ДУДУК.Түндүн коюу караңгылыгы тарап, жерге жарык түшө баштады. Жарыктын кириши менен уясынан бырп учкан канаттуулар чыркылдап ары-бери учуп, таң менен кошо ырысын издеп жарышка чыгышты. Жаңы чабылган сап-сары аңыздарда үйүр-үйүр жылкылар, агытылган аттар, субай уйлар шашпай оттоп, жайылып жүрөт. Бул тегеректе ушул бейкапар оттогон мал-жандыктан башка адамзаты ойгоно элек болчу.Аңгыча аңыздын четиндеги дөбөнүн бооруна кандайдыр бир машина келип токтоду. Ичинен шартылдай кыймылдаган эки жигит чуркап чыгып арткы жүк салгычын ачты да, башына кап оролгон бирөөнү сууруп чыгышты.- Ымтырабай болгула, жерге жарык кирип баратат! – деп зекиди алардан кийин машинадан түшкөнкиши тигил экөөнү. Ансыз деле дуңкулдап шашып жүргөн жигиттер каптагы адамды тыбырап туйлаганына карабай дыркырата сүйрөп жөнөштү. Дөбөнүн бир капталы ак тополуу жарча боло турган. Бул айылдын эликыш куюп, шыбак шыбаганга топуракты ушул дөбөдөн алышчу. Калган жердин топосу кара келип, курулушка жарачу эмес. Натыйжада дөбөнүн бир башы аңырая казылып, ар кай жерине көлкүлдөп суу толуп, кээ бир качанкы казылгандарын бийик өскөн куурай, коко-тикен басып жатат.Эки жигит жанагы бечараны түз эле ошондой оюктун бирине дыркыратып сүйрөп барышты. Үчүнчүсү болсо алардын артынан эки күрөктү сүйрөп ээрчип келатат.- Тетигил чуңкурга алып баргыла, – деди ал берки экөөнө жарчанын дал түбүндөгү чуңкурду жаңсай көргөзүп. Тигилер буйрукту кыңк этпей аткарышты. Эки колтуктан кармап дырылдата сүйрөгөн бойдон айтылган чуңкурдун жээгине алып келип, тизелете чөгөрүштү.- Чеч башындагыны!
Колундагы күрөктөрдү нары жакка таштап, күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, ыңгайлай кармады. Тигилер жерде отурган неменин башындагы капты ары-бери чечип жиберишти. Бечаранын бети-башы канталап, көздөрү шишип чыгыптыр. Кыязы бир кыйла тепкилешкен көрүнөт. Кыйкыра берип айгак болбосун дегенби, оозуна да тоголоктошкон чүпөрөктү тыгып салышкан. Байкуш кимдердин колуна түшүп, кайда келгенин болжогон окшобойбу, үмүтү үзүлгөн немедей тизесине тик отуруп, көзүн жумуп түп-түз туруп берди.- Кечирип кой Жеки. Өзүңө-өзүң кылдың, – деди да жанагы ороңдогон неме тапанчасын тигинин так эле чекесине такады. Тырс эткен туюк үн чыкты артынан. Тапанчанын оозуна буралган үн каткыч добушту думуктуруп жутуп койду. Тизелеп отурган шордуунун башы артты көздөй шылк дей түшүп, денеси менен кошо ооп барып казылган чуңкурга кирип кетти.- Ылдамыраак тигил топодон омуруп көмүп салгыла! – деди тапанча кармаган киши эки жигитке. – Болгула! Эл тургуча жок бололу бул жерден.Жигитттер жерде жаткан күрөктөрдү ала коюп, чуңкурду көздөй аңдын боорундагы бош топурактан омуруп киришти. Бир заматта айлананы чаң каптап, бырпырап жатып калды.- Туй иттики, ушунтип чаңдай берет эми. Силер көмүп коюп келгилечи, мен бара берейин.Тапанчасын кайра бооруна катып, кылган ишине маашырлангандай кыңылдап ырдап машинаны көздөй басты. Бирок анын бул кыңылдаганы көпкө узаган жок. Машинасын айлана басып оттоп чыга келген койлорду көрүп жүрөгү оозуна кептеле түштү. «Бул маалда жайытка чыккан кайдагы койлор?!» Ушул суроо анын жүрөгүн элеп-желеп кылып жиберди. Жанындагы бийик өскөн куурайга жашына калып, колуна тийген таш-паш менен тигил экөөнү уруп өзүнө чакырды. Иштин кызуусуна кирип алган немелер анын таш ырыгытып, чакырып жатканын бир топто барып байкады.- Токтоткула!
Жашынгыла!
– деп жаңсады экөөнө. Тигилер ишин дароо токтотуп, жанындагы эле чуңкурга кире калышты.Койлордун артынан чыга турган койчуну күтүп, эки жагын алаңдай карап отурду. «Кайда жоголду экен? Буларды көрүп качып кетпеди болду бекен? Шайтан алгырдыкы, таң атпай кой жайып киши келет деп ким ойлоптур.» Ичинен кайра-кайра сөгүнүп айланасын карай берди.Мындайда бир дагы күбө калтырууга болбойт. Бир эле айгак чыгып калса эртең айыбы ачылып калышы мүмкүн. Мунун корккону эле ушул.Эки жагын аңдый карап алдыга жылды. Эңкейип жоргологон бойдон машинага жетти. Бирок, ичине отурган жок. Машинанын далдоосуна өтүп аңгектин айланасын карай баштады. Акыры тапты. Жарчанын наркы кырында жүдөө кийинген, ап-арык бала бийик өскөн чийлерге жашынып алып аңгектин ичиндеги экөөнү карап туруптур. «Кандай кылсам?» деп ичинен ойлоно калды берки. «Бул аралыктан тапанча менен атууга мүмкүн эмес. Же кубалап көрсөм жете алар бекем? Жок бул чымылдаган неме оңой менен жеткире койбос. Андан көрө дөңдү айланып барып артынан чыгып көрөйүн» Ушул чечимин туура көрдү да баланы көздөй чийлерди аралап бөкчөңдөп жөнөдү. Бирок, ойлогон ою дагы ишке ашпай калды. Кашайгансып жайылып жүргөн койлор мындан үркүп дүр бере калды эле, бала кайрыла калып көрүп калды. Экөөнүн көзү чагылыша түштү бир заматта. Анан кудум бирөө буйрук бергенсип экөө тең жашынган жерлеринен ыргып турушту. Эми ылдамдабаса болбойт. Дароо колундагы тапанчасын сунду дагы туштай кармап машаасын басып-басып калды. Бирок, мынча аралыктан жай убакта да түз тийгизе алчу эмес. А минтип өпкөсү көөп, шашып турганда таамай атуу кинодо гана болоор. Айткандай эле октору кайда кеткени белгисиз жок болду. Бала болсо шарт бурулуп аңгектин наркы тушундагы коктучага кирип кетти. Ого бетер шаштысы кеткен неме күлтүңдөй чуркап артынан түштү. Бирок, денеси оор тартып калган жаны күүлөнгүчө бала бир топ узай түшүптүр. Чимириктей чимирилип бараткан немеге тирүүлөй жетпесине көзү жетти да отура калып удаама-удаа ок чыгарды. Бул эми такыр эле айласы кеткен кишинин аракети болчу. Октору таптакыр башка жерлерди чаңдатып гана тим болду.Акыры аңдын кырына чуркап чыга калып тигил экөөнө кыйкырды.- Нурик чурка! Айылды көздөй кетти. Тезирээк!
Өлсөң да калба артынан! А сен, күрөктөрдү алып чоң жолго чыга бер.Өзү болсо күлтүлдөй чуркап машинасына отурду да дөңдү айланып өткөн топурак жол менен чоң жолду көздөй чаң ызгытып жөнөдү. «Баланы айылга жеткирбей кармаш керек!»Ушул ой мээсинде тынымсыз кайталана берди. Чаңы сапырылган жолду буркурата тебелеп аңды-дөңдү карабай уруп баратат. Талаа сугарган арыктардан тим эле дөңгөлөктөрү жулунуп кетчүдөй дүңкүлдөп отуруп, бат эле айылды көздөй кеткен чоң, таш жолго чыкты.- Кудай эми жеткире көр! Эми жеткире көр! – деп ичинен Кудайлап алып, газды өкүртө басып зуулдатып жөнөдү. Бала качып бараткан бир таман жолдөңдөн тик түшкөндүктөн айылды көздөй ылдыйыш экен дагы, дөңдүн артынан айланган чоң жол кыйла эле өр тартып кетет экен. Ошондон улам алдындагысы жакшы күүлөнө албай озондоп өкүрүп баратты. Тигине эрбеңдеген бала сары талаа менен айылды карай чымылдап баратат. Артында Нуриги, узун буттарын кере-кере шилтеп, ал дагы күүлөнүп алган.Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт деген ушу тура. Алдыда эч айыбы жок чымындай жаны чыркыраган бала, артта канча адамдын башын жеп канга тойбогон карышкырдай кумсарган эки желмогуз. Эзели келишпес ак менен кара, чындык менен кара өзгөйлүк бул жолу ушул үчөөнүн келбетине кирип, кашкөйлөнө жол талашып баратты. Бирде-бири бир кадамын туура эмес таштап, же бир көз ирмем жолунан жаза тайып адашып калса, тагдырдын таразасы дароо атаандашына оой турган кылчайнашкан учур. Чымындай жанын ала качкан бала, сай күлүктөй кадамы тик сайылган узун бут жана өр тарткан жолдон күүлөнүп-күүлөнө албай күркүрөп, албууттанып келеткан машина.***Бала болуп башына түк чыкканы кыштагы көзүнө мынчалык ысык көрүнгөн эмес чыгаар. Жаак ылдый салаа-салаа жаш кетип, аңды-дөңдү карабай чуркап баратты. Шордуу жаралгандан эле үнү чыкпаган дудук эле. Болбосо эчак эле айгай салып, жер жаңырта кыйкырып жөнөсө жанын арачалап калмакка алдыдан бирөө жарым чыгаар беле. Аттиң десең… Айылдаштарынын караанына ушунча зар болгон жок эле буга чейин. Тескерисинче алардан жаа бою качып, жалгыздап басканды каалачу эмес беле. Эс тартканы адам уулунан көңүлү калып, эч бирөөнөн жылуу сөз күтпөй жетилип келатты эле. Бүгүн минтип бир карандай караанга зар болуп келатканын карачы. Жан таттуу деген ушул тура атаганат.Кыштактын четки тамдарына жетээрине да аз калды. Арттагы дүпүлдөгөн дабыш болсо уламдан-улам жакындап келатат. Өзү үч аттаган жерди ал бир эле аттап келаткансыйт тим эле. Бирок, бурулуп караганга чамасы да келген жок. Аңгыча оң жак капталынан таш жолдун чаңын бурулдата сапырып келеткан машинаны көргөндө бечаранын кымындай жүрөгү дагы бир жолу солк этип, көзү караңгылай түштү. Бирок, тубаса көкбеттигин карматып, күүсүнөн жазбай айылын көздөй түп-түз келе берди.Кыштактын эң четки көчөсүнө бурула берээр жерге машина менен чогуу эле жетти байкуш бала. Алдына күү менен келип жолун торой токтогон машинадан жанагы буурул чач киши ыргып эле чыкты. Бирок, бала да туруп калган жок. Шып этип буйтай бурулуп машинанын артынанайланып кетти. Жанагы адам жакшы эле кол сермеп келип кармады эле, самсаалап айрылайын деп турган чаар бешмантынын кармаган жери эле колунда калып, бала суурулуп чыгып кетти. Өзү болсо машинага бир капталы менен урунуп алып күүсүн кармана албай жер сүзүп жыгылып калды. Ушул учурда буларга Нурик да жете келди. Төрт аяктап тура албай аткан неменин үстүнөн тартактап секирип өтүп баланын артынан салды ал. Анткени менен жолду торой токтогон машинаны айланып өтүү аны да күүсүнөн тайдырып жиберди. Машина менен эң четки бакчанын тосмосунун ортосундагы тар кычыктан эптеп кыпчылып чыгып, жаңы эле баланын артынан кууп жөнөмөк болгондо, алдыдагы чымылдаган неме шарт бурулуп биринчи эле тамга кирип кетти. Ушул жерден Нуриктин шаабайы сууй түштү. Талпаңдап барып токтоп, эмне кылсам дегендей артына бурулса, артында шефи да өзүнө окшоп бала кирип кеткен үйдүн короосун алаңдай карап туруптур.***Биринчиүйдүн дарбазасынын астынан сойлоп өтө калып, короосун айланып наркы үйдүн чарбасын көздөй жөнөдү. Эки кошунанын ортосу тикенек зым менен тосулуу болчу. Колун ченебей тыттырып алганына дакарабай зымдын ортосунан өтүп наркы кошунанын чөпканасына кирип кетти. Жаңы эле жыйылган чөптүн бир бурчу уядай оюк экен. Кыязы иттер кирип жаткан тешик окшойт. Култ этип ошого кирип кетти да, өз оозун өзү эки колдоп басып бүрүшүп отуруп калды. Байкуштун коркконунан эки көзү алаңдап, колу-буту токтобой титиреп жатты. Бир заматта башынан өткөн окуя көз алдынан кетпей кайра-кайра тартыла берди. Башы артка шылк дей түшүп чуңкурга кулап кеткен киши, Үстүнө топуратып топо омургандар,
анан акыры аз жерден кармап кала жаздаган буурул чач, толук киши. Айрыкча жанагы атылган адамдын өлөөрүндө так өзүн теше караган көзү анын мээсине түбөлүк жазылып калды…Коркконунан көзүн жумуп, буттарын ого бетер бүрүштүрө кымтыды. Бирок коркунучтуу элестер көзүнжумганына да караган жок. Баланын такыр айласы кетти. Кудум бирөө келип кармап кетчүдөй бүрүшүп, жыйылган чөптүн түпкүрүн көздөй тыгыла берди.Ушинтип канча отурганын ким билсин, бир маалда кимдир бирөөнүн өзү отурган жакты көздөй келеткан кадамын сезди. Бала добушту укпаганы менен, жакындап келеткан кадамдарды кадимкидей ажырата билчү. Ал тургай чоң кишинин кадамы менен жаш баланын кадамын да даана ажырата алчу. Адамдын басканы ага жер аркылуу сезилээр эле. Азыр дагы ошол сезими менен туйду. Кимдир бирөө шашпай жакындап келатты. Байкуштун жүрөгү ого бетер алып учуп, өз оозун өзү карыша басып, тырышып отурду. Быш этип дем чыгарса эле буурул чач буттан кармачудай болуп демин көгөрө карманды. Оюнда бир саам шып этип суурулуп чыгып туш келди качкысы да келди. Бирок дабыш ушунчалык жакын жүргөндүктөн,
ордунан турганга да эрки жетпей койду. Ал ушинтип же тура чуркай албай, же тыгылып жата албай эки анжы болуп алаңдап турганчажанагы дабышкайра узап кетти. Эми акырын башын чыгарып шыкааламак болду. Бирок, саал кыймылдаса эле чөп-чар шуудурап, тигил сезип калабы деп кайра шүк отуруп калды. Ичинен убакыттын тезирээк өтүшүн гана тилеп отура берүүнү чечти акыры..Ушул убакта анын так эле түбүнө дагы бирөөлөр тапырап чуркап келди. Ал ушунчалык жакын келгендиктен баланын көзү умачтай ачылып, көздөрү алаңдап кетти. Байкуш, эгер үнү чыкканда бакырып жибериши да мүмкүн болчу. Бирок, үн чыгаруу деген нерсе ага дегеле буйруган эмес эле. Көздөрүн алаңдаткан бойдон чөптүн тереңине ого бетер тыгылып, тырышып отуруп калды. Жанагы келген немеболсо өзү отурган жердинтак эле түбүнө туруп алды. Дудуктун көзүнө жанагы тапанча кармаган киши кайра элестеди. Ал азыр мунун чыгышын күтүп чөптүн түбүндө турат окшойт. Аңгыча нарытан дагы бирөө шашпай басып келди эле тиги биринчи келген дабыш дүңкүлдөп, бирбашкача басып чөптүн артын көздөй кетти. Бала ошондо байкады бул адамдын дабышы эмес экенин. Биринчиси, торпок, экинчиси уй саап жүргөн аял деп баамдады акыры. Ошондо гана жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басаңдап, денесинин тырышканы жазылгандай болду. Дагы бир аз отурган соң акырын башын чыгарып эки жагын карады. Көрсө уй саар маал болуп, аялдар, анча-мынча эрте турган эркек кишилер пайда болуп калыптыр. Баары бүттү дегенсип тээ чыгыштан жаркылдай чыга келген күн тоо башынан көтөрүлүп калыптыр.Акырын үймөктүн түбүнөн чыгып, короонун арты менен көчөнү көздөй басты. Бул айылдын эли короолорду жол жээктете зым менен тордоп тосуп туруп, торду түптөй жыш тал отургузуп салышчу. Бала жашынган үйдүнээси дагы жыш талотургузган экен. Ошол талдарды аралапөтүп,
башын чыгарып көчөнү карады. Жанагы өзүн кууган машина көрүнбөйт. Анда-мында сааны бүткөн аялдар уйларын көчөгө агыта башташыптыр.
Аларды көрүп бир аз демине дем кошула түштү да, зымдардын арасынан этияттык менен өтүп көчөгө чыкты. Бирок, ошондо да көчөнүн ортосу менен баса алган жок. Алаңдап эки жагын каранган бойдон короолорду,
тал-теректи түптөп үйүн көздөй жөнөдү. Бир маалда эсине кароосуз калган койлору келди. Эми атасына койлорду эмнеге таштаганын кантип түшүндүрөм деген ой мээсин жей баштады. Чын эле бул атасы менен дагы, апасы менен дагы жарытып сүйлөшө алчу эмес. Деги бул үйдөн эч ким анын тилин түшүнчү эмес. Ага болгону койду көргөзүп «койго бар», уйду көргөзүп «уйга бар» дегенди билишчү. Же болбосо ага-инилери аны артынан айдап алып көң ташытып, отун ташытып, кар ташытып иштетишээр эле. Кыскасы төрөлгөндө эле тубаса дудук түшкөн немени үйүндөгүлөр кул катары гана пайдаланышчу.
Өзүнүн азан чакырылып коюлган аты өчүп «дудук» болуп, кийин кой айдаган коңгуроону колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөндүктөн «шыңгырак дудук» аталып калган. Бечара колунда коңгуроосу жок болсо кой айдаганга да жарачу эмес. Ошондон улам атасы ага тапкычтык менен коңгуроо жасап берип койгон. Баласына эң чоң жардамы ошол болду анын. Ошону менен жаз-күз койдун өтөлүн ушул шыңгырак дудук алчу. Таң атпай баланы ойготуп, колуна бир шише айран, бир тегерек нан карматышчу да, малын алдына салып талаага кетирип ийишчү. Башында кичинекей неме ойноп кетип, же койлорун таштап үйгө эрте келе калып жүрүп бир нече жолу айоосуз токмок жеди. Андайда атасы аны чоң кишини ургандай кызыл камчыга алып сабачу. Эч ким, ал тургай тууп өстүргөн апасы да болушчу эмес. Ошентип жүрүп байкушту кой артынан калбаганга үйрөтүштү. А кийин болсо шыңгырак дудук жерге жарык кире электе туруп, малын короодон чыгарып кеткенге көндү. Апа сөрөйү күндүз кечке жей турган наны менен иче турган айранын жатаарда эле даярдап, бир баштыкка салып босого жакка коюп койор эле. Андан башка уулунун камын көрүү, эс алдыруу, эркелетүү деген анда болчу эмес.Кыскасы баары ага кулагы кесик кулдай мамиле кылчу. Бир туугандары ал жок бир да жумуш кылчу эмес. Ал тургай кээде бир канча жумушту ага көргөзүп коюп, өздөрү ойноп кетишчү. Же эч нерседен бейкапар жылуу-жумшак үйдө отурушчу. Дудук аларга башында атаандашканы менен кийин көнүп калды. Анын оюнда өзү көр оокат үчүн гана жаралгандай эле сезилчү. Оюн, жаңы кийим, даамдуу тамак дегенди такыр эле самабай да калган.Баса,
мунун дагы бир өзгөчөлүгү бар эле. Анысын айыл эли кийинкиге чейин оозунан түшүрбөй аңыз кылып жүрүштү. Башында мунун андай жөндөмү бар экенин эч ким деле байкачу эмес. Балким ошол окуя болбогондо дагы деле билинбейкалмак.
Кыскасы, ал мындай болду. Бир күнү кечке маал дудуктун кою кандайдыр бир кысталыш болуп, бир көчөнүн кесүүсүнө кошулуп кетти. Айтмакчы, бир көчөнүн эли койлорун кезектешип кайтарып жүргөндө, дудугуна таянган атасы аларга кошулчу эмес.- Менин дудугум эч кимге кор кылбай эле өзү кайтарат койлорду, – деп мактанып корсулдап калчу ал.Айткандай эле дудугу эч кимге кор кылган жок. Ошол күнү гана саат басып анын кою кесүүгөкошулуп кетти. Атасынан өлгүдөй корккон баладагы тил уккусу келбей жан талашып шыңгырагын шыңгыратып чимирилип жүрүп койлорун талаадан эле бөлүп алды. Башка бирөө болгондо кечинде короосунун алдынан деле бөлүп алмак. Бирок дудуккаандай кылууга болбойт. Койлорун башка бирөөгө кошуп жиберүү, аны жон талаштыра урулган камчыга дуушар кылаары турган иш.Ошону менен кесүү кайтарган балдар койлорун айдап кетишти. Ойноок балдарга баары бир да. Дудуктун кою кошулду, кайра бөлүндү, бүттү. Мындай окуя беркилер үчүн кеп кылаарга деле арзыбаган иш эмеспи.Бир топтон кийин, күүгүм тартып калганда дудук койлорун айдап келди. Атасы аны «элдин эң артында айдап келип жүр» деп үйрөткөн. Байкуш келди да койлорун камап коюп, көчөдө туруп калды. Бир маалда алардан 5-6 там ылдый жашаган Кадыр өйдөнү карай өттү. Дудук ошону эле күтүп турса керек, шап эле колдон кармап короосун карай тартып жөнөдү. Тиги кишинин «эмне болду?» дегенин уккан да жок. Же өзүнөн үн чыкпайт. Башында кетенчиктеген менен эмнеси болсо да бара көрөйүн дегенсип Кадыр анын жетегинде басып короого кирип барды. Дудук түз эле аны койлордун жанына алып келди да, бир жерге тургузуп коюп, өзү аралап жөнөдү. Кадыр анын кылыгын дагы эле түшүнбөй башы маң. Бир маалда дудук бир ак койду шыйрактан алып кармап, дуңдап чакырды. Барып караса өзүнүн кою. Ошондо түшүндү иштин жайын. Көрсө анын бир кою буларга кошулуп кеткен тура. Бирок, иштин эң кызыгы, бул бала короосуна кирген чоочун кой Кадырга таандык экенин кайдан билди десең? Кийин анын бул жоругункошуналар бүтпөс кеп кылып айта башташты.- Тобоо, ал менин коюмдун энин билет экен эй? – деп айтып чыкты Кадыр эртеси эле айылга. Андан кийин кошуналар анын кой толуктаганына,
малды кандай таанырына кызыгып көз сала башташты. Ошондо билинди бул баланын шумдуктуу өнөрү.- Шумдугуң кургур, ал биздин көчөдө кимдин малына кандай эн салынганын жатка билет экен, – деп жатышты алар уу-дуу кеп кылып.- Эй аны айтасың. Өмүрү мектепке барып, эсеп-чотту үйрөнбөгөн неме, өзүнүн койлорун кантип толуктайт экен дебейсиңерби,
– деп ачылыш кылды дагы бирөө. – Ал деген ар бир коюн өңүнөн тааныйт экен. Агын актай, карасын карадай тааныйт экен ал.Айыл эли башта ишенбей, атайылап сынап да көрүштү. Натыйжада кошуналардын айтканы туура чыкты. Ошондо алар Жараткандын адилеттигине дагы бир жолу тобо дешип, жакаларын карманышты.
- Байкушка тил бербеген менен акыл-эсти шумдук бериптир Кудай Таала. Кокус бул бала окуса шумдук адам болмок окшойт, – деп шыпшынышты уккандар.А атасы алардын кебине корстон боло күлүп гана кутулуп жүрдү. Ал үчүн бул дудукту окуткандан көрө малын бактырып алганы дагы пайдалуураак сезилчү.- Бул биздин каныбызда бар. Бул балам мал багып турса берки балдарым деле окуп-чокуп чоң адам болот, – деп койчу ал элге мактангансып.
Бирок, ал дудукту эл көзүнө эле балам дегени менен, нары жагында эч качан баладай көргөн жок.Азыр да байкуштун көз алдынаатасынын ачуу жүзү тартылды. Чын эле кантип айтат ал атасына? «Мени бирөөлөр кууду, тапанча менен атты» дегенди кантип айтат? Эмне деп айтат? Атасы анын айтканын күтөбү? Же «кой кана?» деп колуна тийген неме менен чаап, сабап баштайбы? Ушул ойлор баланын мээсин мурдагыдан да мыжый баштады. Байкуш, үйүнө жетээрин жетип, бирок дарбазаны ачып кире албай далдырап туруп калды. «Кантип айтам? Эмне деп айтам?» деген суроолормиң ирет кайталанып,
жообу табылбай жатты. Дарбазаны ачаарын, же ачпасын билбей туткасынкармаган боюнча тура берди. Ушул маалда үйдүн эшиги ачылгандай болду. Дудук дарбазага жакындай калып тешигинен шыкаалады. Так эле атасы экен. Бир нерсеге нааразы болуп алган окшойт. Кабагы бүркөлүп, жини келгендей сүйлөнүп атат. Баланын оюна дароо койлору келди. «Таштап кеткенимди билип алган го» деген ой зып дей түштү мээсине. Кирерге тешик таппай кайсалап, үйдүн артын көздөй айлана чуркады. Тамдын артындамал кирип-чыга турган зым эшик бар болчу. Шып этип кирип, дубалга далдаланып калды. Атасы чын эле бирөөгө нааразы болуп алыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп алып эшиктин алдына чыкты да, көчө ылдый басып кетти. Байкуш дудук, ал ылдыйкы кайрылыштан бурулуп кеткиче чый-пыйы чыгып, жанын койоор жай таппай турду. Качан атасынын карааны көрүнбө калаары мененчымылдаган бойдон койлоруна жөнөдү. Бирок бул жолу көчө менен кетүүдөн айбыгып, аңызды аралап, талаа менен чуркап баратты.***Кадыр облустун коопсуздукту коргоо мекемесинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө бир топ жылдан бери эмгектенчү.
Ал өз ишин жан дили менен аткарып, кызматына ак мамиле кылган чыныгы милиционерлерден эле. Далай эле кызматкерлердей болуп жеп ичүү, байлык топтоо колунан келип турса да, арам жолго баспай,так жүргөнү көпчүлүк башчыларына жага берчү эмес. Натыйжада, аны улам башка жерлерге которуп, биринен-бирине оодара берише турган. Ал эмиазыркы иштешип жаткан башчысы болсо ага мурдагылардан да өтүп кастарын тигип калды. Бирок, ишинен айып таба албай туруп мекеменин оозко алынып калган чыгаан кызматкерин алып ыргытуу колунан келбей жүрөт.Ошентсе да жайына койбой эң татаал, башы ачылбас иштерди качан болбосун ага түртөт да турат.Мына, бул жолу да капкайдагы борбордон алыскы айылдакатталган кылмышка Кадырды шилтемей болду. Нөбөтчү аркылууайттырып бөлмөсүнө чакыртты. Баса,начальник керек болсо өзүнө түз чалууну да ыраа көрчү эмес. Атайын кыр көрсөтүп нөбөтчү аркылуу сүйлөшө турган.Көп күттүргөн жок. Эшигин такылдатып кирип келди. Узун бойлуу, түксүйгөнкара каштуу, акырын сүйлөгөн, сыпаа жигит болчу.- Чакыртыпсыз,
– деди ал кирип жайланышкан соң.- Ооба, – чакырттым деди башчы кабагын чытып. – Азыр Кара-Таштын аймактык милиционери телефон чалды. Алардын айылына жакын топурак алган карьерден адамдын өлүгү табылыптыр.
Жергиликтүүлөрдөн эмес дейт. Чекесине тийген октон улам көз жумуптур. Айтымына караганда чоң кылмыш болгон окшойт. Тезинен ошол айылга жөнөгүлө. Сөөктү бул жакка изилдөөгө салып жиберип өзүң ошол жакта кал. Эл-журттан сураштыргыла.
Көргөн-билгендер бардыр. Кандай маалымат болбосун дароо билдирип тур.- Макул. Кайсы машина менен барабыз?- Моргдон машина барат да. Ошону менен эле бар?- А келгенимечи?
- Кадыр,эркелегенди койсоңор боло. Машина тартыш болуп турганын көрүп турасың го.Берки унчуккан жок. Баары бир унаа берилбесин жакшы билчү. Кызматтык машиналар короодо бош эле турат. Бул башчынын жөн эле кычастыгы. Бөлмөсүнө жетип эле моргдун кызматкерлери менен байланышты.
Убакыт болжошуп алып алардын тамтыгы чыкканунаасына түшүп, тоо этегинде жайгашкан айылды көздөй жөнөдү. Үйдө аялы, эки баласы күтүп отурат. Бирок, кызмат деген кызмат. Аларга карай турган убакыт эмес. Телефонунан кыска маалымат жиберип тим болду. Сарсанаа кылбайын деп дайыма ушунтип койот бир жакка кетеринде. Болду. Ошол кыска маалымат жөнөтүү жетиштүү. Майрам күн болобу, бала-чакасынан бирөөнүн туулган күнү болобу, ага баары бир. Кызмат деген кызмат. Баса, анткени менен үйүндө деле аталык милдетин так аткарчу. Балдарына жароокер ата, аялына сүйүктүү жар боло алды. Аялы анын ишинин татаалдыгына түшүнүү менен мамиле кылды. Мамлекеттин өп-чаv п айлыгы менен жетишпеген турмуштун оош-кыйышына чыдап, күйөөсүнө арка-бел болуп келет. Аны
Дудук
#2 07 December 2015 - 22:19
Аны менен турмуш кургандан бери канча жолу ишинен которулуп, канча жолу көчүштү. Же өкмөт ошол которгонуна жараша жайланышаар үй-жай, отун-суусун камдап берип койсо гана. Бир жерге жаңы жайланышып,
ошол жерден орун-очок алаарда, кайрадан түп көтөрүлтүп көчүрүп жөнөшөт. Улам-улам окуусунан, дос-жарынан калган балдарынын кыйналганын айтпай эле кой. Анан барган айылга көнүшмөй, ал жердеги жаңы батирин жууп-тазаламай,
оокат-кечесин үйүп-жыйып ташымай. Деги азабы көп.Кадыр ушуларды ойлоп келатты. Анын бул аймакка которулганына бир жылдын жүзү болгону менен азыр бара турган айылгажолу түшө элек болчу. Мурда-кийин тааныш болуп, келип жүргөн жер болгондо иш кыйла жеңилирээк болот беле…Табылган өлүктү жергиликтүү эл аңдан чыгарып, бери көлөкөгө жаткырып, үстүн жаап коюшуптур. Нары жак, бери жагын тегеректеп бир топ адамдар жүрөт. Күнүмдүк турмушка жаман да болсо бир аз бойок кошкон бул окуя элет ичиндегилерди өзүнө тартып, кызыгуулары тарабай турган экен.- Кудайга тообо, бул киши өлтүргүчтөр ушул жакка да келген тура, – деп жакасын кармап жатышты алар. – Элүү жылда эл жаңы деген ушул. Болбосо мындайды кинодон эле көрчү эмес белек. Кара чечекей адамды өлтүрүп, аңга көмүп кетет деген качан болду эле кыргызда.Кадыр алар менен сылык учурашып, биринчи ким көргөнүн, кандай көргөнүн сураштыра баштады. Жанында жолдош болуп аймактык кызматкер, айыл өкмөт жана бир-эки жергиликтүү өкмөт адамдары жүрдү. Өлүктүн түспөлүн кылдат карап эле анын ур-токмокко алынганын жана тапанча чекесине такай атылганын билди. Баса, анын улуту башка экени, жергиликтүү элди эле эмес, өзүн да таң калтырды. Калкынын токсон ашык пайызын кыргыз улуту түзгөн алыскы аймакта чет элдикти өлүү эмес, тирүү жолуктуруунун өзү сейрек учурай турган көрүнүш эмеспи. Кылмышкерлер дасыккан адамдар окшойт, бир да белги калтырбаптыр.
Бир гана ушунча шарт турганына карабай, чала көмүп кетип калганы кызык. «Демек, аларга бир нерсе тоскоолдук кылса керек» деди ичинен. «Эмне шаштырды экен? Кап, издерге карап, канча адам экенин билсе болот эле, кашайып топураган кишилер бүт тебелеп салган тура. Ай ушул кызыгы күч кишилердин ишке тоскоол болгону ай!» Казганактап кетпей турган элди карап ичинен кейип койду. Бирок, сыртына чыгарган жок. «Болоору болуптур, эми жок дегенде буларды сураштырып,
маалымат алуу жагын ойлош керек.»Дээрлик баарын сурап көргөнү менен кашайып бирөөнөн да дурусураак бир нерсе уга алган жок. Айласы кетип жарды айлана басып, тигилердин машинасы токтоп кеткен жерге келди. Дөңгөлөктөрүнүн изин карады. Кетээрде күч менен жерди тытып, чаң сапырып кетиптир. «Деги эмнеге мынча шашкан булар?» Анан аңдын үстүңкү кырына чыгып тиги ойдуңдагы топурап жүргөн элди карады. Морг кызматкерлери сөөктү алып кеткенден бери алар бир топ азайып калганы менен, дагы эле айланчыктап басып жүргөндөр суюлбай койду. «Ээх, элет элинин кебелбеген адамдарын карачы. Бирөөсү да шашып койбойт» деп ичинен бир эсе ыраазы боло карады аларды. Алардын ушул жөнөкөйлүгү,
камырабастыгы да жагып кетчү өзүнө. Жакпай анан. Дайыма шашып, жандалбастап жүргөн шаар тургунуна булардын минтип жүрүшү суктанаарлык көрүнүш эмеспи. Анын үстүнө өзүнүн да алтындай балалыгы айылдын так ушундай карапайым адамдары менен эриш аркак өтпөдүбү.«Ишти шашылыш токтотуп, машинаны катуу айдап кеткенине караганда кимдир бирөөдөн качып, же кимдир бирөөнү кууп кетишкен көрүнөт. Ким болду экен ал? Качышты бекен? Же куушту бекен? Ушул айылдын эле тургунубу же… Ушул күздүн сөөк какшаткан суук түнүндө таң атпай бул жерге кайсы чоочун келиши мүмкүн. Болду-болбоду жергиликтүүлөрдөн… Бирок, жергиликтүүлөрдөн болсо эмнеге эмдигиче көргөн адамдын шек-шоораты жок. Элеттиктер демейде мындайды ичине катып жата албайт эмеспи. Бат эле дуу болуп чыгышы керек эле. Же кармап ала кетиштиби? Же өлтүрүп кетиштиби? Жок… Жок, мүмкүн эмес. Эмгиче жоголгон адам деле билинмек.» Кайрадан ойго батып ары-бери басты. Бир кулагын айылдын таза абасын жара бакылдап сүйлөгөн кишилерге да салып, алардын кебин да тыңшады. Тигилер ылдый жакта, а бул болсо үй боюнчалык жарчанын кырында тургандыктан алардын үнү шашпай угулуп турду.- Ой өлүктү биринчи ким көрүп, милицияны ким чакырды? – деп бул жерге жаңы келген бирөө кызыга сурады тургандардан-
Жаныбектин баласы көргөн тура.- Кайсы жанагы чоң баласыбы?-Жок берки карасы. Түндө бир ую келбей калып ошону издеп келиптир. Келсе аңдын ичинен эле карга-кузгун айланып калыптыр дейт. Анан, уйөлүп калганбы деп жакындап келип карап алып кайра айылды көздөй бакырып качкан тура. Ошол, ошону менен атасына айтып, атасы тиги участковой Канатты чакыртыптыр.
Кадыр бул айтылганды жанатан бери он жолу укту. Кимден сурабасын ушундан башка маалымат ала алган жок. Албетте окуяга тап-такыр тиешеси жок нерселерди да кошуп айткандар болду дечи. Бирок, негизги өзөк ушундан башка болгон жок. А тиги кара баланы деле сурашты. Бирок, андан деле ашыкча кеп уга алган жок. Атасы менен учкашып келди да, көргөнүн көргөндөй айтып берип, кайра кетип калды. Жашы 13-14кө келип калган, долдураган бала экен.Аңгыча,
жардап тургандардан экөө аттарын минип жардын кырына чыкты да, Кадырдын жанына токтоп, тоо тарапка турнабай сала башташты.- Бүгүн үчүнчү күнбү? Базарга чейин букамды табышым керек эле, – деди алардын бири.-Уулуңду эле жиберип ийбейсиңби,
– деп жооп кылды ага жанындагы.- Ал мектептен бошобой атат. Жанагы алтын күз деген майрамга даярданабыз деп эле керээли кечке жүрөт.Кадыр аларды угуп саал ойлоно калды. Анан жакындай басып,- А жанагы кара бала мектепке барбайбы? – деп жөн салды сурап койду.- Барбайт ал. Аны менен шыңгырак дудуктун атасы жыргады. Баланын баары мектепте жүрсө, ал экөө талаада мал артынан жүргөн болот. - Шыңгырак дудук дейсизби? Аты шумдук го.- Аты эле дейсиңби? Өзү да шумдук анын. Байкуш таң атпай, эл тура электе койдун артынан кетет да, керээли-кечке кайтарат. Жаанбы, суукпу урганы да жок. Оорубайт дагы, ыйлабайт дагы. Жаны жан атаң гөрү- Таң атпай кетет дейсизби? Кайда кайтарат коюн? – Кадыр эми кызыга сурай баштады. Окуянын түйүнү чечилип бараткансып,
көзү балбылдап кетти.- Эми ар кандай. Кээде тиги туура жолдон чыгып, тээ тиги дөбөлөрдү көздөй жайып кетет. Кээде ушул дөбө менен өтүп, тээ тиги бетке жаят.- Бүгүнчү? Бүгүн кайда жайыптыр?- Билбейм бүгүн кайда экенин. Эй, Сапар! – тиги киши аңдын ичин карап кыйкырды. – Жанагы шыңгырак дудук бүгүн коюн кайда жайыптыр?- Албы? Ал тээ тиги бетте жүрбөйбү.- Аа, тигине. Тиги бетте жүргөн ошол шыңгырак дудуктун кою тура. Өзү кайда кетти экен? Көрүнбөйт го! Тиги киши эми ошол бетте жүргөн койлорду карай турнабай сала баштады. – Демейде сербеңдеп эле койлорунан чыкпайт эле, бүгүн жок.- Кана бериңизчи?!
– деп шашмалады Кадыр. – Демек ал коюн ушул жерден жайып өттү да туурабы?- Ооба, ушу жерден өтөт.- А канчаларда чыгарат коюн?- Ой ал таң ата электе чыгарат. Күн жаңыдан чыгып атканда анын кою төшкө жетип калган болот.- Таң атпай деңизчи. Мектепкечи?
Мектепке барбайбы?- Аа, ал шордуу тубаса дудук да. Аны ким окутмак эле. Тиги Жаныбектин баласы болсо бир аз акылы кемирээк. Аны да атасы окуудан чыгарып алды.Кадыр эми анын сүйлөгөнүн укпай да калды. Көзүнө тиги кишинин турнабайын такап алып, маңдайындагы жантай бетте жайылып турган койлордун чеке-белин сыдыра карап, кой кайтарган баланы издеп жатты.- Бүгүн көрдүңөрбү аны? – деп сурады Кадыр жанындагы экөөнөн.- Жок,- дешти тигилер таң калгандай.Кадыр дүрбүнү ээсине бере салып жардын кырына саал жакындады да,- Бүгүн тигил дудукту кимдир бирөө көрдүбү? Жүрөбү ал? – деп сурады.Топтошуп турган адамдар бири-бирин элейип карап калышты. Анан көрбөгөндөрүн айтып, кайра Кадырды суроолуу карашты. Аны эмнеге сурап атканы акылдарына чүргөлбөй койду.«Өлтүрүп кетишти го байкушту? Же салып кетишти бекен?» деп ичинен зырылдап алды өзүнчө.- Атасы ким анын? Үйүнө келиптирби баласы? Кадыр кайра сурады жанындагылардан.
- Атасы жана жүрбөдү беле ушул жерде. Чоң тору ат минген семиз, сары киши, – деди тургандардын бири.- Ой анын баласы күндүз дегеле үйүнө барбайт. Тигил коюн таштабайт ал. Сатый жеп койоор аны коюн карабаса.- Байкушту десең. Үнүн Кудайга жеткире сабайт тура ал. Балага да ошончо мыкаачы жан болот экен, тообо.Кадырдын эми даана шаштысы кетти. Артында турган кишинин атын сурады шарт эле.Дудукка барып келейин, атыңызды берип туруңузчу, – деди шашмалап. Тиги киши «мейли» деген болуп атынынчылбырын карматып салды. Бала кезинде көп эле атка минипкөнгөн Кадыр дароо аттанды да тигил бетти карай желдире басып жөнөдү. Топтошкон кишилер аны элейе карап кала беришти. Уландысы.
.Күн кызарып тоо башына эңкейип, дене бойду ичиркенткен муздак жел жүрө баштады. Туш тарабы тоо менен капталган өрөөн болгон соң бул жак бат эле сууктап, кыш эрте келе турган. Бирок, бул көрүнүш жергиликтүү элге чоочун деле эмес. Тээ бала чагынан бери тоо койнунда өскөн эл, өкмөттүн көзүн карап көмүр түшүрүп бер, электр кошуп бер деп отурбай эле отун-суусун камдап, суукка камынып алган. Кеч кирээри менен мештерге отуну, көңү шыкай жагылып, боркулдап казаны да кайнап, чайы да чыйылдап чыга келет. Үй ичи болсо оттун жагылышы менен кутка бөлөнүп, өзүңөн-өзүң мемиреп, өзүңөн-өзүң жаның сергийт. Ал эми көмөч казанга бышкан ысык нанды каймакка матыра жеп, артынан сүт кошулган ысык чайдан ууртап боргулданып оттун алдында отурсаң бул өзүнчө эле айтып бүткүс керемет. Андайда сыртта улуп-уңшуган аяз турса да сөөгүңдүн музуна чейин жибип, көңүлүң көтөрүлүп чыга келет.Айылдагы аймактык милициянын үйүндө отуруп Кадыр ушуларды ойлоду. Курсактары тойгонуна курсант болуп бир тегерек таттуу токочту кармап алып мештин артында ойноп отурган балдар анын көзүнө ысык көрүнүп, өзүнүн тээ артта калган бала күндөрүн эске салып өттү. «Атаганат, ошол күндөр бир кайрылып келсе кана!..»- Начальникке чалдыңызбы?
– деп оюн бөлдү Канат. «Эмнеге чалам, кайсы начальник?» дегенсип бир саам элейе карады аны Кадыр.- Ал эмне деди? Машина жибермей болдубу? – деп суроосун улантты берки Кадырдын жообун күтпөй. Кептин төркүнүн ошондо түшүндү окшойт.- Аа. Ага чалганда эмне? Баягы эле да. «Көргөн-көрбөгөнүн так билбегенден кийин аны алып келгенде эмне?» деп оңураңдап койду. Билгем анын ошентээрин.
Ошону менен кайра унчукпай отуруп калышты. Кадырдын көз алдына эми кой артынан делпектеп чуркап жүргөн чилмийген арык бала тартылды. «Байкуш ай» деп ичинен сызып алды. Колуна тынымсыз шыңгыраган коңгуроо байланган чыбык көтөрүп алыптыр. Баса, аны жана аттанып барганда таба албай бир топ убара болду. Бери жактан баратканда жакшы эле бир баланы көргөндөй болгон. Бирок, жакындай берип эле эч кимди таппай калса болобу. Жайылган койду тигиндей тегеренип карады, мындай тегеренип карады, жок. Кыйкырып да көрдү. Аттанаарда атын сурабай калган экен. Баары эле «дудук, дудук» дей берип атын айтышпаптыр.
Өзү да сарсанаа болуп атып, тактап алганды унутуп калган тура. Барып алып, эмне деп издеп, эмне деп чакыраарын билбей айласы кетпедиби. Дагы жакшы бери жактан койдун жанында жүргөнүн көрүп калган экен. Болбосо, бала жокдеп кайра кете бермек окшойт. Нары бастырды, бери бастырды. Жанындагы дүпүйгөн бадалга кирип алдыбы, деп анын түптөрүн да жакшы эле шыкаалады. Акыры айласы кеткенде жонго чыкты да, атын чылбыры менен наркы бетке тушап коюп, өзү кой жакты аңдып жатып калды. Бул анын акыркы амалы болчу. «Коюн өлүп баратса таштабайт дешти эле. Демек ушул айланада эле отурат» деп ичинен кымылдап отурду. Жаңылбаптыр.
Тигине, жаңы эле өзү караган бадалдын түбүнөн суурулуп чыга келди. «Шумдугуң кур оой, кантип жашынган ага? Карабадым беле жакшы эле» деп башын чайкады Кадыр. Утур-утур Кадыр кеткен жакты бир карап, тигил ылдый жактагы кишилер топтолуп турган дөбө жакты бир карап коюп коюна чуркап келди да, бир айланып тоону карай имерип жиберипдүпүйгөн шыраалжындын түбүнө отура кетти. «Эми коркутпай акырын барайын» деди Кадыр ичинен. Байкуш бала чоочун немеден чочулап айылды көздөй качып кетеби деп ичинен санааркады.
Ордунан туруп ары барып атын кармап минип,жок издеген киши болуп койлорун аралап чыга келди. Ушинтип чыкса тигинин көңүлү бир аз токтолоор деген амалы болчу мунун. Балким кепке да ушул койлор аркылуу тартам деп ойлоду. Бирок, кепке тартып кете алаарына көзү жеткен жок. Бир ооз кеп айта албаган тилсиз менен эми кантип сүйлөшөөр экен? Акырын көздүн кыйыгын салды балага. Байкуш, кудум дыр берип үркүп кетээр жапайы улактай элейип карап туруптур Кадырды. Көзүнөн мөлт-мөлт куюлган жашы жаак ылдый куюлуп кетиптир. Өзү эле илмийип арыктаган, кан-сөөлү жок куп-куу бала экен, эми минтип коркунучка кабылганы ого бетер көзү алайып, ого бетер корунуп калыптыр. Ансыз да боорукер неме эле, баланын кебетесин көрүп жүрөгү зыр-зыр этип тилинип кеткендей болду. «Алда бечара ай!» деп алды ичинен. Анан калп күлгөн болуп, койлорду жаңсап бармагын көргөзүп «Баракелде жигит!» деп баркылдады.
Дагы бир бастырып аралады да, семиз кочкорду көргөзүп «мону канчага сатасың я, досум?» деп көңүлдүү сүйлөдү. Дудуктан болсо үн жок. Дагы эле жанагыдай алаңдап өзүн бир карап, тигил алаканга салгандай көрүнүп турган дөбөдөгү кишилерди бир карап турат. Шакмарлап кирдеп, жедеп жамаачыланып бүткөн күрөң күрмөсү менен мурдун аарчып, бытыйган колу менен жаашын аарчып койот. Кадырдын жүрөгү дагы чыдабай кетти. «Адам эмес турбайбы, адам эмес!» деп нары карап сөгүнүп алды. «Байкуш чиедей болгон немени жылуураак кийинтип деле коюшса эмне» деп дудуктун ата-энесин жемелеп жатты ал. Деги бул балага кантип жакындап, кантип сөз баштайт эми…Кайра бурулуп «канчадасың я досуке» деп кепке тарта баланы көздөй бастырып көрдү эле, байкуш бала шыпылдай басып жонду көздөйжөнөдү.
Тим эле эми бир аз жакындаса бакырып ыйлап каччудай дикилдеп жүрөт. Эки көзүн Кадырдан албай карап атып топ шыраалжынга чалынып жыгылып да кетти. Ордунан кайра тура калып колунан ыргып кеткен коңгуроолуу чыбыгын алып жонду карай чуркады. Кадыр эми артынан баргысы да келген жок. Тигинин түрүнөн баары бир сүйлөшүүгө болбосун билди. «Кечинде үйүнөн барып сүйлөшпөсө болгудай эмес» деди да дөбөдө турган аттын ээсин карай бастырды.Ошол ошо болгон. Атты ээсине берип кетиргени менен баланы аяй карап дөңдө бир топ отурду. Акыры күндүн суугу жанынан өтө баштаганда айылга бет алып участковойдун үйүнө келди. Экөө бир аз кеңешип алып дудуктун үйүнө барышты. Бирок, бул жолу деле кыйратып маалымат ала алган жок. Атасы дугдуңдап орой сүйлөгөн киши экен, «кайдан билмек эле. Көрсө келип айтпайт беле» дегенден башка эч нерсе айткан жок. Акыры сыртка чыгып баланын үйгө келишин күтүп калышты. Демейде баласын «элдин артында келип жүр» деп урушчу атасы бүгүн аяган болуп эң кичүү эрке уулун«койду айдашып кел» деп жиберди. Анысы так кетээрде апасы артынан чыгып,- Ме, мобу жылуу күрмөнү да берип койчу. Тоңуп калды го байкуш, – деп жаңыраак кара күрмө берди. Участковой Канат мыйыгынан жылмайып алды да Кадырды акырын бери тартып,- Канынан жаралган баласы экенин булар бүгүн билишти го, я – деп шыбырады. Кадыр болсо бечара дудуктун тоодогу элесин унута албай, унчукпай тура берди. Көп өтпөй эки бала койлорун айдап жетип келишти. Берки жардамга барганы деле баары бирбала эмеспи, ата-энесинин бүгүнкү анткорлонуп атканын ойлоп да койгон жок. Адатынча дудукка койду айдатып коюп өзү аркасында шашпай ойноп келетат. Улам-улам таш алып урган болуп койот. Үйгө жакындап калгандагана койду таштап, булардын жанында турган атасынын жанына чуркап келди да,- Ата, ата, дудук айран куйган бөтөлкөсү менен нан салган баштыгын жоготуп ийиптир, – деп сүйүнчүлөгөнсүп кыйкырды.- Ой энеңди урайын. Ушинтет эми, – деп бир ызырынып алды Сатый. Бирок, жанында турган өкмөттүн адамдарынан жалтайлады окшойт, кайра кебин буруп кетти. – Буга күнүгө баштык берип атып баштык да түтпөс болду. Эми эртең эмнеге айран куюп кетет экен?Жанатан өзүнөн качып аткан неме азыр атасына чуркап корголойт го деп күттү эле, тилекке каршы бечера дудук атасынын минтип күпүлдөгөнүнөн ого бетер коркуп, бирде атасын, бирде Кадырды жалтаңдай карап койлорун айдап өтүп кетти. Бул көрүнүш Кадырдын жүрөгүнө дагы бир жолу октой кадалды. «Атаң көрү ай! Бу бечара атасына да корголой албайт тура. Корголомок тургай корунуп турганын карачы эми» деди ичинен. Анан ошол кабагы салынган бойдон Сатыйга күңкүлдөп алды.- Баштыгыңызга кейибей түштө бир маал ысык чай берип коюп турсаңыз боло балага. Мобу суукта айран тамак болобу?- Аа, эми суук түштү, ал деле болот. Кантип ушул чычкандай немени ачка койолу, – деп кайпактады атасы. Анан берки эрке баласына карап, – Тур тиги койлорду короого кама. Тигил кирсин үйгө.Эркеси элтейип атасын биркарады да анын түктүйгөн кабагын көрүп койду карай чуркады. Бечара шыңгырак дудук керээли кечке оттогонго курсактары кампайып ынтыккан койлорду тыгылыштырбай чубата айдап киргизип аткан болчу. Иниси чуркап барып чыңкылдап «үйгө кет» дегенде гана элеңдеп булар турган жакты карап алып, үйгө кирип кетти.- Э Зуура! Чай берип, курсагын тойгуз баланын. Азыр биз да киребиз, – деп заңк этти Сатый артынан үйдү карап.Чогуу деле кире беришсе болмок. Бирок, үй ээси калп эле көчөнүн өйдө жагын бир карап, ылдый жагын бир карапмаалкатып тура берди. Бир топто араң,- Жүрүгүлө,
– деп экөөнү үйгө чакырды.Бирок,
алардын жардамы менен деле кыйратып маалымат ала алган жок. Кадырдын көзү даана жеткен бир гана нерсе, байкуш баланын өтө катуу коркуп калганы болду. Ким эмне сурабасын, башын чайкап же көзүн жалдыратып гана отуруп бергени менен жалжылдаган көздөрдө укмуштуудай чоң чочулоо турду. Ушул жерден анын ата-энесине дагы жаны кашайды. «Булар деле сүйлөшө албайт турбайбы муну менен. Коркутуп-үркүтүп жумшагандан башка эч нерсени билишпейт тура» деп ичинен түтөп отурду. Акыры ата-энесинин алдында да эч нерсе чыгара албасын билип, кейий коштошту да, ордунан туруп чыгып кетти. Артынан Канат кошо чыкты. Кадыр жинин баса албай бир топко чейин дуңкулдап келе берди. Акыры жинин чыгаргандай буркулдап,- Бул бала бирдеме билет. Көргөн бул бала. Биз гана сурай албай атабыз, – деди. Ушундай ачуусу келип турганда тамеки чегип ийме адаты бар эле. Канаттан бир тамеки алды да күйгүзүп алып, кере-кере сорду. Анан,- Эптеп ушул ишти бүтүрүп алайынчы, андан кийин бир күн түнөтпөймбаланы бул үйгө, – деп ызырынды.- Биз киргиче кийимин которо калышканын көрдүңүзбү?
– деп кошулду Канат. – Жанагы жаман шымы бутунан түшчү эмес эле, бизди сыртка кармай туруп кийинте калышкан тура.- Желмогуздар!
..+++Күндүн илеби күн өткөн сайын кайтып, сууктай баштады. Анан калса түнү менен улуп-уңшуп шамал да болуп чыкты. Ошондонбу, же башка бир нерсе болдубу, айтор эртең менен электр жарыгы да өчүп калыптыр. Таң эрте туруп көнгөн Кадыр бүгүн да эрте ойгонуп үстүнө Канаттын эски күрмөсүн баса кийип сыртка чыкты. Күн али чыга элек болчу. Кечээ кечке маал асман бетин бербей каптап келеткан булуттарды түнкү шамал алда кайда сүрүп кеткен окшойт. Болбосо бул кебетеси менен кар деле жаап коймок го.Булар жаткан үй айылдын чыгыш жак четинде болчу. Зым менен тосулган анча чоң эмес бакчанын нары жагы эчак эгин-тегини орулган сап-сары талаа. Ар кай жеринде шашпай басып субай-султаң мал оттоп жүрөт. Айыл эли болсо али жылуу төшөгүнөн тура элек. Айлана жымжырт. Кадыр ичиркенип турганына карабай айылдын таңкы таза абасына, тээ бала чакты эстеткен көрүнүшүнө суктанып басып жүрө берди. Оюна капкайда калган балалыгы келип, көңүлү бир эсе көтөрүлүп, бир эсе ошол күндөрүн сагынгансып туталанып баратты. Бул минтип басып каякка чейин бармак ким билсин, аңгыча таңкы таза аба менен тараган коңгуроонун тынымсыз шыңгырагы көңүлүн бузуп кетти. Бул маалда айыл ичинде кайдагы коңгуроо? Ким болуп кетти дегенсип эки жагын карады. Тигине, ылдыйраактагы короодон алдында койкоңдой баскан карт теке, он чакты эчки баштаган койлор чыга келди. Артынан өңү өчүп кеткен күрөң күрмөчөн бала таягына байланган коңгуроосун ары бери шаңгыратып койду айдап алыптыр. Башына кайсы атасынан калганы белгисиз эски малакай, бутуна чоңураак желим өтүк кийип алган. Кечээ эле топтоголок болуп тоюп келгенине карабай, тим эле көптөн бери ачка калгансып ар кай жерге токтой калып жутуна тытмалаган койлорду таягы менен чымылдата кубалаган сайын коңгуроосу таңкы абаны жарып шаңгырай калып жатты. Айрыкча жаны тынбаган эчкилердин убарасы күч. Сербеңдеген улактар улам бир талды тегеренип эки аяктап тура калып кабыктарын сыйрып жеп жиберип, же тосулуп турган зым короону аралап кетип жөн басышпайт. Ушулар менен алек болуп келеткан бала качан бери жакта өзүн кызыгуу менен карап турган Кадырды көргөндө элейип тура калды. Ал тургай артка бурулуп качып кете жаздады да окшойт. Байкуш же өз жолу менен коюн айдап кете бере албай, же артка бурулуп качып кете албай, тек гана көзүн алаңдатып үйүн бир карап, жол жээктеп туш келди жайыла баштаган койлорун бир карап жаман болду. Анын минтип бушайман болуп турганын сезе калды да Кадыр балага колунан келишинче жагымдуу жылмаюу тартуулап, түз пейилин көргөзкүсү келди. Бажаңдап сүйлөгөн болуп утурлай басты эле, дудук артына бурулуп бир аз нарылап барып кылчактап токтоду. Кокус эми бир кадам таштаса тап-такыр эле качып кетчүдөй. Кадыр айласы кеткендей артка бурулуп үч кошконго келди да талаага кетчү жол тарапты бошотуп четке чыга берди. Ошондо да дудук бир саам көз жаздымда калтырбай улам-улам кылчактай каранып койлорун зыркырата айдап талааны көздөй жөнөдү. Бул жолу Кадыр анын колундагы баштыгына назар оодарды. Сатыйдын аялы дагы эле бир нан менен бир шише айран берип койгон экен атаганат. Ушундай сөөк какшаткан сууктун күнү муздак айран балага канчалык азык болоор экен деги? Ичинен ызырынып сүйлөнүп-сүйлөнүп алды да, шарт бурулуп артын көздөй жөнөдү. Ошол бойдон дүңкүлдөй басып үйгө келсе Канат дагы эле уктап атыптыр. Аялы болсо жаңы эле туруп от жага баштаган экен. Маанайы пас учурашты да, өзү жаткан үйгө кирип кетти. Канаттын алтыларга чыгып калган баласы менен бир бөлмөдө уктаган болчу. Кирсе ал чукуранып коюп таттуу уйкуда жатат. Наристе баланын жылуу үйдө мемиреп уктап атканын көрүп көзүнө жаш тегеренди. «Бечаранын ушул баладан айрымасы канча дейсиң… Ашып кетсе 3-4 жаш улуудур. Карачы эми оюндан башканы билбей турган маалда тигинтип таң атпай түйшүккө салып коюшканын. Ата болгонун урайын ошол Сатыйдын. Апа болгонун урайын…» Кадыр бир топко кейип отурду. Бир туруп азыр эле барып арыз жазып, баланын укугун тебелеген немелерди жоопко тарттырып, баланы алып кетейин дейт… Бирок, берки иштин жүрүшүнө тоскоол кылып алуудан коркот. Деги тиги кылмышкерлердин кебетесин көргөн жалгыз күбө ушул гана болушу мүмкүн Атаганат, тили болгондо эмне…- Чай ичиңиз байке.Кадыр чочуп кетти. Ойго катуу берилип кеткен экен.- Аа… Азыр, – деп алды да жаткан ордун жыйнаштыра коюп сыртка чыкты.Шыпылдаган келин нары бери чай кайнатып, кечээки туураган этти ысытып ортого койду. Кадыр жайланышкыча Канат да жуунуп келип дасторкондон орун алды. Анча-мынча кобурашкан болуп чай ичип отурушту. Курсактары тоюп болгон кезде Кадыр,- Айылдын кайсы жеринде дүкөн бар? – деп суроо салды. Канат эмне кыласыз дегенсип карап калды эле, аялы элпектик кылып жооп бере салды.- Мектептин арт жагындагы көчөдө Жайна эженин дүкөнү бар. Эмне бир нерсе алат белеңиз?- Ооба… Майда-чүйдө алайын дегем.Кадыр чай ичип бүткөн соң түз эле дүкөндү көздөй жөнөдү. Сабак башталып, мектептин айланасы тунжурап тынчып калыптыр. Жана эле топ-топ болуп өтүп аткан балдардын аягы үзүлүп, көчөдө анча-мынча эле кишилер жүрүшөт. Адатынча ток пейил тартып, турмушуна ыраазы болгондой эч кебелбей шашылбаган элет эли. Өз элинде жүргөндөй улуу кичүү дебей баары менен учурашып жүрүп отурду. Барса дүкөн бек экен. Эмне кылаарын билбей туруп калды. «Дүкөнчүнү ким деди эле, аты ким эле» деп эстей албай жатты ал. Аңгыча арттан бирөө,- Дүкөнгө келдиңиз беле? – деди учурашып бүтүп эле.- Ооба. Качан ачылат?- Тетиги дарбазаны такылдатып Жайна эже деп чакырсаңыз чыгат.- Аа, рахмат. Ырас болбодубу.Эсинен чыгып кеткен экен. Бул жерлерде дүкөндөр шаардагыдай дайыма ачык турбайт. Көпчүлүк убакта оозун калдайган кулпулар кайтарып турган болот. Бирок, ээси дүкөндүн жанында эле жашагандыктан,
кайсы убак болбосун ачтырып алып соода кыла бересиң. Бул жолу да ошондой болду. Дарбазаны бир эки такылдатканда эле башына бир байлам жоолук байлаган бирөө чыга келди да, көп деле суроо суратпай дүкөнүн ачты.+++Тоо ташты темселеп жүрүп дудукту араң тапты. Жоругу жолдо калган бала бүгүн демейдегидей коюн төштү көздөй айдабай, түптүз эле аңызды аралатып отуруп айылдын ылдый жагындагы сууну көздөй жайып кетиптир. Аны антип ылдый кетет деп ким ойлоптур. Анан калса ар кай жерде эле топ-топ болуп жайылган койлор. Эгер кечээки атын берген киши жолукпаганда Кадыр тиги төш жактан эле издеп жүрө бермек. Ошол киши көрүптүр. Кечээ сатам деп жүргөн букасын издеп жүрүп дудукка жолуккан тура. Анын айтуусу менен түз эле жетип келди. Бирок жакындап келээрден мурун алыстан акмалап, баланы бир сыйра карап алды. Болбосо кечээкидей жашынып алса, бул кокту колоттун ичинен таптыргыдай эмес. Анан калса ар кай жерде дүпүйгөн бактар да бар экен. Акмалап отуруп качан түз талааны көздөй жайылган койдун алдын тоскону басканда бул дакойду көздөй жөнөдү. Нары карап шашпай бараткан бала муну байкаган жок. Ушундан пайдаланып бир топ жакындап алды. Анан тиги бала калтырып кеткен азыгынын жанына барып жайланыша отурду. Колуна көтөрө келген баштыгын ачып бир газетаны жайды да үстүнө көтөрө келгендерин жайната баштады. Таттуу токочторду чыгарып, макиси менен чапталган балыктын капкагын ачты. Жемиш ширесин, алма, момпосуйларды баштыгы менен ортого койду. Баарын жайгарган соң бала жакты карады эле ал, тээ нары жакка туруп алып өзүн элейип карап туруптур. Ордунан жылып өзү жасаган дасторконунун маңдайына өттү. Эми ал мурдагыдай артынан эмес маңдайынан карай баштады. Кадыр ага жайдары кыйкырып учурашып, кол булгалады. Өзү токочтон бир сындырып жеди да, ширеден желим чөйчөккө куюп жутуп алды. Анан желим кашык менен балыктан бир сугунду. Макиси менен алмадан бирди кесип оозуна салып тамшана чайнады. Улам балага көз кыйыгын салып койот. Тиги болсо ошол ордунда кыймылдабай тура берди. Деги эле жакындачудай эмес. Айласы жок ордунан туруп жайылган койду айлана басып нары кетти. Бул туурары менен тиги да элеңдеп кыштакты көздөй дыр берчүдөй обдулуп алды да, кайра негедир бир нерсесин кыя албай аткансып токтоп калды. Ооба, ал койлорун таштай албай жатты. Жакын эле жерде бир канча короо кой жайылып жүргөн. Кокус бир аз алыстаса эле аралашып кетчүдөй. Анан калса алардын көбү мурункудай кошуна колоңдун эмес, ушул жактагы сарайларда жашаган койчулардыкы болчу. Кокус аларга кошулуп кетсе бөлүп алыш кыйынга турмак. А атасына эмне? Коркуп атасыңбы, бирөө аңдып атабы, ага баары бир эмеспи. Койлору короого толук кирбей калганын билчү болсо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сабап жатып калмак.Байкуш бала ушуларды ойлогондо бир карыш алыстай албай буйдалып тура берди. Бирок, көз алдынан бир күн мурунку куугунтук кетпей жүрөгү лакылдап жатты. Баары бир жан деген таттуу тура чиркин. Ал ушунтип кечке деле тура бермектир. Ооба, Кадыр туруп басып кетпегенде дегеле ал жакка жоломок эмес. Көз жоосун ала жайнап турган таттуу-тарапа да аны азгыра койгон жок. Балким өмүрү көрбөгөн немелерге көзү күйүп тургандыр, бирок, жүрөгүнө тынчтык бербеген коркунуч аны бир саам да жалгыз калтырбай койду. Акыры, айласы кеткен Кадыр тап-такыр алыстап кетип калды. Ат чабым жердеги коктуга келип дүпүйө өскөн чийдин далдоосуна отура кетти. Акырын башын чыгарып бала тарапты аңдый баштады.Бул убакта бала тиги таштап кеткен дүйүм даамдын жанында турган болчу. Жетип эле өзүнүн айран куюлган шишеси менен наны салынган баштыгын колуна алды. Анан бир аз нарыраак басып Кадыр кеткен жакты карап турган соң кайра келип сырты кооз кагазга оролгон момпосуйдан эки-үчтү кармады. Колундагы баштыкты шашмалап жерге таштай коюп момпосуйду аарчып жиберди да биринин артынан экинчисин оозуна салды. Кадыр чынында акчасын аяган эмес болчу. Тандап туруп эң сонун шоколаддарды алган. Өзү да башынан баласаак неме кайсынысы балага жагаарын жакшы билчү. Иш ойлогондой эле болду. Таттууга ынак жаны чыдай албай кайра келди да бүт шоколад момпосуйду шашмалап койнуна сала калып басып кетти.Тээ нарыраак барып эки жагын караганча шашпай шимип жеди. Эки көзү дагы эле Кадыр кеткен тарапта. Милиция эмне, киши өлтүргүч эмне дегенди али ажыратып биле элек неме, анын бул айылдагы кишилерден өзгөчөлөнтүп турган кийимин көрүп алып эле корко берди. Баягы муну кубалаган немелердин да кийгендери ушундай көз жоосун алган кийимдер эмес беле. Деги ошондон бери бул өзүнүн айылдаштарынан башка бирөөнү көрсө эле, же көзүнө чоочунураак бирөө көрүнсө эле далдоолорго кирип жашына турган. Мына өзү да, малы да көнгөн бетти жалаң ушул чоочундардын айынан таштап келип отурат. Болбосо ал жак кандай кенен эле. Башкаларга кошулат, жоголуп кетет менен иши жок, коюн жайып коюп жата берчү. Кыялында анча-мынча сыналгыдан көрүп калган согуш кинолорун элестетип, нары-бери чуркап, тоголонуп ойногонду да жакшы көрчү. Деги андай убакта буга эч ким жолтоо боло алчу эмес. Жедеп жалгыз жүргөнгө көнгөн неме, эч ким жокто өзүн эркин сезип, жыргап ойночу. Эми карачы коркунучту.
Кечээ эле аны так ошол кинолордо көргөндөй неме менен атып, артынан сая куушпадыбы.
Андайдын огу тийсе бул эмес мындан чоң кишилер өлүп калаарын сыналгыдан өз көзү менен көргөн.Эки жагын дагы бир топко элеңдеп караганча койлорду бир сыйра тосуп келди. Оюнда тиги киши кайра келип таштап кеткен немелерин алат деп ойлоп жатты. Бирок андан дайын жок. Тиги таттуу ширеден болсо сугу өтүп баратат. Андай кутудагы ширени ал бир жолу гана ичкен. Бир жолу кечинде үйгө барса ошондой шише мештин жанында турган экен. Ичин чайкап көрсө чулкулдап, бир кыйла эле жүргөнсүйт.
Кыязы бир туугандары жок калды деп таштап салган го деп ойлоду да, бирөө келип колунан жулуп кеткиче иче калмакка оозун ачып оозуна көңтөрүп жиберди. Көмкөрүшү менен нары жакта отурган агасы менен эжеси боорун тытып каткырып жатып калышы бир болду. Көрсө алар жөн эле муну шылдыңдамакка ширенин кутусуна арак куюп коюп байкап отурушуптур.
Өмүрү мындай ачуу немени татыпкөрбөгөн неме какап-чакап,
көзү-башынан жаш кетип эле жатып калды. Ушул убакта сырттан кирип келген атасы ошондо бала болуп башына түк чыкканы биринчи жолу буга болушту. Дудук анын эмне дегенин чынында толук түшүнгөн жок. Бирок бир билгени атасы берки экөөнү аябай тилдеди дагы, колдорунда ичип отурган ширенин жарымдай элек кутусун алып, беркиге бердирди. Мына ошол күнү даамын таткан мындайдын. Байкеси менен эжесин каратып коюп бир топко тамшанып ичкен болчу. Мына эми, так ошондой шире азыр бүтүн бойдон алдында турат. Акыры чыдабай кетти. Эпейип отура калды да оозун ачып култулдатып жута баштады. Үч-төрт жуткан соң кайра ордуна коюп оозун бурай салып өйдө турду. Тиги киши дагы эле жок. Анан газетанын үстүндө жаткан токочторду,
оозу ачылган балыкты карады. Ошондон кийин өзүн токтото албай калды.Кадыр ошону менен ага дагы бир жолу жакындап көрдү. Бирок, көп деле майнап чыгара алган жок. Бала ал жакындаган сайын алыстап кетип атты. Акыры айла жок кетүүгө туура келди. Керээли кечке басып жүргөн неменин курсагы ачып, чарчап да кетти. Түз эле Канаттын үйүнө келди. Курсагын тойгузгандан кийин начальнигине чалып болгон ишти айтты. Эптеп шылтоо таппай турган немеге кудай берди окшобойбу, «бир ооз кеп айта албаган баланы аңдып жүрө бербей келбейсиңби» деп бир кыйла опузалады. Анткени менен Кадырга окшогон такыба немелердин жолтоо болбой алыста жүргөнү деле жакшы эмеспи. «Мейли дегеле өзүң билчи. Каалашыңча аңдышып жүрө бер. Кийин өзүң жооп бересиң» деди да сөзүн токтотту. Кадыр мындан башка деле жооп күткөн эмес болчу. Эрте турган неме жылуу үйгө киргенден кийин шалдырап уктап кетти.+++Ушул күнү айылга кайдан-жайдан текшерүү келип, мектепти басып жатып калды. Чоңдордун мынча карпа-күрп келип калаары көптөн бери боло элек болчу. Качан болбосун текшерүүчүлөр тиги борбордон чыгаардын алдында айылдарга кабар жетээр эле. Ошону менен мугалимдеркеле тургандарды коноктоо кезеги кимде экенин тактап, нөөмөтү келген мугалимди үйүнө жөнөтчү. Ал болсо карызга батып болобу, же акыркы акчасын сарптайбы, деги кандай болсо да дасторкон даярдайт. Айтмакчы, негизи эле бул чоңдордун алды-ала кабарланышына да так ушул сый тамак себеп болсо керек. Болбосо, текшерүүчү деген айттырбай келип, мектеп жамаатынын чыныгы жүзүн көрсө кана. Натыйжада так ошондой талапка жооп бербей турган мугалимдердин чыныгы жүзү ачыкка чыккандын ордуна, кайра алар жашырылып, ар кандай шылтоолор менен мектептен алыстай турушчу. Аларга кошулуп кээ бир айыпты ачаар ашынган шок, же эки тамганы кошуп окуй албаган окуучуларга да «уруксат» берилээр эле.Кыскасы,
борбордон келээр чоң
Роналду - бул кайталангыс талант
#3 08 December 2015 - 00:14
Бул "Дудук "барго эй . кайра кайра эле кочуруп койсо болбойт да тем более "журок сырына "
#5 08 December 2015 - 08:41
Мен биринчи окушум ото кызыктуу экен туну менен окуп чыктым мунун улантысы барбы аягы не болгот дудук бала деген ойдо калдым уландысы болсо жазып койсо жакшы болмок экен

Супер-Инфо
super.kg
видео












