Суперстан: Кайненем жана мен((( кеңеш күтөм, достор. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайненем жана мен((( кеңеш күтөм, достор.

#1 Пользователь офлайн   Aiya9322   02 Ноябрь 2015 - 23:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2017 13:01
  • Жынысы:Аялзаты

Салам достор! Мага кенеш керек. Сиздердин оюнуздарды билгим келет. Мен 4-курсту аяктап жатканда жашоомдо чон озгоруу болду. Бир жигит менен социалдык туйун аркылуу таанышып калдык, жакшы суйлошуп,конулумду алганга аябай аракет кылды. Ал кобунчо дин жонундогу темаларда суйлошууну жакшы корот экен. Мага аябай жакты. Кыялымдагы жигит экен делим. Намаз окуса, арак ичпесе, тамеки тарпаса, мен издеген мырза экен деп жакшы суйлошуп калдым. Жолугушууга бардым келбеттуу, узун бойлуу, кара тору бала экен. Сейилдеп коп нерсени суйлошуп, талкууладык. Бат эле бири бирибизди жактырып калдык. Ал Россияда чоноюп, окуган бала эле. Менден бир жаш кичуу. Уч жолу жолуктук. Аябай соонун кундорду откордук. Учунчу жолугушуубузда уйлонуу туурасында сунуш киргизди, шарият жолу менен уч кун ичинде уйлонуу тууралу шарт бар экен, ошого таянды. Макул болдум, бирок Ата энемдин чечими менен дедим. Эки кун ичинде туугандары келип сойко салмай болду. Ата Энем, туугандарым каршы чыгышты, корсо болочоктогу кайненем, бир уруулаш эжем болот экен. Кыздын сыры торкунуно маалым дегендей, кайын Энем оз билгенин кылган аял экен. Атам озгочо каршы чыкты. Кеч киргенде сойко салчы адамдар келишти. Ата Энем, туугандарым шарт коюшту, сойконорду салгыла, бирок кызды куздо беребиз деп жонотушту. Аткем кузго чейин байкаштырабыз дер, мени бергиси келбеди. Эртеси куну Ала качып кетишти. Сойкону салгандан кийин, туруп кетууго дитим барбады, отуруп калдым. Ата Энем кейип эле, ичтери ачышып кала беришти. Ошондо Атам кызым кайнесинин мунозу оор эле, жашап кетеби деп аябай кооптонуптур. Тойдон коп отпой эле россияга сапар тарттык. Башында баары жакшы эле жашап жаттык. Жолдошум жакшы, бирок озумчул. Озунун кызыкчылыгы биринчи оруда турат. Ал мунозуно конул бурган деле жокмун. Уйдо бизден башка кайнежем уч баласы, куйоосу менен чогу турат экенбиз. Эн кызыгы кайнежемдин да куйоомдун да оз батирлери бар экен, бирок бир квартирада чогу турабыз. Ошентип келиндик кызмат башталды. Баарына жетишкенге аракет кылам, кайнежемдин балдарын жуунтуп, кирин жууп, оюнчуктарына чейин жыйнап, тамак ащтарын даярдап берем. Бирок кылган ишимдин бири да кайненеме жакпады. Эмне кылбайын, кылган ишимен кемчилик издейт. Эрдеден кечке чейин иштемин. Кечинде келип тирилигимди кылам. Уйдо техниканын баары бар, бирок кайненм техника эмес шыпыргы колдонгонума тыюуу салды. Баары колго жасалат. Тун ичинде уборка, стирка, глажка дегендей. Куйоом мечитке деп кундо кечинде кетет. Андай нерсеге каршылыгым жок эле, бирок тун ортосунда 2-3то келгени кыжырымды кайната баштады. Тийгенден кийин чыдайм деп унчукпайм. Кайненем койгон идишиме чейин жатырбайт. Кир жайсам келип кирди катуу силки дейт, катуу силкип жайып жатсам жай силки дейт, кирим кургаганда бырышы жазылбаптыр деп нааразы болот. Тамак ашты айтпай эле коеюн. Дайыма бир нерсе таап, бир тиет. Ызааланып ыйлайм, куйоомо айтсам, мурду менен бир тиет, сен эмнени кааладын эле деп. Апакеме, эч кимге эч нерсе айтууга дитим Барбады. Чыдай бердим. Кайнежем Экинчи кайненеме айланды. Экоо эки жактан чыгат. Идиш жуусам суу коп колдоносун дейт, кир жуусам самын аз кетиптир, кирди сууга салып чыгарып койдунбу деп бир тийет. Кетип калайын дейм, ботон эл болгондон кийин акчам да жок. Оорусам жонокой дары алып бергенге куйоомдун кудурети жетпегендей, Ыйлап аран алдырдым.Куйоомдун озумчул мунозу мени тойгузуп баштады. Ата энемди таштап, башка булого булоо болуу эн кыйын нерсе экен. Анда деле намаз окуйм, шариятты карманам деген Адам аял кишиге, омурлук жарына кайдыгер караганына ичим орттонду. Кеч келгени аз келгенсип телефонуна жыланач кыздардын суроту келе баштады. Сурасам билбейм менен кутулат. Акырында кийимдеримди салыштырып, уйдогулор менен байланышып, кыргызстанга кайта бердим. Билетимди алып беришкен да жок. Динде ушинтип,алыстан алып келип алып, орто жолго таштап коюууга мумкунбу??? Каненем да мага нааразы болуп ата энеме келиним коп суйлобойт, кулбойт деп бир тили узун, мени менен жаактащып айтышат деп айткан экен. достор кенеш бергилечи, эмне кылуум керек? Азыркы учурда окуумду улантып жатам, бутуруучу курсмун. Канчалык ичимен жаман болсом да, билгизбегенге аракеттенип жатам. Куйоомо жазсам, чалсам жооп жок. Умутумду узо баштадым. Кенеш кутом сиздерден.рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kg.lady   02 Ноябрь 2015 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Эмне дешти билбей турам. Ар бир экинчи уйлонгон жаш жубайлар ажырашып жатышат. Же чыдамсыз, сабыры жок болуп баратабыз келиндер. Же кайын журттар Зомбиге айланып баратат...

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kg.lady   02 Ноябрь 2015 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Окууну ийгиликтуу аяктоону кенеш берем, артка кылчактоонун зарылчылыгы жок, калганын убакыт коргозот.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Jantaev   02 Ноябрь 2015 - 23:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 04 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 00:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Кайненениз менен кайнежениз. Жондон жон эле антип жаман корбосо керек. Эгер сиз жазгандай жашасаныз. Жок дегенде кайненениз же кайнежениз же болбосо куйоонуз жактырмак.бул бир гана себеби. Дагы башка себептер кооп. Балким сиз айткандай кызмат кылып жатсаныз, анда жашоонузду уланта берин, чыданыз,бул жашоодогу сыноо. куйонуз менен ачык суйлошунуз. келинди мактаган кайнени коро элекмин. Бактылуу болуп кетин. Эч качан уйбулоо ажырашпасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Arrayan   03 Ноябрь 2015 - 00:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Сен 2016 12:13

Жашабай эле койунуз ата-эненизди укканда мындай болмок эместир эле балким.Турмуш дейт дагы да болсо кеч эмес окуунузду улантып жашоого жаны коз караш менен карап алдыга умтула бериниз буйруса баары жакшы болот деген ниетте.Сиздин куйоонузго окшогон ыймандуу аттуулар аябай кобойгон азыр.Эмнеге эркектер ойлонбойт бироонун кызын алып алышы алат кийин конул бурбайт бул эмне деген жашоо болду.Жараткан баарыбыздын ыйманыбызды бекем кылсын.Чала молдо дин бузаарлар кобойгон заманда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   anar07   03 Ноябрь 2015 - 00:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 01:27

Негизи катачылык бир тараптан эле кетпейт,эки тараптан тен болот,мындай корунуштор ар бир келиндин башынан отсо керек,сабырдуу болсок женебиз го аял заты.Кудайымдын берген сыноосунан эч жака кача албайт экенбиз да,андыктан сизге айтаарым сабырдуу болунуз баары жакшы болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aiya9322   03 Ноябрь 2015 - 00:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2017 13:01
  • Жынысы:Аялзаты

Эн окунучтуусу ботон жерге, ботон элге алып келишип кайдыгер мамиле жасагандары. Акчага жалдап келгендей мамиле кылышканы(мурда уй кызматчы иштечи экен). Куйоомдун чечкинсиздиги ушуга алып келди. Ортодо калыс болсо болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   medina.   03 Ноябрь 2015 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кудай сакта дегенден башка кеп айта албайт экенбиз,турмуш коро электер...Жакшы куйоону,тушунуктуу кайынжуртту тилеп калат экенсин...
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   talych.kg   03 Ноябрь 2015 - 00:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Дек 2020 11:08

Саламатсызбы! менин сизге кенеш берээрим ар кимди укпай баарын озунуз чечкениниз дурус дейм!балким жарашып алаарсынар! турмуш куруу оной бирок ошол турмуштун очогун булатып жашап кетиш кыйын!женил ойго алдырбай озунуз баамдап корунуз!кандай чечсениз да озунуздун чечиминиз туура болсо керек деп ойлойм!ар бир адам бактылуу болгусу келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   talych.kg   03 Ноябрь 2015 - 00:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Дек 2020 11:08

Саламатсызбы! менин сизге кенеш берээрим ар кимди укпай баарын озунуз чечкениниз дурус дейм!балким жарашып алаарсынар! турмуш куруу оной бирок ошол турмуштун очогун булатып жашап кетиш кыйын!женил ойго алдырбай озунуз баамдап корунуз!кандай чечсениз да озунуздун чечиминиз туура болсо керек деп ойлойм!ар бир адам бактылуу болгусу келет!бактылуу болунуз!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   altynka95   03 Ноябрь 2015 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 811
  • Катталган: 13 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Окт 2024 23:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МО

Эмне дейбиз эми.. Биз бул жерде мындай кыл андай кыл деп акыл уйротумуш болгонубуз менен чечим озунуздо,бактылуу болун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   -Angela-   03 Ноябрь 2015 - 01:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2016 12:39

кенешим кайнене кайнежен онолбойт эгер болунуп жашасанар жашашын мумкун а так кайра барсан ошоле картинка жарашпайле кой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   03 Ноябрь 2015 - 01:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кайненеңиздин сиз тууралуу айтканында: Чын эле кемсөзсүзбү, көп күлбөйспү? Андай сындардан мен дагы өткөм, сизди жакшы түшүнүп турам. Мен самынды көп иштеткеним үчүн, бир кир чечишсе эле сразу жууп салчумун. Топтогонду жаман көрөм. Идишке мила кошконум үчүн, анда миланы неге апкелет деп ыйлайт элем. Очокко гөң салганда огородтон майдаларын терип жүрүп тамак бышырат элем. Эки үч жылдык кылып гөңдөрдү жыйып коюшат эле. Ошолордон алам деп бир жолу өллө уруш уккам. "Эмнесине колуңду тийгизип, качан кыйратып койдуң эле " деген. Кыштын күнү печка курулбаган муздак үйдө үч айлык кызым менен таң аттырат элем, үшүп уктай албай чыгат элем, кызымды эмизгенде тиши тишиме тийбей титирейт элем. Ошолордун баары сабак мага. Ошол күндөрдү көрбөгөндө мен мынчалык чыйралбас элем. Азыр өзүмө сөз тийгиздирбегенге аракет кылам. Баардык нерсеге көзүм жетип, каерде не кылыш керек экенин билем. Кай жерде күлүп, кай жерде сүйлөш керек экенин дагы. Мындайча айтканда жеңиш мен тарапта. Унчукпасаң үйдөй балаадан кутулат экенсиң :)

Билдирүүнү түзөткөн: zaika.tvo9.1990: 03 Ноябрь 2015 - 01:56

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Ноябрь 2015 - 02:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

((( аянычтуу... ортодо бала болбогондон кийин, конулунуз жок болсо кайтуунун кажети жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   osh93   03 Ноябрь 2015 - 03:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ассалааму алейкум! Биринчиден, иштеринизге, окуп аткан окуунузга ийгилик! Анан бул жерде кенеш бергендер бир жактуу чечим чыгарбаныздар. Баарыныздар эле, болду болбойт деп жатасыздар! Жок мындай болбойт туугандар. Биз булардын жашоосун корбой, билбей туруп Эч-нерсе айта албайбыз. Ошентсе да, бул окуяны жаза кетейин(эстеген жерлерими жазам билгендер толуктап койсонуздар болот) :)

Бир куну бир сахабага жаш келин кайрылды да мындай деди ;
Урматтуу, сахаба мага жардам керек уулу даары бериниз "Кайын энемди" - олтуром.
Сахаба: Эмне учун? Деп сурады,
Анда, келин себеби ;мен аны жек кором ар дайым менден кынтык таап журот дейт. Биз экообуз эч качан бир уйго батбайбыз дейт.
Макул деп анда Сахаба, бир даары чопту ага карматат. Бирок, Кайын энен олгу чейин аны козундун карегиндей сакта, кеч жатаарда белин ушала, кобуроок суйлош деп табыштайт.
Келин кетет да, дал Сахаба айткан нерселерди аткара баштайт. Башында, эртереек кутулсам экен деп абдан жакшы мамиле кылат. Ар куну суйлошот экоо, мурдагыдан караганда экоонун ортосунда Кундон-кунго мамилелери жакшыра баштайт. Келини буулугуп жаман боло баштайт ушинтип эле мен Кайын энемден айрылып каламбы? Деп ойлоно баштайт. Кылган ишине абдан окуно баштайт ошентип кундор ото берет акыры абдан жакшы коруп калат.
Анан Кайын энесин сактап калуу учун, кайрадан жанагы Сахабага барат да. Болгон иштин баарын айтат ыйлайт,соороно албай абдан ыйлайт сахабага жалбарат Кайын энемди сактап калыныз деп. А макул болот да, жанагы келинге муну айта баштайт ушундай болоорун билгем. Кордунбу? Сен башында Кайын энене конул буруп мамиле жасаган эмессин ошон учун жаман короор элен дейт.

Мына эжеке сиз да балким ушул окуядай болуп, Кайын эненизди жек коруп жасаган окшойсуз. Бул жердеги эжелер да айтып атат го, башында баары кыйын болот деп. Ошон учун, "жети олчоп бир кес" - деген макал бар го. Озунуз ойлонуп анан чечим чыгараарсыз. .

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   emilbek1   03 Ноябрь 2015 - 05:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 376
  • Катталган: 02 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек

Ата энендин каршы болгонуна да болбой эрге тийип алганынын озу туура эмес. Озунду актап мактап жазбай эле койбопсун да еми бул жакка. Менимче шалтырук эле келин окшойсун. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Doc.Myrza   03 Ноябрь 2015 - 06:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 22 Июль 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 09:29
  • Жынысы:Эркек

Ар бир адам оз жашоосун татыктуу жашаганга укугу бар, окуйт экенсин, артка кылчайба, андан ары аракеттен иште, бактылуу кундорун али алдыда.
Ийгиликтер болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Er-jurok   03 Ноябрь 2015 - 06:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 610
  • Катталган: 23 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2016 16:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош-Ноокат.

Кеткенден кийин куйооно эмнеге чаласын?
Ушул жагы бир аз ойлоно турган экен. Ырас сага жакпайт экен эч кимиси. Бирок мен азыркы анча мынча келиндерге баа бере албайм анткени чыдавас. Кичине эле бирдемке болсо куйоосунун кайны журтунун абийирин тогуп салышат. Бир нерсе десен эле балаада каласын,бул турган кеп. Жакшы аял эч качан куйоосунун абийирин,сырын, ачпайт мин жаман болгон чакта да.
Илгерки апаларга мин рахмат айтсак аздык кылат экен. Канча ачарчылыкты баштан откорушсо да кабагым кашым дебей куйоолоруно кызмат кылган. А азырчы каяктагы жууган кирин,жасаган тамагын,болбогон эле бир нерселерди проблема кыла беришет.
Авторго бир суроо бергим келди. Куйоом намаз окуйт деп жатасыз,озунуз окуйсузбу намаз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Aisel.   03 Ноябрь 2015 - 07:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 128
  • Катталган: 27 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Сен 2023 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суйуу обл. Махабат рай. Конул коч. Индекс 345. Дом журок. Суйуу баарына керек!!!

Атанын ыраазычылыгысыз бактылуу боло албайсын деген туура кептей. Башта ата-эненизди уксаныз болмок. Ал жигитти озунуз таандадыныз. Баарына сабыр кылып чыдашыныз керек болчу. Жасаган жумуштарынызды бул жерге жарыя кылбай. Жакшы келин булосундогу созду жарыя кылбайт. Андай кайын энен, кайын эжелерди бир гана жылмайып, сабыр кылып женсениз болмок. Келин болуу оной эмес. Унчукпай кеттип калбай кеттерде жолдошунуз менен суйлошуп чечишсениз болмок. Чалсам албайт дейсиз, озунуз кеттиши кеттип алып чалганга намысыныз кантип жол берди. Жолдошунуздан башка эркек да ошондрй кылмак. Эркектердин копчулугу озу кетти эми керек болсо озу келсин деген принципке таянат.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.



[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aijamal_95   03 Ноябрь 2015 - 08:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Бул нерсе менинда башымдан откон. Менда динди билген адам намаз окуйт, ичпейт, чекпейт деп тийген элем. Акыры ажырашып тындык. Мен азыр ал кундорумду ойлобойм. Менда окуму улантам. Быйыл бутом. Булд аллахтын сыносу. Балан жок болсо кайгырба. Бары жакшы болот. Биро айткан экен. Азыркы акылым болгондо кечеги каталарым болбойт эле. Кечеги каталарым болбогондо азыркы акылым болбойт эле деп. Ошол учун кайгырбан. Сиздин ахвалынызды тушуном. Менинда баштан откон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 17:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: