Сүйүү бар жерде кызганыч бар деп айтылып келет. Бирок, ошол кызганычтын да өзүнүн чеги, орду болсо керек. Чектен чыккан кызганыч сөзсүз урушка, көңүл калууга, бактысыздыкка алып келери талашсыз.
Кызганыч - бул кокусунан, жок жерден пайда болгон сезим. Кызганчаак адам табиятынан өзүмчүл келет. Адам бул сезимге алдырганда оңой менен түгөйүнө ишенбейт, сөз көтөрө албай калат, сүйүктүүсүнүн баскан-турганын,
ар бир кадамын тескеп калат. Эгерде сиз өнөктөшүңүздөн ушул сапаттарды байкасаңыз анда ал кызганып жатат деп билиңиз. Кызганычты төмөнкүдөй үч түргө бөлүп караса болот:
Классикалык - ортодо сүйүү өчүп бара жатканда пайда болот. Мындай учурда адам жумурткадан кыр издеп, урушкусу келип калат. Кызганычтын бул түрүнүн кандайдыр бир деңгээлде пайдасы дагы бар. Анткени, өчүп бара жаткан сезимдерди ойготууга, сүйүктүү адамыңыз менен кайра тил табышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк бар.
Алкоголдук - адам өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып, сүйүүсү үчүн күрөшүүгө кызганычтан башка жол таппай калганда алкоголдук кызганыч пайда болот. Айрымдар сүйгөнүн кызганыч менен кармап калам деген жаңылыш ойдо болушат.
Паталогиялык - кызганычтын эң коркунучтуу,
кооптуу түрү. Себеби, адам кызганыч менен бала кезинен бери ооруп баштайт. Паталогиялык кызганыч өзгөчө ичи тар адамдарга мүнөздүү. Бара-бара кызганыч ооруга айланып, кийинки жашоосуна тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.
Кызганычтан кантип
арылууга болот?
Эң биринчи себебин табуу керек. Мисалы, сиздин сүйүүктүүңүз жумуштан кесиптеши менен тамашалашып сүйлөшүп жатса сиздин маанайыңыз чөгүп, уруштун сөзүн сүйлөп баштайсыз. Балким, сүйгөнүңүздү кесиптешинен эмес, анын жумушунан кызганып жүрбөңүз. Анткени, сиз менен сүйлөшүп отурганга караганда жумуштагылары менен баарлашкан ага көбүрөөк кубаныч тартуулашы мүмкүн.
Кызганып жатканыңызды канчалык эрте мойнуңузга алсаңыз, жаныңызга тынчтык бербей жаткан сезимден арылганга ошончолук эрте аракет кыласыз. Мойнуңузга алгандан кийин эмне себептен кызганып жатканыңызды анализдеп чыгыңыз.
Кызганычты суктанууга алмаштырыңыз.
Балким, сиздин кызганычыңыз ал адамдагы таланттын сизде жоктугунан улам келип чыккандыр. Ошондуктан сүйүктүүңүздүн талантына, жетишкен ийгиликтерине кызгануу менен эмес суктануу менен мамиле жасасаңыз абалыңыз кыйла жеңилдейт.
Дароо жыйынтык чыгарууга шашпаңыз. Кокус түгөйүңүз сизден башкасын таап алганына өз көзүңүз менен күбө болгон күндө да уруштун башын ырбатып, чыр чыгаруунун кереги жок. Мүмкүн, сүйүктүүңүз убактылуу азгырылып, жаңылып жаткан чыгар. Ушундай учурда эң негизгиси - кечиримдүүлүк зарыл.
Кызганыч эмнеден келип чыгат?
1 Түгөйүнө ишенбегенде.
Кээде жубайыңыз жумушунан кечигип жатса, сизде кимдир-бирөө менен жүрүшү мүмкүн деген ой туулат. Анан, албетте, түгөйүңүз келгенде эмне себептен кечиккенин,
кайда ким менен барганын сурап баштайсыз.
2 Адам өзүнө-өзү ишенбегенде.
Адам өзүн башкалардан кем сезип, башкаларды өзүнөн жогору баалаганда кызганыч келип чыгаары далилденген.
Сүйүктүүңүз каалаган учурунда сизден жакшысын, акылдуусун,
сулуусун таап кетиши мүмкүн деген ой сизге бир мүнөт да тынчтык бербей, аны дайыма коруп, кайтраууга алууга ашыгасыз.
3 Жыныстык жашоо канаттандырбаганда.
Жубайыңыз сизди каалабаса, дароо эле башыңызды аттап, башканы таап алганын ойлойсуз. Балким, анын жөн гана табы болбой жаткандыр, же чындап эле сиз аны жыныстык жактан канттандырбай жаткандырсыз.
Адистерге кайрылып сизге керектүү кеңеш алып, жашооңузду бир нукка салганга аракет кылыңыз.
4 Жылуу сөздөрдү айтканды унутканда. Эгерде сиз табиятыңыздан реалист болсоңуз, кооз сөздөрдү айтууга жөндөмүңүз жок болсо, анда өнөктөшүңүз ал сөздөрдү сизден болбосо башкалардан угууну каалайт. Сулуу, татынакай, тамашөкөй, келишимдүү экенин баса белгилеп туруу сиз үчүн көп деле кыйынчылык жаратпаса керек. Аял киши кулагы менен сүйөөрүн эсиңизден чыгарбаңыз.
5 Кайдыгерликтен.
Сүйүктүүңүзгө убакыт бөлбөсөңүз,
жумушуңуз менен алек болуп жүрө берсеңиз ал сизди көңүлүңүздү өзүнө буруунун амалын издеп кызгантышы мүмкүн. Ушундан да ортодогу мамиле ыдырап, муздайт.
Үй-бүлөдөгү кызганыч жана анын себептери. Кызганчаак эркектер.
#81 27 Июль 2014 - 22:22
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#82 06 Август 2014 - 18:14
"Кызганасыңбы,
демек сүйөсүң" деген түшүнүк туура эмес экендиги анык болду. Көрсө кызганган аял эркекти сүйгөндүгү үчүн эмес, эркекке жеке өзүнүн менчиги сыяктуу ээлик кылгандыктан кызганат экен. Бир билерман: "Күйөөсү - аялы болуп жашаган адамдар бир поездге гана чогуу түшүп баратышкан жүргүнчүлөр экендигин билишпейт. Кокус поезд токтоп, башка жүргүнчүлөр да кошулуп кала тургандыгын эске алышпайт"
деген экен. Ал эми эркектердин кызганычында атаандаштык сезими күчтүүлүк кылат. Эгер аялы башка эркекти тандап кетсе, өзү кетирген каталыкты эмес, "мунун эмнеси менден артык?" дегенге көбүрөөк баш оорутуп, аялын кызганганга караганда, өзүнүн кеткен беделине көп капа болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#83 21 Август 2014 - 13:12
Кызганыч тууралуу сөз кылууда, алгач ал жөнүндө туура түшүнүктү чечмелеп алуубуз зарыл. Көптөгөн философтор,
акылмандар ага аныктама берүү үчүн далай аракет кылышкан. Кызганыч тууралуу миңдеген макалалар, китептер жазылып, миңдеген акылман ойлор айтылган. Эң башкысы кызганыч чоң маселе боюнча калып, анын курмандыктары ушул убакка чейин жоюлбай, тескерисинче күчөп келет. Ошондуктан бул маселе дагы деле олуттуу боюнча калууда.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#84 21 Август 2014 - 13:15
Кызганыч бул – жабыркоого, кыйналууга, азап чегүүгө алып келүүчү ичи тардык сапат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#85 21 Август 2014 - 13:16
Түгөйлөр ыйык сезимдер аркылуу бир бүлө кургандан кийин, албетте бири-бирин кызганганга акылары бар. Бул акыйкаттуу жана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошентсе да анын баары чеги менен болушу керек. Каалашынча кызганычтын бүлөдө болбой эле койгону жакшы.
Үй-бүлө кызганычтарынын айынан дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй курмандыктар болуп келет. Өзгөчө мындай учурда аялдар көп жабыркашат. Алардын көбүрөөк жабыркоосунун да себептери көп. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу, күмөн санатуу, көбүрөөк көңүл ачуусу, эркектер курчаган коомдук жайларда иштеши, көп-көп иш сапарга чыгышы жана башка баягы эле майда-чүйдө маселелер. Эми суроо, эмне үчүн табиятынан акылдуу жана ыймандуу келген аялдар андай жолдорго барышат? Мырзалар эң биринчи кезекте ушул суроолорго жооп таап алышы керек.
Үй-бүлө кызганычтарынын айынан дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй курмандыктар болуп келет. Өзгөчө мындай учурда аялдар көп жабыркашат. Алардын көбүрөөк жабыркоосунун да себептери көп. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу, күмөн санатуу, көбүрөөк көңүл ачуусу, эркектер курчаган коомдук жайларда иштеши, көп-көп иш сапарга чыгышы жана башка баягы эле майда-чүйдө маселелер. Эми суроо, эмне үчүн табиятынан акылдуу жана ыймандуу келген аялдар андай жолдорго барышат? Мырзалар эң биринчи кезекте ушул суроолорго жооп таап алышы керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#86 21 Август 2014 - 13:18
Кызганыч бул - бирөөнүн ишеничинен,
сүйүүсүнөн күмөн саноо. Демек, биринчиден адам өзүнө ишенип, башка бирөөнүн сүйүүсүнөн күмөн санабашы керек. Кызганыч ажырашуунун биринчи себеби болгондуктан,
канча деген бактылуу бүлөлөр бузулуп, күнөөсүз балдар жетим калып, ата-эне мээриминен ажырап калып жатышат. Жок дегенде ушул орчундуу маселелерди эске алып, кызганыч деген нерсени жоюп коюш керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#88 21 Август 2014 - 13:21
Кызганыч – бул агрессия. Ал ар кандай буюмдарды талкалап эле калбастан, кол көтөрүү, нервдик жабыркоо, картаюуга, анан эң башкысы өмүрдүн кыйылышына алып келет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#89 21 Август 2014 - 13:23
Кызганыч жакшы сезимби же жаман адатпы? Кызганчаак адам башкалардын кеңешине карабастан эски адатын улантуу менен түгөйүнөн айрылат жана акыры кайгылуу аяктайт. Бирок, бул сезим кээ бир учурда керек болот. Анткени, “кызганыч - сүйүүнүн белгиси” дегендин да чындыгы бар . Андыктан, кызганычтын таптакыр кереги жок дегенге да болбойт.
Эгер ал өзүңүздүн жана сүйүктүүңүздүн жашоосуна тоскоолдук кылып жатса кызганычтан кантип арылууга болот? Баардык нерсе адамдын өзүнүн эркинен болот. Эгер биз каалабасак бизди эч ким зордоп кылдыра албайт.
Демек, бул абалда эмне кылуу керек жана эмнеден баштоого болот...
• Биринчиден (башкысы) – албетте, эс алуу. Олтуруп алып жакшылап ойлонуу, чыныгы себебин түшүндүрүүгө аракет кылуу. Чектен ашкан кызганууну баардык эле адамдар көтөрө бербейт. Демек мындай керексиз адаттын айынан сүйүктүүңүздөн ажырап калууңуз толук ыктымал.
• Экинчиден - жаман ойдон алыс болуу үчүн сизди алаксыткан жана көңүлүңүзгө жаккан иш менен алектенгениңиз жакшы. Көңүлдүн чөгүүсү жашообузду караңгылатаарын эч ким тана албайт. Андыктан терс эмоциялардан арылып, кайгылуу эскерүүлөрдү унутканыңыз дурус жана жагымдуу нерселерди ойлонуу керек. Бул жөн гана руханий жумушту талап кылат.
• Үчүнчүдөн – сүйүктүүңүз менен чын жүрөктөн сүйлөшүп көрүңүз.Мындай сүйлөшүүнүн кемчилик жактары да бар. Анткени, биз канчалык көп сүйлөшсөк ошончолук бири-бирибизди аз түшүнөбүз. Чын жүрөктөн сүйлөшүү – пикир алышуунун искусствосу. Эгер жооругуңуз менен күрөшө алсаңыз, анда мамилени да оңдогонго жол ачылат. Бул сиздин жеңишиңиз. Болгондо да жагымдуу жеңиш...
• Төртүнчүдөн - төмөнкүлөрдү билүү зарыл. Чыныгы сүйүү, чыныгы сезим адамга бакыт жана эркиндик тартуулайт. Ошондой эле сүйүктүүңүз үчүн сүйүшүңүз абзел. Сиз анын жанында эмес ал сиздин жаныңызда турганына бактылуу болушу керек. Мунун кандай айырмасы бар десеңиз анда жоопко көңүл буруңуз. Чыныгы сүйүү дайыма курмандыкты талап кылат. Сүйүшүү - бул адамды өзүмчүл кылат. Бирок биз бир келген аз убакыттагы жашоону уруш-талашсыз жемиштүү жашаганга не жетсин?! Ошондуктан сүйүктүүңүз менен бирге ар бир мүнөттү бактылуу көз ирмемде өткөрүү эң туура вариант.

#90 21 Август 2014 - 13:25
Албетте эки адамдын жылдызы келишип, ыйык сезимдери жанып, эки баш кошулуп бир түтүн булатып калышкан болсо кызганыч алардын ортосунда сөзсүз болуш керек. Анын болуусу шариятта да каралганы баарыбызга белгилүү болсо керек. Ошондуктан эгер баш кошкон түгөйлөр бири-бирин кызганган учур мыйзам ченемдүү деп эле көрүнүш. Бирок баардык нерсе чеги менен болот демекчи, анын да чеги болуш керек. Ошондуктан урматтуу түгөйлөр түгөйүңүздүн кандай учурда кантип кызганганына карап, сизге болгон сезимдерин оңой текшерип, анын үстүнө анын кандай адам экенин да билип алыңыз.
Үй-бүлөдө кызганыч чоң роль ойнойт
Кызыгы кандай түгөй болбосун баш кошуп, бир болуп калган учурда да алар өмүрүнүн аягына чейин өмүрлүк жарымы кандай адам экенин билбей калышы мүмкүн экен. Ошондуктан сиз менен чогуу жатып, чогуу чай ичип, ал жөнүндө баарын билем деп чоң жаңылыштык кылып коюшуңуз мүмкүн же болбосо түгөйлөр 20, 30, 40 жыл бир бүлөдө жашап, ажырашып кетишпейт эле. Ошондуктан түбөлүккө бактылуу болом деп жана бүлөңүздүн очогун өмүр бою сактап калам десеңиз, анын кандай адам экенин изилдеп чыгып алганыңыз жакшы. Ал эми мындай учурда кызганыч дагы чоң ролду ойнойт, себеби, анын кызганганына карап, кандай адам экенин билип аласыз.
Катуу кызганса..
Эгер ал сизди кечке эле кызганып, телефон, сумка, барактарыңызга, жумушуңузга чейин чалып, жада калса тууган, достор, кошуналарыңыздан бери кызганып, жадатып текшере берсе анда ал сизди аябай сүйөт деп ойлоп чоң жаңылыштык кыласыз. Ал болгону табиятынан сарамжал, жан дүйнөсү бир аз таза эмес, кекчил, өзүмчүл, таш боор, мыкаачы адам. Мындай адамдар тилекке каршы азыр көп жана аларга эч убакта аял же күйөө токтобойт. Анткени, өмүр өткөнчө жаман адатын таштабайт жана ал жөнүндө ойлонуп да койбойт.
Кызганбаса. .
Эгер тескерисинче түгөйүңүз сизди таптакыр кызганбаса анда да маселе болуш мүмкүн, бирок жакшы жагына жооруп койсо болот. Ал учур ар кандай болушу мүмкүн. Өзү эркектер табиятынан кызганчаак келип, түгөйлөрүн сөзсүз кызганыш керек. Ал эми аялдар кандай болбосун баары бир сөзсүз кызганышат. Сыртынан билгизбей күлүп турса да, ичинен ит өлүп, акыры баары бир кызганып жатканы билинип калат. Бирок, такыр кызганбаган да эркектерди көп кездештирсе болот. Мындай учурда көңүл бурууну талап кылган аялзаты таарынып, көп түшүнбөстүктөр болуп кетиши мүмкүн.
Эгер чындап эле жолдошуңуз сизди таптакыр эч нерседен кызганбаса, ойношу бар деп кабатырланбай эле коюңуз. Демек сиз ошого татыктуусуз. Ал сизге чындап ишенет. Турмушка, үй-бүлөнүн очогуна туура көз караш менен карайт. А эң негизгиси табиятынан боорукер келип, турмушта көптү көргөн карышкыр же болбосо ал сизди сөзсүз кызганмак. Ал сизге баш кошоордо, миң ойлонуп бир кадам кылган. Ошондуктан кызганган күндө да сыртынан такыр билгизбейт. Өзү мындай адамдар абдан сырдуу келип, адамдын психологиясы менен ойногонду жакшы көрүшөт. Андыктан ал мени кызганбайт деген ойлоруңуз менен ашыкча басып, адашып албаңыз. Мындай адамдар боорукер болушканы менен кичинекей катаны да кечирбей коюшу мүмкүн.

#91 21 Август 2014 - 17:06
“Мени сүйөт, ошондуктан кызганат” деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп келебиз. А чынында кызганыч чоң оору экенин, анын түбү бактысыздыкка алып келээрин убакыттын өтүшү менен түшүнүп мойнубузга алабыз. Түгөйлөрдүн ортосундагы чыр-чатак, түшүнбөстүктөр ушул сезимдин айынан келип чыгары анык. Айрымдары аны жеңсе, кээ бири жеңилип, ооруга айлантып алышы мүмкүн.
Кызганыч – табиятынан өзүмчүл келген адамдарга мүнөздүү сапат. Адам бул сезимге алдырганда оңой менен түгөйүнө ишенбейт, сөз көтөрө албай калат. Сүйүктүүсүнүн баскан-турганын, ар бир кадамын тескей баштайт. Эгер сиз өнөктөшүңүздөн ушул сапаттарды байкасаңыз, анда ал кызганып жатат деп билиңиз. Кызганычты үч түргө бөлүп караса болот.
1) Ортодо сүйүү өчүп бара жатканда пайда болот. Мындай учурда адам жумурткадан кыр издеп, урушкусу келип калат. Кызганычтын бул түрүнүн кандайдыр бир деңгээлде пайдасы да бар. Анткени, өчүп бара жаткан сезимдерди ойготууга, сүйүктүү адамыңыз менен кайра тил табышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк бар. Болгону аша чаппай, чеги менен болгону оң.
2) Адам өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып, сүйүүсү үчүн күрөшүүгө кызганычтан башка жол таппай калганда алкоголдук кызганыч пайда болот. Айрымдар сүйгөнүн кызганыч менен кармап калам деген жаңылыш ойдо болушат. “Эгер сен мени таштап кетсең, мен өз жанымды кыям” деген коркутуулар да ушул этапта башталат. Кээ бир адамдар кызганычтын айынан жан кечти болуп чыга келиши мүмкүн.
3) Кызганычтын эң кооптуу түрү: адам кызганыч менен бала кезинен баштап ооруйт. Эң жогорку кызганыч өзгөчө ичи тар адамдарга мүнөздүү. Бара-бара кызганыч ооруга айланып, кийинки жашоосуна тоскоолдуктарды жаратаары турган иш. Мындай түр менен ооруган адам түгөйүнүн жетишкен ийгиликтерин көрө албайт. Бирок ичи тардыгын жашырып кызганыч экенин көрсөткүсү келет. Ишине бут тосуп (өзгөчө мырзаларга таандык көрүнүш) аялын бучкактап карыш жылдырбай, аял киши үйдө бала менен отуруш керек деген түшүнүккө келип такалышат.
Үй-бүлө көйгөйү сүйлөшүү аркылуу чечилет
Мындай учурда ата-эне балдары менен тез-тез бир дасторкондун үстүндө чогулуп, сүйлөшүүсү абдан маанилүү. Бирок дасторкон тегеренип олтуруп да ата-эне балдары менен туура жана тарбиялуу мазмунда сүйлөшө албаса ырк кетет. Чай үстүндөгү сүйлөшүүнүн жагымдуу маанай тартуулоочу жана көңүлдү көтөрүүчү сыры бар. Ар бири кандай тема болбосун тартынбай ачык айтуусу керек. Баарыбыздын жашообузда сүйлөшүү чоң мааниге ээ. Ал ынтымак алып келет жана үй-бүлөнүн пайдубалын бекемделишине шарт түзөт.
Үй-бүлөдөгү сүйлөшүү канааттандырабы?
Баш кошкон болсоңуз жолдошуңуз же жубайыңыз жана балдарыңыз менен сүйлөшүүнү биринчи орунга койгонуңуз оң. Бойдок болсоңуз ата-эне жана бир туугандар менен болгон дасторкон үстүндө кенен-кесир сүйлөшүү керек. Эгерде үй-бүлөңүздө жогорку деңгээлде көйгөй жок десеңиз, болду болбоду дегенде да жарым-жартылай бар. Себеби, үй-бүлөдө ар кандай көйгөйлүү маселелер жарала берет. Ал гана эмес болбогон нерсе да чоң көйгөйдү жаратышы толук мүмкүн.
Сүйлөшүүдөгү тоскоолдуктар
Бир тобу андай учурда болуучу тоскоолдуктардан даттанып келишет. Мисалы, кээ бирөөлөрдүн күйөөлөрү жумуштан келгенде ачуулуу болуп келишет. Ал эми кээ бирөөсү кечке телевизор көрүп, интернетте отургандан убакыттарын текке кетирип жаткандыгын айтышса, кечинде мектептен келген балдары ата-энеси менен сүйлөшүп, мектептеги жаңылыктарды айтып берүүнүн ордуна телефондо сүйлөшүп убакыттарын өткөрүшөт. Мына ушулардын бардыгына боло берет деген негизде маани бербей коюу туура эмес. Ошондуктан үй-бүлөнү биринчи орунга коюу керек.
Төмөндө берилген көйгөйлөр үй-бүлөгө терс таасирин тийгизип, бири-биринен алыстатууга жол ачат:
- Үй-бүлөдөгү абалдын начар болушу
- Ар дайым күндө болуучу көйгөйлөрдүн кайра-кайра кайталанышы жана айтылышы
- Ар дайым бири-бирине даттануу
- Күнөөлөөчү сөздөрдү тез-тез колдонуу
- Мурда кетирген каталарын унутпай кайра-кайра айта берүү
- Жоопкерчиликтердин ар дайым кайталанып айтылышы
- Жакындарыңыз көйгөйүн айтып жаткан учурда анын сөзүн бөлүп, чечим чыгарып коюу
Мындай мамиле жасоодон алыс болуп тескерисинче, таттуу жана жагымдуу сөз, жактыруу, көңүл буруу жана сыйлоо, үй-бүлөнүн пайдубалынын бекем болушуна өбөлгө түзүү керек. Аны менен катар ата-эне жана бир тууган же жолдошуңуздун көңүлүн оорутпаган болосуз. Айрыкча ата-эне алгач өздөрү туура сүйлөшө билүүсү зарыл. Эгер андай болсо, анда кечки тамак учуру көңүлдүү өтөт. Балага жана жубайлар ортосундагы мамиленин бекемделишине мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Аял негизги ролду ойнойт. “Аял үйдүн куту” деп бекеринен айтылбаса керек. “Аял жакшы - эр жакшы, вазир жакшы - хан жакшы” деген макалда буга негиз боло алат. Себеби, үй-бүлөдө аялдын орду негизги орунду ээлейт. Аял же эне мыкты болсо, кечки тамак учурунда үй-бүлөсү менен кызыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алса, анда анын балдары да башка бөлмөдө жалгыз олтурбай ата-энесинин жанында убакыт өткөрөт. Аны менен катар, ата катары күйөө да үй-бүлөнүн бузулушуна жол бербейт

#92 16 Сентябрь 2014 - 14:20
Саламатсыздарбы.
менин мындай тема ачуумдун себеби томондогучо.
мен жолдошумдун экинчи турмушумун,
ал менин биринчи турмушум,эрим экообуз уйлонгондо биринчи аялынан ажырашканына 6жыл болгондо уйлонгонбуз,
ал аялынан бир уулу бар,анан ушул убака чейин ал аялы тууралуу сураган эмесмин эмне болуп ажырашкансынар деп,башында сураганмын аялы эриме кыз эмес тийген,анан тийгенден сон,ойнош ойноп кеткен деп айткан.ошондон бери сурабайм.эрим ал баласына аллимент толойт,андан сырткары да акчалай жардам берип турат,анан мен айткам мени алган сон только балан м,н гана суйлошосун катташасын аялын м,н суйлошпойсун деп,макул болгонбуз ошентип бири-бирибизге,
азыр уйлонгонубузго 6жыл болду 2уулубуз бар.Азыркы учурда эрим ал аялы м,н агентте суйлошуп журуптур жашыруун,аны жакшы кором же сагындым деп жазбаптыр просто откон кундорун жазышыптыр,
мен аны окуугандан бери эрим м,н жашагым келбей калды балдарым учун эле аран жашап журом бир кун болсо бир кун кетип калам деген ой м,н жашап келем,мумкун эрим аялын унуталбай аткандыр мумкун жакшы короттур деп ичимен ойлоно берип жаман болуп кеттим,анан эрим м,н ачык суйлоштум майлы кааласан барып жаша бирок экообуз м,н жашайм деп ойлобо,или ал или мен дедим,десем мен силер м,н жашайм деп кечирим сурады ал аялы м,н суйлошкону учун,бирок менин ичимдеги таарыныч жазылбай келет кыйналып кеттим,эгер ажырашсам кандайга туш болом,балким багым ачылаар,балким хужа болот,эки баламдын бироосун берем экоону бакканга кудретим жетпейт эгер ажырашсам.силер жардам бергилечи эмне кылайын баарын унутуп жашайын десем ичимдеги таарыныч жазылбай жашоого кызыгуум жок,ажырашсам балдарым эмне болот озумдун турмушум кандай болот деп эки жолдо жашап келем кайсы бирин тандаыйын жардам бергиле.алдын ала рахмаат.
#95 16 Сентябрь 2014 - 15:12
Бир кун кетип калам деген оюнуздан кайтыныз. Турмуштун бир аз сыноолоруна чыдап койсонуз моорой сиздики. Балдарыныз учун да, озунуз , уй-булоонуз учун да. Кызгандыныз тушуном, бирок кызганычты которо билсениз, баары оз жайына тушуп кетет.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#96 16 Сентябрь 2014 - 15:15
Автор турмушта ар турдуу кырдаал болот. Ооба, албетте оор, мурунку аялы менен кайра байланышып баштаса. Бирок мен ойлойм, куйоонуз сизди таштабаса керек. Анан да эки уулунуз бар экен.
Ажырашуу жонундо ойлобой эле койсонуз жакшы болмок. Айтынызчы эки уулунузду атасыз кылып, эмне кереги бар? Бирин алып кетем, бири калат дейсиз?
Огой эненин колуна кантип таштап кетем дейсиз ?
Кенешим: куйоонуз менен суйлошуп, агентти жыйыштыралы да , ынтымактуу, отконду унутуп жашайлы дениз. Жашоонуз учун курошунуз,ажырашам дебей?
Куйоонуздун конулун бурун, мисалы мурдагыга караганда бир аз озунузду карап, боенуп, аны эркелетип, эркелеп дегендей...

#97 16 Сентябрь 2014 - 15:17
Ийгилик автор. Буйруса баары жакшы болот.
Бир аз чыдап коюнуз, албетте жениш сиз тарапта болот.

#99 16 Сентябрь 2014 - 15:36
менда уулдарымды бирин энесиз бирин атасыз кылбайын деп жашап журом,кудайым баланы энеден,энени баладан ажыратпасын,
ар бир бала оз энеси менен болгонго эмне жетсин.
#100 16 Сентябрь 2014 - 16:06
Мен сенден кетким келди кетейинчи депсинда а? автор тырын мырын кылбайле жашачы айланайын турмуш сана оюн эмес. ажырашсан эмне?бирин эрге тийесин бирин катын аласын ортодогу наристелерге эле кыйын болот.