Суперстан: "Кан коё бербейт" чыгармасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кан коё бербейт" чыгармасы Кенжебай Нукоштун детектив- повести

#61 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 11:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

18-болум.
Чакчайган кундо Талант коркунучтуу да, кулкулуу да корунду. Аны коргон Жаныбек менен Юра уройу учуп, секирип кетишти. Бети ачык когуш тартып ужас кинолордогу кан соргуч, жез тумшуктарга окшоп калыптыр.
-Оо, кудай, Талант! Бу бойокту кетире албай койдунбу? Кимге окшоп калгансын?!
- Жап оозунду, акмак! - Талант жини келе буркулдады. - Машинени гаражга киргизип, кулпулап кой. Артыбыздан из кууп келип таап алышпасын.
- Эртеден бери эч ким келген жок, - Талантты дагы эле оозун ачып карап турган Юра оозун кыбыратты. - Сага эмне болгон, Таке? Сени кечке куттук.
- Машинени кийри деп атам, анырайбай! Айжамал кайда кеттин? - ал килемден бошонуп, Айжамалга колун суна ойдо турду.
Айжамал Жаныбекке козунун кыйыгы менен ишаарат кыла:
- Ичкенге бирдемен барбы, Жоки? Талантка куйчу, бечара аябай кыйналды.
- Таке, сен эмне жаракат алдынбы? - деп сурады Жаныбек Талантты бушуркой карап.
- Жок,ой! Коп суйлобой арак куйчу! - деп бакырды Талант. Юра машинени гаражга киргизип келди да:
- Уйдун ичи ысык, тиги бактын колокосуно отуралы, - деп беркилерге кайрылды. Талант Айжамалга жолоно так мен жашынып турган дарактын жанына келип отурду. Койногун эки колу менен кармап эки жакка тартты эле топчулары ыргып кетти.
- Оф, жеткенче чылпылдап тердеп кетипмин!
Мен жер менен жер болуп, чоптун арасына жатып калдым. Тигилер менден беш кадамдай арыда талга жолонуп отурушат.
- Таке, иштер кандай? - деп сураган Айжамал аны сынай карап калды. Талант койногунун тошун жагжайта ачканда астындагы тапанчасынын кармагычы корунду.
- Начар. Жанагы жигитти атып салганым ырас болду, окко тошун тоскон макоо экен! Ата-энесиникин коргогонсуп казинонун акчасына анча эмне куйду дейм да!
Талант Айжамалга колун созуп:
- Сен мени алдабайсынбы, Айка? Бул шумшукторго ишенбейм, сасыган иттер.
Жаныбек ичимдик алып келгени уйго кирип кеткен, а Юра болсо дагы эле машине менен алек болуп аткан.
- Кой, Талант, антпе, дурус эле балдар го. Капаланбачы, мындай боло берет эмеспи.
- Сен мага жооп бербедин...
Талант колун оорута кысканда Айжамал чыдай албай эрдин тиштеп алды.
-Ко-олу-ум! Талант, ал эмне деген суроон, албетте мен сени менен болом! Мен сени суйом да!
- Чын элеби? Ушунуна ишене албайм. Менин камерама тартылганды жакшы коросун го деп ойлочумун.
- Ооба, анын да чын. Сен ошонум учун жакшы толоп атпайсынбы. Билесин го, мен сен учун баарына даярмын!
- Менден кол узбо, Айка, талаада калбайсын. Тиги экоонон козунду алба: мен аларга ишенбейм. Буйруса Парижге жетип алсак, анан тойлойбуз.
- Жаныбек келатат, - деп шыбырады Айжамал.
Жаныбек бир ботолко арак, стакандарды которуп келип, Юра жерге жая салган гезиттин устуно колундагыларды койду. Экоо Таланттан окчунураак отурушту.
- Асхат эмне болду? - Талант кункулдой сурады.
- Аны уйуно жеткирдик, - Жаныбек стакандарга арак куюштуруп жатып жооп берди.
- Ал тируубу же олуп калдыбы? - Талант озуно сунулган стаканды карап да койбой ойлуу кобурады.
- Кел, Таке, муну алып ий.
Талант стаканга колун созду, бирок Жаныбек сунган стаканды кармай алган жок. Жаныбек стаканды сунган бойдон Айжамалды жалдырай карап калды.
- Олдубу деп атам? - Талант суроосун кайталады.
- Эмгиче олгондур.
- Олгонун дегенин кандай? Атып салгыла дебедим беле?
- Ансыз деле аран Жан болчу, - Юра Жан алы калбай актанды. - Атпасак да олмок.
- Окшошкон акмактар! Асхат пландын баарын билет. А силер аны телефон бар батирде калтырып келе бердинерби? Ушундай да келесоолор болот экен ээ! Ал милицияга чалып баарын айтып салса кантебиз?
- Анын кыймылдай турган алы жок болчу. Былк этсе эле тобого бир коюп тынчытмакмын. Сарсанаа болбочу, Таке. Ме, мындан согуп ийчи. Ачууну ачуу басат дегендей.
- Аны тынчытыш керек болчу!
- Атсак да кошуна-колону угуп калабы деп чочуладык. Эмгиче ары карап кеткендир. Даны жанаттан болсун деп алып ий.
- Муунтуп же куроо тамырын кесип коюш оюнарга келген жокпу? Жок дегенде тилин жулуп салбайт беленер, доопоростор. ..
- Болду эми, - Айжамал аны жооткото колун ийнине койду. - Унуткулачы аны! деп стаканды колуна карматты. Талант аракты кулкулдата жутуп, стаканды чоптун арасына ыргытып ийди да, чонтогунон тамеки алып чыкты. Копко чейин унчукпай отуруп калышты, бир маалда Юра:
- А сен эмне алигиче бетиндин бойогун жууп салбадын? - деп сурады.
- Кетпей койду! - Талант кайрадан кызандап бакыра баштады. - Тушундунбу, кетире албай койдум! Жышый берип, бетимдин терисин сыйрып ала жаздадым!
Баары ункуйо унчукпай калышты. Акыры Жаныбек чечкиндуу жана салабаттуу кебетеси менен мындай деди:
- Мындай бетин менен сага эч жакка чыкканга болбойт. Бироо жарым байкап калса элк бутту, баарыбыз колго тушобуз. Ошондуктан биерден жылбай отур.
- Бас жаагынды, как баш! Бу бир балекет боёк экен, жышысам да кетпеди. Мумкун убакыт откон сайын озу кетип калаар.
- Укмуш, - Юра какшык аралаш ун катты. - Анан канча убакыт кутуш керек?
- Мен кайдан билейин? Бул жонундо мага ооз аччу болбогула, уктунарбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Кайрадан баары нымтырап отуруп калышты, жымжырттыкты Жаныбек бузду:
- Бизден кеткенден кийин эмне болду, Таке?
- Суроонор тугонобу деги силердин?! - Талант кайрадан жаны кашайып аюча айкырды. - Анчалык эле кызык болуп атса мындан сурап алгыла. - Ордунан туруп, ары басты. - Уйкум келди. Бул уйдо керебет деген бар бекен?
- Жур корсотойун, - Юра ордунан тура жоноду.
Талант колун алдыга созуп, Юранын ийнине колун койду.
- Коздорумдун ичи ачышып ооруп атат. Жанагы боёк козумо дагы кирип кеткен окшойт.
- Таке, козун корбой калдыбы?
- Сопсонун эле коруп атам. Ичи ачышып атат, - ал Юранын ийининен колун албады.
- Кеттик, - экоо жетелеше уйго кирип кетишти.
- Чылым чегесинби? - Айжамал Жаныбекке суроолуу карады. Ал узун буттарын алдыга сунуп, тошун тирсийте чалкалай отуруп алган. Жаныбек аны жалт карап алды да:
- Чекпей анан... Айка, тигиге эмне болгон? - деди.
- Анын абалы ото оор. Козу корбой сокур болуп калыптыр, ошол калыбында таптым.
- Бети-башынын баары копкок, козу кор болсо Парижге муну кантип алып барабыз? Бизге жолтоо болот го.
- Антээри турган соз дечи.
- Сенин да кунун буткон тура, бечара. Сен мунун айымысын да.
- Эмнеге? - Айжамал Жаныбекти жалжылдай карап, аппак тизелери менен эликтегенсип: - Кааласан мен сенин да айымын болом, Жокинтай. - деди.
- Талант укса эмне дээр экен?
- Эми анын конбоско аргасы жок.
Жаныбек Айжамалдан алыстай:
- Юра угуп калса балээ болбосун, - деп уй тарапты сактана карады.
- Жоки, сен али эч нерсени билбейсин. Юра чуркап келип танкала:
- Талант таптакыр корбой калган тура. Эптеп керебетке жаткырдым. Сокур кучуктон бетер кайсалайт.
- Унунду басып, отур. Айжамал бирдеме айтам дейт.
- Талант бул жакка келатып эле жолдон корбой калыптыр. Бетине жуккан боёк чекесинен агып, козуно кирип кетиптир.
- Аны айтты бизге, - Жаныбек анын созун болду.
- Машинесин талкалаганын да айттыбы? Дубалды жапшыра сузуптур.
- Акчалар эмне болуптур? - Жаныбек жанталаша сурап ийди.
- Алар машинеде калыптыр, - дегенде берки экоо ыргып кетишти.
- Калп! Экоонор ошентип айтабыз деп суйлошуп алгансынар! Кантип эле 200000 машинеде калсын!
- Келесоо болбочу, Жоки! - Айжамал жини келе суйлоду. - Ал карайлап эчтеке корбой калса, машинеси дубалды сузуп былчыйып калса. Эмне кылат эле? Темселеп журуп казинонун беш мушогун жонуна которуп алат беле?
-Оо, Кудай! - Юра онтоп ийди. - Жапжашыл акчабыз талаада калган тура!
- Сен экообуздуку чатырда, - Жаныбек аны тынчтандырды. - Машинеде калгандар Талант менен Айжамалдыкы болчу.
- Ар бирибиз 75000ден алмакпыз, чатырда 100000 эле бар. Боло келгенде аз болуп калат, - Юра озунукун бербей наалып атты.
- 50000 жоктон коро жогору да, - деп Жаныбек ага каршы болду.
- Жок, 25000ден, - Айжамал акырын айта салды. - Эми аны тортко болобуз.
- Кыйраттынар! Ким айтып журот Антип?
- Талант айтты.
- Ал биздин гана акчабыз, - Жаныбек ар бир созун баса суйлоду. - Биз аны кайтарып жатабыз, силерчилеп жоготуп жиберген жокпуз. Таланттын анда кенедей да акысы жок.
- Аны мага эмне айтып атасын, - Айжамал тамекисинин кулун чопко серпти. - Талантка айтпайсынбы.
- Жоке, айтпа, олтуруп салбасын. Ал сага караганда алда канча кучтуу, - деп жиберди Юра.
Жаныбек аны укпай эле Айжамалды карап турган.
- Айка, сен мени менен жатасынбы?
- Эмне дейт? - Юра жымшык козун ирмегилей берки экооно тигилди. - Сага жин тийдиби, Жоке? Бул Такеники да.
- Оозунду жапчы, долдур! - Жаныбек ага бурк эте бир тийди. - Айка кандай дейсин?
Айжамал аны ушундай бир жагалдана карады дейсин, Жаныбек эмес мен дагы бир кезде бул коз карашынан башымды жоготком.
- Каалаган убагында мен сендикмин дедим го, - деп коюу кирпиктеринин астынан козун сузо кашын серпти. Жаныбек дароо ага жакын жылып отуруп, буттарын, башын сылады. Юра экоону эси ооп карап калды, ал да Жаныбектин ордунда болгусу келип кеткендир.
- Талант коруп калса экоонду тен олтурот.
- Болду Эми, Жоки,- Айжамал кылыктана анын колун ары туртту. - А Талантты кантебиз?
Жаныбек эдирендей:
- Бир аз акча таштап ушу жерге калтырып кетпейлиби.
- Таланттын ою башкада. Асхатты эмне кылгыла дегени эсиндеби?
- Мылтык атылса угулуп калат да.
- Куроо тамырын кессекчи, - Айжамал угулаар-угулмаксан мырмылындады.
- Ооба сага... курсуйгон неменин тамырын кантип кесет элек, - Юранын коздору алайып, жузу купкуу.
- Экоолосонор алынар жетээр дейм. Жаныбек башын чайкады:
- Талант таамай атат, жанына жолотпойт бизди.
- Ал кор болуп калбадыбы. Экоолоп жерге баса жыгылгыла да, анан...
- Мылтыгы турганда мен жанына даап бара албайм, жашагым келет. Айжамал ийиндерин куушурду:
- Макул. Анда эмне кылалы деген оюн бар?
- Сен айтчы, Юра?
Анысы болсо тер баскан бетин жени менен аарчый калч-калч этет.
- Мен оз улушумду эч ким менен болушпойм. Муну энсеп-тансап калсак озун болушо бер. Ар кимден калган неменин ушунча акча тураарына деле козум жетпейт.
- Мен сенден акча сураган жерим жок, - Айжамал аны кагып койду.
- Акча дегенде атанды олтургонго даярсын, - деп ызырынып алды Юра.
- Биз Талант жонундо суйлошуп атабыз, Юра. Анын кантип козун тазаласак деген маселе, тушундунбу?
- Атып эле салбайлыбы? - Юранын сунушу ушундай болду.
- Жок, - каршы болду Айжамал. - Вертолёт учуп келгиче карангыга чейин ушу жерде болушубуз керек. Дагы беш сааттай. Мылтыктын унун бироо жарым угуп калып, милиция чакырсачы?
- Туура айтат. Юра, сенин макин бар эмес беле?
- Маки менен ага кол салгыдай имени келесоо деп турасынбы?
- Экоолойбуз. Мен жерге жыгам, сен макин менен чырк...
- Жок. Тапанчасы турганда жанына басып да барбайм. Жаныбек башын ийкей:
- Анын да туура. Айка, сен эптеп тигинин тапанчасын сууруп кел. Ошондо гана эбин табабыз. Бар, жакшылап сылап-сыйпамыш болуп, тапанчасын алып кел. Баягы бечара Бактыярды кантип тузакка тушурдун эле эстесен. Сени энеден туума коргондо байкуштун кулагы шалпайып, шилекейи агып калбады беле. Бар, ушу тапшырманы аткарып келсен анан суйлошобуз. Андан аркысын озубуз бутуробуз.
Айжамал бир нерсени ойлонуп жаткандай аларды копко карап турду да, анан:
- Аракет кылып кором, бирок убада кыла албайм, - деди.
- Тапанчасын эле алчы эптеп, - Жаныбек кайра кайталады. Айжамал экоону дагы бир сыйра сынай карап, уйду коздой жоноду.
- Эми козу кор немени бат эле да, - деди Юра. Жаныбек ары басып бараткан Айжамалдын жука юбкасынын эки жакка кере баскан сайын чайпалган кочугун суктана карап, шилекейин жутуп Алды.
- Жоке, сен жинди болдунбу, ушу шуркуяга коз артып. Жат да, таштап сал. Ар кимден калган талпакты эмне кыласын?
- Юра, сен эмнеге эч кимге ишенбейсин?
- Ал акыры сенин акчана жетет, акыркы тыйынына чейин шыпырып, куйругун карматпай качып кетет, коросун го.Айтты-койду дебе.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Мен эле болсом ушуга акчамды кармата койом. Юра аны алая карады:
- Ал эмне дегенин?
- Акылдуусунбачы! Мен эле ушу жалапка жакындайын деп атат дейсинби? Анын ким экенин айтпасан да билем. Таланттын тапанчасын алыш мунун гана колунан келет. Анын устуно Боханы да жакшы тааныйт. Анын дагы козу куйуп, бир жатсам дегенде ак эткенден так этип журот. Таке жок экенин байкаганда бизди да албайм деп кошоруп каршы болушу мумкун. Ошондо Айжамалды ага салып беребиз. Койнуна жатып, жакшылап кулагын ушалайт да, кондуро коёт. Ошентип кетпегенде анан бул тубун тушкон сарайда менттерди кутуп жатмак белек.
Юра жалмандап кошомат кыла кулду:
- Баракелде, Жоке. Бу шоркелдей шойтондоп атып башынды айлантып алдыбы дегем. Парижге жетээрибиз менен аны таштайсынбы? Жаныбек ооба дегендей башын ийкеди.
- Эмне кечке жоголду?!
- Билбейм, - деп Жаныбек ордунан турду. - Карап коеюн. Талант аны тарс эттире атып салса экообузго эле жаман.
- Токтой тур, мен дагы барам, - ээрчише тамды айлана басып кетишти.
Мен болсо дагы эле чоптун арасында жатам, эсиме Сыргабек тушту. Бул топтун ишине кийлигишейин деген ниетим жок. Мага десе бири-бирин кырып салышсын. Талантты олтуруп салышса рахмат гана айтам. Кокус булардын колунан келбесе анын тубуно мен жетем. Бирок оздору деле эбин табышчудай, сокур немеге учоонун алы жетпей эмне болуптур. Буйруса бечара Таланттын мандайына эртенки танды коруу ырахаты жазылбаса керек.
Бир маалда уйдун капталынан Жаныбек менен Юра пайда болду. Экоо эшиктин тушуна келип, анырайып турганда Айжамал чыкты.
- Алдынбы? - Жаныбек мылжыя сурады.
Айжамал карагаттай коздорун жайната жылмайып:
- Алмак тургай окторун чыгарып салдым.
- Эненди-и аны кантип чыгардын?
- Бир аз убакыт керек болду. Донуздан бетер коркурап уктап атат, койнунан тапанчасын алам деп жыйырма муноттой ары-бери оодардым. Акыры таап, окторун чыгарып салайын дедим. Тапанчасын кайра ордуна коюп койдум. Антпесе ойгонуп кетип, анысын таппай калса бизден шек санап калышы мумкун. Кана, кыйын бекем?!
Айжамал башын кейкейте, тошун керип, алаканына уучтаган окторду жерге чачып жиберди.
- Талант дагы эле уктап жатабы?
Айжамал башын ийкеди.
Жаныбек Юраны суроолуу карады.
- Анда эмне турабыз? Бас!
Юра ыргылжын боло куруна кыстарылган ийри макисин алып чыкты. Анын мизи кунго чагылыша жалт-жулт эте тушту.
- Жур, - деп кыркырады Юра, - донузду мууздап салалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 14:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

19-болум.
Мен бир топ ыраакта жатканыма карабай Айжамалдын коздору оттой куйуп, жаактары карышып, муштумдары туйулгонун даана кордум. Уйго кирип бараткан тиги экоону артынан озунчо жини келе, жекире карап турду. Алда нени куткондой демин ичине ката элейет.
Жаныбектин колунда учтуу темир. Ал алдыда баратат, анын артында макисин капталына каткан Юра. Экоо жаны гана чоп баскан тепкичтен чыгып, босогодон аттаарда эшик жай ачылып, Талант пайда болду. Коздору жумулуу, колун алдыга созуп, жан жагына кулак тургонсуйт.
- Сенсинби, Жоки?
- Ооба, мен эле. Сени ойгондубу карап коеюн деп эле, - деп жооп бере Жаныбек Талантка жакындоого аракет кылды, учтуу темирди артына катып алган.
- Токто, Жоки,ордундан жылба! - деп кыйкырды Талант. Жаныбек ордунда катып калды.
- Таке, сага эмне болду?
- Кыймылдаба дейм. Айжамал кана?
Тигине бактын колокосундо уктап атат. Жаныбек алдыга кадам таштады, Юра Таланттын артына отту. Талант алтын тишин корсото мылжыйып, койногунун алдынан 45-калибрдеги "кольтту" алып чыкты.
- Ордунан жылба деп атам, шумшук!
- Эми алдагы оюнчугунду ыргытып эле сал, Таке.
- Ыргытамбы жокпу озум билем, - Талант чык эттире предохранителинен чыгарды.
- Эй, Юра карма!
Жаныбек колундагы темирин алдыга суна Талантты коздой обдулду. Юра да колуна макисин кыса кармаган бойдон артынан кол салмакчы болду. Айжамал:
- Талант, абайла! - деп бакырды.
Машааны басып аткан Таланттын соомойу аппак болуп кетти. Жаныбек анын тубуно жетип жакадан алганы калды. Мына азыр машааны басканда тарс дебей эле чык деген дабыш чыгат да, Таланттын эси оогон кебетесин кором деп ойлодум. Анан Юра ийри макисин анын далысына матыра саят да ошону менен баары бутот дегем. Бирок мен ойлогондой болгон жок. Кутуусуздон тарс деген дабыш чыкканда ордумдан ыргып тура кала жаздадым, дароо эсиме келе жерге жабышып жатып калдым. Корсо, Айжамал буларды алдаган тура. Айлана дун эте, бакта конуп турган чымчыктар пырр деп асманга которулушту. Жаныбек дубалга урунгансып, коз ирмемге колун которгон бойдон катып калды да, анан куп эте жерге кулап тушту. Чекесине кан жая берди, чачы, мээси баары аралашты. Колу-буту тырпырап атып, акыры алсыз коркулдаган ун чыкты да, ошол бойдон Жаныбек кыймылдабай жатып калды. Колундагы темири шагырап тоголонуп барып, Таланттын сол бутуна бир тийип токтоду. Ушунун баары коз ачып-жумганча болуп отту. Талант артына бурулуп, Юраны карады. Ал коргон козуно ишенбей жерде жаткан Жаныбектин жансыз денесин жалдырап карап турган. Талант ага бурулганда селт эте чочуп кетти да, артка кетенчиктей согунуп-сагынып Айжамалга атырылды.
- Шуркуя! Жезтумшук! ######! - деп айкырып аны коздой чуркап баратты.
Айжамал былк эткен да жок, эки колун бооруна алып колокодо тура берди. Юра ага бир кадам аттаса жетчудой болгондо Талант экинчи жолу машааны басты. Юранын кежигесинен быркыраган баш соогу туш тарапка чачырай Айжамалдын бутуна барып кулады. Айжамал купкуу боло артка кетенчиктеди, эки колу менен бетин басып бакырып жиберди. Юра жерде дагы эле кырылдап-кыркырап аткан, ошол маалда ары жактан Таланттын:
- Мына силерге, иттер! Ушуну каалап аттынар беле! Тооктукундай да мээнер жок!
Жаныбектин башын бутунун учу менен тээп корду да, бери басып келип, комкоросунон жаткан Юраны чалкасына оодарды. Карактоого чогуу катышкан шериктеринин жансыз денелерин маашырлана карап алып:
- Мына эми баары жайында десек болот. Айка, сен экообуз гана калдык, - деп Айжамалдын жанына келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Буларды эмне озуно жакындаттын? Журогум жарылып кете жаздады.
- Жаза атып албайын дедим. - Талант аны коомай кучактап озуно тартты. - Жаныбектин сени караганын байкадынбы? Ал макоо сага ишенип алганын кор. Олоорундо мени кантип караганын корбой калбадынбы. Ха-ха-ха! - Талант корсулдап кулуп атты.
- Мылтыктын унун бироо угуп калган жокпу ыя? - Айжамал кабагын буркой кабатырлана суйлоду.
- Ким укмак эле, трассадан алыспыз, айланада бизден башка Жан жок. Укса да трактор жер айдап аткан экен дешет. Айка, кабатыр болбочу. Купкуу болуп кетипсин, отур. Мен бул экоону солдотпой ары алып койойун.
- Эси ооп жыгылып калат деп коркуп турасынбы? Антпейм, секелек кыз болсом да эмне болуптур. Кел экоолоп суйроп алып баралы.
Талант аны жылмая карады, сыя когуш кебетеси менен жылмайса укмуш эле болуп калат экен.
- Талант, сен билесин го, мен сени суйом. Бир оптуруп койчу.
- Адегенде мобуларды коздон далда алып салалычы, анан сага ат чабышты корсотом.
Айжамал анын мойнуна колдорун ороду:
- Жаным десе, эптеп эле Парижге жетип алсак анан баары ойдогудай болот эле.
- Кел, буларды сарайга суйроп баралы, анан бул ишти жакшылап бир белгилейли, атасынын кору.
Экоо Юраны эки бутунан кармап сарайга суйроп кирип кетишти. Алар корунбой калганда бет аарчымды алып жузумду аарчыдым. Тердеп-кургап аран жаткам. Мындай болот деп куткон эмес элем, эми таамай атышым керек. Асхаттын тапанчасын мыжыга кармап, даярданып жатып калдым.
Юраны тез эле суйроп кетишкен, Жаныбектин олчойгон денесин ыйынып-ычкынып аран суйроп баратышты. Анын артынан чоп тапталып, кызыл ала из калды. Алар кайрадан сарайга кирип кетишкенде ордумдан ыргып тура калып, тамдын артына чуркадым. Бул кандуу окуянын уландысы уйдо болмок, аны да коруп калууга ашыктым.
- Талант, уксан мени, бул жерден кетип калалычы, суранам, Асхатты эстеген сайын жаным чыгып атат.
- Болуптур. Азыр кетебиз, мен арагымды ичип алайын. Дайыма эле ушинтип жон жерден чырылдай бересин, - деп кобураша уйго киришти.
- Чемодан менен акчалар чатырда деп атышты эле. Мен барып алып келейин, тура тур.
Мен мойнумду созо терезеден шыкааласам, Талант тепкич менен ойдо чыгып баратыптыр. Айжамал мага артын салып, оозгу болмодо турат. Бир маалда Талант бирдемелерди калдырата согунуп-сагынып, ылдый тушту.
- Таке эмне болду?
- Акча эмес таш балээ да жок.
- Койчу.
- Ишенбесен озун карап кел. Айжамал тепкич менен чуркап чыгып кетти, кайра бат эле тушту.
- Анда уйдо болуш керек. Экоо уйдун ичин тинтип, болмолордун баарын карап чыгышты.
Талант ачуусу менен улам бир каалганы ыргыта тээп ачат да:
- Иттики десе, биерде да жок! - деп бакырып атты.
- Сарайда болуп журбосун.
- Жур, сарайдан карап келели.
Алар уйдон чыкканда чоптун арасына жата калдым. Сарайдан да тез эле чыгышты. Ал жакта эчтеке жок экенин мен эн сонун билем. Ары-бери чуркап тинтип жургон экоону карап алып, ичимден боорумду тырмап каткырып аттым. Таланттын бети-башы тырышып-бырышып, жини келип жаны кашайып баратты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   briliant87   09 Декабрь 2015 - 15:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Анан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   briliant87   09 Декабрь 2015 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Анан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   zina29   09 Декабрь 2015 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Дагы жазыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Кызык, акча менен чемоданды кайда катышты десен...
- Жанынды жебей айт, кайда каттын?
- Эмне-е? Каттын дейсинби? Келесоо болбочу, Таке.
- Эмне калппы? Имени алдайм деп ойлобо. Дайыр менен баарын макулдашып алдын да,ээ, куу тулку. Оор жумуштун баарын мен жасасам, анан сен Дайыр менен качып кеткин барбы? Мен уктап атканда жанталашып баарын ката койдунбу, желмогуз! Айт деп атам, канчык, кайда каттын?
- Аны озун катып коюп, мага доо коюп атасынбы! Болушкун келбей атабы, ач коз! Мен сени суйом го, ал эмне кылганын? Кочодо темселеп эчтеке корбой жургондо ким жардам берди сага? Буларды олтургонго мен деле жардам бербедимби.
Таланттын ансыз да боёк тогулуп, келишкен кебетеси ого бетер тирукмуш болуп калган, ал суроосун кайра кайталады:
- Айжамал, акча менен чемодан кайда?
Айжамал артка чегинди, уйду коздой жай жылып баратты, анан айлананы жанырта ачуу чынырды:
- Тийбе мага, акмак! Акчанды мен алган эмесмин! Шарт бурулуп, уйго чуркады.
Талант артынан кууп жетип, кекиртектен Алды. Эки колу менен мойнун карыштыра кармап:
- ######! Канчык! Айт деп атам? Кайда? Кайда? - деп бакырып атты.
Айжамал жанталаша колун тытмалап, болгон кучу менен жулкунганына болбой Талант аны тизелоого аргасыз кылды.
- Айт! Айтпасан азыр тиги экоонун жанына барып жатасын! Акча кана? Айтасынбы же жокпу?
- Мен алган эмесмин, - деп кыркырады Айжамал. - Алган эмесмин! Олуп кетейин... алган эмесмин.
Ал дем жетпей кышылдай эриндерин аран кыбыратты. Кучунун болушунча кыздын мойнун кыскан ченгээлин тиктей тиштерин арсайтса Талант бети да когуш тартып, чытырман токойдо жашаган жапайы киши жегичке окшоп калат экен.
- Кайда катсан да баары бир табам, уктунбу, канчык!
Айжамал жооп ордуна кыркырап тим болду. Анын коздору антарылып, аппак жузу карарып кеткен. Эркектерди эрите койчу бал тили эми оозунан сыртка саландап, ээгинен шилекейи агып баратты. Тура калып, ага жардамга барайын дегиче кырс деген дабыш чыкты. Кечигип калдым окшойт. Айжамал шылк этип, галдырап жатып калды. Талант аны ары туртуп жиберип, акырая карап турат.
Тапанчамды кармап ордумдан турганда колум калтырап кетти. Талант менен эми мен кармашам, ошон учун келбедим беле бул жакка. Жер устундо же мен же ал калышы керек. Ошондо гана жаным жай алат. Жаныл жонундо ойлобой эле койгонум он: мен андан Айжамалга барган куну айрылгам. Таланттан очумду алсам болду андан ары эмне болсо Ошо болсун. Акчаларды алып, Алапаевге озум барам, баарын токпой-чачпай айтып берем. Камаса камап салсын, каалаганын кылсын.
- Сыргабек, досум, мына азыр мен аны атып салам, - деп кобурай Талантты дурмотко алдым. Таланттын балжагай когуш бетинин чок ортосун мээледим. Аралык да анчалык алыс эмес,колум да баштагыдай калтырабай калды. Ажалы кайсы тараптан келатканын ага бироо шыбырагансып, Талант мен тарапка жай бурулду. Коздорун кымындатып, коркконунан Жан жагын каранып жиберди. Энкейип, жана Айжамалды муунтарда жерге таштаган тапанчасына кол сунганда бетине тике карадым да, машааны жай бастым.


Аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Chopika   09 Декабрь 2015 - 16:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 16 Январь 13
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 14:53

Кутууп атам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   aipo89   09 Декабрь 2015 - 16:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2021 09:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алай

Бутту!!! Канча кундон бери аябай кутуп окуп жаттым.Аirada сизге чон рахмат таалыкпай жазганынызга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   BRILIANTTKA   09 Декабрь 2015 - 16:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Мар 2024 00:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы)))

Автор чооң рахмат күттүрбөй тез тез жазганыңыз үчүн. Даагы чыгармаларды күтөбүз.
А бул чыгармага келсем абдан соонун жазылган...

Билдирүүнү түзөткөн: BRILIANTTKA: 09 Декабрь 2015 - 16:34

Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   jetinur90   09 Декабрь 2015 - 16:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

азамат экенсин автор. Башкалардай каадаланып бой которбой ушинтип эле жазса да болот экен го чыгарманы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Umka..00   09 Декабрь 2015 - 16:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бираз дагы улантып анан бутбоптурда. Жазганыныз учун рахмат. Аллах раазы болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   s9zen098   09 Декабрь 2015 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ыраазычылык, автор.
Аягында кыскача бүтүп калыптыр да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   bond0202   09 Декабрь 2015 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

парижге алып барып анан бутургонундо кызыктуу болот эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   bikusim   09 Декабрь 2015 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кочуруп жазганыныз учун ыраазычылык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Leo.   09 Декабрь 2015 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Avtorgo dank dunk!!! Rahmat
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Perishtem8   09 Декабрь 2015 - 18:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 02 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Май 2016 02:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Мына бутту), аягы дагы бир аз кобуроок болгондо... Автор сизге чоон ыразычылык, алтындай убактынызды болуп жаздыныз. Дагы кутобуз:)
Канча жакшы болсон да суйбой турган адам бар,
Канча жаман болсон да суйо берген адам бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   briliant87   09 Декабрь 2015 - 19:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Ой маладец автор рахмат ото кызыктуу экен .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: