НАРИСТЕ ҮНҮ...
(новелла)
Ураа! Мен жарала баштадым!
..
Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да... Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек... А атамчы?.. Ал ким болду экен? Буюрса тогуз айдан соң жарык дүйнөгө келип, баарын кубанычка салам го деп ойлойм... Кандай гана бактылуумун!
Мындай бакыт баарына эле буюра бербесе керек...
ХХ ХХ
Жарала баштаганыма жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок... Кабагы ачылбайт... Жаздыкка башын катып көпкө ыйлады... Түшүнбөй жатам... Эмнеге ыйлайт?
Шашып бир жакка бара жатат. Кайда бараары мага кызык болуп турат. Менин бар экенимди бирөөгө сүйүнчүлөйттүр.
.. Бир жигитке жолукту. Ооба, мен жөнүндө айтты. Бирок, экөө тең кубанышмак түгүл... Урушуп жатышат. “Жогот! Мени ушинтип байлап алам деген турасыңбы?!
Курсагың чоңоё электе алдыртып сал! Жок десең, өзүңдөн көр! Мага кийин жалдырап келчү болбо! Жалдырамак түгүл бутума жыгылсаң да, сени менен да, курсагыңдагы менен да алпуруша албайм!” Бул ким өзү, менин апакеме кыйкырган?!
Мени менен алпуруша албайм дегени эмнеси? А, алдырып сал дегеничи?!
Көп нерсеге түшүнө албай турганымды карачы! Колуман эч нерсе келбегени өкүндүрөт...
Апакеме кыйкырган ар бир киши менин да душманым...
ХХ ХХ
Эхх!!!
Эми түшүндүм... Апакеме кыйкырган атам турбайбы... Мен ага эмне жамандык кылдым экен?! Мени көрө элек жатып неге мынча жек көрөт? Кийин,апама эч кимди жаман айттырбайм.
..Жадакалса атама да!!! Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок...
Ухх!!!
Апакем дагы эле ыйлап жатат... Атакеме таарынып, көз жашын көлдөтүп кетип калды... Ал неге мени каалабай турганын түшүнө албай койдум. Менин ага керегим жокпу? Мына, дагы бирөөлөргө жолукту. Алар апама жаман айтышкан жок. Сооротуп жатышат...Булар-
апамдай болгон сулуу экен. Бирок апам алардан да сулуу, акылдуу... Мен да кийин апамдай болом. Мени атам жаман көрсө да, мен аны жакшы көрөм... Ал мени көрө элек болгону үчүн, билбей жатат, жакшы көрбөй жатат. Мен кийин ага жардам берем... Апам, атам менен жетелешип...
Мен төрөлгөндөн кийин сүйүп кетишет... Мен бул оюма чын дилим менен ишенем!
ХХ ХХ
Ой! Мага эмне болду?! Жаман болуп жатам... Апам да негедир башкача болуп турат... Жаңы эле ыйлап жаткан. Азыр, каткырып күлүп, даңылдаган музыкага кошулуп ырдап, жанындагы өзүндөй сулуулар менен бийлеп жатат. “Апа, абайла, курсагыңда мен бар!”- деп кыйкыргым келип кетти. Мен өзүмдү жоготуп баратам...
Апакем күнүгө эле бир нерселерди иче баштады... Мен билбейм, анын эмне экенин... Бирок ошондон кийин алсызданып,
өсүүм токтоп калгандай...
Мага күчтүү, даамдуу тамак-аш керек экенин билбей жатса керек... А менин колуман эч нерсе келбейт. Кандай гана өкүнүчтүү!
Апакем эмне менен азыктанса, көнүлү кандай болсо, бардыгы мага таасир берет да... Эмне кылышымды билбейм. Айлам жок, апакемдин кылгандарына көнө берем. Башка эмне кыла алам мен?
ХХ ХХ
Жаралганыма үч ай болуп калды. Жүрөгүм сого баштаган. Апакемдин ар бир үнүн, ыйын, күлкүсүн, кайгысын, кубанычын сезип калдым. Ал ыйласа, кошо ыйлачу болдум. Анын ар дайым кубанып жүрүүсү мага канчалык кымбат экенин билет болду бекен?.. Сөзсүз билсе керек... Анткени менин апакем баарынан акылдуу, баарынан мээримдүү жан! Жанында жаман адамдар окшойт. Ошолордун туура эмес кеңештеринен,
жаман жолго барып жүрөт да. Мен жарык дүйнөгө келгенден кийин, баары башкача болот. Мени көрөөрү менен, бардык туура эмес кылгандарына өкүнүп, жакшы жолго барат деп ишенем. Анткени ал аябай жакшы, менин эң жакын адамым!!
!
Бүгүн бир жерге келди... Бул жерде аппак халат кийген эже-байкелер бар экен. Баардыгы мага жагып турушат...Аппак кийимдери өздөрүнө, татынакай болуп жарашып турат. Мен да кийин ушул эже-байкелердей болуп, аппапак кийим кийип,апамды кубандырам.
..Иий...Апам кайра ыйлай баштады... Эмне деп жатышат болду экен?.. “Азыр кеч болуп калды... Эртерээк ойлонбойт белең! Азыр балаңды боюңан алдыртам десең... Аны кескилөөгө туура келет!” Сөз мен жөнүндө болуп жатат! Мени кескилейбиз дейби?! Бул эмнеси?! Мен апакемдин курсагында тогуз ай жатып, анан татынакай болгондон кийин көрүнөм да! Жүрөгүмдүн кагуусу катуулап баратат! Мен коркуп жатам! Чын эле мени кескилеген жатышабы?!
Апаке, мени кескилетпечи!
Мен сени абдан жакшы көрөм! Сен мени көрө элек болсоң, мен сени көрүп, сезип турам! Сен дүйнөдө эч кимге теңдеши жок асылзат эмессиңби!
ХХ ХХ
“Мени кыйнап бүттү... Мындан кантип кутулам? Обортуң асмандын башын сурап жатканын карабайсыңбы?
! Бат эле чоңоюп кетээрин этибар албай, ушуга жеттим...” Сөздөрү мен жөнүндө болуп жатат. Мен чын эле апакемди кыйнап жатамбы? Эмне кылып? Түшүнбөйм...
Мен кубандырам деп жаралбадым беле?! Эмне ичет десем? Даары тура! Апаке! Мен сени кыйнабайм!
Кийин чоңойгондо сени багам да! Сен менен дайыма чогуу болом! Мен сага эч кимди жаман айттырбайм!
Менден кутулуунун жолун издебей эле койчу! Мен азыр өзүмдүн эркек бала экенимди билип калдым. Көрөсүң го, мен төрөлөөр менен сага жагып кетем! Мага ак сүтүң берип эмгизесиң...
Мага бешик ырын ырдап бересиң... Капаң жазылып кетет... Атам болсо... Ал да мени сүйүп кетээрине ишенип турам.... Азыр, ал мени тааный элек да! Ал кайрылып келип, сенден кечирим сурайт... Апа, даары ичпечи!
ХХ ХХ
Апакемдин курсагында жатканыма жети ай болуп калды. Апакем мени да, өзүн да абдан кыйнады. Бардык мүчөм жетилип, төрөлөөрүмө аз эле калды. Бирок... Тогуз ай жатууга чамам жетпей баратат көрүнөт. Апакемдин иче берген даарысынан,
байлап салган курсагынан өтө эле алсыз болуп калдым... Менин бар экенимди баарынан жашырат... Эмнеге?! Мен апакеме, апакем мага керек экенин түшүнө элекпи?!
ХХ ХХ
-Ыңаа! Ыңаа!
Бүгүн жарык дүйнө менен учураштым ... Апакеме жардам берип, мени тосуп алган ак халатчан эжеке, мени өйдөлөтүп көтөрдү да: “Сүйүнчү!
Уулдуу болдуң!”-
деди. Апам көзүнөн жашын куюлтуп, нары карады. Мени карагысы да келген жок... Бул эмнеси?! Менин ыңаалаган үнүмөн корктубу? Тарбалаңдаган колу-бутуман корктубу? Дегеле, менин жаралганыман корктубу? Келечекте ага мен гана тирөөч болуп, колуна-кол, бутуна-бут болоорумду сезбей турат ээ? “Ай, кыз! Сен көзүңдү тоодой кылып ыйлай бербей, балаңды жакшылап кара. Эмчегиңди оозуна салсаң... Ууз сүтүңдү тое эмсин!” Мени апакемдин курсагына жаткырып, оозума эмчегин салды. Апакем, жийиркенгендей,
денесин жыйырып алды. “Мага бул баланын кереги жок... Эмгизбей эле коеюнчу...”-
деди апакем оозун араң кыбыратып.“Ок!
Бул эмне дегениң?! Төрөй элек жатып, кереги жок деп... Мурун ойлонбойт белең?!” Ак халатчан эжеке, үнүн катуу чыгарып, апакемди урушуп жатты. Анын сөздөрү кулагына кирдиби, кирбедиби, ким билет, айтор, апакем, үндөбөй, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп,
нары карады. Мен апакемдин денесинин жылуулугуна маңдырадым.
Эмчегин оозума алып, жылуу ууздун даамын таттым. Сүттүн даамы жагып турду. Апакем дагы эле, денесин жыйырып, мени көкүрөгүнөн алыстата түрттү.. Ошондогу ызаланганымчы!
Жарык дүйнөгө келгенимде,
сүйүнүчтөн ыңааласам, азыр, ызаман ыңаалап ыйлап жибердим. “Мени көргөндө сүйүп кетет!”-деген оюмдун аткарылбай турганына, мени жериген апакеме, жаралбай деле койсом болмок экен деген ойлорго эзилдим... Көптөгөн жаман ойлор мени кыйнап жиберди. “Ыңаа! Ыңаа!”-деп чырылдагандан башка колуман эч нерсе келбей турду. Акыркы үмүтүм ак халатчанда калды. Анын мээримдүү жүзү, мени аярлай көтөргөн жылуу колдорунун илеби жүрөгүмө жакын болуп, “Менин апакем сиздей болгон адам болсо, жакшы болоор беле?!”-деп,
биринчи жолу, өз апакемди жерип кеттим. Биринчи жолу апакемди жаман көруп турдум. Ак халатчан эжеке, эмнегедир ыйлап жиберди. Колуна мени алды да, акырын гана бетиме бетин тийгизип, жыттап койду. Таң калып кеттим. Апакем бербеген мээримди бул бейтааныш эжекенин берип турганы мен үчүн күтүүсүз эле. Мени колунда ары-бери терметип турду да, кайрадан апакемдин көкүрөгүнө жаткырды. Эжеке да негедир ыйлап жиберди. Апакеме карап: “Айланайын,
синдим! Татынакай жан экенсиң... Кудайдын берген белегин жээрип турганың эмнең? Билесиңби, эне болуу бактысын баардык эле аялзатына буйур бербегенин?
? Канчалаган бактысыз аялзаты балага жетпей кор болуп, Кудайга жалбарып, ыйлап жүрүшөт?! А сен!.. Бул кылганың туура эмес!”
Апакем эжекенин сөзүн уккусу келбегендей,
көздөрүн жумду... Бирок... Ким билет?! Мүмкүн, сыртынан билдирбегени менен ичинен тагдырына таарынып, өзүнүн алсыздыгына арман кылып, “Алдырт! Кереги жок мунуңдун!
”-деп кыйкырган атакемдин боору таш мамилесине ызаланып тургандыр...
Жарык дүйнө менен таанышкан күнүм ушундайча башталды...
ХХ ХХ
Мени жээригенденби,
же өзүнүн ден-соолугунун начарынанбы,
айтор апакемдин эмчегине сүт келбей, мени да, өзүн да кыйнады. Врачтардын айткандарына караманча көнбөй, эки көзү кыпкызыл болгончо бүк түшүп ыйлаганын баспай койду. Мени башка бөлмөгө алып кетишти. Курсагымдын ачканына чыдабай чыркырап ыйлай баштадым. Мени жарык дүйнөгө келгенимде биринчи болуп, кол сунуп тосуп алган эжеке гана жанымдан чыкпай, айланчыктап,
мени эмнегедир сүйүп турду. “Айланайын,
балапан! Сени төрөй элек жатып, кереги жок деген апаңа түшүнбөй турам... Менин сендей болгон балапаным болсо кана...
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#2 12 December 2015 - 17:37
“Бирөөгө кор, бирөөгө зар” деген ушу турбайбы...Менде сүт болсо эмне... Аянбай өзүм эмгизип, өзүм бала кылып албайт белем...” Негедир жүрөгүм солк дей түштү. Апакемсиз калаарымды кичинекей муштумумдай болгон жүрөгүм сезгендей булкунуп алды.Апакемен айрылгым келбегенин айткым келди. Бирок да, негедир бул мээримдүү эжекеге эркелегим, баштагыдай,
бетин бетиме тийгизгендеги жылуу илебин самадым. Дагы ошол мүнөттөгүдөй эркелетүүсүн,
колуна алып, терметүүсүн каалап кеттим. “Ыңаалап”,
кайрадан ыйлай баштадым. Карбаластап жүгүргөн эжеке, бир нерсени оозума жакындатканынан курсагымдын ачынан аны жалмалап жибердим. Апакемдин сүтүнүн даамына окшош... Даамы деле сонун... Бирок, апакемдин көкүрөгүнө жатып, жылуу илебине мас болуп, эркелеп эмген ууз сүттү самадым... Анын эркелеткенин каалап турдум, сагынып турдум! Эч качан эркелетпесе да, кантип эркелетээрин кадимкидей сезип турдум. Аттиң ай! Ошондогу акыбалымды сөз менен жеткире албайм! Ошондогу кусалыгымды,
сагынычымды ошол эле мезгилде апамдын мамилесине болгон ызамды эч кимге ыраа көрбөйт элем... Ошентип, менин жашоо үчүн күрөөшүүмдүн биринчи күндөрү башталды....Апакемди экинчи ирет кайрадан көргөн жокмун... Сагындым, ыңаалап ыйлап, анын мага мээримин төгүп келип калуусун миң самадым... Бирок да, менин тилегим, менин оюм аткарылбады.
Тек гана ак халатчандардын мага боор ооруй караган көз караштары жүрөгүмө жетип, улам бирине-биринин таштанды бала экенимди айтып жаткан сөздөру кулагыма жаңырып туруп алды. Мени көкүрөгүнө кысып, эркелетип, башыман сылаган, эмчегин эмгизип, энелик мээримин төккөн жан болбоду. Жөн гана таштанды балага айландым да, кала бердим. Анда-санда гана ыңаалаган үнүм гана жашап жатканыман белги бербесе, менин бул жашоодо жашап жатканым, кичинекей жүрөгүм эч ким бербеген жылуулукту эңсеп, түрс-түрс согуп жатканын эч ким этибар албагандай.
... Эхх!!!
Ушундай бактысыз белем?!
ХХ ХХ ХХ
Жок, мен күткөндөй эмес... Мага жүрөгү ооруп, мени сүйүп турган бирөө бар экен... Мурунтан таанып, кастарлап, сагынып тапкан наристесиндей мээримин төккөн, мени жарык дүйнөгө келгенимде тосуп алган ак халатчан эжекем! Айланчыктап жаныман кетпей, кээде ыйлап, кээде бир нерсеге сүйүнүп, мени менен сүйлөшүп коюп жатты. “Мен сени эч кимге бербейм! Канча жылдап ушул жерде иштеп жүрүп, сендей баланы кездештирбептирмин. Сени Кудай өзү мага алып келген окшойт... Сен менин алдейим болсуң! Мен сенин апакең болом! Экөөбүз эң сонун жашайбыз...”Ушул сыяктуу сөздөрдү айтып, менин ар бир дем алганыма чейин аярлай тыңшап, мээрим төккөн көз карашы менен эркелетип турду... Ошондогу менин акыбалым... Же кубанычым эмес, же өз апакемдин мээриминен ажырагандагы кайгыруу эмес... Жөн гана түшүнүксүз ойлор көкүрөгүмдү эзип турду. Бул жарык дүйнөнүн бирде мээримдүү, бирде таш боор мамилесине түшүнө албай, ыңаалап ыйлап жаттым....
ХХ ХХ
Күндөр айга, айлар жылга алмашты. Баягы мен, татынакай болуп чоңойуп калган кезим. Мени сүйүп, багып алган апакемдин колунда өстүм. Ал- менин багып алган апакем экенин унутуп да койгом. Ал мен үчүн өз апаман артык жан! Ыйласам сооротуп, оорусам көзүм менен тең айланып, Кудайга жалбарып, миң мертебе рахматын айтып, мени эркелетип өстүрдү... Ошондой күндөрүндүн биринде келди, “өз апам”. Өз деп айткым келбеди. Апакеме жалдырап, баягы кездегидей көз жашын он-талаа кылып ыйлап турду. “Мага бер баламды. Мен ал кезде түшүнбөптүрмүн. Жаштык кылып койдум. Сизге миң мертебе рахматымды айтам. Канча десеңиз да берейин...”Санаам санга бөлүнүп кетти. Апакемдин жообун күттүм. Берип коебу деп кичинекей жүрөгүм катуулап согуп, ыйлап жибердим. Апам менин неге ыйлаганымды түшүнгөн жок. Колуна көтөрүп, адатынча бетине бетин тийгизип, эркелетип койду. Анан “өз апамды” карап турду да, ойлоно түштү. “Мейли, алсаң алып кет. Мен ушул 2 жылда балам деп жүрүп, карып да кеттим. Мунун оорусун күнүгө көрө берип кыйналдым... Алып кетсең, аз-аздап унутуп коермун.”-деди. Апамдан мындай жооп болот деп күткөн эмес элем. Мойнунан кучактап, ыйымды күчөттүм. Апамдын мындай жообун уккан “өз апакем”: “Мен кийинчерээк келейин. Азыр сиздин жоопту гана угайын дедим эле,”-деди да жөнөп кетти. Ошондогу менин акыбалым сөз менен айтып бере алгыс эле. Кимге таарынарымды билбей, апакемди жалооруган көздөрүм менен карадым. Апакем мени кучагына кысып, бетимен өпкүлөп: “Сени эч кимге бербейм. Мунун жеңил ойлуу экенин билгенимден ушинтип койдум да. Сенин оорулуу экениңди укканда жаа бою качаарын кантип сезбейин. Кудай сактасын, сен ооруганча мен эле ооруйун! Алтыным менин, эркетайым менин!”-деп ыйлап да, эркелетип да жатты...
аягы... автор: Шаршенбаева Н.А. 2015-ж.

#3 12 December 2015 - 17:38
КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА...
Түн ортодон небак ооп, таң атаарга аз калды. Уулунан дагы эле кабар жок. “Дегеле ушунусу калбай койду. Дагы жок... Отузга жакындап калса да, үй-бүлө курайын деген оюна да келбей койду го...” Боор этинен жаралган жалгыз уулунун тагдырын ойлой, небере жытын искеп отураар күнүн күтүп, Сабира байкуш кыйналып бүткөн. “Сен курактуулардын баары үйлөнүп-жайланып, бапырап балалуу болушуп, бир үйдүн кожоюну болуп калышты. Сен качан үйлөнөсүң? Мен да эртерээк небере жыттап, бактылуу болгум келет,”- деп күнүгө айтса да, майнап чыкпачудай. “Апа, эртелеп үйлөнө калгандар жыргап калыптырбы? Кыйратып үй-бүлөлөрүн бага алышпай кыйналып жүрүшөт. Мен азыр даяр эмесмин... Чоң үй салып, анан шашпай үйлөнөм. Үтөлөктөй бул үйдүн кай жерине батабыз,”- деп моюн толгоп коёт. “Үтөлөктөй” – деп коёт... Ушул үйдөн эле агарып-көгөрүп жатабыз го.” Сабира уулуна таарынымыш этип бышактап калат. “Апа, калп ыйлактаганыңызды коюңузчу... Буюрса жакында үйлөнөм... Тойго камына бериңиз,”- деп кутулат. Андай сөздүн далайы болду. Жакында деп айтканыдагы канча жылга созулат ким билет?..
Эне жүрөгү туйлай, алда-немени сезгендей уйкусу качып, уулунун батыраак эле келип калуусун тилеп, сыртта шырп эткен дабыш чыкса, тура калып жатты. Түн катып канча жолу келсе да, жүрөгү мынчалык опкоолжучу эмес.

#4 12 December 2015 - 17:40
Аңгыча иттин арсылдап үргөнүнө кошулуп, кобур-собур үн угулду да, эшик катуу кагылды. Сабира селт эте, халатын үстүнө кийе сала сырткы бөлмөгө жөнөдү. “Ай, Кемел, сенсиңби, деги... Эшик ачык эле...” Уулу эмес экенин эне жүрөгү сезип турду. Эшик ачылып формачан эки жигит кирип келишти.
-Саламатсызбы, эже?
Экөө жарыша Сабира менен учурашышты да, суроо-сопкуту жок төркү бөлмөгө жөнөштү.
-Силер кайда?... Кемел үйдө жок... Силер ага ким болосуңар? Жайчылыкпы деги?...
Сабира суроо артынан суроо берип өңү бузула түштү.
-Уулуңуз кайда?
Бирөөсү Сабиранын билегинен кармай, суроолуу тиктеди.
-Уулум?! Билбейм... Жүргөндүр да достору менен... Ал жаш бала эмес, мага кайда жүргөнүнөн бери айта бергидей...
-Жашырып койчу болсоңуз, сиз да жоопко тартыласыз!

#5 12 December 2015 - 17:41
Милиционер Сабираны коркута сүйлөдү. Сабира таң калычтуу карады:
-Ал жашынгандай, кылмышкер беле?! Түн катып, аны неге издеп жүрөсүңөр?! Мага чоо-жайын түшүндүрсөңөр болбойбу?!
-Эже, мындай болуп жатат... Айылдан анча алыс эмес аңыздан бир кыздын сөөгү табылды. Сураштыра келсек, сиздин уулуңуздун көптөн бери сүйлөшүп жүргөн кызы болуп чыкты.
-О-ок! Эмне дейт! Кайсы сүйлөшкөн кызы?!
-Уулуңуздун сүйлөшкөн кыздары көп беле?
Сабира өң-алеттен кетип, калчылдап чыкты:“Эмне деп турушат, мобулар?!. Ушунун баары өңүмдө болуп жатабы?...” Тилин күрмөөгө жарабай, үн-сөзсүз милиция кызматкерлерин карады.
-Эже, уулуңуздун кайда жүргөнүн билбесеңиз, билбейм деп тил кат жазып бериңиз. Үйдө канча күндөн бери жок, кайда болушу мүмкүн... Жоро-жолдошторунун адрестери... телефон номерлерин. ..
-Билбейм! Мен эч нерсе билбейм! Ал кызды Кемел өлтүрдү деп турасыңарбы? ! Менин уулум киши өлтүрмөк түгүл, кумурскага да зыяны жок!
Сабира милиционерлердин сөздөрүнө көңүл бурбай жулунуп, албууттана кыйкырып кирди.
-Эже! Болду, кыйкыра бербеңиз! Уулуңуздун күнөөлүү, күнөөлүү эмеси тергөөдө билинет. Энелердин баары сиздей болуп, балдарын ак ойлошот. Иш жүзүнө келгенде, баары тескеринен чыгат! Андан көрө, уулуңузга жардам берем десеңиз, биздин айтканыбызга көнүп, кайда экенин табышканга аракет кылыңыз!
-Жардам бербейм-этпейм! Силерди билем мен! Эптеп эле бирөөгө күнөө илип туруп, камап жибересиңер! Менин баламдын эч кандай сүйлөшкөн кызы жок болчу! Ал тууралуу мен билбесем... Ким айтты силерге?!
Сабира кыйкырыгын токтото, эки бетин баса жерге отура калды да, үңүлдөп ыйлап кирди...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел, убактылуу кармалуучу жайда, кичинекей терезечеден күндүн шооласын тиктеп, ойлуу жатты. Канча күндөн бери, бул камерада жатканын да эсептей албай калган. Ушул болуп жаткан окуянын баары, бир заматта жаман түш сыяктуу жок болуп кетишин Кудайдан миң тилеп, апасынын зар какшап ыйлап турганын элестете оор күрсүнүп алды. Бул бөлмөгө күн жарытылуу тийбегендиктен ным жыттанат. Күнүгө эки маал итке тамак берчүдөй калай идишке ботко салып таштап коюшат. Башында жебей кыйналса, азыр айласы жоктон өзөк жалгамыш этип калган. Улам бир сурактын алдында бөйрөккө урулган таяктан бүт денеси жанчылып, колу-буту кыймылдатпай сыздап ооруйт.“Баарынан жаманы бир жериме да көк калбаганын карасаң. Ургандарын далилдеш да кыйын тура. Улам бирин ура беришип, бул жердегилер айбан болуп калышат окшойт. Күнөөм далилдене элек жатып,таякты мынча жесем... Күнөөнү мойнума илишсе, тирүү чыкпай калам го.”

#6 12 December 2015 - 17:42
Кемелдин:“Ак экенимди далилдейм. Апа, камсана болбоңуз, эртең эле келип калам”- деген үмүтү солгундап, бул жерден жакын арада чыгаарына көзү жетпей калган. Аңгыча камеранын эшиги ачылды да:
-Алымов! Сыртка!-деген милиционердин буйругу угулду.
Кемел ордунан эптеп турду да, буйрукту күтпөстөн колун аркасына алып, милиционерге далысын салды. “Кайрадан сурак!” Кемелдин жүрөгү сыздай түштү.Күнүгө окшош суроолор берилет. “Күнөөңдү мойнуңа алсаң, өзүңө эле жакшы,”- дешет. “Кайсы күнөөмдү?.. Бардык далилдери мага каршы болуп турганын карабайсыңбы. .. Достордун “биз менен чогуу болгон”- деген сөздөрүнө кулак салышчудай эмес. Анын өлүмүнө менин тиешем жоктугуна кантип ишендирем?.. Ушинтип ак жерден күйүп кетемби?..” Кемел ойлорундай күңүрт, кууш коридордо, эки колу артка кишенделүү ,милициянын жетегинде бара жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Жолдош полковник! Алымовдун кызды өлтүргөнү туураалуу далил жок. Анын үстүнө ошол убакта ал достору менен болгону ачык болбодубу. Биз аны мындан ары кармоого акыбыз жок эмеспи...

#7 12 December 2015 - 17:43
-Далил жок... Далилдегиле!
Ал кыз бул айылга Алымов үчүн келгени дайын болдубу? Болду!... Ал кыздын боюнда бар экени, ал бала Алымовдуку экени далилдендиби?
Далилденди!
Өлгөндүн мурунку күнү ал кыз Алымовго смс жазып: “Боюмда бар. Эртерээк үйлөнүүнү ойлонбосоң,
арыз жазам,”- деп коркутканычы?
! Сен мага улам келип: “Алымовдун күнөөлүү экенине далил жок,”- дегениңди токтотуп, изилде, жүгүр, иште! Алымов күнөөлүү эмес десең, күнөөлүүнү тап!
-Кетүүгө уруксат бериңиз!
Жаш лейтенант ордунан тура калып, полковниктен урусаат сурап, честь берип сыртка чыгып кетти.
“Алымовдун күнөөсүнүн жогуна ишенип турганым менен... Эгер ал өлтүргөн эмес болсо, анда ким? Өз айылына чакырып туруп, кылмышка барбаса керек! Мынчалык кылгысы келсе... Башка жерден деле көз жаздым кылат эле го. Жок дегенде сөөгүн таптырбай коёт эле...” Кемел ойлогондой бул жерде иштегендердин баары ага душман эмес эле...ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел Адинайдын боюнда бар экенин суракта гана билди. Анын СМС жазганынан кабары да жок эле. “Кандайча болуп кетти? Анын менин номериме жөнөткөн СМСи чындык болсо?.. Мен кандайча окубай калдым?.. Чалгандарынада жооп бербей койдум эле...” Кемел Адинайдын СМС жазган убактысын боолголоп, ким менен, кайда жүргөнүн элестетип, тергөөчүнүн ар бир суроосуна жооп берип жатты. “Ал чалган маалда, Адилет, Самат жанымда болушчу... Чогуубуз менен Адилеттикине барып тамактандык. .. Саат бештер чамасында Тинатинге жолуктум... Машинада сүйлөшүп отурдук да...”

#8 12 December 2015 - 17:44
...” Кемел оюнун ушул жерине келгенде, ордунан ийне сайгандай тура калды. “Мен беш мүнөткө машинадан түшүп кеткенимде.
.. Бир заматта Тинатиндин көңүлү эмнеге тунарып калды десем?..” Өңү кубарып чыкты. “Чын эле, Тинатин болуп жүрбөсүн? Анын мынчалыкка бараарын...”
-Алымов! Суроолорумду кулак сыртынан кетирип жатканыңа жол болсун! Эгерде эле калп айтам деген оюң болсо, бул өмүрдө бар экениңе өкүнүп калгыдай кылам!
Кемелдин чекесинен мончоктоп тер куюлду. Жөөлүп жаткандай: “Кантип эле... Кантип эле...”- деген сөздү кайталап жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел улам бир кыз менен көңүл ачып, алардын бирөөнө да үйлөнүү тууралуу сөз козгогон эмес. Алардын арасынан өзүнүн келечектеги колуктусун көрө албаган. Жолдошторунун: “Кыз тандай бербей, үйлөнбөйсүңбү? ! Канча кыздын гана жүрөгүнө чок салдың экен,”- дегендерине, каткыра күлүп: “Мен үйлөнчү кыз али төрөлө элек, төрөлсө да, эне сүтү оозунан кете элек наристе,”-дечү. Баарынан да кыздар өздөрү ашык болуп артынан көп жүгүрүштү. “Мен эч качан аялдын аркасынан жүгүрбөйм... Өздөрү издешет...”- деп көп мактанаар эле.
Адинай да ошондой кыздардын бири болчу. Ага анда-санда гана жолукканы болбосо, ээрчише басып, сүйүшүшкөн эмес.
. Адинай Кемелге жолуккан сайын: “Мени чын эле сүйөсүңбү? Экөөбүз качан турмуш курабыз,”- деп сурай берчү. “Ооба,”- дечү көңүл кош гана Кемел, Адинайдын көңүлүн улап. “Бирок азыр үйлөнүүгө эрте... Кийинчерээк. ..”- деп кутулчу. Ошол каргашалуу күнү...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Адинай кош бойдуу болуп калганын билээр менен Кемелге кайра-кайра телефон чалды. Кемелден жооп жок. “Таптакыр менден качып калды... Көрүшө элегибизге да бир айдан ашык убакыт өттү. Мени алдап кетем деп турат го...”-деп, ызага муунуп, эмне кылыштын айласын таппай турду. Курбусуна жашыруун сыр кылып, өзүнүн кандай акыбалда турганын айтып, кеңеш сурады. “Эмне кылам, я?! Апам айткандай “көп баскан аяк, бок бастыбы”?! Суранам, кеңеш бербесең болбой турат,”- деди ыйламсырап.
-Эмне кылмак элең?! Айт... Үйлөн де... Андай эле болбосо, арыз жазам деп коркутуп көр... Мүмкүн боюңда барын билсе, өзү деле качпастыр... Жакшы эле баладай көрүнөт го?!.
-Кантип айтам? Таптакыр жолобой калды. Телефон чалсам да жооп бербей жатат.
Адинай эки көзү кыпкызыл болгончо ыйлап жатты. Курбусунун: “Көп эле ыйлай бербесеңчи! Балаңа зыян болот,”- дегенине көнбөй, бүк түшүп жатып алды.

#9 12 December 2015 - 17:45
Бир маалда ойлонуп отурган курбусу Адинайды аярлай чыканакка түртүп:
-Менде бир ой бар... Кемелиңе СМС жаз. Боюмда бар экен де...Мүмкүн билгенден кийин, өзү чалып калаар... А мүмкүн, сүйүнүп, келип калгысы да бардыр,-деди.
Адинай курбусунун кеңешине макул боло, СМС жазууга киришти. “Кемел, кандайсың, жаным?! Неге телефонуңду албай жатасың? Менин боюмда бар экен. Мүмкүн болсо мага жолук,”-деп жазды да, Кемелдин номерине жөнөтүп жиберди. Курбусу Адинайдын жазганына каршы болуп турду:
-Ага эмне мынча жалдырап жатасың? “Мүмкүн болсо...” деп. Берчи мага телефонуңду. .. Эркектерди бир аз коркутуп койбосо көөп кетишет...
Адинайдын колунан телефонду алды да кайрадан СМС жазууга киришти. “Эртерээк үйлөнүүнү чечпесең болбойт. Качам деп эч ойлобо! Арыз жазып коём!” Экинчи кат да Кемелдин адресине жөнөтүлдү.
-Мына... Эми күт! Ал келет... Кайда бармак эле?.. Сен андан көрө бышактап отура бербей, өзүңдү кара... Балаңа зыян кылып алып жүрбө.
Курбусу Адинайды сооротуп жатты. Ошол мезгилде.
Кемел машинасында Тинатинди кучактап, кезектеги сүйүү оюнун ойноп жатты...

#10 12 December 2015 - 17:46
-Кемелчик,-деди Тинатин эркелей:- Качан баш кошобуз? Ушинтип эле уурданып жолугуп жүрө беребизби?
Кемел мындай суроонун далайын уккан. “Качан?” деп сурабаган аялзатын жолуктургусу келет. “Неге эле, аялдын баары, жолугуп койсом эле “Кача-ан?”- деген суроону бере беришет. Ушул суроодон ушунчалык тажадым!” Кемел ичинен Тинатиндин суроосун жактырбай турганы менен, билгизбей күлмүң этти:
-Эртелеп торго түшкүң келип турабы? Жыргап бойдок жүрө бербейсиңби? Убакыт келет... Буюрса ошол күнү...
Тинатин башын чулгуй таарына түштү:
-Сага бойдок жашоо жакса... Элдин баары сендей бекен? Эртелеп деп коёт... Үйдөгүлөр мени качан кетесиң? Кара далы болуп бүтө турган болдуң го дешип мээмди жеп салышты,- деди.
Кемел Тинатиндин таарынып турганына жини келе түштү:
-Мен сага качан айттым эле үйлөнөбүз деп! Кызык эле окшойсуң! Мен, жолуккан аялдардын баарына үйлөнө берчү болсом, өзүнчө эле гарем болуп кетет,-деди.
Тинатин ызаланып чыкты.
-Сен мени менен да, башка кыздар менен да жүрөм дечи! Мындай деп сени түк ойлобопмун! Сен меники гана болосуң! Же... Эч кимдики...
Тинатин долуланып ыйлап кирди.
-Жеткир үйгө! Сени менен башкача сүйлөшөм!
-Э-эй! Тинатин! Болду долуланбай. .. Тамашалап койдум... Эмне кылат экен десем! Айлана-айын, азыртан минтсең... Кийин өлтүрөсүң го...
Кемел Тинатинди жооткото сүйлөдү.
-Азыр... Сен отура турчу... Мени бир иш кычатып жатат... Беш мүнөт...
Кемел машинадан түштү да, бадалдардын арасына кирип кетти. Кемелдин отурган ордунда телефону калган эле... Ошол беш мүнөттүн ичинде, Адинайдын Кемелге жазган бир эмес, эки СМСи телефонго келип түштү.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Тинатин Кемелдин телефонунан жазып алган номерди карап, ойлуу отурду. “Эмне кылсам?.. Чалып: “ Мен анын келинчеги болом, жөн жүр, болбосо абийириңди төгөм,”- десемчи? Кемел билип калса...Кечирбейт го... Кемелге менин боюмда бар десемчи?.. Кандай чечим кылат эле?..” Тинатин Адинайдын Кемелге жазган катын жашыруун окуп, өчүрүп салган. Ал каттын мазмуну менен Кемел тааныша турган болсо, ошол замат Адинайга үйлөнүүнү сунуштачудай коркуп турду.

#11 12 December 2015 - 17:47
“Кемелди баш отум менен сүйүп жүргөн жалгыз мен десем?.. Экөөбүздөн башка, дагы канчоосу бар болду экен?.. Эгерде эле, башкага үйлөнүп алчу болсо... Андан көрө өлүп алганым жакшы. Неге аны мынча жакшы көрдүм?! Далай жигитти жаныма жууткум келбей жүрүп... Мен деп жүгүргөндөр кызыктырбай,
дегеле үйлөнөйүн деген оюнда жок кишиге жан-дүйнөмдү арнап койгонумду карабайсыңбы!
Сүйүүнүн көзү жок... Көлөкөдөй болуп аны мен ээрчидим го. Далай кыздар ашык болчудай сыйкыры барбы мунун...”
Көпкө чейин ойлонуп отурган Тинатин телефонун алды да, Адинайдын номерин терди.
-Алло!
Адинай жооп кылды. Тинатин эмне деп сөз баштаарын билбей апкаарый түштү.
-Алло, сиз Адинайсызбы? -деди акырын.
-Ооба...А, сиз ким болосуз?
-Мен...
Тинатин мукактана түштү.
-Мен Кемелдин эжеси болом. Ал сага жооп бербей жатабы?..
-Ооба...
Эми, Адинай мукактана түштү. “Кемел менен сүйлөштүм,”- десе эмне дейм”- деп чоочуп турган Тинатин сүйүнүп кетти.
-Экөөбүз жолукпайлыбы? Сөздөр бар... Силер тууралуу...
-Мейли, эже... А-а... Кемел өзү кайда эле?..
-Иштер менен жүрөт... Сен менен сүйлөшкөнгө убактысы жок болуп жатат... Анын үстүнө телефонун да үйгө таштап кетиптир...
Адинай: “ Кемелдин эжеси чалды... Демек, Кемел мен жөнүндө айтса керек,”- деп сүйүнүп турса, Тинатин Адинайдын ага ишенип, жолугууга макул болгонуна сүйүндү. Экөө каяктан, качан жолугуу жөнүндө макулдашышты да, эски тааныштардай коштошушту. Эртеңки жолугууну экөө тең чыдамсыздык менен күтүп жатышты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Урматтуу, сот! Дөөлөтканова Тинатин Адылбекованын өлгөнүнө көзү жетпесе да, жардам чакырган эмес! Анан да... Адылбекованын кош бойлуу экенин билип туруп, ырайымсыздыкка барган! Күнөөсүн мойнуна алып, милиция кызматкерлерине кайрылган эмес! Урматтуу сот! Дөөлөтканова Тинатин Төлөгөновнага Кыргыз Республикасынын...

#12 12 December 2015 - 17:48
-Урматтуу, сот! Дөөлөтканова Тинатин атайын өлтүрүүнү пландаган эмес. Ооба, жолугууну ал уюштурган...
Жөн гана сүйлөшүү аркылуу, аны Алымовдон ажыратууну көздөгөн. Бирок, тилекке каршы, экөөнүн ортосундагы жаңжалдан улам, күч менен түртүп жиберген. Адылбекова Адинай,кокустуктан башы ташка тийип, мээсине кан куюлуп каза болгон. Дөөлөтканова Тинатинге Кыргыз Республикасынын.
..
Тинатин Адинайды жолугууга айыл четине чакырат. Жасана кийинген Адинай, болжошкон убактан кечикпей келди. Сөздү Тинатин баштады.
-Кемелдин азыр үйлөнүүгө шарты да, убактысы да жок. Сен жөнүндө уккусу да келбей жатат. Сен азыр анын артынан түшүп, көп кыйнала бербей, боюңдагыны алдыртып сал.
-Кандайча?! Алдыртып сал?! Бала силерге оюнчукпу? Сизди, башкача сөзгө чакырган экен десем... Бул эмне дегениңиз?
-Оюнчук болбосо?.. Башында ойлонуш керек болчу! Анын сага окшогон кыздары толтура!
Адинайдын жакшы сөз угум деп келген оюн таш каап, кабагы бүркөлө түштү. Үн-сөз жок, күчүн ыйдан чыгарып, соолуктай баштады. Тинатин Адинайды сооротумуш этип, аялуу сүйлөдү:
-Жаш эле экенсиң... Башка жигит таап, турмушка чыгып кет. Курсагыңдагыны болсо, чоңоё электе жогот... Кудайдын буйруганы дагы тургандыр...

#13 12 December 2015 - 17:49
Соолуктап, ыйлап турган Адинайдын өңү бир заматта бузула түштү.
-Сиз мени шылдыңдаганы чакырдыңыз беле?! Бул сөздү телефондон деле айтпайт белеңиз! Керек болсо, мен Кемелдин үстүнөн арыз жазам... Көрөм ошондо эмне болооруңарды? ..
Тинатин каткыра күлдү:
-Эмне деп жазасың?! Шуркуя болчумун деппи?! Эптеп күйөөгө тийиштин айласын издеп жүрөм деппи?!
Адинай ызазын ката албай, Тинатинге каяша айтып, кыйкырып жиберди:
-Токтот! Менин да намысымды коргоочулар табылат! Силерди ушул кылыгыңар үчүн... Талкалатып кетпесем элеби?!
Экөө чачташа түшүштү. Адинайдын колунан суурулуп чыккан Тинатин күч менен түртүп жиберди. Адинай чалкасынан кулап, башынан сызылып кан ага баштаганын көргөн Тинатин кыйкырып жиберди.Көз- ачып жумганча болуп өткөн окуяга Тинатин өзү да түшүнө албай, кандай айла кылаарын билбей карбаластай түшту....Адинайдын өлүү-тирүүсүн түшүнө албай, денесин майда калтырак басып, күн киргенче жин тийген немедей катып отурду.
Коюуланган караңгы түндө, бир караан, алды-артын элеңдей карап, айыл четинде келе жатты...
аягы... автор: Ш.Н.А.

#14 12 December 2015 - 17:50
АЛТЫН АЯК.
-Айланайын кызым, балам менен байланыштырып койчу.
Улам келип, ден соолугун сурап, төшөк-жуурканын кымтылай жапкан медайым келинге,карыя суроолуу карады. Көздөрү жашылдана,муңайым тиктеп, дем алуусу оорлоп, сүйлөгөн сөздөрү да даана угулбай, үнү каргылданып калган.
-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.
Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.
-Менде уулумдун номуру да жок эле.... Силерде болсо керек, ээ?
Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.

#15 12 December 2015 - 17:51

-Ата, телефонду алып келдим, чала берейинби?
Медайымдын кирип келип, жанында турганын байкабаган карыя, нымдалышкан көзүн калчылдаган колдору менен аарчый, “мейли”-дегендей карады.
-Номурун билесиң да,ээ?-деди,күнөөлүү кишидей.
-Ооба,ата. Мына номерин терип койдум, гудок кетип жатат,- деп, телефонду карыянын кулагына жакындатты.

#16 12 December 2015 - 17:52
Телефонду үмүттүү тыңшаган карыя:
-Кызым, эч ким жооп бербейт го... Убара кылып койдум окшойт... Рахмат, айланайын... - деп, көкүрөгүндөгү ыйын жашыра, акырын гана кобурады.
-Анда, ананыраак дагы чалып көрөйүн. Мүмкүн өзү деле чалып калгысы бардыр. Телефонумдун номери түштү да,- деди, медайым.
-Мейли, кызым... Ал кургур дагы...
Сөзүнүн аягына чыкпай, дубал тиктеди. Эмне себеп менен, кандайча бул абышканын карылар үйүнө түшүп калганынан кабардар медайым, боор ооруй улуттунуп, сыртка чыгып кетти.
ХХХХХХХХХХХХХХ
Кемпиринин сөөгүн жаңы эле ээсине тапшырып, кайгынын чеңгелинен чыга албай турган кезинде, уулу атасына мындай сунуш менен кайрылган.
-Ата,- деген ал: - Бул үйдө жалгыз калмак белең?! Биз менен шаарга бар, чогуу-чаран жашай беребиз. Бул үйдү болсо, саталы. Эми бул айылда кала турган ким бар эле? Акчасын мен бир керекке жаратам...

#17 12 December 2015 - 17:55
-Эмнени дөөрүп турасың?- деген карыя: - Сен менен кошулуп батирлеп жүрөйүнбү?!
Өз үйүң болсо да... А бул үйдү сатпайм-этпейм.
Канча жылдап ушул үйдө жашадык. Апаң экөөбүздүн өмүрүбүз айылда эле өтпөдүбү. Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды... Ушул жерде эле жашайм. Азыр болбосо, кийин карыганыңда айылга кайтаарсың?
-Эми ата, үйдү сатпасаң мейли. Бирок, жалгыз кантип оокат кыласың? Ана, кызың да кетет күйөөсүн ээрчип... Жакын жерде болсо бир жөн. Ата-бабаң тааныбаган жерде жүрөт, эптеп оокатын кылып... Же эмне, алар менен кеткиң барбы?!
-Эч кимиң менен кетпейм-этпейм, - деди корсулдап, сүрдүү сүйлөп: - Апаңдын тирүүсүндө кызыңды бизге бер десек, караманча көнбөй койдуң эле. Эми, ойлонуп көрөөрсүң... Мага анчалык эле жаның ооруп турса, неберемди калтырып кет. Экөөбүз сонун эле оокат кылабыз...
-Ата, кызык экенсиң! Шаардагы мектебин таштап, ушул караңгы айылыңарга келсинби?!
-Аай бала! Караңгы деп... Сен кайдан чыктың эле?! Ушул жерде төрөлүп-өсүп, ушул жерден билим алып... Туулган жерден айлангыр десе! Уу, атаңдын оозун урайындын баласы! Эми эле кыйын болуп кеттиңби? Же, эмне, шаарда жашасаң эле билимдүү, илимдүү болуп калдыңбы?! Ана, уулуң деле ушул жерде өсүп-чоңоюп, билим алып, чет өлкөңдө жүрөт го! Алыска жибербей эле кой дегенге көнбөй коюп... Чоң энесине да топурак салганга жарабай калды...
-Кандай, жарабай калды? Укпаса... Айтпасак, кантип билмек эле?!
-Укпаса деп... Кабар айттырбасаң билбейт да!
-Ал келгенде эле эмне, апам тириле калмак беле. Ишине тоскоол болмоюн дебедикпи...
-Ишине деп... Бул жерде эле иштесе болбойт беле?! Же ал жакта бирөө колуна акча салып берип жатыптырбы? ! Акчанын аркасынан томолонуп жүрсөңөр да жарыбай койдуңар! Жашың кыркка келсе да, бир чычкак улагың жок, атаңдын оозун урайын... Мен өлсөм, союш алганга жарыбай куурайсың го?!
-Э-эй, болдучу ата, каяктагынын баарын козгойсуң да турасың! Айылыңан кеткиң келбейби, кала бер! Өзүңө өзүң союш даярдай берээрсиң! Неберемди калтырат экен деп үмүт кылбай эле кой. Эч кандай калтырбайм. Же биз менен кетесиң... Же жалгыз сокуюп отура бер...

#18 12 December 2015 - 17:56
Ошону менен сөз бүткөн. Айласы жоктон уулун ээрчип шаарга келе берген. Ошондон кийин айылына бир да каттай алган жок. Чогуу жашагандан кийин билген уулунун кандай адам болгонун. Келининин ким экенин... “Суроо-сопкуту жок, айылдагы үйдү сатып жибериптир,
куураган бала... Анын акчасын керекке жаратса да мейли эле...Ээгине ата сакалы өссө да, мээсине акыл кирген эмес экен да?! Кумар деген балекет, акыл-эсин, тулку боюн, жүрөгүнөн бери ээлеп алган турбайбы!
”
Карыя уулун ойлой сай-сөөгү сыздады. Кемпирин эстей: “Мени таштап кетип калбадыңбы. .. Ала кетсең эмне... Өмүр бою бирге болдук эле...Өлсөк да чогуу болобуз дечү элем... Түбү түшкөн дүнүйө ай!”- деп, буулуккан тамагын оңдой, кызыл өңгөчүн тарта оор дем алып койду.
Жашап өткөн өмүрүн көз алдына элестете, дубал тиктеген боюнча ойлуу жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Колхозбек! Кайдасың? Жүрү талаага... Биз барганча эч нерсе калбай калат.
Курсагына кичине эле ысык тамак кирсе, бүт дүйнөнү унута, көңүлү көтөрүлүп ойноп кетет Колхозбек. Апасынын үнүн угаар замат тызылдап жүгүрүп келип, апасынын бутунан кучактай калды.

#19 12 December 2015 - 17:57
-Апа, бүгүн дагы машак теребизби?- деди тултуңдай.
-Тербегендечи. .. Антпесек, ачка калбайбызбы. Бас, эркелей бербей. Сен эми, чоң жигит болбодуңбу.
Ичинен согушка наалат айта, жүрөгү ооруп турганын билгизбей, уулун эркелете сүйлөп, чачынан сылап койду.
-Апа, мен чоңойгондо сизди талаага жибербейм. Өзүм эле, машак көөп терип келем... Үйдө наныбыз көөп болот ээ? - деп, жолдо катар апасынын колунан коё бербей, божурап бара жатты: - Атам да келет... Апа, атам кандай?.. Мен аны тааныбайм да ээ?.. Мен аны ата дейм да ээ? Эркелеп,ата мээримин көрбөсө да, көөдөнү көксөп, балалык кыялында атасынын бар экенине сыймыктанат.
Атасын Колхозбек элестете албай калган. Жаңы эле там-туң басып, кызыгы чыгып турган маалда, согуш башталып, атасы биринчи чакырык менен согушка аттанган. Жапжаш, күлгүндөй жигиттер биринен сала бири жоого каршы аттанып, күн алыс айыл элдерине “кара кагаз” келип турган кез. “Баланча курман болуптур,”- деген сөз чагылгандай тез тарайт. Майданда жүргөндөрдөн кат-кабар күтүп, почточуну үмүттүү карашат. Майып болуп келгендерди бардыгы кубана тосуп алышат.

#20 12 December 2015 - 17:58
“Майып болсо да, багы бар экен, эл-жерине аман келди,”- дешет сүйүнүшүп. Андай үй-бүлөлөр аз гана санда...
Терген машактарын үйгө алып келишет да, тазалап, сапырып, кол тегирменге салышат. Кичинекей кол баштыкка салып илип коёт. Андан нан жасайт, апасы. Баштыктагы талкандан апасына көрсөтпөй, сугуна жечү Колхозбек. Тегерегин жал-жал карап, батыраак жутуп жиберүүгө ашыкчу. Апасы көрүп калса уруш угаарын билет. Кээде апасы ыйлайт. “Талкан жеп койсом эле ыйлай берет,”- деп ойлойт, Колхозбек. Апасынын талканга эмес, бул жашоого таарынып, согушка наалат айтып, күйөөсүн сагынып ыйлап турганын кайдан билет.
-Ыйлабаңызчы, апа. Экинчи талкан уурдабайм, - дейт апасынын бетинен сылай, күнөөлүү башын жерге салып...
ХХХХХХХХХХ
Күрс-күрс жөтөлүп, төркү бөлмөдө жаткан энесине чай жуткузуп, Жийде оозгу бөлмөгө жаңы эле чыккан.Көздөрү жайнап, беттери тамылжый кошуна келин кирип келди.
-Жийде, - деди шыбырай: - Сен уктуңбу?.. Гитлер жеңилиптир. .. Элдер бири-бирине сүйүнчүлөп жүрүшөт...Жийде уккан кулагына ишенбегендей, нес боло түштү. Тамга жөлөнгөн боюнча, үн-сөзсүз телмирип турду да, шалдырай жерге отура кетти. Эки бетин алаканы менен жаба калып, ыйлап жиберди.
-Эмне ыйлайсың? Кубанбайсыңбы? .. Кызык го...
Кошуна келин Жийдени колтуктан ала өйдө тургузду да:
-Буюрса, күйөөң келет... Сага “кара кагаз” келген жок да.- деди жооткото.
-Ооба... Ооба... Келет... Колхозбегим кайда жүрөт? Ананайыным. .. Ошонун бактысына атабыз келет. Сөзсүз келет. Мен апама айтайын. Ал да сүйүнүп калсын, бечара. Уулун күтүп жүрүп, байкуш, карып да кетти...
Экөөнүн сөздөрүнө түшүнө албай, жалдырап, улам бирин карап турган Колхозбек апасынын этегинен тарткылап: “Апа, ыйлабаңызчы, ” - дегенинде гана Жийде уулун байкап: “Секетим, атаң буюрса, жакында келип калат,”- деди чачынан эркелете сылап.
Атасы азыр эле күлүп-жайнап кирип келчүдөй кубанган Колхозбек, так секире сыртка жүгүрдү:
-Ура-а! Атам келет! Ура-а!

Супер-Инфо
super.kg
видео