Баарыбыз тен 1-ден Кудайдан коркобуз да анан жалгыздыктан,
карангылыктан аябай корком
Ким эмнеден коркот? коркпойм дебегиле коркосунар
#442 23 August 2013 - 21:43
биринчиден Кудайдан, о дуйнодон корком. анан балдарым апам учун корком оорубасын деп. кийин суудан, жыландан, карангылыктан,
бийиктиктен,
высокая скоростьтон корком. олгудой коркокмунсиши кылып.
#444 07 October 2013 - 05:46
Жараткандан коркомун ананда ата-апамды ошондойэле бир туугандарымды анан журогумо жакын болуп келеаткан бир форумчу кызды жоготтуудан корком ананда ал кыздын атын тиешелүү темага жазып койом .
#446 28 February 2014 - 13:44
Коркуу сезими
.
Ар сезим адамдын карманган көз карашына, багытына жана философиясына жараша ачыкталат. Коркуу сезими дагы ошол сыяктуу эле кубулуштарга же болбосо көз караштын тайыздыгына жана тереңдигине жараша ачыкталып келүүдө. Биздин жана кошуна өлкөлөрдүн элдеринин тарыхына багыттуу киргизилген материалдык көз карашта ата-бабаларыбыз өтө терең түшүнүү менен кабыл алган исламий идеалисттик көз караш дагы бул сезимдин түрлүү ачыктамасын берет. Терезеге кароо менен терезеден кароо, албетте, айырмаланат. Бирок экөө тең бири-бирин толуктоочу сапаттарга ээ.
.
Терезеге кароо
.
Коркуу – индивиддин биологиялык жана социалдык бейпилдигине коркунуч келгенде пайда болуучу негативдүү сезим. Коркунуч туудуруп жаткан булак аныкталбаса, чөйрөгө ашкере кылдаттык менен кароого түрткөн, эч негизсиз кооптонуу акыбалы пайда болот. Мындай жогорулатылган кооптонуу адамдын руханий аракеттерине башаламандык алып келет. Аффект акыбалына жеткен коркуу (чочуу, дүрбөө) адамга жүрүм-турумдун биологиялык стереотиптерин (селейип катып калуу, качуу, ашкере агрессивдүүлүк) таңуулашы мүмкүн.
Материалисттик көз караш боюнча коркуу адам өзү калыптап алуучу сезим болуп эсептелген, бирок 2005-жылы АКШнын Ричмонд штатындагы Вирджиния биргелешүү университети тарабынан эгиз ымыркайларга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында коркуу сезими адамдын генинде же андан дагы терең нерседе жайгашканы далилденди.
.
Коркуу – адамдын кооптуу акыбалдарга болгон мыйзам ченемдүү реакциясы, бирок эгер ал фобияга өрчүп кетсе, олуттуу медициналык проблемага айланат.
Фобия– белгилүү бир акыбалда, конкреттүү мазмундагы апыртылган, илээшкен мүнөздөгү коркуу сезимдерин жашоо; илээшкен невроз.
Мисалы:ноэофобия– ооруп калуу коркунучу,
социофобия– адамдардын алдына чыгып сүйлөөдөн коркуу,
ксенофобия– чоочун нерселерден коркуу,
исламофобия– ислам динине байланыштуу нерселерден коркуу, азыркы кезде дүйнөгө жайылтылып жаткан кыргызофобия ж. б. у. с.
Терезеден кароо
Араб тилинде “хавф” сөзү коркуу, кооптонуу, чочуу деген маанини берет. Диний термин катары бул сөздүн мааниси – кескин түрдөө тыюу салынган нерселерге караганда азыраак айыпталган нерселерден дагы качуу, оолак болуу. Адамдын акыйкатты издөө жана руханий жогорулоо жолунда, өзүн толук коопсуздукта сезүү аркылуу, алданып калбашы үчүн анын ички дүйнөсүн стабилдештирген бир фактор катары каралат.
Коркуу – адамдын каалабаган бир нерселерге кабылып каламбы же кандайдыр бир руханий мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишим мүмкүн деп тынчсыздануусу. Бул эки нерсе тең, белгилеп кетүү керек, келечекке байланыштуу. Чыныгы коркуу сезими менин жана кылган иштеримдин акыбети кандай болот деген сезимди ойготуп, келечек үчүн дайыма тынчсызданууну жана дайыма кадамдарды бекем жерлерге таштоо керектигин эскертет.
Коркуу мааниде келген дагы бир сөз таква сөзү “викая” деген араб сөзүнөн келип чыгат. Диний мааниси – “Алла Тааланын буйруктарын аткаруу жана тыюуларынан качуу аркылуу Анын жазасынан кутулуу” дегендик. Мындан сырткары, таква сөзү момундун ички дүйнөсүн жана асыл сезим-туйгуларын туура эмес ишенимдерден сактоо дегенди жана бул адамдын жашоосуна башаламандык алып келүүчү, сезимге жакындатуучу бардык нерселерден оолак болуу, жашоо таризинде башкаларга окшоп кетүүдөн качуу дегенди дагы билдирет. Такыбалык – ар бир мүмкүнчүлүк болгон учурда, кичине болсо да, жакшылык кылуу жана эч качан, кичине болсо да, зулумдуктун жолуна түшпөө. Жүрөк жана рух деңгээлиндеги жашоо күмөн нерселерге кылдаттык менен мамиле кылууга байланыштуу. Уруксат берилген жана тыюу салынган нерселердин арасында биринчисине да, экинчисине дагы окшоп кеткен нерселер жана акыбалдар бар. Адам ишенимин жана намысын таза сактап калуу үчүн, булардан алыстоосу – чыныгы такыбалык экени эскертилет. Күмөн нерсе жана акыбалдарга кирүү – адам баласында адеп-ахлак чектерин аттап кетүү арзуусун жаратат. Мындай аракеттер адамдын сезимдеринин булагы болгон жүрөккө түздөн-түз таасир берет жана анын карарып алсыздоосуна себеп болот. Бул принциптерге ылайык, чыныгы такыбалыкка күмөндөрдөн жана майда күнөөлөрдөн качуу менен жетүүгө мүмкүн деп айта алабыз. Негативдерден оолак болуу үчүн, эң биринчи кезекте, жамандык менен жакшылыкты жакшы билүү жана муну менен биргеликте Жараткан тууралуу терең илимге жана жетиштүү руханий маданиятка ээ болуусу зарыл. Такыбалык, Жаратканга сыйынууда жана моюн сунууда руханий тазалык менен тереңдикти, чексиз ыкластуулукту, күнөөлөрдүн жана күмөндөрдүн каршысында болсо, кайтаргыс бекемдикти жана чечкиндүүлүктү талап кылат.
Денени жана рухту, бул дүйнө менен о дүйнөнү, азыркы күн менен келечекти бириктирип турган коркуу сезими Исламдан башка бир дагы моралдык-этикалык системада жетиштүү түрдө сакталып калган эмес. Куранды, эгер анын маанисин жана рухун эске алсак, таква түшүнүгүсүз чындап таанууга мүмкүн эмес. Ошол эле учурда Куранга кайрылбастан, Алла Тааладан чындап коркуу даражасына жетүүнү ойлонууга дагы болбойт. Терең такыбалыкка негизделген “Манас”; трилогиясын диний ишеним гана жетиштүү деңгээлде калыптаган бул сезимсиз терең түшүнүү мүмкүн эмес.
Терезени эске алып, терезеден кароонун бир көз ирмеми
Ар бир адамдын эң корккон нерсеси – өлүм, бардыгынын токтоосу, жок болуп кетүү. Бул сезим – Жараткан тарабынан адамдын руханиятына бекем орнотулган, бардык жерде, дайыма жана чексиз бар болуу арзуусунун негативдүү чагылдырылуусу. Бул сезимди өзүнө байланыштырып, материалдык жашоосунда ишке ашырууга аракет кылган адам баласы түрдүү жолдор менен өзүн таанытып, адамдардын зээнинде, көңүлүндө калуу арзуу-шакыбатына кабылат. Бул арзуу-шакыбат анын татыксыз, акысын берүүгө мүмкүн болбогон макам-даражаларга тырмышуусуна түрткү берет. Мындай негизсиз аракеттер, албетте, адамдын жүрөгүндө коркунуч жаратып, болгон материалдык, интеллектуалдык жана моралдык ресурстарын туура эмес жакка ысыраптоого алып барат. Ошондуктан руханий ооруларды айыктыруунун улуу устаты болгон
Мавляна Жалалиддин Руми: “Кандай көрүнсөң, ошондой бол же кандай болсоң, ошондой көрүн”, – деп талап кылган адамдардан.
Улуу максаттарга талпынган жан ашыкча, керексиз жана көбүнчө зыяндуу, руханиятты кыйнаган коркунучтардан кутулат. Биз чыныгы коркчу нерселерден коркпостон, коркууну талап кылбаган нерселерди өзүбүзгө фобияга айлантып, жашообузду аксатып жаткансыйбыз.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#447 28 February 2014 - 18:46
мен бойду (жоргомучту ) коргондо он сегиз буттап качып жонойм
Жүрөгүмсүң
#449 28 February 2014 - 21:28
мен да куноо кылып аны кийинки жашодоо жооп бергенден корком.Тозоко тушкондон корком. Жаныбардан жыландан корком
#450 28 February 2014 - 21:45
Мен Аллахтан башка эч нерседен коркпой, калган нерселерден жон гана кооптоном кабатырланам,
анткени бир журоко бир эле коркунуч батат..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#451 28 February 2014 - 22:00
'Беспомощность'
дегенден корком да, жаман коргонум- бироого олугумду артуу, бироонун козун кароо, бирден нолго айлануу.ФФУ!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#452 28 February 2014 - 22:01
#453 12 July 2014 - 21:07
Кызыктуу фобиялар тууралуу
Ар бир адам өзүн миң күчтүүмүн деп эсептегени менен кандайдыр бир нерселерден, же көрүнүштөрдөн коркот эмеспи. Муну илимде фобия деп коет. Грек тилинен которгондо "коркунуч" дегенди түшүндүрөт экен. Фобиянын дагы ар кандай түрлөрү бар. Биз эң кызыктууларынын кыскача тизмесин түзгөнгө аракет кылдык. Өзүңүздү издеп таап алсаңыз болот.
Агирофобия - көчөлөрдүн кесилишинен коркуу
Педиофобия - куурчактардан коркуу
Деипнофобия - столдо отуруп сүйлөшүүдөн коркуу, айрыкча бейтааныш адамдар менен
Эйзоптрофобия - күзгүдөн коркуу
Демонофобия - жин-шайтандан коркуу
Новеркафобия - өгөй энеден коркуу
Коулрофобия - маскарапоздон коркуу
Милитарифобия - аскерге баруудан коркуу
Нефофобия - булуттан коркуу
Пеладофобия - таз адамдардан коркуу
Тестофобия - экзаменден коркуу
Аблутофобия - сууда сүзүүдөн коркуу
Амаксофобия - машине айдоодон коркуу
Ануптафобия - бойдок калуудан коркуу
Арахнофобия - жөргөмүштөн коркуу
Астрапофобия (бронтофобия, кераунофобия) - чагылгандан коркуу
Аутофобия - жалгыз калуудан коркуу
Ачлуофобия - караңгыдан коркуу
Аэрофобия - учуудан коркуу
Батрахофобия - бакадан коркуу
Гамофобия - турмушка чыгуудан же үйлөнүүдөн коркуу
Гемофобия - кандан коркуу
Геронтофобия - карылыктан коркуу
Дентофобия - тиш догдурдан коркуу
Зоофобия - жаныбарлардан коркуу
Лигирофобия - ызы-чуудан коркуу
Малевзиофобия - төрөттөн коркуу
Пейрафобия - эл алдында чыгып сүйлөөдөн коркуу
Трайпанофобия - уколдон коркуу
Ценофобия - бош бөлмөдөн коркуу
Эротофобия - секстен коркуу

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#454 12 July 2014 - 21:27
Jakyn adamdarym meni tawtap ketuudon korkom.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#455 12 July 2014 - 22:34
'Беспомощность'
дегенден корком да, жаман коргонум- бироого олугумду артуу, бироонун козун кароо, бирден нолго айлануу.ФФУ!
Бироого кун салды болуудан коркосунбу Айжан. Мен да ошол нерседен коркчумун. Бирок эмнеден корксон ошол бат эле келип калат тура. Бат эле башыма тушуп болгондо да тагдыр мени ары калчап бери калчап эми коркпой калдым. Коп адамга коп жерде ийилип калдым. Биз адам пендеси баарыбир алсыз болот экенбиз. Бирок ал нерсени корсоткубуз келбейт. ...
азыр карангылыктан корком. Анан да бейтааныш иттерден корко берем. Адамдардын аркасынан отомун дайыма...
Авариядан сон катуу ылдамдыктан да корком
#456 12 July 2014 - 22:39
Мен каттуу , узак болгон чагылгандан корком . Жана да катту жер титирегенден .
#457 12 July 2014 - 22:41
Мен бийиктиктен корком. Бироонун омур баянын сурагандан корком. Анткени жаралуу жерине билбестен тийип алуу коркунучу бар да.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#458 13 July 2014 - 09:19
Тобоо, мен баардык эле нерседен коркот экем, коркпогон нерсемдин өзү жок экен.
Ммм...
Жер титирөө, сел, катуу жамгыр, суук, ыссык,
Ит, мышык, курт, чычкан, жылан,
Жалгыздык, карангылык, ж.б.у.с
Кыскасы көөп экен.

#459 13 July 2014 - 10:44
Өзүмдүн көлөкөмдөн да корком.Жүрөгүм түшө берип,кайра кайра түшө берип "Жүрөгү жок" деп аташат туугандарым,
досторум мени тааныгандардын баары.
#460 13 July 2014 - 10:52
Аллахтан,
бийиктиктен коркот экем
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)

Супер-Инфо
super.kg
видео