Эркек канчалык адамдар менен жакшы мамиле курбасын бирок аялы менен корс болсо ал ийгиликсиз адам. Ар бир эркек аялы менен тил табыша албаса ал көпкө узабайт.Эркектин ийгилиги аялга байланган. Аялдын ийгилиги эркекке байланган.Эки тараптан тен көз каранды. Даанышмандар айтчу экен аялдарына : Эгерде адамдардын бардыгы мен тарапта болуп сен гана мага каршы болсон, анда мен ийгиликтүү боло албайм.
Үйбүлө жакшы жашаш үчун жакшы сөзүнүздөн аябаныз Ата-бабаларыбызда бекер айтпаган “жакшы сөз жарым ырыс” деп. Жакшы сөздү сүйлөш сизге эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт.
Пайгамбарыбыбыз алейхи салам айтты : Ким Аллага акыретке ишенсе жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын.
Алла Таала ыйык куранда көп жерде бизге жакшы сөз сүйлөөгө буйруган.
Алла Таала айтты :Адамдарга жакшы сөз сүйлөгүлө ( Бакара 83)
Аларга жакшы сөз сүйлөгүлө ( Нисаа 5)
Алладан корккула түз сөздү сүйлөгүлө ( Ахзаб 80)
Жакшы сөз сүйлөөгө Алла Таала буйруп жаткандан кийин бул ишти аткарсак бизге сооп жазылат.Сооп жазылган иш бул ибаадат болуп саналат.Элестетип көрүнүз ар бир айткан жакшы сөзүнүз ибаадат болуп жатат.
Жакшы сөз сүйлөөнүн мөмөсү
- Сообу чон
- Сүйүүнү күчөтөт
- Ачууну басып мамилени бекемдейт
- Жакшы сөздүн артынан жакшы сөз угасын
- Ортодо талаш тартышты жок кылат
- Жүрөк тынчылыкта болуп сүймөнчүлүккө ээ болот
- Талактан алыс болот
- Шайтандын белин сындырат
- Аялына жакшы сүйлөгөн сайын күйөөсүнө жакшы баш ийе баштайт.Күйөөсүнө жакшы сүйлөсө күйөөсү мээрбан боло баштайт
- Балдарыбызга чон тарбия үлгү болот.
Үйбүлө кантип ынтымакта жашайт. ...
#2 11 June 2014 - 00:49
Эмнеге эркектер аялдарына жакшы сөз сүйлөөдөн баш тартат деп эркектерден суралганда,
көпчүлүгү ушул жооптордун тегерегинде айтышкан.
- Ал сөздү айтсам аялым шек санап баштайт
- Аялымдан жакшы сөз укпайм
- Мындай сөз айтууга үйрөнгөн эмесмин
- Ал ага татыктуу эмес
- Ага калп айткым келбейт жаман көрсөм кантип жакшы көрөм деп айтайын
- Жакшы сөз сүйлөө эсиме деле келбейт
- Жашоо турмуштун айынан ага жакшы сөз сүйлөөнү деле унутуп коем
- Бардык жагын камсыз кылсам ага жетиштүү
Жакшы сөздүн түрлөрү
- Ачык дуба кылуу
- Аны мактоо
- Кыйынчылыктарда бир болуу аял капа болсо куйөө көнүл айтуу.Эркек кайгыга түшсө аялы көнүл айтуу.
- Кечирип кою жана кечирим суроо
- Ыраазычылык билдирүү урматтоо
- Жакшы чын соз менен тамашалап эркелетүү
Жакшы сөз айтуунун жолдору
- Түз эле айтуу
- Телефон менен айтуу
- Смс аркылуу айтуу
- Же кат аркылуу жазуу
- Ырайым назар менен карап жылмаю
Кантип аялынды баш ийдире аласын?
- Аллага чынчыл бол аялын сага чынчыл болот
- Аллага тобекел кылып Ага дуба кылуу
- Эркек үлгү болушу керек
- Сен ага жумшак болгун ал сага мээрбан болот
- Аялынды эч убакта күч менен баш ийдире албайсын. Ушунча жыл корс күч колдонуп аялын сага баш ийип калдыбы.
- Эркек аялга жоопкерчиликтүү атадай ага тарбия бериш керек буйрук эмес
- Төшөк акысын толук бер
- Аялындын жакындары менен жакшы мамиледе бол
- Өткөндү эстетип кек сактаба
- Жөнү жок аялдын иштерине аралашпа.

#3 11 June 2014 - 00:50
Үй-бүлө коомдун эң маанилүү пайдубалы. Бул пайдубал бекем болсо эл да мамлекет бекем болот. Ошондуктан элдин жана мамлекеттин пайдубалы болгон үй-бүлө эч качан плансыз жана проектсиз болбошу керек. Бул нерседе кайдыгер калуу бүт элге жана мамлекетке кайдыгер болуу менен барабар. Андыктан биз үй-бүлө маселеси олуттуу экенине ишенип, аны өтө маанидүү деп билебиз... жана коомдун туура эмес багытта кетүүсүндө зыян тартаарына ишенерибизди баса белгилеп кекибиз келет.
Оюн-зоок, көңүл-ачуу үчүн курулган максатсыз уянын келечеги болбогондой эле, эл ичинде да пайдасыз кала берет. Мындай уянын ар дайым селсаяк балдарды жетиштирүүсү ыктымал. Анткени ал уя куруларда береке алып келе турган эсеп жана план менен курулган эмес. Биз ал планды нике деп атайбыз жана никеге барууда моокум кандыруу жана ойноону таштап, даанышмандыктын жана акылмандыктын өкүмдар болуусун ойлонуп, дагы мындай баш кошууда диний тушүнүктүн, диний сезимдин негиз болуусу өтө пайдалуу болооруна ишенебиз. Аял жана эркек Алла Тааланы тааныбаса, алардан пайда болгон бөбөктүн сезимтал, тартиптүү жана жоопкерчилик сезимдерин алып жүрөрүнө ыктымал берилбейт. Эгер эчтекеге карабай жакшы натыйжаларга жетсе, аны Алла Тааланын берген жакшылыгы деп билип ыраазы болобуз.
Негизи биз башыбыздан өткөрүп аткан бузукулуктар ичинде ар бир нерсе, бир себепке байланыштуу. Себептерге көңүл буруп көзөмөлдөгөн нерселерди көп жолу ойлонуу менен жете алабыз. Себептерге көңүл бурбай туруп каалагандай натыйжага жете албайбыз. Ошондуктан эгерде зыянга учуроону каалабасак, ар бир маселеде себептерге терең көңүл буруп, андан кийин Алла Тааланын жакшылыгына, камкордугуна ишенип бөбөктүн ден соолугу чың болуусун бир гана Андан күтөбүз. Чечим чыгарууда Аллахка толук ишенимде болуш керек бирок, буга чейин кыймыл-аракетте жана жүрүш-турушта себептерге көңүл бурууну унутуп койбошубуз керек. Биз үй-бүлө сыяктуу маанилүү уюмдун курулуусунда да бул принциптерге көңүл буруш керектигине ишенебиз.
Үй-бүлөнүн мынтип курулуусу ыраа көрүлгөндөн кийин жакшы урпактар жетишет деген негиздер да бир мааниге ээ болот. Бирок маселенин түбүндө бир кемчилдик бар болсо, кийинки аракеттердин таасири ошончолук азаят. Түбүндө берекет болгон бир үй-бүлөдө күйөөсү мусулман, аялы мусулман болуп, ар бири өз жоопкерчиликтерин толук аткарса, мындай уяда ар бир нерсе өз ордунда болуп бейиш үйлөрүнөн бир үйгө айланат. Мындай уяда чоңойгон бөбөктүн кыйкырып ыйлоосу да Алла Тааланын алдында периштелердин тасбихтериндей ыйык жана дуба даражасында.

#4 11 June 2014 - 00:52
Курани карим бактылуу бир коомдогу аял-эркекти мындайча сүрөттөйт: “Албетте мусулман эркек жана мусулман аялдар, момун эркек жана момун аялдар, моюн сунуучу эркектер жана моюн сунуучу аялдар, сабыр кылуучу эркектер жана сабыр кылуучу аялдар, баш ийүүчү эркектер жана баш ийүүчү аялдар, кайыр-садага кылуучу эркектер жана кайыр-садага кылуучу аялдар, орозо кармоочу эркектер жана орозо кармоочу аялдар, абийирдүү жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер жана абийирдүү жерлерин (арам-сойкулуктан) сактоочу аялдар, Аллахты көп эстөөчү эркектер жана Аллахты көп эстөөчү аялдар – (алардын баары) үчүн Аллах кечирим жана улуу сыйлык (бейиш) даярдап койгон.” (Ахзаб, 35)
Бул эркек жана аялдар, адамдардын эң кичине клеткасы болгон үй-бүлөдө момун жана мусулман болуп бир жерге келишип, Аллахка ишенишип, чын көңүлдөн Ага кайрылышып ибадат кылуу менен жашоолорун өткөрүшүүдө.
Ооба сөздөрүндө, жүрүш-туруштарында чынчыл болгон эркектер, чынчыл болгон аялдардын ооздорундан чыккан сөздөр жүрүш-туруштар жалганга чыгарбайт, жүрүш-туруштары да ооздорунан чыккан сөздөрүнө тескери болбойт. Алардын курган уяларында эч кандай терс көрүнүштөр кездешпейт. Ал үйдө баары жайында болот. Ошондой эле бир киши кузгүдөн каранганда түздөнүп, жасангандай эле, бөбөк да үйдөгү чынчылдыктын жана тууралыктын алдында өзүн оңдоп, терс көрүнүш болгон мамилелерге эч качан күбө болбойт. Ал үйдө пайда болгон бардык нерсе туура. Себеби ал үйдө чынчылдар бар.
Сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, ибадаттын оордугуна, ар-түрдүү балээлерге чыдагандар, кунөөлөрдөн алыс болуп таза жүргөндөр, күнөө жасоону тозокко кирген менен тең деп билгендер жүрүш-туруштары менен, жалпы чөйрөдө, жаш балдарга өтө таасирдүү болуп, тил менен айтыла турган нерселер мындай баяндардын алдында өчүп кала берет.
Жаш балдардын жоомарт болуп жетишүүлөрү үчүн ал үйдө жакшылыкка ачык, кайыр-садага берген эркек жана аял болушу керек. Ооба алардын берешен болуулары үчүн оболу биз берешен болушубуз керек. Алла Тааланын буйрук кылган орозосун аткарган аял-эркектен пайда болгон үй-бүлө, ал үй-бүлөдөн пайда болгон коом жана улут тынчтык жана амандыкта болот.

#5 11 June 2014 - 01:13
жакшы кенештер экен.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#7 11 June 2014 - 09:42
Al aga tatyktuu emes, men kantip aitmak elem any suibosom degender- bizdiki eken). Teren yraazychylyk avtorgo! Ayaldar kee bir erkekterge jinderin chygaruu uchun kerek boluw kerek dep oiloim, jenildep ozdorun jakwy sezip kalywat da/
Баары жакшы болот!
#8 11 June 2014 - 09:45
Жеткиликтуу создор. Жакшы болбойт беле баардык уй булоо жогоруда жазылгандай бир бирин сыйлап ынтымактуу жашашса.
#9 11 June 2014 - 21:20
Соонун кенештер экен. Аябагандай таасирдуу создор менен терен маани маныздуу. Окуп алып озумдун жаман жактарым анализдеп алдымго. Баардык уй було Бактылуу жашасын ылайым.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#11 12 June 2014 - 12:59
Сонун создор жазылыптыр.
Негизинен, ар бир уй- булоо мучосу оз ордун билип, ортодогу мамиледе колдоонун, ишенимдин кучтулуугу,
уй- булоонун ынтымагын бекемдейт.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#12 03 July 2014 - 15:55
Ынтымактуу жашагыныз келсе, жону жок кункулдобонуз.
Чындыгында эле копчулук учурда, эч бир себепсиз эле эртеден кечке, жанынын бардыгынча кункулдоп, бири- биринин конулун тушуро бергендер кездешет.
Адам калыптанып буткон куракта бири бирин кайра тарбиялоого аракет жасоо ылайыксыз. Эгер "карачы тигинин куйоосун, мунун куйоосун" деген ондуу акыл - насаатты айта баштасаныз, дал эле ошондой ыгы жок жооп угаарынызды унутпаныз... (уландысы бар)
Сиз да тажрыйбаныздан, пайдалуу кенештерди бере кетиниз...мумкун сиздин пайдалуу кенешиниз кимдир бироонун "кичи мамлекетине" чон жардам болот.
"Дуйнодо жалгыз баш бойдок жашаган адамдарга караганда, уй-булоолуу адамдар бактылуу экен,чын эле ушундай болсун."

#13 03 July 2014 - 16:45
"Эри-катындын урушу, дака оромолдун курушу" деп бекринен айтылбаса керек..... Турмуш болгон соң эч күңкүлдөбөй жашап болбойт менимче, албетте эч ким себепсиз күңкүлдөбөйт.
Бирок ар нерсени эле уруш-талаш менен эмес, туура түшүнүү менен кабыл ала билсе же жин келгенде өзүн кармап басынуу менен күңкүлдөшпөй коюуга болот. Негизи казан-аяк кагышпаса, эри-катын сөгүшпөсө да жашоо кызыксыздай туюлат мен үчүн.... Эң негизгиси эки тараптын тең ынтымагы, бири-бирине болгон урмат-сыйы жана экөөсүнүн тең тууган-урукту бөлбөөсү зарыл.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#14 03 July 2014 - 17:28
Маңызы окшош "Жубайлардын мамилеси"
темасы менен бириктирилди.
Kosmopolitka , эскертүү!
Kosmopolitka , эскертүү!
#15 10 July 2014 - 10:26
Эмнеге эркектер аялдарына жакшы сөз сүйлөөдөн баш тартат деп эркектерден суралганда,
көпчүлүгү ушул жооптордун тегерегинде айтышкан.
- Ал сөздү айтсам аялым шек санап баштайт
- Аялымдан жакшы сөз укпайм
- Мындай сөз айтууга үйрөнгөн эмесмин
- Ал ага татыктуу эмес
- Ага калп айткым келбейт жаман көрсөм кантип жакшы көрөм деп айтайын
- Жакшы сөз сүйлөө эсиме деле келбейт
- Жашоо турмуштун айынан ага жакшы сөз сүйлөөнү деле унутуп коем
- Бардык жагын камсыз кылсам ага жетиштүү
Жакшы сөздүн түрлөрү
- Ачык дуба кылуу
- Аны мактоо
- Кыйынчылыктарда бир болуу аял капа болсо куйөө көнүл айтуу.Эркек кайгыга түшсө аялы көнүл айтуу.
- Кечирип кою жана кечирим суроо
- Ыраазычылык билдирүү урматтоо
- Жакшы чын соз менен тамашалап эркелетүү
Жакшы сөз айтуунун жолдору
- Түз эле айтуу
- Телефон менен айтуу
- Смс аркылуу айтуу
- Же кат аркылуу жазуу
- Ырайым назар менен карап жылмаю
Кантип аялынды баш ийдире аласын?
- Аллага чынчыл бол аялын сага чынчыл болот
- Аллага тобекел кылып Ага дуба кылуу
- Эркек үлгү болушу керек
- Сен ага жумшак болгун ал сага мээрбан болот
- Аялынды эч убакта күч менен баш ийдире албайсын. Ушунча жыл корс күч колдонуп аялын сага баш ийип калдыбы.
- Эркек аялга жоопкерчиликтүү атадай ага тарбия бериш керек буйрук эмес
- Төшөк акысын толук бер
- Аялындын жакындары менен жакшы мамиледе бол
- Өткөндү эстетип кек сактаба
- Жөнү жок аялдын иштерине аралашпа.
- Ал сөздү айтсам аялым шек санап баштайт
- Аялымдан жакшы сөз укпайм
- Мындай сөз айтууга үйрөнгөн эмесмин
- Ал ага татыктуу эмес
- Ага калп айткым келбейт жаман көрсөм кантип жакшы көрөм деп айтайын
- Жакшы сөз сүйлөө эсиме деле келбейт
- Жашоо турмуштун айынан ага жакшы сөз сүйлөөнү деле унутуп коем
- Бардык жагын камсыз кылсам ага жетиштүү
Жакшы сөздүн түрлөрү
- Ачык дуба кылуу
- Аны мактоо
- Кыйынчылыктарда бир болуу аял капа болсо куйөө көнүл айтуу.Эркек кайгыга түшсө аялы көнүл айтуу.
- Кечирип кою жана кечирим суроо
- Ыраазычылык билдирүү урматтоо
- Жакшы чын соз менен тамашалап эркелетүү
Жакшы сөз айтуунун жолдору
- Түз эле айтуу
- Телефон менен айтуу
- Смс аркылуу айтуу
- Же кат аркылуу жазуу
- Ырайым назар менен карап жылмаю
Кантип аялынды баш ийдире аласын?
- Аллага чынчыл бол аялын сага чынчыл болот
- Аллага тобекел кылып Ага дуба кылуу
- Эркек үлгү болушу керек
- Сен ага жумшак болгун ал сага мээрбан болот
- Аялынды эч убакта күч менен баш ийдире албайсын. Ушунча жыл корс күч колдонуп аялын сага баш ийип калдыбы.
- Эркек аялга жоопкерчиликтүү атадай ага тарбия бериш керек буйрук эмес
- Төшөк акысын толук бер
- Аялындын жакындары менен жакшы мамиледе бол
- Өткөндү эстетип кек сактаба
- Жөнү жок аялдын иштерине аралашпа.
+1000 ;майдай эле жакты да!(как бальзам на душу)...
#16 10 July 2014 - 15:04
Негизи казан-аяк кагышпаса, эри-катын сөгүшпөсө да жашоо кызыксыздай туюлат мен үчүн....
Жашоо кызыксыздай туюлат деп эле, уруша бериш керек экен да э?
Автордун жазганы, турмушка керектуу экен. Ушуга окшогон статьяларды гезитке коп-коп жарыяласа жакшы болот, пайдасы тиет деген ойдомун.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#17 10 July 2014 - 17:39
Ынтымак жашоонун сыры эмнеде?
Көңүлүңүздөрдү кызыктуу бир окуяга бургум келет. Окуя эки кошуна тууралуу болмокчу. Кошуналардын биринин үйүндө дайыма уруш-чатак, жаңжал, кыйкырык. А берки үй-бүлөдө тескерисинче, дайыма тынчтык өкүм сүрүп тураар эле. Бир күнү күйөөсү аялына мындай деп калды:
- Кызык, кошунанын үйүнөн деле урушканын укпайсың. Кантип урушпай жашашат болду экен? Барып сурап келейинчи.
- Кандай жатасыңар Жибек?
- Жакшы, жакшы кел, өт төргө...
- Жок, мен бат эле... Бир иш менен келдим эле...
- Кел эми өтсөң, өзүңөр кандай жатасыңар? Азыр мен полду жууп бүтө салайын. Эрмекти көргөн жоксуңбу короодо мал тейлеп жүрбөдү беле. Азыр чакырам, отуруп тур.
Жибек ички бөлмөнү көздөй кирип кетти. Аңгыча эле күйөөсү Эрмек кирип келатып, эшик оозундагы жаман суу куюлган чаканы байкабай буту менен тээп алат. Кир суу жаңы эле жуулган полдун үстүнө жайнап эле жатып калды.
"Ээ буюрса, бекер концерт көрөт экенмин да, азыр аялы чыгат да олдоксон күйөөсүн ажылдап бир беттен алат дейсиң",- деп кошуна ичинен бүтүм чыгара кымыңдап койду.
Төркү үйдөн аялы чуркап чыга калып, жыйнаганга киришти.
- Жибек, келе мен өзүм эле... карабайсыңбы сокурлугумду. Кап ай-ээ, сени убара кылдым го...
- Жок. Эч нерсе болбойт менин коюп койгон жеримди кара. Жууп бүтөр менен төгүп койбоймунбу десең...
Жубайлар бири-биринен кечирим сурап, төгүлгөн сууну жыйнаганга шашылышты. Кошуна алардын бул ишине айран калып, кетүүгө камынды.
- Ээ кошуна каякка? Отура тур. Биз бат эле...
- Жок рахмат. Менин сурайын дегениме жооп берип койдуңар. Дагы шашпай келем.
Таң калган күйөө үйүнө келип аялына мындай дейт:
- Кызык, экөөнүкү тең туура эмес болсо да ынтымактуу. А экөөбүздүкү тең туура болсо да урушабыз. Эмнеге ыя!
Кымбаттуу жубайлар, ынтымактуу жашоонун сырларынын бирин жогорудагы окуядан улам баамдап, билип аласыздар деп үмүттөнөм.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#19 24 July 2014 - 04:32
Жогоруда абдан жакшы кенештерди жазып кетипсиздер Рахмат айтам, келечекте мага да пайдасы тийет деген ойдомун.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#20 06 September 2014 - 14:06
Кандай үй-бүлө ынтымактуу делет: эркек аялга мээримдүүлүк,
ак дил менен караса; энеге балдарды тапкан улуу адам катары мамиле кылса, атаны болсо бүт үй-бүлө үйдү тиреп турган түркүк катары, баарын тартып бараткан улуу күч катары эсептесе; аял менен эркек бирисиз бири чоң нерселерди чечпей, кеңешип иш кылса, бирин бири жоготуп алуудан коркушса; бири экинчисин акылчысы катары эсептесе; аял өз ишин, эркек өз ишин билип, ошол тармактарын жакшы бүткөрсө; балдарды тарбиялоодо ар кимиси өз ордун сезе алса; балдары урмат менен карашса; үй-бүлөдөгү карыларды, кайын ата-кайын энени, кайын журтту кадырлап тосуп алып, аларга кыздарындай,
уулдарындай мамиле кылса; кайын эне, кайын ата келинин кызым деп, күйөө баласын уулум деп эсептесе; ошол үй-бүлөнүн илгертеден келе жаткан салттарын сактай билишсе; майда нерселерден чоң уруш-талаш чыгарбаса; бири-бирин урматтап, ошол кийсин, ошол ичсин деп турса; ушак аралабаса жана ар кандай ушак сөздөргө ишенбесе; үй тиричилигин баары бирдей тартышса, ушундай үй-бүлө бекем болот жана ошол бекемдик ал үй-бүлөдөн бөлүнүп чыккан кийинки жаңы үй-бүлөлөргө жугуп, аларга оошуп турат да, жалпы коом таза болот.
Турмушка чыккан аялдар жакшы, жарашыктуу кийинип, сулууланып, күзгүгө бой-келбетин карап жүрмөгү абзел, муну ал башка эркектерди суктандыруу, аларды артынан ээрчитүү үчүн жасабайт, өзүнүн күйөөсүнө жакшы көрүнүү үчүн жасайт.
Айрым аялдар бар көчөгө чыкканда түрлөнүп кийинип, атыр-упа менен пардазданып, чачын, тырмактарын жасалгалап калат да, үйүндө качан көрсөң колтугу сөгүлгөн халатын кийип же таманы түшкөн галошун сүйрөп алат. Мындай аял - жолдошу алдында жасанбаган аял - жакшы аял эмес. Эркек өзүнүн аялы көчөдөгү аялдардан сулуу, адептүү экенин көрүп турбаса, анын көңүлү бузулушу, башка аялдарга кызыгышы ыктымал. Балким "Энеңди сулуулабай атаңа көрсөтпө" деген кеп ошондон чыккан сыяктанат. "Жакшы аялдын тою үйүндө", "Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси", "Жакшы зайып тартарды таап, бөдөнөнү бөлө кылат", "Жакшы катын жаман эрди зор кылат, жаман катын жакшы эрди кор кылат", "Жакшы катын - капкалуу шаар, жаман катын ичи толтура - заар", "Жакшы катын - катын, жаман катын - отун" ж.б. кыргыз макалдары үй-бүлөдөгү аялдын ордун белгилөөдөн улам чыккан.
Атактуу колбашчы Эмир Темир бир жолку аскердик жүрүшүндө жети жылдай жүрүп калат. Ошондо анын жеңишинин жана келишинин урматына сүйүктүү жары Бүбүханым эстелик катары кылымдарга калуучу сарай салмак болот. Дүйнөнүн түрлүү жеринен колунан көөрү төгүлгөн усталарды алып келет. Эмир Темирдин келер күнү жакындап, бирок сарай имаратынын бүтүшү кечеңдей берет. Мунун себебин издештирсе, башкы уста Бүбүханымды ашыкча жакшы көрүп калыптыр да акыры анысын канышанын эриндеринен бир өөп коюу менен тамам кылмак экен. Мунусун Бүбүханымга эптеп билдирет. Акылдуу, чырайлуу, бардык жагынан келишкен аял, жети жыл күйөөсүн көрбөгөн аял кырк жумуртканы ар түрдүү ыраңдарга боёп, падноско салып, башкы устага жиберет. Уста аны алып, бул аялдын тазалыгын түшүнөт, "жумурткалар - аялдар, алардын сырты ар түрдүү боёктор, ар кыл болгону менен ичи, даамы баарыныкы эле бирдей" деген маанини туят. Анан сүйгөн аялдын алдында өзүн эсепсиз күнөөлүү сезип, өзүнө канат жасап, мунаранын башынан учуп, алысыраак барып өлгөн дешет.
Эгерде эркек таза кийинип, пакиза жүрсө, анын аялы жакшы экен дейсиз, анткени ал канчалык өзүн бапестесе да аялы үйүнөн жакшынакай кылып чыгарып турбаса, бардык мээнет текке кетмек. Күйөөсүнүн бүт тышкы кебете-кешпири, тамак ичүүсү, тың жүрүүсү аялы менен байланыштуу, ал жолдошун эртең менен жумушуна жиберип, кечинде даамдуу тамагы менен тосуп алат. Мындай мамиледеги эркектер көчөдө көрүнгөн жубандар менен азил сүйлөп жүрбөйт. Жарына таза болот. Жары да күйөөсүнө ак жүрөт.
Эркек - падыша, аял - акылман кеңешчи болгондо гана үй-бүлөнүн түркүгү бекем курулат.

Супер-Инфо
super.kg
видео