Билдирүүнү түзөткөн: Raumaa: 01 Июль 2014 - 22:38
Кайнененин каарынан кантип кутулуу керек? Менин кайненемдин мүнөзү бир күн соо, эки күн оору.
#1 01 Июль 2014 - 22:32
Кайненем жакшы дегендерди укпагам. Турмушка чыкканыма 5 ай болду. Бирок кайненем көңүлүмдү калтырды. Мен көнүл калгана адам менен кайра ачылып сүйлөшө албайм. Ошол себептен от души мамиле кыла албай калдым. Бөлүнүп кетүүгө мүмкүн эмес. Боюмда бар. Кайненемдин кабагына кар жааган күнү менин көзүмөн көнөктөп жамгыр жаайт. Ушунтип жүрүп төрөгөн бала кандай болот ким билет. Бул каардан кантип кутулам? Бир жиндесе баарыбызды кошуп кууруп салат. Жада калса кайнатам да сүйлөй албайт. Менин жүрөгүм түшүп, ал урушуп жатканда кысылып кетем. Анан бүткөндөн кийин өкүрүп ыйлап бугумду чыгарам. Көрсө кайненемдин бир туугандарынын баарында мындай жаман мүнөз бар экен. Балдары апасы кыйкырганда титиреп калат. А мен мындай урушту көрбөгөм. Өзүмдүн апам катуу да айтпай тарбия берген. Бирок анын бир сөзүн эки кылчу жаман кыз болуп чоңойгон жокмун. Болгону көңүл калган адам менен сүйлөшпөй коем. Ошол кекчилдигимди моюнума алам.
#2 01 Июль 2014 - 22:42
Не себептен кабагына кар жаап сени ыйлатып жатат? Сенин эмнен жакпайт? Эгер телегейин тегиз,жондон жон эле сени капа кыла берген болсо "таш менен урганды аш менен ур" дегендей эле кыла бер. Коноктоп ыйлаган козунун эле шору!!!
Не кыласын озуну да баланы да кыйнап.
Мен бактылуумун.
!
#3 01 Июль 2014 - 22:43
Кайын энең
Келин пил учат а? Десе
Сен:Ооба эне пил аста аста учат деп кой кутуласын .....
Келин пил учат а? Десе
Сен:Ооба эне пил аста аста учат деп кой кутуласын .....
#4 01 Июль 2014 - 22:44
"Унчукпай койсон уйдой балээден кутуласын"
деп чон энем дайым айтчу эле.
Мен бактылуумун.
!
#5 01 Июль 2014 - 23:27
Себеп мисал келтире кетсен т.е факт менен. Ошого карап кенеш бермекпиз. Кайнене айтат дейт оз балам деп уруша да салат. Бирок ал нерсе келин кишиге катуу тиет. Мындай нерсе кобундоле болот.Озунду жекелеп урушпаган сон коноктоп ыйлап не кыласын же сени кезеп бир нерсе дегенби. Ошону толугураак жаза кетсен
#6 01 Июль 2014 - 23:46
Raumaa (01 Июль 2014 - 22:32) жазган:
Кайненем жакшы дегендерди укпагам. Турмушка чыкканыма 5 ай болду. Бирок кайненем көңүлүмдү калтырды. Мен көнүл калгана адам менен кайра ачылып сүйлөшө албайм. Ошол себептен от души мамиле кыла албай калдым. Бөлүнүп кетүүгө мүмкүн эмес. Боюмда бар. Кайненемдин кабагына кар жааган күнү менин көзүмөн көнөктөп жамгыр жаайт. Ушунтип жүрүп төрөгөн бала кандай болот ким билет. Бул каардан кантип кутулам? Бир жиндесе баарыбызды кошуп кууруп салат. Жада калса кайнатам да сүйлөй албайт. Менин жүрөгүм түшүп, ал урушуп жатканда кысылып кетем. Анан бүткөндөн кийин өкүрүп ыйлап бугумду чыгарам. Көрсө кайненемдин бир туугандарынын баарында мындай жаман мүнөз бар экен. Балдары апасы кыйкырганда титиреп калат. А мен мындай урушту көрбөгөм. Өзүмдүн апам катуу да айтпай тарбия берген. Бирок анын бир сөзүн эки кылчу жаман кыз болуп чоңойгон жокмун. Болгону көңүл калган адам менен сүйлөшпөй коем. Ошол кекчилдигимди моюнума алам.
. Кайсбир болумдо кайненесин мактагандар кооооп жазылган,ошолорду окусан мактагандар бар экенин билесиз 1- ден
2- ден сиздин кекчилдигиниз кайын журтка отпойт,ал сапатынызды ооо апаныздын уйуно таштап келбепсиз. Жогоруда бир форумчу айтмакчы " пил учабы " десе " ооба учат" дегендей мамилени уйронун.
Жашоо озунуз учун керек. Кайнене онорун корсотот( ошон учун кайнене) чыдаш керек. Жамандоодон пайда чыкпайт.
Баарынын апасы алтын,жакшы , мээримдуу. Ошол сиз жаман коргон кайнене оз кызы учун мээримдуу адам. Дегеним,эне менен кайнениени салыштырып, терс мунозун чагылдырбан. Ачыгы жамандаганды жек кором. озу да келгенизге эми беш ай болуптур
Каттуу тийсе узур
#7 02 Июль 2014 - 00:33
Демек жаны уйдун закондоруна али коно элексиз
. Беш ай ото аз. Беш жыл десенизда жарашмак. Кош бойлуу экенсиз, кош бойлуу кезде кайнене ажыдаар, жанындагылары анаконда коруно берет кээбир келинге. Кош бойлуу кездин каприздери.
Мисалы, менин чон энем келиндерге ото каардуу болбосода, казанга салып кууруп алчуулардын катарында. Апам ошол казанга куурулуп, куурулуп бышып чыккан келиндердин коч башында.
Апамдан кийинки абысыны мен мындайга чыдабайм, олуп калам деп ыйлачуу
. Апам "Олсом мен эбак эле олбойт белем, журомго жакшынале, бир аз чыдап кой!" десе болбой ыйлактап журуп кетип тынды, ортодо бир бала же ата мээримине, же эне мээримине тойбой тайларынын козун карап чонойду. Ошондо келиндерден кимиси женди деп ойлойсуз? Олуп калам деп, уйбулону уратып, бир баланы тируулой жетим кылган келинби, же тилин тишине катып журуп баарына чыдаган келинби? Бул нерсени озунуз таразалап алаарсыз. Бирок, чон энемдин келиндерге кылган мамилеси ошол келинди турмушка бышырган эмгеги деп билем. Анткени, кактабай канын алып журуп, узулгон жипти улаганды, жоктон барды тапканды, уйбулоонун оокатын кын дедирбей баштаганды,
айтоор баарын уйротту.
Сиз жаман деген кайын энениздинда жакшы сапаты бар. Аны коро билиш керек. Баласын суйгон сон энесинда суйууго акылуусуз, калптан болсода
.Чыда, чыда жунун жалтырак болот дечуу беле?!)) Чыдайсыз, чыдабаска арганыз жок, курсактагы баланы жетим кылбайт чыгаарсыз. Эгер ошол бала менен башка кайненеге барып корунузчу, бир сиз эмес, баланыз кошо кыйналат, огойлонуп.
Жакшы кайненелер деле бар. Кайнененин баары Онолкан десениз жанылышасыз, анткени дагы кырк жылдан сон сизда Онолкан болуп калышыныз эч кеп эмес.
Мисалы, менин чон энем келиндерге ото каардуу болбосода, казанга салып кууруп алчуулардын катарында. Апам ошол казанга куурулуп, куурулуп бышып чыккан келиндердин коч башында.

Сиз жаман деген кайын энениздинда жакшы сапаты бар. Аны коро билиш керек. Баласын суйгон сон энесинда суйууго акылуусуз, калптан болсода
Жакшы кайненелер деле бар. Кайнененин баары Онолкан десениз жанылышасыз, анткени дагы кырк жылдан сон сизда Онолкан болуп калышыныз эч кеп эмес.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 02 Июль 2014 - 01:13
Сиз эми жолдошунуздун уй-булосундо орногон тартип менен жашайсыз. Кайнененин мунозуно жолдошунуз жана курсактагы баланыз учун чыдоого туура келет. Бироодон конулунуз калса кайра баштагыдай болуп кете албаган сиздеги муноз кайнененизде да болушу ыктымал. Турмуш мунозду да озгортуусу мумкун. Андыктан мунозунузду озгортуп, кечиримдуу болунуз. А балким кайненениз да жон жерден каарданып жатпагандыр.
.. Себеби бардыр... Бир ирет озунузго да коз жугуртуп, башкаларга жасаган мамиленизди,
кылган жумушунузду талдап корбойсузбу?
Мумкун сизден ката кеткендир...
Эмнеси болсо да озунузду аяныз, кош бойлуу экенсиз.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#9 02 Июль 2014 - 01:33
Menin apalarum ( mamamdun avusunu ) aitat kelindrine " Menin balamdu syiyp keldinbi, mushugumdu da syi, kychygymdy da syi " deit anusu tyyra antkeni emnege al torogon bala jakshu , enesi jaman bolysh kerek. Siz bolgony janu semiaga konboi atasuz. Bara-bara konyp ketesiz. Bir mamleketin zakony menen ekinchi mamleket okshosh bolboit. Lady.kg tyyra aitat boiynyzda bar kezde jerip atasuz kainenenizdi . Aman esen koz jarup alsanuz baaru oz ordyna kelet.
#10 02 Июль 2014 - 09:25
Raumaa
, ата-энени тандабайт дейт, андыктан жолдошунуз сизге жакшы мамиле кылып жатабы болду, калганын билсенизда билмексенге салып, жаркылдап жайнап чайынызды берип, жолдошунузга эркелеп, баланызды торогонду, жетелеп жургон учурларды элестетип маанайынызды которунуз. Бул жашоо сыноо, бирок сиздин койгойунуз башкалар менен салыштырмалуу болбогон нерсе болуп калат. Мисалы кочодо жургондо айлана-чойрону карасаныз кээбир энелер балдарын багуу учун кандай кыйынчылык менен иштеп журушот. Мындай мисал толтура.
Андыктан кекчил болбонуз деп кенеш берет элем. Эне эч качан балдарына жамандык каалабайт.
Куттуу орозо айында ЖАЛГЫЗ КУДАЙ МЭЭРИМДУУ, КЕЧИРИМДУУ, БООРУКЕР АЛЛАХЫМДАН суранам баарыбызга бекем ыйман-ынсап берсин! Омин!

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#11 02 Июль 2014 - 17:23
АА,кызыма кызым кайненем каарыйт деп да онгуроп ыйлайбы?Илгертен айткан жер катуулугун койбойт,кайнене каарын койбойт деп.Биздин Ошубузда айтылат эрдин нанын жеш учун,темирден тиш керек деп.Кордунбу кызым макалдын манызын чагып,сыдырып колрсон ошондо турмуш не экенин сезесин.Мен кечире албайм деп когорсон кимге зыян да кимге пайда.Когорсон когоруп бир баланды кучактап,тируунун жесири болуп,эрсиз калып,баланды жетим кыласын.Кайненен казанга салып куурса,кыпкызыл болуп курулуп,ширинден ширин болуп апке деп чыга кел.Ойундагысын айтырбай билип,астына калындан тошок салып апаке чай ичип алчы деп чайынды белендеп турсан,тошогун калындап турсан,пешенесинде чомпойуп кызматын кылып турсан бир кун болбосо да бир кун журогу жылыйт анткени сен анын небересин которуп турасын.Отурган турган жеринде кайненем баш болуп баары жэаман деп турсан кулагы чалса сени омур бойу жек коруп,нейети карарбайбы.
Ошол жаман кайненен курсагындагы баландын чон энеси,омурлук жарындын суйуктуу апакеси.Ошон учун сен да жакшы коруп сыйлашты унутпа...
#12 02 Июль 2014 - 20:05
Кайдыгер карабай кенеш узатып койгонуарга ыраазымын. Бар болгула. Ыйласам да сыктасам да ушул татаал мунозго конот экенмин да демек. Ээээх КУДАЙ, мен байкушка эмнеге мындай кайненеден жаздын экен? Билем, мындан катаал тагдырлар бар. Бирок КУДАЙым ар бир адамга чыдай ала турган сыноолорду берет, андыктан чыдайм. Башка арга жок. ((((

#13 02 Июль 2014 - 20:32
"Кайненем жакшы" дегендерди укпаган болсон,анда эмне себептен кайненелер жаман болоорун озун кайнене болгондо билесин.
Эркекминда, башка соз айталбайм.
Эркекминда, башка соз айталбайм.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#14 02 Июль 2014 - 20:45
Какой привет такой ответ дейтго, мүмкүн өзүңүз деле кайненеңизге берилип мээримиңизди төгө албасаңыз керекда. Кантип эле жөндөн-жөн эле каарын төгө берсин.
Мисалы менин кайненем эң сонун кайнене, канча мактасамда сөз жеткис. Магада мамилеси жакшы, менда кайненемди аябай сыйлайм.
Авысыным бар кайненемди негедир жаман көрөт, астына төшөк салып бербейт, чай коюп бербейт ошондуктан кайненем авысынымды жаман көрөт бирок, такыр катуу сөз айтпайт.
Таак, ошондо тарбияны өзүңүздөн баштаңыз, кайненеңизге жакшы мамиле кылганды үйрөнүңүз.

#15 02 Июль 2014 - 20:51
Аялзаты чыдамкай келет негизи. Акылман болуп акыл айтпай эле коеюн. Бирок кудайдан кайнененизге ыйман тилениз. Жакшы кайненелер бар. Меники кудайыма шугур. Кудайдан тилеп алган окшойм. Ыйласам мени менен кошо ыйлап, кулсом кулуп, жинденсем жоошутканга аракетин кылат. Аллама ыраазымын!
Бирок...мен да ошондой кылам. Кундун ысыгына карабай эшиктин жумушун кылып журсо эч жок дегенде муздак максым куюп "апа ичип алынызчы, ысыкта иштебей эле коюнузчу, жардам кылайынчы мен дагы" деп конулун которуп коем. Сиз да ийменип коюнуз. Жакшы соз жыланды да иининен чыгарат демекчи жакшы созунузду эч аябаныз. Калп болсо да жылмайып, апалап эле алты жагынан чыгып айласын туготсонуз журогу жибиир.
#16 02 Июль 2014 - 21:25
Ооба автор каардуу кайненелер да бар,болгону сиз кош бойлуусуз,сизге азыр бир соз ашыкча болуп турган чагы. Сизди да тушуном кош бойлуу кезде эч нерсе жакпай ыйлактап каласынго адам.....
Ал эми кайненеге келсек,чынын айтайынбы менин энем(атамдын апасы)аябай каардуу кайнене болгон экен. Апамды наары алып барып бээри алып келчу экен. Кундузгу иштерин бутурсо кечкисин ийик ийдирчу экенда,ошондо апам кайненесинин каарынан коркчу экен. Коркуп энеме суйлойда албайт экенда,кийинки келиндерине энем жоошуп эле калдыго. Ошондой эле сиз кайнениз менен жакын боло албай жатат окшойсуз. ...
Баарына чыдап коюнуз конулун алганга аракет жасаныз. Беш кол тен эмес ар кимдики озуно ай корунот козуно дегендей апаныз менен салыштырбай эле коюнуз. Кайын журтунузга
жакканга аракет жасаныз эми келечек жашоонуз алар менен болот эмеспи.

" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#17 02 Июль 2014 - 22:21
Беш ай убакытда менимче азго.Сен ал уйго конуп алгыча ошентте бересинда.Бир аз эле катуурак суйлоп койсо катуу тийет бул чындык.Балким кайненен деле сен ойлогондой адам эместир.Сен тилин таппай жаткандырсын.
Эмнеси болсода боюнда бар экен ыйлап куч коротпо дейт элем.Озунду ойлобосонда болочок баланды ойло.Антип ыйлай берсен балага жаман таасири тийетго.Сабырдуулук тийлем.Сабыр!
Сабыр!Сабыр!
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#18 03 Июль 2014 - 12:02
Jogoruda aitkandai kudaidan kainenene yiman sura 5kol ten emes da jakwy kaineneler koop chydamkai bol kop sygylba kainenenin jini kelip kalgan uchurda ozundu ozun alaksytyp ui iwterin atkaryp jakwy suilo bir ui-buloogo batyw onoi emes da ar bir uidun ozuncho tartipteri bar owogo chydaw k.k "turmuw"dep bekerinen aitylgan emes sabyrduu bol owondo gana iigilik sen tarapta bolot!
#19 03 Июль 2014 - 12:18
Сиз кайненениз менен эмес, куйоонуз менен жашайсыз да туурабы? Анча-мынча созду кулактан откозуп ийиш керек. Нерв болсонор озуно жана балага эле зыян.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#20 03 Июль 2014 - 12:54
Сабырдуу болуңуз .Кайненеңиздин тилин тапканга аракет жасаңыз , ал эми жинденип каарын токкон убакта укмаксан болуп , оз жумушуңузду аткарып журо бериңиз .