионерлердей ойлон" деген китебинде ото жонокой корсотот. Анын изилдоолору боюнча, "байкуштун ой жугуртуусундогу" адамдар томонкудой жалпы 3 белгиге ээ болот.
1. Куноо коюуу. Мындай адамдар учун,дуйнодогулордун баары куноолуу. Жанындагы жолдошундан баштап, президентке чейин. Бул адамдар оздоруно жоопкерчиликти алгандан коро, башка бироону куноолоп, такыр болбой калды дегенде, алар оздорун куноологонго отушот.
2. Актануу. Мындай адамдар эч кимди куноолой албай калганда, оздору актана баштайт. Мисалы:"мен бул жумушту кылганга акылым жетет, бирок....", "Мен мындай иш баштайын дедим эле, бирок..." ж.б. коптогон "бироктор" .
3. Арыздануу. Мындай адамдардын арманы аттын башындай. Алардын жургон жериарыз-арман. Албетте, наалып журуу аларга жакшы нерсени алып келбестигин билишет, бирок, арыздануу менен булар оздорунобашкалардын аёо сезимин пайда кылып, азыраак болсо да конул борборунда болгонго умтулушат.Наалыган адамдар бат эле элди озунон алыстата баштайт. Ар дайым наалып жургон адам - жолу болбостуктун образы.Алардын жашоосу дайыма кара жолдон чыга албай, карангылыкта журуп осот.

Ушул уч белгини жазып алып, уйдогу, жумуштагы корунуктуу жерлерге илип коюнуз. Качан сиз маселени чечээрде же бироо менен суйлошуудо ушул 3 белгинин бироосуно кабылсаныз, анда буларды карап алып, кандай ой жугуртуудо экенинизди билесиз жана абалды озгортууго аракет кылыныз. Бул ички дуйнонуздун озгоруусуно чон туртку болот.


Билдирүүнү түзөткөн: ales: 26 Ноябрь 2015 - 10:43

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 11:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Тагдыр кожоюнунун ой жугуртуусундогу адамдар кандай сапаттарга ээ экендигин да жаза кетели. Бул адамдар:
  • озунун жашоосуна болгон жоопкерчиликти толугу менен алышат.
  • алар учун бул дуйнодо болбой турган эч нерсе жок.
  • алар бир пайда болгон бир кыйынчылыкты, ийгиликке болгон, дагы бир тепкич катары кабыл алышат.
  • адамдар эч качан кыйынчылыктарга багынышпайт.
  • дайыма бактылуу адамдар.
  • бардык жагынан жетишкен, байлык, бактылуу уй-було, жагымдуу чойро, дайыма урмат-сыйга ээ болушат.
  • Алар ото жонокой, ошол эле учурда улуу адамдар.
  • Эч качан жардамын аяшпайт.
  • Ар дайым кайрымдуулук акцияларына жан дили менен катышат.
  • Бул адамдардын максаттарына умтулушун, бир чекитке атылган жебеге салыштырса болот. Бардык алдыдан чыккан кыйынчылыктарды жиреп отуп, акыры максатына жетет.
  • Бул адамдардын жанында озунду бактылуу сезесин.
  • Бул адамдардын созун угуп эле отургун келет. Анткени алардын создору кылган иши менен дал келет.
  • Эч качан озунун кылган ишине башка бирону куноолобойт.
  • алар арыздануу дегенди билбейт.
  • тагдырына ар дайым ыраазы болушат.
Эми тандоо сиз тарапта кайсы ой жугуртуудо болуш керек экендигин тушунгон чыгаарсыз. Демек, "жоопкерчилик" - бул жан дуйнонузду ойготуунун жана анын эркиндигине чыгуусунун экинчи улуу жолу демекчимин.

Албетте, бул создорду окуганга чейин биздин ойлор чар жайыт жана кайсы ой жугуртуудогу адамдардын тизмесин толуктаарыбызды деле андый алчу эмеспиз. Сиздер деле мен сыяктуу кээ бир ой жугуртуунузду байкуштукуна окшоштурсаныз, кайсы бирин тагдыр кожоюунун оюна жакындатып озунузго анализ кыла баштадынызбы? Эн сонун! Биз акырындан озубузду анализдеп отуруп, баарын артка таштап, жаркын келечек учун жашаган адамдардан болобуз!


Билдирүүнү түзөткөн: ales: 26 Ноябрь 2015 - 11:09

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 12:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Эгер оз тажрыйбамдан мисал келтирсем, жоопкерчиликти мойнума ала албасам да, бирде байкушча ой жугуртуп, бирде тагдыр кожоюнча ой жугуртсом да, ар дайым озумо ишенгем." Кантип эле мен бир тунгуюкка барып такалып калайын, жолу бардыр..." деген таризде, ар дайым ишенуу менен бирге изденуунун жолунда журдум. Акыры жоопкерчиликти оз мойнума алган сон, баары озгоро баштады. Ошондуктан жоопкерчиликти оз мойнунузга алмайын, арканыздан бир нерсе тартып турган ондуу болот. Бул татаал процесс менен курошуу учун, башынызда болуп откон окуялардын баарын унутуу керек. Унутуу процесси да онойго турбаган иш. Кантип унутуу керек? Сиз куноолоп жаткан адамдарды кечируу керек. Бул деген, жек коруу жана таарынуу сезимдерден арылуу дегенди тушундурот. Баардыгы татаал ээ. Тагдырыбызга кара из салды деп канча жыл кимдир бироону кунолоп журсок, кептин баары озубуздо болуп жатса, кээде ишенбей да кетесин. Бирок, бул ачуу чындык болуп жатпайбы?
Демек, ойлорубузду тазартып, жоопкерчиликти оз мойнубузга алып, жаркын келечекке кадам таштап жатып, тагдырыбызга балта чапты деген адамдардын куноосун жокко чыгарып, озунуздун тандоонуздан жанылганынзды тушунуп, озунузду жана айлананыздагы баардык адамдарды КЕЧИРУУ менен баштаныз. Сиз кечируу менен, жек коруу, таарынуу, кектоо сезиминен арыласыз. Жек коруу, таарыныч, кектоо сезими жан дуйнонуздо жок болсо, анда ойлорунуз тазарган болот. Жыйынтыгында позитивдуу ойлорду ойлоп баштайсыз. Ушундай жол менен биз жаны жашоону баштайбыз:
1. Жоопкерчиликти оз моюнга алуу. (Абалдагы жашоого озунун тандоосу болгонун тушунуу)
2. Кечируу (Капа кылган, кордогон, басынткан, жаман соз айткан,ж.б.у. с.)
3. Ишенуу (Мумкун болбой турган нерселердин болуп кетерине ишенуу)
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 12:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ишеним
"Сиз алдыдагы чексиз мумкунчулукторго ишениниз, ошондо гана ал мумкунчулуктор, сиз учун чындап жузун ачат."
Уейн Дайер ("Ниеттин кучу")
"Ишенуу менен биз ошол ишенген нерсени коро алабыз." Грегг Брейден (Ан сезимдин коду)


"Ишеним" дегенде ким кандай тушунду болду экен? "Кимге, эмнеге" деген сыяктуу ойлор комуско ойлордо жарышка туштубу? Анда, китепке коз жугуртолу

Ишеним - бул биздин жашообузду аныктаган, биздин реалдуулукту тузуп жаткан жана ийгиликке жетуубузго туртку болгон же тескерисинче, бизди бир байкуш кылып, жакырчылыктын жолуна салган, илимий тил менен айтканда "парадигма" (жашоого болгон коз караш) жонундо соз кылгым келип турат. Деги эле азыркы жашообуз ушул жашка чыкканга чейинки озубуздун парадигма же коз карашыбыздыннатыйжасы болуп эсептелет.Бул дуйнодо ар бир адамдын озуно гана тиешелуу болгон ишеними бар. Бирок, андан башка жалпы коомдун да, жашоого болгон кандайдыр бир ишенген коз караштары болот.

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 26 Ноябрь 2015 - 12:32

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Lili   26 Ноябрь 2015 - 14:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Чын дилим менен кайра-кайра окуп жатам, РАХМАТ!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   dinajanka   26 Ноябрь 2015 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Рамат Алес айым. . Аяба сонун учкул создор.. мен дагы уч жолу окуп чыктым..
Албетте аз да болсо жашоомо пайдасы тийди деп ойлойм...

Билдирүүнү түзөткөн: dinajanka: 26 Ноябрь 2015 - 14:58

Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ales   26 Ноябрь 2015 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ишеним- ой менен тыгыз байланышта. Жашоодон эн жонокой мисалдар менен кенен тушундуруп берейин. Майда-чуйдо нерселерден чон нерсе пайда болот. Майда нерселерге биз анча маани кылбай эле, оозубузду кыбыратып салабыз да, жыйынтыгы ошондой болуп калат.
Мисалы, мындан эки жыл мурун апамдын уйун саттык. Саткан адамдарга уйду бир айда бошотуп бериш керек болчубуз. Бир жуманын ичинде бир орустун батирин алмай болдук. Нотариуска барып келишим тузолук десек, орустар макул болбой, силерден башка эч кимге сатпайбыз. Кепилдик таштачу акчанын да кереги жок, биз чынчыл адамдарбыз деп нотариусу жок эле тил кат жазып беришти. Алчу уйубуз даяр деп, уйду кочурууго даярдана бердик. Баягы уйду алчу кун жакындаганда, тигилер телефондун туткасын такыр албай коюшту. Алса да, биз сатпай калдык дегендей, чалды-куйду суйлоп туруп алышты. Бул жорукка менде эч кандай реакция болгон жок. Себеби, дароо эле жакшылыкка жоруп койдум. Демек, андан да жакшысы табылат экен деп ойлоп калдым. Синдим да, диний коз карашта, "Бул Аллахтын белгиси, мындан да жакшысы табылат экен" деген коз карашты кармады. Бирок, апабыз ыйлап, мен талаада калат турбаймынбы, мен оокаттарымды алып кайда барам, ушинтип каламбы... Айтор, аял кишини билесиздер да... Биз өз оюубузду айтсак да, ачулуу эмоциясын аран токтотту. Синдим экөөбүз гана болуп кеткен бурулушту эн жакшы кабыл алдык. Эртеси эле, бир дунган жарыя боюнча чалып, уйун тез арада сатып жатканын айтты. Дароо жетип бардык. Эн сонун! Тиги орустун уйунон беш эсе ойдо, жарык, кенен, таза жана да 1000 $ га арзан! Мына, ушундай болот экен.
Дагы бир кечээки эле кичинекей болбогон окуяны айтып берейинчи. Шаардын четиндеги айылда жашагандыктан, кээде биз жакка кетуучу унааларды тосуп кетебиз. Маршрут 40 минутада бир келет. Бирок, биз орто жолдон тоскондуктан, кобу шаардан эле толуп калып, токтобой кетип калышат. Ошондуктан, болгон умутубуз маршрут болуп калат. Кечээ маршрут да тыгылыш болгондуктан токтобой кетти. Мен дароо эле суйунуп кеттим. Демек, азыр жылуу тыгылыш эмес, жакшы унаага отурат экенбиз дедим ичимден. Оюмду жыйынтыктагыча, унаа токтоп калды. Ооба, так эле мен ойлогондой болуп чыкты. Кордунуздорбу, ойду биз жаратабыз, ал реалдашат, демек, баарын озубуз куруп жатабыз.
Салам Нью-Йорк тасмасындагы бир кадрдагы бир суйлом мага абдан жаккан. Ал фильмде баса белгиленип айтылбайт. Ошентсе да, чон маанини камтыйт. Башкы каармандын аты Бектур беле, бомжду жашыруун багып журуп, кайра акыры ошол себептуу жумушунан чыгарылып калат эмеспи. Ошондо, бомж айтат: "Эй дос, капа болбо! Кайгырбачы, баары жакшылыкка. ... " - деп. Чындап эле жакшылыкка бурулган болот ээ. Ал ошол жерде иштеп журо берсе, эч кимге жакшылык кылбаса, эч кимдин ыраазычылыгына татыбаса, балким, баары башкача болмоктур.
Дагы бир мисал, элибиздин суймончулугу болгон "Боз салкын" киносунда, ала качып келген келинин кайненеси отургузуп алып, жакшы кенештерин айткан жери бар го (Созмо соз эсимде жок.Болжол менен ушул мааниде) "...Башына тушкон тагдырды кандай кабыл алсан, ошондой жашоону аласын деп. Корбой билбей, барса да ал кызыгуу жана позитивдуу ой менен кабыл алат.

Ойлогон эле ойдун реалдашып, аткарылып калганы бул жомок сыяктуу сезилгени менен чындык. Эгерде текшерип коргунуз келсе, бугундон, азыртан баштап, ан сезиминиздеги ой жугуртуунузду ондошунуз зарыл!
Эскерете кетейин, бул теманы башка сайтка, же соц.желелерине тарката турган болсонор, алгач уруксат сурап коюушунарды отуном. Отуном эмес, талап кылам! Себеби, мындай кочуруулор акыркы кундору коп болуп жатат. Теманын автору катары, кайсы сайтта же кайсы соц. желеде тема жарыяланып турганын билууго акым бар. Ошондуктан, туура тушунуу менен кабыл аласыздар деп ойлойм.

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 26 Ноябрь 2015 - 22:27

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   dinajanka   27 Ноябрь 2015 - 13:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

[quote name='ales' date='26 Ноябрь 2015 - 21:41' timestamp='1448552469' post='2664329' ]
Ишеним-ой менен тыгыз байланышта. Жашоодон эн жонокой мисалдар менен кенен тушундуруп берейин. Майда-чуйдо нерселерден чон нерсе пайда болот. Майда нерселерге биз анча маани кылбай эле, оозубузду кыбыратып салабыз да, жыйынтыгы ошондой болуп калат.
Мисалы, мындан эки жыл мурун апамдын уйун саттык. Саткан адамдарга уйду бир айда бошотуп бериш керек болчубуз. Бир жуманын ичинде бир орустун батирин алмай болдук. Нотариуска барып келишим тузолук десек, орустар макул болбой, силерден башка эч кимге сатпайбыз. Кепилдик таштачу акчанын да кереги жок, биз чынчыл адамдарбыз деп нотариусу жок эле тил кат жазып беришти. Алчу уйубуз даяр деп, уйду кочурууго даярдана бердик. Баягы уйду алчу кун жакындаганда, тигилер телефондун туткасын такыр албай коюшту. Алса да, биз сатпай калдык дегендей, чалды-куйду суйлоп туруп алышты. Бул жорукка менде эч кандай реакция болгон жок. Себеби, дароо эле жакшылыкка жоруп койдум. Демек, андан да жакшысы табылат экен деп ойлоп калдым. Синдим да, диний коз карашта, "Бул Аллахтын белгиси, мындан да жакшысы табылат экен" деген коз карашты кармады. Бирок, апабыз ыйлап, мен талаада калат турбаймынбы, мен оокаттарымды алып кайда барам, ушинтип каламбы... Айтор, аял кишини билесиздер да... Биз өз оюубузду айтсак да, ачулуу эмоциясын аран токтотту. Синдим экөөбүз гана болуп кеткен бурулушту эн жакшы кабыл алдык. Эртеси эле, бир дунган жарыя боюнча чалып, уйун тез арада сатып жатканын айтты. Дароо жетип бардык. Эн сонун! Тиги орустун уйунон беш эсе ойдо, жарык, кенен, таза жана да 1000 $ га арзан! Мына, ушундай болот экен.
Дагы бир кечээки эле кичинекей болбогон окуяны айтып берейинчи. Шаардын четиндеги айылда жашагандыктан, кээде биз жакка кетуучу унааларды тосуп кетебиз. Маршрут 40 минутада бир келет. Бирок, биз орто жолдон тоскондуктан, кобу шаардан эле толуп калып, токтобой кетип калышат. Ошондуктан, болгон умутубуз маршрут болуп калат. Кечээ маршрут да тыгылыш болгондуктан токтобой кетти. Мен дароо эле суйунуп кеттим. Демек, азыр жылуу тыгылыш эмес, жакшы унаага отурат экенбиз дедим ичимден. Оюмду жыйынтыктагыча, унаа токтоп калды. Ооба, так эле мен ойлогондой болуп чыкты. Кордунуздорбу, ойду биз жаратабыз, ал реалдашат, демек, баарын озубуз куруп жатабыз.
Салам Нью-Йорк тасмасындагы бир кадрдагы бир суйлом мага абдан жаккан. Ал фильмде баса белгиленип айтылбайт. Ошентсе да, чон маанини камтыйт. Башкы каармандын аты Бектур беле, бомжду жашыруун багып журуп, кайра акыры ошол себептуу жумушунан чыгарылып калат эмеспи. Ошондо, бомж айтат: "Эй дос, капа болбо! Кайгырбачы, баары жакшылыкка. ... " - деп. Чындап эле жакшылыкка бурулган болот ээ. Ал ошол жерде иштеп журо берсе, эч кимге жакшылык кылбаса, эч кимдин ыраазычылыгына татыбаса, балким, баары башкача болмоктур.
Дагы бир мисал, элибиздин суймончулугу болгон "Боз салкын" киносунда, ала качып келген келинин кайненеси отургузуп алып, жакшы кенештерин айткан жери бар го (Созмо соз эсимде жок.Болжол менен ушул мааниде) "...Башына тушкон тагдырды кандай кабыл алсан, ошондой жашоону аласын деп. Корбой билбей, барса да ал кызыгуу жана позитивдуу ой менен кабыл алат.

Ойлогон эле ойдун реалдашып, аткарылып калганы бул жомок сыяктуу сезилгени менен чындык. Эгерде текшерип коргунуз келсе, бугундон, азыртан баштап, ан сезиминиздеги ой жугуртуунузду ондошунуз зарыл!






Туура мен ушул оюнузга кошулам.. Баардыгы озундун оюн менен тастыкталат. .
Биздеда ошондой окуя болгон уй маселеси.. Биз да уй алалы деп чечекенбиз, синдим экообуз Россияда иштеп журобуз, Апакем Кыргызстанда. Ошонтип акчавыз чогулду уйго ылайык но азмаз жетпейт, анан доллар дагы которулуп турган кези эле, апама айттык "Апа уй караштыра бериниз, чыксале биз акчаны которовуз" деп. Ошонтип апам издеп жургон кезде аябайле кымбаттап кетти кв же акчавыз жетпейт. Анан Россияда биз менен чоогу журушкон тагамдар да барда алар айтышты "Азыр кв кымбаттап кетти, арзанын таппайсынар деп. Биз берип туравыз силер иштеп бересинер кайра" дедиле. Мен "Жок биз топтогон гана акчавызга алавыз" деп.. Ровна бир ай дегенде чындапле биздин топтогон акчага ылайык центрден сопсонунле уй чыкты анан насип кылып алып калдык.. Айтарым сиз айткандай оюмда "Бироого карыз болбой насип кылса озубуздун гана акча алабыз" деп жана оюмдан кумонда санаган эмес болчум.. Ошондуктан мага действия берди да..


Анан негизи оюн менен жашоон менен топ келгени туура копле кездешет менде.. Албетте кээ бир нерселерди эсепке албаганда.. Мумкун кийинчереек болор аны убакыт корсотот да....


Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   raia   27 Ноябрь 2015 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Алес айым жазгандарынды суйууну менен окуп чыктым...
Жоготкон адамымды табамынго деген ишеним келип журдуу эле,мен да таап алдым...
Таптым бирок жообу озундо...
Демек жазганында чындык бар,адам озуно туруктуу ишеним менен жашаса демек ишенич эч качан алдабайт...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Ноябрь 2015 - 20:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kontinent   28 Ноябрь 2015 - 03:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Ираса кооздоп жазыпсызго Алес Эже.
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Chopi1990   28 Ноябрь 2015 - 17:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 09 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2018 00:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия, Москва

Рахмат эже,Бул билдируунуз аябай жакты,Ошондуктан кайра кайра окуп турам.Кичинемден бери кыйын жашоодон оттум,жаман ойлорду коп ойлоном,кичине болсо да аракет кылайын.АЛЛА ыраазы болсун эже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   airada   29 Ноябрь 2015 - 20:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Берилуу менен окуп чыктым. Турмушта колдонуучу жакшы ойлор жазылыптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: