Үй-бүлөдөгү кызганыч жана анын себептери. Кызганчаак эркектер.
#182 06 Декабрь 2015 - 18:55
Delicacy (06 Декабрь 2015 - 18:32) жазган:
Братуха (деп коет э эркектер) сен 11 жыл мектепте, 7 жыл Медфакта бир партада окуп, таптаза тага жээн болуп кетсеңда анын 100 эмес 1000% кызганууга акысы бар. Себеби сен ЭРКЕКсиң. Шарыятта сенин бирөөнүн ак никелүү аялына телефон чалып ден соолугун сураш эмес ага тике карашка акың жок.Чалып ден соолугун сурагың келсе "через"
эринен сура. Неге таң каласың? Неси таң калычтуу??? Кызганбаган эркек анык дозоку экенинда билип ал. Шарыят эмес кыргыздын эле тарыхын карап көр. Кыргыздар кандай намыстуу, кандай кызганчаак болушкан. Ошол кыргыздын эркектери намыстуу болгону үчүн, кызганычда күч болгон. Коом тазараак сакталган. Ойнош ойномой, сойкулук кылмай дээрлик жок болгон. Бирөөнүн жаш келинчеги менен себепсиз узак убакытка баарлашуу болгон эмес. Айта берсе сөз көп... Эгер ошол классташ ДОСТАГАЖЭЭНТУУГАНЫҢ ушул себептен сага капа болсо, жакшысы түшүндүрүп кечирим сурап кой. Чубактын чуусундай чубалып, ырбап кетпесин анан бир нерсе...
Братан мен анча-мынча адамдарга жон жай чала бербейм,анан да кызганат десе эле ашыкча кызганган болбойт да.Туура намыска бекем Кыргыз эли бирок машыкка деле тийише берсен акыры бир жерини аймап алат го.Ошол сынары баары чеги менен болсо ашыкча болбос.
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#185 06 Декабрь 2015 - 19:00
Кудай сактасын. Просто өзүн колго алалбаган эркектер бар да.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#186 06 Декабрь 2015 - 19:03
кызгануу керек албетте,бирок аялына шарт түзүп берүү керек да. мисалы Россиядагылар айныкса.
Билдирүүнү түзөткөн: Ern: 06 Декабрь 2015 - 19:04
#187 06 Декабрь 2015 - 19:15
Ern (06 Декабрь 2015 - 16:03) жазган:
кызгануу керек албетте,бирок аялына шарт түзүп берүү керек да. мисалы Россиядагылар айныкса.
Кошулам эй! Себеби көбүн көрүп атам, зарплатасы жакшы деп сааты көп ишке киргизип коюшуп, кечирээк чыкса кеч келдиң деп таң аткыча байкушка уйку бербей эртеси айла жок уйкусурап араң көзүн ачып ишке келишет.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#188 06 Декабрь 2015 - 19:25
zaika.tvo9.1990 (06 Декабрь 2015 - 19:15) жазган:
Кошулам эй! Себеби көбүн көрүп атам, зарплатасы жакшы деп сааты көп ишке киргизип коюшуп, кечирээк чыкса кеч келдиң деп таң аткыча байкушка уйку бербей эртеси айла жок уйкусурап араң көзүн ачып ишке келишет.
кв да жашаган эркектерден да кызгана бергендер болот,туура албетте ,бирок аял байкуш эмне кылсын ? анчалык экен озун бир ком кв сатып алып жалгыз жаша ээээххх
#189 07 Декабрь 2015 - 10:44
Кызгануу жакшы да - эгер чеги менен болсо. Кызганбай койсо дагы ойлоносун "эмне... бул мени менен таптакыр жумушу деле жокко" деп.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#190 07 Декабрь 2015 - 13:21
уй булоодо биринчиден бири бирине ишенич бекем болуш керек шондо кызганыч чеги менен болот болуш керек
#191 07 Декабрь 2015 - 14:40
"Ичтеги кызганыч,таарыныч.
" жана дагы үй-бүлөдөгү кызганычтар тууралуу темалар менен бириктирилди.
#192 15 Декабрь 2015 - 23:55
Бизде кызганыч жок, суйлошуп жургондо кызганычтын планын толтуруп койгонбуз.
#193 16 Декабрь 2015 - 00:06
Ушул кызганыч деген орудан тажадым, мен эмес жакындарым,
бир синдим кызганычтын айынын куйоосу менен 100 жолу урушуп, 10 жолу ажырашат, ушул кызганычтын айынан байкем менен женемдин уйуно баргым келбей кетет .
#194 16 Декабрь 2015 - 04:05
Менин жолдошум аябай кызганчаак болчу,корсо озу соо эмес экен. Озу кандай болсо башканы ошондой ойлойт деген туура
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#195 11 Октябрь 2017 - 09:23
Мс:менин жолдошум аябай катуу кызганат ошол себептен уйдо чыр коп чыгат.Кээде торкунумо кетсемби деп да ойлонуп калам,бирок эки балам бар аларды атасыз калтыра албайм!
#196 11 Октябрь 2017 - 09:38
Кененирээк жазсан мүнкүн чын эле кызганганга себеп бардыр,негизи аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт деп айтылат хадисте
#197 11 Октябрь 2017 - 10:16
Кызганат любой эркек бирок чеги менен. Ал эми кээ бир эркек кызганып атып аял кишиге колда которот. Кол которсо бул жаман иш.
#198 11 Октябрь 2017 - 11:56
Мынча сабры жок болууп баратасынар?
Ар кайсы тема кетсемби ажырашсамбы деп...
#200 11 Октябрь 2017 - 14:37
Сиз дагы ал кызганбагыдай болуп жүрүңүз жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей кызгангандын себеби барда 2балаңызды ойлоңуз атасыз калтырбаңыз